Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\7e06e9e0-87d5-4e01-b0db-272feb251bf6\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2019-жылдын 15-майы № 62

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

2019-жылдын 4-апрелинде

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңеши тарабынан

кабыл алынган

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 1 (1), 17-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

153-беренеде:

а) аталышындагы жана 1, 2 жана 3-бөлүктөрүндөгү ", венерикалык ооруларга", ", ВИЧ/СПИД менен жашаган", "венерикалык ооруларга", ", ВИЧ/СПИД менен жашагандарга", ", венерикалык ооруларга", ", ВИЧ/СПИД менен жашаган" жана ", венерикалык ооруларга", ", ВИЧ/СПИД менен жашаганы" деген сөздөр алып салынсын;

б) 3-бөлүк "чалдыкканы" деген сөздөн кийин "жана дарылануудан качканы" деген сөздөр менен толукталсын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 2 (1), 79-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 122-берененин аталышындагы жана 1-бөлүгүндөгү ", жыныстык дарттан жана ВИЧ-инфекциясынан же СПИДден" деген сөздөр алып салынсын;

2) 265-берененин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацындагы "узактыгы 24 сааттан ашкан," деген сөздөр алып салынсын;

3) 357-беренеде:

а) аталышындагы "жашырып коюу" деген сөздөр "баш тартуу же жашырып коюу" деген сөздөргө жана 1 жана 2-бөлүктөрүндөгү "жашырып коюусу" деген сөздөр "баш тартуусу же жашырып коюусу" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) 1-бөлүгүнүн биринчи абзацындагы "кылмыш же" деген сөздөр алып салынсын.

3-берене.

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 2 (1), 80-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 5-берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-пункт менен толукталсын:

"3-1) адамга карата жазык ишин жана (же) жорук жөнүндө ишти козгоо - кылмыш жана (же) жорук жасады деп шектелгендиги тууралуу адамга жазуу жүзүндө кабарлоо;";

2) 26-беренеде:

а) 1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 14-пункт менен толукталсын:

"14) прокурор соттук териштирүүнүн убагында айыптоону колдоодон баш тартканда.";

б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-бөлүк менен толукталсын:

"3-1. Эгерде кылмыш жана (же) жорук жасалгандан келтирилген материалдык залалдын орду толтурулбаса, ушул берененин 1-бөлүгүнүн 12-пунктунда көрсөтүлгөн негиздер боюнча ишти кыскартууга жол берилбейт.";

3) 33-беренеде:

а) 2-бөлүктө:

4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4) ушул Кодексте каралган ыйгарым укуктардын алкагында жазык иши жана (же) жорук жөнүндө иш боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштоого жана (же) алып барууга;";

бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 4-1 жана 4-2-пункттар менен толукталсын:

"4-1) тиешелүү органдарга ишти тергөөгө өткөрүп берүү менен тизмеги "Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген прокуратуранын айрым ыйгарым укуктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында аныкталган адамдарга карата жазык иши жана (же) жорук жөнүндө иш боюнча шектелгендиги тууралуу кабарлама чыгарууга, ошондой эле аскер кызматчысы статусундагы адамдарды жазыктык куугунтуктоого;

4-2) жазык ишин жана (же) жорук жөнүндө ишти кыскартууга же алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамына, тергөөчүгө кайтарууга;";

б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-бөлүк менен толукталсын:

"2-1. Аскер прокурору - ушул Кодексте каралган компетенциянын чегинде аскер кызматчысы статусундагы адамдарды жазыктык куугунтуктоого ыйгарым укуктуу кызмат адамы.";

4) 37-беренеде:

а) 1-бөлүктө:

2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2) жазык-аткаруу системасынын органдары жана мекемелери;";

7-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;

б) 3-бөлүктө "2," деген цифра алып салынсын;

5) 108-берененин 5-бөлүгүнүн мамлекеттик тилдеги текстинде "Жогорку" деген сөздөр "жогору турган" деген сөздөргө алмаштырылсын;

6) 151-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"151-берене. Кылмыш жана (же) жорук жөнүндө арыздарды жана билдирүүлөрдү кабыл алуу жана каттоо милдеттүүлүгү

1. Сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашыруучу органдар кандай гана болбосун жасалган же даярдалып жаткан кылмыш жана (же) жасалган жорук жөнүндө арызды же билдирүүнү кабыл алууга жана каттоого милдеттүү. Арыз ээсине арызды же билдирүүнү кабыл алган адамды көрсөтүү менен арыздын же билдирүүнүн Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталган убактысын жана каттоо номерин көрсөтүү менен кылмыш жана (же) жоруктун катталгандыгы тууралуу документ берилет.

2. Жасалган же болбосо даярдалып жаткан кылмыш же жорук жөнүндө арызды же билдирүүнү каттоодон баш тартуу же жаап-жашыруу Жазык кодексине ылайык жоопкерчиликке алып келет.

3. Сот жазык иши жана (же) жорук жөнүндө ишти териштирүүдө кылмыш белгилерин, же болбосо кылмыш же жорук жөнүндө арызды, билдирүүнү кабыл алуу, каттоо тартиби бузулгандыгын аныктайт, бул тууралуу жеке аныктама чыгарып, прокурорго жиберет.";

7) 152-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Жазык иши боюнча сотко чейинки өндүрүш ушул Кодексте аныкталган ырааттуулукка ылайык аскер прокуратурасы, ички иштер, улуттук коопсуздук, экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча, жазык-аткаруу системасынын органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт.";

8) 153-беренеде:

а) 1-бөлүктө:

"(Жазык кодексинин 235, 236-беренелери)" деген сөздөр "(Жазык кодексинин 236-беренеси)" деген сөздөргө алмаштырылсын;

"(Жазык кодексинин 264-266-беренелери)," деген сөздөр "(Жазык кодексинин 265, 266-беренелери), баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун же прекурсорлорун жүгүртүү чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 268, 269, 271-276-беренелери)," деген сөздөргө алмаштырылсын;

"277-280, 282" деген цифралар "277-282" деген цифраларга алмаштырылсын;

б) 2 жана 3-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Ден соолукка каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 143-беренеси), үй-бүлө мамилелеринин салттарына жана жашы жетелектердин кызыкчылыктарына каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 182-беренеси), адамдын саясий жана башка укуктарына каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 187, 188-беренелери), коомдук коопсуздукка каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 239-246, 250-252-беренелери), конституциялык түзүлүштүн негиздерине жана мамлекеттин коопсуздугуна каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 307-312, 314, 316-318-беренелери), сот бийлигине каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 335-беренеси), башкаруу тартибине каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 357, 358-беренелери), тынчтыкка жана адамзаттын коопсуздугуна каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 380-388-беренелери), аскердик кылмыштар жана согуш жүргүзүүнүн мыйзамдарынын жана салттарынын башка бузуулары жөнүндө (Жазык кодексинин 389, 390, 392-395-беренелери) жазык иштери боюнча сотко чейинки өндүрүш улуттук коопсуздук органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт.

3. Баш ийүү жана аскердик ар-намысты сактоо тартибине каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 364-374-беренелери), аскердик мүлктү сактоонун же эксплуатациялоонун тартибине каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 375-379-беренелери), аскер кызматчысы статусундагы адамдардын жасаган кылмыштары жөнүндө жазык иштери боюнча сотко чейинки өндүрүш аскер прокуратурасынын органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт.";

в) 4-бөлүктө:

"216, 220-223" деген цифралар "216-223" деген цифраларга алмаштырылсын;

"224-беренеси" деген сөздөр "224-226-беренелери" деген сөздөргө алмаштырылсын;

бөлүк "салык салуу чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 227-232-беренелери)" деген сөздөрдөн кийин "коммерциялык жана башка уюмдардагы кызматтын кызыкчылыктарына каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 233-238-беренелери)" деген сөздөр менен толукталсын;

г) 6-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"6. Адамдын жарандык жана башка укуктарына каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 187, 188-беренелери) жазык иштери боюнча сотко чейинки өндүрүш аскер прокуратурасынын жана улуттук коопсуздук органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт.";

д) 7-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;

е) 8-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"8. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтык кызыкчылыктарына каршы коррупциялык же башка кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 319-331-беренелери), далилдерди табуунун процесстик тартибине каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 339-343, 347-беренелери), башкаруу тартибине каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 357-беренеси) жазык иштери боюнча сотко чейинки өндүрүш улуттук коопсуздук органдарынын жана экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт.";

ж) 9-бөлүктө:

бөлүк "(Жазык кодексинин 225-беренеси)," деген сөздөрдөн кийин "коомдук тартипке каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 264-беренеси)," деген сөздөр менен толукталсын;

бөлүк "(Жазык кодексинин 313, 315-беренелери)," деген сөздөрдөн кийин "сот бийлигине каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 332, 333-беренелери)," деген сөздөр менен толукталсын;

з) 10-бөлүгү "(Жазык кодексинин 215-беренеси)," деген сөздөрдөн кийин "сот бийлигине каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 336-беренеси), далилдерди табуунун процесстик тартибине каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 337, 338-беренелери)" деген сөздөр менен толукталсын;

и) 11-бөлүгүндөгү "Баңги заттарын контролдоо боюнча органдын," деген сөздөр алып салынсын;

9) расмий тилдеги текстте 155-беренесинин 1-бөлүгү "месяцев" деген сөздөн кийин "с момента уведомления лица о подозрении в совершении преступления" деген сөздөр менен толукталсын;

10) 233-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"233-берене. Шектенүү жөнүндө кабарлама

1. Адамды кылмыш жана (же) жорук жасады деп шектенүү үчүн негиз болуучу далилдер жетиштүү болгондо, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, тергөөчү, прокурор шектенүү тууралуу кабарлама чыгарат.

2. Негиздер пайда болгон учурда алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, тергөөчү, прокурор жаңы шектенүү жөнүндө кабарлайт.

3. Шектенүү жөнүндө кабарламанын датасы жана убактысы, шектелген адам жасады делген кылмыштын жана (же) жоруктун укуктук квалификациясы Жазык кодексинин, же болбосо Жоруктар жөнүндө кодекстин беренесин (беренесинин бөлүгүн) көрсөтүү менен алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, тергөөчү, прокурор тарабынан кечиктирилгис түрдө Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине киргизилет.

4. Шектелип жаткандыгы тууралуу кабарлаганга чейин адамга карата Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине маалыматтарды киргизүү фактысы ушул берененин жоболоруна ылайык бул адам үчүн кандайдыр бир укуктук кесепеттерге алып келбейт.";

11) 237-берененин 1-бөлүгүнүн 4-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

12) 248-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Сотко чейинки өндүрүш ушул Кодекстин 26-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн негиздер болгондо, ушул Кодекстин 26-беренесинин 3 жана 3-1-бөлүктөрүндө белгиленген жагдайлар жок болгон шартта тергөөчү тарабынан кыскартылат.";

13) 251-берененин 3-бөлүгүндө:

"айыпталуучуга," деген сөз алып салынсын;

"иш козголгон" деген сөздөр "сотко чейинки өндүрүш башталган" деген сөздөргө алмаштырылсын;

14) 278-берененин 1-бөлүгүндө "Ушул Кодекстин" деген сөздөрдөн мурда "Ушул Кодекстин 26-беренесинин 3 жана 3-1-бөлүктөрүндө белгиленген жагдайлар болбогон шартта" деген сөздөр менен толукталсын;

15) 292-беренеде:

"биринчи бөлүгүнүн 3-13" деген сөздөр "1-бөлүгүнүн 3-14" деген сөздөргө алмаштырылсын;

берене "аныкталса," деген сөздөн кийин "ушул Кодекстин 26-беренесинин 3 жана 3-1-бөлүктөрүндө белгиленген жагдайлар болбогон шартта" деген сөздөр менен толукталсын;

16) 439-берененин 1-бөлүгүнүн 4-пунктундагы "9-13" деген цифралар "9-14" деген цифраларга алмаштырылсын;

17) 476 жана 477-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"476-берене. Жазык иштери жана (же) жоруктар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштүн өзгөчө тартиби колдонулуучу адамдардын категориялары

Тизмеги "Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген прокуратуранын айрым ыйгарым укуктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында аныкталган мамлекеттик органдардын кызмат адамдарына карата жазык иши жана (же) жоруктар жөнүндө иш боюнча шектелгендиги жөнүндө кабарлоо чечими Башкы прокурор же жогоруда аталган конституциялык Мыйзамда аныкталган ыйгарым укуктарына ылайык прокурор тарабынан кабыл алынат.

477-берене. Кылмышты же жорукту жасады деп шектенүү тууралуу кабарлоо

1. Тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы шектелген адам тууралуу өтүнмөнү прокурорго киргизет.

2. Прокурор өтүнмөнү жана жазык иши жана (же) жоруктар жөнүндө иштин материалдарын карап чыгып, кылмыш жана (же) жорукту жасады деп шектенүүгө негиз берүүчү жетиштүү далилдер болгондо, адамдын шектелип жаткандыгы жөнүндө кабарлама чыгарат.

3. Шектенүү жөнүндө кабарлама өтүнүч киргизген адамга (органга) аны ошол кабарлама чыгарылган адамга тапшыруусу үчүн берилет.

4. Жетиштүү далилдер жок болсо, же болбосо адам "Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген прокуратуранын айрым ыйгарым укуктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында белгиленген тизмекке кирбесе, прокурор жазык ишин жана (же) жоруктар жөнүндө ишти алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамына, тергөөчүгө кайтарат.";

18) 478-беренеде:

а) 3 жана 4-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Башкы прокурордун сунуштамасы боюнча Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын макулдугу менен судьяны жазык жоопкерчилигине тартууга жол берилет. Башкы прокурор судьяны жоопкерчиликке тартууга макулдук алуу үчүн Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясына тийиштүү сунуштама киргизет, анда иштин жагдайлары, судья шектелип жаткан Жазык кодексинин жана (же) Жоруктар жөнүндө кодекстин беренеси, жоопкерчиликке тартууга макулдук берүү жөнүндө өтүнүч көрсөтүлөт. Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы мындай макулдукту берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алган учурда, ошол эле негиздер боюнча судьяны жоопкерчиликке тартууга макулдук берүү жөнүндө сунуштаманы кайталап киргизүүгө жол берилбейт.

4. Конституцияда аныкталган тартипте Жогорку Кеңеш тарабынан кызматынан четтетилген Президентти жазык жоопкерчилигине тартуу жөнүндө чечим Башкы прокурор тарабынан кабыл алынат.";

б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:

"6. Акыйкатчыны (Омбудсменди), анын орун басарын жазык жоопкерчилигине тартуу жөнүндө чечим Жогорку Кеңештин макулдугу менен Башкы прокурор тарабынан кабыл алынат.";

19) 479-берененин 1 жана 2-бөлүктөрү "Жогорку Кеңештин депутаттыгына катталган талапкерлер" деген сөздөрдөн кийин ", Акыйкатчы (Омбудсмен), анын орун басарлары" деген сөздөр менен толукталсын;

20) 480-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"480-берене. Адамдардын айрым категорияларына карата сотко чейинки өндүрүш

476-беренеде көрсөтүлгөн жактарга карата жазык иши жана (же) жоруктар жөнүндө иш боюнча чечим кабыл алынгандан кийин сотко чейинки өндүрүш тартиби ушул главада каралган алып салуулар менен ушул Кодексте белгиленет.";

21) 503-беренеде:

а) 1-бөлүктө:

"сот бийлигине жана далилдерди алуунун процесстик тартибине каршы (Жоруктар жөнүндө кодекстин 162-167-беренелери)" деген сөздөр "сот бийлигине жана далилдерди табуунун жана сот чечимдерин аткаруунун процесстик тартибине каршы (Жоруктар жөнүндө кодекстин 162-168-беренелери)" деген сөздөргө алмаштырылсын;

"башкаруу тартибине каршы (Жоруктар жөнүндө кодекстин 168-175-беренелери)" деген сөздөр "башкаруу тартибине каршы (Жоруктар жөнүндө кодекстин 169-176-беренелери), аскерге чакырылуучулардын, резервдегилердин жана аскерге милдеттүүлөрдүн жоруктары жөнүндө иштер боюнча (Жоруктар жөнүндө кодекстин 177-179-беренелери)," деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) 5-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"5. Аскер кызматчыларынын жоруктары жөнүндө (Жоруктар жөнүндө кодекстин 180-187-беренелери) жана аскер кызматчылары жасаган башка жоруктар жөнүндө иштер боюнча сотко чейинки өндүрүш аскер прокуратурасы тарабынан жүзөгө ашырылат.".

4-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 21-майындагы N 41 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

С. Жээнбеков