Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\7e06e9e0-87d5-4e01-b0db-272feb251bf6\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2019-жылдын 27-июну № 77

"Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

2019-жылдын 30-майында

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңеши тарабынан

кабыл алынган

1-берене.

"Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 6, 535-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 21-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Судьянын кызматын ээлеп турган Кеңештин мүчөсү өз ишин коомдук башталышта жүзөгө ашырат жана анын негизги иш орду боюнча эмгек акысы сакталат. Кеңеште иштөө мезгилинде судьянын кызматын ээлеп турган анын мүчөсү өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруудан бошотулат.

Судьянын кызматын ээлеп турбаган Кеңештин мүчөсүнө шайланган учурдан тартып ай сайын материалдык сыйакы төлөнөт. Материалдык сыйакы төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган өлчөмдө, ыйгарым укуктуу орган тарабынан республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.";

2) 22-берененин 2-1-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 2-июлундагы N 55 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

С. Жээнбеков