Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Ушул Мыйзамдын 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү 2-беренесин кошпогондо, ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\7e06e9e0-87d5-4e01-b0db-272feb251bf6\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2018-жылдын 4-августу № 85

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, "Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

2018-жылдын 20-июнунда                                                                                                  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

тарабынан кабыл алынган

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 64-статьяда:

а) биринчи абзацы "элдердин башка тилдерине тоотпой мамиле кылуу," деген сөздөрдөн кийин "тил жөнүндө мыйзамдарда каралган ченемдерди аткарбоо жана бузуу" деген сөздөр менен толукталсын;

б) экинчи абзацында "бештен он өлчөмүнө чейин" деген сөздөр "жүз өлчөмүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;

в) статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:

"Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер жеке жана юридикалык жактар тарабынан жасалса, -

жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн он өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө административдик айып салууга алып келет.";

2) 316-статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:

"Шаардагы, айылдагы калктуу конуштарда мазмуну боюнча адабий тилдин ченемдерине (алфавит жана орфографиялык эрежелер) ылайык келбеген сырткы жарнактарды жайгаштыруу, -

жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн он өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө административдик айып салууга алып келет.";

3) 508-статьянын 1-бөлүгүндө "57-64" деген цифралар "57-63, 64-статьянын биринчи бөлүгүндө," деген сөздөргө алмаштырылсын;

4) 534-1-статьянын 1-бөлүгү "органдары (комиссиялары)" деген сөздөрдөн кийин жана "310" деген цифралардан кийин тиешелүүлүгүнө жараша "64-статьянын экинчи бөлүгүндө" жана "316-статьянын экинчи бөлүгүндө" деген сөздөр менен толукталсын;

5) 556-1-статьянын 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун экинчи абзацында "64" деген цифралар "64-статьянын биринчи бөлүгү" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 58, 285-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 13-главада:

а) главанын аталышы "башкаруу тартибине каршы" деген сөздөрдөн кийин "тил жөнүндө мыйзамдарды" деген сөздөр менен толукталсын;

б) эскертүү төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:

"3. Ушул Кодекстин 65-1-беренесинде каралган бузуулар жөнүндө иштер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан каралат.";

2) 13-глава төмөнкүдөй мазмундагы 65-1-берене менен толукталсын:

"65-1-берене. Тил жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузуу

1. Тексттери адабий тилдин ченемдерине (алфавит жана орфографиялык эрежелер) ылайык келбеген көрнөктөрдү, кулактандырууларды, прейскуранттарды жана башка көрсөтмөлүү маалыматтарды юридикалык жана жеке жактардын имараттарында жайгаштыруу, -

эскертүүгө алып келет.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган иш-аракеттер эскертүү жаза-чарасы колдонулгандан кийин бир айдын ичинде оңдолбосо же алты айдын ичинде кайталанып жасалса, -

1-категориядагы айып пул салууга алып келет.

3. "Шаардагы, айылдагы калктуу конуштарда тексттери адабий тилдин ченемдерине (алфавит жана орфография эрежелер) ылайык келбеген сырткы жарнактарды жайгаштыруу, -

1-категориядагы айып пул салууга алып келет.".

3-берене.

"Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 4, 195-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

5-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Жарнактын жазуу жүзүндөгү жана оозеки тексттеринде адабий тилдин ченемдери (алфавит жана орфографиялык эрежелер) сакталууга тийиш.".

4-берене.

Ушул Мыйзамдын 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү 2-беренесин кошпогондо, ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Президент

 

С. Жээнбеков