Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\a0661c4f-bcfa-4046-a34a-20af536022eb\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ

2017-жылдын 20-июлу № 136

 

"Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

2017-жылдын 22-июнунда

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

 

1-берене.

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 6, 532-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 32-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Тараптар өз ишин жеке же өздөрүнүн өкүлдөрү аркылуу алып барышы мүмкүн. Тараптардын ар бири үчтөн ашык эмес өкүлгө ээ болушу мүмкүн.

Өкүлдөрдүн ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде каралган тартипте жол-жоболоштурулат.";

2) 45-берененин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Конституциялык палатанын, жыйналыштын катышуучуларынын беделин коргоо жана конституциялык сот өндүрүшүн жүргүзүүнүн талаптагыдай тартибин камсыз кылуу максатында Конституциялык палата тарабынан адамдарды сот жыйналышынын залынан чыгарып жиберүүгө же төмөнкү формалардын биринде көрүнүүчү бузуунун ар бир учуру үчүн администрациялык жоопкерчиликке тартууга жол берилет:";

3) 52-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"52-берене. Конституциялык палатанын актыларын аткаруу

1. Конституциялык палатанын чечимдери жана корутундулары ченемдик укуктук актылары кароонун предмети болгон тараптарга, мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана кызмат адамдарына жөнөтүлөт жана мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын расмий басылмаларында, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысында", Конституциялык палатанын расмий сайтында, ошондой эле зарыл болгондо - жана башка басылмаларда жарыяланат.

2. Эгерде Конституциялык палатанын чечими менен конституциялык мыйзам, кодекс же мыйзам Конституцияга толугу менен же жарым-жартылай карама-каршы деп таанылган, же болбосо Конституциялык палатанын чечиминен укуктук жөнгө салууда боштукту четтетүү зарылдыгы келип чыккан учурларда, Өкмөт Конституциялык палатанын чечими анын расмий сайтына жарыялангандан кийин төрт айдан кечиктирбестен Жогорку Кеңешке көрсөтүлгөн чечимден келип чыгуучу конституциялык мыйзамдын же мыйзамдын долбоорун киргизет. Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорлору Жогорку Кеңеш тарабынан кезексиз тартипте каралууга жатат.

Конституциялык палатанын чечиминен келип чыгуучу мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан демилгелениши мүмкүн. Мындай долбоор Өкмөттүн корутундусу болгондо Жогорку Кеңеш тарабынан кезексиз тартипте каралууга жатат.

Мыйзамдарга ылайык ченем чыгаруу ыйгарым укуктарына ээ болгон мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Конституциялык палатанын чечими анын расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып үч айдан кечиктирбестен анын айрым бөлүгү конституциялык эмес деп таанылган өздөрүнүн ченемдик укуктук актыларын жокко чыгарат, жаңы ченемдик укуктук актыларды кабыл алат же болбосо ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөрдү киргизет.

3. Конституциялык палатанын актыларын аткарбоо, талаптагыдай эмес аткаруу же болбосо аткарууга тоскоолдук кылуу, ошондой эле Конституциялык палатанын ишине кийлигишүү мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке алып келет.".

2-берене.

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул конституциялык Мыйзамга ылайык келтирсин.

2. Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 1-августунда № 87 (2812) жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын

         Президенти

 

А.Ш. Атамбаев