Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\7e06e9e0-87d5-4e01-b0db-272feb251bf6\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2019-жылдын 25-июлу № 102

Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө

2019-жылдын 20-июнунда

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңеши тарабынан

кабыл алынган

 

Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөөнүн тартибинин жана шарттарынын укуктук жана уюштуруучулук негиздерин, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктук абалын (статусун) жана социалдык камсыз кылуу кепилдиктерин аныктайт, укук коргоо органдарына кызматка кирүүгө, кызмат өтөөгө жана аны токтотууга байланышкан мамилелерди, ошондой эле укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан кара күчтү, атайын каражаттарды, куралдарды, курал-жарактарды жана согуштук техникаларды колдонуу тартибин жөнгө салат.

1-глава. Жалпы жоболор

1-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу түшүнүктөр

1. Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн колдонулуучу терминдер төмөнкүлөрдү билдирет:

1) аттестация - кызматкердин кесиптик билимин, көндүмдөрүн, ээлеп турган кызмат ордуна ылайык келүүсүн, ошондой эле кызматтык өсүү келечегин мезгилдүү текшерүү;

2) ок-дарылар - бутаны кыйратуу, аны кыйратууга түрткү берүүчү милдеттерди аткаруу үчүн арналган, жарылма, пиротехникалык же ыргытма дүрмөттөр же алардын айкалышуусун камтыган курал-жарак түзүлүштөрү жана предметтери;

3) согуштук техника - согуш учурунда душманга залал келтирүү үчүн пайдаланылуучу жана аскердик техниканын бөлүгү болуп саналуучу, өзүндө куралды жана анын жабдыктарын камтуучу бардык техникалык каражаттардын жыйындысы;

4) курал-жарак - каршылаштын киши күчүн, курал-жарагын, согуштук техникасын, курулмаларын жана башка объектилерин кыйратуу үчүн арналган каражаттар, бул каражаттардын курамдык бөлүктөрү жана комплекттөөчү буюмдары, ошондой эле аларды колдонууну камсыз кылуучу башкаруу системаларынын комплекси;

5) эс алуу убагы - укук коргоо органдарынын кызматкерлери кызматтык милдеттерин аткаруудан эркин болгон убакыт;

6) тартиптик жоопкерчилик - кызматтык тартипти бузган жана тартиптик жорук жасаган кызматкерлерге укуктук таасир кылуунун формаларынын бири;

7) тартиптик жорук - өзүнө жүктөлгөн милдеттерди кызматкердин укукка каршы аткарбоосу же талаптагыдай эмес аткаруусу, буга тете эле, эгерде жасалган иш бузуунун, жоруктун же кылмыштын курамын түзбөсө, кызматкердин укук коргоо органында кызматта болуусу менен байланышкан, ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген чектөөлөрдү жана тыюу салууларды сактабоосу;

8) талапкер - укук коргоо органына кызматка кирүүгө талаптанган адам;

9) контракт - укук коргоо органы менен кызматкердин ортосунда түзүлүүчү, тараптардын укуктары жана милдеттери белгиленүүчү жазуу жүзүндөгү макулдашуу;

10) ченемделбеген жумуш убактысы - жумуштун өзгөчө режими, ага ылайык кызматкер укук коргоо органынын жетекчисинин же ыйгарым укуктуу жетекчинин жазуу жүзүндөгү чечими боюнча ченемдик жумуш убактысынан тышкары өз кызматтык милдеттерин аткарууга тартылат, мында жетекчи ченемделбеген жумуш убактысын эсепке алуу жазуусун жүргүзөт;

11) жумуш убактысынын ченемдик узактыгы - кызматкер ички тартиптин эрежелерине ылайык өз кызматтык милдеттерин аткаруучу убакыт;

12) кызматкерди которуу - кызматкерди укук коргоо органындагы ээлеп турган кызмат ордунан бошотуу, бир эле убакта укук коргоо органдарында кызмат өтөөсүн токтотпостон башка укук коргоо органына кызмат ордуна дайындоо;

13) жылыштыруу - бир эле укук коргоо органынын чегинде кызматкердин кызматтык абалын жана функциялык милдеттерин өзгөртүү;

14) ар дайымкы каражаттар - курал жана атайын каражат болуп саналбаган, жеткиликтүү жерде турган, кызматкерлер тарабынан колдонулуучу кайсы болбосун буюмдар, механизмдер жана заттар;

15) укук коргоо органдары - ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, экономикалык кылмыштар менен күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, ошондой эле айрым укук коргоо функцияларын ишке ашыруучу улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана мыйзамдардын аткарылышына көзөмөлдү жүзөгө ашыруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;

16) иштөөгө жиберүү - кызматкерди укук коргоо органынын кадрында калтыруу менен башка мамлекеттик органдардагы жана эл аралык уюмдардагы кызмат орундарына иштөө үчүн жиберүү;

17) укук коргоо органынын беделин кетирүүчү жорук - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен Укук коргоо органдарынын тартиптик уставында каралган, укук коргоо органынын беделин кетирүүчү деп таанылган жосун;

18) кадрлар резерви - Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин билим берүү мекемелеринде укук коргоо органдарынын кызматкерлерин даярдоо программасы боюнча баштапкы атайын окуудан өткөн, укук коргоо органдарындагы кызмат орундарын ээлөөгө талаптанган талапкерлер тобу;

19) көтөрүүгө кадрлар резерви - башкаруучулук ишке жөндөмдүү болгон, кызмат орундарынын тигил же бул категориясына коюлуучу талаптарга жооп берген, максаттуу квалификациялык даярдыктан өткөн жана жетектөөчү кызмат орундарын ээлөөгө сунушталган тандалган кызматкерлер тобу;

20) ротация - кызматкерди пландуу жылыштыруу, ал кызмат кызыкчылыгында, укук коргоо органынын кадрдык дараметин оптималдуу пайдалануу максатында жүзөгө ашырылат;

21) кызматтык тартип - укук коргоо органынын кызматкеринин ушул Мыйзамга жана Укук коргоо органдарынын тартиптик уставына ылайык кызматтык милдеттерин так жана кынтыксыз сактоосу;

22) кызматтык милдеттер - Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында жана укук коргоо органынын ведомстволук актыларында белгиленген, укук коргоо органдарынын кызматкеринин аткаруусу үчүн милдеттүү болгон кызматтык функциялар;

23) кызматтык наряд - укук коргоо органынын белгилүү бир ыкчам-кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн дайындалган кызматкерлерин бириктирүүчү уюштуруучулук структура;

24) кызматкер - укук коргоо органдарына кызматка алынган жана ушул Мыйзамда белгиленген укуктарды жана милдеттерди, чектөөлөрдү жана тыюу салууларды өзүнө кабыл алган, ушул Мыйзамда белгиленген тартипте атайын наам ыйгарылган Кыргыз Республикасынын жараны;

25) атайын текшерүү - укук коргоо органдары тарабынан жүргүзүлүүчү, талапкерге карата материалдарды жана маалыматтарды чогултуу жана текшерүү боюнча иш-чаралардын комплекси;

26) атайын каражаттар - негизги арналышы адамга же кандайдыр бир материалдык объектке тикелей мажбурлоочу физикалык (психологиялык) таасир көрсөтүү, кызматкерлерди ар кандай предметтердин тийүүсүнөн, анын ичинде куралдан коргоо, ошондой эле кылмыштарды, жоруктарды, бузууларды жасап жаткан же жасаган адамдарды айкындоо болуп саналган техникалык буюмдар (түзүлүштөр, предметтер, заттар), кызматтык жаныбарлар, атайын транспорт жана техника;

27) табелдик курал - табелге жана тийиштүүлүк ченемдерине ылайык укук коргоо органынын кызматкерине бекитилүүчү курал, ага ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен жүктөлгөн кызматтык милдеттерин аткаруу жана өзүн коргоо максатында бул куралды сактоого, алып жүрүүгө жана колдонууга уруксат берилет;

28) ыйгарым укуктуу жетекчи - укук коргоо органынын жетекчисинин орун басары, укук коргоо органынын структуралык, аймактык органынын, укук коргоо органынын аймактык органынын структуралык бөлүгүнүн жетекчиси (башчысы) же укук коргоо органынын жетекчиси белгиленген тартипте белгилүү бир функцияларды жүзөгө ашыруу боюнча ыйгарым укуктарды берген бөлүктүн башка жетекчиси (башчысы);

29) кара күч - конкреттүү кызматкердин булчуң күчүн жана жеке физикалык мүмкүнчүлүктөрүн колдонууга негизделген, анын таасир кылуу объекти (адам, жаныбарлар, предметтер, заттар, механизмдер, түзүлүштөр) менен тикелей физикалык (дене-бойлук) байланышка кирүүсүндө турган жана адамдардын, жаныбарлардын денесин оорутуу, саламаттыгына зыян келтирүү, өлүмүнө алып келүү, предметтерди, түзүлүштөрдү, механизмдерди бузуу же талкалоо, предметтерди, заттарды, түзүлүштөрдү жана механизмдерди убактылуу алып коюу менен коштолушу мүмкүн болгон мажбурлап таасир кылуу;

30) кызматкерлердин үй-бүлө мүчөлөрү - кызматкер менен катталган никеде турган, бирге жашаган же жалпы чарба жүргүзгөн жубайы, курман болгон (өлгөн) кызматкер менен ал курман болгон (өлгөн) күндө катталган никеде турган жубайы, балдары, анын ичинде асырап алган балдары, ата-энеси жана кызматкердин (укук коргоо органдарынын кызматынан бошотулган) толук багуусунда турган (болгон) же андан өздөрү үчүн жашоо каражатынын туруктуу жана негизги булагы болуп саналган жардам алып туруучу (алып келген) адамдар, ошондой эле үй-бүлө мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте багуусунда тургандар деп таанылган башка адамдар;

31) запаска бошотуу - укук коргоо органдарынын кызматкерлерин кызматтан бошотуу жана аларды укук коргоо органдарында кызматта болуунун чектүү жаш курагына жеткенге чейин аскер комиссариаттарында аскердик эсепте кармоо;

32) отставкага бошотуу - укук коргоо органдарынын кызматкерин укук коргоо органдарында кызматта болуунун чектүү жаш курагына жеткенден кийин запаска чыгарбастан кызматтан бошотуу.

2. Куралдын түшүнүгү жана түрлөрү "Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталат.

2-берене. Ушул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү

1. Прокуратура жана улуттук коопсуздук органдарында кызмат өтөп жаткан, мыйзамдарда алар үчүн кызмат өтөөнүн башка тартиби белгиленген адамдарды кошпогондо, ушул Мыйзамдын колдонулуусу Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөп жаткан адамдарга жайылтылат.

2. "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболору кызматкерлерге ушул Мыйзамда жөнгө салынбаган бөлүгүндө жайылтылат.

3. Ушул Мыйзам укук коргоо органдарында саясий кызматты ээлеп турган адамдарга алардын укуктук абалын жөнгө салган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген бөлүгүндө жайылтылат.

4. Ушул Мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, ушул Мыйзамдын колдонулушу жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда жана ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда кызмат өтөп жаткан аскер кызматкерлерине жайылтылбайт.

3-берене. Укук коргоо органдарында кызмат өтөөнүн укуктук негиздери

Укук коргоо органдарында кызмат өтөөнүн укуктук негиздери болуп Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам жана башка ченемдик укуктук актылар, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер саналат.

4-берене. Укук коргоо органдарында кызмат өтөөнүн принциптери

Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө төмөнкүдөй принциптерге негизделет:

1) мыйзамдуулук;

2) укук коргоо органдарында кызмат өтөөнү уюштурууга бир түрдүү мамиле жасоо;

3) укук коргоо органдарындагы кызматка жана кызмат боюнча көтөрүлүүгө жарандардын бирдей мүмкүнчүлүгү;

4) бир башчылык жана субординация (баш ийүүчүлүк);

5) саясий партиялардын жана саясий максаттарды көздөгөн башка коомдук бирикмелердин, ошондой эле диний уюмдардын иштерине катышуусуна тыюу салуу;

6) кызматкерлердин кесипкөйлүгү жана компетенттүүлүгү;

7) укук коргоо органдарындагы кызматта чектөөлөрдүн, милдеттердин, тыюу салуулардын, жоопкерчиликтин өз ара байланышы жана кызматкерлерге жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө социалдык кепилдиктер.

2-глава. Укук коргоо органынын кызматкеринин укуктук статусу

5-берене. Укук коргоо органынын кызматкеринин статусу

1. Укук коргоо органынын кызматкеринин (мындан ары - кызматкер) статусу ушул Мыйзамда жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген, мамлекет кепилдеген укуктардын жана милдеттердин жыйындысын билдирет.

2. Кызматкердин статусу инсанга, квалификацияга жана жүрүм-турумга жогорку талаптарды белгилөөнү, ыйгарым укуктарды талаптагыдай эмес аткаруу үчүн жоопкерчиликти жогорулатууну көздөйт.

3. Кызматкердин статусу кызматка кирген күндөн тартып келип чыгат жана бошогон күндөн тартып токтотулат.

4. Кызматкер мамлекеттик бийликтин өкүлү болуп саналат жана мамлекеттин коргоосунда турат. Мыйзам менен тикелей ыйгарым укук берилген органдардан жана кызмат адамдарынан тышкары эч ким анын кызматтык ишине кийлигишүүгө укугу жок.

5. Аскердик, өзгөчө абал шарттарында же башка кризистик кырдаалда кызмат өтөп жаткан кызматкердин статусунун өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын тийиштүү ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.

6. Кызматкерди жана анын үй-бүлө мүчөлөрүн Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келгенден башкача кандайдыр бир укуктардан жана эркиндиктерден ажыратууга же алардын укуктарын жана эркиндиктерин чектөөгө эч кимдин укугу жок.

7. Кызматкердин кызматтык милдеттерин аткаруудагы мыйзамдуу талаптары бардык жарандар жана кызмат адамдары тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.

8. Кызматкердин мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө, аны мазактоо, каршылык көрсөтүү, коркутуу, зомбулук кылуу же анын өмүрүнө, саламаттыгына жана мүлкүнө кол салуу, ошондой эле ага жүктөлгөн кызматтык милдеттерди аткарууга тоскоолдук кылуучу башка аракеттер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бузуулар, жоруктар, кылмыштар үчүн белгиленген жоопкерчиликке алып келет.

9. Кызматкер кылмыштарды же жоруктарды жасап жаткан жеринде кармалган же аларды жасагандыгы үчүн айыпталган учурларды кошпогондо, ал өз кызматтык милдеттерин аткарып жатканда ал кызмат өтөп жаткан укук коргоо органынын өкүлүсүз аны айдап келүүгө жана кармоого, ошондой эле жеке карап чыгууга жана анын буюмдарын, жеке жана пайдаланып жаткан транспортун карап чыгууга жол берилбейт.

6-берене. Кызматкердин укуктары

1. Кызматкер төмөнкүлөргө укуктуу:

1) өзүнүн жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрүн жана саламаттыгын, ошондой эле ага таандык мүлктү мамлекет тарабынан коргоого;

2) мамлекеттик пенсиялык камсыздоого;

3) медициналык камсыздоого;

4) өзүн жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн турак жай менен камсыздалышына;

5) эс алууга;

6) акчалай күтүм алууга;

7) жеке маалыматтарынын корголушуна;

8) анын кызматтык ишинин натыйжаларын, кызмат стажын, квалификациясынын деңгээлин жана кесиптик билимин эске алуу менен укук коргоо органдарында кызмат боюнча көтөрүлүүгө;

9) билим, кошумча кесиптик билим алууга, кесиптик даярдыгын, квалификациясын жана кайра даярдыгын жогорулатууга, ошондой эле дене-бойлук даярдыгын өнүктүрүүгө жана өркүндөтүүгө;

10) анын демилгеси боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүүгө;

11) өзүнүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн, ошондой эле укук коргоо органдарында кызмат өтөөгө байланышкан талаштарды чечүү үчүн баш ийүүчүлүк тартипте жогору турган кызмат адамдарына, жогору турган органдарга же сотко кайрылууга;

12) укук коргоо органындагы кызматтын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен, кызматтык милдеттерин аткаруу жана кесиптик өнүгүү үчүн талаптагыдай уюштуруучулук-техникалык жана санитариялык-гигиеналык шарттарга;

13) эгерде бул кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып келбесе, кызматтык милдеттерин аткаруудан бош убакытта саясий максаттарды же диний мүнөздөгү максаттарды көздөбөгөн коомдук бирикмелерди түзүүгө жана алардын ишине катышууга;

14) ээлеп турган кызмат орду боюнча укуктарын жана милдеттерин аныктоочу документтер, кызматы боюнча көтөрүлүүдө эске алына турган иш баалоо критерийлери, ошондой эле натыйжалуулуктун жеке көрсөткүчтөрү менен таанышууга;

15) кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл маалыматтарды жана материалдарды белгиленген тартипте алууга, ошондой эле укук коргоо органынын ишин өркүндөтүү жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;

16) укук коргоо органы тарабынан аныкталган тартипте өздүк ишиндеги материалдар, ошондой эле өздүк ишине тиркелген жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөр, башка документтер жана материалдар менен таанышууга;

17) куралды жана атайын каражаттарды алып жүрүүгө жана сактоого;

18) кара күчтү, атайын каражаттарды, куралды, курал-жарактарды жана согуштук техниканы колдонууга;

19) өз каалоосу менен укук коргоо органдарынан бошоп кетүүгө;

20) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген учурларда жетекчинин оозеки буйругун жазуу жүзүндө ырастоосун талап кылууга;

21) мыйзамдарда белгиленген тартипте өзүнүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого, ошондой эле кызмат адамдарынын укук ченемсиз аракеттерине даттанууга.

2. Кызматкерлердин укуктары Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында да бекемделиши мүмкүн.

7-берене. Кызматкердин милдеттери

1. Кызматкер төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясын, кызматтык милдеттерди аткарууга байланышкан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана мыйзам астындагы актыларын билүүгө жана сактоого;

2) кызматтык милдеттерин аткарууда жарандардын, коомдук бирикмелердин жана уюмдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоого;

3) кызматтык милдеттерин билүүгө жана аткарууга, ыйгарым укуктуу жетекчилердин буйруктарын жана тескемелерин аткарууга. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ачык каршы келген буйрук же көрсөтмө алган учурда кызматкер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын нормаларын жетекчиликке алууга милдеттүү;

4) кызматтык ыйгарым укуктарын кыянат пайдаланууга жол бербөөгө, укук коргоо органдарындагы кызматка байланышкан, мыйзамдарда белгиленген чектөөлөрдү жана тыюу салууларды карманууга, ошондой эле кызматтык этиканын талаптарын сактоого;

5) кызматтык маселелер боюнча - өзүнүн тикелей жетекчисине (башчысына), ал эми зарыл болгон учурда тикелей жетекчисине (башчысына) билдирүү менен жогору турган жетекчиликке кайрылууга;

6) укук коргоо органынын кызматтык ички тартибинин эрежелерин сактоого;

7) окуялар, убактылуу эмгекке жарамсыздык жөнүндө жана кызматкердин өз кызматтык милдеттерин аткаруу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруучу башка жагдайлар тууралуу тикелей жетекчисине (башчысына) мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө билдирүүгө;

8) кызматтык милдеттерди талаптагыдай аткаруу үчүн кесиптик жана дене-бойлук даярдыгынын зарыл деңгээлин кармап турууга жана өркүндөтүүгө жана белгиленген тартипте квалификациясын жогорулатуудан, кайра даярдоодон, кесиптик окуудан өтүүгө жана (же) кошумча кесиптик билим алууга;

9) мамлекеттик сырды жана мыйзам менен корголгон башка сырды түзгөн маалыматтарды, ошондой эле кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу ага маалым болгон, анын ичинде жарандардын жеке жашоосуна тийиштүү болгон же алардын кадыр-баркына жана беделине шек келтирген маалыматтарды жайылтпоого;

10) мамлекеттик мүлктү сактоого;

11) кирешени жана мүлктү декларациялоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өзүнүн кирешелери, чыгымдары, мүлкү жана мүлктүк мүнөздөгү милдеттемелери тууралуу маалыматтарды берүүгө;

12) чет мамлекеттин жарандыгын алууга же чет мамлекетте жашоо укугун алууга документтерди тапшыргандыгы жөнүндө, Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу тууралуу арыз бергендиги жөнүндө арыз берген күнү тикелей жетекчисине (башчысына) билдирүүгө;

13) кызматтык милдеттерин аткарууда кызыкчылыктардын кагылышуу мүмкүндүгү же келип чыгуусу тууралуу тикелей жетекчисине (башчысына) билдирүүгө жана мындай кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоо боюнча чараларды көрүүгө;

14) аны же башка кызматкерлерди мыйзамдуулукту бузууга тарткан ар бир учур же болбосо мыйзам бузууну жасоо фактылары тууралуу тикелей жетекчисине (башчысына) токтоосуз билдирүүгө;

15) дене-бойлук даярдыгынын деңгээли боюнча укук коргоо органында ээлеп турган кызмат ордуна карата квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө жана дене-бойлук даярдыгынын деңгээли боюнча мезгилдүү текшерүүдөн өтүп турууга;

16) укук коргоо органында ээлеп турган кызмат ордуна карата квалификациялык талаптарга ылайык кара күчтү, атайын каражаттарды, куралды, курал-жарактарды жана согуштук техниканы колдонуу менен байланышкан шарттардагы аракеттерге атайын даярдыктан жана буга кесиптик жарамдуулугун мезгилдүү текшерүүдөн өтүүгө;

17) жыл сайын медициналык алдын ала кароодон өтүүгө. Ыйгарым укуктуу жетекчинин жолдомосу боюнча мас болуу (алкоголдук, баңгилик же башка токсиндик мас болуу) абалына карата медициналык күбөлөндүрүүдөн (текшерүүдөн) өтүүгө;

18) кызматтык милдеттеринин чегинде жарандардын жана уюмдардын кайрылууларын белгиленген тартипте кароого;

19) ээлеп турган кызмат ордунун алкагында каралбаган милдеттерди ушул Мыйзамда белгиленген тартипте, укук коргоо органынын жетекчисинин же ыйгарым укуктуу жетекчинин чечими боюнча убактылуу аткарууга;

20) кесиптик кызматтык ишин коргоонун (эмгекти коргоонун) талаптарын билүүгө жана сактоого;

21) кызматкердин жана мамлекеттик жарандык кызматчынын кызматтык этикасынын талаптарын билүүгө жана сактоого.

2. Кызматкердин ээлеп турган кызмат орду боюнча милдеттери укук коргоо органынын жетекчисинин же ыйгарым укуктуу жетекчинин чечими менен аныкталат.

8-берене. Укук коргоо органдарында кызмат өтөө менен байланышкан чектөөлөр жана тыюу салуулар

1. Кызматкерге төмөнкүлөргө тыюу салынат:

1) кызматтык абалын жеке кызыкчылыктарында пайдаланууга;

2) кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу жеке жана юридикалык жактардын кызмат көрсөтүүлөрүн өзүнүн жеке максаттарына пайдаланууга;

3) өзүнүн кызматтык абалын пайдалануу менен юридикалык жана жеке жактарга кызматтык милдеттеринде каралбаган кайсы болбосун көмөк көрсөтүүгө жана ал үчүн кайсы болбосун формада сый акы алууга;

4) мамлекеттик мүлктү, финансылык каражатты жана кызматтык маалыматтарды кызматтык эмес максаттарда пайдаланууга;

5) эксперттик, илимий, окутуучулук, дене тарбиялык-спорттук же чыгармачылык иштерди кошпогондо, ишкердик менен алектенүүгө, айкалыштырып иштөө боюнча кайсы болбосун акы төлөнүүчү иштерди аткарууга;

6) ыкчам-издөө иштерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларды кошпогондо, өз алдынча же өкүлү аркылуу чарбакер субъекттерди башкарууга катышууга;

7) чет элдик компаниялардын жана шериктештиктердин уставдык капиталдарындагы баалуу кагаздарды, акцияларды жана үлүштөрдү сатып алууга;

8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктабаган банктарда банктык эсептерди ачууга;

9) укук коргоо органдарындагы кызматта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин же жергиликтүү кеңештин депутатынын милдеттерин аткаруу менен айкалыштырууга;

10) өзү кызмат өтөп жаткан укук коргоо органында үчүнчү жактын иштери боюнча өкүл же ишенимдүү адам болууга;

11) саясий партиялардын же саясий же диний мүнөздөгү максаттарды көздөгөн коомдук бирикмелердин мүчөсү болууга, өзүнүн кызматтык абалын алардын кызыкчылыгында пайдаланууга жана аларды колдоп чыгууга;

12) иш таштоолорду, митингдерди жана тынч жыйындарга жалпы жарандык укуктарды билдирүүнүн башка формаларын кошуп алганда, мамлекеттик органдардын нормалдуу иштөөсүнө жана алардын кызматкерлеринин өз кызматтык милдеттерин аткаруусуна тоскоолдук кылган аракеттерди уюштурууга же катышууга.

2. Кызматкер Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте укук коргоо органдарына кызматка кирген учурдан тартып бир айдын ичинде өзүнүн жеке менчигиндеги баалуу кагаздарын (акциялар, уставдык капиталдагы катышуу үлүштөрү, облигациялар, пайлар) жана пайдаланылышы киреше алууга алып келе турган башка мүлктөрүн, ошондой эле мүлктүк жалдоого берилген мүлкүн кызмат өтөө мезгилине ишенимдик башкарууга өткөрүп берүүгө милдеттүү.

3. Кызматкерге Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы аракеттенүү, мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарында жана башка мыйзамдарында белгиленген башка чектөөлөр жана тыюу салуулар ушул Мыйзамга каршы келбеген бөлүгүндө жайылтылат.

4. Ушул берененин жоболору бузулган учурда кызматкер Укук коргоо органынын тартиптик уставына ылайык тартиптик жоопкерчиликке тартылат.

9-берене. Кызматкердин жоопкерчилиги

1. Кызматкер бузууларды, жоруктарды, кылмыштарды жасагандыгы үчүн жазык мыйзамдарында, ошондой эле бузуулар, жоруктар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жоопкерчиликке тартылат.

2. Кызматкер кызматтык тартипти бузгандыгы үчүн ушул Мыйзамга жана Укук коргоо органынын тартиптик уставына ылайык тартиптик жоопкерчиликке тартылат.

3. Укук коргоо органы өзүнүн кызматкери кызматтык милдетин аткаруу учурунда келтирген зыяндын ордун Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте толтурат.

4. Укук коргоо органы Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте бул кызматкерге карата кайра талап кылуу (регресс) укугуна ээ.

3-глава. Укук коргоо органдарына кызматка кирүү

10-берене. Укук коргоо органдарына кызматка кирүүнүн шарттары

1. Укук коргоо органдарына кызматка башка мамлекеттин жарандыгы болбогон, укук коргоо органдарында кызмат өтөөгө саламаттыгынын абалы жана психофизиологиялык маалыматтары боюнча жарактуу деп таанылган, дене-бойлук даярдыгы боюнча нормативдерди тапшырган, кызматкерлерге карата коюлган квалификациялык талаптарга жооп берген, аскердик кызматты өтөгөн же запастагы офицерлердин программасы боюнча аскердик даярдыктан өткөн же үй-бүлөлүк абалынан келип чыккан негиздер боюнча альтернативалык кызмат өтөгөн Кыргыз Республикасынын жарандары (мындан ары - жарандар) ыктыярдуу тартипте кабыл алынат.

2. Аскердик кызматтан, запастагы офицерлердин жана альтернативалык кызматтын программасы боюнча аскердик даярдыктан милдеттүү түрдө өтүү жөнүндө талаптар төмөнкүлөргө жайылтылбайт:

1) аялдарга;

2) укук коргоо органдарынын жогорку окуу жайларын же аскердик окуу жайларды, анын ичинде чет мамлекеттердин окшош окуу жайларын аяктаган адамдарга;

3) укук коргоо органдарынын жогорку окуу жайларына же аскердик окуу жайларга, анын ичинде чет мамлекеттердин окшош окуу жайларына окууга жиберилгендерге;

4) тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү атайын адистик билимдердин жана көндүмдөрдүн болушун талап кылган айрым кызматтарга.

3. Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын жогорку окуу жайларын же аскердик окуу жайларын, мамлекеттер аралык макулдашууларга же аларга ылайык түзүлгөн ведомстволор аралык макулдашууларга ылайык чет мамлекеттердин ушундай окуу жайларын күндүзгү, бюджеттик окутуу формасында бүтүргөн адамдарды укук коргоо органдарына кызматка кабыл алууда алардын окуган мөөнөтү атайын наам берилгенден кийин мөөнөттүү аскердик кызматты өтөөгө теңештирилет.

4. Укук коргоо органдарына кызматка кирип жаткан жарандарды медициналык жана психофизиологиялык текшерүүнүн натыйжалары боюнча конкреттүү укук коргоо органында кызмат өтөөгө жарактуулугу же жараксыздыгы жөнүндө корутунду берилет.

5. Медициналык жана психофизиологиялык текшерүүдөн өтүүнүн, ошондой эле ал боюнча корутунду даярдоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

6. Адам укук коргоо органдарына кызматка кабыл алынбайт же иштей албайт, эгерде:

1) соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими боюнча аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп таанылса же наркологиялык же психоневрологиялык диспансерде каттоодо турса;

2) жазыктык кылмыш үчүн соттуулугу бар болсо же мурда соттолгон болсо, ал жоюлгандыгына же алып салынганына карабастан, же болбосо жорук жасагандыгы үчүн соттолсо;

3) реабилитациялануучуга тиешеси бар жагдайлар боюнча токтотулган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын жазыктык-процесстик мыйзамдарында белгиленген тартипте  ага карата жазыктык куугунтоо токтотулса;

4) ээлеп турган кызмат орду боюнча кызматтык милдеттерин аткаруусу мамлекеттик сырды жана мыйзам менен корголуучу башка сырларды түзгөн маалыматтарды пайдалануу менен байланышкан учурда мындай маалыматтарга жеткиликтүүлүктү тариздөө жол-жобосунан өтүүдөн баш тартса;

5) компетенттүү органдар тарабынан ага мамлекеттик сырды жана мыйзам менен корголуучу башка сырларды түзүүчү маалыматтарга жеткиликтүүлүк берүүдөн баш тартса, мында кызматкер мындай маалыматтарды пайдаланууга байланышпаган кызмат орундарында кызмат өтөөдөн баш тартса;

6) контрактка кол коюудан же ушул Мыйзамда белгиленген чектөөлөрдү өзүнө кабыл алуудан баш тартса;

7) саламаттыгынын абалы, анын ичинде психофизиологиялык абалы белгиленген талаптарга туура келбесе;

8) дене-бойлук даярдыгы боюнча нормативдерди тапшырбаса;

9) кара күчтү, атайын каражаттарды, куралды, курал-жаракты жана согуштук техниканы колдонууга байланышкан шарттарда дене-бойлук даярдыгынын жана кесиптик жарактуулугунун деңгээли боюнча мезгилдүү текшерүүдөн укук коргоо органдарында белгиленген тартипте өтпөсө;

10) чет мамлекеттин жарандыгын, чет мамлекетте убактылуу жашоо укугун алууга документтерди, Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу тууралуу арызын берсе, Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготсо, башка мамлекеттин жарандыгына же убактылуу жашоо укугуна ээ болсо же чет мамлекеттин аймагында туруктуу жашоо укугун ырастоочу башка документи болсо;

11) укук коргоо органдарынан жана башка мамлекеттик органдардан терс негиздер боюнча бошотулса;

12) укук коргоо органдарына кызматка кирүүдө жасалма документтерди же билип туруп жалган маалыматтарды берсе;

13) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин же жергиликтүү кеңештин депутатынын мандатын алса, ошондой эле саясий партиянын мүчөлүгүнө кирсе;

14) анын жакын туугандарынын өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы үчүн соттуулугу Кыргыз Республикасынын жазыктык мыйзамдарына ылайык жоюлбаса же алып салынбаса, ошондой эле уюшкан кылмыштуулукка, терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте уюшкан кылмыштуу топтордун, террористтик, экстремисттик же сепаратисттик уюмдардын мүчөлөрү деп таанылса.

7. Жазыктык иш же болбосо жоруктар жөнүндө иш боюнча шектүү же айыпталуучу болуп саналган адамдар да укук коргоо органдарына кызматка талапкер боло албайт.

8. Укук коргоо органдарынын катардагы жана кенже жетектөөчү курамдагы кызмат орундарына - 30 жашка чейинки курактагы, биринчи жолу кызматка кирип жаткан, ал эми орто жана улук жетектөөчү курамдагы кызмат орундарына 35 жашка чейинки курактагы жарандар кабыл алынат.

9. Тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү айрым кызмат орундарына 35 жаштан жогорку курактагы адамдар дайындалышы мүмкүн.

10. Профессордук-окутуучулук курамдагы кызмат орундарына илимдин кандидаты, илимдин доктору илимий даражасы, доцент, профессор илимий наамы бар 40 жашка чейинки курактагы жарандар кабыл алынат.

11. Кийин, чектелген жаш куракка жеткенде укук коргоо органдарынан бошогон учурда, иштеген жылдарынын жалпы эсеби кызматкерлерди пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пенсия дайындоого укук берген шартта, укук коргоо органдарына кызматка кабыл алуу үчүн белгиленген жаш курактан өткөн, мурда Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында, Куралдуу Күчтөрүндө жана башка аскердик түзүлүштөрүндө кызмат өтөгөн адамдарды укук коргоо органдарына кызматка кайрадан кабыл алууга жол берилет.

12. Катардагы жана кенже жетектөөчү курамдагы кызмат орундарына ортодон төмөн эмес билими бар жарандар билим берүү мекемесинде алгачкы даярдык курстарынан өткөндөн кийин укук коргоо органындагы кызмат орундарынын категорияларына карата коюлган квалификациялык талаптарды эске алуу менен кабыл алынат.

13. Орто жана улук жетектөөчү курамдагы кызмат орундарына жогорку билими бар жарандар, билим берүү мекемелеринде алгачкы даярдык курстарынан өткөндөн кийин укук коргоо органындагы кызмат орундардын категорияларына карата коюлган квалификациялык талаптарды эске алуу менен кабыл алынат. Укук коргоо органдарындагы медициналык персоналдын орто жетектөөчү курамдагы кызмат орундарына атайын орто билими бар адамдар да дайындалат.

14. Укук коргоо органдарындагы кызмат орундарынын тиешелүү категорияларына карата коюлган квалификациялык талаптар укук коргоо органдары тарабынан белгиленет.

15. Ушул Мыйзамда белгиленген тартипти бузуу менен жарандарды кызматка алуу жана (же) кызмат ордуна дайындоо Укук коргоо органдарынын тартиптик уставына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызмат адамдарынын жоруктар жана кылмыштар үчүн жоопкерчилик тартуусуна алып келет.

11-берене. Укук коргоо органдарына кызматка кирүүгө конкурс

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу айрым кызмат орундарын кошпогондо, укук коргоо органына биринчи жолу кызматка кирүү конкурстук негизде жүзөгө ашырылат.

2. Өткөрүлүүчү конкурстун ачыктыгы иштин багыттары боюнча кадрдык муктаждык, конкурс өткөрүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо менен камсыз кылынат.

3. Конкурс өткөрүүнүн тартиби жана шарттары, ошондой эле кадрлар резервин түзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

4. Укук коргоо органдарында иш стажы бар адамдарды укук коргоо органына кайрадан кызматка кабыл алуу атайын кесиптик даярдыктан өткөрбөстөн жүзөгө ашырылат.

5. Ушул берененин талаптары кызматкерди соттун чечиминин негизинде калыбына келтирүүгө, ошондой эле кызматкерди бир укук коргоо органынан башка укук коргоо органына которууга байланышкан мамилелерге карата жайылтылбайт.

12-берене. Талапкерлерди баштапкы атайын кесиптик даярдоо

1. Конкурстук тандоодон өткөндөн кийин укук коргоо органдарына биринчи жолу кызматка кирген адам укук коргоо органдарынын кызматкерлерин даярдоо боюнча билим берүү мекемесинде баштапкы окутуудан өтөт.

2. Кыргыз Республикасында укук коргоо органдарынын кызматкерлерин окутуудан өткөрүүнүн тартиби жана аларды даярдоо боюнча билим берүү мекемелеринин тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

13-берене. Укук коргоо органдарына кызматка кабыл алуу

1. Укук коргоо органдарына кызматка кабыл алуу укук коргоо органынын жетекчисинин же башка ыйгарым укуктуу жетекчинин тиешелүү буйругунун негизинде жүзөгө ашырылат.

2. Укук коргоо органдарына кызматка кирген адамдар ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген, укук коргоо органдарындагы кызматка байланышкан чектөөлөрдү жана тыюу салууларды өзүнө кабыл алат.

3. Катардагы жана жетектөөчү курамдагы кызмат орундарына дайындалган же укук коргоо органдарындагы кадрлардын эсебине киргизилген аскерге милдеттүү адамдар белгиленген тартипте аскердик каттоодон чыгарылат жана укук коргоо органдарынын атайын каттоосуна алынат.

14-берене. Контрактты түзүүнүн жана узартуунун тартиби

1. Контракт талапкерди укук коргоо органына кызматка кабыл алуу тууралуу же кызматкерди кызматта калыбына келтирүү жөнүндө буйрук чыгарылган күнү милдеттүү түрдө түзүлөт.

2. Укук коргоо органынын жетекчисин жана анын орун басарларын кошпогондо, контракт бардык кызматкерлер менен түзүлөт.

3. Контракттын жалпы мөөнөтү 5 жылды түзөт.

4. Контрактта кайра түзүү колдонуудагы контракттын мөөнөтү аяктагандан кийин, кызматкерди аттестациялоонун оң жыйынтыгынын негизинде жүргүзүлөт. Мында, эгерде кызматкер контрактты колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин 7 жумуш күндүн ичинде контрактты бузуу ниетин билдирбесе, контракт жаңы мөөнөткө автоматтык түрдө түзүлдү деп эсептелет.

5. Аттестациялык комиссия кызматкердин ээлеп турган кызмат ордуна ылайык келбестиги жөнүндө жана аны укук коргоо органынан бошотуу жөнүндө чечим чыгарган учурда контракт бузулат.

6. Контракт төмөнкүдөй учурларда узартылды деп эсептелет:

1) аттестациянын мөөнөтү жылдырылганда - кызматкер кезектеги аттестацияны тапшырганга чейин;

2) кызматкер 20 жана андан ашык жыл иштегендиги үчүн аттестациядан бошотулганда - аны кызматтан ушул Мыйзамда каралган негиздер боюнча бошотконго чейин;

3) кызматкер боюнда бардыгы жана төрөгөндүгү боюнча, ошондой эле бала багуу боюнча өргүүдө жүргөндө.

7. Контракттын колдонулушу кызматкер кызматты токтоткон, контрактты мөөнөтүнөн мурда бузган күндөн тартып, ошондой эле ушул Мыйзамда каралган башка учурларда токтотулат.

8. Контрактта анын түзүлгөн датасы жана орду, укук коргоо органынын аталышы, тараптардын кызмат орду, наамы, фамилиясы, ысымы, атасынын ысымы жана контракттын тараптарына тийиштүү башка зарыл маалыматтар көрсөтүлөт. Контрактта тараптардын укуктары жана милдеттери да ушул Мыйзамга ылайык көрсөтүлөт.

9. Контрактта кызматтык милдеттерди жана өзүнө алган милдеттенмелерди аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн тараптардын жоопкерчилиги каралат.

10. Контракт жазуу жүзүндө эки нускада түзүлөт, алардын ар бирине контракттын тараптары кол коет. Контракттын бир нускасы кызматкерге берилет, экинчиси анын өздүк ишинде сакталат.

11. Контракттын типтүү формасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

12. Контрактты түзүү тартиби укук коргоо органынын жетекчиси тарабынан белгиленет.

15-берене. Кызматкерлердин формалык кийими, айырмачылык белгилери, күбөлүктөрү

1. Кызматкер кызмат өтөп жаткан укук коргоо органынын түрүнө жараша бири-бирине окшобогон формалык кийимдер жана айырмачылык белгилер аныкталат. Жарандык мекемелер үчүн ушундай формалык кийимге тыюу салынат.

2. Атайын наам ыйгарылган кызматкер формалык кийим менен акысыз камсыздалат.

3. Формалык кийимдин сыпатталышы, айырмачылык белгилери, кийип жүрүү тартиби жана аны менен камсыз кылуу нормасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

4. Укук коргоо органынын кызматкерине кызматтык ырастама берилет жана орто, улук жана жогорку жетектөөчү курамдагы кызматкерге өздүк номери бар атайын жетон кошумча берилет.

5. Кызматкердин кызматтык ырастамасы анын өздүгүн, укук коргоо органына таандыктыгын, кызмат ордун жана атайын наамын, анын куралды жана атайын каражаттарды алып жүрүүгө жана сактоого укугун тастыктоочу документ болуп саналат.

6. Кызматкердин кызматтык ырастамасынын, атайын жетонунун үлгүлөрү жана аларды берүү тартиби укук коргоо органынын жетекчиси тарабынан бекитилет.

7. Терс негиздер боюнча бошотулган адамдарды кошпогондо, укук коргоо органындагы кызматтан пенсия алуу укугу менен бошотулган адамга Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде белгиленген майрам күндөрүндө жана укук коргоо органдарынын кесиптик майрамдарында гана формалык кийимди кийүүгө уруксат берилет.

8. Укук коргоо органынын баркын түшүрүүчү жосундары үчүн кызматтан бошотулган адам формалык кийимди кийүү укугунан ажыратылат.

9. Кызматкер формалык кийимдин, кызматтык күбөлүктүн, өздүк номери бар атайын жетондун сакталышын камсыз кылууга милдеттүү. Аларды жоготуу кызматтык тартипти бузуу болуп саналат.

4-глава. Укук коргоо органдарындагы кызмат орундары жана наамдар

16-берене. Укук коргоо органдарындагы кызмат орундары

1. Укук коргоо органдарындагы кызмат орундары укук коргоо органдарынын ыйгарым укуктарын тикелей аткаруу, уюштуруу жана аткарууну камсыз кылуу максатында уюштурулат.

2. Укук коргоо органдарындагы кызмат орундарынын тизмеги (реестри) Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилет.

3. Укук коргоо органдарындагы кызмат орундар катардагы, кенже, орто, улук жана жогорку жетектөөчү курамдагы кызмат орундарга бөлүнөт.

17-берене. Атайын наамдар

1. Укук коргоо органдарындагы кызмат орундар боюнча белгиленген атайын наамдар ушул Мыйзамга ылайык ыйгарылат.

2. Укук коргоо органдарынын кызматкерлерине ыйгарылуучу атайын наамдар "Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык белгиленет.

3. Катардагы курамдын кызмат ордун ээлөөдө кызматкерге катардагы курамдын атайын наамы ыйгарылат.

4. Жогорку жетектөөчү курамдын кызмат орундарынын жана аларга туура келүүчү атайын наамдардын тизмегин Кыргыз Республикасынын Президенти бекитет.

5. Укук коргоо органдарынын жетектөөчү курамынын кызмат орундарынын жана бул кызмат орундарына туура келүүчү чектелген атайын наамдардын тизмегин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.

18-берене. Атайын наамдарды ыйгаруунун тартиби жана шарттары

1. Кызматкерге атайын наам анын билимин, иштеген жылдарын жана ээлеп турган штаттык кызмат ордун, ошондой эле ушул Мыйзамда каралган башка шарттарды эске алуу менен жекече ыйгарылат.

2. Ыйгаруунун ырааттуулугуна жараша атайын наамдар биринчи жана кезектеги болуп бөлүнөт.

3. Атайын наамдар класстык чендерди жана дипломаттык рангдарды эсепке албастан ушул Мыйзамга ылайык ыйгарылат.

4. Катардагы жана кенже жетектөөчү курамдын биринчи атайын наамдары жарандарды укук коргоо органдарына кызматка кабыл алганда кызмат ордуна дайындоо менен же укук коргоо органдарынын, анын ичинде чет мамлекеттердин окутуу мөөнөтү 4 жылдан ашкан окуу жайларына кабыл алуу менен бир эле убакытта ыйгарылат.

5. Биринчи атайын наам (милициянын кенже лейтенанты, ички кызматтын кенже лейтенанты, финансы полициясынын кенже лейтенанты, бажы кызматынын кенже лейтенанты) кенже лейтенант аскердик наамы бар же жогорку окуу жайын бүтүргөн, орго жана улук жетектөөчү курамдагы кызмат ордуна дайындалган кызматкерге, ошондой эле аскердик же жетектөөчү курамдын атайын наамдарына ээ болбогон жана орто жана улук жетектөөчү курамдын кызмат орундарында турган аялдарга ыйгарылат.

6. Атайын наамды ыйгаруу жөнүндө буйруктун чыккан датасына карабастан, кызмат ордуна дайындалган учурдан тартып кызматкерге биринчи атайын наам ыйгарылды деп эсептелет.

7. Запастагы аскердик же атайын наамы бар, укук коргоо органдарына кызматка кирген адамдарга кызмат ордуна карабастан учурдагы наамына туура келүүчү атайын наам ыйгарылат.

8. Укук коргоо органдарына кызматка биринчи жолу кирип жаткан жана запастагы офицер аскердик наамы бар адамдар кенже жетектөөчү курамдагы кызмат ордуна алардын жазуу жүзүндөгү макулдугу боюнча гана дайындалышы мүмкүн.

9. Укук коргоо органдарынын жогорку окуу жайларын, Кыргыз Республикасынын аскердик окуу жайларын бюджеттик окутуунун күндүзгү формасы боюнча, чет мамлекеттердин ушундай эле жогорку билим берүү мекемелерин Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге же алардын негизинде түзүлгөн ведомстволор аралык макулдашууларга ылайык аяктаган бүтүрүүчүлөргө "милициянын лейтенанты", "ички кызматтын лейтенанты", "финансы полициясынын лейтенанты", "бажы кызматынын лейтенанты" деген биринчи атайын наам ыйгарылат.

10. Мурда Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында же Куралдуу Күчтөрүндө жана башка аскердик түзүлүштөрүндө кызмат өтөгөн кызматкерге кезектеги атайын наамды ыйгаруу укук коргоо органдарында кызмат ордуна дайындалгандан кийин учурдагы наамда иштеген жылдарынын жана бошотулганга чейинки наамда иштеген жылдарынын мөөнөттөрүн чогуу эсептөө менен жүргүзүлөт.

11. Катардагыдан полковникке чейинки атайын наамдар укук коргоо органынын жетекчисинин буйругу менен же ыйгарым укуктуу жетекчи тарабынан ыйгарылат.

12. Жогорку атайын наамдар Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан ыйгарылат.

13. Кызматкерге кезектеги атайын наам ырааттуу тартипте, кезектеги атайын наамы ээлеп турган кызмат ордуна ылайык келгенде жана мурунку атайын наамда иштеген жылдарынын белгиленген мөөнөтү бүткөндө ыйгарылат.

14. Окуу жайларда окутуунун күндүзгү формасында окуп жаткан кызматкерге (угуучулар, адьюнкттар, аспиранттар, докторанттар) кезектеги атайын наам окууга өткөнгө чейин ал ээлеген штаттык кызмат ордуна ылайык ыйгарылат.

15. Кыргыз Республикасынын башка укук коргоо органынан, Куралдуу Күчтөрүнөн же башка аскердик түзүлүштөрүнөн которулуу тартибинде укук коргоо органына кызматка кирген кызматкерге анын учурдагы аскердик же атайын наамына тете атайын наам ыйгарылат.

16. Көрсөтүлгөн адамдын учурдагы наамда иштеген жылдарынын мөөнөтүнө мурда Кыргыз Республикасынын укук коргоо органында, Куралдуу Күчтөрүндө же башка аскердик түзүлүштөрүндө кызмат өтөгөн мезгилинде ушул наамда иштеген жылдарынын мөөнөтү кошуп эсептелет.

17. Кызматкерге кезектеги атайын наамды ыйгарууга сунуш берүүнү негизсиз кечиктирген кызмат адамы тартиптик жоопкерчиликке тартылат.

18. Кызмат өтөөсү токтогондо, учурдагы атайын наамга "запастагы" же "отставкадагы" деген сөздөр кошулат.

19. Кызматкерге кезектеги атайын наамды ыйгаруу төмөнкүдөй учурларда сунушталбайт:

1) укук коргоо органынын, анын аймактык органынын же бөлүгүнүн кадрларынын карамагында турса - кызмат ордуна дайындалганга чейин;

2) жазыктык иш же жоруктар жөнүндө иш боюнча шектүү, айыпталуучу катарында тартылса, жазыктык иш же жоруктар жөнүндө иш боюнча ага карата сотко чейинки өндүрүш башталса - жазыктык иш же жоруктар жөнүндө иш токтотулганга же сот тарабынан актоо өкүмү чыкканга чейин;

3) кызматкерге тартиптик жаза чара берилсе - тартиптик жаза чарасы алынганга чейин;

4) кызматтык иликтөө жүргүзүлсө - ал бүткөнгө чейин.

20. Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча актоо корутундусу, жазыктык иш же жоруктар жөнүндө иш боюнча актоо өкүмү чыгарылса же жазыктык куугунтуктоо реабилитациялоого укук берүүчү негиздер боюнча токтотулса, кезектеги атайын наамдар ушул Мыйзамга ылайык белгиленген мөөнөттөрдө ыйгарылат.

21. Атайын наамдарды ыйгаруунун башка, ушул Мыйзамда каралбаган тартибин жана шарттарын белгилөөгө тыюу салынат.

19-берене. Атайын наамдарда иштеген жылдардын мөөнөттөрү

1. Атайын наамдарда иштеген жылдардын төмөнкүдөй мөөнөттөрү белгиленет:

1) катардагы курам - белгиленбейт;

2) милициянын кенже сержанты, ички кызматтын кенже сержанты, финансы полициясынын кенже сержанты, бажы кызматынын кенже сержанты - 1 жыл;

3) милициянын сержанты, ички кызматтын сержанты, финансы полициясынын сержанты, бажы кызматынын сержанты - 1 жыл;

4) милициянын улук сержанты, ички кызматтын улук сержанты, бажы кызматынын улук сержанты, финансы полициясынын улук сержанты, - 2 жыл;

5) милициянын старшинасы, ички кызматтын старшинасы, финансы полициясынын старшинасы, бажы кызматынын старшинасы - 3 жыл;

6) милициянын прапорщиги, ички кызматтын прапорщиги, финансы полициясынын прапорщиги, бажы кызматынын прапорщиги - 4 жыл;

7) милициянын улук прапорщиги, ички кызматтын улук прапорщиги, финансы полициясынын улук прапорщиги, бажы кызматынын улук прапорщиги - белгиленбейт;

8) милициянын кенже лейтенанты, ички кызматтын кенже лейтенанты, финансы полициясынын кенже лейтенанты, бажы кызматынын кенже лейтенанты - 1 жыл;

9) милициянын лейтенанты, ички кызматтын лейтенанты, финансы полициясынын лейтенанты, бажы кызматынын лейтенанты - 2 жыл;

10) милициянын улук лейтенанты, ички кызматтын улук лейтенанты, финансы полициясынын улук лейтенанты, бажы кызматынын улук лейтенанты - 3 жыл;

11) милициянын капитаны, ички кызматтын капитаны, финансы полициясынын капитаны, бажы кызматынын капитаны - 4 жыл;

12) милициянын майору, ички кызматтын майору, финансы полициясынын майору, бажы кызматынын майору - 5 жыл;

13) милициянын подполковниги, ички кызматтын подполковниги, финансы полициясынын подполковниги, бажы кызматынын подполковниги - 6 жыл;

14) милициянын полковниги, ички кызматтын полковниги, финансы полициясынын полковниги, бажы кызматынын полковниги - белгиленбейт.

2. Атайын наамда иштеген жылдардын мөөнөтү кызматкерге тийиштүү атайын наам ыйгарылган күндөн тартып эсептелет.

20-берене. Атайын наамдарды мөөнөтүнөн мурда же бир баскычка жогору ыйгаруу

1. Кызматкерге кызматта жогорку натыйжаларга жетишкендиги жана кызматтык милдеттерин үлгүлүү аткаргандыгы үчүн сыйлоо иретинде кезектеги атайын наам ыйгарылышы мүмкүн:

1) мөөнөтүнөн мурда - мурунку атайын наамында иштеген жылдарынын белгиленген мөөнөтүнүн жарымынан кем эмеси өткөндө жана ыйгарылуучу атайын наам ээлеп турган кызмат орду боюнча каралган атайын наамга ылайык келгенде;

2) ээлеген кызмат орду боюнча каралган атайын наамдан бир баскычка жогору - мурунку атайын наамында иштеген жылдарынын экиден кем эмес мөөнөтү өткөндө.

2. Календардык эсептөөдө 20 жана андан көп иштеген жылдары бар, жаш курагы боюнча кызматтан бошогон кызматкерлерге мурунку атайын наамында иштегендигинин бир жарым мөөнөтү бүткөндө кезектеги атайын наам ээлеген кызмат орду боюнча каралгандан бир баскычка жогору ыйгарылат.

3. Илимий даражасы (илимдин кандидаты жана доктору) же илимий наамы (доцент жана профессор) бар кызматкерге полковникке чейинки кезектеги атайын наам укук коргоо органында кызмат өтөгөн бүткүл мезгилинин ичинде мөөнөтүнөн мурда бир жолудан көп эмес ыйгарылышы мүмкүн.

4. Атайын наамдар укук коргоо органдарында кызмат өтөгөн бүткүл мезгилде мөөнөтүнөн мурда бир жолудан көп эмес ыйгарылышы мүмкүн.

5. Ээлеп турган кызмат орду боюнча каралган атайын наамдан бир баскычка жогору атайын наам укук коргоо органдарында кызмат өтөгөн бүткүл мезгилдин ичинде бир жолу ыйгарылат.

21-берене. Атайын наамдарды төмөндөтүү жана алардан ажыратуу

1. Атайын наамды бир баскычка төмөндөтүү укук коргоо органынын жетекчисинин же ыйгарым укуктуу жетекчинин чечими менен тартиптик жаза түрүндө жүргүзүлүшү мүмкүн.

2. Атайын наамы төмөндөтүлгөн кызматкердин мурдагы атайын наамы ал төмөндөтүлгөн күндөн тартып бир жылдан эрте эмес убакытта жана кызматтык оң мүнөздөмөсү бар болгондо калыбына келтирилет.

3. Атайын наамды төмөндөтүү жөнүндө мыйзамсыз чечим кабыл алган укук коргоо органынын жетекчиси жана (же) ыйгарым укуктуу жетекчи Укук коргоо органдарынын тартиптик уставына жана жоруктар жана кылмыштар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.

4. Кызматкер соттун өкүмү боюнча атайын наамдарынан ажыратылышы мүмкүн.

5. Атайын наамдан ажыратылган кызматкер укук коргоо органдарынан катардагы курамдын кызматкери катары бошотулат. Кызматкердин иштеген жылдары же оорусу боюнча пенсияга чыгуу укугу келип чыккан учурда, атайын наам боюнча маянанын өлчөмү пенсияны эсептөөдө тиешелүү түрдө укук коргоо органынын катардагы курамынын атайын наамы боюнча эсептелет.

6. Жогорку жетектөөчү курамдагы кызматкер атайын наамынан төмөндөтүлүшү, ал эми кийин ушул Мыйзамда белгиленген тартипте анын атайын наамы калыбына келтирилиши мүмкүн.

7. Атайын наамдан мыйзамсыз ажыратылган учурда, соттун чечимине ылайык мурунку атайын наамын калыбына келтирүү жөнүндө буйрукту атайын наамдарды ыйгаруу укугуна ээ болгон кызмат адамы чыгарат.

5-глава. Укук коргоо органдарында кызмат өтөө тартиби

22-берене. Кызматкердин анты

1. Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында төмөнкүлөр милдеттүү түрдө ант берет:

1) укук коргоо органдарына кызматка биринчи жолу кирген адамдар;

2) мурун кандайдыр бир себептер менен ант бербей калган кызматкерлер.

2. Ант укук коргоо органынын жетекчисинин же ыйгарым укуктуу жетекчинин катышуусунда, салтанаттуу жагдайда берилет.

3. Кызматка биринчи жолу кирип жатып, кызматкер жазуу жүзүндө төмөнкүдөй антты берет:

"Мен, (фамилиясы, ысымы, атасынын ысымы) Кыргыз Республикасынын жараны, (органдын аталышы) кызматка кирип жатып, Кыргызстандын элине берилип кызмат кылууга салтанаттуу ант беремин жана төмөндөгүлөргө ант кыламын:

- Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, уставдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын ыйык сактоого;

- өз өмүрүмдү аябастан жарандардын жана мамлекеттин укуктарын, эркиндиктерин, мыйзамдуу кызыкчылыктарын кылмыштуу жана башка мыйзамга каршы кол салуулардан коргоого;

- өз ишимде мыйзамдуулук, чынчылдык жана адилеттүүлүк принциптерин карманууга, кыраакы жана кайраттуу кызматкер болууга, инсандыкты урматтоого, мамлекеттик жана кызматтык сырды бекем сактоого;

- кызматтык парзымды жана мага жүктөлгөн милдеттерди ак ниеттүү аткарууга, ошондой эле жетекчинин буйруктарын аткарууга;

- кызматтын кызыкчылыгы үчүн зарыл болгон жерде кызмат өтөөгө.

Берген антымды бузсам, мага Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча жазалар сөссүз берилсин.".

4. Кызматкердин ант берүү тартибин укук коргоо органдары аныктайт.

23-берене. Укук коргоо органдарында кызмат орундарына дайындоо

1. Ички иликтөө бөлүгүнүн жетекчисин дайындоо жана аны бошотуу укук коргоо органынын жетекчиси тарабынан жүзөгө ашырылат.

2. Катардагы, кенже, орто жана улук жетектөөчү курамдын штаттык кызмат орундарына дайындоо укук коргоо органынын жетекчиси же ыйгарым укуктуу жетекчи тарабынан жүргүзүлөт.

3. Ички иликтөө бөлүктөрүнүн катардагы, кенже, орто жана улук жетектөөчү курамдагы штаттык кызмат орундарына дайындоо ички иликтөө бөлүгүнүн жетекчисинин сунушу боюнча укук коргоо органынын жетекчиси тарабынан жүргүзүлөт.

4. Кызмат ордуна дайындоо кызматтык ишинин натыйжаларын, иш тажрыйбасын жана кесиптик компетенциясын эске алуу менен жүзөгө ашырылат.

24-берене. Кызматкерлерди жылыштыруу

1. Кызматкерлерди жылыштыруу ошол эле укук коргоо органындагы жогору турган, бирдей деңгээлдеги же төмөн турган кызмат ордуна жылдыруу менен жүзөгө ашырылат.

2. Кызматкерлерди жетектөөчү кызмат ордуна жылдыруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте түзүлгөн, кызмат ордунан жогорулатылуучу кадрлар резервинен жүзөгө ашырылат.

3. Кызматкерлерди жетектөөчү кызмат ордуна дайындоо ички конкурстун натыйжалары боюнча жүзөгө ашырылат, анын тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

4. Кызматкерлерди жогору турган жетектөөчү эмес кызмат орундарына которуштуруу тикелей жетекчинин сунуш кылуусу боюнча жүзөгө ашырылат.

5. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын бөлүмдөрүнүн карамагына убактылуу жиберилген укук коргоо органдарынын кызматкерлерин кызматка дайындоо ички конкурс өткөрүлбөстөн жүзөгө ашырылат.

6. Укук коргоо органдарындагы кызмат орду, эгерде ал үчүн жогорураак атайын наам каралса, ал эми каралган атайын наамдар бирдей болгондо - жогорураак кызматтык маяна каралса, жогору турган кызмат орду болуп саналат.

7. Кызматкерди бирдей деңгээлдеги кызмат ордуна жылыштыруу төмөнкүдөй жүзөгө ашырылат:

1) ротациялоо тартибинде;

2) кесиптик даярдыгын өркүндөтүү максатында коллегиянын же ыкчам кеңешменин чечиминин негизинде;

3) укук коргоо органынын штаттарды кыскартууга, аны кайра уюштурууга, ошондой эле анын структуралык бөлүгүн жоюуга байланыштуу;

4) аскердик-дарыгердик комиссиянын корутундусуна ылайык саламаттыгынын абалы боюнча;

5) жеке же үй-бүлөлүк абалы боюнча;

6) кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл мамлекеттик сырды жана мыйзам менен корголуучу башка сырды түзгөн маалыматтарга жеткиликтүүлүктүн токтотулушуна байланыштуу;

7) Кыргыз Республикасынын үй-бүлөлүк мамилелерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык, жакын туугандык байланышта турган кызматкерлердин тикелей баш ийүүдө же контролдо болуусуна байланышкан жагдайларды четтетүү максатында.

8. Укук коргоо органындагы кызмат орду, эгерде ал үчүн бирдей атайын наам жана кызматтык маяна каралса, бирдей деңгээлдеги болуп эсептелет.

9. Укук коргоо органынын кызматкерин ушул берененин 7-бөлүгүнүн 5-6-пункттарында каралган негиздер боюнча бирдей деңгээлдеги кызмат ордуна жылыштыруу анын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана жүзөгө ашырылат.

10. Кызматкерди төмөн турган кызмат ордуна жылдыруу төмөнкүдөй жүзөгө ашырылат:

1) жеке өтүнүчү боюнча;

2) штаттарды кыскартууга, укук коргоо органын кайра уюштурууга, ошондой эле анын структуралык бөлүктөрүн жоюуга же өзгөртүүгө байланыштуу;

3) бирдей деңгээлдеги кызмат орду болбогондо, кызматкерди кызмат ордуна калыбына келтирүү жөнүндө сот чечиминин негизинде;

4) жакын туугандык же куда-сөөктүк байланышта турган кызматкерлердин тикелей баш ийүүдө же контролдо болуусуна байланышкан жагдайларды четтетүү максатында;

5) кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон мамлекеттик сырды же мыйзам менен корголгон башка сырды түзгөн маалыматтарга жеткиликтүүлүктүн токтотулушуна байланыштуу;

6) аскердик-дарыгердик комиссиянын корутундусуна ылайык саламаттыгынын абалы боюнча;

7) тартиптик жаза берүү иретинде;

8) ротациялоо иретинде бирдей деңгээлдеги кызмат ордуна жылыштыруудан баш тарткандыгына байланыштуу;

9) аттестациялык комиссиянын чечиминин негизинде кызматкердин кызмат ордуна ылайыктуу эместигине байланыштуу.

11. Укук коргоо органындагы кызмат орду, эгерде ал үчүн төмөнүрөөк атайын наам каралса, ал эми каралган атайын наамдар бирдей болгондо - төмөнүрөөк кызматтык маяна каралса, төмөн турган кызмат болуп саналат.

12. Кызматкерди ушул берененин 10-бөлүгүнүн 2 жана 3-пункттарында каралган негиздер боюнча төмөн турган кызмат ордуна жылыштыруу анын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана жүзөгө ашырылат.

13. Укук коргоо органдарынын штаттарын кыскартууда, кайра түзүүдө, анын структуралык бөлүктөрүн жоюуда же өзгөртүүдө, эгерде бирдей деңгээлдеги бир кызмат ордуна бир нече кызматкер талаптанса, ошол багытта иш тажрыйбасы көп, тартиптик жазасы жок кызматкерге анын кесиптик жана жеке сапаттарын эске алуу менен артыкчылык берилет.

14. Кызматкерди ушул берененин 10-бөлүгүнүн 3-6-пункттарында каралган негиздер боюнча төмөн турган кызмат ордуна жылыштырууга аны бирдей деңгээлдеги кызмат ордуна жылыштырууга мүмкүн болбогон учурда жол берилет.

25-берене. Кызматкерлерди ротациялоо

1. Кадрдык потенциалды натыйжалуу пайдалануу, кызматтык жана кесиптик өнүгүү үчүн зарыл шарттарды түзүү жана кызматтык жактан өсүү үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу, ошондой эле терс натыйжалардын алдын алуу максатында укук коргоо органдарында кызматкерлерди ротациялоо жүргүзүлөт.

2. Ротациялоо укук коргоо органынын жетекчисинин же ыйгарым укуктуу жетекчинин чечиминин негизинде 5 жылда бир жолудан аз эмес жүргүзүлөт. Кабыл алынган чечим буйрук түрүндө таризделет.

3. Багуусунда майып балдары же башка майып үй-бүлө мүчөлөрү бар, ошондой эле эмгекке жараксыз ата-энеси менен дайыма чогуу жашаган кызматкерлер, эгерде кызматкер үй-бүлөнүн жалгыз баласы болуп саналса, башка жерге көчүүгө байланышкан ротациялоого жатпайт.

4. Кызматкерди анын саламаттыгынын абалына каршы көрсөтүлгөн кызмат ордуна ротациялоого тыюу салынат.

5. Милдеттүү түрдө ротациялануучу кызмат орундарынын тизмеги жана аны жүргүзүү тартиби укук коргоо органы тарабынан аныкталат.

26-берене. Кызматкерди которуу

1. Кызматкерди бир укук коргоо органынан башка укук коргоо органына которуу укук коргоо органдарынын жетекчилери менен макулдашуу боюнча, кызматкердин жазуу жүзүндөгү макулдугу менен жүзөгө ашырылат.

2. Кызматкерди башка укук коргоо органына которуу тууралуу буйрук чыккан күндөн тартып ошол органга аны ишке орноштуруу, кызматкерлер үчүн каралган социалдык кепилдиктерди сактоо, ошондой эле алардын мыйзамдуулукту жана кызматтык тартипти сактоосу боюнча жоопкерчиликтер жүктөлөт.

27-берене. Милдеттерди убактылуу аткаруу

1. Кызматкерге анын макулдугу менен, ошол эле учурда ээлеген кызмат орду боюнча милдеттерден бошотуу же бошотпоо менен, башка кызмат орду боюнча милдеттер убактылуу жүктөлүшү мүмкүн.

2. Укук коргоо органдарында кызмат орду боюнча милдеттерди убактылуу аткаруунун мөөнөтү 6 айдан ашпоого тийиш.

3. Кызматкерди бош кызмат ордуна милдеттерди убактылуу аткаруучу катары дайындоого жол берилбейт.

4. Ушул беренеге ылайык укук коргоо органдарында кызмат орду боюнча милдеттерди убактылуу аткаруучу кызматкерге акчалай күтүм Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте төлөнөт.

5. Ыкчам-кызматтык ишке байланышпаган жана жашыруун иш кагаздарын жүргүзүүгө уруксатты талап кылбаган кызмат ордун ээлеп турган кызматкерлер бала багуу боюнча өргүүгө чыккан мезгилге аларды аттестациядан өткөн курамдагы адамдар же болбосо атайын наам ыйгарбастан жарандар менен алмаштырууга жол берилет.

28-берене. Кызматкерди убактылуу карамакта болууга жиберүү

1. Укук коргоо органдарынын кадрларында калтыруу менен кызматкерди убактылуу карамакта болууга жиберүү төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлөт:

1) Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратында, Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында кызмат өтөө үчүн жиберүү;

2) башка мамлекеттик органдарга, эл аралык уюмдарга же мамлекеттер аралык органдарга кызмат өтөө үчүн жиберүү;

3) кызматкерди кесиптик кайра даярдоодон өтүү, квалификациясын жогорулатуу же окуу үчүн 6 айдан ашык мөөнөткө жиберүү.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган учурда кызматкерди кызмат өтөө үчүн жиберүү кызматкердин макулдугу менен, аталган органдардын ишин камсыз кылуу үчүн, тийиштүү органдын аппарат жетекчисинин чечими боюнча жүргүзүлөт.

3. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 2 жана 3-пункттарында каралган учурларда кызматкерди кызмат өтөө үчүн жиберүү кызматкердин макулдугу менен, укук коргоо органынын жетекчисинин чечими боюнча жүргүзүлөт.

4. Убактылуу карамакта болууга жиберилген кызматкерди кайра чакыртып алуу төмөнкүдөй учурларда укук коргоо органынын жетекчисинин чечими боюнча жүргүзүлөт:

1) убактылуу карамакта болууга жиберилген орган же уюм демилгелегенде;

2) беделди түшүрүүчү жосун жасаганда;

3) убактылуу карамакта болуу мөөнөтү бүткөндө;

4) кызматкердин же анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрүнө же саламаттыгына коркунуч келгенде;

5) ошондой эле убактылуу карамакта болууга жиберилген кызматкердин өз каалоосу боюнча.

5. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык убактылуу карамакта болууга жиберилген кызматкерди кайра чакыртып алуу тиешелүү органдын аппарат жетекчисинин макулдугу менен жүргүзүлөт.

6. Кайра чакыртылып алынганда кызматкер укук коргоо органынын карамагына келет жана жумушка орноштурулууга тийиш.

7. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына, башка мамлекеттик органдарга, эл аралык уюмдарга же мамлекеттер аралык органдарга мындан ары кызмат өтөө үчүн жиберилген кызматкер ал мындан ары кызмат өтөө үчүн жиберилген тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан, аталган мамлекеттик органдарда, эл аралык уюмдарда же мамлекеттер аралык органдарда белгиленген эрежелер жана ченемдер боюнча акчалай күтүм (эмгек акы) менен камсыз кылынат.

8. Убактылуу карамакта болууга жиберилген кызматкерге кезектеги атайын наам ушул Мыйзамда белгиленген тартипте ыйгарылат.

9. Убактылуу карамакта болууга жиберилген кызматкер менен мурда түзүлгөн контракт убактылуу карамакта болуунун бардык мезгилине күчүндө калат.

10. Кызматкерге кезектеги атайын наамды ыйгаруу анын акыркы ээлеген кызмат орду боюнча каралган чектеги атайын наамды эсепке албастан, ыйгарылган атайын наамда иштей турган жылдардын белгиленген мөөнөтү аяктаганда жүргүзүлөт.

11. Убактылуу карамакта болууга жиберилген кызматкердин жана анын үй-бүлөсүнүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн белгиленген укуктары жана социалдык коргоо кепилдиктери сакталат.

12. Убактылуу карамакта болууга жиберилген кызматкерди кызматтан бошотуу ушул Мыйзамда каралган негиздер боюнча жана тартипте жүргүзүлөт.

29-берене. Кызматкерди укук коргоо органынын кадрларынын карамагына алуу

1. Кызматкер укук коргоо органынын кадрларынын карамагына төмөнкүдөй учурларда алынат:

1) кайра уюштурууга, жоюуга же штаттык санын кыскартууга байланышкан уюштуруу-штаттык иш-чараларды өткөргөндө;

2) сот органдары чыгарган чечимдин негизинде кызмат ордунан четтетилген күндөн тартып 3 айлык мөөнөт өткөндө;

3) тартиптик жаза берүүдө, аны төмөн турган кызмат ордуна дайындоо мүмкүн болбогондо;

4) бул кызмат ордун мурун ээлеген кызматкер бала багуу боюнча эмгек өргүүсүнөн чыкканда;

5) бул кызмат ордун мурун ээлеген кызматкерди калыбына келтирүүдө, аны башка кызмат ордуна дайындоого мүмкүн болбогондо;

6) укук коргоо органынын кызматкери дайынсыз болгондо.

2. Кызматкер кадрлардын карамагына 4 айдан ашпаган мөөнөткө алынат.

3. Бул убакыттын ичинде укук коргоо органы кызматкерге бирдей деңгээлдеги бош кызмат ордун эки жолудан кем эмес сунуш кылууга милдеттүү. Бирдей деңгээлдеги кызмат орду болбогон учурда кызматкерге башка кызмат орду сунушталышы мүмкүн.

4. Сот органдары чыгарган чечимдин негизинде кызмат ордунан четтетилгендигине байланыштуу кадрлардын карамагына алынган кызматкер жазыктык иш боюнча же болбосо жоруктар жөнүндө иш боюнча акыркы чечим чыкканга чейин кадрлардын карамагында турат.

5. Кадрлардын карамагындагы кызматкер милдеттүү түрдө жумуш убактысын эсепке алуу табелин түзүү менен кызматтын кызыкчылыгы үчүн ишке тартылышы мүмкүн.

6. Кадрлардын карамагына алынып жаткан жана учурдагы жыл үчүн ар жылдык кезектеги өргүүсүн пайдаланбаган кызматкерге өргүү ал кадрлардын карамагына алынгандан кийин берилиши керек. Кийин өргүү берилбейт.

7. Кызматкер жумушка убактылуу жарамсыз болгон убакыт, өргүүдө жүргөн убакыт, ошондой эле бош эмес кызмат орду боюнча милдеттерди аткарган убакыт кадрлардын карамагында болуу мезгилине эсептелбейт.

8. Кадрлардын карамагына алуу тууралуу буйрук кызматкердин колун койдуруп алуу менен жарыя кылынат. Кызматкер кол коюудан баш тарткан же келбеген учурда тийиштүү акт түзүлөт жана анын жашаган жерине билдирме жөнөтүлөт.

9. Укук коргоо органынын кадрлардын карамагына алуу жөнүндө буйругу укук коргоо органында кызмат өтөөнүн токтотулганын билдирбейт.

10. Кадрлардын карамагында 4 ай болгондон кийин, кызматкер сунуш кылынган эки бош кызмат ордунан, анын ичинде төмөн турган кызмат ордунан баш тарткан учурда, ал ушул Мыйзамда белгиленген тартипте укук коргоо органынан бошотулууга тийиш.

30-берене. Кызматкерди аттестациялоо

1. Кызматкерди аттестациялоо анын ээлеген кызмат ордуна ылайыктуулугун аныктоо максатында 5 жылда бир жолу өткөрүлөт.

2. Аттестациянын жалпы принциптери болуп объективдүүлүк, баалоо критерийлеринин бирдейлиги, ачыктык жана үзгүлтүксүздүк саналат.

3. Эгерде ал өзү мындай каалоосун билдирбесе, кезектеги аттестациядан төмөнкү кызматкерлер өтүүгө тийиш эмес:

1) 20 жана андан көп жыл кызмат өтөгөн;

2) кызмат ордун ээлегенине бир жыл боло элек;

3) убактылуу карамакта болууга жиберилген;

4) боюнда бар аял;

5) боюнда бардыгы же төрөгөндүгү боюнча өргүүдө же бала багуу боюнча өргүүдө жүргөн.

Ушул адамдар өргүүдөн чыккандан кийин бир жылдан эрте эмес мөөнөттө аттестациядан өтөт.

4. Өргүүдө, иш сапарда жана дарыланууда жүргөн кызматкер жумушка чыккандан кийин 1 айдан кийин аттестациядан өтүүсү керек.

5. Кезексиз аттестацияларды жүргүзүүгө жол берилбейт.

6. Кызматкерлерди аттестациядан өткөрүү үчүн укук коргоо органынын жетекчиси же ыйгарым укуктуу жетекчи тарабынан аттестациялык комиссия түзүлөт.

7. Аттестация кызматкердин катышуусунда гана жүргүзүлөт. Кызматкер жүйөлүү себептерсиз аттестацияга келбеген учурда тартиптик жоопкерчиликке тартылат, ал эми аны аттестациядан өткөрүү датасы жылдырылат.

8. Аттестациялык комиссиянын жыйналышы анын курамындагы мүчөлөрдүн кеминде үчтөн эки бөлүгү катышкан учурда өткөрүлөт.

9. Аттестациялык комиссиянын чечимдери жана сунуштары ачык добуш берүү аркылуу, аттестациялык комиссиянын катышкан мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштардын саны бирдей болгон учурда комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат.

10. Кызматкерди аттестациялоонун натыйжалары боюнча аттестациялык комиссия төмөнкү чечимдердин бирөөсүн чыгарат:

1) ээлеп турган кызмат ордуна ылайык келет;

2) ээлеп турган кызмат ордуна ылайык келет, жогору турган кызмат ордуна көрсөтүү үчүн резервге киргизүүгө сунушталат;

3) кайрадан аттестациядан өтүүгө тийиш;

4) ээлеп турган кызмат ордуна ылайык келбейт жана төмөн турган кызмат ордуна жылдырылууга тийиш;

5) ээлеп турган кызматына ылайык келбейт жана укук коргоо органынан бошотулууга тийиш.

11. Кайрадан аттестациялоо баштапкы аттестация өткөрүлгөн күндөн тартып 6 айдан кечиктирилбей жүргүзүлөт.

12. Аттестациялык комиссия кайрадан аттестациялоонун жыйынтыктары боюнча кызматкердин ээлеп турган кызмат ордуна ылайыктуулугу, аны кызмат ордунан төмөндөтүү же кызматтан бошотуу жөнүндө чечим чыгарат.

13. Аттестациялык комиссиянын чечимине жана аттестациялык баракка аттестациялык комиссиянын төрагасы жана катчысы кол коёт. Кызматкер аттестациялык барак менен колун коюп таанышат.

14. Аттестациялык комиссиянын чечими контрактты узартуу, кызматкерди жогору турган кызмат ордуна көрсөтүү үчүн резервге киргизүү, кызматкерди ээлеген кызмат ордунан төмөндөтүү же аны бошотуу үчүн негиздердин бири болуп саналат.

15. Аттестациялык комиссиянын курамы, аттестацияны өткөрүү тартиби жана шарттары укук коргоо органынын жетекчиси тарабынан аныкталат.

16. Укук коргоо органдарынын билим берүүчү мекемелеринин, ошондой эле чет мамлекеттердин ушундай окуу жайларынын угуучулары, адъюнкттары, аспиранттары жана докторанттары окуусун аяктагандан кийин аттестациядан өтөт.

"ЧУА" МБ эскертүүсү: Берилген Мыйзамдын 30-статьясынын 3-пунктундагы абзацтарынын саны расмий тилдеги тексттин 30-статьясынын 3-пунктундагы абзацтарынын санына дал келбейт.

31-берене. Өзгөчө шарттарда кызмат өтөө

1. Аскердик, өзгөчө абалдарда, антитеррористтик операция режиминде же мыйзамда каралган башка кризистик кырдаалдарда келип чыккан милдеттерди аткаруу үчүн кызматкерди анын макулдугусуз, укук коргоо органы аныктаган тартипте, календардык жылдын ичинде 6 айдан ашпаган мөөнөткө тартууга уруксат берилет.

2. Жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда өзгөчө шарттарда кызмат өтөө деп кызматкерлердин жана аскер кызматчыларынын өзгөчө же аскердик абалдын режими киргизилгенде, жабык мекемелерден качуулар болгондо, барымтага алганда, массалык башаламандыктарда, камакта кармалган адамдар жана соттолгондор топтошуп баш ийбегенде же ушул сыяктуу коркунучтар келип чыкканда аларды жоюу үчүн зарыл болгон мөөнөттө кызмат кылуусу түшүнүлөт.

3. Кызматкердин жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда кызмат өтөөнүн өзгөчө шарттарындагы режимде иштөөсү 3 айдан ашпоого тийиш.

4. Кызматкердин ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган шарттарда иштөөсү милдеттүү түрдө эс алуу күндөрү менен компенсацияланат.

5. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган учурларда кызматкердин жүйөлүү себептерсиз кызмат өтөөдөн баш тартуусу контрактты мөөнөтүнөн мурда бузуу жана ушул Мыйзамга ылайык кызматтан бошотуу үчүн негиз болот.

32-берене. Иштеген жылдары

1. Кызматкердин укук коргоо органдарында иштеген жылдары пенсияны, иштеген жылдары үчүн ар айлык кошумча акыны белгилөө, ар кандай түрдөгү компенсацияларды төлөө, ар жылдык өргүүнүн узактыгын аныктоо, башка социалдык кепилдиктерди жана сыйлыктарды берүү максатында эсептелет.

2. Укук коргоо органынын кызматкеринин иштеген жылдарын эсептөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте жүргүзүлөт.

33-берене. Укук коргоо органынын кызматкеринин өздүк иши

1. Кызматкерлердин өздүк иши укук коргоо органдарынын кадр бөлүктөрү тарабынан таризделет жана жүргүзүлөт.

2. Өздүк иш негизги документ болуп саналат, анда кызматкердин кызматтык ишинин натыйжаларын мүнөздөөчү материалдар жана маалыматтар, ошондой эле ал жөнүндө башка маалыматтар камтылат.

3. Өздүк ишинде камтылган маалыматтар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик жана кызматтык сырды түзөт. Кызматкердин өздүк ишинде камтылган маалыматтарды, материалдарды жана документтерди жайылтууга тыюу салынат.

4. Кызматкерди бир укук коргоо органынан башка укук коргоо органына которууда анын өздүк иши жаңы кызмат өтөөчү жерине берилет. Бир кызматкерге бир нече өздүк иш жүргүзүүгө жол берилбейт.

5. Өздүк иштерди жүргүзүүнүн жана сактоонун тартиби, өздүк ишке киргизилүүчү маалыматтардын, материалдардын жана документтердин тизмеги, ошондой эле аларды алуу тартиби укук коргоо органы тарабынан аныкталат.

34-берене. Кызматын, атайын наамын калыбына келтирүү

1. Кызматтан, кызмат ордунан негизсиз бошотулган, четтетилген же башка кызмат ордуна жылдырылган, же болбосо атайын наамынан мыйзамсыз ажыратылган деп белгиленген тартипте таанылган кызматкер укук коргоо органындагы кызматка, демек кызмат ордунда, атайын наамында калыбына келтирилүүгө тийиш.

2. Кызматкерди кызматта калыбына келтирүү үчүн укук коргоо органынын жетекчисинин чечими же соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими негиз болуп саналат.

3. Кызматы калыбына келтирилүүгө тийиш кызматкер, анын макулдугу менен укук коргоо органдарында бирдей деңгээлдеги же төмөн турган кызмат ордуна дайындалышы мүмкүн.

4. Кызматы калыбына келтирилген кызматкердин аргасыз ишке келбеген убактысы ушул Мыйзамда белгиленген кошумча өргүүгө, стажы (иштеген жылдары) үчүн ай сайын берилүүчү кошумча акыга, иштеген жылдары үчүн пенсияга жана башка социалдык кепилдиктерге укук берген кызмат стажына, ошондой эле кезектеги атайын наам ыйгарылуучу иштеген жылдардын мөөнөтүнө эсептелет.

5. Кызматы калыбына келтирилген кызматкерлерге ал аргасыз жумушка келбеген убактысында укук коргоо органдарында мурун ээлеген кызмат орду боюнча белгиленген, албай калган (толук албай калган) акчалай күтүм төлөнүп берилет жана (же) акыркы кызмат орду боюнча алуучу акчалай күтүмдүн жана кызматында аргасыз үзгүлтүк болгон мезгилде алган иш жүзүндөгү эмгек акысынын ортосундагы айырма компенсацияланат.

6. Кызматкерди бошотуу, четтетүү жана жылдыруу жөнүндө негизсиз чечим кабыл алган же кызматкерди мурунку кызмат ордунда жана (же) наамында калыбына келтирүү жөнүндө чечимди аткарууну токтотуп турган укук коргоо органынын жетекчиси же ыйгарым укуктуу жетекчи Укук коргоо органдарынын тартиптик уставына жана жоруктар жана кылмыштар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

7. Укук коргоо органынын кызматындагы кызмат ордун же бирдей деңгээлдеги кызмат ордун калыбына келтирүү укугуна аны белгиленген тартипте дайынсыз деп таанууга жана (же) өлдү деп жарыялоого (эгерде ал өзүнө тийиштүү эмес себептер боюнча кызматтык жагдайларга байланыштуу дайынсыз болгон учурда) байланыштуу кызмат өтөөсү токтотулгандан кийин пайда болгон адам, аны дайынсыз жана (же) өлдү деп таануу жөнүндө чечим сот тарабынан жокко чыгарылгандан кийин ээ болот.

6-глава. Кызматтык тартип

35-берене. Укук коргоо органдарындагы кызматтык тартип

1. Укук коргоо органынын жетекчилиги жана тикелей жетекчи кол алдындагылардын арасындагы кызматтык тартиптин абалы үчүн жоопкерчилик тартат.

2. Кызматтык тартипти камсыз кылуу жана чыңдоо максатында укук коргоо органынын жетекчиси же ыйгарым укуктуу жетекчи тарабынан кызматкерлерге карата Укук коргоо органдарынын тартиптик уставында каралган сыйлоо жана тартиптик жоопкерчилик чаралары колдонулушу мүмкүн.

3. Укук коргоо органдарындагы кызматтык тартиптин маңызы, кызматкерлердин аны сактоо жана кармоо боюнча милдеттери, кызматтык тартипти кармоо боюнча жетекчилердин укуктары жана милдеттери, сыйлоо жана тартип жоопкерчилигинин чараларын колдонуу тартиби Укук коргоо органдарынын тартиптик уставы менен аныкталат.

7-глава. Кара күчтү, атайын каражаттарды, куралдарды, курал-жарактарды жана согуштук техниканы колдонуунун тартиби

36-берене. Кара күчтү, атайын каражаттарды, куралдарды, курал-жарактарды жана согуштук техниканы колдонуунун укуктук негизи

1. Укук коргоо органдарынын кара күчтү, атайын каражаттарды, куралдарды, курал-жарактарды жана согуштук техниканы колдонуусунун укуктук негизин ушул Мыйзам жана кара күчтү, атайын каражаттарды, куралдарды, курал-жарактарды жана согуштук техниканы колдонуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары түзөт.

2. Укук коргоо органдарынын куралдануусунда болуучу атайын каражаттарды, куралдарды, ок-дарыларды, курал-жарактарды жана согуштук техниканын тизмегин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.

3. Ушул глава жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда жана ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда кызмат өтөгөн аскер кызматкерлерине карата да колдонулат, ошондой эле улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлерине алар тарабынан укук коргоо функцияларын аткарып жаткан учурда жайылтылат.

37-берене. Кара күчтү, атайын каражаттарды, куралдарды, курал-жарактарды жана согуштук техниканы колдонуунун максаттары

Кара күч, атайын каражаттар, куралдар, курал-жарактар жана согуштук техника коомдук коркунучтуу жосундарды алдын алуу жана токтотуу, аларды жасаган адамдарды кармоо жана жеткирүү, камакта кармалган адамдар жана соттолгондор тарабынан жабык мекемелерден качуу, адамдарды барымтага алуу, массалык тартип бузуулар, топтошкон баш ийбөөчүлүктөр болгон учурда же ушул сыяктуу көрүнүштөр келип чыгуу коркунучу болгондо, ошондой эле өзүн-өзү коргоо максатында колдонулат.

38-берене. Кара күчтү, атайын каражаттарды, куралдарды, курал-жарактарды жана согуштук техниканы колдонуунун негиздери

Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин кара күчтү, атайын каражаттарды, куралдарды, курал-жарактарды жана согуштук техниканы колдонуусу үчүн негиз болуп Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын, жарандыгы жок адамдардын өмүрүн, ден соолугун, укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, кылмыштарды алдын алуу, болтурбоо жана коомдук тартипти, менчикти сактоо жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна болгон коркунучтарды алдын алуу жана болтурбоо үчүн укук коргоо органдарына жүктөлгөн милдеттерди аткарууну күч колдонбогон ыкмалар камсыз кылбаган шарттар саналат.

39-берене. Кара күчтү, атайын каражаттарды, куралдарды, курал-жарактарды жана согуштук техниканы колдонууга карата талаптар

1. Укук коргоо органынын кызматкери кара күчтү, атайын каражаттарды же куралдарды колдонуудан мурда аларга карата кара күч, атайын каражаттар же куралдар колдонулганы жаткан адамдарга ал ниети жөнүндө эскертүүгө, укук коргоо органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу талаптарын аткаруу үчүн мүмкүндүк жана убакыт берүүгө милдеттүү. Бөлүктүн (топтун) курамында кара күчтү, атайын каражаттарды же куралдарды колдонгон учурда, бөлүккө (топко) кирген укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин бирөөсүнүн эскертүүсү жетиштүү.

2. Эгерде кара күчтүн, атайын каражаттардын же куралдардын колдонулушун кечиктирүү жарандын, башка адамдын же укук коргоо органдарынын кызматкеринин өмүрүнө жана (же) ден соолугуна түздөн-түз коркунуч туудурса, же болбосо башка оор кесепеттерге алып келүүсү мүмкүн болсо, ошондой эле күтүлбөгөн же куралдуу кол салууда, барымтага алынгандарды бошотууда, камактан курал менен же болбосо транспорт каражаттарын пайдалануу менен качууда, камактагы адамдар жүрүп бараткан транспорт каражаттарынан качканда, согуштук техниканы, транспорт каражаттарын, учуучу аппараттарды, дарыя, деңиз кемелерин пайдалануу менен кол салууда укук коргоо органдарынын кызматкери кара күчтү, атайын каражаттарды же куралдарды колдонуу ниети жөнүндө эскертпегенге укуктуу.

3. Укук коргоо органдарынын кызматкери кара күчтү, атайын каражаттарды, куралдарды, курал-жарактарды жана согуштук техниканы колдонуунун натыйжасында денесинен жаракат алган жаранга же башка адамга алгачкы жардамды көрсөтүүгө, ошондой эле ага мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө медициналык жардам көрсөтүү боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.

4. Бөлүктүн (топтун) курамында укук коргоо органдарынын кызматкери ошол бөлүктүн (топтун) жетекчисинин буйруктарын жетекчиликке алып, ушул Мыйзамга ылайык кара күчтү, атайын каражаттарды, куралдарды, курал-жарактарды жана согуштук техниканы колдонот.

5. Укук коргоо органдарынын кызматкери өзүндө атайын каражаттар, табелдик курал жок болгон учурда, атайын каражаттар жана куралдар үчүн ушул Мыйзамда белгиленген колдонуу тартибин сактоо менен, ушул Мыйзамда белгиленген максаттарга жетүү үчүн бардык жеткиликтүү каражаттарды жана укук коргоо органдарынын куралдануусунда турбаган башка куралды колдонууга укуктуу.

6. Укук коргоо органдарынын кызматкери кара күчтү, атайын каражаттарды, куралдарды, курал-жарактарды жана согуштук техниканы колдонгондо түзүлгөн кырдаалды, кара күч, атайын каражаттар, куралдар, курал-жарактар жана согуштук техника колдонулуучу адамдардын иш-аракеттеринин мүнөзүн жана коркунуч деңгээлин, алар тарабынан көрсөтүлүп жаткан каршылыктын мүнөзүн жана күчүн эске алуу менен аракеттенет. Мындай учурда кызматкер бардык зыянды азайтууга умтулууга милдеттүү.

40-берене. Кара күчтү колдонуу укугу

Эгерде кара күч колдонбогон ыкмалар укук коргоо органдарына жүктөлгөн милдеттерди ушул главада аныкталган тартипте аткарууну камсыз кылбаса, кызматкер жеке өзү же бөлүктүн (топтун) курамында кара күчтү, анын ичинде күрөштүн же мушташтын ыкмаларын жана колдо бар каражаттарды колдонууга укуктуу.

41-берене. Кара күчтү колдонуу учурлары

1. Кара күч төмөнкүдөй учурларда колдонулушу мүмкүн:

1) кылмыштарды, жоруктарды жана бузууларды болтурбоо үчүн;

2) кылмыштарды, жоруктарды жана бузууларды жасаган адамдарды, ошондой эле аларды жасоого шектүү адамдарды кармоо жана жеткирүү үчүн;

3) кызматкердин мыйзамдуу талаптарына каршы аракеттерди токтотуу жана өзүн-өзү коргоо үчүн.

2. Кызматкер ушул Мыйзам менен атайын каражаттарды, куралды, курал-жарактарды жана согуштук техниканы колдонууга уруксат берилген бардык учурларда кара күчтү колдонууга укуктуу.

42-берене. Атайын каражаттарды колдонуу укугу

Кызматкер жеке өзү же бөлүктүн (топтун) курамында ушул главада белгиленген тартипте атайын каражаттарды колдонууга укуктуу.

43-берене. Атайын каражаттарды колдонуу учурлары

1. Атайын каражаттар төмөнкүдөй учурларда колдонулушу мүмкүн:

1) жарандарга, башка адамдарга же кызматкерге кол салуу коркунучун же кол салуунун мизин кайтаруу үчүн;

2) кылмыштарды, жоруктарды жана бузууларды болтурбоо үчүн;

3) кызматкерге көрсөтүлгөн каршылыкка бөгөт коюу үчүн;

4) кылмыштарды, жоруктарды же бузууларды жасоо учурунда кармалган жана кылмыш, жорук же бузуу жасалган жерден жашынып калууга аракет кылган адамды кармоо үчүн;

5) эгерде адам куралдуу каршылык көрсөтүүсү мүмкүн болсо, аны кармоо үчүн;

6) кармалган адамдарды жана кайтарууга алынган, соттолгон адамдарды, ошондой эле камакка алынган адамдарды жеткирүү, конвой менен коштоп жүрүү жана кайтаруу үчүн;

7) качуу аракетине бөгөт коюуда;

8) күч менен кармалган адамдарды, басып алынган имараттарды, жайларды, курулмаларды, транспорт каражаттарын, башка мүлктү жана жер участокторун бошотуу үчүн;

9) массалык башаламандыктарга жана коомдук тартипти топтошуп бузууларга бөгөт коюу үчүн;

10) кызматкердин токтотуу тууралуу мыйзамдуу талабын аткарбаган айдоочунун транспорттук каражатын токтотуу үчүн;

11) кылмыштарды, жоруктарды же бузууларды жасап жаткан же жасаган адамдарды аныктоо үчүн;

12) кайтарылуучу объекттерди коргоо, укукка каршы аракеттерди жасаган жарандардын тобунун кыймылына бөгөт коюу үчүн;

13) мамлекеттик же адистештирилген кайтаруу объекттерине кол салуу коркунучун же болбосо кол салуунун мизин кайтаруу үчүн;

14) айланадагыларга, алардын мүлкүнө же өзүнө зыян келтирүү коркунучу жаралган учурда;

15) турак жай жана башка жайларга мыйзамдуу кирүүгө тоскоол болгон бекитилүүчү түзүлүштөрдү, элементтерди жана конструкцияларды бузуу үчүн.

2. Кызматкер ушул Мыйзам тарабынан куралды, курал-жарактарды жана согуштук техниканы колдонууга уруксат берилген бардык учурларда атайын каражаттарды колдонууга укуктуу.

3. Кызматкерлер тарабынан атайын каражаттарды колдонуу эрежелерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.

44-берене. Атайын каражаттарды колдонууга тыюу салуу

Кызматкерге төмөнкү учурларда атайын каражаттарды колдонууга тыюу салынат;

1) төмөндө аталган адамдар жарандардын, башка адамдардын же укук коргоо органдарынын кызматкеринин өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирүү менен куралдуу каршылык көрсөткөн, топтошуп же башкача кол салган учурларды кошпогондо, кош бойлуу экендиги көрүнүп турган аялдарга, майып экендиги ачык билинип турган адамдарга, жаш курактары анык билинип турган же укук коргоо органдарынын кызматкерине белгилүү болгон жашы жете электерге карата;

2) коомдук тартипти, транспорттун, байланыш каражаттарынын жана уюмдардын иштерин бузбаган, зомбулук мүнөздө болбогон чогулуштарга, митингдерге, демонстрацияларга, жүрүштөргө жана пикеттерге бөгөт коюу үчүн;

3) чет мамлекеттердин дипломатиялык же башка өкүлчүлүктөрү ээлеген жайларда. Эгерде ушул мамлекеттердин өкүлдөрүнөн ушундай өтүнүч түшсө гана, атайын каражаттар аталган жайларда колдонулушу мүмкүн.

45-берене. Курал колдонуу укугу

Кызматкер жеке өзү же бөлүктүн (топтун) курамында ушул главада аныкталган тартипте курал колдонууга укуктуу.

46-берене. Курал колдонуу учурлары

1. Курал төмөнкүдөй учурларда колдонулат:

1) кол салуудан башка адамды коргоо же болбосо өзүн-өзү коргоо үчүн, эгерде бул кол салуу алардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурган зомбулук менен коштолсо;

2) укук коргоо органдарынын атайын каражаттарын, ок-дарыларын, куралдарын, курал-жарактарын, транспорт каражаттарын жана укук коргоо органдарын куралдануусунда турган согуштук техниканы тартып алуу аракетине бөгөт коюу үчүн;

3) барымтага алынгандарды бошотуу үчүн;

4) эгерде башка каражаттар менен кармоого мүмкүн болбосо, өмүргө, ден соолукка каршы кылмыш жасоо үстүндө кармалган жана качып кетүүгө аракет кылган адамды кармоо үчүн;

5) куралдуу каршылык көрсөткөн адамды, ошондой эле андагы болгон куралдарды, ок-дарыларды, жардыргыч заттарды, жардыруучу түзүлүштөрдү, уулуу же радиоактивдүү заттарды тапшыруу жөнүндө мыйзамдуу талапты аткаруудан баш тарткан адамды кармоо үчүн;

6) аларды кайтаруу кызматкерлерге тапшырылган адамдардын өмүрүнө же ден соолугуна коркунуч туудурган кол салуунун мизин кайтаруу үчүн;

7) мамлекеттик жана коомдук органдардын, коомдук бирикмелердин, уюмдардын, ишканалардын, мекемелердин жана жарандардын имараттарына, жайларына, курулмаларына жана башка объекттерине топтошуп же куралдуу кол салуунун мизин кайтаруу үчүн, ошондой эле кызматтык нарядга кол салуунун мизин кайтаруу үчүн;

8) соттолгондордун, кылмыштарды жасоого шектүүлөрдүн жана айыпталуучулардын эркинен ажыратуучу жайлардан качуусуна же кылмыш жасоого шектүү адамдардын, камакка алуу түрүндөгү чара колдонулган адамдардын, эркинен ажыратууга соттолгон адамдардын конвойдон качуусуна бөгөт коюу, ошондой эле аталган адамдарды күч менен бошотуу аракеттерине бөгөт коюу үчүн;

9) эгерде транспорт каражатын башкарган адам жарандардын, кызматкердин, башка адамдардын өмүрүнө же ден соолугуна, же болбосо мүлкүнө коркунуч келтирип, кызматкердин токтотуу жөнүндө мыйзамдуу талабын аткаруудан баш тартса, транспорт каражаттарын бузуу жолу менен токтотуу үчүн;

10) жарандардын, башка адамдардын же кызматкердин өмүрүнө же ден соолугуна коркунуч туудурган жаныбарлар кол салган учурда;

11) турак жайларга жана башка жайларга мыйзамдуу кирүүгө тоскоол болгон бекитме түзүлүштөрдү, элементтерди жана конструкцияларды бузуу үчүн;

12) асманга же башка коопсуз тарапка ок атуу жолу менен эскертүүчү ок чыгаруу, айгай белгисин берүү же жардам чакыруу үчүн.

2. Кызматкер ушул Мыйзамда курал-жарактарды жана согуштук техниканы колдонуу уруксат берилген бардык учурларда курал колдонууга укуктуу.

47-берене. Курал колдонууга тыюу салуу

1. Төмөндө аталган адамдар жарандардын, башка адамдардын же кызматкердин өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирүү менен куралдуу каршылык көрсөткөн, топтошуп же башкача кол салган учурларды кошпогондо, кызматкерге кош бойлуу экендиги көрүнүп турган аялдарга, майып экендиги ачык билинип турган адамдарга, жаш курактары анык же укук коргоо органдарынын кызматкерине белгилүү болгон жашы жетпегендерге карата курал колдонууга тыюу салынат.

2. Кызматкер террордук актыларды алдын алуу (бөгөт коюу), барымтага алынгандарды бошотуу, топтошуп же куралдуу кол салуунун мизин кайтаруу максатында курал колдонууну кошпогондо, курал колдонуунун натыйжасында адамдар жабыр тартып калуусу мүмкүн болсо, жарандар жыш топтошкон учурда курал колдонууга укугу жок.

48-берене. Курал-жаракты жана согуштук техниканы колдонуу укугу

Кызматкерге жеке өзү же бөлүктүн (топтун) курамында ушул главада аныкталган тартипте курал-жарактарды жана согуштук техниканы колдонууга укук берилет.

49-берене. Курал-жаракты жана согуштук техниканы колдонуу учурлары

1. Курал-жарактар жана согуштук техника укук коргоо органдары тарабынан төмөнкү учурларда колдонулат:

1) жарандарды, башка жактарды же укук коргоо органдарынын кызматкерин башка ыкмалар жана каражаттар менен коргоого мүмкүн болбосо, алардын өмүрүнө же ден соолугуна коркунуч келтирген кол салуудан коргоо үчүн;

2) эгерде башка ыкмалар жана каражаттар менен бошотуу мүмкүн болбосо, барымтага алынгандарды, басып алынган имараттарды, жайларды, курулмаларды, райондорду (участокторду), жерлерди (аймактарды жана жер участокторун) жана транспорттук каражаттарды бошотуу үчүн;

3) эгерде башка ыкмалар менен кол салуунун мизин кайтаруу мүмкүн болбосо, кайтарылуучу объекттерге, имараттарга, жайларга, курулмаларга жана транспорт каражаттарына куралдуу кол салуунун мизин кайтаруу, ошондой эле куралдарды, ок-дарыларды, жардыргыч заттарды, жардыруучу түзүлүштөрдү, курал-жарактарды жана согуштук техниканы ээлеп алуу аракетине бөгөт коюу үчүн;

4) эгерде каршылык көрсөтүүнү башка жол менен басуу мүмкүн болбосо, мыйзамга каршы аракеттерди токтотуу жана куралдарды, ок-дарыларды, жардыргыч заттарды, жардыруучу түзүлүштөрдү, уулуу же радиоактивдүү заттарды, курал-жарактарды жана согуштук техниканы тапшыруу жөнүндө кызматкердин мыйзамдуу талаптарын аткаруудан баш тарткан куралдуу адамдардын каршылыгын басуу үчүн;

5) эгерде башка ыкмалар жана каражаттар менен транспорт каражатын токтотуу мүмкүн болбосо, кызматкердин мыйзамдуу талаптарына баш ийбеген учурда, террордук ишке катышы бар адамдар колдонгон транспорт каражатын бузуу (жок кылуу) жолу менен токтотуу үчүн;

6) имараттарга, жайларга жана башка курулмаларга, райондорго (участокторго), жерлерге (аймактарга жана жер участокторуна) мыйзамдуу кирүүгө тоскоолдук жараткан бекитме түзүлүштөрдү, элементтерди жана конструкцияларды, тосмолорду бузуу (талкалоо) үчүн;

7) чабуул объектиге жакындаган учурда кызматкердин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн;

8) террорго каршы операцияларда, өзгөчө кырдаалдар жана согуш абалындагы аймактарда режимди камсыз кылуу үчүн.

2. Курал-жарактарды жана согуштук техниканы колдонуу ыйгарым укуктуу укук коргоо органынын жетекчисинин чечими менен жүзөгө ашырылат.

50-берене. Кызматкерлерди атайын даярдоо

1. Кызматкерлер кара күчтү, атайын каражаттарды жана куралдарды колдонуу боюнча атайын даярдыктан өтүүгө милдеттүү.

2. Укук коргоо органдарында ээлеген кызмат орундарынын квалификациялык талаптарына ылайык, айрым кызматкерлер курал-жарактарды жана согуштук техниканы колдонуу боюнча атайын даярдыктан кошумча өтүүгө милдеттүү.

3. Кызматкерлердин кара күчтү, атайын каражаттарды, куралдарды, курал-жарактарды жана согуштук техниканы колдонуу боюнча атайын даярдыктан өтүүсүнүн тартиби жана шарттары укук коргоо органынын жетекчиси тарабынан аныкталат.

51-берене. Кызматкерлердин кесиптик жарактуулугун текшерүү

1. Кызматкерлер кара күчтү, атайын каражаттарды, куралды, курал-жарактарды жана согуштук техниканы колдонууга байланышкан шарттарда жасоочу аракеттерге кесиптик жарактуулугу боюнча текшерүүдөн мезгилдүү өтүп турууга милдеттүү.

2. Кара күчтү, атайын каражаттарды, куралды, курал-жарактарды жана согуштук техниканы колдонууга байланыштуу шарттарда жасоочу аракеттерге кесиптик жарактуулугу боюнча текшерүүдөн өтүүнүн тартиби жана мөөнөтү укук коргоо органынын жетекчиси тарабынан аныкталат.

52-берене. Укук коргоо органдарына алгачкы жолу кызматка кирип жаткан адамдарды атайын даярдоо

1. Укук коргоо органдарына алгачкы жолу кызматка орношуп жаткан адамдар укук коргоо органдарынын кызматкерлерин даярдоо боюнча атайын билим берүү мекемесинде кара күчтү, атайын каражаттарды, куралды, курал-жарактарды жана согуштук техниканы колдонуу боюнча атайын даярдыктан өтөт.

2. Атайын даярдоо программаларынын мазмуну, ошондой эле укук коргоо органына алгачкы жолу кызматка орношуп жаткан адамдарды кара күчтү, атайын каражаттарды, куралды, курал-жарактарды жана согуштук техникаларын колдонууга байланыштуу шартта жасоочу аракеттерге кесиптик жарактуулугу боюнча текшерүүдөн өткөрүү тартиби укук коргоо органдарынын кызматкерлерин даярдоо боюнча билим берүү мекемесинин жетекчиси тарабынан аныкталат.

53-берене. Куралдуу кызматкердин жеке коопсуздугунун кепилдиктери

1. Эгерде түзүлгөн кырдаалда ушул Мыйзамда белгиленген тартипте куралды колдонуу мүмкүнчүлүгү жаралса, кызматкер жеке коопсуздугун камсыздоо максатында куралын алып чыгууга жана аны атуу үчүн даярдоого укуктуу.

2. Куралын алып чыккан кызматкерге кайсы болбосун адамдын кызматкер ага көрсөткөн аралыкты кыскартуу менен жакындоого аракети, ошондой эле кызматкер өз өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирүү катары чечмелеши мүмкүн болгон башка аракеттерди жасоосу кызматкердин куралды колдонуусуна укук берет.

54-берене. Кара күчтү, атайын каражаттарды, куралдарды, курал-жарактарды жана согуштук техниканы колдонуунун укук ченемдүүлүгү

1. Кызматкер кара күчтү, атайын каражаттарды, куралды, курал-жарактарды жана согуштук техниканы колдонуунун натыйжасында, эгерде алар ушул Мыйзамда белгиленген тартипти сактоо менен колдонулса, жеке же юридикалык жактарга келтирилген ар кандай зыяндар үчүн жоопкерчилик тартпайт.

2. Үчүнчү жактарга келтирилген зыяндын орду Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекет тарабынан толтурулат.

55-берене. Кара күчтү, атайын каражаттарды, куралды, курал-жарактарды жана согуштук техниканы кызматкер тарабынан жеке өзү же болбосо бөлүктүн (топтун) курамында колдонуу фактысы боюнча кабарлоонун тартиби

1. Кара күчтү, атайын каражаттарды, куралды, курал-жарактарды жана согуштук техниканы колдонуунун ар бир фактысы жөнүндө кызматкер же бөлүктүн (топтун) жетекчиси өзүнүн кызмат өтөгөн жери боюнча тийиштүү органдын жетекчисине же алар колдонулган жердеги ыйгарым укуктуу жетекчиге колдонулган учурдан тартып 24 сааттын ичинде жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү.

2. Кызматкер тарабынан кара күчтү, атайын каражаттарды, куралды, курал-жарактарды жана согуштук техниканы колдонуунун натыйжасында курмандыктын ар бир фактысы боюнча ыйгарым укуктуу жетекчи 24 сааттын ичинде прокуратуранын аймактык органына кабарлайт.

56-берене. Кара күчтү, атайын каражаттарды, куралды, курал-жарактарды жана согуштук техниканы колдонуу фактысы боюнча кызматтык иликтөөнү жүргүзүү тартиби

1. Кара күчтү, атайын каражаттарды, куралды, курал-жарактарды жана согуштук техниканы колдонуунун натыйжасында адамдын ден соолугуна зыян келтирилген, ал өлгөн же ага материалдык зыян келтирилген ар бир факт боюнча, ошондой эле кара күчтү, атайын каражаттарды, куралды, курал-жарактарды жана согуштук техниканы колдонууга байланыштуу кызматкердин аракеттерине жарандардын даттануу менен кайрылган фактысы боюнча кызматтык иликтөө ушул иликтөөнү жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу укук коргоо органынын кызмат адамдары тарабынан жүргүзүлөт.

2. Укук коргоо органдарынын ыйгарым укуктуу кызмат адамдары жүргүзгөн кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча кара күчтү, атайын каражаттарды, куралды, курал-жарактарды жана согуштук техниканы колдонуунун укук ченемдүүлүгү же укук ченемсиздиги тууралуу корутунду чыгарылат.

3. Кызматтык иликтөөнүн жүрүшүндө ушул Мыйзамда каралган кара күчтү, атайын каражаттарды, куралды, курал-жарактарды жана согуштук техниканы колдонуунун тартибин бузуу аныкталган учурда, ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн корутундунун көчүрмөсү аныкталган бузууларга укуктук баа берүү үчүн кара күч, атайын каражаттар, курал, курал-жарактар жана согуштук техника колдонулган жер боюнча прокуратуранын аймактык органына жиберилет.

4. Укук коргоо органдарынын ыйгарым укуктуу кызмат адамдары тарабынан жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөнүн корутундусуна даттанган учурда, аталган фактыны мындан ары кароону кара күч, атайын каражаттар, курал, курал-жарактар жана согуштук техника колдонулган жер боюнча прокуратура органы жүргүзөт.

5. Прокуратура органынын чечими белгиленген тартипте сот аркылуу даттанылышы мүмкүн.

57-берене. Кара күчтү, атайын каражаттарды, куралды, курал-жарактарды жана согуштук техниканы колдонуунун мыйзамдуулугуна көзөмөл

Кызматкерлердин кара күчтү, атайын каражаттарды, куралды, курал-жарактарды жана согуштук техниканы мыйзамдуу колдонушуна көзөмөл ушул Мыйзамда жана "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын прокуратура органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.

58-берене. Кара күчтү, атайын каражаттарды, куралды, курал-жарактарда жана согуштук техниканы белгиленген тартипте колдонууну бузгандыгы үчүн жоопкерчилик

Кара күчтү, атайын каражаттарды, куралды, курал-жарактарды жана согуштук техниканы колдонуунун ушул Мыйзамда белгиленген тартибин бузуу фактысы аныкталган учурда, келип чыккан кесепеттерге жараша кызматкер Укук коргоо органдарынын тартип уставына жана бузуулар, жоруктар жана кылмыштар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

8-глава. Кызматкердин жумуш убактысы жана эс алуу убактысы, эмгекке убактылуу жарамсыздыгы

59-берене. Жумуш убактысынын ченемдүү узактыгы

1. Укук коргоо органдарында беш күндүк жумуш жумасы жана 8 сааттык жумуш күнү белгиленет.

2. Зарыл учурларда укук коргоо органынын жетекчисинин же ыйгарым укуктуу жетекчинин жазуу жүзүндөгү чечими боюнча кызматкерлер ушул Мыйзамдын 63-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган кошумча эс алуу күндөрүн берүү менен, белгиленген жумуш убактысынын ченемдүү узактыгынан ашык, ошондой эле түнкү мезгилде, дем алыш жана майрам күндөрү кызматтык милдеттерин аткарууга тартылышы мүмкүн.

3. Нөөмөттүү иште күндүзгү, кечки жана түнкү нөөмөттөрдүн узактыгы бирдей коюлат.

4. Зыяндуу шарттарда кызмат өтөөчү кызматкерлер үчүн жумуш убактысынын кыскартылган узактыгы белгиленет. Укук коргоо органдарында жумуш убактысынын кыскартылган узактыгы белгиленген кызмат орундарынын тизмегин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.

5. Кызматкерлердин зыяндуу шарты бар участоктордо иштөөсүнүн, ошондой эле мөөнөтүнөн тышкары жана түн ичинде иштөөсүнүн тартиби жана шарттары аталган мамилелерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында жөнгө салынат.

6. Аскердик жана мобилизациялык даярдыкты камсыз кылууга байланыштуу машыгуулар, машыгуучулук-аскердик ок атуулар жана башка иш-чаралар жумуш убактысынын ченемдүү узактыгы чектелбестен, жуманын кайсы күнүндө болбосун план боюнча так өткөрүлөт.

7. Кызматкердин жумуш убактысынын ченемдүү узактыгынын режими укук коргоо органынын жетекчиси же ыйгарым укуктуу жетекчиси тарабынан бекитилүүчү укук коргоо органынын ички кызматтык тартибинин эрежелеринде белгиленет.

60-берене. Эс алуу убактысы

1. Кызматкерлер эс алууга укуктуу.

2. Эс алуу укугу жумуш убактысын белгилөө, ар жумалык эс алуу күндөрүн, майрам күндөрүн, ар жылдык жана башка акы төлөнүүчү өргүүлөрдү, ошондой эле эс алуу жана тамактануу үчүн күнүмдүк тыныгууларды берүү менен камсыз кылынат.

61-берене. Өргүүлөр

1. Кызматкерге өргүүнүн төмөнкүдөй түрлөрү берилет:

1) кезектеги ар жылдык өргүү;

2) кыска мөөнөттүк өргүү;

3) окуу өргүүсү;

4) чыгармачылык өргүү;

5) боюнда бардыгы жана төрөгөндүгү боюнча өргүү;

6) бала багуу боюнча өргүү;

7) ооруга жана дарыланууга байланыштуу өргүү.

2. Өргүүлөрдүн узактыгы календардык күндөр менен эсептелет. Өргүү мезгилине туш келген жумуш эмес майрам күндөрү жана жумушка убактылуу жарамсыз мезгил өргүүнүн календардык күндөрүнүн эсебине кошулбайт.

3. Кызматкер кезектеги ар жылдык өргүүдө жүргөн мезгилдеги ооругандыгы тууралуу, ага берилген өргүүнүн мөөнөтү бүткөнгө чейин тикелей жетекчисине билдирүүгө милдеттүү.

62-берене. Кезектеги ар жылдык өргүү

1. Кызматкерге милдеттүү түрдө кезектеги акы төлөнүүчү ар жылдык өргүү берилет.

2. Кызматкер кезектеги ар жылдык өргүүнү өтүп бараткан жылы пайдаланбаган учурда, өргүү милдеттүү түрдө кийинки жылдын биринчи кварталында берилет.

3. Кызматкер ордунан жылыштырыганда же которулганда пайдаланылбаган кезектеги ар жылдык өргүүсү жаңы кызмат орду боюнча берилет.

4. Кызматкерге анын каалоосу боюнча өргүүсүн эки бөлүккө бөлүүгө уруксат берилет.

5. Кызматкерде кызмат өтөгөн биринчи жыл үчүн өргүүнү пайдалануу укугу укук коргоо органында үзгүлтүксүз 11 ай кызмат өтөгөндөн кийин пайда болот.

6. Үзгүлтүксүз кызмат өтөгөнүнө 11 ай өткөнгө чейин акы төлөнүүчү өргүү кызматкердин өргүүгө чыгаар алдындагы билдирмеси боюнча аялдарга - кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүнүн алдында же түздөн-түз андан кийин, ошондой эле 3 айга чейинки курактагы баланы асырап алган кызматкерлерге берилүүгө тийиш.

7. Кызмат өтөгөн экинчи жана андан кийинки жылдары үчүн өргүү иш жылынын каалаган убагында, кезектеги ар жылдык өргүүлөрдүн графигине ылайык берилиши мүмкүн.

8. Кызматкер иштен бошотулганда, ага ар жылдык өргүү учурдагы жылда кызмат өтөгөн мезгилине пропорционалдуу берилет.

9. Боюнда бардыгы жана төрөгөндүгү өргүүгө кетип жаткан кызматкерге кезектеги ар жылдык өргүү анын каалоосу боюнча, бул өргүүгө кетердин алдында же түздөн-түз бул өргүүдөн кийин берилет.

10. Өргүүлөрдүн эсеби укук коргоо органы тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.

63-берене. Кезектеги ар жылдык өргүүнүн узактыгы

1. Кызматкерге кезектеги ар жылдык өргүү календардык иштеген жылдарын төмөнкүдөй тартипте эсепке алуу менен берилет:

1) 10 жылдан аз - мөөнөтү 30 календардык күн;

2) 10 жылдан 15 жылга чейин - мөөнөтү 35 календардык күн;

3) 15 жылдан 20 жылга чейин - мөөнөтү 40 календардык күн;

4) 20 жыл жана андан көп мөөнөтү 45 календардык күнгө.

2. Илимдин кандидаты окумуштуулук даражасы, доцент окумуштуулук наамы, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишмери ардактуу наамы бар кызматкерге кошумча 5 календардык күн берилет, ал эми илимдин доктору илимий даражасы, профессор илимий наамы бар кызматкерге 10 календардык күн берилет.

3. Зыяндуу жана өзгөчө шарттарда кызматтык милдеттерин аткаргандыгы үчүн же болбосо бийик тоолуу жана алыскы жерлерде, климаттык жана экологиялык шарттары оор жерлерде кызмат өтөгөн, же болбосо интернационалист жоокер болгон, ошондой эле Чернобыль АЭСиндеги кыйроонун кесепеттерин жоюуга катышкан кызматкерге Кыргыз Республикасынын жарандарын социалдык коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кошумча күндөр берилет.

4. Ченемге салынбаган жумуш күндөрү үчүн кызматкерлерге узактыгы 10 календардык күнгө чейинки кошумча өргүү күндөрү берилет.

5. Ушул беренеде каралган кошумча өргүү күндөрү кезектеги ар жылдык өргүү менен кошулуп эсептелет. Ошол эле учурда өргүүнүн жалпы узактыгы 60 календардык күндөн ашпоого тийиш.

64-берене. Окуу өргүүсү

1. Окуу жайларында жана чет мамлекеттердин ушундай окуу жайларында, анын ичинде кесиптик окуу жайларда окуп жаткан кызматкерге билим алуу үчүн окуу өргүүсү берилет.

2. Окуу жайларында сырттан билим алып окуп жаткан кызматкерге экзамендерди тапшыруу мезгилинде окуу өргүүсү берилет, бирок ал 30 календардык күндөн ашпайт.

65-берене. Кыска мөөнөттүү (социалдык) өргүү

1. Кызматкерге 10 календардык күндөн ашпаган кыска мөөнөттүү өргүү төмөнкүдөй учурларда берилет:

1) никеге турганда, балалуу болгондо;

2) жакын туугандарынын же кызматкерди тарбиялаган адамдын ден-соолугунун абалы оор болгондо же өлгөндө (курман болгондо);

3) үй-бүлөсү же жакын туугандары өрткө, суу каптоого, жер титирөөгө же башка табигый жана техногендик кырсыктарга дуушар болгондо;

4) үй-бүлөлүк орчундуу жагдайлар боюнча.

2. Кыска мөөнөттүү өргүү кезектеги ар жылдык өргүүнүн эсебине кирбейт.

66-берене. Чыгармачылык өргүү

1. Кызматкерге илимий мүнөздөгү иштерин бүтүрүүгө, ошондой эле эл аралык деңгээлдеги маданиятты, искусствону жана спортту өнүктүрүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасын көрсөтүүгө байланышкан башка учурларда чыгармачылык өргүү берилет.

2. Чыгармачылык өргүү берүүнүн тартибин жана шарттарын укук коргоо органы аныктайт.

67-берене. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүү

1. Кызматкерлерге эмгекке убактылуу жарамсыздыгы боюнча кызматтык милдеттерди аткаруудан бошотуу баракчасынын негизинде, ушул мезгилге Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган өлчөмдө кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул төлөп берүү менен кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүү берилет.

2. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүү кошулуп эсептелет жана төрөткө чейинки иш жүзүндө пайдаланылган күндөрдүн санына карабастан, толугу менен берилет.

3. Баланы 3 айга чейинки куракта асырап алган кызматкерге бала асырап алган күндөн тартып асырап алган бала төрөлгөн күндөн тартып 70 календардык күн өткөнгө чейин кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүү берилет, ал эми эки же андан көп баланы бир убакта асырап алганда алардын төрөлгөн күнүнөн тартып 110 календардык күн берилет.

4. Ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн өргүүлөр асырап алуунун сырын камсыздоо менен берилиши керек.

68-берене. Бала багуу боюнча өргүү

1. Жашы жете элек балдары бар кызматкерлерге балдары 3 жашка толгонго чейин эмгек акысы сакталбаган бала багуу боюнча кошумча өргүү берилет. Кызматкердин каалоосу менен бала багуу боюнча өргүү кыскартылышы мүмкүн.

2. Бала багуу боюнча өргүү жалпы эмгек стажына, ошондой эле адистиги боюнча кызмат стажына (жеңилдик шарттарында пенсия чектөө учурларынан тышкары) эсептелет.

3. Бала багуу боюнча өргүүдө болгон мезгил кезектеги ар жылдык өргүүгө укук берүүчү жумуш жылына кирбейт.

4. Бала багуу боюнча өргүү аяктагандан кийин 6 ай өткөндөн кийин, учурдагы жылдагы кызмат өтөгөн мезгилге пропорциялуу түрдө, узактыгы 14 календардык күндөн кем болбогон кезектеги ар жылдык өргүү берүүгө жол берилет.

69-берене. Кызматкерлерди өргүүдөн чакыртып алуу

1. Кызматкерди анын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана өргүүдөн чакыртып алууга мүмкүн.

2. Өзгөчө шарттар келип чыкканда кызматкерди укук коргоо органынын жетекчисинин же ыйгарым укуктуу жетекчинин буйругунун негизинде макулдугу жок чакыртууга жол берилет.

3. Кызматкерди, ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, 14 календардык күндөн кем эмес мезгил өткөндөн кийин өргүүдөн чакыртып алууга жол берилет.

4. Өргүүнүн пайдаланылбаган бөлүгү кызматкерге учурдагы жылда, ага ыңгайлуу убакытта же кийинки жылдын биринчи кварталында берилүүгө тийиш.

70-берене. Эмгекке убактылуу жарамсыздыгына байланыштуу кызматкерди кызматтык милдеттерди аткаруудан бошотуу

1. Эмгекке убактылуу жарамсыздыгына байланыштуу кызматкерди кызматтык милдеттерди аткаруудан бошотуу укук коргоо органынын медициналык уюмунун, ал эми кызматкердин кызмат орду, жашаган жери боюнча же башка турган орду боюнча мындай медициналык уюм болбогон учурда - башка мамлекеттик же муниципалдык медициналык уюмдун эмгекке убактылуу жарамсыздыгы боюнча кызматтык милдеттерди аткаруудан бошотуу баракчасынын негизинде жүзөгө ашырылат.

2. Эмгекке убактылуу жарамсыздыгы боюнча кызматтык милдеттерди аткаруудан бошотуу баракчасынын формасын жана берүү тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.

3. Кызматкердин эмгекке жарамсыздыгы башталган күндөн тартып төрт айдан кеч эмес же акыркы жылдын ичинде бул оору боюнча жалпы эмгекке жарамсыздыгы беш айдан кеч эмес (кургак учук менен ооругандарга 12 айдан кеч эмес) мезгилде, анын андан ары укук коргоо органынында кызмат өтөөгө жарактуулугу жөнүндө же дарыланууну улантуу жөнүндө маселени чечүү үчүн кызматкер аскердик-дарыгердик комиссиянын медициналык күбөлөндүрүүсүнө жөнөтүлүүгө тийиш.

4. Кызматкердин ден соолугунун абалы боюнча эмгекке жарамдуулугун туруктуу жоготкондугунун белгилери табылган учурда, ал эмгекке жарамдуулугун жана (же) майыптуулук фактысын аныктоо үчүн медициналык-социалдык экспертиза мекемесине жөнөтүлөт. Эмгекке жарамдуулугун туруктуу жоготкондугун аныктоо тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.

5. Кызматкердин өз кызматтык милдеттерин аткаруу же интернационалдык милдетин аткаруу учурунда (документалдык тастыкталган) жарадар болуу, контузия, травма же ден соолугуна башка зыян келтирүү менен байланышкан дарылануу мезгили аталган мамилелерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат. Травма алган же ден соолугуна башка зыян (оору) келтирилген кызматкер дарыгердик комиссиянын медициналык күбөлөндүрүүсүнө дарыланып бүткөндөн кийин, же залалдын, же оорунун аныкталган натыйжасына жараша жөнөтүлөт.

6. Кызматкер ооруп калса, медициналык уюмга кайрылгандан кийин 24 сааттын ичинде тикелей жетекчисине эмгекке жарамсыздык барагынын таризделген датасы жөнүндө маалымдоо менен оорусу тууралуу билдирүүгө

9-глава. Кызматкерлерди жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн акчалай камсыздоонун жана социалдык коргоонун кепилдиктери

71-берене. Акчалай жана материалдык камсыздоо кепилдиктери

1. Кызматкер республикалык бюджеттин каражаттарынын жана башка булактардын эсебинен кызмат өтөө шарттарына, квалификациясына, атайын наамына жана кызмат өтөгөн мөөнөтүнүн узактыгына жараша акчалай күтүм (эмгек акы) менен камсыз болот.

2. Кызматкерлерди акчалай күтүм менен камсыздоо тартиби бирдей ченемдер боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган өлчөмдөрдө белгиленет.

3. Кызматкерлер мыйзамдарда Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчылары үчүн аныкталган норма боюнча азык-түлүк үлүшү же үлүштүн акчалай компенсациясы менен камсыздалат.

4. Менчик транспортун кызматтык максатта пайдаланган кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте акчалай компенсация төлөнүп берилет.

Көңүл буруңуздар! Берилген Мыйзамдын 90-беренесине ылайык 71-берене 2020-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

72-берене. Турак жай менен камсыздоо кепилдиктери

1. Кызматкер турак жай боюнча укук мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекет тарабынан турак жай менен камсыздалат.

2. Кызматкерге жеке менчик үй куруу үчүн жер участокторун алуу кепилденет.

Көңүл буруңуздар! Берилген Мыйзамдын 90-беренесине ылайык 72-берененин 2-бөлүгү 2020-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

3. Жаранга жеке менчик укугунда таандык болгон турак жайды жалдоо же үчүнчү жак катары жалдоо келишими боюнча пайдалануучу кызматкерге укук коргоо органдарынын тиешелүү сметасынын эсебинен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген өлчөмдө компенсация төлөнөт.

4. Кызматтык иштерин аткарууга байланыштуу майып болгон жана ага байланыштуу кызматтан бошонгон кызматкерге кызмат өтөгөн жери боюнча турак жай биринчи кезекте берилет.

5. Кызматкер кызматтык иштерин жүзөгө ашырууга байланыштуу курман болгон (өлгөн) учурда анын үй-бүлөсүнө акыркы кызмат өтөгөн жери боюнча биринчи кезекте турак жай алуу же турак жай шарттарын жакшыртуу укугу берилет.

6. Эл аралык келишимдик милдеттенмелерге ылайык Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен Тизмекке ылайык, бийик тоолуу райондорго, алыскы жана барууга кыйын зоналарга кызмат өтөөгө жиберилген кызматкердин ээлеген турак жай аянты (кызматтык турак жайлардан тышкары) чет өлкөдө же жогоруда аталган жерлерде кызмат өтөгөн бардык мезгилинде ээленип турат.

7. Курагы боюнча пенсияга чыгуу укугу менен, кызмат өтөгөн жылдары, ден соолугунун абалы, штаттын кыскарышы жана 20 жылдан кем эмес кызмат өтөгөндүгү боюнча кызматтан бошотулган кызматкерге, ошондой эле кызматтык иштерин аткарууга байланыштуу курман болгон же өлгөн кызматкердин үй-бүлө мүчөлөрүнө мамлекеттик же ведомстволук турак жай фондунун үйлөрүнөн ээлеп турган же берилген турак жайлар менчикке акысыз берилет.

8. Офицердик курамда полковник жана андан жогору наамда кызмат өтөп жаткандар сыяктуу эле, запаска же отставкага чыккан кызматкерлерге да турак жай боюнча укук мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өлчөмдө кошумча турак жай аянты берилет.

9. Кызматтык иштерин аткарууга байланыштуу курман болгон (өлгөн) кызматкердин үй-бүлө мүчөлөрү, кызмат өтөгөн жана жашаган мөөнөтүнө карабастан, башка турак жай берилмейинче кызматтык турак жайдан чыгарылбайт.

10. Эгерде буга чейин мамлекет тарабынан турак жай менен камсыздалган кызматкер бир мамлекеттик органдан башкага которулса, жаңы иштеген жеринен турак жай шарттарын жакшыртуудан тышкары, турак жай алганга талапкер боло албайт.

11. Курагы, кызмат өтөгөн жылдары, ден соолугунун абалы, штаттын кыскарышы боюнча кызматтан бошотулган жана 20 жылдан ашык кызмат өтөгөн, бошотулган мезгилде турак жай менен камсыздалбаган кызматкер акыркы кызмат өтөгөн жери боюнча турак жай алууга (тиричилик шарттарын жакшыртууга) кезекте тургандардын тизмесинен өз макулдугусуз чыгарылбайт жана ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык турак жай менен камсыздалат.

12. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кызматкерге социалдык коргоонун кошумча кепилдиктерин белгилөөгө укуктуу.

73-берене. Медициналык жана санаториялык-курорттук тейлөө кепилдиктери

1. Кызматкерге жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө жарандардын ден соолугун коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, бардык мамлекеттик медициналык мекемелерде, бөлүмдөрдө жана бөлүктөрдө санитардык-гигиеналык, эпидемияга каршы, дарылоочу-профилактикалык иш-чараларды жүзөгө ашыруу, ден-соолугунун абалын үзгүлтүксүз контролдоо, медициналык жардамдын бардык түрүн көрсөтүү менен ишке ашырылуучу акысыз медициналык тейлөө кепилденет.

2. Кызматкер милдеттүү түрдө жыл сайын амбулаториялык же стационардык медициналык текшерүүдөн өтүп турат жана жеңилдетилген медициналык-социалдык, дары-дармектик жана протездик-ортопедиялык камсыздоо укугунан пайдаланат.

3. Кызматтан бошогон жана 20 жыл жана андан ашык кызмат өтөгөн кызматкер (терс жүйөлөр боюнча бошонгондорду копшогондо), ошондой эле кызмат өтөө учурунда жарадар болуунун (контузиянын), жаракаттын, кызматта болууга байланышкан оорунун кесепетинен майып болуп кызматтан бошонгон кызматкер иштеген жылдарына карабастан, бардык мамлекеттик медициналык мекемелерде, бөлүмдөрдө жана бөлүктөрдө акысыз медициналык жардам алууга укуктуу.

4. Кызматкер жана анын үй-бүлө мүчөлөрү ведомстволук санаторияларда жеңилдетилген шарттарда санаториялык-курорттук тейленүүгө укуктуу. Жеңилдетилген санаториялык-курорттук жолдомолор кызматкерге жыл сайын каралуучу каражаттардын чегинде жолдомонун наркынын 50 пайыз, үй-бүлө мүчөлөрүнө - 30 пайыз өлчөмүндө берилет.

5. Санаториялык-курорттук тейлөө укугу календардык эсепте 20 жыл жана андан ашык кызмат өтөп, кызматтан бошонгон укук коргоо органдарынын кызматкерлери (терс жүйөлөр боюнча бошонгондорду кошпогондо) үчүн да сакталат. Ведомстволук медициналык мекеменин корутундусу боюнча санаториялык-курорттук жана ден соолук чыңдоо мекемелерине дарыланууга жиберилгендерге жыл сайын каралуучу каражаттардын чегинде наркынын 50 пайыз өлчөмүндө жеңилдетилген жолдомолор берилет.

6. Донор болуп саналган кызматкерге ошондой эле донорлук жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка кепилдиктер жана артыкчылыктар берилет.

74-берене. Кызматкердин өмүрүн жана ден соолугун мамлекеттик камсыздандыруунун кепилдиктери

1. Кызматкердин өмүрү жана ден соолугу мамлекеттин коргоосунда турат.

2. Кызматкер кызмат өтөгөндөн баштап аяктаганга чейин республикалык бюджеттин эсебинен милдеттүү мамлекеттик камсыздандырууга алынат.

3. Кызматкердин өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирилген учурда, ал ушул Мыйзамда белгиленген шарттарда жана тартипте келтирилген зыяндын орду толтурулушуна укуктуу.

4. Милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу чыгымдары республикалык бюджеттин корголгон беренелери болуп саналат.

5. Эгерде кызматкер кызмат өтөө мезгилиндеги залалдын (жарадар болуу, травма, контузия) кесепетинен өлсө же майып болсо, ал кызмат өтөө мөөнөтү бүткөндөн кийинки бир жылдын ичинде камсыздандырылды деп эсептелет.

6. Кызматкер кызмат өтөө мезгилинде жарадар болуунун, жаракаттын же ооруга чалдыгуунун кесепетинен өлсө, анын үй-бүлөсүнө акыркы ээлеген кызматы боюнча 20 жылдык акчалай үлүш өлчөмүндө камсыздандыруу суммасы төлөнөт.

7. Кызматкер кызмат өтөө мезгилинде андан ары кызмат өтөө мүмкүнчүлүгүнөн ажыраткан залал (жарадар болуу, жаракат же контузия) алса же ооруга чалдыкса, же болбосо кызмат өтөө мезгилинде алган залалдын (жарадар болуунун, жаракаттын же контузиянын) же оорунун кесепетинен кызматтан бошотулгандан кийин бир жыл өткөнгө чейин ага төмөнкүдөй өлчөмдөгү бир жолку камсыздандыруу суммасы төлөнөт:

1) I топтогу майыпка - камсыздандыруу учуру келген күнгө карата 10 жылдык акчалай үлүш;

2) II топтогу майыпка - камсыздандыруу учуру келген күнгө карата 8 жылдык акчалай үлүш;

3) III топтогу майыпка - камсыздандыруу учуру келген күнгө карата 5 жылдык акчалай үлүш.

8. Камсыздандыруу суммалары акыркы ээлеген кызматы боюнча ар айлык акчалай үлүштү 12ге (айлардын санына) жана тиешесине жараша 20, 10, 8 жана 5 (жылга) көбөйтүү менен эсептелет.

9. Эгерде кызмат өтөө мезгилинде же болбосо кызматтан бошогондон бир жыл өткөнгө чейин кызматкерге медициналык-социалдык эксперттик комиссия (МСЭК) мекемесиндеги текшерүүдө ушул беренеде көрсөтүлгөн себептерден улам майыптык тобу жогорулатылса, камсыздандыруу суммасынын көлөмү баштапкы камсыздандыруу учуру катталган күндөгү, жаңыдан бекитилген майыптыгы боюнча берилүүчү акчалай камсыздоонун көлөмүнүн жана мурунку майыптыгы боюнча берилүүчү акчалай камсыздоонун көлөмүнүн ортосундагы айырманы түзгөн суммага көбөйөт.

10. Эгерде кызмат өтөө мезгилинде же кызматтан бошогондон бир жыл өткөнгө чейин кызматкерге ушул пунктта көрсөтүлгөн себептерден улам майыптыгы белгиленип, андан кийин ушул эле мезгилдин ичинде кызматкер өлсө, камсыздандыруу суммасынын көлөмү баштапкы камсыздандыруу учуру катталган күндөгү, өлгөн учурда берилүүчү акчалай камсыздоонун көлөмүнүн жана майыптыгы боюнча берилүүчү акчалай камсыздоонун көлөмүнүн ортосундагы айырманы түзгөн суммага көбөйөт.

11. Камсыздандыруу суммаларын Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду укук коргоо органынын сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттарынын эсебинен төлөп берет.

12. Белгиленген тартипте төмөнкүлөр берилгенде камсыздандыруу суммасын төлөө үчүн негиз болуп саналат:

1) майыптуулук алган учурда - кесиптик эмгекке жарамсыздыгын жоготуу даражасы жана камсыздандыруу учуру боюнча майыптык тобун аныктоо жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын корутундусу;

2) жарадар болуунун, контузия, жаракат, залал алуунун жагдайлары жөнүндө акт;

3) ооругандыгы тууралуу күбөлүк;

4) курман болгон (өлгөн) учурда - өлгөндүгү тууралуу күбөлүктүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү; мурастоо укугу тууралуу күбөлүк;

5) камсыздандыруу суммасын алууга укуктуу жактын камсыздандыруу суммасын төлөп берүүгө арызы;

6) кызматкердин майып болгон же өлгөн фактысы боюнча жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөнүн корутундусу;

7) кызматкердин камсыздандыруу учуру келген күндөгү акчалай үлүшү тууралуу маалымкат.

13. Камсыздандыруу суммалары кызматкердин кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу жаракат алган, майып болгон, бирок ал үчүн андан ары кызмат өтөө мүмкүнчүлүгү жокко чыгарылбаган учурда, төмөнкүдөй өлчөмдөрдө төлөнөт:

1) оор залал (жарадар болуу, жаракат, контузия) алган учурда - ээлеген кызмат орду жана атайын наам боюнча эмгек акынын 20 эсе өлчөмү;

2) анча оор эмес залал (жарадар болуу, жаракат, контузия) алган учурда - ээлеген кызмат орду жана атайын наам боюнча эмгек акынын 15 эсе өлчөмү;

3) жеңил залал (жарадар, жаракат, контузия) алган учурда - ээлеген кызмат орду жана атайын наам боюнча эмгек акынын 10 эсе өлчөмү.

Кызматкер кызмат өтөө учурунда алган жарааттын, денесине залал келүүнүн, оорунун кесепетинен кызматынан төмөндөгөн учурда кызматынан төмөндөгөнгө чейинки акыркы кызмат ордунда алган акчалай каражаты (компенсация) укук коргоо органдарынын каражатынын эсебинен төлөнүп берилет.

Ушул бөлүктүн камсыздандыруу суммалары тиешелүү укук коргоо органынын смета эсебинен төлөнөт.

Көңүл буруңуздар! Берилген Мыйзамдын 90-беренесине ылайык 74-берененин 13-бөлүгү 2020-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

14. Эгерде камсыздандыруу учуру төмөнкүдөй болсо, камсыздандыруу суммасы төлөнбөйт:

1) Кыргыз Республикасынын жазыктык мыйзамдарында белгиленген тартипте кызматкердин күнөөлүү, коомдук кооптуу жана жазалануучу деп таанылган жосунунун кесепетинен келип чыкса;

2) кызматтык текшерүүнүн, алгачкы текшерүүнүн жана тергөөнүн, медициналык корутундунун жана башкалардын натыйжасында аныкталгандай, кызматкердин мыйзамга каршы жосунунун же атайылап зыян келтирүүсүнүн кесепетинен келип чыкса;

3) эгерде кызматтык милдеттерди аткарууда башкалар каралбаса, кызматтык текшерүүнүн, алгачкы текшерүүнүн жана тергөөнүн, медициналык корутундунун жана башкалардын натыйжасында аныкталгандай, кызматта туруусуна түздөн-түз байланышпаган учурларда келип чыкса;

4) Кыргыз Республикасынын процесстик мыйзамдарында каралган тартипте белгиленгендей, кызматкердин алкоголдон, баңги же ууландыруучу заттардан мас болгондугу менен түздөн-түз байланыштуу болсо;

5) Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамдарында каралган тартипте белгиленгендей, кызматкердин өз ден соолугуна атайылап зыян келтирүүсүнүн же өз өмүрүнө кол салуусунун натыйжасы болуп саналса.

15. Камсыздандыруу суммасы камсыздандыруу учурун ырастаган документтердин жана камсыздандыруу төлөмдөрүн кароо боюнча ведомстволук комиссиянын чечиминин негизинде төлөнөт.

16. Залалдын (жарадар болуунун, жаракат, контузия алуунун) же оорунун олуттуулук деңгээлин тиешелүү медициналык мекемелер аныктайт.

17. Милдеттүү мамлекеттик камсыздандырууга байланышкан талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын жарандык-укуктук мамилелер чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте чечилет.

75-берене. Эмгекке тартуунун кепилдиктери

1. Укук коргоо органдарында кызмат өтөгөн убакыт эмгек стажына жана мамлекеттик кызматтагы стажга эсептелет.

2. Кызматкердин бийик тоолуу райондордо, алыскы жана жетүүгө кыйын болгон аймактарда жаза аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мекемелеринде кызмат өтөгөн убактысы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленүүчү тартипте жеңилдетилген шарттарда эсептелет.

3. Ушул Мыйзамдын 31-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, кызматкерди кызмат өтөгөн мезгилде кызматка байланышпаган жумуштарга жана башка милдеттерди аткарууга тартууга жол берилбейт.

4. Кызматкерди кызматы боюнча башка аймакка которууда жергиликтүү бийлик органдары кызматкердин үй-бүлө мүчөлөрүнө алардын кайрылуусу боюнча кесибине ылайык жумушка орноштурууга жардам берүүгө милдеттүү.

76-берене. Кызматкердин жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн социалдык укуктарынын кепилдиктери

1. Балдарын атасыз (энесиз) багып жаткан кызматкер мыйзамга жана башка үй-бүлөнү жана балалыкты коргоо жөнүндөгү мыйзамдарга жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык социалдык кепилдиктерди жана компенсацияларды пайдаланат.

2. Курман болгон (өлгөн) кызматкердин үй-бүлөсүнө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте жана өлчөмдөрдө сөөк коюуга жөлөкпул төлөнөт.

3. Укук коргоо органынын окуу жайынын курсанты курман болсо (өлсө), сөөк коюуга жөлөкпул укук коргоо органынын катардагы курамынын төмөнкү кызматтык маянасынын өлчөмүндө чегерилет.

4. Кызматкердин балдарына анын үй-бүлөсүнүн жашаган жери боюнча мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүүчү жана мектепке чейинки мекемелерден кезексиз тартипте орун берилет.

5. Кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгон кызматкердин балдары баштапкы жана орто кесиптик билим берүүчү окуу жайларга конкурстан тышкары өтүү укугунан пайдаланат.

6. Кызматкер көчүүгө байланышкан башка кызмат орунга (окууга) которулганда, жубайынын ишинин эмгек стажы мурдагы иш ордунан бошонгон күндөн тартып 6 ай бою үзгүлтүккө учурабайт.

7. Кызматкер кызматтык кылмыш кылгандыгына байланыштуу, анын ичинде коррупция, мамлекеттик жана (же) муниципалдык менчикти уурдоого байланышкан кылмыш жасагандыгы үчүн кызматтан бошотулган учурда, аталган кызматкер укук коргоо органдарында иштегендиги үчүн мамлекет тарабынан берилүүчү бардык жеңилдиктерден жана социалдык кепилдиктерден (пенсиялык камсыздоодон тышкары) ажыратылат.

77-берене. Кызматкердин мүлкүнө келтирилген зыяндын ордун толтуруу

Кызматкерге жана аны менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнө анын кызматтык ишине байланыштуу алардын мүлкүнө келтирилген зыян Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте мамлекет тарабынан толук көлөмдө төлөнүп берилет.

78-берене. Пенсиялык камсыздоо кепилдиктери

Кызматкерлер кызматтан бошогондон кийин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн пенсиялык камсыздоо укугу мамлекет тарабынан кепилденет жана "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык белгиленет.

10-глава. Укук коргоо органдарында кызмат өтөөнү токтотуу

79-берене. Укук коргоо органдарында кызмат өтөөнү токтотууга негиздер

Укук коргоо органдарында кызмат өтөө төмөнкүдөй учурларда токтотулат:

1) кызматкер кызматынан бошогондо;

2) кызматкер курман болгондо (өлгөндө) же Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте дайынсыз деп таанылган жана (же) өлдү деп жарыяланган учурда.

80-берене. Укук коргоо органдарында кызмат өтөөдөн бошотуу

1. Укук коргоо органдарында кызмат өтөп жаткан кызматкер контракт токтотулгандыгына же бузулгандыгына байланыштуу кызматтан бошотулат.

2. Контрактты токтотуу же бузуу үчүн негиздер:

1) контракттын колдонуу мөөнөтүнүн бүтүшү;

2) кызматкердин укук коргоо органдарында кызмат өтөө курагынын чегине жетиши;

3) өз каалоосу боюнча бошотуу жөнүндө рапорт;

4) пенсия алууга укук берген иштеген жылдарынын болушу;

5) аттестациялык комиссиянын чечимин эсепке алуу менен кызматкердин укук коргоо органдарында ээлеген кызмат ордуна ылайык келбегендиги;

6) Укук коргоо органдарынын тартиптик уставында каралган кызмат өтөө тартибин одоно бузгандыгы;

7) ден соолугунун абалы боюнча - аскердик-дарыгердик комиссиянын укук коргоо органдарында кызматка жарактуулугу чектелүү экендиги жана кызмат боюнча жылдыруу мүмкүндүгү болбогондо кызматтык милдеттерин ээлеп турган кызмат ордуна ылайык аткарууга мүмкүн эместиги тууралуу корутундусунун негизинде;

8) укук коргоо органынын жоюлушу;

9) укук коргоо органынын штаттык санынын кыскарышы;

10) кызматкердин укук коргоо органдарындагы, анын аймактык органындагы же бөлүгүндөгү кадрлардын карамагында туруу мөөнөтүнүн аякташы;

11) ушул Мыйзамдын 31-беренесине ылайык кызматкердин өзгөчө шарттарда кызмат өтөөдөн жүйөлүү себептерсиз баш тартышы;

12) контракттын кызматкерге карата шарттарынын бузулуусу;

13) контракттын шарттарынын кызматкер тарабынан бузулуусу;

14) мыйзамдарда бекитилген чектөөлөрдүн жана тыюу салуулардын кызматкер тарабынан сакталбагандыгы;

15) эгерде кызматтык милдеттерин аткаруу мамлекеттик сырды жана башка мыйзам менен корголгон сырды түзгөн маалыматтардын жеткиликтүүлүгүн талап кылса, мындай маалыматтарга жеткиликтүүлүктүн токтотулушу, кызматкерди которуу үчүн мүмкүнчүлүк болбогон учурда;

16) контракт шарттарынын өзгөртүлүүсү жана кызматкердин кызмат өтөөнү улантуудан баш тартуусу;

17) кара күчтү, атайын каражаттарды, куралды, курал-жарактарды жана согуштук техниканы колдонуу менен байланышкан шарттардагы иш-аракеттерге дене-бойлук даярдыгынын жана кесиптик жарамдуулук деңгээлинин ылайык келбегендиги.

3. Контракт төмөнкүлөргө байланыштуу бузулат, ал эми кызматкер укук коргоо органдарында кызмат өтөөдөн бошотулат:

1) оорусуна байланыштуу - аскердик-дарыгердик комиссиянын укук коргоо органдарындагы кызматка жараксыздыгы жөнүндө корутундусунун негизинде;

2) мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими боюнча кызматкер аракетке жөндөмсүз же жарым-жартылай жөндөмдүү деп таанылгандыгына байланыштуу;

3) укук коргоо органдарында башка кызмат орунга жылдырууга мүмкүн эместигине же кызматкердин жылдыруудан баш тартуусуна байланыштуу;

4) Кыргыз Республикасынын жарандыгы токтотулгандыгына же чет мамлекеттин жарандыгын (чет мамлекетте убактылуу жашап туруу укугун) алуу үчүн документ тапшырганына, Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу тууралуу арыз жазганына байланыштуу - арыз берилген күнү;

5) кызматкер укук коргоо органдарына кызматка кирип жатканда жасалма документтерди жана билип туруп жалган маалыматтарды бергендиги жөнүндө аныкталган фактыга байланыштуу, ошондой эле укук коргоо органдарында кызмат өтөп жаткан мезгилде кызматкер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын укук коргоо органдарында тиешелүү кызмат ордун ээлөө шарттарына тиешелүү бөлүгүндөгү талаптарына ылайык келерин ырастаган жасалма документтерди же билип туруп жалган маалыматтарды бергендигине байланыштуу, эгерде бул жазык жоопкерчилигине же болбосо жорук жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке алып келбесе;

6) үй-бүлөлүк мамилелерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жакын туугандык же куда-сөөктүк мамиледе болгон кызматкерлердин түздөн-түз баш ийүүсүнө же контролдонуусуна байланышкан жагдайларды жоюу максатында кызматкердин укук коргоо органдарында башка кызмат ордуна которулуудан баш тартуусуна байланыштуу;

7) соттун күчүнө кирген чечиминин негизинде кызматкердин кылмыш же жорук үчүн соттолгондугуна байланыштуу;

8) Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамында белгиленген тартипте реабилитациялоочуларга кирген жагдайлар боюнча токтотулган учурларды кошпогондо, кызматкерге карата жазыктык куугунтуктоо токтотулгандыгына байланыштуу;

9) кызматкерди башка укук коргоо органына которгон жана мамлекеттик органдардын карамагына убактылуу жиберген учурларды кошпогондо, кызматкердин башка мамлекеттик органга которулуусуна байланыштуу;

10) Укук коргоо органдарынын тартиптик уставында каралган, беделди кетирүүчү жосун жасагандыгына байланыштуу;

11) ушул Мыйзамга ылайык ротация иретинде бирдей даражадагы кызмат орунга жылдыруудан кызматкердин жүйөсүз себептер менен баш тарткандыгына байланыштуу;

12) кызматкердин шайланма кызмат ордуна дайындалышына байланыштуу;

13) ишенимди жоготкондугуна байланыштуу.

4. Ушул берененин 2-бөлүгүнүн 3, 4, 12 жана 16-пункттарында каралган негиздер боюнча контрактты бузуу кызматкердин демилгеси менен гана жүзөгө ашырылат.

5. Ушул берененин 2-бөлүгүнүн 5, 6, 8, 10, 11, 13-15 жана 17-пункттарында, ошондой эле 3-бөлүгүнүн 2, 4-8, 10-13-пункттарында каралган негиздер боюнча контрактты бузуу укук коргоо органынын демилгеси менен гана жүзөгө ашырылат.

6. Ушул берененин 2-бөлүгүнүн 1, 2, 7, 9 жана 15-пункттарында каралган негиздер боюнча контрактты бузуу контракттын тараптарынын биринин демилгеси боюнча жүзөгө ашырылат.

7. Ушул берененин 2-бөлүгүнүнүн 1, 4, 7-9, 12 жана 16-пункттарында жана 3-бөлүгүндөгү 1 жана 3-пункттарында каралган контрактты токтотууга же бузууга бир эле учурда бир нече негиз бар болгондо кызматкердин тандоосу боюнча ушул негиздердин бири боюнча келишим токтотулат же бузулат.

8. Ушул берененин 2-бөлүгүнүн 6, 11, 13 жана 14-пункттарында жана 3-бөлүгүнүн 5, 7, 8, 10 жана 13-пункттарында каралган негиздер боюнча контрактты токтотуу же бузуу жумуштан бошотууда терс негиздер болуп эсептелет.

9. Ушул берененин 3-бөлүгүндө белгиленген негиздер боюнча бошотулууга тийиш болгондон тышкары учурларда, иштеген жылдары үчүн пенсияга чыгуу укугун алуусуна 3 жылдан көп эмес убакыт калган кызматкер бошотулушу мүмкүн эмес. Эгерде ушул Мыйзамда башкача каралбаса, иштеген жылдары үчүн пенсияга чыгуу укугуна ээ болуу үчүн мындай кызматкер менен зарыл мөөнөткө жаңы контракт түзүлөт.

81-берене. Ишенимди жоготкондугуна байланыштуу бошотуу

1. Кызматкер ишенимди жоготкондугуна байланыштуу укук коргоо органынын жетекчисинин чечими менен кызматтан бошотулушу мүмкүн. Ишенимди жоготкондугун жарыялоо үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат:

1) дарыгердин дайындоосусуз баңги же психотроптук заттарды колдонуусу;

2) жеке пайда көрүү кызыкчылыгында кызмат абалынан пайдалануусу;

3) адамдарга өзүнүн кызматтык абалынан пайдалануу менен кызматтык милдеттеринде каралбаган кандай болбосун жардам көрсөтүүсү жана ал үчүн ар түрдүү формада сыйакы алуусу;

4) финансылык каражаттарды же кызматтык маалыматты кызматтык эмес максаттарда колдонуусу;

5) кызматкер өзү бир тарабында турган кызыкчылыктардын кагылышуусун токтотуу жана (же) жөнгө салуу боюнча чараларды көрбөгөндүгү;

6) кызматкер тарабынан өзүнүн кирешелери, чыгашалары, мүлкү жана мүлктүк милдеттенмелери тууралуу, ошондой эле өзүнүн жубайынын жана жашы жете элек балдарынын кирешелери, чыгашалары тууралуу, мүлкү жана мүлктүк милдеттенмелери тууралуу маалыматтардын берилбегендиги же болбосо билип туруп такталбаган же толук эмес маалыматтарды берүүсү;

7) эксперттик, илимий, окутуучулук, дене тарбия-спорттук же чыгармачылык иштерди жана ыкчам зарылчылыктан келип чыккан учурларды кошпогондо, ишкерлик менен алектенүүсү, ар кандай акы төлөнүүчү иштерди айкалыштырып аткаруусу;

8) иш таштоо, митинг жана тынчтык жыйын өткөрүүгө болгон жалпы жарандык укуктун башка формасынын көрүнүштөрүн кошкондо, мамлекеттик органдардын талаптагыдай иштөөсүнө жана кызматтык милдеттерин аткаруусуна тоскоол болгон аракеттерди уюштуруусу жана (же) катышуусу;

9) уюшкан кылмыштуу топтор, террордук, экстремисттик же сепаратисттик уюмдар менен байланышы же катыштыгы бар экендиги тууралуу маалыматтардын болушу.

2. Бузуунун ар бир факты боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлөт.

82-берене. Кызматкердин демилгеси боюнча контрактты бузуу жана кызматтан бошотуу

1. Кызматкер бошотула турган датасына чейин бир ай мурда, бекитилген тартипте билдирме берүү менен, жеке демилгеси боюнча контрактты мөөнөтүнөн мурда бузууга жана кызматтан бошоого укуктуу.

2. Укук коргоо органынын жана кызматкердин макулдугу боюнча кызматкер билдирме берген учурдан тартып бир айлык мөөнөттөн эрте бошотулушу мүмкүн.

3. Кызматкер мөөнөтүнөн мурда контрактты бузуу тууралуу билдирме бергенден кийинки 2 жума аралыгында өз билдирмесин жазуу жүзүндө кайтарып алууга укуктуу. Бул учурда кызматкер менен түзүлгөн контракт бузулбайт жана кызматтан бошотулбайт.

4. Кызматкер мөөнөтүнөн мурда контрактты бузуу тууралуу эскертүү мөөнөтү аяктагандан кийин белгиленген тартипте ага бекитилип берилген куралды, мүлктөрдү, документтерди, кызматтык күбөлүгүн жана жетонун өткөрүп берген шартта кызматтык милдеттерин аткарууну токтотууга укуктуу.

83-берене. Укук коргоо органынын демилгеси боюнча контрактты бузуу

1. Укук коргоо органынын демилгеси боюнча контрактты бузууга жана кызматтан бошотууга кызматкерди бул тууралуу кабарландырган шартта төмөнкүдөй учурларда жол берилет:

1) контрактты бузуу жөнүндө кабарландырылган күндөн 2 айдан эрте эмес - ушул Мыйзамдын 80-беренесинин 2-бөлүгүнүн 5, 7 жана 8-пункттарында каралган негиздер боюнча;

2) контрактты бузуу тууралуу кабарландырылган күндөн 2 жумадан эрте эмес - ушул Мыйзамдын 80-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2, 6, 10, 11, 13, 14, 15 жана 17-пункттарында, ошондой эле 3-бөлүгүнүн 2, 4-8, 10-13-пункттарында каралган негиздер боюнча.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген мөөнөт бүткөнгө чейин контракт кызматкердин макулдугу менен бузулушу мүмкүн.

3. Чектелген куракка жеткен, укук коргоо органын кайра уюштуруу, жоюу же штаттык санын кыскартуу учурларын, ошондой эле беделди кетирүүчү жорук жасаган учурларды кошпогондо, кызматкер эмгекке убактылуу жарамсыз мезгилде, же болбосо ал өргүүдө же иш сапарда жүргөн мезгилде укук коргоо органынын демилгеси боюнча контрактты бузууга жол берилбейт.

84-берене. Колдонуу мөөнөтү аяктаганына байланыштуу контрактты токтотуу

1. Контракт анын колдонуу мөөнөтү бүткөндө токтотулат, кызматкер бул тууралуу аталган мөөнөт аяктаган күнгө чейин 7 жумушчу күндөн кечиктирбестен эскертилиши керек.

2. Мурдагы контракттын колдонуу мөөнөтү аяктаганда кызматкер менен жаңы контракт түзүлүшү мүмкүн.

85-берене. Кызмат өтөө курагынын чектелген жашына жеткени боюнча контрактты токтотуу

1. Укук коргоо органдарында кызматта болуунун чектелген курагы төмөнкүдөй:

1) жогорку жетекчилик курамдын наамдары бар кызматкерлер:

а) 60 жашка толгондо отставкага бошотулат;

б) 55 жашында запаска бошотулууга укуктуу;

2) укук коргоо органдарынын окуу жайларында профессордук-окутуучулук курамында кызмат орундарды ээлеген жана илимдин кандидаты, илимдин доктору илимий даражасы, доцент, профессор илимий наамы бар кызматкерлер - 60 жашка толгондо отставкага бошотулууга жатат;

3) ортоңку жана улук жетекчилик курамдын наамдары бар кызматкерлер:

а) 55 жашка толгондо отставкага бошотулат;

б) 50 жашында запаска бошотулууга укуктуу;

4) кенже жетекчилик курамдын наамдары бар кызматкерлер:

а) 50 жашка толгондо отставкага бошотулат;

б) 45 жашында запаска бошотулууга укуктуу;

5) катардагы жана жетекчилик курамдын атайын наамы бар аялдар 45 жаштан запаска бошонууга укуктуу.

2. Кызматкер укук коргоо органдарында кызматта болуунун чектелген курагына жеткенде контракт токтотулат жана кызматкер запаска же отставкага кетет.

86-берене. Кызматтан бошотуунун тартиби

1. Кызматкер менен түзүлгөн контрактты токтотуу же бузуу, аны кызматтан бошотуу укук коргоо органы тарабынан жүзөгө ашырылат.

2. Кызматтан бошотулуп жаткан кызматкер белгиленген тартипте өзүнө бекитилип берилген куралды, мүлктү, документтерди, кызматтык күбөлүгүн жана жетонун өткөрүп берүүгө милдеттүү.

3. Кызматкер укук коргоо органдарында кызматта болуунун чектелген курагына жеткенде кызматтан бошотулган учурларды кошпогондо, кызматтан бошотуу аскердик эсепке тургузуу менен запаска чыгаруу аркылуу жүргүзүлөт.

4. Кызматкерлерди кызматтан бошотууга сунуштоонун тартиби жана контрактты токтотууга же бузууга байланыштуу документтерди жол-жоболоштуруу тартиби, ошондой эле кызматтан бошотуу тартиби укук коргоо органы тарабынан аныкталат.

5. Жаш курагынын жеткендигине, укук коргоо органын кайра уюштурууга, жоюуга же штаттык санын кыскартууга байланышкан, ошондой эле кадыр-баркын кетирген жосундарды жасаган учурларды кошпогондо, кызматкерди ал убактылуу эмгекке жарамсыз мезгилде, өргүүдө же иш-сапарда жүргөн мезгилде кызматтан бошотууга жол берилбейт.

6. Убактылуу карамакта болууга жиберилген кызматкерлер убактылуу карамакта болуу мөөнөтү аяктагандан кийин ушул Мыйзамда белгиленген тартипте кызматтан бошотулат.

7. Курман болгон (өлгөн), белгиленген тартипте дайынсыз деп таанылган же өлдү деп жарыяланган кызматкер укук коргоо органынын өздүк курамынын тизмесинен курман болгон (өлгөн) күндөн же кызматкерди дайынсыз деп таануу же өлдү деп жарыялоо тууралуу соттун чечими күчүнө кирген күндөн тартып чыгарылат.

87-берене. Кызматкердин сөөгүн коюу

1. Кызматтык ишин өтөп жаткан убакта курман болгон (өлгөн) же кызмат өтөп бүткөндөн кийин кызмат өтөө мезгилинде алган залалдын, жаракаттын, контузиянын же оорунун кесепетинен өлгөн кызматкердин сөөгүн коюу укук коргоо органдарын каржылоого бөлүнгөн каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырылат жана укук коргоо органдарынын тийиштүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери тарабынан уюштурулат.

2. Кызматкерлердин сөөгүн коюу зыйнатын жасоо тартиби укук коргоо органынын жетекчиси тарабынан аныкталат.

11-глава. Укук коргоо органдарын каржылоо Укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо

88-берене. Укук коргоо органдарын каржылоо

Кызматкерди социалдык коргоо кепилдиктерин, кызматкерге жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө берилүүчү (төлөнүүчү) төлөмдөрдү жана компенсацияларды кошуп алганда, укук коргоо органдарын каржылоо ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын чыгымдык милдеттенмеси болуп саналат жана республикалык бюджеттин жана мыйзамда тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен камсыз кылынат.

89-берене. Укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо

1. Укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын так жана бир түрдүү сакталышына көзөмөл ушул Мыйзамда жана "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын прокуратура органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.

2. Укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышын ведомстводон тышкары контролдоо ведомстводон тышкары контролду жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

3. Укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышын ведомстволук контролдоо укук коргоо органы тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.

12-глава. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү

90-берене. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү жөнүндө

1. Ушул Мыйзам 2020-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү 71-беренени, 72-берененин 2-бөлүгүн, 74-берененин 13-бөлүгүн кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 2-августундагы N 64 жарыяланды

2. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып:

1) ушул Мыйзам күчүнө киргендигине байланыштуу кайра уюштуруу же уюштуруучулук-штаттык иш-чаралар өткөрүлгөн учурда, иштеп жаткан кызматкерлер конкурстук тандоодон өтпөстөн кызмат орундарын ээлөөнү уланта берет;

2) зарыл учурда, кызматкерлер уюштуруучулук-штаттык иш-чараларды өткөрүүдө андан ары милдеттүү түрдө жумушка орноштуруу үчүн тийиштүү мамлекеттик органдын кадрларынын карамагына жиберилет;

3) кызматкерлерди мамлекеттик жарандык кызматка же ушул эле укук коргоо органынын укук коргоо бөлүктөрүнө которгондо, аларды ишке кабыл алуу конкурстан тышкаркы негизде жана сыноо мөөнөтүн белгилебестен жүргүзүлөт (ушул пункт ушул Мыйзамдын күчүнө киришине түздөн-түз байланышкан учурларда гана колдонулат жана бир жолку мүнөзгө ээ);

4) мамлекеттик жарандык кызматка которулуучу кызматкерлердин которулган күнгө карата иштеген жылдары сакталат жана мамлекеттик жарандык кызмат стажына кошулат, ал иштеген жылдары үчүн кошумча үстөк алууга, класстык чен ыйгарууга, кошумча өргүүгө жана пенсия дайындоого укук берет;

5) мамлекеттик жарандык кызматка которулган кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында кызматкерлер үчүн белгиленген тартипте бир жолку жөлөкпул төлөө менен пенсияга чыгууга укук берүүчү кызмат мөөнөтүндө иштеген жылдары боюнча кызматтан бошонуу укугу сакталат;

6) кызматкерлердин, анын ичинде мамлекеттик жарандык кызматка которулган адамдардын кызматтык маяналары жана башка төлөөлөр ушул Мыйзам күчүнө кирген күнгө чейин колдонулган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген маяналарга жана башка төлөмдөргө салыштырмалуу начарлашы мүмкүн эмес.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин жана ушул Мыйзамдан келип чыккан башка маселелерди чечсин.

4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 9-январындагы № 3 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 1, 5-ст.);

2) "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1994-жылдын 11-январындагы № 1361-XII Мыйзамынын II бөлүмүнүн 7 - 7-3, 10 жана 11-статьялары, III жана IV бөлүмдөрү (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 3, 76-ст.);

3) "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 20-ноябрындагы № 245 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 9, 1018-ст.);

4) "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 21-июлундагы № 183 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 7, 986-ст.);

5) "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 31-октябрындагы № 150 Мыйзамынын 40-43-статьялары (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 12, 501-ст.);

6) "Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 12-августундагы № 197 Мыйзамынын V главасы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 12, 554-ст.);

7) "Кыргыз Республикасынын Бажы органдарынын тартип уставы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 13-августундагы № 127 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 1, 6-ст.);

8) "Кыргыз Республикасынын Бажы органдарынын тартип уставы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 23-декабрындагы № 252 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 11, 1692-ст.);

9) "Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 21-июлундагы № 93 Мыйзамынын 5-7, 9, 12-15-статьялары, 18-статьясынын 7 жана 8-пункттары, 19, 22, 24, 25, 29, 30 жана 34-статьялары, 35-статьясынын 1 жана 3-пункттары, 36-статьясынын 1-3-пункттары, 37-40, 45, 47, 49 жана 54-статьялары (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 12, 502-ст.);

10) "Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 30-майындагы № 83 Мыйзамынын 2-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 5, 365-ст.).

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

С. Жээнбеков