Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\7e06e9e0-87d5-4e01-b0db-272feb251bf6\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2019-жылдын 3-июну № 69

"Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

2019-жылдын 2-майында

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңеши тарабынан

кабыл алынган

1-берене.

"Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 3, 76-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-статьянын 2-бөлүгүндө "жана уюмдары" деген сөздөр ", уюмдары жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) I бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 5-1-статья менен толукталсын:

"5-1-статья. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлерине жетекчилик кылуу жана алар менен өз ара аракеттенүү

Ички иштер органдары өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери менен өз ара аракетте аткарат.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин курамы жана ишин уюштуруу "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен аныкталат.

Аскерлерге жетекчилик кылууну Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, ал эми түздөн-түз башкарууну Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин командачысы жүзөгө ашырат.

Облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер башкармалыктарынын башчылары өз компетенциясынын чегинде ведомстволук аймакта жайгаштырылган жана коомдук тартипти жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча милдеттерди аткарган Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин бөлүмдөрүнө жана бөлүктөрүнө карата улук ыкчам башчылар болуп саналат.".

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 7-июнундагы N 48 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

С. Жээнбеков