Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\a0661c4f-bcfa-4046-a34a-20af536022eb\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2017-жылдын 12-майы № 80

"Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

2017-жылдын 20-апрелинде

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

1-берене.

"Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 11, 537-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 271-статья төмөнкүдөй мазмундагы 11 жана 12-пункттар менен толукталсын:

"11. Банкроттук жол-жобону жүргүзүүнүн жүрүшүндө кредитор администратордун чечимине даттануу менен сотко кайрылууга же Кыргыз Республикасынын Жарандык-процесстик кодексине ылайык соттун чечимине даттанууга укуктуу.

12. Администратордун чечимине даттануу, эгерде буга чейин ушул даттануу администраторго жиберилсе, сот тарабынан каралат.";

2) 278-статьянын 2-пунктунун 71-пунктчасында "Ушул Мыйзамдын 125-статьясында белгиленген талаптарга жана тартипке ылайык" деген сөздөр алып салынсын;

3) 67-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Карыз тарапты банкрот деп таануу жөнүндө арыз берилгенден мурдагы карыз тараптын банкроттук процессинин башталышына чейинки бир жыл ичинде карыз тараптын түзгөн бүтүмү атайын администратордун арызы боюнча жараксыз деп таанылышы мүмкүн, эгерде:

1) көрсөтүлгөн бүтүмдү аткаруу карыз тарапты төлөөгө жөндөмсүздүккө алып келсе;

2) бүтүмдүн баасы бүтүмдү аткаруу учурунда анын рыноктук баасына караганда кыйла көп же аз болсо жана бүтүмдүн кесепети финансылык жоготууларга алып келсе.";

4) 4-глава төмөнкүдөй мазмундагы 671-статья менен толукталсын:

"671-статья. Келишимдердин укуктук режими

1. Администратор банкроттук процесси башталганга чейинки карыз тарап менен түзүлгөн, эки тарап тең толук же жарым-жартылай аткарышпаган келишимдерди аткаруудан төмөнкү жагдайлардын бири болгондо баш тартат:

1) келишим аффилирленген жак менен түзүлсө;

2) келишим мурда түзүлгөн ушундай келишимдерге салыштырмалуу карыз тарап үчүн оор шарттарды камтыса;

3) келишим узак мөөнөттүү болуп саналса (бир жылдан ашык) же болбосо карыз тарап үчүн натыйжаларды алуу узак мөөнөттүү келечекке эсептелген болсо;

4) карыз тараптын келишимди аткаруусу кредиторлор үчүн жагымсыз кесепеттерге алып келсе.

2. Администратор тарабынан аны аткаруудан баш тартуу тууралуу чечими кабыл алынган келишимдин тарабы администратор чечим кабыл алган күндөн тартып отуз күндүк мөөнөттүн ичинде банкроттук жөнүндө иш боюнча өндүрүштүк жол-жободо келишимди аткаруудан баш тартуудан келип чыккан чыгымдардын ордун толтурууну талап кылууга тийиш.";

5) 70-статья төмөнкүдөй мазмундагы 62-пункт менен толукталсын:

"62) банкроттук жол-жобосун жүзөгө ашыруунун жүрүшү жана карыз тараптын финансылык абалы жөнүндө кредиторго анын жазуу жүзүндөгү суроо-талабынын негизинде суроо-талап келип түшкөн күндөн тартып он жумушчу күндөн кеч эмес мөөнөттө билдирүүгө;";

6) 104-статьянын 3-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 91-пунктча менен толукталсын:

"91) реабилитация жол-жобосунун жүрүшүндө карыз тараптын учурдагы чыгашаларын финансылоо үчүн кредит алуу;";

7) 9-глава төмөнкүдөй мазмундагы 1041-статья менен толукталсын:

"1041-статья. Кредиттерди алуу

1. Реабилитация жол-жобосунун жүрүшүндө тышкы башкаруучу чарба ишин жана карыз тараптын реабилитация планын жүзөгө ашыруу үчүн кредиторлордун чогулушунун макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте күрөө менен камсыздалбаган кредит ала алат. Ушул кредиттер соттун жактыруусун талап кылбайт жана банкроттук процессинин сарптоолоруна кирет.

2. Эгерде тышкы башкаруучу күрөө менен камсыздалбаган кредитти алалбагандай абалда болсо, сот кредиторлордун чогулушунун макулдугу менен тышкы башкаруучуга карыз тараптын күрөө болуп саналбаган мүлкү менен камсыздалган кредитти алууга уруксат берет. Ушул кредиттер ушул Мыйзамдын 87-статьясына ылайык канааттандырылат.

3. Кредиторлордун чогулушунун тышкы башкаруучунун кредит алуусуна макулдугу болбогондо, сот тышкы башкаруучудан кайрылуу алган күндөн тартып он күндүн ичинде ушул маселе боюнча угуу дайындайт.".

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 26-майында № 64 (2789) жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин

 

Кыргыз Республикасынын

        Президенти

 

А.Ш. Атамбаев