Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\7e06e9e0-87d5-4e01-b0db-272feb251bf6\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2019-жылдын 3-июну № 70

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери жөнүндө

2019-жылдын 2-майында

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңеши тарабынан

кабыл алынган

1-глава. Жалпы жоболор

1-берене. Жөнгө салуу предмети

Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.

2-берене. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери (мындан ары - Ички аскерлер) жарандардын өмүрүн, ден соолугун, укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын, коомду жана мамлекетти кылмыштуу жана башка укукка каршы кол салуулардан коргоо үчүн багытталган аскердик түзүлүш болуп саналат.

3-берене. Ички аскерлердин ишинин укуктук негизи

Ички аскерлер өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, ушул Мыйзамды жана башка ченемдик укуктук актыларды, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жетекчиликке апат.

4-берене. Ички аскерлердин ишинин принциптери

Ички аскерлердин иши мыйзамдуулук, адамдын укуктарын жана эркиндиктерин сактоо, жеке башчылык жана башкарууну борборлоштуруу принциптеринин негизинде жүзөгө ашырылат.

5-берене. Ички аскерлердин милдеттери

Ички аскерлердин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) ички иштер органдары менен бирдикте коомдук тартипти сактоого, коомдук коопсуздукту камсыз кылууга катышуу;

2) стратегиялык объекттерди жана атайын жүктөрдү кайтаруу;

3) өзгөчө жана аскердик абалдын режимдерин камсыз кылуу боюнча иш-чараларга катышуу;

4) мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдү, террордук топторду, сепаратисттик уюмдарды жана диний экстремисттерди жоюу боюнча иш-чараларга катышуу;

5) массалык кагылышуулар болгон районду тосмолоо жана каршылаш тараптардын жаңжалдарын токтотуу боюнча иш-чараларга катышуу;

6) табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуда калкты куткаруу жана эвакуациялоо, авариялык-куткаруу жана башка кечиктирилгис иш-аракеттерди жүргүзүү боюнча иш-чараларга катышуу;

7) саламаттыкты сактоо жана ветеринария уюмдарына эпидемиялар жана эпизоотиялар чыккан жерлерде карантиндик иш-чараларды жүргүзүүгө көмөк көрсөтүү;

8) Кыргыз Республикасын аймактык коргоого катышуу.

6-берене. Ички аскерлердин жарандардын өмүрүн, ден соолугун, укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча иши

1. Ички аскерлер адамдын жана жарандын өмүрүн, ден соолугун, укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын, алардын жарандыгына, социалдык, мүлктүк жана башка абалына, жынысына, расалык жана улуттук таандыгына, жаш курагына, билимине, тилине, жашаган жерине, диний жана башка ынанымдарына, коомдук бирикмелерге таандыгына, ошондой эле башка жагдайларга карабастан, кылмыштуу жана башка укукка каршы кол салуулардан коргошот.

2. Ички аскерлер тарабынан жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин чектөөгө Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында каралган негизде жана тартипте жол берилет.

7-берене. Ички аскерлердин милдеттүүлүктөрү

Ички аскерлер өз компетенциясынын чегинде төмөнкү милдеттүүлүктөргө ээ:

1) адамдын жана жарандын өмүрүн, ден соолугун, укуктарын жана эркиндиктерин укукка каршы кол салуулардан коргоого;

2) стратегиялык объекттерди жана атайын жүктөрдү кайтарууну камсыз кылууга;

3) кайгуул-күзөт кызматын өтөө жолу менен, анын ичинен массалык иш-чараларды өткөрүү учурунда, коомдук коопсуздукту камсыз кылууга жана коомдук тартипти сактоого катышууга;

4) жарандык коргонуу иш-чараларын уюштурууга жана өткөрүүгө белгиленген тартипте катышууга;

5) массалык башаламандыктарды жана топтошкон баш ийбестиктерди токтотууга белгиленген тартипте катышууга;

6) терроризмге каршы операцияларды жана коргоо иш-чараларын жүргүзүүгө белгиленген тартипте катышууга;

7) аймактык коргоого, ошондой эле өзгөчө жана согуштук абалдын укуктук режимдерин камсыз кылууга белгиленген тартипте катышууга;

8) табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарды жана алардын кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларга, ошондой эле ошол аймакта коомдук тартипти камсыз кылууга белгиленген тартипте катышууга;

9) карантиндик, санитардык-эпидемияга каршы иш-чараларга белгиленген тартипте катышууга.

8-берене. Ички аскерлердин укуктары

Ички аскерлер өз компетенциясынын чегинде төмөнкүлөргө укуктуу:

1) жарандардан, чет өлкөлүк жарандардан, жарандыгы жок адамдардан жана кызмат адамдарынан коомдук тартипти сактоону, Ички аскерлердин өз милдеттерин аткаруусуна тоскоол болгон иш-аракеттерди токтотууну талап кылууга. Мыйзамдуу талаптарды аткарбаган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында каралган мажбурлоо чараларын колдонууга;

2) кылмыштарды, жоруктарды жана бузууларды жасоого шектелгенде жеке адамдардын алардын инсандыгын ырастаган документтерин текшерүүгө;

3) тергөө өкүлдөрү келгенге чейин кылмыштардын жана жоруктардын издеринин сакталышын камсыз кылуу боюнча жазык-процесстик мыйзамдарда каралган зарыл чараларды көрүүгө;

4) кылмыштарды, жоруктарды жана бузууларды жасаган же аларды жасоо үчүн кол салган адамдарды ички иштер органдарына жеткирүүгө;

5) кайтарылуучу, массалык иш-чаралар өткөрүлүүчү жерлердин кире беришинде (өтүүчү жолдо) жеке адамдарды, алардын буюмдарын, транспорт каражаттарын жана алып өтүүчү жүктөрүн текшерүүгө, анын ичинде техникалык каражаттарды колдонуу менен текшерүү жүргүзүүгө;

6) Ички аскерлер тарабынан кайтарылуучу объекттерде белгиленген эрежелерди бузган транспорт каражаттарын, сууда жүрүүчү каражаттарды (кемелерди) текшерүү жүргүзүүгө;

7) мыйзамдарда каралган негиздер болгондо жарандарга таандык турак жайларга жана башка жайларга, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын аймактарына жана жайларына (Кыргыз Республикасындагы чет мамлекеттердин дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрүн кошпогондо) тоскоолдуксуз кирүүгө жана аларды коомдук тартипти камсыз кылуу, кылмышкерди кармоо, адамдын өмүрүн, ден соолугун же мүлкүн сактоо максатында карап чыгууга.

Ички аскерлердин аскер кызматчылары анда жашаган жарандардын эркине каршы турак жайга кирген жана менчикте же башка укукта турган башка объекттерге кирген иш-аракеттеринин мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү 24 сааттын ичинде тергөө судьясы тарабынан каралууга тийиш. Ушул пунктта белгиленген кепилдиктер жана чектөөлөр юридикалык жактарга да жайылтылат;

8) эгерде жеке адамдардын жүрүүсү адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна, менчик объекттерге коркунуч келтирсе, уюмдардын ишин бузса, транспорт каражаттарынын жана жөө жүргүнчүлөрдүн жүрүүсүнө тоскоол болсо, ошондой эле тергөө иш-аракеттерин, атайын тергөө иш-аракеттерин жана массалык иш-чараларды өткөрүүнү камсыз кылган учурларда, жеке адамдардын турак жайларга, белгилүү бир жерлерге жеткиликтүүлүгүн жана болуусун убактылуу чектөөгө, тыюу салууга;

9) кайтаруудагы аймактарга укукка каршы ыкма менен кирген адамдардын изине түшкөндө, камактан качкан адамдарды жана кылмыштарды жасоого шектелген (айыпталган) адамдарды издөөдө, ошондой эле массалык баш аламандыктарды жана коомдук тартипти топтошуп бузууларды токтотууда райондорду, өзүнчө курулмаларды жана объекттерди курчоого алууга (тосмолоого);

10) өзгөчө кырдаалдарда жарандардын өмүрүн, ден соолугун жана мүлкүн коргоо максатында көчөлөрдө жана жолдордо транспорт каражаттарынын жана жөө жүргүнчүлөрдүн кыймылына убактылуу тыюу салууга же чектөөгө, аларды текшерүүнү жүзөгө ашырууга;

11) жеке жана юридикалык жактардан мыйзамсыз сакталган куралды, ок-дарыларды, баңги заттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду, ошондой эле тыюу салынган буюмдарды жана заттарды белгиленген тартипте алып коюуга;

12) Ички аскерлердин аскер кызматчыларынын пайдалануусу үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана материалдарды мамлекеттик органдардан жана менчигинин түрүнө карабастан уюмдардан алууга;

13) коменданттык сааттын режимин бузган жарандарды ал аяктаганга чейин, ал эми жанында алардын инсандыгын ырастаган документтери жок адамдарды инсандыгы белгиленгенге чейин, бирок өзгөчө абал жана согуштук абал жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттөн ашык эмес кармоого;

14) чет мамлекеттердин мамлекеттик органдары жана эл аралык уюмдар менен эл аралык кызматташууну белгиленген тартипте жүзөгө ашырууга;

15) Ички аскерлердин иши тууралуу маселелер боюнча мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча сунуштарды белгиленген тартипте киргизүүгө;

16) кызматтык милдеттерин аткарууда шаардык, шаар четиндеги жана жергиликтүү каттамдагы коомдук транспорттун (жеңил таксиден тышкары) бардык түрлөрүн бекер пайдаланууга;

17) аларга карата кабыл алынуучу чечимдерге жана аракеттерге жогору турган кызмат адамына, прокуратурага же сотко даттанууга.

9-берене. Ички аскерлердин аскер кызматчыларынын жоопкерчилиги

1. Ички аскерлердин аскер кызматчылары кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланганы, бийлик жана кызматтык ыйгарым укуктарын ашыра колдонгону, өз милдеттерин аткарбаганы же талаптагыдай эмес аткарганы, укукка каршы иш-аракеттерди жасаганы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке тартылышат.

2. Ички аскерлердин аскер кызматчыларынын аракети жана аракетсиздиги мыйзамдарда белгиленген тартипте жогору турган органга, прокуратурага жана сотко даттанылышы мүмкүн.

2-глава. Ички аскерлердин курамы жана анын ишин уюштуруу

10-берене. Ички аскерлердин курамы

1. Ички аскерлердин курамына төмөнкүлөр кирет:

1) Ички аскерлердин командачылыгы;

2) ыкчам багыттагы аскердик бөлүктөр (бөлүкчөлөр);

3) стратегиялык объекттерди жана атайын жүктөрдү кайтаруу боюнча аскердик бөлүктөр (бөлүкчөлөр);

4) атайын багыттагы аскердик бөлүктөр (бөлүкчөлөр);

5) Ички аскерлердин ишин камсыз кылуучу (байланыш, окуу, ооруктук, медициналык, техникалык камсыз кылуучу) аскердик бөлүктөр (бөлүкчөлөр).

2. Ички аскерлердин командачылыгы жана аскердик бөлүктөрү - юридикалык жак, уюштуруучулук-укуктук формасы боюнча - мекеме болуп саналат.

11-берене. Ички аскерлерди жетектөө

1. Ички аскерлерге жалпы жетекчиликти Кыргыз Республикасынын ички иштер министри жүзөгө ашырат.

2. Ички аскерлерге түздөн-түз жетекчиликти Ички аскерлердин командачысы жүзөгө ашырат.

12-берене. Кыргыз Республикасынын ички иштер министри

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри:

1) Ички аскерлердин кызматтык-күжүрмөн ишине жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат;

2) Ички аскерлердин ишинин маселелери боюнча ведомстволук актыларды чыгарат;

3) белгиленген штаттык сандын чегинде Ички аскерлердин түзүмүн жана жайгашуусун аныктайт;

4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна Ички аскерлердин жалпы санын өзгөртүү жөнүндө сунуштарды киргизет;

5) Ички аскерлерди дайыма күжүрмөн жана мобилизациялык даярдыкта кармоо боюнча чараларды көрөт, аларды кызматтык-күжүрмөн колдонуу боюнча документтерди бекитет;

6) аскердик кызматка чакырууну жана Ички аскерлердин катарынан мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчыларын бошотууну уюштурууга Ички аскерлердин катышуусун камсыз кылат;

7) Кыргыз Республикасынын Президентине Ички аскерлердин аскер кызматчыларына жогорку аскердик наамдарды ыйгарууга сунуштарды киргизет;

8) Кыргыз Республикасынын Президентине Ички аскерлердин аскер кызматчыларын жана жарандык персонал адамдарын мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоого сунуштарды киргизет;

9) Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине Ички аскерлердин командачысынын кызматына дайындоо үчүн талапкерди сунуштайт. Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине Ички аскерлердин командачысынын кызматынан бошотуу жөнүндө сунуштаманы киргизет;

10) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартиптик уставына ылайык Ички аскерлердин аскер кызматчыларына тартиптик жаза-чараларды салат;

11) Ички аскерлердин командачысынын орун басарларын, Ички аскерлердин бөлүктөрүнүн командирлерин кызмат орундарына дайындайт жана кызмат орундарынан бошотот, Ички аскерлердин офицерлерин кызматтан бошотот, офицердик курамдын биринчи аскердик наамын жана "подполковник", "полковник" аскердик наамдарын ыйгарат;

12) Ички аскерлердин командачылыгынын штаттык санын, аскер кызматчыларынын жүктөмүнүн ченемдерин, штаттык ченемдерин, Ички аскерлердин кызмат орундарынын номенклатурасын бекитет.

13-берене. Ички аскерлердин командачылыгы

1. Ички аскерлердин командачылыгы Ички аскерлердин башкаруу органы болуп саналат.

2. Ички аскерлердин командачылыгынын ишин уюштуруу жана анын тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

3-глава. Ички аскерлердин иш чөйрөсүндөгү мамлекеттик жөнгө салуу

14-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

1) төмөнкүлөрдү бекитет:

а) Ички аскерлердин штаттык санын;

б) Ички аскерлердин күжүрмөн кызматынын уставын;

2) Ички аскерлерди зарыл материалдык-техникалык жана каржылык ресурстар менен камсыз кылат;

3) Ички аскерлердин аскер кызматчылары кайтарууга тийиш болгон стратегиялык объекттердин, атайын жүктөрдүн тизмегин аныктайт.

15-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик органдар жана уюмдар

1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:

1) өз компетенциясынын чегинде ведомстволук караштуулуктагы аймакта Ички аскерлердин аскердик бөлүктөрүн жана бөлүкчөлөрүн жайгаштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин сунуштарын кароого катышат.

2) Ички аскерлердин бөлүкчөлөрү өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча милдеттерди жана жарандык коргонуу боюнча иш-чараларды аткарган учурда, ведомстволук караштуулуктагы аймакта өздүк курамды жайгаштыруу үчүн орундар менен бекер камсыз кылат, азык-түлүк, транспорт, медициналык, коммуналдык жана башка зарыл кызмат көрсөтүүлөр менен үзгүлтүксүз камсыз кылууну уюштурат.

2. Мамлекеттик органдар жана менчигинин түрүнө карабастан уюмдар жана алардын кызмат адамдары өз ыйгарым укуктарынын чегинде Ички аскерлердин аскер кызматчыларына өз кызматтык милдеттерин аткаруусуна көмөк көрсөтүшөт, ошондой эле өзгөчө кырдаалдар же өзгөчө абалды киргизүү шарттарында Ички аскерлердин аскердик бөлүктөрүн жана бөлүкчөлөрүн аларга жүктөлгөн милдеттерди аткарууда башкаруу үчүн бекер байланыш линияларын жана каналдарын беришет.

16-берене. Ички аскерлерди туруктуу жайгашкан пункттарынан тышкары жерлерде милдеттерин аткарууга тартуу

1. Ички аскерлердин аскердик бөлүктөрүн жана бөлүкчөлөрүн туруктуу жайгашкан пункттарынан тышкары жерлерде милдеттерин аткарууга тартуу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин чечими боюнча жүзөгө ашырылат.

2. Ички аскерлердин аскердик бөлүктөрүнүн жеке курамын туруктуу жайгашкан пункттарынан тышкары жерлерде аларга жүктөлгөн милдеттерди аткарууга тартуунун узактыгы 3 айдан ашпоого тийиш.

4-глава. Ички аскерлерде аскердик кызмат өтөө жана эмгек мамилелери

17-берене. Ички аскерлердин кадрлары

1. Ички аскерлердин кадрлары аскер кызматчыларынан жана жарандык персоналдын адамдарынан турат.

Ички аскерлердин кызматкерлери аскер кызматчыларынын статусуна ээ.

2. Ички аскерлерде аскердик кызмат өтөп жаткан аскер кызматчыларынын аскердик наамдары, айырмалоочу белгилери жана алар үчүн белгиленген кийим формасы бар. Аларга Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарында кызмат өтөө шарттарын регламенттеген ченемдик укуктук актылардын колдонулушу жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жалпы аскердик уставдарынын жана ушул Мыйзамдын талаптары жайылтылат.

3. Ички аскерлердин жарандык персоналынын эмгек иши Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдары жана мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдар менен жөнгө салынат.

18-берене. Ички аскерлердеги аскердик кызмат

1. Ички аскерлер аскердик кызматты өтөө жөнүндө мыйзамдарга ылайык жарандарды аскердик кызматка чакыруунун, ошондой эле жарандардын контракт боюнча аскердик кызматка өз ыктыяры менен өтүүсүнүн негизинде аскер кызматчылары менен комплекттелет.

2. Ички аскерлерге аскердик кызмат өтөөгө өтүшкөн жарандар, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жалпы аскердик уставдары менен аныкталган тартипте аскердик ант беришет.

3. Ички аскерлердин аскер бөлүктөрүндө жана бөлүкчөлөрүндө аскердик кызмат өтөө колдонуудагы мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.

19-берене. Ички аскерлердин аскер кызматчыларынын статусунун жана алардын аскердик кызматтын милдеттерин аткаруусунун өзгөчөлүктөрү

1. Ички аскерлердин аскер кызматчыларынын статусунун өзгөчөлүктөрү ушул Мыйзам жана колдонуудагы мыйзамдар менен аныкталат.

Ички аскерлердин аскер кызматчыларына алар ички иштер органдарынын милдеттерин аткарууда ички иштер органдарынын кызматчысынын статусу жайылтылат.

2. Ички аскерлердин аскер кызматчыларынын кызматтык милдеттери жана аларды аткаруу тартиби ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жалпы аскердик уставдары жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ведомстволук актылары менен аныкталат.

3. Ички аскерлерге жүктөлгөн милдеттерди аткарууда Ички аскерлердин аскер кызматчылары бийликтин өкүлдөрү болуп саналат жана мамлекеттин коргоосунда турушат.

4. Ички аскерлердин аскер кызматчыларынын кароолдун, аскердик кезметтин курамында, ошондой эле Ички аскерлерге жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн тартылган аскердик бөлүктөрдүн (бөлүкчөлөрдүн) курамында аскердик кызматтын милдеттерин аткаруусу күжүрмөн нөөмөт өтөө болуп саналат.

Ички аскерлердин аскер кызматчыларынын күжүрмөн нөөмөт өтөө тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

5. Ички аскерлердин аскер кызматчыларынын мыйзамдуу талаптары кызмат адамдарынын, жарандардын, чет өлкөлүк жарандардын, жарандыгы жок адамдардын жана качкын статусуна ээ адамдардын аткаруусу үчүн милдеттүү болуп саналат.

6. Ички аскерлердин аскер кызматчыларынын мыйзамдуу талаптарын аткарбоо, ошондой эле Ички аскерлерге жүктөлгөн милдеттерди аткарууга тоскоолдук кылган башка иш-аракеттер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке алып келет.

7. Ушул Мыйзам менен түз ыйгарым укук берилген адамдардан тышкары, Ички аскерлердин аскер кызматчыларынын мыйзамдуу иш-аракеттерине эч кимдин кийлигишүүгө укугу жок.

8. Ушул Мыйзамда белгиленген Ички аскерлерде аскердик кызмат өтөөнүн өзгөчөлүктөрү жана аскер кызматчыларынын жоопкерчилиги колдонуудагы мыйзамдарга ылайык аскер кызматчылары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү үчүн кошумча социалдык укуктар жана жеңилдиктер менен компенсацияланат.

20-берене. Ички аскерлердин кадрларын даярдоо жана кесиптик деңгээлин жогорулатуу

1. Ички аскерлердин офицерлерин даярдоо жана кесиптик деңгээлин жогорулатуу Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайлары, анын ичинде аскердик окуу жайлары жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык чет мамлекеттердин окуу жайлары тарабынан жүзөгө ашырылат.

2. Прапорщиктерди, старшиналарды, сержанттарды жана жоокер-адистерди даярдоо Ички аскерлердин жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн окутуучу аскердик бөлүктөрүндө (борборлорунда) жүзөгө ашырылат.

3. Кыргыз Республикасынын коргоо маселелерин тейлеген мамлекеттик органы Ички аскерлердин аскер кызматчыларын ведомстволук аскердик окуу жайларда даярдоого көмөк көрсөтөт.

5-глава. Ички аскерлердин мажбурлоо чараларын колдонуусу

21-берене. Кара күчтү, атайын каражаттарды, куралды, курал-жарактарды жана аскер техникасын колдонуунун шарттары жана чектери

1. Ички аскерлердин аскер кызматчылары өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарууда кара күчтү, атайын каражаттарды, куралды, курал-жарактарды жана аскер техникасын колдонууга укуктуу.

2. Кара күч, атайын каражаттар, курал, курал-жарактар жана аскер техникасы Кыргыз Республикасынын ички иштер, коргоо, улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү мыйзам актыларында жана ушул Мыйзамда каралган учурларда түзүлгөн кырдаалга жараша колдонулат. Кара күчтү, атайын каражаттарды, куралды, курал-жарактарды жана аскер техникасын колдонууга чейин, кечиктирүү адамдардын өмүрүнө түздөн-түз коркунуч келтирген же башка оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн болгон учурларды кошпогондо, булар каршы колдонулуп жаткан адамга карата аларды колдонуу ниети жөнүндө так жана ачык-айкын эскертүү жасалуусу керек.

3. Ички аскерлердин аларга жүктөлгөн милдеттерин аткарып жаткан аскер кызматчылары куралы, атайын каражаттары, ошондой эле курал-жарактары жана аскер техникасы жок болгон же аларды колдонууга мүмкүн болбогондо, зарыл коргонуу же аргасыз зарылчылык түзүлгөн абалда коомдук кооптуу кол салууларга кайра сокку берүү үчүн колунда бар каражаттарды пайдаланууга укуктуу.

4. Эгерде кара күчтү, атайын каражаттарды, куралды, курал-жарактарды жана аскер техникасын колдонуудан качууга мүмкүн болбогон учурда, Ички аскерлердин аскер кызматчылары жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык мүмкүн болгон чараларды көрүүгө жана алардын ден соолугуна, ар-намысына, аброюна жана мүлкүнө мүмкүн болушунча аз зыян келтирүүгө умтулууга, ошондой эле жабырлануучуларга медициналык жардам көрсөтүү боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.

5. Ички аскерлердин аскер кызматчысы кара күчтү, атайын каражаттарды, куралды, курал-жарактарды жана аскер техникасын колдонгон ар бир учур тууралуу аны колдонгон учурдан тартып 24 сааттын ичинде өзүнүн кызмат өтөгөн жери же болбосо колдонгон жери боюнча түздөн-түз командирине рапорт берүүгө милдеттүү.

6. Ички аскерлердин аскер кызматчыларынын кара күчтү, атайын каражаттарды, куралды, курал-жарактарды жана аскер техникасын өз ыйгарым укуктарынан ашыра колдонуусу Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке алып келет.

6-глава. Корутунду жоболор

22-берене. Ички аскерлерди каржылоо

Ички аскерлерди каржылоо республикалык бюджеттин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүзөгө ашырылат.

23-берене. Ички аскерлерди материалдык-техникалык камсыз кылуу

1. Ички аскерлерди материалдык-техникалык камсыз кылуунун ченемдери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

2. Ички аскерлер курал-жарак, автомобиль, бронетанкалык жана башка аскер техникасы, материалдык каражаттар менен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери үчүн белгиленген тартипте жана ченемдер боюнча камсыз кылынат.

3. Стратегиялык объекттерди жана атайын жүктөрдү кайтаруу боюнча милдеттерди аткарган аскердик бөлүктөрдүн (бөлүкчөлөрдүн) өздүк курамын, курал-жарактарын, техникасын жана аскердик-техникалык мүлкүн жайгаштыруу үчүн имараттар жана курулмалар Ички аскерлер объекттерин кайтарган министрликтер жана ведомстволор (мекемелер) тарабынан бөлүнүп берилет же тургузулат.

24-берене. Ички аскерлердин ишинде мыйзамдуулуктун сакталышына көзөмөл

Ички аскерлердин ишинде мыйзамдуулуктун сакталышына көзөмөлдү Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасы жүзөгө ашырат.

25-берене. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү тартиби

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 7-июнундагы N 48 жарыяланды

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 6 айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

С. Жээнбеков