Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c9ecf073-59c0-4f39-9736-457074b3537c\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2017-жылдын 27-октябры № 184

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

2017-жылдын 27-сентябрында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

 

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 212-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 13-пункт менен толукталсын:

"13) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын.";

2) Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 251-4-берене менен толукталсын:

"251-4-берене. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын кызмат көрсөтүүлөрүнүн берими

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын кызмат көрсөтүүлөрүнүн берими КНСтен бошотулган берим болуп саналат.";

3) 315-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 9-пункт менен толукталсын:

"9) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгы.";

4) 330-берененин 1-бөлүгүнүн 3-пункту "мекемелеринин жана ишканаларынын" деген сөздөрдөн кийин "жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын" деген сөздөр менен толукталсын;

5) 343-берене төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:

"11) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын жерлери.".

2-берене.

Ушул Мыйзамдын колдонулушу 2009-жылдын 1-январынан тартып 2012-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилге жайылтылат.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бир айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

А. Атамбаев