Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\a0661c4f-bcfa-4046-a34a-20af536022eb\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2017-жылдын 28-июлу № 163

Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө

(КР 2017-жылдын 28-декабрындагы № 222 (27), 2018-жылдын 30-мартындагы № 33, 2019-жылдын 24-январындагы 18, 2020-жылдын 10-июлундагы № 75, 2023-жылдын 9-мартындагы N 53 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

 

2017-жылдын 21-июнунда

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

 

1-глава. Жалпы жоболор

1-берене. Жөнгө салуу предмети

Ушул Мыйзам мамлекеттик жөлөкпулдарды, алардын түрлөрүн белгилейт, ошондой эле ушул мамилелерден келип чыгуучу процесстерди кошуп алганда, мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо жана төлөө менен байланышкан мамилелерди жөнгө салат.

 

2-берене. Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө мыйзамдар

1. Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, ушул Мыйзамдан жана ушул Мыйзамдын алкагында кабыл алынуучу башка ченемдик укуктук актылардан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.

2. Мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо жана төлөө маселелерин башка мыйзамдарга кошууга тыюу салынат.

 

3-берене. Ушул Мыйзамдын колдонулуу чөйрөсү

1. Ушул Мыйзамдын колдонулушу төмөнкүлөргө жайылтылат:

1) Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарына;

2) тарыхый мекенине кайтып келген жана "кайрылман" статусун алган этностук кыргыздарга;

3) эгерде алар менен жөлөкпулдарды берүү чөйрөсүндө эл аралык келишим түзүлгөн жана күчүнө кирген өлкөлөрдүн жарандары болуп саналса, Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган чет өлкөлүк жарандарга.

2. Ушул Мыйзамдын колдонулушу, ата-энесинин экөөнөн тең ажыраган балдарды жана ата-энесинин экөө тең белгисиз балдарды (жетим балдарды) кошпогондо, толук мамлекеттик камсыз кылууда турган адамдарга, ошондой эле ушул Мыйзамдын 7-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдарга жайылтылбайт.

3. Ушул Мыйзамдын колдонулуу чөйрөсү жумушсуздук боюнча жөлөкпул, убактылуу эмгекке жарамсыздыгы боюнча жөлөкпул, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул, каада-салттык (сөөк коюу) жөлөкпул жана бошонуу жөлөкпул берүүдө келип чыккан мамилелерге жайылтылбайт.

(КР 2018-жылдын 30-мартындагы № 33, 2023-жылдын 9-мартындагы N 53 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

31-берене. Мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо принциптери

Мамлекеттик жөлөкпулду дайындоо төмөнкү принциптерге негизделет:

1) даректүүлүк - мамлекеттик жөлөкпулдарды конкреттүү алуучуларга алардын жеке өзгөчөлүктөрүн жана башка объективдүү себептерин (жашы, ден соолугунун абалы, жыйынды орто жандык кирешенин өлчөмү, багуучусунун жоктугу, мамлекеттик социалдык колдоого өтө муктаждык, оор турмуштук кырдаал) эске алуу менен берүү;

2) кепилдүүлүк - мамлекеттик жөлөкпулга укугу бар адамдарга аны милдеттүү түрдө дайындоо;

3) ачыктык/айкындык - мамлекеттик жөлөкпулдарды берүүдө ачык-айкындык механизмдерин жана жарандардын мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүгө мүмкүндүк түзгөн байланыш инструменттерин түзүү;

4) жоопкерчилик - мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары тарабынан ушул Мыйзамдын бузулушуна мамлекеттин таасир этүү механизмдерин түзүү.

(КР 2018-жылдын 30-мартындагы № 33 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

4-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу түшүнүктөр жана терминдер

Ушул Мыйзамда төмөнкү түшүнүктөр жана терминдер пайдаланылат:

1) мамлекеттик жөлөкпул - ушул Мыйзамга ылайык пенсиялык камсыз кылууга укугу жок балдарга жана адамдарга жөлөкпулдар жана бир жолку төлөөлөр түрүндө көрсөтүлүүчү мамлекеттик социалдык колдоо;

2) (КР 2018-жылдын 30-мартындагы № 33 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3) арыз ээси - өзүнө же болбосо анын камкорчулугу/көзөмөлчүлүгү алдында турган адамга, же болбосо жарандык мыйзамдардын талаптарына ылайык жол-жоболоштурулган ишеним кат боюнча мамлекеттик жөлөкпул дайындоо үчүн кайрылган адам;

4) пенсиялык камсыз кылууга укугу жок адамдар - балдарды кошуп алганда, медициналык-социалдык эксперттик комиссиялар (мындан ары - МСЭК) тарабынан ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адам деп таанылган адамдар, балдар - ата-энесинен (ата-энелеринен) айрылган учурда, билим берүү уюмдарында - 23 жашка чейинки күндүзгү негизде окуган окуучулар, төмөнкү куракка жеткен адамдар: эркектер - 65 жаш, аялдар - 60 жаш, баатыр-энелер - 55 жаш;

5) толук мамлекеттик камсыз кылуу - мамлекеттик же муниципалдык мекемеде турган убакытта (мезгилде) адамдарга акысыз тамак-аш, акысыз кийим комплектисин жана бут кийим, акысыз жашоо берүү жана акысыз медициналык тейлөө же алардын толук наркынын ордун толтуруу;

6) алуучу - өзүнө же болбосо анын камкорчулугу/көзөмөлчүлүгү алдында турган адамга, же болбосо жарандык мыйзамдардын талаптарына ылайык жол-жоболоштурулган ишеним кат боюнча мамлекеттик жөлөкпул алган адам;

7) аз камсыз болгон үй-бүлө - үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнүн ар айдагы кирешеси кепилденген эң төмөнкү кирешеден төмөн болгон үй-бүлө;

8) жарды үй-бүлө - үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнүн ар айдагы кирешеси кедейчиликтин чегинен төмөн болгон үй-бүлө;

9) үй-бүлөнүн жыйынды кирешеси - отчеттук мезгилдин ичинде үй-бүлө мүчөлөрүнүн өндүрүштүк иштен алган кирешелер, менчигинен жана күндөлүк трансферттерден (стипендиялар, материалдык жардам жана башка компенсациялык төлөмдөр) алган кирешелер түрүндөгү каражаттарынын суммасы;

Көңүл буруңуздар! КР 2018-жылдын 30-мартындагы № 33 Мыйзамынын 5-беренесинин 2-бөлүгүн караңыз.

10) муктаждыкты аныктоо - 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) "үй-бүлөгө көмөк" ар айлык жөлөкпул дайындоо үчүн зарыл болгон үй-бүлөнүн кирешесинин бардык булактарын изилдөө.

(КР 2018-жылдын 30-мартындагы № 33, 2019-жылдын 24-январындагы № 18 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

5-берене. Мамлекеттик жөлөкпулдардын түрлөрү жана өлчөмдөрү

1. Мамлекеттик жөлөкпулдардын түрлөрү:

1) "балага сүйүнчү" - ар бир бала төрөлгөндө бир жолку төлөө;

2) "үй-бүлөгө көмөк" - 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) ар айлык жөлөкпул;

3) "социалдык жөлөкпул" - пенсиялык камсыз кылууга укугу жок адамдарга ар айлык жөлөкпул;

4) ата-энесинин экөө тең белгисиз балдарга төлөнүүчү ар айлык жөлөкпул.

2. Мамлекеттик жөлөкпулдардын өлчөмдөрү бюджеттин мүмкүнчүлүктөрүнө жана жашоо минимумун эске алуу менен экономиканын абалына жараша Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан жыл сайын белгиленет.

3. Пенсиялык камсыз кылууга укугу жок адамдар жана төмөнкү куракка жеткен: эркектер - 65 жаш, аялдар - 60 жаш; баатыр-энелер - 55 жаш үчүн ар айлык социалдык жөлөкпулдун өлчөмү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык белгиленген пенсиянын базалык бөлүгүнөн жогору эмес өлчөмдө белгиленет.

(КР 2018-жылдын 30-мартындагы № 33, 2020-жылдын 10-июлундагы № 75, 2023-жылдын 9-мартындагы N 53 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

51-берене. Кепилденген эң төмөнкү киреше

1. Кепилденген эң төмөнкү киреше - бул бюджеттик мүмкүнчүлүктөрдүн жана экономиканын абалынын эсебинен аныкталуучу, жашоо минимумун эске алуу менен 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) "үй-бүлөгө көмөк" ар айлык жөлөкпул үй-бүлөлөрдүн муктаждыгы аныкталган жыл сайын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген көрсөткүч.

2. Кепилденген эң төмөнкү кирешенин өлчөмү жыл сайын кайра кароодо жашоо минимумунун орточо жылдык өлчөмүнө жакындоого тийиш жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

(КР 2018-жылдын 30-мартындагы № 33, 2023-жылдын 9-мартындагы N 53 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

6-берене. Мамлекеттик жөлөкпулдарды төлөөгө каражаттар

Ушул Мыйзамда каралган мамлекеттик жөлөкпулдарды төлөө, ошондой эле мамлекеттик жөлөкпулдарды алуучуларга аларды жеткирүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөгө чыгымдар республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.

(КР 2023-жылдын 9-мартындагы N 53 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

2-глава. Мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо жана төлөө

7-берене. Бала төрөлгөндө "балага сүйүнчү" бир жолку төлөм

1. Бала төрөлгөндө "балага сүйүнчү" бир жолку төлөө бала төрөлгөндө, анын ичинде эркиндигинен ажыратуу жайларында турган аял төрөгөн баланы кошуп алганда, төлөөнү дайындоо үчүн кайрылган учурда дайындалат.

Бир убакта эки жана андан көп бала төрөлгөндө "балага сүйүнчү" бир жолку төлөө ар бир балага дайындалат.

2. Бала төрөлгөндө "балага сүйүнчү" бир жолку төлөөнү дайындоого кайрылуу мөөнөтү бала төрөлгөн күндөн тартып 6 айдан ашпашы керек.

Бала төрөлгөндө "балага сүйүнчү" бир жолку төлөп берүүнүн өлчөмү жана тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

3. Бала төрөлгөндө "балага сүйүнчү" бир жолку төлөө бала (балдар) менен алуучу бирге жашаган учурда дайындалат.

(КР 2018-жылдын 30-мартындагы № 33, 2023-жылдын 9-мартындагы N 53 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

Караңыз:

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-июнундагы N 283 "Бала төрөлгөндө "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмүн берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

 

8-берене. Баланы 3 жашка чейин багуу боюнча "балага жөлөк" ар айлык жөлөкпулду дайындоо

(КР 2018-жылдын 30-мартындагы № 33 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

 

9-берене. 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) "үй-бүлөгө көмөк" ар айлык жөлөкпул дайындоо

1. 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) "үй-бүлөгө көмөк" ар айлык жөлөкпул жарандардын (үй-бүлөлөрдүн) жөлөкпулдун бул түрүнө муктаж болгон шартында дайындалат.

2. 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) "үй-бүлөгө көмөк" ар айлык жөлөкпулга жарандардын (үй-бүлөлөрдүн) муктаждыгын аныктоо тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

(КР 2018-жылдын 30-мартындагы № 33, 2023-жылдын 9-мартындагы N 53 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

9-берене. 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) "үй-бүлөгө көмөк" ар айлык жөлөкпул дайындоо

1. 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) "үй-бүлөгө көмөк" ар айлык жөлөкпул жарандардын (үй-бүлөлөрдүн) жөлөкпулдун бул түрүнө муктаж болгон шартында дайындалат.

2. 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) "үй-бүлөгө көмөк" ар айлык жөлөкпулга жарандардын (үй-бүлөлөрдүн) муктаждыгын аныктоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

(КР 2018-жылдын 30-мартындагы № 33 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

91-берене. Үй-бүлөнүн жыйынды кирешесин аныктоодо эсепке алынуучу кирешелердин түрлөрү

Үй-бүлөнүн жыйынды кирешесинин курамына кирешелердин төмөнкүдөй түрлөрү кирет:

1) жарандардын негизги иштеген, кызмат өтөгөн (аскер кызматчылары) жана окуган жери боюнча эмгек акы жана стипендия түрүндөгү кирешелери, ошондой эле материалдык жардам, жеңилдиктердин ордуна ай сайын берилүүчү акчалай компенсациялар;

2) жарандардын негизги иштеген, кызмат өтөгөн (аскер кызматчылары) жери боюнча эмес кирешелери;

3) жарандардын экономикалык (ишкердик) ишин жүзөгө ашыруудан алган кирешелери;

4) жарандардын - фермердик, дыйкан чарбаларынын жана башка айыл чарба бирикмелеринин жана уюмдарынын мүчөлөрүнүн жер участокторун жана айыл чарба жандыктарын пайдалануудан алган кирешелери;

5) жарандардын өздүк көмөкчү чарбасынан алган кирешелери.

(КР 2018-жылдын 30-мартындагы № 33, 2019-жылдын 24-январындагы № 18 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

10-берене. Ар айлык социалдык жөлөкпул дайындоо

1. Ар айлык социалдык жөлөкпул пенсиялык камсыз кылууга укугу болбогондо төмөнкү эмгекке жөндөмсүз адамдарга дайындалат:

1) ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга - 18 жашка чейин;

2) бала кезинен I, II жана III топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга;

3) I, II жана III топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга;

4) улгайган жарандарга (эркектерге - 65 жашка, аялдарга - 60 жашка чыкканы боюнча);

5) баатыр энелерге - 55 жашка чыкканы боюнча;

6) балдарга ата-энесинин биринен айрылган учурда;

7) балдарга ата-энесинин экөөнөн тең айрылган учурда;

8) ВИЧ/СПИДге чалдыккан энелерден төрөлгөн балдарга - алар 18 айга толгонго чейин.

2. Ушул беренеде каралган ар айлык социалдык жөлөкпулдардын ар кандай түрлөрүнө укугу бар болгондо, ар айлык социалдык жөлөкпулдардын ар кандай түрлөрүнө укугу бар адамдын тандоосу боюнча бир гана жөлөкпул (ата-энесинин биринен же экөөнөн тең ажыраган ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга жана бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга ар айлык социалдык жөлөкпулдан тышкары) дайындалат.

3. Ар айлык социалдык жөлөкпул төмөнкүлөргө дайындалат:

1) ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү 18 жашка чейинки балдарга - МСЭК майыптыгын белгилеген күндөн тартып, эгерде жөлөкпул үчүн кайрылуу жана бардык керектүү документтерди тапшыруу МСЭК маалымкат берген күндөн тартып 6 айдан кечиктирбестен берилсе, көрсөтүлгөн мөөнөт өткөндөн кийин - жөлөкпул үчүн кайрылуу жасалган айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып - алар 18 жашка чыкканга чейин;

2) бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга, пенсиялык камсыз кылууга укугу жок ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга - МСЭК майыптыгын белгилеген күндөн тартып, эгерде жөлөкпул үчүн кайрылуу жана бардык керектүү документтерди тапшыруу МСЭК маалымкат берген күндөн тартып 6 айдан кечиктирбестен берилсе, көрсөтүлгөн мөөнөт өткөндөн кийин - жөлөкпул үчүн кайрылуу жасалган айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып - МСЭК маалымкатынын колдонуу мөөнөтү бүткөнгө чейин;

3) багуучусунан айрылган учурда, аларда пенсиялык камсыз кылууга укугу болбогон балдарга - ар айлык социалдык жөлөкпулга укугу келип чыккан күндөн тартып, эгерде жөлөкпул үчүн кайрылуу жана бардык керектүү документтерди тапшыруу бул укук келип чыккан учурдан тартып 12 айдан кечиктирбестен берилсе, көрсөтүлгөн мөөнөт өткөндөн кийин - жөлөкпул үчүн кайрылуу жасалган айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып - алар 16 жашка чыкканга чейин; жалпы билим берүүчү уюмдардын окуучуларына - алар окууну аяктаганга чейин; кесиптик баштапкы окуу жайларынын окуучуларына, орто жана жогорку кесиптик окуу жайларынын күндүзгү формасында окуган студенттерине - алар окууну аяктаганга чейин, бирок алар 23 жашка чыккандан көп эмес;

4) ВИЧ/СПИДге чалдыккан энелерден төрөлгөн балдарга, - төрөлгөн күндөн тартып, эгерде жөлөкпул үчүн кайрылуу жана бардык зарыл документтерди тапшыруу төрөлгөн күндөн тартып 6 айдан кечиктирбестен берилсе, көрсөтүлгөн мөөнөт өткөндөн кийин - жөлөкпул үчүн кайрылуу жасалган айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып - алар 18 айга толгонго чейин;

5) эркектерге - 65 жашка чыкканы боюнча, аялдарга 60 - жашка чыкканы боюнча, эгерде жөлөкпул үчүн кайрылуу жана бардык зарыл документтерди тапшыруу эркектер 65 жашка, ал эми аялдар - 60 жашка чыккан күндөн тартып 6 айдан кечиктирбестен берилсе, көрсөтүлгөн мөөнөт өткөндөн кийин - жөлөкпул үчүн кайрылуу жасалган айдын кийинки айынын биринчи күнүнөн тартып - өмүр бою;

6) баатыр энелерге - 55 жашка чыкканы боюнча, эгерде жөлөкпул үчүн кайрылуу жана бардык зарыл документтерди тапшыруу алар 55 жашка чыккан күндөн тартып 6 айдан кечиктирбестен берилсе, көрсөтүлгөн мөөнөт өткөндөн кийин жөлөкпул үчүн кайрылуу жасалган айдын кийинки айынын биринчи күнүнөн тартып - өмүр бою.

(КР 2023-жылдын 9-мартындагы N 53 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

101-берене. Ата-энесинин экөө тең белгисиз балдарга төлөнүүчү ар айлык жөлөкпулду дайындоо

1. Ата-энесинин экөө тең белгисиз балдарга төлөнүүчү ар айлык жөлөкпул туулгандыгы тууралуу күбөлүктө ата-энеси жөнүндө маалымат киргизилбеген балдарга дайындалат.

Жөлөкпул аны дайындоо үчүн кайрылуу жасалган айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып, бала 16 жашка чыкканга чейин; жалпы билим берүүчү уюмдардын окуучуларына - алар окууну аяктаганга чейин; кесиптик баштапкы окуу жайларынын окуучуларына, орто жана жогорку кесиптик окуу жайларынын күндүзгү формасында окуган студенттерине - алар окууну аяктаганга чейин дайындалат, бирок алар 23 жашка чыккандан ашык эмес.

2. Баланы асырап алганда же ата-энесинин (ата-энелеринин) ата-энелик укугу калыбына келтирилгенде, жөлөкпулду төлөө баланы асырап алуу же ата-энелик укуктарын калыбына келтирүү жөнүндө сот чечим чыгарган айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып токтотулат.

(КР 2020-жылдын 10-июлундагы № 75 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

11-берене. Мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо жана төлөө тартиби

1. Мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо жөнүндө кайрылуу арыз кабыл алынган күндөн тартып 10 жумушчу күндөн ичинде каралат. Арызды кабыл алуудан баш тартууга жол берилбейт.

Мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоого арыздарды кароо мамлекеттик жөлөкпул дайындала турган арыз ээсинде жана адамдарда, ошондой эле арыз ээсинин үй-бүлө мүчөлөрүндө - 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) "үй-бүлөгө көмөк" ар айлык жөлөкпулду дайындоодо идентификациялык жеке номери болгондо жүзөгө ашырылат.

2. Мамлекеттик жөлөкпулдар эмгек акысына жана башка социалдык төлөмдөргө кошумча коэффициенттер белгиленсин калктуу конуштарда жашаган адамдар мамлекеттик жөлөкпул үчүн кайрылган учурларды кошпогондо, алуучунун кайрылган жери боюнча дайындалат.

Эмгек акысына жана башка социалдык төлөмдөргө кошумча коэффициенттер белгиленген калктуу конуштарда жашаган жарандарга (үй-бүлөлөргө) мамлекеттик жөлөпул жашаган/турган жери боюнча дайындалат.

Эгерде ушул бөлүктүн экинчи абзацында көрсөтүлгөн жарандардын (үй-бүлөлөрдүн) жашаган/турган жери боюнча каттоосу жок болсо, мамлекеттик жөлөкпул эмгек акыга жана башка социалдык төлөмдөргө кошумча төлөөлөрдүн коэффициенттерин эсепке албастан дайындалат.

3. 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) "үй-бүлөгө көмөк" ар айлык жөлөкпул бала (балдар) алуучу менен бирге жашаган учурда дайындалат.

4. Мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо, мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо жана төлөө үчүн кайрылуунун тартиби жана аларды дайындоо үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги, ошондой эле мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо үчүн зарыл болгон документтерди берүү маселелери боюнча мамлекеттик органдардын ортосундагы ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

Ведомстволор аралык электрондук маалымат алмашуунун алкагында мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан суралып алынуучу мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо үчүн зарыл болгон маалымат акысыз негизде берилет.

5. Эмгек акыга жана башка социалдык төлөмдөргө кошумча төлөөнүн райондук коэффициенттери белгиленген калктуу конуштарда жашаган адамдарга мамлекеттик жөлөкпулдардын өлчөмдөрү, бала төрөлгөндө "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмдөн тышкары бул коэффициенттерди колдонуу менен эсептелет.

(КР 2018-жылдын 30-мартындагы № 33, 2020-жылдын 10-июлундагы № 75, 2023-жылдын 9-мартындагы N 53 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)                                                                   

 

12-берене. Мамлекеттик жөлөкпулдарды төлөө

1. Мамлекеттик жөлөкпулдар учурдагы ай үчүн учурдагы айдын 30-күнүнөн кечиктирбестен төлөнөт.

2. Дайындалган жана алуучулар тарабынан өз убагында талап кылынбаган ар айлык мамлекеттик жөлөкпулдар ушул Мыйзамдын 14-беренесине ылайык, мамлекеттик жөлөкпулдарды төлөө токтотулган мезгилден тышкары бардык өткөн мезгил үчүн төлөнөт.

 

13-берене. Мамлекеттик жөлөкпулдарды кайра эсептөө

Мамлекеттик жөлөкпулдарды кайра эсептөө төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:

1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан жөлөкпулдун жаңы өлчөмдөрү белгиленгенде;

2) райондук коэффициент белгиленгенде (алып салынганда) же анын өлчөмү өзгөргөндө;

3) майыптык тобу өзгөргөндө;

4) алуучунун жашаган/турган жери өзгөрүп, анын натыйжасында мамлекеттик жөлөкпулдун өлчөмү өзгөрүүгө тийиш болгондо.

(КР 2020-жылдын 10-июлундагы № 75, 2023-жылдын 9-мартындагы N 53 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

14-берене. Мамлекеттик жөлөкпулду төлөөнү токтотуунун шарттары

1. Мамлекеттик жөлөкпулду төлөө төмөнкүдөй учурларда токтотулат:

1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген мөөнөттөрдө талап кылынган документтерди бербегенде;

2) (КР 2018-жылдын 30-мартындагы № 33 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3) алуучу республиканын чегинен сырткары туруктуу жашоого чыгып кеткенде;

4) жөлөкпул дайындалган адам каза болгондо;

5) жөлөкпул дайындалган бала 16 жашка чыкканда (16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандар (үй-бүлөлөр) "үй бүлөгө көмөк" ар айлык жөлөкпул алган учурда);

6) ата-энесинси ажыраганы боюнча ар айлык социалдык жөлөкпул алуучу бала, ата-энесинин экөө тең белгисиз балдарга төлөнүүчү ар айлык жөлөкпул алуучу бала 16 жашка чыкканда, жалпы билим берүүчү уюмдардын окуучулары окуусун аяктаганда, кесиптик баштапкы окуу жайлардын окуучулары, орто жана жогорку кесиптик окуу жайлардын студенттери 23 жашка чыкканда;

7) майыптык мөөнөтү өтүп кеткенде (майыптык боюнча ар айлык социалдык жөлөкпул алган учурда);

8) ВИЧ/СПИДге чалдыккан энеден төрөлгөн бала 18 айга толгондо;

9) мамлекеттик жөлөкпулдардын суммасы которулган күндөн тартып 6 айдын ичинде жөлөкпулду ("балага сүйүнчү", "үй-бүлөгө көмөк") талап кылбаганда (ар айлык социалдык жөлөкпул - 12 айдын ичинде);

10) мамлекеттик жөлөкпул алуучуга, ата-энесинин экөөнөн тең ажыраган балдарды (жетим балдарды) кошпогондо, мамлекеттик камсыз кылуу аныкталганда;

11) жөлөкпулду негизсиз дайындоо фактысы белгиленгенде;

12) ата-энесинин экөө тең белгисиз балдарга төлөнүүчү ар айлык жөлөкпул алуучу баланы асырап алганда же балдардын ата-энесинин (ата-энелеринин) ата-энелик укугу калыбына келтирилгенде.

2. Мамлекеттик жөлөкпулду төлөөнү токтотууга же анын өлчөмүн кайра кароого алып келүүчү жагдайлар келип чыкканда, алуучу бул жөнүндө социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү аймактык ыйгарым укуктуу органга 5 күндүн ичинде маалымдоого тийиш

3. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга ар айлык социалдык жөлөкпулдардан тышкары, мамлекеттик жөлөкпулду төлөө өзгөрүүлөр болгон айдан кийинки айдан тартып токтотулат.

4. Жөлөкпулга жеңилдетилген чыгуу шарттарында ар айлык социалдык жөлөкпул дайындалган, мурда бийик тоолуу шарттарда жашаган адам (эркек - 65 жашка, аял - 60 жашка, баатыр эне - 55 жашка чыккандыгы боюнча) бийик тоолуу жана алыскы зоналардын тизмегине кирбеген зоналарга туруктуу жашоого көчүп кеткен учурда, ар айлык социалдык жөлөкпул райондук коэффициенти эсепке албастан, жаңы жашаган/турган жери боюнча улантылып төлөнөт.

(КР 2018-жылдын 30-мартындагы № 33, 2020-жылдын 10-июлундагы № 75, 2023-жылдын 9-мартындагы N 53 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

15-берене. Мамлекеттик жөлөкпулдардан кармап калуу

1. Мамлекеттик жөлөкпулдардан, анын ичинде ашыкча төлөнгөн мамлекеттик жөлөкпулдардын суммасын кармап калуу соттун чечимдеринин, аныктамаларынын токтомдорунун жана өкүмдөрүнүн (мүлктүк өндүрүп алуулар бөлүгүндө), нотариустук кеңселердин аткаруу жазууларын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык соттун чечимдерин аткаруу үчүн белгиленген тартипте жүргүзүлүүчү башка чечимдердин жана токтомдордун негизинде жүргүзүлөт.

2. Мамлекеттик жөлөкпулдардан кармап калуу өлчөмү алуучуга төлөнүүгө тийиш болгон суммадан, бирок жөлөкпулдун бир айлык өлчөмүнүн 50 пайызынан ашык эмес эсептелип чыгарылат.

3. Мамлекеттик жөлөкпулдардан жогоруда көрсөтүлгөндөн тышкары, эч кандай кармап калууларга жол берилбейт.

4. Ашыкча төлөнгөн мамлекеттик жөлөкпулдардын суммалары боюнча карыз толук жоюлганга чейин мамлекеттик жөлөкпулдарда төлөө токтотулган учурда, карыздын калган бөлүгү сот тартибинде өндүрүп алынат.

5. Кармап калган сумма республикалык бюджетке төгүлөт.

3-глава. Мамлекеттик жөлөкпул алган жарандардын жоопкерчилиги жана аларды коргоо

16-берене. Мамлекеттик жөлөкпул алуучу жөнүндө маалымат берген жарандардын жана органдардын жоопкерчилиги

1. Мамлекеттик жөлөкпулду туура эмес дайындоого алып келген анык эмес маалымкаттарды берген адамдар жана мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо үчүн кайрылганда атайылап жалган маалыматтарды берүүгө күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына же жазык мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.

2. Мамлекеттик жөлөкпул алуу укугу жөнүндө атайылап жалган маалымат берген же болбосо жөлөкпулду негизсиз дайындоого алып келүүчү жагдайлардын келип чыгышы жөнүндө өз убагында кабарлабаган адамга мамлекеттик жөлөкпул төлөө бул факт аныкталган учурдан тартып токтотулат. Мында мыйзамсыз берилген акча каражаттары республикалык бюджетке кайтарылууга тийиш, ал эми жаңыдан мамлекеттик жөлөкпулду дайындоо жөнүндө арыз 12 айдын ичинде кабыл алынбайт.

(КР 2023-жылдын 9-мартындагы N 53 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

17-берене. Мамлекеттик жөлөкпулдарды туура эмес дайындоо жана төлөө үчүн жоопкерчилик

Мамлекеттик жөлөкпулдарды туура эмес дайындоого жана төлөөгө күнөөлүү кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына же жазык мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.

(КР 2023-жылдын 9-мартындагы N 53Мыйзамынын редакциясына ылайык)

18-берене. Мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо жана төлөө менен байланышкан талаш-тартыштар

Мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоодо жана төлөп берүүдө келип чыккан талаш-тартыш маселелер Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына, ошондой эле мыйзам алдындагы актыларына ылайык чечилет.

(КР 2023-жылдын 9-мартындагы N 53 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

19-берене. Мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоону жана төлөөнү контролдоо

Мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоону жана төлөөнү контролдоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жана контролдоо жана көзөмөлгө алуу иш-милдеттери берилген башка органдарга жүктөлөт.

(КР 2023-жылдын 9-мартындагы N 53 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

4-глава. Корутунду жоболор

20-берене. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү

12018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү бала төрөлгөндө "балага сүйүнчү" бир жолку жөлөкпул дайындоо жана төлөө бөлүгүндө ушул Мыйзамдын 7, 11, 12, 13 жана 14-беренелеринин жоболорун кошпогондо, ушул Мыйзам 2018-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет.

2. Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин мамлекеттик жөлөкпул алган адамдарда мурда дайындалган мамлекеттик жөлөкпул алуу укугу, ошондой эле ушул Мыйзамга ылайык жөлөкпул алууну тандоо укугу сакталаары белгиленсин.

Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин мамлекеттик жөлөкпул алууга документтерин тапшырган адамдарга, ушул Мыйзамга ылайык арыз кайра чакыртып алынган жана арыз берилген учурларды кошпогондо, мамлекеттик жөлөкпул ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин колдонуудагы мыйзамдын шарттарында дайындалат.

3. 2018-жылдын 1-январынан тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 29-декабрындагы № 318 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 11, 1032-ст.);

- "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 27-январындагы № 18 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 1, 18-ст.);

- "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 2-июлундагы № 142 Мыйзамынын (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 7, 977-ст.) 4-беренеси;

- "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 5-августундагы № 217 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 7, 1052-ст.);

- "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 18-декабрындагы № 229 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 12, 1230-ст.);

- "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 Мыйзамынын (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1004-ст.) 20-беренесинин 6-бөлүгүнүн 17-пункту.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 3 айлык мөөнөттө төмөнкүлөрдү аткаруу тапшырылсын:

1) ушул Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн компетенциясына таандык кылынган маселелер боюнча зарыл болгон ченемдик укуктук актыларды кабыл алсын;

2) өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

(КР 2017-жылдын 28-декабрындагы № 222 (27) Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

А.Ш. Атамбаев