Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c9ecf073-59c0-4f39-9736-457074b3537c\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2017-жылдын 14-октябры № 174

"Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу

2017-жылдын 14-сентябрында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

 

1-берене.

"Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 767-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

1-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Мораторий төмөнкү сугат айдоо жерлерин которууга (трансформациялоого) жайылтылбайт:

1) бонитетинин баллы 40тан төмөн көп жылдык мөмө-жемиш дарактары өстүрүлгөн жерлерге;

2) көрүстөнгө бөлүнгөн жерлерге;

3) мамлекеттик же муниципалдык гана менчикте турган жалпы билим берүү объекттерине жана саламаттык сактоо объекттерине, дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплекстерин курууга бөлүнгөн жерлерге;

4) аскердик, чек аралык объекттерди жана заставаларды курууга бөлүнгөн жерлерге;

5) чакан жана ири электр энергетикалык өндүрүштүк кубаттуулуктарды жана 110 кВдан 500 кВга чейинки чыңалуудагы жогорку вольттуу электр чубалгыларды, 110 кВдан 500 кВга чейинки көмөк чордондорду курууга бөлүнгөн жерлерге;

6) газ түтүктөрү жана алардын курулмалары, индустриялык-логистикалык борборлор, өнөр жай объекттери үчүн бөлүнгөн жерлерге;

7) жалпы пайдалануудагы темир, автомобиль жолдорду жана көпүрөлөрдү, туннелдерди, эстакадаларда курууга жана реконструкциялоого бөлүнгөн жерлерге;

8) ичүүчү суу менен камсыз кылуучу, сууну бөлүштүрүүчү, тазалоочу курулмалардын мамлекеттик жана муниципалдык объекттерин курууга бөлүнгөн жерлерге;

9) Кыргыз Республикасынын аэропортторунун аймактарын кеңейтүүгө бөлүнгөн жерлерге;

10) өзгөчө кырдаалдардан жабыр тарткан жарандарды көчүрүү максатында бөлүнгөн жерлерге;

11) Баткен, Ош жана Жалал-Абад областтарынын айрым чек арага жакын аймактарынын жерлерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган жерлердин башка категорияларына же түрлөрүнө которуу (трансформациялоо) үчүн бөлүнгөн жерлерге. Ушул чек арага жакын аймактарда жерлерди башка категорияларга же түрлөргө которуу (трансформациялоо) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жүргүзүлөт.".

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

А. Атамбаев