Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\a0661c4f-bcfa-4046-a34a-20af536022eb\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2020-жылдын 18-июлу № 78

"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу

2020-жылдын 17-июнунда

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

 

1-берене.

"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 11, 1183-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

23-берененин 4-бөлүгүнүн 1-пунктунун биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "эгерде финансылык жылдын натыйжалары боюнча Улуттук банктын уставдык капиталынын жана милдеттүү резервдеринин суммасы Улуттук банктын монетардык милдеттенмелеринин он пайызынан аз болуп калса, анда пайданын жетимиш пайызы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин кирешесине чегерилет.".

2-берене.

1. Ушул Мыйзамдын 1-беренесинин колдонулушу 2019 жана 2020-жылдардын жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын пайдасын бөлүштүрүүгө жайылтылбасы белгиленсин.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы пайдасын республикалык бюджетке чегерүүнү төмөнкүдөй тартипте жүзөгө ашырсын:

2019-жылдын жыйынтыктары боюнча - жүз пайыз өлчөмүндө;

2020-жылдын жыйынтыктары боюнча - токсон пайыз өлчөмүндө.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2019-жылдын жыйынтыктары боюнча республикалык бюджетке чегерилүүчү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын пайдасынын 256527300 сом өлчөмүндөгү он пайызын Мамлекеттик бюджеттик резервге жөнөтсүн.

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга жатат жана 2019-жылдын 1-майынан тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

         Президенти

 

С.Ш. Жээнбеков