Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\7e06e9e0-87d5-4e01-b0db-272feb251bf6\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2019-жылдын 8-августу № 118

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө", "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө", "Борбордун статусу жөнүндө", "Ош шаарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

2019-жылдын 27-июнунда

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңеши тарабынан

кабыл алынган

1-берене.

"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1004-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 22-берененин 2-бөлүгүндө ", мамлекеттик же муниципалдык билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемесинин" деген сөздөр алып салынсын;

2) 24-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"24-берене. Депутаттык мандат

1. Жергиликтүү кеңештин депутаты катталгандан кийин ага белгиленген үлгүдөгү ырастама жана төш белги тапшырылат.

2. Жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу үчүн төмөндөгүлөр негиз болуп саналат:

1) анын депутаттык ыйгарым укуктарын тапшыруу же фракциядан чыгуу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз берүүсү;

2) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгышы, жарандыгын жоготуусу, башка жарандыгынын бар экендиги тууралуу фактынын айкындалышы, же болбосо башка жарандыкты кабыл алышы;

3) депутаттык ыйгарым укуктарын аткаруусуна сыйышпаган башка ишке өтүшү же мындай иштен кетпеши;

4) башка кеңештин депутаты болуп шайланышы;

5) депутаттын административдик-аймактык бирдиктин жергиликтүү коомдоштугундагы мүчөлүгүнүн токтотулушу;

6) шайлоонун жараксыз деп таанылышы;

7) туруктуу жашоо үчүн Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары чыгып кетиши;

8) сот тарабынан депутаттын аракетке жөндөмсүз же дайынсыз жоголду деп таанылышы, ошондой эле өлдү деп жарыяланышы;

9) ага карата соттун айыптоо өкүмүнүн мыйзамдуу күчүнө кириши;

10) жүйөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин жыйналыштарында бир жыл ичинде төрт жолудан ашык катышпоосу;

11) депутаттын өлүмү.

3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн негиздер боюнча депутаттын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн мурда токтотулушу негиз келип чыккан күндөн тартып 30 календарлык күндөн кечиктирбестен тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы кабыл алган чечим менен жүзөгө ашырылат.

4. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө маселени тиешелүү арыздын же сунуштаманын негизинде карайт.

5. Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө сунуштаманы тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына төмөндөгүлөр берет:

1) тиешелүү мамлекеттик орган - ушул берененин 2-бөлүгүнүн 2, 7 жана 11-пункттарында каралган учурларда;

2) сот - ушул берененин 2-бөлүгүнүн 6, 8 жана 9-пункттарында каралган учурларда;

3) тиешелүү жергиликтүү кеңеш - ушул берененин 2-бөлүгүнүн 3-5 жана 10-пункттарында каралган учурларда.

6. Ушул берененин 2-бөлүгүнүн 3-5 жана 10-пункттарында каралган негиздер боюнча жергиликтүү кеңеш депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимди депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алат жана кабыл алынгандан кийин 3 күндөн кечиктирбестен тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтөт.

7. Депутаттын жыйналышка катышпоосунун жүйөлүү себептери болуп төмөнкүлөр эсептелет:

1) эмгекке убактылуу жарамсыздыгы;

2) кош бойлуулугу жана төрөтү боюнча, бала асырап алууга байланыштуу өргүү;

3) үй-бүлөлүк жагдайлар боюнча жыйналышка катышпай калуу (никеси катталган, бала төрөлгөн, бала баккан, жакын туугандары өлгөн учурларда), окуу өргүүсү, негизги иштеген жери боюнча иш-сапарында болуу, жазуу жүзүндөгү чакыруу боюнча мамлекеттик аземдерге жана расмий кабыл алууларга, семинарларга, конференцияларга жана тиешелүү жергиликтүү кеңештин жетекчилигинин уруксаты менен башка иш-чараларга катышуу;

4) транспорттук тоскоолдуктар жана тиешелүү документтерде ырасталган башка форс-мажорлук жагдайлар.";

3) 31-беренеде:

а) 3-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Шаардык кеңештердин кошумча ыйгарым укуктары:";

б) 4-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4. Айылдык кеңештердин кошумча ыйгарым укуктары:";

4) 42-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"42-берене. Шаар мэринин кызмат ордуна талапкерге коюлуучу талаптар

1. Жогорку билими жана мамлекеттик, муниципалдык кызматта же билим берүү, саламаттык сактоо мамлекеттик мекемелеринде иш стажы бар же жеке менчик формасындагы уюмдардын, мекемелердин жана чарбакер субъекттердин жетекчилик кызмат орундарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар, мамлекеттик тилди билген, аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны шаар мэри боло алат.

2. Шаар мэринин кызмат ордуна талапкер карым-катыштын бардык чөйрөлөрүндө кесиптик ишти жүзөгө ашыруу үчүн коммуникативдик компетенциянын деңгээлинде мамлекеттик тилди билүүгө тийиш, бул деңгээл Өкмөт бекиткен "Кыргызтест" мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо тутумунун талаптарына ылайык "ортодон жогорку" деңгээл катары мүнөздөлөт. Тилди билүү деңгээли белгиленген үлгүдөгү сертификат (мындан ары - мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификат) менен ырасталат.

Мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификат тестирлөөнүн жыйынтыктары боюнча мамлекеттик тилди билүү деңгээлине баа берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же мекеме тарабынан берилет.

Шаар мэринин кызмат ордуна талапкердин мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу өз сертификатын аймактык шайлоо комиссиясына бербей коюусу каттоодон баш тартууга негиз болуп саналат.

3. Талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктаганга чейин кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгондугу мыйзамдарда белгиленген тартипте жоюлбаган Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле соттолгондугу мыйзамдарда белгиленген тартипте жоюлгандыгына же жоюлбагандыгына карабастан, оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттолгон жарандар шаар мэри боло албайт.

5) 43-беренеде:

а) 4-бөлүктө:

тогузунчу абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Эгерде белгиленген мөөнөттөрдө бир дагы талапкер катталбаса, же болбосо катталган талапкерлер добуш берүүгө катышуудан баш тартса, кайра шайлоо өткөрүлөт.";

бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:

"Эгерде кайра шайлоого бир дагы талапкер катталбаса, же болбосо катталган талапкер добуш берүүгө катышуудан баш тартса, шаардык кеңештин фракциясы, шаардык кеңештин фракцияларынын коалициясы жана Премьер-министр тарабынан талапкерди көрсөтүү менен кайра шайлоо өткөрүлөт.";

6) 5-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"5. Мэрди шайлоо, эгерде:

- кворумдун жоктугунан эки жолу болбой калса, кайра шайлоо өткөрүлөт;

- эки жолу болсо, бирок талапкерлер добуштардын зарыл санын албай капса, кайра шайлоо өткөрүлөт.

Эгерде шайлоо кворумдун жоктугунан улам болбой калган, ал эми кайра шайлоо талапкерлер зарыл болгон добуштардын санын албаганынан улам болбой калган учурда, Борбордук шайлоо комиссиясы мэрди кайра шайлоону дайындоого укуктуу.

Эгерде шайлоо талапкерлердин добуштардын зарыл санын албаганынан улам болбой калган, ал эми кайра шайлоо кворумдун жоктугунан улам болбой калган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы мэрди кайра шайлоону дайындоого укуктуу.

Эгерде тиешелүү кеңештин депутаттары белгиленген мөөнөттөрдө шаар мэрин шайлай албаган учурда, Кыргыз Республикасынын Президенти Борбордук шайлоо комиссиясынын сунушу боюнча жергиликтүү кеңешти таркатат жана тиешелүү жергиликтүү кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындайт.";

в) 6-бөлүктүн 2-пункту "шаардык кеңештин депутаттарын кабардар кылуу менен" деген сөздөрдөн кийин ", мында, эгерде шаар мэри кабыл алынган чечимдин мыйзамдуулугу жөнүндө арыз менен сотко кайрылса, жаңы шайлоону дайындоо сот арызды биротоло карап бүткөнгө чейин токтотулуп турат;" деген сөздөр менен толукталсын;

г) 7-бөлүктө "3" деген цифрадан кийин "жумушчу" деген сөз менен толукталсын;

д) 8-бөлүктө "кызмат ордунан" деген сөздөрдөн мурда "3 жумушчу күндүн ичинде" деген сөздөр менен толукталсын.

6) 48-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"48-берене. Айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна талапкерге коюлуучу талаптар

1. Жогорку билими жана мамлекеттик, муниципалдык кызматта иш стажы же билим берүү, саламаттык сактоо мамлекеттик мекемелеринде же жеке менчик формасындагы уюмдардын, мекемелердин жана чарбакер субъекттердин жетекчилик кызматтарында 2 жылдан кем эмес иш стажы бар, мамлекеттик тилди билген, аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат.

2. Айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкер карым-катыштын бардык чөйрөлөрүндө кесиптик ишти жүзөгө ашыруу үчүн коммуникативдик компетенциянын деңгээлинде мамлекеттик тилди билүүгө тийиш, бул деңгээл Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен "Кыргызтест" мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо тутумунун талаптарына ылайык "ортодон жогорку" деңгээл катары мүнөздөлөт. Тилди билүү деңгээли мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификат менен ырасталат.

Мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификат тестирлөөнүн жыйынтыктары боюнча мамлекеттик тилди билүү деңгээлине баа берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же мекеме тарабынан берилет.

Айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкердин мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу өз сертификатын аймактык шайлоо комиссиясына бербей коюусу каттоодон баш тартууга негиз болуп саналат.

3. Талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктаганга чейин кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгондугу мыйзамдарда белгиленген тартипте жоюлбаган Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле соттолгондугу мыйзамдарда белгиленген тартипте жоюлгандыгына же жоюлбагандыгына карабастан, оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттолгон жарандар айыл өкмөтүнүн башчысы боло албайт.";

7) 49-беренеде:

а) 3-бөлүктө:

тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Эгерде ушул Мыйзамда белгиленген мөөнөттөрдө бир дагы талапкер катталбаса, же болбосо катталган талапкерлер шайлоого катышуудан баш тартса, кайра шайлоо өткөрүлөт.";

бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы онунчу-он үчүнчү абзацтар менен толукталсын:

"Эгерде кайра шайлоого бир дагы талапкер катталбаса, же болбосо катталган талапкерлер шайлоого катышуудан баш тартса, кайра шайлоо өткөрүлөт, талапкерлерди депутаттар жана райондун мамлекеттик администрациясынын башчысы - аким көрсөтөт.

Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо, эгерде:

- кворумдун жоктугунан улам эки жолу болбой калса, кайра шайлоо өткөрүлөт;

- эки жолу өткөрүлсө, бирок талапкерлер добуштардын зарыл санын албай калса, кайра шайлоо өткөрүлөт.";

б) 6-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"6. Эгерде шайлоо кворумдун жоктугунан улам болбой калган, ал эми кайра шайлоо талапкерлер добуштардын зарыл санын албаганынан улам болбой калган учурларда Борбордук шайлоо комиссиясы айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоого укуктуу.

Эгерде шайлоо талапкерлердин добуштардын зарыл санын албаганынан улам болбой калган, ал эми кайра шайлоо кворумдун жоктугунан улам болбой калган учурда, Борбордук шайлоо комиссиясы айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоого укуктуу.

Эгерде кайра шайлоонун жыйынтыгы боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы жогоруда көрсөтүлгөн себептер боюнча шайланбай калса, Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңешти таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө сунушту Кыргыз Республикасынын Президентине жөнөтөт.

Тиешелүү кеңештин депутаттары белгиленген мөөнөттөрдө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлай албаган учурда, Кыргыз Республикасынын Президенти Борбордук шайлоо комиссиясынын сунушу боюнча жергиликтүү кеңешти таркатат жана тиешелүү жергиликтүү кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындайт.";

в) 7-бөлүктө:

2-пункт "кабардар кылуу менен" деген сөздөрдөн кийин ", мында, эгерде айыл өкмөтүнүн башчысы кабыл алынган чечимдин мыйзамдуулугу жөнүндө арыз менен сотко кайрылса, жаңы шайлоону дайындоо сот арызды биротоло карап бүткөнгө чейин токтотулуп турат" деген сөздөр менен толукталсын;

9-пункт "билдирилген учурда" деген сөздөрдөн кийин ", мында, эгерде айыл өкмөтүнүн башчысы ишеним көрсөтпөөнүн мыйзамдуулугу жөнүндө арыз менен сотко кайрылса, жаңы шайлоону дайындоо сот арызды биротоло карап бүткөнгө чейин токтотулуп турат" деген сөздөр менен толукталсын;

г) 8-бөлүктө "3" деген цифрадан кийин "жумушчу" деген сөз менен толукталсын;

д) 9-бөлүктө "кызматынан" деген сөздөн кийин "3 жумушчу күндүн ичинде" деген сөздөр менен толукталсын;

е) 10-бөлүктө "айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына" деген сөздөрдөн кийин "же болбосо улук административдик муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган адамга" деген сөздөр менен толукталсын;

8) 53-беренеде:

а) 1-бөлүктө:

4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4) ушул Мыйзамдын 42-беренесинин 1-бөлүгүнүн жана 48-беренесинин 1-бөлүгүнүн талаптарын ырастоочу документтердин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн тиешелүү көчүрмөлөрү;";

бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:

"5) талапкер шайлоо комиссиясына берилген маалыматтардын аныктыгын ырастайт жана көрсөтүү, каттоо, же болбосо шайлоо максатында анык маалыматтарды берүүсү үчүн жоопкерчиликтүү болот.";

б) 2-бөлүктүн биринчи сүйлөмү "көрсөтүүнүн тартиби" деген сөздөрдөн кийин "жана талапкердин" деген сөздөр менен толукталсын.

2-берене.

"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 5, 228-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

3-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3-статья. Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу

Жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу үчүн төмөндөгүлөр негиз болуп саналат:

1) анын депутаттык ыйгарым укуктарын тапшыруу же фракциядан чыгуу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз берүүсү;

2) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгышы, жарандыгын жоготуусу, башка жарандыгынын бар экендиги тууралуу фактынын айкындалышы, же болбосо башка жарандыкты кабыл алышы;

3) депутаттык ыйгарым укуктарын аткаруусуна сыйышпаган башка ишке өтүшү же мындай иштен кетпеши;

4) башка кеңештин депутаты болуп шайланышы;

5) тиешелүү административдик-аймактык бирдиктин жергиликтүү коомдоштугунда депутаттын мүчөлүгүнүн токтотулушу;

6) шайлоонун жараксыз деп таанылышы;

7) туруктуу жашоо үчүн Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары чыгып кетиши;

8) сот тарабынан депутаттын аракетке жөндөмсүз же дайынсыз жоголду деп таанылышы, ошондой эле өлдү деп жарыяланышы;

9) ага карата соттун айыптоо өкүмүнүн мыйзамдуу күчүнө кириши;

10) жүйөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин жыйналыштарында бир жыл ичинде төрт жолудан ашык катышпоосу;

11) депутаттын өлүмү.

Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн негиздер боюнча депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу негиз келип чыккан күндөн тартып тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы 30 календарлык күндөн кечиктирбестен кабыл алган чечим менен жүзөгө ашырылат.

Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө маселени тиешелүү арыздын же сунуштаманын негизинде карайт.

Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө сунуштаманы тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына төмөндөгүлөр берет:

1) тиешелүү мамлекеттик орган - ушул берененин 1-бөлүгүнүн 2, 7 жана 11-пункттарында каралган учурларда;

2) сот - ушул берененин 1-бөлүгүнүн 6, 8 жана 9-пункттарында каралган учурларда;

3) тиешелүү жергиликтүү кеңеш - ушул берененин 1-бөлүгүнүн 3-5 жана 10-пункттарында каралган учурларда.

3. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 3-5 жана 10-пункттарында каралган учурларда, жергиликтүү кеңеш депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнүн мурда токтотуу маселесин толук талкуулоо жол-жобосу боюнча карайт.

Жергиликтүү кеңеш жогоруда көрсөтүлгөн негиздер боюнча депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимди депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алат жана кабыл алынгандан кийин 3 күндөн кечиктирбестен тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтөт.

Депутаттын жыйналышка катышпоосунун жүйөлүү себептери болуп төмөнкүлөр эсептелет:

1) эмгекке убактылуу жарамсыздыгы;

2) кош бойлуулугу жана төрөтү боюнча, бала асырап алууга байланыштуу өргүү;

3) үй-бүлөлүк жагдайлар боюнча жыйналышка катышпай калуу (никеге катталган, бала төрөлгөн, бала баккан, жакын туугандары өлгөн учурларда), окуу өргүүсү, негизги иштеген жери боюнча иш сапарында болуу, жазуу жүзүндөгү чакыруу боюнча мамлекеттик аземдерге жана расмий кабыл алууларга, семинарларга, конференцияларга жана тиешелүү жергиликтүү кеңештин жетекчилигинин уруксаты менен башка иш-чараларга катышуу;

4) транспорттук тоскоолдуктар жана тиешелүү документтерде ырасталган башка форс-мажорлук жагдайлар.".

3-берене.

"Борбордун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 11, 1237-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

22-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"22-берене. Бишкек шаарынын мэри кызмат ордуна талапкерге коюлуучу талаптар

1. Жогорку билими жана мамлекеттик, муниципалдык кызматта же билим берүү, саламаттык сактоо мамлекеттик мекемелеринде иш стажы бар же жеке менчик формасындагы уюмдардын, мекемелердин жана чарбакер субъекттердин жетекчилик кызмат орундарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар, мамлекеттик тилди билген, аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны Бишкек шаарынын мэри боло алат.

2. Бишкек шаарынын мэри кызмат ордуна талапкер карым-катыштын бардык чөйрөлөрүндө кесиптик ишти жүзөгө ашыруу үчүн коммуникативдик компетенциянын деңгээлинде мамлекеттик тилди билүүгө тийиш, бул деңгээл Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен "Кыргызтест" мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо тутумунун талаптарына ылайык "ортодон жогорку" деңгээл катары мүнөздөлөт. Тилди билүүнүн деңгээли белгиленген үлгүдөгү сертификат (мындан ары - мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификат) менен ырасталат.

Мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификат тестирлөөнүн жыйынтыктары боюнча мамлекеттик тилди билүү деңгээлине баа берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же мекеме тарабынан берилет.

Бишкек шаарынын мэри кызмат ордуна талапкердин мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу өз сертификатын аймактык шайлоо комиссиясына бербей коюусу каттоодон баш тартууга негиз болуп саналат.

3. Талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктаганга чейин кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгондугу мыйзамдарда белгиленген тартипте жоюлбаган Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле соттолгондугу мыйзамдарда белгиленген тартипте жоюлгандыгына же жоюлбагандыгына карабастан, оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттолгон жарандар Бишкек шаарынын мэри боло албайт.

4-берене.

"Ош шаарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 11, 1238-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

22-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"22-берене. Шаардын мэри кызмат ордуна талапкерге коюлуучу талаптар

1. Жогорку билими жана мамлекеттик, муниципалдык кызматтарда же билим берүү, саламаттык сактоо мамлекеттик мекемелеринде иш стажы бар, же жеке менчик формасындагы уюмдардын, мекемелердин жана чарбакер субъекттердин жетекчилик кызмат орундарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар, мамлекеттик тилди билген, аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны шаардын мэри боло алат.

2. Шаардын мэри кызмат ордуна талапкер карым-катыштын бардык чөйрөлөрүндө кесиптик ишти жүзөгө ашыруу үчүн коммуникативдик компетенциянын деңгээлинде мамлекеттик тилди билүүгө тийиш, мындай деңгээл Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен "Кыргызтест" мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо тутумунун талаптарына ылайык "ортодон жогорку" деңгээл катары мүнөздөлөт. Тилди билүү деңгээли белгиленген үлгүдөгү сертификат (мындан ары - мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификат) менен ырасталат.

Мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификат тестирлөөнүн жыйынтыктары боюнча мамлекеттик тилди билүү деңгээлине баа берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же мекеме тарабынан берилет.

Шаардык мэри кызмат ордуна талапкердин мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу өз сертификатын аймактык шайлоо комиссиясына бербей коюусу каттоодон баш тартууга негиз болуп саналат.

3. Талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктаганга чейин кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгондугу мыйзамдарда белгиленген тартипте жоюлбаган Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле соттолгондугу мыйзамдарда белгиленген тартипте жоюлгандыгына же жоюлбагандыгына карабастан, оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттолгон жарандар шаардын мэри боло албайт.".

5-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 20-августундагы N 70 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларым ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

С. Жээнбеков