Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\a0661c4f-bcfa-4046-a34a-20af536022eb\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2017-жылдын 14-июну № 102

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

2017-жылдын 4-майында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 7, 229-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 69-статьясында:

а) 3-бөлүгүнүн 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3) өзгөчө оор кылмыш жасаганы үчүн дайындалган жаза мөөнөтүнүн кеминде төрттөн үчүн;";

б) статья төмөнкүдөй мазмундагы 31-бөлүк менен толукталсын:

"(31) Мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотуу төмөнкү соттолгонго карата колдонулат:

1) эгерде мындай көз карандылык болсо, баңги жана (же) ууландыруучу заттарга көз карандылыктан, же болбосо кургак учук менен ооруса кургак учуктан дарылануу курсунан өткөндөргө;

2) кылмыш менен келтирилген материалдык зыяндын ордун толук толтургандан кийин.";

в) 7-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:

"4) соттолгон жаңы кылмыш жасаса жана сот мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотууну жокко чыгаруу жөнүндө чечим чыгарса, кайрадан мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотуу колдонулбайт.";

г) статья төмөнкүдөй мазмундагы 10-бөлүк менен толукталсын:

"(10) Эркиндигинен өмүр бою ажыратуу жазасын өтөп жаткан мезгилде жаңы кылмыш жасаган соттолгондор мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотууга сунуш кылынбайт.".

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 3, 156-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 50-статьяда:

а) мамлекеттик тилдеги 2-бөлүгүндө:

бөлүк "үчүн" деген сөздөн кийин "төмөнкүлөргө которулушу мүмкүн" деген сөздөр менен толукталсын;

4-пунктунда "которулушу мүмкүн" деген сөздөр алып салынсын;

б) 3-бөлүгүндө:

мамлекеттик тилдеги бөлүгү "Төмөндөгүлөр" деген сөздөн кийин "жатак-абакка которулбайт" деген сөздөр менен толукталсын;

в) мамлекеттик тилдеги 2-пунктунда "жатак-абакка которулбайт" деген сөздөр алып салынсын;

бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 7 жана 8-пункттар менен толукталсын:

"7) эркиндигинен ажыратуу жайларында соттолгон уюшкан криминалдык топтордун мүчөлөрү, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун, кылмыштуу коомдоштуктун (кылмыштуу уюмдун), куралданган топтун (банданын) курамында кылмыш жасаганы үчүн соттолгондор;

8) эркиндигинен ажыратуу жайларынан же камактан качканы үчүн мурда соттолгондор.";

2) 85-статьянын 5-бөлүгүндө "козголушу мүмкүн" деген сөздөр "козголот" деген сөзгө алмаштырылсын;

3) 145-статьянын 11-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"(11) Эгерде алар эркиндигинен ажыратуу жайларына мыйзамдарда каралган учурларда жөнөтүлсө, жазадан шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулган адамдар кайрадан шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотууга сунуш кылынбайт.

Жазаны жазанын кыйла жеңил түрүнө алмаштырууну алып салуу жөнүндө токтом чыккан күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин адамдар кайрадан жазаны жазанын кыйла жеңил түрүнө алмаштырууга сунуш кылынышы мүмкүн.".

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 23-июнунда № 75 (2800) жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын

        Президенти

 

А.Ш. Атамбаев