Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\c9ecf073-59c0-4f39-9736-457074b3537c\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2018-жылдын 19-майы № 49

Жер казынасы жөнүндө

(КР 2019-жылдын 8-июлундагы N 81 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

2018-жылдын 12-апрелинде

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

1-глава. Жалпы жоболор

1-берене. Ушул Мыйзамдын колдонуу чөйрөсү

1. Ушул Мыйзам жер казынасын пайдаланууда мамлекеттин жеке жана юридикалык жактар менен келип чыккан мамилелерин жөнгө сапат.

2. Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жоболоруна негизделет жана ушул Мыйзамдан жана ага ылайык кабыл алынган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынан турат.

3. Ушул Мыйзам мамлекеттик укуктук жөнгө салуунун тартибин, мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясын, жеке жана юридикалык жактардын укуктарын жана милдеттерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти аныктайт.

2-берене. Жер казынасын пайдаланууда башка мыйзамдарды жана ченемдик укуктук актыларды колдонуу

1. Жер казынасын пайдаланууда пайда болгон, жер, суу объектилерин, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн, атмосфералык абаны пайдалануу жана коргоо менен байланышкан жана ушул Мыйзам менен жөнгө салынбаган мамилелер Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдары менен жөнгө салынат.

2. Мамлекет жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү өз саясатын төмөнкүдөй жоболордун негизинде жүзөгө ашырат:

1) мамлекеттин өзгөчө коргоосунда турган жер казынасы анын гана менчиги болуп саналат;

2) жарандарды жана юридикалык жактарды тиешелүү түрдө жарандыгынын белгиси же катталган өлкөсү боюнча кодулоого жол берилбейт;

3) иштерди адамдар жана айлана-чөйрө үчүн коопсуз жүргүзүү үчүн шарттарды түзүүгө умтулуу;

4) Кыргыз Республикасынын минералдык-чийки зат базасын өнүктүрүү жана башкаруу;

5) Кыргыз Республикасынын жер казынасын кайтаруу жана сарамжалдуу пайдалануу;

6) өз ара пайдалуу кызматташтыктын негизинде жер казынасын пайдалануу менен байланышкан мамилелерди жөнгө салуу;

7) лицензиялоо жол-жоболорунун ачыктыгы, айкындыгы;

8) жер казынасын пайдаланууда атаандаштыкты чектөөгө жана монополиялаштырууга жол бербөө.

3. Продукцияны бөлүү жөнүндө макулдашуулардын жана концессиялык келишимдердин шарттарында жер казынасын пайдалануу мамилелеринин өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдарында белгиленет.

3-берене. Жер казынасына менчик укугу

Жер казынасы Кыргыз Республикасынын гана менчиги болуп саналат, Кыргызстан элинин жашоо-турмушунун жана ишинин негизи катары пайдаланылат жана мамлекеттин өзгөчө коргоосунда болот.

4-берене. Ушул Мыйзамда колдонулган терминдер

Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй терминдер колдонулат:

1) бенефициар - жер казынасын пайдалануучунун жана/же төмөнкүдөй жолдор аркылуу жер казынасын пайдалануу укугун алууга арыз берүүчүнүн акыркы ээси болуп саналган жеке жак, мамлекет:

а) акциялардын же уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 10 жана андан көп пайызына тике жана/же кыйыр ээлик кылуу; жана/же

б) башкаруунун жогорку органынын 10 жана андан көп пайызына тике жана/же кыйыр ээлик кылуу; жана/же

в) башкаруу органдарынын мүчөлөрүн тике жана/же кыйыр дайындоо жана/же чакыртып алуу;

2) бонус - Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык жер казынасын пайдалануу укугу үчүн төлөнүүчү салык;

3) калыбына келүүчү пайдалуу кен чыккан жерлер - иштеткенде табигый жолдор менен калыбына келүүчү, дарыя нугундагы кум-шагыл жаткан жерлер;

4) иргеп иштетүү - жер казынасынын калган запастарындагы өнөр жай баалуулуктарын төмөндөтүү менен жер казынасынан кыйла өндүрүмдүү запастарды иргеп алуу аркылуу техникалык долбоордун бузулушу;

5) жер казынасы жөнүндө геологиялык маалымат - жер казынасынын геологиялык түзүлүшү жана өнүгүү тарыхы, курамы, тоо породалары, жер алдындагы суулар, казып алынуучу пайдалуу кендер жана башка геологиялык түзүлүштөр жөнүндө, геофизикалык жана геохимиялык талаалар тууралуу, ошондой эле жер казынасын иликтөөнүн жана пайдалануунун жолдору жана натыйжалары жөнүндө, алынган минералдык чийки заттар тууралуу геологиялык отчеттордо, карталарда, сынамдарда, сыноо протоколдорунда жана башка материалдарда камтылган геологиялык, тоо-кендик-техникалык, технологиялык, экономикалык маалыматтар (көрсөткүчтөр);

6) геологиялык маалыматтык ресурстар - жер казынасы жөнүндө геологиялык жана башка маалыматтар камтылган жыйынды документтер жана геологиялык материалдар;

7) геологиялык бөлүндү жер - жер казынасын геологиялык изилдөө үчүн берилүүчү жана бурчтук чекиттери менен координаттардын тик бурчтуу эки өлчөмдүү системасындагы графикалык документтерде аныкталган жер казына тилкеси;

8) жер казынасын геологиялык иликтөө - геологиялык-издөө, геологиялык чалгындоо, региондук-геологиялык сүрөткө тартып алуу, геологиялык, геофизикалык жана башка иш түрлөрүн жүргүзүү;

9) геологиялык-издөө иштери - региондук, жалпы жана тарамдык издөөнү, ошондой эле пайдалуу казындылардын көрүнүштөрүн жана кендерин алардын божомолдонгон ресурстарын баалоо жана аларда геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүнүн максатка ылайыктуулугуна баа берүү менен ачууга багытталган издөөчү-баалоочу иштерди камтыган геологиялык изилдөөлөр;

10) геологиялык чалгындоо иштери - жер казына тилкелерин, анын ичинде жер астындагы сууларды жана жылуулук ресурстарын алдын ала жана тарамдап чалгындоо стадияларын камтыган, пайдалуу кендердин санын жана сапатын, алардын технологиялык касиеттерин, геологиялык, тоо-кендик-техникалык, гидрогеологиялык жана башка шарттарын аныктоо менен аларды изилдөө жана иштетүүгө даярдоо максатындагы геологиялык изилдөөлөр;

11) тоо-кендик мүлк - жер казынасын пайдалануучу тарабынан түзүлгөн же сатып алынган жер, тоо-кендик же геологиялык бөлүндү жерлердин чегинде жер казынасын пайдаланууну камсыз кылуучу кыймылсыз мүлк;

12) тоо-кендик бөлүндү жер - тереңдиги тиешелүү пайдалуу кендердин тереңдиги менен аныкталып, пайдалуу кендерди иштетүү үчүн берилген жана графикалык документте бурчтук чекиттери менен координаттардын тик бурчтуу үч өлчөмдүү системасында аныкталган жер казынасынын тилкеси, ошондой эле пайдалуу кендерди иштетүү менен байланышпаган объекттерди жайгаштыруу үчүн берилүүчү жер казынасынын тилкеси;

13) пайдалуу кендердин тобу - жалпы белгилери менен бириктирилген пайдалуу кендердин түрлөрү. Бул Мыйзамдын максаттары үчүн пайдалуу кендердин төмөндөгү топтор бөлүнүп көрсөтүлдү:

а) 1-топ - мунай жана газ;

б) 2-топ- тузсуз жана жер алдынан чыгуучу минералдык суулар;

в) 3-топ - башка пайдалуу кендер;

14) скважинанын дебити - убакыт бирдиги ичинде скважинадан казып алууга мүмкүн болгон пайдалуу кендин максималдуу саны;

15) баланстан тышкаркы запастар - эсепке алуу же кайра эсепке алуу учуруна карата экономикалык жактан максатка ылайыксыз же болбосо иштетүүгө мүмкүн болбогон катары Кыргыз Республикасынын Пайдалуу кендеринин мамлекеттик балансында эсепке алынган пайдалуу кендеринин запастары;

16) жер казынасын пайдалануу үчүн берилүүчү жерлер - ушул Мыйзамда каралган жер казынасын пайдалануу укугунун лицензиясынын, концессиялык келишимдин, продукцияны бөлүү жөнүндө макулдашуунун жана мамлекеттик каттоонун негизинде пайдалуу кендерди иштетүү үчүн жана графикалык документацияда тик бурчтуу координата тутумунда бурчтук чекиттери менен аныкталуучу инфраструктуранын башка объекттерин (жолдор, кампалар, калдык сактоочу жерлер, электр берүү линиялары, вахта поселогу жана башка жер казынасын пайдалануу максатында гана колдонулуучу инфраструктура объекттери) куруу үчүн жер казынасын пайдалануучуга берилген жерлер;

17) санитардык коргоо зонасы - суу менен жабдуу булагынын жана суу курулмаларынын айланасындагы, алардын булганышын же ыпласталышын жокко чыгаруучу же чектөөчү өзгөчө режим белгиленүүчү аймак;

18) инфраструктура - жер казынасын пайдалануу ишмердүүлүгүн түзгөн жана камсыз кылган өз ара байланыштуу түзүмдөрдүн жана/же объекттердин комплекси;

19) казып алуу тармактарынын ачыктыгынын демилгеси (мындан ары - КТАД) - өнөр жайдын кен казып алуучу тармактарынын ишинен түшүүчү кирешелердин ачыктыгын камсыз кылууга көмөктөшүүчү, компаниялардын төлөмдөрүн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алуучу кирешелерди салыштырууну жана кеңири коомчулукка үзгүлтүксүз маалымдоону кароочу глобалдык эл аралык стандарт;

20) консервация - токтотулган иштерди улантуу мүмкүнчүлүгүн сактоо менен геологиялык-издөө, геологиялык чалгындоо иштерин жана/же пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүүнү жана/же тоо-кендик жана башка мүлктү куруу жана иштетүү менен байланышкан иштерди убактылуу токтотуу;

21) тоо-кендик мүлктү жоюу - жер казынасын пайдалануу токтотулганда жүргүзүлүүчү жана мүлктү андан ары пайдалануунун мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруучу, ошондой эле калктын өмүрүн жана ден-соолугун, жер казынасын жана айлана-чөйрөнү коргоону камсыз кылуучу иш-чаралардын комплекси;

22) лицензиат - жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиясы бар жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катталган жеке же юридикалык жак;

23) лицензиялык аянт - жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия берилген жана графикалык документте бурчтук чекиттери менен координаттардын тик бурчтуу эки өлчөмдүү системасында белгиленген тоо-кендик жана геологиялык бөлүндү жерлерге туура келүүчү жер бетинин үстүндөгү тилкеси; лицензиялык аянттын өлчөмү чарчы километр же гектар менен ченелет;

24) лицензиялык орган (лицензиар) - жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;

25) лицензиялык макулдашуу - жер казынасын пайдалануунун шарттары аныкталуучу, лицензиянын ажыралгыс бөлүгү;

26) жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия - ушул Мыйзамга ылайык лицензиялык орган берүүчү, жер казынасынын тилкесин пайдалануу укугун күбөлөндүрүүчү документ;

27) пайдалуу кен чыккан жерлер - иштетилүүсү өнөр жайлык максатка ылайыктуу болгон, бааланган пайдалуу кендерди камтыган жер казынасынын тилкеси;

28) жер казынасы - кыртыштык катмардан, ал болбогондо жер үстүнөн жана көлмөлөрдүн жана агын суулардын түбүнөн төмөн жайгашкан, пайдалуу кендердин чачылма заттарын кошуп алганда, геологиялык изилдөө жана өздөштүрүү үчүн жеткиликтүү болгон тереңдиктерге чейинки жер катмарынын бөлүгү;

29) көз карандысыз экспертиза - мыйзамдарда белгиленген тартипте аккредиттөөдөн өткөн, көз карандысыз жактар тарабынан жүргүзүлүүчү тиешелүү иштерди жүргүзүүгө карата техникалык долбоорлордун экспертизасы;

30) лицензиянын номери - Кыргыз Республикасынын аймагында уникалдуу болгон Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте лицензияга ыйгарылуучу номер;

31) жер казынасын коргоо - Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдарында белгиленген жер казынасын сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылуу боюнча чаралардын комплекси;

32) геологиялык маалыматтардын топтому - жер казынасынын конкреттүү тилкеси боюнча кагаз жана/же электрондук булакта жазылган, жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган түзүүчү колдо болгон геологиялык, тоо-кендик-техникалык, технологиялык жана башка маалыматтардын жыйындысы;

33) геологиялык изилдөөлөрдүн алгачкы материалдары - скважинаны бургулоонун керни, мунайзаттын, суунун, газдын сынамыктары, таш материалдарынын үлгүлөрү, ар түрдүү багыттагы коллекциялар, сынамыктардын дубликаттары, шлифтер жана башкалар менен көрсөтүлгөн табигый булактардагы маалымат (буюм маалыматы); талаа байкоо журналын жана документтерди, анын ичинде санариптик документтерди, сынамык журналдарын, сынамыктардын анализдеринин жыйынтыктарын, геофизикалык байкоо жазууларын жана башка ушул сыяктуу материалдарды кошуп алганда, жасалма (кагаз, магнит жана башка) булактардагы маалымат;

34) лицензияны кармап калуу үчүн төлөм - лицензиат жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармап калуу үчүн ушул Мыйзамга жана "Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык төлөй турган акчалай сумма;

35) пайдалуу кендер - химиялык курамы жана физикалык касиеттери материалдык өндүрүш жана керектөө чөйрөсүндө пайдаланууга мүмкүнчүлүк берген, жер казынасында жана техногендик түзүлүштөрдө камтылган табигый минералдык ресурстар, анын ичинде көмүр суутектер жана жер астындагы суулар, ошондой эле жердин үстүндө жайгашкан минералдар жана табигый мүнөздөгү катуу тоо тектери;

36) жер казынасын пайдалануу - техногендик түзүлүштөрдөн пайдалуу кендерди бөлүп алуу боюнча иштерди кошуп алганда жер казынасынын айрым тилкесин пайдалануу;

37) жер казынасын пайдалануучу - жер казынасын пайдаланууга укуктуу жеке же юридикалык жак.

38) жер казынасын пайдалануу укугун токтотуу - жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечиминин негизинде лицензияны жокко чыгаруу, ошондой эле концессиялык келишимди же продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашууну токтотуу;

39) жер казынасын пайдалануу укугун убактылуу токтотуу - тоо-кен мүлкү сакталган, бузулбаган, адамдар жана айлана-чөйрө үчүн коопсуз абалда кармап туруу боюнча иштерди кошпогондо, жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган табылган мыйзам бузууларды четтетүү үчүн, ошондой эле форс-мажордук жагдайлар таасир кылган учурларда жер казынасын пайдалануучуга карата колдонуучу, жер казынасын пайдалануу укугун убактылуу чектөө;

40) пайдалуу кендердин көрүнүштөрү - белгиленген тартипте кен чыгуучу жер деп эсептелбеген, жер казынасындагы пайдалуу кендердин табигый (анын ичинде жер астындагы суулар);

41) пайдалуу кендерди иштетүү - жер казынасынан пайдалуу кендерди чогултуу, чыгарып алуу жана кайра иштетүү (анын ичинде жер алдындагы сууларды алуу) жана техногендик түзүлүштөрдү жыйноо, алуу боюнча пайдалуу кендер жаткан жерлердеги иштер;

42) рекультивация - бузулган жерлердин түшүмдүүлүгүн жана эл чарбалык маанисин калыбына келтирүүгө багытталган иш-чаралардын комплекси;

43) роялти - Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык жер казынасын пайдалануу үчүн төлөнүүчү салык;

44) сервитут - жер казынасын пайдалануу максаттары үчүн жерге, тоо-кендик жана/же геологиялык бөлүндүлөргө жетүүгө карата чектелген укук;

45) скважина - тегерек кесилиштеги, жер үстүнөн же жер астындагы иштетилген орундан адамдын баруусуз эле, горизонтко карата кайсы болбосун бурч менен бургуланган, диаметри анын тереңдигинен кыйла аз болгон тоо-кендик иштетүү;

46) коштогон пайдалуу кендер жана компоненттер - казып алынышы негизги пайдалуу кендер менен бирге жүзөгө ашырылуучу, ал эми бөлүп алынуусу жана өнөр жайлык пайдаланылуусу негизги минералдык чийки затты кайра иштетүү процессинде технологиялык жактан мүмкүн жана экономикалык жактан максатка ылайыктуу болгон пайдалуу кендер жана компоненттер;

47) социалдык пакет - бул жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын пайдалануу объектиси жайгашкан региондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө көмөктөшүү жөнүндө жер казынасын пайдалануучу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ортосундагы ыктыярдуу макулдашуу, ал жергиликтүү коомчулукту өнүктүрүүнүн социалдык-экономикалык программасынын негизинде даярдалат;

48) техникалык-экономикалык негиздеме (ТЭН) - пайдалуу кенди иштеп чыгуу жана аны ишке ашыруунун экономикалык максатка ылайыктуулугун баалоо долбоорунун биологиялык, техникалык жана экономикалык параметрлерин камтыган документ;

49) техникалык долбоор - пайдалуу кен чыккан жерлерди жана/же техногендик заттарды геологиялык иликтөө, өнөр жайлык өздөштүрүү үчүн зарыл болгон, тоо-кендик долбоордун геологиялык, тоо-кендик, технологиялык (байытуучу жана/же металлургиялык), финансы-экономикалык бөлүктөрүн жана жер тилкелерин рекультивациялоону камтыган кен-кесири (жумушчу) талдоочу жана графикалык документтер;

50) техногендик заттар - тоо-кен казып алуу, байытуу жана металлургиялык өндүрүш калдыктары болуп саналган, пайдалуу компоненттер камтылган минералдык заттардын, тоо-кен массаларынын топтолушу.

51) жер казынасынын тилкеси - жер казынасынын мейкиндик чектери бар геометриялаштырылган бөлүгү;

52) форс-мажор - жер казынасын пайдалануунун шарттарын аткарууга тоскоолдук кылуучу жана татаалдантуучу ал жеткис күч жагдайы. Ал жеткис күч - жер титирөө, суу ташкыны сыяктуу табигый кырсыктардын же курчоонун, согуштун, иш таштоонун жана алдын ала айтууга же болтурбай коюуга мүмкүн болбогон же болбосо алдын ала айтууга мүмкүн болбогон, бирок токтотуп калууга мүмкүн эмес башка жагдайлардын натыйжасында келип чыгуучу өзгөчө жана четтетүү мүмкүн болбогон жагдайлардын пайда болушу;

53) экономикалык (баланстык) запастар - иштетүү үчүн экономикалык жактан максатка ылайыктуу катары Кыргыз Республикасынын пайдалуу кендеринин запастарынын Мамлекеттик балансында эсепке алынган пайдалуу кендердин запастары.

2-глава. Жер казынасын пайдалануу маселелери боюнча мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктары

5-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктары

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

1) жер казынасынын Мамлекеттик фондун тескейт жана башкарат;

2) жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жана мыйзамдарды ишке ашырууну жана өркүндөтүүнү камсыз кылат;

3) минералдык чийки заттын стратегиялык түрлөрүнө мамлекеттик муктаждыктарды канааттандырууга арналган жер казынасынын тилкелерин жана кен чыккан жерлерди аныктайт;

4) улуттук коопсуздукту, калктын коопсуздугун жана айлана-чөйрөнү коргоону камсыз кылуу максатында жер казынасын пайдаланууга чектөөлөрдү жана тыюу салууларды белгилейт;

5) стратегиялык мааниге ээ болгон жер казынасынын тилкелеринин, кен чыккан жерлердин тизмегин бекитет;

6) конкурска коюлууга тийиш болгон жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын тилкелеринин реестрин бекитет;

7) Кыргыз Республикасынын Пайдалуу кендердин запастары боюнча мамлекеттик комиссиясы (мындан ары - ЗМК) жөнүндө жобону бекитет;

8) жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө техникалык регламенттерди бекитет;

9) Жер казынасын пайдалануу укугун берүүгө конкурстарды өткөрүү боюнча комиссиянын (мындан ары - конкурстук комиссия) курамын жана ал жөнүндө жобону бекитет;

10) ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат;

11) КТАД эл аралык стандартын сактайт.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктарын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жүзөгө ашырат.

6-берене. Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ыйгарым укуктары

Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган:

1) жер казынасын пайдалануу жаатында мамлекеттик саясатты иштеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө киргизет;

2) жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгат;

3) жер казынасын пайдалануу жаатындагы салык мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизет;

4) жер казынасын геологиялык изилдөө жана пайдалуу кендерди казып алуу үчүн инвестицияларды тартуу максатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен бирдикте жер казынасын пайдаланууда инвестициялык саясатты иштеп чыгат;

5) конкурстук жана аукциондук комиссияларга катышат;

6) жер казынасын пайдалануу жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашырат;

7) Пайдалуу кендердин мамлекеттик резервинин жер казынасын жана жер тилкелерин пайдаланууга укук берүү тутумун уюштурат;

8) жер казынасын геологиялык изилдөө жана пайдалуу кендерди иштеп чыгуу үчүн инвестицияларды тартат;

9) жер казынасын геологиялык изилдөөнү жөнгө салат;

10) Кыргыз Республикасынын Пайдалуу кендеринин запастарынын мамлекеттик балансын жүргүзөт;

11) Кыргыз Республикасынын Пайдалуу кендеринин жана заттарынын мамлекеттик кадастрын (мындан ары - Кадастр) жүргүзөт;

12) Мамлекеттик геологиялык маалыматтык фондду башкаруу боюнча ишти уюштурат;

13) Кыргыз Республикасынын Пайдалуу кендердин запастары боюнча мамлекеттик комиссиясынын ишин уюштурат;

14) ушул Мыйзамда каралган учурларда жер казынасын пайдаланууга укуктарды мамлекеттик каттоону жүзөгө ашырат;

15) колдонуудагы лицензиялар боюнча маалыматтарды, лицензиялык аянтчалардын координаттарын, жер казынасын пайдаланууга уруксат берүүлөрдүн шарттарын жана бенефициарлар жөнүндө маалыматты веб-сайтка жайгаштырат;

16) тоо-кен жана геологиялык долбоорлордун экспертизасын жүргүзөт;

17) жер казынасын пайдалануу маселелери боюнча соттук талаш-тартыштарда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан иш алып барат;

18) жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө техникалык регламенттерди, эрежелерди иштеп чыгат;

19) ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

7-берене. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары

Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:

1) ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексинде белгиленген учурларда, лицензияда аныкталган мөөнөттөргө жер бөлүндүсүн жана жер тилкелерин убактылуу пайдалануу укугун берет;

2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чектерде санитардык коргоо зоналарын түзүүнү милдеттүү түрдө эсепке алуу менен сууну топтоочу курулмалар үчүн жерлерди бөлүп берет;

3) лицензиаттардын лицензиялык аянтка тоскоолдуксуз жетүүсүн камсыз кылат;

4) пайдалуу кендерди өз алдынча казып алууга бөгөт коёт;

5) кендерди иштетүүдө же жер казынасын геологиялык изилдөөдө пайдаланылган тоо-кен жана башка мүлктү жоюуга жана консервациялоого, ошондой эле жер тилкелерин рекультивациялоого катышат;

6) администрациялык-аймактык бирдиктин чегинде жайгашкан жер казынасынын тилкелерине конкурстарды жана аукциондорду өткөрүү боюнча комиссиялардын ишине катышат;

7) жер казынасын пайдалануу долбоорлорунун коомдук экологиялык экспертизасын уюштурат;

8) жер казынасын пайдалануучулардын иш-аракетине мыйзамсыз кийлигишүүнү токтотуу максатында жергиликтүү калктын арасында иш жүргүзөт;

9) жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын объектилери жайгашкан административдик-аймактык бирдиктин аймагында жашаган жергиликтүү калк үчүн социалдык пакеттерге жана аларды ишке ашыруу боюнча жылдык отчётторго жеткиликтүүлүктү камсыздайт. Социалдык пакеттер жана аларды ишке ашыруу боюнча жылдык отчеттор аларга кол коюлган күндөн жана/же алынган учурдан тартып жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациянын имараттарында сакталууга тийиш;

10) алтын чайкоо иштери боюнча жеке ишкерлердин реестрин жүргүзөт жана мамлекеттик каттоону жүргүзөт;

11) ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жер казынасын пайдалануу боюнча башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

8-берене. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ыйгарым укуктары

1) Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жер казынасын пайдалануучулардын жер казынасын сарамжалдуу пайдалануусун жана коргоосун контролдоону жүзөгө ашырат;

2) Геологиялык жана бөлүнгөн жерлердин чегинде экологиялык жана өнөр жайлык коопсуздукту камсыз кылууга мамлекеттик көзөмөлдү жүзөгө ашырат;

3) Геологиялык издөө жана жер казынасын өнөр жайлык өздөштүрүүдө жаратылышты коргоо мыйзамдарынын жана өнөр жай коопсуздугунун сакталышына мамлекеттик контролду жүзөгө ашырат;

4) Кендерди иштетүүдө же жер казыналарын геологиялык иликтөө, ошондой эле жер тилкелерин рекультивациялоодо пайдаланылган тоо-кендик жана башка мүлктү жок кылууну жана консервациялоону контролдойт.

9-берене. Жер казынасынын мамлекеттик фонду

1. Кыргыз Республикасындагы бардык жер казыналары Мамлекеттик жер казына фондун түзөт.

2. Мамлекеттик жер казына фонду өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) Кыргыз Республикасынын жер казыналары жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте пайдаланууга берилген жер казыналарынын тилкелерин (жер казынасынын бөлүштүрүлгөн фондун);

2) Кыргыз Республикасынын жер казыналары жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте пайдаланууга берилбеген жер казыналарынын тилкелерин (жер казынасынын бөлүштүрүлбөгөн фондун).

10-берене. Кыргыз Республикасынын кендеринин жана пайдалуу кен заттарынын мамлекеттик кадастры

1. Кадастр кендерди жана пайдалуу кен заттарын мамлекеттик эсепке алуу максатында жүргүзүлөт жана Мамлекеттик жер казына фондун түзүүнүн негизи болуп саналат.

2. Кадастр ар бир кен жана заттар боюнча жалпы маалыматтарды камтыйт.

3. Кадастрды жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган геологиялык маалымат ресурстарынын негизинде түзөт жана жүргүзөт.

11-берене. Кыргыз Республикасынын пайдалуу кендеринин запастарынын мамлекеттик балансы

1. Кыргыз Республикасынын пайдалуу кендеринин запастарынын мамлекеттик балансы кен чыккан жерлер боюнча пайдалуу кендердин саны, сапаты жана иликтенгендигинин даражасы, алардын жайгашуусу жана өнөр жайлык өздөштүрүү даражасы, казып алуу жана пайдалуу кендердин чалгындалган запастары менен иштеп жаткан ишканалардын камсыз кылынышы жөнүндө маалыматтарды камтыйт.

2. Өнөр жайлык маанисин жоготкон казып алуу процессинде жоготулган же болбосо кийинки геологиялык чалгындоо иштеринде же пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүүдө ырасталбаган пайдалуу кендердин баланстагы запастарын эсептен чыгаруу жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт, андан соң Кыргыз Республикасынын пайдалуу кендеринин запастарынын мамлекеттик балансына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилет. Пайдалуу кендерди эсептен чыгаруунун тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.

3. Казып алууга укук жергиликтүү мамлекеттик администрацияларда мамлекеттик каттоо жолу менен берилүүчү пайдалуу кендердин запастары эсепке алынбайт.

12-берене. Пайдалуу кендердин запастарын жана ресурстарын мамлекеттик эсепке алуу жана каттоо

1. Пайдалуу кен чыккан жерлерде жайгашкан пайдалуу кендердин запастары жана болжолдонгон ресурстары - ЗМК чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын пайдалуу кендеринин запастарынын мамлекеттик балансында эсепке алынууга тийиш.

2. Пайдалуу кендердин запастарын мамлекеттик баланска коюу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен, өз ишин ЗМК жөнүндө жобого ылайык жүргүзгөн жогорку квалификациялуу эксперттердин ичинен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү түзгөн ЗМК жүргүзөт.

3. Пайдалуу кендердин запастарын эсепке алуу тартиби жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.

13-берене. Жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын тилкелери

1. Мамлекеттин экономикалык кызыкчылыктарын жана коопсуздугун камсыз кылуу максатында жер казынасынын айрым тилкелери жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын тилкелерине киргизилиши мүмкүн.

2. Жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын тилкелеринин реестрин жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт жана бекитет.

Реестр жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын тилкелеринин бурчтук чекиттеринин координаттарын милдеттүү тартипте камтууга тийиш.

3. Жер казынасын пайдалануу укугу берилген объекттер да жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын тилкелеринин реестрине киргизилет.

14-берене. Жер казынасы жөнүндө геологиялык маалымат

1. Жер казынасы жөнүндө геологиялык маалымат Кыргыз Республикасынын менчиги болуп саналат.

2. Жер казынасы жөнүндө геологиялык маалымат жер казынасын пайдалануу мезгилине жер казынасын пайдалануучуга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте башка кызыкдар жактарга жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик орган тарабынан берилиши мүмкүн.

3. Ишкерлердин, ишканалардын жана уюмдардын, анын ичинде биргелешкен жана чет өлкөлүк ишканалардын жана уюмдардын каржылоосу менен алынган жер казынасы жөнүндө геологиялык маалымат жер казынасын пайдалануу укугунун мезгилинде алардын менчиги болуп саналат, бул мезгил бүткөндө жер казынасы жөнүндө маалымат мамлекеттин менчигине акысыз өтөт жана геологиялык фонддорго өткөрүлүп берилет.

4. Мурда мамлекеттен алынган, ошондой эле мыйзам бузуу менен алынган жер казынасы жөнүндө мамлекеттик геологиялык маалыматы бар бардык жактар, алар жер казынасын пайдалануучу болгондугуна же жоктугуна карабастан, жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алгачкы талабы боюнча ошол маалыматты мамлекеттин менчигине берүүгө милдеттүү.

5. Жер казынасы жөнүндө геологиялык маалыматты мамлекеттин менчигине бербеген же берүүдөн качкан же жер казынасы жөнүндө так эмес маалымат берген учурда бул үчүн күнөөлүү жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

15-берене. Мамлекеттик геологиялык маалымат фонду

1. Мамлекеттик геологиялык маалымат фонду жер казынасы жөнүндөгү геологиялык маалыматты, ошондой эле архивдерди, таш жана керн материалынын үлгүлөрүнүн коллекцияларын, палеонтологиялык калдыктарды, шлифтерди, аншлифтерди, музейлик коллекцияларды, кагаз жана электрондук булактардагы атайын адабият китепканасын камтыйт.

2. Мамлекеттик геологиялык маалымат фонду бардык жер казынасын пайдалануучулар тарабынан геологиялык маалыматтын милдеттүү нускасын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте акысыз берүү системасынын негизинде түзүлөт.

3. Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган геологиялык маалымат ресурстарынын электрондук жана кагаз дубликаттарын толук көлөмдө түзүүгө жана кармап турууга жана жоготууну же уруксатсыз пайдаланууну болтурбоо шартында алардын сакталышын камсыз кылууга милдеттүү. Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдары геологиялык маалымат ресурстарынын сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат.

4. Жер казынасын пайдалануучулар жыл сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен форма боюнча геологиялык отчетту сынамыктын географиялык жактан сыналган маалыматтар базасы менен кошо кагаз жана электрондук булактарда Мамлекеттик геологиялык маалымат фондуна берүүгө милдеттүү.

5. Мамлекеттик геологиялык маалымат фонду менчиктештирилбейт. Лицензияланган объектте жүргүзүлгөн изилдөөлөр жөнүндө толук маалыматты камтыган акыркы бүткөрүлгөн отчет болгондо гана ортодогу (ар жылдык) геологиялык отчетторду жоюуга жол берилет.

6. Жер казынасын пайдалануучунун менчиги болгон жана Мамлекеттик геологиялык маалымат фондуна берилген геологиялык маалыматты үчүнчү жактын пайдаланышынын шарттары жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылат. Эгерде геологиялык маалыматты пайдалануунун өзгөчө шарттары үчүнчү жактар менен макулдашылбаса, үчүнчү жактар геологиялык маалыматка жалпы негизде жетүүгө укуктуу.

7. Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жер казынасын пайдалануучуга берилген, жер казынасын пайдалануучунун менчиги болуп саналган геологиялык маалыматтын купуялуулугун камсыз кылууга милдеттүү. Жер казынасын пайдалануучу тарабынан Мамлекеттик геологиялык маалымат фондуна берилген геологиялык маалыматтын купуялуулугунун мезгилинде жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан төмөнкүлөр үчүн гана пайдаланылышы мүмкүн:

1) Кыргыз Республикасынын пайдалуу кендеринин запастарынын Кадастрын жана Мамлекеттик балансын жүргүзүү максатында;

2) жер казынасын мамлекеттик геологиялык изилдөөнү уюштуруу максатында түзүү үчүн зарыл болгон жер казынасынын түзүлүшү жана өнүгүшү, алардын жайгашышынын мыйзам ченемдиги жана башка маалыматтар жөнүндө геологиялык маалымат ресурстарын түзүү.

8. Жер казынасын пайдалануучуга таандык геологиялык маалыматты пайдалануу менен жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан түзүлгөн геологиялык маалымат ресурстары мамлекеттин менчиги болуп саналат.

16-берене. Геологиялык маалымат ресурстарын берүү тартиби

1. Геологиялык маалымат ресурстары жеткиликтүү жана акы төлөнүүчү ресурстар болуп саналат.

2. Геологиялык маалымат ресурстарын алуунун эки деңгээли белгиленет:

1) таанышуучу - маалымат булактарын Мамлекеттик геологиялык маалымат фондунун жана көчүрмөлөөнүн орун-жайларынан сырткары алып чыкпастан геологиялык маалыматты изилдөө;

2) пайдалануучу - иштеп жаткан жер казынасын пайдалануучулардын менчиги болуп саналган геологиялык маалыматты кошпогондо, алда канча кең-кесири геологиялык маалыматтарды камтыган документтерди электрондук жана кагаз жүзүндө көчүрмөлөөгө жол берүү.

3. Геологиялык маалымат ресурстарын берүүнүн жана пайдалануунун тартиби, аларды алуу үчүн төлөмдүн өлчөмү, алардын наркы, ошондой эле түшкөн каражаттарды чыгымдоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

4. Жогорку жана атайын орто окуу жайларынын студенттери жана аспиранттары таанышуу деңгээлинин алкагында Мамлекеттик геологиялык маалымат фондунун геологиялык маалымат ресурстарын пайдаланууга укуктуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген чектерде геологиялык маалымат ресурстарын пайдалануу үчүн акы төлөөдөн бошотулат.

5. Геологиялык маалымат ресурстарын алуу үчүн төлөнгөн акы Мамлекеттик геологиялык маалымат фондун өнүктүрүүгө жана минералдык-чийки зат базасын толтурууга жумшалат.

6. Геологиялык маалымат ресурстарынын түп нускалары менен иштөөгө Мамлекеттик геологиялык маалымат фондунун жайларында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жол берилет.

7. Мамлекеттик жашыруун сырды түзгөн геологиялык маалымат ресурстарына жеткиликтүүлүк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жүзөгө ашырылат.

3-глава. Жер казынасын пайдалануу укуктарын берүү тартиби

17-берене. Жер казынасын пайдалануунун түрлөрү

Жер казыналары төмөнкүлөр үчүн пайдаланууга берилет:

1) геологиялык карта түзүү жана региондук геологиялык, геофизикалык жана башка илимий изилдөөлөр;

2) геологиялык-издөө иштери;

3) геологиялык чалгындоо иштери;

4) жер астындагы сууларды алууну жана пайдаланууну кошо алганда, пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү;

5) пайдалуу кендерди иштетүүгө байланышпаган жер астындагы курулуштарды куруу жана иштетүү (мунайзатты, газды жана башка заттарды, материалдарды сактоо, зыяндуу заттарды көмүү, жердин жылуулугун пайдалануу жана башка муктаждыктар үчүн);

6) илимий, маданий, тарыхый, эстетикалык, санитардык-ден соолукту чыңдоочу жана башка мааниси бар өзгөчө корголуучу объекттерди (илимий жана окутуу полигондору, геологиялык коруктар, үңкүрлөр жана башка жер астындагы көңдөйлөр) түзүү.

18-берене. Жер казынасын пайдалануу укугун берүүнүн негиздери

1. Жер казынасын пайдалануу укугу төмөнкүлөрдүн негизинде келип чыгат:

1) лицензиянын;

2) мамлекеттик каттоонун;

3) концессиялык келишимдин;

4) продукцияны бөлүү жөнүндө макулдашуунун.

2. Төмөнкүлөр мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш:

1) бекитилген программа боюнча аткарылуучу жер казынасын илимий изилдөөлөр;

2) жекече алтын чайкап алуу иши;

3) курулуш максаттарында кум-шагыл жана чопо топурак материалдарын конкурстук жана аукциондук объекттерге кирбеген тилкелерде казып алууга укук.

3. Бекитилген программа боюнча аткарылуучу жер казынасын изилдөө боюнча илим-изилдөө иштерин мамлекеттик каттоону жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзөт.

4. Жекече алтын чайкап алуу иштерин мамлекеттик каттоону жана курулуш максаттарында кум-шагыл жана чопо топурак материалдарын конкурстук жана аукциондук объекттерге кирбеген тилкелерде казып алууга укукту мамлекеттик каттоону жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жүргүзөт.

5. Табигый рельефтен эки метрден ашпаган тереңдиктеги карьердин шарттарында кум-шагылдар аралашмасын жана чопо топурак казып алуу техникалык долбоорсуз жүзөгө ашырылат.

Карьердин тереңдиги 2 метрден ашкан учурда кум-шагыл аралашмаларын жана чопо топурак казып алуу өнөр жай жана экологиялык коопсуздук жаатында оң эксперттик корутундуну алган техникалык долбоорго ылайык жүзөгө ашырылат.

6. Кум-шагыл аралашмаларын жана чопо топурак казып алууну мамлекеттик каттоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте жергиликтүү мамлекеттик администрациялар тарабынан жүзөгө ашырылат.

(КР 2019-жылдын 8-июлундагы N 81 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

19-берене. Жер казынасын пайдалануучулар

1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн юридикалык жактар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча жеке ишкерлер катары катталган жеке жактар, анын ичинде чет өлкөлүк жарандар жер казынасын пайдалануучулар боло алат.

2. Жер казынасын пайдалануу укуктарын алууда жана жүзөгө ашырууда тиешелүүлүгүнө жараша жарандыгынын же катталган өлкөсүнүн белгилери боюнча жарандарды жана юридикалык жактарды басмырлоого жол берилбейт.

3. Чет өлкөлүк юридикалык жактар жер казынасын пайдалануу укуктарын берүү боюнча конкурстарга же аукциондорго катышууга же "биринчи берилген өтүнмө" эрежеси боюнча жер казынасын пайдалануу укугун алууга өтүнмө берүүгө укуктуу.

4. Аукциондун же конкурстун жеңүүчүсү деп таанылган же болбосо пайдасына "биринчи берилген өтүнмө" эрежеси боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү жөнүндө чечим кабыл алынган чет өлкөлүк юридикалык жак ага жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны жол-жоболоштуруу үчүн Кыргыз Республикасында 100 пайыз үлүштүк катышуусу бар туунду компанияны түзүүгө милдеттүү.

5. Конкурстун жыйынтыктары боюнча продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө концессиялык келишим же макулдашуу түзгөн учурда, ушул берененин 4-бөлүгүнүн талаптары тиешелүү мыйзамдарда белгиленген алып коюулар менен колдонулат.

20-берене. Жер казынасын пайдалануучулардын милдеттери

Жер казынасын пайдалануучулар төмөнкүлөрдү камсыз кылууга милдеттүү:

1) жер казынасын иликтөө, пайдалануу жана коргоо чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын сактоого;

2) техникалык-экономикалык негиздемеде же техникалык долбоордо каралган регламенттерге ылайык жер казынасынын негизги жана алар менен бирге жаткан пайдалуу кендерди жана чогуу болгон компоненттердин запастарын болушунча толук иргеп алууну камсыз кылууга;

3) кен чыккан жерлерди иштетүүдө иргеп алынган, кайра иштетилген жана жер казынасында калтырылган негизги жана алар менен бирге жаткан пайдалуу кендердин жана чогуу болгон компоненттердин запастарын эсепке алууга;

4) пайдалуу кен чыккан жерлерди пайдалуу кендердин сапатын жана кен чыккан жерлердин өнөр жайлык баалуулугун төмөндөтүүчү же аларды иштетүүнү татаалдаштыруучу суу каптоодон, суунун ташкынынан, өрттөн жана башка факторлордон коргоого;

5) жер казынасын пайдалануу менен байланышкан иштерди жүргүзүүдө, ошондой эле мунай, газ же башка заттарды жана материалдарды жер алдында сактоодо, өндүрүштүк зыяндуу заттарды жана калдыктарды көмүүдө, саркынды сууларды агызып чыгарууда жер казынасын булгоонун алдын алууга;

6) пайдалуу кендерди казып алуу боюнча ишканаларды жана пайдалуу кендерди казып алуу менен байланышпаган жер астындагы курулмаларды консервациялоонун жана жоюунун белгиленген тартибин сактоого;

7) пайдалуу кендер жаткан аянттарда өз алдынча курулуш курууну болтурбоого жана бул аянттарды башка максаттар үчүн пайдалануунун белгиленген тартибин сактоого;

8) ичилүүчү же өнөр жайлык суу менен камсыздоо үчүн пайдаланылуучу суу топтоо аянттарында жана жер астындагы суулар жаткан жерлерде өнөр жайлык жана турмуш-тиричилик калдыктарынын топтолушун четтетүү;

9) пайдалуу кендердин нормативден жогору жоготууларын, кенди тандап иштетүүнү жана кен чыккан жерлердин запастарынын бузулуусун болтурбоого;

10) жер казынасындагы пайдалуу кендерди геологиялык изилдөөлөр, чалгындалган, пайдалуу кендердин алынган жана жер казынасында калтырылган запастары, аларда камтылган компоненттер жөнүндө, ошондой эле пайдалуу кендерди казып алуу менен байланышпаган максаттарда жер казынасын пайдалануу жөнүндө отчетторун жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жыл сайын берүүгө;

11) жер казынасын пайдалануу менен байланышкан иштерди коопсуз жүргүзүүгө;

12) рекультивациялоо иш-чараларын мыйзамдарда белгиленген тартипте жүргүзүүгө;

13) жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга отчеттуулуктарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен тартипте КТАД стандарттарына ылайык жыл сайын берүүгө;

14) сууну чыгарууну прибор менен эсепке алууну жүргүзүүгө;

15) суу топтогучтар жайгашкан тилкелерде жана чарбакер субъекттердин аймактарында жер астындагы сууларды соолуп калуудан жана булгануудан коргоого;

16) сууну үнөмдөөчү технологияларды, өнөр жайлык максаттарында сууну кайталап пайдаланууну, өзү атылып чыгуучу скважиналардын дебитин чектөөчү түзүлүштөрдү киргизүү жолу менен жер астындагы сууларды сарамжалдуу пайдаланууга;

17) жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын объекттерине карата социалдык пакетти ишке ашыруу боюнча жылдык отчётту тиешелүү административдик-аймактык бирдиктин аткаруучу органына өткөрүп берүү өткөн календардык жыл аяктагандан кийин 30 күндүн ичинде жана жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жылдык отчёттуулукту берүү этабында ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык берүүгө.

18) бенефициарлар жөнүндө маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте берүүгө.

Ушул беренеде көрсөтүлгөн ченемдер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндө каралган чектөөлөр менен мамлекеттик каттоонун негизинде жүзөгө ашырылуучу жер казынасын пайдаланууга жайылтылат.

21-берене. Жер казынасын пайдалануу укугун колдонуу мөөнөттөрү жана аларды узартуу тартиби

1. Жер казынасын пайдалануу укуктарынын колдонулушунун төмөнкүдөй мөөнөттөрү белгиленет:

1) геологиялык-издөө иштерине - 3 жылга чейин, техникалык долбоорго ылайык кийин 2 жылга чейин узартуу менен;

2) геологиялык чалгындоо иштерине - 4 жылга чейин, техникалык долбоорго ылайык кийин 3 жылга чейин узартуу менен;

3) пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүүгө - 20 жылга чейин, пайдалуу кендердин запастары түгөнгөнгө чейин кийин узартуу менен;

4) жер алдындагы сууларды алууга жана пайдаланууга - 10 жылга чейин, кийин узартуу мүмкүнчүлүгү менен;

5) жер казыналарын геологиялык издөөгө жана пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүүгө байланышпаган объекттерге - техникалык паспортто каралган мөөнөткө, андан кийин ондоп-түзөтүлгөн техникалык долбоордо каралган мөөнөткө узартуу менен.

2. Мамлекеттик каттоонун негизинде берилген жер казынасын пайдалануу укугун колдонуу мөөнөтү илимий-изилдөө иштеринин программасын аткаруунун мөөнөтү менен аныкталат.

3. Концессиялык келишимдин жана продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуунун алкагында жер казынасын пайдалануу укугунун колдонулушунун мөөнөтү тийиштүү мыйзамдар менен аныкталат.

4. Иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия лицензиаттын арызы боюнча төмөнкүдөй шартта узартылат:

а) арыз лицензиянын колдонуу мөөнөтү бүткөнгө чейин берилгенде;

б) (КР 2019-жылдын 8-июлундагы N 81 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

в) үстүдөгү жылдын башталышынан тартып лицензиянын мөөнөтү аяктаган учурга чейин аткарылган иштер жөнүндө отчет тапшырылганда.

5. Жер астындагы сууларды чыгаруу жана пайдалануу максатында жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия лицензиаттын арызы боюнча төмөнкүдөй шартта узартылат:

а) арыз лицензиянын колдонуу мөөнөтү бүткөнгө чейин берилгенде;

б) жер астындагы суулардын абалы жөнүндө он гидрогеологиялык корутунду болгондо;

в) үстүдөгү жылдын башталышынан тартып лицензия мөөнөтү аяктаган учурга чейин аткарылган иштер жөнүндө отчет тапшырылганда;

г) скважина жеке менчикте болгон учурларда арыз ээси тарабынан жер алдындагы сууларды алууга скважина ээси макул болгондо.

6. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө арыз ал берилген күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде каралат.

7. Эгерде лицензиат жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө арызды белгиленген мөөнөттө берсе, анда колдонуу мөөнөтү бүткөндүгүнө карабастан лицензия жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган лицензиянын колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө арыз жагынан чечим кабыл алмайынча жарактуу болуп кала берет.

(КР 2019-жылдын 8-июлундагы N 81 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

22-берене. Жер казынасын пайдалануу укугун берүүнүн тартиби

1. Жер казынасын пайдалануу укугу конкурстарды, аукциондорду өткөрүү жолу менен жана "биринчи берилген өтүнмө" эрежеси боюнча берилиши мүмкүн.

2. Конкурстар жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын тилкелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча өткөрүлөт.

3. Аукциондор тийиштүү реестрге киргизилген жер казынасынын тилкелери боюнча өткөрүлөт.

Аукциондук жер казынасынын тилкелеринин реестрин жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген критерийлерге ылайык түзөт жана бекитет.

Реестрде аукциондук объекттердин бурчтук чекиттеринин координаттары милдеттүү түрдө камтылууга тийиш.

Жер казынасынын тилкесине аукцион катары менен эки жолу өткөрүлгөн жок деп таанылганда, кеминде бир жылга танапис жарыяланат.

4. "Биринчи берилген өтүнмө" эрежеси боюнча жер казынасын пайдалануу укугу төмөнкүлөргө берилет:

1) конкурс же аукцион жолу менен берилүүчүлөрдү кошпогондо, жер казынасынын тилкелерине;

2) жер казынасын геологиялык иликтөөгө жана пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүүгө байланышпаган жер казынасынын тилкелерине.

5. Кайталанган аукцион өткөн жок деп таанылган учурда кеминде бир жылга танапис жарыяланат.

6. Жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартиби концессиялык келишимдин жана продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуунун негизинде Кыргыз Республикасынын өзүнчө мыйзамдары менен аныкталат.

7. Жер казынасын пайдалануу чек арага чектеш суулардын жана башка көлмөлөрдүн нуктарында же жээктеринде жүзөгө ашырылган учурларда жер казынасын пайдаланууга укук берилбейт.

8. Суулардын жана көлмөлөрдүн нуктарындагы же жээктериндеги жер казынасын пайдаланууга укук алууга өтүнмө берүүдө арыз ээси өзгөчө кырдаалдар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин макулдугун өтүнмөгө кошумча тиркейт.

23-берене. Конкурсту өткөрүү тартиби

1. Жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын ар бир тилкеси боюнча конкурстар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен жарыяланат жана өткөрүлөт.

2. Конкурсту өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кеминде 7 мүчө курамындагы конкурстук комиссияны түзөт. Комиссиянын төрагасын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү дайындайт, ал эми комиссиянын добуш берүүгө укугу болбогон катчысы жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан дайындалат. Комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет:

1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин парламенттик фракцияларынын өкүлдөрү. Ар бир фракция бирден өкүлдү аныктайт;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү;

3) жер казынасын пайдалануу объекти аймагында жайгашкан административдик-аймактык бирдиктин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү жана аткаруу органдарынын башчылары же алардын орун басарлары.

3. Конкурсту өткөрүүнүн шарттарын жана тартибин, жеңүүчүнү аныктоо критерийлерин конкурстук комиссия иштеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.

4. Конкурсту өткөрүүнүн шарттарында төмөнкүлөр аныкталууга тийиш:

1) конкурска катышууга өтүнмө берүүнүн тартиби жана мөөнөттөрү: Мында өтүнмө берүүнүн мөөнөтү кулактандыруу жарыяланган учурдан тартып 60 күндөн кем болбоого тийиш;

2) конкурска катышуу үчүн зарыл документтердин тизмеги;

3) конкурска катышууга киргизүү критерийлери;

4) жер казынасын пайдалануу укугу үчүн минималдуу баа;

5) конкурска катышуу үчүн жыйымдын жана кепилдик төгүмдүн өлчөмү;

6) жер казыналары жөнүндө геологиялык маалыматтын пакетинин наркы;

7) жер казынасын пайдалануу укуктарынын атайын шарттары, аларда төмөнкүлөр камтылат:

а) инфраструктуралык объекттерди куруунун, пайдалуу кендерди казып алуу жана кайра иштетүү процесстерин ишке киргизүү мөөнөтүнүн чеги;

б) кен чыккан жерлерди иштетүү үчүн ата мекендик жана чет өлкөлүк адистерди жана жумушчуларды тартуунун катышынын чеги;

в) жерди рекультивациялоо боюнча милдеттенме;

г) жер казынасынын объекти жайгашкан аймактагы жергиликтүү коомдоштуктун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө инвестициялардын минималдуу өлчөмү (социалдык пакет);

д) өнөр жайлык, экологиялык коопсуздукту, жер казынасын коргоо жана пайдалуу кендерди сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылуу боюнча чаралардын комплекси;

е) конкурстун жеңүүчүсү жер казынасын пайдалануу укугун берүүнүн наркын төлөөсүнүн мөөнөтү;

ж) жер казынасын пайдалануунун атайын шарттарын аткарбагандык үчүн айып санкциялары;

з) комиссия жер казынасынын тигил же бул объекти үчүн зарыл деп эсептеген башка шарттар;

8) жеңүүчүнү аныктоо тартиби.

5. Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган конкурстук комиссиянын жумушчу органы болуп саналат. Ал төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:

1) геологиялык кыскача маалыматты даярдоону;

2) эл аралык жана республикалык жалпыга маалымдоо каражаттарында кулактандырууну жарыялоону жана кулактандырууну жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Интернет-сайтына жайгаштырууну;

3) конкурстук өтүнмөлөрдү кабыл алууну жана каттоону;

4) эгерде конкурсту өткөрүүнүн шарттары боюнча концессиялык келишимди же продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашууну түзүү каралбаса, конкурстун жеңүүчүсүнө конкурустук комиссиянын протоколунун негизинде жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия берүүнү.

6. Эгерде берилген сунуштардын бирөө дагы конкурстун шарттарына жооп бербесе же өтүнмөлөр жок болсо же бир гана өтүнмө келип түшсө, конкурс өткөн жок деп таанылат.

7. Эгерде конкурсту кайталап өткөрүүнүн натыйжасында жеңүүчү аныкталбаса, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жер казынасынын тиешелүү тилкемине конкурс өткөрүүдө танапис жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн.

8. Конкурстун катышуучуларынын чыгымдарынын орду толтурулбайт.

24-берене. Аукционду өткөрүү тартиби

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен жобонун негизинде жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аукциондорду уюштурат.

Аукциондук комиссия жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, таламдаш министрликтердин жана ведомстволордун, жер казынасын пайдалануу укугунун объекти аймагында жайгашкан жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлдөрүнөн турууга тийиш. Комиссиянын курамы (5 адамдан кем эмес) жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен бекитилет.

Комиссиянын төрагасы жана катчысы болуп жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлдөрү дайындалат.

Комиссиянын катчысы комиссия чечим кабыл алган учурда добуш берүү укугуна ээ эмес, комиссиянын жыйыналыштарын даярдоо жана өткөрүү боюнча иш жүргүзөт, комиссиянын жыйыналыштарынын протоколун жүргүзөт жана добуш берүүдө комиссиянын мүчөлөрүнүн добуштарын эсептейт.

2. Аукционду өткөрүү жөнүндө кулактандыруу аукционду өткөрүүнүн датасына чейин 45 күндөн кечиктирбестен жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат жана жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Интернет-сайтына жайгаштырылат.

3. Аукциондор ачык болуп саналат.

4. Аукционго коюлуучу жер казынасынын тилкесинин башталгыч баасы бонустун жана жер казынасы жөнүндө геологиялык маалыматтын наркынын суммасынан кем болбоого тийиш.

Аукционго коюлган жер казынасынын ар бир тилкеси боюнча жер казынасы жөнүндө зарыл геологиялык маалыматтын көлөмү жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.

5. Жер казынасын пайдалануу укугун алуу үчүн эң көп акчалай сумманы сунуш кылган талапкер аукциондун жеңүүчүсү деп эсептелет.

6. Аукциондун жеңүүчүсүнө аукциондук комиссиянын протоколунун негизинде жер казынасын пайдалануу укугу берилет.

7. Аукциондун катышуучуларынын чыгымдарынын орду толтурулбайт.

25-берене. Жер казынасын пайдалануу укугун "биринчи берилген өтүнмө" эрежеси боюнча берүүнүн тартиби

1. Жер казынасын пайдалануу укугун "биринчи берилген өтүнмө" эрежеси боюнча берүүнү жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүзөгө ашырат.

2. Жер казынасын пайдалануу укугун "биринчи берилген өтүнмө" эрежеси боюнча алуу үчүн арыз ээси жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өтүнмө берет.

3. Жер казынасын пайдалануу укугу токтотулган жер казынасынын тилкелерине жер казынасын пайдалануу укугун "биринчи берилген өтүнмө" эрежеси боюнча берүү мындай укук токтотулган датадан тартып 3 ай өткөндөн кийин, эгерде бул убакыттын ичинде экинчи өтүнмө келип түшпөсө, берилет. Экинчи өтүнмө келип түшкөн учурда жер казынасынын ушул тилкеси жер казынасынын аукциондук тилкелеринин реестрине киргизилүүгө тийиш.

4. Жер казынасын пайдалануу укугун "биринчи берилген өтүнмө" эрежеси боюнча берүүнүн тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.

26-берене. Жер казынасын пайдалануу укугун токтотуп туруу жана токтотуу

1. Жер казынасын пайдалануу укугу токтото туруунун себебин көрсөтүү жана бузууларды жоюу жөнүндө милдеттендирүүчү катты берүү менен жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан төмөнкүдөй учурларда 3 айга чейинки мөөнөткө токтотуп турулушу мүмкүн:

1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жер казынасын коргоонун, экологиялык жана өнөр жайлык коопсуздуктун талаптары бузулганда жана бул жер казынасын пайдаланууга байланышкан жумуштардын таасир этүү зонасында иштеген жана жашаган адамдардын өмүрүнө же ден соолугуна тикелей коркунуч жаратканда;

2) геологиялык, тоо-кендик жумуштардын аткарылышы жөнүндө отчетторду жана пайдалуу кендердин запастарынын кыймылы жөнүндө отчетторду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө бербегенде;

3) ишенимсиз маалыматтарды камтыган геологиялык, тоо-кендик жумуштардын аткарылышы жөнүндө отчетторду жана пайдалуу кендердин запастарынын кыймылы жөнүндө отчетторду бергенде;

4) жер тилкесин рекультивациялоо үчүн каражаттарды топтоо боюнча талаптар аткарылбаганда;

5) бонусту жана/же лицензиялык төлөмдөрдү төлөө мөөнөттөрүн бузганда.

6) Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга белгиленген мөөнөттө лицензиаттын - юридикалык жактын катышуучуларынын алмашылгандыгы жөнүндө билдирбөө, эгерде мындай алмаштыруу Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык бонус төлөөгө алып келсе.

Жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын тилкелеринин реестрине киргизилген, конкурс боюнча бөлүштүрүлүүчү объекттер боюнча жер казынасын пайдалануу укугу лицензиат социалдык пакеттин шарттарында каралган милдеттенмелерди аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарган учурларда жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан 3 айга токтотулуп турат.

2. Эгерде ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык тоо-кендик мүлктү сакталган, бузулбаган жана калк жана айлана-чөйрө үчүн коопсуз абалда кармап туруу максатында жер казынасын пайдалануу укугун токтотуп туруу мүмкүн болбосо, жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жер казынасын пайдалануучунун жүйөлөнгөн арызы боюнча бузууларды жоюу мөөнөтүн узартууга укуктуу. Мөөнөттү узартуу жөнүндө арыз лицензияны токтото туруу мөөнөтү аяктаганга чейин 5 күндөн кечиктирилбестен берилет.

3. Жер казынасын пайдалануу укугун токтотуу үчүн негиздер:

1) жер казынасын пайдалануучунун жер казынасын пайдалануу укугунан баш тартуусу;

2) эгерде лицензиат лицензиянын колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин лицензияны узартуу же трансформациялоо жөнүндө арыз бербесе, жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын колдонуу мөөнөтүнүн аяктоосу;

3) жумуштарды зарыл болгон бардык оң экспертизалар алынган техникалык долбоорсуз жана/же жумуштарды жүргүзүүгө лицензиялык макулдашуусуз жүргүзүү;

4) жер казынасын пайдалануу укугун токтотуп турууга алып келген себептерди мөөнөтүндө жойбогондук;

5) жер казынасын пайдалануу укугу токтотулуп турулган мезгил ичинде жер казынасын пайдаланууга багытталган жумуштарды аткаруу.

6) жер казынасын пайдалануучу тарабынан компаниянын бенефициарлары жөнүндө маалыматты бербөө же туура эмес маалыматты бергендигинин фактысы аныкталса.

4. Жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасы тилкелеринин реестрине киргизилген, конкурс боюнча бөлүштүрүлүүчү объекттер боюнча жер казынасын пайдалануу укугун токтотуу үчүн кошумча негиздер:

1) конкурстук объект боюнча конкурстун шарттарында каралган жер казынасын пайдалануу укугу үчүн бааны жана жазапулдук санкцияларды төлөбөй коюу же өз убагынан кечиктирип төлөө;

2) өнөр жайлык, экологиялык коопсуздук жана жер казынасын коргоо жаатындагы эксперттик оң корутундулары бар техникалык долбоорду берүүнүн мөөнөтүн бир жолку узарткандан кийин аны кайрадан бузуу.

5. Жер казынасын пайдалануу укугун токтотуу жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен жүргүзүлөт. Жер казынасын пайдалануу укугун берүү жөнүндө чечимди жараксыз деп таануу жөнүндө сот актысы күчүнө кирген күндөн тартып мындай укук токтотулду деп эсептелет.

6. Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жер казынасын пайдалануу укугун токтотуп туруу же токтотуу жөнүндө чечими ал кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет. Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жер казынасын пайдалануу укугун токтото туруу же токтотуу жөнүндө чечими, мындай чечимди кабыл алуунун негиздерин көрсөтүү менен, жер казынасын пайдалануучуга мындай чечим кабыл алынган күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде жиберилет. Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.

7. Форс-мажор келип чыккан учурда жер казынасын пайдалануу укугу жер казынасын пайдалануучунун арызы боюнча аны колдонуу мөөнөтүнө токтотулуп турат. Андай арыз берилген күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган баш тартуунун жүйөсүн көрсөтүү менен жер казынасын пайдалануу укугун токтотуп туруудан баш тартууга укуктуу. Форс-мажорду колдонуу мезгилинде лицензияны колдонуу мөөнөтү жана лицензиялоо шарттарын аткаруу мөөнөттөрү убакыттын тиешелүү мезгилине карата узартылат.

27-берене. Жер казынасын пайдалануу укугун токтотуунун натыйжалары

1. Жер казынасын пайдалануу укугун токтотуу жер казынасын пайдалануучунун төмөнкүдөй милдеттерин жокко чыгарбайт:

1) жер участогун рекультивациялоо жана тоо-кендик мүлктү жоюу боюнча;

2) жер казынасын пайдалануу укугунун кийинки ээсине өткөрүп берүүгө чейин тоо кендик мүлктү консервациялоо жана адамдар жана айлана чөйрө үчүн сакталган, бузулбаган жана коопсуз абалында кармап туруу боюнча;

3) геологиялык маалыматтарды жана алгачкы документтерди Мамлекеттик геологиялык маалымат фондуна өткөрүп берүү боюнча;

4) жер астындагы сууларды булгануудан жана соолуудан коргоо боюнча.

2. Тоо-кендик мүлккө менчик укугунун өткөрүп берилиши жер казынасын пайдалануу укугун жоготкон жак менен жер казынасын пайдалануу укугунун жаны ээсинин ортосундагы келишимге ылайык жүргүзүлөт.

3. Эгерде кийинки лицензиатка лицензия берилген күндөн тартып 90 күндүн ичинде тоо-кендик мүлккө карата менчик укугун өткөрүү келишими түзүлбөсө, лицензиат жер казынасын пайдалануу укугун жоготкон жакка карата калтырылган тоо-кендик мүлк жайгашкан жер боюнча сотко лицензиаттын техникалык долбооруна ылайык пайдаланууга жаткан тоо-кендик мүлктү сатуу, сатып алуу келишимин түзүүгө милдеттендирүү жөнүндө жер казынасын пайдалануу укугун жоготкон жакка лицензиат төлөөчү компенсациянын көлөмүн аныктоо жөнүндө кайрылууга укуктуу.

4. Лицензиат ага менчик укугунда таандык болбогон тоо-кендик мүлктү пайдаланган учурда жер казынасын пайдалануу укугун жоготкон, тоо-кендик мүлктүн менчик ээси сотко кайрылууга укуктуу.

5. Эгерде техникалык долбоордо же жоюунун, консервациялоонун же рекультивациялоонун атайын долбоорунда башкача каралбаса, жер казынасын пайдалануу укуктары токтотулганда техногендик түзүлмөлөргө болгон менчик укугу мамлекетке өтөт.

28-берене. Жекече алтын чайкоо иштери

Кадастрга киргизилбеген чубурма минералдары бар жер казынасынын тилкелери жекече алтын чайкоо ыкмасы менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен Жобого ылайык иштетилиши мүмкүн.

4-глава. Жер казынасын пайдалануу укугун лицензиялоо

29-берене. Жер казынасын пайдалануу укугун лицензиялоо

1. Төмөндөгүлөрдү кошпогондо, жер казынасын пайдалануу укуктарынын бардык түрлөрү лицензияланууга тийиш:

1) концессиялык келишим боюнча жер казынасын пайдалануу укуктарын;

2) продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуу боюнча жер казынасын пайдалануу укуктарын;

3) мамлекеттик каттоону.

2. Жер казынасын пайдалануучуга жер казынасын пайдалануу укугуна берилүүчү лицензиялардын саны чектелбейт.

3. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия алгандан кийин лицензиат Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган тартипте жана мөөнөттө бонусту жана жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын колдонулушунун биринчи жылы үчүн лицензияны кармап тургандык үчүн төлөмдү төлөөгө жана төлөө фактысын тастыктаган документтерди жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу органга берүүгө милдеттүү.

4. Жер казынасын пайдаланууга лицензия берилгенден кийин лицензиат өнөр жайлык, экологиялык коопсуздук жана жер казынасын коргоо боюнча он мүнөздөгү эксперттик корутундулары бар техникалык долбоорду аткарат жана жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет.

5. Жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын тилкелери боюнча техникалык долбоорду берүү мөөнөтү конкурстун шарттарында каралат. Мында техникалык долбоорду берүүнүн мөөнөтү баштапкы мөөнөттөн ашпаган мөөнөткө бир жолу узартылышы мүмкүн.

6. Ушул Мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, бардык зарыл экспертизалар алынган техникалык долбоорсуз жана/же лицензиялык макулдашуусуз жумуштарды жүргүзүүгө тыюу салынат.

Жер казынасын пайдаланууну лицензиялоонун тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен жобого ылайык бекитилет.

30-берене. Социалдык пакет

1. Социалдык пакет жер казынасынын объекти жайгашкан аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн программасынын негизинде иштелип чыгуучу макулдашуу түрүндө түзүлөт. Макулдашуу жер казынасын пайдалануучу менен тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин аткаруу органынын ортосунда түзүлөт.

2. Социалдык пакетти түзүү боюнча милдеттенме пайдалуу кендерди чалгындоо жана иштетүү стадиясында турган жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын объекттерине гана жайылтылат. Мында социалдык пакетке конкурстук объекттер жайгашкан аймактагы жергиликтүү коомчулуктун социалдык-тиричилик шарттарын (кадрларды даярдоо, жергиликтүү калкты жумушка орноштуруу, инфраструктураны куруу жана башка шарттар) инвестициялоо программасы кирет.

3. Социалдык пакет жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга техникалык долбоорду түзүү стадиясында берилет.

Социалдык пакетти ишке ашыруу боюнча отчёт, отчётторду жыл сайын берүү этабында берилет. Социалдык пакетти ишке ашыруу боюнча отчётто төмөнкүдөй минималдуу маалыматтар камтылууга тийиш: аны ишке ашыруунун этаптары жана мөөнөттөрү, өткөн календардык жылдын ичиндеги жыйынтыктар жана кетирилген чыгымдар.

Социалдык пакет жана жылдык отчёттор алар кабыл алынган учурдан тартып 10 күндүн ичинде жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Интернет-сайтына жарыяланат.

31-берене. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиялардын шайкештиги

1. Геологиялык издөө, геологиялык чалгындоо иштерине же иштеп чыгууга жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия берилген жер казынасынын тилкесине карата үчүнчү жактар лицензиаттын уруксаты болбостон жер казынасын пайдалануу укугуна колдонуудагы лицензияда каралбаган пайдалуу кендердин түрлөрүнө карата геологиялык издөө жана геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө же иштеп чыгууга жана пайдалуу кен чыккан жерлердин башка топторуна кирген жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия алууга укуктуу.

2. Айкалышкан лицензиялык аянттарда пайдалуу кендердин белгиленбеген түрлөрү табылган учурда, жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын ээси лицензиясында пайдалуу кендердин табылган түрүн камтыган лицензиатка табылган пайдалуу кендер тууралуу маалыматты сатып алууну сунуш кылууга укуктуу.

32-берене. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын жана лицензиялык макулдашуунун мазмуну

1. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия лицензиялык органдын аталышы жазылган жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби тартылган, катар номери жана лицензиялоо боюнча маалыматтары бар белгиленген формадагы так отчеттогу бланкты билдирет.

2. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияда төмөнкүдөй маалыматтар камтылат:

1) жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын алфавиттик-цифралык коду;

2) жер казынасын пайдалануунун түрү;

3) лицензиаттын аталышы жана реквизиттери;

4) жер астындагы суунун скважинасынын номери (булактын аталышы);

5) пайдалуу кендин түрү;

6) жер казынасынын лицензиялык тилкесинин администрациялык жайгашкан орду;

7) жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия алгачкы берилген дата, ал узартылган дата жана колдонуу мөөнөтү;

8) лицензиялык органдын мөөрү жана жетекчисинин колу.

3. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын ажыралгыс бөлүгү катары лицензиялык макулдашууда төмөнкүлөр камтылат:

1) жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын алфавиттик-цифралык коду;

2) лицензиялык макулдашуунун номери жана түзүлгөн датасы;

3) лицензиардын жана лицензиаттын аталыштары;

4) лицензиялык аянттын бурчтук чекиттеринин координаттары жана өлчөмү;

5) жумуштардын максаттуу багыты;

6) жер казынасын пайдалануунун тартиби жана шарттары;

7) жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны күрөөгө берүү жөнүндө маалыматтар;

8) отчеттуулуктун мөөнөттөрү;

9) кошумча маалыматтар жана шарттар;

10) лицензиялык органдын мөөрү жана жетекчисинин колу;

11) тараптардын колдору жана мөөрлөрү.

4. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын ажыралгыс бөлүгү катары жер астындагы сууларды чыгарууга жана пайдаланууга лицензиялык макулдашууда кошумча түрдө төмөнкү маалыматтар камтылат:

1) скважинанын же булактын дебити, запастардын саны жана категориясы;

2) жер астындагы суунун тиби;

3) скважинанын же булактын чыккан жеринин орун алышы;

4) жер астындагы сууларды максаттуу пайдалануу;

5) жер астындагы суулардын скважинасынын (булактын) айланасындагы тоо-кендик-санитардык коргоо зонасынын өлчөмү;

6) жер астындагы сууларды чыгаруунун макулдашылган көлөмү;

7) режимдик байкоолор жөнүндө отчеттуулуктун мөөнөттөрү.

33-берене. Геологиялык издөө иштерине жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия

1. Геологиялык издөө иштерин жүргүзүү үчүн жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия лицензиялык аянттын чегинде, пайдалуу кендердин билдирилген түрлөрүнө геологиялык издөө иштерин жүргүзүүгө лицензиатка өзгөчө укук берет.

2. Геологиялык издөө жумуштарынын лицензиялык аянтынын максималдуу өлчөмү чектелбейт.

3. Лицензиат лицензиялык аянтты кыскартууга укуктуу. Аянтты кыскартуу лицензиаттын арызы боюнча бузулган жерлерди рекультивациялоодон кийин кыскартылуучу аянтта аткарылган иштердин жыйынтыгы жөнүндө маалыматты (отчетту) жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кабыл алгандан кийин жүргүзүлөт. Кыскартылуучу тилкеде жумуштар жүргүзүлбөгөн учурда жер казынасын пайдалануучунун жана жер укуктарынын ээсинин катышуусу менен түзүлгөн жерлердин бүтүндүгүнүн бузулбагандыгы жөнүндө акт берилет.

4. Долбоорлоо стадиясында аянтты кыскартканда кыскартылуучу аянтта аткарылган жумуштардын жана бузулган жерлерди рекультивациялоонун натыйжалары жөнүндө маалымат (отчет) берүү талап кылынбайт.

5. Лицензиат геологиялык издөө иштерин жүргүзүү үчүн жер казынасын пайдалануу укугунун лицензиясын геологиялык чалгындоо иштери жөнүндө корутунду отчетту тапшыргандан кийин жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияга трансформациялоонун өзгөчө укугуна ээ.

6. Мамлекеттик бюджеттин каражатынын эсебинен жүргүзүлүүчү геологиялык издөө иштери үчүн бонус жана жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармап тургандык үчүн төлөм алынбайт.

7. Пайдалуу кендердин төмөнкүдөй түрлөрүнө геологиялык издөө жумуштарын жүргүзүү талап кылынбайт:

а) кум-шагыл заттарына;

б) чопо топуракка;

в) жасалгалоочу таштарга;

г) жер астындагы сууларга.

34-берене. Геологиялык чалгындоо иштерине жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия

1. Геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия лицензиялык аянттын чегинде, пайдалуу кендердин билдирилген түрлөрүнө геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө лицензиатка өзгөчө укук берет.

2. Лицензиат лицензиялык аянтты кыскартууга укуктуу. Аянтты кыскартуу лицензиаттын арызы боюнча бузулган жерлерди рекультивациялоодон кийин кыскартылуучу аянтта аткарылган иштердин натыйжалары жөнүндө маалыматты (отчетту) жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бергенден кийин жүргүзүлөт. Кыскартылуучу тилкеде жумуштар жүргүзүлбөгөн учурда жер казынасын пайдалануучунун жана жер укуктарына ээлик кылуучунун катышуусу менен түзүлгөн жерлердин бүтүндүгүнүн бузулбагандыгы жөнүндө акт берилет.

3. Долбоорлоо стадиясында аянтты кыскартканда кыскартылуучу аянтта аткарылган жумуштардын жана бузулган жерлерди рекультивациялоонун натыйжалары жөнүндө маалымат (отчет) берүү талап кылынбайт.

4. Пайдалуу кендердин запастары Кыргыз Республикасынын Пайдалуу кендеринин мамлекеттик балансында эсепке алынгандан кийин лицензиат геологиялык чалгындоо иштерине казынасын пайдалануу укугуна лицензияны чалгындалган пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү үчүн жер казынасын пайдалануу укугунун лицензиясына трансформациялоонун өзгөчө укугуна ээ болот.

5. Мамлекеттик бюджеттин каражатынын эсебинен жүргүзүлүүчү геологиялык чалгындоо иштери үчүн бонус жана жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармап тургандык үчүн төлөм алынбайт.

35-берене. Пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү үчүн жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия

1. Пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү үчүн жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия лицензиатка төмөнкүдөй өзгөчө укуктарды берет:

1) пайдалуу кендердин билдирилген түрлөрүнө тоо-кен бөлүндүсүнүн чегинде тереңдигин чектебестен жер казынасын геологиялык иликтөөгө;

2) тоо-кен бөлүндүсүнүн чегинде бардык зарыл даярдоо иштерин жүргүзүүнү кошуп алганда, пайдалуу кендерди иштетүүгө.

2. Жер казынасын пайдалануучу пайдалуу кендерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте казып ала баштаган учурдан тартып аларга карата менчик укугуна ээ болот. Бул укук жер казынасын пайдалануу укугу токтогондон кийин да сакталат.

3. Пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия ГКЗда жана Кыргыз Республикасынын Жер астындагы сууларынын мамлекеттик эсебинде запастары эсепке алынган лицензиялык объекттерге берилет.

4. Өзгөчө кырдаалдар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын билдирүүсү боюнча жээктерди чыңдоо иштери үчүн жана/же өзгөчө кырдаалдарды болтурбоо максатындагы өзгөчө кырдаалдарда, ошондой эле транспорт жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын билдирүүсү боюнча жолдорду куруу үчүн жүргүзүлгөн иштер жөнүндө кабарлоо менен жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугу боюнча жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия албай туруп инерттик материалдарды иштеп чыгууга уруксат берилет.

Мында техникалык долбоордун болушу талап кылынбайт. Запастары булактын дебити боюнча ыкчам баалана турган булактардын табигый чыгууларын лицензиялоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте алар катталган жана Кыргыз Республикасынын Жер алдындагы сууларды мамлекеттик эсебине коюу шарттарында жүргүзүлөт.

5. Баалуу металлдарды жана кошо иргелип алынуучу металлдарды камтыган руданы, концентраттарды жана калдыктарды Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгарып кетүүнүн жана Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүүнүн тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.

6. Негизги пайдалуу кен үчүн кошо жүрүүчү болуп саналган башка топтогу пайдалуу кендерди лицензияга киргизүүгө жол берилет.

36-берене. Мамлекеттик заказ боюнча жумуштарды жүзөгө ашыруу

1. Геологиялык издөө жана геологиялык чалгындоо жумуштарын жүзөгө ашырууга мамлекеттик заказ жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан түзүлөт жана мамлекеттик каражаттардын эсебинен финансыланат.

2. Мамлекеттик заказ боюнча жумуштарды жүзөгө ашыруучу уюмдар жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия албай туруп, жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен жазуу жүзүндөгү макулдашуунун негизинде, жер казынасын башка пайдалануучулардын укуктарын сактаган шартта жумуштарды жүргүзөт.

3. Мамлекеттик заказ боюнча жер казынасын пайдаланууга бонус жана жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармап тургандык үчүн төлөм салынбайт.

37-берене. Жер казынасын геологиялык изилдөө жана пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү менен байланышпаган жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия

1. Жер казынасын геологиялык изилдөө жана пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү менен байланышпаган (жер астындагы мунай жана газ, радиоактивдүү заттар сакталган жайлар, жер астындагы кампалар, курулуштар жана башкалар) жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия лицензиатка тоо-кен бөлүндүсүнүн чегинде техникалык долбоорго ылайык иштерди жүргүзүүгө укук берет.

2. Жер казынасын геологиялык изилдөө жана пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү менен байланышпаган жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны токтотуп тургандыгы үчүн төлөм алынбайт.

38-берене. Жер казынасын пайдалануу укугуна күрөө жана лицензияларды өткөрүп берүү

1. Лицензиат жер казынасын пайдалануу укугун ушул Мыйзамда белгиленген өзгөчөлүктөр менен "Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык күрөө жөнүндө келишимдин негизинде үчүнчү жакка күрөөгө коюуга укуктуу.

2. Жер казынасын пайдалануу укугун күрөөгө коюу келишими жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш.

Жер казынасын пайдалануу укугун күрөөгө коюу келишими катталбаса, бул келишим жокко эсе, ал эми ал боюнча укук жараксыз болуп саналат.

Жер казынасын пайдалануу укуктарын күрөөгө өткөрүп берүү жер казынасын пайдалануу укуктарын мыйзамда каралган учурларда токтотуп турууга жана токтотууга тоскоолдук кылбайт.

3. Күрөө келишими боюнча жер казынасын пайдалануу укугун өндүрүп алуу бул келишим мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып 6 айдан кийин гана мүмкүн.

4. Жер казынасын пайдалануу укугун өндүрүп алуунун натыйжасында лицензиянын башка жакка өтүшү лицензияны кайра жол-жоболоштуруу үчүн негиз болуп саналат.

5. Лицензиат жумуштарды жүргүзүүгө лицензиялык макулдашуу түзүлгөн датадан тартып 2 жыл өткөндөн кийин лицензия боюнча укукту колдонуудагы лицензиялык макулдашуунун шарттарын сактоо кепилдиги менен башка жактарга өткөрүп берүүгө укуктуу. Лицензияны өткөрүп берүү бонустун, роялтинин жана жер казынасын пайдалануу үчүн төлөмдөрдүн суммаларын төлөө боюнча жер казынасын пайдалануучунун карыздары жок болгондо мүмкүн.

Жарандык мыйзамдарда каралган универсалдуу укук мурастоонун натыйжасында жер казынасын пайдаланууга мурастоо жолу менен укук берүүгө жол берилбейт.

Өндүрүп алууну күрөөгө багыттоонун натыйжасында жер казынасын пайдалануу укугун алган коммерциялык банктар, жер казынасын пайдалануу укугун ушул бөлүктө көрсөтүлгөн мөөнөттү сактабастан башка жактарга өткөрүп берүүгө укуктуу.

6. Жарандык мыйзамдарда каралган универсалдуу укук мурастоонун натыйжасында лицензия боюнча укуктун өтүү учурларын кошпогондо, өндүрүп алууну күрөөгө айландыруунун же лицензия боюнча укуктарды өткөрүп берүүнүн натыйжасында лицензиянын башка жакка өтүшү лицензияны алууга теңештирилет жана Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган бонусту төлөөгө алып келет.

7. Жер казынасын пайдалануу укугун каттоонун жана кайра жол-жоболоштуруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилүүчү Жер казынасын пайдаланууну лицензиялоонун тартиби жөнүндө жобо менен жөнгө салынат.

39-берене. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды өзгөртүү, толуктоо жана трансформациялоо

1. Лицензиаттын же лицензиардын демилгеси боюнча жана бири-бирин макулдугу менен жер казынасын пайдалануу укугуна карата лицензияга жана лицензиялык макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.

2. Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган 30 күндүн ичинде жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияга жана лицензиялык макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизет.

3. Ушул Мыйзамда каралган учурларда жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны трансформациялоо үчүн лицензиат лицензиянын колдонуу мөөнөтү бүткөнгө чейин жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга арыз берүүгө укуктуу.

4. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны трансформациялоо жөнүндө арыз 30 календардык күндүн ичинде каралат.

5-глава. Жер казынасын пайдалануучулардын жана жер укугуна ээлик кылуучулардын мамилелери

40-берене. Жер тилкесин пайдалануу укугу

1. Жер казынасын пайдалануу укугун алган жер казынасын пайдалануучуга жер казынасын пайдалануу мөөнөтүнө издөө, чалгындоо жумуштарын, ошондой эле пайдалуу кендер чыккан жерлерди иштетүү жана өндүрүштүк жана инфраструктуралык объекттерди куруу боюнча жумуштарды жүргүзүү үчүн жер тилкелерин пайдалануу мүмкүндүгү камсыз кылынат.

2. Пайдалуу кендерди издөө, чалгындоо, иштетүү жана өндүрүштүк жана инфраструктуралык объекттерди куруу боюнча жумуштарды жүргүзүү үчүн жерлерди бир категориядан башка категорияга которуу талап кылынбайт.

3. Пайдалуу кендер чыккан жерлерди иштетүү жана өндүрүштүк жана инфраструктуралык объекттерди куруу үчүн жер тилкелери жер казынасын пайдалануучуга убактылуу пайдаланууга берилет.

4. Жер казынасын геологиялык иликтөөдө (издөөдө жана чалгындоодо) жер тилкесин ээликтен ажыратуу жүргүзүлбөйт, ал эми жер казынасын пайдалануучуга жер укуктарына ээлик кылуучунун геологиялык жумуштарды жүргүзүүгө жазуу жүзүндөгү макулдугу берилет.

5. Жеке менчикте же убактылуу пайдаланууда турган жер тилкесин убактылуу пайдалануу укугу жер тилкесинин менчик ээси же жер укуктарынын пайдалануучусу тарабынан жер казынасын пайдалануучу менен келишим боюнча берилет.

6. Жер казынасынын тилкесин иштетүү үчүн жер тилкесин пайдаланууга укук ушул Мыйзамга ылайык жер казынасын пайдаланууга укук токтотулгандан кийин токтотулат.

Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жер казынасын пайдалануу укуктарын токтотуу жөнүндө маалымат берет.

7. Жер казынасын пайдалануу укугу үчүнчү жакка берилгенде бул жакка жер тилкелерин убактылуу пайдалануу укугу да өтөт.

8. Жер казынасын пайдаланууга жер тилкелерин берүүнүн тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.

9. Эгерде лицензиат тарабынан суралган жер участогу жер казынасын пайдалануу укугуна мурда лицензия алган башка лицензиатка берилген болсо, жаңы лицензиат техникалык долбоорго ылайык жер тилкесин пайдалануу тартибине укуктарды жер ээлери менен макулдашууга милдеттүү.

10. Эгерде лицензиялык аянт жер казынасын пайдалануунун түрүнө карабастан чек арага жакын аймакка таандык болсо, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жазуу жүзүндөгү макулдугун алуу зарыл.

41-берене. Жер казынасын пайдаланууда ачыктыкты камсыздоо

1. Жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын тилкелеринин реестри жана жер казынасынын аукциондук тилкелердин реестри жалпыга маалымдоо каражаттарына жана жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Интернет-сайтына кийин жаңылоо менен жайгаштырылат.

2. Жер казынасын пайдалануу укугуна конкурстарды жана аукциондорду өткөрүү жөнүндө жарыялар, анын ичинде конкурстарды жана аукциондорду өткөрүү датасы жана шарттары эл аралык жана республикалык жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланууга жана жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Интернет-сайтына жайгаштырылууга тийиш.

3. Өткөрүлгөн конкурстун же аукциондун натыйжалары жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Интернет-сайтына ага кол коюлган учурдан тартып 30 календардык күндүн ичинде жарыяланат. Протоколдо төмөнкү минималдуу маалымат: конкурстук сунуштарды баалоо критерийлери, конкурстун же аукциондун катышуучуларынын тизмеси, конкурстун жеңүүчүсүн тандап алууну негиздөө менен конкурстун же аукциондун жеңүүчүсү көрсөтүлөт.

4. Жер казынасын пайдалануу укуктары токтогон учурда, жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жер казынасын пайдалануу укуктары токтогон учурдан тартып 10 күндүн ичинде тийиштүү кабарлоо жарыялайт жана жер казынасын пайдалануу укуктарын кайталап берүү ыкмасын: конкурс, аукцион же "биринчи берилген арыз" эрежесин көрсөтөт.

5. Ал боюнча жер казынасын пайдалануу укугу токтотулган жер казынасынын тилкесине "биринчи берилген арыз" эрежеси боюнча жер казынасын пайдалануу укуктарын берүүдө, жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өзүнүн расмий Интернет-сайтында лицензияга жаңы арыз берүү жөнүндө кабарлоону аны каттаган учурдан тартып 10 күндүн ичинде жарыялайт.

6. Конкурс же аукцион өткөрүү жолу аркылуу берилүүчү жер казынасын пайдаланууга бардык лицензиялар жана лицензиялык макулдашуулар жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Интернет-сайтына ушул Мыйзам расмий жарыяланган учурдан тартып 6 айдын ичинде жайгаштырылууга тийиш.

Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ар бир лицензия боюнча маалыматтардын кен-кесири тизмеги, анын ичинде лицензиаттын аталышы, лицензиялык аянттын географиялык координаттары, лицензия алууга арыз берилген дата, лицензия берилген дата, лицензиянын колдонулушунун мөөнөтү жана түрү, бенефициарлар жөнүндө маалымат, ошондой эле пайдалуу кендин түрү көрсөтүлүп түзүлөт. Тизмек жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Интернет-сайтына жарыяланат жана жаңы лицензия берилген же учурдагы лицензияга өзгөртүү киргизилген учурдан тартып 10 күндүн ичинде жаңыланат.

42-берене. Жер казынасын башка пайдалануучуга убактылуу пайдалануу укугу берилген жер тилкесине карата сервитут

1. Башка жер казынасын пайдалануучуга убактылуу пайдалануу укугу берилген жер тилкесине карата ыктыярдуу түрдө же соттун чечими боюнча белгиленген сервитут төмөнкүдөй учурларда келип чыгат:

1) жер бөлүндүсүнүн аянтына салынган региондук жана мамлекеттик маанидеги авто жана темир жол магистралдарын, суу өткөргүчтөрдү, мунай-газ түтүктөрүн, электр линияларын жана башка курулуштарды тейлөөдө жана оңдоодо;

2) эгерде тоо-кендик бөлүндү жердеги авариялык кырдаалды жоюу үчүн чектеш жана/же чектеш эмес жер тилкеси тараптан кирүү ылдамыраак болсо;

3) мамлекеттик программалар жана пландар боюнча геологиялык, геофизикалык, топографиялык, маркшейдерлик, археологиялык жана башка изилдөө иштерин жүргүзүүдө.

2. Башка жер казынасын пайдалануучуга убактылуу пайдалануу укугу берилген жер тилкеси жагынан сервитутка карата Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексинде каралган эрежелер колдонулат.

6-глава. Жер казынасын пайдаланууну мамлекеттик жөнгө салуу

43-берене. Жер казынасын пайдаланууда жер казынасын, айлана-чөйрөнү мамлекеттик коргоо жана өнөр жайлык коопсуздукка мамлекеттик көзөмөл

1. Жер казынасын пайдаланууда жер казынасын, айлана-чөйрөнү мамлекеттик коргоонун жана өнөр жайлык коопсуздукка мамлекеттик көзөмөлдүн милдети болуп төмөнкүлөр эсептелет:

1) жер казынасын бардык пайдалануучулар тарабынан жер казынасы, өнөр жайлык коопсуздук жана айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө мыйзамдарды сактоо;

2) жер казынасын пайдаланууда мамлекеттин экономикалык кызыкчылыктарын сактоо;

3) жер казынасын пайдалануунун зыяндуу кесепеттеринин алдын алуу, аларды минималдаштыруу жана жоюу;

2. Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугу болмоюнча Мамлекеттик жер казына фондунун чектеринде өзгөчө кайтаруудагы жаратылыш аймактарын уюштурууга тыюу салынат.

44-берене. Жер астындагы сууларды пайдаланууну жөнгө салуунун өзгөчөлүктөрү

1. Ушул беренеде каралган шарттар сакталганда жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия албастан гидрогеологиялык скважиналарды бургулоого жол берилет.

2. Өнөр жайлык, экологиялык коопсуздук жана жер казынасын коргоо жагынан экспертизадан өткөн бургулоого долбоору болмоюнча 30 метрден ашык тереңдикке гидрогеологиялык скважиналарды бургулоого, ошондой эле атайын уруксаты жок жактардын бургулоосуна тыюу салынат.

3. Жеке жактардын ишкердик ишти жүзөгө ашырууга жана өрт өчүрүүгө байланышпаган өздүк муктаждыктары үчүн жер астындагы сууларды чыгаруусун жана пайдалануусун кошпогондо, жер астындагы сууларды чыгаруу жана пайдалануу милдеттүү түрдө лицензияланууга тийиш.

45-берене. Суу чыгарып алуучу скважиналарды мамлекеттик эсепке алуу

1. Суу чыгарып алуучу 30 метрден ашык тереңдиктеги скважинаны бургулаган же суу чыгарып алуучу скважинасы бар жак жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бургулоо бүткөн күндөн тартып 30 күндүн ичинде скважинанын техникалык мүнөздөмөсү жөнүндө билдирүүгө милдеттүү.

Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган суу чыгаруучу скважиналарды каттоону жана эсепке алууну жүргүзөт.

2. Ушул берененин 1-бөлүгү сакталбаган учурда администрациялык жоопкерчилик жөнүндө мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик келип чыгат.

3. Жер алдындагы сууларды колдонуучулар, эгерде бул скважиналардын дебитине өбөлгө түзсө жана скважинанын менчик ээсинин макулдугу болсо, андай скважина жеке менчик ээлигинде болгон учурда биргелешип алуу укугуна ээ болот.

46-берене. Монополияга каршы талаптар

Төмөндөгүлөргө багытталган бардык аракеттерге тыюу салынат же белгиленген тартипте жараксыз деп таанылат:

1) юридикалык жана жеке жактардын конкурстарга, аукциондорго катышууга жеткиликтүүлүгүн чектөөгө;

2) жер казынасын геологиялык изилдөөдө жана/же пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүүдө кандайдыр бир лицензиаттын монополиялык абалын түзүүгө;

3) жер казынасын пайдаланууда үстөмдүк кылуучу абалга ээ болгон чарба жүргүзүүчү субъекттер менен атаандашкан юридикалык жана жеке жактарды басмырлоого;

4) чектеш жана чектеш эмес жер, тоо-кен жана геологиялык бөлүндүлөргө жетүү укугун берүүдө кодулоого.

47-берене. Өзгөчө илимий же маданий баалуулугу бар жер казынасынын тилкелерин коргоо

1. Өзгөчө илимий же маданий баалуулугу бар геологиялык ачык жерлер, палеонтологиялык объекттер жана башка жер казынасынын тилкелери жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусу боюнча геологиялык коруктар, заказниктер, жаратылыштын же маданияттын эстеликтери деп жарыяланышы мүмкүн. Көрсөтүлгөн коруктардын, заказниктердин, жаратылыштын же маданияттын эстеликтеринин сакталышын бузган бардык иштерге тыюу салынат.

2. Жер казынасын пайдаланууда илим жана маданият үчүн баалуулугу бар геологиялык ачык жерлер, метеориттер, палеонтологиялык, археологиялык жана башка объекттер табылган учурда жер казынасын пайдалануучу жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга токтоосуз кабарлоого жана алардын кийинки илимий изилдөөлөрүнө тоскоолдук кылбоого милдеттүү.

Мында жер казынасын пайдалануучу тарабынан жер казынасын пайдалануу боюнча иштерди жүргүзүү тарыхый жана маданий эстеликтерди коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан макулдук алынганга чейин токтотулуп турат.

48-берене. Пайдалуу кендер жаткан аянттарда куруунун шарттары

1. Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан курулуш боло турган тилкенин, анын ичинде суу чыгаруучу курулмалардын жана санитардык коргоо зоналарынын астында пайдалуу кендердин, анын ичинде жер астындагы суулардын бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты алганга чейин калктуу конуштарды, өнөр жай комплекстерин жана башка объекттерди долбоорлоого жана курууга тыюу салынат.

2. Пайдалуу кендер жаткан аянттарда курулуш куруу, ошондой эле пайдалуу кендерди иштетүүгө байланышпаган жер астындагы курулуштарды жайгаштыруу жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугу менен төмөнкүдөй учурларда жол берилет:

1) эгерде келечекте иштетүүдөн жердин үстүнкү катмарын эсептик деформациясы курулуучу объект үчүн жол берилген сандардан ашпаса;

2) эгерде курулуучу объект үчүн аянтча иштетилген пайдалуу кен чыккан жердин үстүндө жайгаштырылса;

3) эгерде объектти куруу жана пайдалануу суу коргоо талаптарынын бузулушуна алып келбесе.

3. Пайдалуу кендер жаткан аянттарда өз эркинче курулуш куруу өндүрүштүк чыгымдардын, жерлерди рекультивациялоо жана тургузулган объекттерди демонтаждоо боюнча чыгымдардын ордун толтурбастан токтотулат.

49-берене. Тоо-кен мүлкүн жоюу же консервациялоо

1. Пайдалуу кендер жаткан жерлерди иштетүүдө жер казынасын геологиялык изилдөөдө, ошондой эле жер казынасын пайдалануу укуктары токтотулган учурларда пайдаланылып жаткан тоо-кен мүлкүн андан ары пайдалануу экономикалык максатка ылайыктуу эмес болгон учурларда көрсөтүлгөн тоо-кен мүлкү жоюлууга же консервацияланууга, ал эми жер тилкеси рекультивацияланууга тийиш. Тоо-кен мүлкүн жоюу же консервациялоо боюнча иштер жер казынасын пайдаланууга берилген жер тилкесин рекультивациялоо боюнча иштерге чейин жүргүзүлөт.

2. Тоо-кен мүлкүн консервациялоодо андай мүлктүн жана пайдалуу кендер жаткан жерлердин сакталышын, ошондой эле консервациялоо мезгилинде калктын жана айлана-чөйрөнүн коопсуздугун камсыз кылган абалга келтирилүүгө тийиш.

3. Тоо-кен мүлкүн жоюуда же консервациялоодо маркшейдердик, геологиялык жана техникалык документациялар жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга сактоого тапшырылат.

4. Жер казынасын пайдаланууга байланышкан объекттердин тоо-кен мүлкүн жоюу жана консервациялоо боюнча иштер жана жер тилкесин рекультивациялоо боюнча иштер техникалык долбоорлорго ылайык жүргүзүлөт.

5. Жер казынасын пайдаланууга байланышкан объекттердин тоо-кен мүлкүн жоюу же консервациялоо боюнча иштерди жана жер участогун реконструкциялоо боюнча иштерди жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

6. Жер казынасын пайдаланууга байланыштуу объектилердин тоо-кен мүлкүн жоюу же консервациялоо боюнча иштер жана жер тилкесин рекультивациялоо боюнча иштер геологиялык чалгындоо же пайдалуу кендер жаткан жерлерди иштетүү башталганда, жер алдындагы суулар алынганда же пайдалуу кендер жаткан жерлерди иштетүүгө байланышпаган курулмаларды жер алдында куруу башталганда лицензият тарабынан ай сайын чегерилүүчү жана топтоштурулуучу рекультивациялоо фондунун каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат. Консервациялоо боюнча иштер жер казынасын пайдалануучу тарабынан жүргүзүлөт.

7. Жер казынасын пайдалануу процессинде бузулган жерлерди рекультивациялоо рекультивациялоонун техникалык долбооруна ылайык жүргүзүлөт. Жер алдындагы суулар алынган учурда жер тилкесин рекультивациялоо талап кылынбайт.

8. Рекультивациялык иштерди жүргүзүү жер казынасын пайдалануучунун каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.

9. Рекультивациялык иштерди жүргүзүүнүн кепилдиги болуп жер казынасын пайдалануучу тарабынан финансылык кепилдиктерди берүү же рекультивациялоо фондун түзүү саналат.

10. Рекультивациялык иштерди жүргүзүүнүн, аларды кабыл алуунун, ошондой эле рекультивациялоо фондун түзүүнүн же финансылык кепилдиктерди берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

11. Рекультивациялоо фондунун каражаттары башка максаттарга, анын ичинде кредиторлордун талаптарын канааттандыруу жана салык жана бажы төлөмдөрү боюнча карыздарды тындыруу үчүн чыгымдалышы мүмкүн эмес.

12. Ишкана банкрот, жоюлган же жер казынасын пайдалануучу - жеке жак каза болгон учурда рекультивациялоо фондунун каражаттары же финансылык кепилдиктер боюнча алынган каражаттар жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тапшырмасы боюнча рекультивациялык иштерди жүргүзүү үчүн жерге укуктуу менчик ээлеринин эсептешүү эсептерине которулат. Рекультивациялоо фондунун каражаттарын башка максаттарга колдонууга тыюу салынат.

13. Жер казынасын пайдалануу укуктары үчүнчү жактарга өткөрүлүп берилген учурда, анын ичинде күрөөнү өндүрүп алууда же жер казынасын пайдалануу укуктары универсалдуу укук мурастоо тартибинде өткөрүлүп берилгенде аталган жактарга рекультивациялоо боюнча бардык милдеттер өткөрүлөт.

50-берене. Техникалык долбоорлордун экспертизаларын жүргүзүү тартиби

1. Жер астындагы сууларды чыгаруу жана пайдалануу долбоорлорун кошпогондо, тийиштүү жумуштарды жүргүзүүнүн техникалык долбоорлору өнөр жайлык, экологиялык коопсуздук жана жер казынасын коргоо талаптарына ылайык келиши боюнча экспертизаланууга тийиш.

Жер астындагы сууларды чыгаруу жана пайдалануу долбоорлору экологиялык коопсуздук талаптарына шайкештиги жагынан экспертизадан өтүүгө тийиш.

2. Экспертизаларды жүргүзүүнү жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар техникалык долбоор келип түшкөн күндөн тартып төмөнкүдөй мөөнөттөрдө бардык каралган экспертизаларды жүргүзүүнү камсыз кылууга милдеттүү:

1) жер казынасынын жалпы мамлекеттик маанидеги объекттери үчүн - 3 айдын ичинде;

2) жер казынасынын башка бардык объекттери үчүн - бир айдын ичинде.

3. Техникалык долбоорлордун экспертизасы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар же көз карандысыз эксперттер тарабынан жүзөгө ашырылат. Жер казынасын пайдалануучу мамлекеттик экспертизанын ордуна өнөр жай коопсуздугу жана жер казынасын коргоо жагында өзүнүн техникалык долбооруна көз карандысыз экспертизаны жүргүзүү үчүн кайрылууга укуктуу.

Мамлекеттик жалпы маанидеги пайдалуу кен чыккан жерлер, пайдалуу металл кендер, мунай жана газ чыккан жерлер жана участоктор боюнча жер казынасын коргоо жагында техникалык долбоорлордун көз карандысыз экспертизасын жүргүзүүгө жол берилбейт.

Эгерде техникалык долбоорлордо бургулоо-жардыруу иштери караштырылса, мамлекеттик жалпы маанидеги пайдалуу кен чыккан жерлер, көмүр кендери, пайдалуу металл кендер, мунай жана газ, ошондой эле пайдалуу кендердин башка түрлөрү чыккан жерлер жана участоктор боюнча өнөр жайлык коопсуздук жагында техникалык долбоорлордун көз карандысыз экспертизасын жүргүзүүгө жол берилбейт.

4. Көз карандысыз экспертизалардын корутундулары алар жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталгандан кийин күчүнө кирет. Көз карандысыз эксперттерди аттестациялоонун, экспертизаларды жүргүзүүнүн жана корутундуларды жол-жоболоштуруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

Көңүл буруңуздар! 50-берененин 3 жана 4-пункттары КР 2017-жылдын 2-февралындагы N 19 Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет

5. Көз карандысыз эксперттер Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

6. Жер казынасын коргоо жана өнөр жай коопсуздугу жана корутундуларды жол-жоболоштуруу жаатында техникалык долбоорлордун экспертизасын жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

51-берене. Жер казынасын пайдалангандык үчүн салык салуу жана төлөмдөр

1. Жер казынасын пайдалануучуларга карата колдонулган салык режими Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары, ошондой эле концессиялык келишимдер жөнүндө мыйзамдар жана продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуулар менен белгиленет.

2. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармагандыгы үчүн төлөмдү жана ставкаларды төлөөнүн, эсептөөнүн тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт жана бекитет.

7-глава. Талаштарды чечүү жана жер казынасы жөнүндө мыйзамдарды бузгандык үчүн жоопкерчилик

52-берене. Жер казынасын пайдалануу укуктарынын маселелери боюнча талаштарды чечүүнүн тартиби

Жер казынасын пайдалануу укуктарынын маселелери боюнча талаштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чечилет.

53-берене. Жер казынасы жөнүндө мыйзамдарды бузгандык үчүн жоопкерчилик

1. Кыргыз Республикасынын жер казынасы жөнүндө мыйзамдарын бузган аракети же аракетсиздиги үчүн күнөөлүү жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык администрациялык, жазык жана башка жоопкерчилик тартат.

2. Жер казынасы жөнүндө мыйзамдарды бузуу болуп төмөндөгүлөр саналат:

1) жер казынасын пайдаланууга байланышкан жумуштарды иштеп жаткандардын жана калктын коопсуздугу үчүн коркунуч жараткан ыкмалар менен жүргүзүү, жер казынасын жана айлана чөйрөнү булгоо;

2) пайдалуу кендер жаткан аянттарга курулуштарды өз эркинче куруу;

3) жер казынасын өз эркинче пайдалануу;

4) кен чыккан жерлерди сарамжалсыз иргеп иштетүү, минералдык чийки заттарды алууда жана кайра иштетүүдө пайдалуу кендердин нормадан ашыкча жоготууларынын болушу;

5) жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ишенимсиз маалыматтарды берүү;

6) жер астындагы сууларга режимдик байкоо скважиналарын, маркшейдердик жана геодезиялык белгилерди жок кылуу же бузуу;

7) пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүүдө, пайдалуу кендерди иштетүүгө байланышпаган жер астындагы курулуштарды курууда жана эксплуатациялоодо жер тилкелерин рекультивациялоого каражаттарды топтоо боюнча жана жер казынасын геологиялык иликтөөдө жерди рекультивациялоо боюнча талаптарды аткарбоо;

8) тоо-кендик мүлктү жок кылуу же консервациялоо боюнча талаптарды аткарбоо.

9) жер казынасы жөнүндө маалыматка менчик укугун же анын купуялуулугун бузуу.

3. Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрация органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары тарабынан Кыргыз Республикасынын жер казынасы жөнүндө мыйзамдарын бузуу болуп төмөндөгүлөр саналат:

1) жер казынасын пайдалануу үчүн жер казынасын, жер тилкелерин пайдалануу укугуна лицензияларды бербөө же аларды берүүнүн, узартуунун мөөнөттөрүн бузуу, геологиялык отчетторду кароонун мөөнөттөрүн бузуу жана башка бузуулар;

2) Кыргыз Республикасынын жер казынасы жөнүндө мыйзамдарын аткарбоо же талаптагыдай эмес аткаруу;

3) жер казынасын пайдалануучулардын ишине мыйзамсыз кийлигишүүнү токтотууга чара көрбөө;

4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана ченемдик укуктук актыларын башка бузуулар.

Кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын бузууга алып келген аракеттери жана/же аракетсиздиги үчүн жоопкерчилик тартат.

4. Жер казынасында өз эркинче курулуш курууну жана/же аны өз эркинче пайдаланууну жүргүзгөн жактардын жоготууларынын орду толтуруп берилбейт.

5. Жер казынасын өз эркинче пайдалануудан алынган киреше мамлекеттин пайдасына алынат.

54-берене. Жоготуулардын ордун толтуруу

1. Жер казынасын пайдалануучуга же мамлекетке жоготуулардын ордун толтуруп берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгилеген учурларда жана тартипте жүргүзүлөт.

2. Юридикалык жана жеке жактардын, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жер казынасынын табигый касиеттеринин начарлашына жана жер казынасын пайдаланууну толук эмес же толук бойдон токтотууга негиз болгон аракеттери жер казынасын пайдалануучунун жоготууларынын ордун толтуруп берүүгө укуктун келип чыгышына негиз болуп саналат.

3. Мамлекетке орду толтурулуп берилүүчү жоготуулардын өлчөмү жер казынасын пайдалануучунун күнөөсү боюнча экономикалык маанисин жоготкон запастардын санына жана баалуулугуна ылайык, ал эми жер казынасын мыйзамсыз пайдаланган учурда - мыйзамсыз казып алынган жана/же ушул иш-аракеттин натыйжасында жоготулган пайдалуу кендердин наркы менен аныкталат.

Жер астындагы сууларга байкоо жүргүзүүчү скважинаны жоготууга же зыянга учуратууга байланышкан жоготуулар жер казынасын пайдалануучулар тарабынан ушундай скважинаны куруунун наркына барабар өлчөмдө орду толтурулууга тийиш.

Жоготууларды эсептөөнүн жана өндүрүп алуунун тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.

4. Жер казынасын пайдалануу укугу юридикалык, жеке жактардын жана мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын күнөөсү боюнча негизсиз токтотулган же токтотулуп турулган учурларда аргасыз токтоп туруудан келип чыккан экономикалык зыян жер казынасын пайдалануучуга соттук тартипте күнөөлүү жактардын эсебинен толук көлөмдө орду толтурулуп берилет.

8-глава. Корутунду жана өткөөл жоболор

55-берене. Өткөөл жоболор

1. 2012-жылдын 9-августундагы № 160 "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия алган жер казынасын пайдалануучулар лицензиялык шарттарды аткаруунун стадиясына (жумуштарды долбоорлоо же жүргүзүү) карабастан, колдонуудагы техникалык долбоорлорго ылайык лицензиялык аянттардын бурчтук чекиттеринин координаттарын тактап алууга укуктуу.

2. Ушул Мыйзамдын 31-беренесинин жоболоруна ылайык келбеген, ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин берилген жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиялар өзүнүн колдонулушун алар узартуу укугу жок берилген мөөнөт аяктаганга чейин сактап калат.

3. Коммерциялык максаттар үчүн минералогиялык, палеонтологиялык коллекцияларды чогултуу, декоративдик максаттар үчүн таш материалдарын жыйноо жана жасалма таштар жана курулуш материалдары катарында пайдалануу максатында жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын ээлери ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып 6 айдын ичинде ушул Мыйзамда каралган жер казынасын пайдалануунун башка түрүнө өзүнүн лицензиясын кайра жол-жоболоштуруу тууралуу арыз берүүгө милдеттүү.

Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жер казынасын пайдалануунун түрүн кайра жол-жоболоштурууга буйрутма алган учурдан тартып 3 айдын ичинде, эгерде аталган объект лицензияланбаса, буйрутмада көрсөтүлгөн жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кайра жол-жоболоштурууга милдеттүү.

Коммерциялык максаттар үчүн минералогиялык, палеонтологиялык коллекцияларды чогултуу, декоративдик максаттар үчүн таш материалдарын чогултуу жана ушул бөлүктө көрсөтүлгөн менчик ээлери тарабынан жер казынасын пайдалануунун башка түрүнө лицензияны кайра жол-жоболоштурууга өз мөөнөтүндө буйрутма берилбеген жасалма таш жана курулуш материалдары катарында пайдалануу максатында жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиялар жокко чыгарылууга тийиш.

4. Коммерциялык максаттар үчүн минералогиялык, палеонтологиялык коллекцияларды чогултуу, декоративдик максаттар үчүн таш материалдарын чогултуу жана жасалма таштар жана курулуш материалдары катары пайдалануу максатында жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны токтотуп тургандыгы үчүн төлөмдүн эсеби ушул берененин 3-бөлүгүнө ылайык лицензия кайра жол-жоболоштурулган учурдан тартып жүзөгө ашырылат.

5. Чек арага чектеш суулардын нуктарындагы же жээктериндеги жер казынасын пайдаланууга укуктарды жүзөгө ашыруунун негизинде берилген лицензиялар алардын колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин колдонулат. Ушул бөлүктө көрсөтүлгөн жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды колдонуу мөөнөтү узартылбайт.

6. Кум-шагыл аралашмасын жана чопо топуракты (буга ушул берененин 5-бөлүгүнүн колдонулушуна туура келбеген жер казынасын пайдалануучулар кирбейт) чалгындоо максатында жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиясы бар жер казынасын пайдалануучулар кийин ушул Мыйзамдын ченемдерине жана ченемдик укуктук актыларга ылайык пайдалуу кендер жаткан жерлерди геологиялык чалгындоо менен жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны трансформациялоо аркылуу жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын негизинде иштерди улантууга укуктуу.

7. Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин берилген жер казынасын пайдалануу укуктары аларда болгон колдонуу мөөнөтүн сактайт жана ушул Мыйзамдын 21-беренесинде белгиленген талаптарды сактоо менен бир жолу гана узартылышы мүмкүн.

(КР 2019-жылдын 8-июлундагы N 81 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

56-берене. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүүнүн тартиби жөнүндө

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Ушул Мыйзамдын 50-беренесинин 3 жана 4-бөлүктөрү 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

3. Ушул Мыйзам колдонууга киргизилген күндөн тартып төмөндөгүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) 2012-жылдын 9-августундагы № 160 "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 7, 2772-ст.);

2) 2014-жылдын 24-майындагы № 77 "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 5, 359-ст.);

3) 2017-жылдын 28-февралындагы № 36 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 2/2, 96-ст.);

4) 2017-жылдын 19-апрелиндеги № 62 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 4, 289-ст.).

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Жээнбеков