Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\CBD\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\7e06e9e0-87d5-4e01-b0db-272feb251bf6\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2019-жылдын 14-декабры № 139

Кыргыз Республикасында уран, торий кендери чыккан жерлерди издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан иштерге тыюу салуу жөнүндө

2019-жылдын 31-октябрында

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңеши тарабынан

кабыл алынган

 

Ушул Мыйзам калктын ден соолугун, жерлерди, суу объекттерин, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн коргоого, жарандардын жашоо, эмгектенүү жана эс алуу үчүн жагымдуу айлана-чөйрөгө болгон укуктарын, ошондой эле Кыргыз Республикасында радиациялык жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылууга багытталган.

1-берене. Ушул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү

1. Ушул Мыйзамдын колдонулушу Кыргыз Республикасында уран жана торий кендери чыккан жерлер менен байланышкан жеке жана юридикалык жактардын ишине жана жер казынасын пайдалануунун түрлөрүнө жайылтылат.

2. Ушул Мыйзам "Калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынуучу калдык сактоочу жайлардын жана кен калдыктарынын аймактарын рекультивациялоо, калдыктарды сактоо жана көмүү менен байланышкан мамилелерге жайылтылбайт.

2-берене. Уран жана торий кендери чыккан жерлерди геологиялык издөө, геологиялык чалгындоо иштери жана иштетүү менен байланышкан иштерге тыюу салуу

1. Кыргыз Республикасынын аймагында төмөнкүлөргө тыюу салынат:

1) уран, торий кендери чыккан жерлерди издөө жана чалгындоо максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан иштерди жүзөгө ашырууга;

2) уран, торий кендери чыккан жерлерди иштетүүгө (уранды, торийди казып алууга);

3) радиоактивдүү калдык сактоочу жайларды, кен калдыктарын иштетүүгө жана андан ары иштетүү жана кармап-күтүү максатында аларды жеке жактарга берүүгө.

2. Кыргыз Республикасынын аймагына уран камтылган жана торий камтылган чийки заттарды жана калдыктарды алып келүүгө жол берилбейт.

3-берене. Ушул Мыйзамды бузганы үчүн жоопкерчилик

Ушул Мыйзамдын талаптарын бузганы үчүн күнөөлүү жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.

4-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 17-декабрындагы № 104 жарыяланды

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

С. Жээнбеков