КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УКУКТУК МААЛЫМАТТАРДЫН БОРБОРЛОШТУРУЛГАН БАНКЫ | |
Документ | Маалым дарек | Шилтеме документтер |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 30-июлу № 106
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2019-жылдын 27-июнунда |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 7-8, 759-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 15-беренеде:
а) 2-бөлүгүндө "Ардак белгиси" деген сөздөр "Ардак белги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 3-бөлүгүндө "Ардак белгиси" деген сөздөр "Ардак белги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 18-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Аскердик, кызматтык же жарандык милдетин аткарууда баатырдык, каармандык, тайманбастык жана эрдик көрсөткөндүгү үчүн "Эрдик" медалы менен сыйлоо көзү өткөндөн кийин да жүргүзүлүшү мүмкүн.
Мамлекеттин жана коомдун алдында өзгөчө эмгеги бар мурдагы мамлекеттик ишмерлерге (Кыргыз ССРинин Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчыларына, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагаларына, Кыргыз ССР Жогорку Советинин төрагаларына, Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагаларына) ыйгарыла турган "Кыргыз Республикасынын Баатыры" эң жогорку артыкчылык даражасын кошпогондо, көзү өткөндөн кийин башка мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жана ардак наамдарды ыйгаруу жүргүзүлбөйт.".
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С. Жээнбеков |