Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\a0661c4f-bcfa-4046-a34a-20af536022eb\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2020-жылдын 15-январы № 6

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

2019-жылдын 11-декабрында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

 

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 4, 285-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 121-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4. Транспорт каражатын мамлекеттик каттоонун номердик белгилери (белгиси) жок башкаруу, ага тете мамлекеттик каттоонун номердик белгилерин (белгисин) идентификациялоого тоскоолдук жараткан же болбосо анын түрүн өзгөртүүгө же жашырууга мүмкүндүк берген түзүлүштөрдү жана материалдарды колдонуу менен мамлекеттик каттоонун номердик белгилери бар транспорт каражатын башкаруу -

5-категориядагы айып пул салууга алып келет.";

2) 1231-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1231-берене. Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын жол кыймылынын эрежелерин бузуусу

1. Жол белгилеринин талаптарын аткарбоо, жолдун жүрүүчү бөлүгүндөгү чийиндердин талаптарын аткарбоо (каршы кыймылдын тилкесине чыгуу менен кууп өтүүнү же болбосо маневр жасоо эрежелерин бузууларды кошпогондо); токтоо же токтоп туруу эрежелерин бузуу; коопсуз дистанцияны, интервалды сактабоо же болбосо жолдун жүрүүчү бөлүгүндө транспорт каражаттарын жайгаштырууну бузуу же автомагистралдар боюнча жүрүү эрежелерин бузуу; светофордун тыюу салуучу сигналы же жөнгө салуучунун тыюу салуучу жаңсоосу болгондо жол белгилери же жолдун жүрүүчү бөлүгүнүн чийиндери менен белгиленген стоп-линиянын алдында токтоо жөнүндө Жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын аткарбоо; каршы кыймыл тилкесине чыкпай туруп кууп өтүү же маневр жасоо эрежелерин бузуу; тышкы жарык берүүчү приборлорду же болбосо эскертүүчү сигналдарды пайдалануу эрежелерин бузуу (бардык механикалык транспорт каражаттарына сутканын жарык убагында калктуу конуштардан тышкары жерлерде фаранын жандырылган жакын жарыгы менен жүрүү талаптарын кошпогондо) -

1-категориядагы айып пул салууга алып келет.

2. Жол кыймылынын эрежелеринде белгиленген балдарды ташуу боюнча талаптарды бузуу; өткөөлдөрдөн өтүү же светофордун тыюу салуучу сигналында же болбосо жөнгө салуучунун тыюу салуучу жаңсоосунда өтүү эрежелерин бузуу; маршруттук транспорт каражаттары үчүн тилкеде токтоо же токтоп туруу эрежелерин бузуу; айдоону үйрөтүү эрежелерин бузуу; жөө жүрүүчүнүн өткөөлдөрүнөн өтүү эрежелерин бузуу, жөө жүрүүчүнүн өткөөлдөрүндө жөө жүрүүчүгө артыкчылыктарды бербөө, ага тете тротуар менен же болбосо жөө жүрүүчүнүн же велосипед жолунда жүрүү; жүктөрдү ташуу же болбосо транспорт каражаттарын сүйрөтүү эрежелерин бузуу; айдоочунун транспорт каражатында жүрүп баратканда колдун жардамысыз сүйлөшүүгө мүмкүндүк берүүчү техникалык түзүлүштөр менен жабдылбаган байланыш каражаттарын пайдалануу эрежелерин бузуу (кечиктирилгис кызматтык милдеттерин аткарган учурдагы атайын транспорт каражаттарынын айдоочуларын кошпогондо); автомобиль жолдоруна айдоочулар, жүргүнчүлөр же жол кыймылынын башка катышуучулары тарабынан таштандыларды жана башка предметтерди ыргытуу (таштап салуу, үйүп салуу, өрттөө) -

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

3. Каршы кыймыл тилкесине чыгуу менен кууп өтүү же болбосо манёвр жасоо эрежелерин бузуу; жалпы пайдалануудагы транспорт каражаттарына артыкчылык бербөө, анын ичинде жалпы пайдалануудагы транспорт каражаттарынын токтоочу жерлеринен өтүү эрежелерин бузуу; кыймылдаткычтын иштетилген газдарын чыгаруучу системасынын үнүнүн (күрүлдөшүнүн) деңгээлин күчөтүү үчүн кайра жабдуу, ага тете жабдууларды орнотуу -

3-категориядагы айып пул салууга алып келет.

4. Атайын жарык берүүчү жана үн чыгаруучу сигналдык түзүлүштөрдү иштетүү менен жүрүп бараткан транспорт каражаттарынын кыймылына артыкчылык бербөө -

5-категориядагы айып пул салууга алып келет.

Эскертүү. Жол кыймылынын катышуучулары жолдун кайсы жеринде турганына, ошондой эле светофордун сигналдарынын, жол белгилеринин же болбосо жол чийиндеринин талаптарына карабастан жөнгө салуучунун сигналдарынын жана буйруктарынын талаптарына баш ийүүгө милдеттүү. Ыкчам жана атайын кызматтардын транспорт каражаттарынын айдоочулары жарык берүүчү маяктарын күйгүзүп, кечиктирилгис кызматтык милдеттерин аткаруу менен ушул берененин талаптарын (жөнгө салуучунун сигналдарынан тышкары) аткарбашы мүмкүн. Алар кыймыл учурунда мындай артыкчылыкты өздөрүнө жол бошотуп берип жатканына ынанганда гана пайдалана алат.".

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 2 (2), 78-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

173-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"173-берене. Транспорт каражатынын идентификациялык номерин жасалмалоо, пайдалануу же жок кылуу

1. Транспорт каражатын жалган же жасалма мамлекеттик каттоонун номердик белгилери (белгиси) менен башкаруу -

I категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

2. Транспорт каражатынын идентификациялык номерин, кузовунун, шассисинин номерин жасалмалоо же жок кылуу, буга тете эле транспорт каражатынын мамлекеттик каттоо номердик белгисин жасалмалоо -

II категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.".

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 17-январында № 5 (3077) жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 1231-беренесинде каралган жана ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин төлөнбөгөн бузуулар жөнүндө иштер боюнча айып пулдар ушул Мыйзамдын ченемдерине ылайык төлөнүүгө тийиш.

Мында Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 342-беренесинин 4-бөлүгү ыктыярдуу аткаруу үчүн бөлүнгөн мөөнөтүн өткөрүп жиберишкен адамдарга карата жайылтылбайт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

         Президенти

 

С.Ш. Жээнбеков