Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c9ecf073-59c0-4f39-9736-457074b3537c\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

2017-жылдын 12-декабры № 207 (12)

Жерди пайдалануу жаатындагы айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

2017-жылдын 15-ноябрында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Жер кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 9, 440-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

77-статьяда:

а) 9-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"9. Субижарага берилиши мүмкүн болбогон мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган жер участокторун кошпогондо, калктуу конуштардын убактылуу пайдаланууга берилген жерлери ошол жерлерди максаттуу арналышына ылайык пайдалануу үчүн гана субижарага берилиши мүмкүн. Тиешелүү жер участокторунда турган жана ыйгарым укуктуу орган тарабынан катталган объекттер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ижарага жана субижарага берилиши мүмкүн.";

б) статья төмөнкүдөй мазмундагы 10-пункт менен толукталсын:

"10. Калктуу конуштардын жерлеринин аймагында башка тиешелүү категориядагы жерлер болушу мүмкүн.".

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине ("Эркин Тоо" газетасы, 2013-жылдын 26-июлу, № 62) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

88-беренеде:

а) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Турак жана турак эмес жайларды кайра куруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген архитектуралык-курулуш, шаар куруу ченемдери менен аныкталат.";

б) 3-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын.

3-берене.

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 487-1-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"487-1-статья. Көп квартиралуу турак үйлөрдүн жалпы мүлкүнүн элементтерин өзү билип пайдалануу

Көп квартиралуу турак үйлөрдүн жалпы мүлкүнүн элементтерин: квартиралардын менчик ээлеринин орток менчиги болуп саналган подвалдарды, жарым подвалдарды, кир жайгыч жайларды, чатырларды, үй үстүн, шаты тепкичтерин, лифттерди, подъезддерди, инженердик жабдууларды, үйлөрдүн алдындагы аймактарды (үй алдындагы жер участокторун) өзү билип пайдалануу, -

жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн он беш өлчөмүндө, юридикалык жактарга - жүз өлчөмүндө, кызмат адамдарына - элүү өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Администрациялык жаза-чара колдонулгандан кийин бир жылдын ичинде кайталанып жасалган ошол эле аракет, -

жарандарга - алты саатка коомдук иштерге тартуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма өлчөмүндө, юридикалык жактарга - жүз жыйырма өлчөмүндө, кызмат адамдарына - жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.";

2) 488-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"488-статья. Калктуу конуштардын аймагын көрктөндүрүү эрежелерин бузуу

Калктуу конуштардын аймагын көрктөндүрүү эрежелерин бузуу, ошондой эле калктуу конуштарда тазалыкты жана тартипти камсыз кылуу эрежелерин сактабоо, -

жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн он өлчөмүндө, юридикалык жактарга - жүз өлчөмүндө, кызмат адамдарына - элүү өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Администрациялык жаза-чара колдонулгандан кийин бир жылдын ичинде кайталанып жасалган ошол эле аракеттер, -

жарандарга - алты саатка коомдук иштерге тартуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма өлчөмүндө, юридикалык жактарга - жүз жыйырма өлчөмүндө, кызмат адамдарына - элүү өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".

4-берене.

"Электр энергетикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" газетасы, 1997-жылдын 12-февралы, № 8) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

13-статья төмөнкүдөй мазмундагы 5 жана 6-бөлүктөр менен толукталсын:

"Эгерде тийиштүү жабдуунун кубаттуулугу электр энергиясын берүүнү жүзөгө ашырууга мүмкүнчүлүк түзгөн учурду кошпогондо, көп батирлүү үйлөрдүн жашоочуларынын (турак жайдын менчик ээлеринин шериктиктеринин) электр энергиясын башка өзүнчө турак, соода жана өнөр жай объектилерине берүүсүнө тыюу салынат.

Эгерде тийиштүү жабдуунун кубаттуулугу электр энергиясын берүүнү жүзөгө ашырууга мүмкүнчүлүк түзгөн учурду кошпогондо, электр энергетика ишканаларынын көп батирлүү үйлөргө арналган электр энергиясын башка өзүнчө турак, соода жана өнөр жай объектилерине берүүсүнө тыюу салынат.".

5-берене.

"Көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 7, 879-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

6-берене төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:

"6. Эгерде тийиштүү жабдуунун кубаттуулугу электр энергиясын берүүнү жүзөгө ашырууга мүмкүнчүлүк түзгөн учурду кошпогондо, турак жай менчик ээлеринин шериктиктеринин башка өзүнчө турак, соода жана өнөр жай объектилерине электр энергиясын берүүсүнө тыюу салынат.".

6-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

С. Жээнбеков