Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\7e06e9e0-87d5-4e01-b0db-272feb251bf6\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2017-жылдын 10-майы № 79

Лотереялык ишти жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(КР 2018-жылдын 26-майындагы N 55, 2018-жылдын 6-августундагы N 87 , 2019-жылдын 6-ноябрындагы N 124 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

2017-жылдын 30-мартында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

тарабынан кабыл алынган

 

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин II бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 6, 226-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

992-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"992-статья. Мамлекет тарабынан лотереяларды өткөрүү

1. Мамлекет, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан лотереяларды өткөрүүгө уруксат (лицензия) алган жактар менен лотереялардын катышуучуларынын ортосундагы мамилелер лотереяны уюштуруучулардын жана анын катышуучуларынын ортосундагы келишим менен жөнгө салынат. Мындай келишим лотереялык билетти, квитанцияны же башка документти берүү менен жол-жоболоштурулат жана катышуучу лотереялык билеттин наркын төлөгөн учурдан тартып түзүлдү деп таанылат.

2. Ушул статьянын 1-пунктунда каралган келишимди түзүү жөнүндө сунуш лотереяны өткөрүүнүн мөөнөтү, утушту жана анын өлчөмүн аныктоонун тартиби жөнүндө шарттарды камтууга тийиш.

3. Лотерея өткөрүүнүн шартына ылайык утту деп таанылган жактарга лотереяны уюштуруучу тарабынан лотереяны өткөрүүнүн шарттарында каралган өлчөмдө, формада (акчалай же натуралай) жана мөөнөттө, ал эми эгерде бул шарттарда мөөнөт көрсөтүлбөгөн болсо - лотереянын натыйжалары аныкталган учурдан тартып он күндөн кечиктирбестен төлөнүп берилүүгө тийиш.

4. Лотереянын уюштуруучусу ушул статьянын 3-пунктунда көрсөтүлгөн милдеттенмени аткарбаган учурда, лотереяда утушка ээ болгон катышуучу лотереяны уюштуруучудан утушту төлөп берүүнү, ошондой эле уюштуруучу тарабынан келишимди бузуу менен келтирилген чыгымдын ордун толтуртууну талап кылууга укуктуу.".

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору 1998-ж., № 7, 229-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

2591-статьяда:

1) статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"259-1-статья. Оюн-зоок жайын уюштуруу жана (же) кармоо, ошондой эле оюн-зоок же лотерея жабдууларын пайдалануу менен кумар оюндарын жана лотереяларды өткөрүү";

2) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Лотерея, кумар оюндарын оюн-зоок жабдууларын пайдалануу, же болбосо маалыматтык-телекоммуникациялык тармактарды, анын ичинде Интернет тармагын пайдалануу менен уюштуруу, өткөрүү, -

эсептик көрсөткүчтүн он миң өлчөмүндөгү айып менен же бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу менен жазаланат.";

3) статья төмөнкүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын:

"Эскертүү. Ушул статьянын колдонулушу мамлекеттик, кесиптик жана кызыктыруучу лотереялардын ишине жайылтылбайт.".

3-берене.

(КР 2018-жылдын 6-августундагы N 87 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

4-берене.

"Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 9, 990-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 15-берененин 30-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"30) кесиптик лотереяны уюштуруу боюнча иш;";

2) 17-берене төмөнкүдөй мазмундагы 37-пункт менен толукталсын:

"37) мамлекеттик же кызыктыруучу лотереяны өткөрүү.".

5-берене.

(КР 2018-жылдын 26-майындагы N 55 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

6-берене.

"Китепкана иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 3, 97-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

25-статьянын 1-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмүндө "лотереяларды," деген сөз алып салынсын.

7-берене.

(КР 2019-жылдын 6-ноябрындагы N 124 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

8-берене.

"Меценаттык жана кайрымдуулук иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 2, 110-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

8-статьянын 1-бөлүгүнүн алтынчы абзацында "лотереяларды жана" деген сөздөр алып салынсын.

9-берене.

"Туризм жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 8, 395-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

9-статьянын бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.

10-берене.

"Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 5, 464-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 3-статьянын 2-бөлүгүнүн төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

2) 8-статьянын 4-бөлүгүнүн жетинчи абзацында ", лотереяларды" деген сөз алып салынсын.

11-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып отуз күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

А.Ш. Атамбаев