Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\7e06e9e0-87d5-4e01-b0db-272feb251bf6\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2019-жылдын 30-июлу № 107

Жерди пайдалануу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

2019-жылдын 20-июнунда

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңеши тарабынан

кабыл алынган

1-берене.

"Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 8, 230а-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

2-статья төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"Байланыш курулмалары - жеңил конструкциядагы (капиталдык эмес) объекттер катары байланыш каражаттарын жана тутумдарын жайгаштыруу үчүн түзүлгөн же ылайыкталган электр байланыш операторунун инженердик инфраструктурасынын объекттери (анын ичинде, чектелбестен, базалык станциялар, антенна-мачталык курулмалар, антенна-фидердик түзүлүштөр, байланыштын линиялык-кабелдик курулмалары).".

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Жер кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 9, 440-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 12-статьянын 3-пункту "куруу үчүн" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле байланыш курулмаларын куруу же орнотуу үчүн электр байланыш операторуна" деген сөздөр менен толукталсын;

2) 28-2-статьяда:

а) 1-пункт "кошумча объекттерди" деген сөздөрдөн кийин ", анын ичинде жеңил конструкциядагы (капиталдык эмес) байланыш курулмаларын" деген сөздөр менен толукталсын;

б) статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:

"3. Ушул статьянын 2-пунктунун 1 жана 2-пунктчаларынын талаптары жеңил конструкциядагы (капиталдык эмес) байланыш курулмаларын орнотуу үчүн өлчөмү 20 м2 ашпаган жер участокторун берүү учурларына жайылтылбайт.";

3) 35-статьянын 3-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Жеңил конструкциядагы (капиталдык эмес) байланыш курулмаларын орнотуу үчүн жер участогунун бөлүгүн, ушул бөлүктү өз алдынча жер участогуна бөлбөстөн, менчик ээсинин же жерди пайдалануучунун убактылуу пайдаланууга беришине жол берилет.";

4) 77-статьяда:

а) 6-пункттун экинчи сүйлөмү "жайларды уюштуруу үчүн" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле жеңил конструкциядагы (капиталдык эмес) байланыш курулмаларын санитардык талаптарды сактоо менен орнотуу үчүн" деген сөздөр менен толукталсын;

б) 7-пункт "күркөлөрдү," деген сөздөн кийин "санитардык талаптарды сактоо менен жеңил конструкциядагы (капиталдык эмес) базалык станцияларды," деген сөздөр менен толукталсын;

5) 87-статья төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Жеңил конструкциядагы (капиталдык эмес) байланыш курулмаларын орнотуу үчүн жер участокторун берүүгө жол берилет.";

6) 90-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Санитардык талаптарды сактоо менен жеңил конструкциядагы (капиталдык эмес) байланыш курулмаларын орнотуу үчүн өлчөмү 20 м2 ашпаган жер участокторун пайдаланууга жол берилет.";

7) 92-статья "боюнча объекттерди" деген сөздөрдөн кийин ", жеңил конструкциядагы (капиталдык эмес) байланыш курулмаларын" деген сөздөр менен толукталсын.

3-берене.

Кыргыз Республикасынын Суу кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 4, 241-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

85-статьянын 1-пунктунда:

а) "жайгаштыруу үчүн" деген сөздөрдөн кийин ", жеңил конструкциядагы (капиталдык эмес) байланыш курулмаларын орнотуу үчүн" деген сөздөр менен толукталсын;

б) пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Аянтынын өлчөмү 20 м2 ашпаган суу фондусунун жерлеринен пайдаланууга жеңил конструкциядагы (капиталдык эмес) байланыш курулмаларын орнотуу үчүн жол берилет.".

4-берене.

Кыргыз Республикасынын Токой кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж. № 12, 534-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

48-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:

"- жеңил конструкциядагы (капиталдык эмес) байланыш курулмаларын орнотуу;".

5-берене.

"Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 1, 30-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

2-берененин он үчүнчү абзацында "кендерди казып алуу," деген сөздөрдөн кийин "жеңил конструкциядагы (капиталдык эмес) байланыш курулмаларын орнотуу," деген сөздөр менен толукталсын.

6-берене.

"Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 7, 902-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

3-берененин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "Жерлерди" деген сөз "Жеңил конструкциядагы (капиталдык эмес) байланыш курулмаларын куруу же орнотуу үчүн өлчөмү 20 м2 ашпаган чектерде жер участокторун электр байланыш операторлоруна берүү учурларын кошпогондо, жерлерди" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

7-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

С. Жээнбеков