Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\7e06e9e0-87d5-4e01-b0db-272feb251bf6\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2018-жылдын 4-августу № 84

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, "Ырайым кылуунун жалпы принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

2018-жылдын 27-июнунда                                                                                                 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

тарабынан кабыл алынган

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1998-ж., № 7, 229-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 46-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: "Ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн тиешелүү статьяларында атайын каралган учурларда, белгилүү кызмат ордун ээлөө же белгилүү иш менен алектенүү укугунан ажыратуу жазанын кошумча түрү катары үчтөн жыйырма жылга чейинки мөөнөткө белгиленет.";

2) 66-статьянын 2-бөлүгүн "кылмыштарды жасаган адам" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле жашы жете электердин жыныстык кол тийбестигине жана жыныстык эркиндигине каршы кылмыш жасаган адам" деген сөздөр менен толукталсын;

3) 68-статья төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Ушул статьянын талабы жашы жете электин жыныстык кол тийбестигине жана жыныстык эркиндигине каршы кылмыш жасаган адамдарга жайылтылбайт.";

4) 129-статьянын 3-бөлүгүнүн 5-пункту жана 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"5) жабырлануучунун өлүмүнө алып келгенде, -

жетиден он беш жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызмат ордун ээлөө же белгилүү иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же ансыз он бештен жыйырма жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(4) Ошол эле аракеттер жаш балага карата жасалганда, -

ондон жыйырма жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызмат ордун ээлөө же белгилүү иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же ансыз жыйырма жылдык мөөнөткө же өмүр бою эркиндигинен ажыратууга жазаланат.";

5) 130-статьянын 3-бөлүгүнүн 5-пункту жана 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"5) жабырлануучунун (жабырлануучу аялдын) өлүмүнө алып келсе, -

жетиден он беш жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызмат ордун ээлөө же белгилүү иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же ансыз он бештен жыйырма жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(4) Ошол эле жосундар жаш адамга карата жасалганда, -

ондон жыйырма жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызмат ордун ээлөө же белгилүү иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же ансыз жыйырма жылдык мөөнөткө же өмүр бою эркиндигинен ажыратууга жазаланат,";

6) 131-статьяда:

а) 2-бөлүгүнүн 2-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"үчтөн жети жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызмат ордун ээлөө же белгилүү иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же ансыз экиден беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.";

б) 3-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"жетиден он беш жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызмат ордун ээлөө же белгилүү иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же ансыз бештен сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.";

7) 132-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"үчтөн жети жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызмат ордун ээлөө же белгилүү иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же ансыз беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.";

8) 133-статьянын 2-бөлүгүнүн 2-пункту жана 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2) ушул главанын статьяларында каралган кылмыштары үчүн мурда соттолгон адам тарабынан жасалганда, -

үчтөн жети жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызмат ордун ээлөө же белгилүү иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же ансыз үчтөн беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(3) Ошол эле жосундар жаш адамдарга карата жасалганда, -

жетиден он беш жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызмат ордун ээлөө же белгилүү иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же ансыз бештен сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.".

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 10, 442-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 28-статьянын 4-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:

"4) жашы жете электин жыныстык кол тийбестигине жана жыныстык эркиндигине каршы кылмыш жасалса.";

2) 29-статьянын 1-бөлүгүнүн 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2) эгерде адам коомдук коркунучтуу болбой калса, жашы жете электин жыныстык кол тийбестигине жана жыныстык эркиндигине каршы кылмыш жөнүндө жазык иштеринен, ошондой эле алкоголдук, баңгилик жана башка мас абалында күнөөлүү адамдар тарабынан жасалган, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 281-статьясынын үчүнчү бөлүгүндө каралган кылмыш жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 224, 225, 303-315-статьяларында каралган кылмыштар жөнүндө жазык иштеринен тышкары;";

3) 159-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"(1) Ушул Кодексте белгиленген учурларды кошпогондо, жеке ачык айып койгон кылмыштар жөнүндө иштер жабырлануучунун арызы боюнча гана козголот. Тергөө жана соттук териштирүү жалпы тартипте жүргүзүлөт.".

3-берене.

"Ырайым кылуунун жалпы принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 7, 323-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

4-статья төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:

"7) жашы жете электин жыныстык кол тийбестигине жана жыныстык эркиндигине каршы кылмыш жасагандарга.".

4-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Президент

 

С. Жээнбеков