Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\7e06e9e0-87d5-4e01-b0db-272feb251bf6\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2018-жылдын 2-августу № 77

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

2018-жылдын 20-июнунда                                                                          Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

тарабынан кабыл алынган

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

504-5-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө, кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн эки жүз өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн эки миң өлчөмүндө айып салууга алып келет.".

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 7, 229-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

204-статьяда:

а) 2-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"(2) Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу баңгилик каражаттарды, психотроптук, таасири күчтүү, уулуу, ууландыруучу, радиоактивдүү же жарылгыч заттарды, курал-жарактарды, жарылуучу түзүлүштөрдү, ок атуучу курал-жарак же ок-дарыларды, ядролук, химиялык, биологиялык жана массалык кыргынга учуратуучу курал-жарактардын башка түрлөрүн, массалык кыргынга учуратуучу курал-жарактарды түзүүдө пайдаланылышы мүмкүн болгон материалдарды, технологияларды, илимий-техникалык маалыматтарды жана жабдууларды, Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин, ошондой эле алардын дериваттарын алып өтүү жана аларга карата Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу алып өтүүнүн атайын эрежелери белгиленген, Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу алып өтүүнүн атайын эрежелери белгиленген стратегиялык жактан маанилүү чийки зат товарларды жана маданий баалуулуктарды алып өтүү, эгерде бул жосун бажы көзөмөлүн буйтап же жашыруу менен, болбосо документтерди же бажылык идентификациялоо каражаттарын алдап пайдалануу менен жасалса же декларациялабоо же анык эмес декларациялоо менен коштолсо, -";

б) эскертүүдө:

- биринчи абзацында "бир миң эселенген" деген сөздөр "беш миң эселенген" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган кылмышты биринчи жолу жасаган адам, эгерде анын аракеттеринде кылмыштын башка курамы жок болсо жана контрабанданын предмети болуп саналган товарларга жана башка предметтерге бажы декларациясын жүргүзүү жана чыгаруу менен туумдарды кошуп алганда, тийиштүү бажы төлөмдөрүнүн суммасынын эки эселенген өлчөмүн өз ыктыяры менен төлөгөн учурда жазык жоопкерчилигинен бошотулат.".

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Президент

 

С. Жээнбеков