Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\a0661c4f-bcfa-4046-a34a-20af536022eb\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2020-жылдын 13-ноябры № 3

Жер пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына ("Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө", "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

1-берене.

"Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 767-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1-беренеде:

а) экинчи бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 13-пункт менен толукталсын:

"13) төмөнкүдөй жер участокторуна:

а) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө", "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин жеке турак үйлөр курулган;

б) айыл чарба өндүрүшүндө пайдаланууга жараксыз же жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актылары бар.";

б) бешинчи бөлүктө:

- биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Ушул берененин 2-бөлүгүнүн 12 жана 13-пункттары төмөнкүлөргө жайылтылбайт:";

- 4-пункт "ыйгарым укуктуу" деген сөздөрдөн мурда "сот," деген сөз менен толукталсын.

2-берене.

"Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 7, 902-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

5-беренеде:

а) берененин аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын, алынбай калган пайданын жана инфратүзүмдү камсыз кылууга чыгымдардын ордун толтуруу наркынын суммасын төлөө";

б) 5-берене төмөнкүдөй мазмундагы 4 жана 5-бөлүктөр менен толукталсын:

"4. Инфратүзүмдү камсыз кылуу менен байланышкан чыгымдар "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө", "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин которулган (трансформацияланган) жеке менчик жер участокторунун менчик ээсине жүктөлөт.

5. Ушул берененин 3 жана 4-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн инфратүзүмдү камсыз кылуу менен байланышкан чыгымдардын ордун толтуруунун тартиби жана механизмдери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".

3-берене.

Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 2 (1), 79-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

207-беренеде:

а) берененин аталышы "ээлеп алуу" деген сөздөрдөн кийин "жана максаттуу багытын бузуу менен айыл чарба багытындагы жерлерге өзүм билемдик менен курулуш куруу" деген сөздөр менен толукталсын;

б) 1-бөлүктө:

- биринчи абзацы "коштолсо" деген сөздөн кийин "жана максаттуу багытын бузуу менен айыл чарба багытындагы жерлерге өзүм билемдик менен курулуш куруу" деген сөздөр менен толукталсын;

- экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.".

4-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- эки айлык мөөнөттө ушул Мыйзамдан келип чыккан чараларды көрсүн;

- өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин

милдеттерин аткаруучу

 

С.Н. Жапаров

 

2020-жылдын 4-ноябрында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган