Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\a0661c4f-bcfa-4046-a34a-20af536022eb\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2017-жылдын 6-майы № 76

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасында эң төмөнкү эмгек акы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

2017-жылдын 30-мартында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

1-берене.

"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 8, 392-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 7-статьянын 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4. Пенсионерлердин кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу максатында пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүнө индексация жүргүзүлөт. Орточо эмгек акынын чоңдугунун жана индексациянын алдындагы календарлык жылы калыптанган керектөө бааларынын индексинин өсүшү пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоо шарты болуп саналат.

Пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоонун коэффициенти керектөө бааларынын индексинин суммасынын жана мурдагы календардык жылы калыптанган орточо айлык эмгек акынын өсүшүнүн орточо маанисинен кем эмес чоңдугун түзөт. Мында индексациянын өлчөмү өткөн календардык жыл үчүн пенсионердин жашоо минимумунун чоңдугунун өсүшүнүн кем эмесин түзөт.

Пенсияларды индексациялоо Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинде каралган каражаттардын чектеринде жыл сайын жүргүзүлөт. Пенсияларды индексациялоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.";

2) 17-статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:

"4. I топтогу майыптын пенсиясынын жалпы өлчөмү өткөн календардык жылы иш жүзүндө калыптанган пенсионердин жашоо минимумунун чоңдугунан төмөн эмес белгиленет.";

3) 22-статьянын 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"5. Жеке камсыздандыруу эсебинин шарттуу бөлүгүндө эсепке алынган бардык төлөнгөн мезгил үчүн топтолгон төгүмдөрдүн суммасы өткөн календардык жылы иш жүзүндө калыптанган керектөө бааларынын индексинин чоңдугуна жараша жыл сайын индексацияланат.";

4) 23-статьянын 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Пенсияны эсептөө үчүн иш жүзүндөгү орточо айлык эмгек акы болбогон же белгиленген эң аз эмгек акынын өлчөмүнөн төмөн болгон учурларда, эсептөө үчүн эмгек акынын белгиленген эң аз өлчөмү камсыздандыруу стажына жараша пайыздарда алынат: 15 жылга чейин - 200 пайыз, 15 жылдан 20 жылга чейин - 250 пайыз, 20 жыл жана андан жогору - 300 пайыз.";

5) 261-статья төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:

"5. Пенсионердин арызы боюнча пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн (ЖЭ1) эсептөө үчүн эмгек акынын башка өлчөмүнөн пенсияны кайра эсептөө пенсия дайындалган күндөн тартып үч жылдын ичинде бир жолу жүргүзүлөт, мында мурда жүргүзүлгөн кайра эсептөөлөр сакталат.".

2-берене.

"Кыргыз Республикасында эң төмөнкү эмгек акы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж, № 8, 92-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

3-берене "өлчөмү" деген сөздөн кийин ", мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык пенсияларды эсептөө үчүн орточо бир айлык эмгек акынын өлчөмүн аныктоону кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын.

3-берене.

Ушул Мыйзам 2016-жылдын 1-октябрынан тартып күчүнө кире турган ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 2-пунктун кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 12-майында № 57-58 (2782-2783) жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

А.Ш. Атамбаев