Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c9ecf073-59c0-4f39-9736-457074b3537c\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2018-жылдын 27-апрели № 43

"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

2018-жылдын 14-мартында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

1-берене.

"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 8, 392-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 8-статьянын 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4. Пенсия дайындоо үчүн зарыл болгон камсыздандыруу стажын эсептөө ушул статьянын 1 жана 2-пункттарында каралган бардык негиздер боюнча календардык мезгилде жүргүзүлөт.

Ушул статьянын 1 жана 2-пункттарында каралган жана милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу киргизилгенге чейин алынган камсыздандыруу стажынын мезгилдери жумуш берүүчүлөр же компетенттүү органдар тарабынан белгиленген тартипте берилүүчү документтердин негизинде эсептелинет.

Ушул статьянын 1 жана 2-пункттарында каралган жана милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу киргизилгенден кийин алынган камсыздандыруу стажынын мезгилдери жеке камсыздандыруу эсептеринин негизинде эсептелинет.

Жекече эсепке алуу киргизилгенге чейин камсыздандыруу иш стажын тастыктоочу негизги документ болуп эмгек китепчеси эсептелет.

Эмгек китепчесинде жекече эсепке алуу киргизилгенге чейин так эмес жазуулар байкалган учурда, Социалдык фонд жана анын аймактык органдары жумуш берүүчүлөрдөн жана компетенттүү органдардан тактоо мүнөзүндөгү маалыматтарды суратып алууга милдеттүү.

Эмгек китепчесиндеги жазуулардын так эместигине төмөнкүлөр кирет:

- эмгек китепчесинде жана паспортунда фамилиясынын, атынын, атасынын атынын (эгерде мындайлар болсо) жазылышындагы жана туулган датасындагы айырмачылыктар;

- эмгек китепчесинде жумуш берүүчүнүн мөөрүнүн (штампынын) жана жооптуу адамдын кол тамгасынын, кабыл алынган жана иштен бошотулган датанын жоктугу;

- эмгек китепчесиндеги жазууларда жумуш берүүчү уюмдун аталышынын жана аны күбөлөндүрүүчү мөөрдүн (штамптын) бири-бирине дал келбеши;

- эмгек китепчесиндеги жазууларда арыздануучу ээлеген кызмат ордунун аталышынын жоктугу.

Эмгек китепчесинде жекече эсепке алуу киргизилгенге чейинки эмгек ишмердигинин айрым мезгилдери жөнүндө жазуулар жок болгондо, камсыздандыруу стажын эсептөө үчүн камсыздандырылган адамдан архивдик маалымкаттар же камсыздандыруучулардан же компетенттүү органдардан камсыздандыруу стажын тастыктоочу документтер кабыл алынат.

Эгерде эмгек ишмердиги эмгек келишиминин, контракттын же жумуш берүүчү менен башка макулдашуулардын негизинде жүзөгө ашырылган учурда, камсыздандыруу стажына, камсыздандыруу төгүмдөрү төлөнгөн шарттарда, мындай ишмердүүлүктүн бүтүндөй мезгили эсептелинет.

Жекече эсепке алуу киргизилгенден кийин, жеке камсыздандыруу эсебинде эмгек ишмердигинин айрым мезгилдери тууралуу маалыматтар жок болгон учурда, Социалдык фонд жумуш берүүчүлөрдөн жана компетенттүү органдардан камсыздандыруу төгүмдөрүн төккөнү тууралуу маалыматтарды суратып алат, андан кийин аны жеке камсыздандыруу эсебине киргизет.

Камсыздандыруу стажын тастыктоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.";

2) 23-статья төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу бөлүк менен толукталсын:

"Ушул статьяда көрсөтүлгөн маалыматтарды берүү милдети Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте пенсия дайындала турган арыз ээсине жүктөлөт.";

3) 25-1-статья төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын:

"1-1. Камсыздандырылган адам пенсия курагына жеткенге чейин 6 ай мурда Социалдык фонддун аймактык органдарынын кароосуна курагы боюнча, анын ичинде жеңилдетилген шарттарда пенсия дайындоо үчүн зарыл болгон документтерди берүүгө укуктуу.";

4) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 25-2-статья менен толукталсын:

"25-2-статья. Дайындалган пенсия тууралуу маалыматтарды берүү

1. Социалдык фонд пенсия дайындалгандан кийин бир айдын ичинде пенсия алуучуга эсепке алынган камсыздандыруу стажынын мезгилдерин жана орточо айлык эмгек акысын эсепке алуу менен, пенсиянын өлчөмү чыгарылган эсептөөлөр менен таанышуусу үчүн пенсия дайындалганы тууралуу протоколду берет.

Пенсиянын өлчөмүнө макул болбогон учурда, пенсия алуучу пенсия дайындоо үчүн документтерге баа берүү боюнча Социалдык фонддун комиссиясына же сот органдарына кайрылууга укуктуу.

2. Ошону менен бир эле убакта пенсия алуучу бир айдын ичинде Социалдык фонддун сайтында жайгаштырылган электрондук жеке кабинетинде жүргүзүлгөн эсептөө (кайра эсептөө) менен таанышууга укуктуу.".

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

2019-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирүүчү 1-статьянын 4-пунктунун бешинчи абзацын кошпогондо, ушул Мыйзам 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

С.Жээнбеков