Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\a0661c4f-bcfa-4046-a34a-20af536022eb\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2020-жылдын 22-июлу № 85

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

2020-жылдын 10-июнунда

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

 

1-берене.

"Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 10, 881-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 3-берене төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:

"позитивдүү насыялык маалымат - түзүлгөн келишимдер боюнча милдеттенмелердин насыялык маалымат субъекти тарабынан талаптагыдай аткарылышы жөнүндө маалыматтарды камтыган, насыялык маалымат субъекти жөнүндө маалымат;

негативдүү насыялык маалымат - келишимдик милдеттенмелерди (мөөнөтү өткөн карызды) жана (же) башка милдеттүү төлөмдөрдү токсон календардык күндөн ашык аткарбагандыгы жөнүндө маалыматтарды камтыган насыялык маалымат субъекти жөнүндө маалымат. Эгерде милдеттенмелерди аткарбоо өзгөчө кырдаал жана (же) өзгөчө абал убагында болсо, келишимдик милдеттенмелерин жана (же) башка милдеттүү төлөмдөрүн аткарбагандыгы жөнүндө маалыматтар негативдүү насыялык маалыматка киргизилбейт.";

2) 5-беренеде:

а) 4-бөлүгүндө "жети" деген сөз "негативдүү насыялык маалымат үчүн беш жылдан жана позитивдүү насыялык маалымат үчүн жети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:

"5. Кийин жоюлган насыялык маалыматты берүүчү (юридикалык жак) тарабынан берилген насыялык маалымат, насыялык тарыхта камтылган маалыматты акыркы жолу өзгөрткөн күндөн тартып беш жыл бою сакталат.";

3) 14-берененин 1-бөлүгүнүн 7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"7) насыялык маалыматты сактоону камсыз кылууга:

- позитивдүү насыялык маалыматты жети жыл бою;

- негативдүү насыялык маалыматты беш жыл бою;

- насыялык маалыматтын жоюлган берүүчүсүнүн насыялык маалыматын ушул Мыйзамдын 5-беренесинин 5-бөлүгүндө белгиленген мөөнөттүн ичинде;";

4) 16-берененин 4-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "4. Насыялык маалымат берүүчүлөр негативдүү насыялык маалымат берилген учурларды кошпогондо, насыялык маалыматты насыялык бюролорго насыялык маалымат субъектинин макулдугу менен беришет.";

5 ) 22-берененин 9-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"9) ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык макулдук талап кылынган учурларда насыялык бюрого насыялык маалыматты, өзү жөнүндө насыялык отчетту берүүгө макулдук берүүдөн баш тартууга;";

6) 24-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Насыялык маалымат Кыргыз Республикасынын сотуна Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилиши мүмкүн. Насыялык маалымат кайсы болбосун үчүнчү жактарга соттук актынын негизинде гана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте берилет.".

2-берене.

"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 11, 1183-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

135-беренеде:

а) 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Ушул берененин максаттары үчүн банктык сырды түзгөн маалымат "Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурларды кошпогондо, банк тарабынан кардардын макулдугу менен гана жана ушул главанын талаптарын сактоо менен берилиши мүмкүн.";

б) 5-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:

"Ал жөнүндө насыялык маалыматты өткөрүп берүү үчүн насыялык маалымат субъектинин макулдугун алуу насыялык маалымат алмашуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган учурларда талап кылынбайт.".

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 28-июлундагы № 59 (3131) жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын

         Президенти

 

С.Ш. Жээнбеков