КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УКУКТУК МААЛЫМАТТАРДЫН БОРБОРЛОШТУРУЛГАН БАНКЫ | |
Документ | Маалым дарек | Шилтеме документтер |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 12-апрели № 46
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
2019-жылдын 7-мартында |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
207-берененин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Банк же кепилдик фонду тарабынан резервге потенциалдуу кредиттик, кепилдик жана лизингдик коромжулуктарды жана зыяндарды жабууга жиберилүүчү, берилген банктык кредиттерди жана аларга теңештирилген активдерди, анын ичинде кепилдик фонддор берген кепилдиктерди камсыз кылуу максаты үчүн гана пайдаланылуучу сумма жылдык жыйынды кирешеден чыгарып салууга жатат.".
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 16-апрелинде N 29 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С. Жээнбеков |