Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\926088aa-e246-4874-941b-e0ebb6f59409\document.files\image001.jpg

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси

2021-жылдын 28-октябры № 127

(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамы менен колдонууга киргизилет)

(КР 2022-жылдын 18-январындагы № 4, 2022-жылдын 1-апрелиндеги № 22, 2022-жылдын 16-июнундагы № 45 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

ЖАЛПЫ БӨЛҮК

I БӨЛҮМ. КЫЛМЫШ-ЖАЗА МЫЙЗАМЫ

1-глава. Кылмыш-жаза мыйзамы, анын максаттары, милдеттери жана принциптери

1-берене. Кылмыш-жаза мыйзамы, анын максаттары жана милдеттери

1. Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамы ушул Кодекстен турат, ал Кыргыз Республикасынын Конституциясына, эл аралык укуктун жалпы таанылган кабыл алынган принциптерине жана ченемдерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге негизделет.

2. Кылмыштар үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилиги каралган башка мыйзам актылары ушул Кодекске киргизилгенден кийин колдонулууга жатат.

3. Ушул Кодекстин максаттары инсандын укуктарын жана эркиндиктерин, менчикти, коомдук тартипти, коомду, мамлекетти, айлана-чөйрөнү, Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлүшүн кылмыштуу кол салуулардан коргоо, адамзаттын тынчтыгын жана коопсуздугун камсыз кылуу, кылмыштардын алдын алуу жана кылмыштан бузулган адилеттүүлүктү калыбына келтирүү болуп саналат.

4. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин милдеттери кылмыш-жаза жоопкерчилигинин принциптерин, Кылмыш-жаза жоопкерчилигинин негиздерин, кылмыштын жалпы түшүнүгүнүн белгилерин, кылмыш деп таанылган, коомго коркунучтуу жосундардын чөйрөсүн, кылмыш жасаган адамдарга карата колдонулуучу жазалардын түрлөрүн жана кылмыш-жаза-укуктук мүнөздөгү башка чараларды аныктоо болуп саналат.

2-берене. Мыйзамдуулук принциби

Жосундун кылмыштуулугу жана анын жазалануусу, ошондой эле башка кылмыш-жаза-укуктук кесепеттери ушул Кодекс менен гана аныкталат.

3-берене. Юридикалык аныктык принциби

1. Юридикалык аныктык бул кылмыш үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуунун негиздерин, ошондой эле кылмыш курамынын бардык белгилерин ушул Кодекс менен так белгилөө мүмкүнчүлүгүн билдирет.

2. Кылмыш-жаза мыйзамы жазалануучу жосунду (аракетти же аракетсиздикти) так жана айкын аныктоого тийиш жана кеңири түшүндүрүүгө жатпайт.

3. Кылмыш-жаза мыйзамын окшоштуруп колдонууга тыюу салынат.

4-берене. Жарандардын мыйзам алдындагы теңчилик принциби

Ушул Кодексте каралган жосунду жасаган адамдар мыйзам алдында тең жана жынысына, расасына, тилине, майыптыгына, этностук таандыктыгына, диний ишенимине, жаш курагына, саясий же башка көз караштарына, билимине, ата-тегине, мүлктүк, кызматтык же башка абалына, ошондой эле басмырлоого негиз болгон башка жагдайларга карабастан кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылууга тийиш.

5-берене. Күнөө принциби

1. Адам күнөөсү аныкталган аракеттери (аракетсиздиги) жана аларды жасагандыгынын натыйжасында келип чыккан кесепеттери үчүн гана кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылууга тийиш.

2. Мыйзамдуу тартипте күнөөсү далилденмейинче жана соттун мыйзамдуу күчүнө кирген айыптоо өкүмү менен аныкталмайынча, эч ким кылмыш жасады деп табылышы жана кылмыш-жазасына тартылышы мүмкүн эмес.

6-берене. Адилеттүүлүк принциби

1. Ушул Кодексте каралган жосунду жасаган адамга колдонулуучу жаза жана кылмыш-жаза-укуктук таасир этүүнүн башка чаралары кылмыштын оордугуна, ошондой эле аны жасаган жагдайларга ылайык келүүгө тийиш.

2. Эч ким бир эле кылмышы үчүн кайрадан кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн эмес.

7-берене. Кылмыш-жаза жоопкерчилигин жана жазаны жекелештирүү принциби

Кылмыш-жаза жоопкерчилиги жана жазаны дайындоо жөнүндө маселени чечүүдө сот жасалган кылмыштын мүнөзүн жана оордугунун даражасын, жасалгандардын жүйөлөрүн жана максаттарын, күнөөлүүнүн инсандыгын, келтирилген залалдын өлчөмүн, жазаны жеңилдетүүчү же оордотуучу жагдайларды, жабырлануучунун пикирин эске алууга жана өкүмдө тандалган жаза чарасын жүйөлөштүрүүгө тийиш.

8-берене. Кылмыш-жаза жоопкерчилигинин жана жазанын жеке мүнөздөгү принциби

Ушул Кодексте каралган жосунду атайылап же этиятсыздыктан жасаган адам гана кылмыш үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылууга жана жазаланууга тийиш.

9-берене. Гуманизм принциби

1. Ушул Кодекс эң жогорку социалдык баалуулуктар катары инсанды, анын өмүрүн жана ден соолугун, ар-намысын жана кадыр-баркын, кол тийбестигин жана коопсуздугун коргоону камсыз кылат.

2. Кылмыш жасаган адамга сот түзөтүү, кайра социалдаштыруу жана жаңы кылмыштарды жасашын алдын алуу максатында, ошондой эле социалдык адилеттүүлүктү калыбына келтирүү максатында зарыл жана жетиштүү жазаны дайындайт. Жаза жана кылмыш-жаза-укуктук таасир этүүнүн башка чаралары дене бойго зыян алып келбеши же адамдын кадыр-баркын кемсинтпеши керек.

3. Ушул Кодекске анда көрсөтүлгөн жосундардын жазасын жана башка кылмыш-жаза-укуктук кесепеттерин негизсиз оордоткон өзгөртүүлөр киргизилбейт.

10-берене. Кылмыш жоопкерчилигинен кутулбоо принциби

Ушул Кодексте каралган жосунду жасаган адам жазадан жана (же) кылмыш-жаза-укуктук таасир этүүнүн башка чараларынан кутулбайт. Кылмыш жоопкерчилигинен, жазадан же аны өтөөдөн бошотууга, ошондой эле кыйла жеңил жазага алмаштырууга ушул Кодексте каралган учурларда гана жол берилет.

2-глава. Кылмыш-жаза мыйзамынын колдонуу чеги

11-берене. Кылмыш-жаза мыйзамынын убакытта колдонулушу

1. Жосундун кылмыштуулугу жана жазаланышы ошол аракет жасалган убакытта колдонулган мыйзам менен аныкталат.

2. Жасалган кылмыштын убакыты деп мыйзамда каралган аракетти же аракетсиздикти адам жасаган убакыт эсептелет.

12-берене. Кылмыш-жаза мыйзамын өткөн убакытка карата кайра колдонулушу

1. Жосундун кылмыштуулугун жокко чыгаруучу же кылмыштуу жосундун кылмыш-жаза-укуктук кесепеттерин жеңилдетүүчү мыйзам өткөн убакытка карата колдонулат, башкача айтканда тиешелүү жосунду мындай мыйзам күчүнө киргенге чейин жасаган адамдарга, анын ичинде жаза өтөп жаткан же аны өтөгөн адамдарга жайылтылат.

2. Жосундун кылмыштуулугун белгилөөчү же кылмыштуу жосундун кылмыш-жаза-укуктук кесепеттерин күчөтүүчү мыйзам өткөн мезгилге карата колдонулбайт.

3. Жосундун кылмыш-жаза-укуктук натыйжаларын жарым-жартылай жеңилдетүүчү жана жарым-жартылай оордотуучу мыйзам убакыт жагынан ушул натыйжаны жеңилдеткен бөлүгүндө гана колдонулат.

4. Эгерде кылмыш жасалган мезгилден тартып өкүм чыгарган мезгилге чейин кылмыш-жаза мыйзамы бир нече жолу өзгөрүлсө, анда алда канча жеңил мыйзам колдонулат.

5. Тарбиялык жана медициналык мүнөздөгү мажбурлоочу чаралар сотто ишти карап жаткан убакытта колдонулуп жаткан мыйзамдын негизинде гана колдонулат.

13-берене. Кыргыз Республикасынын аймагында жасалган кылмыштарга карата кылмыш-жаза мыйзамынын колдонулушу

1. Кыргыз Республикасынын аймагында кылмыш жасаган адам ушул Кодекске ылайык жоопкерчиликке тартылат.

2. Кылмыш Кыргыз Республикасынын аймагында жасалган деп төмөнкүдөй учурларда таанылат:

1) Кыргыз Республикасынын аймагында башталса, аякталса же бөгөт коюлса;

2) Кыргыз Республикасынын аймагында жасалса, ал эми кесепеттери анын чегинен тышкары жерде келип чыкса;

3) жыйындысында же башка жосундар менен катар кылмышты түзүп, анын стадияларынын бири Кыргыз Республикасынын аймагында жасалса.

3. Колдонуудагы мыйзамдарга жана эл аралык келишимдерге ылайык Кыргыз Республикасынын соттору тарабынан соттолбой турган чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлдөрүнүн жана башка жарандардын кылмыш-жаза жоопкерчилиги жөнүндө маселе, бул адамдар тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында кылмыш жасалган учурда эл аралык укуктун ченемдеринин негизинде дипломатиялык жол менен чечилет.

14-берене. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерде кылмыш жасаган адамдарга карата кылмыш-жаза мыйзамынын колдонулушу

Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерде кылмыш жасаган Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган жарандыгы жок адамдар, эгерде алар башка мамлекеттин сотунун өкүмү боюнча жазаланбаса, ушул Кодекске ылайык жоопкерчиликке тартылууга тийиш.

15-берене. Кылмыш жасаган адамдарды өткөрүп берүү (экстрадициялоо)

1. Башка мамлекеттин аймагында кылмыш жасаган Кыргыз Республикасынын жарандары өткөрүп берилбейт.

2. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерде кылмыш жасаган жана анын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, эгерде мындай өткөрүп берүү эл аралык келишимде ал эми эл аралык келишим жок болгон учурда эки тараптуу мамиленин принцибинин шарттарында каралса кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу же болбосо жаза өтөө үчүн башка мамлекетке өткөрүп берилиши мүмкүн.

3. Адам башка мамлекетке өткөрүп берилбей турган учурлар Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодекси менен аныкталат. Мындай адамдын кылмыш-жаза жоопкерчилиги жөнүндө маселе ушул Кодекске ылайык чечилет.

16-берене. Жазаны өтөө үчүн соттолгондорду өткөрүп берүү

Кыргыз Республикасынын аймагында кылмыш жасаган жана ал үчүн ушул Кодекстин негизинде соттолгон чет өлкөлүк жарандар, эгерде мындай өткөрүп берүү эл аралык келишимде, ал эми эл аралык келишим жок болгон учурда эки тараптуу мамиленин принцибинин шарттарында каралса, алар жараны болуп саналган мамлекетке жаза өтөө үчүн өткөрүп берилиши мүмкүн.

17-берене. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерде адамды соттоонун кылмыш-жаза-укуктук натыйжалары

Башка мамлекеттин аймагында адам тарабынан жасалган кылмыштын кылмыш-жаза-укуктук натыйжалары ушул эле адамдын Кыргыз Республикасынын аймагында жасаган жосуну үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигинин маселесин чечүү үчүн кылмыш-жаза-укуктук мааниге ээ болбойт, эгерде:

1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимде башкасы каралбаса;

2) башка мамлекеттин аймагында жасалган кылмыш Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына таасирин тийгизбесе.

II БӨЛҮМ. КЫЛМЫШ

3-глава. Кылмыш түшүнүгү жана анын классификациясы. Кылмыш үчүн жоопкерчиликтин негизи

18-берене. Кылмыш түшүнүгү

1. Кылмыш деп кылмыш-жаза мыйзамында каралган коомго коркунуч келтирген, күнөөлүү жана жазалануучу жосун (аракет же аракетсиздик) таанылат.

2. Ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүндө каралган, бирок зыяндуулугу аз болгондугунан улам коомго коркунуч келтирбеген жосундун белгилерине формалдуу түрдө туура келген аракет же аракетсиздик жосун болуп эсептелбейт.

19-берене. Кылмыштарды классификациялоо

1. Кылмыштар мүнөзүнө жана коомдук коркунучтуулук даражасына жараша коркунучтуулугу аз, анча оор эмес, оор жана өзгөчө оор кылмыштар болуп бөлүнөт.

2. Кылмыштын оордугу берененин санкциясында көрсөтүлгөн кыйла катаал жазанын жогорку мөөнөтү (өлчөмү) менен аныкталат.

1) Коркунучтуулугу аз кылмыштарга эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза каралбаган, атайылап жана этиятсыздыктан жасалган кылмыштар кирет.

2) Анча оор эмес кылмыштарга мыйзам тарабынан беш жылдан ашпаган мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза каралган атайылап жасалган кылмыштар, ошондой эле он жылдан ашык эмес мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза каралган этиятсыздыктан жасалган кылмыштар кирет.

3) Оор кылмыштарга мыйзам тарабынан беш жылдан ашык, бирок он жылдан ашпаган мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза каралган атайылап жасалган кылмыштар кирет.

4) Өзгөчө оор кылмыштарга мыйзам тарабынан он жылдан ашык мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу же өмүр бою эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза каралган атайылап жасалган кылмыштар кирет.

20-берене. Созулуп кеткен кылмыш

1. Созулуп кеткен кылмыш деп ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүндө каралган, аны жасоо аракеттен же аракетсиздиктен башталып, кийин үзгүлтүксүз ишке ашырылган жосун таанылат.

2. Созулуп кеткен кылмыш аракет же аракетсиздик токтогон учурдан тартып аяктаган болуп саналат.

21-берене. Кылмыштар жыйындысы

Адам эки же андан көп кылмышты жасаганда кылмыштар жыйындысы деп таанылат. Мында соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмүнүн негизинде соттолгон же акталган, же кылмыш-жаза жоопкерчилигинен, же жазадан бошотулган кылмыштар эсепке алынбайт.

22-берене. Жалпы жана атайын ченемдердин атаандашуусундагы, толук жана анын бөлүгүнүн атаандашуусундагы кылмыш-жаза-укуктук квалификациянын эрежелери

1. Атайын укуктук ченем болуп жалпы ченем сыяктуу эле жосун үчүн окшош жоопкерчиликти караган, бирок кылмыш курамынын жалпы ченемде жок кошумча белгилерин камтыган ченем эсептелет.

2. Эгерде ушул Кодекстин беренелеринде (беренелеринин бөлүктөрүндө) каралган жосун жалпы жана атайын ченемдердин атаандашуусун түзсө, анда ушул Кодекстин атайын ченемди камтыган беренеси (беренесинин бөлүгү) гана колдонулат. Ушул Кодекстин жалпы жана тиешелүү атайын ченемдерди караган беренелерин (беренелеринин бөлүктөрүн) бир мезгилде колдонууга жол берилбейт.

3. Ушул Кодекстин жасалган жосун камтыган ченемди камтыган беренеси (беренесинин бөлүгү) бүтүндөй алганда колдонууда ушул Кодекстин жасалган жосундун бөлүгүн камтыган ченемди камтыган беренесинин (беренесинин бөлүгүнүн) алдында артыкчылык кылат.

Ушундай артыкчылыкка аякталбаган кылмыш жөнүндө ченемге караганда аякталган кылмыш тууралуу ченем, андагы кылмышты уюштуруучунун, тукуруучунун же көмөкчүнүн кошо катышуусу жөнүндө ченемге караганда кылмышты аткаруу жөнүндө ченем, мындай кылмыштын курамын караган ченемге караганда курамдуу кылмыш (мыйзам менен эске алынган кылмыштар жыйындысы) жөнүндө ченем артыкчылыкка ээ болот.

23-берене. Кылмыш үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигинин негизи

Кылмыш үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигинин негизи болуп ушул Кодексте каралган кылмыш курамынын бардык белгилерин камтыган укукка жат жосунду жасоо саналат.

4-глава. Кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылуучу жак (кылмыштын субъекти)

24-берене. Кылмыштын субъекти

1. Кылмыштын субъекти болуп ушул Кодекске ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартылууга жашы жеткен, акыл-эси соо, кылмыш жасаган жеке жак саналат.

2. Атайын субъект болуп ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн белгилерге ээ болгон жана субъект белгилүү бир адам гана болушу мүмкүн болгон кылмышты жасаган адам эсептелет.

3. Юридикалык жак кылмыштын, кылмыш-жаза жоопкерчилигинин жана жазанын субъекти болуп эсептелбейт.

25-берене. Акыл-эси соо эместик

1. Ушул Кодексте каралган жосунду жасап жаткан учурда акыл эси соо эмес абалда болгон, башкача айтканда, өзүнүн аракетинин (аракетсиздигинин) иш жүзүндөгү мүнөзүн жана келтирилген зыянын аңдап биле албаган же өнөкөт жин оорусунун, психикасынын убактылуу бузулушунун, кем акылдыктын же психиканын башка оорусунун айынан өзүн башкара албай калган адам кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылбайт.

2. Кылмышты акыл-эси соо кезинде жасаган, бирок соттун өкүмү чыгарылганга чейин өзүнүн аракеттерине (аракетсиздигине) жооп бере албаган же аны башкара албаган жин оорусу менен ооруп калган адам жазага тартылбайт. Мындай адамга соттун чечими боюнча медициналык мүнөздөгү мажбурлоочу чаралар колдонулат, ал эми айыккандан кийин мындай адам жазага тартылат.

26-берене. Акыл-эси чектелгендик

1. Эгерде кылмыш жасаган учурда психикасынын бузулушунун айынан өзүнүн аракетинин (аракетсиздигинин) иш жүзүндөгү мүнөзүн жана коомго келтирүүчү зыянын толук аңдап биле албаган же аларды башкара албаган адам сот тарабынан акыл-эси чектелген деп таанылышы мүмкүн.

2. Адамды акыл-эси чектелген деп таануу ага медициналык мүнөздөгү мажбурлоочу чараларды колдонуу үчүн негиз болушу мүмкүн, бирок аны жазадан бошотпойт.

27-берене. Мас абалда жасалган кылмыш үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилиги

Психоактивдик заттарды колдонуудан улам мас абалында кылмыш жасаган адамдар кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылууга тийиш.

Эскертүү: психоактивдүү заттардын классификатору Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан аныкталган.

28-берене. Кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылуу курагы

1. Кылмыш жасаганга чейин жашы он алтыга толгон адам кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылууга тийиш.

2. Кылмыш жасаганга чейин жашы он төрткө толгон бала адамды өлтүрүү (122-берене), ден соолукка оор залал келтирүү (130-берене), ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү (131-берене), зордуктоо (154-берене), сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер (155-берене), адамды уурдоо (165-берене), адамдарды соодалоо (166-берене), уурдоо (205-берене), тоноо (206-берене), каракчылык (207-берене), опузалап талап кылуу (208-берене), автомототранспорт каражатын айдай качуу (211-берене), башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же бузуу (216-берененин 2 жана 3-бөлүктөрү), террордук актысы (252-берененин 2 жана 3-бөлүктөрү), барымтага алуу (257-берене), атуучу куралды уурдоо же опузалап алып коюу (271-берене), бейбаштык (280-берененин 2-бөлүгү), баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо (282-берене), баңгизат каражаттарын же психотроптук заттарды уурдоо же болбосо опузалап алып коюу (286-берене), транспорт каражаттарын же каттоо жолдорун жараксыз абалга келтирүү (314-берене) үчүн ушул Кодекске ылайык кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылууга тийиш.

5-глава. Күнөө

29-берене. Күнөө

1. Адамдын өзү жасаган ушул Кодексте каралган жосунга (аракетке же аракетсиздикке) жана андан келип чыккан укукка жат кесепеттерге карата мамилеси күнөө болуп саналат. Кара ниеттик жана этиятсыздык күнөөнүн формалары болуп саналат.

2. Инсанга, коомго, мамлекетке жана адамзаттын коопсуздугуна зыян келтирүү, ошондой эле зыян келтирүү коркунучун түзүү зыяндуу кесепеттер болуп саналат.

3. Эгерде ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүндөгү беренеде (берененин бөлүгүндө) этиятсыздыктан залал келтирүү түздөн-түз көрсөтүлбөсө, анда атайылап залал келтиргендиги үчүн гана жоопкерчилик келип чыгат.

30-берене. Атайылап жасалган кылмыш

1. Түз же кыйыр кара ниеттик менен жасалган укукка жат жосун атайылап жасалган кылмыш деп таанылат.

2. Эгерде адам өзүнүн жосунунун укукка жат экендигин түшүнсө, залал келтирүү мүмкүндүгүн алдын ала билсе жана зыян келтирүүнү кааласа же болбосо зыяндын болбой койбостугун алдын ала көрө билсе тике кара ниеттик менен жасалган кылмыш деп таанылат.

3. Эгерде адам өзүнүн аракетинин укукка жат экендигин түшүнсө, залал келтирүү мүмкүндүгүн алдын ала билсе жана залал келтирүүнү каалабаса, бирок залалды келтирүүгө аң-сезимдүү жол берсе (залал келтирилишине кайдыгер болсо) кыйыр кара ниеттик менен жасалган кылмыш деп таанылат.

31-берене. Этиятсыздыктан жасалган кылмыш

1. Жеңил ойлуулуктан же этиятсыздыктан жасалган укукка каршы аракет же аракетсиздик этиятсыздыктан жасалган кылмыш деп таанылат.

2. Эгерде адам өзүнүн жосунун укукка жат деп баалабаса, этияттык кылуу зарылдыгын сезе билип, бирок залал келтирилиши мүмкүн экендигин алдын ала көрө билгендигине карабастан залал келтирилбейт деп негизсиз үмүт кылса, жеңил ойлуулуктан жасалган кылмыш деп таанылат.

3. Эгерде адам этияттык кылуу зарылдыгына шалаакылык мамиле кылгандыктан, мындай зарылдыкты түшүнбөсө жана залал келтирүү мүмкүндүгүн көрө билбесе, аларды түшүнбөсө жана алдын ала көрө биле албаса, шалаакылыктан жасалган кылмыш деп таанылат.

4. Этияттык кылуу зарылдыгы ченемдик укуктук актылардын талаптары жана (же) башка адамдардын кызыкчылыктары менен шартталышы мүмкүн.

32-берене. Күнөөсүз залал келтирүү (кокустук)

Эгерде адам өз аракетинин же аракетсиздигинин мүнөзүн жана маанисин түшүнбөсө, залал келтирүү мүмкүндүгүн алдын ала көрө билбесе жана иштин жагдайы боюнча андай болбоого тийиш болсо жана (же) аны алдын ала көрө албаса залал күнөөсүз келтирилген (кокустук) болуп эсептелет.

6-глава. Аяктаган жана аяктай элек кылмыш (кылмыш жасоонун стадиялары)

33-берене. Аяктаган кылмыш

Ушул Кодексте каралган жосундун курамынын бардык белгилери бар кылмыш аяктаган кылмыш деп таанылат.

34-берене. Уланып жаткан кылмыш

1. Ушул Кодекстин беренелеринин биринде (берененин бөлүктөрүнүн биринде) каралган, бирдей ниет менен атайылап жасалган эки же андан көп окшош жосундарды камтыган кылмыш уланып жаткан кылмыш болуп эсептелет.

2. Уланып жаткан кылмыш акыркы жосун жасалган учурдан тартып аякталган болуп саналат.

35-берене. Аяктай элек кылмыш

Кылмышка даярдык көрүү жана кылмыш жасоого аракеттенүү аяктай элек кылмыш деп таанылат.

36-берене. Кылмышка даярдык көрүү

1. Адамдын атайылап кылмыш жасаганга каражаттарды же куралдарды издөөсү же ылайыкташтыруусу, кошо катышуучуларды издөөсү, кылмыш жасоого бүтүмү же болбосо кылмыш жасоо үчүн шарттарды атайылап түзүүсү, эгерде ошол эле учурда анын эркинен көз карандысыз себептер боюнча кылмыш аягына чейин чыгарылбаса, кылмышка даярдык көрүү деп таанылат.

2. Кылмыш-жаза жоопкерчилиги оор же өзгөчө оор кылмыштарга даярдык көргөндүк үчүн гана келип чыгат.

3. Кылмышка даярдык көргөндүгү үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилиги ушул беренеге таянуу менен, аяктаган кылмыш сыяктуу эле, ушул Кодекстин ошол эле беренеси боюнча колдонулат.

37-берене. Кылмыш жасоого аракеттенүү

1. Ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн тиешелүү беренесинде каралган кылмышты жасоого түздөн-түз багытталган, түз кара ниетте адам тарабынан жасалган жосун (аракет же аракетсиздик), эгерде кылмыш адамдын эркине көз каранды болбогон себептер боюнча аягына чыгарылбаса, кылмыш жасоого аракеттенүү деп таанылат.

2. Кылмыш жасоого аракеттенүү үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилиги аяктаган кылмыш үчүн жоопкерчилик каралган ушул Кодекстин тиешелүү беренесинде ушул беренеге таянуу менен аныкталат.

38-берене. Кылмыш жасоодон ыктыярдуу баш тартуу

1. Эгерде адам кылмышты аягына чейин чыгарууну туюп сезе алса жана аны аяктоого реалдуу мүмкүнчүлүгү болсо, адам даярдалган аракеттерди токтотушу же болбосо кылмыш кылууга түздөн-түз багытталган аракетти же аракетсиздикти токтотушу кылмыш жасоодон ыктыярдуу баш тартуу деп таанылат.

2. Жасоодон ыктыярдуу баш тартылган жосун кылмыш-жаза жоопкерчилигине алып келбейт. Кылмышты аягына чейин жеткирүүдөн ыктыярдуу баш тарткан адам, эгерде анын иш жүзүндө жасаган жосуну башка кылмыштын курамын камтыса гана, кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылат.

3. Кылмышты уюштуруучунун, тукуруучунун же көмөкчүнүн өз ыктыяры менен баш тартуусу, эгерде ошол адамдар кылмыш жасоону болтурбоо үчүн колунан келген чаралардын бардыгын өз убагында жасашса жана андан коомго коркунучтуу кесепеттер келип чыкпаса, кылмьпп-жаза жоопкерчилиги болбойт.

4. Кылмышты уюштуруучунун, тукуруучунун же көмөкчүнүн кылмыш жасоодон өз ыктыяры менен баш тартуусу, эгерде ал адамдар кылмыш жасоону болтурбай коюшса же даярдалып жаткан же жасалып жаткан кылмыш тууралуу мамлекеттик бийликтин тиешелүү органдарына өз убагында билдирсе, кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылбайт. Кылмыш жасоо каражаттарын же куралдарын көмөкчү тарабынан бербей коюусу же болбосо кылмыш жасоодогу тоскоолдуктарды четтетпегени, көмөкчүнүн ыктыярдуу баш тартуусу деп эсептелет.

5. Кылмышка кошо катышуучулардын кимдир-бирөөсү өз ыктыяры менен баш тарткан учурда, аткаруучу кылмыш жасоого даярдангандыгы же кылмышка аракеттенгендиги үчүн, анын жосуну ушул кылмыштын кайсы стадиясында үзгүлтүккө учураганына жараша кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылат.

7-глава. Кылмышка кошо катышуу

39-берене. Кошо катышуу түшүнүгү

Атайылап кылмыш жасоого эки же андан ашык адамдын биргелешкен катышуусу кошо кылмышка катышуу деп таанылат.

40-берене. Кылмышты аткаруучу

Кылмышты түздөн-түз жасаган же башка адам (кошо аткаруучу) менен биргелешип аны жасоого түздөн-түз катышкан, ага тете эле ушул Кодекске ылайык жоопкерчиликке курагына, акыл-эси соо эмес же башка жагдайлардан улам кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга жатпаган башка адам аркылуу кылмыш жасаган адам аткаруучу болуп саналат.

41-берене. Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү

1. Аткаруучулар менен катар эле уюштуруучулар, тукуруучулар жана көмөкчүлөр кылмышка кошо катышуучулар деп таанылат.

2. Кылмыш жасоону уюштурган же кылмыштын аткарылышына жетекчилик кылган адам, ага тете уюшкан топту же кылмыштуу коомдоштукту түзгөн, же болбосо аны жетектеген адам уюштуруучу деп таанылат.

3. Башка бир кошо катышуучуну кылмыш жасоого көндүргөн адам тукуруучу деп таанылат.

4. Башка бир кошо катышуучулар тарабынан кылмыштын жасалышына билип туруп кеңештерди, көрсөтмөлөрдү, каражаттарды берүү же болбосо тоскоолдуктарды жоюу аркылуу көмөк көрсөткөн адам, ошого тете кылмышкерди, кылмыш жасоо куралдарын же болбосо каражатын, кылмыштын изин, же болбосо кылмыш жолу менен алынган, буюмдарды жашырууга, мындай буюмдарды сатып алууга, же болбосо сатып өткөрүүгө же башка ыкма менен кылмышты жашырууга көмөк көрсөтүүгө алдын ала убада берген адам көмөкчү деп таанылат.

5. Кылмышкерге алдын ала убада бербей туруп, кылмыш жасоо куралдарын же каражаттарын, кылмыш изин же болбосо кылмыш жолу менен алынган зат, буюмдарды же андай зат, буюмдарды сатып алууну, же болбосо сатып өткөрүүнү жашыруу кошо катышуу болуп саналбайт. Бул жосундарды жасаган адамдар ушул Кодекстин 367-беренесинде каралган учурларда гана кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылууга тийиш.

42-берене. Кылмышка кошо катышуунун түрлөрү

1. Алдын ала бүтүмсүз эки же андан көп адам биргелешип кылмыш жасашы адамдардын тобу деп саналат.

2. Биргелешип кылмыш жасаган жана мында күн мурунтан, башкача айтканда, кылмыш жасоо башталганга чейин аны биргелешип жасоо жөнүндө макулдашып алган эки же андан көп адамдар алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу болуп саналат.

3. Төмөнкүдөй белгилер менен мүнөздөлгөн топ уюшкан топ болуп саналат:

1) эки же андан көп адамдардан турган;

2) катышуучулардын бардыгынын ортосунда кылмыш (кылмыштарды) жасоо жөнүндө алдын ала бүтүм болгон;

3) туруктуу бирикме болуп саналган;

4) максаты бир же бир нече кылмышты жасоо болуп саналган;

5) функциялары катышуучулардын ортосунда алдын ала бөлүштүрүлгөн.

4. Төмөнкүдөй белгилери менен мүнөздөлгөн топ кылмыштуу коомдоштук болуп саналат:

1) үч жана андан көп адамдардан турган;

2) бардык катышуучулардын ортосунда кылмыш (кылмыштарды) жасоо жөнүндө алдын ала бүтүмдөрү болгон;

3) туруктуу жана иерархиялык бирикме болуп саналган;

4) максаты бир нече оор же өзгөчө оор кылмыштарды жасоо болуп эсептелген;

5) функциялар катышуучулардын ортосунда алдын ала бөлүштүрүлгөн.

43-берене. Адамдардын тобу жана алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган кылмыштын аткаруучуларынын жана кошо катышуучуларынын жоопкерчилиги

1. Адамдардын тобу жана алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу жасаган кылмыштын аткаруучусу жана башка кошо катышуучулары биргелешкен укукка жат жосун үчүн алардын жеке күнөөлөрүнүн негизинде гана, кылмыш жасоого ар биринин катышуусунун мүнөзүн жана даражасын эске алуу менен кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылууга тийиш.

2. Аткаруучу (кошо аткаруучу) ал жасаган кылмыш каралган ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн беренеси (беренесинин бөлүгү) боюнча кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылууга тийиш.

3. Уюштуруучу, тукуруучу жана көмөкчү ушул Кодекстин 41-беренесинин тиешелүү бөлүгүнө шилтеме жасоо менен аткаруучу сыяктуу эле ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн ошол эле беренеси боюнча кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылууга тийиш.

4. Аткаруучу аяктай элек кылмышты жасаган учурда башка кошо катышуучулар аяктай элек кылмышка кошо катышкандыгы үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылууга тийиш.

5. Өзүнүн эркинен көз карандысыз жагдайлардан улам башка адамдарды кылмыш жасоого көндүрө албаган адам кылмышка даярдык көргөндүгү үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылууга тийиш.

44-берене. Уюшкан топтун, кылмыштуу коомдоштуктун уюштуруучуларынын жана катышуучуларынын жоопкерчилиги

1. Уюшкан топту, кылмыштуу коомдоштукту түзгөн же болбосо аларга жетекчилик кылган адам алар тарабынан жасалган кылмыштардын бардыгы үчүн, эгерде алар анын ниетин камтыган болсо, кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылууга тийиш.

2. Уюшкан топтун, кылмыштуу коомдоштуктун башка кошо катышуучулары даярдык көрүүгө же аны жасоого кошо катышкан кылмыштары үчүн ар биринин кылмышта аткарган ролуна карабастан, эгерде алардын кылмыштуу топту, кылмыштуу коомдоштукту түзүү максаттары жана ниети бир болсо, кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылууга тийиш.

45-берене. Кылмышты аткаруучунун эксцесси

Аткаруучунун кошо катышуучулардын алдын ала бүтүмүнүн чегинен чыккан жана алардын ниетине туура келбеген кылмышты жасагандыгы аткаруучунун эксцесси деп таанылат.

III БӨЛҮМ. КЫЛМЫШ БОЛУП САНАЛБАГАН ЖОСУНДАР

8-глава. Жосундун кылмыш-жаза укукка каршылыгын жокко чыгаруучу жагдайлар

46-берене. Зарыл коргонуу

1. Ушул Кодексте жоопкерчилик каралган, бирок зарыл коргонуу абалында, башкача айтканда инсанды, адамдын мүлкүн, турак жайын, анын менчигинде же башка укугунда турган башка объекттерин, ошондой эле коргонуучунун же болбосо башка адамдын башка укуктарын, мыйзам менен корголгон коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарын коомдук коркунучтуу кол салуудан коргоо максатында жасалган аракет, эгерде бул кол салуу коргонуучунун же башка адамдын өмүрү же ден соолугу үчүн коркунучтуу зомбулук менен, же болбосо мындай зомбулукту колдонуунун түздөн-түз коркунучу менен коштолсо, кылмыш болуп эсептелбейт.

2. Эгерде зарыл коргонууда чегинен аша чаап кетүүгө, башкача айтканда кол салуунун мүнөзүнө жана коркунучтуулугуна шайкеш келбеген атайылап жасалган аракеттерге жол берилбесе, коргонуучунун же башка адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирген зомбулук менен, же болбосо мындай зомбулукту түздөн-түз колдонуу коркунучу менен коштолбогон кол салуудан коргонуу, ошондой эле бирөөнүн мүлкүн ээлеп алуу үчүн кол салуудан коргонуу укук ченемдүү болуп саналат.

3. Зарыл коргонуу чектеринен аша чаап кетүү деп кол салуунун мүнөзүнө жана коомго коркунуч келтирген даражасына коргонуунун шайкеш келбегени, анын натыйжасында кол салуучуга туура келбеген жагдайда оор залал келтирүү таанылат.

4. Эгерде адам күтүлбөгөн кол салуунун айынан кол салуунун коркунуч келтирүү даражасына жана мүнөзүнө калыс баа бере албаса, коргонуучу адамдын аракеттери зарыл коргонуу чектеринен аша чабуу болуп эсептелбейт. Мында күтүлбөгөн кол салууга байланыштуу же болбосо этиятсыздык себебинен улам кол салуучу адамдын денесине жаракат келтирүү, анын ичинде аны өлүмгө дуушар кылуу кылмыш-жаза жоопкерчилигине алып келбейт.

5. Коргонуп жаткан адамдын турак жайында мыйзамдуу негизде жашап жаткан (жүргөн) адамдардын эркине каршы жасалган, кол салган адамдардын мыйзамсыз жана зомбулук менен алардын турак жайына кирип келүүсүнөн коргонууда кол салуучунун денесине жаракат келтирген, анын ичинде анын өлүмүнө дуушар кылган коргонуп жаткан адамдын аракеттери зарыл коргонуу чектеринен аша чабуу болуп эсептелбейт.

6. Кол салуучуга келтирилген залалдын оордугуна карабастан, куралды же ар кандай башка каражаттарды же болбосо курал-жаракты төмөнкүлөр үчүн колдонушу зарыл коргонуу чектеринен аша чабуу болуп эсептелбейт жана кылмыш-жаза жоопкерчилигине алып келбейт:

1) куралчан адамдын кол салуусунан коргонуу;

2) топтук кол салуудан коргонуу.

Кош бойлуу аялдардын же болбосо он төрт жашка чейинки балдардын кол салуусун кошпогондо, ушул беренеде эки же андан ашык адамдардын кол салуусу топтук кол салуу деп эсептелет.

7. Ушул берененин жоболору кесиптик же башка атайын даярдыгына жана кызмат абалына карабастан, ошондой эле коомго коркунуч келтирген кол салуудан качуу же башка жактарга же бийлик органдарына кайрылуу мүмкүнчүлүгүнө карабастан, бардык адамдарга бирдей жайылтылат.

47-берене. Аргасыз зарылдык

1. Аргасыз зарылдык абалында, башкача айтканда ушул адамдын же башка адамдардын инсандыгына жана укуктарына, коомдун, мамлекеттин же адамзаттын кызыкчылыктарына келтирилген коркунучту жоюу үчүн, эгерде бул жагдайларда коркунучту башка каражаттар менен жоюуга мүмкүн болбосо, укук менен корголуучу кызыкчылыктарга адамдын залал келтирүүсү кылмыш болуп саналбайт.

2. Эгерде коркунучтун алдын алууга ак ниеттүүлүк менен умтулган адамдын аракетине карабастан, коркунучту алдын алуу максатында жасалган аракеттери өзүнүн максатына жетпей калган жана залал келтирилген учур да аргасыз зарылдык абалы деп таанылат.

3. Укук менен корголуучу кызыкчылыктарга залал келтирилген учурда келтирилген коркунучтун мүнөзүнө жана даражасына, коркунуч жоюлган жагдайларына дал келбеген атайын залал келтирүү аргасыз зарылдыктын чектеринен аша чапкандык деп таанылат. Мында этиятсыздыктан келтирилген залал кылмыш-жаза жоопкерчилигине алып келбейт.

4. Эгерде келтирилген коркунучтуу кооптуулуктан улам адам ачууга өтө алдырган абалында, келтирилген залалдын ошол коркунучка туура келүүсүн баалай албаса, аргасыз зарылдыктан аша чапкандыгы үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылбайт.

48-берене. Күч колдонуу же психикалык мажбурлоо

1. Түздөн-түз күч колдонуп, мажбурлоонун таасиринде өзүнүн аракеттерин (аракетсиздигин) башкара албай, укук менен корголуучу кызыкчылыктарга залал келтирген адамдын аракети (аракетсиздиги) кылмыш болуп саналбайт.

2. Психикалык жана (же) күч колдонуп мажбурлоонун натыйжасында, адам өзүнүн аракеттерин башкаруу мүмкүндүгүн сактаса, укук менен корголуучу кызыкчылыктарга залал келтиргендиги үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилиги жөнүндө маселе ушул Кодекстин 47-беренесинин жоболорун эске алуу менен чечилет.

49-берене. Кылмыш жасаган адамды кармоо

1. Кылмыш жасап жаткан учурда же кылмыш жасалгандан кийин кармоо учурунда жабырлануучу же башка адамдар тарабынан кылмышкерге залал келтирген аракеттери (ушул Кодекске ылайык кылмыш же укукка каршы адамдын жосуну жашына, акыл-эсине же башка жагдайларга байланыштуу кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт), эгерде ушул аракет кармалган адамды бийлик органдарына өткөрүп берүү максатында жасалса, кылмыш жасаган адамды башка ыкма менен кармоого мүмкүн болбосо жана мында кармоо чаралары кармалган адам жасаган кылмыштуу кол салуунун мүнөзүнө жана оордугунун даражасына, ошону менен катар эле ушул адамды кармоонун жагдайларына шайкеш эместигине жол берилбесе, кылмыш болуп эсептелбейт.

2. Кармоонун каражаттары менен ыкмалары адам укукка жат кол салышынын мүнөзүнө жана оордугунун даражасына жана бул адамды кармоонун жагдайларына шайкеш эместиги, анын натыйжасында адамга кармоонун зарылчылыгынан келип чыкпаган атайылап залал келтирилиши, ушул Кодексте каралган жосунду жасаган адамды кармоо үчүн зарыл болгон чаралардан аша чапкандык деп таанылат. Адамды кармоо үчүн зарыл болгон чаралардан аша чапкандык ушул Кодекстин 124 жана 132-беренелеринде каралган учурларда гана кылмыш үчүн жоопкерчиликке алып келет. Мында этиятсыздыктан келтирилген залал жоопкерчиликке тартууга алып келбейт.

50-берене. Мыйзамды, буйрукту (тескемени), кызматы боюнча милдеттерди аткаруу

1. Адам мыйзамды, буйрукту (тескемени), ошого тете кызматында каралган милдеттерди мыйзамдуу аткаруу учурунда келтирген залалы кылмыш болуп эсептелбейт.

2. Кылмыштуу буйрукту (тескемени) аткаруу үчүн кылмыш жасаган адам жалпы негиздерде кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылууга тийиш.

3. Адам өзүнө мыйзамсыз жүктөлгөн буйрукту (тескемени) же кызматтык милдеттерди аткарбагандыгы же болбосо бузгандыгы үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылбайт.

51-берене. Негизделген тобокелдик

1. Коомдук пайдалуу максатка жетишүү үчүн негизделген тобокелдик болгондо укук менен корголуучу кызыкчылыктарга залал келтирүү кылмыш болуп саналбайт.

2. Эгерде коюлган максат тобокелдик менен байланышпаган аракеттерден (аракетсиздиктен) улам жетүүгө мүмкүн болбосо жана мында тобокелдикке жол берген адам ушул Кодекс менен корголуучу кызыкчылыктарга залал келтирүүнү болтурбоо үчүн бардык мүмкүн болгон чараларды көрсө негизделген тобокелдик деп таанылат.

3. Эгерде тобокелдик алдын ала билип туруп, адамдын өлүмү, экологиялык кыйроо коркунучу, же болбосо башка оор кесепеттердин башталышы менен коштолсо, тобокелдик негизделген деп таанылбайт.

52-берене. Атайын тапшырманы аткаруу

1. Уюшкан топко же болбосо кылмыштуу коомдоштукка катышып, алардын кылмыштуу ишин алдын алуу же бетин ачуу максатында атайын тапшырманы аткарган адам тарабынан укук менен корголуучу кызыкчылыктарга аргасыздан залал келтирсе кылмыш болуп саналбайт.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адам уюшкан топтун, же болбосо кылмыштуу коомдоштуктун курамында адамдын өлүмүнө, оор залалга алып келген оор же өзгөчө оор кылмышты атайылап жасагандыгы үчүн гана кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылууга тийиш.

3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн учурда сот өмүр бою эркиндигинен ажыратуу жазасын дайындай албайт. Мындай адамга эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза ушул кылмыш үчүн мыйзамда каралган эркиндигинен ажыратуунун жогорку мөөнөтүнүн жарымынан көп мөөнөтү дайындалышы мүмкүн эмес.

9-глава. Кылмыш болуп саналбаган башка жосундар

53-берене. Кылмыш болуп эсептелбеген жосундар

Ушул Кодекске ылайык маанилүүлүгү аз жосун (54-берене), кылмыш жасоодон ыктыярдуу баш тартуу (38-берене), коркунучтуулугу аз жана анча оор эмес кылмышка даярдык көрүү (36-берененин 2-бөлүгү) кылмыш болуп эсептелбейт.

54-берене. Маанилүүлүгү аз жосун

Ушул Кодексте каралган кандайдыр бир аракеттин белгилерин формалдуу түрдө камтыган, бирок олуттуу залал келтирбеген жана келтирбей турган аракет (аракетсиздик) маанилүүлүгү аз жосун деп таанылат.

IV БӨЛҮМ. КЫЛМЫШ-ЖАЗА-УКУКТУК ТААСИР ЭТҮҮ ЧАРАЛАРЫ ЖАНА АЛАРДЫН КОЛДОНУЛУШУ

10-глава. Кылмыш-жаза-укуктук таасир этүүнүн мажбурлоо мүнөзүнө ээ эмес чаралары

55-берене. Жосунду кылмыш эмес деп тааныганына байланыштуу кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотуу

Жосун кылмыш эмес деп таанылган учурда, башкача айтканда ушул Кодексте каралган жосунду кылмыш жазасынан алып салган мыйзам күчүнө киргенде, адам кылмыш-жаза жоопкерчилигинен токтоосуз бошотулат.

56-берене. Ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн жоболорунун негизинде кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотуу

Ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүндө каралган учурларда адам кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулушу мүмкүн.

57-берене. Жабырлануучу менен бүтүмгө жетишкенде кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотуу

1. Коркунучтуулугу аз жана (же) анча оор эмес кылмыш жана ушул Кодекстин 154-беренесинин 1-бөлүгүндө (Зордуктоо) жана 155-беренесинин 1-бөлүгүндө (Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) каралган кылмыштарды жасаган адам, эгерде коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарына таасирин тийгизген учурларды кошпогондо, ал жабырлануучу менен элдешсе жана келтирилген чыгымдын ордун толтурса, кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулушу мүмкүн.

2. Уюшкан топтун же кылмыштуу коомдоштуктун курамында кылмыш жасаган же ушул Кодекстин 312-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган кылмышты жасаган адам, ушул берененин 1-бөлүгү боюнча кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулууга жатпайт.

58-берене. Кылмыш куугунтуктоонун эскирүү мөөнөттөрү өткөндүгүнө байланыштуу кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотуу

1. Эгерде адам тарабынан кылмыш жасалган күндөн тартып жана өкүм мыйзамдуу күчүнө кирген күнгө чейин төмөнкүдөй мөөнөттөр өткөн болсо, кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат:

1) эки жыл - коркунучтуулугу аз кылмыш жасаган учурда;

2) үч жыл - анча оор эмес кылмыш жасаган учурда;

3) жети жыл - оор кылмыш жасаган учурда;

4) он жыл - өзгөчө оор кылмыш жасаган учурда, ошондой эле, эгерде кылмыш уюшкан топтун, кылмыштуу коомдоштуктун курамында жасалса.

2. Эгерде кылмыш жасаган адам тергөөдөн же соттон качса, эскирүүнүн өтүшү токтотулуп турат. Бул учурларда эскирүүнүн өтүшү адам кармалган күндөн тартып кайра жаңыртылат. Эгерде коркунучтуулугу аз жана анча оор эмес кылмыш жасалган мезгилден тартып он жыл өтсө, адам кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат.

3. Эгерде ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн мөөнөттөр өткөнгө чейин адам кайра жаңы кылмыш жасаса, эскирүүнүн өтүшү үзгүлтүккө учурайт. Бул учурда эскирүү мөөнөтүнүн эсеби жаңы кылмыш жасалган күндөн тартып кайтадан башталат. Мында эскирүү мөөнөтү ар бир кылмыш үчүн өз-өзүнчө эсептелет.

4. Мыйзамга ылайык өмүр бою эркиндигинен ажыратуунун дайындалышы мүмкүн болгон өзгөчө оор кылмыш жасаган адамга карата эскирүүнү колдонуу жөнүндө маселе сот тарабынан чечилет. Эгерде сот эскирүүнү колдонуу мүмкүндүгүн таппаса, өмүр бою эркиндигинен ажыратуу дайындалышы мүмкүн эмес жана он беш жылдан жыйырма жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга алмаштырылат.

5. Эгерде иммунитетке ээ болгон адамга карата кылмыш иши козголсо жана ал иммунитеттин болгонуна байланыштуу токтотулуп турса, анда эскирүү мөөнөтү токтотула турат.

6. Ушул Кодекстин 122-беренесинин 2-бөлүгүндө, 137-беренесинде, 154-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктунда жана 4-бөлүгүндө, 155-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктунда жана 4-бөлүгүндө, 252, 331, 402, 403, 404, 405, 406, 407, 408, 409, 410, 411, 414-беренелеринде каралган кылмыштар жасалган учурларда эскирүү мөөнөтү колдонулбайт.

11-глава. Кылмыш үчүн жаза жана анын максаттары. Кылмыш үчүн жазалардын түрлөрү

59-берене. Кылмыш үчүн жаза түшүнүгү жана анын максаттары

1. Кылмыш үчүн жаза кылмыш-жаза-укуктук таасир этүүнүн мажбурлоочу чараларынын бири болуп саналат, кылмыш жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп таанылган адамга карата соттун өкүмү боюнча колдонулат жана соттолгондун ушул Кодексте каралган укуктарын жана эркиндигин чектөөнү жана ага белгилүү бир милдеттерди жүктөөнү билдирет.

2. Адамды жазалоонун максаты болуп күнөөлүүнү түзөтүү жана кайра социалдаштыруу, жаңы кылмыштарды жасоосун алдын алуу, социалдык адилеттүүлүктү калыбына келтирүү саналат.

60-берене. Кылмыш жасагандыгы үчүн жазанын түрлөрү

1. Кылмыш жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп таанылган адамдарга сот тарабынан жеңил түрүнөн кыйла оор түрүнө өтүү менен төмөндөгү негизги жазалар колдонулушу мүмкүн:

1) коомдон бөлүп коюу менен байланышпаган:

а) коомдук иштер;

б) эркиндигин чектөө;

в) белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу;

г) түзөтүү жумуштары;

д) айып.

Мында түзөтүү жумуштарынын жана айыптын катуулугу алардын конкреттүү өлчөмү менен аныкталат;

2) коомдон обочолонтуу менен байланышкан:

а) тартиптик аскер бөлүгүндө кармоо;

б) эркиндигинен белгилүү бир мөөнөткө ажыратуу;

в) өмүр бою эркиндигинен ажыратуу.

2. Сот тарабынан кошумча жаза катары төмөнкүлөр колдонулушу мүмкүн:

1) кызматтык абалын же кызматтык абал менен берилген мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу менен кылмыш жасалган учурда - атайын, аскердик, ардак наамынан, дипломатиялык рангынан же класстык ченинен ажыратуу;

2) оор же өзгөчө оор кылмыш жасалган учурда - мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратуу.

Ошондой эле, эгерде тиешелүү наам, чен, же болбосо сыйлык кызматтык жасалмачылыктын же башка кылмыштын натыйжасында ыйгарылса, адам атайын, аскердик, ардак наамдарынан, дипломатиялык рангынан, класстык чендеринен, мамлекеттик сыйлыктарынан сот тарабынан ажыратылат;

3) мүлкүн конфискациялоо;

4) өлкөдөн чыгарып жиберүү.

Белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу негизги гана эмес, кошумча жаза катары да колдонулушу мүмкүн.

3. Бир эле кылмыш үчүн ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн беренесинин (беренесинин бөлүгүнүн) санкцияларында каралган бир гана негизги жаза дайындалат. Негизги жазага ушул Кодексте каралган учурларда жана тартипте бир же бир нече кошумча жазанын түрү кошулушу мүмкүн.

4. Адамдын өлүмүнө алып келген атайылап кылмыш жасагандыгы үчүн негизги жаза катары коомдук иштер, түзөтүү жумуштары, белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу, ошондой эле айып салуу мыйзамда белгиленбейт жана сот тарабынан колдонулбайт.

61-берене. Коомдук иштер

1. Коомдук иштер соттолгон адам тарабынан негизги иштен же окуудан бош убакытта коомдун пайдасына акысыз иштерди аткаруудан турат, алардын конкреттүү түрү Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза аткаруу кодексине ылайык пробация органдары менен бирдикте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аныкталат.

2. Коомдук иштер кырк сааттан үч жүз саатка чейинки узактыкта белгиленет. Негизги жумуштан жана окуудан бош убакытта - күнүнө төрт сааттан ашпаган убакытка, ал эми иштебегендер үчүн - күнүнө сегиз сааттан ашпаган убакытка чейин аткарылат.

3. Коомдук иштерге тартуу түрүндөгү жаза соттолгон адамдын ден соолугун, кесибин, квалификациясын, билим деңгээлин эске алуу менен дайындалат.

4. Коомдук иштер аскер кызматчыларына, I жана II топтогу майып деп таанылган адамдарга, кош бойлуу аялдарга, ошондой эле бала багуу боюнча өргүүдөгү аялдарга жана эркектерге, пенсия курагына жеткен адамдарга, ошондой эле коомдук иштердин мөөнөтү аяктаганга чейин пенсия курагына жетүүгө тийиш болгон адамдарга дайындалбайт.

5. Соттолгон адам өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин он күндүн ичинде пробация органына келбеген же коомдук иштерди аткаруудан качкан учурда, пробация органынын сунушу менен, ушул Кодекстин 62, 64, 65 жана 67-беренелерине ылайык каралган мөөнөттөрдүн чектеринде эркиндигин чектөө, түзөтүү жумуштары, айып салуу же эркиндигинен ажыратуу жазалары менен сот тарабынан алмаштырылышы мүмкүн. Мында түзөтүү жумуштарынын, эркиндигин чектөөнүн же эркиндигинен ажыратуунун мөөнөтү бир жылга чейин деп белгиленет.

Соттолгон адамдын коомдук иштерди аткарган мезгил ичиндеги убактысы эркиндигин чектөөнүн, түзөтүү жумуштарынын же эркиндигинен ажыратуунун бир күнү коомдук иштердин сегиз сааты эсебинде эсепке алынат.

6. Сот тарабынан коомдук иштерге тартууга өкүм чыгарылгандан кийин соттолгон адам I же II топтогу майып деп табылса, ошондой эле кош бойлуу аялдарга карата, эгерде кош бойлуулук соттун өкүмү чыгарылгандан кийин болсо, ушул Кодекстин 91-беренесинин жоболору колдонулат.

62-берене. Эркиндикти чектөө

1. Эркиндикти чектөө коркунучтуулугу аз же анча оор эмес кылмыштар боюнча күнөөлүү деп таанылган адамга карата сот тарабынан алты айдан үч жылга чейинки мөөнөткө анын эркиндигин чектеген белгилүү бир милдеттерди жүктөөдө турат жана бул жаза аны коомдон бөлбөстөн, жашаган жери боюнча пробация органынын көзөмөлүндө өтөлөт.

2. Сот тарабынан эркиндигин чектөөгө соттолгондорго төмөндөгүдөй милдеттер жүктөлөт:

I) соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирген учурдан тартып он күндүн ичинде жашаган жери боюнча пробация органдарына баруу;

2) каттоо жана профилактикалык маектешүүгө катышуу үчүн айына эки жолу пробация органдарына келүү;

3) өлкөнүн чегинен тышкары чыкпоо;

4) пробация органдарын өзүнүн жашаган жери, иши жана окуусу, ошондой эле алардын өзгөрүүсү жөнүндө кабарлоо;

5) жашаган жеринен кыска мөөнөткө чыгуу үчүн пробация органынан уруксат алуу;

6) психикалык активдүү заттарды колдонбоо;

7) пробация органдары тарабынан дайындалуучу кайра социалдаштыруу программаларына катышуу.

3. Сот эркиндикти чектөө түрүндө жаза дайындаганда адамга бир же андан ашык төмөнкүдөй кошумча милдеттерди жүктөөгө укуктуу:

1) белгилүү бир жерлерге барбоо;

2) белгилүү бир ишти же аракетти жасоодон кармануу;

3) сот аныктаган сутканын убактысында жашаган жеринде болуу;

4) сот белгилеген мөөнөттө жумушка орношуу же окууга өтүү;

5) жабырлануучуга келтирилген зыяндын ордун сот аныктаган мөөнөттө толтуруп берүү;

6) белгилүү бир адамдар менен байланышта болбоо;

7) өзү алдын ала макулдук берген алкоголго, баңгизатына, психотроптук, уулуу заттарга болгон көз карандылыктан же болбосо башка адамдардын ден соолугуна коркунуч келтирген оорудан дарылануу курсунан өтүү;

8) сот тарабынан жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы жөнүндө пробация органынын талабы боюнча ага билдирүү.

4. Эркиндигин чектөөгө соттолгон адам өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин он күндүн ичинде пробация органына келбеген жана жаза өтөөдөн качкан учурда, пробация органынын сунушу боюнча сот эркиндигин чектөөнүн өтөлө элек мөөнөтүн эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза менен калган мөөнөткө алмаштыра алат. Мында эркиндиги чектелген мөөнөттүн өтөө убактысы эркиндигинен ажыратуунун бир күнү эркиндигин чектөөнүн эки күнү катары эркиндигинен ажыратуу мөөнөтүнө эсептелет.

5. Эркиндикти чектөө туруктуу жашаган жери жок адамдарга, чет өлкөлүк жарандарга жана Кыргыз Республикасында убактылуу жашап жаткан жарандыгы жок адамдарга, ошондой эле аскер кызматчыларына карата дайындалбайт.

63-берене. Белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу

1. Белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу кылмыш жасаган адамга мамлекеттик кызматтын же муниципалдык кызматтын кызмат ордун ээлөөгө же болбосо белгилүү бир кесиптик же башка иш менен алектенүүгө тыюу салынгандыгын билдирет.

2. Белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу жазанын негизги түрү катары бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө дайындалат.

3. Белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу, эгерде ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн беренесинде (беренесинин бөлүгүндө) каралбаган учурда, кызматты ээлебесе же белгилүү бир иш менен алектенбесе жасай албай турган адам жасаган кылмыштын мүнөзүнө таянып, жазанын кошумча түрү катары алты айдан үч жылга чейинки мөөнөткө дайындалат.

4. Кылмыштын өзгөчө субъекти тарабынан баланын өмүрүнө жана ден соолугуна же жыныстык кол тийбестигине каршы кызматтык абалын пайдаланып атайылап кылмыш жасалган учурда белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу, жазанын кошумча түрү катары сот тарабынан милдеттүү түрдө дайындалат. Ошол эле убакта жазанын бул түрүнүн эң жогорку мөөнөтү төрт эсеге көбөйөт, бирок жалпы мөөнөтү он эки жылдан ашпашы керек.

5. Коомдук иштер же айып жазанын негизги түрү катарында дайындалганда, ошондой эле пробациянын шарттарын колдонуу менен жазадан бошотулганда, жазанын кошумча түрү катары дайындалган белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу мөөнөтү соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирген учурдан тартып эсептелет.

6. Бул жаза эркиндигинен ажыратууга, тартиптик аскер бөлүгүндө кармоого кошумча түрү катары дайындалганда, ал негизги жаза өтөп жаткан бардык мезгилге жайылтылат, бирок мында анын мөөнөтү эркиндигинен ажыратуу жана тартиптик аскер бөлүгүндө кармоо түрүндөгү жазаны өтөгөндөн кийин башталат. Белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу башка жазанын негизги түрүнө кошумча жаза катары дайындалганда, ошондой эле жаза мөөнөтүн кийинкиге калтырууда же пробация колдонулганда, анын мөөнөтү өкүм мыйзамдуу күчүнө кирген учурдан тартып эсептелет.

7. Эгерде соттолгон адам соттун өкүмүн аткарбаса жана тыюу салынган кызматтарды же иш менен алектенүүсүн уланта берсе, ал ушул Кодекстин 370-беренесине ылайык жоопко тартылат.

8. Өкүмдү аткаруу боюнча милдеттер жүктөлгөн ишканалардын, уюмдардын же мекемелердин кызмат адамдары аларды аткарбаган учурда ушул Кодекстин 370-беренесине ылайык жоопкерчилик тартат

64-берене. Түзөтүү жумуштары

1. Түзөтүү жумуштары - жазанын түрү, коркунучтуулугу аз кылмыштарды жана анча оор эмес кылмыштарды жасагандыгы үчүн сот тарабынан эки айдан үч жылга чейинки мөөнөткө дайындалат, соттолгондун иштеген жери боюнча, ал эми ишти айкалыштырып иштеген учурда негизги иштеген жери боюнча өтөлөт.

2. Түзөтүү жумуштарына соттолгондун эмгек акысынан (акчалай үлүшүнөн) соттун өкүмү менен белгиленген өлчөмдө, 10дон 25 пайызга чейинки чектерде мамлекеттин кирешесине чегерүү жүргүзүлөт.

3. Эмгекке жараксыз деп таанылган адамдарга же өндүрүштөн ажыратылбай окуу жайларында окуп жаткандарга, аскер кызматчыларына, түзөтүү жумуштарынын мөөнөтү аяктаганга чейин пенсия курагына жете турган адамдарга, кош бойлуу аялдарга, ошондой эле үч жашка чейинки курактагы балдары бар аялдарга, үч жашка чейинки курактагы балдардын жалгыз бой атасы болуп саналган эркектерге, I жана II топтогу майыптарга жана туруктуу жашаган же иштеген жери жок адамдарга түзөтүү жумуштары дайындалбайт.

4. Соттолгон адам өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин он күндүн ичинде пробация органына келбесе, ошондой эле түзөтүү жумуштары түрүндө жазаны өтөөдөн кыянаттык менен баш тартса, пробация органынын сунушу боюнча сот түзөтүү жумуштары түрүндөгү жазаны адам күнөөлүү деп таанылган ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн тиешелүү беренесинде каралган мөөнөттүн чегинде айып түрүндөгү жазага алмаштырат.

5. Соттун өкүмү чыккандан кийин адам ишин жоготсо жана бир айдын ичинде өз ыктыяры менен жумушка орношпосо, сот түзөтүү жумуштарын кырк сааттан үч жүз саатка чейинки мөөнөткө коомдук иштер менен алмаштырат.

6. Түзөтүү жумуштарына соттолгон адам сот тарабынан өкүм чыгарылгандан кийин I же II топтогу майып деп табылса, ошондой эле кош бойлуу аялдарга карата, эгерде кош бойлуулук соттун өкүмү чыгарылгандан кийин болсо, ушул Кодекстин 91-беренесинин жоболору колдонулат.

7. Өкүмдү аткаруу боюнча милдеттер жүктөлгөн ишканалардын, уюмдардын же мекемелердин кызмат адамдары аларды аткарбаган учурда ушул Кодекстин 370-беренесине ылайык жоопкерчилик тартат.

65-берене. Айып

1. Айып - ушул Кодексте белгиленген учурларда, өлчөмдө жана тартипте сот тарабынан акчалай түрдө дайындалуучу жаза.

2. Айыпкердин, соттолгон адамдын мүлктүк абалын эске алуу менен жасалган кылмыштын мүнөзүнө жана оордугуна жараша айып белгиленет.

3. Айып, ушул Кодекстин 337-346-беренелеринде көрсөтүлгөн кылмыштарды жасоону кошпогондо, эсептик көрсөткүч менен эсептелет жана 200дөн 2000ге чейинки өлчөмүндө белгиленет.

4. Айып ушул Кодекстин 337-346-беренелеринде каралган кылмыштарды жасагандыгы үчүн 3000ден 25000 эсептик көрсөткүчтөргө чейинки өлчөмдө белгиленет.

5. Соттолгон адам соттун өкүмү, башка соттук акт мыйзамдуу күчүнө кирген учурдан тартып үч ай ичинде айыпты ыктыярдуу тартипте төлөбөгөн учурда, мажбурлап аткаруу органы өкүмдү, башка соттук актыны чыгарган сотко ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн адам күнөөлүү деп табылган тиешелүү беренесинде көрсөтүлгөн мөөнөттүн чегинде, айыпты эркиндигинен ажыратуу менен алмаштыруу жөнүндө сунуш киргизет. Эгерде адам күнөөлүү деп таанылган берененин санкциясында эркиндигинен ажыратуу каралбаса, адам ушул Кодекстин 370-беренесинин негизинде кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылат.

66-берене. Тартиптик аскер бөлүгүндө кармоо

Тартиптик аскер бөлүгүндө кармоо мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчыларына ушул Кодексте каралган учурларда үч айдан бир жылга чейинки мөөнөткө колдонулат.

67-берене. Белгилүү бир мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу

1. Эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза соттолгон адамды ар кандай түрдөгү түзөтүү же тарбиялоо абактарына жайгаштыруу жолу менен коомдон мажбурлап обочолонтууда турат.

2. Эркиндигинен ажыратуу алты айдан он беш жылга чейинки мөөнөткө белгиленет.

3. Кылмыштардын жыйындысы боюнча жана өкүмдөрдүн жыйындысы боюнча жазаларды дайындоодо эркиндигинен ажыратуу мөөнөттөрүн жарым-жартылай же толук кошкон учурунда эркиндигинен ажыратуунун эң жогорку мөөнөтү жыйырма жылдан ашпоого тийиш.

4. Эркиндигинен ажыратууга соттолгондорго жазаны өтөө дайындалат:

1) белгилүү бир мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга биринчи жолу соттолгон адамдарга, түзөтүү жумуштары жана коомдук иштер, эркиндигин чектөө жана айып түрүндөгү жазалары эркиндигинен ажыратууга алмаштырылган, ошондой эле пробациялык көзөмөл жокко чыгарылып, эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза дайындалган адамдар - жалпы тартиптеги түзөтүү абактарында;

2) эркиндигинен ажыратуу түрүндө жазаны мурда өтөгөн жана кайрадан белгилүү бир мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга соттолгондорго - катуу тартиптеги түзөтүү абактарында;

3) өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдарга, ошондой эле өмүр бою эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазасы ырайым кылуу тартибинде эркиндигинен ажыратууга алмаштырылган адамдар - өзгөчө тартиптеги түзөтүү абактарында;

4) биринчи жолу эркиндигинен ажыратууга соттолгон эркек балага, кыз балага, ошондой эле пробациялык көзөмөл жокко чыгарылган жана эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза дайындалган балдарга - жалпы тартиптеги тарбиялоо абактарда;

5) мурда эркиндигинен ажыратуу түрүндө жазасын өтөгөн жана кайрадан эркиндигинен ажыратууга соттолгон эркек балага - күчөтүлгөн тартиптеги тарбиялоо абактарда.

5. Эркиндигинен ажыратууга соттолгон элүү бештен ашкан курактагы эркектердин жана элүүдөн ашкан курактагы аялдардын жаза мөөнөтү ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн тийиштүү беренинде каралган эркиндигинен ажыратуунун эң жогорку мөөнөтүнүн төрттөн үчүнөн ашпайт.

6. Соттолгон адамга дайындалган түзөтүү мекемесинин түрүн өзгөртүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген негиздер боюнча жана тартипте сот тарабынан жүргүзүлөт.

68-берене. Өмүр бою эркиндигинен ажыратуу

1. Өмүр бою эркиндигинен ажыратуу соттолгонду коомдон мажбурлап обочолонтуу менен өзгөчө тартиптеги түзөтүү абактарына жөнөтүүнү билдирет жана эгерде сот белгилүү бир мөөнөткө эркиндигинен ажыратууну колдонуу мүмкүндүгүн таппаса, ушул Кодекстин 122-беренесинин 2-бөлүгүндө, 154-беренесинин 4-бөлүгүндө, 155-беренесинин 4-бөлүгүндө, 252-беренесинин 3-бөлүгүндө, 402, 403, 405-беренелеринде, 410-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмыштарды жасагандыгы үчүн белгиленет.

2. Өмүр бою эркиндигинен ажыратуу аялдарга, он сегиз жашка чейинки куракта кылмыш жасагандарга, кылмыш жасаган учурда алтымыш жашка чыккан эркектерге дайындалбайт.

3. Өмүр бою эркиндигинен ажыратуу ырайым кылуу тартибинде жыйырма жылдык мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу менен алмаштырылышы мүмкүн.

69-берене. Мүлктү конфискациялоо

1. Мүлктү конфискациялоо айыптоо өкүмүнүн негизинде төмөнкүдөй мүлктөрдү мамлекеттин менчигине айландыруу менен акысыз алып коюу болуп саналат:

1) кылмыш жасоонун натыйжасында алынган акчаларды, баалуулуктарды жана башка мүлктү;

2) кылмыш жасоону каржылоого пайдаланылган же багытталган акчаларды, баалуулуктарды жана башка мүлктү;

3) кылмыш жасоонун натыйжасында алынган акчаларды, баалуулуктарды жана башка мүлктү жана (же) жарым-жартылай же толугу менен айландырылган же болбосо кайра өзгөртүлгөн бул мүлктөн түшкөн кирешелерди;

4) кылмыш жасоонун куралдарын, жабдууларын же башка каражаттарын.

2. Эгерде кылмыш жасоонун натыйжасында алынган мүлк жана (же) ал мүлктөн түшкөн кирешелер мыйзамдуу жол менен алынган мүлккө кошулса, кошулган мүлктүн жана андан түшкөн кирешелердин наркына шайкеш келген мүлктүн бөлүгү конфискацияланууга тийиш.

3. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунда көрсөтүлгөн, кылмыш жасаган адам тарабынан башка адамга (уюмга) өткөрүп берилген мүлк, эгерде мүлктү кабыл алган адам ал кылмыштуу аракеттердин натыйжасында алынгандыгын билсе же иштин жагдайлары боюнча билүүгө тийиш болсо, конфискацияланууга тийиш.

4. Конфискацияланган мүлктү мамлекеттин кирешесине айландыруу же жок кылуу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

5. Эгерде ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мүлккө кирген белгилүү бир буюмду конфискациялоо бул предметти конфискациялоо тууралуу сот чечим кабыл алган учурга карата аны пайдалануудан, сатуудан, мыйзамдуу жол менен сатып алынган мүлктөн бөлүүгө мүмкүн болбогондуктан же башка себептерден улам мүмкүн болбосо, анда сот бул предметтин наркына туура келген акчалай сумманы конфискациялоо жөнүндө чечим чыгарат.

6. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-3-пункттарында көрсөтүлгөн мүлккө кирген буюмдун ордуна берилүүчү акча каражаттары болбогон же болбосо жетишсиз болгон учурда сот конфискацияланууга жаткан буюмдун наркына туура келген, же болбосо мыйзамдарга ылайык өндүрүп алуу колдонулбай турган мүлктөрдү кошпогондо, бул буюмдун наркына салыштырмалуу келген нарктагы башка мүлктү конфискациялоо жөнүндө чечим чыгарат.

7. Мүлктү конфискациялоо жөнүндө маселени чечүүдө, биринчи кезекте жабырлануучуга келтирилген зыяндын ордун толтуруу маселеси чечилет.

8. Күнөөлүүдө өндүрүп алына турган башка мүлк болбогондо, ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-4-пункттарында көрсөтүлгөндөрдөн тышкары, анын наркынан мыйзамдуу ээлик кылуучуга келтирилген зыяндын орду толтурулат, ал эми калган бөлүгү мамлекеттин кирешесине айландырылат.

70-берене. Өлкөдөн чыгарып жиберүү

Чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам жазаны өтөгөндөн кийин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган тартипте Кыргыз Республикасынын чегинен чыгарылат.

12-глава. Кылмыш-жаза-укуктук таасир этүүнүн мажбурлоо чаралары

71-берене. Материалдык зыяндын ордун толтуруу жана моралдык залалды компенсациялоо

1. Материалдык зыяндын ордун толтуруу жана моралдык залалды компенсациялоо, ушул Кодексте көрсөтүлгөн негиздер боюнча, адам кылмыш-жаза жоопкерчилигинен же болбосо жазадан бошотулгандыгына карабастан, сот тарабынан колдонулат.

2. Моралдык залалды компенсациялоодо сот акчалай компенсацияны белгилейт. Бул компенсация келтирилген залалдын оордугуна жараша 50 эседен 1000 эсе эсептик көрсөткүчкө чейинки өлчөмдө дайындалат.

3. Ушул берененин жоболорун колдонууда Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде белгиленген эскирүү мөөнөтү колдонулбайт.

13-глава. Жазаны дайындоо

72-берене. Жазаны дайындоонун жалпы башталышы

1. Сот жазаны кылмыш жасагандыгы үчүн жоопкерчилик каралуучу ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн тиешелүү беренесинде белгиленген чектерде, ушул Кодекстин Жалпы бөлүгүнүн жоболорун сактоо менен дайындайт.

2. Жазаны дайындоодо сот жазанын алдын алуучу максаттарын эске алуу менен күнөөнүн даражасы жана жосун тарабынан келтирилген залалдын даражасына шайкеш келүүсүн эске алуусу зарыл.

3. Жазанын жеңилирээк түрү жазанын максатына жетүүнү камсыз кылбаган учурда гана ушул Кодекстин 60-беренесинде каралган жазанын оор түрү дайындалышы мүмкүн.

4. Эгерде кылмыш жоопкерчилигине тартылган адамга ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн беренесинде (беренесинин бөлүгүндө) кылмыштын курамы катары жеңилдетүүчү же оордотуучу жагдайлар каралса, анда ошол эле жагдайлар жазаны дайындоодо көңүлгө алынбайт.

73-берене. Жазаны жеңилдетүүчү жагдайлар

1. Жазаны дайындоодо жазаны жеңилдетүүчү жагдайлар болуп төмөнкүлөр таанылат:

1) чын дилинен өкүнүү же кылмышты ачууга көмөк көрсөтүү;

2) келтирилген зыяндын ордун ыктыярдуу түрдө толтуруу же залалды жоюу;

3) жеке, үй-бүлөлүк, материалдык же башка оор жагдайлардын айынан кылмыш жасоо;

4) кызматтык же башка көз карандылыктан улам кылмыш жасоо;

5) он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки курактагы баланын кылмыш жасашы;

6) кош бойлуу абалдагы аялдын кылмыш жасашы.

2. Сот жазаны дайындоодо ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлбөгөн башка жагдайларды да жеңилдетүүчү жагдай деп таанышы мүмкүн.

74-берене. Жазаны оордотуучу жагдайлар

1. Жазаны дайындоодо жазаны оордотуучу жагдайлар болуп төмөнкүлөр таанылат:

1) адамдардын тобу, алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу, уюшкан топ же кылмыштуу коомдоштук тарабынан кылмыш жасоо;

2) кылмышты расалык, этностук, улуттук, диний же аймактар аралык касташуунун (чыр-чатактын) айынан жасоо;

3) кылмыш аркылуу оор залал келтирүү;

4) балага, майыпка, карыган адамга же алсыз абалдагы адамга карата кылмыш жасоо;

5) кош бойлуу аялга карата кылмыш жасоосу;

6) күнөөлүү адамга материалдык же кызматтык көз каранды болгон адамга карата кылмыш жасоо;

7) өзгөчө мыкаачылык менен кылмыш жасоо;

8) өзгөчө кырдаал же согуштук абал, же коомдук кырсыктын шарттарында кылмыш жасоо;

9) жалпыга коркунуч келтирген ыкма менен кылмыш жасоо;

10) башка кылмышты жашырууга же аны жеңилдетүүгө көмөктөшүү максатында кылмыш жасоо;

11) мас абалындагы адам тарабынан кылмыш жасоо.

Сот кылмыштын мүнөзүнө жараша бул жагдайды жазаны оордотуучу жагдай катары тааныбай коюуга укуктуу.

2. Сот жазаны дайындоодо ушул беренеде каралбаган жагдайларды оордотуучу деп тааный албайт.

75-берене. Кылмышка даярдык көргөндүгү жана кылмыш жасоого аракеттенүү үчүн жазаны дайындоо

1. Сот аякталбаган кылмышка жазаны дайындоодо кылмыштуу ниетти ишке ашыруу даражасын жана аны аягына чыгарбаган себептерди, ошондой эле күнөөлүү адам жасаган аракеттин мүнөзүн эске алат.

2. Кылмышка даярдык көргөндүгү үчүн жазанын мөөнөтү же өлчөмү аякталган кылмыш үчүн ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн тиешелүү беренелеринде (беренелеринин бөлүктөрүндө) каралган жазанын катуураак түрүнүн эң жогорку мөөнөтүнүн же өлчөмүнүн жарымынан ашык болбоого тийиш. Мында бул жазанын эң төмөнкү мөөнөтү же өлчөмү ушул Кодексте көрсөтүлгөн жазанын ушул түрүнүн эң төмөнүнөн аз болбоого тийиш.

3. Кылмыш жасоого аракеттенүү үчүн жазанын мөөнөтү же өлчөмү аякталган кылмыш үчүн ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн тиешелүү беренелеринде (беренелеринин бөлүктөрүндө) каралган жазанын катуураак түрүнүн эн жогорку мөөнөтүнүн же өлчөмүнүн төрттөн үчүнөн ашык болбоого тийиш. Мында бул жазанын эң төмөнкү мөөнөтү же өлчөмү ушул Кодексте каралган жазанын ушул түрүнүн эң төмөнүнөн аз болбоого тийиш.

4. Кылмышка даярдык көргөндүгү же кылмыш жасоого аракеттенүү үчүн өмүр бою эркиндигинен ажыратуу жазасы дайындалбайт.

76-берене. Кылмышка кошо катышуучуларга жаза дайындоо

1. Сот кылмышка кошо катышуучуларга жаза дайындоодо кошо катышуунун мүнөзүн жана кылмыш жасоодогу ар бир кошо катышуучунун ролун эске алат.

2. Сот кошо катышуучуларга жаза дайындоодо ар бир кошо катышуучуга тиешелүү болгон жазаны оордотуучу жана жеңилдетүүчү жагдайларды эске алат.

3. Уюшкан топтун же болбосо кылмыштуу коомдоштуктун уюштуруучусуна жана жетекчисине алардын калган мүчөлөрүнө караганда оордотулган жаза дайындалат.

77-берене. Кылмыштардын жыйындысы боюнча жаза дайындоо

1. Ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн каралган ар кандай беренелери (беренелеринин бөлүктөрү) же бир эле беренеси (берененин бөлүгү) боюнча адам тарабынан эки же андан көп кылмыш жасалганда, алардын бири үчүн да адам соттолбосо жана кылмыш куугунтуктоосунун эскирүү мөөнөтү бүтө элек болсо, кылмыштуу жосундардын жыйындысы деп таанылат.

2. Кылмыштардын жыйындысы болгондо сот ушул главанын жоболоруна ылайык ар бир кылмышка өз-өзүнчө (негизги жана кошумча) жаза дайындайт, андан кийин дайындалган жазаларды толук же жарым-жартылай кошуу жолу менен акыркы жазаны аныктайт.

3. Эгерде жасалган кылмыштардын жок дегенде бирине өмүр бою эркиндигинен ажыратуу жазасы дайындалса, анда кылмыштардын жыйындысы боюнча акыркы жаза кыйла катуу эмес жазаны өмүр бою эркиндигинен ажыратууга сиңирүү жолу менен аныкталат.

4. Кылмыштардын жыйындысы болгондо негизги жаза менен бирге кошумча жаза дайындалышы мүмкүн. Жазалардын жарым-жартылай же толук кошулушунан кийин кошумча жазанын акыркы мөөнөтү жана өлчөмү ушул Кодекстин Жалпы бөлүгүндө кошумча жазанын ушул түрү үчүн каралган эң жогорку мөөнөтүнөн же өлчөмүнөн ашпашы керек.

5. Эгерде өкүм чыгарылгандан кийин соттолгон адам биринчи иш боюнча өкүм чыгарылганга чейин башка кылмыш үчүн дагы күнөөлүү экендиги аныкталса, жаза ошол эле тартипте дайындалат. Бул учурда кылмыштардын жыйындысы боюнча акыркы жазага биринчи өкүм боюнча толугу менен же жарым-жартылай өтөлгөн жаза кошуп эсептелет.

78-берене. Өкүмдөрдүн жыйындысы боюнча жаза дайындоо

1. Өкүмдөрдүн жыйындысы боюнча жазаны дайындоодо, сот акыркы өкүм боюнча дайындалган жазага мурдагы өкүм боюнча дайындалган жазанын өтөлө элек бөлүгүн жарым-жартылай же толугу менен кошот.

2. Өкүмдөрдүн жыйындысы боюнча дайындалган акыркы жазанын мөөнөтү же өлчөмү, эгерде ал эркиндигинен ажыратууга караганда жеңилирээк болсо, ушул Кодекстин Жалпы бөлүгүндө жазанын ушул түрү үчүн каралган эң жогорку мөөнөттөн же өлчөмдөн ашпоого тийиш.

3. Өкүмдөрдүн жыйындысы боюнча дайындалган акыркы жаза жаңы жасалган кылмыш үчүн берилген жазадан, ошондой эле мурунку өкүм боюнча дайындалган жазанын өтөлө элек бөлүгүнөн көбүрөөк болууга тийиш.

4. Өмүр бою эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза менен башка катуураак эмес жазаларды бириктирүүдө, өкүмдөрдүн жыйындысы боюнча дайындалган жазанын жалпы мөөнөтү өмүр бою эркиндигинен ажыратуу жазасына сиңирүү жолу менен аныкталат.

5. Өмүр бою эркиндигинен ажыратуу түрүндө эки же андан ашык жазалар дайындалган учурда ал бир жолу өтөлөт.

6. Өкүмдөрдүн жыйындысы боюнча жазалардын кошумча түрлөрүнүн бириктирилиши ушул Кодекстин 63-беренесинде каралган тартипте жүзөгө ашырылат.

79-берене. Күнөөсүн мойнуна алуу жөнүндө келишим түзүлгөн учурда жазаны дайындоо

1. Адам күнөөнү мойнуна алуу боюнча келишим түзгөндө жана келтирилген материалдык зыянды толугу менен төлөгөндө, сот адам күнөөлүү деп табылган беренеде каралган жазанын минималдуу өлчөмүнүн чегинде эркиндигинен ажыратууга байланышпаган жазаны дайындайт. Эгерде берененин санкциясында эркиндигинен ажыратууга байланышпаган жазалар жок болсо, адамды күнөөлүү деп тапкан берене менен каралган эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазанын эң төмөнкү мөөнөтүнүн жарымынан аз эмес мөөнөткө дайындалат.

2. Күнөөсүн мойнуна алуу жөнүндө келишим түзүлгөн учурда пробациялык көзөмөл колдонулбайт.

80-берене. Жазаларды бириктирүү жана камакта кармоо убактысын кошуу эрежелери

1. Кылмыш жасагандыгы үчүн жазаны дайындоодо, ошондой эле кылмыштардын жыйындысы боюнча жана өкүмдөрдүн жыйындысы боюнча жазаларды толук же жарым-жартылай бириктирүүдө эркиндигинен ажыратуунун бир күнүнө барабар болот:

1) түзөтүү жумуштарынын үч күнү;

2) коомдук иштердин сегиз сааты;

3) эркиндигин чектөөнүн эки күнү;

4) тартиптик аскер бөлүгүндө кармоонун бир күнү.

2. Кылмыштардын жыйындысы жана түзөтүү жумуштары түрүндө өкүмдөрдүн жыйындысы боюнча жазаны дайындоодо бул жазалардын мөөнөттөрү гана кошулат.

Соттолгондун эмгек акысынан (акчалай үлүшүнөн) чегерүүлөрдүн өлчөмү кошууга жатпайт жана ар бир өкүм боюнча өз алдынча эсептелинип чыгарылат.

3. Айып жана белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу түрүндөгү жазалар кылмыштардын жана өкүмдөрдүн жыйындысы боюнча жазанын башка түрлөрү менен кошууга жатпайт жана өз алдынча аткарылат.

4. Ар кандай түрдөгү кошумча жазалар бардык учурларда өз алдынча аткарылат.

5. Өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин камакта кармоонун мөөнөтү камакта кармоонун бир күнү эркиндигинен ажыратуунун бир күнүнө барабар деп эсептелет.

6. Өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин үй камакта кармоонун мөөнөтү төмөнкүлөргө жараша эсептелинет:

1) беш күнү - эркиндигинен ажыратуунун жана тартиптик аскер бөлүгүндө кармоонун бир күнүнө;

2) бир күнү - түзөтүү жумуштарынын жана эркиндигин чектөөнүн бир күнүнө;

3) бир күнү - коомдук иштердин эки саатына.

7. Эгерде соттук териштирүүгө чейин камакта кармалган адамга негизги жаза катары айып же болбосо белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу, коомдук иштер же түзөтүү жумуштары дайындалса, анда сот камакта кармоонун мөөнөтүн эске алып, ага дайындалган жазаны жеңилдетет же аны өтөөдөн толугу менен бошотот.

81-берене. Жаза мөөнөттөрүн эсептөө

1. Жаза мөөнөттөрү суткалар, айлар жана жылдар менен эсептелет.

2. Коомдук иштерге тартуунун мөөнөттөрү саат менен эсептелет.

14-глава. Пробациялык көзөмөл

82-берене. Пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жазадан бошотуу

1. Сот анчалык оор эмес жана (же) оор кылмыштар үчүн эркиндигинен ажыратуу түрүндө жазаны дайындоодо, күнөөлүүнүн ким экендигин, анын пробациялык көзөмөлдү колдонууга берген макулдугун, ошондой эле иштин башка жагдайларын эске алуу менен, соттолгон адамды жаза өтөбөстөн түзөтүү мүмкүн экендиги жөнүндө тыянакка келсе, кылмыш-жаза-укуктук таасир этүүнүн мажбурлоочу-кубаттоочу чарасы болуп эсептелген пробациялык көзөмөлдү (пробацияны) колдонуу аркылуу аны жаза өтөөдөн бошотуу жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн.

2. Пробациялык көзөмөл төмөнкү адамдарга колдонулбайт:

1) өзгөчө оор кылмыштары үчүн соттолгондорго;

2) мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштар үчүн соттолгондорго;

3) коомдук коопсуздукка каршы кылмыштар үчүн соттолгондорго;

4) конституциялык түзүлүштүн негиздерине жана мамлекеттин коопсуздугуна каршы кылмыштар үчүн соттолгондорго;

5) уюшкан топтун же кылмыштуу коомдоштуктун курамында жасалган кылмыштар үчүн соттолгондорго;

6) баланын жыныстык кол тийбестик жана жыныстык эркиндигине каршы кылмыштар үчүн соттолгондорго.

Көрсөтүлгөн чектөө он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки балдардын жыныстык кол тийбестигине каршы кылмыш жасаган балдарга жайылтылбайт;

7) ушул Кодекстин 137, 166, 167, 168-беренелеринде көрсөтүлгөн кылмыштар үчүн соттолгондорго;

8) туруктуу жашаган жери жокторго, ошондой эле Кыргыз Республикасында убактылуу жашап турган чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга.

3. Сот пробациялык көзөмөлдү дайындоодо жабырлануучунун пикирин эске алышы мүмкүн.

4. Пробациялык көзөмөл анча оор эмес кылмыш жасагандыгы үчүн - бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө, ал эми оор кылмыш үчүн үч жылдан беш жылга чейин белгиленет. Пробациялык көзөмөлдүн мөөнөтү соттолгон адам пробация органына келген күндөн тартып эсептеле баштайт. Сот өкүмдү жарыялаганда соттолгон адамга сот пробациялык милдеттерди жазуу жүзүндө түшүндүрүп берүүгө милдеттүү.

5. Пробациялык көзөмөл белгиленгенде ушул Кодекстин 60-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган кошумча жазалар дайындалышы мүмкүн.

6. Пробациялык көзөмөлдү белгилөө соттолгон адамды ушул Кодексте каралган кошумча жазаны дайындоодон бошотпойт.

83-берене. Көзөмөлдүк талаптар жана пробациялык милдеттер

1. Сот пробациялык көзөмөл белгиленген соттолгонго карата төмөнкүдөй көзөмөл талаптарын аткарууну жүктөйт:

1) соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирген учурдан тартып он күндүн ичинде жашаган жери боюнча пробация органына келүү;

2) өлкөнүн чегинен чыкпоо;

3) пробация органына жашаган жери, иши же окуусу жөнүндө, ошондой эле алар өзгөргөндүгү тууралуу кабарлоо;

4) каттоо жана профилактикалык маектешүүгө катышуу үчүн айына эки жолу пробация органдарына келүү.

2. Пробациялык көзөмөл чараларын колдонуу менен адамды эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза өтөөдөн бошоткон учурда, сот төмөнкүдөй милдеттердин бирин же андан көбүн соттолгон адамга жүктөйт:

1) соттун өкүмү чыгарылганга чейин алдын ала макулдук берилген учурда алкоголизмден, баңгиликтен, токсикоманиядан же башка адамдардын ден соолугуна коркунуч келтирген оорудан дарылануу курсунан өтүү;

2) психикалык активдүү заттарды колдонбоо;

3) белгилүү бир адамдар менен байланышпоо;

4) кылмыштын натыйжасында жабырлануучуга келтирилген зыяндын ордун сот аныктаган мөөнөттө толтуруу;

5) белгилүү бир жерлерге барбоо;

6) сот аныктаган убакытта жашаган жеринде болуу;

7) сот белгилеген мөөнөттө ишке орношуу же окууга өтүү;

8) пробация органы тарабынан дайындалган кайра социалдаштыруу программаларына катышуу;

9) багуусунда турган адамдарды багуу боюнча милдеттерин жүзөгө ашыруу;

10) пробация органынын талабы боюнча сот тарабынан жүктөлгөн милдеттерди аткаргандыгы жөнүндө кабарлоо.

3. Сот өз каалоосу боюнча соттолгон адамга түзөтүүгө түрткү берүүчү башка пробациялык милдеттерди аткарууну да жүктөй алат.

4. Пробация көзөмөлү пробация органы тарабынан жүзөгө ашырылат.

5. Пробациялык мөөнөттүн ичинде сот пробация органынын сунушу боюнча соттолгон адамга мурда белгиленген пробациялык милдеттерди толук же жарым-жартылай алып салышы же болбосо толукташы мүмкүн. Соттолгон адамдын өтүнүчү боюнча сот ушул берененин 2-бөлүгүнүн 3, 5 жана 6-пункттарында каралган пробациялык милдеттерди толук же жарым-жартылай алып сала алат.

84-берене. Пробациялык көзөмөлдүн укуктук кесепеттери

1. Көзөмөлдүк талаптарды жана жүктөлгөн пробациялык милдеттерди аткарган жана жаңы кылмышты жасабаган соттолгон адам пробациялык мөөнөтү өткөндөн кийин жазаны өтөдү деп эсептелет.

2. Өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин он күндүн ичинде пробация органына эч себепсиз келбесе, көзөмөл талаптарын жана пробациялык милдеттерди эки же андан көп жолу бузса, пробация органы сотко пробациялык көзөмөлдү жокко чыгаруу жөнүндө сунуш киргизет.

3. Соттолгон адам пробациялык мөөнөттүн ичинде жаңы кылмыш жасаса, сот ага ушул Кодекстин 78-беренесине ылайык пробациялык көзөмөлдү жокко чыгарат жана жаза дайындайт.

4. Эгер пробациялык көзөмөлдүн мөөнөтү жарымынан өткөнгө чейин соттолгон адам пробациялык көзөмөлдүн шарттарын ак ниеттүүлүк менен аткарса, оңолуунун жана кайра социалдаштыруунун оң натыйжаларына жетишсе, кылмыш тарабынан келтирилген зыяндын ордун толугу менен толтурса, сот пробация органынын сунушу боюнча пробациялык көзөмөлдү жокко чыгаруу жөнүндө чечим чыгара алат.

15-глава. Жазадан жана аны өтөөдөн бошотуунун башка түрлөрү. Жазаны жеңилдетүү жана аны жеңилирээги менен алмаштыруу

85-берене. Жазадан жана аны өтөөдөн бошотуунун, жазаны жеңилдетүүнүн негиздери

1. Соттолгонду жазадан же аны андан ары өтөөдөн бошотуу, ошондой эле дайындалган жазаны жеңилдетүү, ырайым кылуу тууралуу актынын негизинде жазаны жеңилдетүүнү же аны жеңилирээгине алмаштырууну кошпогондо, ушул Кодексте каралган учурларда гана сот тарабынан колдонулат.

2. Жазадан же аны андан ары өтөөдөн бошотуу мунапыс жөнүндө мыйзамдын негизинде жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

86-берене. Кылмыштан арылтууда жана мыйзамдын санкциясын жеңилдетүүдө жазадан бошотуу жана жазаны жеңилдетүү

1. Ушул Кодексте каралган жосун үчүн соттолгон, кылмыш-жаза жоопкерчилиги күчүнө кирген мыйзам менен алып салынган адам дайындалган жазадан сот тарабынан токтоосуз бошотулууга жатат.

2. Соттолгонго дайындалган жаза жаңы мыйзамдын санкциясынан ашса, анда жаңы мыйзамдын санкциясында белгиленген жазанын эң жогорку чегине чейин сот тарабынан төмөндөтүлөт.

87-берене. Он төрт жашка чейинки курактагы балдары бар соттолгон адамдардын жазаны өтөөсүн кийинкиге калтыруу

1. Өзгөчө оор кылмыш үчүн эркиндигинен ажыратууга соттолгондон тышкары, айыпталуучу же соттолгон кош бойлуу аялга, он төрт жашка чейинки баласы бар аялга, ошондой эле оор же өзгөчө оор кылмыш үчүн айыпталгандан жана соттолгондон тышкары, он төрт жашка чейинки баласы бар жана жалгыз бой атасы болуп саналган эркекке, бала он төрт жашка чыкканга чейин жазаны өтөө мөөнөтүн сот кийинкиге калтырышы мүмкүн.

2. Соттолгондор өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин он күндүн ичинде пробация органына жүйөлүү себепсиз келбесе, эгерде ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн соттолгондор баладан баш тартышса же жүрүм-турумуна көзөмөл жүргүзүүнү жүзөгө ашыруучу орган билдирген эскертүүдөн кийин баланы тарбиялоо боюнча милдеттеринен качуусун уланта берсе, сот ошол органдын сунушу боюнча жазаны өтөөнү кийинкиге калтырууну жокко чыгарып жана соттолгондорду жазаны өтөө үчүн соттун өкүмүнө ылайык дайындалган жерге жөнөтө алат.

3. Бала он төрт жаш куракка толгондо сот ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн соттолгондорду жазасын же жазасынын калган бөлүгүн өтөөдөн бошотот же болбосо жазанын калган бөлүгүн жазанын кыйла жеңил түрүнө алмаштырат же Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарына ылайык жазанын калган бөлүгүн өтөө үчүн соттолгондорду тийиштүү мекемеге жөнөтүү жөнүндө чечим кабыл алат.

4. Эгерде ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн соттолгондор жазаны өтөөсү кийинкиге калтырылган мезгилде жаңы кылмыш жасаса, сот аларга ушул Кодекстин 78-беренесинде каралган эрежелер боюнча жаза дайындайт.

88-берене. Жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотуу

1. Ушул Кодекстин 89-беренесинде көрсөтүлгөн адамдарды кошпогондо, эркиндигинен ажыратууга же тартиптик аскер бөлүгүндө кармоого соттолгон адамдар сот тарабынан жазаны өтөө мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулушу мүмкүн.

2. Соттолгонго карата мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотуу төмөндө саналып өткөн шарттардын бардык жыйындысында колдонулат:

1) түзөтүүнүн жана кайра социалдаштыруунун оң натыйжасына жетишкенде;

2) кылмыш аркылуу келтирилген зыяндын жарымынан кем эмесинин ордун толтурганда;

3) жоюлбаган тартиптик жаза чарасы болбогондо;

4) жазаны өтөө мезгилинде эмгекке жана окууга ак ниетинен мамиле кылганга;

5) эгерде алкоголго, баңгиликке, психотроптук же уулуу затка көз карандылыгы бар болсо, алардан арылууга дарылануу курсунан өткөндө.

3. Жазадан шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотуу соттолгон адам жазасын өтөп жаткан жери боюнча анын өзүнүн жеке арызынын, же болбосо жаза аткаруу мекемесинин администрациясынын сунушу боюнча сот тарабынан колдонулат.

4. Жазадан мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотуу соттолгон иш жүзүндө төмөнкүлөрдү өтөгөндөн кийин колдонулат:

1) анча оор эмес кылмышты жасагандыгы үчүн дайындалган жазанын кеминде үчтөн эки мөөнөтүн;

2) оор же өзгөчө оор кылмышты жасагандыгы үчүн, ошондой эле мурда шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотулган адамга, эгерде аны шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотуу жокко чыгарылса, дайындалган жазанын төрттөн үч кем эмес мөөнөтүн;

3) медиациянын алкагында жабырлануучу тарап менен бүтүмгө жетишсе - анча оор эмес кылмыш жасагандыгы үчүн белгиленген жаза мөөнөтүнүн жарымынан кем эмес;

4) ушул Кодекстин 89-беренесинде каралган чектөөлөрдү кошпогондо, өмүр бою эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазалоодо жыйырма беш жылдан кем эмес.

89-берене. Жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотууну колдонбоо

Жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотуу төмөнкү соттолгон адамга колдонулбайт:

1) баланын өмүрүнө же баланын жыныстык кол тийбестигине кол салууну жасагандыгы үчүн эркиндигинен ажыратылганга;

2) кыйноолор үчүн;

3) тынчтыкка жана адамзаттын коопсуздугуна каршы кылмыштары, ошондой эле аскер кылмыштары үчүн;

4) уюшкан топтун же кылмыштуу коомдоштуктун курамында кылмыш жасагандыгы үчүн;

5) террордук актыны жасагандыгы же экстремисттик уюм түзгөндүгү үчүн;

6) коомдук коопсуздукка, конституциялык түзүлүштүн негиздерине жана мамлекеттин коопсуздугуна каршы кылмыштар үчүн.

90-берене. Жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотууда сыноо мөөнөтүн дайындоо

1. Жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотуу колдонулган учурда сыноо мөөнөтү сот актысы күчүнө кирген учурдан тартып башталат.

2. Жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулган адамга сот жазанын өтөлө элек бөлүгүнүн чегинде, бирок үч жылдан ашпаган сыноо мөөнөтүн дайындайт.

3. Сот мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулгандарга сыноо мөөнөтү мезгилинде пробация органы тарабынан ишке ашырылуучу көзөмөлдү белгилөө жөнүндө токтом чыгарат.

4. Соттолгонго көзөмөл белгиленгенде, сот ага сыноо мөөнөтү мезгилине көзөмөл талаптарды жүктөйт, ошондой эле ушул Кодекстин 83-беренесинде каралган милдеттерди жүктөй алат.

5. Эгерде соттолгон сыноо мөөнөтү ичинде өзүнө жүктөлгөн көзөмөл талаптарды жана милдеттерди сактабаса, анда сот пробация органынын сунушунун негизинде соттолгон адамды дайындалган жазаны жокко чыгарып жана өтөөгө жөнөтүү жөнүндө токтом чыгара алат.

6. Соттолгон адам сыноо мөөнөтүнүн ичинде жаңы кылмыш жасаган учурда сот ушул Кодекстин 78-беренесине ылайык өкүмдөрдүн жыйындысы боюнча ага жаза дайындайт.

91-берене. Оорусу жана кош бойлуулугу боюнча жазаны өтөөдөн бошотуу

1. Белгилүү убакытка эркиндигинен ажыратууга соттолгон адам өкүм (токтом) чыгарылгандан кийин катуу оору жана өкүмдү аткарууга тоскоол болгон оору менен ооруп калганда, медициналык комиссиянын корутундусунун негизинде жазаны андан ары өтөөдөн сот тарабынан бошотулушу мүмкүн. Мында сот жасалган кылмыштын оордугун, соттолгон адамдын инсандыгын, оорусунун мүнөзүн жана жазанын иш жүзүндө өтөлгөн мөөнөтүн эске алат. Тиешелүү оорулардын тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

Коомдук иштерге же түзөтүү жумуштарына соттолгон адам I же II топтогу майып деп таанылган учурда, сот тарабынан жазаны андан ары өтөөдөн бошотулат. Ошондой эле, эгерде кош бойлуулугу соттун өкүмү чыгарылгандан кийин билинсе, сот кош бойлуу аялды коомдук иштер жана түзөтүү жумуштар түрүндөгү жазаны андан ары өтөөдөн бошотот.

Айып салууга соттолгон адам I же II топтогу майып деп таанылган учурда сот тарабынан жазаны андан ары өтөөдөн бошотулушу мүмкүн. Ошол эле убакта сот жасалган кылмыштын оордугун, соттолгондун инсандыгын жана алган майыптуулугун эске алуу менен анын иш жүзүндөгү жазаны аткаруу мүмкүнчүлүгүн эске алат.

2. Эгерде адам өкүм чыгарылгандан кийин жин оорусу менен ооруп калса, анда сот аны психиатр-дарыгерлердин медициналык комиссиясынын корутундусунун негизинде ушул Кодекстин 16-главасынын жоболорун жетекчиликке алып, жаза өтөөдөн бошотот.

3. Адамга медициналык мүнөздөгү мажбурлоочу чаралар колдонулган мезгилдин бир күнү эркиндигинен ажыратуунун медициналык мүнөздөгү мажбурлоочу чараларды колдонуунун бир күнүнө барабар болгон жаза мөөнөтү катары эсепке алынат.

4. Тартиптик аскер бөлүгүнө жиберүүгө соттолгон аскер кызматчысы андан ары ден соолугунун абалы боюнча аскер кызматына жараксыз деп таанылса, жаза өтөөдөн бошотулат.

92-берене. Айыптоо өкүмүн аткаруунун эскириши

1. Эгерде мыйзамдуу күчүнө кирген айыптоо өкүмү төмөнкүдөй мөөнөттөрдө аткарылбаса, соттолгон адам негизги жазаны, ошондой эле кошумча жазаны өтөөдөн бошотулат:

1) эки жыл - коркунучтуулугу аз кылмыш үчүн соттолгондо;

2) үч жыл - анча оор эмес кылмыш үчүн соттолгондо;

3) беш жыл - оор кылмыш үчүн соттолгондо;

4) он жыл - өзгөчө оор кылмыш үчүн соттолгондо.

2. Эскирүү мөөнөтү өкүм мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып эсептелет.

3. Эгерде соттолгон адам жазаны өтөөдөн качса, кылмыштар боюнча эскирүү мөөнөтүнүн өтүүсү токтотула турат. Бул учурда эскирүү мөөнөтү кармалган учурдан тартып улантылат. Соттолгон адамдын жазасын өтөөдөн качканга чейинки мөөнөтү эскирүү мөөнөтүнө кошулат. Мында айыптоо өкүмү, эгерде чыгарылган учурдан тартып жыйырма жыл өтсө жана кылмыштын эскириши жаңы кылмыштын жасалышы менен үзгүлтүккө учурабаса, аткарылышы мүмкүн эмес. Жазаны өтөө кийинкиге калтырылган учурда, эскирүү мөөнөтү кийинкиге калтыруу мөөнөт аяктаганга чейин токтотулат.

4. Эгерде ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мөөнөттөр аяктаганга чейин адам атайылап жаңы кылмыш жасаса, кылмыштардын эскирүү мөөнөтү үзгүлтүккө учурайт. Мындай учурларда эскирүү мөөнөтүн эсептөө жаңы кылмыш жасалган күндөн баштап жаңыдан башталат.

5. Өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамга эскирүүнү колдонуу жөнүндө маселе сот тарабынан чечилет. Эгерде сот эскирүүнү колдонуу мүмкүндүгүн таппаса, өмүр бою эркиндигинен ажыратуу он беш жылдан жыйырма жылга чейинки мөөнөттө эркиндигинен ажыратуу менен алмаштырылат.

6. Тынчтыкка же адамзаттын коопсуздугуна каршы кылмыштарды же болбосо аскердик кылмыштарды, баланын жыныстык кол тийбестигине жана жыныстык эркиндигине каршы кылмыштарды, ошондой эле кыйноолор, коррупция, террордук акт, экстремисттик уюмду түзүү кылмыштары жасалганда эскирүү колдонулбайт.

93-берене. Мунапыс

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ким экендиги аныкталбаган адамдарга карата мунапыс берүү жөнүндө акт чыгарат.

2. Кылмыш жасаган адамдар мунапыс берүү жөнүндө актысы боюнча кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулушу мүмкүн. Кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон адамдар жазадан бошотулушу же аларга дайындалган жаза кыскартылышы же жазанын кыйла жеңил түрү менен алмаштырылышы мүмкүн, же болбосо мындай адамдар жазанын кошумча түрүнөн бошотулушу мүмкүн.

94-берене. Ырайым кылуу

1. Белгилүү бир соттолгон жеке адамга карата ырайым кылуу Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан жүзөгө ашырылат.

2. Сот тарабынан пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жаза берилген же жазадан мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулган учурларда кошпогондо, өмүр бою эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза ырайым кылуу актысы аркылуу жыйырма жылга эркиндигинен ажыратуу менен алмаштырылышы, ошондой эле белгилүү бир мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза менен жеңилдетилиши мүмкүн.

3. Өкүм мыйзамдуу күчүнө кирген учурдан тартып соттолгон адам ырайым кылуу жөнүндө өтүнүч менен кайрылууга укуктуу. Ырайым кылуу жөнүндө кайталап өтүнүч менен кайрылуусу, эгерде жаңы эске алуучу жагдайлар жок болсо, өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгондугу боюнча он жыл өткөндөн кийин, ал эми белгилүү бир мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга соттолгон адам боюнча сот тарабынан дайындалган жазанын жарымы өткөндөн кийин киргизилиши мүмкүн.

16-глава. Соттуулук жана аны жоюу

95-берене. Соттуулук жана аны жоюу

1. Анча оор эмес, оор жана өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон адам соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып жоюлган учурга чейин соттолгон болуп эсептелет.

2. Коркунучтуулугу аз кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттолгон адам өкүм аткарылган учурдан баштап соттуулугу жок деп таанылат.

3. Пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жаза дайындалган учурда пробациялык көзөмөл бүткөн күнү соттуулугу жоюлат.

4. Кылмыш кылган адам жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндөн кийин же жазаны аткаргандан кийин төмөнкү мөөнөттөр өтсө соттуулугу жок деп, ал эми соттуулугу жоюлган деп эсептелет:

1) үч жыл - анча оор эмес кылмыш үчүн соттолгон учурда;

2) жети жыл - оор кылмыш үчүн соттолгон учурда;

3) он жыл - өзгөчө оор кылмыш үчүн соттолгон учурда.

5. Соттолгондордун жана соттуулугу жоюлган адамдардын реестри мыйзамдарда белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

6. Соттуулугун жоюу кылмыш жасоонун кылмыш-жаза-укуктук кесепеттерин жоёт.

V БӨЛҮМ. АДАМДАРДЫН АЙРЫМ КАТЕГОРИЯЛАРЫНА КАРАТА КЫЛМЫШ-ЖАЗА-УКУКТУК ТААСИР ЭТҮҮ ЧАРАЛАРЫНЫН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ

17-глава. Балдардын кылмыш-жаза жоопкерчилигинин өзгөчөлүктөрү

96-берене. Он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки балдардын кылмыш-жаза жоопкерчилиги

1. Балдар деп кылмыш жасалган учурга карата жашы он сегизге толо элек адамдар таанылат.

2. Кылмыш жасаган он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки балага жаза дайындалышы же болбосо тарбиялык мүнөздөгү мажбурлоочу чаралар колдонулушу же болбосо пробациялык көзөмөл белгилениши мүмкүн.

97-берене. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан алыстатуу чараларын колдонууга байланыштуу он алты жаштан он сегиз жашка чейинки баланы кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотуу

1. Биринчи жолу коркунучтуулугу аз жана (же) анча оор эмес кылмыш жасаган, мурда соттуулугу бойдон, кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан алыстатуу программасына катышпаган жана кылмыш жасагандыгын мойнуна алган он алты жаштан он сегиз жашка чейинки курактагы бала, тергөөчү тарабынан он алты жаштан он сегиз жашка чейинки курактагы баланын туура өнүгүүсүнө жана кайра социалдашуусуна көмөктөшүүгө жана кайтадан кылмыш жасоосуна бөгөт коюуга багытталган, тизмеси Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине ылайык келишимде белгиленген, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан алыстатуу чараларын колдонуу менен кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат.

2. Он алты жаштан он сегиз жашка чейинки бала атайылап кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан алыстатуу чараларын аткарбаган учурда, тергөөчү колдонулган чараларды өзгөртүүгө, келишимди колдонуу мөөнөтүн узартууга же кылмыш-жаза сот өндүрүшүнөн тутумунан алыстатуу жөнүндө чечимди жокко чыгарууга укуктуу.

98-берене. Тарбиялоо мүнөзүндөгү мажбурлоо чараларын колдонуу менен жазадан бошотуу

Биринчи жолу коркунучтуулугу аз жана (же) анча оор эмес кылмыш жасаган он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки курактагы бала, эгерде аны тарбиялоо мүнөзүндөгү мажбурлоо чараларын колдонуу жолу менен оңдоого болот деп таанылса, сот тарабынан жазадан бошотулат.

99-берене. Тарбиялык мүнөзүндөгү мажбурлоо чараларынын түрлөрү

1. Сот тарабынан төмөнкүдөй тарбиялык мүнөзүндөгү мажбурлоо чаралары дайындалышы мүмкүн:

1) эскертүү менен көзөмөлдөөгө өткөрүп берүү;

2) эскертүү менен жүрүм-турумун чектөө.

2. Он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки курактагы балага ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында каралган тарбиялык мүнөзүндөгү эки мажбурлоо чарасы бир мезгилде дайындалышы мүмкүн. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган тарбиялык мүнөзүндөгү мажбурлоо чараларын колдонуу мөөнөтү алты айдан тартып үч жылга чейинки убакытка белгиленет.

3. Эгерде он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки курактагы бала тарбиялык мүнөзүндөгү мажбурлоо чараларында каралган шартты эки же андан көп жолу бузса, анда сот ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча мындай чараны тарбиялык мүнөзүндөгү катуураак мажбурлоо чарасына алмаштырат же жаза колдонуу тууралуу маселени чечет.

100-берене. Эскертүү менен көзөмөлдүүгө өткөрүп берүү

1. Эскертүү менен көзөмөлдөөгө өткөрүп берүү он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки курактагы баланын жүрүм-турумун көзөмөлдөө боюнча милдеттерди ата-энеге же аларды алмаштырган адамдарга же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жүктөөнү билдирет.

2. Он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки курактагы бала, эгерде көзөмөлдөө мезгилинде бузууларды жасаган болсо, ага карата тарбиялык мүнөзүндөгү катуураак мажбурлоо чарасы колдонула тургандыгы жөнүндө эскертилет.

101-берене. Эскертүү менен жүрүм-турумун чектөө

1. Он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки курактагы балага төмөнкүлөргө тыюу салынышы мүмкүн:

1) белгилүү бир жерлерге барууга;

2) белгиленген убакыт ичинде турак жайдак кетүүгө;

3) белгилүү бир адамдар менен баарлашууга;

4) эс алуунун белгилүү бир формаларын пайдаланууга.

2. Он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки балага төмөнкүлөр тапшырылышы мүмкүн:

1) билим берүү мекемесинде окуусун улантууга;

2) сот тарабынан белгиленген мөөнөттө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жардамы менен жумушка орношууга.

3. Ушул беренеде каралган тыюу салуулардан жана милдеттерден тышкары сот өзүнүн каалосу боюнча он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки курактагы баланын жүрүм-турумун башкача түрдө чектей алат.

4. Он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки курактагы балага, эгерде белгиленген тыюу салууларды жана милдеттерди аткарбаса, ага карата тарбиялык мүнөзүндөгү катуураак мажбурлоо чарасы же кылмыш жазасы колдонулары тууралуу алдын ала эскертилет.

5. Соттолгон адам үчүн сот тарабынан белгиленген эскертүү менен жүрүм-турумун чектөө түрүндөгү тарбиялык мүнөздөгү мажбурлоо чарасынын мөөнөтүнүн жарымы бүткөндө, кылмыш-жаза-укуктук таасир этүү чарасынын шарттарын ак ниеттүүлүк менен аткарган учурда, оңдолгондугу жана кайра социалдаштыруунун оң натыйжаларына жетишкенде, кылмыш аркылуу келтирилген зыяндын ордун толук толтурганда, пробация органы эскертүү менен жүрүм-турумун чектөө мажбурлоо чараларын жокко чыгаруу жөнүндө сотко сунуш жиберүүгө укуктуу.

102-берене. Балага жаза дайындоо

1. Балага жаза дайындоодо ушул Кодекстин 72-беренесинде каралган жагдайлардан тышкары, анын жашоо жана тарбия шарттары, психикалык өнүгүшүнүн деңгээли, инсандык башка өзгөчөлүктөрү, ошондой эле ага курагы боюнча жашы улуулардын таасири эске алынат.

2. Жеңилдетүүчү жагдай катары баланын курагы жоопкерчиликти жеңилдетүүчү жана оордотуучу башка жагдайлар менен бирге чогуу эске алынат.

103-берене. Он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки курактагы балдарга карата колдонулуучу жазалардын түрлөрү

1. Кылмыш жасаган он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки курактагы балдарга жазалардын төмөнкүдөй түрлөрү гана дайындалышы мүмкүн:

1) коомдук иштер;

2) айып;

3) эркиндигин чектөө;

4) түзөтүү жумуштары;

5) эркиндигинен ажыратуу.

2. Эгерде пробациялык көзөмөл дайындалган он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки курактагы соттолгон бала, пробациялык мөөнөттүн ичинде өзгөчө оор болуп саналбаган жаңы кылмыш жасаса, сот иштин жагдайын жана күнөөлүүнүн ким экендигин эске алуу менен пробациялык мөөнөттү колдонуу жөнүндө чечимди кайрадан кабыл ала алат, жаңы пробациялык көзөмөлдү белгилей жана ушул Кодекстин 83-беренесинде каралган пробациялык милдеттерди аткарууну соттолгон адамга жүктөйт.

104-берене. Балдарга дайындалуучу коомдук иштер

Коомдук иштер жыйырма сааттан жүз жыйырма саатка чейинки мөөнөткө дайындалат, баланын дене боюнун мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен жумуштарды аткарууну билдирет жана ал аны окуудан же негизги ишинен бош убакта аткарат. Жазанын мындай түрүн он төрт жаштан он алты жашка чейинки балдардын аткаруусунун узактыгы бир күндө эки сааттан, ал эми он алтыдан он сегиз жашка чейинки балдарга бир күндө - үч сааттан ашпоого тийиш.

105-берене. Балага дайындалуучу айып

Айып он алты жашка толгон балдарга карата колдонулат. Айып соттолгон баланын өз алдынча эмгек акысы же өндүрүп алууга айландырыла турган мүлкү болгондо дайындалат.

Айып 50дөн 1400гө чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндө белгиленет.

106-берене. Балага дайындалуучу эркиндигин чектөө

Коркунучтуулугу аз же анча чоң эмес кылмыш жасаган он төрт жаштан он алты жашка чейинки балдарга эки айдан алты айга чейинки мөөнөткө, он алты жаштан он сегиз жашка чейинки курактагыларга - алты айдан бир жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөө дайындалат.

107-берене. Түзөтүү жумуштары

1. Түзөтүү жумуштары он алты жаштан он сегиз жашка чейинки курактагы ишке орношкон балдарга иштеген жеринде бир айдан бир жылга чейин дайындалат.

2. Түзөтүү жумуштарына соттолгон баланын эмгек акысынан, соттун өкүмүндө 5тен 10 пайызга чейинки чектерде белгиленген өлчөмдө мамлекеттин кирешесине чегерүү жүргүзүлөт.

108-берене. Балага дайындалуучу эркиндигинен ажыратуу

1. Кылмыш жасаган учурга карата он сегиз жаш куракка толо элек балдарга эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза алты айдан он жылга чейинки мөөнөткө дайындалышы мүмкүн.

2. Он сегиз жашка чейинки куракта кылмыш жасаган он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки балага эркиндигинен ажыратуу мөөнөтү төмөндөгүдөй белгиленет:

1) анча оор эмес кылмыш үчүн - эки жылга чейин;

2) оор кылмыш үчүн - эки жылдан беш жылга чейин;

3) өзгөчө оор кылмыш үчүн - беш жылдан он жылга чейин.

3. Кылмыштардын же өкүмдөрдүн жыйындысы боюнча жаза дайындоодо эркиндигинен ажыратуунун максималдуу мөөнөтү он жылдан ашпоого тийиш.

4. Эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза он алты жашка чейинки куракта биринчи жолу анча оор эмес кылмыш жасаган он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки курактагы соттолгон балага дайындалбайт.

5. Өкүм чыгарылган учурда он сегиз жашка чыга элек адамга эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны өтөө жалпы же күчөтүлгөн режимдеги тарбиялык абактарда дайындалат.

6. Тарбиялык абактарда жаза өтөө төмөнкүлөргө дайындалат:

1) биринчи жолу эркиндигинен ажыратууга соттолгон эркек балага, кыз балага, ошондой эле пробациялык көзөмөл жокко чыгарылып, эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза дайындалган балдарга - жалпы режимдеги тарбиялык абактарда;

2) эркиндигинен ажыратуу түрүндө жазасын мурда өтөгөн эркек балага -күчөтүлгөн режимдеги тарбиялык абактарда.

7. Жасалган кылмыштын мүнөзүнө жана коомдук коркунучтуулук даражасына, күнөөкөрдүн ким экендигине жана иштин башка жагдайларына жараша, сот кабыл алынган чечимдин жүйөлөрүн көрсөтүү менен соттолгон эркек балдарга эркиндигинен ажыратууну жалпы тартиптеги тарбиялык абактарда өтөөнү дайындашы мүмкүн.

8. Он төрт жаштан он алты жашка чейинки курактагы балага оор же өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы үчүн эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза дайындалганда, ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн тийиштүү беренесинде каралган жазанын төмөнкү чеги жарымына кыскартылат.

109-берене. Балага карата пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жазадан бошотуу

1. Эгерде сот анча оор эмес жана (же) оор кылмыштар үчүн жаза дайындоодо күнөөлүүнүн ким экендигин, ошондой эле иштин башка жагдайларын эске алып, он төрт жаштан ок сегиз жашка чейинки курактагы соттолгон баланы ушул Кодекстин 83-беренесинде каралган пробациялык милдеттерди жүктөө менен жаза өтөөсүз эле ондоо мүмкүн экендиги жөнүндө тыянакка келсе, анда ал пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен аны жаза өтөөдөн бошотуу жөнүндө чечим кабыл ала алат.

2. Пробациялык мөөнөттүн ичинде сот ушул Кодекстин 83-беренесинде аныкталган тартипте он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки курактагы соттолгон бала үчүн мурда белгиленген пробациялык милдеттерди толугу менен же жарым-жартылай жокко чыгара же болбосо толуктай алат.

3. Пробациялык көзөмөл алты айдан бир жылга чейинки мөөнөткө белгиленет.

110-берене. Пробациянын укуктук натыйжалары

1. Пробациялык мөөнөтү аяктаганда, өзүнө жүктөлгөн пробациялык милдеттерди аткарган жана жаны кылмыш жасабаган он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки курактагы соттолгон бала жазаны өтөгөн болуп эсептелет.

2. Эгерде соттолгон он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки курактагы бала өзүнө жүктөлгөн пробациялык милдеттерди жүйөсүз себептер менен бузса, анда пробация органынын сунушу боюнча сот пробациялык көзөмөлдү жокко чыгарат жана аны дайындалган жазаны өтөө үчүн жөнөтөт.

3. Соттолгон он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки курактагы бала пробациялык мөөнөттүн ичинде жаны кылмыш жасаган учурда, сот пробациялык көзөмөлдү жокко чыгарат жана ага ушул Кодекстин 78-беренесине ылайык жаза дайындайт.

4. Эгерде пробациялык көзөмөлдүн мөөнөтүнүн жарымы өткөнгө чейин он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки курактагы соттолгон бала пробациялык көзөмөлдүн шарттарын ак ниеттүүлүк менен аткарса, оңолуу жана кайра социалдаштыруунун оң натыйжаларына жетишсе, кылмыш аркылуу келтирилген зыяндын ордун толугу менен толтурса, сот пробация органынын сунушу боюнча пробациялык көзөмөлдү жокко чыгаруу жөнүндө чечим чыгара алат. Мында белгиленген пробациялык мөөнөттүн жарымынан кем эмеси өткөндөн кийин пробациялык көзөмөл жокко чыгарылышы мүмкүн.

111-берене. Эскирүү мөөнөттөрү өткөндүгүнө байланыштуу кылмыш-жаза жоопкерчилигинен жана жаза өтөөдөн бошотуу

Ушул Кодекстин 58 жана 92-беренелеринде каралган эскирүү мөөнөттөрү он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки курактагы балдарды кылмыш-жаза жоопкерчилигинен же жаза өтөөдөн бошотууда жарымына кыскартылат.

112-берене. Жаза өтөөдөн шарттуу мөөнөтүнөн мурда бошотуу

1. Он сегиз жашка чейинки куракта жасаган кылмышы үчүн эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдарга ушул Кодекстин 88-беренесинин 2, 4-бөлүктөрүндө жана 90-беренесинде каралган шарттарда жана тартипте жаза өтөөдөн шарттуу мөөнөтүнөн мурда бошотуу колдонулушу мүмкүн.

2. Жаза өтөөдөн шарттуу мөөнөтүнөн мурда бошотуу он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки курактагы бала иш жүзүндө төмөнкүлөрдү өтөгөндөн кийин колдонулат:

1) анча оор эмес кылмыш үчүн дайындалган жаза мөөнөтүнүн кеминде төрттөн бирин;

2) оор кылмыш үчүн дайындалган жаза мөөнөтүнүн кеминде үчтөн бирин;

3) өзгөчө оор кылмыш үчүн дайындалган жаза мөөнөтүнүн кеминде жарымын.

113-берене. Соттолгон балдардын соттуулугун жоюу

Он сегиз жашка толгонго чейин кылмыш жасаган адамдар үчүн ушул Кодекстин 95-беренесинде каралган соттуулугун жоюу мөөнөттөрү жарымына кыскартылат.

18-глава. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары жана мажбурлап дарылоо

114-берене. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары түшүнүгү жана максаттары

1. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары болуп ушул Кодексте каралган кылмыш белгилерине туура келген жосунду жасаган адамга амбулатордук психиатриялык жардам көрсөтүү жана атайын дарылоо мекемесине жайгаштыруу, ошондой эле кылмыш жасаган адамды мажбурлап дарылоо саналат.

2. Адамды милдеттүү түрдө дарылоо жана анын жаңы кылмыштарды жасоосун алдын алуу медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларынын максаты болуп эсептелет.

115-берене. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары колдонулуучу адамдар

Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары сот тарабынан төмөнкүдөй адамдарга колдонулушу мүмкүн:

1) ушул Кодексте каралган укукка каршы жосунду акыл-эси соо эмес абалда жасаган;

2) акыл-эси чектелген абалда кылмыш жасаган;

3) кылмышты акыл-эси соо абалда жасаган, бирок өкүмдү чыгарганга чейин же жазаны өтөп жатканда жин оорусу менен ооруган же убактылуу психикасы бузулган.

116-берене. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларынын түрлөрү

Адамдын оорусунун мүнөзүн жана оордугун, ошондой эле ушул Кодексте каралган жасалган жосундун оордугун, жин оорусу менен ооругандын өзү үчүн же башка адамдарга коркунуч келтирүү даражасын эске алып, сот медициналык мүнөздөгү төмөнкүдөй мажбурлоо чараларын колдоно алат:

1) мажбурлоо тартибинде амбулатордук психиатриялык жардам көрсөтүү (мажбурлап диспансерлештирүү);

2) адаттагыдай байкоо менен психиатриялык мекемеге жаткыруу;

3) күчөтүлгөн байкоо менен психиатриялык мекемеге жаткыруу;

4) катуу байкоо менен психиатриялык мекемеге жаткыруу.

117-берене. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын дайындоонун негиздери

1. Милдеттүү түрдө амбулатордук байкоо жүргүзүү жана психиатрда дарылоо (мажбурлап диспансерлештирүү) оорусунун күчөөсүнүн белгилери байкалбаган психикалык оорулуу адамдарга, ошондой эле убактылуу психикасын бузган ооруну башынан өткөргөн адамдарга карата жигердүү байкоо жүргүзүү, оорунун өнөкөткө айланышын жана ушул Кодексте каралган жаңы жосундарды жасоосунун алдын алуу үчүн дайындалышы мүмкүн.

2. Адаттагыдай байкоо менен психиатриялык ооруканага жаткыруу, психикалык абалы жана ушул Кодексте каралган, жасалган жосундун мүнөзү боюнча ооруканада кармоого муктаж болгон оорулуу адамга карата дайындалышы мүмкүн.

3. Күчөтүлгөн байкоо менен психиатриялык ооруканага жаткыруу, ушул Кодексте каралган жарандардын өмүрүнө кол салуу менен байланышпаган жосун жасаган, бирок психикалык абалы боюнча айланасындагыларга коркунуч келтирүүсү мүмкүн болгон оорулуу адамга карата дайындалат.

4. Катуу байкоо менен психиатриялык ооруканага жаткыруу, психикалык абалы жана ушул Кодексте каралган жасаган жосунду мүнөзү боюнча коомго жана айланасындагылар үчүн өзгөчө коркунуч келтирген оорулуу адамга карата дайындалат.

5. Күчөтүлгөн жана катуу байкоого алуу менен психиатриялык ооруканаларга жаткырылган адамдар, ушул Кодексте каралган жаңы жосунду жасоо мүмкүндүгүн болтурбоочу шарттарда кармалат.

118-берене. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонууну узартуу, өзгөртүү, токтотуу

1. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонууну узартуу, өзгөртүү, токтотуу врач-психиатрлардын комиссиясынын корутундусунун негизинде сот тарабынан жүзөгө ашырылат.

2. Соттун чечими боюнча медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары колдонулган адамдар, медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын токтотуу же алардын түрүн өзгөртүү жөнүндө сот алдында өтүнүчтү козгоо тууралуу маселени чечүү үчүн, врач-психиатрлардын комиссиясынын алты айда бир жолудан кем эмес күбөлөндүрүүдөн өтүүгө тийиш. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын өзгөртүү же жокко чыгаруу үчүн негиздер болбогондо, врач-психиатрлардын комиссиясы ушул чараны колдонууну узартуу жөнүндө корутунду берет, ал кароо үчүн дарылоо мекемесинин администрациясы тарабынан сотко жылына бир жолудан кем эмес жөнөтүлөт.

119-берене. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу убактысын кошуп эсептөө

Кылмыш жасагандан кийин же жазаны өтөө убагында, өзүнүн аракеттеринин маанисин аңдап билүү же аларды башкаруу жөндөмдүүлүгүнөн ажыратуучу жин оорусуна же убактылуу психикасын бузуучу ооруга чалдыккан адамга, өзүнүн аракеттерин аңдап билүү жана аларды башкаруу жөндөмдүүлүгү калыбына келгенден кийин, эгерде эскирүү мөөнөтү өтпөгөн болсо, же аны кылмыш-жаза жоопкерчилигинен жана жазадан бошотуу үчүн башка негиздер болбосо, сот тарабынан жаза колдонулушу мүмкүн. Эгерде мындай адамга жаза колдонулса, анда медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары колдонулган убакыт психиатриялык стационарда өткөн бир күндү эркиндигинен ажыратылган бир күнгө эсептөө менен жаза мөөнөтүнө кошуп эсептелет.

120-берене. Акыл-эси соо экени жокко чыгарбоочу, психикасы бузулган адамдарга карата медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу

Акыл-эси жайындалыгын жокко чыгарбоочу, психикасы бузулган, эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдарга карата колдонулуучу медициналык мүнөздөгү чаралары врач-психиатрдын амбулатордук байкоо жүргүзүүсүн, психиатриялык стационарда дарылоо, ошондой эле жаза өтөө убагында психикалык-терапиялык жана психикалык-коррекциялык чараларды жүргүзүүгө өбөлгө түзүүчү шарттарды түзүүнү камтыйт. Адамдын психикалык абалы начарлап өзгөргөн учурда, врач-психиатрдын сунуштамасы менен стационардык дарылоо жүргүзүлөт. Аталган адамдар эркиндигинен ажыратууга байланышпаган жаза чарага соттолгондо, дарылоо жалпы негиздерде жүргүзүлөт.

121-берене. Алкоголизмден, баңгиликтен, токсикоманиядан, кургак учуктан жапа чеккен адамдарды дарылоо

1. Алкоголизмден, баңгиликтен, токсикоманиядан, кургак учуктан жапа чеккен адамдар кылмыш жасаган учурда, медициналык корутунду болсо, сот мындай адамдарга жаза менен кошо мажбурлап дарылоону дайындайт. Соттолгондордун дарыланууга карата мамилеси ушул Кодекстин 91-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык жаза өтөөдөн бошотуу жөнүндө маселени чечүүдө сот тарабынан эске алынат.

2. Эркиндигинен ажыратууга байланышпаган жаза чараларына соттолгон көрсөтүлгөн адамдар медициналык мекемелерде дарыланууга тийиш. Мындай адамдар эркиндигинен ажыратууга соттолгон учурда, алар жазасын өтөп жаткан жерде, ал эми бошотулгандан кийин дарыланууну улантуу зарыл болсо - медициналык мекемелерде дарыланууга тийиш.

ӨЗГӨЧӨ БӨЛҮК

VI БӨЛҮМ. АДАМГА КАРШЫ КЫЛМЫШТАР

19-глава. Өмүргө каршы кылмыштар

122-берене. Адам өлтүрүү

1. Адам өлтүрүү - башка кишинин өмүрүн кыюу, -

сегиз жылдан он эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Адам өлтүрүү:

1) эки же андан ашык адамды;

2) кош бойлуу аялды;

3) алсыз абалдагы адамды же баланы;

4) ошол адам тарабынан кызматтык, кесиптик ишти жүзөгө ашыргандыгына же коомдук милдетин аткаргандыгына байланыштуу адамды же анын жакындарын;

5) бейбаштык максатта;

6) көп адамдардын өмүрү үчүн коркунуч келтирүүчү ыкма менен жасалган;

7) өзгөчө мыкаачылык менен;

8) зордуктоо же башка формалардагы зомбулук менен жыныстык кумарын кандыруу менен коштолгон;

9) адам уурдоо же болбосо барымтага алуу менен коштолгон;

10) каракчылык, опузалап талап кылуу же террордук акт менен коштолгон;

11) расалык, этностук, улуттук, диний же аймактар аралык касташуунун (араздашуунун) негизинде жасалган;

12) пайда көздөө максатында же жалдоо менен;

13) жабырлануучунун органын же ткандарын алуу максатында;

14) башка кылмышты жашыруу же аны жасоону жеңилдетүү үчүн;

15) адамдардын тобу тарабынан жасалган;

16) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган;

17) уюшкан топ тарабынан жасалган;

18) кылмыштуу коомдоштуктун курамында жасалган, -

мүлкүн конфискациялоо менен же ансыз он эки жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга же мүлкүн конфискациялоо менен же ансыз өмүр бою эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

123-берене. Аффект абалында адам өлтүрүү

1. Жабырлануучу тарабынан укукка жат зордук-зомбулуктан же мазактоодон, жабырлануучунун башка укукка жат аракеттеринен, ага тете жабырлануучунун укукка каршы аракеттеринен улам, узакка созулган психикалык травма кылуучу жагдайдан улам капысынан келип чыккан ачууга өтө алдырган абалында (аффект) жасалган адам өлтүрүү, -

үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Эки же андан көп адамдарга карата жасалган ошол эле аракет, -

үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

124-берене. Зарыл коргонуунун чектеринен аша чабуу же болбосо кылмыш жасаган адамды кармоо үчүн зарыл болгон чаралардан аша чабуу менен адам өлтүрүү

Зарыл коргонуунун чектеринен аша чабуу менен, ошого тете кылмыш жасаган адамды кармоо үчүн зарыл болгон чаралардан аша чабуу менен адам өлтүрүү, -

беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

125-берене. Эненин жаңы төрөлгөн баласын өлтүрүүсү

Эненин жаңы төрөлгөн баласын төрөт учурунда же төрөттөн кийин дароо өлтүрүүсү, ошого тете энеси акыл-эси жайындалыгын жокко чыгарбоочу, психикалык травма кылуучу жагдайлардын шарттарында же психикасы бузулган абалда жаңы төрөлгөн баласын өлтүрүүсү, -

беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

126-берене. Боор ачуу менен адам өлтүрүү (эвтаназия)

Курмандыктын көптөн-көп өтүнүчү боюнча жана анын өз эркине ылайык, өлүм алдында жаткан адамды жанын кыйнаган оорудан кутултуу максатында адам өлтүрүү, -

алты жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

127-берене. Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү

1. Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү, -

үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:

1) өзүнүн кесиптик милдеттерин аткарып жаткан адам тарабынан;

2) эки же андан көп адамдарга карата, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө укугунан ажыратуу же ансыз үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

128-берене. Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү

1. Өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирүүчү зомбулукту колдоном деп коркутуу, катаал мамиле жасоо же жеке кадыр-баркын кемсинтүүсү, бул байкабастан жабырлануучуну өзүн-өзү өлтүрүүгө же ага аракет кылууга жеткирсе, -

алты жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Күнөөлүүгө материалдык же башка жагынан көз каранды болгон адамга карата, же балага карата жасалган ошол эле жосундар, ага тете эле телекоммуникациялык тармактарды, анын ичинде Интернет тармагын пайдалануу аркылуу жасалганда, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же ансыз алты жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Адамды өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү максатында жасалган адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирүүчү зомбулукту колдоном деп коркутуу, катаал мамиле жасоо же жеке кадыр-баркын кемсинтүү, бул жабырлануучунун өзүн-өзү өлтүрүүсүнө алып келсе, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же ансыз сегиз жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

129-берене. Өзүн-өзү өлтүрүүгө түрткү берүү

1. Өзүн-өзү өлтүрүүгө түрткү берүү, башкача айтканда көндүрүү, алдоо же башка ыкма менен башка адамдын өзүн-өзү өлтүрүүгө болгон чечимин пайда кылуусу, бул жабырлануучу өзүн өлтүрүүгө же өзүн өлтүрүүгө аракет кылууга алып келсе, -

алты жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Күнөөлүүгө материалдык же башка жагынан көз каранды болгон адамга карата, же балага карата жасалган ошол эле жосун, ага тете телекоммуникациялык тармактарды, анын ичинде Интернет тармагын пайдалануу аркылуу жасалганда, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же ансыз алты жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

20-глава. Ден соолукка каршы кылмыштар

130-берене. Ден соолукка оор залал келтирүү

1. Зыян келтирүү убагында өмүргө коркунучтуу болгон денеге залал келтирүү түрүндөгү ден соолукка оор залал келтирүү же көрүү, сүйлөө, угуу же кайсы бир органын жоготууга, же болбосо органдын аткаруучу функцияларын жоготууга алып келген ден соолукка залал келтирүү, эмгекке жөндөмдүүлүгүн кеминде үчтөн бирин туруктуу жоготууга, же болбосо билип туруп кесиптик эмгекке жөндөмдүүлүгүн толук жоготуу менен байланышкан психикалык ооруга же ден соолугунун башка бузулуусуна алып келүү же болбосо адамдын бетине кетпес так салуу, -

беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:

1) үй-бүлө мүчөсүнө карата;

2) эки же андан көп адамга карата;

3) кош бойлуу абалдагы аялга карата;

4) алсыз абалдагы адамга же балага карата;

5) адамдын кызматтык, кесиптик ишин жүзөгө ашыруусуна же коомдук милдетин аткаруусуна байланыштуу ошол адамга же анын жакындарына карата;

6) расалык, этностук, улуттук, диний жана аймактар аралык касташуунун (арздашуунун) негизинде;

7) адамды уурдоо же барымтага алуу менен;

8) каракчылык же опузалап талап кылуу менен;

9) зордуктоо же башка формадагы зомбулук менен жыныстык кумарын кандыруу менен;

10) өзгөчө мыкаачылык менен;

11) башка кылмышты жашыруу же аны жасоону жеңилдетүү максатында;

12) бейбаштык максатта;

13) пайда көздөө максатында же жалдоо аркылуу;

14) жабырлануучунун органын же ткандарын алуу максатында;

15) адамдардын тобу тарабынан;

16) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан, -

алты жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган жосундар:

1) этиятсыздыктан адамдын өлүмүнө алып келсе, анын ичинде өзүн-өзү өлтүрүүнүн натыйжасында же болбосо эки же андан көп адамдын өлүмүнө (өзгөчө оор залал) алып келсе;

2) ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган эки же андан көп оордотуучу жагдайлардын жыйындысында жасалса;

3) уюшкан топ тарабынан жасалса;

4) кылмыштуу коомдоштуктун курамында жасалса, -

сегиз жылдан он эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

131-берене. Ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү

1. Өмүргө коркунуч келтирбеген жана ушул Кодекстин 130-беренесинде каралган кесепеттерге алып келбеген, бирок ден соолуктун узакка начарлашына же жалпы эмгекке жарамдуулугунун үчтөн бирине чейин олуттуу түрдө туруктуу жоготууга алып келген ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү, -

эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же 200дөн 500 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:

1) эки же андан көп адамдарга карата;

2) билип туруп күнөөлүүнүн алсыз абалдагы адамга карата;

3) бейбаштыктан улам,

4) өзгөчө мыкаачылык мекен;

5) адамдардын тобу тарабынан;

6) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан, -

500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:

1) адамдын кызматтык, кесиптик ишин же коомдук милдетин аткаруусуна байланыштуу ошол адамга же анын жакындарына карата;

2) ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган эки же андан көп оордотуучу жагдайлардын жыйындысында жасалса;

3) уюшкан топ тарабынан;

4) кылмыштуу коомдоштуктун курамында, -

беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

132-берене. Зарыл коргонуу чектеринен аша чабуу, ошого тете кылмыш жасаган адамды кармоо үчүн зарыл болгон чаралардан аша чабуу менен ден соолукка оор залал келтирүү

Зарыл болгон коргонуунун чектеринен аша чабуу менен, ошого тете, кылмыш жасаган адамды кармоо үчүн зарыл болгон чаралардан аша чабуу менен ден соолукка оор залал келтирүү, -

эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же 200дөн 500 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга жазаланат.

133-берене. Аффект абалында ден соолукка оор залал келтирүү

Жабырлануучу тарабынан зомбулуктан же мазактоодон келип чыккан, ошого тете жабырлануучунун укукка жат же жүрүм-турумунан улам узакка созулган психикасын травма кылуунун натыйжасында капысынан келип чыккан ачууга өтө алдырган абалында (аффект) ден соолукка оор залал келтирүү, -

500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

134-берене. Этиятсыздыктан ден соолукка оор залал келтирүү

Этиятсыздыктан адамдын ден соолугуна оор залал келтирүү, -

эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же 200дөн 500 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

135-берене. Этиятсыздыктан ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү

1. Этиятсыздыктан адамдын ден соолугуна анча оор эмес залал келтирүү, -

200дөн 500 эсептик көрсөткүчкө чейин эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же айып салууга жазаланат.

2. Жеңил ойлуулуктан же этиятсыздыктан, адамдын өзүнүн кесиптик милдеттерин талаптагыдай аткарбоосунан улам жасалган ушундай эле жосун, -

500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же бир жылдан үч жылга чейин белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу менен же ансыз бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына жазаланат.

136-берене. Ден соолукка жеңил залал келтирүү

Ден соолуктун кыска убакытка бузулуусуна же эмгекке жарамдуулукту олуттуу эмес туруктуу жоготууга алып келген ден соолукка жеңил залал келтирүү, -

200дөн 500 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же кырк сааттан жүз саатка чейин коомдук иштерге тартууга жазаланат.

137-берене. Кыйноолор

1. Кайсы бир адамга, андан же башка адамдан маалыматтарды алуу же мойнуна алдыруу максатында дене-боюна же психикалык жапа чегүүгө алып келүү; ал же башка адам жасаган же жасады деп шектелген жосун үчүн аны жазалоо; ошого тете белгилүү бир жосундарды жасоого аны же башка адамды коркутуу же мажбурлоо, же ар кандай мүнөздөгү басмырлоого негизделген себеп боюнча кызмат адамы тарабынан, же болбосо анын тукуруусу боюнча, анын жетегинде же унчукпаган макулдугу менен жасалган жосун, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:

1) кош бойлуу аялга же балага карата;

2) майыпка же алсыз абалдагы башка адамга карата;

3) адамдардын тобу тарабынан;

4) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;

5) өзгөчө мыкаачылык менен, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен сегиз жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ден соолукка оор залал келтирүүгө же этиятсыздыктан жабырлануучунун өлүмүнө алып келген ошол эле жосун, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен он жылдан он эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

138-берене. Уруп-сабап кыйноо

1. Эки же андан көп жолу уруп-сабоо же болбосо башка зомбулук аракеттер менен дене боюна же психикалык жапа чегүүгө алып келсе, эгерде ушул Кодекстин 130 жана 131-беренелеринде каралган кесепеттерге алып келбесе, -

бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:

1) кош бойлуу аялга карата;

2) балага же алсыз абалдагы же күнөөлүүдөн материалдык же башкадан көз каранды болгон адамга, ошого тете уурдалган же барымтага алынган адам катары кармалган адамга;

3) адамдардын тобу тарабынан;

4) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан, -

1000ден 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:

1) эки же андан көп адамдарга карата;

2) жалдоо боюнча;

3) социалдык, улуттук, расалык, диний жек көрүүчүлүктүн же касташуунун негизинде,

4) уюшкан топ тарабынан;

5) кылмыштуу коомдоштуктун курамында, -

мүлкүн конфискациялоо менен же ансыз беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

139-берене. Өмүргө жана ден соолукка коркунучтуу зомбулукту колдонуу менен коркутуу

1. Өмүргө жана ден соолукка коркунучтуу зомбулукту колдонуу менен коркутуу, эгерде аны жүзөгө ашыруудан коркуу үчүн жетиштүү негиз болсо, -

кырк сааттан жүз саатка чейин коомдук иштерге же эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 200дөн 500 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:

1) адамдын кызматтык, кесиптик ишин же коомдук милдетин аткаруусуна байланыштуу ошол адамга же анын жакындарына карата;

2) уюшкан топ тарабынан;

3) кылмыштуу коомдоштуктун курамында, -

бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга, же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

21-глава. Адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирген кылмыштар

140-берене. Трансплантациялоо үчүн адамдын органдарын же ткандарын алууга мажбурлоо

1. Ушул Кодекстин 130 жана 131-беренелеринде каралган кесепеттери жок болгон, адамдын өмүрү жана ден соолугу үчүн коркунучтуу эмес зомбулукту колдонуу менен, же болбосо аны колдоном деп коркутуу менен, же болбосо алдоо жолу менен адамды өзүнөн же анын жакындарынан органдарын же ткандарын трансплантациялоо үчүн алууга мажбурлоо, -

500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же ансыз үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Күнөөлүүдөн материалдык же башка жагынан көз каранды болгон адамга карата жасалган ошол эле жосун, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же ансыз үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

141-берене. Адамдын органдарын же ткандарын трансплантация жүргүзүүнүн мыйзамда белгиленген тартибин бузуу, ошого тете аларды мыйзамсыз сатуу

1. Этиятсыздыктан олуттуу залал келтирген адамдын органдарын жана (же) ткандарын алуунун шарттарын жана тартибин, же болбосо мыйзамда каралган трансплантациялоонун шарттарын жана тартибин атайылап же этиятсыз бузуу, -

200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же болбосо бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга жазаланат.

2. Этиятсыздыктан оор залал келтирген ушундай эле жосун, -

500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же ансыз беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат

3. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:

1) эки же андан көп адамдарга карата;

2) он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки балага карата;

3) күнөөлүү үчүн билип туруп алсыз абалдагы адамга карата;

4) күнөөлүү үчүн билип туруп кош бойлуу аялга карата;

5) алдоо менен же ишенимин кыянаттык менен пайдалануу менен;

6) жабырлануучунун материалдык же башка көз карандылыгын пайдалануу менен;

7) адамдын органдарын же ткандарын мыйзамсыз сатуу максатында;

8) адам тарабынан өзүнүн кызмат абалынан пайдалануусу менен;

9) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү же чет өлкөдө адамды мыйзамсыз кармоо менен;

10) адамдардын тобу тарабынан;

11) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;

12) уюшкан топ тарабынан;

13) кылмыштуу коомдоштуктун курамында;

14) жана этиятсыздыктан адамдын өлүмүнө алып келген, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же ансыз жана мүлкүн конфискациялоо менен же ансыз беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

142-берене. Мыйзамсыз боюнан алып салуу

1. Мыйзамда жол берилген мөөнөттөн кечигүү менен гинеколог тарабынан кош бойлуунун эрки боюнча боюнан алып салуу, ошого тете мыйзам боюнча боюнан ал укугуна ээ болбогон адам тарабынан жасалган кош бойлуунун эрки боюнча боюнан алып салуу, эгерде бул этиятсыздыктан олуттуу залал келтирсе, -

200дөн 500 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга жазаланат.

2. Гинеколог тарабынан мыйзамда жол берилген мөөнөттөн кеч жасалган кош бойлуунун эрки боюнча боюнан алып салуу, эгерде бул этиятсыздыктан ден соолукка оор залал келтирсе, -

500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Этиятсыздыктан ден соолукка оор залал келтирген мыйзам боюнча боюнан алдыруу укугуна ээ болбогон адам тарабынан кош бойлуунун эрки боюнча боюнан алып салуу, -

беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

143-берене. Венерикалык же айыкпас жугуштуу ооруну жуктуруу

1. Оорусунун бар экендигин билген адам тарабынан венерикалык ооруну башка адамга атайылап жуктуруусу, -

200дөн 300 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга жазаланат.

2. Башка адамды адамдын иммундук жетишсиздик вирусун жуктуруу коркунучун, же болбосо адамдын өмүрүнө коркунучтуу болгон башка айыкпас жугуштуу ооруну жуктуруу коркунучун туудуруу, эгерде оору жуга элек болсо, -

эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 300дөн 500 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Өзүндө бул оору бар экендигин билген адамдын башка адамга адамдын иммундук жетишсиздик вирусун, же болбосо башка айыкпас жугуштуу ооруну этиятсыздыктан жуктуруусу, -

500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

4. Башка адамга адамдын иммундук жетишсиздик вирусун, же болбосо адамдын өмүрү үчүн коркунучтуу башка айыкпас жугуштуу ооруну жуктуруу, -

беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Эскертүү. Эгерде ВИЧ-инфекциясынын жугуу коркунучунда калган башка адам биринчи адамдын мындай оорусу бар экендиги жөнүндө өз убагында эскертилсе жана жугузуу коркунучун түзгөн аракеттерди жасоого өз ыктыяры менен макул болгон учурда, ушул берененин 1, 2 же 3-бөлүктөрүндө каралган жосундар үчүн адам кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат.

144-берене. Коркунучта калтыруу

1. Эгерде күнөөлүү өзү аны өмүрүнө, анын ичинде транспорттук жол кырсыгынын кесепетинен коркунуч туудурган абалда калтырса, же жабырлануучуга жардам берүүгө мүмкүнчүлүгү болсо жана ал жөнүндө кам көрүүгө милдеттүү болгон башка себептерден улам балалыгына (он төрт жашка чейин), карылыгына, оорусуна же өзүнүн алсыз абалына байланыштуу өзүн сактап калууга карата чара көрүүгө мүмкүнчүлүгү жок адамга билип туруп жардам бербестен, анын өмүрү жана ден соолугу үчүн коркунучтуу абалда атайылап таштап кетүү, -

эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен 200дөн 500 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга жазаланат.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган этиятсыздыктан ден соолукка оор залал келтирген жосун, -

500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга, же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү же ансыз колдонбостон беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

145-берене. Жардам көрсөтпөй коюу

Балалыгына (он төрт жашка чейин), карылыгына, оорусуна же алсыз абалына байланыштуу өзүн сактап калууга мүмкүнчүлүгү болбогон жана өмүрү же ден соолугу үчүн коркунучтуу абалда калган адамга, эгерде күнөөлүүнүн жабырлануучуга жардам берүүгө мүмкүнчүлүгү болуп, жардам көрсөтпөө, же жабырлануучунун мындай абалы жөнүндө тиешелүү мекемелерге же болбосо адамдарга билдирбей койсо, эгерде этиятсыздыктан ден соолукка оор залал келсе, -

эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же 200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же аны колдонбостон үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

22-глава. Инсанды медициналык жана фармацевттик тейлөө чөйрөсүндөгү кылмыштар

146-берене. Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу

1. Оорулууга медициналык жардам көрсөтүүгө милдеттүү жана ага мүмкүнчүлүгү бар болгон медициналык кызматкердин жүйөсүз себептер боюнча мындай жардам көрсөтпөй коюусу, ошого тете медициналык же фармацевттик кызматкердин кесиптик милдеттерин жеңил ойлуулуктук же этибарга албоонун айынан аткарбоосу же талаптагыдай эмес аткаруусу этиятсыздыктан олуттуу залал келтирсе, -

200дөн 300 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга жазаланат.

2. Этиятсыздыктан оор залал келтирген ошол эле жосун, -

500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

147-берене. Адамга сыноону мыйзамсыз жүргүзүү

1. Адамга (анын мыйзамдуу өкүлүнүн) жазуу жүзүндөгү макулдугусуз же башка мыйзамсыз түрдө дары каражаттарын клиникалык сыноону өткөрүү, ошого тете адамга медициналык-биологиялык, психологиялык же башка сыноолорду, же болбосо изилдөөлөрдү жүргүзүү этиятсыздыктан олуттуу залал келтирсе, -

кырктан жүз саатка чейинки коомдук иштерге тартуу же үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен 200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга жазаланат.

2. Этиятсыздыктан оор залал келтирген ошол эле жосун, -

500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Балага карата же аракетке жөндөмсүз же күнөөлүү билип туруп алсыз абалдагы адамга карата жасалган ошол эле жосун, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

148-берене. Өлгөн адамдын ткандарын же органдарын мыйзамсыз алып коюу

Медициналык кызматкер тарабынан медицинада пайдалануу максатында өлгөн адамдын ткандарын же органдарын мыйзамсыз алып коюу, -

кырктан жүз саатка чейин коомдук иштерге же үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга же эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга жазаланат.

149-берене. Бөтөн урук клеткасын аялга имплантациялоо

1. Белгиленген эрежелерди бузуу менен аялга бөтөн урук клеткасын имплантациялоо же андан түйүлдүктү жаратуу, ошого тете башка бирөөнүн урук клеткасын же андан жаралган түйүлдүктү имплантациялоого жеке ортомчулук кылуу, -

кырктан жүз саатка чейин коомдук иштерге же үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга, же эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга жазаланат.

2. Аялга анын макулдугу жок бөтөн урук клеткасын имплантациялоо же андан түйүлдүктү жаратуу, -

жүздөн үч жүз саатка чейин коомдук иштерге же үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга, же бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга жазаланат.

150-берене. Түйүлдүк жагынан тыюу салынган аракеттер

Аялды жасалма уруктандыруу боюнча же денеден тышкары сакталган адамдын түйүлдүгү менен жүргүзүлүүчү аракеттердин жүрүшүндө жасалган:

1) камтылган жыныстык хромосомасы боюнча тандалган сперматозоид менен аялдын урук клеткасын жасалма уруктандыруу, жыныс белгиси боюнча берилүүчү тукум кууган катуу ооруу менен баланын ооруп калуусун болтурбоо максатында, жыныстык клетка тандалган учурларды кошпогондо, же

2) уруктандырылган урук клеткасынын ядросун башка тирүү же өлгөн кишинин түйүлдүгүнүн, уругунун клеткасы менен ошол түйүлдүккө, урукка, тирүү же өлгөн кишиге, тукум куучу маалыматка окшош кишинин түйүлдүгүн жаратуу максатында алмаштыруу, же

3) ар кандай тукум кууган маалыматы бар түйүлдүктөргө кошуу, эгерде алардын жок дегенде бири кишинин түйүлдүгү болсо, ошого тете клеткалардагы түйүлдүктөрдөн айырмаланган тукум кууган маалыматты камтыган жана аны менен бирге өсүүгө жөндөмдүү клетканы кишинин түйүлдүгүнө кошуу, же

4) адамдын урук клеткасын жаныбардын сперматозоиди менен же жаныбардын урук клеткасын адамдын сперматозоиди менен уруктандыруу жолу менен өсүүгө жөндөмдүү түйүлдүктү жаратуу, -

кырктан жүз саатка чейин коомдук иштерге же үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга же эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же 200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга жазаланат.

151-берене. Күч колдонуу менен донорлук кылуу

1. Донор катары пайдалануу максатында адамдан күч колдонуп же алдоо жолу менен кан алуу -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга, же эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же 200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Ошол эле жосун балага карата, же аракетке жөндөмсүз же күнөөлүү адам билип туруп алсыз абалдагы адамга карата жасалса, -

500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

152-берене. Мыйзамсыз дарылоо иши

1. Атайын уруксаты жок жасалган дарылоо иши, ошого тете медициналык билими жок адам тарабынан жасалган мыйзамсыз дарылоо иши этиятсыздыктан олуттуу залал келтирсе, -

эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга жазаланат.

2. Этиятсыздыктан оор залал келтирген ошол эле жосун, -

эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

153-берене. Врачтык сырды ачыкка чыгаруу

Адам кесиптик же кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу билип алган врачтык сырды ачыкка чыгаруусу, этиятсыздыктан оор залал келтирсе, -

бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

23-глава. Жыныстык кол тийбестикке жана жыныстык эркиндикке каршы кылмыштар

154-берене. Зордуктоо

1. Зордуктоо, башкача айтканда жабырлануучуга же башка адамдардын өмүрүнө же ден соолугуна коркунучтуу болбогон зомбулукту жасоо менен же аны колдоном деп коркутуу менен, же болбосо жабырлануучунун алсыз абалын пайдалануу менен жыныстык катнашуу, -

беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Ошол эле жосун:

1) адамдардын тобу тарабынан жасалган;

2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган;

3) өмүргө же ден соолукка коркунуч келтирген зомбулукту колдонуу коркунучу менен коштолгон;

4) жабырлануучуга же анын жакындарына карата өзгөчө мыкаачылык менен жасалган, -

сегиз жылдан он бир жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүктөрүндө каралган жосундар:

1) кош бойлуулукка алып келсе;

2) он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки балага карата жасалса;

3) уюшкан топ тарабынан жасалса;

4) кылмыштуу коомдоштуктун курамында жасалса;

5) этиятсыздыктан оор залал келтирсе, -

он бир жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

4. Ушул берененин 1, 2 же 3-бөлүктөрүндө каралган жосундар он төрт жашка толо элек балага карата жасалса, -

он беш жылга эркиндигинен ажыратууга же болбосо эркиндигинен өмүр бою ажыратууга жазаланат.

155-берене. Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер

1. Жабырлануучунун же башка адамдын өмүрүнө же ден соолукка коркунучтуу болбогон зомбулукту жасоо менен же аны колдоном деп коркутуу менен, же болбосо жабырлануучунун алсыз абалын пайдалануу менен жасалган бачабаздык, лесбияндык же ыплас формадагы сексуалдык мүнөздөгү башка аракеттер, -

беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Ошол эле жосундар:

1) адамдардын тобу тарабынан жасалган;

2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган;

3) өмүргө же ден соолукка коркунуч келтирген зомбулук көрсөтүү коркунучу менен коштолгон;

4) жабырлануучуга же башка адамдарга карата өзгөчө мыкаачылык менен жасалган, -

сегиз жылдан он бир жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүктөрүндө каралган төмөнкүдөй жасалган жосундар:

1) этиятсыздыктан оор залал келтирүү менен;

2) он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки балага карата;

3) уюшкан топ тарабынан;

4) кылмыштуу коомдоштуктун курамында, -

он бир жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

4. Ушул берененин 1, 2 же 3-бөлүктөрүндө каралган жосундар он төрт жашка толо элек балага карата жасалса, -

он беш жылга эркиндигинен ажыратууга же болбосо өмүр бою эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

156-берене. Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо

1. Ушул Кодекстин 154 жана 155-беренелеринде каралган кылмыштардын белгилери болбогондо, шантаж кылуу жолу менен же болбосо жабырлануучунун материалдык же башкадан көз каранды болгонун пайдалануу менен жыныстык катнашка, бачабаздыкка, лесбияндыкка же сексуалдук мүнөздөгү башка аракеттерди кылууга адамды мажбурлоо, -

бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга, же бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 1000ден 2000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:

1) он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки балага карата;

2) ата-эне же жаш баланы тарбиялоо боюнча мыйзам менен милдеттери жүктөлгөн башка адам, ошого тете педагог же билим берүү, тарбиялоо, дарылоо же болбосо балдарга көзөмөлдү жүзөгө ашыруу милдеттери мыйзам менен жүктөлгөн башка мекеменин кызматкери тарабынан жасалса, -

бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ошол эле жосун он төрт жашка толо элек балага карата жасалса, -

бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен сегиз жылдан он бир жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

24-глава. Инсандын руханий-адеп-ахлактык саламаттыгына каршы кылмыштар

157-берене. Он алты жашка толо элек бала менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер

Ушул Кодекстин 154 жана 155-беренелеринде каралган кылмыштардын белгилери болбогондо, он сегиз жаш куракка жеткен адам тарабынан он алты жашка толо элек бала менен жасалган жыныстык катнашуу, бачабаздык, лесбияндык же сексуалдык мүнөздөгү башка аракеттер, -

жети жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

158-берене. Ыплас аракеттер

Ушул Кодекстин 154, 155 жана 157-беренелеринде каралган кылмыштардын белгилери болбогондо, он алты жашка толо элек балага карата сексуалдык катнашсыз ыплас аракеттер жасалса, -

беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

159-берене. Сойкулук кылууга тартуу

1. Ушул Кодекстин 154 жана 155-беренелеринде каралган кылмыштардын белгилери болбогондо, өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу же аны колдоном деп коркутуу жолу менен, мүлктү жок кылуу же зыян келтирүү менен, шантаж кылуу же алдоо менен сойкулук кылууга тартуу, же болбосо сойкулук кылууга мажбурлоо, -

1000ден 2000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:

1) балага карата;

2) адамдардын тобу тарабынан;

3) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;

4) этиятсыздыктан ден соолукка оор залал келтирүү менен;

5) уюшкан топ тарабынан;

6) кылмыштуу коомдоштуктун курамында, -

мүлкүн конфискациялоо менен же аны колдонбостон беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

160-берене. Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү

1. Сойкулук менен алектенүү же ыплас аракеттерге көмөктөшүү, же сутенердук кылуу үчүн көмүскө жайларды уюштуруу же кармоо, -

500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же мүлкүн конфискациялоо менен же аны колдонбостон беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Ошол эле кылмыш балдарды пайдалануу менен жасалса, -

1000ден 2000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же болбосо мүлкүн конфискациялоо менен же аны колдонбостон беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

161-берене. Порнографиялык мүнөздөгү буюмдарды таратуу

Сатуу максатында порнографиялык мүнөздөгү чыгармаларды, сүрөттөрдү же башка буюмдарды алып келүү, даярдоо, ташуу же башкача жөнөтүү, же болбосо жарнама кылуу, ошого тете мындай буюмдарды сатуу же башка түрдө таркатуу менен жасалса, -

200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же кырктан жүз саатка коомдук иштерге же үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга, же эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына жазаланат.

162-берене. Баланы порнобизнеске тартуу

1. Порнографиялык мүнөздөгү буюмдарды же чыгармаларды же мындай буюмдун же чыгарманын көчүрмөсүн даярдоо менен байланышкан иш-аракеттерге баланы тартуу, -

500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Порнографиялык мүнөздөгү иш-чараларга же чыгармаларга катышуу үчүн аткаруучу катары баланы тартуу, -

мүлкүн конфискациялоо менен же аны колдонбостон үч жылдан алты жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Өмүрүнө жана ден соолукка коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу же аны колдонуу, мүлктү жок кылуу, же зыян келтирүү менен коркунучтуу, шантаж кылуу же алдоо менен жасалган ошол эле жосундар, -

мүлкүн конфискациялоо менен же аны колдонбостон алты жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

4. Ушул берененин 1 же 2-бөлүктөрүндө каралган, төмөнкүдөй жасалган жосундар:

1) ата-эне же баланы тарбиялоо боюнча мыйзам менен милдеттери жүктөлгөн башка адам, ошого тете педагог же билим берүү, тарбиялоо, дарылоо же болбосо балдарга көзөмөлдү жүзөгө ашыруу милдеттери мыйзам менен жүктөлгөн башка мекеменин кызматкери тарабынан;

2) адамдардын тобу тарабынан;

3) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;

4) он төрт жашка толо элек балага карата;

5) этиятсыздыктан ден соолукка оор залал келтирүү менен;

6) уюшкан топ тарабынан;

7) кылмыштуу коомдоштуктун курамында, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же болбосо мүлкүн конфискациялоо менен же аны колдонбостон сегиз жылдан он эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

163-берене. Жаныбарларга ырайымсыз мамиле кылуу

1. Жаныбарлардын денесин оорутуу жана (же) азап тарттыруу максатында аларга ырайымсыз мамиле жасоо, ошого тете анын өлүмүнө же жаракат алышына алып келген бейбаштык же пайда көрүү ниети менен ошого тете кыйноо, -

кырктан жүз саатка чейин коомдук иштерге же үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга, же эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:

1) бир нече жаныбарларга карата;

2) адамдардын тобу тарабынан;

3) садисттик ыкмаларды колдонуу менен;

4) он төрт жашка толо элек баланын катышуусунда;

5) жалпыга маалымдоо каражаттары же Интернет тармагы аркылуу ачык көрсөтүү менен, -

жүздөн үч жүз саатка чейин коомдук иштерге, 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же аны колдонбостон бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына жазаланат.

164-берене. Маркумдун сөөгүн жана мүрзөнү мазактоо

Маркумдун сөөгүн мазактоо же көрүстөндү, мүрзөнүн үстүндөгү эстеликти жок кылуу, бузуу же мазактоо, ошого тете мүрзөнүн ичиндеги жана тышындагы буюмдарды уурдоо, -

200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же алты айдан бир жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө, же кырктан жүз саатка чейинки мөөнөткө коомдук иштерге тартууга жазаланат.

25-глава. Адамдын жеке эркиндигине каршы кылмыштар

165-берене. Адамды уурдоо

1. Ушул Кодекстин 257-беренесинде каралган кылмыштын белгилери болбогондо, анын туруктуу же убактылуу турган жеринен айырмаланган жерге андан ары кармоо менен коштолгон колго түшүрүү, алдоо же өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу менен же мындай зомбулукту кылам деп коркутуу менен жасалган адамды анын эркине карап уурдоо, -

беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:

1) эки же андан көп адамдарга карата;

2) балага карата;

3) кош бойлуу аялга карата;

4) трансплантация үчүн адамдын органдарын же ткандарын алуу максатында;

5) трансплантация үчүн өлгөн адамдын органдарын же ткандарын алуу максатында,

6) төлөм алуу же болбосо башка жеке кызыкчылык максатында;

7) адамдардын тобу тарабынан;

8) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;

9) этиятсыздыктан ден соолукка оор залал келтирүү менен, -

мүлкүн конфискациялоо менен же аны колдонбостон жети жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө же 2-бөлүгүнүн 1-5-пункттарында каралган жосундар, эгерде күнөөлүү адам уурдалган адамды өз ыктыяры менен бошотсо, -

жүздөн үч жүз саатка чейин коомдук иштерге же бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга жазаланат.

4. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган, төмөнкүдөй жасалган жосундар:

1) он төрт жашка толо элек балага карата;

2) өзүнүн кызмат абалын пайдалануу менен;

3) куралды же курал катары колдонулуучу буюмдарды колдонуу менен;

4) өзгөчө оор залал келтирүү менен;

5) уюшкан топ тарабынан;

6) кылмыштуу коомдоштуктун курамында, -

мүлкүн конфискациялоо менен он жылдан он эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

166-берене. Адамдарды соодалоо

1. Адамдарды соодалоо, башкача айтканда, коркутуу, күч колдонуу же башка формадагы мажбурлоо, шантаж, уурдоо, алдамчылык, алдоо, жолу менен эксплуатациялоо максатында адамды макулдугу менен же макулдугу жок азгырып жалдоо, ташып жеткирүү, жаап-жашыруу, кабыл алуу же өткөрүп берүү, -

мүлкүн конфискациялоо менен же аны колдонбостон үч жылдан алты жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун;

1) эки же андан көл адамдарга карата;

2) адамдардын тобу тарабынан;

3) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;

4) кызмат абалынан пайдалануу менен;

5) жабырлануучуну Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан өткөрүү же аны чет жерде мыйзамсыз кармап туруу менен;

6) күнөөлүү адамга материалдык же башкача көз каранды болгон адамга карата жасалса, -

мүлкүн конфискациялоо менен же аны колдонбостон алты жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун;

1) кош бойлуу аялга карата;

2) трансплантациялоо үчүн адамдан же өлгөн адамдан органдарын же ткандарын алуу максатында;

3) этиятсыздыктан ден соолукка оор залал келтирүү менен;

4) уюшкан топ тарабынан;

5) кылмыштуу коомдоштуктун курамында, -

мүлкүн конфискациялоо менен сегиз жылдан он бир жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

4. Баланы анын макулдугу менен же макулдугусуз, күч же мажбурлоонун, шантаждын, уурдоонун, алдамчылыктын, алдоонун башка формаларындагы колдонбостон эксплуатациялоо максатында азгыруу, ташып жеткирүү, жаап-жашыруу, кабыл алуу же өткөрүп берүү, -

беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Эскертүү: Азгыруу деп кандайдыр-бир иштерди аткаруу, жалдоочунун же башка адамдардын кызыкчылыктарында кызмат көрсөтүү үчүн материалдык сый акыга издөө, тандап алуу, кабыл алуу жана жалдоо боюнча жеке же юридикалык жактардын иши түшүнүлөт.

Эксплуатациялоо деп адамды сойкулукка же сексуалдык эксплуатациялоонун башка формаларына, иштетүүгө же кызмат көрсөтүүгө мажбурлоо, кулчулукка, куралдуу жаңжалдарга катышууга, анын ичинде карыздык милдеттенмелерди, материалдык жана башка көз карандылыкты, ошондой эле алардын жалданма абалын пайдалануу аркылуу ишке тартуусу түшүнүлөт.

Адамдарды соодалоонун курмандыгы болгон адам адамдарды соодалоо процессине тартылышынын натыйжасында мындай аракетке барган болсо, коркунучтуулугу аз же анча оор эмес жосун жасагандыгы үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат.

167-берене. Балдарды соодалоо

1. Пайда алуу максатында же ансыз баланы сатуу, -

беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:

1) эки же андан ашык адамдарга карата;

2) адамдардын тобу тарабынан;

3) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;

4) кызмат абалынан пайдаланган адам тарабынан;

5) этиятсыздыктан олуттуу залал келтирүү менен;

6) жабырлануучуну Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу алып өтүү же аны чет өлкөдө мыйзамсыз кармап туруу менен, -

сегиз жылдан он бир жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:

1) он төрт жашка толо элек балага карата;

2) трансплантациялоо үчүн адамдын органдарын же ткандарын алуу максатында;

3) этиятсыздыктан оор же өзгөчө оор залал келтирүү менен;

4) уюшкан топ тарабынан;

5) кылмыштуу коомдоштуктун курамында, -

мүлкүн конфискациялоо менен он бир жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

168-берене. Мыйзамсыз миграцияны, мигранттарды мыйзамсыз алып келүүнү (алып чыгууну) уюштуруу

1. Мыйзамсыз миграцияны уюштуруу, мигранттарды, чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды мыйзамсыз алып келүүнү же алып чыгууну уюштуруу, же транспорт каражаттарын, же жасалма документтерди, турак же башка жайларды берүү, ошого тете пайда алуу максатында же аны колдонбостон жарандарга Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз кирүү, чыгуу, жүрүү, Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзит боюнча башка кызматтарды көрсөтүү, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:

1) балага карата;

2) адамдардын тобу тарабынан;

3) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;

4) кызмат абалынан пайдаланган адам тарабынан;

5) кылмышкерге материалдык же башкача көз каранды болгон адамга карата;

6) этиятсыздыктан оор же өзгөчө оор залал келтирүү менен;

7) уюшкан топ тарабынан;

8) кылмыштуу коомдоштуктун курамында, -

мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Эскертүү: Мигранттарды мыйзамсыз алып келүү (алып чыгуу) деп жеке же юридикалык жактардын түздөн-түз же кыйыр түрдө финансылык же башка материалдык пайда табуу максатында жарандык статусу же туруктуу жашоого укугу жок же болбосо бул укуктар мамлекеттик органдарга жалган маалыматтарды берүү аркылуу алынган тигил же бул адамдын мыйзамсыз кирүүсүн жана чыгуусун, жүрүүсүн камсыз кылуу боюнча иши түшүнүлөт.

169-берене. Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу

1. Кызматтык кылмыштын белгилери жок болгон учурда адамды күч менен кармоо менен анын жүрүү эркиндигин чектөө, -

эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:

1) эки же андан ашык адамдарга карата;

2) он төрт жаштан оң сегиз жашка чейинки балага карата;

3) кош бойлуу аялга карата;

4) ден соолугу жана өмүрү үчүн коркунучтуу болгон зомбулукту колдонуу менен;

5) курал-жаракты же курал жарак катары пайдаланылуучу башка нерселерди колдонуу менен;

6) адамдардын тобу тарабынан;

7) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан, -

эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүктөрүндө каралган жосундар:

1) он төрт жашка толо элек балага карата;

2) уюшкан топ тарабынан;

3) кылмыштуу коомдоштуктун курамында;

4) этиятсыздыктан өзгөчө оор залал келтирген, -

мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

4. Ушул берененин 1 же 2-бөлүктөрүндө каралган жосундар, эгерде күнөөлүү адам жабырлануучуну 72 сааттын ичинде ыктыярдуу бошотсо, -

жүздөн үч жүз саатка чейин коомдук иштерге же бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга жазаланат.

170-берене. Адамдын эмгегин мажбурлап пайдалануу (кул эмгеги)

1. Ага карата менчик укугуна тиешелүү ыйгарым укуктар жүзөгө ашырылган адамдын эмгегин мажбурлап пайдалануу, эгерде адам өзүнө байланыштуу болбогон себептер боюнча жумуштарды (кызмат көрсөтүүлөрдү) аткаруудан баш тарта албаса, -

үч жылдан алты жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:

1) эки же андан ашык адамдарга карата;

2) он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки балага карата;

3) жабырлануучунун ким экендигин күбөлөндүргөн документтерди алып коюу, жашыруу, же болбосо жок кылуу менен;

4) өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирбеген шантажды, зомбулукту колдонуу менен же мындай зомбулукту колдоном деп коркутуу менен;

5) кызмат абалын пайдалануу менен, -

мүлкүн конфискациялоо менен же аны колдонбостон алты жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүктөрүндө каралган жосундар:

1) он төрт жашка толо элек балага карата жасалса;

2) этиятсыздыктан оор же өзгөчө оор залал келтирген;

3) уюшкан топ тарабынан жасалган;

4) кылмыштуу коомдоштуктун курамында жасалган, -

мүлкүн конфискациялоо менен сегиз жылдан он эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

171-берене. Психиатриялык стационарга мыйзамсыз жаткыруу

1. Адамды психиатриялык стационарга мыйзамсыз жаткыруу, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга, же эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же үч жылдан алты жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Ошол эле жосун, эгерде ал адам тарабынан өзүнүн кызмат абалынан пайдалануу менен же этиятсыздыктан оор же өзгөчө оор залал келтирсе, же болбосо балага карата жасалса, -

500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен алты жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

26-глава. Үй-бүлө мамилелеринин салттарына жана балдардын кызыкчылыктарына каршы кылмыштар

172-берене. Никеге туруу максатында ала качуу

1. Никеге туруу үчүн адамды ала качуу, -

беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Кыз баланы иш жүзүндөгү нике мамилелерине туруу же болбосо никеге туруу үчүн ала качуу, -

жети жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

173-берене. Иш жүзүндөгү нике мамилелерине турууга мажбурлоо

Бала менен иш жүзүндөгү нике мамилелерине турууга мажбурлоо, -

1000ден 2000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

174-берене. Адамды никеге турууга мажбурлоо

Адамды никеге турууга мажбурлоо, ошого тете мажбурлап түзүлгөн никени улантууга мажбурлоо, же никеге турбастан чогуу жашоого, же мындай чогуу жашоону улантууга мажбурлоо, ошого тете адамдын никеге туруусуна тоскоолдук кылуу, -

1000ден 2000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

175-берене. Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу

Өзүнө карата никеге туруу боюнча диний ырым-жырымдар жасалган баланын ата-энелери (аларды алмаштыруучу адамдар), никеге туруунун диний ырым-жырымын жасаган адам, ошого тете нике курагы жөнүндө мыйзам актыларын бузуу менен өзүнө карата бала менен никеге туруу боюнча диний ырым-жырым жасалган жашы жеткен адам, -

үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

176-берене. Эки жана андан көп аял алуу

Эки же андан көп аял алуу, башкача айтканда, эркектин эки же андан көп аялдар менен жалпы чарба жүргүзүү менен чогуу жашоосу, -

жүздөн үч жүз саатка коомдук иштерге же бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга жазаланат.

177-берене. Үй-бүлөлүк зомбулук

Үй-бүлөнүн бир мүчөсүнүн үй-бүлөнүн башка мүчөсүнө же ага теңештирилген адамга карата жабырлануучунун конституциялык жана башка укуктарын жана эркиндиктерин бузган, ошого тете анын дене боюн же психикасын жабыркаткан, дене боюнун же психикалык өнүгүшүнө зыян келтирген, ден соолукка анча оор эмес залалга алып келген ар кандай атайын аракеттери, -

эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же болбосо кырктан жүз саатка чейинки коомдук иштерге тартууга же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

178-берене. Ата-эненин балдарды багуудан качуусу

Ата-эненин баласын же болбосо жашы жеткен, бирок эмгекке жарамсыз же материалдык жардамга муктаж балдарын багуу үчүн соттун чечиминин негизинде белгиленген каражаттарды төлөөдөн качуусу, -

200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же кырктан жүз саатка чейинки коомдук иштерге же эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына жазаланат.

179-берене. Балдардын ата-энесин багуудан качуусу

Жашы жеткен балдардын эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж болгон ата-энесин багуу үчүн соттун чечиминин негизинде белгиленген каражаттарды төлөөдөн качуусу, -

200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же кырк сааттан жүз саатка чейинки коомдук иштерге, же эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына жазаланат.

180-берене. Баланы кылмыш жасоого тартуу

1. Он сегиз жашка жеткен адам тарабынан кандай гана ыкма менен болбосун баланы кылмыш жасоого тартуу, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга, же эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Ошол эле жосун ата-эненин бири, педагог, же болбосо мыйзам менен балага камкордук көрүү милдети жүктөлгөн башка адам тарабынан жасалса, -

500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же аны колдонбостон эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүктөрүндө каралган, баланы уюшкан топко, кылмыштуу коомдоштуктун курамына же оор же өзгөчө оор кылмышты жасоого тартуу менен байланышкан жосундар, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же аны колдонбостон беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

181-берене. Баланы коомго каршы аракеттерге тартуу

1. Баланы алкоголду, баңги зат каражаттарын же башка мас кылуучу заттарды колдонууга, селсаяктыкка же тилемчиликке тартуу, же болбосо аны селсаяктыкта же тилемчиликте пайдалануу, -

кырктан жүз саатка чейин коомдук иштерге же эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга жазаланат.

2. Ата-эненин бири, педагог же балага камкордук көрүү милдети мыйзам менен жүктөлгөн башка адам тарабынан жасалган ушундай эле жосун, -

бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же аны колдонбостон беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

182-берене. Балдарды чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдардын же согуштук аракеттердин зонасына алып чыгуу

1. Баланы чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдардын же согуштук аракеттердин зонасына алып чыгуу, -

үч жылдан алты жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Ата-эненин бири же баланы тарбиялоо боюнча милдеттер мыйзам менен жүктөлгөн адам тарабынан, ошого тете балдарды көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруу милдеттери мыйзамда жүктөлгөн педагог же башка билим берүү, тарбиялоо, дарылоо же болбосо башка мекеменин кызматкерлери тарабынан жасалган ошол эле жосун, -

алты жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган жосундар уюшкан топ тарабынан же кылмыштуу коомдоштуктун курамында жасалса, -

мүлкүн конфискациялоо менен сегиз жылдан он бир жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

183-берене. Ымыркайды алмаштырып коюу

Пайда көрүү же башка жеке кызыкчылыктан улам жаңы төрөлгөн ымыркайды алмаштырып коюу, -

500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен үч жылдан алты жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

184-берене. Бала асырап алуунун сырын ачыкка чыгаруу

Бала асырап алуучунун эркине каршы бала асырап алуунун сырын ачыкка чыгаруу, эгерде этиятсыздыктан олуттуу залал келтирсе, -

эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

185-берене. Балдарды асырап алуу боюнча мыйзамсыз аракеттер

Баланы асырап алуу үчүн тандоо жана өткөрүп берүү боюнча аракеттер өз атынан же асырап алууну каалаган адамдын кызыкчылыгы үчүн бул мыйзамдарда ыйгарым укук берилбеген адам тарабынан жүзөгө ашырылган, буга тете пайда табуу максатында аны асырап алууга көндүрүү, -

200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейинки өлчөмдөгү айып салууга же үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же аны колдонбостон эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына жазаланат.

186-берене. Камкорчунун укуктарын кыянаттык менен пайдалануу

Камкорчулукту жана көзөмөлчүлүктү билип туруп камкордукка алынганга зыян келтирүү менен пайдалануу жана аны көзөмөлсүз же зарыл материалдык жардамсыз калтыруу, -

200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейинки өлчөмдө айып салууга жазаланат.

187-берене. Баланы тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо

Ата-эне же баланы тарбиялоо боюнча милдеттер жүктөлгөн башка адам баланы тарбиялоо боюнча милдеттерин, ошого тете тарбиячы же балага көзөмөл жүргүзүүгө милдеттүү болгон билим берүү, тарбиялоо, дарылоо же башка мекемелердин кызматкери тарабынан өз милдеттерин аткарбаганда же талаптагыдай аткарбаганда, эгерде бул аракеттер балага ырайымсыз мамиле жасоо менен коштолсо, -

200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же болбосо алты айдан бир жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө, же үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен же аны колдонбостон жазаланат.

188-берене. Баланы мыйзамсыз ташып чыгуу

Баланы Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары мыйзамсыз ташып чыгуу, -

200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же кырк сааттан жүз саатка чейин коомдук иштерге же эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына жазаланат.

27-глава. Адамдын жарандык жана башка укуктарына каршы кылмыштар

189-берене. Адамдын тең укуктуулугун бузуу

1. Адамдын тең укуктуулугун бузуу, тактап айтканда жынысына, расасына, улутуна, тилине, майыптыгына, этностук таандыктыгына, туткан динине, курагына, саясий же башка ишенимдерине, билимине, тегине, мүлктүк же башка абалына жараша укуктарды түз же кыйыр чектөө же болбосо түз же кыйыр артыкчылыктарды белгилөө этиятсыздыктан олуттуу залал келтирүү менен жасалса, -

эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же аны колдонбостон эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Этиятсыздыктан оор залал келтирген ошол эле жосун, -

500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же аны колдонбостон эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

190-берене. Жекече жашоонун кол тийбестигин бузуу

1. Мыйзамда белгиленген учурларды кошпогондо, адамдын жеке турмушу жөнүндө купуя маалыматты анын макулдугусуз мыйзамсыз чогултуу, сактоо, пайдалануу жана жайылтуу, -

кырктан жүз саатка чейин коомдук иштерге же эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга жазаланат.

2. Чыгармада, жалпыга маалымдоо каражаттарына чыкканда же болбосо башкача эл алдында сүйлөөдө жеке же үй-бүлөлүк сырды мыйзамсыз пайдалануу же болбосо жайылтуу, ошого тете адамдын кызмат абалынан пайдалануу менен жасоосу, -

бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же аны колдонбостон беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

191-берене. Мыйзамсыз кармоо же камакка алуу

1. Билип туруп мыйзамсыз кармоо, -

эки жылдык мөөнөткө чейин белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Билип туруп мыйзамсыз камакка алуу же камакта кармоо, -

үч жылдык мөөнөткө чейин белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3.Ушул берененин 1 же 2-бөлүгүндө каралган, оор залал келтирген жосундар, -

эки жылдык мөөнөткө чейин белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен сегиз жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

4. Шектелгендин туугандарына анын кармалган фактысы жана турган жери жөнүндө атайылап кабарлабоо, мындай маалыматты алууга укугу бар адамга адамдын камакта кармалган жери жөнүндө маалыматты берүүдөн мыйзамсыз баш тартуу, ошого тете иш жүзүндө кармоонун протоколу түзүлгөн убакытты же иш жүзүндө каралган убакытты бурмалоо, -

эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

192-берене. Кыйноолорду болтурбоо максатында күбөлөндүрүүнү жана башка аракеттерди жүргүзүүдө медициналык кызматкерге тоскоолдук кылуу

Сотко чейинки, соттук териштирүү же жазаны өтөө стадиясында кароону, күбөлөндүрүүнү же медициналык экспертизаны жүргүзүүдө медициналык кызматкерге тоскоолдук кылуу, -

беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

193-берене. Кат алышуу купуялыгын бузуу

1. Байланыш каражаттары аркылуу берилүүчү же компьютерди пайдалануу менен кат алышуунун, телефондук жана башка сүйлөшүүлөрдүн, почта, телеграфтык, электрондук жана башка кабарлашуулардын купуялыгын бузуу, -

кырктан жүз саатка чейин коомдук иштерге, же эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же бир жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Өзүнүн кызмат абалын же маалымдабастан маалымат алууга арналган атайын техникалык каражаттарды пайдалануу менен жасалган ошол эле жосун, -

эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же аны колдонбостон беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

194-берене. Турак жайдын кол тийбестигин бузуу

1. Адамдын жеке менчигинде же башка укугунда турган турак жайга же башка объекттерге анын эркине каршы мыйзамсыз кирүү, -

эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Күч колдонуу же аны колдоном деп коркутуу менен жасалган ошол эле жосун, -

беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

195-берене. Шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу

1. Жарандын өз шайлоо укуктарын же референдумга катышуу укугун эркин жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу, добуш берүүнүн жашырындуулугун бузуу, -

кырктан жүз саатка чейин коомдук иштерге же эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга жазаланат.

2. Шайлоо комиссияларынын, шайлоо комиссиясынын ишине кийлигишүү аркылуу референдум өткөрүү боюнча комиссиялардын, референдум өткөрүү боюнча комиссиянын ишине же болбосо шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн, өз милдеттерин аткаруу менен байланышкан, анын ичинде алардын чечимдерине таасир көрсөтүү максатында кызмат ордун же кызмат абалын пайдалануу менен референдум өткөрүү боюнча комиссиянын ишине тоскоолдук кылуу, атап айтканда, кызмат адамынын талапкерлерди, талапкерлердин тизмелерин каттоо, шайлоочулардын, референдумга катышуучулардын добуштарын эсептөө же башка маселелер боюнча талап коюшу же көрсөтмө бериши, же болбосо, шайлоо процессинде колдонулуучу мамлекеттик маалымат системаларынын ишин бузууга атайылап аракет жасоо же маалыматтарын бурмалоо, -

жүздөн үч жүз саатка чейин коомдук иштерге же бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга жазаланат.

3. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган ошол эле жосундар:

1) алдоо, мажбурлоо, зомбулук колдонуу же зомбулук колдоном деп коркутуу менен коштолсо;

2) өзүнүн кызматтык абалынан пайдалануу менен адам тарабынан жасалса;

3) адамдардын тобу тарабынан жасалса;

4) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалса;

5) уюшкан топ тарабынан жасалса;

6) кылмыштуу коомдоштуктун курамында жасалса,

7) электрондук шайлоо системасынын иштөөсүнүн белгиленген тартибин бузуу жолу менен жасалса, -

бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 1000ден 2000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

196-берене. Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу

1. Шайлоо өткөрүү мезгилинде акчалай каражаттарды берүү же болбосо таратуу, материалдык баалуулуктарды тапшыруу же кандайдыр-бир кызматты же башка байгерчиликти алууга көмөктөшүү жолу менен шайлоочулардын добуштарын сатып алуу, ошого тете эл алдында аларга убада берүү, -

500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга жазаланат.

2. Кыргыз Республикасынын Президенттигине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин же жергиликтүү кеңештин депутаттыгына, мамлекеттик бийликтин шайлануучу башка органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына талапкер, ошого тете талапкердин жубайы, жакын туугандары жана алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ишенимдүү адамдары тарабынан жасалган ошол эле жосун, -

1000ден 2000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

197-берене. Шайлоо өнөктүгүн каржылоо тартибин бузуу

Талапкердин, саясий партиянын шайлоо өнөктүгүн, референдум өткөрүү боюнча демилгечи топтун ишин каржылоонун тартибин төмөнкүлөрдү жасоо менен бузуу:

1) шайлоодо же референдумда белгилүү натыйжага жетүү максатында, тиешелүү фондду кыйгап өтүү менен талапкерге, саясий партияга, референдум өткөрүү боюнча демилгечи топко ири өлчөмдөгү акча же башка материалдык каражаттарды берүү;

2) шайлоодо же референдумда белгилүү натыйжага жетүү максатында шайлоо фонддоруна, референдум фонддоруна которулбаган ири суммадагы акча каражаттарын чыгымдоо;

3) шайлоо же референдум менен түздөн-түз же кыйыр байланышкан жана шайлоодо же референдумда белгилүү натыйжаны алууга же референдумду өткөрүү демилгесин коюуга багытталган, тиешелүү фонддон акысын төлөөсүз же тиешелүү фонддон негизсиз төмөндөтүлгөн баада акы төлөө менен ири өлчөмдө жүзөгө ашырылган акы төлөнүүчү жумуштарды аткаруу, товарларды сатып өткөрүү, акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүү;

4) шайлоо же референдумдар жөнүндө мыйзамдарда тыюу салынган кайрымдуулук каражаттарын алмаштырылган жактар аркылуу шайлоо фондуна же референдум фондуна ири өлчөмдө төгүү, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга, же бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 1000ден 2000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Эскертүү. Ушул Кодекстин 197 жана 198-беренелеринде ири өлчөм деп ушул беренеде көрсөтүлгөн жосундарды жасаган учурга карата шайлоо жана референдум жөнүндө мыйзамдарда белгиленген талапкердин, саясий партиянын шайлоо фондунун, референдум фондунун бардык каражаттарынын чыгымдарынын чектелген суммасынын ондон биринен ашкан, бирок мында 5000 эсептик көрсөткүчтөн кем эмесин түзгөн акчанын суммасынын өлчөмү, мүлктүн же мүлктүк мүнөздөгү пайданын наркы таанылат.

198-берене. Шайлоону же референдумду өткөрүүдө каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу

Талапкердин, саясий партиянын талапкеринин же болбосо референдум өткөрүү боюнча демилгечи топтун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, алардын каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн төмөнкүдөй жолдор менен жасаган аракеттери:

1) шайлоо өнөктүгүн өткөрүү же референдумду өткөрүү демилгесин көтөрүү максатында шайлоо фондуна, референдум фондуна түшпөгөн каржы же материалдык каражаттарды ири өлчөмдө пайдалануу;

2) шайлоо жана референдум жөнүндө мыйзамдарда тыюу салынган жана атайын шайлоо эсебине, референдум фондунун атайын эсебине которулган кайрымдуулук каражаттарын ири өлчөмдө чыгымдоо, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга, же бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 1000ден 2000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

199-берене. Шайлоо документтерин бурмалоо

1. Шайлоо документтерин, референдум документтерин бурмалоо, добуштарды билип туруп туура эмес эсептөө же шайлоонун, референдумдун натыйжаларын билип туруп туура эмес белгилөө, эгерде шайлоо комиссиясынын, референдум өткөрүү боюнча комиссиянын мүчөсү, талапкер же анын ыйгарым укуктуу өкүлү, ишенимдүү адамы, ошого тете саясий партиянын, референдум өткөрүү боюнча демилгечи топтун ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан ушул жосундар жасалса, -

бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосундар:

1) шайлоо комиссиясынын же референдум өткөрүү боюнча комиссиянын төрагасы, төрагасынын орун басары, катчысы тарабынан;

2) адамдардын тобу тарабынан;

3) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;

4) электрондук шайлоо системасынын иштөөсүнүн белгиленген тартибин бузуу жолу менен, -

1000ден 2000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

200-берене. Мыйзамсыз диний топту уюштуруу

1. Диний окууларды жайылтуу жана диний каадаларды аткаруу түрүндө иш жүргүзгөн топту уюштуруу же аны жетектөө, эгерде ал жарандардын укуктарына олуттуу залал келтирүү менен же жарандарды коомдук иштерден же жарандык милдеттерин аткаруудан баш тартууга түртүү менен жасалса, ошого тете бул топко балдарды тартуу менен коштолсо, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга, же эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн топтун ишине жигердүү катышуу, ошого тете мындай топтун ишин дайыма пропагандалоо, -

бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же 1000ден 2000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

201-берене. Тынч чогулушту өткөрүүгө же ага катышууга тоскоолдук кылуу

1. Тынч чогулушту өткөрүүгө же ага катышууга мыйзамсыз тоскоолдук кылуу же ага катышууга мажбурлоо, -

200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга жазаланат.

2. Өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу менен же болбосо мындай зомбулукту колдоном деп коркутуу менен жасалган ушундай эле жосун, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга, же эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

202-берене. Журналисттин мыйзамдуу кесиптик ишине тоскоолдук кылуу

Кызмат абалынан пайдалануу менен адам тарабынан жасалган маалыматты таратууга же таратуудан баш тартууга мажбурлоо журналисттик мыйзамдуу кесиптик ишине тоскоолдук кылуу, -

300дөн 600 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же бирден үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга жазаланат.

203-берене. Эмгек акыны, пенсияны, жөлөк пулду төлөбөө

Менчигинин түрүнө карабастан ишкананын, мекеменин же уюмдун кызмат адамынын эмгек акыга, пенсияга, жөлөк пулга жана башка социалдык төлөмдөргө арналган акчалай каражаттарды өз багыты боюнча эмес пайдалануусу, эгерде алар алтымыш күндөн ашык өз убагында төлөбөөгө алып келсе, -

жүздөн үч жүз саатка чейин коомдук иштерге же үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга, же бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга жазаланат.

204-берене. Автордук, аралаш укуктарды жана патент ээлеринин укуктарын бузуу

1. Автордук укук, аралаш укуктар, лицензиялык программалык камсыздоо жана маалыматтык тутумдар объекттерин мыйзамсыз пайдалануу, ошого тете, сатуу максатында лицензиялык программалык камсыздоону жана маалыматтык тутумдарды, чыгармалардын, фонограммалардын контрафакттык нускаларын сатып алуу, сактоо, ордун которуу жана даярдоо, ошондой эле ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди же өнөр жай үлгүлөрүн мыйзамсыз пайдалануу, автордун же арыз берүүчүнүн макулдугу жок ойлоп табуунун маңызы, пайдалуу моделдерди же өнөр жай үлгүлөрү жөнүндө маалыматтар расмий жарыяланганга чейин, булар тууралуу маалыматтарды таратып жиберүү, эгерде бул жосундар ири зыян келтирүү же ири өлчөмдө пайда алуу максатында жасалган болсо, -

200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга жазаланат.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган, алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу же уюшкан тобу тарабынан, же өзгөчө ири зыян келтирүү менен же өзгөчө ири өлчөмдө киреше алуу максатында жасалган жосундар, -

500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Эскертүү. Ушул беренеде каралган жосундар, эгерде чыгармалардын же (жана) фонограммалардын нускаларынын наркы же болбосо автордук укуктун жана аралаш укуктун объекттерин пайдаланууга укуктардын наркы эсептик көрсөткүчтөрдөн беш жүз эсеге ашса, ал эми кылмыш жасалган күнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтөрдөн миң эсеге ашса - өзгөчө ири өлчөмдө жасалды деп таанылат.

VII БӨЛҮМ. МЕНЧИККЕ ЖАНА ЭКОНОМИКАЛЫК ИШТИ ЖҮРГҮЗҮҮ ТАРТИБИНЕ КАРШЫ КЫЛМЫШТАР

28-глава. Менчикке каршы кылмыштар

205-берене. Уурдоо

1. Уурдоо, башкача айтканда олуттуу эмес өлчөмдө бирөөнүн мүлкүн жашыруун уурдоо, -

200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же кырктан жүз саатка чейин коомдук иштерге тартууга жазаланат.

2. Олуттуу өлчөмдө жасалган ошол эле жосун, -

эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:

1) ири өлчөмдө;

2) адамдардын тобу тарабынан;

3) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;

4) турак жайга, кызматтык же башка жайга, же болбосо транспорт каражатына кирүү менен;

5) банктык эсептен, ошого тете электрондук акча каражаттарына тиешелүү (алдамчылык белгилери жок болгон шартта);

6) маалымат тутумуна мыйзамсыз кирүү же болбосо телекоммуникация тармактары боюнча берилүүчү маалыматты өзгөртүү жолу менен, -

1000ден 2000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

4. Ушул берененин 2 же 3-бөлүгүндө каралган, төмөнкүдөй жасалган жосундар:

1) өзгөчө ири өлчөмдө;

2) уюшкан топ тарабынан;

3) кылмыштуу коомдоштуктун курамында, -

мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

206-берене. Тоноо

1. Тоноо, башкача айтканда башка бирөөнүн мүлкүн ачыктан-ачык ээлеп алуу, -

эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же 200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:

1) олуттуу өлчөмдө;

2) адамдардын тобу тарабынан;

3) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан, -

500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүгүндө каралган, төмөнкүдөй жасалган жосундар:

1) ири өлчөмдө;

2) турак жайга кирүү менен;

3) өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу менен же мындай зомбулукту колдоном деп коркутуу менен, -

беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

4. Ушул берененин 1-3-бөлүктөрүндө каралган, төмөнкүдөй жасалган жосундар:

1) өзгөчө ири өлчөмдө;

2) уюшкан топ тарабынан;

3) кылмыштуу коомдоштуктун курамында, -

мүлкүн конфискациялоо менен сегиз жылдан он эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

207-берене. Каракчылык

1. Каракчылык, башкача айтканда башка бирөөнүн мүлкүн алып алуу максатында өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирген зомбулукту колдонуу менен, же болбосо ушундай зомбулукту колдоном деп коркутуу менен кол салуу, -

эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

1. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:

1) ири өлчөмдөгү мүлктү ээлеп калуу максатында;

2) адамдардын тобу тарабынан;

3) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан, -

мүлкүн конфискациялоо менен же аны колдонбостон беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүгүндө каралган, төмөнкүдөй жасалган жосундар:

1) өзгөчө ири өлчөмдөгү мүлктү ээлеп калуу максатында;

2) турак жайга кирүү менен;

3) куралды же курал катары колдонулуучу буюмдарды колдонуу менен;

4) этиятсыздыктан ден соолукка оор залал келтирүү менен, -

мүлкүн конфискациялоо менен жети жылдан он бир жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

4. Ушул берененин 1, 2 же 3-бөлүгүндө каралган, төмөнкүдөй жасалган жосундар:

1) уюшкан топ тарабынан;

2) кылмыштуу коомдоштуктун курамында, -

мүлкүн конфискациялоо менен он бир жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

208-берене. Опузалап талап кылуу

1. Жабырлануучунун, же анын жакындарынын өмүрүнө же ден соолугуна коркунуч келтирбеген зомбулукту колдоном деп коркутуу же шантаж кылуу менен, бирөөнүн мүлкүн, мүлккө болгон укукту өткөрүп берүүнү же мүлктүк мүнөздөгү аракеттерди жасоо менен опузалап талап кылуу, -

эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же 200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:

1) өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу менен;

2) адамдардын тобу тарабынан;

3) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;

4) ири өлчөмдөгү мүлктү алуу максатында, -

500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүгүндө каралган, төмөнкүдөй жасалган жосундар:

1) этиятсыздыктан ден соолукка оор залал келтирүү менен;

2) өзгөчө ири өлчөмдөгү мүлктү алуу максатында, -

мүлкүн конфискациялоо менен же аны колдонбостон беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

4. Ушул берененин 1, 2 жана 3- бөлүгүндө каралган, төмөнкүдөй жасалган жосундар:

1) уюшкан топ тарабынан;

2) кылмыштуу коомдоштуктун курамында, -

мүлкүн конфискациялоо менен жети жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

209-берене. Алдамчылык

1. Алдамчылык, башкача айтканда алдоо же ишенимин кыянаттык менен пайдалануу жолу менен олуттуу эмес өлчөмдөгү башка бирөөнүн мүлкүн ээлеп алуу же мүлккө болгон укукка ээ болуу, -

200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:

1) олуттуу өлчөмдө;

2) адамдардын тобу тарабынан;

3) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан, -

эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүгүндө каралган, ири өлчөмдө жасалган жосундар, -

1000ден 2000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

4. Ушул берененин 1 же 2-бөлүгүндө каралган, төмөнкүдөй жасалган жосундар:

1) өзгөчө ири өлчөмдө;

2) уюшкан топ тарабынан;

3) кылмыштуу коомдоштуктун курамында;

4) кызматтык абалын пайдалануу менен, -

мүлкүн конфискациялоо менен, үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

210-берене. Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу

1. Ишенип берилген мүлктү олуттуу эмес өлчөмдө ыйгарып алуу же коротуу, -

200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосундар:

1) олуттуу өлчөмдө;

2) адамдардын тобу тарабынан;

3) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан, -

эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүктөрүндө каралган, ири өлчөмдө жасалган жосундар, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматты ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен 1000ден 2000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же мүлкүн конфискациялоо менен үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

4. Ушул берененин 1 же 2-бөлүгүндө каралган, төмөнкүдөй жасалган жосундар:

1) өзгөчө ири өлчөмдө;

2) мүлк жана (же) акча каражаттары кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу ишенип берилген адам тарабынан;

3) уюшкан топ тарабынан;

4) кылмыштуу коомдоштуктун курамында, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматты ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен, мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Эскертүү. Менчик ээсине же башка ээлик кылуучуга келтирилген зыяндын ордун өз ыктыяры менен толтурган учурда, ушул Кодекстин 210 жана 215-беренелеринде каралган жосундарды жасагандыгы үчүн адам кылмыш-жаза жоопкерчилигинен жана жазадан бошотулууга жатат.

211-берене. Автомототранспорт каражаттарын айдап качуу

1. Уурдоо (айдап качуу) максатын көздөбөстөн автомобилди же башка автомототранспорт каражатын укук ченемсиз ээлеп алуу, -

500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:

1) адамдардын тобу тарабынан;

2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;

3) өмүргө же ден соолукка коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу менен, же болбосо мындай зомбулукту колдоном деп коркутуу менен, -

беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүгүндө каралган, төмөнкүдөй жасалган жосундар:

1) этиятсыздыктан ден соолукка оор залал келтирүү менен;

2) өмүргө же ден соолукка коркунуч келтирген зомбулукту колдонуу менен же болбосо мындай зомбулукту колдоном деп коркутуу менен;

3) уюшкан топ тарабынан;

4) кылмыштуу коомдоштуктун курамында, -

мүлкүн конфискациялоо менен сегиз жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

212-берене. Бөтөн жер участогун өзүм билемдик менен ээлеп алуу жана максаттуу багытын бузуу менен айыл чарба багытындагы жерлерге өзүм билемдик менен курулуш куруу

1. Бөтөн жер участогун өзүм билемдик менен ээлеп алуу, -

200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга жазаланат.

2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жер мунапысынын объекттерине туура келген жерлерди кошпогондо, жер участогун өзүм билемдик менен ээлеп алуу, өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу менен же аны колдоном деп коркутуу менен коштолсо жана (же) максаттуу багытын бузуу менен айыл чарба багытындагы жерлерге өзүм билемдик менен курулуш куруу, -

беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүгүндө каралган, төмөнкүдөй жасалган жосундар:

1) куралды же курал катары пайдаланылуучу башка буюмдарды колдонуу менен;

2) этиятсыздыктан оор залал келтирүү менен, -

беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

4. Жер участогун мыйзамсыз ээлеп алууну уюштуруу же жетектөө, -

жети жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2022-жылдын 1-апрелиндеги № 22 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

213-берене. Жайды, имаратты же курулманы өзүм билемдик менен ээлеп алуу же басып алуу

1. Менчигинин түрүнө карабастан турак жайды жана (же) турак эмес жайларды, имараттарды же курулмаларды жарандын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу менен же аны колдоном деп коркутуу менен өзү билип ээлеп же басып алуу, -

бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосундар:

1) адамдардын тобу тарабынан;

2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;

3) жайды, имаратты же курулманы бузуу менен, -

1000ден 2000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүгүндө каралган, төмөнкүдөй жасалган жосундар:

1) куралды же курал катары пайдаланылуучу башка каражаттарды колдонуу менен;

2) уюшкан топ тарабынан;

3) кылмыштуу коомдоштуктун курамында жасалса;

4) этиятсыздыктан оор залал келтирсе, -

беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

4. Турак жана (же) турак эмес жайды, имаратты же курулманы мыйзамсыз ээлеп алууну уюштуруу же жетектөө, -

жети жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

214-берене. Өзүм билемдик

1. Өзүм билемдик, башкача айтканда белгиленген тартипке каршы, укукка ылайыктуулугу башка адам тарабынан талаш туудурган аракеттерди өз билгениндей жасаганда, эгерде мындай аракеттерден улам корголгон укуктарга жана кызыкчылыктарга олуттуу залал келтирилсе, -

жүздөн үч жүз саатка чейин коомдук иштерге же бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга жазаланат.

2. Ошол эле жосундар, зомбулук көрсөтүү менен же зомбулук көрсөтөм деп коркутуу менен жасалса, -

беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

215-берене. Алдоо же ишенимге кыянаттык кылуу жолу менен мүлктүк залал келтирүү

1. Менчик ээсине же мүлктүн башка ээсине газды, электр же болбосо жылуулук энергиясын эсепке алуу приборлору жок (эгерде аларды пайдалануусу милдеттүү болуп саналса) өзүм билемдик менен пайдалануунун же эсепке алуу приборлорун атайылап бузуунун кесепетинен, ошого тете уурдоонун белгилери болбогондо башкача алдоо же ишенимди кыянаттык пайдалануу жолу менен олуттуу мүлктүк зыян келтирүү, -

200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:

1) ири өлчөмдө зыян келтирүү менен;

2) адамдардын тобу тарабынан;

3) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан, -

500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүгүндө каралган жосундар, өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирүү менен жасалса, -

беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

216-берене. Башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же бузуу

1. Башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же олуттуу зыян келтирүү менен бузуу, ошого тете мамлекеттин коргоосуна алынган тарыхый же маданий эстеликти же жаратылыш объектисин жок кылуу же бузуу, -

бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга жазаланат.

2. Ошол эле жосундар өрттөө же жалпыга коркунучтуу ыкма менен жасалса же ири өлчөмдө зыян келтирсе, -

1000ден 2000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүгүндө каралган жосундар өзгөчө ири зыян келтирсе, -

беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

217-берене. Кылмыш жолу менен алынгандыгы белгилүү болгон мүлктү сатып алуу же сатуу

1. Мурда убада бербестен кылмыш жолу менен алынгандыгы белгилүү болгон мүлктү сатып алуу же сатуу, эгерде кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) белгилери жок болсо, -

500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө айып салууга же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө жазаланат.

2. Ошол эле жосундар ири же өзгөчө ири өлчөмдөрдө, ошондой эле иш түрүндө жасалганда, -

1000ден 2000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

29-глава. Экономикалык ишти жүргүзүү тартибине каршы кылмыштар

218-берене. Мыйзамсыз ишкердик же банктык иш

1. Ишкердик же банк ишин же болбосо банктык операцияларды каттоосуз, же атайын лицензиясы жана (же) уруксаты жок, мындай лицензия жана (же) уруксат милдеттүү болгон учурларда же лицензиялоонун шарттарын бузуу менен жүзөгө ашыруу, эгерде бул жосун ири өлчөмдөгү кирешени алуу менен коштолсо, -

кырктан жүз саатка чейин коомдук иштерге же 200дөн 300 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга жазаланат.

2. Ошол эле жосун өзгөчө ири өлчөмдө киреше алуу менен коштолсо, -

жүздөн үч жүз саатка чейин коомдук иштерге же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга же бир жылдан эки жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга жазаланат.

Эскертүү. Келтирилген зыяндын ордун өз ыктыяры менен толтурган учурда, адам ушул Кодекстин 218, 220, 223, 225, 227 жана 228-беренелеринде каралган жосундарды жасагандыгы үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигинен жана жазадан бошотулууга тийиш.

219-берене. Кумар оюндарын өткөрүү үчүн көмүскө жайды уюштуруу же күтүү, кумар оюндарын өткөрүү

1. Кумар оюндарын өткөрүү үчүн тотализаторлорду, букмекердик контораларды жана көмүскө жайды уюштуруу же күтүү, ошого тете оюн жабдууларын пайдалануу менен, же болбосо компьютердик, маалыматтык-телекоммуникациялык тармактарды, анын ичинде Интернет тармагын пайдалануу менен кумар оюндарын өткөрүү, -

1000ден 2000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосундар:

1) адамдардын тобу тарабынан;

2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан, -

беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

220-берене. Жалган ишкердик

1. Жалган ишкердик, башкача айтканда кредит алуу, салыктардан бошонуу, башка мүлктүк пайданы табуу же тыюу салынган ишти жашыруу максатында ишкердик ишти жүзөгө ашыруу ниети болбостон юридикалык жакты түзүү, эгерде бул жосун ири өлчөмдөгү кирешени алуу менен коштолсо, -

бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:

1) өзгөчө ири өлчөмдөгү кирешени алуу менен коштолгон;

2) адамдардын тобу тарабынан;

3) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан, -

1000ден 2000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

221-берене. Финансы пирамидаларын уюштуруу

1. Финансы пирамидасынын иштөөсү үчүн шарттарды түзүү, ага катышууну сунуш кылуу же финансы пирамидасынын жардамы менен финансы активдерди тартуу (алуу), финансы пирамидасынын ишин уюштуруу жана жетектөө, эгерде бул ири өлчөмдөгү кирешени алуу менен коштолсо, -

үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосундар:

1) өзгөчө ири өлчөмдөгү кирешени алуу менен коштолгон;

2) компьютердик, маалыматтык же телекоммуникациялык тутумдарды же болбосо тармактарды же электрондук төлөм тутумун колдонуу менен мыйзамсыз операцияларды жүзөгө ашыруу аркылуу;

3) адамдардын тобу тарабынан;

4) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан, -

мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Эскертүү: Ушул беренеде финансы пирамидасы деп продукцияны сатуунун же керектөөнүн эсебинен эмес, керектөөчү ушундай эле схемага башка керектөөчүлөрдү тартуунун эсебинен артыкчылыктуу түрдө берилүүчү компенсацияны (кирешени) алуу мүмкүндүгү үчүн төлөм жүргүзгөн сатуулардын тутумдарын түзүү, колдонуу, пайдалануу же аны өнүктүрүүгө көмөктөшүү эсептелет.

222-берене. Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)

1. Кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо), башкача айтканда эгерде мүлк кылмыштардан алынган кирешени билдире тургандыгы белгилүү болсо, мүлктүн пайда болуусунун кылмыштуу булактарын жашыруу же жазгыруу же кылмышты жасоого катышкан адамга жардам көрсөтүү максатында, жосундар үчүн жоопкерчиликтен четтөө максатында, мүлктү кайра түзүү (конверциялоо) же которуу боюнча ар кандай аракеттерди (операцияларды же бүтүмдөрдү) жасоо аркылуу кылмыштуу кирешеге ээлик кылууга, аны пайдаланууга же тескөөгө укук ченемдүү түр берүү; же болбосо мүлктүн булагынын чыныгы мүнөзүн, жайгашкан ордун, тескөө же ордун которуу ыкмасын, ошондой эле эгерде кылмыштардан алынган кирешени билдире тургандыгы белгилүү болсо, мүлккө укуктарды же анын таандыктыгын жашыруу же катуу; же болбосо кылмыш жасоонун натыйжасында алынганы кылмыш жасоого катышпаган адамга белгилүү болсо, ошол адам тарабынан мүлктү жаап-жашыруу же үзгүлтүксүз кармап туруу; же болбосо эгерде мүлктү алган учурда ал кылмыштардан алынган кирешени билдире тургандыгы адамга белгилүү болсо, мүлктү сатып алуу, ага ээлик кылуу же пайдалануу, -

мүлкүн конфискациялоо менен эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызмат ордун ээлөө же белгилүү иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:

1) адамдардын тобу тарабынан;

2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;

3) өзүнүн кызматтык абалын пайдалануу менен адам тарабынан, -

мүлкүн конфискациялоо менен, үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызмат ордун ээлөө же белгилүү иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган, төмөнкүдөй жасалган жосундар;

1) уюшкан топ тарабынан;

2) кылмыштуу коомдоштуктун курамында;

3) ири өлчөмдө, -

мүлкүн конфискациялоо менен, үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызмат ордун ээлөө же белгилүү иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен сегиз жылдан он бир жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Эскертүү. Ушул беренеде ири өлчөм деп кылмыш жасалган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтөн он миң эсе ашкан сумма таанылат.

Ушул беренеде кылмыштуу киреше дел кылмыш жасоонун натыйжасында түз же кыйыр түрдө алынган же өндүрүп алынган ар кандай экономикалык пайда же мүлк түшүнүлөт.

Кандай түрдө болбосун: материалдык же материалдык эмес (сезилген же сезилбеген) мүлк, кыймылдуу же кыймылсыз мүлк, ошондой эле банк кредиттерин, жол кире чектерин, банк чектерин, почта которумдарын, баалуу кагаздарды кошуп алганда ушундай мүлккө же ушул мүлктөгү үлүшкө укукту же кызыкчылыкты күбөлөндүрүүчү юридикалык документтер же кандай формада болбосун (кагаз же электрондук формадагы) актылар мүлк деп түшүнүлөт.

Ушул берене боюнча кылмыш-жаза жоопкерчилиги алардын натыйжасында алынган кылмыштуу кирешелер алынган негизги (предикаттык) кылмыштар үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылышына карабастан келип чыгат.

223-берене. Монополисттик аракеттер жана атаандаштыкты чектөө

1. Монополиялык жогору бааларды же монополиялык төмөн бааларды белгилөө жана кармап туруу, ошого тете рынокту бөлүштүрүүгө, рынокко чыгууну чектөөгө, андан экономикалык иштин башка субъекттерин четтетүүгө же бирдей бааларды белгилөөгө же кармап турууга багытталган бүтүм же макулдашылган аракеттер аркылуу атаандаштыкты чектөө, эгерде бул жосундар ири өлчөмдөгү киреше алуу менен коштолсо, -

1000ден 2000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Ошол эле жосундар:

1) өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу менен же аны колдоном деп коркутуу менен жасалса;

2) өзгөчө ири өлчөмдөгү кирешени алуу менен коштолсо, -

беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

224-берене. Бүтүмдү жасоого же аны жасоодон баш тартууга мажбурлоо

1. Шантажды колдонуу менен же өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирбеген зомбулукту колдоном деп коркутуу менен бүтүмдү жасоого же аны жасоодон баш тартууга мажбурлоо, опузалап талап кылуу белгилери жок болсо, -

500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:

1) өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу менен;

2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан, -

1000ден 2000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүгүндө каралган, этиятсыздыктан оор залал келтирген жосундар, -

беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

225-берене. Индивидуалдаштыруу каражаттарын (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) мыйзамсыз пайдалануу

1. Башка товардык белгини, тейлөө белгисин, бир түрдөгү товарлардын же окшош товарлардын белгилери келип чыккан жердин аталышын мыйзамсыз пайдалануу, эгерде бул жосун бир нече жолу жасалса же ири зыян келтирсе, -

500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Кыргыз Республикасында катталбаган товардык белгиге, товарды тейлөө же келип чыккан жеринин белгисине карата алдын ала маркировкалоону мыйзамсыз пайдалануу, эгерде бул жосун ири зыян келтирсе, -

1000ден 2000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга жазаланат.

Эскертүү. Ушул беренеде ири зыян деп кылмыш жасалган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтөн беш жүз эсеге ашкан суммадагы зыян таанылат.

226-берене. Рейдерлик

1. Рейдерлик, башкача айтканда төмөнкү жол менен жасалган жосун:

1) чогулуштун, жыйналыштын протоколдоруна, көчүрмөлөрүнө добуш берүүчүлөрдүн саны, кворум же добуш берүүнүн натыйжалары жөнүндө билип туруп жалган маалыматтарды киргизүү же добуштарды же добуш берүү үчүн бюллетендерди эсепке алууну билип туруп туура эмес түзүү, акционердин, катышуучунун, жогорку башкаруу органынын мүчөсүнүн же аткаруу органынын мүчөсүнүн добуш берүүсүнө бөгөт коюу же чектөө жолу менен жогорку башкаруу органынын чечимин кабыл алууда добуш берүүлөрдүн натыйжаларын бурмалоо же укуктарды эркин ишке ашырууга тоскоолдук кылуу;

2) чогулушту, жыйналышты өткөрүү жөнүндө маалыматтарды билдирбөө же чогулушту, жыйналышты өткөрүүнүн убактысы жана орду жөнүндө жалган маалыматтарды билдирүү, билип туруп жалган ишеним кат боюнча акционердин, катышуучунун же жогорку башкаруу органынын мүчөсүнүн атынан добуш берүү;

3) баалуу кагаздарды артыкчылыктуу сатып алуу укугун бузуу, чектөө же чек коюу;

4) баалуу кагаздарды артыкчылыктуу сатып алуу укугун ишке ашырууда тоскоолдук түзүү;

5) юридикалык жакка катышуунун үлүшүнө менчик укугун мыйзамсыз алууга же юридикалык жактын үстүнөн контролдоону орнотууга алып келген башка мыйзамсыз аракеттер, -

500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:

1) адамдардын тобу тарабынан;

2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан, -

1000ден 2000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүгүндө каралган жосундар кызмат абалын пайдалануу менен кызмат адамы тарабынан жасалса, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

227-берене. Коммерциялык же банктык сырды түзгөн маалыматты мыйзамсыз алуу

1. Документтерди уурдоо; коммерциялык же банктык сырды билген адамдарга же алардын жакындарына карата коркутууларды же сатып алууну колдонуу; байланыш каражаттарынан маалыматты алып калуу; компьютердик тутумга же тармакка мыйзамсыз кирүү, атайын техникалык каражаттарды колдонуу жолу менен, аларга тете башка мыйзамсыз ыкма менен коммерциялык же банктык сырды түзгөн маалыматтарды жыйноо, -

кырктан жүз саатка чейин коомдук иштерге же эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга жазаланат.

2. Юридикалык жакка катышуунун үлүшүнө болгон менчик ээсинин алмашуусуна же менчик ээсинин эркине каршы юридикалык жакты контролдоону орнотконго алып келген ошол эле жосун, -

1000ден 2000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

228-берене. Коммерциялык, банктык сырды, салык төлөөчүнүн сырын ачыкка чыгаруу

Кызматы же иши боюнча белгилүү болуп калган же ишенип берилген жактын коммерциялык, банктык сырды же салык төлөөчүнүн маалыматтарынын сырын түзгөн маалыматтарды алардын ээсинин макулдугу болбостон мыйзамсыз ачыкка чыгаруусу же пайдалануусу, эгерде бул жосундар пайданы көздөп жасалса же юридикалык жакка катышуунун үлүшүнө болгон менчик ээсинин алмашуусуна же менчик ээсинин эркине каршы юридикалык жакка контролду орнотууга алып келсе, -

1000ден 2000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга же аны колдонбостон жана эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

229-берене. Спортсмендерди паралап сатып алуу

1. Спортсменди, спорт судьясын, машыктыруучуну, команданын жетекчисин же башка катышуучусун же болбосо кесиптик спорттук мелдештин уюштуруучусун, ага тете оюн-зооктук коммерциялык конкурстун уюштуруучусун же калыстар тобунун мүчөсүн мелдештин же конкурстун натыйжасына таасир тийгизүү максатында паралап сатып алуу, -

белгилүү бир кызматты ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан үч жылга чейинки мөөнөткө ажыратуу менен 200дөн 500 эсептик көрсөткүчкө чейинки айып салууга жазаланат.

2. Спорт судьясынын, машыктыруучунун, команданын жетекчисинин же спорт мелдешин уюштуруучусунун, ага тете оюн-зооктук коммерциялык конкурсту уюштуруучунун же калыстар тобунун мүчөсүнүн мелдештин же конкурстун натыйжаларына таасир тийгизүү үчүн мыйзамсыз акчаларды, материалдык баалуулуктарды же материалдык мүнөздөгү кызмат көрсөтүүлөрдү алуусу, -

белгилүү бир кызматты ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан үч жылга чейинки мөөнөткө ажыратуу менен 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейинки айып салууга жазаланат.

230-берене. Баалуу кагаздар рыногундагы инсайдердик бүтүмдөр

1. Баалуу кагаздар рыногунда инсайдердик бүтүмдөр, башкача айтканда төмөнкүдөй жосундардын бирин атайылап жасоо:

1) инсайдер же анын аффилирленген адамы тарабынан инсайдердик маалыматтарды пайдаланып, баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү жүзөгө ашыруу;

2) инсайдердик маалыматтарды үчүнчү жактарга мыйзамсыз берүү (жарыя кылуу) же инсайдердик маалыматтарга же ага негизделген маалыматтарга үчүнчү жактардын жеткиликтүүлүгүн мыйзамсыз берүү, ага тете инсайдердик маалыматтарга негизденген баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү жасоо жөнүндө сунуштамаларды үчүнчү жактарга берүү, эгерде жогоруда көрсөтүлгөн жосундар пайда көздөө же башка жеке кызыкчылыкта же эмитенттин макулдугусуз жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен үчүнчү жактардын кызыкчылыгында жасалса, же болбосо эгерде баалуу кагаздар менен бүтүм жасоо учурунда маалыматтар жашыруун мүнөзгө ээ экенин адам билсе, -

500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосундар:

1) адамдардын тобу тарабынан;

2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;

3) уюшкан топ тарабынан;

4) кылмыштуу коомдоштуктун курамында;

5) өзгөчө ири өлчөмдө киреше алуу менен коштолгон, -

1000ден 2000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же болбосо эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

231-берене. Экономикалык контрабанда

1. Контрабанда, башкача айтканда бажы контролунан тышкары же андан жашыруу менен же болбосо документтерди же бажы идентификациясынын каражаттарын алдап колдонуу менен жасалган, же болбосо декларация кылбоо же анык эмес декларациялоо менен коштолгон Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу товарларды же башка буюмдарды кыйла өлчөмдө өткөрүү, -

эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же бир жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен 1000дөн 1200 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга жазаланат.

2. Ошол эле жосундар, ири өлчөмдө жасалса, -

эки жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 1200дөн 1500 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен жана эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосундар:

1) өзгөчө ири өлчөмдө;

2) кызмат адамы тарабынан өзүнүн кызмат абалын пайдалануу менен;

3) бажы контролун жүргүзүп жаткан адамга карата өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу менен;

4) адамдардын тобу тарабынан;

5) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан, -

1500ден 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

4. Ушул берененин 1, 2 же 3-бөлүктөрүндө каралган жосундар уюшкан (чек ара аралык) топ тарабынан же кылмыштуу коомдоштуктун курамында жасалса, -

мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Эскертүү. Ушул беренеде каралган жосундар:

- эгерде өткөрүлгөн товарлардын наркы кылмыш жасалган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген 5000ден 50000 эсептик көрсөткүчкө чейин түзсө-кыйла өлчөмдө;

- эсептик көрсөткүчтөн элүү миң эседен ашса - ири өлчөмдө;

- эсептик көрсөткүчтөн жүз миң эседен ашса - өзгөчө ири өлчөмдө жасалган жосундар деп таанылат.

Эгерде адам, товарларды же башка предметтерди бажы контролунан тышкары өткөрүүнү кошпогондо, контрабанданын предмети болуп саналган товарларды жана башка предметтерди бажылык жол-жоболоштуруу аркылуу тийиштүү бажы төлөмдөрүн, туумдарды кошуп, өз ыктыяры менен эки эсе өлчөмүндө төлөп берсе, ал ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган жосунду жасагандыгы үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигинен жана жазадан бошотулат.

Бажы контролунан тышкары өткөрүлгөн товарлар жана башка предметтер, ошондой эле аларды ташууга пайдаланылган транспорт каражаттары (анын ичинде башка ташуучу каражаттар) конфискацияланууга тийиш.

(КР 2022-жылдын 16-июнундагы № 45 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

30-глава. Акча-насыя жана валюта чөйрөсүндөгү кылмыштар

232-берене. Насыяны мыйзамсыз берүү

Менчигинин түрүнө карабастан уюмдун кызмат адамы тарабынан жеке же юридикалык жактарга мамлекеттик максаттуу насыяларды мыйзамсыз берүү же насыя алуу үчүн мыйзамсыз жеңилдетилген шарттарды берүү, -

1000ден 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Эскертүү. Келтирилген зыяндын ордун ыктыярдуу түрдө эки эселенген өлчөмдө толтурган учурда, адам ушул беренеде каралган жосундар үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигинен жана жазадан бошотулат.

233-берене. Жасалма акчаны же баалуу кагаздарды жасоо

1. Жасалма акча белгилерин, металл тыйындарды, баалуу кагаздарды же чет өлкөлүк валютаны же чет өлкөлүк валютадагы баалуу кагаздарды сатуу максатында жасалмасын жасоо же болбосо сатуу максатында сактоо, ага тете сатуу, -

1000ден 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосундар:

1) ири өлчөмдө;

2) адамдардын тобу тарабынан;

3) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан, -

беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат,

3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүгүндө каралган жосундар, кылмыштуу коомдоштуктун курамында же уюшкан топ тарабынан жасалса, -

мүлкүн конфискациялоо менен сегиз жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Эскертүү. Кылмыш жасоо учурунда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтөн бир миң эсе ашкан кылмыш предметинин наркы ушул беренеде ири өлчөм деп таанылат.

234-берене. Төлөм документтерин жасоо

1. Жасалма насыялык же эсептешүү карталарын, ага тете баалуу кагаз болуп саналбаган башка төлөм документтерин сатуу максатында даярдоо же сатып өткөрүү, -

1000ден 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосундар:

1) адамдардын тобу тарабынан;

2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан, -

беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

235-берене. Баалуу кагаздарды чыгаруудагы (эмиссиялоодогу) кыянаттыктар

Баалуу кагаздардын эмиссия проспектине билип туруп анык эмес маалыматты киргизүү, ага тете эле анык эмес маалыматты камтыган эмиссия проспектин билип туруп бекитүү же эмиссиянын анык эмес натыйжаларын билип туруп бекитүү, эгерде бул жосундар олуттуу өлчөмдө зыян келтирсе, -

эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен 300дөн 600 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга жазаланат.

236-берене. Баалуу металлдарды, табигый асыл таштарды мыйзамсыз жүгүртүү

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эрежелерди атайылап же байкабастан бузуу менен баалуу металлдарга, табигый асыл таштарга байланышкан бүтүмдү түзүү, ага тете эле зергердик жана турмуш-тиричиликтик буюмдарды жана мындай буюмдардын сыныктарын кошпогондо, кандай түрдө болбосун баалуу металлдарды, табигый асыл таштарды мыйзамсыз сактоо, ташуу же жөнөтүү, -

эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен 300дөн 600 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга жазаланат.

237-берене. Баалуу металлдарды жана асыл таштарды мамлекетке тапшыруу эрежелерин бузуу

Жер казынасынан казылган, кайра пайдаланылуучу чийки заттан алынган, ага тете эле ачылган жана табылган баалуу металлдарды же асыл таштарды аффинажга милдеттүү түрдө тапшыруудан же мамлекетке милдеттүү түрдө сатуудан атайылап же байкабастан качуу, эгерде бул жосун олуттуу өлчөмдө жасалса, -

эки жылга чейин белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу менен 300дөн 600 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга жазаланат.

31-глава. Салык салуу чөйрөсүндөгү кылмыштар

238-берене. Жасалма акциздик маркаларды жасоо

Жасалма акциз маркаларын сатуу максатында даярдоо, ага тете сатуу максатында сактоо же ири өлчөмдө же алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан сатуу же пайдалануу, -

1000ден 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Эскертүү. Беш жүз же андан ашык жасалма акциздик маркалар ушул беренеде ири өлчөм деп таанылат.

239-берене. Милдеттүү түрдө акциз салынуучу лродукцияны акциздик маркасыз өндүрүү

Милдеттүү түрдө акциз салынуучу продукцияны акциздик маркасыз ири өлчөмдө өндүрүү, сактоо, импорттоо же сатуу, -

1000ден 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Эскертүү. Кылмыш жасоо учурунда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген милдеттүү акциз салынууга тийиш болгон продукциянын эсептик көрсөткүчтөн мин эсе ашкан суммадагы өлчөмү ушул беренеде ири өлчөм деп таанылат.

240-берене. Спиртти жана спирт кошулган ичимдиктерди мыйзамсыз өндүрүү

1. Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында белгиленген талаптарга жооп бербеген спиртти же спирт кошулган ичимдиктерди ири өлчөмдө мыйзамсыз өндүрүү же сатуу максатында сактоо, ага тете сатуу, -

эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айыпка же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Мыйзамсыз өндүрүлгөн же Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында белгиленген талаптарга жооп бербеген, этиятсыздыктан оор залалга алып келген спиртти же спирт кошулган ичимдиктерди сатуу, -

1000ден 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Эскертүү. Эки жүз же андан ашык литр спирт жана спирт кошулган ичимдиктер ушул беренеде ири өлчөм деп таанылат.

241-берене. Бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качуу

1. Бажы төлөмдөрүн төлөөдөн төлөмдөрдү эсептеп чыгаруу үчүн документтерди бербөө же аларды жок кылуу, же төлөмдөрдү эсептеп чыгаруу үчүн документтерге билип туруп бурмаланган маалыматтарды киргизүү жолу менен качуу, ошондой эле экономикалык контрабанданын белгилери болбогондо башка салык салуунун объекттерин ири өлчөмдө жашыруу, -

бир жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен 300дөн 600 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга жазаланат.

2. Ошол эле жосун ири өлчөмдө жасалса, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга, же бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосундар:

1) адамдардын тобу тарабынан;

2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;

3) өзгөчө ири өлчөмдө, -

1000ден 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же аны колдонбостон эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Эскертүү. Ушул Кодекстин 241-243-беренелеринде каралган жосундар, эгерде төлөнбөгөн төлөмдөрдүн суммасы кылмыш жасалган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында белгиленген эсептик көрсөткүчтөн бир миңден элүү миңге чейинкини түзсө, кыйла өлчөмдө жасалган деп таанылат. Элүү миң эсе ашкан төлөмдөрдү төлөөдөн качуу ири өлчөмдө деп таанылат, эсептик көрсөткүчтөн жүз миң эсе ашкан төлөмдөрдү төлөбөй коюу өзгөчө ири өлчөмдө деп таанылат.

Айыптарды жана туумдарды кошкондо, салык же бажы карыздарынын бүткүл суммасы ыктыярдуу түрдө төлөнгөн учурда, ушул Кодекстин 241-243-беренелеринде каралган кылмыштарды жасагандыгына байланыштуу кылмыш-жаза процессинин кандай гана стадиясында болбосун адамды кылмыш куугунтуктоо кыскартылууга тийиш.

242-берене. Бюджетке салыкты жана (же) башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдөн качуу

1. Декларация берүү милдеттүү болуп саналган учурларда кирешелер жөнүндө декларацияны бербөө жолу менен же болбосо бюджетке салыктарды жана (же) башка милдеттүү төлөмдөрдү кошуп эсептөө же төлөө менен байланышкан башка документтерге кирешелер же чыгашалар жөнүндө же болбосо салык салынууга тийиш болгон мүлк жөнүндө бурмаланган маалыматтарды билип туруп киргизүү жолу менен бюджетке салык жана (же) башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдөн качууда, эгерде бул жосун салык органдарынын мыйзамдуу күчүнө кирген чечими менен тастыкталса жана бюджетке салыкты жана (же) башка милдеттүү төлөмдөрдү ири өлчөмдө төлөбөөгө алып келсе, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга, же эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган ошол эле жосун, -

1000ден 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же аны колдонбостон эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

243-берене. Уюмдардан бюджетке салыкты жана (же) башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдөн качуу

1. Эгерде бул жосун салык кызматынын органдарынын мыйзамдуу чечими же соттук актылар менен тастыкталса жана бюджетке салыкты жана (же) башка милдеттүү төлөмдөрдү ири өлчөмдө төлөбөөгө алып келсе, декларация берүү милдеттүү болуп саналган учурларда кирешелер жөнүндө декларацияны бербөө жолу менен же болбосо кирешелер же чыгашалар жөнүндө бурмаланган маалыматтарды билип туруп декларацияны киргизүү жолу менен же болбосо салык салынууга тийиш болгон башка объекттерди жана (же) башка милдеттүү төлөмдөрдү жашыруу жолу менен бюджетке салыкты жана (же) башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдөн качуу, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга же эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:

1) өзгөчө ири өлчөмдө;

2) иштерди иш жүзүндө аткарбастан, кызматтарды көрсөтпөстөн, товарларды жүктөп жибербестен эсеп-фактураны пайдалануу менен;

3) адамдардын тобу тарабынан;

4) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан, -

эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу же аны колдонбостон 1000ден 2000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Эскертүү. Ушул Кодекстин 241-243-беренелеринде салыктан качуу салык кызматынын органдары тарабынан жүргүзүлгөн салыктык текшерүүнүн материалдары менен тастыкталат жана алар боюнча салык кызматынын органдары кошумча салыктарды жана (же) башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөтүү жөнүндө чечим кабыл алышат, ал төмөнкү критерийлерге ылайык келет:

1) эгерде тиешелүү чечим мыйзамдуу күчүнө кирсе жана салык төлөөчү тарабынан салык мыйзамдарында белгиленген даттануу берүү мөөнөтүнүн ичинде салык төлөөчү ыйгарым укуктуу салык органына даттанбаса;

2) эгерде салык төлөөчүнүн даттануусуна карата кылмыш-жаза жоопкерчилиги келип чыккан салыктын эсептелбеген суммада чегинен ашып кеткенин ырастаган ыйгарым укуктуу салык органынын мыйзамдуу күчүнө кирген тиешелүү чечими бар болсо жана салык төлөөчүгө ыйгарым укуктуу салык органынын чечими тапшырылган күндөн кийинки күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде салык төлөөчү сотко даттануу менен кайрылбаса;

3) эгерде эсептелбеген салыктын суммасы кылмыш-жаза жоопкерчилиги баштала турган чектен ашып кеткенин ырастаган соттун мыйзамдуу күчүнө кирген тиешелүү чечими болсо.

244-берене. Мобилдик түзүлүштүн эл аралык идентификаторун санкция албастан өзгөртүү

Мобилдик түзүлүштүн өндүрүүчүсү орноткон анын эл аралык идентификаторун санкция албастан өзгөртүү, ага тете эле мобилдик түзүлүштүн эл аралык идентификаторун жасалмалоо, -

бир жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен 200дөн 500 эсептик көрсөткүчкө чейинки айып салууга жазаланат.

32-глава. Коммерциялык жана башка уюмдардагы кызматтын кызыкчылыктарына каршы кылмыштар

245-берене. Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу

1. Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчылары өзүнүн тескөө же башка башкаруу укуктарын ушул уюмдун кызыкчылыгына каршы жана пайда алуу же болбосо өзү, ошондой эле башка адамдар үчүн артыкчылыктарды алуу же болбосо башка жактарга зыян келтирүү максатында колдонуусу, эгерде бул жарандардын, уюмдардын же болбосо мамлекеттин укуктарына же мыйзамдуу кызыкчылыктарына олуттуу зыян келтирүүгө алып келсе, -

кырктан жүз саатка чейин коомдук иштерге же үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга, же эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 1000ден 1200 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга жазаланат.

2. Коммерциялык же башка уюмдун менчик ээсинин эркине карабастан аны алмаштырууга алып келген ага тете оор залал алып келген ошол эле жосун, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга, же бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 1200дөн 1500 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган жосун, акциялар (үлүштөр) мамлекетке же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына таандык болгон коммерциялык уюмда башкаруу функцияларын аткарган адам тарабынан жасалса, -

1500дөн 2000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат

4. Ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган жосун, оор залал алып келсе, ага тете:

1) адамдардын тобу тарабынан;

2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;

3) өзгөчө оор өлчөмдө зыян келтирүү менен жасалса, -

мүлкүн конфискациялоо менен, үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Эскертүү.

1. Ушул главанын беренелеринде коммерциялык же башка уюмда башкаруучулук милдеттерди аткаруучу деп менчигинин түрүнө карабастан коммерциялык уюмда, ошондой эле мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, мамлекеттик же муниципалдык мекеме болуп саналбаган коммерциялык эмес уюмда уюштуруучулук-тескөөчүлүк же администрациялык-чарбалык милдеттерди туруктуу, убактылуу же атайын ыйгарым укуктар боюнча аткарган адам табылат.

2. Эгерде ушул беренеде же болбосо ушул главанын башка беренелеринде каралган жосун, мамлекеттик же муниципалдык түзүлүш акцияларга (уставдык капиталдагы үлүшкө) ээлик кылган мамлекеттик же муниципалдык ишкана, чарбалык коом болуп саналбаган коммерциялык уюмдун гана кызыкчылыктарына зыян келтирсе, кылмыш куугунтуктоо ошол уюмдун арызы боюнча же анын макулдугу менен жүзөгө ашырылат.

3. Эгерде ушул беренеде, болбосо ушул главанын башка беренелеринде каралган жосун, башка уюмдардын кызыкчылыктарына, ошондой эле жарандардын, коомдун же мамлекеттин кызыкчылыктарына залал келтирсе, кылмыш куугунтуктоо жалпы негизде жүзөгө ашырылат.

4. Ушул беренеде каралган жосун, эгерде ал кылмыш жасалган учурга карата Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында белгиленген эсептик көрсөткүчтөн жыйырма беш мин эсе ашса, өзгөчө ири зыян келтирүү менен жасалган деп таанылат.

246-берене. Акционердик коомдор жөнүндө мыйзамдарда белгиленген чектөөлөрдү бузуу

Акционердик коомдор жөнүндө мыйзамдарда белгиленген убактылуу тышкы башкаруу киргизилген учурда акционердик коомдун башкаруу органдары үчүн чектөөлөрдү бузуу, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

247-берене. Ачык тооруктарды, аукциондорду же тендерлерди өткөрүүнүн тартибин бузуу

1. Ачык тооруктарды, аукционду же тендерди өткөрүүнүн тартибин атайылап же этиятсыздыктан бузуу, ошого тете мүлктүн менчик ээсине, тоорукту же аукционду уюштуруучуга, сатып алуучуга же башка чарбакер субъектиге ири өлчөмдөгү зыян келтирген пайдасыз контрактты билип туруп түзүү, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга, же бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосундар:

1) өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирүү менен;

2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан, -

1000ден 2000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

248-берене. Жеке нотариустар, аудиторлор, эксперттер же баалоочулар ыйгарым укуктарын кыянаттык менен колдонуусу

1. Жеке нотариустар, аудиторлор, эксперттер же баалоочулар өздөрүнүн ыйгарым укуктарын өз ишинин милдеттерине каршы жана өзү же башка жактар үчүн пайда көздөө же артыкчылык алуу же башка жактарга залал келтирүү максатында кыянаттык менен пайдалануусу, эгерде бул атайылап же этиятсыздыктан олуттуу залал келтирсе, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга, же бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Ошол эле жосун балага же аракетке жөндөмсүз адамга карата жасалса, -

1000ден 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

249-берене. Жеке күзөт жана детектив кызматтарынын кызматчылары ыйгарым укуктарынан аша чабуусу

1. Жеке күзөт жана детектив кызматтарынын жетекчиси же кызматчылары өз ишинин милдеттерине карабастан өз ыйгарым укуктарынан аша чабуусу, эгерде бул жосун күч колдонуу менен же аны колдоном деп коркутуу менен жасалса, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга, же эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга, же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Ошол эле жосун:

1) курал колдонуу менен коштолсо;

2) этиятсыздыктан оор залал келтирсе, -

1000ден 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

250-берене. Коммерциялык паралап сатып алуу

1. Ээлеген кызмат абалына байланыштуу берип жаткан адамдын кызыкчылыгында аракеттерди (аракетсиздикти) жасоо үчүн коммерциялык же башка уюмдагы башкаруу функцияларын аткарып жаткан адамга акчаларды, баалуу кагаздарды, башка мүлктү мыйзамсыз берүү, ага тете ага мүлктүк мүнөздөгү мыйзамсыз кызмат көрсөтүү, -

500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Ээлеген кызмат абалына байланыштуу берип жаткан адамдын кызыкчылыгында аракеттерди (аракетсиздикти) жасоо үчүн коммерциялык же башка уюмдагы башкаруу функцияларын аткарып жаткан адамдын акчаларды, баалуу кагаздарды, башка мүлктү мыйзамсыз алуусу, ага тете ага мүлктүк мүнөздөгү мыйзамсыз кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануусу, -

1000ден 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган жосундар:

1) акчаларды, баалуу кагаздарды, башка мүлктү же мүлктүк мүнөздөгү кызмат көрсөтүүлөрдү опузалап алуу менен коштолгон;

2) адамдардын тобу тарабынан жасалса;

3) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалса;

4) уюшкан топ тарабынан жасалса;

5) кылмыштуу коомдоштуктун курамында жасалса, -

мүлкүн конфискациялоо менен, үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Эскертүү. Эгерде адамга карата акчаларды, баалуу кагаздарды, башка мүлктү же болбосо мүлктүк мүнөздөгү кызмат көрсөтүүлөрдү опузалап алуу орун алса же эгерде бул адам паралап сатып алуу жөнүндө ыктыярдуу түрдө тергөөчүгө же прокурорго билдирсе, адам ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган жосундар үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат.

251-берене. Кызматчынын сый акыны мыйзамсыз алуусу

1. Мамлекеттик органдын, муниципалдык кызматтын, мамлекеттик жана муниципалдык мекеменин кызмат адамы болуп саналбаган кызматчы тарабынан паралап сатып алууну жүзөгө ашыруучу адамдын кызыкчылыгында кызматчы тарабынан өзүнүн ээлеген кызматтык абалын пайдалануу менен жасоого тийиш болгон же жасай ала турган белгилүү аракеттерди аткаруу же аткарбоо үчүн олуттуу өлчөмдө акча, баалуу кагаз, башка мүлк же мүлктүк мүнөздөгү кызмат көрсөтүүлөр түрүндө сый акыны мыйзамсыз алуусу, -

500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же жүздөн үч жүз саатка чейин коомдук иштерге же бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:

1) ири өлчөмдө;

2) адамдардын тобу тарабынан;

3) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан, -

үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга же 1000ден 2000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга жазаланат.

3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүгүндө каралган, өзгөчө ири өлчөмдө жасалган жосундар, -

мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Эскертүү. Кылмыш жасалган учурга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтөн он эсе ашкан сый акы - олуттуу өлчөмдөгү, бир миң эсе ашкан сый акы - ири өлчөмдөгү, он миң эсе ашкан сый акы - өзгөчө ири өлчөмдөгү деп ушул беренеде таанылат.

VIII БӨЛҮМ. КООМДУК КООПСУЗДУККА ЖАНА КООМДУК ТАРТИПКЕ КАРШЫ КЫЛМЫШТАР

33-глава. Коомдук коопсуздукка каршы кылмыштар

252-берене. Террордук акт

1. Террордук акт жасайм деп коркутуу, -

мүлкүн конфискациялоо менен же аны колдонбостон беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Террордук актыны, башкача айтканда адамдарга өлүм коркунучун жаратуучу, же болбосо башка оор кесепеттердин пайда болушуна алып келген, калкты коркутуу, коомдук коопсуздукту бузуу же бийлик органдары же болбосо эл аралык уюмдар чечимдерди кабыл алуусуна таасир этүү максатында жардырууну, өрттөөнү же башка аракеттерди жасоо, -

мүлкүн конфискациялоо менен он жылдан он эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүгүндө каралган, төмөнкүдөй жасалган жосундар:

1) адамдардын тобу тарабынан;

2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;

3) ок атуучу куралды, ок-дарыларды, жардыруучу түзүлүштөрдү, уулуу, ууландыруучу, радиоактивдүү заттарды же ядролук, химиялык, биологиялык жана массалык кыргын салуучу куралдын башка түрлөрүн колдонуу менен;

4) стратегиялык объекттерге карата;

5) оор же өзгөчө оор залал келтирүү менен;

6) уюшкан топ тарабынан;

5) кылмыштуу коомдоштуктун курамында, -

мүлкүн конфискациялоо менен он эки жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга, же болбосо эркиндигинен өмүр бою ажыратууга жазаланат.

Эскертүү. Террордук актыны даярдоого катышкан адам, эгерде ал бийлик органдарына өз убагында эскертүү менен же башка ыкмалар менен террордук актыны болтурбоого көмөктөшсө, ушул беренеде каралган жосундар үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат.

253-берене. Террористтик ишти каржылоо

1. Террордук ишти каржылоо, башкача айтканда каражаттар террористти жана (же) террористтик уюмду толук же жарым-жартылай каржылоо үчүн же болбосо Кыргыз Республикасынын аймагында же анын чектеринен тышкары террористтик ишти даярдоону уюштурууну же жүзөгө ашырууну каржылоо үчүн же болбосо террористтик актыларды жасоо, пландаштыруу, даярдоо же жасоого катышуу же террористтерди даярдоо же мындай даярдыктан өтүү максаттары үчүн алардын жашаган же жарандыгын алган мамлекети болуп саналбаган мамлекетке бара жаткан адамдардын сапарын каржылоо үчүн арналганына же пайдаланыларына ниеттенүү же аңдап билүү менен каражаттарды берүү, финансылык кызмат көрсөтүү же каражаттарды ар кандай методдор же ыкма менен түз же кыйыр чогултууну жүзөгө ашыруу, -

мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:

1) адамдардын тобу тарабынан;

2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;

3) уюшкан топ тарабынан;

4) кылмыштуу коомдоштуктун курамында, -

мүлкүн конфискациялоо менен он жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Эскертүү. Террордук мүнөздөгү кылмыштарды даярдаган же жасаган адамдарга таандык болгон каражаттарды же террордук уюмдун контролунда турган каражаттарды алуу жана сактоо же болбосо мындай каражаттар менен операцияларды (бүтүмдөрдү) жасоо же мындай каражаттарды башкаруу каржылык кызмат көрсөтүүлөр деп ушул беренеде таанылат.

2. Ушул беренеде колдонулуучу "каражаттар", "террорчу", "террордук уюм", "террордук иш" деген терминдер мыйзамда белгиленген тартипте аныкталат.

254-берене. Террордук ишке көмөктөшүү

1. Ушул Кодекстин 255, 256, 258, 261, 265 жана 327-беренелеринде каралган кылмыштарды жасоого адамды көндүрүү, тартуу же башка жол менен жолдоо, ошондой эле ушул кылмыштарды жасоодо башка жардам көрсөтүү же адамды террордук уюмдун ишине катышууга көндүрүү, -

үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Ушул Кодекстин 252, 253, 257, 262, 264, 326, 327, 329, 408 жана 416-беренелеринде каралган кылмыштарды жасоого адамды азгыруу, жолдоо же башкача тартуу, же көрсөтүлгөн кылмыштардын бирин жасоо максатында адамды куралдандыруу, аны окутуу же даярдоо, -

мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Эскертүү. Эгерде адам өз убагында бийлик органдарына эскертүү менен же башка ыкма менен ушул беренеде көрсөтүлгөн кылмыштарды болтурбоого, же болбосо ага бөгөт коюуга көмөктөшсө, ал ушул беренеде каралган жосундар үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат.

255-берене. Террордук иштерди жүзөгө ашырууга ачык чакырыктар

1. Террордук иштерди жүзөгө ашырууга ачык чакырыктар же террорчулукту ачык актоо, -

беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Жалпыга маалымдоо каражаттарын же Интернет тармактарын колдонуу менен жасалган ошол эле жосундар, -

мүлкүн конфискациялоо менен үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же аны колдонбостон беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

256-берене. Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерине катышуусу же террордук актыны жасоо үчүн даярдыктан өтүүсү

1. Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерине катышуусу, эгерде террордук актыны жасоо үчүн Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жакта жалдануунун же даярдыктан өтүүнүн белгилери болбосо, -

мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосундар:

1) адамдардын тобу тарабынан;

2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;

3) уюшкан топ тарабынан;

4) кылмыштуу коомдоштуктун курамында, -

мүлкүн конфискациялоо менен он жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

257-берене. Барымтага алуу

1. Барымтадагы адамды бошотуунун түздөн-түз же кыйыр шарты катары мамлекетти, эл аралык уюмду, юридикалык же жеке жакты (жактардын тобун) кандайдыр бир аракетти жасоого же аны жасабоого мажбурлоо максатында адамды барымтага алуу же кармап туруу, -

мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосундар:

1) адамдардын тобу тарабынан;

2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;

3) өмүр жана ден соолук үчүн коркунучтуу зомбулукту колдоном деп коркутуу менен;

4) куралды же курал катары колдонулуучу башка буюмдарды колдонуу менен;

5) эки же андан көп адамга карата;

6) балага карата;

7) кош бойлуу аялга карата;

8) пайда көздөө менен же жалдануу менен, -

мүлкүн конфискациялоо менен он жылдан он эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүгүндө каралган жосундар:

1) этиятсыздыктан оор же өзгөчө оор залал келтирген;

2) уюшкан топ тарабынан;

3) кылмыштуу коомдоштуктун курамында, -

мүлкүн конфискациялоо менен он эки жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

4. Ушул берененин 1 же 2-бөлүгүндө каралган жосундар, эгерде күнөөлүү адам барымтадагы адамды (барымтадагы адамдарды) ыктыярдуу бошотсо, -

беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

258-берене. Имараттарды жана курулмаларды басып алуу

1. Имараттарды, курулмаларды, жолдорду же катташуу жана байланыш каражаттарын, башка коммуникацияларды басып алуу же болбосо аларды жок кылуу же бузуу коркунучу менен, же болбосо жарандарды өлтүрүү же алардын ден соолугуна залал келтирүү коркунучу менен кармап туруу, коркунучтарды аткарбоонун шарты катары мамлекеттик же башка органды, юридикалык же жеке жакты (жактардын тобун) кандайдыр бир аракетти жасоого, же болбосо жасабоого мажбурлоо максатында жасалса, -

мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Этиятсыздыктан оор залал келтирген ошол эле жосундар, -

мүлкүн конфискациялоо менен сегиз жылдан он бир жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

259-берене. Билип туруп террордук акт жөнүндө жалган кабарлоо

Билип туруп даярдалып жаткан жардыруу, өрттөө же адамдардын курман болуу, же болбосо башка оор залал болуу коркунучун жаратуучу башка аракеттер жөнүндө жалган кабарлоо, -

бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга, же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

260-берене. Адамды кылмыштуу ишке катышууга мажбурлоо

Адамга же анын жакындарына өмүрү жана ден соолугу үчүн коркунучтуу эмес күч колдоном деп коркутуу же шантаж кылуу менен аны кылмыш жасоого, же болбосо уюшкан топко, мыйзамсыз куралдуу түзүлүшкө же кылмыштуу коомдоштукка катышууга мажбурлоо, -

беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

261-берене. Уюшкан топту түзүү же ага катышуу

1. Кылмыштарды жасоо үчүн уюшкан топту түзүү, ага тете мындай топту жетектөө, -

мүлкүн конфискациялоо менен жети жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Уюшкан топко катышуу, -

мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Криминалдык иерархиядагы же болбосо уюшкан топтогу ээлеген абалын (статусун) таануу, ырастоо же моюнга алуу, -

мүлкүн конфискациялоо менен жети жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Эскертүү. Уюшкан топко катышууну ыктыярдуу токтоткон жана мындай топту түзүүдө, аны жетектөөдө же ага катышууда башка адамдардын бетин ачкан маалыматтарды мамлекеттик бийликтин тиешелүү органдарына кабарлаган адам уюшкан топко катышкандыгы үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат.

262-берене. Кылмыштуу коомдоштукту түзүү же ага катышуу

1. Оор же өзгөчө оор кылмыштарды жасоо үчүн уюшкан топту түзүү, ага тете мындай коомдоштукту же ага кирген түзүмдүк бөлүктөрдү жетектөө, ага тете оор же өзгөчө оор кылмыштарды жасоо үчүн пландарды жана шарттарды иштеп чыгуу максатында уюшкан топтордун уюштуруучуларынын, жетекчилеринин же башка өкүлдөрүнүн бирикмесин түзүү, -

мүлкүн конфискациялоо менен он жылдан он эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Кылмыштуу коомдоштукка катышуу, -

мүлкүн конфискациялоо менен жети жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Эскертүү. Кылмыштуу коомдоштукка катышууну ыктыярдуу токтоткон жана мындай коомдоштукту түзүүдө, аны жетектөөдө же болбосо ага кирген түзүмдөрдү жетектөөдө же ага катышууда, ошондой эле уюшкан топтордун уюштуруучуларынын, жетекчилеринин же башка өкүлдөрүнүн бирикмелерин түзүүдө башка жактардын бетин ачкан маалыматтарды мамлекеттик бийликтин тиешелүү органдарына кабарлаган адам кылмыштуу коомдоштукка катышкандыгы үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат.

263-берене. Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо

1. Уюшкан топту жана кылмыштуу коомдоштукту каржылоо, башкача айтканда акча каражаттарын, буюмдарды, заттарды жана (же) башка мүлктү берүү же чогултуу, мүлккө укукту же мүлктүк мүнөздөгү пайданы берүү, ошондой эле тартуулоо, алмашуу, кайрымдуулук, кайрымдуулук жардамы, жеке адамга же болбосо адамдардын тобуна, же болбосо юридикалык жакка маалыматтык жана башка түрдөгү кызмат көрсөтүүлөрдү же болбосо финансылык кызматтарды көрсөтүү, -

мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Уюшкан топтун же кылмыштуу коомдоштуктун муктаждыктары үчүн каражаттарды, буюмдарды, заттарды жана (же) башка мүлктү сактоо же бөлүштүрүү, же болбосо өткөрүп берүү, ошондой эле уюшкан топтун же кылмыштуу коомдоштуктун жетекчиси же катышуучусу тарабынан жасалган аларды каржылоо каналдарын иштеп чыгуусу, -

мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүгүндө каралган, өзүнүн кызмат абалын пайдалануу менен адам тарабынан же коммерциялык же башка уюмда, коомдук бирикмеде башкаруу функцияларын аткарган адам тарабынан жасалган жосундар, -

мүлкүн конфискациялоо менен белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан үч жылга чейинки мөөнөткө ажыратуу менен он жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Эскертүү. Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштукту зомбулук коркунучу астында каржылаган жана (же) өз ыктыяры менен бул жөнүндө билдирген адам, эгерде анын аракетинде башка кылмыштын курамы жок болсо, кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат.

264-берене. Куралдуу кошуундарды мыйзамсыз түзүү же ага катышуу

1. Куралдуу кошуундарды (бирикмени, отрядды, дружинаны же башка топту) мыйзамсыз түзүү, ага тете мындай кошуунду жетектөө, -

мүлкүн конфискациялоо менен жети жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Мыйзамсыз куралдуу кошуунга катышуу, -

мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Эскертүү. Мыйзамсыз куралдуу кошуунга катышууну ыктыярдуу токтоткон жана куралды тапшырган адам ушул беренеде каралган жосун үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат.

265-берене. Кемени айдап кануу же басып алуу

1. Аба же суу кемесин, же болбосо темир жол кыймылдуу курамын айдап качуу, ага тете мындай кемени же курамды айдап качуу максатында басып алуу, -

500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосундар:

1) адамдардын тобу тарабынан;

2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;

3) куралды же курал катары колдонулуучу каражаттарды колдонуу менен, -

мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүгүндө каралган, этиятсыздыктан оор залал келтирген жосундар, -

мүлкүн конфискациялоо менен сегиз жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

266-берене. Атайын техникалык каражаттарды мыйзамсыз өндүрүү жана жүгүртүү

Маалыматты жашыруун алууга багытталган атайын техникалык каражаттарды мыйзамсыз өндүрүү, сатып өткөрүү же сатып алуу, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга же бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Эскертүү. Маалыматты жашырын алууга багытталган атайын техникалык каражаттардын тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

267-берене. Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү

1. Дүрмөтсүз, анын ичинде ыргытуучу, газдуу, сайсыз куралды, ошого тете травмалык аракеттеги патрондор менен атууга арналган куралды мыйзамсыз сатып алуу, сатып өткөрүү же алып жүрүү, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга, же бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга жазаланат.

2. Ок атуучу куралды (аңчылык сайсыз куралды жака анын ок-дарыларын кошпогондо), ошого тете ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыруучу түзүлүштөрдү мыйзамсыз сатып алуу, берүү, сатып өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү, -

1000ден 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Автоматтык куралдын же эки же андан ашык адамды бир эле убакта жок кылууга арналган куралдын эки же андан ашык бирдигине карата ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган жосундар, -

беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

4. Төмөнкү адамдар тобу тарабынан жасалган ушул берененин 2 жана 3-бөлүгүндө каралган жосундар:

1) адамдардын тобу тарабынан;

2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан, -

жети жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Эскертүү. Ушул беренеде көрсөтүлгөн буюмдарды ыктыярдуу тапшырган адам ушул беренеде каралган жосун үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат.

Адамды кармаганда, ошондой эле аларды табуу жана алып коюу боюнча тергөө аракеттерин жүргүзүүдө алып коюу ушул беренеде жана ушул Кодекстин 268-беренесинде көрсөтүлгөн каражаттарды ыктыярдуу тапшыруу деп таанылбайт.

268-берене. Куралды мыйзамсыз жасоо

1. Трамвалык аракеттеги патрондор менен атууга арналган газдык, сайсыз куралды, дүрмөтсүз, анын ичинде ыргытуучу куралды мыйзамсыз жасоо, -

жүздөн үч жүз саатка чейин коомдук иштерге же эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Атуучу куралды (аңчылык сайсыз куралды кошпогондо) мыйзамсыз оңдоо же жасоо, ошого тете ок-дарыларды, жарылуучу заттарды же өз алдынча жасалган жардыруучу түзүлүштөрдү мыйзамсыз жасоо, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга же бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейинки айыпка же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ок атуучу куралдын конструкциясын удаа атууну жүзөгө ашыргандай мүмкүнчүлүгүнө алып келген, же болбосо сайсыз же газдык куралды сайлуу куралдын патрондору менен атылгандай кылып мыйзамсыз өзгөртүү, ошого тете стандарттагы талаптарга жооп бербегендей кылып куралдын жалпы узундугун кыскартуу, -

1000ден 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

4. Ушул берененин 1, 2 же 3-бөлүктөрүндө каралган, төмөнкүчө жасалган жосундар:

1) адамдардын тобу тарабынан;

2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан, -

беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Эскертүү. Ушул беренеде көрсөтүлгөн буюмдарды ыктыярдуу тапшырган адам ушул беренеде каралган жосун үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат.

269-берене. Куралды этиятсыздык менен сактоо

Атуучу куралды, ошого тете газдуу куралды же травмалык аракеттеги патрондор менен атууга багышталган куралды жеңил ойлуулуктан же этиятсыздыктан талаптагыдай эмес сактоо, ушул куралдарды башка адам тарабынан колдонуу шарттары түзүлсө жана андан этиятсыздыктан оор же өзгөчө залал келтирилсе, -

бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга, же үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же аны колдонбостон эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

270-берене. Куралды сактоо боюнча милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу

1. Атуучу куралды, ок-дарыларды же жарылуучу заттарды кайтаруу тапшырылган адамдын жеңил ойлуулугунан же этиятсыздыктан өзүнүн милдеттерин талаптагыдай эмес аткарышы, эгерде аларды уурдоого же жок кылууга алып келсе, -

1000ден 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Оор залал келтирген ошол эле жосун, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

271-берене. Атуучу куралды уурдоо же опузалап алып коюу

1. Атуучу куралды, ок-дарыларды же жарылуучу заттарды уурдоо же опузалап алып коюу, -

беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган, төмөнкүдөй жасалган жосун:

1) атуучу курал, ок-дарылар же жарылуучу заттар кызматтык абалына байланыштуу ишенип берилген же кайтарууга берилген адам тарабынан;

2) адамдардын тобу тарабынан;

3) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;

4) өмүргө же ден соолукка коркунучтуу зомбулук көрсөтүү менен;

5) уюшкан топ тарабынан;

6) кылмыштуу коомдоштуктун курамында, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же аны колдонбостон сегиз жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

34-глава. Өнөр жайда, курулушта жана жогорку коркунучтагы булактарды пайдалануу чөйрөсүндө коопсуздукка каршы кылмыштар

272-берене. Тоо-кен, курулуш же башка жумуштардын коопсуздук эрежелерин бузуу

1. Тоо-кен, курулуш же жарылуу кооптуулугу бар жумуштарды жүргүзүүдө этиятсыздыктан олуттуу залал келтирген коопсуздук эрежелерин атайылап же этиятсыздыктан бузуу, -

бир жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга жазаланат.

2. Этиятсыздыктан оор же өзгөчө оор залал келтирген ошол эле жосун, -

1000ден 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

273-берене. Сапаты начар курулуш

1. Сапаты начар курулган, бүтүрүлбөгөн же келишимдин шарттарына жана долбоордук документтерге туура келбеген имаратты же болбосо курулманы, электр станциясын, турак үйдү, жолду, көпүрөнү же курулуштун башка объектин подрядчы тарабынан пайдаланууга берүү жана (же) кабыл алуу курулуш уюмунун жетекчиси же курулуштун сапатын контролдоону жүзөгө ашыруучу кызмат адамы тарабынан жасалса, ошого тете аларды ишти жүргүзүүчү тарабынан сапатсыз оңдоо, этиятсыздыктан олуттуу залал келтирсе, -

бир жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга жазаланат.

2. Этиятсыздыктан улам оор же өзгөчө оор залал келтирген ошол эле жосундар, -

1000ден 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салуу же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

274-берене. Жарылуучу, тез күйүүчү заттарды жана пиротехникалык буюмдарды мыйзамсыз жүгүртүү

1. Жарылуучу, тез күйүүчү заттарды жана пиротехникалык буюмдарды эсепке алуу, сактоо, ташуу жана пайдалануу эрежелерин атайылап же этиятсыз бузуу, ошого тете бул заттарды почта же багаж менен мыйзамсыз жөнөтүү, эгерде этиятсыздыктан олуттуу залал келтирсе, -

бир жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга жазаланат.

2. Этиятсыздыктан оор же өзгөчө оор залал келтирген ошол эле жосундар, -

1000ден 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

275-берене. Өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу

1. Өрт коопсуздугунун эрежелеринин аткарылышы үчүн жооптуу болгон адамдын өрт коопсуздугунун эрежелерин атайылап же этиятсыз бузуусу өрттүн чыгышына алып келсе, эгерде этиятсыздыктан ден соолукка анча оор эмес залал, же болбосо олуттуу өлчөмдө зыян келсе, -

бир жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга жазаланат.

2. Этиятсыздыктан оор же өзгөчө оор залал келтирген ошол эле жосундар, -

1000ден 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же ансыз беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

276-берене. Радиоактивдүү материалдарды мыйзамсыз колдонуу

1. Радиоактивдүү материалдарды мыйзамсыз сатып алуу, сактоо, пайдалануу, берүү, сатып өткөрүү же бузуу, этиятсыздыктан ден соолукка анча оор эмес залал келтирсе, -

бир жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен 500ден 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга жазаланат

2. Этиятсыздыктан оор же өзгөчө оор залал келтирген ошол эле жосундар, -

1000ден 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

277-берене. Радиоактивдүү материалдарды уурдоо же опузалап алып коюу

1. Радиоактивдүү материалдарды уурдоо же опузалап алып коюу, -

1000ден 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосундар:

1) адамдардын тобу тарабынан;

2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;

3) кызматтык абалына байланыштуу радиоактивдүү материалдар ишенип берилген же кайтарууга берилген адам тарабынан;

4) өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу же мындай зомбулукту колдоном деп коркутуу менен;

5) уюшкан топ тарабынан;

6) кылмыштуу коомдоштуктун курамында, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же ансыз беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

35-глава. Коомдук тартипке каршы кылмыштар

278-берене. Массалык баш аламандыктар

1. Зомбулук, талкалоо, өрттөө, мүлктү жок кылуу, атуучу куралды, жарылуучу заттарды же жардыруучу түзүлүштөрдү колдонуу менен, же болбосо бийликтин өкүлүнө куралдуу каршылык көрсөтүү менен коштолуучу массалык баш аламандыктарды уюштуруу, -

жети жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган массалык баш аламандыктарга катышуу, -

беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар, -

беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

279-берене. Жолдорду мыйзамсыз тосуу

1. Жолдорду, катнашуу жолдорун мыйзамсыз тосуу, башкача айтканда жол төшөлмөсүндө адамдардын топтолуусун жаратуу же калкалоочу курулмаларды, техниканы же башка буюмдарды орнотуу жолу менен адамдардын, автомобилдик, темир жол же башка транспорт каражатынын кыймылына бөгөт коюуга же чектөөгө багытталган олуттуу залал келтирүүгө алып келген аракеттерди уюштуруу же аны жетектөө, -

эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, 200дөн 500 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган жолдорду, катташуу жолдорун мыйзамсыз тосууга катышуу, -

жүз сааттан үч жүз саатка чейин коомдук иштерге же бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга жазаланат.

280-берене. Бейбаштык

1. Бейбаштык, башкача айтканда зомбулук кылуу, же болбосо аны колдоном деп коркутуу менен, же болбосо кара ниеттиги менен айырмаланган орунсуз аракеттерди жасоо, башкача айтканда башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же зыянга учуратуу менен коштолгон, же өмүргө жана ден соолукка коркунучтуу эмес зомбулукту колдонуу, же аны колдоном деп коркутуу менен коштолгон коомдук тартипти жана жалпыга бирдей жүрүм-турум ченемдерин атайылап бузган аракеттер, -

200дөн 500 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салуу же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган бейбаштык:

1) адамдардын тобу тарабынан;

2) адамдардын тобу же алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;

3) ок атуучу, газ-травмалык куралдарды, бычактарды, кастеттерди жана башка дүрмөтсүз куралдарды, же болбосо ден соолукка залал келтирүү үчүн атайын ылайыкташтырылган башка каражаттарды колдонуу же колдонуу аракети менен;

4) бийлик өкүлдөрүнө же болбосо коомдук тартипти сактоо боюнча милдеттерди аткаруучу адамдарга каршылык көрсөтүү менен;

5) аба, суу, деңиз кемесинин, темир жол транспортунун бортунда жасалса, -

500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

281-берене. Вандализм

Мамлекет тарабынан корголуучу тарыхый, маданий эстеликти же болбосо табигый объектти жазуулар, сүрөттөр же башка ыкма менен булгоо, ага тете эле транспортто же башка коомдук жерлерде мүлктү бузуу, -

200дөн 500 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же болбосо кырктан жүз саатка чейин коомдук иштерге, же алты айдан бир жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө жазаланат.

36-глава. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун жүгүртүү чөйрөсүндөгү кылмыштар

282-берене. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо

1. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, ошого тете мыйзамсыз өндүрүү же сатып өткөрүү, -

мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосундар:

1) адамдардын тобу тарабынан;

2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;

3) ири өлчөмдө, -

мүлкүн конфискациялоо менен сегиз жылдан он эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүгүндө каралган, өзгөчө ири өлчөмдө жасалган жосундар, ошого тете баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун балага сатуу, -

мүлкүн конфискациялоо менен он эки жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Эскертүү. Ушул берене боюнча, ошондой эле ушул Кодекстин башка беренелери боюнча жосундарды квалификациялоо үчүн мааниге ээ болгон баңгизаттардын, психотроптук заттардын, алардын аналогдорунун тизмеси, ошондой эле алардын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

Ушул беренеде каралган кылмышты жасаган адам баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды же алардын аналогдорун ыктыярдуу өткөрүп берсе жана баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды же алардын аналогдорун мыйзамсыз жүгүртүү менен байланышкан кылмыштардын бетин ачууга же аларды болтурбоого, аларды жасаган адамдардын бетин ачууга, кылмыштык жол менен алынган мүлктү табууга көмөк көрсөтсө, ушул беренеде каралган жосундар үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат.

Адамды кармаганда, ошондой эле аларды табуу жана алып коюу боюнча тергөө амалдары жасалганда баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды же алардын аналогдорун өткөрүп берүү ыктыярдуу деп таанылбайт.

283-берене. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо

1. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды же алардын окшошторун мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү, ири өлчөмдө сатуу максаты жок жасалса, -

1000ден 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Ошол эле жосундар өзгөчө ири өлчөмдө жасалса, -

беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

284-берене. Прекурсорлорду мыйзамсыз даярдоо

1. Баңгизат каражаттарын же психотроптук заттарды өндүрүү же даярдоо үчүн багышталгандыгын билип туруп прекурсорлорду мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү же сатып өткөрүү, -

бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосундар:

1) адамдардын тобу тарабынан;

2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;

3) ири өлчөмдө, -

1000ден 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин айыл салууга же эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүгүндө каралган жосундар өзгөчө ири өлчөмдө жасалса, -

беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Эскертүү. Ушул берене, ошондой эле ушул Кодекстин башка беренелери боюнча жосундарды квалификациялоо үчүн мааниси бар прекурсорлордун тизмеги жана алардын өлчөмдөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

285-берене. Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу алып өтүүнүн атайын эрежелери белгиленген буюмдардын контрабандасы

1. Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорду; күчтүү таасир этүүчү, уулуу, уулантуучу, радиоактивдүү же жарылуучу заттарды; куралдарды, жардыруучу түзүлүштөрдү, атуучу куралды же ок-дарыларды; ядролук, химиялык, биологиялык жана массалык жок кылуучу куралдардын башка түрлөрүн; массалык жок кылуучу куралдарды жаратууда колдонулушу мүмкүн болгон жана аларга Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу алып өтүүнүн атайын эрежелери белгиленген материалдарды, технологияларды, илимий-техникалык маалыматты жана жабдууларды; Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу алып өтүүнүн атайын эрежелери белгиленген стратегиялык маанилүү чийки зат товарларын жана маданий дөөлөттөрдү, эгерде бул жосун бажы контролунан тышкары же жашыруу менен, документтерди же бажы идентификациясынын каражаттарын алдап колдонуу менен жасалса, же болбосо декларация кылбоо же туура эмес декларациялоо менен коштолсо, -

мүлкүн конфискациялоо, үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган, төмөнкүдөй жасалган жосундар:

1) өзүнүн кызматтык абалын пайдалануу менен кызмат адамы тарабынан;

2) бажы контролун жүзөгө ашыруучу адамга карата өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу менен;

3) адамдардын тобу тарабынан;

4) адамдардын тобу же алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан, -

мүлкүн конфискациялоо, үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен он жылдан он эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүгүндө каралган, төмөнкүдөй жасалган жосундар:

1) уюшкан топ тарабынан;

2) кылмыштуу коомдоштуктун курамында, -

мүлкүн конфискациялоо менен он эки жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

286-берене. Баңгизат каражаттарын же психотроптук заттарды уурдоо же болбосо опузалап алып коюу

1. Уурдоо же опузалап алуу жолу менен жасалган баңгизат каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз алып коюу, -

эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же аны колдонбостон беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосундар:

1) адамдардын тобу тарабынан;

2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;

3) кызматтык абалына байланыштуу баңгизат каражаттары же психотроптук заттар ишенип берилген же кайтарууга берилген адамдар тарабынан жасалганда, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же аны колдонбостон беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүгүндө каралган жосундар ири өлчөмдө жасалганда, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же аны колдонбостон жети жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

4. Ушул берененин 1, 2 же 3-бөлүктөрүндө каралган, төмөнкүдөй жасалган жосундар:

1) өзгөчө ири өлчөмдө;

2) уюшкан топ тарабынан;

3) кылмыштуу коомдоштуктун курамында, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же аны колдонбостон он жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

287-берене. Баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды колдонууга көндүрүү

1. Баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды колдонууга көндүрүү, -

бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же 1000ден 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосундар:

1) адамдардын тобу тарабынан;

2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;

3) балага же болбосо эки же андан ашык адамга карата;

4) өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу менен же аны колдоном деп коркутуу менен;

5) билим берүү мекемелеринде, оюн-зоок жайларында, спорт объекттеринде, ошондой эле оюн-зоок (эс алуу) чөйрөсүндө пайдаланылуучу жайларда, -

эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүгүндө каралган жосундар:

1) этиятсыздыктан оор же өзгөчө оор залал келтиргенде;

2) уюшкан топ тарабынан;

3) кылмыштуу коомдоштуктун курамында жасалса, -

мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

288-берене. Баңгизат каражаттарын камтыган өсүмдүктөрдү себүү жана өстүрүү

1. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду камтыган, өстүрүүгө тыюу салынган өсүмдүктөрдү алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан ири өлчөмдө себүү же өстүрүү, -

1000ден 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган ошол эле жосундар, -

мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Эскертүү. Ушул берененин максаттары үчүн баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду камтыган, өстүрүүгө тыюу салынган өсүмдүктөрдүн өлчөмдөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

289-берене. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун мыйзамдуу жүгүртүүнүн эрежелерин бузуу

1. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорду же болбосо баңгизат каражаттарын же психотроптук заттарды даярдоо үчүн колдонулуучу, атайын контролдо турган жабдууларды мыйзамдуу жүгүртүү эрежелерин атайылап же этиятсыздыктан бузуу аларды этиятсыздыктан жоготууга алып келсе, эгерде аталган эрежелердин сакталышы милдетине кирген адам тарабынан жасалса, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга, же эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Этиятсыздыктан оор залал келтирген ошол эле жосун, -

1000ден 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

290-берене. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун колдонуу үчүн көмүскө жайларды уюштуруу же кармоо

1. Баңгизат каражаттарын, же болбосо психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун колдонуу үчүн көмүскө жайларды уюштуруу же кармоо, ошого тете ошол эле максаттарда жайды берүү, -

эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же 200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Адамдардын тобу тарабынан алдын ала бүтүм боюнча жасалган ошол эле жосундар, -

500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

291-берене. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун алууга документти мыйзамсыз берүү же болбосо жасалма жасоо

Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун алууга укук берүүчү рецептти же башка документти мыйзамсыз берүү же болбосо жасалмасын жасоо, -

500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же аны колдонбостон беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

37-глава. Калктын саламаттыгына каршы кылмыштар

292-берене. Сатып өткөрүү максатында күчтүү таасир этүүчү же уулуу заттарды мыйзамсыз жүгүртүү

1. Баңгизат каражаттары же психотроптук заттар болуп саналбаган, күчтүү таасир этүүчү же уулуу заттарды, же болбосо аларды даярдоо же кайра иштетүү үчүн жабдууларды сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо, кайра иштетүү, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү, ошого тете аларды мыйзамсыз сатып өткөрүү, -

500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосундар:

1) адамдардын тобу тарабынан;

2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;

3) уюшкан топ тарабынан;

4) кылмыштуу коомдоштуктун курамында, -

беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

293-берене. Күчтүү таасир этүүчү же уулуу заттарды мыйзамсыз жүгүртүү

Күчтүү таасир этүүчү же уулуу заттарды өндүрүүнүн, сатып алуунун, сактоонун, эсепке алуунун, берүүнүн, ташуунун же жөнөтүүнүн эрежелерин атайылап же этиятсыздыктан бузуу, эгерде бул алардын уурдалышына, же болбосо башка олуттуу залалга алып келсе, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга же эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

294-берене. Дары-дармек каражаттарын мыйзамсыз өндүрүү же сатуу

1. Дары-дармек каражаттарын, диагностикалык, алдын алуу, дарылоо-косметикалык буюмдарын, медициналык багыттагы техниканы, дарылоо-алдын алуу тамак-аш продуктуларын же тамак-аш кошундуларын мыйзамсыз өндүрүү же сатуу этиятсыздыктан олуттуу зыян келтирсе, -

бир жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга жазаланат.

2. Этиятсыздыктан адамдардын уулануусуна же башка оор же өзгөчө оор залалга алып келген ошол эле жосундар, -

1000ден 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөттө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

295-берене. Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу

1. Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди атайылап же этиятсыздыктан бузуу менен этиятсыздыктан олуттуу залал келтирилсе, -

500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга жазаланат.

2. этиятсыздыктан массалык дартка чалдыгууга, адамдардын уулануусуна же башка оор залал алып келген ушундай эле жосун, -

1000ден 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Өзгөчө кырдаал, өзгөчө же согуштук абал режимин киргизүү мезгилинде санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди атайылап бузуу, адамдардын массалык дартка чалдыгуусуна жана уулануусуна коркунучун келтирүү менен коштолсо, -

беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

296-берене. Адамдар үчүн коркунуч жараткан жагдайлар тууралуу маалыматты жашыруу же бурмалоо

Этиятсыздыктан олуттуу залал келтирген адамдардын өмүрүнө же ден соолугуна, же болбосо айлана-чөйрөгө коркунуч түзгөн окуялар, фактылар же кубулуштар жөнүндө маалыматты мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, муниципалдык кызматтын, мамлекеттик же муниципалдык мекеменин кызмат адамы тарабынан жашыруу же бурмалоо, -

1000ден 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же бир жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

297-берене. Керектөөчүлөр үчүн коркунуч түзүү

1. Этиятсыздыктан олуттуу зыян келтирген керектөөчүлөрдүн өмүрүнүн же ден соолугунун коопсуздугунун талаптарына жооп бербеген товарларды өндүрүү же сатуу, жумуштарды аткаруу же кызмат көрсөтүү, ошого тете аталган товарлардын, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн коопсуздук талаптарына шайкештигин ырастоочу расмий документти мыйзамсыз берүү же колдонуу, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга же эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 200дөн 500 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосундар:

1) он төрт жашка толо элек балдарга арналган товарларга, жумуштарга же кызмат көрсөтүүлөргө карата;

2) этиятсыздыктан оор залал келтирсе, -

500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

38-глава. Экологиялык коопсуздукка жана жаратылыш чөйрөсүнө каршы кылмыштар

298-берене. Иштерди жүргүзүүдө айлана-чөйрөнү коргоо эрежелерин бузуу

1. Этиятсыздыктан олуттуу зыян келтирген өнөр жай, чарбалык, илимий жана башка объекттерди долбоорлоодо, жайгаштырууда, курууда, пайдаланууга киргизүүдө айлана-чөйрөнү коргоо эрежелерин сактоого жооптуу болгон адамдар тарабынан ал эрежелерди атайылап же этиятсыздыктан бузуу, -

эки жылга чейинки мөөнөттө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен 200дөн 500 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга жазаланат.

2. Этиятсыздыктан оор залал келтирген ушундай эле жосун, -

500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

299-берене. Экологиялык коркунучтуу заттарды жана калдыктарды урунуу эрежелерин бузуу

1. Этиятсыздыктан олуттуу залал келтирген белгиленген эрежелерди атайылап же этиятсыздыктан бузуу менен радиоактивдүү, бактериологиялык, химиялык заттарды жана калдыктарды ташуу, көмүү же утилдештирүү, ошого тете экологиялык кырсык чөлкөмүндө же өзгөчө экологиялык кырдаалдын чөлкөмүндө радиоактивдүү, бактериологиялык, химиялык заттарды жана калдыктарды көмүү же утилдештирүү, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга, же эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Этиятсыздыктан оор залал келтирген ошол эле жосундар, -

1000ден 2000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

300-берене. Биологиялык агенттерди же токсиндерди колдонууда коопсуздук эрежелерин бузуу

1. Этиятсыздыктан олуттуу залал келтирген микробиологиялык жана башка биологиялык агенттерди же токсиндерди колдонууда коопсуздук эрежелерин атайылап же этиятсыздыктан бузуу, -

эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга, же бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Этиятсыздыктан оор залал келтирген ошол эле жосун, -

1000ден 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

301-берене. Ветеринардык эрежелерди бузуу

1. Ветеринардык эрежелерди атайылап же этиятсыздыктан бузуу, этиятсыздыктан олуттуу залал келтирсе, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга, же эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Этиятсыздыктан эпизоотиянын жайылышына же башка оор залал алып келген ошол эле жосун, -

1000ден 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

302-берене. Токойду жок кылуу же бүлүнтүү

1. Этиятсыздыктан олуттуу залал келтирген өрттөө жолу менен же башка жалпы коркунучтуу ыкма менен токойду, чым көңдү же жаратылыштын башка объекттерин жок кылуу же бүлүнтүү, -

бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга, же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Этиятсыздыктан оор залал келтирген ошол эле жосун, -

1000ден 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

303-берене. Дарактарды жана бадалдарды мыйзамсыз кыюу

1. Олуттуу өлчөмдө зыян келтирген мамлекеттик токой фондуна кирбеген токойлордо же болбосо корголуучу же жашылдандыруу чөлкөмдөрүндө дарактарды жана бадалдарды алардын өсүүсүн токтото турган деңгээлге чейин мыйзамсыз кыюу же бүлүнтүү, ошого тете ар кандай жерлерде өзгөчө корголуучу дарактардын, же болбосо өзгөчө баалуу дарак түрлөрүнүн алардын өсүүсүн токтото турган деңгээлге чейин мыйзамсыз кыюу же бүлүнтүү, -

эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга, же бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Ири өлчөмдө зыян келтирген ошол эле жосундар, -

1000ден 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

304-берене. Сууларды булгоо

1. Этиятсыздыктан олуттуу залал келтирген көлмөлөрдү (жер бетиндеги же жер астындагы сууларды) саркынды суулар, өндүрүштүк, тиричилик жана калдыктардын жана таштандылардын башка түрлөрү менен же ошондой эле балыкты жана суу жаныбарларын кармоого тыюу салынган шаймандар менен булгоо, -

эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга же бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Этиятсыздыктан оор залал келтирген ошол эле жосун, -

1000ден 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

305-берене. Атмосфераны булгоо

1. Этиятсыздыктан оор залал келтирген булгоочу заттарды атмосферага чыгаруунун эрежелерин атайылап же этиятсыздыктан бузуу же орнотмолорду, курулмаларды жана башка объекттерди пайдалануудагы бузуу, -

эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга же бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Этиятсыздыктан оор залал келтирген ошол эле жосун, -

1000ден 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

306-берене. Жерди бузуу

1. Этиятсыздыктан жерди ууландырууга, булгоого же башкача түрдө бузуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жер мунапысынын объекттерине туш келген жерлерди кошпогондо, чоң аянттардагы түшүмдүү жерди жок кылууга, же болбосо башка олуттуу залал келтирүүгө алып келүүчү уулуу химикаттарды, өсүмдүктөрдүн өсүүсүнө түрткү берүүчү жана башка коркунучтуу химиялык же биологиялык заттарды сактоо, пайдалануу жана ташуу эрежелерин атайылап же этиятсыздыктан бузуу, -

эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга, же бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Этиятсыздыктан оор залал келтирген ошол эле жосун, -

1000ден 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же аны колдонбостон эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Эскертүү. Ушул беренеде чоң аянттар деп өлчөмү 1 гектардан ашык аянттар түшүнүлөт.

(КР 2022-жылдын 1-апрелиндеги № 22 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

307-берене. Жер казынасын коргоо жана пайдалануу эрежелерин бузуу

Этиятсыздыктан оор зыян келтирген тоо-кен казуучу ишканаларды же пайдалуу кендерди казуу менен байланышпаган жер алдындагы курулмаларды долбоорлоодо, жайгаштырууда, курууда, пайдаланууга киргизүүдө жана пайдаланууда жер казынасын коргоо жана пайдалануу эрежелерин атайылап же этиятсыз бузуу, ошого тете пайдалуу кендер жаткан аянтка өзү билип курулма куруу, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга же бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 1000ден 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

308-берене. Жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү жок кылуу

1. Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген, сейрек кездешүүчү жана жок болуп кетүү коркунучу алдында турган жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү жок кылуу же алардын урук таштаган жерлерин же жумурткаларын жок кылуу, -

500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга жазаланат.

2. Мындай жаныбарлардын же өсүмдүктөрдүн санынын кескин азайышына алып келиши мүмкүн болгон ошол эле жосундар, -

жүздөн үч жүзгө чейин коомдук иштерге же үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга, же бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 1000ден 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Этиятсыздыктан оор залал келтирген ушул берененин 1 же 2-бөлүгүндө каралган жосундар, -

1000ден 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же аны колдонбостон эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

309-берене. Балык запастарын коргоо эрежелерин бузуу

1. Балык запастарын коргоонун эрежелерин атайылап же этиятсыздыктан бузуу менен суу топтоочу курулманы же насостук механизмди иштетүү, ошондой эле көпүрө, дамба куруу, жардыруу иштерин жана башка жумуштарды жүргүзүү, эгерде балыктардын же башка суу жаныбарларынын өлүмүнө же алар үчүн тоют запастарын жок кылууга алып келсе, -

эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен 200дөн 500 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга жазаланат.

2. Этиятсыздыктан оор залал келтирген ошол эле жосун, -

жүздөн үч жүз саатка чейин коомдук иштерге же үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга же болбосо бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга жазаланат.

310-берене. Балыкты, же болбосо суу жаныбарларын мыйзамсыз уулоо жана олжолоо

1. Олуттуу зыян келтирүү менен мыйзамсыз аңчылык кылуу же балыктарды же болбосо суу жаныбарларын олжолоо, анын ичинде урук чачуучу жерлерде же аларга баруучу миграциялык жолдордо жасалса, -

эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен 200дөн 500 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга жазаланат.

2. Мыйзамсыз аңчылык кылуу же балыктарды же болбосо суу жаныбарларын олжолоо, эгерде бул аракеттер механикалык транспорттук каражатты, өзү жүрүүчү транспорттук сүзүүчү каражатты же аба кемесин, жарылуучу заттарды же химиялык заттарды, электр тогун, балык уулоочу синтетикалык торлорду, газды же канаттууларды, айбанаттарды же балыктарды массалык жок кылуунун башка ыкмаларын колдонуу мекен жасалып, ири зыян келтирсе, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга же эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга, же үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган, төмөнкүдөй жасалган жосундар:

1) мамлекеттик коруктун, заказниктин аймагында же экологиялык кырсык зонасында, же болбосо өзгөчө экологиялык кырдаалдын зонасында;

2) жоголуу коркунучунда турган жана сейрек кездешүүчү жаныбарлардын түрлөрүнө, ошого тете пайдаланууга тыюу салынган жаныбарларга карата;

3) кызматтык абалына байланыштуу жаныбарлар ишенип берилген же коргоого берилген адам тарабынан;

4) өзгөчө ири зыян келтирүү менен;

5) этиятсыздыктан оор залал келтирүү менен, -

1000ден 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

39-глава. Транспорттун жана магистралдык түтүк өткөрмөлөрүнүн кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздугуна каршы кылмыштар

311-берене. Темир жол, аба же суу транспортунун кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу

1. Темир жол, аба, суу транспортунун кыймылынын жана (же) аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин аткарып жаткан иштерине же ээлеген кызматына ылайык сактоого милдеттүү болгон адам тарабынан бул эрежелерди атайылап же этиятсыздыктан бузуу, эгерде этиятсыздыктан олуттуу залал келтирсе, -

эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен 200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга жазаланат.

2. Этиятсыздыктан оор залал келтирген ушундай эле жосун, -

500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

312-берене. Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу

1. Этиятсыздыктан ден соолугуна анча оор эмес залал келтирген транспорт каражатын башкарган адам тарабынан автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин атайылап же этиятсыздыктан бузуу, -

эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен 200төн 500 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга жазаланат.

2. Этиятсыздыктан ден соолугуна оор залал келтирген ошол эле жосун, -

1000ден 2000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Этиятсыздыктан өзгөчө оор залал келтирген ошол эле жосун, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

4. Ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган, алкоголду, баңги каражаттарды же башка мас кылуучу заттарды колдонуудан келип чыккан мас абалында жасалган жосундар, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен сегиз жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Эскертүү. Ушул Кодекстин 211, 313 жана 316-беренелеринде автомототранспорт каражаттары деп автомобилдердин бардык түрлөрү, троллейбустар, тракторлор жана башка өзү жүрүүчү машиналар, мотоциклдер жана башка механикалык транспорттук каражаттар түшүнүлөт.

313-берене. Транспорт каражаттарын сапатсыз оңдоо

1. Транспорттук абалы үчүн жооптуу болгон адам тарабынан этиятсыздыктан олуттуу залал келтирүү менен транспорт каражаттарын, каттоо жолдорун, сигнал берүү же байланыш каражаттарын же болбосо башка транспорт жабдууларын сапатсыз оңдоо, ошого тете бузук экенин билип туруп транспорт каражаттарын пайдаланууга чыгаруу, -

эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен 200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга жазаланат.

2. Этиятсыздыктан оор залал келтирген ошол эле жосундар, -

500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

314-берене. Транспорт каражаттарын же каттоо жолдорун жараксыз абалга келтирүү

1. Этиятсыздыктан олуттуу залал келтирүү менен транспорт каражаттарын, каттоо жолдорун, сигнал берүү же байланыш каражаттарын, же болбосо башка транспорттук жабдууларды бузуу, талкалоо же башка ыкма менен пайдаланууга жараксыз абалга келтирүү, ошого тете транспорт коммуникацияларына бөгөт коюу, -

эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен 200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга жазаланат.

2. Этиятсыздыктан оор залал келтирген ошол эле жосун, -

500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же аны колдонбостон беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

315-берене. Мас абалындагы адамдын автомототранспорт каражатын айдоосуна жол берүү

1. Алкоголдон, баңгизаттан же башкадан мас болгон абалдагы адамга, же болбосо бул каражаттарды башкарууга укугу жок адамга мындай транспорттук каражатты пайдаланууга жооптуу адам тарабынан автомототранспорт каражатын башкарууга жол берүүсү, ошого тете айдоочу же автомототранспорт каражатынын ээси тарабынан аны мас абалындагы адамга, же болбосо бул каражатты айдоого укугу жок адамдын айдоосуна жол берүүсү, бул этиятсыздыктан оор залал келтирсе, -

эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен 200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга жазаланат.

2. Этиятсыздыктан өзгөчө оор залал келтирген ошол эле жосун, -

бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же аны колдонбостон эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

316-берене. Транспорттун коопсуз иштөөсүн камсыз кылуучу эрежелерди бузуу

1. Жүргүнчү, жөө киши же кыймылдын башка катышуучусу тарабынан кыймылдын же транспорттун бардык түрлөрүн пайдалануунун коопсуздук эрежелерин атайылап же этиятсыздыктан бузса, бул этиятсыздыктан олуттуу залал келтирилсе, -

200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга жазаланат.

2. Этиятсыздыктан оор залал келтирген ошол эле жосун, -

эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же аны колдонбостон эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

317-берене. Магистралдык түтүк өткөргүчтөрүн курууда, эксплуатациялоодо же оңдоодо коопсуздук эрежелерин бузуу

1. Магистралдык түтүк өткөргүчтөрүн курууда, эксплуатациялоодо же оңдоодо коопсуздук эрежелерин атайылап же этиятсыздыктын бузуу, эгерде этиятсыздык олуттуу залал келтирсе, -

эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен 200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга жазаланат.

2. Этиятсыздыктан оор залал келтирген ошол эле жосун, -

500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

318-берене. Автомобиль жолдорун пайдалануу жана аларды сактоо эрежелерин бузуу

1. Автомобиль жолдорун пайдалануу жана аларды сактоо эрежелерин атайылап же этиятсыз бузуу, башкача айтканда автомобиль жолдорунда, же болбосо аларды бөлүү тилкелеринде, жер алдындагы же жер бетиндеги коммуникацияларды тиешелүү уруксаты жок төшөө, оңдоо, бул иштерди аткаруунун белгиленген шарттарын жана мөөнөттөрүн сактабоо, аркаларды, тосмолорду, шлагбаумдарды же башка курулмаларды өзү билип тургузуу, жолдорго материалдарды же предметтерди жыйноо, жол төшөлмөсүн бузуу, эгерде этиятсыздыктан олуттуу залал келтирсе, -

эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен 200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга жазаланат.

2. Этиятсыздыктан оор залал келтирген ошол эле жосундар, -

500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же аны колдонбостон беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

40-глава. Кибер-коопсуздукка каршы кылмыштар

319-берене. Компьютердик маалыматка жана электрондук документтерге, маалымат тутумуна же электр байланыш тармагына cанкцияланбаган жеткиликтүүлүк

1. Бөтөн корголуучу компьютердик маалыматка жана электрондук документтерге, маалымат тутумуна же электр байланыш тармагына маалыматты жок кылууга, бөгөт коюуга, өзгөртүүгө алып келген, ошого тете маалыматты иштеп чыгуу түзүлүштөрүн бузууга же ишин токтотууга алып келген, атайылап же этиятсыздыктан олуттуу зыян келтирген санкцияланбаган жеткиликтүүлүк, -

кырктан жүз саатка чейин коомдук иштерге же үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга же эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же 200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосун:

1) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;

2) этиятсыздыктан ири зыян же башка оор залал келтирүү менен;

3) опурталдуу маалыматтык инфратүзүмгө тиешелүү болгон маалымат тутумдарына же электр байланыш тармактарына карата, -

500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же аны колдонбостон беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Компьютердик маалыматты же электрондук документти атайылап жок кылуу, өзгөртүү, бөгөт коюу, жараксыз абалга кел