КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УКУКТУК МААЛЫМАТТАРДЫН БОРБОРЛОШТУРУЛГАН БАНКЫ | |
Документ | Маалым дарек | Шилтеме документтер |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2020-жылдын 24-июлу № 94
"Электрондук башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу
2020-жылдын 17-июнунда |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|
"Электрондук башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 7-8, 729-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
14-берененин 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Согушту пропагандалоого, улуттук, регион аралык, расалык же диний жек көрүүнү жана кастыкты тутантууга багытталган маалыматтарды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик каралган башка маалыматтарды таратууга жана жарыялоого тыюу салынат.".
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 4-августундагы № 61(3133) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Ш. Жээнбеков |