Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\7e06e9e0-87d5-4e01-b0db-272feb251bf6\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2019-жылдын 24-апрели № 52

Бажылык жөнгө салуу жөнүндө

 

2019-жылдын 14-мартында

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңеши тарабынан

кабыл алынган

I БӨЛҮМ. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР

1-глава. Бажылык жөнгө салуу жөнүндө негизги жоболор

1-берене. Бажылык жөнгө салуу жана бажы иши. Бажылык жөнгө салуунун укуктук негиздери

1. Бажылык жөнгө салуу - бул Кыргыз Республикасындагы Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы (мындан ары - бажы чек арасы) аркылуу товарларды өткөрүү, алардын Кыргыз Республикасындагы Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагында (мындан ары - бажы аймагы) же анын чегинен тышкары туруусунун жана анын пайдаланылуусунун тартибин жана шарттарын, товарларды бажы аймагына алып келүүгө жана бажы аймагынан алып чыгууга, товарларды убактылуу сактоого, аларды бажылык декларациялоого жана чыгарууга байланышкан бажы операцияларын, башка бажы операцияларын жүргүзүү тартибин, бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө жана бажы контролун жүргүзүү тартибин белгилөөгө байланышкан мамилелерди укуктук жөнгө салуу, ошондой эле бажы органдарынын жана бажы аймагында же анын чегинен тышкары товарларга ээлик кылуу, пайдалануу жана (же) тескөө укугун ишке ашыруучу адамдардын ортосундагы укуктук мамилелерди регламенттөө.

2. Бажы иши бажылык укук мамилелерин жөнгө салуучу, Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзүүчү эл аралык келишимдерди жана актыларды (мындан ары - бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдер жана актылар) жана Кыргыз Республикасынын бажылык жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдарын сактоону камсыз кылуучу каражаттардын жана методдордун жыйындысын билдирет.

3. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизденет жана Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси (мындан ары - Кодекс) жана бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдер жана актылар менен жөнгө салынбаган бажылык укук мамилелерин, ошондой эле Кодекске ылайык, жөнгө салынуусу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде ишке ашырылуучу бажылык укук мамилелерин жөнгө салат.

Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуунун укуктук негизин 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишим (мындан ары - Бирлик жөнүндө келишим), Кодекс, бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдер жана актылар, ушул Мыйзам жана кабыл алынышы Кодексте, бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерде жана актыларда жана ушул Мыйзамда каралган ченемдик укуктук актылар түзөт.

4. Эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде ушул Мыйзамда камтылган эрежелерден башкача эрежелер белгиленсе, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин эрежелери (нормалары) колдонулат.

2-берене. Бажы аймагы

Бажы аймагын Кыргыз Республикасынын аймагы, анын ичинде эркин экономикалык зоналардын аймактары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жайгашкан, аларга карата Кыргыз Республикасы өзгөчө юрисдикцияга ээ болгон курулмалар, түзүлүштөр жана башка объекттер түзөт.

3-берене. Бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын колдонуу мезгили

Бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары алар күчүнө кирген күндөн кийин келип чыккан мамилелерге карата колдонулат жана эгерде Кодексте жана ушул Мыйзамдын 44-главасында башкача белгиленбесе, артка карай күчкө ээ болбойт.

4-берене. Бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдер жана актылар жөнүндө маалымат берүү

Бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдер жана актылар жөнүндө маалымат берүү Кодекстин 3-беренесине ылайык бажы органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.

5-берене. Мөөнөттөрдү эсептөө

Кодексте жана ушул Мыйзамда белгиленген, убакыттын мезгили же болбосо жагдайдын келип чыгышы менен аныкталган мөөнөттөрдүн башталышын жана аякташын аныктоо Кодекстин 4-беренесинде каралган тартипте жүзөгө ашырылат.

6-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылган негизги түшүнүктөр

1. Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:

1) тыюу салуулар жана чектөөлөр - бажы чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү товарларга карата колдонулуучу, Бирлик жөнүндө келишимге ылайык бир тараптуу тартипте киргизилген чараларды кошо алгандагы тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары, техникалык жөнгө салуу чаралары, санитардык, ветеринардык-санитардык жана (же) карантиндик фитосанитардык чаралар, эксперттик контролдоо чаралары, анын ичинде аскердик жана (же) кош арналыштагы продукцияга карата чаралар жана Бирлик жөнүндө келишимге жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген радиациялык талаптар;

2) почта байланышынын дайындалган оператору - Бүткүл дүйнөлүк почта бирлигине мүчө өлкө тарабынан расмий дайындалуучу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Бүткүл дүйнөлүк почта бирлигинин актыларына ылайык почталык байланыш кызматтарын көрсөтүүнү камсыз кылуучу жак;

3) ата мекендик жактар - юридикалык жакты түзгөн жана түзбөгөн, Кыргыз Республикасында жайгашкан, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн ишканалар, мекемелер, уюмдар, ошондой эле жеке жактар-резиденттер, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында жеке ишкер катары катталгандар;

4) бажы органдары - бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, бажыканалар, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга караштуу ведомстволук башка бөлүктөр;

5) бажы төлөмдөрү - бажы органдары тарабынан Кодексте, бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерде жана актыларда, салык мыйзамдарында жана ушул Мыйзамда белгиленген тартипте алынуучу бажылык алым, салыктар, бажылык жыйымдар.

2. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү башка түшүнүктөр Бирлик жөнүндө келишимде, Кодексте жана ушул Мыйзамда аныкталган маанисинде колдонулат.

3. Эгерде Кодексте башкача каралбаса, анда ушул Мыйзамда пайдаланылуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын башка тармактарынын түшүнүктөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын тиешелүү тармактарында пайдаланылган маанисинде колдонулат.

7-берене. Бажылык-тарифтик жөнгө салуу чараларын, тыюу салууларды жана чектөөлөрдү, ички рынокту коргоо чараларын жана Кыргыз Республикасынын бажы ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерди, актыларды жана салык мыйзамдарын колдонуу

1. Бажы операцияларын жана бажы контролун жүргүзүүдө, эгерде Кодексте, Бирликтин алкагындагы эл аралык келишимдерде, ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында башкача каралбаса, бажы декларациясы жана башка бажы документтери катталган күнгө карата колдонуудагы бажылык-тарифтик жөнгө салуу чаралары, тыюу салуулар жана чектөөлөр, ички рынокту коргоо чаралары, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары колдонулат.

2. Бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерде жана актыларда, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында жана ушул Мыйзамда белгиленген талаптарды бузуу менен бажы чек арасы аркылуу өткөрүлгөн товарларга карата, эгерде Кодексте, Бирликтин алкагындагы эл аралык келишимдерде, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында жана ушул Мыйзамда башкача каралбаса, товарлар бажы чек арасынан иш жүзүндө өткөрүлгөн күнү колдонууда болгон бажылык-тарифтик жөнгө салуу чаралары, тыюу салуулар жана чектөөлөр, ички рынокту коргоо чаралары, бажы ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жана актылары, салык мыйзамдары колдонулат.

Эгерде товарлар бажы чек арасынан иш жүзүндө өткөрүлгөн күн белгиленбей калса, Кодексте, Бирликтин алкагындагы эл аралык келишимдерде, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында жана ушул Мыйзамда башкача каралбаса, бузуулар табылган күнү колдонууда болгон бажылык-тарифтик жөнгө салуу чаралары, тыюу салуулар жана чектөөлөр, ички рынокту коргоо чаралары, бажы ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жана актылары, салык мыйзамдары колдонулат.

3. Бажы декларациясынын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган өзгөчөлүктөрүн колдонуу менен эки же андан ашык товарга декларация берилген учурда, товарларга биринчи декларация катталган күндөгү бажылык-тарифтик жөнгө салуу чаралары, тыюу салуулар жана чектөөлөр, ички рынокту коргоо чаралары, салык мыйзамдары колдонулат.

8-берене. Тыюу салууларды жана чектөөлөрдү сактоо

1. Товарлар Кодекстин 7-беренесинин жана ушул берененин жоболорун эске алуу, тыюу салууларды жана чектөөлөрдү сактоо менен бажы чек арасы аркылуу өткөрүлөт жана (же) бажы жол-жоболоруна жайгаштырылат.

2. Тарифтик эмес жөнгө салуу, анын ичинде бир тараптуу тартипте киргизилген чараларды жана техникалык жөнгө салуунун чараларын Евразия экономикалык комиссиясынын (мындан ары - Комиссия) актылары менен жөнгө салынбаган бөлүгүндө сактоону ырастоо учурлары жана тартиби Бирлик жөнүндө келишимге ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

Экспорттук контролдоо чараларын, анын ичинде аскердик жана (же) кош арналыштагы продукцияларга карата чараларды сактоо ушундай чаралардын сакталгандыгын ырастоочу документтерди жана (же) маалыматтарды берүү жолу менен, экспорттук контролдоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда жана тартипте ырасталат.

Санитардык, ветеринардык-санитардык жана карантиндик, фитосанитардык чаралардын жана радиациялык талаптардын сакталышы санитардык-эпидемиологиялык, ветеринардык, карантиндик фитосанитардык, радиациялык контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашыруунун натыйжалары боюнча, Бирлик жөнүндө келишимде жана Комиссиянын ага ылайык кабыл алынган актыларында белгиленген тартипте жана (же) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте ырасталат.

9-берене. Бажы документтери

1. Бажы органына берилген бажы документтери мамлекеттик жана расмий тилде толтурулат.

Кыргыз Республикасынын аймагында толтурулуучу жана Евразия экономикалык бирлигине башка мүчө-мамлекеттин (мындан ары - мүчө-мамлекет) бажы органдарына көрсөтүлүүгө тийиш болгон бажы документтери бажы операцияларын жүргүзүүдө расмий тилде толтурулат.

2. Бажы документтеринде код түрүндө көрсөтүлүүгө тийиш болгон маалыматтар Комиссия тарабынан бекитилген классификаторлорду пайдалануу менен көрсөтүлөт.

3. Кодекске, бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү башка эл аралык келишимдерге жана актыларга ылайык электрондук документ түрүндөгү бажы документтеринин структурасы жана форматы Комиссия тарабынан аныкталган учурларды кошпогондо, электрондук документ түрүндөгү бажы документтеринин структурасы жана форматы бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.

4. Кодекстин 8-беренесинин 5-пунктунда белгиленген учурда, бажы документтеринин формаларын толтуруу тартиби жана (же) бажы документтерине өзгөртүүлөрдү (толуктоолорду) киргизүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

5. Кодексте, бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү башка эл аралык келишимдерде жана актыларда каралбаган бажы документтери, мындай бажы документтеринин формалары, бул формаларды толтуруунун, мындай бажы документтерине өзгөртүүлөрдү (толуктоолорду) киргизүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

2-глава. Бажы чек арасы аркылуу товарларды өткөрүү, аларга бажы аймагында же анын чегинен тышкары ээлик кылуу, аларды пайдалануу жана (же) тескөө жөнүндө жалпы жоболор

10-берене. Бажы чек арасы аркылуу товарларды өткөрүү

1. Бардык жактар товарларды Кодексте белгиленген же Кодекске ылайык тартипте жана шарттарда бажы чек арасы аркылуу алып өтүүгө бирдей негиздерде укуктуу.

2. Бажы чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү товарлар Кодекске, бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерге жана актыларга жана ушул Мыйзамга ылайык бажылык контролдоого жатат.

11-берене. Бажы чек арасы аркылуу товарларды өткөрүүчү жерлер

1. Бажы чек арасы аркылуу товарларды өткөрүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрмө пункттарда жүзөгө ашырылат.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бажы чек арасы аркылуу товарларды өткөрүүнүн башка жерлерин белгилеши мүмкүн.

Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөндөн башка жерлердеги бажы чек арасы аркылуу товарларды өткөрүү учурлары жана тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жерлерден башка жерлерде өткөрүлүшү мүмкүн болгон товарлардын айрым категориялары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

3. Ушул берененин жоболору куурдук транспорт жана электр өткөрүү линиялары аркылуу өткөрүлүүчү товарларды бажы чек арасы аркылуу өткөрүүдө колдонулбайт.

12-берене. Бажы органдарына алдын ала маалыматтарды берүү

1. Алдын ала маалыматтарды берүүнүн максаты болуп товарларды бажы аймагына алып келгенге чейин тобокелдиктерди баалоо жана объекттерди, бажы контролунун формаларын жана бажы контролун жүргүзүүнү камсыз кылуучу чараларды тандоо жөнүндө алдын ала чечимдерди кабыл алуу үчүн, бажы чек арасы аркылуу өткөрүүгө пландалган товарлар жөнүндө маалыматтарды бажы органдарынын алуусу саналат.

Алдын ала маалымат бажы органдары тарабынан бажы операцияларын жүргүзүүнү тездетүү жана бажы контролун оптималдаштыруу үчүн пайдаланылат.

2. Алдын ала маалымат, Кодекстин 11-беренесине ылайык, ушул берененин жоболорун эске алуу менен бажы органдарына берилет.

3. Алдын ала маалымат бажы органына, жактын тандоосу боюнча мамлекеттик же расмий тилде берилет.

4. Бажы органы берилген алдын ала маалыматты каттоодон өткөрөт же Комиссия тарабынан аныкталуучу тартипте жана мөөнөттө аны каттоодон баш тартат.

Бажы органы алдын ала берилген маалыматты ага каттоо номерин ыйгаруу жолу менен каттоодон өткөрөт.

Эгерде берилген маалымат Комиссия тарабынан аныкталган курамга, структурага жана форматка жана (же) ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган талаптарга туура келбесе, бажы органы алдын ала маалыматты каттоодон баш тартат.

Алдын ала маалыматтын каттоо номерин көрсөтүү менен аны каттоо жөнүндө маалымат же болбосо баш тартуунун себебин көрсөтүү менен аны каттоодон баш тартуу жөнүндө маалымат алдын ала маалыматты берген жакка электрондук формада жөнөтүлөт.

5. Алдын ала маалыматтар Кодекстин 11-беренесинин 12-пунктунда белгиленген мөөнөттүн ичинде бажы органдарынын маалыматтык системаларында сакталат.

6. Милдеттүү түрдө берилүүгө тийиш болгон алдын ала маалымат берилбегенде же аны берүү мөөнөтү сакталбаганда, товарларды декларациялоого байланышкан бажы операциялары алдын ала маалымат берилгенге чейин жүргүзүлбөйт.

7. Алдын ала маалыматтар Кодекстин 11-беренесинин 15-пунктунун 1-7-пунктчаларында аныкталган товарларга карата, ошондой эле Комиссия тарабынан аныкталган учурларда башка товарларга карата берилбеши мүмкүн.

Алдын апа маалымат куурдук транспорт же электр берүү линиялары аркылуу өткөрүлүүчү товарларга карата берилбейт.

8. Бажылык декларациялоо Кодекстин 114-беренесинде аныкталган өзгөчөлүктөр менен жүзөгө ашырылуучу товарларга карата электрондук документ түрүндө берилген бажы декларациясында билдирилген маалыматтар, Комиссия тарабынан аныкталган учурларда жана тартипте алдын ала маалымат катары пайдаланылышы мүмкүн.

13-берене. Бажы чек арасы аркылуу товарларды өткөрүүдө тыюу салууларды жана чектөөлөрдү сактоо

Товарлар Кодекстин 12-беренесинде жана ушул Мыйзамдын 8-беренесинде белгиленген тыюу салууларды жана чектөөлөрдү сактоо менен бажы чек арасы аркылуу өткөрүлөт.

14-берене. Бажы аймагында же анын чегинен тышкары аймакта товарларга ээлик кылуу, аларды пайдалануу жана (же) тескөө

1. Бажы аймагына алып келинген товарлар бажы чек арасынан өткөндөн кийин жана бажы органдары чыгарганга чейин, аларга ээлик кылуу, аларды пайдалануу жана (же) тескөө Кодекстин 14 жана 16-главаларында, ал эми айрым категориядагы товарларга карата - Кодекстин 37-43-главаларында жана ушул Мыйзамдын V бөлүмүндө белгиленген тартипте жана шарттарда жүзөгө ашырылат.

2. Товарлар аларды бажы органдары чыгаргандан кийин бажы аймагында же анын чегинен тышкары аймакта аларга ээлик кылуу, аларды пайдалануу жана (же) тескөө товарлар жайгаштырылган бажы жол-жобосуна ылайык же бажылык декларациялоого жана (же) бажы жол-жобосуна жайгаштырылбастан чыгарууга жаткан товарлардын айрым категориялары үчүн белгиленген тартипте жана шарттарда жүзөгө ашырылат.

3. Бажы аймагынан ташып чыгыла турган товарлар ташып кетилүүчү жерге келгенден кийин аларга бажы чек арасынан өткөнгө чейин ээлик кылуу, пайдалануу жана (же) тескөө Кодекстин 2 жана 15-главаларында, ал эми товарлардын айрым категорияларына карата Кодекстин 37-43-главаларында жана ушул Мыйзамдын V бөлүмүндө белгиленген тартипте жана шарттарда жүзөгө ашырылат.

15-берене. Товарлардын бажы контролунда турушу

Кодекстин 14-беренесинде белгиленген учурларда товарлар бажы контролунда турат деп эсептелет.

16-берене. Жараксыз болгон, бузулган же зыянга учураган товарлар

Бажы аймагына ташып келинген товарлар бажы аймагына жараксыз, бузулган же зыянга учураган абалда ташып келинген товарлар катары Кодекстин 15-беренесине ылайык каралат.

17-берене. Соттун чечими менен конфискацияланган же Кыргыз Республикасынын менчигине (кирешесине) өткөрүлгөн же өндүрүп алуу багытталган чет өлкөлүк товарлар

1. Соттун чечими менен конфискацияланган же Кыргыз Республикасынын менчигине (кирешесине) өткөрүлгөн чет өлкөлүк товарлар бажы жол-жобосуна жайгаштырылууга, ал эми өздүк пайдалануу үчүн товарлар - эркин жүгүртүүгө чыгарылууга жатпайт. Көрсөтүлгөн товарлар ушундай чечим күчүнө кирген күндөн тартып Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары - Бирлик) товарлары статусуна ээ болот.

2. Соттун чечими менен бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө эсебине өндүрүп алуу багытталган чет өлкөлүк товарлар тиешелүү бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө эсебине акча каражаттары чегерилген учурдан тартып Бирликтин товарлары статусуна ээ болот, бажы жол-жоболоруна жайгаштырылууга жатпайт.

3. Соттун чечими менен конфискацияланган же Кыргыз Республикасынын менчигине (кирешесине) өткөрүлгөн жана (же) соттун чечими менен бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө эсебине өндүрүп алуу багытталган чет өлкөлүк товарларды сатуу, пайдалануу же жок кылуу, аларды ташуу (транспорттоо), кайра жүктөө (жүктөө, түшүрүү), сактоо боюнча чыгымдарды, мындай товарларды сатууга даярдоо жана сатуу менен байланышкан башка чыгымдарды эсептөө, ошондой эле мындай чыгымдардын ордун толтуруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте жүзөгө ашырылат.

Соттун чечими менен бажы төлөмдөрүн, салыктарды, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө эсебине өндүрүп алуу багытталган чет өлкөлүк товарларды сатуудан түшкөн суммаларды тескөө Кодекстин 383-беренесине ылайык жүзөгө ашырылат.

18-берене. Кызыкдар жактар жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары тарабынан товарлардын сынамыгын жана (же) үлгүлөрүн тандоо

Кызыкдар жактар жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары тарабынан товарлардын сынамыгын жана (же) үлгүлөрүн тандоо Кодекстин 17-беренесине ылайык жүзөгө ашырылат.

19-берене. Бажы органдарына отчёттуулукту берүү

1. Бажы иши чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактар, ыйгарым укуктуу экономикалык операторлор жана эркин бажы зонасынын бажы жол-жобосуна жана эркин кампанын бажы жол-жобосуна жайгаштырылган чет өлкөлүк товарларга, ошондой эле Бирликтин товарларына ээлик кылуучу жана (же) аларды пайдалануучу жактар сактоодо турган, ташылуучу, сатылуучу, кайра иштетилүүчү жана (же) пайдаланылуучу товарлар жөнүндө, ошондой эле жүргүзүлгөн бажы операциялары жөнүндө отчёттуулукту бажы органдарынын талабы боюнча гана берүүгө милдеттүү.

2. Отчёттуулукту берүү ыкмасы, отчёттордун формасы, аларды толтуруу тартиби, ошондой эле отчёттуулукту берүүнүн тартиби жана мөөнөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

3-глава. Евразия экономикалык бирлигинин тышкы экономикалык ишинин бирдиктүү товардык номенклатурасы. Товарларды классификациялоо

20-берене. Евразия экономикалык бирлигинин тышкы экономикалык ишинин бирдиктүү товардык номенклатурасы

1. Евразия экономикалык бирлигинин тышкы экономикалык ишинин бирдиктүү товардык номенклатурасы (мындан ары - Тышкы экономикалык иштин бирдиктүү товардык номенклатурасы) бажылык-тарифтик жөнгө салуу чараларын, ташып чыгуу бажы алымдарын, тыюу салууларды жана чектөөлөрдү, ички рынокту коргоо чараларын колдонуу, бажы статистикасын жүргүзүү максатында товарларды классификациялоо үчүн пайдаланылуучу товарларды сыпаттоо жана аларга код берүү системасы болуп саналат.

2. Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасынын эл аралык негизи болуп Бүткүл дүйнөлүк бажы уюмунун Товарларды сыпаттоонун жана аларга код берүүнүн шайкештөө системасы жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Тышкы экономикалык ишинин товардык номенклатурасы саналат.

3. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган:

1) Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасынын эл аралык негизин иштеп чыгуу, өзгөртүү, толуктоо, чечмелөө жана колдонуу боюнча эл аралык уюмдардын ишине катышат;

2) кызыкдар мамлекеттик органдар менен бирдикте Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасын иштеп чыгуу, өзгөртүү жана толуктоо жөнүндө сунуштарды даярдоону камсыз кылат.

21-берене. Товарларды классификациялоо

1. Декларант жана башка жактар бажылык декларациялоодо жана Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасы боюнча товардын коду бажы органына бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерге жана актыларга ылайык билдирилген башка учурларда Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасына ылайык товарларды классификациялайт.

Эгерде Кодекске ылайык бажы декларациясында Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасына ылайык товардын коду жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү каралбаса, бажылык декларациялоодо товарларды классификациялоо жүзөгө ашырылбайт.

2. Товарларды классификациялоонун тууралыгын текшерүү бажы органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.

Бажы органдары товарларды классификациялоону жүзөгө ашыруучу учурлар Кодекстин 20-беренесинин 2-пунктунда белгиленген.

3. Товарлар чыгарылганга чейин бажы органдары тарабынан туура эмес классификациялоо табылган учурда, товарларды кпассификациялоо жөнүндө чечим ошол бажы органдары тарабынан он төрт жумушчу күндүн ичинде кабыл алынат. Көрсөтүлгөн учурда товарларды чыгаруу Кодекстин 121-беренесине ылайык жүзөгө ашырылышы мүмкүн же болбосо мындай товарлар убактылуу сактоого жайгаштырылат.

Эгерде товарлар чыгарылганга чейин аларды классификациялоо жөнүндө чечимди кабыл алуу үчүн товарларды бажылык декларациялоо учурунда берилген документтер жана маалыматтар жетишсиз болсо, бажы органдары Кодекстин 325-беренесинин 4-пунктуна ылайык товарларды бир мааниде классификациялоого мүмкүндүк берүүчү кошумча документтерди жана маалыматтарды сурап алууга укуктуу.

Документтер жана маалыматтар суралган жак Кодекстин 325-беренесинин 7-пунктунда белгиленген мөөнөттө ушундай документтерди жана маалыматтарды берүүгө милдеттүү.

Кодекстин 121-беренесине ылайык товарларды чыгарууда бажы органдары тарабынан туура эмес классификациялоо табылган учурда, товарларды классификациялоо жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн бажы органдары сураган кошумча документтер жана маалыматтар Кодекстин 325-беренесинин 14-пунктунда белгиленген мөөнөттө берилет.

Бажы органдары тарабынан товарларды классификациялоо жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн зарыл болгон кошумча документтер жана маалыматтар суралган учурда ушул бөлүктүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн мөөнөттүн өтүшү тиешелүү документтер жана маалыматтар берилгенге чейин токтотулат.

Товарларды классификациялоо жөнүндө чечимдин формасы, ушундай чечимде көрсөтүлүүгө тийиш болгон маалыматтар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

4. Коммерциялык, транспорттук (ташуучулук) жана (же) башка документтерде, ошондой эле эксперттик мекемелер тарабынан берилүүчү корутундуларда, маалымдамаларда, экспертиза актыларында көрсөтүлгөн товарлардын коддору товарларды классификациялоо үчүн милдеттүү болуп эсептелбейт.

22-берене. Товарларды классификациялоо жөнүндө алдын ала чечимдер

Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кызыкдар жактын суроо-талабы боюнча товарларды Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасына ылайык классификациялоо жөнүндө алдын ала чечимди Кодекстин 23-25-беренелеринде аныкталган тартипте кабыл алат.

23-берене. Товарлардын айрым түрлөрүн классификациялоо жөнүндө чечимдер жана түшүндүрмөлөр

1. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасын бир түрдүү колдонууну камсыз кылуу максатында бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген тартипте товарлардын айрым түрлөрүн классификациялоо жөнүндө чечимди кабыл алууга жана түшүндүрмө берүүгө укуктуу.

Ушул бөлүктүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн чечимдер жана түшүндүрмөлөр бажы аймагында бажы органдары тарабынан товарларды классификациялоодо милдеттүү болуп саналат.

2. Ушул берененин жоболорун колдонуу максаттары үчүн товарлардын айрым түрлөрү деп конкреттүү аталыштары, конкреттүү маркасы, модели, артикулу, модификациясы жана башка ушуга окшош жеке мүнөздөмөсү бар товарларды Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасына ылайык бир кодго киргизүүгө мүмкүндүк берүүчү жалпы классификациялык белгилерге ээ болгон товарлардын жыйындысы түшүнүлөт.

24-берене. Товарды классификациялоо жөнүндө алдын ала чечимге өзгөртүүлөрдү киргизүү, мындай алдын ала чечимдин колдонулушун токтотуу же аны чакыртып алуу

1. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, Кодекстин 26-беренесине ылайык, товарды классификациялоо жөнүндө өзү кабыл алган алдын ала чечимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу чечимди, ошондой эле товарларды классификациялоо жөнүндө алдын ала чечимди колдонууну токтотуу жөнүндө же чакыртып алуу жөнүндө чечимди кабыл алат.

2. Товарды классификациялоо тууралуу алдын ала чечимди чакыртып алуу жөнүндө чечим Кодекстин 26-беренесинин 6-пунктунун 4-пунктчасында каралган учурда, Дүйнөлүк бажы уюмунун тиешелүү чечимдери расмий жарыяланган күндөн тартып отуз календардык күндөн кечиктирбестен, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кабыл алынат жана мындай чечимдер күчүнө кирген күңдөн тартып күчүнө кирет.

25-берене. Бажы аймагы аркылуу өткөрүлүүчү кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү, анын ичинде комплекттелбеген же бүтүрүлбөгөн түрдөгү товарларды классификациялоо

1. Убакыттын кандайдыр бир мезгилинин ичинде өзүнчө компонент түрүндө бажы чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү, анын ичинде комплекттелбеген же бүтүрүлбөгөн түрдөгү товарлар (мындан ары - кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товар) Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасын интерпретациялоонун Негизги эрежелерине ылайык, төмөнкүдөй шарттар сакталган учурда, комплекттелген же бүтүрүлгөн товарлардын коду менен классификацияланышы мүмкүн:

1) кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарларды классификациялоо жөнүндө чечим бар болгондо;

2) бир тышкы экономикалык бүтүмдүн алкагында товарды бажылык декларациялоо бир бажы органына бир декларант тарабынан жүзөгө ашырылса;

3) кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарларды классификациялоо жөнүндө чечим берилген жак товардын компонентинин декларанты болуп саналса;

4) декларант, товарды жеткирүү мөөнөттөрү, товар жайгаштырыла турган бажы жол-жобосу жөнүндө маалыматтар, ошондой эле Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасына ылайык санын жана кодун көрсөтүү менен товардын жана ага кирген компоненттердин сыпаттамасы камтылган пландалган жеткирүүлөр жөнүндө жазуу жүзүндөгү кабарлама бажы органына берилсе.

Кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарга карата Кодекстин 23-26-беренелеринде аныкталган тартипте мындай товарды квалификациялоо жөнүндө алдын ала чечим алынышы мүмкүн.

2. Комплекттелген же бүтүрүлгөн товардын кодун Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасына ылайык көрсөтүү менен, кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарды бажылык декларациялоо ушул Мыйзамдын 101-беренесине ылайык жүзөгө ашырылат.

3. Эгерде Кодекстин 117-беренесинин 8-пунктунда белгиленген мөөнөттүн ичинде бажы аймагы аркылуу өткөрүлүүчү кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товардын бардык компоненттерин чыгаруу жүзөгө ашырылбаса, мындай компоненттер Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасына ылайык көрсөтүлгөн компоненттерге карата колдонулуучу Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасын интерпретациялоонун Негизги эрежелерине ылайык коддор боюнча классификацияланат.

26-берене. Кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимди кабыл алуу жөнүндө арыз

1. Декларант кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимди кабыл алуу үчүн, товарды чыгарып берүү жүзөгө ашырылуучу бажы органына жазуу жүзүндө арыз берет.

Кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимди кабыл алуу жөнүндө арыз кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товардын компоненттерин, бажы транзитинин бажы жол-жобосун жана бажы кампасынын бажы жол-жобосун кошпогондо, бажы жол-жобосу астында жайгаштырууга чейин берилет.

2. Кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимди кабыл алуу жөнүндө арызда төмөнкүлөр камтылышы керек:

1) мындай товардын декларанты катары чыгууга укуктуу жак жөнүндө маалымат;

2) товар жөнүндө маалымат (аталышы, товардын компоненттеринин тизмеги);

3) товарды берүү мөөнөтү;

4) товар жайгаштырыла турган бажы жол-жобосу жөнүндө маалымат;

5) товарды бажылык декларациялоо жүзөгө ашырылуучу региондогу бажы органынын аталышы.

3. Кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимди кабыл алуу жөнүндө арызга төмөнкүдөй документтер жана маалыматтар тиркелет:

1) товарга карата тышкы экономикалык бүтүм түзүлгөндүгүн тастыктоочу документтер;

2) товардын компоненттеринин кагаз жана электрондук түрдөгү (таблица түрүндө) тизмектери, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

а) компоненттердин, анын ичинде товардын өзүнчө компонентин түзүүчү бөлүктөрүнүн аталыштары;

б) Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасына ылайык товардын компоненттеринин коддору;

в) компоненттердин, анын ичинде товардын өзүнчө компонентин түзүүчү бөлүктөрүнүн Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасында колдонулуучу өлчөө бирдиктериндеги саны жана (же) салмагы;

3) арналышын, аткаруучу функцияларын, аракеттенүү принцибин, алар жасалган материалды көрсөтүү менен товардын айрым компоненттеринин сыпатталышы;

4) куроо (монтаждоо) чиймеси (схемасы).

4. Эгерде тапшырылган документтер жана маалыматтар кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимди кабыл алуу үчүн жетишсиз болсо, бажы органы кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимди кабыл алуу жөнүндө арыз катталган күндөн тартып он беш календардык күндүн ичинде кошумча маалымат берүү зарылдыгы жөнүндө арыз берүүчүгө жазуу жүзүндө кабарлайт.

Кошумча маалымат арыз берүүчүнү кабарландырган күндөн тартып отуз календардык күндүн ичинде берилиши керек.

5. Бажы органы кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимди кабыл алуудан төмөнкүдөй учурларда баш тартат, эгерде:

1) арыз ошол товардын декларанты катары чыгууга укугу болбогон жак тарабынан берилсе;

2) бажы органы тарабынан суралган кошумча маалымат ушул берененин 4-бөлүгүнүн экинчи абзацында көрсөтүлгөн мөөнөттө берилбесе же болбосо ошол товардын декларанты катары чыгууга укугу бар жак товарды классификациялоо үчүн зарыл болгон документтерди жана маалыматтарды берүүдөн баш тартса;

3) арызда жана ага тиркелген документтерде карама-каршы маалыматтар камтылса;

4) бажы аймагына ташып келинүүгө тийиш болгон компоненттер Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасына ылайык бирдиктүү код менен классификациялануучу товарды түзбөсө;

5) кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товардын айрым компоненттеринин бөлүгү, бажы транзитинин бажы жол-жобосун жана бажы кампасынын бажы жол-жобосун кошпогондо, бажы жол-жобосу астында жайгаштырылса.

27-берене. Кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечим кабыл алуунун мөөнөттөрү жана мындай чечимге коюлуучу талаптар

1. Кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечим, кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимди кабыл алуу жөнүндө арыз катталган күндөн тартып отуз календардык күндүн ичинде кабыл алынат. Ушул Мыйзамдын 26-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык кошумча маалымат берүү зарыл болгон учурда, жакты бул жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлама катталган күндөн тартып мөөнөттүн өтүүсү токтотулат жана суралган маалыматты камтыган акыркы документти бажы органы алган күндөн тартып кайрадан улантылат.

2. Кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимде төмөнкүдөй маалыматтар камтылышы керек:

1) кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимди кабыл алган бажы органынын аталышы;

2) кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимдин каттоо номери жана анын кабыл алынган датасы;

3) мындай товардын декларанты катары чыгууга укугу бар жак жөнүндө маалымат;

4) товардын толук аталышы;

5) Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасын интерпретациялоонун Негизги эрежелерин көрсөтүү менен, кабыл алынган чечимдин жүйөлөрү жана негиздери;

6) Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасына ылайык товардын он орундуу коду;

7) товардын компоненттеринин тизмеги, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

а) компоненттердин, анын ичинде товардын өзүнчө компонентин түзүүчү бөлүктөрдүн аталышы;

б) Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасына ылайык товардын компоненттеринин коду;

в) компоненттердин, анын ичинде товардын өзүнчө компонентин түзгөн бөлүктөрдүн Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасында колдонулуучу өлчөө бирдигиндеги саны жана салмагы;

г) товардын компоненттерин ташып киргизүүчү тышкы экономикалык бүтүм түзүлгөндүгүн тастыктоочу документтердин же бажы максаттары үчүн зарыл болгон башка документтердин реквизиттери;

8) товар жайгаштырыла турган бажы жол-жобосу жөнүндө маалымат;

9) кабыл алынган чечимге даттануу тартиби жөнүндө маалыматтар.

3. Кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимге бажы органынын жетекчиси же анын милдетин аткаруучу адам кол коёт жана ал кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

28-берене. Кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимди колдонууну токтотуу, ага өзгөртүүлөрдү киргизүү

1. Бажы органы кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимди колдонууну токтотуу же ага өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн.

Кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимди колдонууну токтотуу же ага өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечим ошол товардын декларанты катары чыгууга укугу бар жакка кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимдин колдонууну токтотуу же ага өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн кийинки үч жумушчу күндөн кечиктирбестен жиберилет.

2. Кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимди колдонууну токтотуу жөнүндө чечим төмөнкүдөй учурларда кабыл алынат, эгерде:

1) кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимди кабыл алуу үчүн мындай товардын декларанты катары чыгууга укуктуу жактын жасалма документтерди тапшыргандыгы же жалган маалымат бергендиги бажы органы тарабынан аныкталса;

2) кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товардын айрым компоненттеринин акыркы партиясына карата бажы декларациясы Кодекстин 117-беренесинин 8-пунктунда каралган мөөнөттө берилбесе;

3) мындай товардын декларанты катары чыгууга укуктуу жак товарды берүүдөн, анын ичинде товардын айрым компоненттери бажы аймагына алып келингенден кийин жазуу жүзүндө баш тартса.

3. Эгерде товардын жасап чыгарылган компоненттери Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасын интерпретациялоонун Негизги эрежелерине ылайык кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимде көрсөтүлгөн бүтүрүлгөн же комплекттелген товардын коду менен классификацияланса, кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимди колдонууну токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынбайт.

4. Кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимди колдонууну токтотуу жөнүндө чечим кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечим кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

5. Кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимге төмөнкүдөй учурларда өзгөртүүлөр киргизилет:

1) Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасы өзгөргөндө;

2) Комиссия же бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бажы органдары аткарууга милдеттүү болгон, товарлардын айрым түрлөрүн классификациялоо боюнча чечим кабыл алынганда же түшүндүрмө берилгенде;

3) кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимди кабыл алууда же арыз берүүчү тарабынан документтерди даярдоодо кетирилген каталар, жаңылыштыктар айкындалганда;

4) эгерде мындай өзгөртүү товарга же анын айрым компоненттерине тиешелүү болсо, тышкы экономикалык бүтүмдүн шарттары өзгөргөндө.

6. Кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечим кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечимде көрсөтүлгөн мөөнөттө күчүнө кирет.

7. Кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарды классификациялоо боюнча чечимди колдонууну токтотууда же ага өзгөртүүлөрдү киргизүүдө ушул беренеде көрсөтүлгөн товардын айрым компоненттери Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасын интерпретациялоонун Негизги эрежелерине ылайык ошол компоненттерге карата колдонулуучу коддор боюнча Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасына ылайык классификацияланат.

29-берене. Товарларды классификациялоо жөнүндө алдын ала чечимдердин, товарларды классификациялоо жөнүндө чечимдердин, товарлардын айрым түрлөрүн классификациялоо жөнүндө чечимдердин жана түшүндүрмөлөрдүн, кураштырылбаган же ажыратылган түрдө бажы чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү товарларды классификациялоо жөнүндө чечимдердин айкындуулугу

Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен корголуучу мамлекеттик, коммерциялык, банктык же башка сырларды түзгөн маалыматтардан, же болбосо кызыкдар жакка тиешелүү купуя маалыматтардан тышкары, бажы органдары тарабынан кабыл алынган товарларды классификациялоо жөнүндө алдын ала чечимдерден, товарлардын айрым түрлөрүн классификациялоо жөнүндө чечимдерден жана түшүндүрмөлөрдөн, кураштырылбаган же ажыратылган түрдө бажы чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү товарларды классификациялоо жөнүндө чечимдерден алынган маалыматтар бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жайгаштырылат.

4-глава. Товарлардын келип чыгышы

30-берене. Товарлардын келип чыгышын аныктоо

1. Бажы аймагына алып келинүүчү товарлардын келип чыгышын аныктоо Бирлик жөнүндө келишимде каралган максаттарда жана товарлардын келип чыгышын аныктоо эрежелери (мындан ары - ташып келинүүчү товарлардын келип чыгышын аныктоо эрежелери) боюнча жүзөгө ашырылат.

2. Мүчө-мамлекеттерде чыгарылган товарлар чыккан өлкөнү аныктоо зарыл болгон учурда, эгерде Комиссия актыларында башкача белгиленбесе, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин эркин соода аймагынын алкагында түзүлгөн Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык белгиленген, товарлар чыккан өлкөнү аныктоо эрежелери колдонулат.

3. Бажы аймагынан ташып чыгылуучу товарлардын келип чыгышы, эгерде Бирликтин алкагындагы эл аралык келишимдерде, Бирликтин үчүнчү тарап менен түзүлгөн эл аралык келишимдеринде же Кыргыз Республикасынын башка эл аралык келишимдеринде башкача эрежелер белгиленбесе, Комиссия тарабынан белгиленген эрежелер боюнча аныкталат.

31-берене. Товарлардын келип чыгышын аныктоонун өзгөчөлүктөрү

1. Эгерде өндүрүштүк же транспорттук шарттар боюнча бир партия менен жөнөтүү мүмкүн болбосо, ошондой эле жаңылыштыктан улам товарлар бир нече партия менен жөнөтүлсө, бир нече партия менен жөнөтүлүүчү кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарлар алар чыккан өлкөнү аныктоодо бирдиктүү товар катары каралат.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн жоболору төмөнкүдөй шарттар менен колдонулат:

1) партиялар менен берилүүчү, кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү товарлар жөнүндө, мындай берүүнүн себебин көрсөтүү менен, Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасы боюнча товарлардын коддорун, ар бир партиянын өзгөчөлүгүн, ар бир партияга кирген товарлардын наркын жана чыккан өлкөсүн көрсөтүү менен бажы органдарын алдын ала кабардар кылуу же болбосо товарларды бир нече партияга бөлүүнүн жаңылыштыгын документ түрүндө ырастоо;

2) товарлардын бардык партияларын бир өлкөдөн бир берүүчү тарабынан берүү;

3) товарлардын бардык партияларын бир бажы органына декларациялоо;

4) товарлардын бардык партияларын бажы органы товарларга декларацияны каттаган же болбосо товарлардын биринчи партиясына карата декларация берүү мөөнөтү бүткөн күндөн тартып алты айдан ашпаган мөөнөттө ташып келүү. Көрсөтүлгөн мөөнөт декларанттын жүйөлүү суроо-талабы боюнча бажы органдары тарабынан ошол товардын калган бардык партияларын алып келүү үчүн зарыл болгон убакытка узартылат жана Кодекстин 117-беренесинин 8-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттөн ашпоого тийиш.

3. Товарлар чыккан өлкөнү аныктоодо аларды өндүрүү же иштеп чыгуу/кайра иштетүү үчүн пайдаланылган энергиянын, машиналардын, жабдуулардын жана шаймандардын келип чыгышы эсепке алынбайт.

4. Машиналарда, жабдууларда, аппараттарда же транспорттук каражаттарда пайдаланууга арналган жабдыктар, запастык бөлүктөр жана шаймандар, алар адатта ушул түзүлүштөр менен бирге берилүүчү комплектацияда жана санда ошол машиналар, жабдуулар, аппараттар же транспорттук каражаттар менен чогуу алып келинген жана сатылган шартта, ошол машиналар, жабдуулар, аппараттар же транспорттук каражаттар чыккан өлкөдөн келип чыккан деп эсептелет.

5. Товар бажы аймагына алып келинген таңгак, аны товардан өзүнчө декларациялоого тийиш болгон учурларды кошпогондо, товардын өзү чыккан өлкөдөн келип чыккан деп эсептелет. Ал эми аталган учурларда таңгак чыккан өлкө товар чыккан өлкөдөн өзүнчө аныкталат.

Товар чыккан өлкөнү аныктоо максаты үчүн, анын ичинде адвалордук үлүштүн эрежелерин колдонууда, товар бажы аймагына алып келинген таңгак товардын өзү чыккан өлкөдөн чыккан деп эсептелген учурларда, товар чекене соодада адатта сатылган таңгак гана эсепке алынат.

32-берене. Товар чыккан өлкөнү ырастоо

1. Товарлардын келип чыгышы, ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, бажылык-тарифтик жөнгө салуу чараларын, тыюу салууларды жана чектөөлөрдү, ички рынокту коргоо чараларын колдонуу товарлардын келип чыгышына жараша боло турган бардык учурларда ырасталат.

2. Товарлардын келип чыгышын ырастоо төмөнкүдөй учурларда талап кылынбайт, эгерде:

1) бажы аймагына алып келинүүчү товарлар бажылык транзит бажы жол-жобосу астында жайгаштырылса;

2) товарлар Кодекстин 37-главасына ылайык бажы чек арасы аркылуу өткөрүлсө;

3) ташып келинүүчү товарлардын келип чыгышын аныктоо эрежелеринде же алып чыгылуучу товарлардын келип чыгышын аныктоо эрежелеринде каралган башка учурларда.

3. Ушул берененин 2-бөлүгүнүн жоболоруна карабастан, товарлардын келип чыгышы төмөнкүдөй учурларда тастыкталат, эгерде бажы органы тарабынан мындай өлкөдөн (өлкөлөр тобунан, өлкөлөрдүн бажы бирлигинен, региондон же өлкөнүн бөлүгүнөн) чыккан товарларга карата төмөндөгүлөргө тыюу салынганынын белгилери табылса:

1) Бирлик жөнүндө келишимге ылайык белгиленген тыюу салууларга жана чектөөлөргө ылайык, бажы аймагына же мүчө-мамлекеттин аймагына алып келүүгө;

2) Бирлик жөнүндө келишимге ылайык белгиленген тыюу салууларга жана чектөөлөргө ылайык, бажы аймагынан же мүчө-мамлекеттин аймагынан алып чыгууга;

3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүгө;

4) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык бажы аймагы боюнча транзиттөөгө;

5) эгерде бажы аймагына алып келинүүчү товарлар мындай товарлар келип чыккан өлкө болуп саналбаган, алар ташып чыгылган өлкөнүн аймагында буга чейин эркин жүгүртүүгө чыгарылса;

4. Товарды келип чыгышы жөнүндө декларация же товардын келип чыгышы тууралуу сертификат товардын келип чыгышы жөнүндө документ болуп саналат. Товардын келип чыгышы алып келинүүчү товарлардын келип чыгышын аныктоо эрежелерине же алып чыгылуучу товарлардын келип чыгышын аныктоо эрежелерине ылайык, товардын келип чыгышы жөнүндө декларация же товардын келип чыгышы тууралуу сертификат менен ырасталат.

5. Эгерде товарлардын келип чыгышы жөнүндө сертификатты көрсөтүү талап кылынбаса, чыгарылган өлкө товарлардын келип чыгышы жөнүндө декларацияда тастыкталат.

33-берене. Товардын келип чыгышы жөнүндө декларация

1. Товардын келип чыгышы жөнүндө декларация - товарларга тиешеси бар жана товардын келип чыгышы жөнүндө, товар чыккан өлкөнүн (өлкөлөрдүн тобунун, өлкөлөрдүн бажы бирлигинин, региондун же өлкөнүн бөлүгүнүн) же товарлар алып чыгылуучу өлкөнүн (өлкөлөрдүн тобунун, өлкөлөрдүн бажы бирлигинин, региондун же өлкөнүн бөлүгүнүн) товарды даярдоочусу, сатуучусу же берүүчүсү билдирген маалыматтарды камтуучу коммерциялык же ар кандай башка документ.

2. Эгерде товарлардын келип чыгышы жөнүндө декларацияда билдирилген, товардын келип чыгышы жөнүндө маалыматтар алардын колдонулушу ташып келинүүчү товарлардын келип чыгышын аныктоо эрежелеринде же ташып чыгылуучу товарлардын келип чыгышын аныктоо эрежелеринде белгиленген критерийлерден башка критерийлерге негизделсе, товарлардын келип чыгышы жөнүндө мындай декларация товарлардын келип чыгышы жөнүндө документ катары каралбайт.

34-берене. Товардын келип чыгышы жөнүндө сертификат

1. Товарлардын келип чыгышы жөнүндө сертификат - товар чыккан өлкө жөнүндө бир мааниде күбөлөндүрүүчү жана ушул өлкөнүн жана эгерде ташып чыгылуучу өлкөдө сертификат товар чыккан өлкөдөн алынган маалыматтардын негизинде берилсе, ташып чыгылуучу өлкөнүн компетенттүү органы тарабынан берилген документ.

Эгерде товардын келип чыгышы жөнүндө сертификатта товардын келип чыгышы жөнүндө маалыматтардын колдонулушу ташып келинүүчү товарлардын келип чыгышын аныктоо эрежелеринде же ташып чыгылуучу товарлардын келип чыгышын аныктоо эрежелеринде белгиленген критерийлерден башка критерийлерге негизделсе, товарлардын келип чыгышы жөнүндө мындай сертификат товарлардын келип чыгышы жөнүндө документ катары каралбайт.

2. Товарларды бажы аймагынан алып чыгууда товардын келип чыгышы жөнүндө сертификат, эгерде аталган сертификат контракттын шарттары боюнча, товарлар ташып киргизиле турган өлкөнүн эрежелери боюнча зарыл болсо же аталган сертификаттын бар болушу Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде каралса, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген органдар же уюмдар тарабынан берилет.

Товардын келип чыгышы жөнүндө сертификатты берүүгө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген органдар жана уюмдар анын көчүрмөсүн жана товардын келип чыгышын аныктоого негиз болгон башка документтерди товардын келип чыгышы жөнүндө сертификат берилген күндөн тартып кеминде үч жыл сактоого милдеттүү.

3. Бажы аймагына ташып келинүүчү товарларды бажылык декларациялоодо товардын келип чыгышы жөнүндө сертификат бажы декларациясы жана башка документтер менен кошо берилет. Сертификат жоголуп кеткен учурда анын расмий күбөлөндүрүлгөн дубликаты кабыл алынат.

4. Товардын келип чыгышы жөнүндө сертификат талаптагыдай эмес жол-жоболонгонунун же болбосо анда анык эмес маалыматтар камтылгандыгынын белгилери табылган учурда, товардын келип чыгышы жөнүндө мындай сертификат товардын келип чыгышы жөнүндө документ катары каралбайт.

Бажы органы ушул бөлүктүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн учурда, товардын келип чыгышы жөнүндө сертификат берген өлкөнүн компетенттүү мамлекеттик органдарына же башка уюмдарына кошумча документтерди же тактоочу маалыматтарды берүү жөнүндө кайрылууга укуктуу.

5. Эгерде сертификатты берүү милдеттүү болсо, товардын келип чыгышы жөнүндө талаптагыдай жол-жоболонгон сертификат же суралган кошумча документтер же болбосо тактоочу маалыматтар берилгенге чейин товар ушул өлкөдөн чыккан деп саналбайт.

Бажы органдары кошумча документтерди же тактоочу маалыматтарды берүү жөнүндө, ошондой эле иргеп текшерүү жүргүзүү максатында, товардын келип чыгышы жөнүндө сертификат берген өлкөнүн компетенттүү мамлекеттик органдарына же башка уюмдарына кайрылууга укуктуу. Мындай текшерүүнү жүргүзүү бажылык декларациялоодо билдирилген, ошол товар чыккан өлкө жөнүндө маалыматтардын негизинде товарды чыгарып берүүгө тоскоолдук кылбайт.

35-берене. Тарифтик преференцияларды калыбына келтирүү

1. Эгерде товардын келип чыгышы ушул Мыйзамдын 32-34-беренелерине ылайык так ырасталбаса, мындай товарлар Евразия экономикалык бирлигинин Бирдиктүү бажы тарифинде белгиленген ставкалар боюнча бажы алымдарын төлөө менен чыгарылат.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн товарларга карата тарифтик преференциялар бажы органдары товарларга декларацияларды каттаган күндөн тартып он эки ай өткөнгө чейин ушул товарлар чыккан өлкө ырасталган шартта калыбына келтирилет. Мындай учурда ташып келүүдөгү бажы алымдарынын төлөнгөн суммалары Кодекстин 10-главасына ылайык кайра кайтарып берилүүгө (эсепке алынууга) тийиш.

36-берене. Бажы аймагына ташып келинүүчү товарлардын келип чыгышы жөнүндө алдын ала чечимдер

1. Жактардын арыздары боюнча бажылык декларациялоодо бажылык операцияларды жүргүзүү убактысын кыскартуу максатында, бажы органдары товарларды бажылык декларациялоого чейин бажы аймагына ташып келинген мындай товарлардын келип чыгышы жөнүндө алдын ала чечимдерди (мындан ары - товарлардын келип чыгышы жөнүндө алдын ала чечим) кабыл алат.

Товарлардын келип чыгышы жөнүндө алдын ала чечим бажы органы товардын келип чыгышы жөнүндө алдын ала чечимди кабыл алуу тууралуу арызды каттаган күндөн тартып алтымыш календардык күндөн кечиктирбестен кабыл алынат.

Товардын келип чыгышы жөнүндө алдын ала чечимди кабыл алуу тартиби Кодекстин 33-35-беренелеринде аныкталган.

2. Товарлардын келип чыгышы жөнүндө алдын ала чечим Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат.

Товарлардын келип чыгышы жөнүндө алдын ала чечим кабыл алынган товарларды бажылык декларациялоодо, алардын келип чыгышы жөнүндө маалыматтар ушундай алдын ала чечимге товарлардын декларациясында ылайык көрсөтүлөт.

37-берене. Товардын келип чыгышы жөнүндө алдын ала чечимге өзгөртүүлөрдү киргизүү, товардын келип чыгышы жөнүндө алдын ала чечимдин колдонууну токтотуу же аны чакыртып алуу

Товардын келип чыгышы жөнүндө алдын ала чечимге өзгөртүүлөрдү киргизүү, товардын келип чыгышы жөнүндө алдын ала чечимди колдонууну токтотуу же аны чакыртып алуу тартиби Кодекстин 36-беренесинде белгиленген.

5-глава. Товарлардын бажылык наркы

38-берене. Товарлардын бажылык наркын аныктоо, декларациялоо жана контролдоо

1. Бажы чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү товарларды бажы аймагына алып келүүдө алардын бажылык наркын аныктоо Кодекстин 5-главасына ылайык жүзөгө ашырылат.

2. Бажы чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү товарлардын бажылык наркын декларациялоо жана контролдоо Кодекстин 105 жана 313-беренелерине ылайык жүзөгө ашырылат.

3. Бажы аймагынан ташып чыгарылуучу товарлардын бажылык наркын аныктоо жана декларациялоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

4. Декларант тарабынан билдирилген товардын бажылык наркын аныктоонун тууралыгын тастыктоочу маалыматтар болбогон учурда, бажы органы ушул Мыйзамдын 65-беренесине ылайык бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыздоо шартында, Кодекстин 121-беренесине ылайык товарды чыгарууну жүзөгө ашырууга укуктуу.

5. Декларант товардын бажылык наркын аныктоо боюнча бажы органынын чечимине макул болбогондо, мындай чечим ушул Мыйзамдын 29-главасында белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.

6. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде белгиленген учурларда, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан, товарлардын чет өлкөлүк өндүрүүчүсүнүн макулдугу менен, товардын бажылык наркын аныктоо үчүн ушул чет өлкөлүк өндүрүүчү тарабынан же анын атынан берилген документтер же маалыматтар бул товарлар өндүрүлгөн өлкөдө Кыргыз Республикасынын ушундай эл аралык келишимдерине ылайык текшерилиши мүмкүн.

39-берене. Маалыматтарды иштөө боюнча жабдуулар үчүн программалык камсыздоону камтымаларды баалоо

Программалык камсыздоону камтыманын бажылык наркы, андан камтыманын наркы бөлүнгөн шартта, программалык камсыздоону (дискеттер, компакт-дисктер) камтыманын өз наркы гана болуп саналат, камтымада камтылган мазмундун (маалыматтар, нускамалар д.у.с. - программалык камсыздоо) баасы бажылык наркка кирбейт.

Ушул беренени колдонуу максаттары үчүн:

камтымада интегралдык схемалар, жарым өткөргүчтөр жана мындай микросхемаларды ыңгайлаштырмаларды бириктирүүчү башка жасалымдар камтылбайт;

программалык камсыздоо үн чыгаруучу, кинематографиялык же видео көрсөтмө жазмаларды камтыбайт.

II. БӨЛҮМ БАЖЫ ТӨЛӨМДӨРҮ, АТАЙЫН, ДЕМПИНГГЕ КАРШЫ, КОМПЕНСАЦИЯЛЫК АЛЫМДАР

6-глава. Бажы төлөмдөрү жөнүндө жалпы жоболор

40-берене. Бажы төлөмдөрү

1. Бажы төлөмдөрүнө төмөнкүлөр кирет:

1) ташып келүүдөгү бажы алымы;

2) ташып чыгуудагы бажы алымы;

3) кошумча нарк салыгы;

4) акциздер (акциздик сапыктар);

5) бажы жыйымдары.

2. Жеке пайдалануу үчүн бажы аймагына ташып келинүүчү товарларга карата Кодекстин 37-главасына ылайык бирдиктүү ставка боюнча алынуучу бажы алымдары, салыктар же болбосо жыйынды бажы төлөмү түрүндө алынуучу бажы алымдары, салыктар төлөнүүгө тийиш.

41-берене. Бажы жыйымдары

1. Бажы жыйымдары болуп бажы органдары тарабынан товарларды чыгарууга, транспорттук каражаттарды бажылык коштоого, ошондой эле алдын ала чечимди кабыл алууга байланышкан бажы операцияларын жүргүзүү үчүн алынуучу төлөмдөр саналат.

2. Бажы органдарынын товарларды чыгарууга байланышкан бажы операцияларын жүргүзүү үчүн жыйымдары бажылык нарктын 0,25 пайыз өлчөмүндө жана (же) эсептик көрсөткүчтөрдө өндүрүп алынат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бажы органдары тарабынан товарларды чыгарууга байланышкан бажы операцияларын жүргүзүү үчүн жыйымдардын максималдык жана (же) минималдык өлчөмүн аныктайт.

3. Бажы органдары тарабынан товарларды чыгарууга байланышкан бажы операцияларын жүргүзүү үчүн жыйымдар төмөнкүдөй учурларда төлөнбөйт:

1) бекер жардам (көмөк) көрсөтүү максатында бажы чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү товарларды чыгарууга байланышкан бажы операцияларын бажы органдары тарабынан жүргүзүүдө;

2) товарларды ташууда колдонулуучу бажы транзитинин бажы жол-жобосуна ылайык товарларды чыгарууга байланышкан бажы операцияларын бажы органдары тарабынан жүргүзүүдө, мында ушундай ташуулар төмөнкүдөй учурларда жүзөгө ашырылган учурлар кошулбайт:

а) келген жериндеги бажы органынан кете турган жериндеги бажы органына чейин;

б) келген жериндеги бажы органынан ички бажы органына чейин;

в) ички бажы органынан кете турган жердеги бажы органына чейин;

3) нумизматикалык максатта колдонуудан тышкары, акциздик маркаларды жана валюталарды чыгарууга байланышкан бажы операциялары бажы органдары тарабынан жүргүзүлгөндө;

4) мамлекеттин пайдасына баш тартуу бажы жол-жобосу билдирилгенде;

5) мамлекеттик же муниципалдык музейлер, архивдер, китепканалар, башка мамлекеттик же муниципалдык уюмдар тарабынан экспонаттоо максатында маданий баалуулуктарды убактылуу ташып келүүнүн (жетимдүү кылуунун) бажы жол-жобосуна же убактылуу ташып чыгуунун бажы жол-жобосуна жайгаштырылган маданий баалуулуктарга карата, ошондой эле товарларды тиешелүү түрдө кайра экспорттоо жана кайра импорттоо бажы жол-жоболоруна жайгаштырууда аталган бажы жол-жоболорунун колдонулуусу аяктаганда;

6) дипломатиялык өкүлчүлүктөр, консулдук мекемелер, чет мамлекеттердин башка расмий өкүлчүлүктөрү, эл аралык уюмдар, бул өкүлчүлүктөрдүн, мекемелердин жана уюмдардын персоналы тарабынан бажы аймагына ташып келинүүчү жана бажы аймагынан ташып чыгылуучу товарларга карата, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык артыкчылыктардан, жеңилдиктерден жана (же) иммунитеттерден пайдалануучу чет өлкөлүк адамдардын айрым категорияларынын өздүк колдонуусуна арналган товарларга карата;

7) товарларды оозеки формада декларациялоодо;

8) товарларды декларациялоо учурунда аларга өзүнчө бажы декларациясын бербестен декларациялоодо;

9) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдеринде белгиленген башка учурларда.

42-берене. Бажылык коштоо үчүн жыйым

Кодекстин 343-беренесинде белгиленген учурларда декларанттын жана товарларга карата ыйгарым укукка ээ болгон башка адамдардын арызы боюнча бажы органдары бажылык коштоону, анын ичинде электрондук каражатты пайдалануу менен коштоону колдонууга укуктуу.

Товар ташып бараткан ар бир транспорттук каражатты, ошондой эле товар болуп эсептелген транспорттук каражатты бажылык коштоо үчүн аралыктын ар бир километрине эсептик көрсөткүчтүн 1/10 (ондон бир) өлчөмүндө бажылык коштоо жыйымы алынат.

43-берене. Алдын ала чечим кабыл алуу үчүн жыйымдар

Кабыл алынган алдын ала чечим үчүн жыйымдар ар бир алдын ала чечимге 10 (он) эсептик көрсөткүч өлчөмүндө алынат.

44-берене. Бажы жыйымдарын төлөөчүлөр, бажы жыйымдары салынуучу объекттер, бажы жыйымдарын эсептөө үчүн база, бажы жыйымдарын төлөө боюнча милдеттердин келип чыгышы жана токтотулушу, бажы жыйымдарын өндүрүү жана кайра кайтарып берүү (эсепке алуу), аларды төлөө мөөнөтү жана тартиби

1. Декларант жана бажы жыйымдарын төлөө боюнча милдет келип чыккан башка жактар бажы жыйымдарын төлөөчүлөр болуп эсептелет.

2. Бажы жыйымдары салынуучу объекттер болуп бажы чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү товарлар саналат.

3. Бажы органдарынын товарларды чыгарууга байланышкан бажы операцияларын жүргүзгөнү үчүн жыйымдарды эсептөөгө карата база болуп товарлардын бажылык наркы эсептелет. Бажы аймагына жеке жактар тарабынан ташып келинүүчү транспорттук каражаттарга карата бажы органдарынын товарларды чыгарууга байланышкан бажы операцияларын жүргүзгөнү үчүн жыйымдардын тастыктала турган өлчөмдөрү аныкталат.

4. Бажы органдарынын товарларды чыгарууга байланышкан бажы операцияларын жүргүзгөнү үчүн жыйымдар бажы декларациясын бергенге чейин жана аны берүү менен бир убакытта төлөнөт.

5. Бажылык коштоо үчүн жыйымдар бажылык коштоо иш жүзүндө жүзөгө ашырылганга чейин төлөнүүгө тийиш.

6. Алдын ала чечимди кабыл алуу үчүн жыйым арызды берүү менен бир эле убакытта төлөнөт.

7. Товарларды бажы чек арасы аркылуу мыйзамсыз алып өтүүдө бажы органдарынын товарды чыгарууга байланышкан бажы операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн жыйымдарды төлөөнүн мөөнөтү болуп бажы чек арасы аркылуу товарлар өткөрүлгөн күн, ал эми, эгерде бул күндү аныктоо мүмкүн болбогон учурда - товарларды мыйзамсыз өткөрүү фактысы аныкталган күн эсептелет.

8. Бажы органдарынын товарларды чыгарууга байланышкан бажы операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн жыйымдарды төлөө боюнча милдет бажы жыйымдарын төлөөчүдө бажы декларациясын каттаган учурдан тартып келип чыгат.

Бажылык коштоо үчүн жыйымды жана алдын ала чечимди кабыл алуу үчүн жыйымды төлөө боюнча милдет көрсөтүлгөн аракеттерди жасоо үчүн жак бажы органына кайрылганда келип чыгат.

9. Бажы жыйымдарын төлөө боюнча милдет төмөнкүдөй учурларда токтотулат:

1) бажы жыйымдарын төлөө боюнча милдеттер аткарылганда;

2) бажы органдары бажы жыйымдарын өндүрүп алганда;

3) бажы декларациясы чакыртып алынганда же товарларды чыгаруу жокко чыгарылганда.

10. Бажы жыйымдары Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында эсептелет жана ушул Мыйзамдын 52-беренесинде көрсөтүлгөн эсепке төлөнүүгө тийиш.

11. Бажы жыйымдарын өндүрүп алуу жана кайра кайтарып берүү (эсепке алуу) ушул Мыйзамда белгиленген тартипте бажы алымдарын, салыктарды өндүрүп алууга жана кайтарып берүүгө (эсепке алууга) жараша жүргүзүлөт.

12. Бажы жыйымдарын төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

45-берене. Аванстык төлөмдөр

1. Аванстык төлөмдөр деп алдыда турган бажы алымдарын, салыктарын, бажы жыйымдарын төлөө эсебине киргизилген жана конкреттүү товарларга карата бажы алымдарынын, салыктарынын, бажы жыйымдарынын конкреттүү түрлөрү жана суммалары боюнча төлөөчү тарабынан идентификацияланбаган акчалай каражаттар (акча) таанылат.

2. Аванстык төлөмдөрдү киргизүү жана пайдалануу учурлары, тартиби, формасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

46-берене. Аванстык төлөмдөрдү кайра кайтаруу

Аванстык төлөмдөрдү кайра кайтаруунун (эсепке алуунун) тартиби жана учурлары, ошондой эле аванстык төлөмдөрдү кайра кайтаруу жөнүндө арыздын формасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

47-берене. Бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча жеңилдиктер

1. Ташып келүү бажы алымдарын төлөө боюнча жеңилдиктерди (тарифтик жеңилдиктерди) берүү учурлары жана шарттары, ошондой эле аларды колдонуу тартиби Бирлик жөнүндө келишимге ылайык аныкталат.

Ташып келүү алымдарын төлөө боюнча жеңилдиктерди берүү учурлары жана шарттары, ошондой эле аларды колдонуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

2. Салыктарды төлөө боюнча жеңилдиктер Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленет.

48-берене. Бажы алымдарын, салыктарды төлөөчүлөр

Бажы алымдарын, салыктарды төлөөчүлөр болуп декларант же бажы алымдарын, салыктарды төлөө боюнча милдеттери келип чыккан башка жактар саналат.

49-берене. Бажы алымдары, салыктары салынуучу объект жана бажы алымдарын, салыктарды эсептөө үчүн база

1. Бажы алымдары, салыктары салынуучу объекттер болуп бажы чек арасы аркылуу алып өтүлүүчү товарлар, ошондой эле Кодексте каралган учурлардагы башка товарлар саналат.

2. Товардын түрүнө жана колдонулуучу ставкалардын түрлөрүнө жараша бажы алымдарын эсептөө үчүн база болуп, эгерде Кодексте башкача белгиленбесе, товарлардын бажы наркы жана (же) алардын натуралай көрүнүшүндөгү физикалык мүнөздөмөсү (саны, массасы, анын ичинде товардын алгачкы таңгакталышы - товарды колдонгонго чейин таңгагынан бөлүнбөстүгү жана (же) андагы товар чекене сатуу үчүн сунушталганы эске алынуу менен жана (же) товардын көлөмү же башка мүнөздөмөсү) саналат.

3. Салыктарды эсептөө үчүн база Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык аныкталат.

50-берене. Бажы алымдарын, салыктарды эсептөө

1. Бажы алымдарын, салыктарды эсептөө Кодекстин 52-беренесинде белгиленген учурларда жүргүзүлөт.

2. Бажы алымдарын, салыктарды эсептөө Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында жүргүзүлөт.

3. Өндүрүп алуу бажы органдарына жүктөлгөн башка төлөмдөрдү эсептөө жана төлөө үчүн бажылык кириштөө ордерин пайдалануу мүмкүнчүлүгү, бажылык кириштөө ордеринин формасын толтуруу, ага өзгөртүүлөрдү (толуктоолорду) киргизүү жана аны пайдалануу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

4. Салыктарды эсептөө тартиби Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленет.

51-берене. Бажы алымдарын, салыктарды эсептөө үчүн колдонулуучу бажы алымдарынын, салыктардын ставкасы

1. Ташып келүү бажы алымдарын эсептөө үчүн колдонулуучу ставканы аныктоо тартиби Кодекстин 53-беренесинде белгиленген.

2. Ташып чыгуу бажы алымдарын эсептөө үчүн колдонулуучу ставканы аныктоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

3. Салыктарды эсептөө үчүн Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген ставкалар колдонулат.

52-берене. Бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды, бирдиктүү ставка боюнча алынуучу бажы алымдарын, салыктарын же болбосо жыйынды бажы төлөмдөрү түрүндө алынуучу бажы алымдарын, салыктарын, туумдарды, пайыздарды, айыптарды төлөө формалары

1. Бажы төлөмдөрү, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдар, бирдиктүү ставка боюнча алынуучу бажы алымдары, салыктары, ошондой эле жыйынды бажы төлөмдөрү түрүндө алынуучу бажы алымдары, салыктары Кыргыз Республикасынын Казыналыгынын эсебине төлөнөт.

2. Төлөөчүнүн каалоосу боюнча ташып келүү бажы алымдары бажы декларациясын бергенге чейин төлөнүшү мүмкүн. Бажы декларациясын бергенге чейин төлөнгөн ташып келүү бажы алымдарынын суммаларын тескөө мүчө-мамлекеттердин эл аралык келишимдеринин жоболорун эсепке алуу менен, ушул Мыйзамдын 45-беренесинде каралган тартип боюнча жүзөгө ашырылат.

3. Бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды, бирдиктүү ставка боюнча алынуучу бажы алымдарын, салыктарын же болбосо жыйынды бажы төлөмдөрү түрүндө алынуучу бажы алымдарын, салыктарын, туумдарды, пайыздарды, айыптарды төлөө ушул Мыйзамга ылайык, накталай акча каражаттарын кабыл алуу (берүү) мүмкүнчүлүгүсүз электрондук төлөм каражаттарын (мындан ары - электрондук терминалдар) пайдалануу менен операцияларды жүргүзүүгө арналган орнотмолорду колдонуу менен, ошондой эле төлөө терминалдары же банкоматтар аркылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

53-берене. Бажы алымдарын, салыктарын төлөө боюнча милдеттердин келип чыгышы жана токтотулушу. Бажы алымдары, салыктар төлөнбөгөн учурлар

Бажы алымдарын, салыктарын төлөө боюнча милдеттердин келип чыгуу жана аларды токтотуу учурлары, ошондой эле бажы алымдары, салыктары төлөнбөй турган учурлар Кодекстин 54-беренесинде белгиленген.

54-берене. Бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттерди аткаруу

1. Бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдет бажы төлөмдөрүн төлөөчү жана Кодекске ылайык бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча жоопкерчиликти бажы төлөмдөрүн төлөөчү менен биргеликте тарткан жак тарабынан аткарылат.

2. Бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча төлөөчүнүн милдети, эгерде ушул беренеде көрсөтүлгөн акчалай каражаттардын өлчөмү төлөнүүгө тийиш болгон бажы төлөмдөрүнүн суммаларына эквиваленттүү болсо, төмөнкүдөй учурларда аткарылды деп эсептелет:

1) төлөөчүнүн банктагы эсебинен акчалай каражаттар эсептен чыгарылган, анын ичинде бажы төлөмдөрү электрондук терминалдар, банкоматтар аркылуу төлөнгөн учурдан тартып;

2) бажы органынын кассасына накталай акча каражаттары төгүлгөн учурдан тартып же болбосо төлөө терминалдары, банкоматтар аркылуу накталай акча каражаттары төлөнгөн учурдан тартып;

3) бажы төлөмдөрүнүн ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүп алынган суммасын бажы төлөмдөрүн төлөөнүн эсебине алуу учурунан тартып, ал эми мындай эсепке алуу төлөөчүнүн демилгеси боюнча жүргүзүлгөндө - эсепке алуу жөнүндө арызды бажы органы алган учурдан тартып;

4) бажы төлөмдөрүн, аванстык төлөмдөрдү же акчалай күрөөнү бажы төлөмдөрүн төлөөнүн эсебине алуу учурунан тартып, ал эми мындай эсепке алуу төлөөчүнүн демилгеси боюнча жүргүзүлгөндө - эсепке алуу жөнүндө арызды бажы органы алган учурдан тартып;

5) банк кепилдигине ылайык банк, башка кредиттик уюмдар же болбосо камсыздандыруу уюму, ошондой эле кепилдик берүү келишимине ылайык кепилдик берүүчү төлөгөн акчалай каражаттар бажы төлөмдөрүн төлөөнүн эсебине алынган учурдан тартып;

6) ушул Мыйзамдын 52-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн эсепке акчалай каражаттар киргизилген учурдан тартып, бажы төлөмдөрү төмөнкүлөрдүн эсебинен өндүрүп алынган учурда:

а) бажы төлөмдөрү төлөнбөгөн товарлардын;

б) бажы төлөмдөрүн төлөөчүнүн күрөөдөгү мүлкүнүн.

3. Накталай эмес тартипте бажы төлөмдөрүн төлөөдө товарларды чыгаруунун максаттары үчүн бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча төлөөчүнүн милдетинин аткарылышын ырастоо болуп ушул Мыйзамдын 52-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн эсепке бажы төлөмдөрүнүн суммасынын келип түшүүсү саналат, ал эми ушул Мыйзамдын 52-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык электрондук терминалдарды, төлөө терминалдарын же банкоматтарды пайдалануу менен бажы төлөмдөрү төлөнгөндө мындай ырастоо болуп ушул Мыйзамдын 52-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн эсепке акчалай каражаттар которулганын ырастоочу, электрондук терминалдар, төлөм терминалдары же банкоматтар тарабынан түзүлгөн, анын ичинде электрондук түрдө түзүлгөн документ эсептелет. Аталган документ түзүлгөн учурдан тартып, бажы төлөмдөрүн төлөө максатында которулган акчалай каражаттар кайра алынгыс болуп калат.

4. Бажы төлөмдөрүн төлөөчүнүн, ошондой эле ушул Мыйзамдын 55-беренесинде көрсөтүлгөн жактардын талабы боюнча бажы органдары бажы төлөмдөрү төлөнгөндүгүнө ырастоону жазуу жүзүндө, мындай талап коюлганга чейинки үч календардык жылдан ашпаган мезгил үчүн берүүгө милдеттүү. Бажы төлөмдөрүнүн төлөнгөндүгүнүн ырастоо формасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

5. Башка жактар тарабынан бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдетти аткаруу мүмкүндүгү, бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдетти аткаруу тартиби, ошондой эле уюм жоюлган, жеке ишкер ишин токтоткон, уюм кайра түзүлгөн учурда бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдетти аткаруу өзгөчөлүгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

6. Бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттүүлүктү аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарган учурда бажы органдары бажы төлөмдөрүн төлөөчүгө, ошондой эле Кодекске ылайык бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча жоопкерчиликти төлөөчү менен бирге тартуучу жактарга бажы төлөмдөрүнүн белгиленген мөөнөттө төлөнбөгөн суммасы жөнүндө кабарлама (мындан ары - Кабарлама) жиберет.

Ушул бөлүктүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн Кабарламанын формасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

7. Кабарламада төлөнүүгө тийиш болгон бажы төлөмдөрүнүн суммасы (төлөмдөрдүн түрлөрү боюнча), Кабарлама жиберилген учурга карата эсептелген туумдардын, пайыздардын өлчөмү, ушул Мыйзамга ылайык бажы төлөмдөрүн төлөө мөөнөтү, Кабарламаны аткаруу мөөнөтү жөнүндө, ошондой эле төлөөчү Кабарламада көрсөтүлгөн талаптарды аткарбаган учурда колдонулуучу, бажы төлөмдөрүн мажбурлап өндүрүү жана аларды өндүрүп алууну камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө жана Кабарламаны жиберүүнүн негиздери жөнүндө маалыматтар камтылууга тийиш.

Кабарлама тийиштүү түрдө жол-жоболонгон жана ушул берененин 10-бөлүгүндө белгиленген тартипте тапшырылган учурда гана күчкө ээ болот.

8. Кабарлама бажы төлөмдөрүн төлөбөй коюу же толук төлөбөй коюу фактысы аныкталган күндөн тартып отуз календарлык күндөн кечиктирбестен төлөөчүгө же болбосо бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдетти Кодекске ылайык бирге тарткан жакка жиберилүүгө тийиш.

Бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга байланышкан кылмыштардын (бузуулардын) белгилерине жараша жазыктык иш боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган же өндүрүш ачылган учурда, Кабарламаны жиберүү мөөнөтү жазыктык иштер боюнча жана бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүш аяктаганга чейин токтотулат.

9. Кабарламада көрсөтүлгөн талапты аткаруу мөөнөтү төлөөчү же бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдетти Кодекске ылайык бирге тарткан жак мындай Кабарламаны алган күндөн тартып отуз календарлык күндөн ашпайт.

Төлөөчү же бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдетти Кодекске ылайык бирге тарткан жак Кабарламада көрсөтүлгөн талапка макул болгон учурда, бажы органы тарабынан төлөөчүгө же болбосо бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдетти Кодекске ылайык бирге тарткан жакка мындай Кабарламаны алган күндөн тартып алты айдан ашпаган мөөнөттө Кабарламада көрсөтүлгөн талапты аткаруу мүмкүнчүлүгү берилиши мүмкүн.

Ушул бөлүктүн экинчи абзацында көрсөтүлгөн мөөнөттө Кабарламада көрсөтүлгөн талапты аткаруу мүмкүнчүлүгү Кабарламада аталган талапка макул болгон жактын жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде, мындай жак бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдетти аткарууну камсыз кылган учурда, бажы органы тарабынан берилет.

10. Кабарлама уюмдун жетекчисине же башка ыйгарым укуктуу өкүлүнө же жеке жакка кол койдуруп алуу менен же Кабарламаны алган фактысын жана датасын тастыктаган башкача ыкма менен тапшырылууга тийиш. Кабарламаны жеке өзүнө берүү мүмкүн болбосо же болбосо аталган адамдар Кабарламаны алуудан качса, ал тапшырык кат түрүндө почта аркылуу жиберилет. Кабарлама жиберилген күндөн кийин он календарлык күн өткөндөн тартып Кабарлама тапшырылды деп эсептелет.

11. Кабарлама ушул берененин 9-бөлүгүндө каралган мөөнөттө аткарылбаса, бажы органдары ушул Мыйзамдын 77 жана 78-беренелерине ылайык бажы төлөмдөрүн мажбурлап өндүрүп алуу боюнча чараларды көрөт.

12. Кабарлама төлөөчүгө анын жазыктык жоопкерчиликке же бузуулар үчүн жоопкерчиликке тартылгандыгына карабастан жиберилет.

13. Бажы органдары тарабынан Кабарлама жиберилбеген учурлар Кодекстин 55-беренесинин 4-пунктунда белгиленген.

Ушул бөлүктүн биринчи абзацында каралгандан тышкары, бажы органдары тарабынан Кабарлама жиберилбей турган башка учурлар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгилениши мүмкүн.

Бажы органы Кабарламаны Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте кайра чакыртып алышы мүмкүн.

55-берене. Кыргыз Республикасында ички керектөө үчүн чыгарып берүүнүн бажы жол-жобосуна жайгаштырылган, шарттуу түрдө чыгарып берилген товарларга карата бажы төлөмдөрүн төлөө тартиби

1. Бажы аймагында шарттуу түрдө чыгарып берилген товарларды сатып алуу үчүн ички керектөөгө чыгарып берүүнүн бажы жол-жобосуна, Бирликтин товарлары статусуна ылайык бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттүүлүктү аткаруу талап кылынган учурларда, мындай милдетти аткаруу декларант (анын укук улантуучусу) же мындай товарларга ээлик кылуу укугуна ээ болгон башка жак тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдетти аткаруу ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жактардын товарларды шарттуу чыгарып берүүчү бажы органына берген арыздарынын негизинде, товарларды шарттуу түрдө чыгарып берүү жүзөгө ашырылган бажы декларациясынын номерин жана бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттин аткарылганы тууралуу төлөм документинин реквизиттерин көрсөтүү менен жүргүзүлөт.

3. Кодекстин 126-беренесинин 1-пунктунун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн товарларга карата бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдетти аткаруу товарларды шарттуу чыгарып берүү жүргүзүлгөн бажы декларациясында эсептелген жана бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча жеңилдиктерди берүүгө байланыштуу төлөнбөгөн бажы төлөмдөрүнүн суммасынын өлчөмүндө жүргүзүлөт.

4. Кодекстин 126-беренесинин 1-пунктунун 3-пунктчасында көрсөтүлгөн товарларга карата бажы алымдары Бирдиктүү бажы тарифинде белгиленген алып келүү ставкалары боюнча эсептелген ташып келүү бажы алымдарынын суммасынын жана товарларды чыгарып берүүдө төлөнгөн ташып келүү бажы алымдарынын суммасынын ортосундагы айырманын өлчөмүндө төлөнөт.

5. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн бажы төлөмдөрү ушул Мыйзамдын 52-беренесинде аныкталган эсептерге төлөнүүгө тийиш.

6. Ушул берененин 1-бөлүгүнө ылайык төлөнүүгө тийиш болгон бажы төлөмдөрүнүн суммаларына туумдар эсептелбейт.

56-берене. Товарларды бажы чек арасы аркылуу мыйзамсыз өткөрүүдө бажы алымдарын, салыктарды төлөө боюнча милдеттердин келип чыгышы жана токтотулушу, аларды төлөө мөөнөтү жана эсептөө өзгөчөлүктөрү

Товарларды бажы чек арасы аркылуу мыйзамсыз өткөрүүдө бажы алымдарын, салыктарды төлөө боюнча милдеттердин келип чыгуу жана токтотулуу учурлары, аларды төлөө мөөнөтү, эсептөө өзгөчөлүктөрү Кодекстин 56-беренесинде белгиленген.

57-берене. Бажы алымдарын, салыктарын төлөө мөөнөтү жана тартиби

1. Бажы алымдарын, салыктарын төлөө мөөнөтү Кодекстин 57-беренесине ылайык аныкталат.

2. Бажы алымдарын төлөө тартиби ушул Кодекстин 61-беренесине ылайык белгиленет.

Салыктарды төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

58-берене. Туум

1. Төлөөчү бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдетти аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарган учурда, Кодексте белгиленген мөөнөттө туум төлөнөт.

Ушул берененин 2-4-бөлүктөрүндө, ушул Мыйзамдын 168-беренесинин 3-бөлүгүнүн төртүнчү-бешинчи абзацтарында каралган учурларды кошпогондо, туум бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдетти аткаруу мөөнөтү өтүп кеткен ар бир календардык күн үчүн, бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдетти аткаруу мөөнөтү бүткөн күндөн кийинки күндөн тартып, бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдет аткарылган күнгө чейин же болбосо мөөнөттү кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө жөнүндө чечим кабыл алынган күнгө чейин бул күндөрдү кошо алуу менен, төлөнбөгөн бажы төлөмдөрүнүн суммасынан 0,09 пайыз өлчөмүндө эсептелет.

2. Бажы органы кепилдик берүүчүгө же кепилге Кабарлама жибергенде туум кепилдик берүүчүлүк же банктык кепилдик менен камсыздалган милдеттенмелерди аткаруу мөөнөтү өткөн күндөн кийинки күндөн тартып эсептелет.

3. Кабарлама төлөөчүгө жиберилгенде туум Кабарлама жиберилген күндү кошо алуу менен эсептелет. Бажы төлөмдөрү Кабарламада көрсөтүлгөн мөөнөттө төлөнбөгөн учурда туум ушул берененин 1-пунктуна ылайык эсептелет.

4. Товарлар убактылуу сактоодо турганда бажы декларациясын берүү мөөнөтү бузулган учурда, убактылуу сакталган мезгил үчүн туум эсептелбейт жана төлөнбөйт.

5. Туум бажы төлөмдөрүнүн суммаларын төлөө менен бир убакта же мындай суммалар төлөнгөндөн кийин, бирок бажы төлөмдөрүнүн суммасы төлөнгөн учурдан тартып бир айдан кечиктирбестен төлөнөт.

6. Бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдет өз убагында эмес аткарылгандыгы үчүн эсептелген туумдун жалпы суммасы бажы төлөмдөрү боюнча негизги карыздын өлчөмүнүн 100 пайызынан ашпашы керек.

7. Бажы төлөмдөрүн төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө жөнүндө арыз берүү төлөм калдыгынын суммасына туум эсептөөнү токтотпойт.

8. Туумду төлөө, өндүрүп алуу жана кайра кайтарып берүү ушул Мыйзамда бажы төлөмдөрүн төлөөгө, өндүрүп алууга жана кайра кайтарууга карата каралган тартипте жүзөгө ашырылат.

Туумду эсептөө тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

7-глава. Бажы төлөмдөрүн төлөө мөөнөтүн өзгөртүү

59-берене. Бажы алымдарын, салыктарды төлөө мөөнөтүн өзгөртүүнүн жалпы шарттары

1. Бажы алымдарын, салыктарын төлөө мөөнөтүн өзгөртүү мөөнөттү кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө формасында жүзөгө ашырылат.

2. Бажы алымдарын, салыктарын төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ички керектөө үчүн чыгарып берүүнүн бажы жол-жобосуна жайгаштырылган товарларга карата бажы алымдарын, салыктарын төлөөчүнүн арызы боюнча берилет.

Кодекстин 59-беренесинин 2-пунктунун 1-пунктчасына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ал жеткис күчтүн жагдайларынын натыйжасында келтирилди деп таанылган зыян төлөөчүгө келтирилген учурда, бажы төлөмдөрүн төлөөчүнүн жазуу жүзүндөгү арызы боюнча бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ага бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдетти аткарууга камсыздоо бербестен үч жылга чейинки мөөнөткө салыкты төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө берилет.

3. Төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө бажы алымдары же салыктары боюнча, ошондой эле төлөнүүгө тийиш болгон бажы алымдарынын жана салыктарынын бардык суммасына карата берилиши мүмкүн.

4. Төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө жөнүндө чечим төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө жөнүндө арыз бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан катталган күндөн тартып он беш календарлык күндөн ашпаган мөөнөттө кабыл алынат.

60-берене. Бажы алымдарын, салыктарын төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө үчүн мөөнөттөр жана негиздер

1. Ташып келүү бажы алымдарын төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө үчүн негиздер, аларды берүү мөөнөттөрү Кодекстин 59-беренесинде белгиленген.

2. Салыктарды төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө ички керектөө үчүн чыгарып берүүнүн бажы жол-жобосуна ылайык, товарлар чыгарып берилген күндөн кийинки күндөн тартып алты айдан ашпаган мөөнөткө пайыздарды төлөтпөй берилет.

Салыктарды төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө үчүн негиз болуп төмөнкүлөр эсептелет:

Кодекстин 59-беренесинин 2-пунктунун 1-3-пунктчаларында көрсөтүлгөн негиздер;

бажы чек арасы аркылуу өткөрүлүп жаткан товарлар тез бузулуучу деп эсептелген учурлар;

3. Кодекстин 59-беренесинин 2 жана 3-пункттарында көрсөтүлгөн негиздердин болушу Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары тарабынан, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте ырасталат.

61-берене. Бажы төлөмдөрүн төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдырууну же бөлүп төлөөнү берүүгө жол бербөөчү жагдайлар

1. Төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдырууну же бөлүп төлөөнү берүүгө талаптануучу жакка бажы төлөмдөрүн төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдырууну же бөлүп төлөөнү берүүгө төмөнкүдөй учурларда жол берилбейт, эгерде ушул жакка карата:

1) салык мыйзамдарын же бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузууга байланышкан кылмыштын (бузуунун) белгилерине жараша жазыктык иш боюнча сотко чейинки өндүрүш башталса же өндүрүш ачылса;

2) банкроттуктун жол-жобосу козголсо.

3) бажы төлөмдөрү боюнча карыздары бар болсо.

2. Ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жагдайлар болгон учурда мөөнөттү кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө жөнүндө чечим чыгарылышы мүмкүн эмес, бул тууралуу мөөнөттү кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө жөнүндө арыз берген жакка мөөнөттү кийинкиге жылдыруунун же бөлүп төлөөнүн мүмкүн эместиги тууралуу чечим кабыл алынган күндөн кийинки үч жумушчу күндөн кечиктирбестен жазуу жүзүндө кабар берилет.

62-берене. Бажы алымдарын, салыктарын төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдырууну же бөлүп төлөөнү берүү үчүн пайыздар

1. Кодекстин 59-беренесинин 2-пунктунун 1-пунктчасына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ал жеткис күчтүн жагдайларынын натыйжасында келтирилди деп таанылган зыян төлөөчүгө келтирилген учурларды кошпогондо, бажы алымдарын, салыктарын төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдырууну же бөлүп төлөөнү берүү үчүн пайыздар алынат.

2. Ташып келүү бажы алымдарын төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдырууну же бөлүп төлөөнү берүү үчүн пайыздарды төлөө мөөнөтү, алардын өлчөмү, төлөө тартиби Кодекстин 60-беренесинде белгиленген.

3. Салыктарды төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдырууну же бөлүп төлөөнү берүү үчүн пайыздарды төлөө мөөнөтү, алардын өлчөмү, мындай пайыздарды төлөө тартиби ушул Мыйзамда ташып келүү бажы алымдары боюнча пайыздарды төлөө мөөнөтүнө, алардын өлчөмүнө, мындай пайыздарды төлөө тартибине карата каралган нормаларга ылайык колдонулат.

4. Бажы алымдарын, салыктарын төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдырууну же бөлүп төлөөнү берүү үчүн пайыздарды эсептөө тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

8-глава. Бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттин аткарылышын камсыздоо

63-берене. Бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттин аткарылышын камсыздоонун жалпы шарттары

1. Бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттин аткарылышын камсыздоонун жалпы шарттары Кодекстин 9-главасында аныкталган.

2. Бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттин аткарылышы төмөнкүдөй учурларда камсыздалат:

1) бажы төлөмдөрүн төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө берилгенде;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныктала турган учурларды кошпогондо, товарлар шарттуу чыгарып берилгенде;

3) Кодекстин 120-беренесине ылайык, товарларга карата декларация тапшырылганга чейин товарлар чыгарып берилгенде;

4) Кодекстин 121-беренесине ылайык, бажылык, башка документтерди жана (же) маалыматтарды текшерүү аяктаганга чейин товарлар чыгарып берилгенде;

5) Кодекстин 122-беренесине ылайык, бажы экспертизасы дайындалганда товарлар чыгарып берилгенде;

6) товарлар бажы транзитинин бажы жол-жобосуна жайгаштырылганда;

7) бажы иши чөйрөсүндө иштер жүзөгө ашырылганда;

8) ошондой эле ушул Мыйзамда каралган башка учурларда.

3. Кодекстин 120-122, 146, 304 жана 437-беренелеринде көрсөтүлгөн учурларда, ошондой эле Кодекстин 59-беренесинин 2-пунктунун 1-пунктчасына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ал жеткис күчтүн жагдайларынын натыйжасында келтирилди деп таанылган зыян келтирилген учурларда бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттин аткарылышына камсыздоо берилбейт.

Бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттин аткарылышына камсыздоо берилбей турган башка учурлар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

64-берене. Бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттин аткарылышын камсыздоо ыкмалары

1. Бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттин аткарылышы төмөнкүдөй ыкмалар аркылуу камсыздалат:

1) бажы органынын эсебине акчалай каражаттарды салуу (депозит);

2) банктык кепилдик;

3) кепилдик кылуу;

4) товарларды жана башка мүлктү күрөөгө коюу;

5) камсыздандыруу келишими.

2. Ушул Мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттин аткарылышын камсыздоо ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кайсы болбосун ыкмада жүргүзүлүшү мүмкүн.

Бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыздоонун ушул берененин 1-бөлүгүнүн 5-пунктунда каралган ыкмасы бажы иши чөйрөсүндө бажы өкүлдөрү, бажы жүк ташуучулары, убактылуу сактоо кампаларынын ээлери, бажы кампаларынын ээлери, эркин кампалардын ээлери, алымсыз соода дүкөндөрүнүн ээлери катары ишти жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүүдө гана колдонулат.

3. Бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттин аткарылышын камсыздоону колдонуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

4. Бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттин аткарылышын камсыздоону ырастоочу документтерди кайра кайтаруу тартиби жана учурлары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

65-берене. Бажы органынын эсебине акчалай каражаттарды салуу (депозит)

1. Бажы органын эсебине же кассасына бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттерди аткарууну камсыз кылуу катары акчалай каражаттарды салуу (депозит) Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында жүргүзүлөт.

Депозиттин суммасына пайыздар чегерилбейт.

2. Депозит менен камсыз кылынган милдеттенмелер аткарылбаганда, төлөнүүгө тийиш болгон бажы төлөмдөрүнүн, туумдун жана пайыздардын суммасы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине депозитте жайгаштырылган суммадан чегерилет.

3. Депозит менен камсыз кылынган милдеттенмелер аткарылганда, төлөнгөн акчалай каражаттар ушул Мыйзамдын 9-главасына ылайык кайра кайтарылууга же төлөөчүнүн каалоосу боюнча бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттерди аткаруу үчүн пайдаланылууга, келечектеги бажы төлөмдөрүн төлөөнүн эсебине алынууга же болбосо бажы органдарынын алдында келип чыккан башка милдеттенме боюнча бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттин аткарылышын камсыздоо үчүн пайдаланылууга жатат.

4. Депозиттин салынгандыгын ырастоо үчүн, бажы органынын эсебине же кассасына акчалай каражаттарды салган жакка депозиттик сертификат берилет, анын формасы жана пайдалануу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

66-берене. Банктык кепилдик

1. Бажы органдары бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзүүчү Банктардын жана башка кредиттик уюмдардын реестрине киргизилген банктар, кредиттик уюмдар тарабынан берилген банктык кепилдиктерди бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттин аткарылышын камсыздоо катары кабыл алат.

2. Банктарды, башка кредиттик уюмдарды Банктардын жана башка кредиттик уюмдардын реестрине киргизүү тартиби жана шарттары, ошондой эле аны жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

Берилген кепилдиктердин шарттары сакталбаганда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын жана бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын башка бузуулар болгондо, банктар жана башка кредиттик уюмдар Реестрден чыгарылышы мүмкүн.

3. Банктык кепилдиктерди берүүгө, банктык кепилдик боюнча талаптарды коюуга, кепилдик берүүчүнүн өз милдеттенмелерин аткаруусуна жана банктык кепилдиктерди токтотууга байланышкан укуктук мамилелерге карата Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарынын жоболору колдонулат.

67-берене. Кепилдик кылуу

1. Кепилдик кылуу бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзүүчү Кепилдик кылуучулардын реестрине киргизилген кепилдик кылуучу менен бажы органынын ортосунда келишим түзүү жолу менен Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жол-жоболонот.

2. Юридикалык жактарды Кепилдик кылуучулардын реестрине киргизүү тартиби жана шарттары, ошондой эле аны жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

3. Бажы төлөмдөрүн төлөөчү бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттин аткарылышын камсыздоо ыкмасын кепилдик кылуу катары тандаганда, кепилдик кылуучу болууга ниеттенген жак кепилдик кылуу келишимин түзүү жөнүндө бажы органына сунуш жиберет.

4. Бажы органы кепилдик кылуу келишимин түзүүгө байланышкан чыгымдарды тартпайт.

68-берене. Мүлктү күрөөгө коюу

1. Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын күрөө жөнүндө мыйзамдарына ылайык, күрөө предмети болуп мүлк эсептелет, буга төмөнкүлөр кирбейт:

1) Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары турган мүлк;

2) үчүнчү жактын пайдасына башка бир милдеттенмени же болбосо мурдагы башка милдеттенмелер менен жүктөлгөн башка мүлктү камсыздоо үчүн мурда коюлган мүлк;

3) бат бузулууга учурай турган товарлар, жаныбарлар;

4) энергиянын электр, жылуулук жана башка түрлөрү;

5) ишканалар;

6) мүлктүк укуктар;

7) жүгүртүүдөгү товарларга коюлган күрөө;

8) эркин сатууга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тыюу салынган өндүрүш продукциялары жана калдыктары;

9) өндүрүп алуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык соттун чечими боюнча гана багытталуучу мүлк.

2. Күрөө бажы органынын жана күрөө коюучунун ортосундагы келишим менен жол-жоболонот. Бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттүүлүктү аткарууга жооптуу жак же бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттүүлүктү аткарууга жооптуу жактын пайдасына күрөө койгон башка жак күрөөгө коюучу боло алат.

3. Бажы органынын алдында күрөө коюу менен камсыздалган милдеттенмелер аткарылбаганда, бажы төлөмдөрү боюнча карыздын суммасы бажы органы тарабынан коюлган күрөөнүн эсебинен Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине чегерилет.

4. Күрөөгө коюлган мүлктөн өндүрүп алуу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын күрөө жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

69-берене. Камсыздандыруу келишими

1. Камсыздандыруу келишими Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына жана камсыздандыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлөт.

2. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Камсыздандыруу уюмдарынын реестрине киргизилген камсыздандыруу уюму менен түзүлгөн камсыздандыруу келишимдерин кабыл алат.

Камсыздандыруу уюмдарын реестрге киргизүү жана реестрден чыгаруу тартиби жана шарттары, ошондой эле аны жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

70-берене. Бажы алымдарын, салыктарын төлөө боюнча милдеттин аткарылышын генералдык камсыздоо

1. Бажы алымдарын, салыктарын төлөө боюнча милдеттин аткарылышын генералдык камсыздоону колдонуунун жалпы шарттары, ошондой эле аны колдонуу учурлары Кодекстин 64-беренесинде белгиленген.

2. Бажы алымдарын, салыктарын төлөө боюнча милдетти аткаруу бажы алымдарын, салыктарын төлөөчү же болбосо башка жак тарабынан төлөөчүнүн пайдасына камсыздалат.

3. Бажы операциялары Кыргыз Республикасынын аймагында жүргүзүлгөн учурда бажы алымдарын, салыктарын төлөө боюнча милдеттин аткарылышын генералдык камсыздоону колдонуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

71-берене. Бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттүүлүктү аткарууну камсыз кылуунун өлчөмүн аныктоо

1. Бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттин аткарылышын камсыздоонун өлчөмү бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча тарифтик преференцияларды жана жеңилдиктерди колдонбостон, товарларды ички керектөө үчүн чыгаруунун бажы жол-жобосуна же экспорттоонун бажы жол-жобосуна жайгаштырууда төлөнүүгө тийиш болгон товарларды чыгарып берүүгө байланышкан операцияларды бажы органы тарабынан жүргүзүү үчүн бажы алымдарынын, салыктардын, жыйымдардын суммаларына жараша аныкталат.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттин аткарышын камсыздоонун так көрсөтүлгөн өлчөмү аныкталышы мүмкүн болгон товарлардын айрым түрлөрүн, ошондой эле ушундай камсыз кылуунун өлчөмдөрүн аныктайт.

9-глава. Бажы төлөмдөрүн жана башка акчалай каражаттарды кайра кайтаруу (эсепке чегерүү)

72-берене. Бажы төлөмдөрүнүн суммаларын кайра кайтаруу (эсепке чегерүү)

1. Бажы алымдарынын, салыктарынын суммалары Кодекстин 10-главасына ылайык кайра кайтарылууга (эсепке чегерилүүгө) тийиш.

Кодекстин 67-беренесинин 1-пунктунун 4-7-пунктчаларында көрсөтүлгөн учурларда бажы алымдарынын, салыктарынын суммасын кайра кайтаруу (эсепке чегерүү) эсебине бажы алымдарынын, салыктарынын суммасы чегерилген бажы органына бажы алымдарынын, салыктарынын суммаларын кайра кайтарууга (эсепке чегерүүгө) алып келүүчү жагдайлар келип чыкканы ырасталганда жүргүзүлөт.

2. Ашыкча төлөнгөн бажы жыйымдарынын суммасы ушул Мыйзамдын 73-беренесинде белгиленген тартипте жана мөөнөттө кайра кайтарылууга (эсепке чегерилүүгө) тийиш.

73-берене. Ашыкча төлөнгөн жана (же) ашыкча өндүрүп алынган бажы төлөмдөрүн кайра кайтаруу (эсепке чегерүү)

1. Бажы төлөмдөрү катары иш жүзүндө төлөнгөн же өндүрүп алынган, өлчөмү Кодекске, ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык төлөнүүгө тийиш болгон суммадан ашып кеткен акча каражаттарынын суммасы ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүп алынган бажы төлөмдөрүнүн суммасы болуп саналат.

2. Бажы органы ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүп алынган бажы төлөмдөрүнүн суммасын төлөөчүнүн арызы боюнча жана Кодексте белгиленген учурларда Комиссия тарабынан аныкталган товарларга карата декларацияда, бажылык кириштөө ордеринде же болбосо башка бажы документинде билдирилген, эсептелип чыккан бажы төлөмдөрү жөнүндө маалыматтарга белгиленген тартипте өзгөртүүлөр (толуктоолор) киргизилген шартта кайра кайтарууга тийиш. Ушул Мыйзамдын 74-беренесинде көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо, арыз эсебине көрсөтүлгөн суммалар төлөнгөн бажы органына, аларды төлөгөн күндөн тартып үч жылдан кечиктирбестен берилет.

3. Бажы төлөмдөрүн ашыкча төлөө же ашыкча өндүрүп алуу фактысы табылган учурда, бажы органы ушундай факт табылган күндөн тартып бир айдан кечиктирбестен, төлөөчүгө ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүп алынган бажы төлөмдөрүнүн суммасы жөнүндө кабарлоого милдеттүү.

4. Ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүп алынган бажы төлөмдөрү эсебине бажы төлөмдөрүнүн суммасы келип түшкөн бажы органынын чечими боюнча кайра кайтарылат (эсепке чегерилет). Кайра кайтаруу (эсепке чегерүү) жөнүндө арызды кароо, кайра кайтаруу (эсепке чегерүү) тууралуу чечим кабыл алуу жана ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүп алынган бажы төлөмдөрүнүн суммаларын кайра кайтаруу (эсепке чегерүү) үчүн зарыл болгон жалпы мөөнөт кайра кайтаруу (эсепке чегерүү) жөнүндө арыз жана бардык зарыл документтер берилген күндөн тартып бир айдан ашпайт. Көрсөтүлгөн мөөнөт бузулган учурда, белгиленген мөөнөттө кайтарып берилбеген ашыкча төлөнгөн бажы төлөмдөрүнүн суммасына кайра кайтарып берүү мөөнөтү бузулган ар бир кун үчүн пайыз эсептелет.

5. Кайра кайтарып берүү (эсепке чегерүү) бажы органынын эсебине бажы төлөмдөрү келип түшкөн шарттарда жүргүзүлөт.

6. Ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүп алынган бажы төлөмдөрү, эгерде арызда башкача эскертилбесе, төлөөчүнүн төлөнгөн же өндүрүп алынган эсебине кайра кайтарылат. Эгерде бажы төлөмдөрүн төлөөчүнүн пайдасына башка жак төлөсө, ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүп алынган бажы төлөмдөрү ошол жакка кайра кайтарылат.

7. Ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүп алынган бажы төлөмдөрүн кайра кайтаруу (эсепке чегерүү) Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында жүргүзүлөт.

8. Ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүп алынган бажы төлөмдөрү кайра кайтарылган учурда кайра кайтарылып жаткан төлөмдөрдүн суммасынан төлөнгөн же өндүрүлгөн туумдун жана пайыздардын суммасы да кайра кайтарылат (эсепке алынат).

9. Ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүп алынган бажы төлөмдөрүн кайра кайтаруу (эсепке чегерүү) төмөнкүдөй учурда жүргүзүлбөйт:

1) төлөөчүнүн бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча кайра кайтарыла (эсепке чегериле) турган суммага барабар же андан ашык өлчөмүндө карызы болгондо;

2) ушул Мыйзамда белгиленген мөөнөттөр аяктагандан кийин бажы төлөмдөрүнүн суммасын кайра кайтаруу (эсепке чегерүү) жөнүндө арыз берилгенде.

10. Ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүп алынган бажы төлөмдөрүн кайра кайтаруу (эсепке чегерүү) төлөөчүнүн каалоосу боюнча башка бажы төлөмдөрүн, ошондой эле туумду, пайыздарды же айыптарды төлөө боюнча милдеттерди аткаруу эсебине чегерүү түрүндө жүргүзүлүшү мүмкүн.

11. Бажы төлөмдөрүн, туумдарды жана пайыздарды төлөө боюнча карыз болгон учурда, бажы органы аны ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүп алынган бажы төлөмдөрүнүн суммасынын эсебинен өз алдынча жаап коюуга укуктуу. Бажы органы жүргүзүлгөн эсепке чегерүү жөнүндө төлөөчүгө ал жүзөгө ашырылган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде маалымдоого милдеттүү.

12. Бажы төлөмдөрү кайра кайтарылган бардык учурларда, бажы органдары кайра кайтаруу жүргүзүлгөн дата, анын себеби жана кайра кайтарылган сумма тууралуу ал жүзөгө ашырылган күндөн тартып он жумушчу күндүн ичинде төлөөчү катталган жердеги салык органдарына маалымдайт.

74-берене. Бажы төлөмдөрүн кайра кайтаруунун (эсепке чегерүүнүн) башка учурлары

1. Бажы төлөмдөрүн кайра кайтаруу (эсепке чегерүү) төмөнкүдөй учурларда да жүргүзүлөт:

1) бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча жеңилдиктер берилгенде;

2) тарифтик преференциялар калыбына келтирилгенде;

3) бажы жол-жобосунун шарттарында бажы алымдарынын, салыктарынын төлөнгөн суммаларын кайра кайтаруу каралганда;

4) эгерде төлөнүүгө тийиш болгон бажы төлөмдөрүнүн суммасы убактылуу (шарттуу) баалоодо төлөнгөн суммадан аз болсо, бажы наркы товарларды чыгарып бергенден кийин аныкталганда;

5) Бирликтин укугун түзүүчү эл аралык келишимдерде белгиленген учурларда.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн учурларда бажы алымдарын, салыктарын кайра кайтаруу (эсепке чегерүү) бажы төлөмдөрүнүн төлөнгөн суммаларын кайра кайтарууга (эсепке чегерүүгө) алып келүүчү жагдайлар келип чыккан күндөн кийинки күндөн тартып бир жылдан кечиктирбестен бул жөнүндө арыз бергенде жүргүзүлөт.

75-берене. Аванстык төлөмдөрдүн суммасын кайра кайтаруу (эсепке чегерүү)

1. Аванстык төлөмдөрдүн талап кылынбаган суммалары аванстык төлөмдөрдү төлөгөн жактын арызы боюнча кайра кайтарылууга (эсепке чегерилүүгө) жатат.

2. Аталган арыз эсебине аванстык төлөмдөр төлөнгөн бажы органына берилет.

3. Бажы органы тарабынан аванстык төлөмдөрдү кайра кайтаруу (эсепке чегерүү), аванстык төлөмдөрдүн талап кылынбаган суммаларын кайра кайтаруу (эсепке чегерүү) жөнүндө чечимди кароонун, кабыл алуунун жалпы мөөнөтү бажы органы арызды каттаган учурдан тартып отуз календарлык күндөн ашпоого тийиш.

76-берене. Депозитти кайра кайтаруу (эсепке чегерүү)

1. Эгерде депозитти кайра кайтаруу (эсепке чегерүү) жөнүндө арыз милдеттенме аткарылган күндөн кийинки күндөн тартып үч жылдын ичинде бажы органына берилсе, депозитти кайра кайтаруу (эсепке чегерүү) депозит менен камсыз кылынган милдеттенме аткарылган шартта жүзөгө ашырылат. Көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин депозиттин талап кылынбаган суммалары республикалык бюджетке чегерилет жана кайра кайтарылууга (эсепке чегерилүүгө) жатпайт.

2. Депозит, эсебине же кассасына депозиттин суммалары төлөнгөн бажы органы же болбосо аткаруу милдеттенмелери депозит менен камсыз кылынган бажы операциясы же бажы жол-жобосу аякталып жаткан бажы органы тарабынан кайра кайтарып берилет.

3. Депозит депозиттик сертификатты көрсөткөн учурда Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында кайра кайтарылат.

4. Эгерде депозиттин суммалары бажы органынын кассасына накталай акча түрүндө салынса, төлөөчүнүн каалоосу боюнча депозит төлөөчү көрсөткөн эсепке накталай эмес түрдө кайра кайтарылышы (эсепке чегерилиши) мүмкүн.

5. Төлөөчүдө бажы төлөмдөрүн, туумдарды же пайыздарды төлөө боюнча аткарылбаган же талаптагыдай эмес аткарылган милдет болгондо депозитти кайра кайтаруу (эсепке чегерүү) ушундай аткарылбаган же талаптагыдай эмес аткарылган милдеттин өлчөмүндө жүзөгө ашырылбайт.

77-берене. Бажы төлөмдөрүн өндүрүп алуу

1. Кабарламада белгиленген талаптар Кабарламада көрсөтүлгөн мөөнөттө аткарылбаган же талаптагыдай эмес аткарылган учурда, ошондой эле мындай Кабарлама Кодекстин 55-беренесинин 4-пунктуна ылайык жиберилбегенде бажы органдары тарабынан бажы төлөмдөрүн өндүрүп алуу боюнча чаралар көрүлөт.

2. Эгерде Кодексте жана (же) Бирлик жөнүндө келишимде башкача белгиленбесе, бажы төлөмдөрүн өндүрүп алуу боюнча чараларга төлөөчүнүн акча каражатынын жана (же) башка мүлкүнүн эсебинен, анын ичинде кайра кайтарылууга (эсепке чегерилүүгө) жаткан бажы төлөмдөрүнүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдардын суммаларынын, аванстык төлөмдөрдү, бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттүүлүктү аткарууну камсыз кылуунун, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттүүлүктү аткарууну камсыз кылуунун, анын ичинде генералдык камсыз кылуунун, бажы иши чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жактын милдеттүүлүгүн аткарууну камсыз кылуунун, ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун милдеттүүлүгүн аткарууну камсыз кылуунун суммаларынын эсебинен бажы төлөмдөрүн өндүрүп алуу кирет.

3. Бажы төлөмдөрүн өндүрүп алуу боюнча чаралар көрүлбөй турган учурлар Кодекстин 68-беренесинде белгиленген.

Бажы төлөмдөрүн өндүрүп алуу мөөнөтү товар чыгарып берилген учурдан тартып беш жылдан ашпоого тийиш.

4. Кодекстин 69-беренесинин 2 жана 3-пункттарында белгиленген учурларды кошпогондо, бажы төлөмдөрү товарларды чыгарып берүүнү жүзөгө ашырган бажы органы тарабынан өндүрүп алынат.

78-берене. Бажы төлөмдөрүн сот аркылуу өндүрүп алуу

1. Белгиленген мөөнөттө төлөнбөгөн бажы төлөмдөрү бюджеттин алдындагы карыз болуп саналат.

2. Эгерде бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттүүлүктү аткарууга жооптуу жак ушул Мыйзамдын 54-беренесинин 9-бөлүгүндө белгиленген мөөнөттө аны аткара албаса же болбосо ушул Мыйзамдын 166-беренесине ылайык даттануу мөөнөтү өткөн учурда бажы органдары бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдетти аткаруу боюнча карыздын суммасын мажбурлап өндүрүп алуу жөнүндө ишти же болбосо жооптуу жакты "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык банкрот катары жоюу талабы менен банкроттук жөнүндө арызды сотко өткөрүп берет.

79-берене. Бажы төлөмдөрү төлөнбөгөн товарлардын эсебинен бажы төлөмдөрүн өндүрүп алуу

1. Бажы органдары, эгерде бажы төлөмдөрү төлөнбөгөн товарлар ушул Мыйзамда белгиленген тартипке ылайык ички керектөө үчүн чыгарып берилбесе, соттун чечими боюнча бажы төлөмдөрүн өндүрүп алууну ушул товарларга багыттоону жүргүзүүгө укуктуу.

2. Өндүрүп алууну бажы төлөмдөрү төлөнбөгөн товарларга карата багыттоо, товарларды алып коюу же аларга карата башка аракеттер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жүргүзүлөт.

80-берене. Төлөөчүнүн башка мүлкүнүн эсебинен бажы төлөмдөрүн өндүрүп алуу

1. Кабарламада белгиленген талаптар аткарылбаганда бажы органдары төлөнүүгө жатуучу бажы төлөмдөрүн төлөөчүнүн депозитинин эсебинен же болбосо башка мүлкүнүн эсебинен өндүрүп алууга укуктуу.

2. Өндүрүп алууну депозиттин суммасына багыттоо бул каражаттар бажы органынын эсебинде сакталган мөөнөттүн ичинде бажы органынын чечими боюнча жүргүзүлөт. Бажы органы бажы төлөмдөрүнүн суммаларын депозиттин эсебинен өндүрүп алуу жөнүндө бул каражаттарды ушул органдын эсебине которгон жакка, өндүрүп алгандан кийин үч жумушчу күндүн ичинде жазуу жүзүндө билдирет.

3. Төлөөчүнүн башка мүлкүнүн эсебинен бажы төлөмдөрүн өндүрүп алуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.

81-берене. Төлөөчүнүн мүлкүнө камак салуу

Төлөөчүнүн мүлкүнө камак салуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бажы органынын кызмат адамы тарабынан жүргүзүлөт.

82-берене. Бажы төлөмдөрүн чегерүүгө тапшырмаларды аткаруу боюнча банктардын милдеттери

1. Банктар бажы органдарынын эсептерине бажы төлөмдөрүн чегерүүгө төлөөчүнүн тапшырмасын, ошондой эле бажы төлөмдөрүн Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине чегерүүгө бажы органдарынын тапшырмаларын кыйшаюусуз аткарууга милдеттүү.

2. Төлөөчүнүн эсебинде акчалай каражаттар болгон учурда, банктар бажы төлөмдөрүнө которуу тапшырмасын аткарууну создуктурууга укуксуз.

3. Банктар ушул беренеде каралган бажы төлөмдөрүн чегерүү боюнча милдеттерди аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

83-берене. Бажы төлөмдөрү, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдар, бирдиктүү ставка боюнча алынуучу бажы алымдары, салыктар, ошондой эле жыйынды бажы төлөмдөрү түрүндө алынуучу бажы алымдары, салыктар боюнча өнбөс карыздарды эсептен чыгаруу

Бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды, бирдиктүү ставка боюнча алынуучу бажы алымдарын, салыктарды, ошондой эле жыйынды бажы төлөмдөрү түрүндө алынуучу бажы алымдарын, салыктарды төлөө боюнча карыз төмөнкүдөй учурларда өнбөс карыз болуп таанылат:

1) бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды, өздүк пайдалануу үчүн товарларга карата бажы алымдарын, салыктарды төлөө боюнча милдеттер аларды төлөө мөөнөтү бүткөн күндөн же болбосо жактардын бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды, өздүк пайдалануу үчүн товарларга карата бажы алымдарын, салыктарды төлөө боюнча милдетке алып келүүчү жагдай башталган күндөн тартып алты жылдын ичинде аткарылбаса;

2) жеке жак өлгөндө анын укук улантуучусу же мураскери болбосо;

3) жеке жак дайынсыз жоголгон же аракетке жөндөмсүз деп таанылса, ошондой эле анын мүлкү жок же жетишсиз болсо;

4) төлөөчү банкрот деп таанылса;

5) өздүк пайдалануу үчүн товарларга карата бажы төлөмдөрү, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдар, бажы алымдары, салыктар боюнча карыздар өзүнчө мыйзам менен эсептен чыгарылса.

Көрсөтүлгөн учурларда бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды, бирдиктүү ставка боюнча алынуучу бажы алымдарын, салыктарды, ошондой эле жыйынды бажы төлөмдөрү түрүндө алынуучу бажы алымдарын, салыктарды төлөө боюнча карыздар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте эсептен чыгарылат.

10-глава. Ички рынокту коргоо максатында колдонулуучу атайын, демпингге каршы, компенсациялык жана башка алымдар

84-берене. Ички рынокту коргоо максатында атайын, демпингге каршы, компенсациялык жана башка алымдарды колдонуу

1. Ички рынокту коргоо максатында колдонулуучу атайын, демпингге каршы, компенсациялык жана башка алымдарды колдонуунун жалпы жоболору Кодекстин 12-главасында белгиленген.

2. Ички рынокту коргоо максатында колдонулуучу атайын, демпингге каршы, компенсациялык жана башка алымдарды эсептөө үчүн салык салуу объекти, базасы ушул Мыйзамдын 49-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүнө ылайык аныкталат.

3. Атайын, демпингге каршы, компенсациялык жана башка алымдарды төлөөчү болуп декларант же атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды, атайын квоталарды киргизүү аркылуу ички рынокту коргоо чарасы колдонулган товарларга карата атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдет келип чыккан башка жактар саналат.

4. Атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды эсептөө жана төлөө Кодексте жана Бирлик жөнүндө келишимде каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен, Кодексте ташып келүү бажы алымдарын эсептөө жана төлөө үчүн белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

5. Кодекстин 12-главасынын жоболору бажы аймагына алып келинген өздүк пайдалануу үчүн товарларга карата колдонулбайт.

85-берене. Атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттин келип чыгышы жана токтотулушу

Атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдет келип чыгуучу жана токтотулуучу, анын ичинде товарларды бажы чек арасы аркылуу мыйзамсыз өткөрүүдөгү учурлар, ошондой эле атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдар төлөнбөй турган учурлар Кодекстин 72-беренесинде белгиленген.

86-берене. Атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдетти аткаруу

1. Атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдет атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөөчү, Кодекске ылайык атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча төлөөчү менен бирдей жоопкерчилик тартуучу жактар тарабынан аткарылат.

2. Атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдет башка жактардын аткаруу мүмкүнчүлүгү, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдетти аткаруу тартиби, ошондой эле уюм жоюлган, жеке ишкер ишин токтоткон, уюм кайра түзүлгөн учурда атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдетти аткаруунун өзгөчөлүгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

3. Атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдет аткарылбаган же талаптагыдай эмес аткарылган учурда бажы органдары атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөөчүгө, ошондой эле Кодекске ылайык атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча төлөөчү менен бирдей жоопкерчилик тартуучу жактарга ушул Мыйзамдын 54-беренесинде аныкталган тартипте жана мөөнөттө атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдардын суммаларынын белгиленген мөөнөттө төлөнбөгөндүгү жөнүндө Кабарлама жөнөтөт.

4. Ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн Кабарламанын формасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

5. Бажы органы тарабынан ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн Кабарлама жөнөтүлбөй турган учурлар Кодекстин 73-беренесинин 4-пунктунда белгиленген.

Ушул бөлүктүн биринчи абзацында көрсөтүлгөндөн башка, бажы органы тарабынан Кабарлама жөнөтүлбөй турган учурлар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгилениши мүмкүн.

87-берене. Атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө мөөнөтү, тартиби, аларды төлөө мөөнөтүн өзгөртүү, туумдарды эсептөө, төлөө, өндүрүп алуу жана кайра кайтаруу

1. Атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды, анын ичинде бажы чек арасы аркылуу товарларды мыйзамсыз алып өтүүдө төлөө мөөнөтү, аларды төлөө тартиби Кодекстин 74-беренесинде белгиленген.

2. Атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө түрүндө өзгөртүүгө болбойт.

3. Төлөөчү Кодексте белгиленген мөөнөттө атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттерди аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарган учурда туум төлөнөт.

4. Аткарылбаган же талаптагыдай эмес аткарылган атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарга карата туумдарды эсептөө, төлөө жана кайра кайтаруу аткарылбаган же талаптагыдай эмес аткарылган бажы төлөмдөрүнө карата туумдарды эсептөөгө, төлөөгө жана кайтарууга карата Кодексте жана ушул Мыйзамда белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

88-берене. Атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттердин аткарылышын камсыздоо

1. Атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттердин аткарылышын камсыздоонун жалпы жоболору, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттердин аткарылышын камсыздоо учурлары Кодекстин 75-беренесинде белгиленген.

2. Атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттердин аткарылышы бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттердин аткарылышын камсыздоо үчүн каралган ыкмаларда жана тартипте камсыз кылынат.

89-берене. Атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдардын суммаларын, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттердин аткарылышын камсыздоо катары төлөнгөн акча каражаттарын кайра кайтаруу (эсепке чегерүү)

1. Атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдардын суммаларын, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттердин аткарылышын камсыздоо катары төлөнгөн акча каражаттарын кайра кайтаруунун (эсепке чегерүүнүн) жалпы жоболору, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдардын суммалары, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттердин аткарылышын камсыздоо катары төлөнгөн акча каражаттары кайра кайтарылуучу (эсепке чегерилүүчү) учурлар Кодекстин 76-беренесинде белгиленген.

2. Кодекстин 76-беренесинин 3-пунктунун 3-5-пунктчаларында көрсөтүлгөн учурларда атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдардын суммаларын кайра кайтаруу (эсепке чегерүү) атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдардын суммалары эсебине төлөнгөн бажы органына атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдардын суммаларын кайра кайтарууга (эсепке чегерүүгө) алып келүүчү жагдайлар келип чыккандыгына ырастоо берилгенде жүргүзүлөт.

3. Атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдардын суммаларын, ошондой эле атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттердин аткарылышын камсыздоо катары төлөнгөн акча каражаттарын кайра кайтаруу (эсепке чегерүү) бажы төлөмдөрүнүн суммаларын кайра кайтарууга карата ушул Мыйзамда аныкталган тартипте жана мөөнөттө, Бирлик жөнүндө келишимдин жана Кодекстин жоболорун эске алуу менен жүргүзүлөт.

90-берене. Атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды өндүрүп алуу

1. Атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды өндүрүп алуунун жалпы жоболору, ошондой эле атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды өндүрүп алуу боюнча чаралар колдонулбай турган учурлар Кодекстин 77-беренесинде белгиленген.

2. Атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды өндүрүп алуу мөөнөтү товар чыгарып берилген учурдан тартып беш жылдан ашпоого тийиш.

III БӨЛҮМ. БАЖЫ ОПЕРАЦИЯЛАРЫ ЖАНА АЛАРДЫ ЖҮРГҮЗҮҮЧҮ ЖАКТАР

11-глава. Бажы операциялары жана аларды жүргүзүүчү жактар жөнүндө жалпы жоболор

91-берене. Бажы операцияларын жүргүзүү тартиби

1. Бажы операциялары Кодексте, бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерде жана актыларда белгиленген тартипте, ал эми Кодексте, бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерде жана актыларда белгиленбеген бөлүгүндө, же болбосо бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерде жана актыларда каралган учурларда - бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.

2. Бажы органдары тарабынан бажы органдарынын кызмат адамдарынын катышуусуз бажы органдарынын маалыматтык системасы аркылуу бажы операцияларын жүргүзүү тартиби Комиссия тарабынан, ал эми аны Комиссия аныктаганга чейин - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

92-берене. Бажы операцияларын жүргүзүү үчүн зарыл документтер жана (же) маалыматтар

1. Кодексте белгиленген жактар бажы операцияларын жүргүзүү үчүн Кодекске ылайык зарыл документтерди жана (же) маалыматтарды бажы органына берүүгө милдеттүү.

Бажы органдары Кодексте аныкталган жактардан бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерди жана актыларды, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоону камсыз кылуу үчүн, алардан сакталышын контролдоо бажы органдарына жүктөлгөн жана аларды берүү Кодексте каралган зарыл документтерди жана (же) маалыматтарды гана берүүнү талап кылууга укуктуу.

2. Эгерде бажы операцияларын жүргүзүү үчүн бажы органдарына зарыл документтер жөнүндө маалыматтар жана (же) алардагы маалыматтар жана башка маалыматтар бажы органдары тарабынан бажы органдарынын маалыматтык системасынан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын жана мамлекеттик органдарынын (уюмдарынын) жана өз ара маалыматтык аракеттешүүсүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын (уюмдарынын) маалыматтык системасынан алына турган болсо, бажы операцияларын жүргүзүү үчүн зарыл документтер жана (же) маалыматтар аларды жүргүзүүдө бажы органына берилбеши мүмкүн.

Өз ара маалыматтык кызматташуу алкагында бажы органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын жана мамлекеттик органдарынын (уюмдарынын) маалыматтык системаларынан алууга мүмкүн болгон маалыматтардын курамы жана мындай маалыматтарды алуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

93-берене. Товарлардын айрым категорияларына карата бажы операцияларын жүргүзүүнүн биринчи кезектеги тартиби

1. Кодекстин 81-беренесинде көрсөтүлгөн товарларга карата бажы операциялары биринчи кезекте жүргүзүлөт.

2. Бат бузула турган товарлардын категорияларынын тизмеги Комиссия тарабынан, ал эми Комиссия аныктаганга чейин - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

94-берене. Декларант

1. Кодекстин 83-беренесинде көрсөтүлгөн жактар бажы жол-жобосуна жайгаштырылуучу товарлардын декларанты катары чыга алат.

2. Декларанттын укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги Кодекстин 84-беренесинде белгиленген.

12-глава. Товарлардын бажы аймагына алып келиниши. Товарлардын бажы аймагынан алып кетилиши. Алып келүүгө жана алып кетүүгө байланышкан бажы операциялары

95-берене. Товарларды бажы аймагына алып келүүгө, товарларды бажы аймагынан алып кетүүгө байланышкан бажы операциялары жана аларды жүргүзүү тартиби

1. Ташуучу бажы аймагына товарлардын алып келингендиги жөнүндө, товарларды ташуу жүзөгө ашырылып жаткан транспорттун түрүнө жараша, Кодекстин 89-беренесинде каралган документтерди жана маалыматтарды берүү жолу менен же болбосо электрондук документ түрүндө алдын ала берилген маалыматтын каттоо номери тууралуу маалыматты камтыган документтерди берүү жолу менен, бажы органына төмөнкүдөй мөөнөттөрдө кабарлоого милдеттүү:

1) автомобиль транспорту менен ташылып келген товарларга карата - товарлар жеткирилүүчү жерге келген учурдан тартып бир сааттын ичинде, ап эми товарлар бажы органынын иш убактысынан башка учурда жеткирилгенде - бажы органы ишин баштаган учурдан тартып бир сааттын ичинде;

2) аба же темир жол транспорту аркылуу ташылып келген товарларга карата - эл аралык ташууну жүзөгө ашырууда аэропорттун же темир жол станциясынын технологиялык процессинде (графигинде) белгиленген убакыттын ичинде же болбосо мындай аэропорттун же темир жол станциясынын ишинин аймагында жайгашкан бажы органы менен макулдашылган башка мөөнөттүн ичинде.

2. Товарлар бажы аймагына алып келингенде же бажы аймагынан алып кетилгенде Кодекстин 89-беренесинин 1 жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн документтер жана маалыматтар ташуучунун атынан бажы органына бажы өкүлдөрү тарабынан же ташуучунун тапшырмасы боюнча иштеп жаткан башка жактар тарабынан берилиши мүмкүн.

Товарлардын бажы аймагынан алып кетилүүсүнө байланышкан бажы операциялары Кодекстин 15-главасына ылайык жүргүзүлөт.

3. Товарлардын бажы аймагына алып келинүүсү жөнүндө кабарламанын датасын жана убактысын бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталуучу тартипте бажы органы тастыктайт.

4. Ташуучу же Кодекстин 83-беренесинде көрсөтүлгөн башка жактар товарлардын алып келингени жөнүндө кабар берилген учурдан тартып бажы органынын жумуш убактысындагы үч сааттын ичинде төмөнкүлөр менен байланышкан бажы операцияларынын бирин жүргүзүүгө милдеттүү:

1) товарларды убактылуу сактоого жайгаштырууга;

2) бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген тартипте товарларды ташып келинген жеринен убактылуу сактоочу жайга чейин ташып жеткирүүгө (транспорттоого);

3) товарларды бажылык декларациялоого;

4) товарларды порттогу эркин экономикалык зонанын (мындан ары - ЭЭЗ) же логистикалык ЭЭЗ аймагындагы эркин бажы зонасынын бажы жол-жобосуна жайгаштырууга;

5) товарларды Бирликтин бажы аймагынан ташып чыгууга.

5. Ушул берененин 4-бөлүгүнүн жоболору Кодекстин 88-беренесинин 6-пунктунда көрсөтүлгөн товарларга карата колдонулбайт.

6. Бажы органы ушул берененин 4-бөлүгүнүн биринчи абзацында белгиленген мөөнөттө бажы декларациясын каттаган учурда, Кодекстин 83-беренесинде көрсөтүлгөн жактар товарларды убактылуу сактоого жайгаштырууга байланышкан бажы операцияларын төмөнкүлөрдү алган учурдан тартып бажы органынын жумуш убактысындагы үч сааттын ичинде жүргүзүүгө милдеттүү:

1) Кодекстин 113-беренесине ылайык, бажы декларациясын чакыртып алууга бажы органынын уруксатын;

2) Кодекстин 119-беренесинин 4-8-пункттарына ылайык, товарларды чыгарып берүү мөөнөтүн узартуу жөнүндө бажы органынын чечимин;

3) Кодекстин 124-беренесине ылайык, товарларды чыгарып берүүнү токтотуп туруу жөнүндө бажы органынын чечимин;

4) Кодекстин 125-беренесине ылайык, товарларды чыгарып берүүдөн баш тартууну.

Кодекстин 83-беренесинде көрсөтүлгөн жактардын жүйөлүү суроо-талабы боюнча, товарларды убактылуу сактоого жайгаштырууга байланышкан бажы операцияларын жүргүзүүгө бир жумушчу күндөн ашпаган башка мөөнөт бажы органы тарабынан белгилениши мүмкүн жана (же) ушул беренеде көрсөтүлгөн жагдайлар келип чыккандан кийин башка бажы операцияларын жүргүзүү каралышы мүмкүн.

7. Ташып келинген жеринде убактылуу сактоого жайгаштырылган товарлар ошол жердеги убактылуу сактоочу жайларда же ушул Мыйзамда жана (же) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан каралган учурларда - убактылуу сактоочу башка жайларда сакталат.

Эгерде чет өлкөлүк товарлар ташып келинген жерден башка жердеги убактылуу сактоочу жайда сактала турган болсо, чет өлкөлүк товарларды ташып келинген жерден мындай убактылуу сактоочу жайга чейин ташуу бажы транзитинин бажы жол-жобосуна ылайык же болбосо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу учурларда жана тартипте бажы транзитинин бажы жол-жобосуна жайгаштырылбастан жүзөгө ашырылат.

96-берене. Товарлардын бажы аймагына алып келиниши тууралуу бажы органына кабар берилген учурда берилүүчү документтер жана маалыматтар

Товарлардын бажы аймагына алып келиниши тууралуу бажы органына кабар берилген учурда ташуучу товарларды ташыган (транспорттогон) транспорттун түрүнө жараша, Кодекстин 89-беренесинде каралган документтерди жана маалыматтарды берет.

13-глава. Товарларды убактылуу сактоо жана товарларды убактылуу сактоого жайгаштырууга байланышкан бажы операциялары

97-берене. Товарларды убактылуу сактоо жөнүндө жалпы жоболор

1. Товарларды убактылуу сактоо жана товарларды убактылуу сактоого жайгаштырууга байланышкан бажы операциялары Кодекстин 16-главасына ылайык жүзөгө ашырылат.

2. Товарларды убактылуу сактоочу жерлер ушул Мыйзамдын 125-беренесине ылайык түзүлгөн бажы контролунун туруктуу жана убактылуу зонасы болуп саналат.

3. Товарларды чыгарып бергенге чейин аларды сактоочу жер өзгөргөн учурлар, товарларды башка жерде убактылуу сактоого уруксат берүү шарттары жана тартиби, анын ичинде бажы алымдарын, салыктарын төлөөнү камсыздоо талаптары, ошондой эле товарларды убактылуу сактоочу кампаларга жана товарларды убактылуу сактоочу башка жерлерге жайгаштырууда бажы органына документтерди жана маалыматтарды берүү тартиби, товарларды убактылуу сактоочу кампаларга (кампалардан) жана товарларды убактылуу сактоочу башка жерлерге (жерлерден) жайгаштыруунун (чыгаруунун) тартиби, анын ичинде транспорттун түрүнө жараша тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

14-глава. Бажылык декларациялоо жана бажы декларациясын берүүгө, каттоого жана чакыртып алууга, бажы декларациясында билдирилген маалыматтарды өзгөртүүгө (толуктоого) байланышкан бажы операциялары

98-берене. Бажылык декларациялоо жөнүндө жалпы жоболор

1. Бажылык декларациялоо Кодекстин 17-главасына ылайык жүзөгө ашырылат.

2. Бажылык декларациялоо электрондук түрдөгү жана жазуу жүзүндөгү формаларда жүзөгө ашырылат.

3. Бажылык декларациялоону жазуу жүзүндө жүргүзүү мүмкүн болгон Кодекстин 104-беренесинин 4 жана 5-пункттарында каралган учурларынан башка учурлар, ошондой эле бажылык декларациялоонун өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталышы мүмкүн:

1) эгерде декларантта бажылык декларациялоо үчүн зарыл так маалыматтар болбосо;

2) эгерде аймагында ЭЭЗ түзүлгөн мүчө-мамлекеттин аймагынын калган бөлүгүнөн ЭЭЗдин аймагына Бирликтин товарларын ташып келүү жана ЭЭЗдин аймагынан Бирликтин товарларын аймагында ЭЭЗ түзүлгөн мүчө-мамлекеттин аймагынын калган бөлүгүнө ташып чыгуу товарларды берүү мезгилинин ичинде окшош шарттарда эки же андан көп партиялар менен ишке ашырылса;

3) эгерде Бирликтин товарлары эркин кампанын ээси эркин кампанын ээлеринин Реестрине киргизилген мүчө-мамлекеттин калган бөлүгүнөн эркин кампанын аймагына ташып келүү жана Бирликтин товарлары эркин кампанын аймагынан аймагында эркин кампанын ээси эркин кампанын ээлеринин Реестрине киргизилген мүчө-мамлекеттин калган бөлүгүнө ташып чыгуу товарларды берүү мезгилинин ичинде окшош шарттарда эки же андан көп партиялар менен жүзөгө ашырылса.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ушул бөлүккө ылайык, Кодексте белгиленген өзгөчөлүктөрдөн айырмаланган бажылык декларациялоонун өзгөчөлүктөрү аныкталган учурда бажы төлөмдөрү, демпингге каршы, компенсациялык, атайын алымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген мөөнөттө төлөнүүгө жатат.

4. Бажылык декларациялоодо бажылык декларациялоонун төмөнкүдөй түрлөрү колдонулат:

1) товарларга декларация;

2) транзиттик декларация;

3) жүргүнчүлүк бажы декларациясы;

4) транспорттук каражатка декларация.

5. Товарларга декларацияда жана транзиттик декларацияда көрсөтүлүүгө тийиш болгон маалыматтар Кодекстин 106 жана 107-беренелеринде аныкталган.

6. Бажылык декларацияда билдирилген маалыматтарды ырастоочу документтер Кодекстин 108-беренесинде аныкталган.

99-берене. Бажы декларациясын берүүгө байланышкан бажы операциялары жана аларды жүргүзүү тартиби

1. Товарларга бажы декларациясы бажы декларациясын кабыл алууга ыйгарым укуктуу бажы органына берилиши мүмкүн. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бажы мыйзамдарынын сакталышын контролдоонун натыйжалуулугун камсыз кылуу үчүн зарыл чара болуп саналган учурда гана товарлардын айрым категорияларын декларациялоо үчүн белгилүү бир бажы органдарын белгилөөгө укуктуу. Мында соода жана транспорт уюмдарынын кызыкчылыктары эске алынууга тийиш.

2. Эгерде товарлардын декларациясын толтурууга негиз болгон айрым документтерди товарлардын декларациясы менен бир убакта берүүгө мүмкүн болбосо, декларанттын жазуу жүзүндөгү жүйөлүү кайрылуусу боюнча бажы органдары мындай документтерди товарлар чыгарып берилгенден кийин, ушул Мыйзамдын 109-беренесинде белгиленген мөөнөттө берүүгө жазуу жүзүндө уруксат берет.

100-берене. Берилген бажы декларациясын каттоого, каттоодон баш тартууга же болбосо чакыртып алууга байланышкан бажы операциялары жана аларды жүргүзүү тартиби

1. Бажы декларациясын каттоого же каттоодон баш тартууга байланышкан бажы операциялары бажы декларациясы берилген учурдан тартып бажы органы тарабынан бажы органынын жумуш убактысындагы бир сааттан кечиктирбестен жүргүзүлөт.

2. Бажы органдары бажы декларациясын каттоодон Кодекстин 111-беренесинин 5-пунктунда көрсөтүлгөн негиздер боюнча баш тартат.

3. Бажы органдары пайдалануучу маалыматтык системалар байланыш каражаттарынын (телекоммуникациялык тармактардын жана Интернет тармагынын) ишиндеги техникалык үзгүлтүктөрдөн, бузулуулардан, электр энергиясынын өчүп калуусунан улам иштебей калган учурда бажы органы каттоодон баш тартууга негиз болбогондо берилген бажы декларациясын маалыматтык системаны пайдаланбастан кагаз түрүндө каттайт.

Бажы органдары пайдалануучу маалыматтык системалар иштебей калганда, бажы декларациясын каттоого же болбосо мындай каттоодон баш тартууга байланышкан бажы операцияларын жүргүзүү тартибинин өзгөчөлүктөрү бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленет.

4. Ушул Мыйзамдын 98-беренесинин 3-пунктунда көрсөтүлгөн товарларга берилген бажы декларациясын чакыртып алуунун Кодекстин 113-беренесинде каралгандан башка шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгилениши мүмкүн.

101-берене. Товарларды алдын ала, толук эмес, мезгилдүү бажылык декларациялоонун жана кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү, анын ичинде комплекттелбеген же бүтүрүлбөгөн түрдөгү товарларды декларациялоонун өзгөчөлүктөрү

1. Алдын ала бажылык декларациялоо, толук эмес бажылык декларациялоо, мезгилдүү бажылык декларациялоо, ошондой эле кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү, анын ичинде комплекттелбеген же бүтүрүлбөгөн түрдөгү товарларды декларациялоо Кодекстин 114-117-беренелерине ылайык жүзөгө ашырылат.

2. Алдын ала бажылык декларациялоонун, толук эмес бажылык декларациялоонун, мезгилдүү бажылык декларациялоо, ошондой эле кураштырылбаган же ажыратылган түрдөгү, анын ичинде комплекттелбеген же бүтүрүлбөгөн түрдөгү товарларды декларациялоонун Кодекс менен жөнгө салынбаган өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

3. Ушул берененин жоболору колдонулбаган товарлардын категориялары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталышы мүмкүн.

15-глава. Товарларды чыгарып берүү жана товарларды чыгарып берүүгө байланышкан бажы операциялары

102-берене. Товарларды чыгарып берүү жөнүндө жана товарларды чыгарып берүүгө жана аны жокко чыгарууга байланышкан бажы операцияларын жүргүзүү тартиби тууралуу жалпы жоболор

1. Товарларды чыгарып берүү Кодекстин 18-главасына ылайык бажы органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү товарларды ташып келинген жеринен чыгарып берүүгө байланышкан бажы операцияларын жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрүн белгилеши мүмкүн.

3. Комиссия тарабынан каралган учурларда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү товарларды чыгарып берүү декларанттын жүйөлөнгөн кайрылуусу боюнча бажы органы тарабынан жокко чыгарыла турган учурларды жана шарттарды, ошондой эле товарларды чыгарып берүүнү жокко чыгарууга байланышкан бажы операцияларын жүргүзүү тартибин аныктайт.

4. Декларанттын кайрылуусу боюнча бажы органы тарабынан коммерциялык, транспорттук (ташуучулук) документтерге товарларды чыгарып берүү жөнүндө белгилер же болбосо товарларды чыгарып берүү жөнүндө белги коюлган коммерциялык, транспорттук (ташуучулук) документтерге товарларды чыгарылышын жокко чыгаруу жөнүндө белгилер коюлушу мүмкүн.

103-берене. Товарларды чыгарып берүү мөөнөттөрү

Бажы органы тарабынан товарларды чыгарып берүү мөөнөтү Кодекстин 119-беренесинде белгиленген.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан товарларды чыгарып берүүнүн Кодекстин 119-беренесинин 1 жана 3-пункттарында көрсөтүлгөн мөөнөтүнө караганда кыска мөөнөт белгилениши мүмкүн.

2. Кодекстин 119-беренесинин 4-8-пункттарына ылайык товарларды чыгарып берүү мөөнөтүн узартууда, бажы органы декларантка же бажылык өкүлгө мындай узартуу жөнүндө кабарламаны товарларды чыгарып берүү мөөнөтүн узартууга негиз болгон себептерди милдеттүү түрдө көрсөтүү менен, уруксат берилген күндөн кийинки бир жумушчу күндөн кечиктирбестен жиберет.

104-берене. Товарларга декларация берилгенге чейин бажы операцияларын жүргүзүү жана товарларды чыгарып берүү өзгөчөлүктөрү

1. Ички керектөө үчүн чыгаруунун бажы жол-жобосуна ылайык, товарларга декларация берилгенге чейин товарларды чыгарып берүүгө төмөнкүдөй товарлар билдирилиши мүмкүн:

1) Кодекстин 120-беренесинин 1-пунктунун 1 жана 3-пунктчаларында көрсөтүлгөндөр;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында ташып келингендер.

2. Бажы алымдарын, салыктарын, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттердин аткарылышын камсыздоону берүү төмөнкүлөргө карата талап кылынбайт:

1) табигый кырсыктардын, табигый жана техногендик мүнөздөгү чукул кырдаалдардын кесепеттерин жоюу үчүн зарыл болгон товарларга;

2) тынчтыкты сактоо же болбосо машыгууларды өткөрүү үчүн акцияларды аткарууга зарыл болгон аскердик багыттагы продукцияларга;

3) гуманитардык жана техникалык жардамга;

4) мүчө-мамлекеттердин валюталарына, мүчө-мамлекеттердин улуттук (борбордук) банктары жана алардын филиалдары тарабынан ташып келинген чет өлкөлүк валютага, башка валюталык баалуулуктарга, асыл металлдарга, анын ичинде алтынга;

5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу учурларда башка товарларга.

105-берене. Бажылык, башка документтерди жана (же) маалыматтарды текшерүү аяктаганга чейин жана бажы экспертизасын дайындоодо товарларды чыгарып берүү өзгөчөлүктөрү

Бажылык, башка документтерди жана (же) маалыматтарды текшерүү аяктаганга чейин жана бажы экспертизасын дайындоодо товарларды чыгарып берүү Кодекстин 121 жана 122-беренелерине ылайык жүзөгө ашырылат.

106-берене. Бузуу же кылмыш айкындалган учурда товарларды чыгарып берүүнүн өзгөчөлүктөрү

Бузуу же кылмыш айкындалган учурда бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүш аяктаганга чейин же жазыктык иш боюнча өндүрүш аяктаганга чейин товарларды чыгарып берүү токтотул турулат жана мындай иштерди карап жаткан бажы органынын кызмат адамы же сот алып коюлган товарларга же камак салынган товарларга карата тийиштүү чечим чыгаргандан кийин товарлар бажы органы тарабынан чыгарып берилет.

107-берене. Интеллектуалдык менчик объекттерин камтыган товарларды чыгарып берүү мөөнөтүн токтотуп туруу жана мындай товарларды чыгарып берүү мөөнөтүн кайра баштоо

1. Интеллектуалдык менчик объекттерин камтыган товарларды чыгарып берүү мөөнөтүн токтотуп туруу жана мындай товарларды чыгарып берүү мөөнөтүн кайра жаңыртуу ушул беренеде каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен Кодекстин 124-беренесине ылайык жүзөгө ашырылат.

2. Эгерде мүчө-мамлекеттердин интеллектуалдык менчик объекттеринин бирдиктүү бажы реестрине же аймагында товарлар бажы жол-жобосуна жайгаштырыла турган бажы органы жүргүзүүчү интеллектуалдык менчик объекттеринин улуттук реестрине киргизилген интеллектуалдык менчик объекттерин камтыган товарларды бажы жол-жобосуна жайгаштырууга байланышкан бажы операциялары жүргүзүлгөн учурда бажы органдары тарабынан интеллектуалдык менчик объектинин укук ээсинин укуктарын бузуу белгилери табылса, мындай товарларды чыгарып берүү мөөнөтү он жумушчу күнгө токтотуп турулат.

3. Укук ээсинин же болбосо анын же бир нече укук ээлеринин кызыкчылыктарын жактоочу жактын суроо-талабы боюнча бул мөөнөт бажы органы тарабынан он жумушчу күндөн ашпаган мөөнөткө төмөнкүдөй учурларда узартылат:

1) Кодекстин 124-беренесинин 2-пунктунда каралган учурларда;

2) эгерде укук ээси же болбосо анын же бир нече укук ээлеринин кызыкчылыктарын билдирүүчү жак чыгарып берүү мөөнөтүн токтотуп туруу жөнүндө чечим кабыл алынган товарлардан сынамыктарды жана (же) үлгүлөрдү алса, анын ичинде изилдөө жүргүзүү үчүн алса.

4. Бажы органына интеллектуалдык менчик объекттерин камтыган товарларды алып коюу, аларга камак салуу же аларды конфискациялоону ырастоочу документ берилген же болбосо укук ээси же болбосо анын же бир нече укук ээлеринин кызыкчылыктарын билдирүүчү жак тарабынан, токтотуп коюлган товарларга карата мыйзамдуу укуктарды жана кызыкчылыктарды калыбына келтирүү боюнча тиешелүү сот органында чаралар көрүлүп жатканын күбөлөндүрүүчү документ бажы органына берилген учурларды кошпогондо, мындай товарларды чыгарып берүү мөөнөтү товарларды чыгарып берүү мөөнөтүн токтотуп туруу мөөнөтү аяктагандан кийин кайра калыбына келтирилет.

Ушул бөлүктүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн документтер берилгенде интеллектуалдык менчик объекттерин камтыган товарларды чыгарып берүүнү токтотуп туруу мөөнөтү соттун тийиштүү чечими мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин узартылат.

5. Эгерде укук ээси сот процессинин козголгондугу жөнүндө бажы органына он күндүн ичинде кабарлабаса, ташып келүүнүн калган бардык шарттары аткарылган шартта товарлар декларантка кайра кайтарып берилет.

6. Бажы органдары укук ээсинин арызы жок эле, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте, мүчө-мамлекеттердин интеллектуапдык менчик объекттеринин бирдиктүү бажы реестрине же интеллектуалдык менчик объекттеринин улуттук бажы реестрине киргизилбеген интеллектуалдык менчик объекттерин камтыган товарларды чыгарып берүүнү токтотуп турууга укуктуу.

108-берене. Товарларды чыгарып берүүдөн баш тартуу жана товарларды чыгарып берүүдөн баш тартууга байланышкан бажы операцияларын жүргүзүү тартиби

1. Бажы органы товарларды чыгарып берүүдөн Кодекстин 125-беренесинде көрсөтүлгөн негиздер боюнча баш тартат.

2. Чыгарып берүүдөн баш тартууга байланышкан бажы операцияларын жүргүзүү тартиби товарларды чыгарып берүү мөөнөтү аяктаганга чейин - Комиссия тарабынан, ал эми Комиссия тарабынан жөнгө салынбаган бөлүгүндө - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

109-берене. Шарттуу чыгарып берилген товарлар

1. Кодекстин 126-беренесинде көрсөтүлгөн товарлар шарттуу чыгарып берилген деп эсептелет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан шарттуу чыгарып берилген товарларга киргизүүнүн башка учурлары жана тартиби белгилениши мүмкүн.

2. Эгерде товарларды чыгарып берүүдө, лицензиялар менен уруксаттарды кошпогондо, сертификаттар же чектөөлөр сакталгандыгын ырастоочу башка документтер бажы органына берилбесе, декларанттын жазуу жүзүндөгү же электрондук формадагы жүйөлөнгөн кайрылуусу боюнча бажы органдары мындай документтерди аларды алуу үчүн зарыл болгон мөөнөттүн ичинде тапшырууга жазуу жүзүндө же электрондук формада уруксат берет, бул мөөнөт, эгерде жогоруда аталган документтерди алуу үчүн зарыл болгон башка мөөнөт белгиленбесе, товарлар чыгарып берилгенден кийин кырк беш жумушчу күндөн ашпоого тийиш. Товарларды чыгарып берүү декларант документтерди белгиленген мөөнөттө берүү жөнүндө милдеттенмени жазуу жүзүндө же электрондук формада бергенде жүзөгө ашырылат.

Эгерде бажы декларациясы толтурууга негиз болгон лицензияларды жана уруксаттарды бажы декларациясын тапшырганда берүүгө мүмкүн болбосо, бажы органы мындай документтерди товарлар чыгарып берилгенден кийин, ушул бөлүктүн биринчи абзацында белгиленген тартипте жана мөөнөттө берүүгө уруксат берет.

3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн товарларды үчүнчү жактарга берүүгө, анын ичинде аларды сатуу же башка ыкмаларда ээликтен ажыратуу жолу менен берүүгө тыюу салынат, ал эми мындай товарларды ташып келүүгө чектөөлөр бул товарлардын салатын жана коопсуздугун текшерүүгө байланыштуу белгиленген учурларда - аларды бардык формада пайдаланууга (иштетүүгө, керектөөгө) тыюу салынат.

4. Бажы органдары декларанттан ушул берененин 3-бөлүгүндө белгиленген чектөөлөрдү аткаруу жөнүндө милдеттенме берүүсүн талап кылууга, документтер алынганга чейин товарлардын таңгагына, алар сакталуучу жайларга пломба жана мөөр коюуга, ошондой эле көрсөтүлгөн чектөөлөрдү сактоону камсыз кылуучу башка чараларды колдонууга укуктуу.

5. Эгерде декларант бажы органына кайрылганга чейинки бир жылдын ичинде бажы иши чөйрөсүндөгү бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылган болсо, бажы органдары ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган документтерди товарлар чыгарып берилгенден кийин берүүгө уруксат берүүдөн баш тартат.

6. Бажы органы ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган документтерди товарлар чыгарылгандан кийин берүүгө уруксат берүүдөн баш тартуу жөнүндө кайрылуу берилген күндөн кийинки күндөн кечиктирбестен, баш тартуунун себептерин көрсөтүү менен декларантка жазуу жүзүндө же электрондук формада маалымдайт.

IV БӨЛҮМ. БАЖЫ ЖОЛ-ЖОБОЛОРУ

16-глава. Бажы жол-жоболору жөнүндө жалпы жоболор

110-берене. Бажы жол-жоболорун колдонуу

1. Товарлардын бажы аймагында турушунун жана пайдаланышынын, аларды бажы аймагынан ташып чыгуунун жана (же) алардын бажы аймагынан тышкары турушунун жана пайдаланышынын максаттарына жараша товарларга карата төмөнкүдөй бажы жол-жоболору колдонулат:

1) ички керектөө үчүн чыгарып берүү;

2) экспорт;

3) бажы транзити;

4) бажы кампасы;

5) бажы аймагында кайра иштетүү;

6) бажы аймагынан сырткары кайра иштетүү;

7) ички керектөө үчүн кайра иштетүү;

8) эркин бажы зонасы;

9) эркин кампа;

10) убактылуу ташып келүү (киргизүү);

11) убактылуу ташып чыгуу;

12) реимпорт;

13) реэкспорт;

14) алымсыз соода;

15) жок кылуу;

16) мамлекеттин пайдасына баш тартуу;

17) атайын бажылык жол-жобо.

2. Бажы жол-жобосуна жайгаштырылган товарлар башка бажы жол-жоболоруна же болбосо Кодекстин 127-беренесинде белгиленген максаттар үчүн ушундай эле бажы жол-жобосуна жайгаштырылышы мүмкүн.

3. Бажы жол-жоболорунун мазмуну жана бажы жол-жоболорун колдонуу тартибин жөнгө салуучу жоболор, анын ичинде товарларды бажы жол-жобосуна жайгаштыруу шарттары, товарларды бажы жол-жобосуна жайгаштыргандан кийин мындай бажы жол-жоболоруна ылайык, аларды пайдалануу шарттары жана тартиби, бажы жол-жоболорун колдонууну аяктоо, токтотуу, токтотуп туруу жана кайра жаңылоо тартиби, ошондой эле бажы алымдарын, салыктарын, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттердин келип чыгуу жана токтотулуу жагдайлары, аларды бажы жол-жобосуна жайгаштырыла турган (жайгаштырылган) товарларга же болбосо бажы жол-жобосун колдонуунун алкагында алынган (түзүлгөн), даярдалган (алынган) товарларга карата эсептөө жана төлөө мөөнөтү жана (же) өзгөчөлүктөрү Кодекстин IV бөлүмүндө, бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерде жана актыларда, ал эми Кодексте каралган учурларда - Комиссия жана (же) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

V БӨЛҮМ. ТОВАРЛАРДЫН АЙРЫМ КАТЕГОРИЯЛАРЫН БИРЛИКТИН БАЖЫ ЧЕК АРАСЫ АРКЫЛУУ ӨТКӨРҮҮ ТАРТИБИНИН ЖАНА ШАРТТАРЫНЫН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ

17-глава. Өздүк пайдалануу үчүн товарларды Бирликтин бажы чек арасы аркылуу өткөрүү тартибинин жана шарттарынын өзгөчөлүктөрү

111-берене. Товарларды жеке жактардын өздүк пайдалануусу үчүн өткөрүү

1. Жеке жактар тарабынан өздүк пайдалануу үчүн товарларды бажы аймагына ташып келүү жана бажы аймагынан ташып чыгуу ушул главада белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен Кодексинин 37-главасына, бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерге жана актыларга ылайык жүзөгө ашырылат.

2. Жеке жактар товарларды өздүк колдонуу үчүн бажы аймагына ташып келгенде кош коридор системасы колдонулат.

Товарларды өздүк пайдалануу үчүн кош коридор системасын колдонуу менен бажылык контролдоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кодекске жана Комиссиянын ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн актыларына ылайык бажы алымдарын жана салыктарын төлөбөстөн, жеке жактардын өздүк пайдаланышы үчүн товарларды ташып келүүнүн катаалыраак нарктык, салмактык жана сандык нормаларын белгилөөгө укуктуу.

4. Бажы органдары жеке жактардын товарларды өткөрүүсүнүн эрежелери жөнүндө маалыматтын жетимдүүлүгүн камсыз кылат, анын ичинде транспорттук жана туристтик уюмдарда мамлекеттик, расмий жана чет тилдерде жазылган маалымдамаларды таратуу жолу менен, ошондой эле жеке жактар өткөрүүчү товарларга карата бажы операциялары жүргүзүлүүчү жерлерде маалыматтык такталарды жабдуу жолу менен камсыз кылат.

5. Өздүк пайдалануу үчүн товарларга карата бажы алымдарын, салыктарын төлөөгө негиз болуучу бажылык кириштөө ордеринин бланктары так отчёттуулук бланктары болуп саналат.

112-берене. Бирдиктүү ставка боюнча алынуучу бажы алымдарын, салыктарын же болбосо жыйынды бажы төлөмү түрүндө алынуучу бажы алымдарын, салыктарын төлөө боюнча милдеттерди аткаруу. Аларды өндүрүп алуу тартиби

1. Бирдиктүү ставка боюнча алынуучу бажы алымдарын, салыктарын же жыйынды бажы төлөмү түрүндө алынуучу бажы алымдарын, салыктарын төлөө боюнча милдеттерди аткаруунун жалпы жоболору Кодекстин 270-беренесинде белгиленген.

2. Бирдиктүү ставка боюнча алынуучу бажы алымдары, салыктар же болбосо жыйынды бажы төлөмү түрүндө алынуучу бажы алымдары, салыктары мындай товарларды чыгарып берүүчү бажы органы тарабынан бажылык декларациялоо учурунда декларант билдирген маалыматтардын негизинде, ошондой эле жүргүзүлгөн бажы контролунун натыйжалары боюнча эсептеп чыгылат.

3. Бирдиктүү ставка боюнча алынуучу бажы алымдары, салыктар же болбосо жыйынды бажы төлөмү түрүндө алынуучу бажы алымдары, салыктар ушул Мыйзамдын 52-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн эсептерге төлөнөт.

4. Кодекстин 268-беренесинин 6, 7 жана 15-пункттарында көрсөтүлгөн жагдайлар келип чыкканда, бирдиктүү ставка боюнча алынуучу бажы алымдары, салыктары же болбосо жыйынды бажы төлөмү түрүндө алынуучу бажы алымдары, салыктары бажы органы тарабынан, өздүк пайдалануу үчүн товарларга карата бажы алымдарынын, салыктарынын эсептелиши боюнча эсептеп чыгылат.

5. Бул эсептеп чыгуунун формасы, аны толтуруу жана ага өзгөртүү (толуктоо) киргизүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

6. Төлөөчү бирдиктүү ставка боюнча алынуучу бажы алымдарын, салыктарын же болбосо жыйынды бажы төлөмү түрүндө алынуучу бажы алымдарын, салыктарын төлөө боюнча милдеттүүлүктү аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарган учурда ушул Мыйзамдын 58-беренесинде белгиленген тартипте жана мөөнөттө үстөк төлөнөт.

7. Бирдиктүү ставка боюнча алынуучу бажы алымдарын, салыктарын же болбосо жыйынды бажы төлөмү түрүндө алынуучу бажы алымдарын, салыктарын төлөө боюнча аткарылбаган же талаптагыдай эмес аткарылган милдетке карата үстөк төлөнбөй турган учур Кодекстин 270-беренесинин 3-пунктунун үчүнчү абзацында аныкталган.

8. Бирдиктүү ставка боюнча алынуучу бажы алымдарын, салыктарын же болбосо жыйынды бажы төлөмү түрүндө алынуучу бажы алымдарын, салыктарын төлөө боюнча милдеттер аткарылбаган же талаптагыдай эмес аткарылган учурда бажы органдары мындай бажы алымдарын, салыктарын төлөөчүгө, ошондой эле Кодекске ылайык бирдиктүү ставка боюнча алынуучу бажы алымдарын, салыктарын же болбосо жыйынды бажы төлөмү түрүндө алынуучу бажы алымдарын, салыктарын төлөө боюнча милдетти төлөөчү менен чогуу тарткан жактарга бажы алымдарынын, салыктарынын белгиленген мөөнөттө төлөнбөгөн суммасы жөнүндө ушул Мыйзамдын 54-6еренесинин 6-13-бөлүктөрүндө белгиленген тартипте жана мөөнөттө Кабарлама жиберет.

9. Бажы органдары тарабынан мындай Кабарлама жиберилбей турган учурлар Кодекстин 270-беренесинин 5-пунктунда белгиленген.

Кабарлама жиберилбей турган, ушул бөлүктүн биринчи абзацында көрсөтүлгөндөн башка учурлар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталышы мүмкүн.

10. Кабарламада белгиленген талаптар бул Кабарламада көрсөтүлгөн мөөнөттө аткарылбаган учурда, ошондой эле Кодекстин 270-беренесинин 5-пунктуна ылайык мындай Кабарлама жөнөтүлбөгөндө, бажы органдары бирдиктүү ставка боюнча алынуучу бажы алымдарын, салыктарын же болбосо жыйынды бажы төлөмү түрүндө алынуучу бажы алымдарын, салыктарын өндүрүп алуу боюнча чараларды көрөт.

Бирдиктүү ставка боюнча алынуучу бажы алымдарын, салыктарын же болбосо жыйынды бажы төлөмү түрүндө алынуучу бажы алымдарын, салыктарын өндүрүп алуу мөөнөтү товарлар өздүк пайдалануу үчүн чыгарып берилген учурдан тартып беш жылдан ашпоого тийиш.

11. Бирдиктүү ставка боюнча алынуучу бажы алымдарын, салыктарын же болбосо жыйынды бажы төлөмү түрүндө алынуучу бажы алымдарын, салыктарын өндүрүп алуу боюнча чараларга ушул Мыйзамдын 77-беренесинин 2-бөлүгүндө жана 78-беренесинде көрсөтүлгөн чаралар кирет.

18-глава. Эл аралык ташуунун транспорттук каражаттарын жана камдыктарды Бирликтин бажы чек арасы аркылуу өткөрүү тартибинин жана шарттарынын өзгөчөлүктөрү

113-берене. Эл аралык ташуунун транспорттук каражаттарын, запастык бөлүктөрүн, жабдууларын жана камдыктарын бажы аймагына ташып келүү жана бажы аймагынан ташып чыгуу

1. Эл аралык ташуунун транспорттук каражаттарын, запастык бөлүктөрүн, жабдууларын жана камдыктарын бажы аймагына ташып келүү жана бажы аймагынан ташып чыгуу ушул беренеде белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен Кодекстин 38 жана 39-главаларына ылайык жүзөгө ашырылат.

2. Аба жана темир жол транспортуна карата бажы операцияларын жүргүзүү үчүн бажы аймагына келүүчү жерлерде жана бажы аймагынан кетүүчү жерлерде эл аралык ташуунун транспорт каражаттарынын токтоп турушунун узактыгы, эгерде ташуучу тарабынан Кодексте, бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерде жана актыларда жана бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптар аткарылса, ушул типтеги аба кемесин тейлөөнүн технологиялык графигинде же темир жол станциясынын ишинин технологиялык процессинде белгиленген убакыттан ашпашы керек.

3. Эл аралык ташуунун убактылуу алып келинген темир жол транспорттук каражатынын жана (же) темир жол транспорттук каражаттарында ташылуучу контейнерлердин, анын ичинде ички ташуулар үчүн пайдаланылуучу контейнерлердин турган орду жөнүндө маалыматтарды бажы органына берүүнүн тартиби бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан темир жол ташуучусу менен биргеликте белгиленет.

4. Эл аралык ташуунун транспорттук каражатынан алмаштыруу үчүн чыгарып салынган запастык бөлүктөр жана жабдуулар, алар чыгарып салынган эл аралык ташуунун транспорттук каражаты менен кошо бажы аймагына ташып келиниши жана бажы аймагынан ташып чыгылышы мүмкүн. Мындай запастык бөлүктөр жана жабдуулар жөнүндө, ошондой эле жүргүзүлгөн оңдоолор жөнүндө маалыматтар эл аралык ташуунун транспорттук каражатынын бажы декларациясында көрсөтүлөт.

5. Транспорттук каражатты оңдоого, техникалык тейлөөгө жана иштетүүгө арналган запастык бөлүктөргө жана жабдууларга карата убактылуу ташып келүүнүн (жеткиликтүү кылуунун) жана ташып чыгуунун бажы жол-жоболору транспорттук каражаттан чыгарып салынган запастык бөлүктөрдү жана жабдууларды алмаштыруунун натыйжасында же болбосо мурда убактылуу ташып келүү (жеткиликтүү кылуу) жана ташып чыгуу бажылык жол-жобосуна жайгаштырылган запастык бөлүктөрдү жана жабдууларды бажы аймагына ташып келүү же бажы аймагынан ташып чыгуу менен, же болбосо аталган товарларды бажы аймагынан ташып чыгуу же бажы аймагына ташып келүү каралбаган башка бажы жол-жобосуна жайгаштыруу менен аяктайт.

19-глава. Эл аралык почталык жөнөтүүлөрдү жана аларда жөнөтүлүүчү товарларды Бирликтин бажы чек арасы аркылуу өткөрүү тартибинин жана шарттарынын өзгөчөлүктөрү

114-берене. Эл аралык почталык жөнөтүүлөр

1. Эл аралык почталык жөнөтүүлөрдө товарларды бажы аймагына ташып келүү жана бажы аймагынан ташып чыгуу Кодекстин 40-главасына, Комиссиянын актыларына жана ушул Мыйзамга ылайык жүзөгө ашырылат.

2. Эл аралык почта менен жөнөтүлүүчү товарларга карата бажы операциялары эл аралык почта алмаштырылуучу жерлерде же болбосо бажы органы тарабынан аныкталуучу башка жерлерде жүргүзүлөт. Почта байланышынын объекттери болуп саналган эл аралык почта алмаштырылуучу жерлер почта байланышы жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.

115-берене. Эл аралык почталык жөнөтүүлөр менен жөнөтүлүүчү товарларга карата бажы операцияларын жүргүзүү өзгөчөлүктөрү

1. Эл аралык почта менен жөнөтүлүүчү товарларга карата бажы операциялары биринчи кезектеги тартипте жана кыска мөөнөттө жүргүзүлөт. Бажы операцияларын жүргүзүүнүн конкреттүү мөөнөттөрү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан, почта байланышы жаатындагы ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча аныкталат.

2. Бажы декларациясы берилүүгө тийиш болгон товарларды бажылык декларациялоо алуучулар же жөнөтүүчүлөр турган аймакта иш жүргүзгөн бажы органы тарабынан, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктаган тартипте почта байланышы жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча жүзөгө ашырылат.

3. Эл аралык почталык жөнөтүүлөрдө бажы аймагынын чегинен сырткары чыгарылуучу, бажы декларациясы бериле турган товарларды бажылык декларациялоо аларды жөнөтүүчүлөр же болбосо алардын атынан аракеттенүүчү жактар тарабынан товарларды жөнөтүү үчүн почталык байланыш уюмдарына өткөрүлгөнгө чейин жүргүзүлөт.

4. Бажы органынын талабы боюнча, почта байланышынын дайындалган оператору эл аралык почталык жөнөтүүлөр боюнча өздүк пайдалануу үчүн товарларды алуучунун -жеке жактын ким экенин тастыктоочу документтер жөнүндө маалыматты бажы органына берет.

5. Почта байланышынын дайындалган операторунда эл аралык почталык жөнөтүүлөрдү эл аралык почта алмаштырылуучу жердеги (мекемедеги) бажылык контролдоо зонасына жайгаштырууда ташып келүү бажы алымдарын, салыктарын төлөө боюнча милдеттердин келип чыгышы жана токтотулушу, аларды төлөө мөөнөтү жана эсептелиши Кодекстин 288-беренесинде белгиленген.

116-берене. Бажы органдарынын жана почта уюмдарынын өз ара аракеттенүүсү

1. Эл аралык почталык жөнөтүүлөрдө камтылган товарларды бажылык декларациялоону тездетүү жана бажы контролунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана почта байланышы жаатындагы ыйгарым укуктуу орган өз ара байланышта иштешүү жөнүндө тиешелүү макулдашууну түзөт.

Аталган макулдашууда мамлекеттик почта байланыш уюмдары бажы органдарына жүктөлгөн айрым функцияларды бул органдардын контролдугу астында аткара турган учурлар каралышы мүмкүн.

2. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган товарларды бажы аймагына ташып келүү жана аларды бул аймактан ташып чыгуу эрежелерин эл аралык почталык жөнөтүүлөрдү которууга тиешеси бар бөлүгүндө почталык байланыш жаатындагы ыйгарым укуктуу органга өз убагында маалымдайт.

20-глава. Куурдук транспорт жана электр берүү линиялары аркылуу өткөрүлүүчү товарларды бажы чек арасы аркылуу өткөрүү тартибинин жана шарттарынын өзгөчөлүктөрү

117-берене. Товарларды куурдук транспорт аркылуу өткөрүүдө декларациялоонун жана бажы алымдарын жана салыктарын төлөөнүн өзгөчөлүктөрү

1. Куурдук транспорт аркылуу товарларды бажы аймагына ташып келүүдө жана аларды бажы аймагынан ташып чыгууда ушул беренеде каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен Кодекстин 116-беренесине ылайык, аларды мезгил-мезгили менен убактылуу бажылык декларациялоого жол берилет.

2. Товарлардын декларациясында декларант көрсөткөн, тышкы соода келишиминин (контракттын) колдонуу мөөнөтүнөн өтүп кетпеген мезгилдин ичинде ташып келүүгө болжолдонгон товарлардын санына, бажы аймагына ташып келүү пландалган товарлардын санына, керектөөчүлүк касиеттерине жана (же) товарларга декларацияларды берүү күнүнө карата бул товарлардын баасын аныктоонун тышкы соода келишиминин (коктракттын) шарттарында каралган тартибине ылайык аныкталуучу шарттуу бажылык наркына (баасына) жараша маалыматтарды көрсөтүүгө жол берилет.

3. Бир нече тышкы соода келишимдери (контракттары) боюнча, анын ичинде берүүнүн, баа түзүүнүн жана төлөөнүн ар кандай шарттары боюнча милдеттенмелерди аткаруунун алкагында бир бажылык жол-жобонун шарттарына ылайык товарларды өткөрүүчү бир эле жак тарабынан ташып келинүүчү товарга бир декларация берүүгө жол берилет.

4. Товарларга декларация бир кварталдан ашпаган убакыт мезгилине, ал эми табигый газга - бир календардык жылдан ашпаган мезгилге, ушул мезгилден мурдагы айдын жыйырманчы күнүнөн кечиктирбестен, декларант тарабынан берилет.

5. Эгерде товарлардын декларациясында көрсөтүлгөн мезгил ичинде бажы органы кабыл алган декларацияда көрсөтүлгөн товарлардын саны өзгөрсө, товарларга кошумча декларацияда декларациялануучу товарларды өткөрүү башталганга чейин кошумча декларация берүүгө жол берилет.

6. Декларант товарларды берүүнүн ар бир календардык айында товарларга, талаптагыдай түрдө толтурулган бир же бир нече толук бажы декларацияларын берүүгө милдеттүү. Толук бажылык декларация товарлар берилүүчү календардык айдан кийинки айдын жыйырманчы күнүнөн кечиктирбестен берилиши керек. Декларанттын жүйөлөнгөн кайрылуусу боюнча бажы органы толук бажылык декларацияны берүү мөөнөтүн узартат, мында бул мөөнөт токсон календардык күндөн ашпоого тийиш. Толук бажылык декларацияны берүү мөөнөтүн узартуу бажы алымдарынын, салыктардын эсептелген суммаларын төлөө мөөнөтүн узартпайт.

7. Эгерде товарлардын декларациясында ташып келүүгө билдирилген товарлар календардык айдын ичинде ташып келинбесе, декларант бул жөнүндө бажы органына жазуу жүзүндө кабарлоого милдеттүү.

8. Куурдук транспорт аркылуу өткөрүлүүчү товарлардын бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча декларанттын милдеттери товарлардын декларациясы бажы органында катталган учурдан тартып келип чыгат.

9. Куурдук транспорт аркылуу өткөрүлүүчү товарлардын бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттер төмөнкүдөй учурларда токтотулат:

1) эсептелген жана төлөнүүгө тийиш болгон өлчөмдөгү бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттер аткарылганда жана (же) алар өндүрүлүп алынганда;

2) товарлардын декларациясын каттоодо келип чыккан бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдетке карата - товарларды тандалган бажы жол-жобосуна ылайык чыгарып берүүдөн баш тартылган учурда;

3) товарлардын декларациясын каттоодо келип чыккан бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдетке карата - товарлардын декларациясы чакыртып алынганда жана (же) товарларды чыгарып берүү жокко чыгарылганда;

4) товарлар конфискацияланганда же мамлекеттин менчигине (кирешесине) айландырылганда;

5) ошондой эле Кодекстин 55-беренесинин 4-пунктунун экинчи жана үчүнчү абзацтарында, 68-беренесинин 3-пунктунун экинчи абзацында жана 4-пунктунун 4-пунктчасында белгиленген учурларда.

10. Куурдук транспорт аркылуу ташылуучу товарларды ташып келүүдө ташып келүү бажы алымдары, салыктары товарларды берүүнүн ар бир календардык айынан мурунку айдын жыйырманчы күнүнөн кечиктирбестен, товарлардын декларациясында көрсөтүлгөн маалыматтарга жараша төлөнөт. Бажы төлөмдөрүн эсептеп чыгуунун жана төлөөнүн максаттары үчүн товар берилген айдан мурунку айдын он бешинчи күнүнө карата колдонулган бажы алымдарынын жана салыктардын ставкалары колдонулат.

11. Берүүнүн ар бир календардык айында ташып келинген товарлар жөнүндө такталган маалыматтар бажы органына берүүнүн ар бир календардык айынан кийинки айдын жыйырманчы күнүнөн кечиктирбестен берилет. Эгерде төлөнө турган бажы алымдарынын жана салыктарынын суммалары маалыматтарды тактоонун натыйжасында көбөйсө, суммаларды кошумча төлөө такталган маалыматтарды берүү менен бир убакта жүзөгө ашырылышы керек. Бул учурда үстөк чегерилбейт.

12. Ашыкча төлөнгөн суммаларды кайра кайтаруу ушул Мыйзамдын 9-главасына ылайык жүзөгө ашырылат.

13. Товарларды куурдук транспорт аркылуу өткөрүүдө чектөөлөр товарлардын декларациясы катталган күнгө карата колдонулат.

14. Куурдук транспорт аркылуу өткөрүлүүчү табигый газды бажылык декларациялоодо анын санын жана сапатын ырастоо үчүн, мындай өткөрүүгө негиз болгон тышкы соода келишимдеринин (контракттарынын) шарттарында аныкталган жерлерде жайгашкан эсепке алуу приборлорунун көрсөткүчтөрүнүн негизинде түзүлгөн, товарлар иш жүзүндө берилгендиги жөнүндө актылар пайдаланылат.

118-берене. Электр берүү линиялары аркылуу өткөрүлүүчү товарларды ташып келүүдө жана ташып чыгууда декларациялоонун жана бажы алымдарын, салыктарын төлөөнүн өзгөчөлүктөрү

1. Электр энергиясынын ташып келинген жана ташып чыгылган иш жүзүндөгү саны жана (же) анын ар бир календардык айда мамлекеттер аралык электр берүү линиялары боюнча электр энергиясынын карама-каршы багыттардагы өтүмдөрүнүн алгебралык суммасы катары сальдо-өтүм декларацияланууга жатат. Бажылык декларацияда (бажылык декларацияларда) ташып келинген же ташып чыгылган электр энергиясынын саны ар бир календардык ай үчүн электр энергиясынын сальдо-өтүмү катары (электр тармактарында электр энергиясын жиберүүдө болгон жоготуулардын чоңдугуна карата такталган, чыңалуунун бардык класстарындагы электр берүүлөрдүн иштеп турган мамлекеттер аралык бардык линиялары боюнча карама-каршы багыттардагы электр энергиясынын өтүмдөрүнүн алгебралык суммасы) же болбосо электр тармактарында электр энергиясын жиберүүдө болгон жоготуулардын чоңдугуна карата такталган, иш жүзүндө ташып келинген жана ташып чыгылган электр энергиясынын саны өз-өзүнчө көрсөтүлөт.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кодекстин 291-беренесинин 5-пунктуна ылайык энергетика системаларынын параллель иштөөсүнүн шарттарында бажы аймагы аркылуу электр берүү линиялары аркылуу электр энергиясын өткөрүүдө бажы органдарына берилүүгө тийиш болгон маалыматтардын тизмегин белгилейт.

3. Электр берүү линиялары аркылуу өткөрүлүүчү, бажы аймагына ташып келинүүчү жана бажы аймагынан ташып чыгылуучу товарларга карата бажы төлөмдөрүн төлөө ушул Мыйзамдын 117-беренесинде белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

21-глава. Бажы чек арасы аркылуу жактардын айрым категориялары тарабынан товарларды, дипломатиялык почтаны жана консулдук вализаны өткөрүү тартибинин жана шарттарынын өзгөчөлүктөрү

119-берене. Жактардын айрым категориялары тарабынан товарларды бажы чек арасы аркылуу өткөрүүнүн өзгөчөлүктөрү

1. Мүчө-мамлекеттердин үчүнчү тарап менен эл аралык келишимдерине, мүчө-мамлекеттердин ортосундагы эл аралык келишимдерге ылайык артыкчылыктарды жана (же) иммунитеттерди пайдаланган дипломатиялык өкүлчүлүктөр жана консулдук мекемелер, мамлекеттердин эл аралык уюмдардын алдындагы өкүлчүлүктөрү, эл аралык уюмдар же алардын өкүлчүлүктөрү жана бажы аймагында жайгашкан башка уюмдардын же алардын өкүлчүлүктөрү тарабынан расмий пайдаланууга арналган товарларды, ошондой эле мүчө-мамлекеттердин үчүнчү тарап менен эл аралык келишимдерине жана мүчө-мамлекеттердин ортосундагы эл аралык келишимдерге ылайык артыкчылыктарды жана (же) иммунитеттерди пайдаланган жеке жактардын айрым категориялары тарабынан өздүк пайдалануу үчүн товарларды бажы чек арасы аркылуу өткөрүү Кодекстин 42-главасында белгиленген тартипте жана шарттарда, ушул главада белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен жүзөгө ашырылат.

2. Эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн чет өлкөлүк жактар үчүн бажы аймагына товарларды ташып келүүнүн жана бажы аймагынан ташып чыгуунун Кодекстин 42-главасында белгиленген эрежелерге караганда жеңилдетилген эрежелери каралса, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин эрежелери колдонулат.

3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жактар тарабынан өткөрүлүүчү товарлар өкүлчүлүктүн мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн жана өкүлчүлүктүн башчысы же ыйгарым укуктуу адам тарабынан кол коюлган, эки нускада, эркин түрдө түзүлгөн жазуу жүзүндөгү арызды (мындан ары - арыз) бажы органына берүү жолу менен бажылык декларациялоодон өткөрүлөт, арызда төмөнкүдөй маалыматтар камтылат:

1) бажы органынын аталышы;

2) бажы чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү товардын транспорттук документинин номери жана датасы;

3) товар жөнүндө кыскача маалымат.

4. Арыз менен бирге транспорттук (ташуучулук) документтер берилет.

5. Өкүлчүлүктүн расмий колдонуусуна арналган товарларды жөнөткөн (алган) жак өздүгүн күбөлөндүрүүчү документти, ошондой эле жактын статусун ырастоочу документти же өкүлчүлүктүн мөөрү басылган жана өкүлчүлүктүн башчысы же өкүлчүлүктүн ыйгарым укук берилген кызмат адамы тарабынан кол коюлган ишеним катты (жылдык же бир жолку) бажы органына берет.

22-глава. Бирликтин бажы аймагынын бир бөлүгүнөн Бирликтин бажы аймагынын башка бөлүгүнө Бирликке мүчө болуп саналбаган мамлекеттердин аймактары аркылуу ташылуучу товарларды бажы чек арасы аркылуу өткөрүү тартибинин жана шарттарынын өзгөчөлүктөрү

120-берене. Бирликтин бажы аймагынын бир бөлүгүнөн Бирликтин бажы аймагынын башка бөлүгүнө Бирликке мүчө болуп саналбаган мамлекеттердин аймактары аркылуу ташылуучу товарларды бажы чек арасы аркылуу өткөрүү

Бирликтин бажы аймагынын бир бөлүгүнөн Бирликтин бажы аймагынын башка бөлүгүнө Бирликке мүчө болуп саналбаган мамлекеттердин аймактары аркылуу ташылуучу товарларды бажы чек арасы аркылуу өткөрүү Кодекстин 43-главасына ылайык жүзөгө ашырылат.

VI БӨЛҮМ. БАЖЫ КОНТРОЛУН ЖҮРГҮЗҮҮ

23-глава. Бажы контролун жүргүзүү жөнүндө жалпы жоболор

121-берене. Бажы контролун жүргүзүү

1. Бажы контролу Кодекске, бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерге жана актыларга, бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бажы органдары тарабынан жүргүзүлөт.

2. Бажы контролу Кодекстин 311-беренесинде аныкталган бажы контролу объекттерине карата бажы контролунун формаларын жана (же) бажы контролун жүргүзүүнү камсыз кылуучу чараларды колдонуу менен жүргүзүлөт.

3. Бажы контролунун формаларын жана (же) бажы контролун жүргүзүүнү камсыз кылуучу чараларды колдонуу менен бажы контролун жүргүзүү тартиби Кодексте, ал эми Кодексте жөнгө салынбаган бөлүгүндө же Кодексте каралган учурларда - бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат.

Бажы контролунун формаларын жана бажы контролун жүргүзүүнү камсыз кылуучу чараларды колдонуу тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.

4. Бажы контролун жүргүзүүдө бажы органдары тандап текшерүү принцибин колдонот жана бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерди жана актыларды жана бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоону камсыз кылуу үчүн жетиштүү болгон бажы контролунун формалары, ошондой эле бажы контролун жүргүзүүнү камсыздоочу чаралар менен гана чектелет.

Бажы органдары бажы контролун жүргүзүү формаларын жана (же) бажы контролун жүргүзүүнү камсыздоочу чараларды тандоодо, бажы контролунун техникалык каражаттарын, маалыматтарды алдын ала талдоону, эгерде бул бажы иши чөйрөсүндөгү аныкталган олуттуу бузуулардын белгилерине байланышкан чукул жагдайларга жана аталган бузууларды табуу жана бөгөттөө боюнча толук чараларды кабыл алуу зарылдыгына байланыштуу болбосо, бажы контролун жүргүзүүдө декларанттарга, ташуучуларга жана башка жактарга товарларды сактоого, транспорттук каражаттардын туруп калуусуна, товарларды чыгарып берүү мөөнөтүн создуктурууга байланышкан зыяндар келтирилбегендей түрдө пайдаланат.

5. Бажы контролунун объекттерин, бажы контролунун формаларын жана (же) бажы контролун жүргүзүүнү камсыздоочу чараларды тандоодо тобокелдиктерди тескөө системасы пайдаланылат.

6. Бажы контролу бажы контролун жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу бажы органдарынын кызмат адамдары тарабынан алардын кызматтык (функциялык) милдеттерине ылайык жүргүзүлөт.

Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бажы органдарынын кызмат адамдарын катыштырбастан, бажы органдарынын маалыматтык системасы аркылуу бажы контролунун формаларын жана (же) бажы контролун жүргүзүүнү камсыздаган чараларды колдонуу учурлары белгилениши мүмкүн.

7. Бажы контролу товарлар Кодекстин 14-беренесине ылайык аныкталуучу бажы контролунда турган мезгилде жүргүзүлөт.

Алдын ала бажылык декларациялоодо жана мезгилдүү бажылык декларациялоодо Кодекстин 311-беренесинин бешинчи абзацында көрсөтүлгөн бажы контролунун объекттерине карата бажы контролу бажы декларациясын каттаган учурдан тартып жүргүзүлөт.

Кодекстин 14-беренесинин 7-15-пункттарында көрсөтүлгөн жагдайлар келип чыккандан кийин бажы контролу мындай жагдайлар келип чыккан күндөн тартып беш жыл өткөнгө чейин жүргүзүлөт.

8. Бажы иши чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактардын реестрлерине же ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизилген жактардын ишине карата бажы контролу мындай реестрлерден чыгарылган күндөн тартып беш жыл өткөнгө чейин жүргүзүлөт.

9. Бажы контролун жүргүзүүдө бажы органдарына башка мамлекеттик органдардын кандайдыр бир уруксаттары, жазма эскертмелери же токтомдору талап кылынбайт.

10. Бажы контролу бажы контролунун зонасында жана товарлар, анын ичинде эл аралык ташуунун транспорттук каражаттары жана бажы контролуна таандык өздүк пайдалануу үчүн транспорттук каражаттар, мындай товарлар жөнүндө маалыматтарды камтыган документтер жана (же) маалыматтык системалар турган (турууга тийиш же турушу мүмкүн болгон) башка жерлерде жүргүзүлөт.

122-берене. Бажы аймагынан ташылып чыгуучу товарлардын бажы наркын контролдоо

Бажы аймагынан ташылып чыгуучу товарлардын бажы наркын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктоочу тартипте жүргүзүлөт.

123-берене. Шарттуу чыгарып берилген товарларга карата товарларды чыгаруудан кийинки бажы контролунун өзгөчөлүктөрү

1. Кодекстин 126-беренесинин 1-пунктунда көрсөтүлгөн шарттуу чыгарылган товарларга карата товарлар чыгарылгандан кийин бажы контролу Кодекстин 316-беренесинде белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен жүргүзүлөт.

2. Кодекстин 126-беренесинин 1-пунктунда көрсөтүлгөн шарттуу чыгарылган товарларга карата товарлар чыгарылгандан кийинки бажы контролу бажы органдары тарабынан жылына бир жолудан кем эмес жүргүзүлөт.

124-берене. Бажы органдарынын жана мүчө-мамлекеттердин бажы чек арасында мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүү

1. Бажы контролунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында бажы органдары башка контролдоочу органдар менен өз ара аракеттенет.

2. Бажы чек арасы аркылуу алып өтүлүүчү жана бажы чек арасында мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашыруучу башка мамлекеттик органдар контролдоого тийиш болгон товарларга карата жаппы координацияны бажы органдары жүргүзөт.

Бажы чек арасында мамлекеттик контролду жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдар менен бажы органдарынын өз ара аракеттенүү тартибин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар аныктайт.

3. Бажы органдары жана мүчө-мамлекеттердин бажы чек арасында мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдары маалыматтык системаларды пайдалануу менен бажы жана мамлекеттик контролдун башка түрлөрүн жүргүзүү үчүн зарыл болгон документтерди жана (же) информацияны (маалыматтарды) алмаша алат.

4. Товарларды бажы чек арасы аркылуу алып өтүүдө, мамлекеттик контролду тездетүү максатында бажы чек арасында мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) жүргүзүүчү мамлекеттик органдардын катышуусу менен бажылык текшерип кароо жүргүзүлүшү мүмкүн.

125-берене. Бажы контролунун зоналары

1. Бажы операцияларын жана бажы контролун жүргүзүүгө байланышкан чараларды жүзөгө ашыруу максатында Кодекске жана ушул Мыйзамга ылайык бажы контролунун зоналары түзүлөт.

2. Бажы контролунун зоналары болуп товарлар бажы чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү жерлер, убактылуу сактоо кампаларынын, бажы кампаларынын, эркин кампалардын аймактары, алымсыз соода дүкөндөрүнүн аймактары жана бажы органдар аныктаган башка жерлер эсептелет.

3. Бажы контролунун зоналарын түзүү жана белгилөө тартибин, ошондой эле бажы контролунун зоналарынын укуктук режимин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.

126-берене. Бажы органдарын бажы контролунун айрым формаларын колдонуудан бошотуу

Бажы органдарын бажы контролунун айрым формаларын колдонуудан бошотуу Кодекстин 321-беренесинде белгиленген.

24-глава. Бажы контролунун формалары жана аларды колдонуу

127-берене. Бажы контролунун формалары

Бажы контролун жүргүзүүдө бажы органдары бажы контролунун төмөнкүдөй формаларын колдонот:

1) түшүндүрмөлөрдү алуу;

2) бажылык, башка документтерди жана (же) маалыматтарды текшерүү;

3) бажылык кароо;

4) бажылык текшерип кароо;

5) жекече бажылык текшерип кароо;

6) орун-жайларды жана аймактарды бажылык кароо;

7) бажылык текшерүү.

128-берене. Түшүндүрмөлөрдү алуу

Түшүндүрмөлөрдү алуу - бажы органдарынын кызмат адамдарынын ташуучулардан, декларанттардан жана мындай маалыматтарга ээ болгон башка адамдардан бажы контролун жүргүзүү үчүн мааниге ээ болгон маалыматтарды алуусунан турган бажы контролунун формасы.

129-берене. Бажылык, башка документтерди жана (же) маалыматтарды текшерүү

1. Бажылык, башка документтерди жана (же) маалыматтарды текшерүү - Кодекстин 324-беренесинде аталган документтерди жана маалыматтарды текшерүүдөн турган бажы контролунун формасы.

2. Бажы декларациясына, бажы декларациясында билдирилген маалыматтарды ырастоочу документтерге карата, бажы декларациясында билдирилген жана (же) бажы органдарына берилген документтерде камтылган маалыматтарга карата бажылык, башка документтерди жана (же) маалыматтарды текшерүү товарлар чыгарып берилгенге чейин жана чыгарып берилгенден кийин жүргүзүлүшү мүмкүн.

3. Бажы декларациясында билдирилген жана бажы органдарына берилген документтерде камтылган маалыматтарды ырастоочу маалыматтардын жана (же) документтерде бузуулар жана дал келбегендик айкындалган учурларда, бажы органы бажы контролунун мындай формасын жүргүзүү жөнүндө жакка милдеттүү түрдө кабарлоо менен товарлар чыгарып берилгенден кийин бажылык, башка документтерди жана (же) маалыматтарды текшерет.

Кабарлама бажы декларациясында билдирилген маалыматтарды ырастоочу документтерде бузуулар жана (же) дал келбегендик айкындалган күндөн тартып беш жумушчу күндөн кеч эмес мөөнөттө жазуу формасында жөнөтүлөт.

Кабарлама уюмдун жетекчисине же башка ыйгарым укуктуу өкүлүнө же жеке жакка кол койдуруп алуу же кабарламаны алган фактыны жана датаны ырастоочу башкача ыкма менен берилүүгө тийиш. Эгерде аталган адамдар кабарламаны алуудан баш тартса, ал тапшырык кат менен почта аркылуу жөнөтүлөт.

4. Товарлар чыгарып берилгенге чейин башталган, бажы декларациясында билдирилген маалыматтарды ырастоочу бажылык, башка документтерди текшерүү Кодекстин 325-беренесине ылайык жүргүзүлөт.

5. Товарлар чыгарып берилгенден кийин башталган же болбосо бажы контролунун бул формасын колдонуунун башка учурларында бажы декларациясында билдирилген маалыматтарды ырастоочу бажылык, башка документтерди текшерүү Кодекстин 324-беренесинин 10-пунктунда каралган учурларда бажылык, башка документтерди жана (же) маалыматтарды текшерүүнү кошпогондо, Кодекстин 326-беренесине ылайык жүргүзүлөт.

Товарлар чыгарып берилгенден кийин башталган же бажы контролунун бул формасын колдонуунун башка учурларында бажы декларациясында билдирилген маалыматтарды ырастоочу бажылык, башка документтерди текшерүүдө бажы органы ушул Кодекстин 340-беренесине ылайык бажы контролу үчүн зарыл болгон документтерди жана (же) маалыматтарды суроого жана алууга укуктуу.

6. Товарлар чыгарып берилгенден кийин башталган же болбосо башка учурларда бажылык, башка документтерди жана (же) маалыматтарды текшерүүнүн натыйжалары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте таризделет.

130-берене. Бажылык кароо

1. Бажылык кароо - транспорттук каражаттарынын жүк жүктөлүүчү жайларын (бөлүктөрүн) жана товарлардын таңгактарын ачпастан, текшерилүүчү объекттерди (жеке жактардын жүгүн кошкондо) жана алардын бөлүктөрүн башка ыкмалар менен ажыратпастан, демонтаж кылбастан же бүтүндүгүн бузбастан товарларды, анын ичинде транспорттук каражаттарды жана жеке жактардын жүгүн, жүк салынуучу сыйымдуулуктарды, бажы пломбаларын, мөөрлөрдү жана идентификациялоонун башка каражаттарын бажылык кароо формасында жайларды жана аймактарды бажылык контролдоонун жүрүшүндө мындай кароодон тышкары, сырттан көз жүгүртүп кароону камтыган бажы контролунун формасы.

2. Бажы органдарынын кызмат адамдары тарабынан бажылык кароону жүргүзүү тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.

131-берене. Бажылык текшерип кароо

1. Бажылык текшерип кароо - товарларга коюлган бажы пломбаларын, мөөрлөрдү жана идентификациялоонун башка каражаттарын бузуу жана (же) товарлар жайгашышы мүмкүн болгон товарлардын таңгагын же транспорт каражатынын жүк коюучу жерин (бөлүктөрүн), идиштерди, контейнерлерди жана башка жерлерди ачуу, текшерилүүчү объекттерди жана алардын бөлүктөрүн башка ыкмалар менен ажыратуу, демонтаждоо же бүтүндүгүн бузуу менен товарларга, анын ичинде транспорттук каражаттарга жана жеке жактардын жүгүнө карата бажылык текшерип кароону жана башка аракеттерди камтуучу бажы контролунун формасы.

2. Бажылык текшерип кароо төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлөт:

1) товарларды жана транспорттук каражаттарды өткөрүүчү жак тыюу салууларга жана чектөөлөргө байланышкан товарларды бажы аймагына ташып келип жатат же бажы аймагынан ташып чыгып жатат же болбосо бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерди жана актыларды жана ушул Мыйзамды бузуу менен товарларды жана транспорттук каражаттарды өткөрүп жатат деп күмөн саноого негиздер болсо;

2) декларанттын же товарларга карата ыйгарым укукка ээ башка жактын арызынын негизинде;

3) товарларды бажылык декларациялоодо берилген бажы декларациясында жана башка документтерде товарларды чыгарып берүү жөнүндө чечимди кабыл алууга таасир этүүчү такталбаган маалыматтар болсо;

4) шарттуу чыгарып берилген товарларды пайдалануу жана тескөө боюнча чектөөлөрдү сактоо максатында;

5) тобокелдиктерди башкаруу системасынын профилдеринин жыйынтыктары боюнча;

6) бажы контролунун техникалык каражаттарын колдонуу менен бажылык контролдоонун жыйынтыгы боюнча;

7) жүргүзүлгөн бажылык кароонун жыйынтыгы боюнча.

3. Бажылык текшерип кароо болуп бажы органдарынын кызмат адамдарынын төмөнкүлөргө байланышкан аракеттери эсептелет:

1) товарлардын таңгагын же транспорт каражатынын жүк коюучу жерин же болбосо товарларга коюлган идентификациялоо каражаттарын бузуу менен товарлар жайгашышы мүмкүн болгон идиштерди, контейнерлерди жана башка орун-жайларды ачууга, текшерилүүчү объекттерди жана алардын бөлүктөрүн башка ыкмалар менен ажыратууга, демонтаждоого же бүтүндүгүн бузууга;

2) товарларды жана транспорттук каражаттарды өткөрүүдө жана товарларды жана транспорттук каражаттарга карата бажы операцияларын жүргүзүүдө берилген документтерде камтылган маалыматтарды салыштырууга;

3) товарлар тууралуу иш жүзүндөгү маалыматтардын билдирилген маалыматтарга же берилген документтерге туура келишин салыштырууга.

4. Бажы органдарынын кызмат адамдары тарабынан бажылык текшерип кароону жүргүзүү тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.

132-берене. Жекече бажылык текшерип кароо

1. Жекече бажылык текшерип кароо - жеке жактарды текшерип кароону камтуучу бажы контролунун формасы.

2. Бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерди жана актыларды, ушул Мыйзамды бузуу менен бажы чек арасы аркылуу өткөрүлүп жаткан товарларды өз жанына катып алды жана өз эрки менен көрсөтпөй жатат деп болжолдоого жетиштүү негиздер болгон, бажы чек арасы аркылуу өткөрүлүп жаткан жана бажы контролунун зонасында же эл аралык аэропорттун транзит зонасында турган жеке жактарга гана карата жекече бажылык текшерип кароо жүргүзүлөт.

3. Жекече бажылык текшерип кароо ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жеке жактардан бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерди жана актыларды, Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарын бузуу менен бажы чек арасы аркылуу өткөрүп бара жаткан, өзүнүн жанына катып алган товарларды табуу максатында жүргүзүлөт жана бажы контролунун өзгөчө формасы болуп саналат.

4. Жекече бажылык текшерип кароо бажы органынын жетекчисинин (башчысынын), бажы органынын жетекчисинин ал ыйгарым укук берген орун басарынын (башчынын орун басарынын) же аны алмаштыруучу адамдардын чечими боюнча жүргүзүлөт.

Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген учурларда, жекече бажылык текшерип кароо бажы контролун жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу бажы органынын бөлүмүнүн жетекчисинин (башчысынын), бажы органынын бөлүмүнүн жетекчисинин ал ыйгарым укук берген орун басарынын (башчынын орун басарынын) же аларды алмаштыруучу адамдын чечими боюнча жүргүзүлөт.

Аталган чечим жазуу жүзүндө таризделет.

5. Жекече бажылык текшерип кароо санитардык-гигиеналык талаптарга жооп берген өзүнчө бөлүнгөн жайда жекече бажылык текшерип кароодон өтүп жаткан адам менен бир жыныстагы бажы органынын кызмат адамдары тарабынан ушундай эле жыныстагы эки калыс күбөнүн катышуусунда жүргүзүлөт. Бул жайга ушул беренеде аталган жактардан тышкары башка жеке жактардын киришине жана жекече бажылык текшерип кароонун өтүшүнө башка жеке жактардын көз салуусуна жол берилбейт.

Жекече бажылык текшерип кароодон өтүүчү адамдын денесин медициналык кызматкер гана зарылдыгына жараша атайын медициналык техниканы пайдалануу менен текшерүүгө тийиш.

Жашы жете электи же аракетке жарамсыз жеке адамды жекече текшерип кароодо анын мыйзамдуу өкүлдөрү (ата-энелери, асырап алгандар, камкорчулар, же болбосо көзөмөлчүлөр) же аны коштоочу адамдар катышууга укуктуу.

6. Жекече бажылык текшерип кароону жүргүзөөрдүн алдында бажы органынын кызмат адамы жеке жакты жекече бажылык текшерип кароо жөнүндө чечим менен жана мындай жекече бажылык текшерип кароодо анын укуктары менен тааныштырууга, ошондой эле бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерди жана актыларды, ушул Мыйзамды бузуу менен бажы чек арасы аркылуу алып өтүп бараткан, катып койгон товарларын өз ыктыяры менен берүүнү сунуштоого милдеттүү.

Жеке жакты жекече бажылык текшерип кароодон өткөрүү жөнүндө чечим менен тааныштыруу фактысын бул жеке жак мындай жекече бажылык текшерип кароо жөнүндө чечимге тиешелүү жазууну киргизүү аркылуу күбөлөндүрөт. Жеке жак мындай жазууну киргизгенден баш тартса, мындай жекече бажылык текшерип кароо жөнүндө чечимди жарыялаган бажы органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын жана жекече бажылык текшерип кароого катышкан күбөлөрдүн койгон колдору менен күбөлөндүрүлгөн жекече бажылык текшерип кароо жөнүндө чечимине тиешелүү белги коюлат.

7. Жекече бажылык текшерип кароодо бажы органынын кызмат адамынын аракети жекече бажылык текшерүүдөн өтүп жаткан жеке жактын кадыр-баркын жана ар-намысын басмырлабашы жана бул жеке жактын саламаттыгына жана мүлкүнө зыян келтирбеши керек.

8. Жекече бажылык текшерүүдөн өтүп жаткан жак төмөнкүлөргө укуктуу:

1) жекече бажылык текшерип кароо башталганга чейин жекече бажылык текшерип кароо жөнүндө чечим жана аны жүргүзүү тартиби менен таанышууга;

2) өз укуктары жана милдеттери менен таанышууга;

3) түшүндүрмө берүүгө жана өтүнүчүн билдирүүгө;

4) бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерди жана актыларды, ушул Мыйзамды бузуу менен бажы чек арасы аркылуу алып өтүп бараткан, катып алган товарларды өз ыктыяры менен берүүгө;

5) аны жекече бажылык текшерип кароону жүргүзүүчү бажы органынын кызмат адамы тарабынан жекече бажылык текшерип кароонун актысына милдеттүү түрдө киргизүү менен билдирүү жасоого;

6) эне тилин жана котормочунун кызмат көрсөтүүлөрүнөн пайдаланууга;

7) жекече бажылык текшерип кароо актысы түзүлүп бүткөндөн кийин аны менен таанышууга жана анда жазуу жүзүндө билдирүү жасоого;

8) жекече бажылык текшерип кароону жүргүзүүчү бажы органынын кызмат адамдарынын аракеттерине ушул Мыйзамга ылайык даттанууга.

9. Жекече бажылык текшерип кароонун жүрүшүндө жекече бажылык текшерүүдөн өтүп жаткан жеке жак жана анын мыйзамдуу өкүлү жекече бажылык текшерип кароону жүргүзүүчү бажы органынын кызмат адамынын мыйзамдуу талаптарын аткарууга милдеттүү.

10. Жекече бажылык текшерип кароону жүргүзүүнүн натыйжалары Комиссия тарабынан аныкталган формада жекече бажылык текшерип кароо актысын түзүү жолу менен таризделет.

Аталган акт жекече бажылык текшерип кароонун жүрүшүндө же болбосо ал аяктагандан кийин бир сааттын ичинде түзүлүүгө тийиш.

11. Жекече бажылык текшерип кароо актысына жекече бажылык текшерип кароону жүргүзүүчү бажы органынын кызмат адамы, жекече бажылык текшерип кароодон өтүп жаткан адам же анын мыйзамдуу өкүлү же аны коштоочу адам, күбөлөр, ал эми жекече бажылык текшерип кароого алынган адамдын денесин текшерүүдө - медициналык кызматкер кол коёт.

12. Жекече бажылык текшерип кароо актысы эки нускада түзүлөт, анын бирөө жекече бажылык текшерип кароодон өткөн жеке жакка, анын мыйзамдуу өкүлүнө же аны коштоочу адамга акт түзүлгөндөн кийин кечиктирилбестен берилет.

133-берене. Жайларды жана аймактарды бажылык кароо

1. Жайларды жана аймактарды бажылык кароо - жайларды жана аймактарды, ошондой эле аталган жерлерде турган товарларды жана (же) документтерди көз менен кароону камтуучу бажы контролу формасы.

2. Жайларды жана аймактарды бажылык кароо Кодекстин 330-беренесинде белгиленген максатта жана тартипте бажы органдары тарабынан жүргүзүлөт.

3. Турак үйлөрдөгү орун-жайларды жана аймактарды бажылык кароого, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, сот актысынын негизинде гана жол берилет.

4. Жайларды жана аймактарды бажылык кароо - жайларды жана аймактарды бажылык кароо үчүн берилген жазма эскертүүнү жана бажы органынын кызмат адамынын кызматтык күбөлүгүн көрсөткөндө жүргүзүлөт.

Жайларды жана аймактарды бажылык кароо үчүн берилген жазма эскертүүнүн формасын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.

5. Жайларга жана аймактарга киргизүүдөн баш тарткан учурда, бажы органдарынын кызмат адамдары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, жабылып турган жайларды ачуу менен жана (же) каршылыкка бөгөт коюу менен жайларга жана аймакка кирүүгө укуктуу.

6. Айрым объекттерге кирүүнүн атайын тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте жүзөгө ашырылат.

7. Жайларды жана аймактарды бажылык кароо аны жүргүзүү үчүн зарыл болгон мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө жүргүзүлүүгө тийиш жана бир жумушчу күндөн ашык созулбашы керек. Аталган мөөнөт жайларды жана аймактарды бажылык кароону аяктоо үчүн зарыл болгон мезгилге узартылышы мүмкүн, бирок үч жумушчу күндөн ашпоого тийиш.

134-берене. Бажылык текшерүү

1. Кодексте, бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерде жана актыларда, бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарды жактардын сактоосун текшерүү максатында Кодекстин 331-беренесине ылайык товарлар чыгарып берилгенден кийин бажы органдары тарабынан бажылык текшерүү жүргүзүлөт.

2. Бажылык текшерүүнү бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүктөрүнүн жана бажылык текшерүүлөрдү жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу бажы органдарынын кызмат адамдары жүргүзөт.

3. Бажы органдары Кодекстин 332 жана 333-беренелерине жана ушул Мыйзамдын 135 жана 136-беренелерине ылайык камералдык жана көчмө бажылык текшерүүнү жүзөгө ашырат.

4. Атайын билимдерди жана көндүмдөрдү талап кылуучу маселелерди изилдөө жана консультацияларды алуу үчүн бажылык текшерүүгө Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын кызмат адамдары бажы органдарынын кызмат адамдары тарабынан тартылат.

5. Бажылык текшерүүнүн жүрүшүндө бузуунун же кылмыштын белгилери аныкталганда бажы органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.

6. Бажылык текшерүүнүн натыйжалары боюнча бажы органдарынын чечим кабыл алуусунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

7. Бажылык текшерүүнү жүргүзүүнү финансылоо Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.

135-берене. Камералдык бажылык текшерүү

1. Камералдык бажылык текшерүүлөрдү уюштуруу, жүргүзүү жана анын натыйжаларын тариздөө тартиби, бажылык текшерүүнү жүргүзүүгө тиешелүү документтердин формалары жана аларды даярдоого карата талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

2. Камералдык текшерүүнү өткөрүүнүн мөөнөтү чектелбейт.

3. Камералдык бажылык текшерүү Кодекстин 14-беренесинин 7-15-пункттарында көрсөтүлгөн жагдайлар келип чыккан күндөн тартып беш жылдын ичинде жүргүзүлүшү мүмкүн.

136-берене. Көчмө бажылык текшерүү

1. Көчмө бажылык текшерүү Кодекстин 14-беренесинин 7-15-пункттарында көрсөтүлгөн жагдайлар келип чыккан күндөн тартып беш жылдын ичинде жүргүзүлөт.

Кодекстин 333-беренесинин 2-пунктунда белгиленгенден тышкары бажы органдары тарабынан төмөнкүдөй кошумча көчмө текшерүүлөр жүргүзүлөт:

контролдук көчмө бажылык текшерүү - мурдагы көчмө бажылык текшерүүдө белгиленген бузуулардын текшерилген жак тарабынан жоюлгандыгын текшерүү;

көчмө бажылык кайра текшерүү - көчмө бажылык текшерүүнүн жыйынтыктары менен макул эместиги жөнүндө текшерилген жактын кайрылуусунун негизинде жүргүзүлгөн текшерүү.

2. Контролдук көчмө бажылык текшерүү мурдагы көчмө бажылык текшерүүдө айкындалган бузуулардын текшерилген жак тарабынан жоюлгандыгын текшерүү максатында жүргүзүлөт жана бул максаттын чегинен чыга албайт.

Контролдук көчмө бажылык текшерүү текшерилген жакка көрсөтүлгөн бузууларды жоюу үчүн берилген мөөнөт бүткөндөн кийин гана жүргүзүлүшү мүмкүн.

Контролдук көчмө бажылык текшерүү жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

3. Көчмө бажылык кайра текшерүү текшерилген жак көчмө бажылык текшерүүнүн натыйжаларына макул болбогон учурда гана, ошондой эле көчмө бажылык текшерүүгө байланышкан, актыда чагылдырылбаган же так эмес чагылдырылган айрым учурларды тактоо максатында жүргүзүлөт.

Көчмө бажылык кайра текшерүүнү жүргүзүү үчүн негиз болуп текшерилген жактын бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга көчмө бажылык текшерүүнүн натыйжаларына макул эместиги жөнүндө кайрылуусу эсептелет.

Көчмө бажылык кайра текшерүүнү жүргүзүүдө көчмө бажылык текшерүүнүн бардык маселелери боюнча текшерүү жүргүзүүгө тыюу салынат. Көчмө бажылык текшерүүнүн даттанылган натыйжалары гана кайра текшерилүүгө жатат.

Көчмө бажылык кайра текшерүү жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

4. Көчмө бажылык текшерүү көчмө бажылык текшерүү жөнүндө чечимди кабыл алуу (жазма эскертүүнү берүү) жолу менен, бажы иши чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси же жетекчинин орун басары тарабынан дайындалат.

5. Көчмө бажылык текшерүү жүргүзүү жөнүндө чечимдин (жазма эскертүүнүн) формасы, көчмө бажылык текшерүүнү жүргүзүү жөнүндө чечимде (жазма эскертүүдө) көрсөтүлүүгө жатуучу, Кодекстин 333-беренесинин 6-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтардан тышкары башка маалыматтар, ошондой эле Кодекстин 333-беренесинин 6-пунктунун 5-9-пунктчаларында көрсөтүлгөн маалыматтарга өзгөртүүлөрдү (толуктоолорду) киргизүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү пландан тышкаркы көчмө бажылык текшерүүнү дайындоо үчүн Кодекстин 333-беренесинин 16-пунктунда көрсөтүлгөн негиздерден башка негиздерди белгилей алат.

7. Көчмө бажылык текшерүүнү жүргүзүүнү токтотуп туруу мөөнөтү тогуз айдан ашпоосу керек. Эгерде пландан тышкары көчмө бажылык тосмо текшерүү жүргүзүүнүн, бажылык экспертизаны жүргүзүүнүн, мүчө-мамлекеттердин же Бирликтин мүчөсү болуп эсептелбеген мамлекеттердин компетенттүү органдарына суроо-талаптарды жөнөтүүнүн, текшерилип жаткан жак тарабынан көчмө бажылык текшерүү үчүн зарыл документтерди калыбына келтирүүнүн, текшерилип жаткан мезгилге тиешеси бар, көчмө бажылык текшерүүнүн натыйжалары боюнча тыянактарга таасир кылуучу кошумча документтерди берүүнүн зарылдыгына байланыштуу текшерүү токтотулуп турган учурда, токтотуп туруу мөөнөтү бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жетекчиси же жетекчинин орун басарынын чечими боюнча алты айга чейин узартылышы мүмкүн.

Көчмө бажылык текшерүү жүргүзүүнү токтотуп туруу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

8. Көчмө бажылык текшерүү жүргүзүүнүн натыйжалары бажылык документ (акт) түзүү менен таризделет, анын формасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

9. Көчмө бажылык текшерүүнүн натыйжаларына таасир кылуучу башка маалыматтар бар болгондо, алар көчмө бажылык текшерүүнүн натыйжаларын жол-жоболоодо түзүлө турган бажылык документте (актыда) көрсөтүлүшү мүмкүн.

10. Көчмө бажылык текшерүү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катталган жеке ишкерлерди жана жеке менчик ишкерлерди кошпогондо, жеке жактарга карата жүргүзүлбөйт.

137-берене. Көчмө бажылык текшерүүнү жүргүзүү үчүн бажы жана башка мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын текшерилүүчү жактын объектине кирүүсү

1. Текшерилүүчү жактын турак жайын бажылык текшерүүгө катышуу үчүн тартылган бажы органдарынын жана башка мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын кирүүсү Кодекстин 334-беренесине ылайык сот актысынын негизинде жүзөгө ашырылат.

2. Текшерилүүчү жак түздөн-түз бажылык текшерүү жүргүзүүчү бажы органдарынын кызмат адамдарын текшерилүүчү объекттерге алар кызматтык күбөлүктөрүн жана көчмө бажылык текшерүү жөнүндө чечимди (жазма эскертүүнү) көрсөткөндө киргизүүгө милдеттүү.

3. Текшерилүүчү жактын объектине бажы органдарынын кызмат адамдарынын кирүүсүнө мыйзамсыз тоскоолдук кылуу бажылык укук бузуу деп таанылат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти тартууга алып келет.

4. Көчмө бажылык текшерүү жүргүзүп жаткан бажы органынын кызмат адамдарынын жана көчмө бажылык текшерүүгө катышуу үчүн тартылган мүчө мамлекеттердин башка мамлекеттик органдарынын кызмат адамдарынын текшерилүүчү жактын объектисине кирүүсүн камсыз кылуудан текшерилүүчү жак негизсиз баш тартса, эки калыс күбөнүн катышуусунда акт түзүлөт.

Актынын формасын бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган белгилейт.

Актыга көчмө бажылык текшерүүнү жүргүзгөн кызмат адамдары, текшерилүүчү жак же анын өкүлү, ошондой эле күбөлөр кол коюшат. Бул актынын көчүрмөсү текшерилүүчү жакка же анын өкүлүнө берилет.

Текшерилүүчү жак же анын өкүлү актыга кол коюудан баш тартса, көчмө бажылык текшерүүнү жүргүзгөн кызмат адамы аталган актыга бул жөнүндө тиешелүү жазууну киргизет. Текшерилүүчү жак актыга кол коюудан баш тартуунун себептерин жазуу жүзүндө түшүндүрүү берүүгө укуктуу.

5. Кодекстин 334-беренесинин 3-пунктунда каралбаган учурларда көчмө бажылык текшерүү жүргүзүп жаткан бажы органынын кызмат адамдарынын жана көчмө бажылык текшерүүгө катышуу үчүн тартылган Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын кызмат адамдарынын текшерилүүчү жактын объектине кирүүсүн камсыз кылуудан текшерилүүчү жак баш тартса, алар ушул объектке эки күбөнүн катышуусунда жабык жайларды ачып жана (же) каршылыкка бөгөт коюп кирүүгө укуктуу.

6. Текшерилүүчү жактын турак жайларына бажылык текшерүү жүргүзүү зарыл болсо, мындай текшерүүгө сот актысынын негизинде гана жол берилет.

138-берене. Бажылык текшерүүнү жүргүзүүдө бажы органынын кызмат адамдарынын жана текшерилүүчү жактын укуктары жана милдеттери

1. Бажы органынын кызмат адамдарынын бажылык текшерүүнү жүргүзүүдөгү укуктары жана милдеттери Кодекстин 335-беренесинде белгиленген.

2. Бажы органынын кызмат адамдары бажылык текшерүүнү жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган учурларда жана тартипте инвентаризация жүргүзө алат же текшерилүүчү жактан товарларга инвентаризация жүргүзүүнү талап кыла алат.

3. Бажылык текшерүүнү жүргүзүүдө бажы органынын кызмат адамдарынын Кодекстин 335-беренесинде каралгандан башка укуктары жана милдеттери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгилениши мүмкүн.

4. Бажылык текшерүүнү жүргүзүүдө текшерилүүчү жактын укуктары жана милдеттери Кодекстин 336-беренесинде белгиленген.

25-глава. Бажы контролун жүргүзүүнү камсыздоочу чаралар жана аларды колдонуу

139-берене. Бажы контролун жүргүзүүнү камсыздоочу чаралар

1. Бажы контролун жүргүзүүдө бажы органдары Кодекстин 338-беренесинде көрсөтүлгөн бажы контролун жүргүзүүнү камсыздоочу чараларды бажы контролунун объекттерине жараша колдонууга укуктуу.

Бажы контролун жүргүзүүнү камсыздоочу башка чаралар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

2. Бажы органынын кызмат адамдарынын бажы контролун жүргүзүүнү камсыздоочу чараларды колдонуусунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

3. Бажылык транзиттин бажы жол-жобосуна жайгаштырылган товарларды ташыган транспорттук каражаттар электрондук пломбаларды коюу жолу менен бажы органдары тарабынан идентификацияланууга тийиш.

Электрондук пломба түрүндөгү идентификациялоо каражаттарын бажы органдарынын колдонуусунун тартиби, электрондук пломбаларды коюу үчүн төлөмдүн өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

Бажы органдары тарабынан пайдаланылуучу идентификациялоо каражаттарын колдонуунун тартиби жана аларга коюлуучу талаптар, ошондой эле эркин бажы зонасынын бажы жол-жобосуна жана эркин кампанын бажы жол-жобосуна жайгаштырылган чет өлкөлүк товарларды идентификациялоо бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.

4. Бажы контролун жүргүзүүнүн убактысын кыскартуу жана анын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында бажы органдары маалыматтык системаларды, ошондой эле бажы контролунун техникалык каражаттарын колдоно алат, алардын тизмеги жана колдонуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

5. Бажы органдары бажылык коштоону Кодекстин 343-беренесинде белгиленген тартипте жана шарттарда колдонууга укуктуу.

6. Бажылык коштоо бажы органдарынын кызмат адамдары же болбосо бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныкталган уюмдар тарабынан, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

Кодекстин 146-беренесинде белгиленген шарттардын аткарылышына карабастан, бажы органдары бажылык коштоону төмөнкүдөй учурларда пайдаланууга укуктуу:

тобокелдиктерди башкаруу системасын колдонуунун натыйжалары боюнча;

товарды бажы контролу зонасынан сырткары убактылуу сактоого жеткирген учурларда.

Бажылык коштоону уюштуруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

7. Товарларды ташуунун маршруту Кодекстин 344-беренесине ылайык белгиленет.

Бажы контролунда турган жана бажы аймагында бажылык транзиттин бажы жол-жобосуна жайгаштырылбастан ташылуучу товарларга карата товарларды ташуунун маршрутун белгилөөгө, өзгөртүүгө жана сактоого байланышкан бажы операцияларын жүргүзүү тартиби бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.

8. Транспорт каражаттарынын кыймылын жана товарларды ташуунун белгиленген маршрутунун сакталышын аралыктан контролдоону камсыздоочу, бажы контролунун маалыматтык системаларын жана техникалык каражаттарын пайдалануу менен бажы органдары тарабынан бажы аймагы боюнча ташылуучу товарларга карата товарларды ташуунун маршруту белгиленген учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган өлчөмдө жана тартипте төлөм алынат.

9. Бажы органдары бажы контролунда турган товарлардын эсебин жүргүзөт, анын ичинде бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктаган тартипте бажы органдарынын маалыматтык системаларын колдонуу менен жүргүзөт.

10. Декларанттарды эсепке алуу, ошондой эле мындай эсепти жүргүзүү учурлары жана тартиби бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.

11. Бажы контролун жүргүзүүдө, бажы органдарына көмөк көрсөтүү үчүн зарыл болгон атайын билимдерге жана көндүмдөргө ээ болгон, мындай иш-аракеттердин натыйжаларына кызыкдар эмес адисти айрым аракеттерди жасоого тартууга Кодекстин 346-беренесине ылайык жол берилет.

12. Товарларды эсепке алуунун белгиленген талаптарга ылайык келген жана бажы органдарынын маалыматтык системасына шайкеш болгон системасынын бар экендигин текшерүүнүн тартиби, ошондой эле товарларды эсепке алууну жүргүзүүнүн тартиби бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.

VII БӨЛҮМ. БАЖЫ ОРГАНДАРЫ

26-глава. Бажы органдары жөнүндө жалпы жоболор

140-берене. Бажы органдарынын системасы. Бажы органдарынын кызмат адамдары

1. Бажы органдарынын системасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан, ага баш ийген бажы органдарынан, ошондой эле бажы органдарына жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатууда аларга көмөк көрсөтүү максатында түзүлүүчү мамлекеттик ишканалардан турат.

Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана ага баш ийген бажы органдары аскерлештирилген укук коргоо органынын статусуна ээ.

2. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - бажы ишине түздөн-түз жетекчилик кылуучу жана өзүнүн ыйгарым укуктарын түздөн-түз ага баш ийген бажы органдары, ошондой эле бажы органдарына жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатууда аларга көмөк көрсөтүү максатында түзүлүүчү мамлекеттик ишканалар аркылуу ишке ашыруучу орган болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасындагы бажы ишине жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат.

3. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

Бажы органдары жөнүндө жобо бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.

Бажы органдарын түзүү, жоюу жана кайра түзүү бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча жүзөгө ашырылат.

Бажы органдарына жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатууда аларга көмөк көрсөтүү максатында түзүлгөн мамлекеттик ишканаларды түзүү, кайра түзүү жана жоюу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча жүзөгө ашырылат.

Бажы органдарына жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатууда аларга көмөк көрсөтүү максатында түзүлгөн мамлекеттик ишканалар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен уставдардын негизинде иштейт.

4. Өзүнүн ишкердик жана моралдык сапаттары, билиминин деңгээли жана ден соолугунун абалы боюнча Кыргыз Республикасынын бажы органына жүктөлгөн милдеттерди аткарууга жөндөмдүү болгон, чет өлкөлүк жарандыгы жок Кыргыз Республикасынын жарандары гана бажы органдарынын кызмат адамдары боло алат.

5. Бажы органдарынын системасында кызмат өтөө тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет.

6. Бажы органдарынын кызмат адамдары үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте атайын наам ыйгаруу менен формалык кийимдерди кийүү каралган. Көрсөтүлгөн кийимдин формасы, формалык кийимди кийип жүрүү эрежелерин, айырмалоочу белгилерин жана бажы органдарынын кызматкерлерин буюмдук жагынан жабдуу нормалары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. Формалык кийим акысыз берилет.

141-берене. Бажы органдарынын функциялары жана милдеттери

1. Бажы органдары Кодексте жана ушул Мыйзамда белгиленген милдеттерди жана функцияларды аткарууну, ошондой эле укуктарды жана милдеттерди ишке ашырууну камсыз кылат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен бажы органдарына Кодексте жана ушул Мыйзамда белгиленбеген башка милдеттер жана функциялар, ошондой эле укуктар жана милдеттер жүктөлүшү мүмкүн.

2. Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлигинин жогорку органдарынан тышкары эч кандай мамлекеттик органдардын мамлекеттик башка милдеттерди жана функцияларды бажы органдарына жүктөөсүнө жол берилбейт.

Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлигинин жогорку органдарынан тышкары, эч кандай мамлекеттик орган бажы органдарынын компетенциясын козгоочу чечимдерди кабыл алууга, тийиштүү уруксатсыз алардын функцияларын аткарууга, же башка түрдө бажы органдарынын ишине кийлигишүүгө укуксуз.

142-берене. Бажы органдарынын желеги жана эмблемасы

1. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын желеги жана эмблемасы бар. Бажы органдарынын автотранспорттук каражаттарына эмблемаларды чаптоого уруксат берилет.

Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын желегинин жана эмблемасынын сыпаттамасы жана сүрөттөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

2. Бажы органдарынын жана бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагындагы башка бөлүктөрдүн эмблемалары бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.

143-берене. Бажы органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын жоопкерчилиги

1. Бажы органдары укук ченемсиз чечимдеринин, аракеттеринин (аракетсиздигинин) натыйжасында келтирилген зыян үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

2. Бажы органдарынын же алардын кызмат адамдарынын укук ченемсиз чечимдеринин, аракеттеринин (аракетсиздигинин) натыйжасында жактарга келтирилген чыгашанын орду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык толтурулууга тийиш.

3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, бажы органдарынын кызмат адамдарынын укук ченемдүү чечимдери, аракеттери менен жактарга келтирилген чыгашанын орду толтурулууга жатпайт.

4. Бажы органдарынын кызмат адамдары укук ченемсиз чечимдери, аракеттери (аракетсиздиги) үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартиптик, материалдык, жазыктык жоопкерчиликке жана бузуулар үчүн жоопкерчиликке тартылат.

144-берене. Бажы органдарынын жумуш убактысы

1. Бажы органдарынын жумуш убактысын бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилейт.

2. Жайгашкан жери боюнча чектеш мамлекеттердин өткөрмө пункттары менен жанаша турган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрмө пункттарындагы Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын жумуш убактысы ушул чектеш мамлекеттердин бажы органдарынын жумуш убактысына, мүмкүнчүлүккө жараша, туура келиши керек.

3. Кызыкдар жактын жүйөлөнгөн суроо-талабы боюнча жана зарыл шарттар бар болгондо, айрым бажы операциялары бажы органдарынын жумуш убактысынан сырткары аткарылышы мүмкүн.

145-берене. Бажы органдарынын ишин финансылоо жана материалдык-техникалык камсыздоо

1. Бажы органдарынын ишин финансылоо, материалдык-техникалык камсыз кылуу, ошондой эле бажы органдарынын кызмат адамдарына акчалай камсыздама төлөп берүү республикалык бюджеттин каражаттарынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка булактардын, ошондой эле чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын техникалык жардам түрүндөгү гранттарынын (акысыз жардамынын) эсебинен жүргүзүлөт.

2. Бажы органдарынын кызмат адамдарынын акчалай камсыздамасы төмөнкүлөрдөн турат:

1) кызматтык маянадан;

2) ыйгарылган атайын наам боюнча маянадан;

3) иштеген жылдары, чет тилин билгендиги үчүн кошумча акыдан жана башка кошумча акылардан;

4) эгерде накталай берилбесе, азык-түлүк паегунун наркынан.

3. Бажы органдарынын кызмат адамдарына ар жыл сайын үч айлык маяна өлчөмүндө материалдык жардам көрсөтүлөт.

4. Бажы органдарынын кызмат адамдарына бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилеген тартипте жана өлчөмдө сыйлыктар төлөнөт.

5. Бажы органдарынын кызмат адамдарына календарлык жылдын жыйынтыгы боюнча акчалай эки маянага чейинки өлчөмдө бир жолку акчалай сый акы берилиши мүмкүн.

6. Бажы органдарынын кызмат адамдары азык-түлүк паегу менен камсыздалат. Азык-түлүк паегун берүүнүн нормасы же эгерде ал накталай түрүндө берилбесе, азык-түлүк паегун акчалай компенсациялоонун өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

146-берене. Бажы органдарынын маалыматтарды алуусу жана берүүсү

1. Кодекске, бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерге жана актыларга, Кыргыз Республикасынын башка эл аралык келишимдерине, ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарына ылайык бажы органдары тарабынан мамлекеттик органдардан жана (же) башка жактардан алынган маалыматтар бажы органдарынын өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаруусу үчүн гана пайдаланылат.

2. Кыргыз Республикасынын бажы органдары, алардын кызмат адамдары, ошондой эле ушул берененин 1-бөлүгүнө ылайык маалымат алган башка жактар, ушул берененин 3-бөлүгүндө белгиленген учурларды кошпогондо, мамлекеттик, коммерциялык, салыктык, банктык жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында корголуучу башка сырларды (жашыруун сырларды) түзүүчү маалыматты, ошондой эле башка купуя маалыматты ачыкка чыгарууга, жеке максаттарда пайдаланууга же болбосо үчүнчү жактарга, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына берүүгө укуксуз.

3. Бажы органдары Кыргыз Республикасынын төмөнкүдөй мамлекеттик органдарына маалымат берет:

1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматына - Кыргыз Республикасынын алардын ишин жөнгө салуучу мыйзамдарында белгиленген учурларда;

2) сотторго соттук териштирүүлөрдүн жүрүшүндө - алардын талап кылуусу боюнча;

3) Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарына - бажы иши чөйрөсүндө кылмыш жасаган адамдарга карата козголгон жазыктык иштердин фактылары гана боюнча;

4) банкроттуктагы иштер боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, администраторго (убактылуу администраторго, атайын администраторго, консерваторго, тышкы башкаруучуга) - алардын банкроттук чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу максатында, банкроттук процесс козголгон субъекттер гана боюнча;

5) монополияга каршы мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга - атаандаштыкты жана ак ниет эмес атаандаштыкты чектөөгө багытталган макулдашуулар, макулдашылган аракеттер (картелдер) боюнча иштерди кароонун алкагында;

6) ага Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруу максатында бажы жана салык саясатын жүргүзүү, бажы жана салык укуктук мамилелерди жөнгө салуу боюнча функцияларга жана ыйгарым укуктарга ээ болгон ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга;

7) салык кызматынын органдарына - алардын Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде каралган милдеттерин аткаруу максатында;

8) Кодекстин 49-главасындагы жоболорду эске алуу менен Бирликтин алкагында эл аралык келишимдерге жана актыларга ылайык Комиссияга жана мүчө-мамлекеттердин бажы органдарына;

9) Бирликтин мүчөсү болбогон башка мамлекеттердин бажы, салык же укук коргоо органдарына - Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, бажы, салык же укук коргоо органдарынын ортосундагы өз ара кызматташуу жөнүндө белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык.

10) расмий статистикалык мамлекеттик органга - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аларга жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды жүзөгө ашыруу максатында.

Бажы органдары ушул бөлүктүн 1-9-пункттарында көрсөтүлгөн органдарга - бул жактардын расмий суроо-талаптары боюнча гана, ал эми расмий статистикалык мамлекеттик органга - ведомстволор аралык түзүлгөн макулдашуулардын негизинде маалымат берет.

4. Коммерциялык сырды түзгөн же купуя болуп эсептелген маалыматтарды ачыкка чыгаргандыгы үчүн бажы органдары же алардын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

5. Ушул берененин 3-бөлүгүнө ылайык алынган маалымат ачыкка чыгарылууга жана таркатылууга тийиш эмес.

147-берене. Бажы органдарынын жайгашкан жери

1. Бажы органдарынын жайгашкан жерин бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган товар агымдарынын көлөмүнө, айрым региондордун тышкы экономикалык байланыштарынын өнүгүшүнүн интенсивдүүлүгүнө, транспорттук жана логистикалык уюмдардын талап кылынышына, тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучуларына жараша аныктайт.

2. Бажы органдары түздөн-түз бажы органдарына таандык орун-жайларда жайгашат.

Бажы органдары аэропорттордун, темир жол станцияларынын, эл аралык почта алмашуу жайларынын аймагында жана (же) орун-жайларында, ошондой эле бажы иши чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактарга, ыйгарым укуктуу экономикалык операторлорго жана тышкы экономикалык ишмердик субъекттерине таандык аймактарда жана (же) орун-жайларда жайгашуусу мүмкүн.

Аталган учурларда зарыл болгон аймактар жана (же) орун-жайлар бажы органдарына акысыз негизде берилет.

148-берене. Бажылык инфраструктура

1. Бажылык инфраструктурага бажы контролунун техникалык каражаттары, инженердик, маалыматтык, телекоммуникациялык системалары жана аларды камсыздоочу каражаттар (мындан ары - бажы инфраструктурасынын элементтери) менен жабдылган имараттар, курулмалар, орун-жайлар, ачык аянтчалар жана бажы органдарынын ишин камсыздоочу социалдык багыттагы объекттер кирет.

2. Бажы инфраструктурасынын элементтери Кодекстин 353-беренесинин 2-пунктунда аныкталган жерлерде жайгашуусу мүмкүн.

Товарларды бажы чек арасы аркылуу өткөрүүчү жерлерде жайгашкан бажы инфраструктурасынын элементтерин жайгаштырууга жана техникалык жабдууга карата типтүү талаптар Кодекстин 353-беренесинин 3-пунктуна ылайык аныкталат.

3. Бажы органдарынын системасына кирген бажы органдары жана ишканалар (мекемелер) турган жерлерде, аймагында бажы операцияларын ишке ашырууга жана бажы контролун жүргүзүүгө мүмкүн болгон башка жерлерде жайгашкан бажы инфраструктурасынын элементтерин жайгаштырууга жана техникалык жабдууга карата талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

4. Кодекстин 353-беренесинин 5-пунктунда белгиленген максаттарда, бажы органдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик купуя сыр (мамлекеттик сырлар) деп эсептелген же таратылышына чек коюлган маалыматтарга таандык маалыматтарды кошпогондо, бажы чек арасы аркылуу товарларды жана транспорттук каражаттарды алып өтүү жөнүндө белгилүү бир мезгил ичиндеги жалпыланган маалыматтарды Комиссияга берет.

Көрсөтүлгөн маалыматтардын курамын, алардын түзүмүн жана форматын, ошондой эле аларды берүү мезгилдүүлүгүн жана тартибин Комиссия аныктайт.

5. Бажы инфраструктурасынын элементтерин өнүктүрүү максатында бажы инфраструктурасынын объекттери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте ыкчам башкарууга өткөрүп берилиши мүмкүн.

149-берене. Документтерди жана (же) маалыматтарды алмашуу

1. Бажы органдары жана декларанттар, ташуучулар, бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактар, ыйгарым укуктуу экономикалык операторлор жана бажы операцияларын жүргүзүүчү башка жактардын ортосунда документтерди жана (же) маалыматтарды алмашуу Кодексте, бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү башка эл аралык келишимдерде жана актыларда, ушул Мыйзамда каралган учурларда, электрондук формада же документтерди жана (же) маалыматтарды кагаз түрүндө берүү (жөнөтүү) жолу менен жүзөгө ашырылат.

2. Электрондук документтерди жана (же) маалыматтарды электрондук формада алмашуу бажы органдарынын маалыматтык системаларынын жана ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жактардын маалыматтык системаларынын өз ара аракеттенүүсү аркылуу же болбосо Интернет тарамынын ресурстарын пайдалануу менен жүзөгө ашырылат.

3. Документтерди жана (же) маалыматтарды кагаз түрүндө берүү (жөнөтүү) жолу менен документтерди жана (же) маалыматтарды алмашуу электрондук документтерди жана (же) маалыматтарды электрондук формада алмашууга техникалык мүмкүнчүлүктөр болбогон учурда, ошондой эле Кодексте, бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү башка эл аралык келишимдерде жана актыларда каралган учурларда жүзөгө ашырылат.

150-берене. Бажы статистикасын жүргүзүү, бажы статистикасынын маалыматтарын пайдалануу жана берүү

1. Бажы органдары бажы статистикасын жүргүзөт, бул статистика Бирликтин мүчөсү болуп саналбаган мамлекеттер менен товарлардын тышкы соодасынын бажы статистикасын (мындан ары - товарлардын тышкы соодасынын бажы статистикасы) жана атайын бажы статистикасын камтыйт.

2. Бажы статистикасын жүргүзүү үчүн бажы органдарынын маалыматтык ресурстары пайдаланылат.

3. Товарларды тышкы соодалоонун бажы статистикасынын маалыматтары Бирликтин мүчөсү болуп саналбаган мамлекеттер менен товарларды тышкы соодалоонун өнүгүү тенденциясын жана динамикасын, абалын талдоо максатында топтолот.

Товарларды тышкы соодалоонун бажы статистикасы Комиссия тарабынан бекитилген методологияга ылайык жүргүзүлөт.

4. Бажы органдары товарлардын тышкы соодалык бажы статистикасын берет, анын ичинде ушул Мыйзамдын 146-беренесине ылайык ички рынокту коргоо чараларын колдонуу же кайра кароо жөнүндө арызды берүү үчүн маалыматтарды берет.

5. Атайын бажы статистикасынын маалыматтары бажы органдарына жүктөлгөн милдеттерди аткаруу максатында топтолот жана пайдаланылат.

Атайын бажы статистикасын жүргүзүү тартибин бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилейт.

151-берене. Тышкы экономикалык ишти жүргүзүүчү жактар жөнүндө маалыматты бажы органдары тарабынан чогултуу

1. Бажы органдары бажы чек арасы аркылуу ташып өткөрүлгөн товарларга байланышкан тышкы экономикалык ишти же болбосо бажы контролундагы товарларга карата башка ишти жүргүзүүчү жактар жөнүндө маалыматтарды, анын ичинде Кодекстин 361-беренесинин 1-пунктунда аныкталган маалыматтарды чогултууга укуктуу.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жактар жөнүндө маалыматтарды чогултуу бажы органдары тарабынан бажы операцияларын жүргүзүүдө жана башка мамлекеттик органдардан маалыматтарды алуу аркылуу жүзөгө ашырылат.

3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жактар бажы органдарында бар болгон өздөрү жөнүндөгү документтештирилген маалыматтар менен таанышууга, анын толуктугун жана тууралыгын камсыздоо максатында ушул маалыматтарды тактоого укуктуу.

152-берене. Бажы органдарынын тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучулары, ыйгарым укуктуу экономикалык операторлор, бажы иши чөйрөсүндө иш жүргүзүүчү жактар, алардын ассоциациялары жана бирикмелери менен өз ара мамилелери

1. Бажы органдары бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндө эл аралык келишимдердин жана актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоону жана бажылык жөнгө салууну жакшыртуу максатында консультациялык мүнөздөгү расмий мамилелерди колдоого алат жана тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучулары, ыйгарым укуктуу экономикалык операторлор, бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактар, алардын ассоциациялары жана бирикмелери менен өз ара аракеттенет.

2. Бажы органдарынын жана тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучуларынын, ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун, бажы чөйрөсүндөгү ишти жүзөгө ашыруучу жактардын, алардын ассоциацияларынын жана бирикмелеринин ортосунда бажы контролунун натыйжалуулугун жакшыртуу максатындагы консультациялык мүнөздөгү расмий мамилелерди түзүү жана аракеттенүүнү колдоо үчүн бажы органдарынын алдында консультациялык органдар түзүлүшү, мындай өз ара аракеттенүүнүн тартибин жөнгө салган документтер кабыл алынышы мүмкүн.

153-берене. Бажы органдары тарабынан бажылык пломбаларды жана мөөрлөрдү коюу менен эл аралык ташуунун транспорттук каражаттарына товарларды ташууга жол берүү

Эл аралык ташуунун транспорттук каражаттарына бажы органдары тарабынан Кодекстин 364-беренесине ылайык бажылык пломбаларды жана мөөрлөрдү коюу менен товарларды ташууга жол берилет.

27-глава. Бажы иши жаатындагы маалымдоо жана кеңеш берүү

154-берене. Бажы иши чөйрөсүндөгү укуктук актылар жөнүндө маалыматтар

1. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана ага баш ийген бажы органдары бажы иши чөйрөсүндөгү колдонуудагы ченемдик укуктук актылар жөнүндө маалыматка, анын ичинде маалыматтык технологияларды колдонуу менен бардык кызыкдар жактарга тоскоолсуз жетүүнү камсыз кылат.

2. Ченемдик укуктук актылардагы өзгөрүүлөр жөнүндө алдын ала кабарламага жол берилбеген учурларды кошпогондо, бажы органдары бажы иши чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын иштелип жаткан долбоорлорунун жана бажы чөйрөсүндөгү күчүнө кире элек ченемдик укуктук актылар тууралуу маалыматтардын кызыкдар жактарга жетимдүүлүгүн камсыз кылат, анын ичинде маалыматтык технологияларды колдонуу менен камсыз кылат.

155-берене. Бажы органдарынын консультация берүүсү

1. Бажы органдары бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерди жана актыларды колдонуу маселелери, бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана бажы органдарынын компетенциясына кирген башка маселелер боюнча жактарга ооз эки жана жазуу жүзүндө акысыз негизде консультация берет.

2. Консультация берүүдө бажы органдарынын кызмат адамдары Кодекске, бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерге жана актыларга жана ушул Мыйзамга ылайык, бажы органдарына берилүүгө тийиш болгон бажы декларацияларын жана башка документтерди бажы органынын атынан текшербейт, ошондой эле мындай бажы декларацияларын жана документтерин түзбөйт.

Көрсөтүлгөн документтерди толтуруу маселелери боюнча консультация берүү мындай документтерди жана жак берген маалыматтарды текшербестен жүзөгө ашырылат.

3. Консультация берүүнүн жүрүшүндө жактарга берилген маалыматтар товарларга карата бажы операцияларын жүргүзүүдө бажы органынын же анын кызмат адамынын чечим кабыл алуусу же аракет жасоосу (аракетсиздиги) үчүн негиз боло албайт.

4. Бажы органдарынын консультация берүү тартиби жана мөөнөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

156-берене. Бажы органдарынын укук коргоо иши

1. Бажы органдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, өндүрүшү бажы органдарына таандык кылмыштар жөнүндө иштер боюнча алгачкы текшерүү органы болуп эсептелет.

2. Бажы органдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана (же) мүчө-мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык кылмыш деп таанылган, укукка каршы жосунду даярдоочу, жасоочу же жасаган жактарды табуу максатында ыкчам издөө ишин жүргүзөт, эл аралык уюмдардын, Бирликтин мүчөсү болбогон мамлекеттердин бажы жана башка компетенттүү органдарынын суроо-талаптарын Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык аткарат.

3. Бажы органдары өз компетенциясынын чегинде бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана адамдарды укук бузгандыгы үчүн укук бузуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартышат.

4. Бузуулардын түрлөрү, ошондой эле укук бузгандыгы үчүн адамдарды жоопкерчиликке тартуу тартиби жана принциптери Бирликтин алкагындагы эл аралык келишимдерде каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен бузуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленет.

5. Жазыктык иштер жана бузуулар жөнүндө иштер боюнча бажы органдарынын өз ара аракеттенүүсү жана укуктук жардамы Бирликтин алкагындагы эл аралык келишимдерге жана (же) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык жүзөгө ашырылат.

157-берене. Транспорттук каражаттарын токтотуу боюнча жана товарлар чыгарылгандан кийин бажы контролу зонасынан чыгып кеткен транспорттук каражаттарды кармоо (кайра кайтаруу) боюнча бажы органдарынын укуктары

Бажы органдары транспорттук каражаттарды токтотууга, ошондой эле бажы органынын уруксатысыз, анын ичинде тандап алынган бажы жол-жобосуна ылайык товарлар чыгарып берилгенден кийин бажы контролу зонасынан чыгып кеткен транспорттук каражаттарды мажбурлап кайра кайтарууга укуктуу.

Бажы контролунан сырткары зоналарда транспорттук каражаттарды токтоткон учурда бажы контролун жүргүзүү убактысы, товарларды жана транспорттук каражаттарды бажылык текшерип кароочу жерге жеткирүүгө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу тастыкталганга жумшалган убакытты эсепке албаганда, мындай токтотуу учурунан тартып үч сааттан ашпоого тийиш.

28-глава. Бажы органдарынын кызмат адамдары тарабынан кара күчтү, атайын каражаттарды жана куралды колдонуу

158-берене. Бажы органдарынын кызмат адамдары тарабынан кара күчтү, атайын каражаттарды жана куралды колдонуу шарттары

1. Ушул Мыйзамда каралган учурларда жана тартипте бажы органдарынын кызмат адамдары кара күчтү, атайын каражаттарды жана ок атма куралды колдонууга укуктуу.

2. Бажы органдарынын кызмат адамдары атайын даярдоодон өтүүгө, ошондой эле кара күчтү, атайын каражаттарды жана ок атма куралды колдонууга байланыштуу шарттарда аракет кылууга өзүнүн жарамдуулугуна мезгил-мезгили менен текшерүүдөн өтүп турууга милдеттүү.

3. Кара күчтү, атайын каражаттарды жана ок атма куралды колдонууда бажы органынын кызмат адамы төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) кара күчтү, атайын каражаттарды жана куралды колдонууну кечеңдетүү анын өмүрүнө жана ден соолугуна түздөн-түз коркунуч түзгөн, башка оор кесепеттерге алып келген, күтүүсүз же куралдуу кол салууда, аскердик техниканы жана транспорттук каражаттарды колдонуу менен кол салууда же түзүлгөн кырдаалда мындай эскертүү орунсуз же мүмкүн болбогон учурларды кошпогондо, өзүнүн талаптарын аткаруу үчүн жетиштүү убакыт берүү менен кара күчтү, атайын каражаттарды жана куралды колдонуу ниети жөнүндө эскертүүгө;

2) денесинен жараат алган адамдарга дарыгерге чейинки жардам берүүнү камсыздоого жана болгон окуя жөнүндө бажы органынын башчысына же анын ордун басуучу адамга кабарлоого;

3) укук бузуунун жана аны жасаган адамдын мүнөзүнө жана коркунуч даражасына, ошондой эле көрсөтүлгөн каршылыктын күчүнө жараша коркунучту жок кылууда келтирилген кандай гана болбосун зыяндын азыраак болушуна умтулууга.

4. Бажы органынын башчысы же анын ордун басуучу адам бардык өлүм же денеге оор зыян келтирүү учурлары жөнүндө прокурорго тезинен кабарлоого милдеттүү.

5. Ыйгарым укуктарынан ашкере пайдаланып кара күчтү, атайын каражаттарды жана ок атма куралды колдонуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке алып келет.

159-берене. Бажы органдарынын кызмат адамдары тарабынан кызматтык иттерди колдонуу

1. Бажы органдарынын кызмат адамдарынын айрым категориялары баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын прекурсорлорун жана аналогдорун, жарылуучу заттарды, куралдарды, ок-дарыларды жана өзүнө таандык жыты бар башка товарларды мыйзамсыз жүгүртүүнү издөө, айкындоо жана бөгөттөө, анын ичинде тергөө аракеттерин жүргүзүүдө жана ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө кызматтык иттерди колдонууга укуктуу.

2. Кызматтык иттерди жеке жактардын жашоосуна, ден соолугуна, ар-намысына жана кадыр-баркына коркунуч жараткан учурларда, кызматтык иттин арналышына тиешеси болбогон аракеттерди аткаруу үчүн, ошондой эле анын иштөө жөндөмдүүлүгүнө, жашоосуна же болбосо саламаттыгына зыян келтирүүгө түрткү берүүчү шарттарда колдонууга тыюу салынат.

3. Бажы органдарынын кызматтык иттерди пайдалануу укугу берилген кызмат адамдарынын категориялары, кызматтык иттерди пайдалануунун, аларды үйрөтүүнүн жана кармоонун тартибин бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.

160-берене. Кара күчтү колдонуу

Укук бузууларга жана (же) кылмыштарга жол бербөөнү, аларды жасаган адамдарды кармоону, каршылык көрсөтүүсүн басууну, мыйзамдуу талаптарга баш ийбөөсүнө, бажы контролунда турган жайларга, аймакка, товарларга жана транспорттук каражаттарга мыйзамдуу жетүүгө тоскоолдук келтирүүсүнө бөгөт коюуну, бажы органдарынын кызмат адамдарынын аларга жүктөлгөн милдеттерин аткаруусуна тоскоолдук кылган башка аракеттерди четтетүү үчүн, эгерде кара күч колдонулбаган ыкмалар бул милдеттердин аткарылышын камсыз кыла албаса, бажы органдарынын кызмат адамдары кара күчтү колдонууга укуктуу.

Товарларды ташуучу жак бажы органдарынын кызмат адамдарынын мыйзамдуу талаптарын аткарбаган учурларда, кызмат адамдары ушул Мыйзамдын 97-беренесинде көрсөтүлгөн товарлар сакталуучу жайларга транспорттук каражаттарды мажбурлап жеткирүүнү камсыз кылуу үчүн кара күчтү колдонууга укуктуу.

161-берене. Атайын каражаттарды колдонуу

1. Бажы органдарынын кызмат адамдары кол кишендерди, резина таяктарды, жаш агызуучу заттарды, имарат-жайды ачуучу шаймандарды, транспортту мажбурлап токтотуу каражаттарын, башка атайын каражаттарды төмөнкүдөй учурларда колдонууга укуктуу:

1) бажы органдарынын кызмат адамдарына же башка адамдарга кол салуунун мизин кайтаруу үчүн;

2) бажы органдарына тиешелүү болгон же алар пайдаланган имараттарга, жайларга, курулмаларга жана транспорттук каражаттарга, бажы контролундагы товарларга жана транспорттук каражаттарга кол салуунун мизин кайтаруу үчүн, ошондой эле аталган объекттерди ээлеп алганда аларды бошотуу үчүн;

3) эгерде укук бузган адамдар баш ийбесе, каршылык же башка каршы аракет көрсөтсө же болбосо айланасындагыларга же өзүнө залал келтириши мүмкүн болсо, укук бузуучуларды кармоо жана бажы органынын кызматтык жайына жеткирүү үчүн;

4) бажы органынын кызмат адамына кара күч менен каршылык көрсөтүүгө бөгөт коюу үчүн;

5) транспорттук каражаттын айдоочусу бажы органынын кызмат адамынын токтоо жөнүндө талабын аткарбаганда, аны токтотуу үчүн;

6) бажы органынын кызмат адамынын ага жүктөлгөн милдеттерди жүзөгө ашыруусуна атайылап тоскоолдук кылган башка учурларда.

2. Адамдардын өмүрүнө жана ден-соолугуна, бажы контролунда турган товарларга жана транспорттук каражаттарга коркунуч келтирүү менен куралдуу каршылык көрсөткөн, топтошуп же башкача кол салган учурлардан башка учурларда, кош бойлуу экенинин көрүнөө белгилери бар аялдарга, майып экенинин көрүнөө белгилери бар адамдарга жана жаш балдарга карата атайын каражаттарды колдонууга тыюу салынат.

3. Бажы органдары пайдаланылуучу атайын каражаттардын тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

162-берене. Ок атма куралды алып жүрүү, сактоо жана пайдалануу

Бажы органдарынын кызмат адамдарынын бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталуучу айрым категорияларына кызматтык милдеттерин аткарууда ок атма куралды алып жүрүү, сактоо жана пайдалануу укугу берилет.

Бажы органдары пайдаланылуучу ок атма куралдардын жана ок-дарылардын түрлөрүнүн тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

163-берене. Ок атма куралды колдонуу жана пайдалануу

1. Бажы органдарынын кызмат адамдары ок атма куралды акыркы чара катары төмөнкүдөй учурларда колдонууга укугу бар:

1) бажы органдарынын кызмат адамдарынын өмүрүнө жана ден-соолугуна коркунуч келгенде, кол салуунун мизин кайтаруу үчүн;

2) бажы органдарынын кызмат адамдарынын ок атма куралын тартып алуу аракеттерине бөгөт коюу үчүн. Бажы органынын кызмат адамы кармап жаткан адамдын ушул кызмат адамы көрсөткөн аралыкты кыскартуу жолу менен ок атма куралга жакындоого же ушул куралга жетүүгө аракети куралды ээлеп алуу аракети катары каралат;

3) бажы органдарына таандык болгон же алар пайдаланган имараттарга, орун-жайларга, курулмаларга жана транспорттук каражаттарга, бажы контролундагы товарларга жана транспорттук каражаттарга топтошуп же куралдуу кол салуунун мизин кайтаруу үчүн;

4) куралдуу каршылык көрсөткөн адамды, ошондой эле куралды тапшыруу жөнүндө мыйзамдуу талапты аткаруудан баш тарткан куралдуу адамды кармоо үчүн.

2. Бажы органдарынын кызмат адамдары мындан сырткары ок атма куралдарды төмөнкүдөй учурларда колдонууга укуктуу:

1) эгерде транспорттук каражаттардын айдоочулары бажы органдарынын кызмат адамдарынын өмүрүнө жана ден соолугуна реалдуу коркунуч келтирсе жана алардын бир токтоо жөнүндө нече жолку талаптарына баш ийбесе, транспорттук каражатты зыянга учуратуу жолу менен аны токтотуу үчүн;

2) бажы органдарынын кызмат адамдарынын өмүрүнө жана ден-соолугуна коркунуч келтирген жаныбарларды зыянсыздандыруу үчүн;

3) ок атма куралды колдонуу ниети жөнүндө эскертүү берүү, коркунуч жөнүндө белги берүү же жардамга чакыруу үчүн.

3. Бажы органдарынын кызмат адамдарынын өмүрүнө жана ден-соолугуна коркунуч келтирген куралдуу каршылык көрсөткөн, куралдуу, топтошуп алып же башка кол салган учурлардан башка учурларда, аялдарга, майып экенинин көрүнөө белгилери бар адамдарга жана жаш балдарга карата, ошондой эле адамдар көп болгон, башка адамдар жабыр тартышы мүмкүн жерлерде ок атма куралды колдонууга тыюу салынат.

4. Ок атма куралды колдонуунун ар бир учуру жөнүндө бажы органынын кызмат адамы бажы органынын начальнигине же анын ордундагы адамга жазуу жүзүндө токтоосуз билдирет, алар курал колдонулган убакыттан тартып жыйырма төрт сааттан кечиктирбестен бул тууралуу прокурорго билдирет.

29-глава. Бажы органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын чечимдерин, аракеттерин (аракетсиздигин) даттануу тартиби жана мөөнөтү

164-берене. Даттануу укугу

1. Ар бир жак, эгерде ушул жактын пикиринде бажы органынын (бажы органынын кызмат адамынын) чечими, аракети (аракетсиздиги) аркылуу анын укуктары жана эркиндиктери бузулса, аларды ишке ашырууга тоскоолдуктар түзүлсө же болбосо кандайдыр бир милдет ага мыйзамсыз жүктөлсө, мындай чечимди, аракетти (аракетсиздикти) даттанууга укуктуу.

2. Жактардын даттанууга укугу ушул главада белгиленген тартипте ишке ашырылышы мүмкүн.

3. Сотторго жөнөтүлүүчү даттанууларды берүү, кароо жана чечүү тартиби Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдары менен аныкталат.

165-берене. Даттануу тартиби

1. Бажы органынын кызмат адамынын чечимине, аракетине (аракетсиздигине) карата даттануу мындай чечимди кабыл алган же аракет (аракетсиздик) жасаган кызмат адамы кызмат өтөп жаткан бажы органына берилет.

2. Бажы органынын же анын жетекчисинин чечимине, аракетине (аракетсиздигине) карата даттануу бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет.

166-берене. Даттануу мөөнөттөрү

1. Бажы органынын же анын кызмат адамынын чечимине, аракетине (аракетсиздигине) карата даттануу үч айдын ичинде берилиши керек:

1) укуктарынын жана эркиндиктеринин бузулгандыгы, аларды ишке ашырууга тоскоолдуктар түзүлгөндүгү же кандайдыр бир милдет мыйзамсыз жүктөлгөндүгү адамга белгилүү болгон же белгилүү боло турган күндөн тартып;

2) бажы органы же анын кызмат адамы мыйзамдарда каралган чечимди кабыл алышы үчүн же мыйзамдарда каралган аракеттерди жасоо үчүн белгиленген мөөнөт аяктаган күндөн тартып.

2. Бажы органы тарабынан жөнөтүлгөн Кабарламага карата даттануу жак мындай Кабарламаны алган күндөн тартып он календардык күндүн ичинде бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет.

167-берене. Даттануу мөөнөтүн калыбына келтирүү

1. Даттанууну берүү мөөнөтү жүйөлүү себептерден улам өткөрүп жиберилген учурда, бул мөөнөт даттануу менен кайрылган жактын арызы боюнча, даттанууну кароого укуктуу бажы органы тарабынан калыбына келтирилиши мүмкүн.

2. Өткөрүп жиберилген мөөнөттү калыбына келтирүү даттанууну кароого иш жүзүндө кабыл алуу аркылуу ишке ашырылат. Өткөрүп жиберилген мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө чечим жазуу жүзүндө жол-жоболонот, бул чечим кабыл алынган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде арыз ээсине жөнөтүлөт.

168-берене. Даттануунун формасы жана мазмуну

1. Даттануу жазуу жүзүндө берилет.

2. Даттанууда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:

1) чечимине, аракетине (аракетсиздигине) карата даттануу берилип жаткан бажы органынын аталышы же бажы органынын кызмат адамынын кызмат орду, аты-жөнү (эгерде алар белгилүү болсо);

2) даттанууну берген жактын аты-жөнү же аталышы, жашаган же жайгашкан жери;

3) даттанылып жаткан чечимдин, аракеттин (аракетсиздиктин) маани-маңызы;

4) бажы органынын же анын кызмат адамынын чечиминен, аракетинен (аракетсиздигинен) улам өзүнүн укуктары менен эркиндиктери бузулду, аларды ишке ашырууга тоскоолдуктар түзүлдү же кандайдыр бир милдет мыйзамсыз жүктөлдү деп жактын эсептешине негиз болгон жагдайлар.

3. Арыз ээси, эгерде даттанууда көрсөтүлгөн жагдайларды ырастаган документтер жана маалыматтар бажы органында бар болсо, мындай документгерди жана маалыматтарды бербей коё апат.

Көрсөтүлгөн даттанууну толук карап чыгуу үчүн зарыл документтер жана маалыматтар бажы органында болбогон учурда, ушул даттанууну карап жаткан бажы органы аларды даттануу берген жактан, ошондой эле башка компетенттүү органдардан жана уюмдардан, анын ичинде чет мамлекеттердин органдарынан жана уюмдарынан сурап алууга укугу бар.

Бул учурда бажы органынын же анын кызмат адамынын чечимине, аракетине (аракетсиздигине) даттанууну кароо мөөнөтү бажы органы сурап жаткан документтерди жана маалыматтарды алганга чейин, бирок ушул суроо-талап жөнөтүлгөн күндөн баштап төрт айдан ашык эмес мөөнөткө токтотулат.

Бажы органы тарабынан чет мамлекеттердин компетенттүү органдарына жана уюмдарына суроо-талап жөнөтүлгөн учурда, бажы органы сурап жаткан документтерди жана маалыматтарды алганга чейин, мындай суроо-талапты жөнөткөн учурдан тартып туум чегерилбейт.

Бажы органы сурап жаткан документтерди жана маалыматтарды албаган учурда, көрсөтүлгөн даттануу боюнча чечим ырастоосуна документтер жана маалыматтар берилбеген жүйөлөр эсепке алынбастан, ошондой эле көрсөтүлгөн мезгилге туум чегерилбестен кабыл алынат.

169-берене. Даттануунун натыйжалары

Даттанууну караган орган даттанылып жаткан чечим же аракет Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келбейт деп эсептешине толук негиздер бар болгон учурларды кошпогондо, даттанууну берүү даттанылган чечимдин же аракеттин аткарылышын убактылуу токтотуп турбайт.

Жогоруда көрсөтүлгөн учурда даттанылган чечимдин же аракеттин аткарылышы толук же бөлүгүндө токтотуп турулушу мүмкүн.

170-берене. Бажы органынын жана анын кызмат адамынын чечимине, аракетине (аракетсиздигине) карата даттанууну кароодон баш тартуу үчүн негиздер

1. Бажы органы бажы органынын же анын кызмат адамынын чечимине, аракетине (аракетсиздигине) карата даттанууларды карап чыгуудан төмөнкүдөй учурларда баш тартат:

1) эгерде даттануунун белгиленген мөөнөттөрү сакталбаса жана жак өткөрүп жиберилген мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө арыз менен кайрылбаса же өткөрүп жиберилген мөөнөттү калыбына келтирүү тууралуу арыз четке кагылган болсо;

2) эгерде ушул Мыйзамдын 168-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүндө белгиленген талаптар сакталбаса;

3) эгерде жак ушуга окшош мазмундагы даттануу менен сотко кайрылса жана ушундай даттануу сот тарабынан карап чыгууга кабыл алынса же болбосо ап боюнча чечим чыгарылса;

4) эгерде көрсөтүлгөн даттануунун предмети катары Кыргыз Республикасынын бажы органы болуп саналбаган органдын же Кыргыз Республикасынын бажы органы болуп саналбаган органдын кызмат адамынын чечими, аракети (аракетсиздиги) саналса;

5) эгерде даттануу ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аныкталбаган жак тарабынан берилсе;

6) эгерде даттанылган чечим, аракет (аракетсиздик) укуктарын, эркиндиктерин же мыйзамдуу кызыкчылыктарын козгобогон жак тарабынан даттануу берилсе;

7) эгерде даттануунун предмети катары бажы органынын же анын кызмат адамынын бажы иши чөйрөсүндөгү чечими болуп саналбаган акт (документ) саналса;

8) эгерде ушул эле бажы органы тарабынан ошол эле арыз берүүчүгө карата жана даттануунун ошол эле предмети тууралуу ушул Мыйзамдын 173-беренесине ылайык чечим кабыл алынса;

9) эгерде даттануунун предмети болбосо, башкача айтканда бажы органы тарабынан чечим кабыл алуунун фактысы же болбосо аракеттерди (аракетсиздикти) жасоонун фактысы ырасталбаса.

2. Бажы органынын же анын кызмат адамынын чечимине, аракетине (аракетсиздигине) карата даттанууну карап чыгуудан баш тартуу жөнүндө чечим, эгерде ушул Мыйзамда башкача каралбаса, көрсөтүлгөн даттануу келип түшкөн күндөн тартып беш жумушчу күндөн кечиктирбестен кабыл алынууга тийиш.

3. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 3, 8, 9-пункттарында каралган учурларда бажы органынын же анын кызмат адамынын чечимине, аракетине (аракетсиздигине) карата даттанууну кароодон баш тартуу жөнүндө чечим ушундай мазмундагы даттанууну кароого кабыл алуу жөнүндө соттун аныктамасын же сот чечимин же даттанууну кароого тоскоол болуучу негиздердин бар экендиги тууралуу башка документтерди ушул даттанууну карап жаткан бажы органы алган күндөн тартып беш жумушчу күндөн кечиктирбестен кабыл алынууга тийиш.

4. Бажы органынын же анын кызмат адамынын чечимине, аракетине (аракетсиздигине) карата даттанууну кароодон баш тартуу жөнүндө бажы органынын чечимине карата бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга же сотко даттанылышы мүмкүн.

171-берене. Даттанууну чакыртып алуу

1. Даттануу менен кайрылган адам даттануу боюнча чечимди кабыл алууга чейин каалаган убакта аны чакыртып ала алат.

2. Даттанууну ошол эле себеп боюнча кайрадан берүү ушул главада белгиленген мөөнөттөрдүн чектеринде жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

172-берене. Даттанууну кароо мөөнөттөрү

Даттануу ал келип түшкөн күндөн тартып, ал эми ушул Мыйзамдын 168-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган учурда - ушул даттанууну толук карап чыгуу үчүн зарыл документтерди жана маалыматтарды бажы органы алган күндөн тартып он төрт жумушчу күндүн ичинде каралууга тийиш.

173-берене. Даттануу боюнча чечим

1. Даттанууну кароонун натыйжалары боюнча аны караган орган:

1) бажы органынын же анын кызмат адамынын чечимин, аракетин (аракетсиздигин) укук ченемдүү деп тааныйт;

2) бажы органынын же анын кызмат адамынын чечимин, аракетин (аракетсиздигин) толук бойдон же бөлүгүндө укук ченемсиз деп тааныйт.

2. Даттанылып жаткан чечим, аракет (аракетсиздик) укук ченемсиз деп таанылган учурда аны карап жаткан орган:

1) бажы органы же анын кызмат адамы кабыл алган чечимди толук бойдон же бөлүгүндө жокко чыгарат;

2) бажы органы же анын кызмат адамы кабыл алган чечимди жокко чыгарат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аны жаңы чечим кабыл алууга милдеттендирет же болбосо, эгерде аны кабыл алуу өзүнүн компетенциясына кирсе, мындай чечимди өз алдынча кабыл алат;

3) бажы органынын же анын кызмат адамынын аракетин (аракетсиздигин) укук ченемсиз деп тааныйт жана жол берилген бузууларды четтетүү максатында жасалууга тийиш болгон аракеттердин чөйрөсүн аныктайт же болбосо, эгерде аларды жасоо өзүнүн компетенциясында болсо, мындай аракеттерди өз алдынча жасайт.

Эгерде бажы органы тарабынан жөнөтүлгөн Кабарламага карата даттанууну карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жөнөтүлгөн Кабарламанын укук ченемсиздиги жөнүндө чечим кабыл алса, Кабарлама жөнөткөн бажы органы сот органдарынын чечимисиз, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан чечим кабыл алган күндөн тартып он жумушчу күнгө чейинки мөөнөттө Кабарламаны чакыртып алат.

3. Даттанууну карап жаткан жак бажы органынын кызматкери өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарбагандыгынын же талаптагыдай эмес аткаргандыгынын белгилерин тапканда, бул кызматкерди тартип жоопкерчилигине мыйзамда белгиленген тартипте тартуу боюнча чараларды көрөт.

4. Даттанууну карап чыгуунун натыйжалары боюнча кабыл алынган чечим кат түрүндө жол-жоболонот жана бажы органынын же анын кызмат адамынын чечимине, аракетине (аракетсиздигине) карата даттануу менен кайрылган жакка, бул чечимди даттануунун тартибин түшүндүрүү менен, ушул Мыйзамдын 172-беренесинде белгиленген мөөнөттө жөнөтүлөт.

5. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ушул беренеге ылайык даттанууну карап чыгуусунун натыйжасы боюнча кабыл алган чечимине макул болбогон жак кабыл алынган чечимдин көчүрмөсүн алган күндөн тартып отуз календардык күндүн ичинде сот органына даттанууга укуктуу.

30-глава. Бажы органдары тарабынан пайдаланылуучу маалыматтык системалар жана маалыматтык технологиялар

174-берене. Бажы органдары тарабынан пайдаланылуучу маалыматтык системалар жана маалыматтык технологиялар

1. Бажы операциялары бажы органдарынын, декларанттардын жана башка кызыкдар жактардын маалыматтык системаларын жана маалыматтык технологияларын, ошондой эле маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын (уюмдарынын) маалыматтык системаларын пайдалануу менен жүргүзүлүшү мүмкүн.

2. Бажы операцияларын жүргүзүүдө пайдаланылуучу маалыматтык системаларды, маалыматтык технологияларды жана маалыматты коргоо каражаттарын иштеп чыгуу, түзүү, киргизүү, пайдалануу, коштоо, модернизациялоо, ошондой эле маалыматтык системаларды жана технологияларды сатып алуу тиешелүү эл аралык стандарттарды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

3. Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан иштелип чыккан жана өндүрүлгөн же алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте сатып алган маалыматтык системалар, маалыматтык технологиялар, ошондой эле алардын камсыздоо каражаттары мамлекеттик менчикте болот жана Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын мүлкүнүн курамына кирет.

4. Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын үчүнчү жактардын менчигинде турган маалыматтык системаларды, маалыматтык технологияларды жана алардын камсыздоо каражаттарын пайдаланууга байланышкан мамилелери келишимдик негизде түзүлөт.

5. Бажы ишинде колдонулуучу, үчүнчү жактардын менчигинде турган маалыматтык системалар, маалыматтык технологиялар жана алардын камсыздоо каражаттары бажы операцияларын жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын бажы органдары пайдалануучу ушундай продукцияларга шайкеш келиши керек.

175-берене. Бажы органдарынын маалыматтык ресурстары

1. Бажы органдарынын маалыматтык ресурстары деп документтелген маалыматтын жыйындысы түшүнүлөт, ал өзүнө бажы органдарынын маалыматтык системаларында түзүлүүчү, иштетилүүчү жана топтолуучу маалыматтар базасын жана маалыматтын башка түрлөрүн камтыйт.

Бажы органдарынын маалыматтык ресурстарын калыптандыруу максатында бажы органдары бажы чек арасы аркылуу өткөн товарлар, жана аларды өткөргөн жактар жөнүндө маалыматтарды чогултат жана иштеп чыгат.

2. Бажы органдарынын маалыматтык ресурстары бажы операцияларын жүргүзүүдө берилүүчү документтердин жана маалыматтардын базасында түзүлөт жана аларга жетүү мүмкүнчүлүгү чектелүү болот.

Бажы органдарынын маалыматтык ресурстарын калыптандыруу жана аларга жетүү тартибин бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилейт.

3. Бажы органдарынын бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдер жана актылар жөнүндө маалыматты камтыган маалыматтык ресурстары ачык жана жалпыга жеткиликтүү болуп эсептелет.

Бажы органдарынын жалпыга жеткиликтүү маалыматтык ресурстары бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында жайгаштырылат.

176-берене. Маалыматтык ресурстарды пайдалануу

1. Бажы органдарынын карамагындагы маалыматтык ресурстар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык маалыматка жетүү чектелген учурларды кошпогондо, ачык жана жалпыга жеткиликтүү болуп саналат.

2. Бажы органдарынын карамагындагы жана жеткиликтүүлүгү чектелүү болгон, бажы органдарынын маалыматтык ресурстарын камтыган маалыматтарды жактардын алуусунун жана пайдалануусунун тартибин, ошондой эле мындай маалыматтарды берүүнүн курамын жана тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.

3. Коммерциялык, банктык же мыйзам менен корголуучу башка жашыруун сырды камтыган жана бажы органдарынын карамагындагы маалымат базасына жетүү укугу терроризмди финансылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктуу органга жана мамлекеттик расмий статистика органына бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана терроризмди финансылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктуу органдын ортосундагы макулдашуунун негизинде, ошондой эле бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана мамлекеттик расмий статистика органынын ортосундагы макулдашуунун негизинде берилет.

177-берене. Маалыматташтырууга жана маалыматтык процесстерге катышуучу жактардын укуктарын жана маалыматын коргоо

1. Бажы органдары тарабынан колдонулган маалыматтык системалардагы маалыматты коргоо, маалыматтарды коргоо каражаттарын колдонуу жана бажы органдары тарабынан колдонулган маалыматтык ресурстардагы жана маалыматтык системалардагы маалыматтарды коргоонун деңгээлин баалоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

Бажы органдары тарабынан колдонулуучу маалыматтык системаларга Кодекске жана ушул Мыйзамга ылайык маалыматтарды берүүчү жактардын укугун коргоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

2. Маалыматты коргоо каражаты менен камсыздалган маалыматты коргоонун деңгээли маалыматтын категориясына ылайык келүүгө тийиш. Маалыматты коргоо деңгээлинин белгилүү бир категорияга шайкеш келишин маалыматтык ресурстар карамагында болгон бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган камсыз кылат.

3. Маалыматты коргоого жана маалыматты коргоо каражаттарын иштетүүгө карата талаптардын сакталышы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык контролдонот.

31-глава. Бажы органдарынын маалыматтык жана башка өз ара аракеттенүүсү

178-берене. Бирликтин алкагында бажы органдарынын өз ара аракеттенүүсү

1. Бажы органдары аларга жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды жүзөгө ашыруу максатында өз ара аракеттенет, ошондой эле Кодекске, Бирлик жөнүндө келишимге, Бирликтин алкагындагы эл аралык келишимдерге жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, мүчө-мамлекеттердин мамлекеттик органдары, уюмдары жана Комиссия менен өз ара аракеттенет.

2. Бажы органдарынын өз ара аракеттенүүсү төмөнкүдөй жолдор менен жүзөгө ашырылат:

1) Бирликтин жалпы процесстеринин алкагында Бирлик жөнүндө келишимге ылайык ишке ашырылуучу маалымат алмашуу;

2) Кодекстин 370-беренесине ылайык, ошондой эле Кодексте жана (же) Бирликтин алкагындагы эл аралык келишимдерде белгиленген башка учурларда электрондук формада үзгүлтүксүз негизде маалымат алмашуу;

3) маалыматтарды жана (же) документтердин көчүрмөлөрүн берүү жөнүндө суроо-талаптарды аткаруу;

4) мүчө-мамлекеттердин бажы органдарына маалымат жөнөтүү;

5) өз ара административдик жардамды жүзөгө ашыруу;

6) эсепке алуу приборлору орнотулган жерлерде, куур транспорту аркылуу жана электр берүү линиялары боюнча өткөрүлүүчү товарларга карата бажы контролун жүргүзүүгө катышуу;

7) башка ыкмалар менен өз ара аракеттенүү.

179-берене. Бажы органдарынын Бирликке мүчө болуп саналбаган мамлекеттердин бажы жана башка органдары жана эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүсү жана кызматташуусу

Бажы органдары Бирликтин мүчөсү болуп саналбаган мамлекеттердин бажы жана башка органдары, ошондой эле эл аралык уюмдар менен Бирликтин үчүнчү жак менен түзүлгөн эл аралык келишимдеринде жана (же) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде белгиленген тартипте өз ара аракеттенет жана кызматташат.

180-берене. Мүчө-мамлекеттердин бажы органдарынын ортосунда үзгүлтүксүз негизде маалымат алмашуу

1. Мүчө-мамлекеттердин бажы органдары үзгүлтүксүз негизде Кодекстин 52-беренесинин 4-пунктунда жана 277-беренесинин 4-пунктунун экинчи абзацында көрсөтүлгөн бажы документтериндеги, товарларга декларациялардагы маалыматтар менен, товарларды классификациялоо жөнүндө алдын ала чечимдер менен, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик сырды (мамлекеттик жашыруун сырды) түзгөн маалыматтарга тиешеси жок жана бажы органдарынын маалыматтык ресурстарында камтылган бажы документтериндеги маалыматтарды өзгөрткөн (толуктаган) маалыматтар менен үзгүлтүксүз негизде өз ара алмашып турат.

Үзгүлтүксүз негизде алмашуу үчүн маалыматтар Кодекстин 2-тиркемесиндеги тизмек боюнча аныкталат.

2. Үзгүлтүксүз негизде маалыматтарды алмашуу электрондук формада техникалык шарттамаларга ылайык жүзөгө ашырылат, бул шарттамаларда мындай маалымат алмашууну жүзөгө ашыруучу бажы органдары, алмашуу үчүн маалыматтын форматы жана структурасы, мындай алмашуунун регламенти, мөөнөттөрү жана ыкмалары аныкталат.

Электрондук формада үзгүлтүксүз негизде маалымат алмашуунун техникалык шарттамалары мүчө-мамлекеттердин бажы органдары тарабынан аныкталат.

181-берене. Бажы органдарында документтердин көчүрмөлөрүн жана (же) маалыматтарды берүү жөнүндө суроо-талаптарды аткаруу жана жөнөтүү тартиби

Документтердин көчүрмөлөрүн жана (же) маалыматтарды берүү жөнүндө суроо-талаптар бажы органдары тарабынан Кодекстин 371-беренесине ылайык жөнөтүлөт жана аткарылат.

182-берене. Бир мүчө-мамлекеттин бажы органы тарабынан башка мүчө-мамлекеттин бажы органына маалымат жөнөтүү

Бажы органдары тарабынан маалымат жөнөтүү Кодекстин 372-беренесине ылайык жүзөгө ашырылат.

183-берене. Өз ара административдик жардам

1. Өз ара административдик жардам деп бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерди жана актыларды бузууну болтурбоо жана ага бөгөт коюу, бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерди жана актыларды аткарууну камсыздоо максатында башка мүчө-мамлекеттин бажы органынын тапшырмасы боюнча же аны менен биргеликте жүргүзүлгөн, бир мүчө-мамлекеттин бажы органынын аракети түшүнүлөт.

2. Бажы органдары өз ара административдик жардамды Кодекстин 373-беренесине ылайык жүзөгө ашырат.

184-берене. Бажы органдарынын өз ара аракеттенүүсүнүн алкагында алынган маалыматты пайдалануу

1. Кодекстин 49-главасына жана ушул главага ылайык бир мүчө-мамлекеттин бажы органы башка мүчө-мамлекеттин бажы органынан алган маалымат бажы органдарына жүктөлгөн функцияларды жүзөгө ашыруу жана милдеттерди аткаруу үчүн гана колдонулат жана мындай маалыматты берген бажы органынын жазуу жүзүндөгү макулдугусуз башка жактарга берилүүгө жана башка максаттарга колдонулууга жатпайт.

2. Бажы органдары ушул главага ылайык алынган маалыматтарды укук ченемдүү эмес жайылтуудан коргоо боюнча зарыл чараларды көрөт жана алынган маалыматтарды колдонууга мүмкүнчүлүгү бар жактардын чөйрөсүн чектөөнү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аны коргоону камсыз кылат.

32-глава. Бажы органдары тарабынан колдонулуучу тобокелдикти башкаруу системасы

185-берене. Бажы органдарынын тобокелдикти башкаруу процессин уюштуруусу

1. Бажы органдары тарабынан тобокелдиктерди башкаруу процессин уюштуруу жана бажы органдарынын тобокелдикти башкаруу системасын пайдалануу ушул главада аныкталган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен Кодекстин 50-главасына ылайык жүзөгө ашырылат.

2. Бажы органдары тарабынан тобокелдикти башкаруу процесстери бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктаган тартипте ишке ашырылат.

Жактарды төмөнкү, орто же жогорку тобокелдиктин деңгээлиндеги категорияларга таандык кылуу тартиби жана критерийлери, ошондой эле тобокелдиктердин профилдери иштегенде бажы органдарынын кызмат адамдарынын аракеттеринин тартиби бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.

Тобокелдик деңгээли төмөн болгон жактарга карата бажылык кароо ушул Мыйзамдын 131-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-7-пункттарында көрсөтүлгөн негиздер боюнча дайындалышы мүмкүн.

Тобокелдиктин деңгээлине жараша бажылык кароону толук жүргүзүү бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгилениши мүмкүн.

3. Тобокелдиктин профилдеринде жана индикаторлорунда камтылган, жеткиликтүүлүгү чектелген маалыматтар, ошондой эле жактарды тобокелдиктин деңгээлине таандык кылуу критерийлери жарыяланууга (жайылтылууга) жатпайт.

Тобокелдиктин белгиленген профилинде камтылган маалыматты бажы органдары тарабынан пайдалануу тартиби бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.

186-берене. Тобокелдикти башкаруу системасын бажы органдарынын колдонуусу

1. Бажы органдары бажы контролунун объекттерин жана тобокелдикти азайтуу боюнча чараларды тандоо үчүн тобокелдикти башкаруу системасын пайдаланат.

2. Тобокелдикти башкаруу системасын бажы органдары төмөнкүдөй максаттар үчүн пайдаланат:

1) бажы органдарынын компетенциясынын чегинде улуттук (мамлекеттик) коопсуздукту, адамдын өмүрүн жана ден-соолугун, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча чараларды камсыз кылуу;

2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана (же) бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерди жана актыларды бузууларды айкындоо, божомолдоо жана болтурбоо.

3. Тобокелдикти башкаруу системасын пайдалануу стратегиясы жана тактикасы, маалыматты чогултуунун жана иштеп чыгуунун, тобокелдиктерди талдоону жана баалоону жүргүзүүнүн, тобокелдиктерди башкаруу боюнча чараларды иштеп чыгуунун жана ишке ашыруунун тартиби бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.

33-глава. Бажы органдары тарабынан товарларды жана аларга карата документтерди кармоо

187-берене. Бажы органдары тарабынан товарларды жана аларга карата документтерди кармоо жана сактоо

1. Бажы органдары товарларды жана аларга карата документтерди Кодекстин 379-беренесинде аныкталган учурларда кармайт, андан кийин товарларды жана аларга карата документтерди кармоо жөнүндө Комиссия аныктаган форма боюнча протокол түзүлөт.

2. Кармалган товарлар жана аларга карата документтер бажы органдары тарабынан алып коюлат жана Кодекстин 380-беренесинде аныкталган мөөнөттүн ичинде сакталат.

3. Кармалган товарлар бажы органдары тарабынан аныкталган, мындай товарларды сактоо үчүн жабдылган убактылуу сактоочу кампаларга же башка жерлерге жайгаштырылат.

Аталган товарларды сактоого өткөрүп берүүдө кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы үч нускада түзүлөт, бир нускасы бажы органында калат, экинчиси - товарларды сактоого алган уюмда (мекемеде), үчүнчү нускасы, эгерде бажы органы тарабынан кармоо учурунда бул жак аныкталса, товарларга ээлик кылуу, пайдалануу жана (же) тескөө укугуна ээ жакка берилет.

4. Кармалган товарларды жана аларга карата документтерди сактоо мөөнөтү аларды кармаган күндөн тартып эсептелет.

5. Ушул беренени колдонуу максаты үчүн, бат бузула турган товарлардын тизмегин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.

188-берене. Кармалган товарларды жана аларга карата документтерди кайра кайтарып берүү

Кармалган товарлар жана аларга карата документтер Кодекстин 381-беренесинде белгиленген тартипте кайра кайтарып берилет.

189-берене. Сактоо мөөнөтү өткөн кармалган товарларга карата аракеттер

1. Бажы органдары кармаган жана Кодекстин 380-беренесинин 1 жана 2-пункттарында каралган мөөнөттө Кодекстин 381-беренесинде көрсөтүлгөн жактар тарабынан талап кылынбаган товарлар, эгерде Кодекстин 382-беренесинде башкача белгиленбесе, сатылууга тийиш.

2. Декларанттар же башка жактар талап кылбаган кармалган товарларды сатуу, пайдалануу же жок кылуу, ташуу (транспорттоо), кайра жүктөө (жүктөө, түшүрүү) жана сактоо боюнча чыгымдарды, кармалган товарларды сатуу жана сатууга даярдоо менен байланыштуу башка чыгымдарды эсептөө, ошондой эле мындай чыгымдардын ордун толтуруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте жүзөгө ашырылат.

3. Кармалган товарлар сатылгандан кийин же башкача колдонуу үчүн өткөрүп берилгенден кийин, ошондой эле мындай товарларды жок кылуунун натыйжасында пайда болгон калдыктар Бирликтин товарларынын статусун алат.

190-берене. Сактоо мөөнөтү өткөн кармалган товарларды сатуудан түшкөн сумманы тескөө

Сактоо мөөнөтү өткөн кармалган товарларды сатуудан түшкөн сумманы тескөө Кодекстин 383-беренесине ылайык жүзөгө ашырылат.

34-глава. Интеллектуалдык менчик объекттерине карата укуктарды коргоо боюнча бажы органдары тарабынан көрүлүүчү чаралар

191-берене. Интеллектуалдык менчик объекттерине карата укуктарды коргоо боюнча Бажы органдары тарабынан көрүлүүчү чаралар жөнүндө жалпы жоболор

1. Бажы органдары Кодекстин 52-главасына жана ушул главага ылайык, Кодекстин 124-беренесинде жана ушул Мыйзамдын 107-беренесинде каралган интеллектуалдык менчик объекттерине карата укуктарды коргоо боюнча чараларды көрөт.

2. Интеллектуалдык менчик объекттерине карата укуктарды коргоо боюнча чаралар укук ээсинин арызы боюнча, интеллектуалдык менчик объекттеринин бажы реестрине киргизилген автордук укук жана чектеш укуктардын объекттерин, товардык белгилерин, тейлөө белгилерин жана товарлар чыккан жерлердин аталыштарын камтуучу товарларга карата көрүлөт.

192-берене. Укук ээсинин арыз берүүсү жана аны кароо тартиби

1. Укук ээси же анын кызыкчылыгын жактоочу жак (мындан ары - арыз ээси) товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүдө же Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууда же бажы контролунда турган товарларга карата башка аракеттер жасалганда, интеллектуалдык менчик жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, анын укуктары бузулушу мүмкүн же бузулду деп эсептеген учурларда, тиешелүү интеллектуалдык менчик объектин интеллектуалдык менчик объекттеринин бажы реестрине киргизүү жөнүндө бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга арыз берүүгө укуктуу.

Арыз интеллектуалдык менчик объекттеринин бирине карата берилет.

2. Арызда төмөнкүдөй маалыматтар камтылууга тийиш:

1) укук ээси тууралуу, эгерде арыз анын өкүлү тарабынан берилсе - өкүлү да тууралуу;

2) интеллектуалдык менчик объекти жөнүндө;

3) интеллектуалдык менчик объектине карата укукту Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын коргоосунун мөөнөтү жөнүндө;

4) бажы чек арасы аркылуу өткөрүлүшү же бажы контролунда турган товарларга карата башка аракеттердин жүргүзүлүшү укук ээсинин пикири боюнча анын укуктарынын бузулушуна алып келе турган товарлар жөнүндө;

5) Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасына ылайык, товарлардын коддору жөнүндө алгачкы төрт белгинин деңгээлинен кем эмес түрдө.

Арызга интеллектуалдык менчик объектине карата укуктун бар экенин жана ал кимге таандык экенин ырастоочу документтер (күбөлүк, лицензиялык келишим же интеллектуалдык менчик жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка документтер), зарылдык болгон учурда - анын кызыкчылыгын коргоочу адамга укук ээси тарабынан берилген ишеним кат тиркелет.

Арыз ээси анын пикири боюнча интеллектуалдык менчик объектине карата укук ээсинин укугун бузуу фактысын ырастоого жарай турган товарлардын үлгүлөрүн жана (же) башка маалыматтарды арызга тиркеши мүмкүн.

3. Арызга укук ээсинин товарларды чыгарып берүүнү токтотууга байланыштуу декларантка, менчик ээсине, товарларды алуучуларга же башка жактарга мүлктүк зыяндын ордун толтуруу жөнүндө милдеттенмеси (жазуу жүзүндөгү) тиркелет.

4. Арыз ээси берген маалыматтардын туура экенин текшерүү максатында бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арыз келип түшкөн күндөн тартып он күндүн ичинде интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан берилген маалыматты ырастоочу документтерди сурап алууга укуктуу. Суралган документтер суроо-талап алынган күндөн тартып он жумушчу күндүн ичинде берилүүгө тийиш.

5. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арыз келип түшкөн күндөн тартып бир айдан ашпаган мөөнөттө арызды карайт жана арызда көрсөтүлгөн интеллектуалдык менчик объекттерин бажы реестрине киргизүү жөнүндө же арызда көрсөтүлгөн интеллектуалдык менчик объекттерин бажы реестрине киргизүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.

Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арыз ээсине суроо-талапты жөнөткөн учурда, көрсөтүлгөн бир айлык мөөнөт жооп алынганга чейин токтотуп турулат. Мында арызды кароонун жаппы мөөнөтү үч айдан ашпоого тийиш.

Кабыл алынган чечим жөнүндө бул чечим кабыл алынган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде арыз ээсине жазуу жүзүндө билдирилет.

Арыз ээсинен суралган документтер берилбеген учурда арыз чакыртып алынды деп эсептелет жана андан ары каралбайт, бул туурасында жазуу жүзүндө же электрондук формада арыз ээсине билдирилет.

6. Эгерде берилген документтер интеллектуалдык менчик объектине карата укуктун арыз ээсине таандык экенин ырастабаса же арыз ээси анык эмес маалыматтарды берсе, интеллектуалдык менчик объектин интеллектуалдык менчик объекттеринин бажы реестрине киргизүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынат.

7. Арызда же ага тиркелген документтерде көрсөтүлгөн маалыматтар өзгөргөн учурда арыз ээси бул тууралуу бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга билдирет.

8. Товарларды чыгарып берүүнү токтотууга байланыштуу чыгымдарды камсыздоодо арыз ээси бажы реестрине интеллектуалдык менчик объектин киргизүү тууралуу чечимди алган күндөн тартып он жумушчу күндүн ичинде товарларды чыгарып берүүнү токтотууга байланыштуу мүлктүк зыян келтиргендиги үчүн жоопкерчиликти камсыздандыруу келишимин берүүгө милдеттүү. Камсыздандыруу суммасы 7000 (жети миң) эсептик көрсөткүчтөн кем болбоого тийиш.

Арыз ээси интеллектуалдык менчик объектин интеллектуалдык менчик объекттеринин бажы реестрине киргизүү мөөнөтүнө камсыздандыруу келишимин берүү боюнча чараларды көрөт.

193-берене. Интеллектуалдык менчик объекттеринин бажы реестри

1. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган товарларды чыгарып берүүнү токтотууга байланыштуу чараларды көрүү үчүн интеллектуалдык менчик объекттеринин бажы реестрин жүргүзөт.

2. Интеллектуалдык менчик объекттеринин бажы реестрине киргизүү үчүн арыз ээси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген өлчөмдө жыйым төлөөгө милдеттүү.

3. Бажы реестрине бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тиешелүү чечим кабыл алган интеллектуалдык менчик объекттери киргизилет.

4. Интеллектуалдык менчик объекти бажы реестринен төмөнкүдөй учурларда алып салынат:

1) арыз ээси жазуу жүзүндө кайрылганда;

2) интеллектуалдык менчик объектин коргоо мөөнөтүн узартуу үчүн жыйым төлөнбөгөндө;

3) интеллектуалдык менчик объектин укуктук коргоо токтотулганда.

5. Төмөнкүдөй маалыматтар келип түшкөндө интеллектуалдык менчик объекттеринин бажы реестрине өзгөртүүлөрдү же толуктоолорду киргизүүгө жол берилет:

1) укук ээсинен (анын өкүлүнөн) - интеллектуалдык менчик объектин бажы реестрине киргизүү жөнүндө арызда көрсөтүлгөн маалыматты же аларга тиркелген документтерди өзгөртүү тууралуу;

2) кызыкдар жактардан - соттун чечими күчүнө киришинин негизинде интеллектуалдык менчик объекттеринин бажы реестринде укук ээси катары көрсөтүлгөн жактардын интеллектуалдык менчик объектине укугу чектелгендиги же мындай укугунан ажыратылгандыгы тууралуу.

Интеллектуалдык менчик объекттеринин бажы реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүү бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечиминин негизинде жүзөгө ашырылат.

194-берене. Интеллектуалдык менчик обьекттерине карата укуктарды бажы органдары тарабынан коргоо мөөнөтү

Бажы контролу жүзөгө ашырылып жатканда коргоону колдонуунун мөөнөтү интеллектуалдык менчик объектин бажы реестрине киргизүү жөнүндө бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими чыккан күндөн тартып, арызга тиркелген документтерди колдонуу мөөнөтүн, ошондой эле арызда укук ээси тарабынан көрсөтүлгөн мөөнөттү эске алганда эки жылдан ашпайт.

Укуктарды коргоону колдонуунун мөөнөтү арыз ээсинин арызынын негизинде, ушул главанын талаптары аткарылган шартта ар бир жолу эки жылга чектелбеген санда узартылышы мүмкүн. Коргоону колдонуу мөөнөтүн узартуу үчүн арыз ээси 25 (жыйырма беш) эсептик көрсөткүч өлчөмүндө жыйым төлөөгө милдеттүү.

Укук ээсинин интеллектуалдык менчик объектине карата укуктарын бажы органдары тарабынан коргоонун мөөнөтү укук ээсинин тиешелүү интеллектуалдык менчик объектине карата айрыкча укуктарын колдонуунун мөөнөтүнөн ашпоого тийиш.

35-глава. Бажы органдары дайындоочу бажы экспертизасы

195-берене. Бажы экспертизасын дайындоо жана жүргүзүү

1. Бажы органдары тарабынан бажы операцияларын жүргүзүүдө жана (же) бажы контролун жүргүзүүдө келип чыккан маселелерди чечүү үчүн атайын жана (же) илимий билим талап кылынган учурларда бажы органдары бажы экспертизасын дайындайт.

2. Бажы экспертизасын ыйгарым укуктуу бажы органы же башка ыйгарым укуктуу эксперттик уюм жүргүзөт.

3. Бажы экспертизасын дайындоо жана бажы экспертизасын жүргүзүү, аны жүргүзүүнүн мөөнөтү жана тартиби ушул главанын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен Кодекстин 53-главасына ылайык ишке ашырылат.

4. Бажы экспертизасын дайындоо жөнүндө бажы органынын чечими бажы органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан кабыл алынат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипке ылайык жол-жоболонот.

5. Бажы экспертизасын жүргүзүү үчүн зарыл болгон товарлардын сынамыктары жана (же) үлгүлөрү аларды изилдөө мүмкүнчүлүгүн камсыз кыла турган минималдык санда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте алынат.

6. Бажы экспертизасы аяктагандан кийин аны жүргүзүүдө чыгымдалбаган товарлардын сынамыктары жана (же) үлгүлөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мындай товарлардын сынамыктарын жана үлгүлөрүн көмүүгө, жок кылууга жана утилдештирүүгө тийиш болгон учурларды кошпогондо, бажы экспертизасын дайындаган бажы органдары тарабынан декларантка же товарларга карата ыйгарым укуктарга ээ болгон башка жакка, ал эми эл аралык почта жөнөтмөлөрүндө ташылган товарлардын сынамыктарын жана (же) үлгүлөрүн тандоодо - почталык байланыштын дайындалган операторуна кайра кайтарылып берилет.

7. Бажы, транспорттук (ташуучулук), коммерциялык жана башка документтерге, идентификациялоо каражаттарына карата бажы экспертизасын жүргүзүү үчүн бажы органдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте мындай документтерди жана идентификациялоо каражаттарын алып коёт. Бажы, транспорттук (ташуучулук), коммерциялык жана башка документтерди, идентификациялоо каражаттарын алып коюуда документтерди, идентификациялоо каражаттарын алып коюу жөнүндө акт түзүлөт, анын формасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

VIII БӨЛҮМ. БАЖЫ ИШИ ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ ИШ. ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ЭКОНОМИКАЛЫК ОПЕРАТОР

36-глава. Бажы иши чөйрөсүндөгү иш жөнүндө жалпы жоболор

196-берене. Бажы иши чөйрөсүндөгү иш

1. Бажы иши чөйрөсүндөгү иш болуп бажы өкүлдөрү, бажы жүк ташуучулары, убактылуу сактоочу кампанын ээси, бажы кампаларынын ээси, эркин кампалардын ээси жана алымсыз соода дүкөндөрүнүн ээси катары кызматтарды көрсөтүүгө байланышкан жактардын бажы органдары тарабынан контролдонуучу жана Кодекс менен жөнгө салынуучу, ал эми Кодекс менен жөнгө салынбаган бөлүгүндө бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынуучу иш эсептелет.

2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн жана бажы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бажы өкүлдөрүнүн реестрине, бажы жүк ташуучуларынын реестрине, убактылуу сактоо кампаларынын ээлеринин реестрине, бажы кампаларынын ээлеринин реестрине, эркин бажы кампаларынын ээлеринин реестрине, алымсыз соода дүкөндөрүнүн ээлеринин реестрине (мындан ары - бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактардын реестри) киргизилген юридикалык жактар бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашырууга укуктуу.

3. Бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашырууга талаптанган юридикалык жактарды бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүүнүн шарттары жана бул реестрден чыгаруунун негиздери бажы иши чөйрөсүндөгү аракеттин ар бир түрүнө карата ушул бөлүмдө аныкталат.

4. Бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашырууга талаптанган юридикалык жактарды бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактардын реестрлерине киргизүү тартиби, мындай реестрлерге өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби, мындай реестрлерге киргизилген юридикалык жактарды алардан чыгаруу тартиби, ошондой эле мындай жактардын ишин токтотуунун жана кайра жандандыруунун негиздери жана тартиби ушул бөлүмдө аныкталат.

5. Бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүүгө талаптанган юридикалык жактарга карата аларды реестрге киргизүү шарттарынын сакталышын текшерүүдө, ошондой эле бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизилген юридикалык жактардын ишин контролдоодо, Кодекстин VI бөлүмүндө жана ушул Мыйзамдын VI бөлүмүндө каралган, бажы контролун жүргүзүүнү камсыз кылуучу бажы контролу формалары жана чаралары колдонулушу мүмкүн.

197-берене. Бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактарды реестрге киргизүүнүн жана бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактарды реестрден чыгаруунун тартиби

1. Бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактар ушул Мыйзамдын 207, 212, 217, 222, 227 жана 232-беренелеринде белгиленген шарттар сакталган учурда бажы иши чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашырууга талаптанган юридикалык жактын ушул Мыйзамдын 198-беренесинде каралган маалыматты камтыган жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан реестрге киргизилет.

2. Арызга анда көрсөтүлгөн маалыматтарды ырастоочу документтер тиркелет, алар түп нускалар же белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөр түрүндө берилет. Документтер мамлекеттик тилде же болбосо расмий тилде берилет.

Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган үчүнчү жактардан, ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдардан арыз ээси көрсөткөн маалыматтарды ырастоочу документтерди сурап алууга укуктуу.

Арызды кароонун натыйжалары боюнча арыз ээсинин талабы менен бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берилген документтердин түп нускасын арыз ээсине кайра кайтарып берүүгө милдеттүү.

3. Бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактарды реестрлерге киргизүү бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечиминин (жазуу жүзүндөгү) негизинде жана мындай реестрлерге киргизилгендиги жөнүндө күбөлүктү акысыз негизде берүү менен ырасталат.

Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактарды реестрлерге киргизүү жөнүндө кабыл алган чечими тиешелүү арызды берген адамга карата гана жарактуу болот жана мөөнөтсүз болуп эсептелет.

4. Бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактарды реестрлерден чыгаруу жөнүндө чечим ушул Мыйзамда каралган негиздер боюнча кабыл алынат.

198-берене. Бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүү үчүн зарыл маалыматтар

1. Бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактардын реестрлерине киргизүү жөнүндө арызда арыз ээсинин аталышы, уюштуруу-укуктук формасы, жайгашкан жери, ошондой эле толук түзүлгөн уставдык капиталынын өлчөмү жөнүндө маалыматтар камтылууга тийиш.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жалпы маалыматтардан сырткары арыз ээси төмөнкүдөй кошумча маалыматтарды берет:

1) бажы өкүлү катары ишти жүзөгө ашырууда:

а) ташып чыгаруу бажы алымдары салынбаган жана экспорттун бажы жол-жобосуна жайгаштырылган товарларга карата бажы операцияларын жүргүзүү менен өзүнүн иш чөйрөсүн чектөө ниети жөнүндө маалыматты (ташып чыгаруу бажы алымдары салынбаган жана экспорттун бажы жол-жобосуна жайгаштырылган товарларга карата бажы операцияларын жүргүзүү менен өзүнүн иш чөйрөсүн чектөө ниети болгон учурда);

б) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталуучу камсыздандыруу суммасына бажы өкүлүнүн жарандык жоопкерчилигинин тобокелдигин камсыздандыруу келишиминин бар экени жөнүндө маалыматты, мындай жоопкерчилик ал өкүлү болгон жактардын мүлкүнө зыян келтирүүнүн же көрсөтүлгөн жактар менен келишимдин бузулушунун натыйжасында келип чыгышы мүмкүн;

в) бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жактардын милдеттенмелеринин аткарылышын камсыздоонун ыкмасы жана өлчөмү жөнүндө маалыматты;

г) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген квалификациялык талаптарга ылайык келе турганын ырастоочу документи бар кеминде эки кызматкердин штатта бар экени жөнүндө маалыматты;

д) бажы органдарынын талабы боюнча отчеттуулуктарды берүү милдеттенмелери жөнүндө маалыматты;

е) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгилениши мүмкүн болгон башка талаптарга ылайык келиши жана башка шарттардын сакталышы жөнүндө маалыматты;

2) бажы жүк ташуучусу катары ишти жүзөгө ашырууда:

а) бажы чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылган күнгө карата кеминде эки жылдын ичинде жүк ташуу боюнча ишти жүзөгө ашырганы жөнүндө маалыматты;

б) бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жактын милдеттеринин аткарылышын камсыздоонун ыкмасы жана өлчөмү жөнүндө маалыматты;

в) эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүк ташуу ишине уруксат берүүчү документтин болушу талап кылынса, иштин бул түрүнө мындай документтин бар экени жөнүндө маалыматты;

г) товарларды ташуу үчүн колдонулган, анын ичинде бажы пломбалары жана мөөрлөрү коюлган товарларды ташуу үчүн жарактуу болгон, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган критерийлерге ылайык транспорттук каражаттарды ыңгайлаштыруу жана жабдуу боюнча конкреттүү талаптарга жооп берген, менчикте, чарбалык карамакта, ыкчам башкарууда же ижарада турган транспорттук каражаттар жөнүндө маалыматты;

д) бажы органдарынын маалыматтык системаларына техникалык жактан туура келген маалыматтык системалардын бар экени жөнүндө маалыматты;

е) бажы органдарынын талабы боюнча отчеттуулуктарды берүү милдеттенмеси жөнүндө маалыматты;

ж) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгилениши мүмкүн болгон башка талаптарга ылайык келиши жана башка шарттардын сакталышы жөнүндө маалыматты;

3) убактылуу сактоочу кампанын ээси катары ишти жүзөгө ашырууда:

а) убактылуу сактоочу кампа катары колдонууга арналган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген талаптарга жооп берген курулмалардын, орун-жайлардын (орун-жайлардын бөлүктөрүнүн) жана (же) ачык аянтчалардын менчикте, чарбалык карамакта, ыкчам башкарууда же ижарада тургандыгы жөнүндө маалыматты. Эгерде курулмалар, орун-жайлар (орун-жайлардын бөлүктөрү) жана (же) ачык аянтчалар убактылуу сактоочу кампалардын ээсинин реестрине киргизүү жөнүндө арыз берилген күнгө карата ижарада болсо, мындай курулмаларга, орун-жайларга (орун-жайлардын бөлүктөрүнө) жана (же) ачык аянтчаларга карата ижара келишими бир жылдан кем эмес мөөнөткө түзүлүүгө тийиш;

б) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталуучу камсыздандыруу суммасына убактылуу сактоочу кампанын ээсинин жарандык жоопкерчилигинин тобокелдигин камсыздандыруу келишиминин бар экени жөнүндө маалыматты, мындай жоопкерчилик башка жактардын сактоодо турган товарларына зыян келтирүүнүн же башка жактар менен сактоо келишимдеринин башка шарттарынын бузулушунун натыйжасында келип чыгышы мүмкүн;

в) бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жактын милдеттеринин аткарылышын камсыздоонун ыкмасы жана өлчөмү жөнүндө маалыматты;

г) бажы органдарынын маалыматтык системаларына техникалык жактан туура келген маалыматтык системалардын бар экени жөнүндө маалыматты;

д) бажы органдарынын талабы боюнча отчеттуулуктарды берүү милдеттенмеси жөнүндө маалыматты;

е) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгилениши мүмкүн болгон башка талаптарга ылайык келиши жана башка шарттардын сакталышы жөнүндө маалыматты;

4) бажы кампасынын ээси катары бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашырууда:

а) бажы кампасынын тиби жөнүндө маалыматты, ошондой эле жабык типтеги бажы кампасы түзүлгөн учурдагы негиздемени;

б) бажы кампасы катары колдонууга арналган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген талаптарга жооп берген курулмалардын, орун-жайлардын (орун-жайлардын бөлүктөрүнүн) жана (же) ачык аянтчалардын менчикте, чарбалык карамакта, ыкчам башкарууда же ижарада тургандыгы жөнүндө маалыматты. Эгерде курулмалар, орун-жайлар (орун-жайлардын бөлүктөрү) жана (же) ачык аянтчалар бажы кампаларынын ээлеринин реестрине киргизүү жөнүндө арыз берилген күнгө карата ижарада турса, мындай курулмаларга, орун-жайпарга (жайлардын бөлүктөрүнө) жана (же) ачык аянтчаларга карата ижара келишими үч жылдан кем эмес мөөнөткө түзүлүүгө тийиш;

в) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталуучу камсыздандыруу суммасына бажы кампасынын ээсинин жарандык жоопкерчилигинин тобокелдигин камсыздандыруу келишиминин бар экени жөнүндө маалыматты (ачык типтеги бажы кампаларынын ээлери катары бажы кампаларынын ээлеринин реестрине киргизилүүгө талаптанган юридикалык жактар үчүн), мындай жоопкерчилик башка жактардын сактоодо турган товарларына зыян келтирүүнүн же башка жактар менен сактоо келишиминин башка шарттарынын бузулушунун натыйжасында келип чыгышы мүмкүн;

г) бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жактын милдеттеринин аткарылышын камсыздоонун ыкмасы жана өлчөмү жөнүндө маалыматты;

д) бажы органдарынын маалыматтык системаларына техникалык жактан туура келген, бажы контролунда турган товарларды эсепке алуунун жана контролдоонун маалыматтык системаларынын бар экени жөнүндө маалыматты;

е) бажы органдарынын талабы боюнча отчеттуулуктарды берүү милдеттенмеси жөнүндө маалыматты;

ж) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгилениши мүмкүн болгон башка талаптарга ылайык келиши жана башка шарттардын сакталышы жөнүндө маалыматты;

5) эркин кампанын ээси катары бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашырууда:

а) эркин кампа катары колдонууга арналган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген талаптарга жооп берген курулмалардын, орун-жайлардын (орун-жайлардын бөлүктөрүнүн) жана (же) ачык аянтчалардын менчикте, чарбалык карамакта, ыкчам башкарууда же ижарада тургандыгы жөнүндө маалыматты. Эгерде курулмалар, орун-жайлар (орун-жайлардын бөлүктөрү) жана (же) ачык аянтчалар эркин кампалардын ээлеринин реестрине киргизүү жөнүндө арыз берилген күнгө карата ижарада турса, мындай курулмаларга, жайларга (жайлардын бөлүктөрүнө) жана (же) ачык аянтчаларга карата ижара келишими үч жылдан кем эмес мөөнөткө түзүлүүгө тийиш (башка мөөнөттү белгилөө мүмкүнчүлүгү бар);

б) бажы операцияларын жүргүзүүдө бажы органдарына берилген маалыматтарды бажы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген талаптарга ылайык чарбалык операцияларды жүргүзүү жөнүндө маалыматтар менен салыштырууга мүмкүндүк бере турган, товарларды эсепке алуу системасынын бар экени жөнүндө маалыматты;

в) Кыргыз Республикасынын салык органдарында салык төлөөчү катары каттоосу бар экени жана салыктар боюнча карыздарынын жок экени жөнүндө маалыматты;

г) бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жактын милдеттенмелеринин аткарылышын камсыздоонун ыкмасы жана өлчөмү жөнүндө маалыматты;

д) бажы органдарынын талабы боюнча отчеттуулуктарды берүү милдеттенмеси жөнүндө маалыматты;

е) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгилениши мүмкүн болгон башка талаптарга ылайык келиши жана башка шарттардын сакталышы жөнүндө маалыматты;

6) алымсыз соода дүкөнүнүн ээси катары ишти жүзөгө ашырууда:

а) алымсыз соода дүкөнү катары колдонууга арналган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген талаптарга жооп берген курулмалардын, жайлардын (жайлардын бөлүктөрүнүн) жана (же) ачык аянтчалардын менчикте, чарбалык карамакта, ыкчам башкарууда же ижарада тургандыгы жөнүндө маалыматты. Эгерде курулмалар, жайлар (жайлардын бөлүктөрү) жана (же) ачык аянтчалар алымсыз соода дүкөндөрүнүн ээлеринин реестрине киргизүү жөнүндө арыз берилген күнү ижарада турса, мындай курулмаларга, жайларга (жайлардын бөлүктөрүнө) жана (же) ачык аянтчаларга карата ижара келишими алты айдан кем эмес мөөнөткө түзүлүүгө тийиш;

б) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар берген каттоо же чекене соода жүргүзүүгө уруксат берүү документтеринин бар экени жөнүндө маалыматты;

в) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар берген, алымсыз соода дүкөнү катары ишти жүзөгө ашыруу мүмкүндүгүн ырастоочу документтердин бар экени жөнүндө маалыматты;

г) бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жактын милдеттеринин аткарылышын камсыздоонун ыкмасы жана өлчөмү жөнүндө маалыматты;

д) бажы органдарынын маалыматтык системаларына техникалык жактан туура келген, бажы контролунда турган товарларды эсепке алуунун жана контролдоонун маалыматтык системаларынын бар экени жөнүндө маалыматты;

е) бажы органдарынын талабы боюнча отчеттуулуктарды берүү милдеттенмеси жөнүндө маалыматты;

ж) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгилениши мүмкүн болгон башка талаптарга ылайык келиши жана башка шарттардын сакталышы жөнүндө маалыматты.

199-берене. Бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактардын реестрлерине киргизүү үчүн зарыл документтердин тизмеги

1. Бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактардын реестрлерине киргизүү жөнүндө арызга төмөнкүдөй документтер тиркелет;

1) уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү;

2) жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;

3) ачылган банктык эсептер жөнүндө документтер.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жалпы документтерден сырткары арыз ээси тарабынан төмөнкүдөй кошумча документтер берилет:

1) бажы өкүлү катары ишти жүзөгө ашырууда:

а) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталуучу камсыздандыруу суммасына бажы өкүлүнүн жарандык жоопкерчилигинин тобокелдигин камсыздандыруу келишими, мындай жоопкерчилик ал өкүлү болгон жактардын мүлкүнө зыян келтирүүнүн же бул жактар менен келишимдин бузулушунун натыйжасында келип чыгышы мүмкүн;

б) бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жактын милдеттеринин аткарылышын камсыздоо салынгандыгын ырастоочу документтер;

в) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленүүчү квалификациялык талаптарга туура келишин ырастоочу документи бар кызматкерлер менен эмгектик укук мамилелерин жөнгө салуучу документ;

г) бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашырууга талаптанган юридикалык жактын кызматкерлеринин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленүүчү квалификациялык талаптарга туура келишин ырастоочу документтер;

д) бажы органдарынын талабы боюнча отчеттуулуктарды берүү жөнүндө милдеттенме;

е) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгилениши мүмкүн болгон башка шарттардын сакталышы жөнүндө документтер;

2) бажы жүк ташуучусу катары ишти жүзөгө ашырууда:

а) бажы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылган күнгө карата кеминде эки жылдын ичинде жүктөрдү ташуу боюнча ишти жүзөгө ашырганын ырастоочу документтер;

б) бажы чөйрөсүндө иш жүргүзүүчү юридикалык жактын милдеттенмелеринин аткарылышын камсыздоону ырастоочу документтерди;

в) эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, жүктөрдү ташуу ишине уруксат берүүчү документтин болушу талап кылынса, иштин бул түрүнө уруксат берүүчү документтер;

г) товарларды ташуу үчүн колдонулган транспорттук каражаттардын, анын ичинде бажы пломбалары жана мөөрлөрү коюлган товарларды ташуу үчүн жарактуу болгон, ошондой эле кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган критерийлерге ылайык транспорттук каражаттарды ыңгайлаштыруу жана жабдуу боюнча конкреттүү талаптарга жооп берген транспорттук каражаттардын менчикте, чарбалык карамакта, ыкчам башкарууда же ижарада тургандыгын ырастоочу документтер;

д) бажы органдарынын маалыматтык системаларына техникалык жактан туура келген маалыматтык системалардын бар экенин ырастоочу документтер;

е) бажы органдарынын талабы боюнча отчеттуулуктарды берүү жөнүндө милдеттенме;

ж) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгилениши мүмкүн болгон башка талаптарга ылайык келишин жана башка шарттардын сакталышын ырастоочу документтер;

3) убактылуу сактоочу кампанын ээси катары ишти жүзөгө ашырууда:

а) убактылуу сактоочу кампа катары колдонууга арналган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген талаптарга жооп берген курулмалардын, жайлардын (жайлардын бөлүктөрүнүн) жана (же) ачык аянтчалардын менчикте, чарбалык карамакта, ыкчам башкарууда же ижарада тургандыгын ырастоочу документтер. Эгерде курулмалар, жайлар (жайлардын бөлүктөрү) жана (же) ачык аянтчалар убактылуу сактоочу кампалардын ээлеринин реестрине киргизүү жөнүндө арыз берилген күнгө карата ижарада турса, мындай курулмаларга, жайларга (жайлардын бөлүктөрүнө) жана (же) ачык аянтчаларга карата ижара келишими бир жылдан кем эмес мөөнөткө түзүлүүгө тийиш;

б) кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аларды кыскартууларды (чектөөлөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө документтер, ошондой эле убактылуу сактоочу кампа катары колдонууга арналган жайлардын жана (же) ачык аянттардын пландары жана чиймелери;

в) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталуучу камсыздандыруу суммасына убактылуу сактоочу кампанын ээсинин жарандык жоопкерчилигинин тобокелдигин камсыздандыруу келишими, мындай жоопкерчилик башка жактардын сактоодо турган товарларына зыян келтирүүнүн же башка жактар менен сактоо келишимдеринин башка шарттарынын бузулушунун натыйжасында келип чыгышы мүмкүн;

г) бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жактын милдеттеринин аткарылышына камсыздоо салынгандыгын ырастоочу документтер;

д) бажы органдарынын маалыматтык системаларына техникалык жактан туура келген маалыматтык системалардын бар экени жөнүндө документтер;

е) бажы органдарынын талабы боюнча отчеттуулуктарды берүү жөнүндө милдеттенме;

ж) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгилениши мүмкүн болгон башка талаптарга ылайык келишин жана башка шарттардын сакталышын ырастоочу документтер;

4) бажы кампасынын ээси катары ишти жүзөгө ашырууда:

а) бажы кампасы катары колдонууга арналган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген талаптарга жооп берген курулмалардын, жайлардын (жайлардын бөлүктөрүнүн) жана (же) ачык аянтчалардын менчикте, чарбалык карамакта, ыкчам башкарууда же ижарада тургандыгын ырастоочу документтер. Эгерде курулмалар, жайлар (жайлардын бөлүктөрү) жана (же) ачык аянтчалар бажы кампаларынын ээлеринин реестрине киргизүү жөнүндө арыз берилген күнгө карата ижарада турса, мындай курулмаларга, жайларга (жайлардын бөлүктөрүнө) жана (же) ачык аянтчаларга карата ижара келишими үч жылдан кем эмес мөөнөткө түзүлүүгө тийиш;

б) кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аларды кыскартууларды (чектөөлөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө документтер, ошондой эле бажы кампасы катары колдонууга арналган жайлардын жана (же) ачык аянттардын пландары жана чиймелери;

в) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталуучу камсыздандыруу суммасына бажы кампасынын ээсинин жарандык жоопкерчилигинин тобокелдигин камсыздандыруу келишими (ачык типтеги бажы кампаларынын ээлери катары бажы кампаларынын ээлеринин реестрине киргизилүүгө талаптанган юридикалык жактар үчүн), мындай жоопкерчилик башка жактардын сактоодо турган товарларына зыян келтирүүнүн же башка жактар менен сактоо келишимдеринин башка шарттарынын бузулушунун натыйжасында келип чыгышы мүмкүн;

г) бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жактын милдеттеринин аткарылышын камсыздоо салынгандыгын ырастоочу документтер;

д) бажы органдарынын маалыматтык системаларына техникалык жактан туура келген, бажы контролунда турган товарларды эсепке алуунун жана контролдоонун маалыматтык системаларынын бар экенин ырастоочу документтер;

е) бажы органдарынын талабы боюнча отчеттуулуктарды берүү жөнүндө милдеттенме;

ж) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгилениши мүмкүн болгон башка талаптарга ылайык келишин жана башка шарттардын сакталышын ырастоочу документтер;

5) эркин кампанын ээси катары ишти жүзөгө ашырууда:

а) эркин кампа катары колдонууга арналган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген талаптарга жооп берген курулмалардын, жайлардын (жайлардын бөлүктөрүнүн) жана (же) ачык аянтчалардын менчикте, чарба карамакта, ыкчам башкарууда же ижарада тургандыгын ырастоочу документтер;

б) Кыргыз Республикасынын салык органдарында салык төлөөчү катары катталгандыгын жана салыктар боюнча карыздарынын жок экенин ырастоочу документтер;

в) бажы операцияларын жүргүзүүдө бажы органдарына берилген маалыматтарды бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген талаптарга ылайык чарбалык операцияларды жүргүзүү жөнүндө маалыматтар менен салыштырууга мүмкүндүк берүүчү, товарларды эсепке алуу системасынын бар экенин ырастоочу документтер;

г) эркин кампаны түзүү максаттарын жана өбөлгөлөрүн, эркин кампаны түзүү үчүн зарыл болгон ресурстарды, ошондой эле эркин кампаны түзүү жана иштетүү боюнча уюштуруучулук иш-чараларын өзүндө камтыган, эркин кампаны түзүүнүн максатка ылайыктуулугу жөнүндө техникалык-экономикалык негиздеме;

д) эркин кампанын иштөө убактысы жөнүндө жана эркин кампада жайгашкан товарлар менен жүргүзүлүүчү операциялар жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен юридикалык жак бекиткен эркин кампанын иштөө схемалары;

е) бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жактын милдеттеринин аткарылышын камсыздоо салынгандыгын ырастоочу документтер;

ж) бажы органдарынын талабы боюнча отчеттууларды берүү жөнүндө милдеттенме;

з) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгилениши мүмкүн болгон башка талаптарга ылайык келишин жана башка шарттардын сакталышын ырастоочу документтер;

б) алымсыз соода дүкөнүнүн ээси катары ишти жүзөгө ашырууда:

а) алымсыз соода дүкөнү катары колдонууга арналган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген талаптарга жооп берген курулмалардын, жайлардын (жайлардын бөлүктөрүнүн) жана (же) ачык аянтчалардын менчикте, чарбалык карамакта, ыкчам башкарууда же ижарада тургандыгын ырастоочу документтер;

б) алымсыз соода дүкөнү катары колдонууга арналган жайлардын пландары жана чиймелери;

в) каттоо жана чекене соода жүргүзүүгө уруксат берүү документтерин, эгерде аларды алуу милдети Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган болсо;

г) алымсыз соода дүкөнү катары иштөө мүмкүнчүлүгүн ырастоочу, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан берилген документтер;

д) бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жактын милдеттеринин аткарылышын камсыздоо салынгандыгын ырастоочу документтер;

е) бажы органдарынын маалыматтык системаларына техникалык жактан туура келген, бажы контролунда турган товарларды эсепке алуунун жана контролдоонун маалыматтык системаларынын бар экенин ырастоочу документтер;

ж) бажы органдарынын талабы боюнча отчеттуулуктарды берүү жөнүндө милдеттенме;

з) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгилениши мүмкүн болгон башка талаптарга ылайык келишин жана башка шарттардын сакталышын ырастоочу документтер.

3. Алымсыз соода дүкөндөрүнүн ээлеринин реестрине киргизилүүгө талаптанган жактын жүйөлүү сурамы боюнча, ушул берененин 2-бөлүгүнүн 6-пунктунун "в" пунктчасында каралган документтер алымсыз соода дүкөндөрүнүн ээлеринин реестрине киргизилгенден кийин берилиши мүмкүн.

200-берене. Бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүү жөнүндө (киргизүүдөн баш тартуу жөнүндө) чечим

1. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүү жөнүндө чечимди документтерди кароонун мөөнөтүн кошуп алганда, аны кабыл алуу үчүн зарыл болгон бардык документтер катталган күндөн тартып он беш жумушчу күндөн кечиктирбестен кабыл алат.

Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүүдөн төмөнкүдөй учурларда баш тартат:

1) эгерде ушул главада каралган бардык документтер жана маалыматтар берилбесе;

2) арыз ээси ушул Мыйзамдын 207, 212, 217, 222, 227 жана 232-беренелеринде каралган шарттарды сактабаса.

2. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арыз ээсине чечим кабыл алынган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде кабыл алынган чечим жөнүндө кабарлоого милдеттүү.

Бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүүдөн баш тартуу жөнүндө кабарлама баш тартуунун себебин көрсөтүү менен арыз ээсине же анын өкүлүнө жазуу жүзүндө жиберилет (тапшырылат).

3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүүдөн баш тартуусу ушул Мыйзамдын 29-главасында белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.

201-берене. Бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүү жөнүндө чечимдин колдонуу мөөнөтүн токтотуп туруу. Бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактарды бажы чөйрөсүндө иш жүргүзүүчү жактардын реестринен чыгаруу

1. Чоң зыянга алып келбеген бир жолку бузуу үчүн, бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүү шарттарын бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактын сактабагандыгы үчүн бул жак жазуу жүзүндө эскертилүүгө тийиш.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүнө ылайык жазуу жүзүндө эскертүү берилген жак ушул Мыйзамдын талаптарын аткарбаган учурда, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактын ишин үч айга чейинки мөөнөткө токтотуп турат.

Бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүү жөнүндө чечимдин колдонулушу анын колдонулушун токтотуп турууга негиз болгон себептер четтетилген шарттарда кайра жандандырылат.

Чечимдин колдонулушу токтотуп турулган мезгилде:

товарларды убактылуу сактоо кампасына, бажы кампасына, эркин кампага, алымсыз соода дүкөнүнө жайгаштырууга жол берилбейт;

товарлардын сакталышын камсыз кылуу үчүн бажы органынын уруксаты менен жүргүзүлүүчү зарыл операцияларды кошпогондо, убактылуу сактоо кампасына, бажы кампасына, алымсыз соода дүкөнүнө жайгаштырылган товарлар менен кандайдыр бир операцияларды жүргүзүүгө жол берилбейт;

бажы кампасында жана алымсыз соода дүкөнүндө товарларды сатууга тыюу салынат.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кодекстин 397-беренесинин 4-пунктунун экинчи абзацына ылайык, бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактардын ишин токтотуп туруу үчүн кошумча негиздерди белгилеши мүмкүн.

4. Бажы чөйрөсүндө иш жүргүзүүчү жактар бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ушул Мыйзамдын 208, 213, 218, 223, 228 жана 233-беренелеринде белгиленген негиздер боюнча бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактардын реестринен чыгарылат.

5. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактардын реестринен чыгаруу жөнүндө чечимди кабыл алуусу реестрге киргизүү жөнүндө күбөлүктү чакыртып алууга алып келет.

Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактардын реестринен бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактарды чыгаруу жөнүндө чечими мындай чечимди кабыл алган күндөн тартып күчүнө кирет.

Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактардын реестринен бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактарды чыгаруу жөнүндө чечимди кабыл алган күндөн тартып үч жумушчу күндөн кечиктирбестен, мындай чечимдин жүйөлөнгөн негиздерин көрсөтүү менен, мындай чечим кабыл алынган жакка жазуу жүзүндө жеткирет. Аталган чечим ошол жактын жетекчисине же башка өкүлүнө кол койдурулуп же бул чечимдин алынган жана берилген фактысын ырастоочу башка ыкма менен тапшырылат. Эгерде жогоруда көрсөтүлгөн жактар чечимди алуудан баш тартса, ал почта аркылуу тапшырык кат менен жөнөтүлөт. Тапшырык катты тапшыргандыгы жөнүндө почта кызматы кабарлаган күн чакыртып алуу жөнүндө кабыл алынган чечим жөнүндө жакты кабарлаган күн болуп эсептелет.

6. Бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүү жөнүндө кайталап берилген арыз чакыртып алууга негиз болгон себептер ушул Мыйзамдын 200-беренесинин 1-бөлүгүндө белгиленген мөөнөттө четтетилген шарттарда гана каралышы мүмкүн.

202-берене. Бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактардын реестрлерине киргизүү жөнүндө чечимди кайра жол-жоболоо

1. Жактын уюштуруучулук-укуктук формасы же жайгашкан жери өзгөрбөстөн, анын аталышы өзгөргөн учурда бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жак көрсөтүлгөн маалыматтарды тастыктоочу тийиштүү документтерди тиркөө менен бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүү жөнүндө чечимди кайра кароо тууралуу арызын берүүгө тийиш.

Чечимди кайра жол-жоболоо жөнүндө арызды арыз ээси кайра жол-жоболоого негиз болуп эсептелген жагдайлар келип чыккан учурдан тартып беш жумушчу күндүн ичинде берет.

2. Чечимди кайра жол-жоболоодо бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизет. Мында мурда берилген чечим менен күбөлүк жокко чыгарылат. Жаңы кабыл алынган күбөлүккө реестрдин жаңы каттоо номери ыйгарылат жана берилген датасы көрсөтүлөт.

Күбөлүктү алганга чейинки кайра жол-жоболоо мезгилинде бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жак мурда кабыл алынган чечимдин жана күбөлүктүн белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүнүн негизинде иштейт.

Бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жак тийиштүү арызды жана документтерди берген күндөн тартып он беш жумушчу күндүн ичинде бажы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан чечим кайра таризделет.

3. Бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактан ушул беренеде каралбаган башка негиздер боюнча чечимди кайра жол-жоболоону талап кылууга тыюу салынат.

203-берене. Бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактардын реестри

1. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактардын реестрлерин ушул Мыйзамда белгиленген тартипте түзөт жана алып барат жана аны бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына кеминде бир айда бир жолу жайгаштырат.

2. Бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактардын реестринде камтылган маалыматтар Комиссия тарабынан аныкталуучу, бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактардын реестринде камтылган маалыматтарды берүүнүн техникалык шарттарын эске алуу менен, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.

3. Реестрге өзгөртүү киргизүү жол-жобосу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан тиешелүү чечим кабыл алган күндөн тартып он беш жумушчу күндөн ашпоого тийиш.

204-берене. Бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жактын милдеттеринин аткарылышын камсыздоо

1. Бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жактын милдеттеринин аткарылышын камсыздоо жөнүндө жаппы жобо Кодекстин 399-беренесинде белгиленген.

2. Бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жактын милдеттеринин аткарылышын камсыздоо, ушул Мыйзамга ылайык, мындай камсыздоо бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактарды реестрге киргизүүнүн шарты болуп эсептелген учурда берилет.

3. Бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жактын милдеттеринин аткарылышын камсыздоо бажы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашырууга талаптанган юридикалык жак тарабынан берилет.

4. Бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жактын милдеттеринин аткарылышы ушул Мыйзамдын 64-беренесинде белгиленген ыкмалар менен камсыздалат.

5. Бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жактын милдеттеринин аткарылышын камсыздоо үчүн мындай жак Мыйзамдын 64-беренесинде белгиленген кайсы болбосун ыкманы тандоого укуктуу.

6. Бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жактын милдеттеринин аткарылышы ага камсыздоону берген юридикалык жактын тандоосу боюнча бир канча ыкмалар менен камсыздалышы мүмкүн.

7. Эгерде бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактын милдеттеринин аткарылышын алмашылып жаткан камсыздоого Кодекстин 11-главасына, 77 жана 270-беренелерине жана ушул Мыйзамдын 77-беренесине ылайык өндүрүп алуу багытталбаса, бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жактын милдеттеринин аткарылышын камсыздоо берип жаткан юридикалык жак камсыздоонун бир ыкмасын бажы чөйрөсүндө иш жүргүзүүчү юридикалык жактын милдеттеринин аткарылышын камсыздоонун башка ыкмасы менен алмаштырууга укуктуу.

8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жактын милдеттеринин аткарылышын камсыздоо ыкмаларын колдонуунун тартибин, камсыздоонун бир ыкмасын башкасы менен алмаштыруунун тартибин, ошондой эле мындай камсыздоо жүргүзүлгөн валютаны белгилейт.

9. Бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жактын Кодекстин 399-беренесинин 13-пунктунда белгиленген учурларда бажы алымдарын, салыктарды, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды, туумдарды, пайыздарды төлөө боюнча белгиленген мөөнөттө аткарылбаган милдеттенмелери болбогон учурда мындай жакка Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте милдеттеринин аткарылышын камсыздоо кайра кайтарылат.

205-берене. Бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жактардын жоопкерчилиги

Бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдердин жана актылардын, бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аткарбагандыгы үчүн бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

37-глава. Бажы өкүлү

206-берене. Бажы өкүлүнүн иши

1. Бажы өкүлү бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерге жана актыларга, бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык декларанттын же башка кызыкдар жактардын атынан жана алардын тапшырмасы боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында бажы операцияларын жүргүзөт.

2. Бажы өкүлүнүн декларанттар же башка кызыкдар жактар менен мамилелери келишимдик негизде түзүлөт.

3. Түздөн-түз бажы операцияларын жүргүзүүчү бажы өкүлүнүн кызматкерлерине квалификациялык талаптарды жана мындай адамдарга бул квалификациялык талаптарга алардын ылайык келишин ырастоочу документти берүү шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

207-берене. Бажы өкүлдөрүнүн реестрине киргизүү шарттары

Бажы иши чөйрөсүндө бажы өкүлү катары ишти жүзөгө ашырууга талаптанган юридикалык жакты бажы өкүлдөрүнүн реестрине киргизүүнүн шарттары болуп төмөнкүлөр саналат:

1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталуучу камсыздандыруу суммасына бажы өкүлүнүн жарандык жоопкерчилигинин тобокелдигин камсыздандыруу келишиминин бар экени, мындай жоопкерчилик ал өкүлү болгон жактардын мүлкүнө зыян келтирүүнүн же көрсөтүлгөн жактар менен келишимдин бузулушунун натыйжасында келип чыгышы мүмкүн;

2) бажы иши чөйрөсүндө Комиссия аныктаган өлчөмдө ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жактын милдеттеринин аткарылышын камсыз кылуу, ал эми бажы өкүлү катары иштөө чөйрөсү ташып чыгуу бажы алымдары алынбаган жана экспорттоо бажы жол-жобосу астында жайгаштырылган товарларга карата бажы операцияларын жүргүзүү менен чектелген юридикалык жакка карата - 10000 (он миң) эсептик көрсөткүч өлчөмүндө чектелет;

3) бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бажы өкүлдөрүнүн реестрине киргизүү жөнүндө кайрылган күнгө карата бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды, туумдарды, пайыздарды төлөө боюнча белгиленген мөөнөттө аткарылбаган милдеттердин жок экени;

4) ушул жактын штатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленүүчү квалификациялык талаптарга туура келе турганын ырастоочу документтери бар кемиңде эки кызматкердин бар экени;

5) бажы органдарынын маалыматтык системаларына техникалык жактан туура келген маалыматтык системалардын бар экени;

6) арыз берилген күнгө карата бир жылдын ичинде бажы иши чөйрөсүндө укук бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылган жана (же) укук бузгандыгы жана кылмыш жасагандыгы үчүн жазыктык жоопкерчиликке тартылган фактылардын жоктугу;

7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгилеген формада бажы органдарынын талабы боюнча отчеттуулуктарды берүү жөнүндө милдеттенме;

8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленүүчү башка шарттар.

208-берене. Бажы өкүлдөрүнүн реестринен чыгаруу үчүн негиздер

1. Бажы өкүлүн бажы өкүлдөрүнүн реестринен чыгаруу үчүн негиз болуп төмөнкүлөр эсептелет:

1) Кодекстин 403-беренесинин 1-пунктунун 1-5-пунктчаларында каралган негиздер;

2) белгиленген тартипте күчүнө кирген сот өкүмүнүн негизинде жазыктык жоопкерчиликтин бар болушу;

3) бир жылдын ичинде бажы өкүлүнүн бажы иши чөйрөсүндө үч же андан көп бузууларды жасагандыгы;

4) ал өкүлү болгон жактарга залал келтирилгендиги, анын ичинде коммерциялык сырды түзгөн же купуя маалымат болуп саналган маалыматтарды мыйзамсыз пайдалануунун натыйжасында залал келтиргендиги мыйзамда белгиленген тартипте далилденгенде;

5) юридикалык жактын кудуретсиз (банкрот) деп таанылгандыгы же ал өзүн банкрот деп жарыялагандыгы;

6) контролдук текшерүүнү жүргүзүүдө белгиленген, бузууларды бажылык текшерүүнүн натыйжалары боюнча мурда айкындалган фактылардын четтетилбегендиги;

7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген башка негиздер.

2. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бажы өкүлүн бажы өкүлдөрүнүн реестринен чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алуусу бажы өкүлүн бажы өкүлдөрүнүн реестрине киргизүү жөнүндө күбөлүктү чакыртып алууга алып келет.

209-берене. Бажы өкүлүнүн укуктары

1. Бажы өкүлү бажы операцияларын жүргүзүүдө Кодекстин 404-беренесинин 1 жана 2-пункттарында аныкталган укуктарга ээ болот.

2. Бажы өкүлү товарлардын айрым категорияларына карата бажы операцияларын жүргүзүү, өзүнчө бажы операцияларын жүргүзүү же ишти жүзөгө ашыруунун өзүнчө регионунда бажы операцияларын жүргүзүү менен өзүнүн иш чөйрөсүн чектөөгө укуктуу.

3. Айрым бажы өкүлдөрүнө жеке мүнөздөгү айрыкча (эксклюзивдик) укуктарды жана башка артыкчылыктарды берүүгө тыюу салынат.

210-берене. Бажы өкүлүнүн милдеттери

1. Бажы өкүлү төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) Кодекстин 402-беренесинин 1-пунктунун 1 жана 2-пунктчаларында жана ушул Мыйзамдын 207-беренесинде белгиленген бажы өкүлдөрүнүн реестрине киргизүү шарттарын сактоого;

2) бажы органдарынын талабы боюнча бажы органдарына отчеттуулуктарды берүүгө;

3) ал өкүлү болгон жактардан алынган мамлекеттик, коммерциялык, банктык жана мыйзам менен корголуучу башка сырды (жашыруун сырды) түзүүчү маалыматты, ошондой эле башка купуя маалыматтарды жеке максаттарда өздөрү жана (же) кызматкерлери тарабынан ачыкка чыгарбоого, пайдаланбоого, башка жактарга бербөөгө;

4) бажы алымдарын, салыктарын, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча Кодекстин 405-беренесинин 4-пунктунда каралган тилектештик милдетти Кодекстин 55-беренесинин 3-пунктуна, 73-беренесинин 3-пунктуна жана 270-беренесинин 4-пунктуна ылайык бажы органы тарабынан жөнөтүлгөн Кабарламада көрсөтүлгөн мөөнөттүн акыркы күнүнөн кечиктирбестен ушул берененин 4-бөлүгүнө ылайык аткарууга;

5) бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бажы өкүлдөрүнүн реестрине киргизүүдө билдирилген маалыматтардын өзгөрүшү тууралуу маалымдоого жана алардын өзгөргөндүгү ага маалым болгон күндөн же мындай маалыматтар өзгөргөн күндөн тартып беш жумушчу күндүн ичинде мындай өзгөрүүнү ырастаган документтерди берүүгө;

6) Кодексте жана бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка милдеттүүлүктөрдү сактоого;

2. Бажы жол-жоболоруна жана башка милдеттенмелерге ылайык товарларды колдонуу шарттарын сактоо бажы өкүлүнүн милдеттенмелерине кирбейт, алар бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерге жана актыларга ылайык ал өкүлү катары чыгуучу жактарга гана жүктөлөт.

3. Бажы өкүлү декларанттын атынан бажы операцияларын жасаган учурда, бажы алымдарын, салыктарды, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды толук өлчөмдө төлөө боюнча аткарылууга жатуучу милдеттин толук өлчөмүндө бажы алымдарын, салыктарды, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча бажы өкүлү мындай декларант менен биргеликте тилектештик милдетин тартат.

4. Бажы алымдарын, салыктарды, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдет аткарылууга тийиш болгон, Кодексте каралган жагдайлар келип чыккан учурда мындай милдетти бажы өкүлү ал өкүлү катары чыккан жак менен тилектеш түрдө аткарат, мында милдетти аткаруу төмөндөгүлөргө байланышкан учурлар кошулбайт:

1) товарлар жайгаштырылган бажы жол-жобосуна ылайык товарларды колдонуу шарттарын сактабоого;

2) Кодекстин 8-главасына ылайык бажы алымдарын, салыктарды төлөө мөөнөтүн өзгөртүүгө;

3) бажы алымдарын, салыктарды төлөө боюнча жеңилдиктерди жана (же) мындай жеңилдиктерди колдонууга байланыштуу товарларды пайдалануу жана (же) тескөө боюнча чектөөлөрдү берүүнүн шарттарын жана максаттарын бузуу аракеттерин жасоого;

4) товарларды бажылык декларациялоо максатында декларанттан же болбосо кызыкдар жактан алынган жана анын негизинде бажы декларациясы берилген анык эмес (жасалма) маалыматтарды жана/же жасалма документтерди колдонууга,

5. Бажы өкүлүнүн бажы органынын алдындагы милдеттери ал өкүлү катары чыккан жак менен түзүлгөн келишим менен чектелбеши керек.

6. Милдеттер бардык бажы өкүлдөрү үчүн бирдей болуп эсептелет.

38-глава. Бажы жүк ташуучусу

211-берене. Бажы жүк ташуучусунун иши

1. Бажы жүк ташуучусу бажы контролунда турган товарларды бажы аймагы боюнча ташууну (транспорттоону) жүзөгө ашырат.

2. Бажы жүк ташуучусунун статусу Комиссия аныктаган формадагы документ менен ырасталат.

Көрсөтүлгөн документ бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.

Эгерде бажы органдары тарабынан мындай документ жөнүндө маалыматты Кодекстин 80-беренесинин 2-пунктуна ылайык бажы органдарынын маалыматтык системасынан алууга мүмкүн болсо, товарларды бажы транзитинин бажы жол-жобосу астында жайгаштырууда бажы жүк ташуучусу статусу ушул бөлүктүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн документти бербестен эле ырасталат.

212-берене. Бажы жүк ташуучуларынын реестрине киргизүү шарттары

Бажы жүк ташуучусу катары бажы иши чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашырууга талаптанган юридикалык жактарды бажы жүк ташуучуларынын реестрине киргизүүнүн шарттары болуп төмөнкүлөр эсептелет:

1) бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылган күнгө карата алганда кеминде эки жыл ичинде жүк ташуу;

2) бажы иши чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жактын милдеттеринин аткарылышын 200 миң еврого эквиваленттүү өлчөмдө, ал эми Комиссия тарабынан камсыздоонун башка өлчөмү аныкталса - Комиссия тарабынан аныкталган өлчөмдө камсыздоо;

3) эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, жүк ташуу боюнча иш жүргүзүүгө уруксат берүүчү документтин болушу талап кылынса, иштин мындай түрүнө карата аталган документтин болушу;

4) товарларды ташуу үчүн колдонулуучу транспорттук каражаттардын, анын ичинде бажы пломбалары жана мөөрлөрү коюлган товарларды ташуу үчүн жарактуу болгон, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган критерийлерге туура келген, транспорттук каражаттарды ыңгайлаштыруунун жана жабдуунун конкреттүү талаптарына жооп берген транспорттук каражаттардын менчикте, чарбалык карамакта, ыкчам башкарууда же ижарада тургандыгы;

5) бажы органына кайрылган күнгө карата алганда бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды, туумдарды, пайыздарды төлөө боюнча белгиленген мөөнөттө аткарылбаган милдеттердин жок экени;

6) арыз берилген күнгө карата алганда бир жылдын ичинде бажы иши чөйрөсүндөгү бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылган жана (же) бажы иши чөйрөсүндөгү бузуу же кылмыш үчүн жазыктык жоопкерчиликке тартылган фактылардын жок экени;

7) бажы органдарынын маалыматтык системаларына техникалык жактан туура келген маалыматтык системалардын бар экени;

8) бажы органдарынын талабы боюнча отчеттуулуктарды берүү жөнүндө милдеттенме;

9) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген башка талаптарга ылайык келиши жана башка шарттардын сакталышы.

213-берене. Бажы жүк ташуучуларынын реестринен чыгаруу үчүн негиздер

Бажы жүк ташуучусун бажы жүк ташуучуларынын реестринен чыгаруу үчүн негиздер болуп төмөнкүлөр эсептелет:

1) Кодекстин 408-беренесинин 1-пунктунда каралган негиздер;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген башка негиздер.

214-берене. Бажы жүк ташуучусунун милдеттери

Бажы жүк ташуучусу төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) Кодекстин 407-беренесинин 1-пунктунун 2-4-пунктчапарында, ошондой эле ушул Мыйзамдын 212-беренесинде белгиленген бажы жүк ташуучуларынын реестрине киргизүү шарттарын сактоого;

2) бажы транзитинин бажы жол-жобосуна ылайык товарларды ташууда, бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерде, актыларда жана бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген шарттарды сактоого жана талаптарды аткарууга;

3) бажы транзитинин бажы жол-жобосуна ылайык ташылуучу (транспорттолуучу) товарлардын эсебин жүргүзүү жана бажы органынын талабы боюнча мындай товарларды, анын ичинде маалыматтык технологияларды пайдалануу менен ташуу (транспорттоо) жөнүндө отчеттуулукту берүүгө;

4) ушул Мыйзамда белгиленген учурларды кошпогондо, товарларды жөнөтүүчүдөн, аларды алуучудан же экспедитордон алынган мамлекеттик, коммерциялык, банктык жана мыйзам менен корголуучу башка сырды (жашырын сырды) түзгөн маалыматтарды, ошондой эле башка купуя маалыматтарды ачыкка чыгарбоого, өз максатында пайдаланбоого жана башка жактарга бербөөгө;

5) Кодекстин 153 жана 309-беренелерине ылайык бажы алымдарын, салыктарын, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттүүлүктү Кодекстин 55-беренесинин 3-пунктуна, 73-беренесинин 3-пунктуна жана 270-беренесинин 4-пунктуна ылайык бажы органы тарабынан жиберилген Кабарламада көрсөтүлгөн мөөнөттүн акыркы күнүнөн кечиктирбестен аткарууга;

6) бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бажы жүк ташуучуларынын реестрине киргизүүдө ал тарабынан берилген маалыматтардын өзгөргөндүгү жөнүндө маалымдоого жана мындай маалыматтар өзгөргөн күндөн тартып же алардын өзгөргөндүгү жөнүндө ага белгилүү болгон күндөн тартып беш жумушчу күндүн ичинде мындай өзгөрүүлөрдү тастыктоочу документтерди берүүгө.

39-глава. Убактылуу сактоо кампасынын ээси

215-берене. Убактылуу сактоо кампасынын ээсинин иши

1. Убактылуу сактоо кампасынын ээси Кодексте жана ушул Мыйзамда белгиленген учурларда жана шарттарда бажы контролунда турган товарларды убактылуу сактоо кампаларында сактоону жүзөгө ашырат.

2. Убактылуу сактоо кампасынын ээсинин декларанттар же башка кызыкдар жактар менен мамилеси келишимдик негизде түзүлөт.

216-берене. Убактылуу сактоо кампасы

1. Товарларды убактылуу сактоо үчүн арналган атайын аныкталган жана ыңгайлаштырылган курулмалар, орун-жайлар (орун-жайлардын бөлүктөрү) жана (же) ачык аянттар убактылуу сактоо кампалары болуп эсептелет.

2. Убактылуу сактоо кампасы жак убактылуу сактоо кампаларынын ээлеринин реестрине киргизилген күндөн кийинки күндөн тартып уюштурулду деп эсептелет.

3. Убактылуу сактоо кампасынын иштеши убактылуу сактоо кампасынын ээси убактылуу сактоо кампаларынын ээлеринин реестринен чыгарылган күндөн кийинки күндөн тартып токтотулат.

4. Убактылуу сактоо кампасы катары пайдаланууга арналган же пайдаланылуучу курулмалардын, орун-жайлардын (орун-жайлардын бөлүктөрүнүн) жана (же) ачык аянттардын жайгашышына, ыңгайлаштырылуусуна жана жабдылышына карата талаптар, ошондой эле алардын уюштуруунун жана иштөөсүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

217-берене. Убактылуу сактоо кампаларынын ээлеринин реестрине киргизүү шарттары

Бажы иши чөйрөсүндө убактылуу сактоо кампасынын ээси катары ишти жүзөгө ашырууга талаптанган юридикалык жакты убактылуу сактоо кампаларынын ээлеринин реестрине киргизүү шарттары болуп төмөнкүлөр саналат:

1) убактылуу сактоо кампасы катары пайдаланууга арналган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген талаптарга жооп берген курулмалардын, орун-жайлардын (орун-жайлардын бөлүктөрүнүн) жана (же) ачык аянттардын менчикте, чарбалык карамакта, оперативдик башкарууда же ижарада турушу. Эгерде курулмалар, орун-жайлар (орун жайлардын бөлүктөрү) жана (же) ачык аянттар убактылуу сактоо кампаларынын ээлеринин реестрине киргизүү жөнүндө арыз берилген күнгө карата ижарада болсо, мындай курулмаларга, орун-жайларга (орун-жайлардын бөлүктөрүнө) жана (же) ачык аянттарга карата ижара келишими бир жылдан кем эмес мөөнөткө түзүлүшү керек;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу камсыздандыруу суммасына убактылуу сактоо кампасынын ээсинин жарандык жоопкерчилигинин тобокелдигин камсыздандыруу келишиминин бар экени, мындай жоопкерчилик башка жактардын сактоодо турган товарларына зыян келтирүүнүн же башка жактар менен сактоо келишиминин башка шарттарынын бузулушунун натыйжасында келип чыгышы мүмкүн;

3) бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылган күнгө карата бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды, туумдарды, пайыздарды төлөө боюнча белгиленген мөөнөттө аткарылбай калган милдеттердин жок экени;

4) бажы иши чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жактын милдеттерин аткарууну 10000 (он миң) эсептик көрсөткүч өлчөмүндө камсыздоо;

5) арыз берилген күнгө карата алганда бир жылдын ичинде бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылган жана (же) бузуу жана (же) кылмыш жасагандыгы үчүн жазыктык жоопкерчиликке тартылган фактылардын жок экени;

6) бажы органдарынын маалыматтык системаларына техникалык жактан туура келген маалыматтык системалардын бар экени;

7) бажы органдарынын талаптары боюнча отчеттуулуктарды берүү тууралуу милдеттенме;

8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгилениши мүмкүн болгон башка талаптарга ылайык келиши жана башка шарттардын сакталышы.

218-берене. Убактылуу сактоо кампаларынын ээлеринин реестринен чыгаруу үчүн негиздер

Убактылуу сактоо кампасынын ээсин убактылуу сактоо кампаларынын ээлеринин реестринен чыгаруу үчүн негиздер болуп төмөнкүлөр эсептелет:

1) Кодекстин 413-беренесинин 1-пунктунун 1-4-пунктчаларында каралган негиздер;

2) убактылуу сактоо кампасынын ээсинин бир жылдын ичинде бажы иши чөйрөсүндө үч же андан көп укук бузуусу;

3) соттун чечими;

4) кампа ээсин төлөөгө кудуретсиз (банкрот) деп таануу же ал өзүнүн банкроттугун жарыялоосу;

5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгилениши мүмкүн болгон башка негиздер.

219-берене. Убактылуу сактоо кампасынын ээсинин милдеттери

Убактылуу сактоо кампасынын ээси төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) Кодекстин 412-беренесинин экинчи жана үчүнчү абзацтарында жана ушул Мыйзамдын 217-беренесинде белгиленген убактылуу сактоо кампаларынын ээлеринин реестрине киргизүү шарттарын сактоого;

2) убактылуу сактоо кампасында товарларды сактоого жана операцияларды жүргүзүүгө карата Кодексте белгиленген шарттарды сактоого жана талаптарды аткарууга;

3) убактылуу сактоо кампасында турган товарлардын сакталышын камсыздоого;

4) бажы контролун жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоого;

5) убактылуу сактоо кампасындагы товарлардын эсебин жүргүзүүгө жана бажы органынын талабы боюнча мындай товарлар жөнүндө отчеттуулукту берүүгө, анын ичинде маалыматтык технологияларды пайдалануу менен берүүгө;

6) бажы органдарынын уруксаты жок убактылуу сактоо кампасынын жумушчулары болбогон же убактылуу сактоо кампасындагы товарларга карата ыйгарым укукка ээ болбогон башка адамдарды убактылуу сактоо кампасына киргизбөөгө;

7) убактылуу сактоо кампасындагы товарларга бажы органдарынын кызмат адамдарынын кирүүсүнө карата бажы органдарынын талаптарын аткарууга;

8) убактылуу сактоо кампасынын иштеши токтотулган учурда бул кампанын иштешин токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн кийинки күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде мындай чечим тууралуу убактылуу сактоо кампасына товарларын жайгаштырган жактарга кабарлоого;

9) Кодекстин 103-беренесине ылайык бажы алымдарын, салыктарды, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттүүлүктү Кодекстин 55-беренесинин 3-пунктуна, 73-беренесинин 3-пунктуна жана 270-беренесинин 4-пунктуна ылайык бажы органы тарабынан жиберилген Кабарламада көрсөтүлгөн мөөнөттүн акыркы күнүнөн кечиктирбестен аткарууга;

10) убактылуу сактоо кампаларынын ээлеринин реестрине киргизүүдө алар тарабынан берилген маалыматтардын өзгөрүшү жөнүндө бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга маалымдоого жана мындай маалыматтар өзгөргөн күндөн же ага алардын өзгөргөндүгү жөнүндө белгилүү болгон күндөн тартып беш жумушчу күндүн ичинде мындай өзгөрүүлөрдү ырастоочу документтерди берүүгө;

11) Кодексте жана (же) бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка милдеттүүлүктөрдү аткарууга.

40-глава. Бажы кампасынын ээси

220-берене. Бажы кампасынын ээсинин иши

1. Бажы кампасынын ээси бажы кампасында Кодексте жана ушул Мыйзамда белгиленген учурларда жана шарттарда бажы кампасынын бажы жол-жобосу астында жайгаштырылган товарларды же болбосо башка товарларды сактоону жүзөгө ашырат.

2. Бажы кампасынын ээсинин декларанттар жана башка кызыкдар жактар менен мамилеси келишимдик негизде түзүлөт.

221-берене. Бажы кампалары жана алардын типтери

1. Бажы кампалары болуп экспорттоо бажы жол-жобосуна жайгаштырылган товарларды же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген учурларда жана тартипте башка товарларды сактоо үчүн арналган атайын аныкталган жана курулган курулмалар, орун-жайлар (орун-жайлардын бөлүктөрү) жана (же) ачык аянттар саналат.

2. Бажы кампасы жак бажы кампаларынын ээлеринин реестрине киргизилген күндөн кийинки күндөн тартып уюштурулду деп эсептелет.

3. Бажы кампасынын иштеши бажы кампасынын ээси бажы кампаларынын ээлеринин реестринен чыгарылган күндөн кийинки күндөн тартып токтотулат.

4. Бажы кампалары ачык жана жабык типте болушу мүмкүн.

Бажы кампалары, эгерде алар каалаган товарларды сактоо жана товарларга карата ыйгарым укугу бар каалаган жактын пайдалануусу үчүн жеткиликтүү болсо, ачык типтеги кампалар болуп эсептелет.

Бажы кампалары, эгерде алар ошол бажы кампасынын ээсинин товарларын сактоо же жүгүртүүдө чектелген жана (же) сактоонун өзгөчө шарттарын талап кылуучу товарлардын айрым категорияларын сактоо үчүн арналса, жабык типтеги кампалар болуп эсептелет.

Жабык типтеги бажы кампаларында сактоого жол берилген товарлардын айрым категориялары бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.

5. Бажы кампасы катары пайдаланууга арналган же пайдаланылуучу курулмалардын, орун-жайлардын (орун-жайлардын бөлүктөрү) жана (же) ачык аянттардын жайгашышына, ыңгайлаштырылышына жана жабдылышына карата талаптар, ошондой эле аларды уюштуруунун жана иштетүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

222-берене. Бажы кампаларынын ээлеринин реестрине киргизүү шарттары

Бажы иши чөйрөсүндө бажы кампасынын ээси катары ишти жүзөгө ашырууга талаптанган юридикалык жакты бажы кампаларынын ээлеринин реестрине киргизүүнүн шарттары төмөнкүлөр болуп саналат:

1) бажы кампасы катары пайдаланууга арналган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген талаптарга жооп берген курулмалардын, орун-жайлардын (орун-жайлардын бөлүктөрү) жана (же) ачык аянттардын менчикте, чарбалык карамакта, оперативдик башкарууда же ижарада турушу. Эгерде курулмалар, орун-жайлар (орун-жайлардын бөлүктөрү) жана (же) ачык аянттар бажы кампаларынын ээлеринин реестрине киргизүү жөнүндө арыз берилген күнгө карата ижарада болсо, мындай курулмаларга, орун-жайларга (орун-жайлардын бөлүктөрүнө) жана (же) ачык аянттарга карата ижара келишими үч жылдан кем эмес мөөнөткө түзүлүшү керек;

2) ачык типтеги бажы кампаларынын ээлери катары бажы кампаларынын ээлеринин реестрине киргизилүүгө талаптанган юридикалык жактар үчүн - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу камсыздандыруу суммасына бажы кампасынын ээсинин жарандык жоопкерчилигинин тобокелдигин камсыздандыруу келишиминин бар экени, мындай жоопкерчилик башка жактардын сактоодо турган товарларына зыян келтирүүнүн же башка жактар менен сактоо келишиминин башка шарттарынын бузулушунун натыйжасында келип чыгышы мүмкүн;

3) бажы органына кайрылган күнгө карата бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды, туумдарды, пайыздарды төлөө боюнча белгиленген мөөнөттө аткарылбай калган милдеттүүлүктүн жок экени;

4) бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жактын милдеттерин аткарууну 10000 (он миң) эсептик көрсөткүч өлчөмүндө камсыздоо;

5) бажы органдарынын маалыматтык системаларына техникалык жактан туура келген, бажы контролундагы товарларды эсепке алуунун жана контролдоонун маалыматтык системаларынын бар экени;

6) арыз берген күнгө карата алганда бир жылдын ичинде бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылган жана (же) бузуу жана (же) кылмыш жасагандыгы үчүн жазыктык жоопкерчиликке тартылган фактылардын жок экени;

7) бажы органдарынын талаптары боюнча отчеттуулуктарды берүү тууралуу милдеттенме;

8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген башка талаптарга ылайык келиши жана башка шарттардын сакталышы.

223-берене. Бажы кампаларынын ээлеринин реестринен чыгаруу үчүн негиздер

Бажы кампасынын ээсин бажы кампаларынын ээлеринин реестринен чыгаруу үчүн негиздер болуп төмөнкүлөр саналат:

1) Кодекстин 418-беренесинин 1-пунктунун 1-4-пунктчаларында каралган негиздер;

2) бажы кампасынын ээси тарабынан бажы иши чөйрөсүндө эки же андан көп бузууларды жасоо;

3) соттун чечими;

4) кампа ээсин төлөөгө кудуретсиз (банкрот) деп таануу же ал өзүнүн банкроттугун жарыялоосу;

5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген башка негиздер.

224-берене. Бажы кампасынын ээсинин милдеттери

Бажы кампасынын ээси төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) Кодекстин 417-беренесинин экинчи жана үчүнчү абзацтарында белгиленген бажы кампаларынын ээлеринин реестрине киргизүү шарттарын сактоого;

2) Кодекстин 156-беренесинин 2-пунктунда, товарлардын бажы кампасында турушу жана бажы кампасынын бажы жол-жобосу астында жайгаштырылган товарлар менен операцияларды жүргүзүү бөлүгүндө белгиленген бажы кампасынын бажы жол-жобосуна ылайык товарларды пайдалануу шарттарын сактоого;

3) бажы кампасындагы товарлардын сакталышын камсыз кылууга;

4) бажы контролун жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга;

5) бажы кампасында сакталып турган товарлардын эсебин жүргүзүүгө жана бажы органынын талабы боюнча мындай товарлар жөнүндө отчеттуулукту берүүгө, анын ичинде маалыматтык технологияларды пайдалануу менен берүүгө;

6) бажы кампасынын кызматкерлери болбогон же бажы кампасында сакталып турган товарларга карата ыйгарым укукка ээ болбогон чоочун адамдарды бажы органдарынын уруксатысыз бажы кампасына киргизбөөгө;

7) бажы кампасында сакталып турган товарларга бажы органдарынын кызмат адамдарынын кирүүсүнө карата бажы органдарынын талаптарын аткарууга;

8) бажы кампасынын иштеши токтотулган учурда бул кампанын иштешин токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн кийинки күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде мындай чечим тууралуу бажы кампасына товарларын жайгаштырган жактарга кабарлоого;

9) Кодекстин 162-беренесине ылайык бажы алымдарын, салыктарды, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттүүлүктү Кодекстин 55-беренесинин 3-пунктуна жана 73-беренесинин 3-пунктуна ылайык бажы органы тарабынан жиберилген Кабарламада көрсөтүлгөн мөөнөттүн акыркы күнүнөн кечиктирбестен аткарууга;

10) бажы кампаларынын ээлеринин реестрине киргизүүдө берилген маалыматтардын өзгөргөндүгү тууралуу бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга маалымдоого жана мындай маалыматтар өзгөргөн күндөн же алардын өзгөргөндүгү жөнүндө белгилүү болгон күндөн тартып беш жумушчу күндүн ичинде ага мындай өзгөрүүлөрдү ырастоочу документтерди берүүгө;

11) Кодексте жана (же) Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген башка милдеттерди аткарууга.

41-глава. Эркин кампанын ээси

225-берене. Эркин кампанын ээсинин иши

1. Кодекске жана бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эркин кампанын ээси эркин кампалык бажы жол-жобосу астында жайгаштырылган товарларды эркин кампага жайгаштырууну жана пайдаланууну жүзөгө ашырат.

2. Эркин кампанын аймагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ишкердик жана өндүрүштүк иштер жүргүзүлүшү мүмкүн.

3. Эркин кампалардын аймагында ишке ашырууга тыюу салынган иштин айрым түрлөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

226-берене. Эркин кампалар

1. Имараттар (имараттардын бөлүктөрү), имараттардын комплекси, ыңгайлаштырылган жана жабдылган аймактар жана (же) ачык аянттар (мындан ары ушул главада - курулмалар, орун-жайлар (орун-жайлардын бөлүктөрү) жана (же) ачык аянттар) эркин кампалар болуп эсептелет, алар кайтарууга алынат же болбосо аларда жеке жактардын кирүүсүн контролдоо режими болот жана алардын чегинде Кодекске жана ушул Мыйзамга ылайык эркин кампалык бажы жол-жобосу астында жайгаштырылган товарлар, ошондой эле Кодекске жана ушул Мыйзамга ылайык башка товарлар жайгаштырылышы жана пайдаланылышы мүмкүн.

2. Жак эркин кампалардын ээлеринин реестрине киргизилген күндөн кийинки күндөн тартып эркин кампа уюштурулду деп эсептелет.

3. Эркин кампанын иштеши эркин кампанын ээси эркин кампалардын ээлеринин реестринен чыгарылган күндөн кийинки күндөн тартып токтотулат.

4. Эркин кампа катары пайдаланууга арналган же пайдаланылган курулмалардын, орун-жайлардын (орун-жайлардын бөлүктөрү) жана (же) ачык аянттардын жайгашышына, ыңгайлаштырылышына жана жабдылышына карата талаптар, анын ичинде эркин кампанын аймагынын периметрин тосмолоого жана видео байкоо системасы менен жабдууга карата талаптар, ошондой эле эркин кампаларды уюштуруунун жана иштетүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

5. Эркин кампанын аймагында контролдоо-өткөрүү режимин камсыз кылуу боюнча талаптар, анын ичинде мындай аймакка адамдардын киришинин тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

227-берене. Эркин кампалардын ээлеринин реестрине киргизүү шарттары

Эркин кампанын ээси катары ишти жүзөгө ашырууга талаптанган юридикалык жакты эркин кампалардын ээлеринин реестрине киргизүүнүн шарттары төмөнкүлөр болуп саналат:

1) эркин кампа катары пайдаланууга арналган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген талаптарга жооп берген курулмалардын, орун-жайлардын (орун-жайлардын бөлүктөрүнүн) жана (же) ачык аянттардын менчикте, чарбалык карамакта, оперативдик башкарууда же ижарада болушу. Эгерде курулмалар, орун-жайлар (орун-жайлардын бөлүктөрү) жана (же) ачык аянттар эркин кампалардын ээлеринин реестрине киргизүү жөнүндө арыз берилген күнгө карата ижарада болсо, мындай курулмаларга, орун-жайларга (орун-жайлардын бөлүктөрүнө) жана (же) ачык аянттарга карата ижара келишими үч жылдан кем эмес мөөнөткө түзүлүшү керек;

2) бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылган күнгө карата бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды, туумдарды, пайыздарды төлөө боюнча белгиленген мөөнөттө аткарылбай калган милдеттердин болбошу;

3) бажы операцияларын жүргүзүүдө бажы органдарына берилген маалыматтарды бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген талаптарга ылайык чарбалык операцияларды жүргүзүү жөнүндө маалыматтарга салыштырууга мүмкүндүк берүүчү, товарларды эсепке алуу системасынын болушу;

4) эркин кампаны түзүүнүн максатка ылайыктуулугу жөнүндө экономикалык негиздеме;

5) Кыргыз Республикасынын салык органдарында салык төлөөчү катары каттоосунун болушу жана салыктар боюнча карыздарынын болбошу;

6) арыз берген күнгө карата бир жылдын ичинде бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү бузуулар үчүн жоопкерчиликке тартылган жана (же) бузуу жана (же) кылмыш жасагандыгы үчүн жазыктык жоопкерчиликке тартылган фактылардын болбошу;

7) бажы иши чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жактын милдеттеринин аткарылышын 10000 (он миң) эсептик көрсөткүч өлчөмүндө камсыздоо;

8) бажы органдарынын талаптары боюнча отчеттуулуктарды берүү тууралуу милдеттенме;

9) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген башка талаптарга ылайык келиши жана башка шарттардын сакталышы.

228-берене. Эркин кампалардын ээлеринин реестринен чыгаруу үчүн негиздер

Эркин кампанын ээсин эркин кампалардын ээлеринин реестринен чыгаруу үчүн негиз болуп төмөнкүлөр саналат:

1) эркин кампанын ээси тарабынан Кодекстин 424-беренесинин экинчи-тогузунчу абзацтарында каралган милдеттердин аткарылбашы;

2) эркин кампанын ээсинин аны эркин кампалардын ээлеринин реестринен чыгаруу жөнүндө арызы;

3) эркин кампалардын ээлеринин реестрине киргизилген юридикалык жактын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоюлушу;

4) эркин кампалардын ээлеринин реестрине киргизилген юридикалык жактын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кайра уюштурулушу;

5) эркин кампанын ээси катары анын ишин токтотуп туруу жөнүндө чечим кабыл алууга негиз болгон себептердин мындай токтотуп туруунун мөөнөтү аяктаган датага карата четтетилбеши;

6) бул ишти токтотуп туруу мезгилинде эркин кампанын ээси катары ишкердик ишти жүзөгө ашыруу;

7) белгиленген тартипте күчүнө кирген соттун чечими;

8) эркин кампанын ээси тарабынан Кодекстин 424-беренесинде жана ушул Мыйзамдын 229-беренесинде каралган милдеттердин сакталбашы;

9) эркин кампанын ээси тарабынан бажы иши чөйрөсүндө бир жылдын ичинде үч же андан көп бузуулардын жасалышы.

229-берене. Эркин кампа ээсинин милдеттери

Эркин кампа ээси төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) Кодекстин 422-беренесинин экинчи жана төртүнчү абзацтарында, ушул Мыйзамдын 227-беренесинде белгиленген эркин кампалардын ээлеринин реестрине киргизүү шарттарын сактоого;

2) эркин кампанын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген талаптарга ылайык келүүсүн камсыздоого;

3) эркин кампанын бажы жол-жобосуна ылайык товарларды пайдалануу шартын сактоого;

4) бажы контролун жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоого;

5) эркин кампанын бажы бажы жол-жобосу астында жайгаштырылган товарлардын эсебин жүргүзүүгө жана бажы органынын талабы боюнча мындай товарлар жана алар менен жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө, ошондой эле эркин кампанын бажы жол-жобосу астында жайгаштырылган товарлардан даярдалган (алынган) товарлар жөнүндө отчеттуулукту берүүгө, анын ичинде маалыматтык технологияларды пайдалануу менен берүүгө;

6) эркин кампанын кызматкерлери болбогон же эркин кампадагы товарларга карата ыйгарым укуктары жок чоочун адамдарды бажы органдарынын уруксатысыз эркин кампага киргизбөөгө;

7) эркин кампадагы товарларга бажы органдарынын кызмат адамдарынын кирүүсүнө карата бажы органдарынын талаптарын аткарууга;

8) Кодекстин 216-беренесине ылайык бажы алымдарын, салыктарды, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттүүлүктү Кодекстин 55-беренесинин 3-пунктуна жана 73-берененин 3-пунктуна ылайык бажы органы тарабынан жиберилген Кабарламада көрсөтүлгөн мөөнөттүн акыркы күнүнөн кечиктирбестен аткарууга;

9) аны эркин кампалардын ээлеринин реестрине киргизген бажы органына эркин кампалардын ээлеринин реестрине киргизүүдө ага берилген маалыматтардын өзгөргөндүгү тууралуу маалымдоого жана мындай маалыматтар өзгөргөн күндөн же алардын өзгөргөндүгү жөнүндө ага белгилүү болгон күндөн тартып беш жумушчу күндүн ичинде мындай өзгөрүүлөрдү ырастоочу документтерди берүүгө;

10) Кодексте жана (же) бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка милдеттерди аткарууга.

42-глава. Алымсыз соода дүкөнүнүн ээси

230-берене. Алымсыз соода дүкөнүнүн ээсинин иши

Алымсыз соода дүкөнүнүн ээси алымсыз сооданын бажы жол-жобосуна жайгаштырылган товарларды алымсыз соода дүкөнүндө сактайт жана Кодекстин 243-беренесинин 2-пунктунда көрсөтүлгөн жактарга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген жактарга сатат.

231-берене. Алымсыз соода дүкөндөрү

1. Алымсыз соода дүкөндөрү болуп соода залдарынан жана кампаларынан, ошондой эле кошумча орун-жайлардан (бар болсо) турган, атайын аныкталган жана курулган курулмалар жана (же) орун-жайлар (жайлардын бөлүктөрү) саналат.

2. Алымсыз соода дүкөнү жак алымсыз соода дүкөндөрүнүн ээлеринин реестрине киргизилген күндөн кийинки күндөн тартып уюштурулду деп эсептелет.

3. Алымсыз соода дүкөнүнүн иштеши алымсыз соода дүкөнүнүн ээси алымсыз соода дүкөндөрүнүн ээлеринин реестринен чыгарылган күндөн кийинки күндөн тартып токтотулат.

4. Алымсыз соода дүкөндөрүнүн жайгашышына, ыңгайлаштырылышына жана жабдылышына, анын ичинде видео байкоо системасы менен жабдылышына карата талаптар, аларды уюштуруу жана иштетүү тартиби, ошондой эле алымсыз соода дүкөндөрүнөн товарларды сатуу эрежелери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

232-берене. Алымсыз соода дүкөндөрүнүн ээлеринин реестрине киргизүү шарттары

Бажы иши чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашырууга талаптанган юридикалык жакты алымсыз соода дүкөндөрүнүн ээлеринин реестрине киргизүү шарттары төмөнкүлөр болуп саналат:

1) алымсыз соода дүкөнү катары пайдаланууга арналган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген талаптарга жооп берген курулмалардын жана (же) орун-жайлардын (орун-жайлардын бөлүктөрү) менчикте, чарбалык карамакта, оперативдик башкарууда же ижарада болушу. Эгерде курулмалар жана (же) орун-жайлар (орун-жайлардын бөлүктөрү) алымсыз соода дүкөндөрүнүн ээлеринин реестрине киргизүү жөнүндө арыз берилген күнгө карата ижарада болсо, мындай курулмаларга жана (же) орун-жайларга (орун-жайлардын бөлүктөрү) карата ижара келишими алты айдан кем эмес мөөнөткө түзүлүшү керек;

2) эгерде аларды алууга милдеттүүлүк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралса, каттоо же чекене соодага уруксат документтеринин болушу;

3) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген, алымсыз соода дүкөнү катары ишти жүзөгө ашыруу мүмкүндүгү жөнүндө документтердин болушу;

4) бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылган күнгө карата бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды, туумдарды, пайыздарды төлөө боюнча аткарылбаган милдеттердин болбошу;

5) бажы иши чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жактын милдеттеринин аткарылышын 10000 (он миң) эсептик көрсөткүч өлчөмүндө камсыздоо;

6) бажы органдарынын маалыматтык системаларына техникалык жактан туура келген, бажы контролундагы товарларды эсепке алуунун жана контролдоонун маалыматтык системаларынын болушу;

7) арыз берген күнгө карата бир жылдын ичинде бажы иши чөйрөсүндөгү бузуулар үчүн жоопкерчиликке тартылган жана (же) бузуу жана (же) кылмыш жасагандыгы үчүн жазыктык жоопкерчиликке тартылган фактылардын болбошу;

8) бажы органдарынын талаптары боюнча отчеттуулуктарды берүү тууралуу милдеттенме;

9) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген башка талаптарга ылайык келиши жана башка шарттардын сакталышы.

233-берене. Алымсыз соода дүкөндөрүнүн ээлеринин реестринен чыгаруу үчүн негиздер

Алымсыз соода дүкөнүнүн ээсин алымсыз соода дүкөндөрүнүн ээлеринин реестринен чыгаруу үчүн негиз болуп төмөнкүлөр саналат:

1) Кодекстин 428-беренесинин 1-пунктунун 1-4-пунктчаларында каралган негиздер;

2) алымсыз соода дүкөнүнүн ээси тарабынан бажы иши чөйрөсүндө бир жылдын ичинде үч же андан көп укук бузуулардын болушу;

3) соттун чечими;

4) алымсыз соода дүкөнүнүн ээсин төлөөгө кудуретсиз (банкрот) деп таануу же ал өзүн банкрот деп жарыялоосу.

234-берене. Алымсыз соода дүкөнүнүн ээсинин милдеттери

Алымсыз соода дүкөнүнүн ээси төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) Кодекстин 427-беренесинин экинчи жана үчүнчү абзацтарында жана ушул Мыйзамдын 232-беренесинде белгиленген, алымсыз соода дүкөндөрүнүн ээлеринин реестрине киргизүү шарттарын сактоого;

2) Кодекстин 244-беренесинин 3-пунктунда белгиленген, алымсыз сооданын бажы жол-жобосуна ылайык товарларды пайдалануу шарттарын сактоого;

3) алымсыз сооданын бажы жол-жобосу астында жайгаштырылган жана алымсыз соода дүкөнүндө сатылбаган товарлардын сакталышын камсыздоого;

4) бажы контролун жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоого;

5) алымсыз соода дүкөнүнө товарлардын келип түшүүсүнүн жана бул дүкөндө алардын сатылышынын эсебин жүргүзүүгө, ошондой эле бажы органынын талабы боюнча мындай товарлар жөнүндө отчеттуулукту берүүгө, анын ичинде маалыматтык технологияларды колдонуу менен берүүгө;

6) Кодекстин 247-беренесине каралган учурларда бажы алымдарын, салыктарын, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттүүлүгүн Кодекстин 55-беренесинин 3-пунктуна жана 73-беренесинин 3-пунктуна ылайык бажы органы тарабынан жиберилген Кабарламада көрсөтүлгөн мөөнөттүн акыркы күнүнөн кечиктирбестен аткарууга;

7) бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга алымсыз соода дүкөндөрүнүн ээлеринин реестрине киргизүүдө ага берилген маалыматтардын өзгөргөндүгү жөнүндө маалымдоого жана мындай маалыматтар өзгөргөн күндөн же алардын өзгөргөндүгү тууралуу ага белгилүү болгон күндөн тартып беш жумушчу күндүн ичинде мындай өзгөрүүлөрдү тастыктоочу документтерди берүүгө;

8) Кодексте жана (же) Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген башка милдеттерди аткарууга.

43-глава. Ыйгарым укуктуу экономикалык оператор

235-берене. Ыйгарым укуктуу экономикалык оператор

1. Ыйгарым укуктуу экономикалык оператор болуп Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн жана Кодекстин 61-главасында, ушул главада жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдеринде белгиленген тартипте жана шарттарды сактоо менен ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизилген юридикалык жак саналат.

2. Юридикалык жакты ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизүүдө ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизилгендиги жөнүндө күбөлүк берилет.

3. Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизүү жөнүндө күбөлүк күчүнө кирген күндөн тартып ыйгарым укуктуу экономикалык оператор тобокелдиктин төмөнкү деңгээлиндеги категориясына кирет.

4. Юридикалык жакты ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизүү жана аны мындай реестрден чыгаруу тартиби, ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизүү жөнүндө күбөлүктү берүү, анын колдонулушун токтотуп туруу жана кайра жаңыртуу тартиби Кодексте белгиленет, ал эми Кодексте жөнгө салынбаган бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

5. Юридикалык жакты ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизүү, аны мындай реестрден чыгаруу, ошондой эле ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизүү жөнүндө күбөлүктүн колдонулушун токтотуп туруу жана кайра жаңыртуу бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.

6. Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине кирүүгө талаптанган юридикалык жактын мындай реестрге киргизүү шарттарын сакташын текшерүүдө, ошондой эле ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун аны мындай реестрге киргизүү шарттарын сакташын контролдоодо Кодекстин VI бөлүмүндө жана ушул Мыйзамдын VI бөлүмүндө каралган бажы контролу формалары жана бажы контролун жүргүзүүнү камсыз кылуучу чаралар көрүлүшү мүмкүн.

7. Ыйгарым укуктуу экономикалык оператор Кодекстин 437-беренесинде каралган атайын жөнөкөйлөтүүлөрдү бажы аймагында Кодекстин жана ушул Мыйзамдын жоболорун эске алуу менен пайдаланууга укуктуу.

8. Бирликтин үчүнчү тарап менен эл аралык келишимдерине жана Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык, Кодекстин 437-беренесинде каралган айрым атайын жөнөкөйлөтүүлөр Бирликтин мүчөлөрү болуп эсептелбеген мамлекеттердин ыйгарым укуктуу экономикалык операторлоруна өз ара негизде берилиши мүмкүн.

Мындай атайын женөкөйлөтүүлөр мындай эл аралык келишимдердин тараптары болуп эсептелген мамлекеттердин аймагында гана колдонулушу мүмкүн.

236-берене. Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестри

Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Комиссия тарабынан аныкталган форма боюнча ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрин жүргүзөт жана аны өзүнүн расмий сайтына жайгаштырат жана кеминде айына бир жолу анын жаңылануусун камсыз кылат.

237-берене. Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизүү жөнүндө күбөлүк жана анын типтери

1. Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизүү жөнүндө күбөлүк (мындан ары ушул главада - күбөлүк) үч типте болушу мүмкүн.

2. Биринчи типтеги күбөлүк ыйгарым укуктуу экономикалык операторго Кодекстин 437-беренесинин 2-пунктунда каралган атайын жөнөкөйлөтүүлөрдү пайдалануу укугун берет.

3. Экинчи типтеги күбөлүк ыйгарым укуктуу экономикалык операторго төмөнкүдөй атайын жөнөкөйлөтүүлөрдү пайдалануу укугун берет:

1) Кодекстин 437-беренесинин 3-пунктунун 1, 3 - 4, 6-10-пунктчаларында каралган атайын жөнөкөйлөтүүлөрдү;

2) ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун курулмаларында, орун-жайларында (орун-жайлардын бөлүктөрүндө) жана (же) ачык аянттарында (ачык аянттардын бөлүктөрүндө) ыйгарым укуктуу экономикалык оператор болуп саналбаган жактардын товарларын убактылуу сактоону;

4. Үчүнчү типтеги күбөлүк ыйгарым укуктуу экономикалык операторго ушул берененин 2 жана 3-бөлүктөрүндө каралган атайын жөнөкөйлөтүүлөрдү пайдалануу укугун берет.

5. Күбөлүктүн формасы жана аны толтуруу тартиби Комиссия тарабынан аныкталат.

6. Күбөлүк юридикалык жак ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизилген күндөн тартып он календарлык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет жана колдонуу мөөнөтү чектелбейт.

7. Ушул берененин 2-4-бөлүктөрүндө каралган атайын жөнөкөйлөтүүлөрдү ыйгарым укуктуу экономикалык оператор күбөлүк күчүнө кирген күндөн тартып күбөлүктүн тибине жараша пайдаланууга укуктуу.

8. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган юридикалык жак ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизилген күндөн тартып беш календарлык күндөн кечиктирбестен, мындай жакка жана баш ийген бажы органдарына, ошондой эле башка мүчө-мамлекеттердин бажы органдарына Кодекстин 368-беренесине ылайык, юридикалык жактын ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизилген дата жана күбөлүк күчүнө кирген дата жөнүндө маалыматты жеткирет.

238-берене. Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизүү шарттары

1. Биринчи типтеги күбөлүктү берүү менен юридикалык жакты ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизүү шарттары болуп төмөнкүлөр саналат:

1) ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизүү жөнүндө арыз (мындан ары ушул главада - арыз) бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан катталган күнгө чейин юридикалык жактын үч жылдан кем эмес тышкы экономикалык ишти, бажы өкүлү, убактылуу сактоо кампасынын ээси, бажы кампасынын ээси катары бажы иши чөйрөсүндөгү ишти же болбосо эки жылдан кем эмес бажы жүк ташуучусу катары ишти жүзөгө ашыруусу жана бул мөөнөттүн ичинде:

а) товарларды ташууга карата кызматтарды көрсөтүү боюнча ишти кошпогондо, тышкы экономикалык ишти жүргүзгөн жактар тарабынан ар бир жылга товарларга карата ондон кем эмес декларация берилгенде же бажы чек арасы аркылуу алынып өткөн товарлардын суммалык наркы ар бир жылга бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арызды каттаган күнгө карата колдонулган валюта курсу боюнча 500000 евродон кем эмес болгондо;

б) товарларды ташууга карата кызматтарды көрсөтүү боюнча тышкы экономикалык ишти жүргүзгөн жактар тарабынан ар бир жылга эки жүз элүүдөн кем эмес транзиттик декларация берилгенде;

в) бажы өкүлү катары бажы иши чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактар тарабынан ар бир жылга эки жүздөн кем эмес бажы декларациясы берилгенде же алар тарабынан берилген бажы декларацияларында көрсөтүлгөн товарлардын суммалык наркы ар бир жылга бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арызды каттаган күнгө карата колдонулган валюта курсу боюнча 500000 евродон кем эмес болгондо;

г) убактылуу сактоо кампаларынын, бажы кампаларынын ээлери катары бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактар тарабынан суммалык наркы ар бир жылга бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арызды каттаган күнгө карата колдонулган валюта курсу боюнча 500000 (беш жүз миң) евродон кем эмес болгон товарлар сакталганда;

д) бажы жүк ташуучусу катары бажы чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактар тарабынан ар бир жылга 250дөн кем эмес транзиттик декларация берилгенде;

2) Кодекстин 436-беренесине ылайык берилген, ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун милдеттеринин аткарылышын камсыздоо;

3) бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арызды каттаган күнгө карата бардык мүчө-мамлекеттерде бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды, туумдарды, пайыздарды төлөө боюнча белгиленген мөөнөттө аткарылбаган милдеттердин болбошу;

4) бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арызды каттаган күнгө карата Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык салыктарды төлөө боюнча карыздардын (өнбөс калдыктын) болушу;

5) бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан арыз катталган күнгө чейинки бир жылдын ичинде бул юридикалык жактын бажы иши чөйрөсүндөгү бузуулар үчүн жоопкерчиликке тартылган фактылардын бардык мүчө-мамлекеттерде болбошу;

6) ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине кирүүгө талаптанган юридикалык жактын акцияларынын 10 же андан көп пайызына ээ болгон ошол юридикалык жактын акционерлери, анын уюштуруучулары (катышуучулары), жетекчилери, башкы бухгалтерлери болуп эсептелген жеке жактардын бажы иши чөйрөсүндөгү кылмышы үчүн жазыктык жоопкерчиликке тартылган фактылардын бардык мүчө-мамлекеттерде болбошу;

7) бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген талаптарга жооп берген, бажы операцияларын жүргүзүүдө бажы органына берилген маалыматтарды чарбалык операцияларды жүргүзүү жөнүндө маалыматтарга салыштырууга мүмкүндүк берүүчү жана мындай маалыматтарды бажы органдарынын алуусун (анын ичинде алыстан) камсыздоочу, товарларды эсепке алуу системасынын болушу;

2. Экинчи типтеги күбөлүктү берүү менен ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине юридикалык жакты киргизүү шарттары болуп төмөнкүлөр саналат:

1) ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1, 3-7-пункттарында көрсөтүлгөн шарттар;

2) юридикалык жактын финансылык туруктуулугунун Комиссия же Комиссия тарабынан каралган учурларда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте аныкталган мааниге туура келиши;

3) товарларды убактылуу сактоого арналган курулмалардын, орун-жайлардын (орун-жайлардын бөлүктөрү) жана (же) ачык аянттардын (ачык аянттардын бөлүктөрү) менчикте, чарбалык карамакта, оперативдик башкарууда же ижарада болушу. Эгерде курулмалар, орун-жайлар (орун-жайлардын бөлүктөрү) жана (же) ачык аянттар (ачык аянттардын бөлүктөрү) ижарада турса, мындай курулмаларга, орун-жайларга (орун-жайлардын бөлүктөрүнө) жана (же) ачык аянттарга (ачык аянттардын бөлүктөрүнө) карата ижара келишими ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга арыз берилген күнгө карата алганда бир жылдан кем эмес мөөнөткө түзүлүшү керек;

4) аймагында товарларды убактылуу сактоо, бажы транзитинин бажы жол-жобосун колдонууну бүткөрүү жүзөгө ашырыла турган жана (же) бажы контролу жүргүзүлө турган курулмаларга, орун-жайларга (орун-жайлардын бөлүктөрүнө) жана (же) ачык аянттарга (ачык аянттардын бөлүктөрүнө) карата, транспорттук каражаттарга жана ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине кирүүгө талаптанган юридикалык жактын кызматкерлерине карата Комиссия тарабынан аныкталуучу талаптардын сакталышы;

5) товарларды өндүрүү боюнча ишти жүзөгө ашыруучу жана (же) товарларды экспорттоочу юридикалык жактын финансылык туруктуулугу ушул берененин 5-бөлүгүнө ылайык аныкталган мааниге туура келбеген учурда, ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун милдеттеринин аткарылышы арыз катталган күнгө карата колдонулган валюта курсу боюнча 150000 евродон кем эмес эквиваленттик өлчөмдө камсыздалышы.

3. Үчүнчү типтеги күбөлүктү берүү менен юридикалык жакты ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизүү шарттары болуп Кодекстин 433-беренесинин 5-пунктунда жана ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган шарттар саналат.

4. Юридикалык жакты ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизүүнүн кошумча шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгилениши мүмкүн.

5. Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине кирүүгө талаптанган юридикалык жактын финансылык туруктуулугун жана финансылык туруктуулукту мүнөздөөчү жана бул реестрге киргизүү үчүн зарыл болгон маанилерди аныктоонун тартибин Комиссия жана Комиссия тарабынан каралган учурларда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.

239-берене. Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизүү тартиби

1. Юридикалык жактарды ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизүү Кодекстин 434-беренесинде белгиленген тартипте, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.

Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизүү үчүн юридикалык жак бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга арыз берет.

Бул арыздын формасы, аны толтуруу тартиби жана анда келтирилген маалыматтарды ырастоочу документтердин тизмеги Комиссия тарабынан аныкталат.

2. Арызды кароо мөөнөтү ал катталган күндөн тартып отуз календарлык күндөн ашпоого тийиш.

240-берене. Күбөлүктүн колдонулушун токтотуп туруу, кайра улантуу жана ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестринен чыгарууга негиздер

1. Күбөлүктүн колдонулушун токтотуп туруу, кайра улантуу жана ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестринен чыгаруу ушул берененин жоболорун эске алуу менен Кодекстин 435-беренесине ылайык жүзөгө ашырылат.

2. Күбөлүктүн колдонулушун токтотуп туруу үчүн кошумча негиздер жана ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестринен ыйгарым укуктуу операторлорду чыгаруу үчүн кошумча негиздер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгилениши мүмкүн.

241-берене. Ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун милдеттеринин аткарылышын камсыздоо

1. Ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун милдеттеринин аткарылышын камсыздоо, мындай камсыздоо ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизүүнүн шарты болуп эсептелген учурларда Кодекстин 436-беренесине ылайык аныкталган өлчөмдө берилет.

2. Ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун милдеттеринин аткарылышы ушул Мыйзамдын 64-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн ыкмалар менен камсыздалат.

3. Ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун милдеттеринин аткарылышын камсыздоо ыкмаларын колдонуу тартиби, Кодекстин 436-беренесинин 9-пунктуна ылайык ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун милдеттеринин аткарылышын камсыздоонун өлчөмүн төмөндөтүү тартиби, ошондой эле мындай камсыздоо берилүүчү валюта Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

4. Ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун милдеттеринин аткарылышын камсыздоону кайра кайтаруу юридикалык жактын Кодекстин 436-беренесинин 12-пунктунда каралган учурларда бажы төлөмдөрүн, салыктарын, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды, туумдарды, пайыздарды төлөө боюнча белгиленген мөөнөттө аткарылбаган милдеттери болбогондо жүргүзүлөт.

Ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун милдеттеринин аткарылышын камсыздоону кайра кайтаруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте, бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.

Ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун милдеттеринин аткарылышын камсыздоону ырастоочу документтерди кайра кайтаруунун тартиби жана учурлары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

242-берене. Ыйгарым укуктуу экономикалык операторго берилүүчү атайын жөнөкөйлөтүүлөр

1. Атайын жөнөкөйлөтүүлөр деп ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун күбөлүгүнүн тибине жараша колдонулуучу, айрым бажы операцияларын жана бажы контролун жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү, Кодекстин жана ушул Мыйзамдын жоболорун колдонуунун башка өзгөчөлүктөрү түшүнүлөт.

2. Биринчи типтеги күбөлүк ыйгарым укуктуу экономикалык операторго Кодекстин 437-беренесинин 2-пунктунда каралган атайын жөнөкөйлөтүүлөрдү пайдаланууга укук берет.

3. Экинчи типтеги күбөлүк ыйгарым укуктуу экономикалык операторго төмөнкү атайын жөнөкөйлөтүүлөрдү колдонууга укук берет:

1) Кодекстин 437-беренесинин 3-пунктунун 1, 3 - 4, 6-10-пунктчаларында каралган атайын жөнөкөйлөтүүлөрдү;

2) ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун курулмаларында, орун-жайларында (орун-жайлардын бөлүктөрүндө) жана (же) ачык аянттарында (ачык аянттарынын бөлүктөрүндө) ыйгарым укуктуу экономикалык операторлор болуп эсептелбеген жактардын товарларын убактылуу сактоону.

4. Үчүнчү типтеги күбөлүк ыйгарым укуктуу экономикалык операторго ушул берененин 2 жана 3-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн атайын жөнөкөйлөтүүлөрдү пайдаланууга укук берет.

243-берене. Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлор тарабынан айрым бажы операцияларын жүргүзүүнүн, товарларды убактылуу сактоонун өзгөчөлүктөрү жана бажы транзитинин бажы жол-жоболорун аяктоо өзгөчөлүктөрү

Бажы аймагына товарлардын ташып келинишине же бажы аймагынан товарлардын ташып кетилишине байланышкан бажы операцияларын жүргүзүү, ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун курулмаларында, орун-жайларында (орун-жайларынын бөлүктөрүндө) жана (же) ачык аянттарында (ачык аянттарынын бөлүктөрүндө) товарларды убактылуу сактоо, ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун курулмаларында, орун-жайларында (орун-жайларынын бөлүктөрүндө) жана (же) ачык аянттарында (ачык аянттарынын бөлүктөрүндө) түзүлгөн бажы контролу зонасына товарларды жеткирүүдө бажы транзитинин бажы жол-жобосун колдонууну аяктоо, ошондой эле ыйгарым укуктуу экономикалык оператор декларант болгон товарларга карата декларация берилгенге чейин бажы операцияларын жүргүзүү жана товарларды чыгаруу Кодекстин 438-441-беренелеринде белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен жүзөгө ашырылат.

244-берене. Ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун милдеттери

1. Ыйгарым укуктуу экономикалык оператор төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) Кодекстин 433-беренесинин 1-пунктунун 7-пункчтасында каралган ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизүүнүн шарттарын сактоого;

2) Кодекстин 436-беренесине ылайык ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун милдеттеринин аткарылышын камсыздоого;

3) бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизүүдө өздөрү берген маалыматтардын өзгөргөндүгү жөнүндө маалымдоого жана мындай өзгөрүүлөрдү тастыктоочу документтерди маалыматтар өзгөргөн күндөн же мындай өзгөрүүлөр жөнүндө ага белгилүү болгон күндөн тартып он төрт календарлык күндүн ичинде берүүгө;

4) Кодекске ылайык бажы алымдарын, салыктарын, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдетин Кодекстин 55-беренесинин 3-пунктуна жана 73-беренесинин 3-пунктуна ылайык бажы органы тарабынан жиберилген Кабарламада көрсөтүлгөн мөөнөттүн акыркы күнүнөн кечиктирбестен аткарууга;

5) Кодексте, бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерде жана актыларда жана бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка милдеттерди аткарууга.

2. Биринчи же үчүнчү типтеги күбөлүктөрдү берүү менен ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизилген ыйгарым укуктуу экономикалык операторлор ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган милдеттерди сактоодон тышкары, Комиссия тарабынан Кодекстин 437-беренесинин 2-пунктунун 6-пунктчасына ылайык аныкталган пломбаларга карата талаптарды да сактоого милдеттүү.

3. Экинчи же үчүнчү типтеги күбөлүктөрдү берүү менен ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизилген ыйгарым укуктуу экономикалык операторлор ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган милдеттүүлүктү сактоодон тышкары, Кодекстин 442-беренесинин 3-пунктунда каралган милдеттүүлүктү да сактоого милдеттүү.

4. Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизүүдө өздөрү берген маалыматтардын өзгөргөндүгү жөнүндө мындай маалыматтар өзгөргөн күндөн же мындай өзгөрүүлөр тууралуу ага белгилүү болгон күндөн тартып он төрт календарлык күндүн ичинде бажы органына маалымдалбаган учурда, ыйгарым укуктуу экономикалык оператор Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.

5. Юридикалык жакка берилген күбөлүктүн колдонулушу токтотуп турулган же юридикалык жак ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестринен чыгарылган учурда, бул жак бажы транзитинин бажы жол-жобосуна ылайык товарларды ташууда (транспорттоодо), товарларды убактылуу сактоодо жана башка учурларда бажы операцияларын же болбосо күбөлүктүн колдонулушу токтотуп турулганга же болбосо юридикалык жак ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестринен чыгарылганга чейин башка аракеттерди жүргүзүү боюнча милдет келип чыкканда аларды жүргүзүүгө милдеттүү.

245-берене. Бажы органдарынын жана ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун өз ара аракеттенүүсү

Бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун ортосунда өз ара аракеттенүүнү уюштуруу максатында макулдашуу (меморандум же башка документ) түзүлүшү мүмкүн.

IX БӨЛҮМ. ӨТКӨӨЛ ЖОБОЛОР. КОРУТУНДУ ЖОБОЛОР

44-глава. Өткөөл жоболор.

246-берене. Жалпы өткөөл жоболор

1. Ушул Мыйзам Кодексте, бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерде жана актыларда жөнгө салынуучу жана ал күчүнө кирген күндөн тартып келип чыккан мамилелерге карата колдонулат.

2. Өткөөл жоболорду колдонуу ушул бөлүмдө белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен Кодекстин IX бөлүмүнө ылайык жүзөгө ашырылат.

3. Эгерде Кодекске ылайык кабыл алынуучу бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдер жана актылар Кодекс күчүнө кирген учурга карата күчүнө кире элек болсо, алар күчүнө киргенге чейин, эгерде Кодекстин 444-беренесинде башкача белгиленбесе, Кыргыз Республикасынын тиешелүү укуктук мамилелерди жөнгө салуучу мыйзамдары колдонулат.

247-берене. Кодекстин 59-беренесине карата өткөөл жоболор

1. Кодекстин 59-беренесинин 2-пунктунун 4-пунктчасында көрсөтүлгөн, ташып кирүү бажы алымдарын төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө берилиши мүмкүн болгон товарлардын тизмеги Комиссия тарабынан аныкталганга чейин:

1) Кодекстин 59-беренесинин 2-пунктунун 4-пунктчасын колдонуу максатында айыл чарба техникасына Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасынын 842481, 843351 жана 843359 субпозицияларында классификациялануучу айыл чарба техникасы кирет;

2) Кодекстин 59-беренесинин 2-пунктунун 4-пунктчасына ылайык ташып кирүү бажы алымдарын төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө берилиши мүмкүн болгон башка товарлардын тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталышы мүмкүн.

2. Кодекстин 59-беренесинин 3-пунктунда көрсөтүлгөн, ташып кирүү бажы алымдарын төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө берилиши мүмкүн болгон товарлардын тизмеги Комиссия тарабынан аныкталганга чейин, Кодекстин 60-беренесине ылайык ташып кирүү бажы алымдарын төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө үчүн пайыздарды төлөө менен ташып кирүү бажы алымдарын төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө товарларды ички керектөө үчүн чыгаруунун бажы жол-жобосуна ылайык чыгарган күндөн кийинки күндөн тартып алты айдан ашпаган мөөнөткө, 2010-жылдын 21-майындагы Бажы алымдарын төлөөнүн негиздери, шарттары жана мөөнөтүн өзгөртүү тартиби жөнүндө макулдашуунун 6-беренесинин 1-пунктунун 1-бөлүгүнүн 7-пунктчасында каралган негиздер болгондо жана көрсөтүлгөн пункттун 2 жана 3-бөлүктөрүн эске алуу менен берилет.

Көрсөтүлгөн негиз боюнча ташып келүү бажы алымдарын төлөөнүн мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө Кодекстин 8-главасына ылайык берилет.

248-берене. Бажы операцияларын жүргүзүү өзгөчөлүктөрү жөнүндө өткөөл жоболор

1. Бажы аймагындагы кайсы болбосун бажы органына товарларга карата декларация берүүгө мүмкүндүк берүүчү, Бирликтин алкагындагы эл аралык келишимдер күчүнө киргенге чейин товарларга карата декларация Кодекстин 449-беренесине ылайык берилет.

2. Кодекс күчүнө кирген күнгө карата убактылуу сактоодо турган товарларды убактылуу сактоо мөөнөтү Кодекстин 101-беренесине ылайык эсептелет.

3. Кодекс жана ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин бажы органы тарабынан бажы декларациясы катталган товарлар, бул бажы декларациясын бажы органы каттаган күнгө карата Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарында жана бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана шарттарда, билдирилген бажы жол-жобосу астында жайгаштырылууга тийиш.

4. Кодекс күчүнө киргенге чейин бажылык декларациялоо Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 194-беренесине ылайык "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 224-228-беренелеринде белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен жүзөгө ашырылган товарларга карата аларды чыгарып берүүгө, бажы жол-жоболоруна жайгаштырууга жана (же) бажы жол-жоболорун колдонууну аяктоого байланышкан бажы операцияларын жүргүзүү Кодекс жана ушул Мыйзам күчүнө киргенден кийин Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарында жана бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана шарттарда жүзөгө ашырылат.

249-берене. Эркин бажы зонасынын, анын ичинде айрым ЭЭЗдердеги эркин бажы зонасынын, эркин кампанын бажы жол-жоболорун колдонуу өзгөчөлүктөрү жөнүндө өткөөл жоболор

Кодекстин 454, 455 жана 456-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленүүчү эркин бажы зонасынын, анын ичинде айрым ЭЭЗдердеги эркин бажы зонасынын, эркин кампанын бажы жол-жоболорун колдонуу өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

45-глава. Корутунду жоболор

250-берене. Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу

Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 30-декабрындагы № 172 Мыйзамынын 1-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 11, 936-ст.);

2) "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 31-декабрындагы № 184 Мыйзамы ("Эркин Тоо" газетасы, 19-июнь, 2015-жыл, № 56);

3) "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 6-июнундагы № 99 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 6, 502-ст.).

251-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кирүү тартиби

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 30-апрелинде N 34-35 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

С. Жээнбеков