Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\7e06e9e0-87d5-4e01-b0db-272feb251bf6\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2019-жылдын 8-июлу № 83

Расмий статистика чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

2019-жылдын 29-майында

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңеши тарабынан

кабыл алынган

1-берене.

"Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 3, 76-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

9-статьянын 20-пунктунда ", ошондой эле мамлекеттик статистика органдарындагы статистикалык," деген сөздөр алып салынсын.

2-берене.

"Кыргыз Республикасындагы жекече детективдик жана күзөт ишмердиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 7, 102-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

4-статьянын 4-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген тартипте Кыргыз Республикасынын мамлекеттик статистика жаатындагы ыйгарым укуктуу органдарында жекече ишкер" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары менен белгиленген тартипте жеке ишкер" деген сөздөргө алмаштырылсын.

3-берене.

"Энергияны үнөмдөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 12, 497-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

11-статьянын 5-бөлүгүндө "мамлекеттик статистика тармагындагы компетенттүү органдар" деген сөздөр "расмий статистика жаатындагы мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.

4-берене.

"Китепкана иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 3, 97-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

12-берененин 5-бөлүгүндө "мамлекеттик статистика органдарынын" деген сөздөр "расмий статистика жаатындагы мамлекеттик органдын" деген сөздөргө алмаштырылсын.

5-берене.

"Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 11, 452-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

14-статьянын 1-бөлүгүндө "мамлекеттик статистиканын органдары" деген сөздөр "расмий статистика жаатындагы мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.

6-берене.

"Айыл чарба каттоосу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 8, 465-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 6-статьяда "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 10-статьяда "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамдарына жана жоруктар жөнүндө мыйзамдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын;

3) 11-статьяда "Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик статистика жөнүндө" Мыйзамына" деген сөздөр "Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына" деген сөздөргө алмаштырылсын.

7-берене.

"Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2001-ж., № 10, 370-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 7-статьянын 1-бөлүгүнүн экинчи абзацында "статистикалык жана компетенттүү органдарга" деген сөздөр "расмий статистика жаатындагы мамлекеттик органга жана компетенттүү органга" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 10-статьянын 5-бөлүгүндө "мамлекеттик статистика органы" деген сөздөр "расмий статистика жаатындагы мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;

3) 18-статьяда:

а) 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Берилген маалыматтын толуктугун жана анык болушун камсыз кылуу менен, коркунучтуу калдыктар менен иштөө жаатындагы мамлекеттик эсепке алуу расмий статистика жаатындагы мамлекеттик орган тарабынан белгиленген тартипте бирдиктүү тутум боюнча жүзөгө ашырылат. Юридикалык жана жеке жактар эсепти жүргүзөт жана белгиленген тартипте өз өндүрүшүнүн коркунучтуу калдыктарынын, ошондой эле башка жактан келип түшкөн калдыктардын бар экени, алардын топтолгондугу жана аларды пайдалануу жөнүндө отчетту расмий статистика жаатындагы мамлекеттик органга жана компетенттүү органга берет.";

б) 3-бөлүгүндө:

мамлекеттик тилдеги бөлүк "боюнча" деген сөздөн кийин "расмий статистика жаатындагы" деген сөздөр менен толукталсын;

расмий тилдеги "органом государственной статистики" деген сөздөр "государственным органом в области официальной статистики" деген сөздөргө алмаштырылсын.

8-берене.

"Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 7-8, 487-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

9-берененин 8-бөлүгүнүн биринчи абзацында ", статистикалык" деген сөз алып салынсын.

9-берене.

"Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 4, 347-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

16-беренеде "мамлекеттик статистика органдары жүргүзүшөт" деген сөздөр "расмий статистика жаатындагы мамлекеттик орган жүргүзөт" деген сөздөргө алмаштырылсын.

10-берене.

"Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 10, 1110-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

26-беренеде:

а) 2-бөлүгүндө "мамлекеттик статистика органдарына" деген сөздөр "расмий статистика жаатындагы мамлекеттик органга" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) 4-бөлүгүндө "мамлекеттик статистика органдарына" деген сөздөр "расмий статистика жаатындагы мамлекеттик органга" деген сөздөргө алмаштырылсын;

в) 6-бөлүгүнүн 2-пунктунда "мамлекеттик статистика органдарынан," деген сөздөр алып салынсын.

11-берене.

"Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 10, 1111-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

15-беренеде "Кыргыз Республикасынын статистика боюнча ыйгарым укуктуу органы тарабынан эсепке алынууга тийиш" деген сөздөр "расмий статистика жаатындагы мамлекеттик орган тарабынан эсепке алынууга жатат" деген сөздөргө алмаштырылсын.

12-берене.

"Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 5, 468-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

9-берененин 6-бөлүгүндө "мамлекеттик статистика органдарына" деген сөздөр "расмий статистика жаатындагы мамлекеттик органга" деген сөздөргө алмаштырылсын.

13-берене.

"Кепилденген мамлекеттик минималдык социалдык стандарттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 5, 487-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

20-берененин 3 жана 4-бөлүктөрүндө "статистиканын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы" деген сөздөр "расмий статистика жаатындагы мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.

14-берене.

"Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 999-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

11-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда "мамлекеттик статистика органдарынын" деген сөздөр "расмий статистика жаатындагы мамлекеттик органынын" деген сөздөргө алмаштырылсын.

15-берене.

"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1004-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

44-берененин 1-бөлүгүнүн 2-1-пунктунда "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик статистика органдарынын" деген сөздөр "расмий статистика жаатындагы мамлекеттик органдын" деген сөздөргө алмаштырылсын.

16-берене.

"Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1019-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

15-беренедеги "статистика," деген сөз алып салынсын.

17-берене.

"Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 6, 629-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 9-берененин 1-бөлүгүнүн 4-пунктунда "статистика органдарына" деген сөздөр "расмий статистика жаатындагы мамлекеттик органга" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 10-берененин 2-бөлүгүнүн 4-пунктунда "статистика органдарына" деген сөздөр "расмий статистика жаатындагы мамлекеттик органга" деген сөздөргө алмаштырылсын.

18-берене.

"Автомобиль транспорту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 7, 940-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

31-берененин 1-бөлүгүндө "статистикалык органдары" деген сөздөр "расмий статистика жаатындагы мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.

19-берене.

"Борбордун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 11, 1237-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 15-берененин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда "мамлекеттик статистика органдарынын" деген сөздөр "расмий статистика жаатындагы мамлекеттик органынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 21-берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда "мамлекеттик статистика органдарынын" деген сөздөр "расмий статистика жаатындагы мамлекеттик органынын" деген сөздөргө алмаштырылсын.

20-берене.

"Ош шаарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 11, 1238-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 15-берененин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда "мамлекеттик статистика органдарынын" деген сөздөр "расмий статистика жаатындагы мамлекеттик органынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 21-берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда" мамлекеттик статистика органдарынын" деген сөздөр "расмий статистика жаатындагы мамлекеттик органдын" деген сөздөргө алмаштырылсын;

21-берене.

"Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 1, 6-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 11-берененин 11-бөлүгүндө ", статистика органдарына" деген сөздөр "органдарына, расмий статистика жаатындагы мамлекеттик органга" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 12-берененин 9-бөлүгүндө ", статистикалык органдарына" деген сөздөр "органдарына, расмий статистика жаатындагы мамлекеттик органга" деген сөздөргө алмаштырылсын.

22-берене.

"Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 3, 167-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 10-берененин 4-бөлүгүнүн 15-пунктунда "статистика органдарына" деген сөздөр "расмий статистика жаатындагы мамлекеттик органга" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 25-берененин 6-бөлүгүндө:

а) мамлекеттик тилдеги "Кыргыз Республикасынын статистикалык органдары" деген сөздөр "расмий статистика жаатындагы мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) расмий тилдеги "статистическими органами" деген сөздөр "государственньм органом в области официальной статистики" деген сөздөргө алмаштырылсын.

23-берене.

"Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 10, 881-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

17-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда "статистикалык бирдиктердин Бирдиктүү мамлекеттик реестрине" деген сөздөр "Салык төлөөчүлөрдүн мамлекеттик реестрине" деген сөздөргө алмаштырылсын.

24-берене.

"Эмгек милдеттерин аткарууда кызматкерге иш берүүчүнүн күнөөсү боюнча келтирилген залалдан, кесиптик оорудан же болбосо ден соолугунун башка бузулуусунан келип чыккан зыяндын ордун толтуруунун суммасын керектөө товарларына жана кызмат көрсөтүүлөргө баалардын жогорулаганын эске алуу менен индексациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 6, 542-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

3-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Баалардын индекси расмий статистика жаатындагы мамлекеттик орган тарабынан эсептелет.".

25-берене.

"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 11, 1183-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 17-берененин 11-пунктунда "статистика боюнча мамлекеттик орган" деген сөздөр "расмий статистика жаатындагы мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 51-берененин 1-бөлүгүндө "статистика боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр "расмий статистика жаатындагы мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.

26-берене.

"Эл жана турак жай фондун каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 4, 341-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 10-беренеде "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 11-беренеде "Кыргыз Республикасынын күчүндө турган мыйзамдарына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамдарына жана жоруктар жөнүндө мыйзамдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын.

27-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып бир жыл өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 12-июлундагы N 58 жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

С. Жээнбеков