Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\09fcccb5-ef9d-416e-90fb-0026ab872a2a\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БУЗУУЛАР ЖӨНҮНДӨ КОДЕКСИ

2017-жылдын 13-апрели № 58

2017-жылдын 2-мартында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

тарабынан кабыл алынган

(2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген)

 

(КР 2018-жылдын 4-августундагы N 85, 2018-жылдын 10-ноябрындагы N 94 , 2019-жылдын 15-февралындагы N 25 , 2019-жылдын 21-февралындагы N 29 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

ЖАЛПЫ БӨЛҮК

I БӨЛҮМ. БУЗУУЛАР ЖӨНҮНДӨ МЫЙЗАМДАР

1-глава. Жалпы жоболор

1-берене. Бузуулар жөнүндө мыйзамдар

1. Бузуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары ушул Кодекстен турат.

2. Ушул Кодекс Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерге негизденет.

2-берене. Ушул Кодекстин милдеттери

1. Инсандын укуктарын, эркиндиктерин жана кызыкчылыктарын, юридикалык жактардын кызыкчылыктарын, коомдук жана мамлекеттик кызыкчылыктарды коргоону, коомдук башкаруу тартибин укукка каршы кол салуулардан коргоону укуктук жактан камсыз кылуу ушул Кодекстин милдеттери болуп саналат.

2. Көрсөтүлгөн милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн ушул Кодексте бузууларды жасагандыгы үчүн жоопкерчилик принциптери жана негиздери белгиленет, кайсы жосундар бузуулар болуп эсептелери аныкталат жана аларды жасагандыгы үчүн жаза чараларынын жана кошумча укуктук кесепеттердин түрлөрү белгиленет.

2-глава. Бузуулар жөнүндө мыйзамдардын колдонулушу

3-берене. Ушул Кодекстин убакытта колдонулушу

1. Бузууну жасаган жак, аны жасоо убагында колдонууда болгон ушул Кодекстин жоболорунда аныкталган негизде жана тартипте жоопкерчиликке тартылууга тийиш.

2. Бузуу жасаган адамдын жоопкерчилигин аныктоочу же күчөтүүчү же башкача түрдө укуктук абалын начарлатуучу ушул Кодекстин жоболору кийинкиге колдонулбайт.

3. Бузуу жасаган адамдын жоопкерчилигин жокко чыгаруучу же жеңилдетүүчү же укуктук абалын башкача түрдө жакшыртуучу ушул Кодекстин жоболору буга чейинки аракеттерге колдонулат.

4. Ушул Кодекс менен башка ченемдик укуктук актылардын ортосунда дал келбөөчүлүктөр келип чыккан учурда, ушул Кодекстин тиешелүү жоболору колдонулат.

4-берене. Ушул Кодекстин мейкиндикте колдонулушу

1. Ушул Кодекс Кыргыз Республикасынын аймагында жасалган бузуулар үчүн жоопкерчиликти аныктайт.

2. Эгерде бузуу Кыргыз Республикасынын аймагында башталса, аяктаса же ага бөгөт коюлса, бузуу анын аймагында жасалды деп таанылат.

5-берене. Ушул Кодекстин адамдардын чөйрөсү боюнча колдонулушу

1. Бузууну жасагандыгы үчүн жеке жана юридикалык жактар жоопкерчиликке тартылууга тийиш.

2. Кыргыз Республикасынын аймагында чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлдөрү жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерге ылайык иммунитетке ээ болгон башка адамдар тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында бузуулар жасалган учурда, алардын жоопкерчилиги жөнүндө маселе эл аралык укуктун ченемдерине ылайык чечилет.

3-глава. Бузуулар үчүн жоопкерчилик принциптери

6-берене. Бузуулар үчүн жоопкерчилик принциптери

1. Бузууну жасагандыгы үчүн жоопкерчилик мыйзамдуулук, мыйзам алдында теңдик, күнөөсүздүк презумпциясы, бузгандыгы үчүн жоопкерчиликтин сөзсүз болушу, адилеттүүлүк, жаза чараны жекелештирүү, гумандуулук принциптерине негизденет.

2. Бузгандыгы үчүн бузуунун жоопкерчилик принциптерин сактабоо, алардын мүнөзүнө жараша далилдерге жол бербестикти же кабыл алынган чечимди жокко чыгарууну таануу үчүн негиз болуп саналат.

7-берене. Мыйзамдуулук принциби

1. Бузуу, жаза чарасы жана аларды жасагандыгы үчүн кошумча укуктук кесепеттер ушул Кодексте аныкталат.

2. Адамдар мыйзамдын негизинде гана белгиленген, ушул Кодексте каралган эрежелерди, талаптарды, режимдерди, лимиттерди, тартиптерди, нормативдерди, ченемдерди, стандарттарды, технологияларды, мөөнөттөрдү, чектөөлөрдү бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылууга тийиш.

3. Бузуулар жөнүндө мыйзамдарды окшоштугу боюнча колдонууга тыюу салынат.

4. Бузуу жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартуу ыйгарым укуктуу органдар тарабынан ушул Кодексте жана башка мыйзамдарда белгиленген алардын ыйгарым укуктарынын негизинде жана чектеринде жүзөгө ашырылат.

8-берене. Мыйзам алдындагы теңдик принциби

1. Бузуу жасаган жеке адамдар мыйзам алдында тең жана жынысына, расасына, тилине, майыптыгына, этностук таандыктыгына, динге ишенүүсүнө, саясий же башка ынанымдарына, билимине, тегине, мүлктүк же башка абалына, ошондой эле башка жагдайларына карабастан, жоопкерчиликке тартылууга тийиш.

2. Бузуу жасаган юридикалык жактар мыйзам алдында тең жана менчигинин формасына, турган жерине, уюштуруучулук-укуктук түрүнө, баш ийүүсүнө жана башка мүнөздөмөлөрүнө карабастан, жоопкерчиликке тартылууга тийиш.

3. Жеке жана юридикалык жактар үчүн жаза чаралардын ар кандай түрлөрү жана өлчөмдөрү белгиленген ушул Кодекстин жоболорунда мыйзам алдында теңдик принциби бузулбайт.

9-берене. Күнөөсүздүк презумпциясы

Адамдын бузууну жасаган фактысы мыйзамда белгиленген тартипте далилденмейинче жана ыйгарым укуктуу органдын чечими менен белгиленмейинче, ал бузууну жасоодо күнөөсүз деп эсептелет жана ага карата жаза чарасы колдонулушу мүмкүн эмес.

10-берене. Бузгандыгы үчүн жоопкерчиликтин сөзсүз болуу принциби

1. Бузуу жасаган ар бир адам ушул Кодекске ылайык жоопкерчиликке тартылат.

2. Ушул Кодексте каралган учурларда жана негиздерде гана жаза чарасын колдонуудан бошотууга жол берилет.

11-берене. Адилеттүүлүк принциби

1. Ушул Кодекстин негизинде адамга карата колдонулуучу жаза чарасы жасалган бузуунун мүнөзүнө жана аны жасоо жагдайларына ылайык келүүгө тийиш.

2. Бир эле бузуу үчүн эки жолу жоопкерчиликке тартууга жол берилбейт.

12-берене. Жаза чараны жекелештирүү принциби

Ыйгарым укуктуу орган келтирилген зыяндын түрүн жана өлчөмүн, жазаны жеңилдетүүчү жана оордотуучу жагдайларды эске алууга жана өз чечиминде тандап алынган жаза чарасын жүйөлөштүрүүгө милдеттүү.

13-берене. Гумандуулук принциби

1. Ушул Кодекстин негизинде жеке жакка карата колдонулуучу жаза чарасы адамдын дене-боюн жабыркатуу жана ар-намысын кемсинтүү максатын көздөбөйт.

2. Ушул Кодекстин негизинде юридикалык жакка карата колдонулуучу жаза чарасы анын ишкердик беделине зыян келтирүү максатын көздөбөйт.

II БӨЛҮМ. БУЗУУ

4-глава. Бузуу түшүнүгү. Бузуу субъектиси жана анын күнөөсү

14-берене. Бузуу түшүнүгү жана анын субъектиси

1. Ушул Кодексте жоопкерчилик каралган коомдук башкаруу тартибине каршы жеке же юридикалык, жактар тарабынан жасалган укукка каршы, күнөөлүү жосун (аракет же аракетсиздик) бузуу деп таанылат.

2. Эгерде бул жосундар Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине жана Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке алып келбесе, ушул Кодексте каралган бузуулар үчүн жоопкерчилик келип чыгат.

3. Жеке жана юридикалык жактар бузуу субъекттери болуп саналат,

15-берене. Бузуу жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылуучу жеке жактар

1. Бузуу жасаган учурда он алты жаш курагына толгон жеке жактар (жаран, чет өлкөлүк адам, жарандыгы жок адам) бузуу жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылууга жатат.

2. Алкоголду, баңги зат, психотроптук каражаттарды же башка маң заттарын колдонуунун айынан же көңүл коюуну жана реакциянын тездигин төмөндөтүүчү медициналык дары-дармектердин таасиринен улам мас абалындагы адам тарабынан бузууларды жасоосу, аны ушул Кодекс боюнча жоопкерчиликтен бошотпойт.

(КР 2019-жылдын 21-февралындагы N 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

16-берене. Бузуу жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылуучу юридикалык жактар

Юридикалык жак жана чет өлкөлүк юридикалык жак, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан анын өкүлчүлүгү, юридикалык жак статусу жок филиалы бузуу жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылууга тийиш.

17-берене. Жеке жактардын күнөөсү

Бузуу жасаган жеке жак, эгерде ал жосунунун (аракетинин же аракетсиздигинин) укукка каршы экендигин аңдап-сезсе же аңдап-сезе алса жана аңдап-сезүүгө тийиш болсо, күнөөлүү деп таанылат.

18-берене. Юридикалык жактардын күнөөсү

Бузуу жасаган юридикалык жак, эгерде жеке жак менен эмгек мамилелери болсо же келишим боюнча юридикалык жактын кызыкчылыктары үчүн белгилүү бир аракеттерди аткаруучу жеке жак өз жосунунун (аракетинин же аракетсиздигинин) укукка каршы экендигин аңдап-сезсе же аңдап-сезе алса жана аңдап-сезүүгө тийиш болсо, күнөөлүү деп таанылат.

5-глава. Адамдын күнөөлүүлүгүн жана бузуунун укукка каршы экендигин жокко чыгаруучу жагдайлар

19-берене. Жактын күнөөлүүлүгүн жокко чыгаруучу жагдайлар

1. Өнөкөт психикалык оорунун, убактылуу акылынан адашуунун, акыл-эсинин кемдигинин же психикасынын башка оорулуу абалынын айынан өз кыймыл-аракетин (аракетсиздигин) аңдап-сезе жана башкара албаган адамдын укукка каршы жосун жасашы жеке адамдын күнөөлүүлүгүн жокко чыгаруучу жагдайлар катары таанылат. Мындай адамга карата психиатриялык жардам жөнүндө мыйзамда аныкталган тартипте медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары колдонулат.

2. Аны менен эмгек мамилелери болгон жеке адамдын же келишим боюнча юридикалык жактын кызыкчылыктарында белгилүү бир аракеттерди аткарган жеке адамдын эркинен жана ан-сезиминен көз каранды болбогон себептердин айынан укукка каршы жосун жасоо юридикалык жактын күнөөлүүлүгүн жокко чыгаруучу жагдайлар деп таанылат.

20-берене. Бузуунун укукка жат экендигин жокко чыгаруучу жагдайлар

Өтө зарылдык (аргасыздык), кара күч менен же психикалык мажбурлоо, мыйзамдуу буйрукту же тескемени аткаруу - бузуунун укукка жат экендигин жокко чыгаруучу жагдайлар болуп саналат.

21-берене. Өтө зарылдык

Эгерде кооптуулукту бул жагдайларда башка каражаттар аркылуу четтетүүгө мүмкүн болбосо жана эгерде келтирилген зыян болтурбай койгондон олуттуу болбосо, башкача айтканда, инсандын укуктарына жана эркиндиктерине, юридикалык жактардын кызыкчылыктарына, коомдук тартипке, менчикке, башкаруунун белгиленген тартибине кооптуулук туудурган коркунучтарды четтетүү үчүн өтө зарылдык болгондо укук коргоо кызыкчылыктарына зыян келтирүү бузуу болуп саналбайт.

22-берене. Кара күч же психика аркылуу мажбурлоо

1. Түздөн-түз кара күч аркылуу мажбурлоонун таасири астында болуп, адамдын өз жүрүм-турумун башкара албагандын айынан жасалып, укук коргоо кызыкчылыктарына зыян келтирген адамдын жосуну бузуу болуп саналбайт.

2. Мындай кара күч аркылуу мажбурлоонун таасири астында болгон менен ал өз аракеттерин (аракетсиздигин) башкаруу мүмкүнчүлүгүн сактап калганда, же болбосо психикалык мажбурлоонун таасири астында жасалган, укук коргоо кызыкчылыктарына келтирилген зыяндар үчүн адамдын жоопкерчилиги жөнүндө маселе ушул Кодекстин 21-беренесинин жоболоруна ылайык чечилет.

23-берене. Кызмат адамынын же коллегиялуу органдын мыйзамдуу чечимдерин аткаруу

1. Адамдын укук менен корголуучу кызыкчылыктарга зыян келтирген жосуну, эгерде ал кызмат адамынын же коллегиялуу органдын мыйзамдуу чечимин (буйрук, тескеме, токтом) аткаруу максатында жасалса, бузуу болуп саналбайт.

2. Кызмат адамынын же коллегиялуу органдын чечимдери, эгерде алар тиешелүү жак же коллегиялуу орган тарабынан белгиленген тартипте жана анын ыйгарым укуктарынын чектеринде берилсе жана өзүнүн маңызы боюнча мыйзамга карама-каршы келбесе жана адамдын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин бузуу менен байланышпаса, мыйзамдуу болуп саналат.

3. Кызмат адамынын же коллегиялуу органдын мыйзамсыз чечимин аткаруудан баш тартуусу бузуу болуп саналбайт.

4. Жак мыйзамсыз чечимди аткаргандыгы үчүн бул чечимди кабыл алган адам же коллегиялуу орган менен бирдей жоопкерчилик тартат.

5. Эгерде адам кабыл алынган чечимдин мыйзамсыз мүнөзүн аңдап-түшүнбөгөн болсо жана аңдап-түшүнө албаса, анда бузуу үчүн жоопкерчиликти бул чечимди кабыл алган адам же коллегиялуу орган гана тартат.

III БӨЛҮМ. БУЗУУНУН УКУКТУК КЕСЕПЕТТЕРИ

6-глава. Жаза чаралары

24-берене. Жаза чарасы түшүнүгү жана анын максаттары

1. Жаза чарасы бузуу жасагандыгы үчүн мамлекет тарабынан колдонулуучу таасир этүүчү чара болуп саналат.

2. Жеке адамга карата жаза чарасы укук тартибин калыбына келтирүү жана адамды Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен мыйзамдарын сактоонун рухунда тарбиялоо, ошондой эле жеке адамдын өзү сыяктуу эле, башка адамдар тарабынан да жаңы бузууларды жасоону болтурбоо максатында колдонулат.

3. Жаза чарасы юридикалык жакка карата укук тартибин калыбына келтирүү жана юридикалык жактын өзү сыяктуу эле, башка жактар тарабынан да жаңы бузууларды жасоону болтурбоо максатында колдонулат.

25-берене. Жаза чарасынын түрлөрү

Бузууларды жасагандыгы үчүн жаза чараларынын төмөнкүдөй түрлөрү колдонулат:

1) эскертүү;

2) айып пул.

26-берене. Эскертүү

Эскертүү ыйгарым укуктуу орган тарабынан жазуу жүзүндө чыгарылат жана келечекте буга окшогон бузууларга жол бербөө максатын көздөйт. Эскертүү, ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүндө каралган учурларда, зыяндуу кесепеттерге алып келбеген бузууларды жасаганда колдонулушу мүмкүн.

27-берене. Айып пул

1. Айып пул акчалай жаза чарасы болуп саналат, бузууларды жасагандыгы үчүн жеке жана юридикалык жактарга ушул Кодексте белгиленген учурларда, өлчөмдө жана тартипте салынат.

2. Айып пул эсептик көрсөткүчтөр менен эсептелет.

3. Айып пул өлчөмү боюнча төмөнкүдөй сегиз категорияга бөлүнөт:

119-120-1, 128 жана 130-135-беренелерди кошпогондо, 19-главада каралган бузуулар үчүн юридикалык жактарга карата жеке жактар үчүн көрсөтүлгөн айыл пулдардын өлчөмдөрү колдонулат.

1) 1-категориядагы айып пул: жеке адамдар үчүн - 10 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактар үчүн - 50 эсептик көрсөткүч;

2) 2 категориядагы айып пул: жеке адамдар үчүн - 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактар үчүн - 130 эсептик көрсөткүч;

3) 3-категориядагы айып пул: жеке адамдар үчүн - 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактар үчүн - 170 эсептик көрсөткүч;

4) 4-категориядагы айып пул: жеке адамдар үчүн - 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактар үчүн - 230 эсептик көрсөткүч;

5) 5-категориядагы айып пул: жеке адамдар үчүн - 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактар үчүн - 280 эсептик көрсөткүч;

6) 6-категориядагы айып пул: жеке адамдар үчүн - 125 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактар үчүн - 350 эсептик көрсөткүч;

7) 7-категориядагы айып пул: жеке адамдар үчүн - 150 эсептик көрсөткүчтө, юридикалык жактар үчүн - 450 эсептик көрсөткүч;

8) 8-категориядагы айып пул: жеке адамдар үчүн - 175 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактар үчүн - 550 эсептик көрсөткүч.

(КР 2019-жылдын 21-февралындагы N 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

7-глава. Бузуунун кошумча укуктук кесепеттери

28-берене. Бузуунун кошумча укуктук кесепеттери түшүнүгү, анын түрлөрү жана колдонуу шарттары

1. Жаңы бузууларды жасоону болтурбоого же айып пулду төлөөнү камсыз кылууга багытталган мажбурлоо чаралары бузуунун кошумча укуктук кесепеттери болуп саналат.

2. Бузуунун кошумча укуктук кесепеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) туум;

2) мүлктү алып коюу;

3) атайын токтотуучу жайларга транспорт каражаттарын мажбурлап эвакуациялоо, дөңгөлөктөргө блокираторлорду же шаймандардын башка түрлөрүн колдонуу;

4) транспорт каражатын башкаруудан четтетүү.

3. Бузуунун кошумча укуктук кесепеттери бузуу категорияларына карабастан колдонулат жана ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн беренесинин (беренесинин бөлүгүнүн) санкциясында каралбаган учурларда да колдонулушу мүмкүн.

4. Мүлктү алып коюу формасындагы бузуунун кошумча укуктук кесепети жеке адам тарабынан бузгандыгы үчүн жоопкерчилик каралышы мүмкүн болгон куракка чыкканга чейин жосун жасалган учурларда да колдонулат.

(КР 2019-жылдын 21-февралындагы N 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

29-берене. Туум

1. Төлөөнүн мөөнөтү өткөн ар бир күн үчүн өз убагында төлөнбөгөн айып пулдун суммасынан 1 пайызга барабар өлчөмдө пайыздарда эсептелген акчалай төлөм туум болуп саналат.

2. Туумдун эң чоң өлчөмү бузуучуга карата колдонулган айып пулдун өлчөмүнөн ашпайт.

(КР 2019-жылдын 15-февралындагы N 25 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

30-берене. Мүлктү алып коюу

1. Мүлктү алып коюу ыйгарым укуктуу органдын чечиминин негизинде төмөнкүдөй буюмдарды жана башка заттарды мажбурлап алып коюудан турат:

1) бузуу жасалган каражатты (куралды);

2) мыйзамсыз жүгүртүү менен байланышкан бузуу предметин;

3) бузуу жасоонун натыйжасында алынган.

2. Жүгүртүүгө тыюу салынган же аларды жүгүртүү чектелген буюмдардан жана заттардан, ошондой эле жасалган бузуунун натыйжасында алынган, ыйгарым укуктуу органдын чечиминин негизинде жок кылынууга, же болбосо тиешелүү уюмдарга алардын өтүнүчү боюнча өткөрүлүп берилүүгө тийиш болгон буюмдарды жана заттарды кошпогондо, алынып коюлган буюмдар же башка заттар бузуу жөнүндө иш боюнча чечим кабыл алынгандан кийин ээсине кайра берилүүгө тийиш.

3. Эгерде алынып коюлган предметтер бузуу жасоонун каражаты (куралы) болуп саналса, бузуучуга таандык болсо, анда аларды конфискациялоо жөнүндө маселе сот тарабынан мыйзамда белгиленген тартипте чечилет.

(КР 2019-жылдын 15-февралындагы N 25 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

31-берене. Транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялоо жана дөңгөлөктөрдүн блокираторлорун же шаймандардын башка түрлөрүн колдонуу

1. Мажбурлап эвакуациялоо транспорт каражатын бузуу жасалган жерден же жол транспорт кырсыгы болгон жерден атайын унаа токтотуучу жайга которуп, мажбурлап алып барууда турат.

2. Дөңгөлөктөрдү блокировкалоо Жол кыймылынын эрежелери транспорт каражатын айдоочу тарабынан бузулган учурда, транспорт каражатынын кыймылдоо (дөңгөлөктөрдүн айлануу) мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруучу техникалык каражаттарды транспорт каражатына мажбурлап орнотуудан турат. Шаймандардын башка түрлөрү рулдук башкарууну жана газдын педалын блокировкалоо үчүн (мотоцикл, трицикл, квадроцикл жана башка мототранспорт үчүн) колдонулат.

3. Транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялоодо менчик ээсине транспорт каражатынын турган жери жөнүндө кабар берилет. Транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялоо жана дөңгөлөктөргө блокираторлорду колдонуу жөнүндө бузуу тууралуу протоколдо тиешелүү белги коюлат.

4. Транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялоого жана аны сактоо боюнча чыгымдардын ордун бузууну жасаган адам тарабынан толтурулат.

5. Транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялоо, атайын унаа токтотуучу жайга алып баруу, аны сактоо жана дөңгөлөктөргө блокираторлорду же шаймандардын башка түрлөрүн колдонуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

(КР 2019-жылдын 21-февралындагы N 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

31-1-берене. Транспорт каражатын башкаруудан четтетүү

1. Транспорт каражатын башкаруудан четтетүү - бул бузууларды болтурбоо (токтотуу) максатында транспорт каражатын башкарууга убактылуу тыюу салуу.

2. Жеке жактар транспорт каражатын башкаруудан төмөнкү учурларда четтетилет:

1) эгерде транспорт каражатын башкарган адамда транспорт каражатынын катталганы жөнүндө күбөлүк, тийиштүү категориядагы айдоочулук күбөлүгү жок болсо;

2) эгерде транспорт каражатын башкарган адам жараксыз айдоочулук күбөлүктү алып жүрсө;

3) эгерде транспорт каражатын мамлекеттик каттоонун номердик белгилери же алардын бири жок болсо, анын ичинде эгерде алар стандарттуу эмес (жасалма) болсо же болбосо башка транспорт каражатына берилген (жалган) болсо;

4) эгерде транспорт каражатынын кузовунун жана шассисинин номери ошол транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктөгү маалыматтарга шайкеш келбесе;

5) эгерде транспорт каражатын мас абалдагы адам башкарып баратса жана бул медициналык күбөлөндүрүүнүн, анын ичинде атайын техникалык каражаттарды колдонуу менен жүргүзүлгөн күбөлөндүрүүнүн натыйжалары менен ырасталса же болбосо бул адам күбөлөндүрүүдөн өтүүдөн баш тартса;

6) эгерде транспорт каражатына жабдууларды орнотуу же аны кайра жабдуу ченемдик талаптарды бузуу менен жүргүзүлсө, анын ичинде, эгерде транспорт каражаты атайын үндүү (көп сигналдуу) сигнализация же жаркылдап туруучу жарык сигнал менен жабдылса, же болбосо айнегине пайдаланууга тыюу салынган пленка капталса;

7) аларды жүктөө учурунда уруксат берилген габариттердин параметрлеринин, жүк менен бирге огуна туура келүүчү салмактын жана массанын талаптары бузулган ири габариттүү же оор салмактуу транспорт каражаттарын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда башкарууда;

8) ушул Кодекстин 19-главасында каралган бузуулар болгон учурда ушул Кодекстин 342-беренесинин 1-бөлүгүндө белгиленген айып пулдарды төлөө мөөнөтү бузулса.

3. Транспорт каражатын башкаруудан четтетүү мындай четтетүүнүн бардык себептери толугу менен жоюлганга чейин адамдын транспорт каражатын башкаруусуна тыюу салуу жана жол бербөө аркылуу ишке ашырылат.

4. Транспорт каражатын башкаруудан четтетүү жөнүндө ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кызматкери тарабынан бузуу жөнүндө протоколго тийиштүү жазуу жазылат, ал эми ушул берененин 2-бөлүгүнүн 8-пунктунда каралган учурда өзүнчө протокол түзүлөт жана транспорт каражатын башкаруудан четтетүү түрүндөгү кошумча укуктук чара колдонуу жөнүндө токтом чыгарылат.

5. Айдоочу транспорт каражатын башкаруудан четтетилген учурда ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган иш боюнча чечим чыгарылганга жана транспорт каражатын башкаруудан четтетүү үчүн негиз болгон себептер жоюлганга чейин транспорт каражатын убактылуу сактоо үчүн атайын (айыптык) токтотуучу жерге жеткирет.

(КР 2019-жылдын 21-февралындагы N 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

8-глава. Жаза чараларын колдонуунун жана аларды дайындоодон бошотуунун жалпы эрежелери

32-берене. Жаза чараларын колдонуу

Жаза чараларын колдонууда жасалган бузуунун мүнөзү, келтирилген зыяндын өлчөмү, жаза чараларын жеңилдетүүчү, же болбосо оордотуучу жагдайлар, ал эми жеке жакка карата бузуучунун ким экендиги да эске алынат.

33-берене. Жаза чарасын жеңилдетүүчү жагдайлар

1. Зыяндардын ордун ыктыярдуу толтуруу же келтирилген зыянды жоюу жеке жана юридикалык жактардын жаза чарасын жеңилдетүүчү жагдайлар деп таанылат.

2. Ошондой эле жеке адамдардын жаза чарасын жеңилдетүүчү жагдайлар деп төмөнкүлөр таанылат:

1) жашы жете элек адам тарабынан бузуунун жасалышы;

2) кош бойлуу абалдагы аял тарабынан бузуунун жасалышы;

3) бузуу жасалгандан кийин жабырлануучуга түздөн-түз медициналык же башка жардам көрсөтүлүшү.

34-берене. Жаза чарасын оордотуучу жагдайлар

1. Жеке жана юридикалык жактардын жаза чарасын оордотуучу жагдайлар деп төмөнкүлөр таанылат:

1) ыйгарым укуктуу органдын токтот деген талабына карабастан, укукка жат жүрүм-турумду улантуу;

2) адамдардын тобу тарабынан, башкача айтканда, алардын өз ара алдын ала сүйлөшүп алгандыгына карабастан, эки же андан көп адам тарабынан биргелешип бузууларды жасоо;

3) согуштук же өзгөчө абал шарттарында же болбосо коомдук кырсыктардын шарттарында бузууларды жасоо.

2. Алкоголдук мас абалында же болбосо баңгизат, психотроптук же башка маң кылуучу каражаттарды колдонуудан келип чыккан абалда адамдын бузуу жасоосу да жеке адамдардын жаза чарасын оордотуучу жагдайлар деп таанылат.

3. Бузууну жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартуу тууралуу ишти кароочу ыйгарым укуктуу орган ушул берененин биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн жагдайды оордотуучу деп тааныбашы мүмкүн.

35-берене. Бир нече бузууларды жасаганда жаза чараларын колдонуу

Бир эле адам тарабынан эки же андан ашык бузуулар жасалган учурда жаза чарасы ар бир бузуу үчүн өзүнчө колдонулат.

36-берене. Жаза чарасын колдонуунун эскириши

1. Айып пул түрүндөгү жаза чарасы бузуу жасалган күндөн тартып алты айдын ичинде, ал эми бузуу улантыла берсе, бузуу табылган күндөн тартып алты айдын ичинде колдонулушу мүмкүн.

2. Эгерде бузуу жасаган адам ыйгарым укуктуу органдан качса, ошол качып жүргөн бүтүндөй убакытта эскирүү мезгилинин өтүшү токтотула турат. Адам табылган күндөн тартып эскирүүнүн мөөнөтүнүн өтүшү кайра жаңыртылат. Мында туум ушул Кодекстин 29-беренесине ылайык эсептелет.

3. Эскертүү түрүндөгү жаза чарасы бузуу табылган учурларда, ал жасалгандан кийин жана жасалган жеринде түздөн-түз колдонулушу мүмкүн.

37-берене. Бузуу жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартуу учуру

Жаза чарасын колдонуу жөнүндө чечим күчүнө кирген учурдан тартып жак бузуу жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылды деп эсептелет.

38-берене. Зыяндын ордун толтуруу

1. Бузуу жасаган жана жоопкерчиликке тартылуучу жак келтирилген зыяндын ордун толтурууга милдеттүү.

2. Бузуу жасаган жак келтирилген зыяндын ордун ыктыярдуу толтуруудан качкан учурда, анын ордун толтуруу жарандык сот өндүрүшү тартибинде жүзөгө ашырылат.

39-берене. Жаза чарасын жана туум түрүндөгү кошумча укуктук кесепетти колдонуудан бошотуу

Жаза чарасы жана туум түрүндөгү кошумча укуктук кесепет төмөнкү учурларда колдонулбайт:

1) жаза чарасын колдонуунун эскирүү мөөнөтү аяктаганда;

2) бузуу жасаган адам каза болгондо;

3) бузуу жасаган юридикалык жак мыйзамда каралган учурларда жоюлганда;

4) жеке жактын бузуу жасалгандан кийин өз аракетин (аракетсиздигин) аңдап-сезүү жана өзүн-өзү башкаруу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратуучу психикалык оору менен ооруп калышы.

9-глава. Бузууларды жана аларды жасаган жактарды каттоо

40-берене. Бузууларды жасаган жактарды каттоо

1. Бузууларды жасаган жактарды каттоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.

2. Ушул Кодексте каралган учурларды кошпогондо, жакка карата колдонулган жаза чарасы жөнүндө маалыматтын болушу, анын укуктарын, эркиндиктерин жана кызыкчылыктарын чектөө үчүн негиз болушу мүмкүн.

(КР 2018-жылдын 10-ноябрындагы N 94 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

41-берене. Бузууларды, колдонулган жаза чараларын жана кошумча укуктук кесепеттерди каттоо

Бузууларды, колдонулган жаза чараларын жана кошумча укуктук кесепеттерди каттоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.

(КР 2018-жылдын 10-ноябрындагы N 94 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

ӨЗГӨЧӨ БӨЛҮК

IV БӨЛҮМ. ЖАРАНДАРДЫН ШАЙЛОО УКУКТАРЫН ИШКЕ АШЫРУУ, САЛАМАТТЫК САКТОО, ЭМГЕК, АДЕП-АХЛАК, МАДАНИЙ МУРАС ЖАНА АБАТТАШТЫРУУНУ ТҮЗҮҮ ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ БАШКАРУУ ТАРТИБИНЕ КАРШЫ БУЗУУЛАР

10-глава. Жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы бузуулар

Эскертүү. Ушул Кодекстин 42-48-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер шайлоо комиссиялары тарабынан каралат.

42-берене. Шайлоо процессинин катышуучуларынын укуктарын бузуу

Шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн, Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкердин, депутаттыкка же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын кызмат ордуна талапкердин, талапкердин ишенимдүү адамынын, ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, байкоочунун, эл аралык байкоочунун укуктарын бузуу -

3-категориядагы айып пул салууга алып келет.

43-берене. Шайлоого катышуу үчүн өргүү берүүдөн баш тартуу

Депутаттыкка же башка шайлануучу кызматка талапкер болуп катталган талапкерге, талапкердин ишенимдүү адамына, же болбосо шайлоо комиссиясынын мүчөсүнө мамлекеттик бийлик органдарына же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө катышуу үчүн мыйзамда каралган өргүүнү берүүдөн администрациянын (иш берүүчүнүн) баш тартуусу -

1-категориядагы айып пул салууга алып келет.

44-берене. Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузуу

1. Шайлоочу, байкоочу, талапкер же анын өкүлү, ишенимдүү адамы тарабынан шайлоо жөнүндө мыйзамдарда каралган шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарынын бузулушу, -

4-категориядагы айып пул салууга алып келет.

2. Жалпыга маалымдоо каражаты тарабынан жасалган ошол эле жосун, -

5-категориядагы айып пул салууга алып келет.

45-берене. Талапкер жөнүндө билип туруп жалган маалымат таратуу

Депутаттыкка же башка шайлануучу кызмат ордуна талапкер жөнүндө талапкердин ар-намысын же кадыр-баркын жаманатты кылган маалыматтарды билип туруп таратуу, -

6-категориядагы айып пул салууга алып келет.

46-берене. Талапкердин ар-намысын, кадыр-баркын жана ишкер беделин жаманатты кылган маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарынын таратышы

Шайлоо дайындалгандан тартып шайлоонун натыйжалары расмий жарыяланганга чейинки мезгил ичинде талапкердин, саясий партиянын ар-намысын, кадыр-баркын жана ишкер беделин жаманатты кылган маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарынын таратышы, -

8-категориядагы айып пул салууга алып келет.

47-берене. Тоголок үгүт материалдарын таратуу

Мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде, же болбосо референдум мезгилинде алардын чыгарылышы үчүн жооптуу уюмдар жана адамдар жөнүндө маалыматтар камтылбаган үгүттүк басма сөз материалдарын, же болбосо чет өлкөдө даярдалган материалдарды таратуу, -

6-категориядагы айып пул салууга алып келет.

48-берене. Үгүт материалдардын жок кылуу же бузуу

Имараттарда, курулмаларда же башка объекттерде илинген укма-көрмө материалдарды, депутаттыкка же башка шайлануучу кызматка талапкердин портретин, анын өмүр таржымалы бар плакатты, же болбосо башка үгүт материалдарын билип туруп жок кылуу же болбосо бузуу, -

4-категориядагы айып пул салууга алып келет.

Эскертүү. Үгүт материалдары имараттын, курулманын же башка объекттин менчик ээсинин (ээсинин) макулдугу жок илинсе, ал ушул берене боюнча жоопкерчиликтен бошотулат.

11-глава. Саламаттык сактоо жана эмгек чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы бузуулар

Эскертүү. 1. Ушул Кодекстин 49, 50 жана 54-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.

2. Ушул Кодекстин 51-беренесинде каралган бузуулар жөнүндө иштер саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жана экологиялык жана техникалык коопсуздукту контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.

3. Ушул Кодекстин 52 жана 53-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.

4. Ушул Кодекстин 55-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган бузуулар жөнүндө иштер - саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан, ал эми ушул Кодекстин 55-беренесинин 3-бөлүгүндө каралгандар ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.

5. Ушул Кодекстин 56 жана 57-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер экологиялык жана техникалык коопсуздукту контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.

(КР 2019-жылдын 15-февралындагы N 25 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

49-берене. Донордук канды жүгүртүү тартибин бузуу

Донордук канды, анын компоненттерин же препараттарын жүгүртүү тартибин бузуу -

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

50-берене. Элдик медицина (дарылоо) менен алектенүү тартибин бузуу

Элдик медицина менен алектенүү (дарылоо) тартибин бузуу -

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

51-берене. Милдеттүү медициналык кароо эрежелерин бузуу

Кызматкерлерди милдеттүү түрдө медициналык кароодо эрежелерин бузуу же милдеттүү медициналык кароодон өтпөгөн адамдын иштешине жол берүү, -

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

52-берене. Калкты ызы-чуудан коргоо жөнүндө талаптарды бузуу

Калктуу конуштарда же болбосо коомдук жайларда тынчтыкты сактоо эрежелеринин талаптарын бузуу -

5-категориядагы айып пул салууга алып келет.

53-берене. Тыюу салынган жерлерде тамеки заттарын чегүү, коомдук жерлерде жалпы кабыл алынган жүрүм-турум ченемдерин бузуу

Тамеки заттарын тыюу салынган жерлерде чегүү, коомдук жерлерде жүрүм-турумдун жалпы кабыл алынган ченемдерин бузуу (түкүрүү, чимкирүү, чемичке чагуу жана башка ушундай аракеттер) -

1-категориядагы айып пул салууга алып келет.

Эскертүү. Эгерде адамдын аракеттери гигиена эрежелерин сактоо жана бет аарчыны, салфетканы, башка каражатты же урнаны пайдалануу менен жасалса, ал жоопкерчиликке тартылбайт.

(КР 2019-жылдын 15-февралындагы N 25 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

54-берене. Калкты тамеки заттарынын зыяндуу таасиринен коргоо эрежелерин бузуу

Тамеки тарткандар үчүн милдеттүү түрдө өзүнчө жай бөлүп берүү эрежелерин, тамеки заттарын тартуу жайлары жөнүндө көрсөтмөлүү маалыматты жайгаштыруу же мындай жайды жабдуу тууралуу талаптарды бузуу -

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

55-берене. Тамеки заттарын сатуу жана жүгүртүү тартибин бузуу

1. Тамеки заттарын мыйзамда каралган медициналык эскертүүсү же маалымат берүүчү жазуусу жок сатуу, -

3-категориядагы айып пул салууга алып келет.

2. Зыяндуу заттардын жол берилген деңгээлдеринен ашуусу жөнүндө мыйзамдардын талаптарын бузуу менен тамеки заттарын сатуу -

4-категориядагы айып пул салууга алып келет.

3. Жашы жете электерге тамеки заттарын сатуу -

5-категориядагы айып пул салууга алып келет.

56-берене. Радиациялык кырсыктарды жоюуга тартуу эрежелерин бузуу

Радиациялык кырсыктарды же алардын кесепеттерин жоюуга жактардын айрым категорияларын тартуу эрежелерин бузуу -

3-категориядагы айып пул салууга алып келет.

57-берене. Эмгекти коргоо жөнүндө мыйзамдын талаптарын бузуу

1. Сунуш кылынган иш медициналык корутундуга ылайык анын ден соолугу үчүн зыяндуу болуп саналган адам менен эмгек келишимин түзүү, -

1-категориядагы айып пул салууга алып келет.

2. Өзүнчө категориядагы адамдарды түнкү, ченемден ашык иштерге, же дем алыш күндөрдө ишке тартуу эрежелерин бузуу -

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

3. Өзүнчө категориядагы адамдарды оор иштерге, зыяндуу же коркунучтуу эмгек шарттары бар иштерге тартуу эрежелерин бузуу -

3-категориядагы айып пул салууга алып келет.

12-глава. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, аларга окшош түрлөрүн же прекурсорлорду жүгүртүү чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы бузуулар

Эскертүү. 1. Ушул Кодекстин 58 жана 60-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.

2. Ушул Кодекстин 59-беренесинде каралган бузуулар жөнүндө иштер ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.

(КР 2019-жылдын 15-февралындагы N 25 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

58-берене. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, аларга окшош түрлөрүн же прекурсорлорду өндүрүү жана жүгүртүү эрежелерин бузуу

Баңги зат каражаттарын, психотроптук заттарды, аларга окшош түрлөрүн же прекурсорлорду өндүрүүнүн жана мыйзамдуу жүгүртүүнүн белгиленген эрежелерин бузуу -

6-категориядагы айып пул салууга алып келет.

59-берене. Баңгизат каражаттарын же психотроптук заттарды же аларга окшош түрлөрүн жок кылуу тартибин бузуу

Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды же аларга окшош түрлөрүн жок кылуу тартибин бузуу -

5-категориядагы айып пул салууга алып келет.

60-берене. Баңгизат каражаттарын же психотроптук заттарды түгөлдөө тартибин бузуу

Баңгизат каражаттарын же психотроптук заттарды, аларга окшош түрлөрүн түгөлдөө тартибин бузуу -

4-категориядагы айып пул салууга алып келет.

 

13-глава. Адеп-ахлакты жана тарыхый-маданий мурасты коргоо чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы тил жөнүндө мыйзамдарды бузуулар

Эскертүү. 1. Ушул Кодекстин 61-беренесинде каралган бузуулар жөнүндө иштер ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.

2. Ушул Кодекстин 62-65-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.

3. Ушул Кодекстин 65-1-беренесинде каралган бузуулар жөнүндө иштер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан каралат.

(КР 2018-жылдын 4-августундагы N 85, 2019-жылдын 15-февралындагы N 25 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

61-берене. Ата-энелик милдеттерден качуу

1. Ата-энелердин же аларды алмаштырган адамдардын балдарды тарбиялоо боюнча милдеттерин аткарбагандыгы, ал он алтыдан он сегиз жашка чейинки курактагы жашы жете электер тарабынан ушул Кодексте жоопкерчилиги каралган бузуулардын белгисин камтыган жосундарды жасоосуна алып келиши, -

1-категориядагы айып пул салууга алып келет.

2. Ага-энелердин же аларды алмаштырган адамдардын балдарды тарбиялоо боюнча милдеттерин аткарбагандыгы, он алтыдан он сегиз жаш чейинки курактагы жашы жете электер тарабынан Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинде жоопкерчилиги каралган жоруктардын белгилерин камтыган жосундардын жасоосуна алып келиши -

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

3. Ата-энелердин же аларды алмаштырган адамдардын балдарды тарбиялоо боюнча милдеттерин аткарбагандыгы, он төрттөн он сегиз жаш чейинки курактагы жашы жете электер тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинде жоопкерчилиги каралган жоруктардын белгилерин камтыган жосундардын жасоосуна алып келиши -

4-категориядагы айып пул салууга алып келет.

62-берене. Тарыхый-маданий мурас объектилерин сактоо, пайдалануу жана кайтаруу талаптарын бузуу

1. Тарыхый-маданий мурас объектилерин, алардын аймактарын жана коргоо зоналарын сактоо, пайдалануу жана кайтаруу талаптарын бузуу, ошого тете анын күтүү режимин сактабоо -

5-категориядагы айып пул салууга алып келет.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурасынын өзгөчө баалуу объекттерине, алардын аймактарындагы тарыхый-маданий мурас объекттерине, мамлекеттик маанидеги тарыхый-маданий коруктардын (корук-музейлердин) аймактарындагы, ошого тете аларды кайтаруу зоналарындагы объекттерге карата жасалган жосундар -

6-категориядагы айып пул салууга алып келет.

3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган, тарыхый-маданий мурастар табылган объекттерге карата же алардын аймагында жасалган жосундар -

6-категориядагы айып пул салууга алып келет.

63-берене. Тарыхый-маданий мурас объекттерин кайтаруу жана пайдалануу боюнча мамлекеттик органдын уруксаты жок иш жүргүзүү

Эгерде мындай уруксат милдеттүү түрдө болсо, тарыхый-маданий мурас объекттерин кайтаруу жана пайдалануу боюнча мамлекеттик органдын уруксаты жок жер казуу, курулуш, мелиоративдик, чарбалык жана башка иштерди жүргүзүү, -

5-категориядагы айып пул салууга алып келет.

64-берене. Археологиялык чалгындоолорду же казууларды уруксатсыз жүргүзүү

1. Белгиленген тартипте алынган уруксаты жок же болбосо уруксатта каралган шарттарды бузуу менен археологиялык чалгындоо же казуу иштерин жүргүзүү, -

5-категориядагы айып пул салууга алып келет.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган, этиятсыздыктын айынан археологиялык мурас объектин бузууга же жок кылууга алып келген жосундар, -

6-категориядагы айып пул салууга алып келет.

65-берене. Тарыхый-маданий баалуулуктарды жашырып коюу

Археологиялык талаа иштеринин натыйжасында табылган тарыхый-маданий баалуулуктарды (антропогендик, антропологиялык, палеозоологиялык, палеоботаникалык жана тарыхый-маданий баалуулукка ээ башка объекттерди кошуп алганда) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Музей фондуна туруктуу сактоого өткөрүп берүүдөн качуу -

5-категориядагы айып пул салууга алып келет.

65-1-берене. Тил жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузуу

1. Тексттери адабий тилдин ченемдерине (алфавит жана орфографиялык эрежелер) ылайык келбеген көрнөктөрдү, кулактандырууларды, прейскуранттарды жана башка көрсөтмөлүү маалыматтарды юридикалык жана жеке жактардын имараттарында жайгаштыруу, -

эскертүүгө алып келет.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган иш-аракеттер эскертүү жаза-чарасы колдонулгандан кийин бир айдын ичинде оңдолбосо же алты айдын ичинде кайталанып жасалса, -

1-категориядагы айып пул салууга алып келет.

3. "Шаардагы, айылдагы калктуу конуштарда тексттери адабий тилдин ченемдерине (алфавит жана орфография эрежелер) ылайык келбеген сырткы жарнактарды жайгаштыруу, -

1-категориядагы айып пул салууга алып келет.

(КР 2018-жылдын 4-августундагы N 85 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

14-глава. Абатташтырууну кайтаруу чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы бузуулар

 

Эскертүү. 1. Ушул Кодекстин 66-71 жана 77-79-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан каралат.

2. Ушул Кодекстин 72-76-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер экологиялык жана техникалык коопсуздукту контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу орган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан каралат.

3. Ушул Кодекстин 80-беренесинде каралган бузуулар жөнүндө иштер транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.

(КР 2019-жылдын 15-февралындагы N 25 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

66-берене. Көп квартиралуу турак үйлөрдүн жалпы пайдалануудагы жерлерин санитардык күтүү эрежелерин бузуу

Көп квартиралуу турак үйлөрдүн жалпы пайдалануудагы жерлерин: жертөлөлөрдү, жарым жертөлөлөрдү, кургатуучу жайларды, чатырларынын алдын, чатырларын, тепкич клеткаларын, лифттерин, подьезддерди, үй алдындагы аймактарды санитардык жактан күтүү эрежелерин бузуу -

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

67-берене. Көп квартиралуу турак үйлөрдүн жалпы мүлкүнүн элементтерин өзүм билемдик менен пайдалануу

Квартира ээлеринин биргелешкен менчиги болуп саналган көп квартиралуу турак үйлөрдүн жалпы мүлк элементтерин: жертөлөлөрдү, жарым жер төлөөлөрдү, кургатуучу жайларды, чатырларынын алдын, чатырларын, тепкич клеткаларын, лифттерин, подьезддерин, инженердик жабдууларын, үй алдындагы аймактарын өзүм билемдик менен пайдалануу, -

1-категориядагы айып пул салууга алып келет.

68-берене. Көп квартиралуу турак үйлөрдөгү турак жайларды пайдалануу эрежелерин бузуу

Көп квартиралуу үйлөрдөгү турак жайларды өнөр жай мүнөзүндөгү максаттар үчүн берүү, өткөрүп берүү, тейлөө чөйрөсүнүн уюмдарын жайгаштыруу үчүн аларды соода орундары катары пайдалануу, анын ичинде мейманкана катары, ошондой эле туруктуу жашоодон тышкары ар кандай башка максаттарда пайдалануу, -

3-категориядагы айып пул салууга алып келет.

69-берене. Көп квартиралуу турак үйлөрдөгү жалпы мүлктү күтүү боюнча милдеттерди аткарбоо

Менчик ээлери тарабынан көп квартиралуу үйлөрдөгү жалпы мүлктү күтүү боюнча милдеттердин жана турак жай мыйзамдарынан келип чыгуучу башка талаптардын бузулушу, -

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

70-берене. Аймакты абатташтыруу эрежелерин бузуу

Калктуу конуштагы менчик объектисине жанаша жаткан аймакты абатташтыруу эрежелерин бузуу же ошол аймакта тазалыкты жана тартипти камсыз кылуу эрежелерин сактабоо -

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

71-берене. Белгиленбеген жерлерге таштандыларды таштоо, өрттөө

1. Белгиленбеген жерлерге турмуш-тиричилик таштандыларын жана буюмдарын таштоо, өрттөө -

3-категориядагы айып пул салууга алып келет.

2. Белгиленбеген жерлерге өндүрүштүк таштандыларды жана башка буюмдарды таштоо, өрттөө, ошондой эле жалбырактарды өрттөө -

4-категориядагы айып пул салууга алып келет.

(КР 2019-жылдын 15-февралындагы N 25 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

72-берене. Суу түтүгүнүн, канализациянын жана борбордук жылытуу тутумунун инженердик тарамдарынын жана курулмаларынын бүтүндүгүн бузуу

Тиешелүү кызматтар менен макулдашпастан, квартиралардын ичинде жайгашкан суу түтүгүнүн, канализациянын жана борбордук жылытуу тутумунун инженердик тарамдарынын жана курулмаларынын бүтүндүгүн бузуу -

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

73-берене. Люктарды, кудуктарды ачуу, тээктерин жөнгө салуу, пломбаларды жулуу

Суу түтүгүнүн, канализациялык жана жылуулук люктарды, кудуктарды ачуу, тээктерди жөнгө салуу, пломбаларын жулуу - жылуулук берүү, суу менен жабдуу тутумунун кадимкидей иштешин бузууга алып келсе, -

3-категориядагы айып пул салууга алып келет.

74-берене. Жашыл бак-дарактарды ичүүчү суу менен сугаруу

Жашыл бак-дарактарды суу түтүгүнөн ичүүчү суу менен сугаруу -

эскертүүгө же 1-категориядагы айып пул салууга алып келет.

75-берене. Суу түтүгүнө же башка тарамдарга өзүм билемдик менен кошулуу

Суу түтүгүнө, канализациялык же жылуулук берүү тарамдарына өзүм билемдик менен кошулуу -

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

76-берене. Жылытуу системасынан ысык сууну (жылуулук булагын) өзүм билемдик менен алуу

Ысык сууну борбордук жылуулук берүү тутумунан (жылуулук булагынан, радиатордон) чарбалык жана жеке муктаждыктарга өзүм билемдик менен алуу -

1 -категориядагы айып пул салууга алып келет.

77-берене. Жүргүнчү ташуучу лифтти пайдалануу эрежелерин бузуу

1. Жүргүнчү ташуучу лифтти пайдалануу эрежелерин бузуу -

1-категориядагы айып пул салууга алып келет.

2. Лифт жабдууларын бузуу -

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

78-берене. Көрүстөндөрдү күтүү эрежелерин бузуу

Көрүстөндөрдү күтүү эрежелерин бузуу -

эскертүүгө же 2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

79-берене. Иттерди жана мышыктарды багуу эрежелерин бузуу

Иттерди жана мышыктарды багуу эрежелерин бузуу -

эскертүүгө же 1-категориядагы айып пул салууга алып келет.

80-берене. Темир жол транспортунда тазалык эрежелерин сактабоо

Поезддин вагонунан таштандыларды же башка буюмдарды ыргытуу -

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

V БӨЛҮМ. КООМДУК ТАРТИПТИ, КООМДУК КООПСУЗДУКТУ, ӨНДҮРҮШТҮН ЖАНА КУРУЛУШТУН КООПСУЗДУГУН, ТРАНСПОРТТУН КООПСУЗДУГУН КАМСЫЗ КЫЛУУ ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ БАШКАРУУ ТАРТИБИНЕ КАРШЫ БУЗУУЛАР

15-глава. Коомдук тартипти камсыз кылуу, курал-жаракты, башка кооптуу предметтерди жана заттарды колдонуу, ошондой эле коомдук жана өрт коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы бузуулар

 

Эскертүү. 1. Ушул Кодекстин 81-86 жана 89-91-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.

2. Ушул Кодекстин 87, 88 жана 93-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер экологиялык жана техникалык коопсуздукту контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.

3. Ушул Кодекстин 92-беренесинде каралган бузуулар жөнүндө иштер диний иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.

(КР 2019-жылдын 15-февралындагы N 25 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

81-берене. Коомдук жайларда баңгизат каражаттарын же психотроптук заттарды колдонуу, спирт ичимдиктерин ичүү

Көчөлөрдө, стадиондордо, скверлерде, коомдук транспортто, же болбосо башка коомдук жайларда баңгизат каражаттарын, же болбосо психотроптук заттарды колдонуу же спирт ичимдиктерин ичүү, ошого тете коомдук жайларда адамдык кадыр-баркты, коомдук адеп-ахлакты мазактоочу мас абалында жүрүү, -

3-категориядагы айып пул салууга алып келет.

82-берене. Ички иштер органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө

Коомдук тартипти сактоо милдеттерин өтөп жүргөн ички иштер органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө, -

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

83-берене. Адистештирилген кызматтарды билип туруп жалган чакыруу

Милиция, өрттөн сактоо, медициналык тез жардам кызматтарын же башка адистештирилген кызматтарды билип туруп жалган чакыруу -

3-категориядагы айып пул салууга алып келет.

84-берене. Атуучу куралды сактоо жана ташуу эрежелерин бузуу

1. Ички иштер органдарынын уруксаты бар жеке адамдар тарабынан атуучу куралды же болбосо атуучу ок-дарыларды сактоо же ташуу эрежелерин бузуу, -

эскертүүгө же 2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

2. Алардын сакталышы үчүн жооптуу ишкананын, мекеменин же уюмдун кызматкеринин атуучу куралды, же болбосо атуучу ок-дарыларды сактоо же ташуу эрежелерин бузуусу, же болбосо атуучу куралды же атуучу ок-дарыларды багышталышы боюнча пайдаланбоо -

3-категориядагы айып пул салууга алып келет.

3. Адамдын алкоголдук, баңгизаттан, же токсикоманиялык мас абалында атуучу курал алып жүрүүсү, -

4-категориядагы айып пул салууга алып келет.

85-берене. Атуучу куралды каттоо мөөнөтүн бузуу

Жарандардын атуучу (мергенчилик) куралды каттатуунун (кайра каттатуунун) белгиленген мөөнөттөрүн же жашаган жери өзгөргөндө ички иштер органдарында эсепке коюу эрежелерин бузушу -

1-категориядагы айып пул салууга алып келет.

86-берене. Атуучу куралды сатып алуу, сактоо, берүү же сатуу тартибин бузуу

1. Жарандардын атуучу (мергенчилик) куралын ички иштер органдарынын уруксаты жок сатып алышы, башка адамдарга бериши же сатышы -

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

2. Соода ишканасынын (уюмунун) кызматкеринин атуучу сайсыз мергенчилик куралын жана алардын атуучу ок-дарыларын ички иштер органдарынын уруксаты жок жарандарга, ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга сатышы, -

3-категориядагы айып пул салууга алып келет.

87-берене. Жарылгыч материалдарга карата тиешелүү эрежелерди бузуу

1. Өнөр жай тармактарында жана мамлекеттик көзөмөл органдарынын контролу астындагы объекттерде жарылгыч заттарды жана пиротехникалык буюмдарды даярдоо, эсепке алуу, сатуу, ташуу, сактоо, ташып келүү, ташып кетүү, пайдалануу жана жок кылуу боюнча эрежелерди, ченемдерди жана нускамаларды бузуу, -

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

2. "Кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануучу уюмдардын жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын бузуу же аткарбоо -

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

88-берене. Жумушка паспортсуз же каттоосуз кабыл алуу

Иш берүүчүнүн жарандарды жумушка паспортсуз же каттоосуз кабыл алуусу -

1-категориядагы айып пул салууга алып келет.

89-берене. Паспортту мыйзамсыз алып коюу

Жарандын паспортун күрөөгө алуу же башка мыйзамсыз алып коюу -

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

90-берене. Эл көп катышкан иш-чараларды өткөрүү убагында коомдук коопсуздукту камсыз кылуу эрежелерин бузуу

Спорттук, маданий мүнөздөгү эл көп катышкан иш-чараларды өткөрүү убагында аларды уюштуруп жана өткөрүп жаткан жооптуу жактардын коомдук коопсуздукту камсыз кылуу эрежелерин бузуусу, -

4-категориядагы айып пул салууга алып келет.

91-берене. Тынч чогулуштарды өткөрүү тартибин бузуу

Тынч чогулуштарды өткөрүүнүн мыйзамда белгиленген тартибин бузуу -

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

92-берене. Диний бирикмелер жөнүндө мыйзамдарды бузуу

Диний бирикмелер жөнүндө мыйзамдарды бузуу:

1) диний бирикменин жетекчисинин бирикмени мамлекеттик башкаруу органдарында каттатуудан качуусу;

2) диний чогулуштарды, жүрүштөрдү же башка диний табынуу аземдерин уюштуруунун жана өткөрүүнүн мыйзамдарда белгиленген эрежелерин бузуу;

3) диний кызматкер же диний бирикменин мүчөсү тарабынан атайын балдардын (уландардын) диний табынууну аткарууга тиешеси жок чогулуштарын, же болбосо эмгек, адабий же башка ийримдерди (топторду) уюштуруусу, же болбосо өткөрүүсү, -

4-категориядагы айып пул салууга алып келет.

93-берене. Өрт коопсуздугу эрежелерин бузуу

Өрт коопсуздугу эрежелерин бузуу -

4-категориядагы айып пул салууга алып келет.

16-глава. Өндүрүш жана курулуш коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы бузуулар

 

Эскертүү. 1. Ушул Кодекстин 94-беренесинде каралган бузуулар жөнүндө иштер архитектура жана курулуш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жана экологиялык жана техникалык коопсуздукту контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.

2. Ушул Кодекстин 95-беренесинде каралган бузуулар жөнүндө иштер архитектура жана курулуш, саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү, экологиялык жана техникалык коопсуздукту контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан каралат.

3. Ушул Кодекстин 96-беренесинде каралган бузуулар жөнүндө иштер экологиялык жана техникалык коопсуздукту контролдоо жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан каралат.

(КР 2019-жылдын 15-февралындагы N 25 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

94-берене. Долбоорлоо жана куруу эрежелерин бузуу

1. Объекттерди долбоорлоонун, жайгаштыруунун, куруунун, реконструкциялоонун жана пайдаланууга кабыл алуунун мамлекеттик стандарттарынын эрежелерин бузуу -

4-категориядагы айып пул салууга алып келет.

2. Шаар куруу документтеринин курулуш же реставрациялоо иштерин аткаруу тартибине ылайык келбеген бөлүгүндө объекттерди же курулмаларды долбоорлоо эрежелерин бузуу -

3-категориядагы айып пул салууга алып келет.

3. Эксплуатациялоо процессинде курулмалардын архитектуралык түрүн өзгөртүү тартибин бузуу -

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

4. Курулуш материалдарын, буюмдарын же конструкцияларын өндүрүү, сатуу же болбосо курулушта колдонуу убагында мамлекеттик стандарттарды, ченемдерди, эрежелерди же долбоорлоо чечимдерин бузуу -

6-категориядагы айып пул салууга алып келет.

5. Курулуш аяктагандан кийин мамлекеттик кабыл алуу (техникалык) комиссиясынын кабыл алуусуз үйдү же курулманы эксплуатациялоо же пайдалануу -

4-категориядагы айып пул салууга алып келет.

95-берене. Объекттерди жана курулмаларды долбоорлоонун, куруунун, даярдоонун жана өндүрүштүн жаңы каражаттарын пайдалануунун санитардык ченемдери менен тартибин бузуу

Объекттерди же курулмаларды долбоорлоонун, куруунун, реконструкциялоонун, эксплуатациялоого киргизүүнүн санитардык ченемдерин жана жаны технологияларды, өндүрүш каражаттарын иштеп чыгуу же пайдалануу тартибин бузуу -

3-категориядагы айып пул салууга алып келет.

96-берене. Бөлүнүп берилген же бекитилген жер участогун өзү билемдик менен кеңейтүү

Бөлүнүп берилген же бекитилген жер участогун өзү билемдик менен кеңейтүү -

1-категориядагы айып пул салууга алып келет.

17-глава. Аба транспорту кыймылынын коопсуздугун жана аны эксплуатациялоону камсыз кылуу чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы бузуулар

Эскертүү. 1. Ушул Кодекстин 97-106-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.

2. Ушул Кодекстин 107-беренесинде каралган бузуулар жөнүндө иштер ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.

(КР 2019-жылдын 15-февралындагы N 25 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

97-берене. Аба транспортун пайдалануу эрежелерин бузуу

Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдалануунун, атап айтканда, аба кемелеринин, учкучу жок аба кемелеринин учууларынын, ракеталарды атуунун, ок атуунун, жардыруу иштерин жана Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдалануу менен байланышкан иштин башка түрлөрүнүн тартибин бузуу, ал төмөнкүдөй түрдө жасалса:

1) учуу планын көрсөтпөстөн (кабарлабай туруп контролдонбогон аба мейкиндигинен учууда), учууну уруксатысыз аткарууну жүзөгө ашыруу, аба кемелеринин учуу коопсуздугуна коркунуч келтирүүчү ишти уруксатсыз жүзөгө ашыруу;

2) аба кемелеринин Кыргыз Республикасында аба мейкиндигин пайдалануудагы тыюу салууларды жана чектөөлөрдү сактабагандыгы;

3) Кыргыз Республикасынын коргоо жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын уруксаты болбостон аба кемесинин тыюу салынган зонанын, учуу чектелген зонанын аймагынын үстүнөн учуп өтүшү же Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кесип өтүү эрежелерин бузуу;

4) буга учуу коопсуздугуна ачыктан-ачык коркунуч келтирилген учурларды жана авиациялык кырсыкты алдын алуу учурларын кошпогондо, аба кемелеринин вертикалдуу, капталдан узунунан кеткен эшелондошууну сактабагандыгы, белгиленген ченемдерден ашкан аралыкта аба кыймылын тейлөө аба трассаларынан жана маршруттарынан четтөө;

5) учуу коопсуздугуна ачыктан-ачык коркунуч келтирилген жана авиациялык кырсыктын алдын алуу учурларын кошпогондо, аба мейкиндигин пайдалануучулардын аба кыймылын тейлөө органдарынын командаларын аткарбагандыгы, -

4-категориядагы айып пул салууга алып келет.

98-берене. Учууну аткаруу эрежелерин бузуу

Учууну аткаруу эрежелерин бузуу, анын ичинде учууну жүргүзүүдө жаппы талаптарды бузуу, -

4-категориядагы айып пул салууга алып келет.

99-берене. Авиациялык электр байланышын пайдалануу эрежелерин бузуу

Авиациялык электр байланышын пайдалануу эрежелерин, анын ичинде байланыш түзүү жана жүргүзүү эрежелерин, авиациялык электр байланыш каражаттарын пайдалануу тартибин бузуу, ошондой эле ага тоскоолдуктарды түзүү, -

1-категориядагы айып пул салууга алып келет.

100-берене. Авиациялык коопсуздук эрежелерин бузуу

1. Авиациялык коопсуздук ченемдерин, эрежелерин же жол-жоболорун бузуу же аткарбай коюу -

1-категориядагы айып пул салууга алып келет.

2. Аэропорттун, аэродромдун, вертодромдун контролдонуучу аймактарынын же кирүү чектелген зонасынын, же болбосо жер үстүндөгү курулуштарынын тосмолорун күтүү боюнча чараларды көрбөй коюу -

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

3. Жарандык аба кемесинин бортуна текшерүүдөн өтпөгөн адамдардын, кол жүгүнүн же багаждын, жүктүн, почтанын, борт запастарынын, же болбосо жарандык аба кемелери менен ташууга тыюу салынган предметтердин же заттардын өтүп кетишине жол бербөө боюнча чараларды көрбөй коюу, -

3-категориядагы айып пул салууга алып келет.

4. Жарандык аба кемесинин бортуна текшерүүдөн өтпөгөн адамдарды, кол жүгүн же багажын, жүктү, почтаны, борт запастарын же болбосо жарандык аба кемелери менен ташууга тыюу салынган предметтерди же заттарды жеткирүү же болбосо жеткирүүгө көмөктөшүү -

4-категориядагы айып пул салууга алып келет.

101-берене. Аба ташуулары жаатындагы камсыздандыруунун талаптарын бузуу

"Жүргүнчүлөрдүн алдында ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана "Коркунучтуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын бузуу же аткарбай коюу -

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

102-берене. Жарандык авиация аэродромдорунда аба кемелеринин, атайын автотранспорттун жана механизация каражаттарынын кыймылын уюштуруу боюнча эрежелердин талаптарын бузуу

Жарандык авиация аэродромдорунда аба кемелеринин, атайын автотранспорттун жана механизация каражаттарынын кыймылын уюштуруу боюнча эрежелердин талаптарын, анын ичинде аба кемелеринин сакталышын камсыз кылууга, жерде аба кемелеринин бузулушун жокко чыгарууга жана жол-транспорт кырсыктарынын алдын-алууга багытталган иш-чараларды бузуу же аткарбай коюу, -

5-категориядагы айып пул салууга алып келет.

103-берене. Аба кемелерин кайтаруу эрежелерин бузуу

Аэропорттун, аэродромдун же жарандык авиациянын башка объектисинин контролдоочу же кайтаруучу зоналарындагы аба кемелерин же объектти кайтаруу эрежелерин бузуу -

3-категориядагы айып пул салууга алып келет.

104-берене. Аэродромго жанаша аймакта курулуш эрежелерин бузуу

Аба кемелеринин учуусу үчүн коркунучтуу объекттерди аэродромго жанаша аймакта куруу же жайгаштыруу эрежелерин бузуу, -

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

105-берене. Авиациялык персоналдын иштөөсүнө жол берүү тартибин бузуу

Авиациялык же тейлөөчү персоналдын иштөөсүнө жол берүү тартибин бузуу -

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

106-берене. Аба кемелерин текшерүүнү жүргүзүү эрежелерин бузуу

Жарандык авиациянын аба кемелерин учуу алдында же учуудан кийин карап, текшерүү жүргүзүү эрежелерин бузуу -

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

107-берене. Жарандык аба кемесинде жүрүш-туруш эрежелерин бузуу

Жарандык аба кемесинде жүргөн адамдардын аба кемесинин экипажынын буйруктарын жана көрсөтмөлөрүн, анын ичинде сүрөткө, киного тартуу жана видеого тартуу эрежелерин аткарбагандыгы, -

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

18-глава. Суу транспортунун кыймылынын жана пайдалануунун коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы бузуулар

 

Эскертүү. Ушул Кодекстин 108-118-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жана экологиялык жана техникалык коопсуздукту контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.

(КР 2019-жылдын 15-февралындагы N 25 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

108-берене. Кемени сүзүүгө чыгаруу эрежелерин бузуу

Суу же дарыя кемесин сүзүүгө чыгаруу (багыттоо) эрежелерин бузуу же тиешелүү уруксаты жок адамга кемени башкарууга жол берүү -

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

109-берене. Кемелердин кыймылынын коопсуздук эрежелерин бузуу

1. Эксплуатациялоого тыюу салынган кемени башкаруу же аны жүктөө, жабдуу, жүргүнчүлөрдү батыштыруу эрежелерин же сүзүү шарттарына карата чектөөлөрдү бузуу менен айдоо -

3-категориядагы айып пул салууга алып келет.

2. Бул кемени башкарууга укугу жок адамдын кемени айдоосу же мындай кемени башкарууга укугу жок адамга айдаганга берүү, -

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

3. Кемени айдоочунун кемени пайдалануудагы башка эрежелерди бузуусу -

1-категориядагы айып пул салууга алып келет.

Эскертүү. Бул беренеде каралган чакан кемелер деп, 75 аттын күчүнөн аз (55 кВт) кубаттуулуктагы башкы кыймылдаткычка ээ болгон өзү жүрүүчү кемелерди, жалпы сыйымдуулугу 80 регистрдик тоннадан (же бирдиктен) аз өзү жүрбөөчү жана жел кемелерди, ошондой эле кыймылдаткычтарынын кубаттуулугунан көз карандысыз, бирок жалпы сыйымдуулугу 10 регистрдик тоннадан (же бирдиктен) ашкан өзү жүрбөөчү жеңил кемелерди (жүк көтөрүмдүүлүктөрү 100 жана андан ашык килограмм болгон - калак шилтөөчү кайыктарды, 150 жана андан ашык килограмм болгон - байдаркаларды жана 225 жана андан ашык килограмм болгон - жел толтурулган кемелерди) түшүнүү керек.

(КР 2019-жылдын 15-февралындагы N 25 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

110-берене. Кемелердин сүзүү коопсуздугу эрежелерин бузуу

Кемелердин сүзүү коопсуздугу эрежелерин бузуу -

4-категориядагы айып пул салууга алып келет.

111-берене. Мас абалындагы айдоочуларга кеме айдоого жол берүү

Алкоголдук, баңги заттык, же башкача мас абалындагы кеме айдоочунун же башка адамдын, же белгиленген мөөнөттө медициналык кароодон өтпөгөн адамдын кеме айдоосуна жол берүү, -

3-категориядагы айып пул салууга алып келет.

112-берене. Кемелердин кыймылынын эрежелерин бузуу

Кеме айдоочулардын чакан кемелердин кыймылынын эрежелерин бузуусу -

4-категориядагы айып пул салууга алып келет.

113-берене. Суу транспортунда кыймылдын коопсуздук эрежелерин бузуу

1. "Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын бузуу же аткарбоо -

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

2. Порттогу сууларда кемелердин кыймылы же токтоп туруу эрежелерин, кемедеги жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу эрежелерин бузуу -

3-категориядагы айып пул салууга алып келет.

114-берене. Кемелерди каттоо тартибин бузуу

Кемелерди милдеттүү каттоо тартибин бузуу -

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

115-берене. Суу транспортунун кемелерин эксплуатациялоо эрежелерин бузуу

1. Суу транспортунда жүктөрдү ташуу эрежелерин бузуу -1-категориядагы айып пул салууга алып келет.

2. Навигациялык жабдуу, байланыш, сигнал берүү каражаттарын, же башка гидротехникалык курулмаларды эксплуатациялоо же алардын иштөө режиминин эрежелерин бузуу -

1-категориядагы айып пул салууга алып келет.

116-берене. Кемелердеги радиоорнотмолорду пайдалануу эрежелерин бузуу

Кемелердеги радиоорнотмолорду пайдалануу эрежелерин бузуу -

1-категориядагы айып пул салууга алып келет.

117-берене. Кемелердин токтоп туруусу үчүн базаларды (курулмаларды) күтүү эрежелерин бузуу

Кемелердин токтоп туруусу үчүн базаларды (курулмаларды) күтүү эрежелерин бузуу -

1-категориядагы айып пул салууга алып келет.

(КР 2019-жылдын 15-февралындагы N 25 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

118-берене. Суудагы иштерин жүргүзүүдө коопсуздук эрежелерин бузуу

Сууда суучулдук жана башка иштерди жүргүзүү эрежелерин бузуу -

1-категориядагы айып пул салууга алып келет.

19-глава. Автомототранспорт жана электротранспорт кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы бузуулар

Эскертүү. 1. Ушул главанын беренелериндеги транспорт каражаттары деп, автомобилдердин, трактордун бардык түрлөрүн, жана башка өзү жүрүүчү машиналарды, троллейбустарды, ошондой эле мотоциклдерди жана башка транспорт каражаттарын түшүнүү керек.

2. Ушул Кодекстин 119 - 120-1-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер мамлекеттик менчикте турган объекттер жагынан ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жана транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан жана муниципалдык менчикте турган объекттер жагынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын комиссиялары тарабынан каралат.

3. Ушул Кодекстин 121-, 122, 122-1 - 129, 131 жана 132-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.

4. Ушул Кодекстин 135-беренеде каралган бузуулар жөнүндө иштер транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.

5. Ушул Кодекстин 122-1, 130, 133 жана 134-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жана транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.

6. Ушул Кодекстин 121-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган бузуулар жөнүндө иштер ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жана транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.

(КР 2019-жылдын 21-февралындагы N 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

119-берене. Жол курулмаларын бузуу

1. Жолду, көчөнү, темир жол өткөөлүн же башка жол курулмаларын бузуу -

3-категориядагы айып пул салууга алып келет.

2. Курулуш аянтчаларынан кеткен көчөнүн же жолдун өтүүчү бөлүгүн булгоонун алдын алууга карата чараларды көрбөө, жолдун өтүүчү бөлүгүндөгү ремонттоо-курулуш иштеринин натыйжасында бузулган жолдун же көчөнүн элементтерин калыбына келтирүү эрежелерин бузуу жол кыймылынын коопсуздугуна коркунуч келтирсе, -

4-категориядагы айып пул салууга алып келет.

119-1-берене. Автомобиль жолдорун, көчөлөрдү, темир жол өткөөлдөрүн жана башка жол курулмаларын күтүү эрежелерин бузуу

1. Жолдордо жумуштарды жүргүзүү, жолдорду, темир жол өткөөлдөрүн жана жол курулмаларын күтүү боюнча талаптарды, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу эрежелеринде белгиленген башка талаптарды аткарбоо, -

4-категориядагы айып пул салууга алып келет.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган, жабырлануучунун саламаттыгына жеңил зыян келтирген, транспорт каражатына, жүктөргө, жолдорго, жолдогу жана башка курулмаларга же башка мүлккө зыян келтирген жол-транспорт кырсыгына алып келген аракеттер, -

6-категориядагы айып пул салууга алып келет.

(КР 2019-жылдын 21-февралындагы N 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

120-берене. Автомобиль жолдорунун бөлүү тилкесин сактоо эрежелерин бузуу

Автомобиль жолуна бөлүнгөн тилкедеги участокту айдоо, тигилген бак-дарактарды кыюу же сындыруу, чымдарды же кыртышты оюп алуу, чоң жолго кошулуучу жолдорду өзү билемдик менен куруу же бөлүүчү тилкени бузуу, канализациялык, өнөр жайлык, мелиорациялык сууларды жана агынды сууларды суу бургуч курулмаларга жана резервдерге агызуу, жолдо, көчөдө тоскоолдуктарды түзүү, жол жээгиндеги тилкелерде тиешелүү органдар менен макулдашпастан, соода точкаларын, тамактануу жайларын, сервистерди же жарнак такталарын, паннолорду, афишаларды, транспаранттарды, көрнөктөрдү, плакаттарды, белгилерди, көрсөткүчтөрдү куруу же уюштуруу -

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

120-1-берене. Жолдун жүрүүчү бөлүгүндө жайгашкан кароочу кудуктарды, жер алдындагы коммуникацияларды күтүү эрежелерин бузуу

1. Жолдун жүрүүчү бөлүгүндө жайгашкан кароочу кудуктарды, жер алдындагы коммуникацияларды күтүүнүн эрежелерин бузуу, ага тете жолдун үстүңкү бетине суунун, техникалык суюктуктардын, буунун чыгышына жана ушул себептен улам жол бетинин бузулушуна, муздун пайда болушуна, көрүүнүн чектелишине жана башка тоскоолдуктарга алып келген жер астындагы коммуникациялардын бузуктарын оңдоо үчүн чара көрбөө, -

4-категориядагы айып пул салууга алып келет.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган, жабырлануучунун саламаттыгына жеңил зыян келтирүү, транспорт каражаттарын, жүктөрдүн жана башка мүлктү бузуу менен жол-транспорт кырсыгына алып келген бузуу, -

6-категориядагы айып пул салууга алып келет.

(КР 2019-жылдын 21-февралындагы N 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

121-берене. Транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу

1. Эксплуатациялоого тыюу салынган, техникалык бузуктары бар транспорт каражаттарын айдоо, -

3-категориядагы айып пул салууга алып келет.

2. Бул транспорт каражаты үчүн милдеттүү болгон техникалык кароодон өтпөгөн транспорт каражатын айдоо, -

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

3. Транспорт каражатын каттоо, номердик белгини жайгаштыруу тартибин бузуу -

1-категориядагы айып пул салууга алып келет.

4. Транспорт каражатын номери жок, жасалма же жалган мамлекеттик каттоонун номердик белгилери (белгиси) менен башкаруу, ага тете транспорт каражатын мамлекеттик каттоонун номердик белгисин идентификациялоого тоскоолдук жараткан же аны өзгөртүүгө, же жашырууга мүмкүндүк берген түзүлүштөр жана материалдар колдонулган мамлекеттик каттоонун номердик белгиси (белгилери) менен башкаруу, -

5-категориядагы айып пул салууга алып келет.

5. Мотошлемдерди же коопсуздук курларын пайдалануу эрежелерин бузуу, -

1-категориядагы айып пул салууга алып келет.

6. Ыйгарым укуктуу адамдын пайдаланууга тыюу салынган техникалык бузугу бар же милдеттүү техникалык кароодон өтпөгөн же болбосо белгиленген тартипте катталбаган транспорт каражатынын жол кыймылына катышуусуна жол берүүсү, -

5-категориядагы айып пул салууга алып келет.

(КР 2019-жылдын 21-февралындагы N 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

122-берене. Транспорт каражаттарын документи жок айдоо

1. Транспорт каражатын тиешелүү категориядагы айдоочулук ырастамасы же транспорт каражатын каттоочу документи жок айдоо -

1-категориядагы айып пул салууга алып келет.

2. Жерде жүрүүчү транспорт каражатынын ээсинин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандырылышын ырастаган, мыйзамдарда каралган документи жок айдоосу, -

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

3. Транспорт каражатын мындай транспорт каражатын айдоого укугу жок адамдын айдоосуна, же транспорт каражатын айдоого укугу жок адамга мындай транспорт каражатын айдаганга берүү, -

3-категориядагы айып пул салууга алып келет.

Эскертүү. Бул берененин жоболору мыйзамдын негизинде белгиленген тартипте транспорт каражатын айдоого үйрөнүп жаткан адамдарга карата колдонулбайт.

122-1-берене. Транспорт каражатынын айдоочусунун ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлеринин транспорт каражатын токтотуу жөнүндө талаптарын аткарбоосу

Транспорт каражатынын айдоочусунун ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлеринин транспорт кара-жатын токтотуу жөнүндө талаптарын аткарбоосу, -

3-категориядагы айып пул салууга алып келет.

(КР 2019-жылдын 21-февралындагы N 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

122-2-берене. Транспорт каражатынын айдоочусунун жараксыз айдоочулук күбөлүктү көрсөтүүсү

Транспорт каражатынын айдоочусунун жараксыз айдоочулук күбөлүктү көрсөтүүсү жана бул фактынын андан кийин да белгиленүүсү, -

5-категориядагы айып пул салууга алып келет.

(КР 2019-жылдын 21-февралындагы N 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

123-берене. Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан ашуусу

1. Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан 10 км/сааттан көп, бирок 20 км/сааттан көп эмес ашуусу, -

1-категориядагы айып пул салууга алып келет.

2. Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан 20 км/сааттан көп, бирок 40 км/сааттан көп эмес ашуусу,-

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

3. Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан 40 км/сааттан көп, бирок 60 км/сааттан көп эмес ашуусу, -

3-категориядагы айып пул салууга алып келет.

4. Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын транспорт каражатынын кыймылынын белгиленген ылдамдыгынан 60 км/сааттан көп ашуусу, -

4-категориядагы айып пул салууга алып келет.

(КР 2019-жылдын 21-февралындагы N 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

123-1-берене. Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын жол кыймылынын эрежелерин бузуусу

1. Жол белгилеринин же болбосо жолдун жүрүүчү бөлүгүндөгү чийиндердин талаптарын аткарбоо, токтоо же токтоп туруу эрежелерин бузуу, анын ичинде маршруттук транспорт каражаттары үчүн тилкеде токтоо же токтоп туруу; жүктөрдү ташуу же болбосо транспорт каражаттарын сүйрөтүү эрежелерин бузуу, айдоочунун транспорт каражатында жүрүп баратканда колдун жардамысыз сүйлөшүүгө мүмкүндүк берүүчү, техникалык түзүлүштөр менен жабдылбаган байланыш каражаттарынан пайдалануу эрежелерин бузуу (кечиктирилгис кызматтык милдеттерин аткарып жаткан убакта атайын транспорт каражаттарынын айдоочуларын кошпогондо); коопсуз дистанцияны, интервалды сактабоо же болбосо жолдун жүрүүчү бөлүгүндө транспорт каражаттарын жайгаштырууну бузуу же автомагистралда жүрүү эрежелерин бузуу; айдоону үйрөтүү эрежелерин бузуу; жол белгилери же жолдун жүрүүчү бөлүгүнүн чийиндери менен белгиленген стоп-линиянын алдында токтоо жөнүндө Жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын светофордун тыюу салуучу сигналы же болбосо жөнгө салуучунун тыюу салуучу жаңсоосу болгондо аткарбоо; жөө жүрүүчүнүн өткөөлдөрдөн өтүү эрежелерин бузуу, жөө жүрүүчүнүн өткөөлдөрүндө жөө жүрүүчүгө артыкчылыктарды бербөө же ага тете тротуар менен же болбосо жөө жүрүүчүнүн же велосипедчендин жолунда жүрүү; жол кесилиштеринен өтүү эрежелерин бузуу же светофордун же болбосо жөнгө салуучунун тыюу салуучу сигналына, жаңсоосуна карабай өтүп кетүү; каршы кыймылдын тилкесине чыкпай туруп, кууп өтүү же маневр жасоо эрежелерин бузуу; автомобиль жолдоруна айдоочулар, жүргүнчүлөр же жол кыймылынын башка катышуучулары тарабынан таштандыларды жана башка предметтерди ыргытуу (таштап салуу, үйүп салуу, өрттөө); тышкы жарык берүүчү приборлорду же болбосо эскертүүчү сигналдарды пайдалануу эрежелерин бузуу, -

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

2. Каршы кыймыл тилкесине чыгуу менен кууп өтүүнүн же болбосо маневр жасоонун эрежелерин бузуу; жалпы пайдалануудагы транспорт каражаттарына артыкчылык бербөө, анын ичинде жалпы пайдалануудагы транспорт каражаттарынын токтоочу жерлеринен өтүү эрежелерин бузуу; кыймылдаткычтын иштетилген газдарын чыгаруучу тутумунун үнүнүн (күрүлдөшүнүн) деңгээлин күчөтүү үчүн кайра жабдуу, ага тете жабдууларды орнотуу, -

3-категориядагы айып пул салууга алып келет.

3. Атайын жарык берүүчү жана үн чыгаруучу сигналдык түзүлүштөрдү иштетүү менен жүрүп бараткан транспорт каражаттарынын кыймылына артыкчылык бербөө, -

5-категориядагы айып пул салууга алып келет.

4. Жол кыймылынын эрежелеринде белгиленген балдарды ташуу боюнча талаптарды бузуу, -

жеке жактарга 2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

Эскертүү. 1. Жол кыймылынын катышуучулары жолдун кайсы жеринде турганына, ошондой эле светофордун сигналдарынын, жол белгилеринин же болбосо жол чийиндеринин талаптарына карабастан жөнгө салуучунун сигналдарынын жана буйруктарынын талаптарына баш ийүүгө милдеттүү.

2. Ыкчам жана атайын кызматтардын транспорт каражаттарынын айдоочулары жарык берүүчү маяктарын күйгүзүп, кечиктирилгис кызматтык милдеттерин аткаруу менен ушул берененин талаптарын (жөнгө салуучунун сигналдарынан тышкары) аткарбашы мүмкүн. Алар кыймыл учурунда мындай артыкчылыкты өздөрүнө жол бошотуп берип жатканына ынанганда гана пайдалана алат.

(КР 2019-жылдын 21-февралындагы N 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

124-берене. Автоээнбаштык

Автоээнбаштык, башкача айтканда, транспорт каражатын айдоочунун коомго ачыктан-ачык урматтабагандыкты билдирген, Жол кыймылынын эрежелерин жана транспорт каражатын пайдаланууну бузуу менен коштолгон (автомобиль жарышы, белгиленбеген жерлерде ар кандай түрдөгү көрсөтмөлүү айдоо ж.б.) коомдук тартипти жана жарандардын тынчтыгын ачыктан-ачык бузган атайын аракеттери, -

4-категориядагы айып пул салууга алып келет.

125-берене. Жөө жүрүүчү, велосипедчен, көлүк унаасын башкаруучу, мал айдоочулар жол кыймылынын эрежелерин бузуусу

1. Жөө жүрүүчүнүн, велосипедчендин, көлүк унаа башкаруучунун, мал айдоочулардын жол кыймылынын эрежелерин бузуусу -

1-категориядагы айып пул салууга алып келет.

2. Мас абалындагы адам жасаган ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган жосун, -

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

126-берене. Кечиктирилгис учурларда транспорт каражатын бербей коюу

Ички иштер органдарынын, улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерине же медициналык кызматкерге кечиктирилгис учурларда транспорт каражатын бербей коюу -

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

127-берене. Жол кыймылынын башка эрежелерин бузуу

1. Ушул Кодексте эске алынгандарды кошпогондо, жол кыймылынын эрежелеринин башка талаптарын бузуу, -

Эскертүүгө же 1-категориядагы айып пул салууга алып келет.

2. Ошол эле жосун транспорт каражатынын, жүктүн, автомобиль жолунун, көчөнүн, темир жол өткөөлүнүн, жол курулмасынын же башка мүлктүн бузулушуна алып келсе, -

3-категориядагы айып пул салууга алып келет.

Эскертүү. Жарандык-укуктук жоопкерчилиги камсыздандырылган адам милдеттүү түрдө камсыздандыруу мыйзамдарына ылайык жол-транспорт кырсыгынын катышуучусу бул жөнүндө биргелешип кабарлоо түзүү укугунан пайдаланган шарттарда транспорт каражатынын бузулуусуна алып келген, бул беренеде каралган жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчилик тартпайт.

128-берене. Мас абалындагы айдоочунун транспорт каражатын башкаруусу, мас абалындагы адамга транспорт каражатын башкарууга берүү

1. Алкоголь, баңги зат, психотроптук жана башка маң кылуучу заттар менен мас болгон абалдагы айдоочунун транспорт каражатын башкаруусу, -

8-категориядагы айып пул салууга алып келет.

2. Алкоголь, баңги зат, психотроптук жана башка маң кылуучу заттар менен мас болгон абалдагы адамга транспорт каражатын башкарууга берүү, -

7-категориядагы айып пул салууга алып келет.

3. Айдоочунун белгиленген тартипке ылайык алкоголь, баңги зат, психотроптук жана башка маң кылуучу заттар менен мас абалын күбөлөндүрүүдөн баш тартуусу, -

8-категориядагы айып пул салууга алып келет.

(КР 2019-жылдын 21-февралындагы N 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

129-берене. Ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен тиешелүү макулдашуусу жок кайра жабдылган транспорт каражатын башкаруу

1. Айдоочунун тиешелүү макулдашуусу жок кайра жабдылган же транспорт каражатынын конструкциясында каралбаган кошумча жабдуулар орнотулган транспорт каражатын башкаруусу, -

3-категориядагы айып пул салууга алып келет.

2. Сыртына ыкчам кызматтардын транспорт каражаттарынын атайын түстүү графикалык схемалары мыйзамсыз түшүрүлгөн же атайын үн чыгаруучу же жарык берүүчү сигналдар орнотулган же болбосо ар кандай түрдөгү жазуулар, сүрөттөр, фотосүрөттөр түшүрүлгөн транспорт каражатын башкаруу, -

3-категориядагы айып пул салууга алып келет.

3. Айдоочунун маңдайкы айнеги жана (же) алдыңкы эшиктин каптал айнектери күңүрттөлгөн, анын ичинде кустардык, өнөр жайлык түрдө даярдалган же болбосо аларда пардалар пайдаланылган же айнектеринде чагылышкан күңүрттөөчү жабуусу бар транспорт каражатын башкаруусу, -

3-категориядагы айып пул салууга алып келет.

Эскертүү. 1. Транспорт каражаттарынын айнектеринин жарык өткөрүүсү (күңүрттөлүүсү) Бажы бирлигинин Техникалык регламентинин талаптарына ылайык келүүсү керек.

2. Ушул ченем тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген атайын автомашиналарга жайылтылбайт.

(КР 2019-жылдын 21-февралындагы N 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

130-берене. Кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелерин бузуу

1. "Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын бузуу же аткарбоо -

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

2. Айдоочунун кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелерин же автомобиль жолдору, көчөлөр же темир жол өткөөлдөрү аркылуу ири габариттүү же болбосо оор салмактуу транспорт каражаттарынын жүрүү эрежелерин бузуусу -

8-категориядагы айып пул салууга алып келет.

131-берене. Идентификациялык номерлери каттоо документтериндеги жазууларга ылайык келбеген транспорт каражаттарын пайдалануу

Курамдык бөлүктөрүнүн идентификациялык номерлери каттоо документтериндеги жазууларга ылайык келбеген транспорт каражаттарын пайдалануу же аларды жок кылуу же болбосо жалган жасоо -

3-категориядагы айып пул салууга алып келет.

132-берене. Транспорт каражатын жолго чыгаруу эрежелерин бузуу

Техникалык абалы же жабдуулары жол кыймылынын эрежелерине, жол кыймылынын коопсуздук стандарттарына же техникалык эксплуатациялоого ылайык келбеген транспорт каражаттарын жолго чыгаруу эрежелерин бузуу, -

5-категориядагы айып пул салууга алып келет.

133-берене. Транспорт каражаттарын оңдоодо жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин, ченемдерин же стандарттарын бузуу

Автомобиль жолдорун, көчөлөрдү, темир жол өткөөлдөрүн, жол курулмаларын курууда, оңдоодо же күтүүдө транспорт каражаттарын же алардын тетиктерин, же болбосо аларды кошумча жабдуудагы башка предметтерди оңдоодо жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин, ченемдерин же стандарттарын бузуу -

4-категориядагы айып пул салууга алып келет.

134-берене. Автомобиль транспорту менен ташуу эрежелерин бузуу

1. Балдардын же туристтердин уюштурулган топторун ташуу эрежелерин бузуу -

3-категориядагы айып пул салууга алып келет.

2. Каттамдык такси же шаар аралык же болбосо эл аралык ташуулар режиминде иштегендердин транспорт каражаттары менен ташылуучу адамдардын санына карата талаптарды айдоочунун бузуусу же ташуу келишими же болбосо каттамдын паспорту болбогондо -

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

3. "Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын бузуу же аткарбоо -

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

4. Айдоочулардын иштөө же эс алуу режимин бузуу -

3-категориядагы айып пул салууга алып келет.

5. Айдоочунун жүргүнчүлөрдү ташуу эрежелеринин ар бир смена сайын рейске чыгар алдындагы медициналык кароодон өтүү же рейске чыгар алдындагы транспорт каражаттарынын техникалык абалын контролдон өткөрүү бөлүгүндөгү эрежелерди бузуусу -

3-категориядагы айып пул салууга алып келет.

135-берене. Эл аралык автомобилдик ташуу эрежелерин бузуу

1. Эл аралык автомобилдик ташууларды жүзөгө ашыруунун, айдоочулардын иш режимин же болбосо эс алуусун каттоонун контролдоочу түзүлүштөрү (тахографтары) болбогон же бузук болгон, же алардын эс алуу же иштөө режимдерин ар күнү каттоочу баракчаларынын жок болгон бөлүгүндөгү эрежелерин бузуу -

4-категориядагы айып пул салууга алып келет.

2. Транспорт каражаттарын каттаган мамлекетти таанытуучу белгилери жок эл аралык автомобилдик ташууларды жүзөгө ашыруу -

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

20-глава. Темир жол транспортун жана магистралдык өткөрүү түтүктөрүн пайдалануунун коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы бузуулар

Эскертүү. 1. Ушул Кодекстин 136-беренесинин 1, 3 жана 4-бөлүктөрүндө каралган бузуулар жөнүндө иштер транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат, ал эми ушул Кодекстин 136-беренесинин 2-бөлүгүндө каралгандар ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.

2. Ушул Кодекстин 137 жана 138-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жана экологиялык жана техникалык коопсуздукту контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.

(КР 2019-жылдын 15-февралындагы N 25 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

136-берене. Темир жол транспортунда кыймылдын коопсуздук эрежелерин бузуу

1. Поезддерде жүрүү эрежелерин бузуу -

1-категориядагы айып пул салууга алып келет.

2. Темир жолдор аркылуу өтүү эрежелерин бузуу -

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

3. Жүргүнчүнүн темир жол транспортунда тыюу салынган буюмдарды ташуусу -

3-категориядагы айып пул салууга алып келет.

4. Темир жол транспортунда кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелерин бузуу -

4-категориядагы айып пул салууга алып келет.

137-берене. Магистралдык өткөрүүчү түтүктөрдү кайтаруу эрежелерин бузуу

Магистралдык өткөрүүчү түтүктөрдү кайтаруу эрежелерин бузуу -

3-категориядагы айып пул салууга алып келет.

138-берене. Магистралдык өткөрүүчү түтүктөрдүн коопсуздук эрежелерин бузуу

Магистралдык өткөрүүчү түтүктөрдүн коопсуздук эрежелерин, анын ичинде экологиялык коопсуздук эрежелерин бузуу -

6-категориядагы айып пул салууга алып келет.

VI БӨЛҮМ. ЭКОЛОГИЯЛЫК, САНИТАРДЫК-ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК, РАДИАЦИЯЛЫК КООПСУЗДУКТУ КАМСЫЗ КЫЛУУ ЖАНА АЙЛАНА-ЧӨЙРӨНҮ КОРГОО ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ БАШКАРУУ ТАРТИБИНЕ КАРШЫ БУЗУУЛАР

21-глава. Экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө башкаруу тартибине каршы бузуулар

Эскертүү. Ушул Кодекстин 139-149-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер экологиялык жана техникалык коопсуздукту контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.

(КР 2019-жылдын 15-февралындагы N 25 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

139-берене. Инновациялар чөйрөсүндөгү экологиялык коопсуздук талаптарын бузуу

Илимий-изилдөөлөрдү жүргүзүүдө, ачылыштарды, ойлоп табууларды киргизүүдө, жаңы техниканы, импорттук жабдууларды, технологияларды же тутумдарды колдонууда экологиялык коопсуздук талаптарын бузуу -

7-категориядагы айып пул салууга алып келет.

140-берене. Пестициддер жана агрохимикаттар жагындагы операцияларды жүзөгө ашырууда экологиялык коопсуздук талаптарын бузуу

1. Пестициддерди, агрохимикаттарды өндүрүүнүн же аларды колдонуунун техникалык каражаттарын пайдалануунун мамлекеттик стандарттарга, санитардык ченемдерге шайкеш келтирүү бөлүгүндөгү эрежелерин бузуу -

5-категориядагы айып пул салууга алып келет.

2. Пестициддерди же агрохимикаттарды ташуунун, сактоонун, сатуунун же пайдалануунун санитардык эрежелерин бузуу -

4-категориядагы айып пул салууга алып келет.

3. Айыл чарба чийки заттарынын, тоюттардын, тамак-аш азыктарынын, кыртыштын, суунун, абанын жол берилген ченемдерден ашык булганышына алып келүүчү пестициддерди же агрохимикаттарды колдонуу эрежелерин бузуу -

8-категориядагы айып пул салууга алып келет.

4. Пестициддерди, агрохимикаттарды, аларды колдонуунун техникалык каражаттарын мамлекеттик сыноолордон өткөрүүнүн, каттоонун же кайра каттоонун эрежелерин бузуу -

7-категориядагы айып пул салууга алып келет.

141-берене. Айыл чарба чийки заттарын жана азык-түлүк азыктарын утилдештирүү, жок кылуу эрежелерин бузуу

Пестициддерди же агрохимикаттарды камтуу талаптарына жооп бербеген айыл чарба чийки заттарын же азык-түлүк азыктарын утилдештирүү, жок кылуу эрежелерин бузуу, -

4-категориядагы айып пул салууга алып келет.

142-берене, Минералдык жер семирткичтер жагынан операцияларды жүзөгө ашырууда экологиялык коопсуздук талаптарын бузуу

Минералдык жер семирткичтерди, уулуу химиялык заттарды же башка препараттарды өндүрүүдө же болбосо аларды урунууда экологиялык коопсуздук талаптарын бузуу -

5-категориядагы айып пул салууга алып келет.

143-берене. Биологиялык активдүү заттар жана биотехнология предметтери жагынан операцияларды жүзөгө ашырууда экологиялык коопсуздук талаптарын бузуу

Микроорганизмдерди, башка биологиялык активдүү заттарды же биотехнология предметтерин өндүрүүдө же болбосо аларды урунууда экологиялык коопсуздук талаптарын бузуу -

6-категориядагы айып пул салууга алып келет.

144-берене. Биологиялык активдүү заттардын жаңы штаммдарын түзүү, өндүрүү жана аларды пайдалануу эрежелерин бузуу

Микроорганизмдердин жана башка биологиялык активдүү заттардын жаңы штаммдарын түзүү, өндүрүү же болбосо аларды пайдалануу эрежелерин бузуу -

8-категориядагы айып пул салууга алып келет.

145-берене. Мамлекеттик экологиялык экспертизанын талаптарын аткарбоо

Мамлекеттик экологиялык экспертизанын талаптарын аткарбоо -

3-категориядагы айып пул салууга алып келет.

146-берене. Кырсыктардын экологиялык кесепеттерин болтурбоо жана жоюу боюнча чараларды көрбөө

1. Айлана-чөйрөгө кырсыктардын же башка зыяндуу таасирдин экологиялык кесепеттерин болтурбоо же жоюу боюнча чараларды көрбөө -

5-категориядагы айып пул салууга алып келет.

2. Ошол эле жосун өзгөчө экологиялык кырдаал зонасында жасалса, -

6-категориядагы айып пул салууга алып келет.

3. Өзгөчө экологиялык кырдаал зонасында айлана-чөйрөнү калыбына келтирүү же жаратылыш ресурстарын кайра калыбына келтирүү боюнча милдеттүү иш-чараларды аткаруу тартибин бузуу -

3-категориядагы айып пул салууга алып келет.

147-берене. Жаратылышты коргоо курулмаларын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу

Жаратылышты коргоо курулмаларын же жабдууларын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу -

3-категориядагы айып пул салууга алып келет.

148-берене. Калдыктарды кайра иштетүү боюнча орнотмолорду эксплуатациялоо эрежелерин бузуу

Калдыктарды кайра иштетүү же болбосо утилдештирүү боюнча орнотмолорду же өндүрүштөрдү, же өнөр жай, турмуш-тиричилик же башка калдыктарын сактоо же болбосо көмүү үчүн объекттерди эксплуатациялоо эрежелерин бузуу -

4-категориядагы айып пул салууга алып келет.

149-берене. Калдыктардан продукция өндүрүү тартибин бузуу

Калдыктардан продукция өндүрүү тартибин бузуу -

3-категориядагы айып пул салууга алып келет.

22-глава. Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейгамдыгын камсыз кылуу чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы бузуулар

Эскертүү. 1. Ушул Кодекстин 150-беренесинде каралган бузуулар жөнүндө иштер саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.

2. Ушул Кодекстин 151-беренесинде каралган бузуулар жөнүндө иштер саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жана экологиялык жана техникалык коопсуздукту контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.

3. Ушул Кодекстин 152-155-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.

4. Ушул Кодекстин 156-беренесинде каралган бузуулар жөнүндө иштер ветеринардык көзөмөл чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.

(КР 2019-жылдын 15-февралындагы N 25 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

150-берене. Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы техникалык регламенттердин, санитардык эрежелердин, гигиеналык ченемдердин жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузуу

1. Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы техникалык регламенттердин, санитардык эрежелердин, гигиеналык ченемдердин жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузуу -

1-категориядагы айып пул салууга алып келет.

2. Ошол эле жосун, адамдар узак убакыт бою же болбосо убактылуу болуучу объекттердеги же жайлардагы абага карата жасалса -

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

3. Турак жай имараттарында, жайларда, квартираларда, үйлөрдө жана үйдүн жанындагы участоктордо санитардык-гигиеналык ченемдерди, же санитардык-эпидемияга каршы ченемдерди бузуу -

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

4. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган жосун калкты ичүүчү суу менен камсыз кылууда жасалса, -

3-категориядагы айып пул салууга алып келет.

5. Тамак-аш азыктарын же чийки азык-түлүк заттарын өндүрүүдө, жүгүртүүдө же болбосо сатууда санитардык ченемдерди же мамлекеттик стандарттарды бузуу -

4-категориядагы айып пул салууга алып келет.

151-берене. Химиялык заттарды жана материалдарды жүгүртүүдө техникалык регламенттердин, санитардык эрежелердин, гигиеналык ченемдердин жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузуу

Химиялык заттарды же болбосо материалдарды, уулуу заттарды, биотехнология продуктуларын же башка биологиялык агенттерди өндүрүүдө, жүгүртүүдө, сактоодо, жок кылууда же утилдештирүүдө техникалык регламенттердин, санитардык эрежелердин, гигиеналык ченемдердин жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузуу -

4-категориядагы айып пул салууга алып келет.

152-берене. Фитосанитардык чараларды аткаруу жана контролдоо эрежелерин бузуу

Фитосанитардык чараларды аткаруу же контролдоо эрежелерин бузуу -

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

153-берене. Карантиндик зыянкечтерге каршы күрөшүү эрежелерин бузуу

Карантиндик зыянкечтерге, өсүмдүктөрдүн илдеттерине же отоо чөптөргө каршы күрөшүү эрежелерин бузуу -

1-категориядагы айып пул салууга алып келет.

154-берене. Карантиндик режим зоналарынан материалды ташып келүү тартибин бузуу

Өзгөчө карантиндик режим өлкөлөрүнөн же зоналарынан материалдарды ташып келүү тартибин бузуу -

3-категориядагы айып пул салууга алып келет.

155-берене. Өсүмдүктөрдү коргоо эрежелерин бузуу

Айыл чарба багытындагы же башка багыттагы өсүмдүктөрдү айдоо технологиясын сактабоо, өсүмдүктөрдү негизсиз экологиялык жактан коргоо жолу менен өсүмдүктөрдү зыяндуу организмдердин тарап кетишинен коргоо эрежелерин бузуу -

3-категориядагы айып пул салууга алып келет.

156-берене. Ветеринардык эрежелерди бузуу

1. Жаныбарлардын жугуштуу ылаңдарынын алдын алуу жана аларды жоюу жагынан ветеринардык-санитардык эрежелерди бузуу -

3-категориядагы айып пул салууга алып келет.

2. Жаныбарлардын карантини эрежелерин же башка карантиндик чектөөлөрдү бузуу -

4-категориядагы айып пул салууга алып келет.

23-глава. Радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы бузуулар

Эскертүү. 1. Ушул Кодекстин 157, 158 жана 161-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер экологиялык жана техникалык коопсуздукту контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу орган жана саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.

2. Ушул Кодекстин 159 жана 160-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер экологиялык жана техникалык коопсуздукту контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.

(КР

2019-жылдын 15-февралындагы N 25 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

157-берене. Радиоактивдүү заттар менен иштөөдө коопсуздук талаптарын бузуу

1. "Кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануучу уюмдардын жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын бузуу же аткарбоо -

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

2. Радиоактивдүү заттарды казып алууда же аларды урунууда коопсуздук талаптарын бузуу -

3-категориядагы айып пул салууга алып келет.

158-берене. Радиоактивдүү калдыктар менен иштөөдө жумуштарды коопсуз жүргүзүү талаптарын бузуу

Радиоактивдүү калдыктарды урунууда жумуштарды коопсуз жүргүзүү талаптарын бузуу -

6-категориядагы айып пул салууга алып келет.

159-берене. Кырсыктардын алдын алуу тартибин бузуу

Радиоактивдүү калдыктарды сактоочу жайларда же болбосо радиоактивдүү калдыктарды урунууга арналган объекттерде кырсыктардын алдын алуу же алардын кесепеттерин жоюу тартибин бузуу, -

4-категориядагы айып пул салууга алып келет.

160-берене. Уран рудаларын казып алуу жана аларды урунуу тартибин бузуу

Уран рудаларын же болбосо аларды кайра иштетүү продуктуларын казып алуу же урунуу тартибин бузуу -

5-категориядагы айып пул салууга алып келет.

161-берене. Радиациялык коопсуздук зонасы режиминин талаптарын бузуу

Атайын белгиленген радиациялык булгануу зонасында радиациялык коопсуздук талаптарын бузуу -

3-категориядагы айып пул салууга алып келет.

24-глава. Атмосфераны, жерди, жер казынасын, сууларды, башка жаратылыш ресурстарын коргоо чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы бузуулар

Эскертүү. 1. Ушул Кодекстин 162-167, 169, 172, 174 жана 175-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер экологиялык жана техникалык коопсуздукту контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.

2. Ушул Кодекстин 168, 170 жана 171-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер экологиялык жана техникалык коопсуздукту контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу орган жана айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.

3. Ушул Кодекстин 173-беренесинде, 177-183-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер экологиялык жана техникалык коопсуздукту контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу орган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан каралат.

4. Ушул Кодекстин 176-беренесинде каралган бузуулар жөнүндө иштер экологиялык жана техникалык коопсуздукту контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу орган, айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан каралат.

(КР 2019-жылдын 15-февралындагы N 25 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

162-берене. Атмосфераны коргоо боюнча талаптарды бузуу

Өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын, алардын өсүүсүнө түрткү берүүчүлөрдү, минералдык жер семирткичтерди же башка препараттарды урунуу эрежелерин бузуу атмосферанын бузулушуна алып келсе, -

4-категориядагы айып пул салууга алып келет.

163-берене. Булгоочу заттарды атмосферага чыгарууну жүзөгө ашыруу тартибин бузуу

Булгоочу заттарды атмосферага чыгарууну жүзөгө ашыруу тартибин бузуу -

5-категориядагы айып пул салууга алып келет.

164-берене. Атмосфераны пайдалануу эрежелерин бузуу

Атмосфералык абаны негизги өндүрүштүк багыттагы чийки зат катары пайдалануу эрежелерин бузуу -

5-категориядагы айып пул салууга алып келет.

165-берене. Атмосферанын жана атмосфералык кубулуштардын абалын жасалма өзгөртүүгө багытталган ишти жүзөгө ашыруу тартибин бузуу

Чарбачылык максаттарда атмосферанын жана атмосфералык кубулуштардын абалын жасалма өзгөртүүгө багытталган ишти жүзөгө ашыруу тартибин бузуу, -

5-категориядагы айып пул салууга алып келет.

166-берене. Булгоочу заттарды камтуу ченемдеринен ашып кеткен транспорттук жана башка кыймылдуу каражаттарды эксплуатациялоого чыгаруу

Иштеп жаткан мезгилде тышка бөлүп чыгарган газында булгоочу заттардын камтылышы, же физикалык факторлордун таасиринин деңгээли белгиленген ченемдерден ашып кеткен автомобилдерди, самолетторду, кемелерди же башка кыймылдуу каражаттарды же болбосо орнотмолорду эксплуатациялоого чыгаруу, -

3-категориядагы айып пул салууга алып келет.

167-берене. Бөлүп чыгарууда булгоочу заттардын камтылышы ченемдерден ашып кеткен автомототранспорттук жана кыймылдуу башка каражаттарды эксплуатациялоо

Бөлүп чыгарууда булгоочу заттардын камтылышы белгиленген ченемдерден ашып түшкөн автомототранспорттук же башка кыймылдуу каражаттарды же болбосо орнотмолорду эксплуатациялоо, -

4-категориядагы айып пул салууга алып келет.

168-берене. Жаратылыш-корук фондунун аймактарын жана обьекттерин пайдалануу тартибин бузуу

Жаратылыш-корук фондунун аймактарын же объекттерин пайдалануу тартибин бузуу -

3-категориядагы айып пул салууга алып келет.

169-берене. Сууларды булгануудан жана таштандылардан коргоо боюнча талаптарды бузуу

Таштандыларды ыргытуу белгиленген ченемдерден ашып кетип, суулардын булгануусуна же таштандыга толуп, бүтөлүүсүнө алып келсе, -

5-категориядагы айып пул салууга алып келет.

170-берене. Жерлерди пайдалануу эрежелерин бузуу

Жерлерди пайдалануу эрежелерин, анын ичинде жерлерди пайдаланууда жаратылышты коргоо режимдеринин талаптарын бузуу, -

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

171-берене. Токой фондусунун жерлерин пайдалануу тартибин бузуу

Мамлекеттик токой фондунун жерлерин пайдалануу тартибин бузуу, -

3-категориядагы айып пул салууга алып келет.

172-берене. Күрдүү кыртыштын катмарын алуу, сактоо жана жаткыруу шарттарын аткарбоо

Күрдүү кыртыштын катмарын алуу, сактоо же жаткыруу шарттарын аткарбоо -

3-категориядагы айып пул салууга алып келет.

173-берене. Жерге жайгаштыруу эрежелерин бузуу

1. Жерге жайгаштыруу долбоорлорунун жоболорун бузуу -

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

2. Товардык айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүү үчүн айыл чарбасы багытындагы жер участокторун пайдалануу тартибин бузуу -

3-категориядагы айып пул салууга алып келет.

174-берене. Жер казынасы жөнүндө мыйзамды бузуу

1. Пайдалуу кендер жаткан аянттарга курулуштарды куруу тартибин бузуу -

4-категориядагы айып пул салууга алып келет.

2. Пайдалуу кендер чыккан жерлерди сарамжалдуу пайдалануу талаптарын бузуу -

3-категориядагы айып пул салууга алып келет.

3. Маркшейдердик документтерди жоготуу -

3-категориядагы айып пул салууга алып келет.

4. Пайдалуу кендерди иштетүү эрежелерин бузуу -

4-категориядагы айып пул салууга алып келет.

5. Мунай же газ бургулоочу скважиналарда, кен чыккан жерлерде же болбосо мунай заттарын, ууландыруучу, башка жарылгыч же уулуу заттарды ташууда өрттөргө, кырсыктарга жол бербөө же аларды жоюу эрежелерин бузуу -

5-категориядагы айып пул салууга алып келет.

6. Жер казынасын пайдаланууга атайын уруксаттын (лицензиянын) өзгөчө шарттарын бузуу -

8-категориядагы айып пул салууга алып келет.

175-берене. Жер казынасын геологиялык изилдөө боюнча иштерди жүргүзүү эрежелерин бузуу

Жер казынасын геологиялык изилдөө боюнча иштерди жүргүзүү эрежелерин бузуу -

3-категориядагы айып пул салууга алып келет.

176-берене. Жаратылыш ресурстарын пайдалануу лимиттеринен ашып түшүү

Жаратылыш ресурстарын пайдалануу лимиттеринен ашып түшүү -

8-категориядагы айып пул салууга алып келет.

177-берене. Суу ресурстарын сактоо эрежелерин бузуу

Суу ресурстарын сактоо эрежелерин бузуу -

3-категориядагы айып пул салууга алып келет.

178-берене. Суу фондунун жерлерин пайдалануу эрежелерин бузуу

Суу коргоо зоналарында же суу фондунун жерлеринде чарбалык иштин режимин бузуу, суу фондунун жерлерин багыты боюнча пайдаланбоо -

3-категориядагы айып пул салууга алып келет.

179-берене. Атайын суу пайдалануу эрежелерин бузуу

Атайын суу пайдалануу же гидротехникалык жумуштарды жүргүзүү эрежелерин бузуу -

3-категориядагы айып пул салууга алып келет.

180-берене. Сугат суу менен камсыз кылуу үчүн ирригациялык системаны пайдаланууну жана күтүүнү бузуу

Айыл чарба багытындагы калктуу конуштардын ичиндеги жерлерди жана башка жерлерди сугат суу менен камсыз кылуу үчүн белгилүү ирригациялык системаны пайдалануу жана күтүү эрежелерин бузуу -

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

181-берене. Суу бөлүштүрүү эрежелерин жана сууну пайдалануу эрежелерин бузуу

Айыл чарба багытындагы калктуу конуштардын ичиндеги жерлерди жана башка жерлерди сугаруу үчүн белгиленген суу бөлүштүрүү эрежелерин жана суу пайдалануу эрежелерин бузуу -

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

182-берене. Менчигинин формасына карабастан жерлердеги табигый жана маданий жайыт жерлерин бузуу

1. Жайытты жүгүртүүгө ылайык эс алууга бөлүнгөн табигый жайыт жерлеринде малды жайууну же белгиленген мөөнөттөн мурда жаюуну, ошондой эле тиешелүү уруксаты жок, табигый жана маданий жайыттар аркылуу мал айдоону билдирген менчигинин формасына карабастан жерлердеги табигый жана маданий жайыт жерлерин бузуу, -

4-категориядагы айып пул салууга алып келет.

2. Менчигинин формасына карабастан жерлердеги табигый жана маданий жайыттарда өсүп турган чөптөр аркылуу автомобиль, трактор, комбайн жана башка транспорт каражаттары менен өтүү -

3-категориядагы айып пул салууга алып келет.

183-берене. Жайыттарды жана чабындыларды пайдалануунун белгиленген режимин бузуу

Жайыттарды жана чабындыларды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын планында белгиленген, белгиленген тартипте кабыл алынган жана күчүнө кирген режимди бузуу, -

4-категориядагы айып пул салууга алып келет.

25-глава. Өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн коргоо чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы бузуулар

Эскертүү. 1. Ушул Кодекстин 184, 186, 187, 194 жана 196-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер экологиялык жана техникалык коопсуздукту контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.

2. Ушул Кодекстин 185, 189 жана 191-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.

3. Ушул Кодекстин 188, 190, 192, 193 жана 195-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жана экологиялык жана техникалык коопсуздукту контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.

4. Ушул Кодекстин 197-беренесинде каралган бузуулар жөнүндө иштер ветеринардык көзөмөл чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.

(КР 2019-жылдын 15-февралындагы N 25 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

184-берене. Өсүмдүктөрдү өрттөө тартибин бузуу

Өсүмдүктөрдү же анын калдыктарын өрттөө тартибин бузуу -

3-категориядагы айып пул салууга алып келет.

185-берене. Өсүмдүктөрдүн жапайы түрлөрүнө интродукция жана акклиматташтыруу жүргүзүү тартибин бузуу

Өсүмдүктөрдүн жапайы түрлөрүнө интродукция жана акклиматташтыруу жүргүзүү тартибин бузуу -

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

186-берене. Зоологиялык жана ботаникалык коллекцияларды түзүү жана жүгүртүү эрежелерин бузуу

Зоологиялык же болбосо ботаникалык коллекцияларды түзүү жана жүгүртүү эрежелерин бузуу -

1-категориядагы айып пул салууга алып келет.

187-берене. Токойлордо өрт коопсуздугу эрежелерин бузуу

Токойлордо өрт коопсуздугу эрежелерин бузуу -

4-категориядагы айып пул салууга алып келет.

188-берене. Жаныбарлар байыр алган чөйрөнү коргоо боюнча талаптарды бузуу

1. Жаныбарлар байыр алган чөйрөнү коргоо боюнча талаптарды, алардын төлдөө шарттарын жана жаныбарлардын миграция жолдорун бузуу -

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган жосун, эл аралык келишимдерге ылайык корголуучу же болбосо Кызыл китепке киргизилген жаныбарлардын түрлөрүнүн байыр алуу чөйрөсүнө, төлдөө шарттарына же миграция жолдоруна карата жасалса, -

3-категориядагы айып пул салууга алып келет.

3. Жаныбарларды жер которуштуруу, акклиматташтыруу же болбосо аргындаштыруу, генетикалык жактан өзгөрүлгөн организмдерди чыгаруу же пайдалануу тартибин бузуу -

3-категориядагы айып пул салууга алып келет.

4. Жапайы айбанаттардын өлүшүнүн, алардын байыр алган чөйрөсүнүн начарлашынын алдын алуу же жаныбарлар дүйнөсүнө тийгизүүчү терс таасирлерди жок кылуу эрежелерин бузуу -

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

189-берене. Токойлорду калыбына келтирүү жана жакшыртуу эрежелерин бузуу

Токойлорду калыбына келтирүү, абалын же түрдүк курамын жакшыртуу, алардын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу же токой ресурстарын пайдалануу эрежелерин бузуу -

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

190-берене. Токой үчүн пайдалуу фаунаны жок кылуу

Токой үчүн пайдалуу фаунаны жок кылуу -

5-категориядагы айып пул салууга алып келет.

191-берене. Токойду калыбына келтирүү эрежелерин бузуу

Токойду калыбына келтирүү жана токой чарбасын жүргүзүү эрежелерин бузуу -

3-категориядагы айып пул салууга алып келет.

192-берене. Аң уулоо эрежелерин бузуу

Аң уулоо эрежелерин бузуу -

6-категориядагы айып пул салууга алып келет.

193-берене. Жапайы өсүмдүктөрдүн чийки заттарын сатып алуу жана сатуу тартибин бузуу

Жапайы өсүмдүктөрдүн жана (же) алардын бир бөлүгүнүн жана продуктуларынын дарыгерлик же болбосо техникалык чийки заттарын сатып алуу жана сатуу тартибин бузуу -

3-категориядагы айып пул салууга алып келет.

(КР 2019-жылдын 15-февралындагы N 25 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

194-берене. Өсүмдүктөрдү өстүрүү технологиясын бузуу

Айыл чарба багытындагы же башка багыттагы өсүмдүктөрдү өстүрүү технологиясын бузуу, ал зыяндуу организмдердин таралышына алып келсе, -

3-категориядагы айып пул салууга алып келет.

195-берене. Балык уулоо эрежелерин бузуу

1. Ышкыбоздук балык уулоо эрежелерин бузуу -

эскертүүгө же 1-категориядагы айып пул салууга алып келет.

2. Өнөр жайлык балык уулоо эрежелерин бузуу -

5-категориядагы айып пул салууга алып келет.

196-берене. Суу топтоо курулмаларын эксплуатациялоо тартибин бузуу Суу топтоо курулмаларын суу объектилеринде эксплуатациялоо тартибин бузуу

4-категориядагы айып пул салууга алып келет.

197-берене. Тоют кошумчаларын колдонуу тартибин бузуу

Жаныбарлар үчүн биологиялык стимуляторлорду, антибиотиктерди, гормондук жана башка препараттарды колдонуу тартибин бузуу -

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

VII БӨЛҮМ. МЕНЧИКТИ КОРГОО ЖАНА ЧАРБАЛЫК ЖАНА КАРЖЫЛЫК ИШТЕРДИ ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУ ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ БАШКАРУУ ТАРТИБИНЕ КАРШЫ БУЗУУЛАР

26-глава. Менчикти коргоо чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы бузуулар

Эскертүү. Ушул Кодекстин 198-202-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер экологиялык жана техникалык коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.

198-берене. Электр энергетикасы жөнүндө мыйзамдарды бузуу

1. Электр энергиясын пайдалануу эрежелерин бузуу -

1-категориядагы айып пул салууга алып келет.

2. Электр тарамдарын сактоо эрежелерин бузуу -

эскертүүгө же 1-категориядагы айып пул салууга алып келет.

3. Электр станцияларын же бириккен энергетика тутумуна туташтырылган электр энергетика объекттеринин энергетикалык жабдууларынын тарамдарын же керектөөчүлөрүнүн энергетикалык жабдууларын техникалык эксплуатациялоо эрежелерин бузуу, -

эскертүүгө же 1-категориядагы айып пул салууга алып келет.

199-берене. Жылуулук энергиясы менен камсыз кылуу эрежелерин бузуу

Жылуулук энергиясынын жардамы менен жылуулук берүү эрежелерин бузуу -

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

200-берене. Газ менен камсыз кылуу эрежелерин бузуу

1. Жаратылыш газын эсепке алуу түйүндөрүн орнотуу же жаратылыш газын керектөөчүлөргө аны коммерциялык эсепке алуусуз бөлүштүрүү боюнча талаптарды бузуу -

3-категориядагы айып пул салууга алып келет.

2. Жаратылыш газын ташуу эрежелерин бузуу -

4-категориядагы айып пул салууга алып келет.

201-берене. Газды керектөө эрежелерин бузуу

Газды керектөө эрежелерин бузуу -

эскертүүгө же 1-категориядагы айып пул салууга алып келет.

202-берене. Электр-жылуулук техникалык жабдууларын эксплуатациялоо тартибин бузуу

Электр-жылуулук техникалык жабдууларын эксплуатациялоо тартибин бузуу -

эскертүүгө же 1-категориядагы айып пул салууга алып келет.

27-глава. Ишкердик ишти жүзөгө ашыруу чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы бузуулар

Эскертүү. 1. Ушул Кодекстин 203 жана 204-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.

2. Ушул Кодекстин 205 жана 206-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер тиешелүү лицензия (уруксат) берүүчү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.

3. Ушул Кодекстин 207-208-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер экологиялык жана техникалык коопсуздукту контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.

(КР 2019-жылдын 15-февралындагы N 25 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

203-берене. Спиртти жана алкоголдук ичимдиктерди өндүрүү жана сатуу тартибин бузуу

1. Пивону (буга алкоголсуз пиво кирбейт), алкоголдук же жеңил алкоголдук ичимдиктерди сатуу боюнча чектөөлөрдү бузуу -

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

2. Спиртти же алкоголдук ичимдиктерди өндүрүү жана сатуу эрежелерин бузуу -

5-категориядагы айып пул салууга алып келет.

204-берене. Үйдө жасалган спирт ичимдиктерин даярдоо, сатып өткөрүү жана сактоо

Үйдө жасалган спирт ичимдиктерин (40 пайыздан ашык этил спиртинин көлөмдүк камтылышы менен) сатып өткөрүү максатында даярдоо, сатып өткөрүү же болбосо сактоо, сатып өткөрүү максаты жок аларды жасап чыгаруу үчүн өндүрүш каражаттарын даярдоо же сактоо -

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

205-берене. Ишкердик ишти лицензиясы жок жүзөгө ашыруу

Мыйзамда милдеттүү түрдө алынуусу каралган лицензиясы (уруксаты) жок ишкердик ишти жүзөгө ашыруу, -

4-категориядагы айып пул салууга алып келет.

206-берене. Лицензия алуу үчүн анык эмес маалыматтарды берүү

Ишкердик иштин айрым түрлөрүн жүзөгө ашырууга лицензия (уруксатты) берүүчү органга лицензия (уруксат) алуу үчүн анык эмес маалыматтарды берүү -

5-категориядагы айып пул салууга алып келет.

207-берене. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды иш менен камсыз кылуу боюнча талаптарды аткарбоо

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды жумушка орноштуруу үчүн белгиленген квотаны аткарбоо -

4-категориядагы айып пул салууга алып келет.

208-берене. Ишке кабыл алуудан негизсиз баш тартуу

Мыйзам боюнча белгилүү бир категорияга таандык болгон адамды белгиленген квотанын чегинде ишке кабыл алуудан негизсиз баш тартуу, -

4-категориядагы айып пул салууга алып келет.

28-глава. Каржылык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда банктык жана башка ишти жүзөгө ашыруу чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы бузуулар

 

Эскертүү. 1. Ушул Кодекстин 209-215-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан каралат.

2. Ушул Кодекстин 216-беренесинде каралган бузуулар жөнүндө иштер финансылык чалгындоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат, ал эми ушул Кодекстин 216-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралгандар баалуу металлдар жана асыл таштар менен болгон операцияларга байланыштуу маселелерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган, байланыш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган, баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган, юстиция органы жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан өз компетенциясынын чегинде каралат.

(КР 2019-жылдын 15-февралындагы N 25 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

209-берене. Лицензиясы (күбөлүгү) жок банк операцияларын жүзөгө ашыруу

Мыйзамдарда белгиленген тартипте берилүүчү лицензиясы (күбөлүгү) болбостон, банк операцияларын, анын ичинде чет өлкөлүк валюта жагындагы алмаштыруу операцияларын жүзөгө ашыруу, -

8-категориядагы айып пул салууга алып келет.

210-берене. Банк мыйзамдарын бузуу

Банктардын же каржы-насыялык мекемелердин кызмат адамы же Кыргыз Республикасынын Улуттук банк лицензиялоочу же жөнгө салуучу башка жактар тарабынан банк мыйзамдарынын жоболорун бузуу, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын милдеттүү түрдө аткарылуучу жазма буйруктарын аткарбоо -

8-категориядагы айып пул салууга алып келет.

211-берене. Банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн жалган жарнагы

Эгерде мындай операциялар (кызмат көрсөтүүлөр) банктык лицензияда (күбөлүктө) каралбаса, жүргүзүлүп жаткан банктык операциялар же көрсөтүлүүчү банктык кызмат көрсөтүүлөр жана башка каржы-насыялык кызмат көрсөтүүлөр менен операциялар тууралуу маалыматтарды ачыкка чыгаруу, ошондой эле аларды көрсөтүүнүн шарттарын анык эмес чагылдыруу -

5-категориядагы айып пул салууга алып келет.

212-берене. Төлөө балансы боюнча маалыматтарды бербөө

1. Иш жүзүндөгү жана болжолдуу төлөө балансын түзүү үчүн көрсөткүчтөрдүн курамы боюнча маалыматты бербөө же болбосо өз убагында бербөө -

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

2. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жакта ачылган эсептерди жана салымдарды каттабоо -

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

213-берене. Улуттук валютаны кабыл алуудан баш тартуу

Кыргыз Республикасынын улуттук валютасын (акчаларын жана тыйындарын) төлөөгө кабыл алуудан баш тартуу -

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

214-берене. Улуттук валютага түшүрүлгөн сүрөттөрдү пайдалануу

Өзүнүн өзгөчөлүктөрү (өлчөмү, түсү, түшүрүлгөн сүрөттөрү) боюнча төлөм жүгүртүүсүндө Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын чыныгы акчалары катары кабыл алынышы мүмкүн болгон улуттук валютанын акчаларына (тыйындарына) түшүрүлгөн сүрөттөрдү же кандайдыр бир жарым фабрикаттарды (бир же бир нече түстөрдө) пайдалануу жана көчүрүп чыгаруу, -

3-категориядагы айып пул салууга алып келет.

Эскертүү. Эгерде акчанын сүрөттөлүшү өтө чоңойтулган (150 пайыздан кем эмес) же өтө кичирейтилген (50 пайыздан аз) масштабда, ошондой эле жарык менен берилүүчү жарнак түрүндө берилсе, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий уруксаты жок улуттук валютанын акчаларынын (тыйындарынын) сүрөттөлүшүн бир же бир нече түстөрдө көчүрүп чыгарууга жол берилет.

215-берене. Банк операцияларын аткаруу тартибин бузуу

1. Банк операцияларынын аткаруу тартибин, мөөнөттөрүн бузуу -

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

2. Банк операцияларын аткаруу тартибин бузуу, ал активдерди же кирешелерди олуттуу жоготууга же болбосо банктын төлөм жөндөмсүздүгүнүн белгилеринин келип чыгышына алып келсе, -

6-категориядагы айып пул салууга алып келет.

216-берене. Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого), террордук жана экстремисттик иштерди каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамдардын талаптарын бузуу

1. Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого), террордук жана экстремисттик иштерди каржылоого каршы аракеттенүүгө, аны болтурбоого карата талаптарды бузуу -

4-категориядагы айып пул салууга алып келет.

2. Кардарларды идентификациялоо, верификациялоо жана бенефициардык менчик ээсин (пайда алуучуну) белгилөө же кардарлардын каржылык ишин иликтөө жагындагы талаптарды бузуу -

5-категориядагы айып пул салууга алып келет.

3. Контролго алынууга тийиш болгон операциялар (бүтүмдөр) тууралуу билдирүүлөрдү берүү тартибин бузуу -

7-категориядагы айып пул салууга алып келет.

4. Каражаттарды жана (же) операцияларды (бүтүмдөрдү) токтотуу тартибин бузуу -

8-категориядагы айып пул салууга алып келет.

29-глава. Эсептерди жүргүзүү, бухгалтердик эсепти жана салык салууну жүзөгө ашыруу чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы бузуулар

Эскертүү. 1. Ушул Кодекстин 217-беренесинде каралган бузуулар жөнүндө иштер мамлекеттик салык кызматынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан каралат.

2. Ушул Кодекстин 218-беренесинде каралган бузуулар жөнүндө иштер монополияга каршы мыйзамдар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.

3. Ушул Кодекстин 219-223-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер мамлекеттик салык кызматынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан каралат.

217-берене. Салык салуудан качуу жана бухгалтердик эсепти бурмалоо

1. Бухгалтердик эсептин жоктугу же анын бурмаланышы же болбосо бухгалтердик отчетторду, баланстарды, эсептешүүлөрдү жана бюджетке салыктарды чегерүү жана төлөө менен байланышкан башка документтерди бербөө, -

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

2. Пайданы, кирешени же салык салуунун башка объекттерин жашыруудан (азайтуудан) билинген - салык салуудан качуу, -

4-категориядагы айып пул салууга алып келет.

218-берене. Бааларды негизсиз жогорулатуу

Товарды сатып жатканда таңгагында же товарга чапталган ярлыгында көрсөтүлгөн баалардын өлчөмдөрүн жогорулатуу -

1-категориядагы айып пул салууга алып келет.

(КР 2019-жылдын 15-февралындагы N 25 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

219-берене. Документтердин сакталышын камсыз кылбоо

Контролдук-кассалык машиналарды (контролдук ленталарды) пайдалануу менен байланышкан документтердин сакталышын камсыз кылбоо же белгиленген тартибин бузуу менен кассир-операционисттин китепчесин жүргүзүү -

1-категориядагы айып пул сатууга алып келет.

220-берене. Контролдук-кассалык машиналарды колдонуусуз акчалай эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу

Калк менен контролдук-кассалык машиналарды колдонуусуз акчалай эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу -

1-категориядагы айып пул салууга алып келет.

221-берене. Бузук контролдук-кассалык машинаны пайдалануу

Бузук контролдук-кассалык машинаны пайдалануу -

эскертүүгө же 1-категориядагы айып пул салууга алып келет.

222-берене. Бирдиктүү салык декларациясын бербөө жана салыкты төлөбөө

Белгиленген мөөнөттө бирдиктүү салык декларациясын бербөө же салыкты төлөбөө -

эскертүүгө же болбосо 1-категориядагы айып пул салууга алып келет.

223-берене. Жалган ишкердик

Жалган ишкердик, башкача айтканда жашыруун кирешелерди же башка мүлктүк пайда алуу максатында уставдык ишин жүзөгө ашырууну көздөбөстөн, коммерциялык же болбосо башка уюмдарды түзүү -

3-категориядагы айып пул салууга алып келет.

30-глава. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча башкаруу тартибине каршы бузуулар

Эскертүү. Ушул Кодекстин 224-240-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.

224-берене. Баалуу кагаздарды мыйзамсыз чыгаруу

Мыйзамда белгиленген тартипте каттоодон өтпөгөн (эмиссияларды) акцияларды, облигацияларды же башка баалуу кагаздарды чыгаруу, -

6-категориядагы айып пул салууга алып келет.

225-берене. Инвесторлордун укуктарынын бузулушу

Эмиссиянын проспектисинде так эмес маалыматтарды же болбосо ачык сунуштарды көрсөтүү же эмиссиянын проспектисинде мыйзамда белгиленген тартипте жарыялабай туруп, баалуу кагаздарды сатуу, ага тете милдеттүү түрдө ачык болушу мыйзамдарда каралган маалыматтарды инвесторлорго бербөө, -

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

226-берене. Инвестициялык фонддун башкаруучу компанияларынын өздөрүнүн милдеттерин аткарбай коюшу

Инвестициялык фонддун башкаруучу компаниясынын кызмат адамды мыйзамдарда, үлүштүк инвестициялык фонддун эрежелеринде белгиленген өз милдеттерин аткарбай коюусу же сактабай коюусу, -

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

227-берене. Инвестициялык фонддун каражаттарын максатсыз пайдалануу

Инвестициялык фонддун тартылган акча каражаттарын максатсыз пайдалануу -

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

228-берене. Инвестициялык фонддордун ишин чектөөнү сактабай коюу

Мыйзамдарда белгиленген чектөөлөргө карабастан, инвестициялык фонддордун иш жүргүзүүсү, -

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

229-берене. Инвестициялык фонд тарабынан анын мүлкүн эсепке алуу жана сактоо боюнча талаптарды бузуусу

Инвестициялык фонддун мүлкүн эсепке алуу же сактоо боюнча мыйзамдардын талаптарын сактабоо, ага тете баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген мүлктү сактоо же баалуу кагаздарга укуктарды эсепке алуу тартибин бузуу, -

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

230-берене. Күбөлүгү болбой туруп баалуу кагаздар боюнча иш жүргүзүү

Баалуу кагаздар менен операцияларды жүргүзүү укугун берүүчү адистин квалификациялык күбөлүгү болбостон баалуу кагаздар менен операцияларды жүргүзүү,-

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

231-берене. Кызматтык маалыматтарды ак ниетсиз пайдалануу

Баалуу кагаздын рыноктук наркына таасир этиши мүмкүн болгон эмитентке же баалуу кагаздарга тиешелүү кызматтык маалыматты эмитент жеке пайда көрүү максатында колдонушу же аны үчүнчү жактарга бериши -

3-категориядагы айып пул салууга алып келет.

232-берене. Анык эмес маалыматтарды берүү

Баалуу кагаздар рыногунун ишине контролду жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдын кызмат адамына анык эмес (жалган) маалыматтарды же документтерди берүү же маалыматтарды же документтерди берүүдөн баш тартуу, -

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

233-берене. Баалуу кагаздарды ачык сатууну (жазылуу жүргүзүүнү) өткөрүү тартибин бузуу

Баалуу кагаздар жөнүндө мыйзамдарда белгиленген эрежелерди же болбосо баалуу кагаздарды чыгаруу же ачык сатууну (жазылуу жүргүзүүнү) өткөрүү тартибин эмитент же баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары тарабынан бузуусу -

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

234-берене. Кармоочунун реестрин жүргүзүү эрежесин бузуу

1. Аны жүргүзүүнүн белгиленген эрежелерин бузуу менен баалуу кагаздардын ээлери тарабынан реестрди жүргүзүү же баалуу кагаздардын кармоочуларынын реестринин жоктугу, баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрине жазып түшүрүүнү киргизүүдөн негизсиз баш тартуу же мыйзамдарда белгиленген учурларда жана мөөнөттө көз карандысыз реестр кармоочуну тартуу менен аны жүргүзүүдөн баш тартуу, -

1-категориядагы айып пул салууга алып келет.

2. Аны жок кылууга, уурдоого же материалдык зыян алып келүүчү башка кесепеттерге алып келген баалуу кагаздарды кармоочулардын реестринде камтылган маалыматтарды сактоонун же иштеп чыгуунун коопсуздугун камсыз кылуу үчүн чараларды көрбөө, -

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

235-берене. Баалуу кагаздар жагындагы операциялар боюнча кирешелер жөнүндө эсеп жүргүзүүнүн же отчёттун жоктугу

Баалуу кагаздар жагындагы операциялар боюнча кирешелер жөнүндө эсеп жүргүзүүнүн же отчёттун жоктугу же болбосо мындай отчёттуулукту белгиленген тартипти бузуу менен жүргүзүү -

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

236-берене. Маалыматтарды ачуу тартибин бузуу

Эмитент же кесипкөй катышуучу тарабынан баалуу кагаздар рыногундагы маалыматтарды ачуу боюнча мыйзамдарда белгиленген талаптарды сактабагандык -

5-категориядагы айып пул салууга алып келет.

237-берене. Баалуу кагаздарды ак ниетсиз жарнак кылуу

Эгерде мындай төлөөлөр чыгаруунун шарттарында каралбаса дивиденддер, пайыздар же башка түрдөгү кирешелерге төлөмдөр түрүндө баалуу кагаздар боюнча кирешелерди ачык кепилдик кылуу, же болбосо анын наркын жогорулатуу жолу менен баалуу кагаздар боюнча болжолдонгон кирешенин өлчөмү тууралуу потенциалдуу чектелбеген инвесторлордун чөйрөсүнө чейин маалыматтарды жеткирүү, ага тете потенциалдуу инвесторлорду жаңылууга алып баруучу же алып келген баалуу кагаздарды сатып алуунун жана сатуунун колдонуудагы шарттарына тийиштүү анык эмес маалыматтарды берүү, -

6-категориядагы айып пул салууга алып келет.

238-берене. Акционерлердин жалпы чогулушун өткөрүү тартибин бузуу

Акционердик коомдун жетекчиси тарабынан акционерлердин жалпы чогулушун өткөрүүнүн мыйзамда белгиленген мөөнөттөрүн же тартибин бузуу -

5-категориядагы айып пул салууга алып келет.

239-берене. Дивиденддерди төлөө тартибин жана мөөнөттөрүн бузуу

Акционердик коом тарабынан дивиденддерди төлөө тартибин же мөөнөттөрүн бузуу же аларды төлөп бербөө -

4-категориядагы айып пул салууга алып келет.

240-берене. Баалуу кагаздар жагындагы операцияларды түзүү, жол-жоболоштуруу жана каттоо эрежелерин бузуу

Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу тарабынан баалуу кагаздар жагынан операцияларды түзүүнүн, жол-жоболоштуруунун жана каттоонун белгиленген эрежелерин бузуу -

5-категориядагы айып пул салууга алып келет.

31-глава. Социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы бузуулар

Эскертүү: Ушул Кодекстин 241- жана 242-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер мамлекеттик салык кызматынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан каралат.

241-берене. Каттоосуз экономикалык ишти жүргүзүү

Социалдык камсыздандыруу органдарында катталбастан экономикалык ишти жүргүзүү -

1-категориядагы айып пул салууга алып келет.

242-берене. Социалдык камсыздандыруу менен байланышкан документтерди жана төлөмдөрдү белгиленген мөөнөттө бербөө

Социалдык камсыздандыруу менен байланышкан документтерди жана төлөмдөрдү белгиленген мөөнөттө бербөө -

1-категориядагы айып пул салууга алып келет.

32-глава. Валюталык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы бузуулар

Эскертүү: Ушул Кодекстин 243-беренесинде каралган бузуулар жөнүндө иштер валюталык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.

243-берене. Валюталык мыйзамдарды бузуу

1. Валюталык баалуулуктар жагындагы операцияларды, чет өлкөлүк валюта же валюта баалуулуктары жагындагы сооданы жүргүзүүнү ишке ашыруу эрежелерин бузуу -

3-категориядагы айып пул салууга алып келет.

2. Ыйгарым укуктуу банктар ишеним кат боюнча жана резиденттердин эсебинен чет өлкөлүк валюталарды сатып алуу эрежелерин бузушу -

4-категориядагы айып пул салууга алып келет.

33-глава. Бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы бузуулар

Эскертүү: Ушул Кодекстин 244-263-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.

244-берене. Бажы чек арасынан өткөндүгү жөнүндө маалымат бербөө

1. Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу товарларды же болбосо транспорт каражаттарын алып чыгуу же алып келүү ниети жөнүндө Кыргыз Республикасынын бажы органына маалымат бербөө -

1-категориядагы айып пул салууга алып келет.

2. Эгерде мындай маалымат берүү белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын бажы органдарында катталса, Кыргыз Республикасынын бажы органына анык эмес маалымат берүү, ага тете белгиленген жерге жана убакта товарды же транспорт каражатын жеткирбөө,

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

245-берене. Товардын сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрбөө

1. Ташуучунун авария болгон же өзүнүн алы жеткис аракеттеринин учурунда Кыргыз Республикасынын бажы органы тарабынан белгиленген жерге жеткирүүгө кабыл алынгандардын же транзит аркылуу алынып өтүлгөн товарларды же транспорт каражаттарын сактоону камсыз кылуу боюнча чараларды көрбөгөндүгү же болбосо аларды уруксат берилбеген колдонууга жол бергендиги -

1-категориядагы айып пул салууга алып келет.

2. Ташуучунун авария болгон же өзүнүн алы жеткис аракеттеринин учурунда ошол иштердин жагдайлары тууралуу, Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан белгиленген жерге жеткирүүгө кабыл алынгандардын же транзит аркылуу алынып өтүлгөн товарлардын же транспорт каражаттарынын жайгаштырылган орду тууралуу маалымат бербегендиги же болбосо жакынкы бажы органдарына аларды ташып жеткирүүнү камсыз кылбагандыгы -

1-категориядагы айып пул салууга алып келет.

246-берене. Бажы органдарынын уруксаты болбостон товарларды берүү

1. Бажы контролунда турган товарды же транспорт каражатын бажы органынын уруксаты болбостон башка жактарга берүү (өткөрүп берүү) же болбосо аларды жоготуу -

1-категориядагы айып пул салууга алып келет.

2. Бажы контролунда турган товарлардын же транспорт каражатынын бажылык же башка документтерин жоготуу же кабыл алынгандарды Кыргыз Республикасынын бажы органына жеткирип бербөө -

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

3 Товарды, транспорт каражатын жана алардын документтерин жеткирип берүүнүн бажы органдары тарабынан белгиленген мөөнөтүн сактабоо -

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

4. Бажы органдары тарабынан белгиленген жерге бажы контролунда турган товарды же транспорт каражатын жеткирип бербөө жана алардын документтерин тапшырбоо -

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

247-берене. Камак салынган мүлктү уруксаты жок пайдалануу

Камак салынган мүлктү бажы органынын уруксаты жок пайдалануу же болбосо мындай пайдаланууга Кыргыз Республикасынын бажы органы тарабынан белгиленген талаптарды жана чектөөлөрдү сактабоо -

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

248-берене. Бажы чек арасы аркылуу өтүп жаткан транспорт каражатын токтотпоо

Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу өтүп жаткан транспорт каражатын же Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу өтүп жаткан транспорт каражатын товар катары Кыргыз Республикасынын бажы органы аныктаган жерде токтотпоо -

эскертүүгө же 1-категориядагы айып пул салууга алып келет.

249-берене. Уруксаты жок транспорт каражатын жөнөтүү

Токтотмодо турган ордунан Кыргыз Республикасынын бажы органынын уруксаты жок товар катары бажы контролундагы транспорт каражатын же болбосо Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу өтүп жаткан транспорт каражатын жөнөтүү -

эскертүүгө же 1-категориядагы айып пул салууга алып келет.

250-берене. Бажы операцияларын жүргүзүү тартибин бузуу

Бажы жол-жоболору астында товарларды жайгаштырууга байланыштуу бажы операцияларын жүргүзүү тартибин бузуу, башкача айтканда товарларды бажы жол-жоболору астында жайгаштырууга, аны өткөрүү боюнча орундарына, убактысына жана аракеттерине байланышкан бажы операцияларынын башталышы жана аякташы жөнүндө белгиленген талаптарды аткарбоо -

эскертүүгө же 1-категориядагы айып пул салууга алып келет.

251-берене. Товарлар жагынан укукка жат операцияларды жүргүзүү

Ушул главанын башка беренелеринде каралган учурларды кошпогондо, аларга карата бажы декларациясы аяктала элек товар же транспорт каражаты менен операцияларды жүргүзүү, алардын абалын өзгөртүү, белгиленген талаптарды жана шарттарды бузуу менен аларды пайдалануу же тескөө -

эскертүүгө же 1-категориядагы айып пул салууга алып келет.

252-берене. Бажылык идентификациялоо каражаттарын өзгөртүү

Кыргыз Республикасынын бажылык органдары колдонгон бажы идентификациялоо каражаттарын өзгөртүү, жок кылуу, бузуу, же болбосо жоготуу -

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

253-берене. Товарларды декларациялоо тартибин бузуу

Ушул главанын башка беренелеринде каралган учурларды кошпогондо, товарды же транспорт каражатын декларациялоо тартибин бузуу, башкача айтканда декларациялоонун түрү жана орду жөнүндө белгиленген талаптарды сактабоо, декларациялоо жүргүзүүгө байланышкан (анын ичинде декларациялоо учурунда убактылуу, толук эмес же мезгилдүү бажы декларацияларын пайдалануу) жосундарды жасоо -

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

254-берене. Бажы декларациясын берүү мөөнөттөрүн бузуу

Кыргыз Республикасынын бажы органына белгиленген мөөнөттө товарга же транспорт каражатына бажы декларациясын, ага тете бажы максаттары үчүн зарыл документтерди бербөө -

эскертүүгө же 1-категориядагы айып пул салууга алып келет.

255-берене. Бажы аймагынын чегинен тышкары чыгарып кетпөө же болбосо товарларды кайтарып бербөө

1. Мурда алып келинген товарды же транспорт каражатын, эгерде мындай чыгарып кетүү милдеттүү болсо, Евразиялык экономикалык бирликтин бажы аймагынын чегинен тышкары чыгарып кетпөө же болбосо мурда алынып келинген товарды же транспорт каражатын, эгерде контрабанда белгилери жок болсо, белгиленген мөөнөттө мындай кайтарып берүү милдеттүү болуп саналса, Евразиялык экономикалык бирликтин бажы аймагына (Кыргыз Республикасына) кайра кайтарып бербөө -

1-категориядагы айып пул салууга алып келет.

2. Контрабанданын белгилери жок болгон учурда, кайра чыгарып кетүүнү же кайра алып келүүнү тастыктоо катары жасалма документтерди, анык эмес документтерди, мыйзамсыз жол менен алынган документтерди же болбосо башка товарга жана транспорт каражатына тийиштүү документтерди Кыргыз Республикасынын бажы органына берүү -

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

256-берене. Товарларды жок кылуу тартибин бузуу

Товарларды жок кылуу тартибин бузуу -

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

257-берене. Товарлар жагынан мыйзамсыз операцияларды жүргүзүү

Ушул главанын башка беренелеринде каралган учурларды кошпогондо, товарлар же транспорт каражаттары жагынан мыйзамсыз операцияларды жүргүзүү, алардын абалын өзгөртүү, бажылык жол-жоболорду бузуу менен пайдалануу же болбосо тескөө, ага тете бажы жол-жоболорунун башка чектөөлөрүн, талаптарын же шарттарын сактабоо -

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

258-берене. Товарларды бажы чек аралары аркылуу алып өтүүдө чектөөлөрдү колдонуунун тартибин сактабоо

Ушул главанын башка беренелеринде каралган учурларды кошпогондо, өздөрүнө карата экономикалык жөнгө салуунун же болбосо башка чектөө чаралары колдонулган товарды же транспорт каражатын мындай чараларды (чектөөлөрдү) колдонуунун белгиленген тартибин бузуу менен Евразиялык экономикалык бирликтин бажы чек аралары аркылуу алып өтүү -

1-категориядагы айып пул салууга алып келет.

259-берене. Товарды же транспорт каражатын мыйзамсыз орун которуштуруу

1. Евразиялык экономикалык бирликтин бажы чек арасы аркылуу товарды же транспорт каражатын орун которуштуруу:

а) бажы контролунан кыйгап өтүү, башкача айтканда бажы органдары тарабынан белгиленген жайлардан сырткары же бажылык жол-жоболоштуруу жүргүзүүнүн белгиленген убактысынан тышкары;

б) бажы контролунан жашырынып өтүү, башкача айтканда жашыруун жайларды же болбосо товарларды таап алууну кыйындаткан башка ыкмаларды пайдалануу же бир товарды башка товардын түрүнө айландыруу менен;

в) бажы максаттары үчүн зарыл документ катары бажы органына жасалма документтерди, анык эмес документтерди, мыйзамсыз жол менен алынган документтерди, так эмес маалыматтар камтылган документтерди, же башка товарларга, же болбосо транспорт каражатына тийиштүү документтерди берүү, ошого тете башка товарларга же болбосо транспорт каражаттарына тийиштүү идентификациялоонун жасалма каражаттарын же болбосо идентификациялоонун анык каражаттарын пайдалануу;

г) бажы чек арасы аркылуу өткөрүлүп жаткан товарларды же транспорт каражаттарын декларациялабоо же анык эмес декларациялоо менен коштолсо, башкача айтканда бажылык максат үчүн керектүү болгон анык маалыматтарды белгиленген форма боюнча билдирбөө же болбосо товар же транспорт каражаты, алардын бажылык жол-жоболору жөнүндө же болбосо башка маалыматтарды билдирбөө -

4-категориядагы айып пул салууга алып келет.

2. Эгерде ошол эле жосундар, аларды ташып чыгууда ташып чыгуу (экспорттук) бажы алымдарын төлөө же болбосо тыюу салуу каралбаса, Кыргыз Республикасындагы Евразиялык экономикалык бирликтин бажы аймагынан чыгарып кетүү максатында Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн же сатып алынган товарга же транспорттук каражатка карата жасалса -

3-категориядагы айып пул салууга алып келет.

260-берене. Майда экономикалык контрабанда жолу менен бажы аймагына киргизилген товарларды ташуу, сактоо, сатып алуу

Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы аймагына билип туруп мыйзамсыз жол менен алып келинген товарлардын же транспорт каражаттарынын дүң партияларын ташуу, сактоо, сатып алуу -

4-категориядагы айып пул салууга алып келет.

261-берене. Бажы төлөмдөрүн төлөбөө

Бажы төлөмдөрүн төлөбөө -

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

262-берене. Бажы кароосун (текшерүүсүн) жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын бажы органынын кызмат адамына тоскоол болуу

Бажы кароосун (текшерүүсүн) жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын бажы органынын кызмат адамына тоскоол болуу -

эскертүүгө же 1-категориядагы айып пул салууга алып келет.

263-берене. Бажы контролу зонасынын режимин бузуу

Бажы контролу зонасынын режимин бузуу -

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

34-глава. Банкроттук чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы бузуулар

 

Эскертүү. Ушул Кодекстин 264-266-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер банкроттук иштер боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан, ал эми депозиттерди тарткан банктарга жана башка финансылык-кредиттик уюмдарга карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан каралат.

(КР 2019-жылдын 15-февралындагы N 25 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

264-берене. Карызкордун төлөөгө кудуретсиздигин атайылап түзүү же жогорулатуу

Карызкордун төлөөгө кудуретсиздигин атайылап түзүү же жогорулатуу, же болбосо жеке кызыкчылык же үчүнчү жактын кызыкчылыгы үчүн карызкорго залал келтирүү -

4-категориядагы айып пул салууга алып келет.

265-берене. Администратордун өз милдеттерин аткаруусуна тоскоол болуу

Администратордун өз милдеттерин аткаруусуна тоскоол болуу же болбосо администратордун мыйзамдуу талаптарын аткарбай коюу -

3-категориядагы айып пул салууга алып келет.

266-берене. Администратордун банкроттук жөнүндө мыйзамдарды бузушу

Администратордун банкроттук жөнүндө мыйзамдарды бузушу -

5-категориядагы айып пул салууга алып келет.

35-глава. Керектөөчүлөрдүн укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыз кылуу, стандартташтыруу, метрология жана сертификаттоо чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы бузуулар

Эскертүү. 1. Ушул Кодекстин 267-беренесинде каралган бузуулар жөнүндө иштер саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү, экологиялык жана техникалык коопсуздукту контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча, монополияга каршы жөнгө салуу жана ветеринардык көзөмөл чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдар тарабынан каралат.

2. Ушул Кодекстин 268-беренесинде каралган бузуулар жөнүндө иштер экологиялык жана техникалык коопсуздукту контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча, саламаттык сактоо жана ветеринардык көзөмөл чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдар тарабынан каралат.

3. Ушул Кодекстин 269-беренесинде каралган бузуулар жөнүндө иштер экологиялык жана техникалык коопсуздукту контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.

4. Ушул Кодекстин 270-беренесинде каралган бузуулар жөнүндө иштер монополияга каршы жөнгө салуу, экологиялык жана техникалык коопсуздукту контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча жана саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдар тарабынан каралат.

5. Ушул Кодекстин 271-беренесинде каралган бузуулар жөнүндө иштер транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.

6. Ушул Кодекстин 272-274-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер отун-энергетика комплексинин субъекттеринин ишин мамлекеттик жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу орган жана экологиялык жана техникалык коопсуздукту контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.

(КР 2019-жылдын 15-февралындагы N 25 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

267-берене. Стандартташтыруу жана сертификациялоо жаатындагы бузуулар

1. Анын коопсуздугу же техникалык регламенттердин талаптарына ылайык келүүсү жагынан продукцияны жүгүртүүгө киргизүү же жайылтуу тартибин бузуу -

4-категориядагы айып пул салууга алып келет.

2. Техникалык регламенттердин талаптарына ылайык келбөөсүнө алып келген продукцияны сактоо эрежелерин бузуу -

4-категориядагы айып пул салууга алып келет.

3. Аккредитацияланган сыноочу лабораторияларда (борборлордо) сыноо жүргүзүү тартибин бузуу -

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

4. Тамак-аштык эмес продукцияга таандык тобокелдиктер жөнүндө керектөөчүлөргө маалымат берүү эрежелерин бузуу -

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

5. Продукция жөнүндө зарыл, жеткиликтүү, анык жана өз учурундагы маалыматтардын жоктугу -

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

6. Жарактуулук мөөнөтү бүткөн товарларды сатып өткөрүү -

3-категориядагы айып пул салууга алып келет.

268-берене. Сапатсыз жана кооптуу продукцияларды жүгүртүү эрежелерин бузуу

1. Сапатсыз же кооптуу продукцияларды жүгүртүүдөн алуу, андан ары пайдалануу тартибин бузуу -

3-категориядагы айып пул салууга алып келет.

2. Жүгүртүүдөн алып салынган, сапатсыз же болбосо кооптуу продукцияларды кайра иштетүү, утилдештирүү же жок кылуу тартибин бузуу -

4-категориядагы айып пул салууга алып келет.

269-берене. Өлчөө техникасынын каражаттарын өндүрүү, оңдоо, сатуу жана пайдалануу тартибин бузуу

Өлчөө техникасынын каражаттарын өндүрүү, оңдоо, сатуу, жүгүртүү, текшерүү, калибрлештирүү же метрологиялык аттестациялоо, мамлекеттик метрологиялык көзөмөл жайылтылган чөйрөлөрдө өлчөөлөрдү же алардын натыйжаларын пайдалануу шарттарын аткаруу эрежелерин бузуу -

3-категориядагы айып пул салууга алып келет.

270-берене. Товарларды таңгактоо эрежелерин бузуу

Товарларды таңгактоо же таңгакталган товарларды сатуу (сатып өткөрүү) эрежелерин бузуу -

1-категориядагы айып пул салууга алып келет.

271-берене. Жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча кызмат көрсөтүү эрежелерин бузуу

1. Жүргүнчүлөрдү жеңилдетилген шартта ташуудан баш тартуу -

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

2. Жүргүнчүлөр үчүн зарыл маалыматтардын жоктугу жагынан жүргүнчүлөрдү ташуучу автомобиль транспортунун кызмат көрсөтүү эрежелерин бузуу -

1-категориядагы айып пул салууга алып келет.

3. "Жүргүнчүлөрдүн алдында ташуучулардын жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын бузуу же аткарбай коюу -

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

272-берене. Жылуулук менен жабдуу чөйрөсүндөгү бузуулар

1. Жылуулук энергиясы менен жабдуу тартибин бузуу -

3-категориядагы айып пул салууга алып келет.

2. Жылуулук энергиясын керектөөчүнүн жылуулукту кайра жаратуучу жабдууну жылуулук түйүнүнө кошуу тартибин бузуусу -

4-категориядагы айып пул салууга алып келет.

273-берене. Электр энергетикасы чөйрөсүндөгү бузуулар

1. Энергия берүүчүнүн алдында өзүнүн милдеттерин бузбай аткарган керектөөчүнү же энергия менен жабдуудан өчүрүп коюу тыюу салынган керектөөчүнү электр энергиясы менен камсыз кылбоо -

6-категориядагы айып пул салууга алып келет.

2. Өзү бекитилген аймакта электр энергиясы менен жабдууну жүзөгө ашыруучу энергия берүүчүнүн электр энергиясы менен жабдуу эрежелерин бузуусу -

7-категориядагы айып пул салууга алып келет.

274-берене. Энергияны үнөмдөө чөйрөсүндөгү бузуулар

1. Энергетикалык стандарттардын талаптарына шайкештиги жагынан өндүрүшкө жаңы технологияларды же жабдууларды киргизүү эрежелерин бузуу же долбоорлоо, куруу же реконструкциялоо, ишке киргизүү, объектилерди пайдалануу учурунда энергияны үнөмдөө талаптарын бузуу -

4-категориядагы айып пул салууга алып келет.

2. Энергетикалык экспертизаны жүргүзүү же эксперттик корутундуну даярдоо тартибин бузуу же мамлекеттик энергетикалык экспертизанын талаптарын аткарбоо -

4-категориядагы айып пул салууга алып келет.

3. Энергия үнөмдөөчү жабдуунун же энергияны үнөмдөө тутумунун техникалык деңгээлин колдоо же жогорулатуу эрежелерин бузуу -

эскертүүгө же 1-категориядагы айып пул салууга алып келет.

4. Отун-энергетикалык ресурстарды салыштырма чыгымдоонун ченемдерин белгилөө эрежелерин бузуу же мындай ченемдерден ашып кетүү -

4-категориядагы айып пул салууга алып келет.

VIII БӨЛҮМ. МААЛЫМАТ ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ, ГИДРОМЕТРОЛОГИЯЛЫК ИШ ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ, АСКЕР КООПСУЗДУГУН, МАМЛЕКЕТТИК ЧЕК АРА КООПСУЗДУГУН КАМСЫЗ КЫЛУУ, АЧЫК ЭЛДИК КЫЗМАТТАРДЫН ИШИН КАМСЫЗ КЫЛУУ, АКЫЙКАТ СОТТУ ИШКЕ АШЫРУУ ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ БАШКАРУУ ТАРТИБИНЕ КАРШЫ БУЗУУЛАР

36-глава. Маалымат, статистикалык жана жарнак иши, кинематография, телекөрсөтүү, радиоуктуруу жана байланыш чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы бузуулар

Эскертүү. 1. Ушул Кодекстин 275-беренесинде каралган бузуулар жөнүндө иштер мамлекеттик каттоо кызматы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.

2. Ушул Кодекстин 276-беренесинде каралган бузуулар жөнүндө иштер архивдик мекемелер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.

3. Ушул Кодекстин 277-беренесинде каралган бузуулар жөнүндө иштер монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан каралат.

4. Ушул Кодекстин 278 жана 279-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер жалпыга маалымдоо каражаттары чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.

5. Ушул Кодекстин 280-283-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер байланыш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.

(КР 2019-жылдын 15-февралындагы N 25 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

275-берене. Баланын төрөлгөндүгүн каттоо мөөнөттөрүн бузуу

Жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктук органда ата-энелердин баланын төрөлгөндүгүн каттоо мөөнөттөрүн бузуусу -

эскертүүгө же 1-категориядагы айып пул салууга алып келет.

276-берене. Улуттук архивдик фонддун документтерин эсепке алуу жана сактоо эрежелерин бузуу

Улуттук архивдик фондду эсепке алуу жана сактоо же ага адамдардын кирүүсүнүн эрежелерин бузуу -

3-категориядагы айып пул салууга алып келет.

277-берене. Жарнакка буйрутма берүү, жасоо жана аны жайылтуу эрежелерин бузуу

Жарнакка буйрутма берүү, жасоо жана аны жайылтуу эрежелерин бузуу -

3-категориядагы айып пул салууга алып келет.

278-берене. Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө мыйзамдарды бузуу

Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө мыйзамдарды же телерадиоуюмду лицензиялоо шарттарын бузуу -

4-категориядагы айып пул салууга алып келет.

279-берене. Телерадиоберүү жаатындагы монополияга каршы чектөөлөрдү бузуулар

Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу чөйрөсүндөгү монополияга каршы чектөөлөрдү бузуу -

4-категориядагы айып пул салууга алып келет.

(КР 2019-жылдын 15-февралындагы N 25 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

280-берене. Байланыш жөнүндө мыйзамдын талаптарын бузуу

Байланыш жаатындагы иштердин бардык түрүн жүзөгө ашырууга укуктарды берүү эрежелерин бузуу -

3-категориядагы айып пул салууга алып келет.

281-берене. Электр байланышы, маалыматтарды берүү, почта байланышы жана радиожыштык спектрин пайдалануу чөйрөсүндөгү иштин эрежелерин бузуу

Электр байланышы, маалыматтарды берүү, почта байланышы жана радиожыштык спектрин пайдалануу чөйрөсүндөгү иштин эрежелерин бузуу -

4-категориядагы айып пул салууга алып келет.

282-берене. Байланыш жаатындагы техникалык ченемдерди бузуу

Байланыш жаатындагы техникалык ченемдерди бузуу -

1-категориядагы айып пул салууга алып келет.

283-берене. Чубалгыларды жана байланыш курулмаларын коргоо эрежелерин бузуу

Чубалгыларды жана байланыш курулмаларын коргоо эрежелерин бузуу -

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

37-глава. Гидрометеорологиялык иш чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы бузуулар

Эскертүү. Ушул Кодекстин 284-287-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер гидрометеорологиялык иш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат

284-берене. Гидрометеорологиялык станциялардын сакталышын бузуу

Жаратылыш чөйрөсүнүн абалына байкоо жүргүзүүчү гидрометеорологиялык станциялардын же посттордун сакталышын бузуу -

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

285-берене. Гидрометеорологиялык станциялардын кайтарылуучу зоналарындагы иштерди аткаруунун тартибин бузуу

Бардык түрдөгү гидрометеорологиялык станциялардын же посттордун кайтарылуучу зоналарындагы иштерди аткаруунун тартибин бузуу -

3-категориядагы айып пул салууга алып келет.

286-берене. Гидрометеорологиялык станцияларды бузуу, бүлүндүрүү

1. Гидрометеорологиялык станцияларды, постторду, ушул объекттердеги приборлорду же жабдууларды бузуу, бүлүндүрүү -

5-категориядагы айып пул салууга алып келет.

2. Гидрометеорологиялык станцияларды, постторду, ушул объекттердеги приборлорду же жабдууларды бүлүндүрүү же уурдоо -

6-категориядагы айып пул салууга алып келет.

287-берене. Гидрометеорологиялык маалымат продукцияларын жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу берүү тартибин бузуу

Жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу болжолдорду берүү тартибин бузуу, же бурмалоо же болбосо маалымат булагын көрсөтпөө же финансылык пайда алуу максатында үчүнчү жакка гидрометеорологиялык маалымат продукцияларын берүү -

1-категориядагы айып пул салууга алып келет.

38-глава. Аскер коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы бузуулар

Эскертүү. Ушул Кодекстин 288-290-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.

288-берене. Аскердик эсепке алуу эрежелерин бузуу

Аскерге милдеттүү же аскерге чакырылуучу аскердик эсепке алуу эрежелерин бузушу -

эскертүүгө же 1-категориядагы айып пул салууга алып келет.

289-берене. Аскердик-эсепке алуу документтерин пайдалануу эрежелерин бузуу

1. Аскердик-эсепке алуу документтерин пайдалануу эрежелерин аскерге милдеттүү же аскерге чакырылуучу тарабынан бузуусу, аларды бузууга же жоготууга алып келсе -

1-категориядагы айып пул салууга алып келет.

290-берене. Мобилизациялык даярдык жана мобилизациялоо жөнүндө мыйзамдын башка талаптарын бузуу

Мобилизациялык даярдык жана мобилизациялоо жөнүндө мыйзамдын, башка талаптарын бузуу -

1-категориядагы айып пул салууга алып келет.

39-глава. Мамлекеттик чек аранын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы бузуулар

 

Эскертүү. 1. Ушул Кодекстин 291-беренесинде каралган бузуулар жөнүндө иштер мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.

2. Ушул Кодекстин 292-беренесинде каралган бузуулар жөнүндө иштер ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.

(КР 2019-жылдын 15-февралындагы N 25 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

291-берене. Чек ара режимин бузуу

1. Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пунктундагы чек ара режимин бузуу -

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

2. Чек ара зонасындагы же тилкесиндеги чек ара режимин бузуу -

3-категориядагы айып пул салууга алып келет.

292-берене. Чет өлкөлүктөрдү каттоо тартибин бузуу

Кыргыз Республикасына чет өлкөлүктөрдү же жарандыгы жок адамдарды чакырышкан адамдар тарабынан аларды каттоонун белгиленген тартибин бузуусу -

1-категориядагы айып пул салууга алып келет.

40-глава. Элдик кызматтардын иши чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы бузуу

Эскертүү. Ушул Кодекстин 293-295-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндөгү иштер ушул Кодексте белгиленген, чечимдери. аныктамалары, тескемелери жана талаптары талаптагыдай аткарылбаган же алардын инспекциялык ыйгарым укуктарын аткарууда тоскоолдуктар түзүлгөн тийиштүү ыйгарым укуктуу органдар тарабынан каралат.

293-берене. Ыйгарым укуктуу органдын чечимдерин, аныктамаларын, тескемелерин же талаптарын аткаруу тартибин бузуу

Ыйгарым укуктуу органдын мыйзамдуу чечимдерин, аныктамаларын, тескемелерин же талаптарын аткарбай коюу же ойдогудай аткарбоо -

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

294-берене. Ыйгарым укуктуу органга маалыматтарды, отчётторду берүү тартибин бузуу

Ыйгарым укуктуу органга маалыматтарды, отчётторду бербөө, өз учурунда бербөө же анык эмес маалыматтарды берүү -

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

295-берене. Ыйгарым укуктуу органга тоскоол болуу

1. Ыйгарым укуктуу орган инспекциялык текшерүүнү жүргүзүп жаткан учурда анын ыйгарым укуктарын аткаруусуна тоскоолдук кылуу -

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

41-глава. Сот адилеттигин жүзөгө ашыруу тартибине каршы бузуулар

Эскертүү. 1. Ушул Кодекстин 296-беренесинде каралган бузуулар жөнүндө иштер соттордо коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иш милдеттерди жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.

2. Ушул Кодекстин 297- жана 298-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер сот актыларын, башка органдардын жана кызмат адамдарынын актыларын мажбурлап аткаруу боюнча иш-милдеттерди жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.

296-берене. Сотту сыйлабагандыкты көрсөтүү

Сотту сыйлабагандыкты көрсөтүү же болбосо процесстин катышуучусу же башка адам судьянын тескемесине баш ийбөөсү же сотко текеберчилигин көрсөтүп сот отурумунун жүрүшүндө белгиленген тартипти бузуу -

4-категориядагы айып пул салууга алып келет.

297-берене. Аткаруу өндүрүшү жөнүндө мыйзамдарды бузуу

1. Соттук аткаруучунун мыйзамдуу талаптарын аткарбоону, анын ичинде мүлккө болгон өзүнүн укуктары жөнүндө анык эмес маалыматтарды берүүнү, иштен бошогондугу тууралуу, жаңы иш, окуу орду, пенсия алган жери, башка кирешелери же турган жери жөнүндө кабарлабоону билдирген аткаруу өндүрүшү тууралуу мыйзамдарды карызкордун бузуусу; -

1-категориядагы айып пул салууга алып келет.

2. Карызкордон акча каражаттарын алуу жөнүндө аткаруу документиндеги камтылган талаптарды банктын же башка насыялык уюмдардын аткарбай коюусу -

8-категориядагы айып пул салууга алып келет.

3. Карызкор болуп саналбаган жактын соттук аткаруучунун мыйзамдуу талаптарын аткарбоодон, конфискацияланган мүлктү алуудан баш тартуудан, карызкордун мүлктүк абалы тууралуу анык эмес маалыматтарды берүүдөн, аткарылуучу документтерди өз учурунда жөнөтпөөдөн көрүнгөн аткаруу өндүрүшү тууралуу мыйзамдарды бузуу -

7-категориядагы айып пул салууга алып келет.

4. Кызмат адамы өзүнө берилген аткаруу документтерин жоготуусу -

3-категориядагы айып пул салууга алып келет.

298-берене. Аткаруу документинде камтылган мүлктүк эмес мүнөздөгү талаптарды аткарбоо

Аткаруу жыйымы алынгандан кийин соттук аткаруучу тарабынан белгиленген мөөнөттө аткаруу документтеринде камтылган мүлктүк эмес мүнөздөгү талаптардын карызкор тарабынан аткарылбашы -

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

ПРОЦЕССТИК БӨЛҮК

IX БӨЛҮМ. БУЗУУЛАР ЖӨНҮНДӨ ИШТЕР БОЮНЧА ӨНДҮРҮШ

42-глава. Бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштү жүргүзүү тартиби

299-берене. Бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүштү ачуу

Бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүштү ачууга төмөндөгүлөр жүйө болуп саналат:

1) ыйгарым укуктуу орган тарабынан бузуу жагдайы бар экендигин көрсөткөн жетиштүү маалыматтардын түздөн-түз табылышы;

2) укук коргоо же башка мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан коомдук бирикмелерден бузуу жагдайы бар экендигин көрсөткөн маалыматтар камтылган материалдардын келип түшүүсү;

3) жеке жана юридикалык жактардын билдирүүлөрү жана арыздары, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарында (анын ичинде Интернетте) бузуу жагдайын көрсөткөн маалыматтарды камтыган билдирүүлөр;

4) фото- жана кино тартуу, видеожазма функциялары же фото- жана кино тартуу, видеожазма каражаттары бар автоматтык режиминде иштеп турган атайын техникалык каражаттар тарабынан жол кыймылы чөйрөсүндөгү бузууларды жазып алуу.

300-берене. Бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүштү токтото туруунун негиздери, тартиби жана мөөнөттөрү

1. Бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүш аны аяктоого тоскоол болгон төмөндөгү негиздердин бирөөсү болгон учурда токтотулат:

1) бузуулары үчүн жоопкерчиликке тартылууга тийиш болгон жеке жактардын турган жерлери аныкталбаганда;

2) бузуулары үчүн жоопкерчиликке тартылууга тийиш болгон жеке жактардын психикалык же башка оор ооруулар менен ооругандыгы;

3) бузуулар жөнүндө өндүрүшкө катышууга бөгөт болгон юридикалык жактын кайра уюштурулушу.

2. Иш боюнча өндүрүштү токтотуу жөнүндө ыйгарым укуктуу орган токтом чыгарат.

3. Бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүштү токтото турууга чейин ыйгарым укуктуу орган өндүрүшү бузуулар үчүн жоопкерчиликке тартылууга тийиш болгон жак жок болгондо жүргүзүлүшү мүмкүн бардык процесстик аракеттерди аткарууга милдеттүү.

4. Иш боюнча өндүрүш токтотулгандан кийин ыйгарым укуктуу орган бузууларды жасаган жакты табуу жана аныктоо чараларын көрүүгө милдеттүү.

301-берене. Бузуулар жөнүндө иш боюнча убактылуу токтотулган өндүрүштү кайра баштоо

1. Бузуулар жөнүндө иш боюнча убактылуу токтотулган өндүрүш токтото туруу үчүн негиздер жараксыз болгондон кийин ыйгарым укуктуу органдын токтому менен кайра улантылат.

2. Иш боюнча өндүрүштү кайра улантуу бузуулар үчүн жоопкерчиликке тартылган жакка же анын мыйзамдуу өкүлүнө маалымдалат.

302-берене. Бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүштү жокко чыгаруучу жагдайлар

Бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүш төмөндөгү шарттар болгон учурда башталышы мүмкүн эмес, ал эми башталган иш токтотулууга тийиш:

1) жактын жосундарында кылмыш курамынын жок экендигин белгилеген чечимдин мыйзамдуу күчүнө кириши;

2) жактын күнөөсүн жокко чыгарган жана ушул Кодекстин 21-23-беренелеринде каралган бузуулардын укукка жат экендигинин жагдайлары белгилүү болгондо;

3) ушул Кодекстин 39-беренесинде каралган шарттарда туум түрүндө жазаны жана кошумча укуктук кесепеттерди колдонуудан жак бошотулганда;

4) бузуунун жагдайынын жана курамынын жоктугу;

5) бузуулар жасалган учурда адамдын он алты жаш куракка толо электиги;

6) бузуулар үчүн жоопкерчиликти белгилеген актынын жокко чыгарылышы;

7) бузуулар жөнүндө иш каралган учурга карата ушул Кодекстин 36-беренесинде каралган эскирүү мөөнөттөрүнүн бүтүшү.

303-берене. Далилдер

1. Бардык иш жүзүндөгү маалыматтар бузуулар жөнүндө иш боюнча далил болуп саналат, анын негизинде өндүрүшү ошол иште турган ыйгарым укуктуу орган ушул Кодексте каралган тартипте бузуулардын жагдайларынын болушу же жок болуусун, аныктоо бузуулар үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан жеке жактын күнөөсүн, ошондой эле бузуулар жөнүндө ишти туура чечүү үчүн маанилүү болгон башка шарттарды аныктоону жүргүзөт.

2. Бул маалыматтар кагаз түрүндө же электрондук формада түзүлгөн, электрондук колтамга менен күбөлөндүрүлгөн бузуулар жөнүндө протоколдор, бузуулар үчүн жоопкерчиликке тартылган адамдардын, жабыр тарткандардын, күбөлөрдүн түшүндүрмөлөрү, адистердин түшүндүрмөлөрү, экспертизалардын корутундулары, башка документтер, буюм далилдери менен аныкталат.

Бузуулар жөнүндө материалдарды кароодо далил катары сертификацияланган атайын контролдук-өлчөөчү техникалык каражаттардын жана приборлордун маалыматтары да, ошондой эле фото- жана видео жазуусу бар техникалык каражаттар да (видео камераларда, видеорегистратордо, мобилдүү жабдуулар менен приборлордун видео камераларында) түшүрүлгөн маалыматтар далил катары каралышы мүмкүн.

(КР 2019-жылдын 21-февралындагы N 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

304-берене. Буюм далилдери

1. Бузуулардын түздөн-түз объектиси болуп саналган буюмдар, документтер, акчалар, баалуулуктар жана транспорт каражаттары, өзүндө бузуулардын изи түшкөн башка предметтер же бузууларды таап билүүнүн жана кылмыш жасаган жакты табуунун каражаты болуп кызмат кылуучу, ошондой эле иштин чыныгы жагдайларын белгилөөчү каражат болуп кызмат кылышы мүмкүн болгон предметтер бузуулар жөнүндө иш боюнча буюм далилдери катары кызмат кылат.

2. Буюм далилдеринин белгилери болгон предметтерге ээлик кылган бардык жактар мындай предметти ыйгарым укуктуу органга көрсөтүүгө милдеттүү.

3. Буюм далилдери бузуулар жөнүндө ишке тиркелет. Алар бузуулар, алып коюу жөнүндө протоколдордо же башка протоколдордо кең-кесири баяндалууга тийиш. Зарылчылыкка жараша буюм далилдери фотого тартылып же башка техникалык каражаттардын жардамы менен белгиленип жана мөөр чапталып бекитилүүгө тийиш.

4. Бузуулар жөнүндө иш өндүрүшүндө турган ыйгарым укуктуу орган иш биротоло чечилгенге чейин буюм далилдеринин сакталышын камсыз кылуу үчүн бардык чараларды көрүүгө милдеттүү.

5. Буюм далилдерин сактоонун тартиби жана мөөнөттөрү - ушул Кодекс менен аны менен жөнгө салынбаган бөлүгү Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен белгиленилет.

6. Эгерде өзүнүн чоңдугунан же башка себептерден улам буюм далилдерин ишке тиркөөгө мүмкүн болбосо, бул иш өндүрүшүндө турган ыйгарым укуктуу орган алар турган жер тууралуу маалымкат түзөт же фотого тартат, ал ишке тиркелет.

7. Андан аркы өндүрүш же кароо үчүн иш башка мамлекеттик органга же сотко берилген учурда буюм далилдери иш менен кошо жөнөтүлөт.

305-берене. Атайын техникалык каражаттар

1. Метрологиялык сыноодон өткөн жана тиешелүү сертификаты бар өлчөөчү приборлор атайын техникалык каражаттар болуп саналат.

2. Жол кыймылынын эрежелерин бузууларды аныктоо үчүн колдонулуучу фото жана кино тартуу, видео фиксациялоо функциялары бар атайын техникалык каражаттар автоматташтырылган маалыматтык тутумга интеграцияланууга тийиш.

3. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн атайын техникалык каражаттардын көрсөтүүлөрү бузуулар жөнүндө протоколдо жана бузуулар жөнүндө иш боюнча токтомдо чагылдырылат.

4. Атайын контролдук-өлчөөчү техникалык каражаттардын көрсөтүүлөрү ушул Кодекстин 312-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган тартипте бузуу жөнүндө иштер боюнча токтомдо чагылдырылат.

(КР 2019-жылдын 21-февралындагы N 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

306-берене. Бузууларды атайын техникалык каражаттар менен жазып түшүрүүдө бузуулар үчүн жоопкерчиликтин өзгөчөлүгү

1. Сертификацияланган атайын контролдук-өлчөөчү техникалык каражаттар жана приборлор менен бузууларды жазып түшүрүү учурунда жол кыймылы чөйрөсүндөгү бузуулар үчүн жоопкерчиликке транспорт каражаттарынын менчик ээлери (ээлери) тартылат.

2. Транспорт каражатынын менчик ээси (ээси) текшерүүнүн жүрүшүндө анын билдирүүсү же арызы боюнча бузуулар жасалганга чейин башка жактын укукка жат жосунунун натыйжасында каражат анын ээлигинен чыгарылып кеткендиги аныкталса, ошол транспорт каражатынын катышуучусу менен жасалган бузуулар үчүн жоопкерчиликтен бошотулат.

307-берене. Далилдерге баа берүү

Ыйгарым укуктуу орган иштин бардык шарттарын жалпылап туруп ар тараптан, толук жана объективдүү жана аны жалпылап иликтөөнүн негизинде өзүнүн ички ынанымы боюнча далилдерге баа берет. Эч кандай далилдер алдын-ала белгиленген күчкө ээ боло албайт.

308-берене. Материалдарды прокурорго, тергөө же алгачкы текшерүү органына берүү

Эгерде бузуулар жөнүндө ишти караганда ыйгарым укуктуу орган бузууларда жазык кылмышынын же жосундарынын белгилери камтылса, ал материалдарды тергөөгө тийиштүүлүгү боюнча тергөө же алгачкы текшерүү органына жөнөтөт.

43-глава. Бузууларды процесстик жол-жоболоштуруу

309-берене. Бузуулар жөнүндө протоколдун мазмуну

1. Бузуу жасалганда ыйгарым укуктуу орган тарабынан кагаз түрүндөгү протокол түзүлөт же электрондук колтамга менен күбөлөндүрүлгөн бузуу жөнүндө протоколдун электрондук формасы пайдаланылышы мүмкүн.

2. Бузуулар жөнүндө протоколдо төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

1) аны түзүүнүн датасы, убактысы жана орду;

2) протоколду түзгөн адамдын кызмат орду, фамилиясы, аты, атасынын аты;

3) бузууларды жасагандыгы үчүн ишке тартылып жаткан адам жөнүндө маалымат;

4) бузуулар жасалган орду, датасы, убактысы жана анын жасагандыгы жөнүндө тастыктаган жагдайлар;

5) ушул Кодекстин бузуулар үчүн жоопкерчиликти караган беренеси;

6) эгерде күбөлөр жана жабыр тарткандар бар болсо, алар жөнүндө маалыматтар;

7) бузууларды жасагандыгы үчүн тартылган адамдын түшүнүгү;

8) бузуулар жөнүндө ишти чечүү үчүн зарыл болгон башка маалыматтар.

3. Бузуулар жөнүндө протоколду түзөөрдөн мурда ыйгарым укуктуу орган бузуулар үчүн жоопкерчиликке тартылган ар бир адамга алардын төмөнкү укуктарын түшүндүрүүгө милдеттүү:

1) өкүлдүн жардамынан пайдаланууга;

2) түшүндүрмө берүү же түшүндүрмө берүүдөн жана суроолорго жооп берүүдөн баш тартууга;

3) ыйгарым укуктуу органдын чечимине сотко даттанууга.

Бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылган жактын өтүнүчү боюнча ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамы көрсөтүлгөн укуктардын ар бирин кең-кесири түшүндүрүүгө милдеттүү.

4. Протоколго аны түзгөн адам жана бузууларды жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адам кол коет.

Күбөлөр жана жабыр тарткандар болгон учурда протоколго ошол адамдар да кол коёт.

5. Бузууларды жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан жак протоколго кол коюудан баш тарткан учурда протоколго бул жөнүндө жазуу жазылат. Бузууларды жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан жак протоколдун мазмуну боюнча түшүнүктөрүн жана сын-пикирлерин тиркөөгө, ошондой эле ага кол коюудан өзүнүн баш тартуусунун жүйөсүн баяндоого укуктуу.

6. Протокол эки нускада түзүлөт, анын бири бузууларды жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан жакка кол койдуруу менен тапшырылат.

7. Зарылчылыкка жараша ыйгарым укуктуу орган мыйзамда белгиленген тартипте лицензиясын (сертификатын, уруксат берүүлөрүн) чакыртып алуу тууралуу чечим кабыл алуу үчүн же башка укуктарды чектөө боюнча ыйгарым укуктуу органга протоколдун көчүрмөсүн жөнөтөт.

(КР 2019-жылдын 21-февралындагы N 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

310-берене. Бузуулар жөнүндө протоколду түзүү жана бузуулар жасалган жерде аны кароо

1. Бузуулар ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамы тарабынан бузуулар жасалган жерде каралат жана чечилет, эгерде:

1) ушул Кодекстин 311-беренесинде каралган жагдайлар жок болсо;

2) жакка жаза чарасы катары эскертүү колдонулат. Мындай учурда жаза чарасын жана кошумча укуктук натыйжаларды колдонуу жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын чечими протоколдо жол-жоболоштурулат, анын көчүрмөсү бузуучуга жеринде тапшырылат;

Жазуу түрүндөгү форма менен катар электрондук колтамга менен күбөлөндүрүлгөн бузуу жөнүндө протоколдун электрондук формасы пайдаланылышы мүмкүн.

3) эгерде жак бузууларды жасагандыгы тууралуу фактыны жана ага ушул жаза чарасын жана кошумча укуктук кесепеттердин колдонуларын талашып-тартышпаса.

2. Эгерде жак бузуулар фактысын же айып пул түрүндө жаза чарасын же ыйгарым укуктуу орган колдоно турган кошумча укуктук натыйжаларды талашып-тартышса, анда бузууларды кароо ушул Кодексте каралган жалпы тартипте ишке ашырылат. Мындай учурда бузуулар болгон жерде түзүлгөн протокол ушул Кодекске ылайык жаза чарасын берүү үчүн ыйгарым укуктуу органдын кароосуна жөнөтүлөт.

3. Эгерде жак бузууларды жасагандыгынын фактысын, ага карата жаза чарасын жана кошумча укуктук кесепеттердин колдонуларын талашып-тартышпаса, анда бузуу жасалган жерде ушул Кодекстин 329-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган талаптарды сактоо менен токтом чыгарылат, ага протоколду түзгөн адам кол коет, мында көрсөтүлгөн токтом бузуучуга анын көчүрмөсү тапшырылган учурдан тартып күчүнө кирет.

(КР 2019-жылдын 15-февралындагы N 25, 2019-жылдын 21-февралындагы N 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

311-берене. Бузуулар жөнүндө протоколду түзүүнүн өзгөчө учурлары

1. Ыңгайсыз аба-ырайынын шарттарында же протоколду түзүү үчүн зарыл болгон жак жөнүндө маалыматты тактоо үчүн техникалык каражаттарды пайдаланган учурда ыйгарым укуктуу орган бул үчүн жарактуу болгон жакынкы жайларда же транспорт каражатында протокол түзүүгө укугу бар.

2. Эгерде адамда ким экендигин тастыктаган документ жок болсо жана мындай учурда ал өзүнүн ким экендигин тастыктоодон жана өзү жашаган жер жөнүндө маалымат берүүдөн баш тартса, анда ыйгарым укуктуу орган бузууларды жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамды органдын жайына алып барууга укуктуу. Мындай учурларда протоколду түзүүнүн мөөнөтү үч сааттан ашык болбоого тийиш.

3. Алып келингендиги жөнүндө бузуулар тууралуу протоколго тийиштүү жазуу жазылат. Мындай учурда ыйгарым укуктуу органдын жайына алып келүүнүн башталышынын жана бүтүшүнүн так сааты жана мүнөтү көрсөтүлөт. Ыйгарым укуктуу органдын жайына чейин алып келүү (ташуу) убактысы үч сааттан ашпоого тийиш.

4. Адамдын талабы боюнча ыйгарым укуктуу орган ага алып келинген убакытты жана протоколду түзүүнү тастыктаган документтерди берүүгө милдеттүү.

5. Ушул берененин 2- жана 3-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн мөөнөт адам талаптарды аткаргандан соң ыйгарым укуктуу органдын өкүлү менен же тийиштүү жайда (транспорт каражатында) калган учурдан башталат.

6. Адам суроолорго түшүнүктөрдү берүүдөн баш тарткан учурда ыйгарым укуктуу орган протокол түзүү үчүн зарыл болгон адам жөнүндө маалыматтарды өз алдынча аныктоого милдеттүү.

7. Протоколду түзүүнүн ар бир учуру ыйгарым укуктуу орган тарабынан маалыматтар базасына киргизилет.

312-берене. Бузуулар жөнүндө протокол түзүлбөй турган учурлар

1. Ушул Кодекстин 19-главасында каралган жана автоматтык режимде иштеп турган сертификатталган атайын контролдук-өлчөөчү техникалык каражаттарды пайдалануу менен түшүрүлгөн, фото-кино тартуу, видеожазуу болгон бузуулар аныкталган учурда бузуулар жөнүндө протокол түзүлбөйт. Ал эми бузуулар жөнүндөгү иш боюнча токтом бузуулар жөнүндө өндүрүш ачылган адамдын катышуусу жок чыгарылат жана ушул Кодекстин 329-беренесинде каралган тартипте жол-жоболоштурулат.

2. Автоматтык режимде иштеп жаткан сертификатталган атайын контролдук-өлчөө техникалык каражаттарын колдонуу менен алынган материалдарды, фото- жана кино тартуу, видео жазуу менен түшүрүлгөн материалдардын тиркемеси менен бузуулар жөнүндө иш боюнча токтом электрондук документ түрүндө жол-жоболоштурулат, анын юридикалык күчү ыйгарым укуктуу органдын электрондук санариптик кол тамгасы менен тастыкталат.

3. Бузуулар жөнүндө иш боюнча токтом жана автоматтык режимде иштеп жаткан сертификатталган атайын контролдук-өлчөө техникалык каражаттарын колдонуу менен алынган материалдарды, фото- жана кино тартуу, видео жазуу менен түшүрүлгөн материалдары электрондук документти кагаз түрүндөгү документке которуу жолу менен даярдалат. Ошол токтомдун көчүрмөсү бузуулар жөнүндө иш өндүрүшү ачылган адамга почта, заказдык почта жөнөтүүлөрү боюнча ошол токтом чыгарылган күндөн баштап үч күн аралыгында жөнөтүлөт.

44-глава. Бузуулар жөнүндө өндүрүштүн катышуучулары жана алардын укуктары

313-берене. Бузуулар жөнүндө өндүрүштүн катышуучулары

1. Төмөнкүлөр бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүштүн катышуучулары болуп саналат:

1) бузууларды жасагандыгы үчүн тартылып жаткан адам;

2) ыйгарым укуктуу орган;

3) жабырлануучу - бузуулар тарабынан зыян келтирилген адам. Юридикалык жактын өкүлү же коомдун тийиштүү бөлүгүнүн өкүлү катары бузуулар тарабынан моралдык зыян келтирилген адам жабырлануучу боло албайт;

4) күбө;

5) эксперт;

6) адис;

7) котормочу.

2. Бузууларды жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адам бузуулар жөнүндө ишти кароого өзү жана/же өкүлү аркылуу катыша алат.

3. Төмөнкүлөр ыйгарым укуктуу органдар болуп саналат:

1) өздөрүнүн компетенциясына ылайык министрликтердин, ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктуу бөлүмдөрү;

2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын комиссиялары.

Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өздөрүнүн чечимдери менен бузуулар жөнүндө протоколду түзүүгө, ушул Кодексте каралган учурларда жаза чарасын көрүүгө ыйгарым укук берилген кызмат адамдарынын тизмегин аныктайт жана бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укук берилген комиссияларды түзөт.

Комиссия жөнүндө жобо, анын сандык жана жекече курамы - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн жергиликтүү кеңештин чечими менен бекитилет.

4. Ыйгарым укуктуу орган айрым бузуу фактылары боюнча жаза салуу укугу жок бузуулар жөнүндө протоколду түзүү укугун коомдук уюмдардын өкүлдөрүнө (егерлерге, коомдук балык инспекторлоруна ж.б.) өткөрүп бере алат.

(КР 2019-жылдын 15-февралындагы N 25 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

314-берене. Бузууларды жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдын укуктары жана милдеттери

1. Бузууларды жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адам төмөнкүлөргө укуктуу:

1) бузуулар жөнүндө өндүрүштүн тартиби, өзүнүн укуктарын жана милдеттерин ишке ашыруу жөнүндө ыйгарым укуктуу органдан түшүндүрмөлөрдү алууга;

2) ушул Кодексте белгиленген тартипте бузуулар жөнүндө ишти кароонун датасы, убактысы жана орду тууралуу маалымат алууга;

3) бузуулар жөнүндө ишти кароодо ушул Кодексте белгиленген тартипте өзү же өкүлү аркылуу катышууга;

4) белгиленген тартипте бузуулар жөнүндө иштин материалдары менен таанышууга, маалыматтарды жазып алууга, документтерден көчүрмөлөрдү чыгарууга, жол-жобо аракеттери жана кабыл алынган чечимдер жөнүндө маалыматтарды алууга;

5) далилдерди же көрсөтмөлөрдү жазуу, оозеки же башка түрдө берүүгө;

6) бузуулар жөнүндө ишти кароодо башка катышуучулардын түшүндүрмөлөрүнө, жүйөлөрүнө жана өтүнмөлөрүнө каршы пикирин билдирүүгө;

7) ыйгарым укуктуу органдын өкүлүн алмаштырууну билдирүүгө;

8) бузуулар жөнүндө ишти кароого башка катышуучуларды тартуу тууралуу өтүнүч кылууга;

9) документтерди же маалыматтарды талап кылууга;

10) өзүнүн эсебинен экспертизаны даярдоо жөнүндө өтүнүч кылууга;

11) ишти кароонун мөөнөттөрүн токтото туруу же кайра улантуу, ошондой эле узартуу жөнүндө өтүнүч кылууга;

12) котормочулардын кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланууга;

13) бузуулар жөнүндө иш боюнча чечим менен таанышууга, бузуулар жөнүндө иш боюнча токтомдун нускасын алууга;

14) бузуулар жөнүндө иш боюнча токтомго даттануу берүүгө.

Бузууларды жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адам бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүш учурунда ошондой эле мыйзамда каралган башка укуктарын ишке ашырат.

2. Бузууларды жасагандыгы үчүн тартылып жаткан адам төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) ыйгарым укуктуу органга өзүнүн ким экендигин тастыктоого жана өзүнүн жашаган жери жөнүндө маалымат берүүгө;

2) ыйгарым укуктуу органга өз учурунда өзүнүн байланышуучу дарек маалыматтарынын жана жашаган жеринин өзгөрүлгөндүгү тууралуу кабарлоого;

3) себебин көрсөтүү менен ыйгарым укуктуу органдын чакыруусу боюнча келе албай тургандыгы жөнүндө ага өз учурунда билдирүүгө.

315-берене. Мыйзамдуу өкүлдөр

1. Өзүнө карата бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүш жүргүзүлүп жаткан жеке жак же жашы жете элек болуп саналган жабырлануучу же өзүнүн дене бою же психикалык абалынан улам жеке жак өзүнүн укуктарын өз алдынча жүзөгө ашыра албаса, алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону мыйзамдуу өкүлдөрү, балдардын укугун коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлдөрү ишке ашырат.

2. 18 жаш куракка чейинки адам жасаган бузуулар жөнүндө ишти кароодо анын мыйзамдуу өкүлүнүн катышуусу милдеттүү болуп саналат.

3. Өзүнө карата бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүш жүргүзүлүп жаткан же жабырлануучу болуп саналган юридикалык жактын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону анын мыйзамдуу өкүлү ишке ашырат.

316-берене. Жактоочу, өкүл жана адвокат

1. Бузуулар үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан жакка, ошондой эле анын мыйзамдуу өкүлүнө юридикалык жардам көрсөтүү үчүн бузуулар жөнүндө өндүрүшкө - жактоочу, ал эми жабырлануучуга юридикалык жардам көрсөтүү үчүн өкүл катыша алат.

2. Жактоочу же өкүл болууга адвокатка жол берилет.

3. Адвокаттын ыйгарым укуктары ордер менен тастыкталат. Юридикалык жардам көрсөткөн башка адамдын ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жол-жоболоштурулган ишеним кат менен күбөлөндүрүлөт.

4. Жактоочуга жана өкүлгө ишке катышууга бузуулар жөнүндө протокол түзүлгөн учурдан баштап жол берилет.

5. Ушул Кодекстин 314-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 3, 12-пункттарында каралган укуктарды кошпогондо, жактоочу жана өкүл корголуучу сыяктуу эле укуктарга ээ.

317-берене. Жабырлануучу

1. Бузуулар менен дене бойлук, мүлктүк же моралдык жактан зыян келтирилген же болбосо ишкердик аброюна зыян келтирилген жеке же болбосо юридикалык жак жабырлануучу болуп саналат.

2. Жабырлануучу иштин бардык материалдары менен таанышууга, түшүнүк берүүгө, далилдерди келтирүүгө, сунуштарды жана четке кагууларды билдирүүгө, өкүлгө ээ болууга, бузуулар жөнүндө протоколго жана бузуулар жөнүндө иш боюнча токтомго даттанууга, мыйзам менен берилген башка процесстик укуктарды пайдаланууга укуктуу.

3. Бузуулар жөнүндө иш жабырлануучунун катышуусу менен каралат. Ал жок болгон учурда ишти кароонун орду жана убактысы жөнүндө ага тийиштүү түрдө маалымдоо тууралуу маалыматтар бар болгон учурда гана иш каралышы мүмкүн.

4. Жабырлануучу ушул Кодекстин 318-беренесине ылайык күбө катары суралышы мүмкүн.

5. Бузуулар жөнүндө өндүрүштө жабырлануучунун катышуусуна байланыштуу чыгымдар аткаруу өндүрүшү тууралуу мыйзамдарда белгиленген тартипте бузуучунун эсебинен орду толтурулат.

318-берене. Күбө

1. Бузуулар жөнүндө иш боюнча күбө катары ошол факты боюнча аныктоого тиешеси бар кайсы бир жагдайлар белгилүү болушу мүмкүн болгон ар кандай адамдар чакырылышы мүмкүн.

2. Жашы жетпеген күбөнү суракка алууда педагог же психолог милдеттүү түрдө катышууга тийиш. Зарылчылык болгон учурда суракка алуу ошондой күбөнүн мыйзамдуу өкүлүнүн катышуусунда жүргүзүлөт.

3. Ыйгарым укуктуу органдын чакыруусу боюнча күбө белгиленген убакта келүүгө, түшүнүк берүүгө, иш боюнча ага белгилүү болгондордун баарын билдирүүгө жана берилген суроолорго жооп берүүгө милдеттүү. Эгерде ыйгарым укуктуу орган ал жашаган же турган шаардын же райондун чегинде жайгашса, отурумда күбөнүн катышуусу милдеттүү болуп саналат.

Зарылчылык болгон учурда өтүнмө боюнча күбө анын жашаган жери же убактылуу турган жери боюнча өзүнүн түшүндүрмөсүн берүүгө укуктуу.

4. Күбө эне тилинде же өзү билген тилде түшүндүрмө берүүгө, жазуу түрүндөгү жазылмаларын пайдаланууга, ошондой эле бузуулар жөнүндө өндүрүшкө катышкандыгына байланыштуу чыгымдарды компенсациялап алууга укуктуу.

5. Күбө өзүнө, жубайына жана чөйрөсү мыйзамда аныкталган жакын туугандарына каршы түшүндүрмө берүүгө милдеттүү эмес.

6. Күбө түшүндүрмө берер алдында ыйгарым укуктуу орган анын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрөт.

7. Төмөнкүлөр күбө боло албайт:

1) эмгекке жөндөмсүз жеке жактар;

2) бузуулар жөнүндө өндүрүшкө катышуучуларынын өкүлдөрү.

319-берене. Эксперт

1. Атайын билимдин зарылчылыгы келип чыкканда ыйгарым укуктуу орган тарабынан эксперт дайындалат.

2. Эксперт илим жана техника жаатында эксперттик атайын билими бар, иштин бүтүшүнө кызыкдар болбогон жана бузуулар жөнүндө өндүрүштүн катышуучулары сунуш кылган адамдардын ичинен дайындалат.

3. Эксперт чакыруу боюнча келүүгө жана аны чечүүдө өзү компетенттүү болгон анын алдына коюлган маселелер боюнча объективдүү корутунду берүүгө милдеттүү.

4. Эксперт төмөнкүлөргө укуктуу:

1) экспертизанын предметине тийиштүү иштин материалдары менен таанышууга;

2) корутунду берүү үчүн зарыл болгон кошумча материалдарды ага берүү жөнүндө өтүнүчүн билдирүүгө;

3) ыйгарым укуктуу органдын уруксаты менен бузуулар үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамга, күбөлөргө, жабырлануучуга экспертизанын предметине тийиштүү суроолорду берүүгө;

4) ишти кароого катышууга;

5) жоопкерчиликке тартылган адамдын же жабырлануучунун тууганы болгон учурда, ошондой эле иштин чечилишине жеке кызыкдар болгон жагдайда өзүн четтетүүнү билдирүүгө.

5. Экспертизаны жүргүзүүгө байланыштуу чыгымдар - өзүнүн демилгеси боюнча жүргүзүлгөн өндүрүштүн катышуучусунун эсебинен, ал эми ыйгарым укуктуу органдарга аны кармап турууга каралган каражаттардын эсебинен орду толтурулат.

320-берене. Адис

1. Бузуулар жөнүндө өндүрүшкө катышуу үчүн адис катары далилдерди табууга, бекемдөөгө жана алууга, ошондой эле техникалык каражаттарды колдонууга көмөктөшүү үчүн зарыл атайын билими бар, иштин бүтүшүнө кызыкдар болбогон адам дайындалышы мүмкүн.

2. Бузуу жөнүндө өндүрүшкө катышууга адистерди тартууга байланышкан чыгымдар - анын демилгеси боюнча чакырылган катышуучунун эсебинен, ыйгарым укуктуу органдар үчүн аны кармап турууга каралган каражаттардын эсебинен орду толтурулат.

321-берене. Котормочу

1. Котормочу бузуу жөнүндө иш өндүрүшү өзүндө турган ыйгарым укуктуу орган тарабынан же иши жүргүзүлүп жаткан тилди билбеген катышуучунун сунуштамасы боюнча дайындалат.

2. Котормочу ыйгарым укуктуу органдын чакыруусу боюнча келүүгө жана өзүнө тапшырылган котормону толук жана так аткарууга, тийиштүү протоколдо котормонун туура экендигин тастыктап кол коюуга милдеттүү.

3. Бузуу жөнүндө өндүрүшкө катышууга котормочуну тартууга байланыштуу чыгымдар - анын демилгеси боюнча чакырылган катышуучунун, ыйгарым укуктуу орган үчүн аны кармап турууга каралган каражаттардын эсебинен орду толтурулат.

45-глава. Бузуу жөнүндө иштерди кароо

322-берене. Бузуу жөнүндө ишти кароого даярдоо

Ыйгарым укуктуу орган бузуу жөнүндө ишти кароого даярдоодо төмөнкү маселелерди аныктайт:

1) тиешелүү ишти кароо анын компетенциясына киреби;

2) тиешелүү ыйгарым укуктуу органдын ишти кароосун жокко чыгарган жагдайлар барбы;

3) бузуу жөнүндө протокол, ошондой эле иштин башка материалдарын жол-жоболоштуруу туура түзүлгөнбү;

4) ушул Кодекстин 302-беренесинде каралган бузуу жөнүндө өндүрүштү жокко чыгаруучу жагдайлар барбы;

5) бузууларды маңызы боюнча кароо үчүн колдо бар материалдар жетиштүүбү;

6) өтүнүчтөр же четтетүүлөр барбы.

323-берене. Ыйгарым укуктуу органдын өкүлүн четтетүүгө негиздер

Бузуу жөнүндө ишти кароого ыйгарым укуктуу органдын өкүлү төмөнкү учурларда аны карай албайт, эгерде ал:

1) бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдын же жабырлануучунун, алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн, жактоочунун же өкүлүнүн тууганы болсо;

2) иштин чечилишине жеке, тике же кыйыр кызыкдар болсо.

324-берене. Бузуулар жөнүндө ишти кароого даярдоодо ыйгарым укуктуу орган кабыл алуучу чечим

1. Бузуулар жөнүндө ишти кароого даярдоодо ыйгарым укуктуу орган төмөнкүдөй чечим кабыл алат:

1) ишти кароонун убактысын жана ордун дайындоо жөнүндө;

2) адамдарды чакыруу, иш боюнча зарыл кошумча материалдарды талап кылуу, экспертизаны дайындоо жөнүндө;

3) ишти кароону кийинкиге калтыруу жөнүндө;

4) иштин протоколун түзүүгө жана башка документтерди жол-жоболоштурууга укугу жок адам түзгөн учурда, иштин протоколун түзүү жана башка документтерди жол-жоболоштуруу туура эмес түзүлгөн же болбосо берилген материалдар толук эмес болгон учурда, ишти кароодо алардын ордун толтуруу мүмкүн болбогон жагдайда протоколду түзгөн ыйгарым укуктуу органга, анын өкүлүнө же кызмат адамына бузуу тууралуу протоколду жана иштин башка материалдарын кайтарып берүү жөнүндө;

5) эгерде ошол ишти кароо анын компетенциясына кирбесе, үч жумушчу күндүн ичинде иштин протоколун жана башка материалдарын караштуулугуна жараша кайтарып берүү жөнүндө;

6) ушул Кодексте каралган учурларда ыйгарым укуктуу органдын өкүлүн четтетүү жөнүндө;

7) ушул Кодекстин 302-беренесинде каралган жагдайлар болгон учурда өндүрүштү кыскартуу жөнүндө.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-5-пункттарында каралган чечимдер аныктама түрүндө чыгарылат.

3. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 6- жана 7-пункттарына каралган чечим токтом түрүндө чыгарылат.

(КР 2019-жылдын 15-февралындагы N 25 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

325-берене. Бузуу жөнүндө ишти кароонун орду

Бузуу жөнүндө иш ыйгарым укуктуу орган жайгашкан жер боюнча каралат.

326-берене. Бузуу жөнүндө ишти кароонун мөөнөтү

1. Бузуу жөнүндө иш ыйгарым укуктуу орган тарабынан иштин материалдары алынган күндөн тартып он күндүк мөөнөттө каралат.

2. Бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүштүн катышуучусунан өтүнмө келип түшкөн же болбосо иш жагдайларын кошумча аныктоо зарыл болгон учурларда ишти кароо мөөнөтү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси тарабынан он күндөн ашпаган мөөнөткө узартылат.

327-берене. Бузуу жөнүндө ишти кароо тартиби

1. Ыйгарым укуктуу орган бузуу жөнүндө ишти кароого киришип:

1) ишти ким карай тургандыгын, кандай иш карала тургандыгын, бузуу үчүн ким жана ушул Кодекстин кайсы беренесинин негизинде жоопкерчиликке тартыларын жарыялайт;

2) ушул Кодекстин 312-беренесинде каралган учурларды кошпогондо, жеке жактын, же жеке жактын мыйзамдуу өкүлүнүн же болбосо юридикалык жактын мыйзамдуу өкүлүнүн, ошондой эле ишти кароого катышуучу башка адамдардын келгендигине ынанат;

3) иш боюнча өндүрүштүн катышуучуларынын ким экенин аныктайт жана жактын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн, жактоочунун жана ыйгарым укуктуу өкүлдүн ыйгарым укуктарын текшерет;

4) иш боюнча өндүрүштүн катышуучуларынын келбей калышынын себептерин айкындайт жана алар жокто ишти кароо же болбосо ишти кароону кийинкиге калтыруу тууралуу чечим кабыл алат;

5) ишти кароого катышып жаткан адамдардын укуктарын жана милдеттерин чечмелеп түшүндүрөт;

6) билдирилген четтетүүлөрдү жана өтүнмөлөрдү чечет;

7) бузуу жөнүндө протоколду, ал эми зарылчылык болгондо - иштин башка материалдарын жарыя кылат.

2. Иши боюнча өндүрүш жүргүзүлүп жаткан жеке жактын түшүндүрмөсү, бузуулар жөнүндө өндүрүшкө катышып жаткан башка жактардын көрсөтмөлөрү, адистин түшүндүрмөсү жана эксперттин корутундусу угулат, башка далилдер териштирилет.

(КР 2019-жылдын 15-февралындагы N 25 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

328-берене. Бузуулар жөнүндө ишти кароодо такталууга тийиш болгон жагдайлар

Ыйгарым укуктуу орган бузуу жөнүндө ишти кароодо төмөнкүлөрдү тактоого милдеттүү:

1) бузуу болгонбу;

2) аны жасаганга ушул жак күнөөлүүбү;

3) бузуу үчүн ушул жак жоопкерчиликке тартылууга тийишпи;

4) жоопкерчиликти жеңилдеткен жана оордоткон жагдайлар барбы;

5) материалдык зыян келтирилгенби;

6) ишти туура чечүү үчүн мааниси бар башка жагдайлар.

329-берене. Бузуу жөнүндө иш боюнча токтом

Бузуу жөнүндө ишти карап чыгып, ыйгарым укуктуу орган иш боюнча кагаз түрүндө же болбосо электрондук колтамга менен күбөлөндүрүлгөн электрондук документ формасында токтом чыгарат.

Токтомдо төмөнкүлөр камтылууга тийиш:

1) токтом чыгарган ыйгарым укуктуу органдын аталышы;

2) ишти кароо датасы;

3) иши каралып жаткан адам жөнүндө маалымат;

4) ишти кароодо аныкталган жагдайлардын баяндамасы;

5) тиешелүү бузуулар үчүн жоопкерчилик каралган ушул Кодекстин беренесин көрсөтүү;

6) иш боюнча кабыл алынган чечим;

3. Бузуу жөнүндө иш боюнча токтомго бузуу жөнүндө ишти кароого катышкан ыйгарым укуктуу органдын өкүлдөрү жана катчы кол коет.

4. Бузуу жөнүндө иш боюнча токтом, эгерде ал даттанылбаса, даттануу мөөнөтү бүткөндө мыйзамдуу түрдө күчүнө кирет.

(КР 2019-жылдын 21-февралындагы N 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

"ЦБД" эскертүүсү: 329-берененин 1, 2-бөлүктөрүнүн нумерациясы мамлекеттик тилде жок.

330-берене. Токтомдордун түрлөрү

Бузуу жөнүндө ишти карап чыгып, ыйгарым укуктуу орган төмөнкүдөй токтомдордун бирин чыгарат:

1) жаза чарасын колдонуу жөнүндө;

2) иш боюнча өндүрүштү кыскартуу жөнүндө.

3) туумду эсептөө жөнүндө.

2. Жак айып пул төлөөдөн баш тарткан жана ушул Кодекстин 29-беренесинде көрсөтүлгөн туум эң жогорку өлчөмүнө жеткен учурда, ыйгарым укуктуу орган ошондой эле туумду кошуп эсептөө жөнүндө токтом чыгарат.

3. Туумду эсептөө жөнүндө токтом анын өлчөмүн, ошондой эле айыптын өлчөмүн жана жаза чарасына алынууга тийиш болгон жалпы сумманы көрсөтүү менен сот аткаруучуларынын ишин уюштуруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга аткаруу өндүрүшү тууралуу мыйзамдарга ылайык жаза чарасын колдонуу үчүн жиберилет.

(КР 2019-жылдын 15-февралындагы N 25 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

331-берене. Иш боюнча токтомду жарыялоо жана анын көчүрмөсүн тапшыруу

1. Токтом ишти кароо бүтөөрү менен дароо жарыяланат.

2. Токтомдун көчүрмөсү үч күндүн ичинде ал өзүнө карата чыгарылган адамга, ошондой эле жабырлануучуга тапшырылат же жиберилет, көрсөтүлгөн дареги боюнча почта аркылуу же байланыштын башка каражаттары аркылуу жөнөтүлөт.

3. Токтомдун көчүрмөсү кол койдуруу менен тапшырылат. Эгерде токтомдун көчүрмөсү жөнөтүлсө, ал тууралуу иш кагазына тийиштүү жазуу жазылат.

331-1-берене. Бузуу жөнүндө иштер боюнча документтерди тапшыруу

1. Ушул Кодексте белгиленген учурларда бузуулар жөнүндө иштер боюнча документтер (аныктамалар, протоколдор, токтомдор, буйруктар) бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштүн катышуучуларына "Почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган заказдык почта жөнөтмөсү аркылуу ыйгарым укуктуу орган (ыйгарым укуктуу адам) тарабынан жиберилет же болбосо ыйгарым укуктуу кызмат адамынын өзү тарабынан тапшырылат.

2. Бузуу жөнүндө иш боюнча документ тиешелүү ыйгарым укуктуу органдын адамдары тарабынан анын төмөнкүдөй жеткирилгени тууралуу кабарландырылган учурдан тартып тапшырылды деп эсептелет:

1) өзүнө карата бузуу жөнүндө иш боюнча документтер түзүлгөн адамга жеке тапшырылганда;

2) өзүнө карата бузуу жөнүндө иш боюнча документтер түзүлүп жаткан адамдын үй-бүлөсүнүн жашы жеткен мүчөлөрүнүн бирине, ошондой эле ал катталган жеринде жашаган башка адамдарга жеке тапшырылганда.

(КР 2019-жылдын 21-февралындагы N 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

331-2-берене. Бузуулар жөнүндө иш боюнча документти кабыл алуудан баш тартуу

1. Өзүнө карата бузуу жөнүндө иш боюнча документ түзүлгөн адам же анын үй-бүлөсүнүн жашы жеткен мүчөлөрү, ошондой эле өзүнө карата бузуу жөнүндө иш боюнча документтер түзүлүп жаткан адамдын катталган жеринде жашаган башка адамдар бузуу жөнүндө иш боюнча документти кабыл алуудан баш тарткан учурда, документти алып барган адам ага тиешелүү белги коюу менен аны жөнөткөн ыйгарым укуктуу органга (кызмат адамына) кайра кайтарат. Мындай учурда бузуулар жөнүндө иш боюнча документ расмий тартипте тапшырылды деп эсептелет.

2. Бузуулар жөнүндө иш боюнча документ даректелген адамдын документти кабыл алуудан баш тартуусу ишти кароо же болбосо айрым процесстик иш-аракеттерди жасоо үчүн тоскоолдук болуп саналбайт.

(КР 2019-жылдын 21-февралындагы N 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

331-3-берене. Кабарландыруу

Ыйгарым укуктуу орган (кызмат адамы) ишти кароо же башка процесстик аракеттерди жүзөгө ашыруу башталганга чейин жыйырма төрт сааттан кечиктирбестен кабарландыруу аркылуу бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүштүн катышуучуларына ишти кароонун датасы жана орду, айрым процесстик иш-аракеттер тууралуу билдирет, аларды ишти кароого же башка процесстик иш-аракеттерди жүзөгө ашырууга катышууга чакырат.

(КР 2019-жылдын 21-февралындагы N 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

331-4-берене. Фото жана кино тартуу, видео фиксациялоо функциялары бар атайын техникалык каражаттардын жардамы менен аныкталган бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштү жүргүзүүнүн өзгөчөлүгү

1. Ушул Кодексте жоопкерчилик каралган бузуулар фото жана кино тартуу, видео фиксациялоо функциялары бар атайын техникалык каражаттардын жардамы менен аныкталганда атайын техникалык каражаттардан алынган маалыматтар (сертификацияланган программалык камсыз кылуу аркылуу электрондук форматта реалдуу убакыт режиминде) бузуу жасаган адамдын катышуусуз электрондук токтом түзүү (толтуруу) үчүн тиешелүү ыйгарым укуктуу органдын автоматташтырылган маалыматтык тутумуна (маалымат базасына) жиберилет. Реалдуу убакыт режиминде бузуу жөнүндө электрондук токтом толтурулгандан (түзүлгөндөн) кийин ал "Электрондук колтамга жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте аткаруу бийлигинин тиешелүү органынын тиешелүү ыйгарым укуктуу кызмат адамынын электрондук колтамгасы менен бекитилет.

2. Аткаруу бийлигинин тиешелүү органынын автоматташтырылган маалыматтык тутумунун маалыматтарынын негизинде транспорт каражатынын менчик ээсине карата бузуу жөнүндө токтом толтурулат (түзүлөт).

3. Ушул Кодекстин 19-главасында каралган маалыматтарга толуктоо иретинде бузуу жөнүндө токтомдо төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

1) бузууну табуу үчүн пайдаланылган атайын техникалык каражаттардын (бузуу жасалган фактыны далилдеген жана ээси (менчик ээси) жөнүндө маалыматтарды ырастаган фото жана видео материалдар) жардамы менен алынган маалыматтар;

2) бузуу жөнүндө электрондук токтомго байланыштуу өтүнүч каттарды берүүнүн тартиби;

3) айып пулдун суммасы жана аны төлөөнүн тартиби.

4. Ушул Кодексте каралган бузуулардын фото материалдары жана видео жазуулары бузуу жөнүндө тиешелүү иш боюнча өндүрүш аяктаганга чейин сакталат.

5. Фото жана кино тартуу, видео фиксациялоо функциялары бар атайын техникалык каражаттардын жардамы менен аныкталган бир эле бузуу үчүн бузуу жөнүндө токтомду кайталап түзүүгө тыюу салынат. Бузууларды фото жана кино тартуу, видео фиксациялоо функциялары бар иштеп жаткан атайын техникалык каражаттар орнотулган жерлерде электрондук токтом гана түзүлөт.

6. Өзүнө карата бузуу жөнүндө токтом түзүлгөн адам ага макул болбогон учурда ыйгарым укуктуу органга өтүнүч кат менен кайрыла алат. Өтүнүч кат бузуу жөнүндө токтом тапшырылган күндөн тартып он күндүн ичинде жеке өзү тарабынан тапшырылышы, почта же интернет маалыматтык-коммуникациялык тармагы аркылуу жөнөтүлүшү мүмкүн.

(КР 2019-жылдын 21-февралындагы N 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

 

46-глава. Иш боюнча токтомго даттануу тартиби

332-берене. Бузуу жөнүндө иш боюнча токтомго сотто даттануу тартиби жана мөөнөтү

1. Ушул Кодексте каралган учурларды кошпогондо, бузуу жөнүндө иш боюнча ыйгарым укуктуу органдын токтому бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылган адам, жабырлануучу тарабынан, ошондой эле алардын мыйзамдуу өкүлү тарабынан, райондук (шаардык) сотко даттанылышы мүмкүн.

2. Бузуу жөнүндө иш боюнча токтомго даттануу токтомдун көчүрмөсү тапшырылган же аны почта аркылуу алган күндөн тартып, он күндүн ичинде берилиши мүмкүн. Көрсөтүлгөн мөөнөт жүйөлүү себептерден улам өтүп кеткен учурда ага карата токтом чыгарылган адамдын арызынын негизинде бул мөөнөт сот тарабынан ордуна келтирилет.

Мөөнөттү өткөрүп жиберүүнүн жүйөлүү себептери документтер менен тастыкталган адамдын оорусу, анын иш сапарында жүргөндүгү, табигый кырсыктар ж.б. болушу мүмкүн.

333-берене. Сотко даттануу берилгендигине байланыштуу токтомдун аткарылышын токтото туруу

1. Даттанууну берүү сот тарабынан даттануу каралганга чейин жаза чарасын берүү жөнүндө токтомдун аткарылышын токтото турат.

2. Бузуулар жөнүндө иш боюнча токтомго даттануу келип түшкөн күндөн тартып он төрт күндүк мөөнөттө сот тарабынан каралат.

3. Соттун кабыл алган чечими акыркы болуп саналат.

Караңыз Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун конституциялык палатасынын 2019-жылдын 11-сентябрындагы № 11-р чечими

 

334-берене. Бузуу жөнүндө иш боюнча токтомго даттанууну райондук (шаардык) соттун судьясы карап чыгышына даярдоо

Бузуу жөнүндө иш боюнча ыйгарым укуктуу органдын токтомуна даттанууда райондук (шаардык) сот ушул Кодекстин 44-главасында каралган эрежелерди колдонот.

335-берене. Бузуу жөнүндө иш боюнча ыйгарым укуктуу органдын токтомун кароо

Бузуу жөнүндө иш боюнча ыйгарым укуктуу органдын токтомуна даттанууну карап чыгып, райондук (шаардык) соттун судьясы төмөнкүдөй чечимдердин бирин кабыл алат:

1) бузуу жөнүндө иш боюнча токтомду - өзгөртүүсүз, ал эми даттанууну - канааттандыруусуз калтыруу тууралуу;

2) бузуу жөнүндө иш боюнча токтомду - жокко чыгаруу жана бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүштү - токтотуу тууралуу.

Даттанууларды кароонун натыйжалары боюнча чечим токтом түрүндө чыгарылат жана токтоосуз мыйзамдуу күчүнө кирет.

Бузуу жөнүндө иш боюнча токтомго даттануу боюнча токтомдун көчүрмөсү үч күндүн ичинде ага карата чыгарылган адамга жана жабырлануучуга жөнөтүлөт.

336-берене. Бузуу жөнүндө ишти токтотуудан улам токтомду жокко чыгаруунун кесепеттери

Бузуу жөнүндө ишти токтотуу менен токтомду жокко чыгаруу айып жана туум түрүндө алынган акча суммасын, алынып коюлган буюмдарды кайтарып алууга, ошондой эле мурда кабыл алынган токтомго байланыштуу башка чектөөлөрдү жокко чыгарууга алып келет. Буюмдарды кайтарууга мүмкүн болбогондо, бузуу жасалган учурдагы анын наркынын орду толтурулат.

Зарыл учурларда же ага карата токтом жокко чыгарылган адамдын өтүнүчү боюнча анын иштеген, окуган же жашаган жерине токтомдун жокко чыгарылгандыгы тууралуу билдирилет.

X БӨЛҮМ. ЖАЗА ЧАРАЛАРЫН АТКАРУУ ТАРТИБИ

47-глава. Жаза чарасын колдонуу жөнүндө токтомду аткаруу

337-берене. Жаза чарасын колдонуу жөнүндө токтомду милдеттүү түрдө аткаруу

1. Жаза чарасын колдонуу жөнүндө токтомду бардык жеке жана юридикалык жактар аткарууга милдеттүү.

2. Жаза чарасын колдонуу жөнүндө токтом ал мыйзамдуу күчүнө кирген учурдан тартып аткарылууга тийиш.

338-берене. Жаза чарасын колдонуу жөнүндө токтомдун аткарылышы

1. Жаза чарасын колдонуу жөнүндө токтомдун аткарылышы ыйгарым укуктуу органга жүктөлөт.

2. Жаза чарасын колдонуу жөнүндө токтом сотко даттанылган учурда, ушул токтомду күчүндө калтыруу тууралуу соттун чечими сот чечим кабыл алган күндөн баштап үч сутканын ичинде анын аткарылышы үчүн ыйгарым укуктуу органга жөнөтүлөт.

3. Жаза чарасын колдонуу жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын токтому сот тарабынан жокко чыгарылган жана бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүш токтотулган учурда, иштин материалдары архивдер тууралуу мыйзамдарга ылайык ыйгарым укуктуу органга сактоо үчүн кайтарылып берилет.

339-берене. Жаза чарасын колдонуу жөнүндө токтомду аткаруу тартиби

Жаза чарасын колдонуу жөнүндө токтом ушул Кодексте белгиленген тартипте аны аткарууга ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.

340-берене. Жаза чарасын колдонуу жөнүндө токтомду аткаруунун токтотулушу

Жаза чарасын колдонуу жөнүндө токтомду чыгарган ыйгарым укуктуу орган төмөндөгү учурларда токтомду аткарууну токтотот:

1) эгерде бузуу үчүн адам жоопкерчиликке тартылган ушул Кодекстин беренеси күчүн жоготсо;

2) бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылган адам каза болсо;

3) жаза колдонуу жөнүндө токтомду аткаруунун эскиришинин мөөнөтү аяктаса.

341-берене. Жаза чарасын колдонуу жөнүндө токтомду аткаруунун эскириши

1. Эгерде жаза чарасын колдонуу жөнүндө токтом мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып үч жылдын аралыгында аткарууга киргизилбесе, ал аткарылбайт.

2. Эгерде бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылган адам жаза колдонуу жөнүндө токтомду аткаруудан баш тартса, эскирүү мөөнөтүнүн жүрүшү токтотулат. Мындай учурда эскирүү мөөнөтүн эсептөө ошол адам табылган күндөн баштап кайра жүргүзүлөт.

48-глава. Жаза чаралары жана кошумча укуктук кесепеттер жөнүндө токтомду аткаруу тартиби

342-берене. Айып пул жөнүндө токтомду аткаруу мөөнөтү жана тартиби

1. Айып пул айып салынгандыгы жөнүндө токтом - тапшырылган күндөн баштап бир айдан кечиктирбестен, ал эми токтомго даттанылган учурда, ал даттануу канааттандырылбагандыгы тууралуу билдирүүнү алган күндөн баштап он беш күндөн кечиктирилбестен төлөнүүгө тийиш.

Бузуу болгон жерде айып төлөө өндүрүүдө айып пулду төлөө банк картасын пайдалануу менен терминал аркылуу жүргүзүлөт, ал эми төлөөнүн мындай түрүн пайдалануу мүмкүн болбогондо, бузуулары үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамга ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген формадагы айып квитанциясы берилет, ал так каржылык отчеттук документ болуп саналат жана эки нускада түзүлөт. Бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамга салынган жаза чарасы менен макул экендигин ыктыярдуу айып төлөө жана айып квитанциясынын биринчи нускасына кол коюу менен тастыктайт, мында анын экинчи нускасы ушул жаза чарасы колдонулган адамга берилет.

2. Айып пулду төлөө бузуу жасалгандан башка жерде төлөнгөн учурда, бузуу жасагандыгы үчүн салынган айып пул бузуучу тарабынан банк мекемелерине же почта байланышынын улуттук операторуна накталай же накталай эмес төлөм түрүндө төлөнөт.

3. Өндүрүп алынган айып пулдардын, анын ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан салынган айып пулдардын суммалары республикалык жана жергиликтүү бюджетке которулат.

4. 119 - 120-1-беренелерди, 121-берененин 4-бөлүгүн, 128 жана 130-135-беренелерди кошпогондо, 19-главанын беренелеринин санкцияларында көрсөтүлгөн бузуулар үчүн айып пул аны салуу жөнүндө токтом алынган учурдан тартып он беш календардык күндүн ичинде төлөнгөн учурда, айып пулдардын көлөмдөрү 50 пайызга азайтылат.

5. Ушул Кодекстин 312-беренесинин 1-бөлүгүнүн талаптарына ылайык аныкталган бузууларды жасагандыгы үчүн салынган айып пулдарды кошпогондо, ушул Кодекстин 19-главасында каралган жол кыймылынын коопсуздугу жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоо чөйрөсүндө бузууларды жасагандыгы үчүн өндүрүлгөн, республикалык бюджетке чегерилген айып пулдардын суммасынан 25 пайыз акча каражаты Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте ички иштер органдарынын жол кыймылынын коопсуздугу бөлүмдөрүн материалдык-техникалык жактан камсыз кылууну жакшыртууга жана алардын кызматкерлерин материалдык стимулдаштырууга жумшалат.

Ушул Кодекстин 312-беренесинин 1-бөлүгүндө белгиленген тартипте аныкталган бузууларды жасагандыгы үчүн өндүрүлгөн айып пулдардын суммасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте түзүлөт жана пайдаланылат.

(КР 2019-жылдын 21-февралындагы N 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

343-берене. Айып салуу жана туумдарды өндүрүп алуу жөнүндө токтомду мажбурлап аткартуу

1. Бузуу үчүн айып пул мыйзамдарда белгиленген мөөнөттө ыктыярдуу түрдө төлөнбөгөн учурда туум салуу башталат. Туум салуу ушул Кодекстин 29-беренесинде көрсөтүлгөн анын эң жогорку өлчөмүнө жеткенде токтотулат.

2. Айып пулду төлөө жана туум салуу мөөнөтү бүткөндөн кийин ыйгарым укуктуу орган өзүнүн айып пулду төлөө жана туум салуу жөнүндө токтомдорун, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте, мажбурлап аткартуу үчүн соттук аткаруучуга жөнөтөт,

344-берене. Айып пул салуу жөнүндө токтомду аткаруу боюнча өндүрүштүн аякташы

Айып пул салуу тууралуу токтом боюнча айып пул алуу жаза чарасы толук аткарылганда, анын аткарылгандыгы тууралуу белги коюу менен токтомду чыгарган ыйгарым укуктуу органга кайтарылат.

345-берене. Мүлктү алып коюуну аткаруу

1. Мүлктү алып коюу жана аны андан ары сактоо, аны андан ары багыттоо жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлөт.

2. Алынып коюлган мүлктү конфискациялоо жөнүндө маселени чечүү зарылчылыгы жаралганда, ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинде каралган тартипте райондук (шаардык) сотко кайрылат.

345-1-берене. Алкоголь, баңги зат, психотроптук жана башка маң кылуучу заттар менен мас болгон абалды аныктоону күбөлөндүрүү

1. Транспорт каражатын башкарган адамдын мас абалында экендигинин ачык белгилери болсо, анын мас абалын күбөлөндүрүү үчүн атайын техникалык каражаттар колдонулат. Бул адам атайын техникалык каражаттарды пайдалануу менен мас абалын күбөлөндүрүүдөн баш тартканда же болбосо мындай күбөлөндүрүүнүн жыйынтыгы менен макул болбогондо, ал медициналык күбөлөндүрүүгө жиберилет.

Күбөлөндүрүүгө жөнөтүүнүн тартиби жана күбөлөндүрүү жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

2. Мас абалын күбөлөндүрүү үчүн атайын техникалык каражаттарды колдонуу жөнүндө же медициналык күбөлөндүрүүгө жиберүү жөнүндө протокол түзүлөт, анын көчүрмөсү өзүнө карата ушундай чара көрүлүп жаткан адамга тапшырылат.

3. Мас абалын күбөлөндүрүү үчүн атайын техникалык каражаттарды колдонуу жөнүндө же медициналык күбөлөндүрүүгө жиберүү жөнүндө протоколдо төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

1) протоколдун түзүлгөн орду, датасы жана убактысы;

2) протоколду түзгөн адамдын кызмат орду, фамилиясы, аты-жөнү;

3) мас абалын күбөлөндүрүүгө негиздер;

4) транспорт каражатын башкарган адам жөнүндө маалыматтар;

5) транспорт каражатынын тиби, маркасы, модели, мамлекеттик каттоонун номердик белгиси жана идентификациялоонун башка белгилери жөнүндө маалыматтар.

4. Мас абалын күбөлөндүрүү үчүн атайын техникалык каражаттарды колдонуу жөнүндө же медициналык күбөлөндүрүүгө жиберүү жөнүндө протоколго аны түзгөн кызмат адамы, ошондой эле өзүнүн мас абалын күбөлөндүрүү үчүн атайын техникалык каражаттар колдонулган же медициналык күбөлөндүрүүгө жиберилген айдоочу кол коёт. Айдоочу протоколго кол коюудан баш тартканда бул тууралуу протоколго тиешелүү жазуу жазылат. Айдоочу протоколдун мазмуну боюнча түшүндүрмө берүүгө жана пикирин айтууга, ошондой эле ага кол коюудан баш тартуусунун себептерин көрсөтүүгө укугу бар. Мындай түшүндүрмөлөр жана пикирлер протоколго тиркелет. Протоколдун көчүрмөсү айдоочуга берилет.

5. Мас абалын медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө акт тиешелүү протоколго тиркелет.

(КР 2019-жылдын 21-февралындагы N 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

49-глава. Корутунду жобо

346-берене. Ушул Кодекстин күчүнө кириши

1. Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодекси 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө киргизилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодекси күчүнө киргизилген күндөн тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) 1998-жылдын 4-августундагы № 114 Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 2, 77-ст.);

2) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 27-ноябрындагы № 131 Мыйзамынын 2-статьясы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 4, 171-ст.)

3) "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 10-мартындагы № 33 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 3, 125-ст.);

4) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 20-мартындагы № 42 Мыйзамынын 2-статьясы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 5, 201-ст.);

5) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 22-июнундагы № 109 Мыйзамынын 4-статьясы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 8, 374-ст.);

6) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 17-февралындагы № 36 Мыйзамынын 1-статьясы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 4, 187-ст.);

7) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор киргизүү жөнүндө" Республикасынын 2003-жылдын 19-февралындагы № 42 Кыргыз Мыйзамынын 2-статьясы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж.,№ 4, 193-ст.);

8) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 11-июнундагы № 98 Мыйзамынын 3-статьясы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 9, 358-ст.);

9) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 11-июнундагы № 100 Мыйзамынын 1-статьясы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 9, 360-ст.);

10) "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 28-июнундагы № 121 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 10, 431-ст.);

11) "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 5-августундагы № 191 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Жарчысы, 2003-ж., № 12, 548-ст.);

12) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 5-августундагы № 192 Мыйзамынын 1-статьясы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 12, 549-ст.);

13) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 9-августундагы № 193 Мыйзамынын 2-статьясы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 12, 550-ст.);

14) "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине жана Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 14-ноябрындагы № 221 Мыйзамынын 3-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 2, 71-ст.);

15) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 15-февралындагы № 13 Мыйзамынын 2-статьясы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 5, 234-ст.);

16) "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 9-мартындагы № 18 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 7, 280-ст.);

17) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 11-мартындагы № 20 Мыйзамынын 2-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 7, 282-ст.);

18) "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 11-июнундагы № 71 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 10, 437-ст.);

19) "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 26-июлундагы № 98 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 11, 505-ст.);

20) "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 27-июлундагы № 100 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 11, 507-ст.);

21) "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 2-августундагы № 102 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 11, 509 ст.);

22) "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндөгү кодекске жана Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 23-декабрындагы № 194 Мыйзамынын 2-статьясы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 3, 181-ст.);

23) "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолор жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 25-февралындагы № 39 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 5, 314-ст.);

24) "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 5-мартындагы № 43 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 5, 318-ст.);

25) "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолор жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 18-июлундагы № 107 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 10, 753-ст.);

26) "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 18-июлуңдагы № 109 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 10, 755-ст.);

27) "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 5-августундагы № 121 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 11, 872-ст.);

28) "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине жана Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 5-августундагы № 122 Мыйзамынын 2-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 11, 873-ст.);

29) "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу" 2006-жылдын 27-январындагы № 16 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 1, 18-ст.);

30) "Жарнама жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык процесстик кодексине толуктоолор жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 6-февралындагы № 35 Мыйзамынын 2-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 2, 143-ст.);

31) "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 13-февралындагы № 52 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 2, 160-ст.);

32) "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 13-февралындагы № 53 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 2, 161-ст.);

33) "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 25-июлундагы № 127 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 7, 599 ст.);

34) "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 26-июлундагы № 130 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 7, 602-ст.);

35) "Жарнама жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 8-августундагы № 159 Мыйзамынын 3-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 2, 143-ст.);

36) "Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 21-августундагы № 174 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 10, 850-ст.);

37) "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 6-декабрындагы № 198 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 11, 966-ст.);

38) "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 28-декабрындагы № 212 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 2006-ж., № 11, 980-ст.);

39) "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 1-мартындагы № 29 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 3, 266 ст.);

40) "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолор жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 5-мартындагы № 31 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 3, 228-ст.);

41) "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 5-мартындагы № 32 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 3, 229 ст.);

42) "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 9-мартындагы № 33 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 3, 230-ст.);

43) "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 28-апрелиндеги № 65 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 4, 368-ст.);

44) "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө", "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө", "Мунапыс берүүнүн жана ырайым кылуунун жалпы принциптери жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын 3-статьясы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 6, 526-ст.);

45) "Администрациялык жоопкерчилик тууралу Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 31-июлундагы № 130 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 7-8-9, 699-ст.);

46) "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 9-ноябрындагы № 162 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 10, 781-ст.);

47) "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 24-апрелиндеги № 64 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 4, 346-ст.);

48) "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-апрелиндеги № 67 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 4, 349-ст.);

49) "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-апрелиндеги № 68 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 4, 350 ст.);

50) "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 2-июнундагы № 102 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6/2, 566-ст.);

51) "Мамлекеттик тилде баяндалган "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 2-июнундагы № 104 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6/2, 568-ст.);

52) "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 11-июнундагы № 115 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6/2, 579-ст.);

53) "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 23-июнундагы № 136 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6/2, 600-ст.);

54) "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 28-июлундагы № 179 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6/2, 643-ст.);

55) "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 4-августундагы № 185 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6/2, 649-ст.);

56) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 5-августундагы № 199 Мыйзамынын 2-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6/2, 663-ст.);

57) "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябрындагы № 214 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 906 ст.);

58) "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябрындагы № 231 Мыйзамынын 9-беренесинин 27-пункту (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 923-ст.);

59) "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 20-ноябрындагы № 239 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 9, 1012-ст.);

60) "Кыргыз Республикасынын кээ бир мыйзам чыгаруу актыларына ("Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекси) толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-декабрындагы № 264 Мыйзамынын 2-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 10, 1092-ст.);

61) "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 19-январындагы № 9 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 1, 9-ст.);

62) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине, Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине) өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 23-январындагы № 20 Мыйзамынын 2-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж. № 1, 20 ст.);

63) "Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 24-февралындагы № 65 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 2, 138-ст.);

64) "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 30-мартындагы № 117 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 3, 248-ст.);

65) "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 30-апрелиндеги № 140 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 4, 362 ст.);

66) "Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-июнундагы № 194 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 6, 568-ст.);

67) "Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 3-июлундагы № 202 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 2009-ж., № 7, 712-ст.);

68) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 17-июлундагы № 234 Мыйзамынын 4-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 744-ст.);

69) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 24-июлундагы № 250 Мыйзамынын 2-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 760-ст.);

70) "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 13-октябрындагы № 272 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 9, 859-ст.);

71) "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 17-декабрындагы № 308 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 11, 1022-ст.);

72) "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 25-декабрындагы № 315 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 11, 1029-ст.);

73) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 10-февралындагы № 27 Мыйзамынын 4-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2010-ж., № 2, 74-ст.);

74) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 25-февралындагы № 35 Мыйзамынын 3-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2010-ж., № 2, 82-ст.);

75) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 30-майындагы № 33 Мыйзамынын 2-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 5, 392-ст.);

76) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 22-июлундагы № 123 Мыйзамынын 2-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1026-ст.);

77) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 26-июлундагы № 141 Мыйзамынын 2-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1044-ст.);

78) "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 8-августундагы № 151 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1054-ст.);

79) "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 5-октябрындагы № 158 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 9, 1258-ст.);

80) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоону жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 18-октябрындагы № 177 Мыйзамынын 2-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 9, 1276-ст.);

81) "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 18-ноябрындагы № 217 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 10, 1058-ст.);

82) "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 12-декабрындагы № 233 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 11, 1673-ст.);

83) "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 16-декабрындагы № 239 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 11, 1679-ст.);

84) "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 16-декабрындагы № 240 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 11, 1680-ст.);

85) "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 21-декабрындагы № 245 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 11, 1685-ст.);

86) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 1-мартындагы № 10 Мыйзамынын 1-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 3, 2003-ст.);

87) "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 11-апрелиндеги № 30 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 4, 2111-ст.);

88) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 11-апрелиндеги № 31 Мыйзамынын 2-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 4, 2112-ст.);

89) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 8-майындагы № 48 Мыйзамынын 3-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 5, 2272-ст.);

90) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 12-июлундагы № 105 Мыйзамынын 6-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 7, 2716-ст.);

91) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 16-июлундагы № 111 Мыйзамынын 3-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 2012-ж., № 7, 2722-ст.);

92) "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 16-июлундагы № 115 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 7, 2726-ст.);

93) "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду киргизүү тууралуу" 2012-жылдын 25-июлундагы № 130 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 7, 2741-ст.);

94) "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 25-июлундагы № 136 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 7, 2747-ст.);

95) "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 25-июлундагы № 139 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 7, 2750-ст.);

96) "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 25-июлундагы № 142 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 7, 2753-ст.);

97) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 10-августундагы № 164 Мыйзамынын 3-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 7, 2775-ст.);

98) "Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 6-октябрындагы № 169 Мыйзамынын 3-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 7, 2861-ст.);

99) "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 29-октябрындагы № 177 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 7, 2869-ст.);

100) "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 8-ноябрындагы № 179 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 7, 2978-ст.);

101) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 16-ноябрындагы № 183 Мыйзамынын 2-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 10, 2982-ст.);

102) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 21-ноябрындагы № 186 Мыйзамынын 2-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 10, 2985-ст.);

103) "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жала толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 10-декабрындагы № 198 Мыйзамы ("Эркин Тоо" газетасы 2012-жыл 21-декабрь № 114);

104) "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 21-декабрындагы № 203 Мыйзамы ("Эркин Тоо" газетасы 2012-жыл 28-декабрь № 116);

105) "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 10-январындагы № 2 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 1, 2-ст.);

106) "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 13-февралындагы № 14 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 2, 113-ст.);

107) "Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 20-февралындагы № 26 Мыйзамынын 1-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 2, 125-ст.);

108) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 25-февралындагы № 35 Мыйзамынын 1-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 2, 134-ст.);

109) "Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 18-апрелиндеги № 53 Мыйзамынын 1-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 4, 343-ст.);

110) "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 18-апрелиндеги № 54 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 4, 344-ст.);

111) "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 18-апрелиндеги № 54 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 6, 635-ст.);

112) "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 9-июлундагы № 121 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 7, 907-ст.);

113) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 17-июлундагы № 148 Мыйзамынын 2-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 7, 934 ст.);

114) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 24-июлундагы № 159 Мыйзамынын 1-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 7, 945-ст.);

115) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-июлундагы № 171 Мыйзамынын 2-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 7, 957-ст.);

116) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 16-октябрындагы № 192 Мыйзамынын 4-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 9, 1027-ст.);

117) "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 13-январындагы № 9 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 1, 9-ст.);

118) "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 27-январындагы № 17 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 1, 17-ст.);

119) "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 3-февралындагы № 25 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 2, 86-ст.);

120) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 18-февралындагы № 31 Мыйзамынын 1-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 2, 92 ст.);

121) "Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 18-февралындагы № 33 Мыйзамынын 1-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 2, 94-ст.);

122) "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 13-мартындагы № 44 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 3, 170-ст.);

123) "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 11-апрелиндеги № 56 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 4, 259-ст.);

124) "Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 17-майындагы № 69 Мыйзамынын 1-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 5, 384-ст.);

125) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 17-майындагы № 70 Мыйзамынын 3-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 5, 385-ст.);

126) "Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 22-майындагы № 73 Мыйзамынын 2-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 5, 388-ст.);

127) "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 26-июнундагы № 96 Мыйзамынын 1-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 6, 493-ст.);

128) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 1-июлундагы № 108 Мыйзамынын 1-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 7, 684-ст.);

129) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 3-июлундагы № 110 Мыйзамынын 1-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 7, 686-ст.);

130) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 10-июлундагы № 127 Мыйзамынын 1-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 7, 703-ст.);

131) "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 12-июлундагы № 130 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 7, 706-ст.);

132) "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 14-июлундагы № 132 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 7, 708-ст.);

133) "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 18-июлундагы № 140 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 7, 716-ст.);

134) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 25-октябрындагы № 148 Мыйзамынын 1-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 9, 781-ст.);

135) "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 20-ноябрындагы № 157 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 10, 878-ст.);

136) "Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 29-декабрындагы № 170 Мыйзамынын 1-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 11, 992-ст.);

137) "Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 12-январындагы № 1 Мыйзамынын 2-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 1, 1-ст.);

138) "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 28-январындагы № 28 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 1, 28-ст.);

139) "Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 16-февралындагы № 33 Мыйзамынын 3-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 2, 120-ст.);

140) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 17-февралындагы № 35 Мыйзамынын 2-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 2, 122-ст.);

141) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 10-мартындагы № 52 Мыйзамынын 2-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 3, 242-ст.);

142) "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 12-мартындагы № 56 Мыйзамы  (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 3, 246-ст.);

143) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 19-мартындагы № 59 Мыйзамынын 1-беренеси ("Эркин Тоо" газетасы 24-март, 2015-ж., № 24);

144) "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 14-апрелиндеги № 80 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 4, 355-ст.);

145) "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 20-апрелиндеги № 86 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 4, 361-ст.);

146) "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 28-апрелиндеги № 90 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 4, 365-ст.);

147) "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 14-майындагы № 95 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 5, 551-ст.);

148) "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 19-майындагы № 105 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 5, 521-ст.);

149) "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 13-июлундагы № 152 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 7, 987-ст.);

150) "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 14-июлундагы № 154 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 7, 989-ст.);

151) "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 14-июлундагы № 160 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 7, 995-ст.);

152) "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 21-июлундагы № 182 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 7, 1017-ст.);

153) "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 21-июлундагы № 186 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 7, 1021-ст.);

154) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 28-июлундагы № 198 Мыйзамынын 2-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 7, 1033-ст.);

155) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 28-июлуңдагы № 200 Мыйзамынын 1-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 7, 1035 ст.);

156) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 30-июлундагы № 207 Мыйзамынын 2-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 7, 1042-ст.);

157) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 3-августундагы № 211 Мыйзамынын 4-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 7, 1046-ст.);

158) "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 22-мартындагы № 26 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 3, 178-ст.);

159) "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 30-мартындагы № 30 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 3, 182-ст.);

160) "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 8-апрелиндеги № 39 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 4, 290 ст.);

161) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майындагы № 62 Мыйзамынын 2-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 5, 401-ст.);

162) "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 19-майындагы № 65 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 5, 404-ст.);

163) "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 22-июнундагы № 86 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 6, 535-ст.);

164) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 15-июлундагы № 117 Мыйзамынын 3-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 7, 835-ст.);

165) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 26-июлундагы № 140 Мыйзамынын 2-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 7, 858-ст.);

166) "Терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 2-августундагы № 162 Мыйзамынын 1-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 7, 880-ст.);

167) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине жана Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 12-августундагы № 166 Мыйзамынын 3-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 7, 884-ст.);

168) "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 17-октябрындагы № 168 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 9, 945-ст.);

169) "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 17-ноябрындагы № 180 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 10, 1042-ст.);

170) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, "Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 203 Мыйзамынын 1-беренеси ("Эркин Тоо" газетасы 27-декабрь, 2016-ж., № 116);

171) "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 28-декабрындагы № 221 Мыйзамы ("Эркин Тоо" газетасы 6-январь, 2017-ж., № 1);

172) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын "Жарнак жөнүндө" Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 29-декабрындагы № 227 Мыйзамынын 1-беренеси ("Эркин Тоо" газетасы 13-январь, 2017-ж., № 3 );

173) "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамы ("Эркин Тоо" газетасы 20-январь, 2017-ж., № 5).

3. Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодекси күчүнө киргенге чейин жасалган административдик укук бузуулар тууралуу иштер же материалдар соттор жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине ылайык каралат.

Мында, эгерде Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинде жазаны четтетүү же жеңилдетүү каралса, анда соттордун өндүрүшүндө турган 2019-жылдын 1-январына чейин жасалган административдик укук бузуулар жөнүндө иштер Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык аларды кароо үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга кайтарылууга жатат.

Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодекси күчүнө киргенге чейин маңызы боюнча карала элек, райондор аралык соттордун өндүрүшүндө турган административдик укук бузуулар тууралуу иштер алардын ведомстволорго таандуулугуна ылайык Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин алкагында райондук сотторго кароо үчүн өткөрүп берилет.

Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодекси күчүнө киргенге чейин райондор аралык соттор тарабынан чыгарылган административдик укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча сот актылары 1999-жылдын 29-декабрындагы редакциясындагы Кыргыз Республикасынын Жарандык-процесстик кодексинде (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 3, 58-ст.) белгиленген эрежелер боюнча апелляциялык жана кассациялык тартипте каралууга жатат.

(КР 2019-жылдын 15-февралындагы N 25 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

А.Ш. Атамбаев