КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УКУКТУК МААЛЫМАТТАРДЫН БОРБОРЛОШТУРУЛГАН БАНКЫ | |
Документ | Маалым дарек | Шилтеме документтер |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 1-июну № 95
Жерди пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2017-жылдын 26-апрелинде |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 9, 440-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статьяда:
а) 23-1-пунктунда "жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын" деген сөздөр алып салынсын;
б) статья төмөнкүдөй мазмундагы 34-пункт менен толукталсын:
"34) баалуулугу төмөн айыл чарба жерлери - өзгөчө баалуу айыл чарба жерлерин кошпогондо, айыл чарба жерлери.";
2) 12-статьянын 3-пункту "Жер участогун" деген сөздөрдөн мурда ", Жер казынасын пайдалануучуга пайдалуу кендерди иштетүү жана инфратүзүм объекттерин куруу үчүн жер участокторун берүү учурларын кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын;
3) 14-статья төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Областтык маанидеги шаарлардын мэриялары айыл чарба жерлерин жана токой, суу фонддорунун жер участокторун жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын, өнөр жай, транспорт, байланыш жана башка багыттагы жерлерди чечим түрүндө жерлердин башка категорияларына которууга макулдук берет жана аны белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизет.";
4) 15-статья:
а) статья төмөнкүдөй мазмундагы 9-пункт менен толукталсын:
"9) айыл чарба жерлерин жана токой, суу фонддорунун жер участокторун жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын, өнөр жай, транспорт, байланыш жана башка багыттагы жерлерди чечим түрүндө жерлердин башка категорияларына которууга макулдук берүү жана аны белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизүү;";
б) 9-пунктунда "9" деген цифра "10" деген цифраларга алмаштырылсын;
5) 16-статья төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Бишкек шаарынын жана Ош шаарынын мэриялары айыл чарба жерлерин жана токой, суу фонддорунун жер участокторун жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын, өнөр жай, транспорт, байланыш жана башка багыттагы жерлерди чечим түрүндө жерлердин башка категорияларына которууга макулдук берет жана аны белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизет.";
6) 20-статьяда:
а) 12-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12) айыл чарба жерлерин (айдоо аянттарын, көп жылдык бак-дарактар ээлеген жерлерди, көптөн бери пайдаланылбаган жерлерди, чабындыларды, жайыттарды, запастагы жерлерди) жерлердин түрлөрүнө же башка категориядагы жерлерге которуу;";
б) статья төмөнкүдөй мазмундагы 16-21-пункттар менен толукталсын:
"16) токой фондунун жерлерин башка категориядагы жерлерге которуу;
17) суу фондунун жерлерин башка категориядагы жерлерге которуу;
18) өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлерин башка категориядагы жерлерге которуу;
19) айыл чарбасынын жана токой чарбасынын жоготууларынын ордун толтуруудан келип түшкөн каражаттарды пайдалануунун тартибин бекитүү;
20) коргоо жана транспорт, өнөр жай, байланыш жана башка багыттагы жерлерди башка жерлердин түрлөрүнө же башка жерлердин категориясына которуу;
21) жерлерди которуунун тартибин аныктоо.";
7) 27-статьянын 2-пунктунда "токой фондусунун" деген сөздөр "мамлекеттик токой фондунун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
8) 28-статьяда:
а) 2-пункт "укугунун мөөнөтүнө" деген сөздөрдөн кийин "андан ары милдеттүү рекультивациялоо менен" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Жер казынасын пайдалануучуга пайдалуу кендерди иштетүү жана инфратүзүм объекттерин куруу үчүн берилген жер участоктору, өзгөчө айыл чарба жерлерин жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген тартипте жерлердин башка категориясына которулбастан (трансформацияланбастан) берилет.
Айыл чарбасынын жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун наркынын суммасын төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте, укугун ырастоочу документтерди бергенге чейин жер казынасын пайдалануучу тарабынан жүргүзүлөт.
Лицензиянын мөөнөтү аяктагандан кийин жер казынасын пайдалануучу жер казынасы жөнүндө мыйзамдарга ылайык жер участогун рекультивациялоону жүргүзөт.";
9) 281-статьянын 1-пунктунда ", кен чыккан жерлерди иштетүү укугун кошпогондо" деген сөздөр алып салынсын;
10) 38-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Жер участогу укугуна ипотека боюнча мамилелер ушул Кодексте белгиленген өзгөчөлүктөрү бар мыйзамдар менен жөнгө салынат.";
11) 66-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 8-пунктча менен толукталсын:
"8) мамлекеттик же муниципалдык менчиктин жерлеринен берилген жер участогуна ижара төлөмдөрүн алты айдын, же келишимде белгиленген мөөнөттүн ичинде төлөбөсө.";
12) 67-статьянын 2-пунктунда "администрациялык жаза колдонулгандан жана" деген сөздөр алып салынсын;
13) 83-статьянын 2-пунктунда "Коргоо министрлигинин" деген сөздөр "коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
14) 93-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Запастагы жерлерди түзүүнүн жана пайдалануунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.";
15) 94-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"94-статья. Запастагы жерлерди берүү
Ыйгарым укуктуу органдардын ээлигинде турган запастагы жерлер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте айыл чарба жана башка максаттар үчүн пайдаланууга берилет.".
Кыргыз Республикасынын Токой кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 12, 534-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
48-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"- пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү (жер казынасын геологиялык изилдөө, пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү) максатында жумуштарды аткаруу;".
"Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 7, 931-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 7-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7-берене. Жерлерди которуу боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациянын, республикалык жана областтык маанидеги шаарлардын мэрияларынын компетенциясы
Райондун мамлекеттик администрациясы жер участогу жайгашкан өз алдынча башкаруу органдарынын, республикалык же областтык маанидеги мэриялардын макулдугу менен:
1) баалуулугу кыйла төмөн айыл чарба жерлерин чарба жерлеринин кыйла баалуу түрлөрүнө же баалуулугу теңдеш айыл чарба жерлерин - бир түрдөн башка түргө которот;
2) калктуу конуштардын жерлерин жерлердин башка категорияларына которот;
3) айыл чарба жерлерин жана токой, суу фонддорунун жер участокторун жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын, запас жерлерди, өнөр жай, транспорт, байланыш жана башка багыттагы жерлерди чечим түрүндө жерлердин башка категорияларына которууга макулдук берет жана аны белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизет.";
2) 11-берененин 3-бөлүгүндө "жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан" деген сөздөр "белгиленген тартипте" деген сөздөргө алмаштырылсын.
(КР 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
5-берене.
"Борбордун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 11, 1237-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
а) берене төмөнкүдөй мазмундагы 21-пункт менен толукталсын:
"21) айыл чарба жерлерин жана токой, суу фонддорунун жер участокторун жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын, өнөр жай, транспорт, байланыш жана башка багыттагы жерлерди чечим түрүндө жерлердин башка категорияларына которууга макулдук берүү жана аны белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизүү;";
б) 21-пунктунда "21" деген цифралар "22" деген цифраларга алмаштырылсын.
"Ош шаарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 11, 1238-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
а) 20-берене төмөнкүдөй мазмундагы 19-пункт менен толукталсын:
"19) айыл чарба жерлерин жана токой, суу фонддорунун жер участокторун жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын, өнөр жай, транспорт, байланыш жана башка багыттагы жерлерди чечим түрүндө жерлердин башка категорияларына которууга макулдук берүү жана аны белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизүү;";
б) 19-пунктунда "19" деген цифралар "20" деген цифраларга алмаштырылсын.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 13-июнунда № 71 (2796) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |