Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\a0661c4f-bcfa-4046-a34a-20af536022eb\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2017-жылдын 29-июну № 113

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

2017-жылдын 31-майында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 3001-статья менен толукталсын:

"3001-статья. Мурда колдонулган тиешелүү белгилерди (белги салууларды) жасалмалоо, кайрадан пайдалануу же Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына алып келүү, тиешелүү белгилер (белги салуулар) менен маркалоого жаткан товарларды тиешелүү белгилерди (белги салууларды) коюусуз сактоо жана сатуу

Мурда колдонулган тиешелүү белгилерди (белги салууларды) жасалмалоо, кайрадан пайдалануу, ага тете тиешелүү белгилер (белги салуулар) менен маркалоого жаткан товарларды тиешелүү белгилерди (белги салууларды) коюусуз сактоо жана сатуу -

тиешелүү белгилер (белги салуулар) менен маркалоого жаткан тиешелүү белгилердин (белги салуулардын) жана (же) товарлардын санына жараша төмөнкүдөй администрациялык айып салууга алып келет:

тиешелүү белгилер (белги салуулар) менен маркалоого жаткан жүзгө чейинки тиешелүү белгилерге (белги салууларга) жана (же) товарларга жарандарга - элүү, юридикалык жактарга - бир жарым миң эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө;

тиешелүү белгилер (белги салуулар) менен маркалоого жаткан жүз жана андан көп тиешелүү белгилерге (белги салууларга) жана (же) товарларга жарандарга - жүз, юридикалык жактарга - үч миң эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө.

Тиешелүү белгилер (белги салуулар) менен маркалоого жаткан товарларды Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына тиешелүү белгилерди (белги салууларды) коюусуз алып келүү, -

тиешелүү белгилер (белги салуулар) менен маркалоого жаткан тиешелүү белгилердин (белги салуулардын) жана (же) товарлардын санына жараша төмөнкүдөй администрациялык айып салууга алып келет:

тиешелүү белгилер (белги салуулар) менен маркалоого жаткан жүзгө чейинки тиешелүү белгилерге (белги салууларга) жана (же) товарларга жарандарга - элүү, юридикалык жактарга - бир жарым миң эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө;

тиешелүү белгилер (белги салуулар) менен маркалоого жаткан жүз жана андан көп тиешелүү белгилерге (белги салууларга) жана (же) товарларга жарандарга - жүз, юридикалык жактарга - үч миң эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө.";

2) 508-статьянын 1-бөлүгү "300," деген цифралардан кийин "3001," деген цифралар менен толукталсын;

3) 535-статьянын 1-бөлүгү "300," деген цифралардан кийин "3001," деген цифралар менен толукталсын;

4) 545-статьянын 1-бөлүгү "2291-статьяда" деген сөздөн кийин "жана 3001-статьянын 2-бөлүгүндө," деген сөздөр менен толукталсын;

5) 5561-статьянын 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда:

а) он бешинчи абзацы "289-статьянын экинчи бөлүгү," деген сөздөрдөн кийин "3001-статьянын 2-бөлүгү," деген сөздөр менен толукталсын;

6) жыйырма үчүнчү абзацы "300," деген цифралардан кийин "3001," деген цифралар менен толукталсын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

108-берененин 1-бөлүгүнүн 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"5) маркалоого жаткан товарлардын акциздик жыйымдын маркалары жана тиешелүү белгилер (белги салуулар) менен белгиленишин жана алардын аныктыгын.".

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып отуз күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

        Президенти

 

А.Ш. Атамбаев