Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\a0661c4f-bcfa-4046-a34a-20af536022eb\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2017-жылдын 2-августу № 167

Дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды жүгүртүү маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

2017-жылдын 21-июнунда

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

 

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 93-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"93-статья. Дары-дармек каражаттарын, медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндө белгиленген тартипти, талаптарды, эрежелерди бузуу

Дары-дармек каражаттарын, медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндө белгиленген тартипти, талаптарды, эрежелерди бузуу, -

жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө, кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн токсон өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн төрт миң өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.";

2) Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 931-статья менен толукталсын:

"931-статья. Медициналык буюмдарды колдонуунун жагымсыз кесепеттери жөнүндө маалыматтарды бербей коюу же маалыматтарды жашыруу

Адамдарга алардын кесиптик ишинде белгилүү болгон медициналык буюмдарды колдонууда адам өлүмүнө, оорусуна же адамдын организминин травмасына, адамдын организминин түзүлүшүнүн же функциясынын бузулушуна, медициналык, анын ичинде хирургиялык кийлигишүүгө, түйүлдүктүн функциялык бузулууларына, анын өлүмүнө, тубаса аномалияга же төрөт травмасына алып келген жагымсыз окуялар жөнүндө маалыматтарды бербей коюу же жашыруу, -

жеке жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн сексен өлчөмүндө, кызмат адамдарына -эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз элүү өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн бир миң өлчөмүндө администрациялык айып салууга алын келет.";

3) 94-статьяда:

а) биринчи абзацында "(уруксатсыз)" деген сөз алып салынсын;

б) экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"жасалган администрациялык укук бузууунун түздөн-түз предмети болуп саналган дары-дармек каражаттарын, медициналык буюмдарды конфискациялоо менен жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн алтымыш өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жети миң өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.";

4) 302-статьяда:

а) 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды белгиленбеген жерлерде сатуу -

администрациялык укук бузуунун түздөн-түз предмети болуп саналган дары-дармек каражаттарын, медициналык буюмдарды конфискациялоо менен жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн алтымыш өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн беш миң өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.";

б) статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:

Ушул статьянын биринчи, экинчи жана үчүнчү бөлүктөрүндө каралган ошол эле аракеттер жашы жетпеген тарабынан жасалганда, -

ата-энелерине же аларды алмаштырган адамдарга эсептешүү көрсөткүчүнүн жетимиш өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.";

5) 318-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

318-статья. Дары-дармек каражаттарын, медициналык буюмдарды жарнамалоо

Саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү аткаруу бийлиги органдары тарабынан белгиленген аларды колдонуу боюнча чектөөлөр бар болгондо дары-дармек каражаттарын, медициналык буюмдарды жарнамалоо, -

жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн алтымыш өлчөмүндө, юридикалык жактарга -эсептешүү көрсөткүчүнүн беш миң өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.";

6) 508-статьянын биринчи бөлүгү "93," деген цифралардан кийин "93-1," деген цифралар менен толукталсын;

7) 535-статьянын 1-бөлүгүндө "-статьяларында, 302-статьянын 1 жана 3-бөлүктөрүндө" деген сөздөр "302" деген цифраларга алмаштырылсын.

2-берене.

"Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 7, 229-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

255-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"255-статья. Дары-дармек каражаттарын, медициналык буюмдарды мыйзамсыз өндүрүү жана өткөрүү

(1) Дары-дармек каражаттарын, медициналык буюмдарды белгиленген талаптарды бузуу менен өндүрүү жана (же) өткөрүү, эгерде мындай иштин натыйжасында байкабастыктан адамдын саламаттыгына зыян келтирилсе -

келтирилген зыяндын ордун толтуруу менен коомдук жумуштарга тартууга же болбосо үч жылдан беш жылга чейин эркиндигин чектөөгө жазаланат.

(2) Ушул эле жосундар байкабастыктан жабырлануучунун өлүмүнө алып келсе, -

үч миңден беш миңге чейинки эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып салууга же үч жылдан беш жылга чейин эркиндигин чектөөгө же болбосо белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө укугунан же үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу менен же эки жылдан беш жылга чейинки эркиндигинен ажыратууга жазаланат.".

3-берене.

"Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешини Жарчысы, 2013-ж., № 9, 990-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

15-берененин 8-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"8) фармацевттик иш;".

4-берене.

"Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 9, 407-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) преамбуланын 2-бөлүгүндө:

а) бөлүк "каражаттарына" деген сөздөн кийин ", медициналык буюмдарга" деген сөздөр менен толукталсын;

б) "медициналык багыттагы буюмдарга," деген сөздөр алып салынсын;

2) 18-статьянын 2-бөлүгүндө "фармакопеялар жана фармакопеялык беренелер," деген сөздөр алып салынсын.

5-берене.

"Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 3, 187-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 2-статьяда:

а) статья төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:

"Тегерегиндегилер үчүн коркунуч келтирүүчү оорулар - кыска мөөнөттүн ичинде көп сандагы адамдардын ооруп калуусуна жана (же) өлүмүнө алып келиши мүмкүн болгон оорулар.";

б) статья төмөнкүдөй мазмундагы 25 жана 26-бөлүктөр менен толукталсын:

"Социалдык маанилүү оорулар - келип чыгуусу жана (же) таралуусу кандайдыр бир деңгээлде социалдык-экономикалык шарттарга көз каранды болгон оорулар.

Фармацевттик иш - дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды ташып келүүнү, алып чыгууну, сактоону, маркировкалоону, бөлүштүрүүнү, пайдаланууну жана жок кылууну кошуп алганда, дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды өндүрүү, даярдоо, дүң жана чекене сатуу, берүү боюнча өз ара байланышкан бир же бир нече иш процесстери.";

2) 10-статьянын 1-бөлүгүнүн онунчу абзацында ", медицина багытындагы буюмдардын жана медициналык жабдуулардын" деген сөздөр "жана медициналык буюмдардын" деген сөздөргө алмаштырылсын;

3) 13-статьяда:

а) 5-бөлүгүндө "саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) 6-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте" деген сөздөргө алмаштырылсын;

4) 14-статьянын 9-бөлүгүндө "саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары тарабынан" деген сөздөр "ишкердиктин субъекттерин текшерүү боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык" деген сөздөргө алмаштырылсын;

5) 30-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Социалдык маанидеги оорулардын жана тегерегиндегилер үчүн коркунуч келтирүүчү оорулардын тизмегин, социалдык маанидеги оорулар жана тегерегиндегилер үчүн коркунуч келтирүүчү оорулар менен жабыр тарткан жарандарга медициналык-социалдык жардамдардын түрлөрүн жана көлөмүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.";

6) 34-статьяда:

а) 2-бөлүгүндө "тартиби саламаттыкты сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ыйгарым укуктуу органы тарабынан аныкталат" деген сөздөр "тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) 3-бөлүгүндө "саламаттыкты сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ыйгарым укуктуу органы тарабынан" деген сөздөр "медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндөгү жана машиналарды жана жабдууларды коопсуз эксплуатациялоо жана утилдештирүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык" деген сөздөргө алмаштырылсын;

7) 81-статьяда:

а) 7-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;

б) 8-бөлүгүндө ", эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер" деген сөздөргө алмаштырылсын;

8) 84-статьяда:

а) 1-бөлүгүнүн төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

б) статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:

"Медициналык кызматкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте дары-дармектерге рецепт жазып берүүгө, эмгекке жөндөмсүздүгү жөнүндө маалымкат жана баракча берүүгө укуктуу.";

9) 97-статьянын 2-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын ченемдик укуктук актыларына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын.

6-берене.

"Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" газетасы, 2004-жылдын 27-августу, № 73-74) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

15-статьядагы "жөнөтүүнү" деген сөз "даярдоону" деген сөзгө алмаштырылсын.

7-берене.

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 22-августунда № 95 (2820) жарыяланды

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам күчүнө киргенден кийин үч айлык мөөнөттө ушул Мыйзамдан келип чыгуучу чараларды көрсүн жана өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

         Президенти

 

А.Ш. Атамбаев