Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\a0661c4f-bcfa-4046-a34a-20af536022eb\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2020-жылдын 21-августу № 138

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, "Автомобиль жолдору жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

2020-жылдын 25-июнунда

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

 

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 4, 285-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 31-берененин 2-бөлүгү "Жол кыймылынын эрежелери" деген сөздөрдөн кийин ", Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча транспорт каражаттарын өткөрүү жана Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору менен өтүү үчүн белгиленген ченемден ашкан транспорт каражаттарынын максималдык өлчөмдөрүн жана башка линиялык параметрлерин таразага тартуу жана өлчөө үчүн жыйымдарды алуу тартиби, Кыргыз Республикасынын аймагында автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын пайдалануу жана аларды сактоо тартиби" деген сөздөр менен толукталсын;

2) 311-беренеде:

а) 2-бөлүгүнүн 7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"7) Кыргыз Республикасынын аймагында транспорт каражаттарынын белгиленген салмак-габариттик параметрлерин сактабаса;";

б) 4-бөлүгү "ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын" деген сөздөрдөн кийин "жана транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын" деген сөздөр менен толукталсын;

в) 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"5. Айдоочу транспорт каражатын башкаруудан четтетилген учурда ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган, ошондой эле ушул берененин 2-бөлүгүнүн 7 жана 8-пункттары менен каралган учурларда транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган иш боюнча чечим чыгарылганга жана транспорт каражатын башкаруудан четтетүү үчүн негиз болгон себептер жоюлганга чейин транспорт каражатын убактылуу сактоо үчүн атайын (айыптык) токтотуучу жерге жеткирет.";

3) 19-главада:

а) эскертүүнүн 4-бөлүгүндө "135-беренеде" деген сөздөр "1202, 135-беренелеринде" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) глава төмөнкүдөй мазмундагы 1202-берене менен толукталсын:

"1202-берене. Транспорт каражаттарынын максималдуу өлчөмдөрүнө жана башка линиялык параметрлерине карата белгиленген талаптарды сактабоо

Транспорт каражаттарынын максималдуу өлчөмдөрүнө жана башка линиялык параметрлерине карата белгиленген талаптарды сактабоо -

8-категориядагы айып пул салууга алып келет.";

4) 299-берене төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:

"5) Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча транспорт каражаттарын өткөрүү жана Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору менен өтүү үчүн белгиленген ченемден ашкан транспорт каражаттарынын максималдык өлчөмдөрүн жана башка линиялык параметрлерин таразага тартуу жана өлчөө үчүн жыйымдарды алуу тартибинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын пайдалануу жана аларды сактоо тартибин бузууларды фото- жана кино тартуу, видеожазуу функциялары бар автоматтык режимде иштеген атайын техникалык каражаттар же фото- жана кино тартуу, видеожазуу каражаттары менен жазып алуу.";

5) 305-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Жол кыймылынын эрежелерин же транспорт каражаттарынын максималдуу өлчөмдөрүнө жана башка линиялык параметрлерине карата белгиленген талаптарды бузууларды аныктоо үчүн колдонулуучу фото- жана кино тартуу, видео фиксациялоо функциялары бар атайын техникалык каражаттар тийиштүү автоматташтырылган маалыматтык тутумга интеграцияланууга тийиш.";

6) 306-берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:

"3. Сертификацияланган атайын контролдук-өлчөөчү техникалык каражаттар жана приборлор менен бузууларды жазып түшүрүү учурунда транспорт каражаттарынын белгиленген салмак-габариттик параметрлерин бузгандыгы үчүн транспорт каражаттарынын менчик ээлери (ээлери) жоопкерчиликке тартылат.".

2-берене.

"Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 9, 322-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

18-берене төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы бөлүк менен толукталсын:

"Салмак-габариттик параметрлердин талаптарын сактоо үчүн контроль транспорт каражаттарынын максималдык өлчөмдөрүн жана башка линиялык параметрлерин таразага тартуу жана өлчөө үчүн белгиленген жабдууларды пайдалануу менен стационардык жана өткөрмө транспорттук контроль пункттарында жүргүзүлөт. Транспорттук контроль пункттарында автоматташтырылган тутум болгондо салмак-габариттик параметрлердин талаптарын сактоо үчүн контроль автоматташтырылган тутум менен гана жүзөгө ашырылат.".

3-берене.

"Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 8, 248-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

231-статьяда:

а) 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:

"транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдан белгиленген салмак-габариттик параметрлерди бузгандыгы үчүн аларга берилген жазалар жөнүндө;";

б) 2-пунктунун бешинчи абзацы "жол кыймылынын" деген сөздөрдөн кийин "жана транспорттун" деген сөздөр менен толукталсын.

4-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 28-августундагы № 68 (3140) жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

         Президенти

 

С.Ш. Жээнбеков