Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\7e06e9e0-87d5-4e01-b0db-272feb251bf6\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2018-жылдын 11-июлу № 68

"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу

2018-жылдын 6-июнунда                                                                                               Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңеши тарабынан

кабыл алынган

1-берене.

"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 11, 1183-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

18-берененин 1-бөлүгүнүн 12-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"12) Евразиялык экономикалык бирликтин (ЕАЭБ) алкагында башка мамлекеттер менен бирдикте Кыргыз Республикасы тарабынан түзүлүүчү эл аралык уюмдарга Кыргыз Республикасынын экономикасын жеңилдетилген каржылоонун алар жүзөгө ашырып жаткан долбоорлору жана программалары боюнча чет өлкөлүк валюта же Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздары менен камсыз кылуу алдында төлөмдүүлүк, мөөнөттүүлүк, кайтарымдуулук шарттарында улуттук валютада акча каражаттарын берүүгө;".

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 3 айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С. Жээнбеков