Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\a0661c4f-bcfa-4046-a34a-20af536022eb\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2017-жылдын 28-июлу № 154

"Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

2017-жылдын 29-июнунда

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

 

1-берене.

"Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 6, 240-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 2-статья төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи абзац менен толукталсын:

"директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү - ошол акционердик коомдун аффилирленген жагы болуп эсептелбеген жана директорлор кеңешине шайланганга чейинки үч жылдын ичинде аффилирленген жак болбогон (ошол акционердик коомдун көз карандысыз директорунун кызмат ордун ээлеген учурду кошпогондо), ошол акционердик коомдун аффилирленген жактарына карата аффилирленген жак болуп саналбаган; ошол акционердик коомдун же уюмдардын - ошол акционердик коомдун аффилирленген жактарынын кызмат адамдарына көз каранды эмес жана директорлор кеңешине шайланганга чейинки үч жылдын ичинде бул адамдарга көз каранды болбогон; мамлекеттик кызматчы болуп саналбаган; ошол акционердик коомдун органдарынын жыйындарында акционердин өкүлү болуп саналбаган жана директорлор кеңешине шайланганга чейинки үч жылдын ичинде анын өкүлү болбогон; аудитордук уюмдун курамында иштеген аудитор катары бул акционердик коомдун аудитине катышпаган жана директорлор кеңешине шайланганга чейинки үч жылдын ичинде мындай аудитке катышпаган директорлор кеңешинин мүчөсү;";

2) 6-статьянын 3-пункту төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:

"Туунду коом негизги коомдун акцияларын сатып ала албайт.";

3) 38-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 111-пунктча менен толукталсын:

"111) аудитордук уюмду жана/же коомдун аудиторун жана аудитордун кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөөнүн өлчөмүн бекитүү";

4) 45-статьяда:

а) 1-пункттун төртүнчү абзацындагы "20" деген цифра "10" деген цифрага алмаштырылсын;

б) 4-пункттун төртүнчү абзацындагы "20" деген цифра "10" деген цифрага алмаштырылсын;

5) 54-статьянын 1-пунктунун он экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"аудитордук уюмду жана/же коомдун аудиторун тандоо жана аудитордун кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөөнүн өлчөмүн аныктоо;";

6) 55-статьянын 3-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Ачык сунуштардын шарттарын жана баалуу кагаздардын эмиссиясынын проспектин каттаган ачык компанияларда ачык сунуштар аркылуу жүгүртүүгө чыгарылган баалуу кагаздарды жүгүртүүнүн бүткүл мезгилинде директорлор кеңешинин курамынын 30 пайыздан аз эмеси директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөлөрү болууга тийиш.";

7) 57-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Коомдун директорлор кеңешинин жыйынын өткөрүү үчүн кворум коомдун уставы менен аныкталат, бирок коомдун директорлор кеңешинин шайланган мүчөлөрүнүн санынын жарымынан кем эмес болууга тийиш.

Ачык компаниянын директорлор кеңешинин жыйынында милдеттүү түрдө директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөлөрү директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөлөрүнүн жалпы санынын жарымынан кем эмес санда болууга тийиш.

Коомдун директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн саны коомдун уставында каралган сандын жарымынан аз болгон учурда коомдун директорлор кеңешинин жаңы курамын шайлоо үчүн коом акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун чакырууга милдеттүү.

Коомдун директорлор кеңешинин калган мүчөлөрү акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун чакыруу жана даярдоо жөнүндө гана чечим кабыл алууга укуктуу.";

8) 63-статья төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү жана төртүнчү абзацтар менен толукталсын:

"Аудитордук уюм жана/же коомдун аудитору коомдун директорлор кеңеши тарабынан тандалат жана коомдун акционерлеринин жалпы чогулушунун чечими менен бекитилет.

Эгерде акционерлердин жалпы чогулушунда аудитордук уюм жана/же коомдун аудитору бекитилбесе, анда директорлор кеңеши тарабынан кайрадан аудитордук уюмду жана/же коомдун аудиторун тандоо өткөрүлөт жана акционерлердин жалпы чогулушун өткөргөн күндөн 45 күндөн кечиктирбестен акционерлердин кезексиз чогулушунун кароосуна киргизилет.".

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 4-августунда № 91 (2816) жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын

         Президенти

 

А.Ш. Атамбаев