Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\a0661c4f-bcfa-4046-a34a-20af536022eb\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2019-жылдын 23-декабры № 145

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө", "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

2019-жылдын 20-ноябрында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

 

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

176-берене төмөнкүдөй мазмундагы 7-бөлүк менен толукталсын:

"7. Жалданма кызматкерлеринин саны 50 адам жана андан көбүрөөк болгон тигүү жана текстиль өнөр жайында өндүрүштүк ишти жүзөгө ашырып жаткан уюмдар жана жеке ишкерлер салык агенттери сыяктуу эле ар бир жалданма кызматкерге ушул Кодекстин 163-беренесине ылайык аныкталуучу минималдык эсептик кирешеге жараша эсептелген киреше салыгынын белгиленген суммасын жалданма кызматкерлердин эмгек акысынан кармап калат жана төлөйт.".

2-берене.

"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 5, 229-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 21-статья менен толукталсын:

"21-статья. Тигүү жана текстиль өнөр жайында өндүрүштүк ишти жүзөгө ашырып жаткан юридикалык жактар, ошондой эле аларда иштеген жеке жактар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин чендери

1. Жалданма кызматкерлеринин саны 50 адам жана андан көбүрөөк болгон тигүү жана текстиль өнөр жайында өндүрүштүк ишти жүзөгө ашырып жаткан юридикалык жактар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери төмөнкүдөй белгиленет:

а) иш берүүчүлөр үчүн иш берүүчүнүн менчигинин түрүнө жана Кыргыз Республикасынын салык кызматынын органдарында катталган түрүнө карабастан, туруктуу же убактылуу жумушка кабыл алынган жалданма кызматкерлердин, анын ичинде I жана II топтогу майып-кызматкерлердин, Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын пайдасына - ай сайын орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнүн 40 пайызынан чегерилген 2 пайыз өлчөмүндө.

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:

Пенсиялык фондго - 0,85 пайыз;

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 1 пайыз;

Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна - 0,15 пайыз;

б) пенсионер-кызматкерлерди, I жана II топтогу майып-кызматкерлерди кошпогондо, иш берүүчүнүн менчигинин түрүнө жана Кыргыз Республикасынын салык кызматынын органдарында катталган түрүнө карабастан, туруктуу же убактылуу жумушка жалданган кызматкерлер, анын ичинде Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн - ай сайын орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнүн 40 пайызынан чегерилген 10 пайыз өлчөмүндө.

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:

Пенсиялык фондго - 8 пайыз;

Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна - 2 пайыз;

ушул Мыйзамдын 111-статьясынын "а" пунктунда көрсөтүлгөн жалданган кызматкерлер үчүн - Пенсиялык фондго 10 пайыз өлчөмүндө;

в) пенсионер-кызматкерлер үчүн - Пенсиялык фондго 8 пайыз өлчөмүндө;

г) I жана II топтогу майып-кызматкерлер үчүн (Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарынан жана аларга теңештирилген адамдардан тышкары) - ай сайын орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнүн 40 пайызынан чегерилген 2 пайыз өлчөмүндө Пенсиялык фондго.

2. Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.";

2) 9-статьяда:

а) 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы "г" пунктчасы менен толукталсын:

"г) 21-статьянын 1-пунктунун "а" пунктчасына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү:

- камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине - 0,85 пайыз.";

б) 2-пунктта:

"а" пунктчасынын биринчи абзацында "жана 8-статьянын 2-пунктуна" деген сөздөр ", 8-статьянын 2-пунктуна жана 21-статьянын 1-пунктунун "б" пунктчасына" деген сөздөргө алмаштырылсын;

"б" пунктчасынын биринчи абзацында "4-статьянын 1-пунктунун "б" пунктчасына" деген сөздөр "4-статьянын 1-пунктунун "б" пунктчасына жана 21-статьянын 1-пунктунун "в" пунктчасына" деген сөздөргө алмаштырылсын;

в) 3-пунктунун "а" пунктчасынын биринчи абзацында "жана 8-статьянын 2-пунктуна" деген сөздөр ", 8-статьянын 2-пунктуна жана 2-1-статьянын 1-пунктунун "а" пунктчасына" деген сөздөргө алмаштырылсын;

г) 4-пунктунун "а" пунктчасынын биринчи абзацында "жана 8-статьянын 2-пунктуна" деген сөздөр ", 8-статьянын 2-пунктуна жана 21-статьянын 1-пунктунун "б" пунктчасына" деген сөздөргө алмаштырылсын;

3) 13-статьясынын 3-пунктунун биринчи абзацы "2," деген цифрадан кийин "21," деген цифралар менен толукталсын.

3-берене.

"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 7, 85-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

26-статьянын 2-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"эмгек акынын (кирешенин) суммасы төмөндөтүлгөндө, жашырылганда - төлөмдөрдүн төмөндөтүлгөн, жашырылган суммасынын эки эселенген өлчөмүндө айып акы, ал эми жыл ичинде кайталап бузганда - төрт эселенген өлчөмдө айып акы;".

4-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 27-декабрындагы № 107(3070) жарыяланды

Ушул Мыйзамдын 1 жана 2-беренелери 2024-жылдын 1-январына чейин колдонулат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү расмий жарыяланган күндөн тартып алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

         Президенти

 

С.Ш. Жээнбеков