Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\LSoft\CdbSearchClient\836832d9-f7d0-4485-aa04-7fce341e9da0\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2017-жылдын 20-февралы № 26

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

2017-жылдын 12-январында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 7, 229-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 139-статьяда:

а) 1-бөлүктүн экинчи абзацында "жүз өлчөмүнөн жүз элүү өлчөмүнө", "түзөтүү жумуштарына" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "эки жүз өлчөмүнөн үч жүз өлчөмүнө", "эркиндигинен ажыратууга" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) 2-бөлүктүн экинчи абзацында "жүз элүү өлчөмүнөн эки жүз элүү өлчөмүнө" деген сөздөр "үч жүз өлчөмүнөн беш жүз өлчөмүнө" деген сөздөргө алмаштырылсын;

в) 3-бөлүктө:

- 1-пунктта "сатып алуу," деген сөздөр алып салынсын;

- экинчи абзацында "эки жүз элүү өлчөмүнөн алты жүз өлчөмүнө" деген сөздөр "беш жүз өлчөмүнөн сегиз жүз өлчөмүнө" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 140-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"(1) Шайлоолорду өткөрүү мезгилинде шайлоочулардын добуштарын акча каражаттарын төлөө же болбосо таратуу, материалдык баалуулуктарды тапшыруу же кандайдыр бир кызмат ордун же башка убайларды алууга көмөктөшүү жолу менен сатып алуу -

эсептик көрсөткүчтүн бир миң өлчөмүнөн үч миң өлчөмүнө чейин айып салууга же болбосо бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(2) Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин же жергиликтүү кеңештин депутаттыгына жана мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башка шайланма органдарына талапкер, ошондой эле алардын жакын туугандары, шайлоо комиссияларындагы өкүлдөрү, ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ишенимдүү адамдары, байкоочулары тарабынан жасалган ошол эле аракет -

эсептик көрсөткүчтүн үч миң өлчөмүнөн беш миң өлчөмүнө чейин айып салууга же болбосо үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.";

3) 141-статьянын 2-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"(2) Шайлоо комиссиясынын же референдум өткөрүү боюнча комиссиянын төрагасы, төрагасынын орун басары, катчысы, шайлоо же референдум күнү техникалык кызматтарды көрсөтүүнү камсыз кылган ыйгарым укуктуу адам тарабынан, буга тете эле алдын ала сүйлөшүп алуу боюнча жасалган ошол эле аракеттер -

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 7-глава төмөнкүдөй мазмундагы 583-статья менен толукталсын:

"583-статья. Шайлоо комиссияларынын арызга (даттанууга) жооп бербөөсү же аны кароонун мөөнөтүн бузуусу

Шайлоону даярдоонун жүрүшүндө же болбосо добуш берүү күнү участкалык же аймактык шайлоо комиссияларынын төрагасынын, мүчөлөрүнүн, катчысынын арызга (даттанууга) жооп бербөөсү же аны кароонун мөөнөтүн бузуусу -

эсептешүү көрсөткүчүнүн он бештен жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрагасы, мүчөлөрү тарабынан жасалган, ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракет -

эсептешүү көрсөткүчүнүн отуздан элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.";

2) 5561-статьянын 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда:

а) экинчи абзацы "прокуратура органдары" деген сөздөрдөн кийин "аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдарынын кызмат адамдарына карата" деген сөздөр менен толукталсын;

б) үчүнчү абзацы "ички иштер органдары (" деген сөздөрдөн кийин "52, 53, 53-1, 54, 55, 56, 57, 57-1, 58, 58-1, 58-2, 58-3, 59," деген цифралар менен толукталсын;

в) пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"аймактык шайлоо комиссиялары (49, 50, 51, 52, 53, 53-1, 54, 55, 56-статьялар);".

3-берене.

"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 6, 557-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 20-берененин 1-бөлүгүнүн 19-1-пунктунда "өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын алып салуу же фракциядан чыгуу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз берген учурда" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда," деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 22-беренеде:

а) 5-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"5. Шайлоо жана референдум өткөрүү мезгилине аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө шайлоо жана референдумду өткөрүүгө бөлүнгөн каражаттардын эсебинен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген өлчөмдө сый акы төлөнөт.";

б) 6-бөлүктө "мыйзамдарда белгиленген эсептик көрсөткүчтүн отуз эсе өлчөмүндө" жана "мыйзамдарда белгиленген эсептик көрсөткүчтүн жыйырма беш эсе өлчөмүндө" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген өлчөмдө" деген сөздөргө алмаштырылсын.

4-берене.

Ушул Мыйзам анын 2016-жылдын 10-октябрынан тартып күчүнө кире турган 3-беренесинин 2-пунктун кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 24-февралында № 31 (2756) жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы:

- өздөрүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;

- ушул Мыйзамдан келип чыгуучу зарыл ченемдик укуктук актыларды кабыл алсын.

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

А.Ш. Атамбаев