Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\7e06e9e0-87d5-4e01-b0db-272feb251bf6\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2018-жылдын 26-декабры № 112

Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө

(КР 2019-жылдын 23-декабрындагы № 142 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

2018-жылдын 29-ноябрында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

 

1-берене.

1. Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети кирешелер боюнча 152 100 097,7 миң сом суммасында жана чыгашалар боюнча 162 035 816,0 миң сом суммасында 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджетинин тартыштыгынын чектик өлчөмү 9 935 718,3 миң сом суммасында 1-тиркемеге ылайык белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджетинин тартыштыгынын чектик өлчөмүн жабууга тышкы жана ички каржылоо булактарынан 9 935 718,3 миң сом суммасындагы каражат 1-тиркемеге ылайык жумшалсын.

(КР 2019-жылдын 23-декабрындагы № 142 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

2-берене.

1. Кыргыз Республикасынын 2019-2021-жылдарга консолидацияланган бюджетинин болжолу 2-тиркемеге ылайык жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын 2020-2021-жылдарга республикалык бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын:

1) 2020-жылга кирешелер боюнча болжол – 163 710 434,2 миң сом суммасында, 2021-жылга – 164 916 579,1 миң сом суммасында;

2) 2020-жылга чыгашалар боюнча болжол – 173 663 937,2 миң сом суммасында, 2021-жылга – 173 498 415,6 миң сом суммасында;

3) Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджетинин тартыштыгынын болжолу – 9 953 503,0 миң сом суммасында, 2021-жылга – 8 581 836,6 миң сом суммасында.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2020-2021-жылдарга жактырылган Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин болжолдуу көрсөткүчтөрүн аларды ар бир конкреттүү мезгилге кабыл алууда тактоо жүргүзүүгө укуктуу.

(КР 2019-жылдын 23-декабрындагы № 142 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

3-берене.

Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджетинин киреше бөлүгү жана 2020-2021-жылдарга болжолу 3 жана 3-1-тиркемелерге ылайык булактар боюнча түшүүлөрдүн эсебинен түзүлсүн.

4-берене.

Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджетинин жана 2020-2021-жылдарга болжолунун чыгашаларын каржылоого каражаттар 4, 5 жана 6-тиркемелерге ылайык белгиленсин.

5-берене.

1. 2019-2021-жылдарга мамлекеттик инвестициялар боюнча чыгашалар 7-тиркемеге ылайык белгиленсин.

2. 2019-жылы капиталдык салымдарды каржылоого бөлүнгөн каражаттардын көлөмү 6 327 857,2 миң сом суммасында бекитилсин жана алар мурдагы мезгилде каралган объекттердин курулушун аяктоого жана 2019-жылга түзүлгөн тизмекте бекитилген объекттерди алардын артыкчылыктарын эске алуу менен курууга, реконструкциялоого багытталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Бюджеттик кредиттерди башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин мамлекеттик ипотекалык сертификаттарына ылайык, жаратылыш кырсыктарынан жабыр тарткандарга берилүүчү бюджеттик каражаттарды төлөөгө 350000,0 миң сом багытталсын.

4. Дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды каржылоого бөлүнгөн каражаттардын көлөмү 2019-жылы – 420 000,0 миң сом, 2020-жылы – 600 000,0 миң сом, 2021-жылы 600 000,0 миң сом суммасында бекитилсин. Республикалык бюджеттен дотация алуучу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды каржылоонун артыкчылыктары белгиленсин.

(КР 2019-жылдын 23-декабрындагы № 142 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

6-берене.

1. Чыгашаларды каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер (эмгек акы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөр, дары-дармектерди жана медициналык багыттагы буюмдарды сатып алуу, тамак-аш азыктарын сатып алуу, социалдык камсыз кылуу боюнча жөлөкпулдар, калкка социалдык жардам боюнча жөлөкпулдар, стипендиялар), ошондой эле мамлекеттик карыз милдеттенмелери жана мамлекеттик башкаруу секторунун башка бирдиктерине учурдагы гранттар (Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна трансферттер) боюнча жүргүзүлсүн.

2. 11-2-тиркемеде каралган пилоттук министрликтерди кошпогондо, бюджеттик мекемелерде бош орундардын түзүлүшүнө, алардын штаттык санынын өзгөрүшүнө алып келген ченемдик укуктук актылардын кабыл алынышына байланыштуу корголгон беренелерге каралган суммаларды азайтууга жол берилет.

3. Ушул Мыйзамга ылайык корголгон беренелер боюнча жеке чыгашаларды толугу менен камсыз кылуу жоопкерчилиги министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилерине жүктөлсүн.

4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 2019-2021-жылдарга жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча каржылоо сунушталсын.

7-берене.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тийиштүү органдар тарабынан кабыл алынган ченемдик укуктук актыларга, ошондой эле түзүмдүк өзгөрүүлөргө, өндүрүштүн (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) көлөмдөрүнүн, баалардын деңгээлинин өзгөрүшүнө ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттери менен республикалык бюджеттин өз ара эсептерине тактоолорду киргизүүгө укуктуу.

8-берене.

2019-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети боюнча жүгүртүүчү кассалык накталай акча 500000,0 миң сом суммасында белгиленсин.

9-берене.

1. Мурда областтардын бюджетинде турган мекемелерди 2019-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен каржылоо 8-тиркемеге ылайык жүргүзүлсүн.

2. Мурда областтардын бюджетинде турган мекемелерди 2020-2021-жылдарга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен каржылоо суммасынын болжолу 8-1 жана 8-2-тиркемелерге ылайык жактырылсын.

10-берене.

1. 2019-2021-жылдарга жалпы мамлекеттик кирешелерден чегерүүлөрдүн төмөнкүдөй ченемдери белгиленсин:

1) салык агенттери тарабынан төлөнүүчү киреше салыгы:

- 2019-жылы - шаарлардын жана айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине 70 пайыз өлчөмүндө;

- 2020-жылы - шаарлардын жана айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине 85 пайыз өлчөмүндө;

- 2021-жылы - шаарлардын жана айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине 100 пайыз өлчөмүндө;

2) сатуулардан салык:

- 2019-жылы - республикалык бюджетке 50 пайыз өлчөмүндө;

- 2020-жылы - республикалык бюджетке 75 пайыз өлчөмүндө;

- 2021-жылы - республикалык бюджетке 100 пайыз өлчөмүндө;

3) ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык, милдеттүү патенттин негизиндеги салык, бирдиктүү салык - шаарлардын жана айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине 100 пайыз өлчөмүндө;

4) жер казынасын пайдалануу үчүн салык (роялти), стратегиялык пайдалуу кендерди (алтын, мунай зат, газ) копшогондо - кендерди иштеп чыгуу жери боюнча шаарлардын жана айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине 50 пайыз өлчөмүндө;

5) жер казынасын пайдалануу үчүн салык (бонус) - республикалык бюджетке 100 пайыз өлчөмүндө;

6) жер казынасын пайдалануу укугу үчүн төлөө - республикалык бюджетке 93 пайыз жана кендерди иштеп чыгуу жери боюнча шаарлардын жана айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине 7 пайыз өлчөмүндө;

7) жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүү - республикалык бюджетке 80 пайыз жана кендерди иштеп чыгуу жери боюнча шаарлардын жана айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине 20 пайыз өлчөмүндө.

2. Жалпы мамлекеттик кирешелердин пландан ашык келип түшүү суммаларын республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин ортосунда бөлүштүрүү кирешенин ар бир түрү боюнча чегерүүлөрдүн бекитилген ченемдерине ылайык жүргүзүлөт.

11-берене.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мурда алынган бюджеттик ссудалардын жана кредиттердин суммаларын жергиликтүү бюджеттерден республикалык бюджетке кайтаруу 9-тиркемеге ылайык 2019-жылы - 331927,1 миң сом, 2020-жылы - 374365,0 миң сом, 2021-жылы - 336268,0 миң сом суммасында камсыз кылынсын.

12-берене.

1. Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджетинен жергиликтүү бюджеттери үчүн теңдөө трансферттеринин өлчөмдөрү чыгашалардын 2000300,0 миң сом жалпы суммасында 10-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын 2020-2021-жылдарга республикалык бюджетинен теңдөө трансферттеринин өлчөмдөрүнүн болжолу 10-тиркемеге ылайык жактырылсын.

3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары теңдөө трансферттерин биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды каржылоого багытташсын.

4. Республикалык бюджеттен теңдөө трансферттеринин эсебинен коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды толук каржылоо үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жоопкерчилик тартышат.

5. Мыйзамдарда каралган ыйгарым укуктардын чегинде жер салыгы боюнча базалык ставкаларды же коэффициенттерди жогорулатууга карата жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан кабыл алынган чечимдердин эсебинен жергиликтүү бюджеттердин кирешесинин көбөйүүсү ушул Мыйзамда бекитилген 2019-2021-жылдарга теңдөө трансферттеринин өлчөмдөрүн өзгөртүү үчүн негиз болбой тургандыгы белгиленсин.

6. Жеке кирешелерин (жер салыгы, мүлк салыгы, жерди жана мүлктү ижарага берүүдөн кирешелер) көбөйтүүгө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына дем берүү үчүн республикалык бюджеттен 100,0 млн. сом каралсын.

13-берене.

Эң аз эмгек акынын өлчөмү 2019-жылга - 1750,0 сом, 2020-жылга - 1854,0 сом, 2021-жылга - 1970,0 сом суммасында белгиленсин.

14-берене.

Бюджеттик мекемелер, чарба субъекттери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттары тиешелүү бюджеттерге өндүрүлүп алынсын.

Кайтарым негизинде берилген бюджеттик каражаттарды өз учурунда кайтарбоо жана аларды пайдаланганы үчүн пайыздарды төлөөнүн мөөнөтүн өткөрүп жиберүү аларды кыскартуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартуу үчүн негиз болуп саналат.

15-берене.

Учурдагы жылы кабыл алынган ченемдик укуктук актылар боюнча кошумча финансы ресурстарын талап кылган чыгашалар кийинки жылдагы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде каралсын.

16-берене.

Сот органдарынын чечимдери боюнча жеке жана юридикалык жактарга аткаруу барагы боюнча төлөмдөр тиешелүү министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жана мамлекеттик бийликтин башка органдарынын каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылсын.

17-берене.

1. 2019-2021-жылдарга министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун программалык бюджети 11 жана 11-1-тиркемелерге ылайык жактырылсын.

2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана административдик ведомстволор бюджеттик программалар жана бюджеттик чаралар боюнча натыйжалуулук индикаторуна жетишүү жөнүндө жарым жылдык жана жылдык отчетторду Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине 11 жана 11-1-тиркемеге ылайык берсин.

18-берене.

1. Пилоттук министрликтердин 2019-2021-жылдарга программалык бюджеттери жана натыйжалуулук индикаторлорунун максаттуу маанилери 11-2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Пилоттук министрликтер бюджеттик программалар жана бюджеттик чаралар боюнча натыйжалуулук индикаторуна жетишүү жөнүндө отчетторду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине ар кварталдык негизде берип турушсун.

3. Пилоттук министрликтердин жетекчилерине төмөнкүлөргө укук берилсин:

1) 11-2-тиркемеде каралган мамлекеттик органдын бюджеттик программаларынын чектүү штаттык санынын алкагында түзүмдү жана зарыл болгон штаттык бирдиктердин санын өз алдынча аныктоого;

2) 11-2-тиркемеде каралган мамлекеттик органдардын эмгек акы фондунун чегинде бюджеттик программалардын жана бюджеттик чаралардын натыйжалуулук индикаторлорунун максаттуу көрсөткүчтөрүнө жетишкендиги үчүн кызматкерлердин жана жумушчулардын эмгек акысына коэффициентти (же кызматтык маянага үстөктөр) белгилөө үчүн бош кызмат орундарынан жана штаттык бирдиктерди оптималдаштыруудан үнөмдөлгөн акча каражаттарын пайдаланууга.

19-берене.

Ушул Мыйзамга жылына эки жолудан көп эмес өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган бюджеттик жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдардын жоболорун аткаруу камсыз кылынсын. Мында биринчи өзгөртүү учурдагы бюджеттик жылдын 1-июнунан кеч эмес Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилүүгө тийиш.

20-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

С. Жээнбеков