Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\a0661c4f-bcfa-4046-a34a-20af536022eb\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2017-жылдын 6-майы № 77

"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

2017-жылдын 30-мартында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

1-берене.

"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 8, 392-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

7-статьяда:

а) 2-пунктунда:

- экинчи сүйлөмүндө "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан мыйзам менен пенсиялык камсыздандыруу иши бардык түрлөрү үчүн бирдей өлчөмдө" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү сүйлөм менен толукталсын: "Пенсиянын базалык бөлүгү пенсиясынын камсыздандыруу бөлүгү пенсия дайындалган датага карата пенсионердин үч жашоо минимумунун чоңдугунан (өткөн календардык жылда иш жүзүндө түзүлгөн) ашпаган адамдарга дайындалат жана төлөнөт.";

б) 4-пунктунда:

- биринчи сүйлөмү "пенсиянын" деген сөздөн кийин "базалык жана" деген сөздөр менен толукталсын;

- пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи жана үчүнчү сүйлөмдөр менен толукталсын: "Индексациялоодон мурдагы өткөн календардык жылда республика боюнча орточо эмгек акынын чоңдугунун көлөмүнүн көбөйүшү пенсиянын базалык бөлүгүнө индексациялоо жүргүзүү үчүн шарт болуп саналат. Эгерде пенсиянын жаппы өлчөмү пенсионердин жашоо минимумунун чоңдугунан (өткөн календардык жылда иш жүзүндө түзүлгөн) төмөн болсо, пенсиянын базалык бөлүгү индексацияланат.".

2-берене.

Ушул Мыйзам 2017-жылдын 1-октябрынан тартып күчүнө кирет.

"2011-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын базалык бөлүгүнүн өлчөмүн белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 27-сентябрындагы № 156 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 8, 1096-ст.) күчүн жоготту деп таанылсын.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бир айлык мөөнөттө ушул Мыйзамды ишке ашыруу үчүн тиешелүү ченемдик укуктук актыларды кабыл алсын.

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

А.Ш. Атамбаев