Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\a0661c4f-bcfa-4046-a34a-20af536022eb\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН САЛЫК КОДЕКСИ

2022-жылдын 18-январы № 3

(КР 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамы менен 2022-жылдын 1-январынан тартып колдонууга киргизилди)

(Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 30-июнундагы № 51, 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

ЖАЛПЫ БӨЛҮК

I БӨЛҮМ. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР

1-глава. Жалпы жоболор

1-берене. Кыргыз Республикасынын Салык кодекси менен жөнгө салынуучу мамилелер

1. Кыргыз Республикасынын Салык кодекси (мындан ары - Кодекс) төмөнкүдөй мамилелерди жөнгө салат:

1) Кыргыз Республикасында салыктарды белгилөө, колдонууга киргизүү жана алуу боюнча;

2) салык контролун жүзөгө ашыруу процессинде келип чыгуучу;

3) бюджетке төлөнүүгө тийиш болгон салыктардын суммасын эсептөө жана төлөө боюнча;

4) салыктык карыздын суммасын өндүрүү боюнча;

5) ушул Кодекстин талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчиликке тартуу боюнча;

6) салык кызматынын органдарынын чечимдерине, алардын кызмат адамдарынын аракеттерине жана/же аракетсиздигине даттануу боюнча;

7) салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугун баалоо боюнча.

Ушул Кодекстин максатында ушул бөлүктө каралган мамилелерди ишке ашыруу менен байланышкан салык кызматынын органдарынын иш-милдеттерин жүзөгө ашыруу салыктык администрациялоо деп таанылат.

2. Ушул Кодекс ошондой эле салык кызматынын органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын укуктук статусун белгилейт.

3. Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары - ЕАЭБ) бажы чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү товарлардан салык алуу боюнча мамилелерге карата Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына карата жөнгө салынбаган жана карама-каршы келбеген бөлүгүндө бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары колдонулат.

4. Кошумча наркка салыкты (мындан ары - КНС) кошо алганда, салыктарды төлөө боюнча шарттарга карата турукташтыруу режимин колдонууга байланыштуу укук мамилелери Кыргыз Республикасынын инвестициялар жөнүндө мыйзамдары менен жөнгө салынат. Кыргыз Республикасынын инвестициялар жөнүндө мыйзамдарында белгиленген турукташтыруу режими башка кыйыр салыктарды төлөөгө карата колдонулбайт.

5. Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана салыктык эмес кирешелер боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн жана салыктык эмес кирешелерди төлөөчүлөрдү жоопкерчиликке тартуу менен, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча жана салыктык эмес кирешелери жөнүндө мыйзамдарына ылайык салык кызматынын органдары жүзөгө ашырган администрациялоо мамлекеттик социалдык камсыздандыруу, салыктык эмес кирешелер боюнча салыктык төгүмдөрдү жыйноону, контролдоону жүзөгө ашыруу менен байланышкан мамилелер мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча жана салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарда жөнгө салынбаган жана ага каршы келбеген бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары менен жөнгө салынат.

6. Ушул Кодекс менен жөнгө салынуучу мамилелер салыктык укук мамилелери болуп саналат.

7. Төмөндө көрсөтүлгөн мамилелер:

1) ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1, 2, 5-7-пункттарындагы көрсөтүлгөн мамилелер административдик укук мамилелеринен келип чыккан деп таанылат;

2) ушул берененин 1-бөлүгүнүн 3 жана 4-пункттарындагы мамилелер жарандык укук мамилелеринен келип чыккан деп таанылат.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

2-берене. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары

1. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары - бул салыктык укук мамилелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылар тутуму.

2. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары төмөнкүдөй ченемдик укуктук актылардан турат:

1) ушул Кодекстен;

2) ушул Кодекстин негизинде кабыл алынган ченемдик укуктук актылардан (мындан ары - Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын актылары).

3. Ушул Кодекс төмөнкүлөрдү белгилейт:

1) Кыргыз Республикасында салык салуу принциптерин;

2) Кыргыз Республикасындагы салыктар тутумун;

3) Кыргыз Республикасында алынуучу салыктардын түрлөрүн;

4) жергиликтүү салыктарды колдонууга киргизүү жана колдонулушун токтотуу тартибин;

5) салык милдеттенмелеринин келип чыгуу, өзгөртүү, токтотуу негиздерин жана аткаруу тартибин;

6) салык төлөөчүлөрдүн, салык кызматынын органдарынын жана салыктык укук мамилелеринин башка катышуучуларынын укуктарын жана милдеттерин;

7) салык контролунун формаларын жана усулдарын;

8) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген талаптарды бузгандык үчүн жоопкерчиликти;

9) салык кызматынын органдарынын чечимдерине, салык кызматынын органдарынын жана/же алардын кызмат адамда-рынын аракеттерине (аракетсиздигине) даттануу тартибин.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

3-берене. Эл аралык келишимдердин жана башка макулдашуулардын колдонулушу

1. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимде Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралгандан башка принциптер жана ченемдер белгиленсе, анда ошол эл аралык келишимдин принциптери жана ченемдери колдонулат.

2. Эгерде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары - Министрлер Кабинети) тарабынан түзүлгөн макулдашуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши (мындан ары - Жогорку Кеңеш) тарабынан ратификацияланса же макулдашуу Жогорку Кеңеш ратификациялаган макулдашууну аткаруу үчүн Жогорку Кеңештин тапшырмасы боюнча түзүлсө, же болбосо Жогорку Кеңештин тапшырмасы боюнча түзүлгөн мындай макулдашуу кийин аны аткарууну улантуу максатында Министрлер Кабинети тарабынан өзгөртүлсө, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралгандан башка ченемдерди белгилесе, анда мындай макулдашуу менен жөнгө салынган салык мамилелерине ушул Макулдашуунун ченемдери колдонулат.

3. Эгерде Министрлер Кабинети тарабынан түзүлгөн инвестициялык макулдашуу Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган ставкалардын чегинде салыктардын ставкаларын, ошондой эле жаңы салыктарды киргизүүнү кош-погондо, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралбаган башка ченемдерди белгилесе, анда мындай Макулдашуу менен жөнгө салынган салык мамилелерине ушул Макулдашуунун ченемдери колдонулат.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

4-берене. Ушул Кодексте пайдаланылуучу терминдер жана аныктамалар

1. Жарандык, үй-бүлөлүк, бажы жана башка тармактар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ушул Кодексте колдонулуучу институттары, терминдери жана аныктамалары, эгерде ушул Кодексте башкача каралбаса, бул тармактардагы мыйзамдарда кандай колдонулса, ошондой мааниде колдонулат.

2. Ушул Кодексте төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат:

1) агент - жарандык-укуктук келишимдердин, анын ичинде тапшырма, комиссиялоо, транспорттук экспедициялоо келишимдеринин, же болбосо агенттик келишимдин негизинде ишти жүзөгө ашыруучу субъект;

2) администрациялоо - ушул Кодекстин ченемдерин аткарууну камсыздоо боюнча салык жана бажы кызматтарынын органдарынын аракеттери;

3) банк - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) лицензиясы же күбөлүгү бар коммерциялык банк, адистештирилген финансы-насыялык же насыялык мекеме же уюм;

4) жакын туугандар - Кыргыз Республикасынын үй-бүлөлүк мыйзамдарына ылайык никеде турган адамдар, асырап алуучулар жана асырап алынган балдар, камкорчулар жана/же көзөмөлчүлөр, ошондой эле ата-энелер, балдары, толук бир туугандар жана толук эмес бир туугандар, чоң аталар, чоң энелер, таяталар, таенелер, неберелер;

5) бюджет - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджети;

6) товарларды убактылуу ташып кирүү/ташып чыгуу - ЕАЭБ мүчө-мамлекеттерден/мүчө мамлекеттерге төмөнкүлөрдү:

а) көргөзмө, жармаңкелерде көрсөтүү үчүн товарларды;

б) ижарага алынган негизги каражаттарды;

в) оңдоо үчүн товарларды, анын ичинде кепилденген оңдоону;

г) аскердик машыгууларды өткөрүү үчүн товарларды;

д) сыноо үчүн негизги каражаттарды, аларды андан ары өзгөрүлбөгөн абалында ташып кирүү/ташып чыгуу шартында жана ташып кирүүдө/ташып чыгууда аларды идентификациялоону камсыз кылуу мүмкүнчүлүгү менен ташып кирүү/ташып чыгуу;

7) (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

8) түшкөн каражат - салык төлөөчү тарабынан сатылган товарлардан, жумуштардан, кызмат көрсөтүүлөрдөн (анын ичинде бартердик операциялар боюнча) алынган же алынууга тийиш болгон акча каражаттары.

Агент үчүн товарларды сатуудан, жумуштардан же кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн каражат болуп агенттик сый акы саналат;

9) товарларды маркалоонун мамлекеттик автоматташтырылган маалымат тутуму (мындан ары - "Товарларды маркалоо" МАМТ) - маркалоо коддорун генерациялоону, идентификациялоо каражаттары менен милдеттүү түрдө маркаланууга тийиш болгон товарларды жүгүртүү тууралуу маалыматты чогултууну жана иштетүүнү, сактоону, берүүнү жана жайылтууну жүзөгө ашыруучу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка салык мыйзамдары жана ЕАЭБ укуктары менен каралган башка максаттарда колдонулуучу ыйгарым укуктуу салык органынын маалымат тутуму;

10) тутумдук негиздеги иш - эгерде календардык жылдын ичинде товардын экиден көп бирдиги сатылса, бирдей жана/же окшош товарларды сатуу боюнча иш-аракеттер, ошондой эле кайтарымдуу негизде жумуштарды аткаруу жана кызматтарды көрсөтүү;

11) товарларды импорттоо - төмөнкүлөрдү ташып кирүү:

а) ЕАЭБ Кыргыз Республикасындагы бажы аймагына ички керектөө үчүн чыгаруунун бажы жол-жобосуна жайгаштырылган чет өлкөлүк товарларды;

б) кайра импорттоо бажы жол-жобосуна жайгаштырылган ЕАЭБ товарларын:

- ЕАЭБ Кыргыз Республикасындагы бажы аймагына;

- Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналардын жана эркин кампалардын аймактарынан Кыргыз Республикасынын аймагына;

в) ЕАЭБ мүчө башка мамлекеттин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына ЕАЭБ төмөнкүдөй товарларын:

- менчикке сатып алынган;

- финансылык ижара келишими боюнча пайдаланууга алынган;

- иштетип алма чийки заттарды кайра иштетүүнүн продуктулары болуп саналган;

г) Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналардын, эркин кампалардын жана бажы кампаларынын аймактарынан Кыргыз Республикасынын аймагына чет өлкөлүк товарларды;

д) эгерде чийки затты ташып кирүү күнүнөн тартып 24 айдан ашык өтсө жана кайра иштетүү продуктулары Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары ташылып чыкпаса, Кыргыз Республикасынын аймагында кайра иштетүү үчүн ЕАЭБ мүчө башка мамлекеттин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына иштетип алма чийки заттарды;

12) мүлк - Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык мүлккө кирүүчү объекттер;

13) салык төлөөчүнүн идентификациялык салык номери (мындан ары - ИСН) - анын негизинде Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүлөрүн каттоо жана салыктык эсепке алуу жүзөгө ашырылуучу уникалдуу санариптик код;

14) жеке эмгек иши - илимий, педагогикалык (окутуучулук), чыгармачылык чөйрөлөрдө, ошондой эле Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу башка чөйрөлөрдө өз алдынча жана жалданма эмгекти тартпастан жүзөгө ашырылуучу жеке жактын иши;

15) исламдык каржылоо - Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптерине ылайык банктын жана/же лизингдик компаниянын иши;

16) салык төлөөчүнүн жеке эсеби - салык төлөөчүнүн салык милдеттенмесин аткаруу менен байланышкан кошуп эсептɵɵлɵрдү жана түшүүлөрдү эсепке алуу максатында салыктык контролдоо инструменти;

17) товарды маркалоо - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана/же ЕАЭБдин мыйзамдарынын талаптарына ылайык идентификациялоо каражаттарын товарга же анын таңгагына түшүрүү/бекитүү.

Ушул пункттун максатында штрих же башка код түрүндө берилген, же радиожыштык белгисине жазылган, же өзүнө маалыматты камтыган автоматтык идентификациялоонун башка каражаттарын же технологияларын колдонуу менен берилген машина окуй ала турган формадагы символдордун уникалдуу ырааттуулугу идентификациялоо каражаты деп таанылат.

Товарды маркалоо каражаты деп Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын жана/же ЕАЭБдин мыйзамдарынын талаптарына ылайык маалыматтарды камтыган акциздик жыйымдын маркасы таанылышы мүмкүн.

Салык салуу максатында маркаланууга тийиш болгон товарлардын тизмеги, киргизүү мөөнөтү, товарларды маркалоонун тартиби Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет. Иденти-фикациялоо каражаттарында камтылууга тийиш болгон маалыматтын форматы жана курамы, айрым товарлардын товарларын маркалоонун эрежелери товарларды маркалоо тартибине ылайык ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилет;

18) контролдук баалардын минималдык деңгээли - Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу жана Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн товарлардын ушул Кодексте аныкталган учурларда жана тартипте коюлуучу баасы;

19) салык карызы - салык калдыгынын суммасы, ошондой эле пайыздардын, туумдардын жана салык санкцияларынын төлөнбөгөн суммалары;

20) салык төлөөчү тарабынан таанылган салык карызы - төмөнкүлөрдүн негизинде кошуп эсептелген салык карызынын төлөнбөгөн суммасы:

а) салык төлөөчүнүн салык отчеттуулугунун;

б) салык кызматынын органынын салык төлөөчү таанышкан жана талашпаган жана талашуу мөөнөтү аяктаган чечиминин;

в) ага карата мыйзамдуу түрдө күчүнө кирген соттун чечими бар салык кызматынын органынын чечиминин;

г) ага карата салык милдеттемесин аткаруунун жеңилдетилген режими колдонулган салык кызматынын органынын чечиминин;

21) салыктык жеңилдик - ушул Кодексте каралган салыкты же анын бөлүгүн төлөөдөн бошотуу;

22) кыйыр салыктар боюнча салык отчеттуулугу - ЕАЭБ мүчө-мамлекеттердин аймактарынан Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды импорттоодо алынуучу КНС жана акциз салыгы боюнча салык отчеттуулугу;

23) салык органдары - ыйгарым укуктуу салык органынын аймактык жана/же функционалдык бөлүмдөрү;

24) жараксыз эсеп-фактура - Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген учурларда жана тартипте номери жараксыз деп таанылган эсеп-фактура;

25) өнбөгөн калдык - Кыргыз Республикасынын салык мый­замдарында жана/же мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө төлөнбөгөн салыктын жана/же камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасы;

26) товарларды жүгүртүү - товарларды Кыргыз Республи­касынын аймагына импорттоо/ташып келүү, товарларды Кыр­гыз Республикасынын аймагынан экспорттоо, товарларды Кыр­гыз Республикасынын аймагында өндүрүү, сактоо, ордун кото-руу жана/же сатуу;

27) маркалоонун жана маркаланган товарларды көзөмөлдөөнүн улуттук тутумунун оператору (мындан ары - Маркалоо оператору) - Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу мамлекеттик орган жана/же менчиктин мамлекеттик үлүшү бар уюм;

28) фискалдык маалыматтардын оператору (мындан ары - ФМО) - маалыматтарды топтоонун жана ыйгарым укуктуу салык органына же Маркалоо операторуна гана корголгон түрдө берүүнүн техникалык процессин камсыз кылуучу уюм;

29) негизги каражат - Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарына ылайык негизги каражат болуп саналган мүлк;

30) принципал - ишин жарандык-укуктук келишимдердин, анын ичинде тапшырма келишимдеринин, комиссиянын, агенттик келишимдин негизинде жүзөгө ашыруучу субъект;

31) программалык-талдоо каражаты - салык төлөөчүнүн маалыматтарына ал аркылуу талдоо жана контролдоо жүргүзүлө турган программалык чечим;

32) пайыздык киреше - кандай болбосун түрдөгү карыздык талаптар боюнча киреше, анын ичинде насыялар, облигациялар, баалуу кагаздар, векселдер жана талаптардын башка түрлөрү боюнча киреше, анын ичинде финансылык ижара келишими жана исламдык каржылоо боюнча келишимдери боюнча алынган киреше;

33) пайыздык чыгаша - кандай болбосун түрдөгү карыздык милдеттенмелер боюнча чыгаша, анын ичинде облигациялар, исламдык баалуу кагаздар, векселдер жана милдеттенмелердин башка түрлөрү боюнча чыгаша, анын ичинде финансылык ижаранын келишими жана исламдык каржылоо келишимдер боюнча жүргүзүлгөн чыгаша;

34) калк менен эсептешүүлөр - жеке ишкер болуп эсептелбеген жеке жак менен анын жеке өзүнүн жана/же үй-бүлөлүк керектөөлөрү үчүн сатып алган товарлар, жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн эсептешүүлөр;

35) виртуалдык активди сатып өткөрүү - виртуалдык активди улуттук же чет өлкөлүк валютага алмашуу. Бир виртуалдуу активди башка виртуалдуу активге алмаштыруу аны сатып ɵткɵрүү деп таанылбайт;

36) салык кызматынын органынын чечими - эгерде ушул Кодексте башкасы каралбаса, ыйгарым укуктуу салык органында же сотто талашылышы мүмкүн болгон, ушул Кодекске ылайык салык кызматынын органы тарабынан кабыл алынуучу ченемдик эмес акт;

37) субъект - уюштуруу-укуктук формасына, ишинин түрүнө, баш ийүүсүнө жана менчигинин формасына карабастан экономикалык ишти жүзөгө ашыруучу жана/же салык салуу объекттери бар жеке жак, жеке ишкер, уюм, мамлекеттик мекеме, обочолонгон бөлүмчө;

38) эсеп - ишкердик ишти жүзөгө ашыруучу жактын акча каражатынын кириштелиши жана андан сарпталышы мүмкүн болгон банктагы эсептешүү жана башка эсеби;

39) соода иши - кийин сатуу максатында сатып алынган товарларды сатуу боюнча, анын ичинде электрондук соода аркылуу жүзөгө ашырылуучу иш;

40) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - салыктык укук мамилелерин жөнгө салуу, салык жана бажы саясатын жүргүзүү боюнча иш-милдеттерге жана ыйгарым укуктарга ээ болгон Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органы;

41) ыйгарым укуктуу салык органы - Кыргыз Республикасынын салык кызматынын борбордук мамлекеттик органы;

42) уюмдун катышуучусу - уюмдун уюмдаштыруучу документтери менен ушул уюмга карата милдеттендирүүчү жана/же буюмдук укуктар берилген субъект;

43) фискалдык программалык камсыздоо - салыктар жана башка милдеттүү төлөмдөр боюнча салык төлөөчүнүн милдеттенмесин аныктоо үчүн колдонулуучу маалыматты чогултуу, иштеп чыгуу, сактоо жана өткөрүп берүү үчүн салык төлөөчү тарабынан колдонулуучу программалык камсыздоо;

44) жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоо - эгерде ушул Кодекске ылайык жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүү орду Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинен тышкары болсо, салык төлөөчү тарабынан аткарылган жана көрсөтүлгөн жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүү;

45) товарларды экспорттоо - Кыргыз Республикасынын аймагынан ЕАЭБ мүчө-мамлекеттердин аймагына же ЕАЭБ бажы аймагынын чегинен тышкары сатылуучу товарларды ташып чыгуу.

46) оюн-зоок иши - казинодо, оюн автоматтарында, компьютердик симуляторлордо, интерактивдүү жайларда, электрондук (виртуалдук) казинодо, сервердин жайгашкан жерине карабастан букмекердик контораларда, тотализаторлордо кумар оюндарына жеткиликтүүлүктү уюштуруу, жүргүзүү жана берүү менен байланышкан иш;

47) ставкаларды кабыл алуу пункту (касса) - букмекердик конторанын же тотализатордун кызматкеринин электрондук-эсептөө техникасы жана керектүү байланыш каражаттары менен жабдылган жана ставкаларды кабыл алууга жана утуштарды берүүгө арналган, өзүнчө бөлүнгөн өзгөчө жумуш орду.

(Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 30-июнундагы № 51, 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

5-берене. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын принциптери

1. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын принциптери ушул Кодекс менен аныкталат.

2. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары төмөнкүдөй принциптерге негизделет:

1) салык салуунун мыйзамдуулугуна;

2) салык салуунун милдеттүүлүгүнө;

3) салык тутумунун бирдиктүүлүгүнө;

4) салык мыйзамдарынын маалымдуулугуна;

5) салык салуунун акыйкаттуулугуна;

6) салык төлөөчүнүн ак ниеттүүлүгүнүн презумпциясына;

7) укук ченемдүүлүктүн презумпциясына;

8) салык салуунун аныкталгандыгына;

9) салыктык жеңилдиктердин натыйжалуулугуна.

3. Салык мыйзамдарынын ченемдери ушул Кодексте белгиленген принциптерге карама-каршы келиши мүмкүн эмес.

4. Салыктарды белгилөө укугу Жогорку Кеңешке таандык.

Салыктар ушул Кодекс менен гана белгиленет жана жокко чыгарылат.

Субъекттердин салыктык карызын эсептен чыгаруу жөнүндө чечим өзүнчө мыйзам менен кабыл алынат.

5. Жергиликтүү салыктар жергиликтүү кеңештерге ушул Кодексте берилген ыйгарым укуктардын чектеринде жергиликтүү кеңештердин ченемдик укуктук актылары менен колдонууга киргизилет.

6. Ушул Кодексте каралган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары болуп саналбаган мыйзамдарга салыктык укук мамилелерин жөнгө салуучу ченемдерди киргизүүгө тыюу салынат.

7. Салыктык укук мамилелерин жөнгө салуу үчүн зарыл болгон ченемдердин жок экендиги салык төлөөчүгө, салыктык өкүлгө каршы колдонулушу мүмкүн эмес.

6-берене. Салык салуунун мыйзамдуулугу принциби

Ушул Кодексте каралбаган салыкты, ошондой эле ушул Кодексте белгиленген салыктык белгилери бар, же болбосо ушул Кодексте аныкталгандан башкача тартипте белгиленген же колдонууга киргизилген төгүмдү же төлөмдөрдү төлөө милдети эч кимге жүктөлүшү мүмкүн эмес.

7-берене. Салык салуунун милдеттүүлүгү принциби

Ар бир адам ушул Кодексте каралган тартипте жана учурларда салык төлөөгө милдеттүү.

Салыктык укук мамилелеринин бардык катышуучулары Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын сактоого милдеттүү.

8-берене. Салык тутумунун бирдиктүүлүгү принциби

Кыргыз Республикасынын салык тутуму Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында бирдиктүү болуп саналат.

9-берене. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын ачык-айкындуулук принциби

Салыктык укук мамилелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте милдеттүү түрдө жарыяланууга тийиш.

10-берене. Салык салуунун акыйкаттуулук принциби

1. Кыргыз Республикасында салык салуу жалпыга бирдей болуп саналат.

2. Эгерде ушул Кодекстин 3-беренесинде башкача каралбаса, жеке мүнөздөгү салык жеңилдиктерин берүүгө тыюу салынат.

3. Салыктар басмырлоочу мүнөздө болушу жана гендердик, социалдык, расалык, улуттук, диний критерийлерге жараша колдонулушу мүмкүн эмес.

11-берене. Ак ниеттүүлүктүн презумпциясы принциби

Салык төлөөчү жана салык өкүлү Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык документтер аркылуу тастыкталган маалыматтардын негизинде бул факты четке кагылмайынча, ак ниеттүү аракеттенди деп таанылат.

12-берене. Укук ченемдүүлүктүн презумпциясы принциби

1. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында мындай аракеттерге же аракетсиздикке тыюу салынган учурларды кошпогондо, салыктык укук мамилелери келип чыкканда салык төлөөчү же салык өкүлү бардык учурларда, бир эле мезгилде төмөнкүдөй шарттарды сактоо менен, укук ченемдүү аракеттенүүчү же аракеттенбөөчү катары таанылат:

1) аракеттенүү же аракетсиздик Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген принциптерге каршы келбейт; жана

2) аракеттенүү же аракетсиздик салык милдеттенмелерин тийиштүү түрдө аткарууга жолтоо кылбайт.

2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, салык кызматынын органдары, бажы органдары, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эгерде алардын аракети Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралса, салыктык укук мамилелери пайда болгондо укук ченемдүү аракеттенди деп таанылат.

Ушул бөлүктө каралган органдарга Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралбаган аракеттерди жасоого тыюу салынат.

13-берене. Салык салуунун аныкталгандыгы принциби

1. Салык салуу аныкталган болууга тийиш.

Салык салуунун аныкталгандыгы салык милдеттенмелеринин келип чыгышынын, аткарылышынын жана токтотулушунун бардык негиздерин жана тартибин Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгилөө мүмкүндүгүн билдирет.

2. Салыктарды белгилөөдө, ушул Кодекстин XI жана XIV бөлүмдөрүндө каралган салыктарды кошпогондо, салыктардын ар бири боюнча салык салуунун бардык элементтери аныкталууга тийиш.

14-берене. Салыктык жеңилдиктердин натыйжалуулугу принциби

1. Салыктык жеңилдиктер ушул берене менен каралган максаттарга жетүүгө багытталууга тийиш.

2. Салыктык жеңилдиктер төмөнкү максаттарда берилет:

1) Кыргыз Республикасынын экономикасынын туруктуу өнүгүшүнө дем берүү;

2) туруктуу өнүктүрүү үчүн экономиканын артыкчылыктуу секторлоруна инвестицияларды жана каржылоону тартуу;

3) Өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын негизги артыкчылыктарына жетишүү;

4) калкты социалдык жактан колдоо;

5) коомдук пайдалуу, анын ичинде кайрымдуулук иштерин колдоо.

3. Салыктык жеңилдиктерди пайдаланган жеке ишкер жана уюм ушул Кодекс менен белгиленген тартипте салыктык жеңилдиктердин натыйжалуулугун баалоо үчүн маалымат берүүгө милдеттүү.

15-берене. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын мейкиндик, убакыт жана адамдар чөйрөсү боюнча колдонулушу

1. Тиешелүү аймакта колдонулуучу жергиликтүү кеңештердин ченемдик укуктук актыларын кошпогондо, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында колдонулат.

2. Ушул Кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү бир жылда бир жолудан ашыкча эмес жүргүзүлөт, ал жеткис күчтүн жагдайлары пайда болуу, карама-каршылыктарды жоюу же ушул Кодекстин 17-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык чечимдер кабыл алынган салыктык укук мамилелерин жөнгө салуу үчүн зарыл болгон ченемдер жок болгон учурларды кошпогондо, ал кийинки календардык жылдын биринчи январынан баштап күчүнө кирет.

Ушул бөлүк менен каралган өзгөртүүлөрдү киргизүү Жогорку Кеңештин Регламенти менен белгиленген тартипте бирдиктүү ченемдик укуктук актыны түзүү жолу менен ишке ашырылат.

3. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары артка карай колдонулушу мүмкүн, эгерде өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө ченемдик укуктук актыда түздөн-түз каралып ал:

1) салыкты жокко чыгарса;

2) салыктын ставкаларынын өлчөмүн төмөндөтсө;

3) салыктык укук мамилелеринин катышуучусунун милдетинен бошотулса;

4) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчиликтен бошотулса же жоопкерчилиги жеңилдетилсе;

5) салыктык укук мамилелеринин катышуучусунун укуктарын коргоонун кошумча кепилдиктери белгиленсе;

6) салыктык укук мамилелеринин катышуучусунун абалы башкача түрдө жакшыртылса.

4. Жаңы салыктарды белгилөөчү, салыктардын ставкаларынын өлчөмдөрүн жогорулатуучу, салыктык укуктарды бузгандык үчүн жоопкерчиликти белгилөөчү же күчөтүүчү, салыктык укук мамилелеринин катышуучуларынын жаңы салык милдеттенмелерин белгилөөчү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары артка карай колдонулбайт.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

16-берене. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын айрым учурларда убакытта колдонулушу

1. Салык мезгилинде салык отчеттуулугун берүү, ошондой эле салык отчеттуулугун түзөтүү салык органына салык отчеттуулугу берилген жана берилүүгө тийиш мезгилде колдонулган салык мыйзамдарынын негизинде жүзөгө ашырылат.

2. Салыктык текшерүүнүн жыйынтыгында салык кызматынын органынын кызмат адамы тарабынан жүргүзүлгөн салык милдеттенмелерин эсептөө текшерүү мезгилинде колдонулган салык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

3. Ушул Кодекстин 19-главасында каралган укук бузууларды жасасагандыгы үчүн салык төлөөчүнүн жоопкерчилиги жөнүндө чечим ал чечим кабыл алынган күнү колдонулган салык мыйзамдарына ылайык салык кызматынын органы тарабынан кабыл алынат.

17-берене. Ченемдик укуктук актылардын катышы

1. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын актылары жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары ушул Кодекске карама-каршы келүүгө тийиш эмес.

2. Ушул Кодекстин, салыктык мыйзам актыларынын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын ортосунда карама-каршылык болгон учурда салыктык укук мамилелерин жөнгө салуу үчүн ушул Кодексте белгиленген ченемдер колдонулат.

3. Эгерде ушул Кодекстин ченемдеринин ортосунда карама-каршылык болсо же салыктык укук мамилелерин жөнгө салуу үчүн зарыл болгон ченемдер болбосо, салык кызматынын органдары жана бажы органдары, салыктык талаштарды кароо боюнча сот жана/же соттон тышкаркы органдар салык төлөөчүнүн пайдасына чечим кабыл алат. Ушул бөлүктүн максаттарында ушул Кодекстин ченемдеринин ортосундагы карама-каршылык деп ушул Кодексте белгиленген, мааниси жана мазмуну боюнча бири-бирине карама-каршы келген эки же бир нече ченемдердин болушу түшүнүлөт.

4. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

5. Ченемдик укуктук акт төмөнкүдөй жагдайлардын бири болгондо ушул Кодекске шайкеш келбейт деп таанылат:

1) акт актылардын ушундай түрүн кабыл алууга ушул Кодекске ылайык укугу жок болгон орган тарабынан кабыл алынса, же болбосо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипти бузуу менен кабыл алынса;

2) акт салыктык укук мамилелеринин катышуучусунун ушул Кодексте белгиленген укуктарын же болбосо ыйгарым укуктарын жокко чыгарса же чектесе;

3) акт салыктык укук мамилелеринин катышуучусунун ушул Кодексте аныкталган милдеттеринин мазмунун, аракеттеринин негиздерин, шарттарын, ырааттуулугун же тартибин киргизсе, өзгөртсө же жокко чыгарса;

4) акт ушул Кодексте уруксат берилген же көрсөтүлгөн аракеттерге тыюу салса;

5) акт ушул Кодексте тыюу салынган аракеттерге уруксат берсе же жол берсе;

6) акт ушул Кодексте аныкталган терминдердин, аныктамалардын мазмунун өзгөртсө, же болбосо терминдерди жана аныктамаларды ушул Кодексте колдонулгандан башка мааниде колдонсо.

6. Ушул Кодекске шайкеш келбеген ченемдик укуктук актыны кабыл алган орган мындай шайкеш эместикти четтетүүгө милдеттүү.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

18-берене. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген мөөнөттөрдү эсептөө тартиби

1. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген мөөнөт календардык дата же жылдар, айлар же күндөр менен эсептелүүчү убакыт мезгилинин бүтүшү менен аныкталат. Мөөнөт ошондой эле сөзсүз боло турган окуяны көрсөтүү менен аныкталышы мүмкүн.

2. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган кандай болбосун мөөнөттүн аралыгы тийиштүү дата башталгандан кийинки, убакыттын же окуянын мезгили бүткөндөн кийинки күндөн тартып башталат.

Ушул Кодексте белгиленген датага чейин Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаган учурда кандай болбосун мөөнөттүн башталышы ушул дата болгондон кийинки күндөн башталат.

3. Жылдар менен эсептелүүчү мөөнөт анын акыркы жылынын тиешелүү айында жана күнүндө бүтөт. Мында жыл деп катар келүүчү 12 календардык айдан турган убакыт аралыгы саналат.

Календардык жыл деп ар бир жылдын 1-январынан башталуучу жана ошол жылдын 31-декабрында аяктоочу убакыт мезгили саналат.

4. Айлар менен эсептелүүчү мөөнөт мөөнөттүн акыркы айынын тиешелүү күнүндө бүтөт. Мында ай деп календардык ай таанылат.

5. Эгерде жылдар же айлар менен эсептелүүчү мөөнөттөрдүн бүтүшү тийиштүү күнү жок айга туура келсе, мөөнөтү ошол айдын акыркы күнүндө бүтөт.

6. Мөөнөттүн акыркы күнү жумуш эмес күнгө туура келген учурда, мөөнөттүн аяктоо күнү деп андан кийинки жумуш күнү эсептелет.

7. Эгерде ушул бөлүк менен башкача белгиленбесе, аткарылуу мөөнөтү белгиленген аракет ошол мөөнөттүн акыркы күнүнүн жумуш убактысы аяктаганга чейин аткарылат.

Эгерде салык отчеттуулугу электрондук документ түрүндө тапшырылса, ушул бөлүк менен каралган аракеттер мөөнөттүн акыркы күнү аяктаганга чейин жасалат.

19-берене. Салыктык укук мамилелеринин катышуучулары

Салыктык укук мамилелеринин катышуучулары болуп төмөнкүлөр саналат:

1) ушул Кодекске ылайык салык төлөөчү деп таанылган субъект;

2) ушул Кодекске ылайык салык боюнча өкүл деп таанылган субъект;

3) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;

4) салык кызматынын органдары, бажы органдары;

5) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;

6) салыктык укук мамилелери чөйрөсүндөгү укуктары жана милдеттери ушул Кодекс менен жөнгө салынуучу башка жактар.

 

20-берене. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары-нын ченемдерин колдонуу боюнча документтер

1. Ушул Кодексте так эместиктер, ылайык келбестиктер же аны колдонуу практикасында жана/же башка учурларда ылайык келбестиктер табылган учурда Жогорку Кеңеш Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишин жөнгө салуучу мыйзамдарда каралган тартипте расмий чечмелөө берет, ошондой эле аларды жоюу чараларын көрөт.

2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган салыктык укук мамилелерин жөнгө салуу үчүн зарыл болгон Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын ченемдерин пайдалануу жөнүндө суроо-талаптар боюнча 30 календардык күндүн ичинде жазуу жүзүндө түшүндүрмөлөрдү берүүгө милдеттүү.

Эгерде суроо-талапты кароо үчүн атайын текшерүүлөрдү (экспертизаларды) жүргүзүү, кошумча материалдарды талап кылуу же болбосо салык салынуучу базаны аныктоого багытталган чараларды көрүү зарыл болсо, суроо-талапты кароо мөөнөтү узартылышы мүмкүн, бирок ал 30 календардык күндөн ашпайт. Бул тууралуу чечим ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси же жетекчисинин орун басары тарабынан кабыл алынат жана арыз ээсине билдирилет.

3. Салык мыйзамдарын колдонуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын түшүндүрмөлөрү салык кызматынын органдары тарабынан аткарылууга милдеттүү жана укук кор-гоо жана сот органдары тарабынан салыктык талаш-тартыштарды кароодо жана процесстик иш-аракеттерди жүргүзүүдө жазуу жүзүндөгү далил катары каралат.

4. Салык кызматынын органдары салык милдеттенмелерин аткаруу тартиби жана жол-жоболору боюнча салык төлөөчүнүн суроо-талаптары боюнча ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган мөөнөттө жазуу жүзүндө жооп берүүгө милдеттүү.

5. Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын колдонуу боюнча ченемдик укуктук актыларды чыгарат, алар ушул Кодексте каралган ыйгарым укуктарды ишке ашыруу максатында кабыл алынган учурларда колдонуу үчүн милдеттүү болуп саналат.

6. Ушул берененин 5-бөлүгүнө ылайык чыгарылуучу документтер Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу басма жана электрондук басылмаларда документтердин текстин кайра чыгаруу жолу менен, ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана/же ыйгарым укуктуу салык органынын ачык маалыматтык веб-сайтында жалпыга маалымдалат.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

21-берене. Салык түшүнүгү

Салык түшүнүгү деп Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык салык төлөөчүдөн милдеттүү түрдө, жекече кайтарымсыз түрдө алынуучу акчалай төлөм түшүнүлөт.

22-берене. Кыйыр салыктар

Товарларга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө баасына же тарифине кошумча түрүндө белгиленүүчү, салык төлөөчүнүн кирешесине же мүлкүнө түздөн-түз байланышпаган кошумча нарк салыгы, акциздик салык жана сатуудан алынуучу салык сыяктуу салыктар кыйыр салык деп эсептелет.

23-берене. Экономикалык иш

1. Экономикалык иш деп ишкердик жана башка иш саналат.

2. Ушул Кодекстин максаттарында субъекттин экономикалык иши, эгерде ал туруктуу негизде жүзөгө ашырылса, ишкердик иш деп таанылат.

3. Иштин төмөнкүдөй түрлөрү ушул Кодекстин максаттарында башка иш деп таанылат:

1) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык ишти жүзөгө ашыруу;

2) банкка акчалай каражаттарды салуу;

3) баалуу кагаздарды сатып алуу, өткөрүү же сатуу, жеке же юридикалык жактын уставдык капиталдагы үлүштөрү;

4) жеке же юридикалык жактын уставдык капиталдагы үлүшүнө ылайык кандай болбосун төлөмдөрдү алуу;

5) үстөк айып, айыптарды, моралдык зыяндын ордун толтурууну алуу;

6) камсыздандыруу келишимдери боюнча камсыздандыруу суммасын (ордун толтурууну) алуу;

7) ишкердик иш болуп саналбаган башка иш.

24-берене. Жеке жак

1. Кыргыз Республикасынын жараны, чет өлкөлүк жаран жана жарандыгы жок адам жеке жак болуп саналат.

2. Катар келүүчү 12 айдан турган жана учурдагы салык мезгилинде аяктаган кандай болбосун мезгил аралыгында 183 жана андан ашуун күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында болгон, же болбосо чет өлкөдө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматында жүргөн кандай болбосун жеке адам резидент-жеке жак болуп саналат.

3. Ушул беренеге ылайык резидент-жеке жак деп таанылбаган жеке адам резидент эмес-жеке жак болуп саналат.

25-берене. Уюм

1. Ушул Кодекстин максаттарында уюм деп төмөнкүлөр түшүнүлөт:

1) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык түзүлгөн юридикалык жак (мындан ары - ата мекендик уюм);

2) уюмдаштыруучу өлкөнүн мыйзамдарына ылайык түзүлгөн корпорация, компания, фирма, фонд, мекеме же башка түзүлүш же эл аралык уюм (мындан ары - чет өлкөлүк уюм).

Эл аралык уюм болуп эл аралык келишимдин же макулдашуунун негизинде түзүлгөн эл аралык укук субъекти саналат.

26-берене. Жеке ишкер

Жеке ишкер деп ушул Кодексте белгиленген милдеттерди аткаруу жүктөлгөн дыйкан (фермер) чарбасынын ишин кошо алганда, Кыргыз Республикасынын аймагында уюм түзбөстөн ишкердик ишти жүзөгө ашырган жеке жак түшүнүлөт.

Ушул Кодекстин талаптарына ылайык жеке эмгек ишин жүзөгө ашыруучу жеке жак жеке ишкер деп таанылбайт.

27-берене. Жеке эмгек ишин жүзөгө ашыруучу жеке жак

Патенттин негизинде илимий, педагогикалык (окутуучулук), чыгармачылык жана жалданма эмгекти тартпастан башка ишти жүзөгө ашырган жеке жак жеке эмгек ишин жүргүзүүчү жак болуп саналат.

Ушул беренеде каралган иштин түрлөрүнүн тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

28-берене. Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк уюмдун туруктуу мекемеси

1. Туруктуу мекеме персоналды туруктуу негизде тартуу менен иштин туруктуу ордун билдирет, ал аркылуу Кыргыз Республикасынын аймагына чет өлкөлүк уюмдун ишкердик иши толук же жарым-жартылай жүзөгө ашырылат (мындан ары - резидент эмес).

2. "Туруктуу мекеме" түшүнүгүндө, атап айтканда, төмөнкүлөр камтылат:

1) башкаруу орду;

2) бөлүм;

3) контора;

4) фабрика;

5) ɵнɵркана;

6) шахта, нефть же газ скважинасы, карьер же жаратылыш ресурстарын алуунун башка кандай болбосун орду;

7) жер участогу;

8) курулуш аянтчасы же курулуш, монтаждоо же чогултуу объекти же тиешелүү иштерди аткарууну байкоого байланышкан кызмат көрсөтүүлөр, эгерде мындай аянтча же объект кандай болбосун 12 айлык мезгилдин аралыгында 183 жана андан ашуун календардык күндүн ичинде болсо же мындай кызмат көрсөтүүлөр 183 же андан ашуун календардык күндүн ичинде көрсөтүлсө;

9) жаратылыш ресурстарын чалгындоо үчүн колдонулуучу түзүлүштөр же курулмалар же ушундай иштерди аткарууну байкоого байланышкан кызмат көрсөтүүлөр, же болбосо жаратылыш ресурстарын чалгындоо үчүн колдонулуучу бургулоо түзүлүшү же кеме, эгерде аларды ушундайча пайдалануу кандай болбосун 12 айлык мезгилдин ичинде 183 жана андан ашуун календардык күнгө созулса же мындай кызмат көрсөтүүлөр 183 жана андан ашуун календардык күндүн ичинде көрсөтүлсө;

10) резидент эмес жалдаган персонал аркылуу резидент эместин консультациялык кызмат көрсөтүүлөрүн кошо алганда, кызмат көрсөтүүлөр, эгерде персонал Кыргыз Республикасынын аймагында мындай иш-аракетти кандай болбосун 12 айлык мезгилдин ичинде 183 жана андан ашуун календардык күндүн ичинде жүзөгө ашырса;

11) Кыргыз Республикасында көз каранды агент аркылуу ишкердик ишти жүзөгө ашырса.

Ушул берененин максаттары үчүн көз каранды агент болуп бир учурда төмөнкүдөй шарттарга ылайык келген уюм же жеке жак таанылат:

а) келишимдик мамилелердин негизинде Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк уюмдун кызыкчылыктарын көрсөтүүгө, мындай уюмдун атынан жана эсебинен аракеттенүүгө жана/же белгилүү бир юридикалык аракеттерди аткарууга, анын ичинде акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүү келишимдерин түзүүгө, мындай уюмга тиешелүү болгон мүлккө менчик же пайдалануу укугун өткөрүп берүүгө ыйгарым укуктуу;

б) чет өлкөлүк уюмдан алынган сый акысынын суммасы пайда салыгы боюнча салыктык мезгил үчүн түшкөн каражаттан 75 пайыздан ашат;

в) иши ушул берененин 3-бөлүгүнүн 6-пунктунда саналган иштин түрлөрү менен чектелбейт;

12) Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк уюм тарабынан, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында кайра иштетүүнүн натыйжасында алынган товарларды сатуу;

13) Кыргыз Республикасында катталган домендик аталышты же IP-даректи колдонуунун негизинде электрондук түрдө кызмат көрсөтүү.

3. "Туруктуу мекеме" түшүнүгүндө төмөнкүлөр камтылбайт:

1) курулмаларды резидент эмеске таандык товарларды сактоо, көрсөтүү же жеткирүү максатында гана пайдалануу;

2) резидент эмеске таандык товарлардын запастарын сактоо, көрсөтүү же жеткирүү максатында гана кармап туруу;

3) резидент эмеске таандык товарлардын запастарын башка уюмдар же жеке жактар тарабынан кайра иштетүү максатында гана кармап туруу;

4) резидент эмес үчүн товарларды сатып алуу, же болбосо маалымат чогултуу максатында гана иш-аракеттин туруктуу ордун кармап туруу;

5) даярдоо же көмөктөшүү мүнөзүндөгү ар кандай башка иштерди резидент эмес үчүн жүргүзүү максатында гана иштин туруктуу ордун кармап туруу;

6) ушул бөлүктүн 1-5-пункттарында саналган иштин түрлөрүн ар кандай комбинациялоону ишке ашыруу үчүн гана, иштин туруктуу ордунун мындай комбинациялоонун натыйжасында келип чыгуучу туруктуу орундагы жалпы ишти даярдоо жана көмөктөшүү мүнөзүндө болгон шартта, иштин туруктуу ордун кармап туруу;

7) агент аркылуу Кыргыз Республикасында экономикалык ишти жүргүзүү, мындай жактар өзүнүн адаттагы ишинин алкагында аракеттенген шартта;

8) чет өлкөлүк уюмдун акцияларга же ата мекендик уюмга катышуу үлүшүнө ээлик кылуусу;

9) ишке ашыруу жери Кыргыз Республикасынын аймагы болгон биргелешкен иш-аракеттер жөнүндө келишим түзүү, эгерде мындай биргелешкен иштин салыктык эсепке алуусун Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсү жүзөгө ашырса;

10) Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жайгашкан мүлккө карата Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсү менен мүлктү ишенимдүү башкаруу келишимин түзүү;

11) чет өлкөлүк уюм көз карандысыз агент аркылуу ишкердик ишин жүзөгө ашыруусу, мындай агент өзүнүн кадимки ишинин алкагында аракеттенген шартта.

4. Чет өлкөлүк уюм тарабынан Кыргыз Республикасында катталган домендик аталышын же IP-дарегин колдонбостон Кыргыз Республикасынын резиденттери - сатып алуучу-жеке жактардын дарегине Кыргыз Республикасынын аймагы берүү орду катары таанылган электрондук түрдөгү кызматтарды көрсөтүү, ошондой эле товарларды электрондук сатууну ишке ашыруу Кыргыз Республикасында бул уюмдун туруктуу мекемесин түзүүгө алып келбейт.

5. Чет өлкөлүк уюмдун туруктуу мекемеси ушул Кодекске ылайык салыктык катталууга тийиш.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

29-берене. Обочолонгон бөлүм

Уюмдун, жеке ишкердин, чет өлкөлүк уюмдун туруктуу мекемесинин обочолонгон бөлүмү болуп жыйынды түрүндө төмөнкүдөй шарттарга жооп берүүчү бөлүм саналат:

1) ишкердик ишти жүзөгө ашырган;

2) негизги башкаруу жеринен аймактык жана мүлктүк обочолонууга ээ;

3) уюм же жеке ишкер менен Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде жөнгө салынуучу мамилелер менен байланышкан персоналга ээ.

30-берене. Товар. Товарды сатуу

Материалдык-буюм формасына ээ болгон ар кандай мүлк товар деп таанылат.

Товарларга болгон менчик укугун кайтарымдуу же кайтарымсыз негизде өткөрүп берүү, анын ичинде товар алмашуу товарларды сатуу болуп саналат.

31-берене. Жумушту аткаруу же кызматтарды көрсөтүү

 

Товарды сатып өткөрүү болуп саналбаган, акы төлөө негизинде жумуштарды аткаруу же кызматтарды көрсөтүү жумуштарды аткаруу же кызматтарды көрсөтүү деп таанылат.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

32-берене. Электрондук түрдө кызмат көрсөтүү

1. Интернет түйүнү аркылуу техникалык, уюштуруучулук, маалыматтык, оюн-зоок жана башка мүмкүнчүлүктөрдү маалыматтык-коммуникациялык технологиялар аркылуу жүзөгө ашырылуучу ишкердик иш, анын ичинде төмөнкүлөр электрондук түрдө кызмат көрсөтүү деп таанылат:

1) электрондук түзүлүштөрдүн ар кандай түрлөрү үчүн программалык камсыз кылууну колдонууга укуктарды электрондук түрдө берүү;

2) аралыктан, анын ичинде Интернет түйүнү аркылуу интернет-ресурстарга жана башка маалыматтык-коммуникациялык түйүндөрдөгү ресурстарга жетүү мүмкүнчүлүгүн, анын ичинде Интернет түйүнү аркылуу электрондук китептерди (басылма-ларды) жана башка электрондук жарыялоолорду, маалыматтык, билим берүү материалдарын, графикалык сүрөттөрдү, музыкалык чыгармаларды тексти менен же тексти жок, аудиовизуалдык чыгармаларды пайдалануу укугун, анын ичинде Интернет түйүнү аркылуу көрүү же угуу үчүн аларга аралыктан жетүү мүмкүнчүлүгүн берүү жолу менен берүү, ошондой эле мындай интернет-ресурстардын функционалдык мүмкүнчүлүктөрүн жа-ңыртуу жана кеңейтүү;

3) Интернет түйүнүндө жарнамалык кызматтарды көрсөтүү, анын ичинде Интернет түйүнүндө товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү), мүлктүк укуктарды сатып алуу (сатуу) жөнүндө сунуштарды жайгаштыруу боюнча кызматтарды көрсөтүү;

4) Интернет түйүнүндө коммерциялык же жеке катышууну камсыздоо жана/же колдоо;

5) эсептөөчү кубаттуулуктарды ижарага берүү;

6) аралыктан жеткиликтүүлүк аркылуу маалымат тутумдарын, интернет-ресурстарды администрациялоо боюнча кызмат көрсөтүү;

7) Интернет түйүнүндө издөө тутумдарына жетүү мүмкүнчүлүктөрүн берүү;

8) Кыргыз Республикасынын электрондук соода жөнүндө мыйзамдарына ылайык соода платформасында сатуучунун жана/же оператордун ишин жүзөгө ашыруу;

9) (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

10) (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

2. Электрондук түрдө кызмат көрсөтүүлөргө, атап айтканда, төмөнкүдөй операциялар кирбейт:

1) (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

2) электрондук эсептөөчү машиналар үчүн программаларды (анын ичинде компьютердик оюндарды), материалдык алып жүрүүчүлөрдөгү маалыматтарды сатуу (пайдалануу укугун берүү);

3) электрондук байланыш каражаттары аркылуу консультациялык кызмат көрсөтүү;

4) Интернет түйүндөрүнө жеткиликтүүлүктү берүү боюнча кызмат көрсөтүү.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

33-берене. Салык төлөөчүнүн электрондук документи

Кыргыз Республикасынын электрондук башкаруу жана электрондук кол тамга жөнүндө мыйзамдарына ылайык түзүлгөн жана кол коюлган документ салык төлөөчүнүн электрондук документи болуп саналат.

 

34-берене. Ал жеткис күч

1. Ал жеткис күч деп жер титирөө, суу ташкыны сыяктуу табигый кырсыктардын же алдын ала билүүгө же четтетүүгө мүмкүн болбогон, же болбосо алдын ала билүүгө мүмкүн болгон, бирок четтетүүгө болбой турган башка жагдайлардын натыйжасында өзгөчө жана четтетилбөөчү жагдайлардын келип чыгышы саналат. Көрсөтүлгөн жагдайлар жалпыга белгилүү фактылардын, жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоонун негизинде жана далилдөөнүн атайын каражаттарына муктаж эмес башка ыкмалардын негизинде аныкталат.

2. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

341-берене. Министрлер Кабинетинин укугу

 

Министрлер Кабинети белгилүү мөөнөткө төмөнкүлөр боюн-ча чечим кабыл алуу укугуна ээ болот:

1) ал жеткис күчтүн жагдайлары келип чыккан учурда:

а) ал жеткис күчтүн жагдайларынын келип чыгышынын натыйжасында пайда болгон салыктык карыздардын суммасы боюнча кийинкиге жылдырууларды же бөлүп төлөөлөрдү банктык кепилдиктерсиз берүү жөнүндө;

б) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган ставкалардын чектеринде салыктардын ставкаларын өзгөртүү жөнүндө;

в) ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин аймактарынан Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды импорттоодо кыйыр салыктар боюнча салык отчетун кошпогондо, салык отчетун берүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө;

г) салык милдеттенмелерин өз убагында аткарбагандыгы үчүн салыктык санкцияларды жана туумдарды колдонбоо жөнүндө.

2) социалдык мааниге ээ товарларга, ошондой эле кайра иш-тетүүнүн натыйжасы социалдык мааниге ээ товарлар болуп саналган чийки затка салыктардын ставкаларын өзгөртүү жөнүндө.

Ушул пункттун максаттары үчүн социалдык мааниге ээ товарлар, ошондой эле кайра иштетүүнүн натыйжасы социалдык мааниге ээ товарлар болуп саналган чийки заттар деп, алардын тизмеги Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө жана Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген товарлар түшүнүлөт."

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

35-берене. Өз ара көз каранды субъекттер

1. Өз ара көз каранды субъекттер деп алардын ортосундагы мамилелер алардын ишинин же алар өкүлү болгон субъекттердин ишинин шарттарына же экономикалык натыйжаларына таасир этүүчү субъекттер саналат, тактап айтканда:

1) субъект уюмга түздөн-түз же кыйыр түрдө катышат жана мындай катышуунун суммалык үлүшү 20 пайыздан ашыкты түзөт;

2) үчүнчү субъект катышкан эки уюмда бул субъекттин алардын ар бириндеги түздөн-түз жана/же кыйыр катышуу үлүшү 20 пайыздан ашуунду түзөт же ал уюмдар ушундай субъект тарабынан контролдонот;

3) бир жеке жак экинчи жеке жакка кызматтык абалы боюнча баш иет;

4) ортолорунда Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдары менен жөнгө салынуучу мамилелер келип чыккан субъекттер;

5) жакын туугандар;

6) башкарууну уюштуруучу жана ишенимдүү башкаруучу.

2. Эгерде субъекттердин ортосундагы мамиле алардын ортосундагы бүтүмдөрдүн натыйжаларына таасир этиши мүмкүн болсо, сот субъекттерди ушул берененин 1-бөлүгүндө каралбаган негиздер боюнча өз ара көз каранды деп таанышы мүмкүн.

3. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн максаттары үчүн бир субъекттин уюмга бөлөк уюмдардын ырааттуулугу аркылуу кыйыр катышуусунун үлүшү катышуунун тийиштүү үлүштөрүнүн көбөйтүндүсү түрүндө аныкталат.

36-берене. Салыктык жеңилдиктердин натыйжалуулугун баалоо

1. Салыктык жеңилдиктердин натыйжалуулугу салыктык жеңилдиктердин натыйжалуулугунун принцибине ылайык бааланууга тийиш.

2. Ушул беренеге ылайык бааланууга тийиш болгон салыктык жеңилдиктердин тизмеги, ошондой эле салыктык жеңилдиктердин натыйжалуулугун баалоонун тартиби жана түрлөрү Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

3. Бул берененин максаттары үчүн салыктык жеңилдиктин натыйжалуулугу деп салык жеңилдиктерин колдонуу мезгилинде салык жеңилдиктерин берүүнүн максатына жетүү даражасын мүнөздөөчү салык төлөөчүлөр боюнча тийиштүү тармактын ишинин натыйжасы менен өткөн мезгилдин натыйжасынын катышы түшүнүлөт.

2-глава. Кыргыз Республикасынын салык тутуму

37-берене. Салыктардын түрлөрү

1. Кыргыз Республикасында жалпы мамлекеттик салыктар, жергиликтүү салыктар белгиленет.

2. Жалпы мамлекеттик салыктар деп ушул Кодексте белгиленген жана Кыргыз Республикасынын бардык аймагында төлөнүүгө милдеттүү салыктар эсептелет.

3. Жергиликтүү салыктар деп ушул Кодексте белгиленүүчү жана жергиликтүү кеңештердин ченемдик укуктук актылары менен колдонууга киргизилүүчү, тиешелүү административдик-аймактык бирдиктердин аймактарында төлөнүүгө милдеттүү болгон салыктар түшүнүлөт.

4. Салыктардын жалпы мамлекеттик түрлөрүнө төмөнкүлөр кирет:

1) киреше салыгы;

2) пайда салыгы;

3) КНС;

4) акциз салыгы;

5) жер казынасын пайдалануу салыгы;

6) сатуу салыгы.

5. Жергиликтүү салыктарга мүлк салыгы кирет.

38-берене. Салыктарды белгилөөнүн жалпы шарттары

1. Ушул Кодексте салык төлөөчүлөр жана салык салуу элементтери аныкталган учурда гана салык белгиленди деп эсептелет, тактап айтканда:

1) салык салуу объекти;

2) салык базасы;

3) салык ставкасы;

4) салык мезгили;

5) салыкты эсептөө тартиби;

6) салыкты төлөө тартиби;

7) салыкты төлөө мөөнөтү.

2. Салыктык жеңилдиктер ушул Кодексте каралган учурларда колдонулат.

39-берене. Салык салуу объекти

1. Салык салуу объекти деп салык милдеттенмесинин келип чыгышын пайда кылган укуктар жана/же аракеттер саналат.

2. Салыктын ар бир түрү боюнча салык салуу объекти ушул Кодекске ылайык аныкталат.

40-берене. Салык базасы

Салык базасы деп салык салуу объекттин нарктык, иш жүзүндɵгү же башка мүнөздөмөсү саналат, анын негизинде салыктын суммасы эсептелет.

41-берене. Салык ставкасы

1. Салык ставкасы деп салык базасын өлчөө бирдигине карата салыктык чегерүүлөрдүн чоңдугу саналат.

2. Салык ставкасы салык базасын өлчөө бирдигине карата пайыздар же абсолюттук сумма түрүндө белгиленет.

42-берене. Салык мезгили

1. Салык мезгили деп салык базасы аныкталуучу жана салык суммасы эсептелүүчү мезгил аралыгы саналат. Эгерде мындай мезгил белгиленбесе, салык мезгили деп салык милдеттенмеси келип чыккан күн эсептелет.

2. Эгерде ушул Кодексте башкасы каралбаса, салык боюнча салык мезгили болуп төмөнкүлөр саналат:

1) ошол салык боюнча салык төлөөчү катары катталган күндөн кийинки күндөн тартып ушул салык мезгили аяктаганга чейинки мезгил аралыгы; же

2) ошол салык үчүн салыктык мезгилдин башталышынан тартып ошол эле салыктык мезгилдин күнүнө чейинки мезгил аралыгы, анда:

а) уюмду башкаруу органы тарабынан бекитилет:

- жоюудагы жоюу балансы;

- кайра уюштуруу учурундагы бөлүштүрүү балансы же өткөрүү актысы;

б) иши аяктагандыгына байланыштуу жеке ишкер тарабынан салыктык каттоону жана/же эсептик каттоону жоюу жөнүндө арызы берилет;

3) эгерде каттоо же аны жоюу бир салык мезгилинин ичинде болсо, ошол салык боюнча салык төлөөчү катары катталган күндөн кийинки күндөн тартып, салык төлөөчүнү ошол салык боюнча каттоо жоюлган күнгө чейинки мезгил аралыгы.

43-берене. Салыкты эсептөө тартиби

1. Эгерде ушул Кодексте башкача белгиленбесе, салык төлөөчү салык мезгили үчүн төлөнүүгө тийиш болгон салыктын суммасын, ушул Кодексте белгиленген салык жеңилдиктерин эске алуу менен салык базасын салык ставкасына көбөйтүү аркылуу өз алдынча эсептейт.

2. Ушул Кодексте каралган учурларда салыктардын айрым түрлөрүнүн суммасын эсептөө боюнча милдет салык кызматынын органдарына жүктөлөт.

44-берене. Салыкты төлөө мөөнөтү

1. Эгерде ушул беренеде башкасы каралбаса, салыктарды төлөө мөөнөттөрү ушул Кодекстин талаптарына ылайык ар бир салыкка карата өзүнчө белгиленет.

2. Салык төлөөчүнүн салык органына тапшырган салык отчеттуулугуна ылайык эсептелген салык милдеттенмесинин суммасы уюмду кайра уюштурууга же жоюуга же жеке ишкердин ишин токтотууга байланыштуу салыктык жана/же эсептик каттоону жоюу жөнүндө арыз менен бирге салык органына мындай арыз берилген күнгө чейин төлөнүүгө тийиш.

3. Салык төлөөнүн белгиленген мөөнөтүн өзгөртүүгө ушул Кодексте каралган тартипте гана жол берилет.

4. Салык төлөө мөөнөттөрүн бузуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартуу үчүн негиз болуп саналат.

45-берене. Салыктарды төлөө тартиби

1. Салык төмөнкүдөй төлөнөт:

1) салыктын бүктүл суммасы же бөлүк-бөлүк боюнча;

2) мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу же узартып бөлүп төлөө менен;

3) ар бир салык үчүн ушул Кодексте белгиленген салык төлөө мөөнөтү аяктаган күндөн кеч эмес;

4) салык төлөөчү тарабынан түздөн-түз же анын атынан;

5) салык төлөөчү же обочолонгон бөлүмчөнү салыктык эсепке алуу жана/же эсептик каттоо жери боюнча түздөн-түз;

6) накталай эмес акча түрүндө.

2. Салык төлөө тартиби ар бир салыкка карата белгиленет.

46-берене. Салык режимдери

1. Салык режими деп салыктардын жана алардын элементтеринин курамы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген учурларда жана тартипте колдонулуучу аларды эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби таанылат.

2. Кыргыз Республикасында жалпы салык режими жана атайын салык режимдери белгиленет.

3. Жалпы салык режими деп ушул Кодексте белгиленген жалпы мамлекеттик жана жеригилктүү салыктар боюнча салыктык милдеттенмелер салык төлөөчүдө пайда болгон салык салуу тутуму саналат.

Атайын салык режими болуп жалпы мамлекеттик салыктардын ордуна салыктардын курамын жана алардын элементтерин аныктоонун өзгөчө тартиби колдонулган жана/же ушул Кодекске ылайык айрым мамлекеттик жана жергиликтүү салыктарды төлөө милдеттенмесинен бошотулган салык тутуму саналат.

4. Атайын салык режими болуп төмөнкүлөр саналат:

1) патенттин негизиндеги салык;

2) бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгɵн тутуму;

3) эркин экономикалык зоналардагы салык режими;

4) Жогорку технологиялар паркындагы салык режими;

5) майнингге салык;

6) электрондук соода чөйрөсүндөгү ишке салык;

7) оюн-зоок ишине салык.

8) өзгөчө режимдеги соода зонасындагы ишке салык.

5. Ушул беренеде белгиленгендерден тышкары, экономикалык иштин айрым түрлөрү үчүн башка атайын салык режимдерин белгилөөгө тыюу салынат.

(Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 30-июнундагы № 51, 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

II БӨЛҮМ. САЛЫКТЫК УКУК МАМИЛЕЛЕРИНИН КАТЫШУУЧУЛАРЫ

3-глава. Салык төлөөчү. Салык өкүлү

47-берене. Салык төлөөчү

1. Салык төлөөчү деп Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген жагдайлар болгондо салык төлөө милдети жүктөлгөн субъект саналат.

2. Пайда салыгынын, салык салынуучу берүүлɵргɵ КНС, сатуудан алынуучу салыктын салык төлөөчүсү болуп мыйзам чыгаруу, сот, аткаруу бийлик органдары, Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар мамлекеттик органдары, Кыргыз Республикасынын Конституциясында аталган башка мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу органы жана Депозиттерди коргоо боюнча агенттик саналбайт, буга алардын көңүл ачуу, бош убакытты өткөрүү же эс алуу чөйрөсүндөгү иши кирбейт.

3. Эгерде салык төлөөчү ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгиленген аракетсиздик критерийлерине ылайык келсе жана салыктык карызы жок болсо аракетсиз деп таанылат.

4. Салык органдары тарабынан мамлекеттик социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүн жана салыктык эмес кирешелерди башкаруу максатында камсыздандыруу төгүмдөрүн жана салыктык эмес кирешелерди төлөөчүлөр салык төлөөчүлөр катары каралат.

48-берене. Салык төлөөчүнүн кабинети

1. Салык төлөөчүнүн кабинети (мындан ары - кабинет) - ушул беренеде каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен салыктарды эсептөө жана төлөө маселелери боюнча салык кызматынын органынын жана салык төлөөчүнүн ортосундагы аралыктан өз ара аракеттенүүлөрү үчүн арналган ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан берилүүчү онлайн-сервис.

2. Салык төлөөчү анын кабинетине кирүү мүмкүнчүлүгүн алуу тартибин ыйгарым укуктуу салык органы аныктайт.

3. Салык төлөөчү өз кабинети аркылуу:

1) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары менен жөнгө салынуучу мамилелерде колдонулуучу электрондук документтерди салык кызматынын органынан алат;

2) салык кызматынын органдарына Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында аныкталган электрондук документтерди, анын ичинде кагаздагы документтердин сканерленген көчүрмөлөрүн берет.

Электрондук документтер салык төлөөчү же салык кызматынын органынын жетекчиси ɵзү кол койгон кагаздагы документтерге теңдеш деп таанылат.

Эгерде ушул Кодексте башкасы каралбаса, эгерде электрондук документтер салык төлөөчүгө жөнөтүлсө же анын кабинети аркылуу берилсе, кагаздагы документтерди жөнөтүү талап кылынбайт.

49-берене. Салык төлөөчүнүн укуктары

1. Салык төлөөчү төмөнкүлөргө укуктуу:

1) салык кызматынын органдарынын кызмат адамынан Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын сактоону талап кылууга;

2) салыктык укук мамилелеринде жеке өзү же өзүнүн салык өкүлү аркылуу иш алып барууга;

3) тиешелүү мамлекеттик органдардан Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары жөнүндө маалыматты, ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, ыйгарым укуктуу салык органы иштеп чыккан эрежелерди, жоболорду жана башка усулдук көрсөтмөлөрдү алууга;

4) салык отчеттуулугунун ыйгарым укуктуу салык органынын расмий сайтына жарыяланбаган формаларын колдонбоого;

5) суроо-талаптын негизинде салык кызматынын органдарындагы өзү тууралуу ар кандай маалыматты, ага кошо көчмө текшерүүнү дайындоо үчүн негиз болгон салыкты туура эмес эсептөө фактылары жөнүндө күбөлөндүрүүчү документтерди ырастоочу көчүрмөлөрдү акысыз алууга, ошондой эле салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу берилген, салык кызматынын тиешелүү органынын кол тамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн салык кызматынын органынын документтеринин көчүрмөлөрүн алууга;

6) ашыкча төлөнгөн, ашыкча өндүрүлүп алынган салык суммасын эсепке алууга же кайтарып берүүгө, ошондой эле КНС ашыкча суммасын кайтарып берүүгө жана/же ордун толтурууга;

7) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген негиздер болгондо жана тартипте салык жеңилдиктерин пайдаланууга;

8) салыктык сырды сактоону талап кылууга;

9) ушул Кодексте каралган учурларда салык контролу башталганга чейин жазма буйрук алууга, мындай контролду жүзөгө ашырган салык кызматынын органынын кызмат адамынын ырастамасы менен таанышууга;

10) салык контролун жүзөгө ашыруучу салык кызматынын органынын кызмат адамынан инспектордук текшерүү китепчесине каттоону талап кылууга;

11) салык контролунун натыйжалары боюнча салык кызматынын органдарына түшүндүрмө берүүгө;

12) салык милдеттенмесин аткарууга тиешеси жок маалыматтарды жана документтерди бербөөгө;

13) салык кызматынын органынын кызмат адамынын чечимине, аракетине же аракетсиздигине даттанууга;

14) салык кызматынын органынын мыйзамсыз чечиминен, анын кызмат адамынын укукка жат аракетинен же аракетсиздигинен улам келип чыккан чыгымдын жана зыяндын ордун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык толтуртуп алууга;

15) төмөнкүлөрдү камтыган КНС төлөөчүлөр жөнүндө маалыматка эркин жетүүгө:

а) КНС төлөөчүнүн толук аталышы, ИСН;

б) анык эмес деп таанылган эсеп-фактуранын реквизиттери.

2. Салык төлөөчү ошондой эле Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген башка укуктарга ээ.

50-берене. Салык төлөөчүнүн укуктарын камсыз кылуу жана коргоо

1. Кыргыз Республикасы салык төлөөчүнүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сотко чейин жана сотто коргоону кепилдейт.

2. Салык төлөөчүнүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоонун тартиби ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында аныкталат.

3. Салык төлөөчүнүн укуктары ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, салык кызматынын органдарынын, бажы органдарынын, ошондой эле алардын кызмат адамдарынын тийиштүү милдеттери менен камсыз кылынат.

4. Салык төлөөчүнүн укуктарын камсыз кылуу боюнча милдеттерди аткарбоо же талаптагыдай эмес аткаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке алып келет.

51-берене. Салык төлөөчүнүн милдеттери

1. Салык төлөөчү төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) белгиленген тартипте салык кызматынын органында катталууга;

2) салык милдеттенмесин аткарууга;

3) ушул Кодексте белгиленген талаптарга ылайык салыктык эсепке алууну жүргүзүүгө;

4) ушул Кодексте белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө салык отчетун берүүгө;

5) ушул Кодексте белгиленген учурларда жана тартипте түшүндүрмөлөрдү, маалыматтарды жана документтерди берүүгө, анын ичинде электрондук түрдө берүүгө;

6) салыктык укук бузуулардын кесепеттерин четтетүү же салыктык укук бузууларга алып келүүчү аракеттерди же аракетсиздикти токтотуу жөнүндө салык кызматынын органынын мыйзамдуу талабын аткарууга;

7) ушул Кодекстин негизинде салык кызматынын органынын кызмат адамынын кызматтык милдеттерин аткаруусуна тоскоолдук кылбоого;

8) жазма буйруктун негизинде көчмө салыктык текшерүү, рейддик салык контролу жана салык постун белгилөө формасында салык контролун, ошондой эле хронометраждык иликтөөлөрдү жүргүзгөн, ошондой эле салык төлөөчү мойнуна алган салык карыздарын накталай акча каражаттарынын эсебинен өндүрүп алууну жүргүзгөн учурда, бар болушу же пайдаланылышы салык милдеттенмелеринин келип чыгышына алып келүүчү аймакка же жайга салык кызматынын органдарынын кызмат адамын киргизүүгө;

9) салык милдеттенмесин эсептɵɵнү эсепке алууну жана аткарууну ырастаган документтердин сакталышынын төмөнкүдөй мөөнөтүн камсыз кылууга:

а) кагаз жана электрондук алып жүрүүчүдөгү документтер - патенттин негизинде салыкты алууну жана төлөөнү тастыктаган документтерди кошпогондо, 6 жылдан кем эмес;

б) патенттин негизинде салыкты алууну жана төлөөнү тастыктаган

документтер - 3 жылдын ичинде;

10) салык кызматынын органынын текшерүү жүргүзгөн кызмат адамына текшерүүнү же контролдоону каттоо үчүн инспектордук текшерүүлөр китебин көрсөтүүгө;

11) Кыргыз Республикасынын банктарында эсептердин ачылышы же жабылышы жөнүндө, анын ичинде Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайгашкан эсептер жөнүндө, мындай эсептерди ачуу же жабуу күнүнөн кийинки күндөн тартып 15 күндүн ичинде кабарлоого;

12) акциздик товарларга, ЕАЭБге мүчө-мамлекеттерден Кыргыз Республикасына ташып киргизилген товарларга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча орду которулган товарларга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарды аткарууга;

13) учурдагы салыктык эсепке алуу жери боюнча салык органына билдирүү тапшырууга:

а) товарларды өткөрүп берүүгө байланыштуу ЕАЭБ мүчө-мамлекеттин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына ташып кирүү жөнүндө:

- ЕАЭБ мүчө-мамлекеттин салык төлөөчүсүнөн анын Кыргыз Республикасындагы филиалына же өкүлчүлүгүнө;

- ЕАЭБ мүчө-мамлекеттеги филиалдан же өкүлчүлүктөн филиал же өкүлчүлүк болуп саналган Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсүнө;

б) өткөрүп берүүгө байланыштуу товарларды Кыргыз Республикасынын аймагынан ЕАЭБ башка мүчө мамлекеттин аймагына ташып чыгуу жөнүндө:

- Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсүнөн ЕАЭБ мүчө-мамлекеттеги ɵзүнүн филиалына же өкүлчүлүгүнө;

- Кыргыз Республикасындагы филиалдан же өкүлчүлүктөн филиалы же өкүлчүлүгү болуп саналган ЕАЭБ мүчө-мамлекеттин салык төлөөчүсүнө;

в) ташылып кирген товарлардын өзгөчөлүктөрүн жана мүнөздөмөлөрүн өзгөртпөстөн кийин Кыргыз Республикасынын аймагынан ташылып чыга турган товарларды ЕАЭБ мүчө-мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына убактылуу ташып кирүү жөнүндө;

г) ташылып чыккан товарлардын өзгөчөлүктөрүн жана мүнөздөмөлөрүн өзгөртпөстөн кийин Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып кире турган товарларды Кыргыз Республикасынын аймагынан ЕАЭБ мүчө-мамлекеттердин аймагына убактылуу ташып чыгуу жөнүндө;

д) берилүүчү чийки затты аны андан ары кайра иштетүү үчүн ЕАЭБ мүчө-мамлекеттин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына ташып кирүү жөнүндө;

е) берилүүчү чийки затты андан ары кайра иштетүү үчүн аны Кыргыз Республикасынын аймагынан ЕАЭБ мүчө-мамлекеттин аймагына ташып чыгуу жөнүндө.

Билдирүүнүн формасы, толтуруу жана берүү мөөнөттөрү жана тартиби ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилет;

14) товарларды маркалоону жүзөгө ашырууга, маркалана турган товарлар жөнүндө толук жана анык маалымат берүүгө жана товарларды маркалоо жагынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана/же ЕАЭБ мыйзамдарында каралган милдеттенмелерди аткарууга;

15) Министрлер Кабинети бекиткен тартипке ылайык колдонууга уруксат берилген фискалдык программалык камсыз кылууну колдонууга;

16) жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууларга буюртма берүү, такси кызматы жана курьердик кызмат көрсөтүү үчүн колдонулуучу субъекттерди маалымат тутумуна салыктык каттоосу бар болсо гана кошууну камсыз кылууга, ошондой эле Министрлер Кабинети аныктаган тартипте маалыматты ыйгарым укуктуу салык органына реалдуу убакыт режиминде берүүгө.

17) ЕАЭБге мүчө-мамлекеттерден Кыргыз Республикасына товарларды ташып кирүүдө салык органдарына ташып киргизилген товарларга документтерди жана коштомо документтерди Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте көрсөтүүгө;

18) Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган учурларда жана тартипте ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилүүчү товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн каталогдорун пайдаланууга;

19) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында жана ЕАЭБдин укуктарында аныкталган учурларда жана тартипте контролдук пломбаларды пайдаланууга;

20) ушул Кодекске ылайык эсеп-фактураны тариздөөгө милдеттүү болгон берүүчүдөн электрондук документ түрүндө эсеп-фактураны алуу менен товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга.

2. Салык төлөөчү Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген башка милдеттерди аткарат.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

52-берене. Салык төлөөчүнүн кызмат адамы

1. Салык төлөөчүнүн кызмат адамы болуп төмөнкүлөр саналат:

1) салык төлөөчүнүн башкармалыгынын аткаруу органынын жетекчиси;

2) уюмдун туруктуу мекемесинин жетекчиси;

3) эмгек келишиминин же жарандык-укуктук келишимдин же ишеним каттын негизинде ушул Кодексте белгиленген милдеттерди аткаруу боюнча ыйгарым укук берилген жеке жак;

4) ушул бөлүктүн 1-3-пункттарында көрсөтүлгөн адамдардын милдеттерин убактылуу аткаруучу жеке жак.

2. Салыктык максаттарда кызмат адамы деп төмөнкүлөр таанылат:

1) жеке ишкер үчүн - жеке ишкер катары катталган же катталууга тийиш болгон жеке жак;

2) жеке жак үчүн - бул жеке жак.

53-берене. Салык агенти, укуктар, милдеттер жана жоопкерчилик

1. Эгерде ушул беренеде башкасы каралбаса, салык агенти болуп Кодекстин талаптарына ылайык салык төлөөчүнүн салык милдеттенмелеринин суммасын бюджетке эсептөөгө, кармап калууга жана которууга милдеттүү уюм же жеке ишкер саналат.

Кыргыз Республикасынын атайын статусу бар мыйзам чыгаруу, сот, мамлекеттик аткаруу бийлик органдары, Кыргыз Республикасынын Конституциясында аталган башка мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу органы жана Депозиттерди коргоо боюнча агенттик, иши Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу мекеменин пайда болушуна алып келбеген, берүү жери болуп Кыргыз Республикасынын аймагы таанылган чет өлкөлүк уюм тарабынан алардын дарегине аткарылган, жумуштар же кызмат көрсөтүүлөр боюнча КНС боюнча салык агенттери болуп саналбайт.

2. Салык агенти өз милдеттерин ушул Кодексте каралган жеңилдиктерди жана бошотууларды эске алуу менен, төмөнкүлөргө карата аткарат:

1) эмгек келишими боюнча кызматкерге төлөнгөн суммалар боюнча киреше булагы катары киреше салыгына, ошондой эле жеке жакка төлөнгөн жана ушул Кодекске ылайык салык салынууга тийиш болгон башка кирешеге;

2) киреше булагы катары туруктуу мекеме түзбөстөн, ишин Кыргыз Республикасында жүзөгө ашыруучу чет өлкөлүк уюмдун кирешесине салыкка;

3) ушул Кодекстин 111-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасында катталган, 28-беренесинин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн чет өлкөлүк уюмду же жеке ишкер кошпогондо, алардын берүү жери Кыргыз Республикасынын аймагы деп таанылган, иши Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу мекеменин пайда болушуна алып келбеген чет өлкөлүк уюм же жеке ишкер тарабынан анын дарегине карата аткарылган же көрсөтүлгөн кызматтар боюнча КНСке;

Ушул пункт ушул Кодекс күчүнө кирген датага чейин түзүлгөн, ушул Кодекстин 3-беренесинде көрсөтүлгөн эл аралык келишимдерди же макулдашууларды ишке ашыруунун алкагында жумуштарды аткарууга жана/же кызмат көрсөтүүлөргө жайылтылбайт;

4) натыйжасы акциздик товар болуп саналган иштетип алма чийки затты кайра иштетүүнү жүзөгө ашырган субъект катары акциз салыгына.

3. Салык агенти салык агентинин өзү же салык агентинин тапшырмасы боюнча башка адам же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка адам тарабынан кирешенин суммасын тɵлɵɵ, товар, жумуштар жана кызмат кɵрсɵтүүлɵр үчүн акылар төлөнгөнүнө карабастан, салык төлөөчүнүн салык милдеттенмелеринин суммасын эсептеп, кармап калууга жана бюджетке которууга милдеттүү.

4. Эгерде ушул Кодексте башкача белгиленбесе, салык төлөөчү үчүн ушул Кодекс менен белгиленген укуктар жана милдеттер салык агентине жайылтылат.

5. Эгерде салык агенти ушул Кодекс менен каралган салык милдеттенмесин кармап калбаса же толук эмес кармап калса, анда бул аткарылбаган салык милдеттенмеси салык агенти тарабынан аткарылат.

6. Банк ушул берененин 2-бөлүгүнүн 3-пунктунда каралган милдеттерге карата салык агенти болуп саналбайт.

7. Салык агентинин отчету салык милдеттенмеси пайда болгон салык мезгили үчүн берилет. Салык агентинин отчетун берүү жана салык милдеттенмесин төлөө ушул Кодекстин талаптарына ылайык ар бир салыкка карата өзүнчө колдонулган тартипте жана мөөнөттөрдө жүзөгө ашырылат.

8. Кыргыз Республикасынын аймагы берүү жери деп таанылган жумуштарды жана/же кызмат көрсөтүүлөрдү чет өлкөлүк уюмдан же чет өлкөлүк жеке ишкерден сатып алууда Жогорку технологиялар паркынын резиденти ушул берененин 2-бөлүгүнүн 3-пунктунда каралган КНСке карата салык агентинин милдеттерин аткаруудан бошотулат.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

54-берене. Салык өкүлү, анын ыйгарым укуктары, укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги

1. Салык төлөөчү салыктык укук мамилелерине жеке өзү, ошондой эле салык өкүлү аркылуу катышууга укуктуу.

2. Салык өкүлү салыктык укук мамилелеринде салык төлөөчүнүн атынан иш алып барууга укуктуу.

3. Салыктык укук мамилелерине салык төлөөчүнүн өзүнүн катышуусу аны салык өкүлү болуу укугунан ажыратпайт, ошону менен бирге эле салык өкүлүнүн катышуусу салык төлөөчүнү салыктык укук мамилелерине жеке өзү катышуу укугунан ажыратпайт.

4. Салык өкүлүнүн ыйгарым укуктары, укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги төмөнкүлөр тарабынан аныкталат:

1) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары;

2) салык төлөөчүнүн жана салык өкүлүнүн ортосунда түзүлүүчү жарандык-укуктук келишим;

3) салык өкүлүнө салык төлөөчү тарабынан берилүүчү ишеним кат.

5. Салыктык укук мамилелерине ушул салык төлөөчүнүн катышуусуна байланышкан салык төлөөчүнүн салык өкүлүнүн аракети же аракетсиздиги салык төлөөчүнүн аракети же аракетсиздиги деп таанылат.

6. Мамлекеттик орган же мамлекеттик органдын кызмат адамы салык төлөөчүнүн салык өкүлү боло албайт.

4-глава. Салык кызматы. Салыктык укук мамилелери чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктарды так аныктоо

55-берене. Салык кызматынын органдары

1. Салык кызматынын органдары юридикалык жактын статусуна, өз алдынча чыгымдар сметасына, казыналык тутумундагы эсептерге, мамлекеттик жана расмий тилдердеги өз аталышы бар Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби тартылган мөөргө, фирмалык бланкка, бурч штампына ээ жана алар төмөнкүлɵрдөн турат:

1) ыйгарым укуктуу салык органынан;

2) салык органдарынан.

2. Салык кызматынын органдары Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары менен белгиленген компетенциянын чектеринде салыктык администрациялоону жүзөгө ашырышат, Кыргыз Республикасынын салык саясатын ишке ашырууга катышат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза-процессуалдык мыйзамдарына жана башкаруу жана салык мыйзамдарын администрациялоо жана укуктук колдонуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын ыкчам-издөө иши жөнүндө мыйзамдарына ылайык алгачкы тергөө органынын иш-милдеттери менен сотко чейинки өндүрүштү жүзɵгɵ ашырат.

Сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашыруучу салык кызматынын органдары укук коргоо органынын статусуна ээ.

3. Салык кызматынын органдары жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына баш ийбейт.

4. Салык кызматынын органдары, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууда алардын ишине мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кийлигишүүсүнө тыюу салынат.

5. Салык кызматынын органдары жана алардын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары менен аныкталган ыйгарым укуктардын алкагынан чыга албайт.

 

56-берене. Салык кызматынын органынын кызмат адамы. Кызмат өтөө жана атайын наамдарды ыйгаруу тартиби

1. Салык кызматынын органынын кызмат адамы болуп ушул Кодексте белгиленген ыйгарым укуктарга ээ салык кызматынын органынын жетекчиси, кызматкери, ошондой эле салык кызматынын органдарынын административдик иш-милдеттерин аткарган кызматкери саналат.

2. Соттолгон, соттолгону мыйзамдарда белгиленген тартипте алынбаган же жабылбаган адам салык кызматынын органынын кызмат адамы боло албайт.

Мамлекеттик жарандык кызматчылардын салык кызматынын органдарында кызмат өтөөсү, ушул Кодекске карама-каршы келбеген бөлүгүндө, мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.

21. Ыйгарым укуктуу салык органынын жетекчиси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу өзгөчө тартипте салык кызматынын органдарынын кызмат адамдарын кызмат ордуна дайындоо же ээлеген кызмат ордунан бошотуу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.

3. Салык кызматынын кызмат адамына кызмат өтөө учурунда кызмат топторунун жана категорияларынын чегинде ээлеген кызматына ылайык, ыйгаруу ырааттуулугун сактоо менен, ошондой эле мурдагы атайын наамдагы жана ээлеген мамлекеттик кызматтагы мамлекеттик кызматта иштеген жылдарын эске алуу менен атайын наамдар ыйгарылат.

4. Биринчи атайын наам болуп "салык кызматынын кенже инспектору" деген наам саналат, ал салык кызматынын органдарынын тутумунда бир жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар кызмат адамдарына ыйгарылат.

Салык кызматынын 3-рангдагы кеңешчисин жана андан жогору атайын наам берүү каралган улук же башкы административдик кызматтарга дайындоодо салык кызматынын 3-рангдагы кеңешчисинен жогору эмес биринчи атайын наамы берилиши мүмкүн.

Атайын наамдар салык органдарынын кызмат адамдарына төмөнкүдөй тартипте ыйгарылат:

1) кенже кызмат орундарына - жогорулашына карай салык кызматынын 3 жана 2-рангдагы инспектору атайын наамдары;

2) улук кызмат орундарына - жогорулашына карай салык кызматынын 1-рангдагы инспектору атайын наамдары жана салык кызматынын 3-рангдагы кеңешчиси деген наамдары;

3) башкы кызмат орундарына - жогорулашына карай салык кызматынын 2 жана 1-рангдагы кеңешчиси атайын наамдары.

Ыйгарым укуктуу салык органынын кызмат адамдарына атайын наамдар төмөнкүдөй тартипте ыйгарылат:

1) кенже кызмат орундарына - жогорулашына карай салык кызматынын 2 жана 1-рангдагы инспектору атайын наамдары;

2) улук кызмат орундарына - салык кызматынын 3-рангдагы кеңешчиси атайын наамдары;

3) башкы кызмат орундарына - жогорулашына карай салык кызматынын 2 жана 1-рангдагы кеңешчиси наамдары;

4) жогорку кызмат орундарына - жогорулашына карай салык кызматынын 3 жана 2-рангдагы мамлекеттик кеңешчиси атайын наамдары;

5) ыйгарым укуктуу салык органынын жетекчисине - салык кызматынын 1-рангдагы мамлекеттик кеңешчиси атайын наамы.

5. Салык кызматынын 1, 2 жана 3-рангдагы мамлекеттик кеңешчиси атайын наамдарын ыйгаруу, ажыратуу, төмөндөтүү Министрлер Кабинетинин Төрагасынын сунушу боюнча - Кыргыз Республикасынын Президенти (мындан ары - Президент), калган атайын наамдар боюнча кызмат адамынын түздөн-түз жетекчисинин сунушу боюнча ыйгарым укуктуу салык органынын жетекчиси тарабынан жүзөгө ашырылат.

6. Кезектеги атайын наамды берүү үчүн ар бир атайын наамда иштөө мөөнөтү тиешелүү буйрукка кол коюлган учурдан тартып төмөнкүлөрдү түзүүгө тийиш:

1) салык кызматынын кенже инспектору - 1 жыл;

2) салык кызматынын 3, 2 жана 1-рангдагы инспектору - тиешелүү түрдө 2, 3 жана 4 жыл;

3) салык кызматынын 3 жана 2-рангдагы кеңешчиси - тиешелүү түрдө 5 жана 6 жыл.

Салык кызматынын 2 жана 1-рангдагы атайын наамдары ырааттуулукту сактабастан жана мурдагы атайын наамдагы мамлекеттик кызматтын узактыгын эске албастан берилиши мүмкүн.

Салык кызматынын 1-рангдагы кеңешчиси, салык кызматынын 1, 2 жана 3-рангдагы мамлекеттик кеңешчиси атайын наамдарында иштөө мөөнөтү белгиленбейт.

7. Белгилүү мөөнөткө кабыл алынган, ошондой эле тартип жазасы бар же кызматтык териштирүү же кылмыш иши козголгон салык органдарынын кызмат адамдарына атайын наамдар берилбейт.

Салык кызматынын органынын кызмат адамы төмөнкүдөй учурларда атайын наамынан ажыратылышы мүмкүн:

1) соттун ага карата мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү;

2) мамлекеттик кызматчы наамына шек келтиргендигине байланыштуу кызматтан бошотуу;

3) Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготуу.

Салык кызматынын органынын кызмат адамы кызматтык милдеттерди одоно бузгандыгы, кадыр-баркына шек келтирген жосун жасагандыгы, мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдарга ылайык ага жүктөлгөн милдеттерди аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн атайын наамдан, бирок андан атайын бирден ашпаган наамга төмөндөтүлүшү мүмкүн, ошондой эле атайын наамдан ажыратылышы мүмкүн.

8. Салык кызматынын органынын жетекчиси атайын наамдагы кызмат өтөө мөөнөтү аяктагандан кийин кызмат адамдарына кезектеги атайын наамды ɵз учурунда берүү үчүн чараларды көрүүгө милдеттүү, анын бузулушу жеке тартип жоопкерчилигине алып келет.

9. Салык кызматынын органынын кызмат адамына өзгөчө учурларда өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууда өзгөчө жетишкендиктери үчүн өзүнүн кесиптик сапаттарын, мамлекеттик органдардагы иш стажын эске алуу менен дем берүү катары кезектеги атайын наам бир жолу берилиши мүмкүн:

1) мурунку наамдагы бир жылдык кызмат мөөнөтү аяктаганга чейин, бирок ээлеген кызматына ылайык келген атайын наамдан жогору эмес;

2) атайын наамдагы кызмат мөөнөтү аяктагандан кийин өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн ээлеген кызматына ылайык келген атайын наамдан бир тепкич жогору.

10. Салык кызматынын органынын илимий даражасы же илимий наамы бар кызмат адамына кезектеги атайын наам ээлеген кызматына ылайык келген атайын наамдан бир тепкич жогору берилет.

11. Аскердик же атайын наамдары, атайын класстык чендери, дипломатиялык рангдары, класстык чендери бар адамдарга салык кызматынын органдарына өткөн учурда ушул аскердик же атайын наамга, атайын класстык ченге, дипломатиялык рангга, класстык ченге шайкеш келүүчү атайын наам ыйгарылат. Ыйгарылган атайын наам салык кызматынын органынын кызмат адамы башка мамлекеттик органга же башка мамлекеттик кызматка которулганда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген катыш боюнча ушул Кодекске ылайык сакталып калат.

12. Атайын наамдын ыйгарылышы, төмөндөтүлүшү жана ажыратылышы жөнүндө маалыматтар салык кызматынын органынын кызмат адамынын өздүк ишине киргизилет жана кызматтык ырастамада көрсөтүлөт.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

57-берене. Салык кызматынын органдарын финансылык жана материалдык-техникалык камсыз кылуу

1. Салык кызматынын органдарынын чыгымдарын каржылоо, анын ичинде эмгек акы төлөө, материалдык-техникалык камсыз кылуу, кызматкерлерге материалдык жактан дем берүү, өткөн бюджеттик жыл үчүн салык кызматынын органдары тарабынан чогултулган салыктык каражаттардын, салыктык эмес кирешелердин суммасынын

3 пайыз өлчөмүндөгү каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт, аларды бөлүштүрүү жана колдонуу тартиби ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан жыл сайын бекитилет, ошондой эле каржылоо максаттуу бюджеттен тышкаркы каражаттардын эсебинен ишке ашырылат.

2. Атайын наамдар ыйгарылган салык кызматынын органдарынын кызмат адамдары Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте акысыз формалуу кийим менен камсыз болушат.

58-берене. Салык кызматынын органдарынын милдеттери

Салык кызматынын органдарына төмөнкүдөй милдеттер жүктөлөт:

1) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын сакталышын контролдоо;

2) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык салык милдеттенмесин аткаруу боюнча салык төлөөчүгө же анын салык боюнча өкүлүнө көмөк көрсөтүү.

59-берене. Салык кызматынын органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын укуктары

1. Салык кызматынын органдары жана алардын кызмат адамдары төмөнкүлөргө укуктуу:

1) ушул Кодексте белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууга жана салык отчеттуулугунун жана документтердин формаларын жана аларды толтуруу тартибин бекитүүгө;

2) ушул Кодексте белгиленген тартипте салык контролун жүзөгө ашырууга;

3) салык контролун жүзөгө ашырууда салык төлөөчүдөн бюджетке салыктарды эсептөө, кармоо жана төлөө боюнча документтерди берүүнү талап кылууга;

4) салык контролун жүзөгө ашырууда салык төлөөчүдөн салыктарды эсептөө, кармоо жана төлөө документтерин, ошондой эле салыктарды эсептөөнүн тууралыгын, өз учурунда кармоону жана төлөөнү тастыктоочу документтерди толтуруу боюнча түшүндүрмөлөрдү талап кылууга;

5) салык контролун жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө ушул Кодексте аныкталган тартипте салык төлөөчүдөн документтердин көчүрмөлөрүн алууга;

6) салык контролун толук жүргүзүү үчүн мааниге ээ болгон ар кандай аймактарды, жайларды, документтерди жана буюмдарды ушул Кодекске ылайык текшерүүнү жүргүзүүгө;

7) текшерилүүчү салык төлөөчүгө салык салууга байланыштуу маселелер боюнча ушул Кодексте белгиленген тартипте банктардан салык төлөөчүнүн банктык эсептеринин болушу жана номерлери жөнүндө, коммерциялык, банктык жана башка корголуучу жашыруун сырды түзүүчү маалыматтарды жарыялоого карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарын сактоо менен бул эсептердеги акчалардын калдыктары жана кыймылы жөнүндө маалыматтарды алууга;

8) электрондук түрдө кызмат көрсөткөн салык төлөөчүнү салыктык текшерүүнү жүргүзүүдө салык кызматынын органы мындай бүтүмдүн катышуучуларынан электрондук бүтүм жагынан маалыматты талап кылууга укуктуу;

9) ушул Кодексте каралган учурларда жана тартипте баалоонун кыйыр усулдарынын негизинде салык төлөөчүнүн салык милдеттемесин аныктоого;

10) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча салык төлөөчүнү жоюу, анын ичинде мажбурлоо менен жоюу жөнүндө сотко доо арызын берүүгө;

11) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын аныкталган бузууларды четтетүүнү талап кылууга жана көрсөтүлгөн талаптардын аткарылышын контролдоого;

12) ушул Кодекске ылайык салык салуу объекттерине жана салык милдеттенмелерин эсептөөгө байланыштуу башка мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан маалымат талап кылууга жана алууга;

13) салыктарды чогултуу боюнча контролду жүзөгө ашырууга;

14) ушул Кодекске ылайык берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин контролдоого;

15) фискалдык программалык камсыз кылууну анын функционалдык багытына ылайык келүүсү жагынан текшерүүнү жүзөгө ашырууга;

16) Министрлер Кабинети аныктаган учурларда жана тартипте товардык-материалдык баалуулуктардын калдыктарын алып салууга;

17) салык контролун жүргүзүүдө салыктык каттоосуз жана/же патенттин же өзгөчө режимдеги соода зоналарындагы ишке салыктын негизинде салыкты төлөбөстөн ишти жүзөгө ашырган учурда, салык төлөөчүнүн ишкердик иши менен байланышкан мүлк объекттерин мөөр басып бекитүүгө;

18) салык кызматынын маалымат тутумунда салыктарды төлөбөөнүн тобокелдик факторлору жок болгон жана салык төлөөчү нөлдүк көрсөткүчтөр менен салык отчеттуулугун берген учурда уюмдун жоюлушуна же жеке ишкердин ишинин токтотулушуна байланыштуу салыктык каттоону жокко чыгарууда ушул Кодекске ылайык салык төлөөчүнү текшерүүнү жүргүзүүгө;

19) ушул Кодекстин 107-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жеке жактын жана анын жакын туугандарынын кирешелери, чыгымдары, мүлкү жана милдеттенмелери жөнүндө маалымат берүү тууралуу суроо-талапты мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдарга, чет мамлекетке, жарандарга жөнөтүүгө.

20) Кыргыз Республикасынын лотереялар жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте шыктандыруучу лотереяларды өткөрүү боюнча иш-чараларды уюштуруу;

21) шыктандыруучу лотереянын байге фондун түзүү үчүн товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу жана аларды лотереянын жеңүүчүлөрүнө кайтарымсыз негизде өткөрүп берүү.

2. Ушул Кодексте белгиленген ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн салык кызматынын органдары жана алардын кызмат адамдары ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка укуктарга да ээ.

Укук коргоо иши бөлүгүндө салык кызматынын органдары жана алардын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза-процессуалдык кодексинде жана Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө мыйзамдарында каралган укуктарга ээ.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

60-берене. Салык кызматынын органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын милдеттери

1. Салык кызматынын органдары жана анын кызмат адамдары төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) салык төлөөчүнүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоого;

2) жеке жактардын активдерин ыктыярдуу декларациялоо жана мунапыс берүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилген декларацияны изилдөө процессинде алынган маалыматты декларация субъектине каршы колдонбоого жана ачыкка чыгарбоого;

3) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын сактоого жана салык төлөөчүлөрдөн аны аткарууну талап кылууга;

4) салык төлөөчүгө ыйгарым укуктуу салык органынын расмий сайты аркылуу белгиленген салык отчеттуулугунун формаларын, аларды толтуруу тартибин, салык кызматынын органына аларды берүүнүн ыкмасын жана мөөнөттөрүн жеткирүүгө;

5) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган учурларда салык төлөөчүнүн жазуу жүзүндөгү суроо-талабына жооп берүүгө;

6) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын аткарылышына салыктык контролду жүзөгө ашырууга;

7) салык төлөөчүлөрдүн, салык салуу объекттеринин, эсептелген жана төлөнгөн салыктардын эсебин жүргүзүүгө;

8) эгерде ушул Кодексте башкасы каралбаса, салык кызматынын органдары тарабынан берилген учурда бюджеттик каражаттардын эсебинен салык отчеттуулугунун белгиленген формаларынын бланктарын берүүгө;

9) белгиленген салык отчеттуулугунун формаларын толтуруу тартибин түшүндүрүп берүүгө;

10) салыктык текшерүүнү жазма буйрук боюнча гана жүргүзүүгө;

11) салыктык текшерүүлөрдү жана салыктык контролдун башка формаларын инспектордук текшерүүлөр китебине каттоого;

12) пландан тышкары көчмө, утурлама текшерүү же кайра текшерүү жүргүзүүдө салык төлөөчүнү контролду дайындоо үчүн негиз болгон салыкты туура эмес эсептөө фактылары жөнүндө күбөлөндүрүүчү тастыктоочу документтер менен тааныштырууга;

13) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен корголуучу кызматтык, коммерциялык, салыктык, банктык жана башка жашыруун сырды сактоого;

14) ушул Кодексте каралган мөөнөттөрдө жана учурларда салыктык милдеттерди аткаруу жөнүндө чечимди салык төлөөчүгө тапшырууга;

15) салык төлөөчүнүн суроо-талабы боюнча аны алган күндөн кийинки күндөн тартып 2 жумушчу күндөн кечиктирбестен төмөнкүлөрдү берүүгө:

а) салык төлөөчүнүн жеке эсебинин абалы жөнүндө документти;

б) ушул Кодексте белгиленген учурларда салык төлөөчүгө жана/же анын салык милдеттенмесине карата кабыл алынган салык кызматынын органынын чечимин жана башка документтерин;

в) пландан тышкары көчмө, утурлама текшерүү же кайра текшерүүнү дайындоо үчүн негиз болгон салыктарды туура эмес эсептөө фактылары тууралуу күбөлөндүргөн ырастоочу документтердин көчүрмөлөрүн;

г) салык кызматынын тиешелүү органынын жетекчисинин же ал тарабынан ыйгарым укук берилген адамдын кол тамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу берилген салык кызматынын органдарынын документтеринин көчүрмөлөрүн;

16) салык милдеттенмелерин аткаруу фактысын тастыктоочу документтердин 6 жыл бою сакталышын камсыз кылууга;

17) салык милдеттенмелерин аткарууну камсыз кылуунун ыкмаларын ушул Кодексте белгиленген тартипте колдонууга;

18) салык төлөөчүгө ушул Кодексте белгиленген талаптарга ылайык салык санкцияларын салууга, ошондой эле укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарга ылайык санкцияларды колдонууга;

19) ушул Кодексте белгиленген тартипте салык төлөөчүлөрдүн даттанууларын кароого;

20) ушул Кодекстин 107-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жеке жактарды жана алар берген декларацияларды эсепке алууну жүргүзүүгө;

21) ушул Кодекстин 107-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жеке жактардын кирешелери, чыгашалары, мүлкү жана милдеттенмелери тууралуу маалыматтын ишенимдүү жана толук чагылдырылышы жагынан декларацияда көрсөтүлгөн маалыматтарды изилдөөгө жана талдоого;

22) ушул Кодекстин 107-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жеке жактар декларацияларды беришинин жыйынтыктары тууралуу Президентке, Жогорку Кеңешке жана Министрлер Кабинетине маалыматты жыл сайын, 1-октябрга чейин берүүгө;

23) иши улуттук коопсуздукту камсыз кылуу менен байланышкан административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдарды кошпогондо, саясий, атайын, жогорку административдик мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий, жогорку административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын жана алардын жакын туугандарынын кирешелери, чыгымдары жана мүлкү жөнүндө маалыматтарды ыйгарым укуктуу салык органынын расмий сайтына жайгаштырууга;

24) ыйгарым укуктуу салык органынын расмий сайтында КНС төлөөчүлөр тууралуу маалыматты жайгаштыруу аркылуу бул маалыматка эркин жетүүнү камсыз кылууга, ал төмөнкүлөрдү камтыйт:

а) КНС төлөөчүнүн толук аталышын, ИСН;

б) жараксыз деп таанылган эсеп-фактуранын реквизиттерин;

25) салык төлөөчүлөр менен өз ара аракеттенүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүнүн жана жакшыртуунун эсебинен, анын ичинде аралык форматына өтүү жолу менен салык төлөөчүлөр үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгɵ;

26) салык төлөөчүгө Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары чыгууга чектөө тууралуу сот актысынын көчүрмөсүн, ошол эле учурда ушул актыны мамлекеттик чек араны коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтүүгө.

2. Салык кызматынын органдары ыйгарым укуктуу салыктык органдын ачык маалыматтык веб-сайтына салык кызматынын органдарынын иштери тууралуу отчетту отчеттук календардык жылдан кийинки жылдын биринчи августуна чейин жарыялоого милдеттүү. Бул отчет отчеттук календардык жыл үчүн төмөнкүдөй маалыматтарды камтууга тийиш:

1) салык кызматынын органдары чогулткан салыктардын аталышын жана суммаларын;

2) салык карыздарынын суммаларын;

3) салыктарды чогултуу процессинде салык органдары тарткан чыгымдарды;

4) салык карызын төлөө боюнча берилген салык жеңилдиктери, кийинкиге жылдыруу жана бөлүп төлөөлөр боюнча статистикалык маалыматтарды;

5) салык кызматынын органдарынын ишиндеги жетишкендиктерди жана кемчиликтерди сыпаттоону;

6) салык карызынын өлчөмүн көрсөтүү менен 5000 эсептик көрсөткүчтөн ашкан өлчөмдөгү салык карызы бар деп таанылган жеке жактардын фамилияларынын жана ысымдарынын, уюмдардын аталыштарынын тизмесин.

3. Салык кызматынын органдары ак ниетсиздиктин белгилери бар Салык төлөөчүлөрдүн тизмегин түзүүгө жана актуалдуу абалда сактоого милдеттүү.

Салык төлөөчүлөрдү көрсөтүлгөн Тизмекке киргизүү жана мындай салык төлөөчүлөрдү салыктык администрациялоо тартиби Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

4. Эгерде көчмө текшерүү жүргүзүүнүн жыйынтыктары боюнча түзүлгөн, салык төлөөчү тарабынан таанылган салык карызынын өлчөмү кылмыш-жаза жоопкерчилиги баштала турган чектен ашып кетсе, салык кызматынын органдары Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза-процессуалдык мыйзамдарында аныкталган тартипте сотко чейинки өндүрүштү баштайт.

5. Салык кызматынын органдары жана алардын кызмат адамдары ошондой эле Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган башка милдеттерди да аткарат.

Укук коргоо иши бөлүгүндө салык кызматынын органдары жана алардын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза-процессуалдык кодексинде жана Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө мыйзамдарында каралган милдеттерди аткарат.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

601-берене. Салык кызматынын органдары тарабынан колдонулуучу тобокелдиктерди башкаруу тутуму

1. Тобокелдиктерди башкаруу тутуму тобокелдиктердин даражасына (деңгээлине) баа берүүгө негизделген жана тобокелдикти аныктоо жана алдын алуу максатында салык органдары тарабынан иштелип чыгуучу жана/же колдонулуучу ча-раларды камтыйт.

2. Салык төлөөчү тарабынан салык милдеттенмесинин аткарылбай калуусу жана/же толук эмес аткаруу ыктымалдуулугу тобокелдик болуп саналат.

3. Тобокелдиктердин даражасына (деңгээлине) баа берүүгө салык төлөөчүлөр тарабынан берилген салык отчетторундагы маалыматтарды, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардан, уюмдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан алынган маалыматтарды, ошондой эле салык төлөөчүнүн иши жөнүндө башка документтерди жана/же маалыматтарды талдоонун негизинде жүзөгө ашырылат.

4. Тобокелдиктерди башкаруу тутуму ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык тутумун колдонуу менен жүзөгө ашырылат.

5. Тобокелдиктин даражасына (деңгээлине) баа берүү жүргүзүлүүчү белгилердин жыйындысы тобокелдиктин критерийлери болуп саналат.

Тобокелдиктин критерийлери жана тобокелдиктерди башкаруу тутумун колдонуунун тартиби ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталат.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

61-берене. Салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө салык жана бажы органдарынын ыйгарым укуктарын так аныктоо

1. ЕАЭБ мүчө-мамлекеттердин өз ара соодасында товарларды экспорттоодо жана импорттоодо, жумуштарды аткарууда, кызмат көрсөтүүдө КНС жана акциз салыгын администрациялоо салык кызматынын органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.

2. Бажы органдары салыктарды, анын ичинде ушул Кодекстин 324-беренесинде белгиленген режимди колдонуучу субъект тарабынан төлөнүүчү Бирдиктүү салыкты администрациялоону жүзөгө ашырат:

1) ЕАЭБ бажы чек арасы аркылуу товарларды ташууда;

2) эркин бажы зонасынын же эркин кампанын бажы жол-жоболоруна ЕАЭБ мүчө-мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына ташылуучу товарларды жайгаштырууда, ошондой эле эркин бажы зонасынын же эркин кампанын бажы жол-жоболорун бүткөрүүдө.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

62-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын салыктык укук мамилелер чөйрөсүндөгү укуктары жана милдеттери

1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары аларга тийиштүү мамлекеттик ыйгарым укуктар берилген учурда төмөнкүлөргө укуктуу:

1) ушул Кодекстин XIII бөлүмүндө жана 56-главасында каралган салыктарды чогултууну жүзөгө ашырууга;

2) эгерде ушул пунктта башкасы каралбаса, ушул Кодекстин 109-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-5-пункттарына ылайык салык контролун жүргүзүүгө;

3) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында табылган бузууларды четтетүүнү талап кылууга жана көрсөтүлгөн талаптардын аткарылышын контролдоого;

4) салык салынуучу объекттерге жана ушул Кодекстин XIII бөлүмүндө каралган салыктар боюнча салыктык милдеттенмелерди эсептөөгө байланышкан маалыматтарды салык кызматынын органдарынан жана башка мамлекеттик органдардан алууга;

5) ушул Кодексте аныкталган тартипте салык контролун жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө салык төлөөчүдөн документтердин көчүрмөлөрүн алууга;

6) мыйзамдарга ылайык материалдарды укук коргоо органдарына өткөрүүгө, ошондой эле сотко доолорду берүүгө.

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул Кодекстин 127-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1, 3, 6-пункттарында каралган Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарын сактоого рейддик салык контролун жүргүзөт.

3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары салыктык контролду жүзөгө ашырууда тиешелүү мамлекеттик ыйгарым укуктар берилген учурда салык төлөөчүдөн ушул Кодекстин XIII бөлүмүндө жана 56-главасында каралган салыктарды төлөө боюнча документтерди көрсөтүүнү талап кылууга укуктуу.

4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары тиешелүү мамлекеттик ыйгарым укуктар аларга берилген учурда төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) салык төлөөчүнүн укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын сактоого;

2) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын сактоого жана салык төлөөчүлөрдөн анын аткарылышын талап кылууга;

3) салык төлөөчүлөр салыктык милдеттенмелерин аткаруусунда аларга көмөк көрсөтүүгө;

4) ушул Кодекстин 85 жана 86-беренелерине ылайык салык милдеттенмесинин аткарылышын камсыз кылуу ыкмаларын колдонууга;

5) ушул Кодекстин XIII бөлүмүндө жана 56-главасында каралган салыктар боюнча салык милдеттенмесин аткарууга салык контролун жүзөгө ашырууга;

6) рейддик салык контролун жүргүзүүдө ушул Кодекстин 127-беренесинин 3-6-бөлүктөрүн, 132-134-беренелерин жетекчиликке алууга;

7) салык контролунун формаларын инспектордук текшерүүлөр китебине каттоого;

8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен корголуучу кызматтык, коммерциялык, салыктык, банктык жана башка сырларды сактоого;

9) салыктык милдеттенмелердин аткарылгандыгынын фактысын ырастоочу документтердин 6 жыл бою сакталышын камсыз кылууга;

10) ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө эсептелген жана келип түшкөн салыктардын суммалары жөнүндө отчетторду салык органына берүүгө;

11) салык төлөөчүлөрдү эсепке алууда салык кызматынын органдарына көмөк көрсөтүүгө.

5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул берененин 1-бөлүгү менен белгиленген берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

63-берене. Кызыкчылыктардын кагылышуусу

1. Салык кызматынын органынын кызмат адамына салык төлөөчүгө карата кызматтык милдеттерин жүзөгө ашырууга төмөнкүдөй учурда тыюу салынат:

1) эгерде салык төлөөчү ошол кызмат адамына жакын тууган болуп саналса; же

2) эгерде бул кызмат адамынын же ушул кызмат адамынын жакын тууганынын салык төлөөчүнүн экономикалык иш-аракетине же анын салык милдеттенмелеринин аткарылышына байланыштуу түздөн-түз же кыйыр финансылык кызыкчылыгы болсо.

2. Салык кызматынын органынын кызмат адамы өз ишинде кызыкчылыктардын кагылышуусунун келип чыгышына жол бербөө үчүн чараларды көрүүгө милдеттүү.

 

64-берене. Салыктык сыр

1. Эгерде ушул Кодексте башкасы каралбаса, салык кызматынын органы, Маркалоо оператору же алардын кызмат адамдары салык төлөөчү жөнүндө алган ар кандай маалыматтар салыктык сырды түзөт, буга төмөнкүдөй маалыматтар кирбейт:

1) салык төлөөчүнүн реквизиттери (аталышы же салык төлөөчүнүн аты-жөнү) жөнүндө, салык органында салыктык каттоонун фактысы жана статусу жөнүндө, ошондой эле ИСН жөнүндө;

2) эсеп-фактуралар, акциз жыйымынын маркалары жана идентификациялоо каражаттары жөнүндө;

3) салык төлөөчү мойнуна алган салык карызынын суммасы жөнүндө;

31) салык карызынын бар же жок болуусу жөнүндө;

4) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын салык төлөөчүнүн бузуусу жана мындай бузуулар үчүн соттун күчүнө кирген чечими менен белгиленген, же болбосо салык төлөөчү тааныган жоопкерчилик чаралары жөнүндө;

5) юридикалык жактар тарабынан иш жүзүндө мамлекеттик бюджеттин пайдасына жүргүзүлгөн салыктык төлөмдөр жөнүндө.

6) ушул Кодекстин 60-беренесинин 1-бөлүгүнүн 23-пунктуна ылайык жарыялангандар;

7) транспорт каражатына эсептелген жана/же төлөнгөн мүлк салыгынын суммасы жөнүндө;

8) салык төлөөчүгө берилген патенттер жөнүндө;

9) салык төлөөчүнүн чыгуусун чектөө жөнүндө.

2. Салыктык сыр салык кызматынын органдары, алардын кызмат адамдары тарабынан ачыкка чыгарылууга тийиш эмес, буга маалыматтар төмөнкүлөргө берилген учурлар кирбейт:

1) өздөрүнүн ушул Кодексте же Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган милдеттерин аткаруунун жүрүшүндө же аткаруу максатында салык кызматынын органдарынын, бажы органдарынын, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын башка кызмат адамдарына;

2) салыктык укук бузуулардын фактысы боюнча кылмыш иши козголгон салык төлөөчүгө карата гана укук коргоо органдарына;

3) салыктык укук бузуулар үчүн салык төлөөчүнүн салыктык карыздарын же анын жоопкерчилигин белгилөө боюнча соттук териштирүүнүн жүрүшүндө сотко;

4) банкроттук процесси козголгон же банкроттук процессин демилгелөө жөнүндө чечим чыгарылган субъекттер боюнча банкроттук жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган ыйгарым укуктарды ишке ашыруу максатында банкроттук жөнүндө иштер боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, администраторго (убактылуу администраторго, атайын администраторго, консерваторго, тышкы башкаруучуга);

5) ушул Кодекстин 107-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жеке жак бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу боюнча табылган бузуулар жагынан Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарына;

6) алардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда Жогорку Кеңештин депутаттарына, Президенттин Администрациясына, Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органына;

7) Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган салык же укук коргоо органдарынын ортосундагы өз ара кызматташтык жөнүндө эл аралык келишимдерге ылайык башка мамлекеттердин салык жана укук коргоо органдарына;

8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган статистикалык ишти жүзөгө ашыруу максатында статистика органдарына;

9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык квалификациялуу юридикалык жардам үчүн кайрылган адамдарга карата мамлекет кепилдеген юридикалык жардам чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга;

10) салыктык укук бузуу фактысы боюнча салык кызматынын органдары менен бирге сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашырган тергөөчүгө же тергөө органына.

11) ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык тутумун иштеп чыгууну, коштоону же өркүндөтүүнү жүзөгө ашыруучу уюмдарга;

12) кыймылсыз мүлккө укукту мамлекеттик каттоону жана транспорт каражаттарын мүлккө эсептелген жана төлөнгөн салыктын суммалары бөлүгүндө каттоону ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга.

3. Маркалоо оператору салыктык сырды камтыган маалыматтарды салык кызматынын органдарына гана берет.

4. Ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, салык төлөөчүгө тиешелүү салыктык сырды түзгөн маалыматты кагаз түрүндөгү документ же электрондук документ түрүндө берилген салык төлөөчүнүн жазуу жүзүндөгү макулдугу менен башка жакка ачууга болот.

Салык төлөөчүнүн ушул бөлүктө каралган анын салыктык сырын башка жакка ачууга макулдугу салык төлөөчү тарабынан салык кызматынын органына же башка ушундай жакка берилет.

Эгерде салык төлөөчүнүн салыктык сырды ачууга макулдугу салык кызматынын органына башка жак аркылуу берилсе, анда анын аныктыгы үчүн жоопкерчилик ошол башка жакка жүктөлөт.

5. Ушул Кодексте каралган учурларды кошпогондо, салыктык сырды ачыкка чыгаруу деп мамлекеттик органдардын кызмат адамдарына жана Маркалоо операторуна өз милдеттерин аткаруу учурунда белгилүү болгон салык төлөөчү жөнүндө маалыматты пайдалануу же башка субъектке берүү саналат.

6. Салык кызматынын органына жана Маркалоо операторуна келип түшкөн, салыктык сырды түзгөн маалыматтар сактоонун жана жеткиликтүүлүктүн атайын режиминде болууга тийиш, ал салык кызматынын органынын жетекчисинин жазуу жүзүндөгү чечими менен аныкталат.

7. Салыктык сырды түзүүчү маалыматтарга салык кызматынын органынын жетекчисинин жана Маркалоо операторунун жазуу жүзүндөгү чечими менен аныкталуучу кызмат адамы жеткиликтүү болушу керек. Бул кызмат адамдарынын жеткиликтүүлүккө укугу салыктык текшерүү жүргүзүүгɵ жазма буйрукта да көрсөтүлөт.

8. Салык кызматынын органдары, Маркалоо оператору жана алардын кызмат адамдары, ошондой эле мурда салык кызмат органдарынын кызмат адамдары болуп саналган адамдар өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарууда салык төлөөчү жагынан алган ар кандай маалыматтарды жашыруун сактоого милдеттүү.

9. Салыктык сырды түзгөн маалыматтарды ачыкка чыгаргандыгы үчүн бул маалыматтар кесиптик же кызматтык ишине байланыштуу белгилүү болгон адам салык төлөөчүгө келтирилген зыянды толук төлөп берүүгө, ошондой эле башка компенсацияны төлөɵгө милдеттүү.

Салыктык сырды түзгөн маалыматтарды мыйзамсыз алуу зыянга алып келген учурда, бул маалыматтарды мыйзамсыз алган адам салык төлөөчүгө келтирилген зыянды толук төлөп берүүгө, ошондой эле башка компенсацияны төлөп берүүгө милдеттүү.

Салыктык сырды түзгөн маалыматтарды мыйзамсыз алуу зыянга алып келбеген учурда Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына жана/же укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.

10. Ушул беренеде каралган учурларды кошпогондо, мамлекеттик органдарга салык кызматынын органдарынан жана Маркалоо операторунан салыктык сырды түзгɵн маалыматтарды жана документтерди талап кылууга тыюу салынат.

11. Мамлекеттик органдардын ушул берененин 10-бөлүгүнүн талаптарын бузган кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

III БӨЛҮМ. САЛЫК МИЛДЕТТЕНМЕСИ ЖАНА САЛЫК КАРЫЗЫ

5-глава. Жалпы жоболор

65-берене. Салык милдеттенмеси

1. Салык милдеттенмеси деп Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген жагдайлар болгон учурда салык тɵлɵɵгɵ салык төлөөчүнүн милдети саналат.

2. Салык милдеттенмеси акчалай милдеттенме болуп саналат.

3. Салык кызматынын органдары салык төлөөчүдөн ал салык милдеттенмелерин аткаруусун талап кылууга милдеттүү.

4. Салык милдеттенмесин аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарган учурда салык кызматынын органдары аны камсыз кылуу боюнча ыкмаларды жана ушул Кодексте белгиленген тартипте салык милдеттенмесин мажбурлап аткартуу чараларын колдонууга укуктуу.

5. Салык кызматынын органдарына салык төлөөчүдөн салыктык милдеттенменин суммасынан ашык акчалай каражаттарды төлөөнү талап кылууга тыюу салынат.

66-берене. Салык милдеттенмесинин келип чыгышы, өзгөрүлүшү, аткарылышы жана токтотулушу

1. Салык милдеттенмеси Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген негиздер болгондо келип чыгат, өзгөрөт, аткарылды же токтотулду деп эсептелет.

2. Салык милдеттенмеси Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык салык төлөө каралган жагдайлар келип чыккан күндөн тартып салык төлөөчүгө жүктөлөт.

67-берене. Салык милдеттенмесин аткаруунун валютасы

1. Кыргыз Республикасында туруктуу мекеменин белгилери болбогон чет өлкөлүк уюмдун салык милдеттенмелерин кошпогондо, салык милдеттенмеси Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы - сом менен аткарылат.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн чет өлкөлүк уюм салык милдеттенмесин чет өлкөлүк валютада аткарууга укуктуу. Салык милдеттенмесин аткаруунун эсебине алынган чет өлкөлүк валюталардын эсепке алуу тартиби жана тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

3. Салык милдеттенмесин эсептөөдө салык милдеттенмесинин суммасын сом бирдиктерине чейин тегеректөөгө жол берилет.

 

68-берене. Салык милдеттенмеси, салыктын ашыкча төлөнгөн суммасы жана КНС ашыкча суммасы боюнча доонун эскирүү мөөнөтү

1. Салык милдеттенмеси боюнча доонун эскирүү мөөнөтү төмөнкүдөй күндөн кийинки күндөн тартып 6 жыл деп белгиленет:

1) салык милдеттенмесине карата ушул Кодексте белгиленген салыкты төлөө мөөнөтүнүн акыркы күнүнɵн;

2) салык карызынын кийинкиге жылдырылган же бөлүп төлөнүүчү суммасы төлөнбөгөн учурда кийинкиге жылдыруунун же бөлүп төлөөнүн колдонулушу токтогон күндɵн;

3) салыктык текшерүү жүргүзүүнүн натыйжасында келип чыккан салык милдеттенмеси боюнча салык төлөөчүгө чечим тапшырылган күндɵн;

4) ашыкча төлөнгөн салыктын суммасы жана/же КНС ашыкча төлөнгөн суммасы пайда болгон күндɵн.

2. Патенттин негизинде салык төлөгөн салык төлөөчүнүн салык милдеттенмеси боюнча эскирүү мөөнөтү 3 жыл деп белгиленет.

3. Эгерде салык төлөөчү салык милдеттенмесин туура эмес эсептесе же аткарса, анда доонун эскирүү мөөнөтүнүн ичинде:

1) салык төлөөчү өз демилгеси боюнча тиешелүү оңдоо киргизүүгө укуктуу, буга ушул оңдоонун маңызы боюнча салык кызматынын органдарынын же соттун чечимдери чыгарылган жана бул чечимдер жокко чыгарылбаган жана/же жараксыз деп таанылбаган учурлар кирбейт;

2) салык кызматынын органы салыктардын эсептелген суммасын көбөйтүүгө же азайтууга, ошондой эле салыктын эсептелген суммасын өндүрүп алууга укуктуу.

4. Салык төлөөчү салыктын ашыкча төлөнгөн суммасын эсепке алууну же кайтарууну жана/же доонун эскирүү мөөнөтүнүн ичинде КНС ашыкча төлөнгөн суммасын кайтарып берүүнү/ордун толтурууну талап кылууга укуктуу.

5. Санациялоо же реабилитациялоо жол-жоболорун жүргүзүү мезгилинде салык милдеттенмеси боюнча доонун эскирүү мөөнөтү үзгүлтүккө учурайт.

6. Салык милдеттенмелери боюнча доонун эскирүү мөөнөтүн үзгүлтүккө учуратуу, анын ичинде салык милдеттенмесин эсептөө жөнүндө салык кызматынын органдарынын чечимине салык төлөөчү доо арыз бергенде, ошондой эле салык кызматынын органы салык карызын мажбурлап өндүрүп алуу жөнүндө доо арыз берген учурда Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

6-глава. Салык милдеттенмесин аткаруу. Салык милдеттенмесин токтотуу

69-берене. Салык милдеттенмесин аткаруу

1. Салык милдеттенмеси Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарына ылайык талаптагыдай түрдɵ аткарылышы керек.

2. Салык милдеттенмесин аткаруу салык төлөөчү тарабынан өз алдынча же Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган учурларда башка үчүнчү жак тарабынан жүзөгө ашырылат.

3. Салыктын бардык эсептелген суммасын төлөө эсебине накталай эмес формада төлөө салык милдеттенмесин аткаруу деп саналат.

4. Салык төлөөчү салыктын бүткүл суммасын дароо же бөлүп төлөө менен салык милдеттенмесин аткарууга укуктуу.

5. Салык төлөөчү салык милдеттенмесин мөөнөтүнөн мурда аткарууга укуктуу.

6. Эгерде ушул Кодексте башкасы каралбаса, салык милдеттенмесин аткаруудан баш тартууга же аны аткаруу тартибин өзгөртүүгө жол берилбейт.

7. Салык милдеттенмесин аткаруу салыктык укук бузуу үчүн жоопкерчиликке тартууга карабастан жүзөгө ашырылат.

 

70-берене. Салык милдеттенмесин аткаруу датасы

1. Салык милдеттенмесин аткаруу датасы болуп төмөнкүлөр саналат:

1) эгерде акча каражаты бюджетке түшсɵ, ушул төлөм тапшырмасын толук көлөмдө аткаруу үчүн салык төлөөчүнүн эсебинде жетиштүү каражаттар болгондо салыктын эсептелген суммасын которууга банкка төлөм тапшырмасы берилген күн;

2) эгерде акча каражаты бюджетке түшсɵ, ушул төлөм тапшырмасын толук көлөмүндө аткаруу үчүн салык төлөөчүнүн эсебинде жетиштүү каражатынын жоктугунун себеби боюнча мурда аткарылбаган салыктын эсептелген суммасын которууга төлөм тапшырмасын банк аткарган күн;

3) банкка салыктын эсептелген суммасын которуу үчүн накталай акча каражаттарын төлөгөн күн;

4) төлөм терминалы, POS-терминалы, электрондук акча, аралыктан же алыстан банктык тейлөө тутуму жана башка түзүлүштөр аркылуу төлөм жүргүзүүнү жүзөгө ашырган күн;

5) салык карызын жабуу эсебине жана/же алдыдагы салык милдеттенмесин аткаруу эсебине салыктардын ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүлгөн суммаларын эсепке алуу жөнүндө салык кызматынын органы чечим кабыл алган күн;

6) салык кызматынын органы тарабынан КНС ашыкча төлөнгөн суммасынын ордун толтуруу жана/же кайтарып берүү жөнүндө чечим кабыл алынган күн.

2. Салык милдеттенмеси төмөнкүдөй учурда мөөнөтүндө аткарылган деп таанылбайт:

1) ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, эгерде акча каражаттары Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө бюджетке түшпөсө;

2) салык төлөөчү салыктын суммасын которууга төлөм тапшырмасын кайра чакыртып алса;

3) салыктын суммасын которууга төлөм тапшырмасын банк салык төлөөчүгө кайтарып берсе;

4) эгерде салык төлөөчү банкка салыктын суммасын которууга төлөм каражатын көрсөткөн күнү бул салык төлөөчүгө коюлган жана аткарылбаган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кезексиз, же болбосо биринчи кезектеги тартипте аткарылуучу башка акчалай талаптар болсо жана салык төлөөчүнүн эсебинде мындай бардык акчалай талаптарды канааттандыруу үчүн жетиштүү акча каражаттары болбосо.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

71-берене. Салык карызын жоюу тартиби

Ар бир салыкка карата салык карызын жоюу төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт:

1) салыктын суммасы;

2) мөөнөтүндө төлөнбөгөн салыктын суммасы боюнча пайыздар;

3) мөөнөтүндө төлөнбөгөн салыктын суммасы боюнча эсептелген туумдар;

4) эсептелген салык санкциялары.

Салык карызын жоюу анын келип чыгышынын кезектүүлүгүнүн тартибинде жүргүзүлөт.

 

72-берене. Салык милдеттенмесин аткаруунун жеңилдетилген режими

1. Салык төлөөчү ушул беренеде каралган учурларда жана тартипте салык милдеттенмесин аткаруунун жеңилдетилген режимин колдонууга укуктуу.

2. Салык милдеттенмесин аткаруунун жеңилдетилген режими, эгерде салык төлөөчү төмөнкү датадан тартып 15 календардык күндөн кечиктирбестен төмөнкүлөрдү аткарса колдонулат:

1) салыктык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча чечим тапшырылган учурдан тартып салык калдыгынын толук суммасын жана мындай текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча төлөнгөн күнгө эсептелген салык санкциясынын 50 пайыз өлчөмүн, ошондой эле төлөгөн күнгө эсептелген туумдардын 50 пайыз өлчөмүндөгү суммасын төлөсө;

2) такталган салык отчеттуулугун берген учурдан тартып ушул отчетко ылайык төлөнүүгө тийиш болгон салык калдыгынын толук суммасын, ошондой эле төлөнүүгө тийиш болгон салык санкциясынын 50 пайыз өлчөмүн жана төлөгөн күнгө эсеп­телген туумдардын 50 пайыз өлчөмүндөгү суммасын төлөсө.

Салык милдеттенмесин аткаруунун жеңилдетилген режими төлөмдөрдү ушул бөлүккө ылайык төлөгөн салык төлөөчүнү, эгерде анын бардык салыктар боюнча учурдагы салыктык ка-рызы жок болсо, туумдардын жана салык санкциясынын кал­ган суммасын төлөөдөн бошотот.

21. Салык милдеттенмесин аткаруунун жеңилдетилген режимин колдонуу салык төлөөчүнүн аны колдонуу тууралуу арызынын негизинде ишке ашырылат. Жеңилдетилген режимди колдонуу жөнүндө арыз салыктык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча тапшырылган же такталган салык отчет берилген күндөн тартып 15 календардык күндөн кечиктирилбестен берилет.

22. Ушул берененин максаты үчүн ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн төлөмдөрдү төлөө деп, төмөнкүлөр таанылат:

1) салык төлөөчү тарабынан накталай эмес акча түрүндө төлөнүшү;

2) салыктын ашыкча төлөнгөн суммасын, пайыздарын, туумдарын жана салыктар боюнча салык санкцияларын ушул тө-лөмдөрдү төлөөнүн эсебине чегерүү.

3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган бардык талаптар сакталса, салык органы ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн документтер берилген күндөн тартып 5 жумушчу күндүн ичинде салык милдеттенмесин аткаруунун жеңилдетилген режимин колдонуу жөнүндө чечимди чыгарат жана туумдардын жана салык санкциясынын калган 50 пайызын эсептен чыгарат.

4. Салык төлөөчү салык милдеттенмесин аткаруунун жеңилдетилген режимин колдонгондо, салыктык текшерүүнүн натыйжалары боюнча эсептелген салыктык милдеттенме автоматтык түрдө салык төлөөчү мойнуна алган салык карызы деп таанылат, салыктык текшерүүнүн натыйжалары боюнча чечим андан ары даттанылбайт.

5. Салык милдеттенмесин аткаруунун жеңилдетилген режимин колдонуу жөнүндө кабарламанын формасы ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилет.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

73-берене. Уюмду кайра уюштурууда салык милдеттенмесин аткаруу жана салык карызын жоюу

1. Кайра уюштурууда салык төлөөчү бул жөнүндө салык кызматынын органына жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү.

2. Кайра уюштурулган уюм салык милдеттенмесин аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарган фактылар жана/же жагдайлар укук улантуучуга белгилүү болгондугуна же болбогондугуна карабастан кайра уюштурулган уюмдун салык милдеттенмеси укук улантуучу тарабынан аткарылат.

3. Бир нече уюм кошулганда салык милдеттенмесин аткаруу бөлүгүндө алардын укук улантуучу деп мындай кошулуунун натыйжасында пайда болгон уюм таанылат.

4. Бир уюм экинчи уюмга кошулганда салык милдеттенмесин аткаруу бөлүгүндө бириккен уюмдун укук улантуучусу деп кошуп алган уюм таанылат.

5. Уюм бөлүнгөн учурда мындай бөлүнүүнүн натыйжасында пайда болгон жаңы уюмдар бөлүштүрүү балансына ылайык, салык милдеттенмесин аткаруу бөлүгүндө өзгөртүп түзүлгөн уюмдун укук улантуучусу болуп таанылат.

6. Уюмдун курамынан бир же бир нече уюм бөлүнгөндө анын салык милдеттенмесин аткаруу бөлүгүндө өзгөртүп түзүлгөн уюмга карата, эгерде өткөрүү актысында башкача белгиленбесе, укук улантуу пайда болбойт.

7. Уюмду өзгөртүп түзүүдө жаңыдан пайда болгон уюм укук улантуучу болуп таанылат.

8. Өзгөртүп түзүлгөн уюмдун салык милдеттенмесин аткарууда укук улантуучулардын катышуу үлүштөрүн белгилөө Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

9. Эгерде өзгөртүп түзүүнүн натыйжасында укук улантуучунун катышуу үлүшүн аныктоого мүмкүн болбосо же анын салык милдеттенмесин толук көлөмдө аткарууга мүмкүн болбосо, анда укук улантуучулар өзгөртүп түзүлгөн уюмдун салык милдеттенмесин аткаруу боюнча бирдей жоопкерчилик тартат.

10. Уюмду өзгөртүп түзүү укук улантуучулар тарабынан салык милдеттенмесин аткаруу мөөнөттөрүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбайт.

11. Уюм тарабынан ал өзгөртүп түзүлгөнгө чейин ашыкча төлөнгөн салыктардын суммасын салык кызматынын органы өзгөртүп түзүлүп жаткан уюмдун салык карызын жоюу эсебине кириштөөгө тийиш.

12. Өзгөртүп түзүлүп жаткан уюмдун салык карызы болбосо, салыктардын ашыкча төлөнгөн суммасы ушул Кодексте белгиленген тартипте анын укук улантуучуларына кайтарылып берилүүгө же алар үчүн салык милдеттенмесин аткаруу эсебине кириштелүүгө тийиш.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

74-берене. Жоюлуп жаткан төлөөгө кудуреттүү уюмдун же жеке ишкердин салык милдеттенмесин аткаруусу жана салык карызын жоюусу

1. Жоюлуп жаткан төлөөгө кудуреттүү уюмдун салык милдеттенмеси ушул уюмдун, анын ичинде уюмдун мүлкүн сатуудан түшкөн акча каражаттарынын эсебинен Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде белгиленген кезектүүлүк тартибинде жоюу комиссиясы же жоюучу тарабынан аткарылат.

2. Эгерде ушул Кодексте башкасы каралбаса, жоюу мезгилинде келип чыккан салык милдеттенмеси ушул Кодексте белгиленген жалпы тартипте мындай милдеттенменин келип чыгышына жараша жоюу комиссиясы же жоюучу тарабынан аткарылат.

3. Эгерде жоюлуп жаткан уюмдун акча каражаттары болбосо же салык карызын толук көлөмдө төлөө үчүн жетишсиз санда болсо, мындай учурда:

1) уюм Кыргыз Республикасынын банкроттук жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте гана жоюлушу мүмкүн. Мындай учурда салык кызматынын органы бул уюмдун банкроттук процессин демилгелей алат;

2) салык карызы Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген учурларда, чектерде жана тартипте аталган уюмдун уюштуруучулары (катышуучулары) тарабынан жоюлууга тийиш.

4. Эгерде жоюлуп жаткан уюмдун салыктар боюнча ашыкча төлөнгөн суммасы болсо, аталган сумма ушул Кодексте белгиленген тартипте жоюлуп жаткан уюмдун салыктык карызын аткаруу эсебине кириштелүүгө тийиш.

5. Жоюлуп жаткан уюмдун салык карызы болбосо, салыктардын ашыкча төлөнгөн суммасы ушул Кодексте белгиленген тартипте ошол уюмга кайтарылып берилүүгө тийиш.

6. Эгерде ушул главада башкача белгиленбесе, төлөөгө кудуреттүү жеке ишкерди жоюуда анын салык милдеттенмесин, ошондой эле салык карызын аткаруу уюмдар үчүн ушул беренеде белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

75-берене. Банкрот деп таанылган же жарыяланган төлөөгө кудуретсиз уюмдун же жеке ишкердин салык милдеттенмесин аткаруу жана салык карызын жоюу

1. Банкрот деп таанылган же жарыяланган төлөөгө кудуретсиз уюмдун салык милдеттенмесин аткаруу ушул Кодексте белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен Кыргыз Республикасынын банкроттук жөнүндө мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.

2. Салык милдеттенмесин эсептөө төлөөгө кудуретсиз уюмду банкрот деп таануу же жарыялоо жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн кийинки күндөн тартып токтотулат.

3. Банкроттук жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин жүргүзүлгөн салыктык текшерүүнүн алкагында банкроттук жөнүндө чечим кабыл алынганга чейинки мезгил үчүн эсептелген салык милдеттенмеси банкроттук жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте аткарылууга тийиш.

4. Жоюу жол-жоболорун колдонуу менен банкроттук процессинде турган төлөөгө кудуретсиз уюмда бул жол-жоболорду жүзөгө ашыруу процессинде салык милдеттенмеси келип чыкпайт.

5. Эгерде төлөөгө кудуретсиз уюм санациялоо же реабилитациялоо жол-жоболорун колдонуу менен банкроттук процессинде турса, салык кызматынын органынын салык карызын мажбурлап өндүрүү боюнча бардык иштери токтотулат.

Мында бул уюмга карата ар кандай мүлктүк талаптар салык кызматынын органы тарабынан санациялоо же реабилитациялоо жол-жоболорунун чектеринде гана коюлушу мүмкүн.

6. Санациялоо же болбосо реабилитациялоо жол-жоболору башталганга чейин төлөөгө кудуретсиз уюмда түзүлгөн салык карызы уюмдун жогоруда көрсөтүлгөн банкроттук жол-жоболору аяктагандан жана анын төлөө кудуреттүүлүгү калыбына келтирилгенден кийин гана төлөнүүгө тийиш.

7. Эгерде ушул главада башкасы каралбаса, банкрот деп таанылган же жарыяланган жеке ишкердин салык милдеттенмесин, ошондой эле салык карызын аткаруу уюмдар үчүн ушул беренеде белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

8. Банкрот деп таанылган же жарыяланган салык төлөөчү, анын башкаруу органдарынын кызмат адамдары, өз ара көз каранды субъекттин аныктамасына кирген анын бир же бир нече катышуучулары ак ниетсиздиктин белгилери бар салык төлөөчүлөрдүн тизмегине киргизилет.

76-берене. Өлгөн же өлдү деп жарыяланган жеке жактын салык милдеттенмесин аткаруу жана салык карызын жоюу

1. Жеке жак өлгөн же сот тарабынан өлдү деп жарыяланган учурда нотариус, жарандык абалдын актыларын каттоо боюнча орган, сот мурас ачылган күндөн тартып 6 айдын ичинде мурас ачылган жердеги салык кызматынын органына кабарлоого милдеттүү.

2. Мурас ачылгандыгы жөнүндө кабарлоо алынган күндөн кийинки күндөн тартып 5 күндүн ичинде салык кызматынын органы өлгөн жеке жактын салык карызынын бар экендиги тууралуу мурас ачылган жердеги нотариуска жана мураскорго билдирүүгө милдеттүү.

3. Салык кызматынын органы өлгөн жеке жактын салык карыздарынан келип чыгуучу өз талаптарын мурастын аткаруучусуна (мурасты башкаруучуга) же мураскорлорго коюуга укуктуу.

4. Өлгөн жеке жактын салык милдеттенмеси өлгөн адамдан мүлктү мураска алган мураскор тарабынан мураска алынган мүлктүн наркынын чектеринде жана мурастаган үлүшкө пропорциялуу түрдө мурасты алган күндөн кийинки күндөн тартып 6 айдан кечиктирбестен аткарылат.

5. Мында укук улантуучуда салыктык укук бузууларды жасагандыгы үчүн өлгөн жеке жакка мурда эсептелген салык санкцияларын төлөө милдеттенмеси мураскордун аткаруусу боюнча укук улантуучулук келип чыкпайт.

6. Мураскор жок болсо же мураскор мурасты кабыл алуудан баш тартса, ошондой эле өлгөн жеке жактын салык карызынын өлчөмү мураска калуучу мүлктүн наркынан жогору болсо, салык карызынын төлөнбөгөн суммасы үмүтсүз карыз деп таанылат.

7. Сот тарабынан өлдү деп жарыяланган жеке жактын салык милдеттенмесин аткаруу өлгөн жеке жак үчүн ушул беренеде белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

77-берене. Дайынсыз жок болгон же аракетке жөндөмсүз жеке жактын салык милдеттенмесин аткаруу жана салык карызын жоюу

1. Дайынсыз жок болгон же аракетке жөндөмсүз жеке жактын салык милдеттенмеси анын камкорчусу, көзөмөлчүсү же мүлктү ишенимдүү башкарууну жүргүзгөн башкаруучу тарабынан сот жеке жакты дайынсыз жок болгон же аракетке жөндөмсүз деп таанылган күндөн кийинки күндөн тартып 6 айдан кечиктирбестен жеке жактын мүлкүнүн эсебинен аткарылат.

2. Сот жеке жакты дайынсыз жоголду же аракетке жөндөмсүз деп таануу жөнүндө чечим кабыл алган күндөн кийин 10 жумушчу күндүн ичинде сот өз чечиминин көчүрмөсүн жиберүү аркылуу аталган жеке жак катталган жердеги салык кызматынын органына билдирүүгө милдеттүү.

3. Дайынсыз жок болгон же аракетке жөндөмсүз деп таанылган жеке жак каттоодо турган жердеги салык кызматынын органы камкорчуга, көзөмөлчүгө же мүлктү ишенимдүү башкарууну жүзөгө ашырган башкаруучуга, ошондой эле үй-бүлөнү жана балдарды коргоо боюнча органга дайынсыз жок болгон же аракетке жөндөмсүз деп таанылган жеке жактын аткарылбай калган салык милдеттенмесинин бар экендиги жөнүндө кабар берүүгө милдеттүү.

Жеке адамдын ушул бөлүктө көрсөтүлгөн аткарылбаган салык милдеттенмеси бар экени жөнүндө чечим жеке адамды дайынсыз жок болгон же аракетке жөндөмсүз деп таануу жөнүндө маалыматтарды алган күндөн кийинки 5 күндүн ичинде берилет.

4. Дайынсыз жок болгон же аракетке жөндөмсүз деп таанылган жеке жактын салык карызы анын салык милдеттенмесин аткаруу үчүн ошол жеке жактын мүлкү болбогон же жетишсиз болгон учурда үмүтсүз карыз деп таанылат.

78-берене. Чет өлкөлүк уюм туруктуу мекеме аркылуу Кыргыз Республикасында ишти жүзөгө ашырууда салык милдеттенмесин аткаруу жана салык карызын жоюу

Чет өлкөлүк уюм туруктуу мекеме аркылуу Кыргыз Республикасында ишти жүзөгө ашырууда салык милдеттенмесин аткаруу, ошондой эле салык карызын жоюу боюнча милдет аталган чет өлкөлүк уюмга жүктөлөт.

 

79-берене. Салык милдеттенмесин токтотуу

Төмөнкүдөй учурларда салык милдеттенмеси токтотулат, ал эми салык карызы жоюлду деп эсептелет:

1) салык милдеттенмеси талаптагыдай аткарылганда жана салык калдыгы, пайыздар, туумдар жана салык санкциялары төлөнгөндө;

2) ушул Кодексте белгиленген салык милдеттенмеси боюнча доонун эскирүү мөөнөтү бүткөндө;

3) укук улантуучусу же мураскору жок болгон учурда жеке жак өлгөндө;

4) жеке жакты дайынсыз жок же аракетке жөндөмсүз деп тааныганда анын мүлкү болбогон же жетишсиз болгон учурда;

5) субъекттердин карызын өзүнчө мыйзамды кабыл алуу менен эсептен чыгаруу;

6) жеке жактардын активдерин ыктыярдуу декларациялоо жана мунапыс берүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык декларациялоо жол-жоболорун аяктаганда.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

80-берене. Салык милдеттенмеси боюнча үмүтсүз карыздарды эсептен чыгаруу

Ушул Кодекстин 79-беренесинин 2-5-пункттарында көрсөтүлгөн учурларда салык төлөөчүнүн салык карызы үмүтсүз карыз деп таанылат жана Министрлер Кабинети белгилеген тартипте өздүк эсептен салык органы тарабынан эсептен чыгарылат.

7-глава. Салык милдеттенмесин аткарууну жана салык карызын жоюуну камсыз кылуу

81-берене. Салык милдеттенмесин аткарууну жана салык карызын жоюуну камсыз кылуу ыкмалары

1. Эгерде ушул беренеде башкасы каралбаса, салык милдеттенмесин аткаруу жана салык карыздарын жоюу төмөнкүдөй ыкмалар менен камсыз кылынышы мүмкүн:

1) туумдарды эсептɵɵ;

2) банктык кепилдикти берүү;

3) салык кызматынын органынын депозиттик эсебине салык төлөөчү тарабынан салык төлөөчүнүн депозити аркылуу акча каражаттарын төлөө;

4) салык төлөөчү мойнуна алган салык карызын салык төлөөчүнүн жана/же үчүнчү жактардын эсебиндеги акча каражаттарынын жана/же накталай акча каражаттарынын эсебинен өндүрүп алуу;

5) салык төлөөчү мойнуна алган салык карызы бар уюмдардын жетекчилеринин, жеке жактардын Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгуусун чектөө жөнүндө салык кызматынын органдарынын сотко кайрылуусу.

2. ЕАЭБ бажы чек арасы аркылуу товарларды алып өтүүдө келип чыккан салык милдеттенмесин аткарууну жана салык карызын жоюуну камсыз кылуу ыкмалары Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында аныкталат.

82-берене. Туумдарды эсептөө

1. Туум деп салык милдеттенмесин аткарбаган же аткарууну кечиктирген учурда салык төлөөчү төлөөгө тийиш болгон акчалай сумма түшүнүлөт.

2. Туумдун суммасы салык милдеттенмесин мажбурлап аткартуу чараларын, ошондой эле салыктык укук бузуу үчүн жоопкерчиликтин башка чараларын колдонууга карабастан эсептелет жана төлөнөт.

3. Туумдар салык милдеттенмесин аткаруу үчүн ушул Кодексте белгиленген күндөн кийинки күндөн тартып салык милдеттенмесин аткаруунун мөөнөтү өткөн ар бир календардык күн үчүн эсептелет.

4. Эсептелген туумдардын жалпы суммасы салык төлөөчүнүн салык калдыгынын суммасынын 100 пайыз өлчөмүнөн ашпашы керек.

5. Мөөнөтү өткөн ар бир күн үчүн туумдар салык төлөөчүнүн салык калдыгынын суммасынан пайыздар менен аныкталат.

6. Туумдун суммасы мөөнөтү өткөн ар бир күн үчүн салык калдыгынын өлчөмүнүн 0,09 пайызына барабар өлчөмдө эсептелет.

7. Туумдар төмөнкүлөргө карата эсептелбейт:

1) эсептелген пайыздардын, туумдардын жана салыктык санкциялардын суммаларына;

2) салык төлөөчүнү банкрот деп таануу же жарыялоо жөнүндө чечим күчүнө кирген учурдан тартып банкрот деп таанылган салык төлөөчүнүн салык калдыгынын суммасына;

3) соттун чечими күчүнө кирген учурдан тартып бул чечим жокко чыгарылганга чейин дайынсыз жоголду деп таанылган жеке жактын салык калдыгынын суммасына;

4) эгерде салык калдыгынын келип чыгышынын бирден бир себеби тейлөөчү банктын жоюлушу болуп саналса, банкты мажбурлап жоюу жөнүндө чечим күчүнө кирген учурдан тартып мажбурлап жоюлуучу банктын насыя берүүчүсүнүн-кредиторунун салык калдыгынын суммасына;

5) мамлекеттик бюджетте төмөнкүдөй максаттарга каралган каражаттардын чектеринде салык төлөөчү тарабынан берилген товарлар, жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн өз учурунда каржылабай калуунун натыйжасында келип чыккан салык калдыгынын суммасына;

6) ал жеткис күчтүн кесепетинен келип чыккан салык калдыгынын суммасына;

7) кийинкиге жылдырылган же бөлүп төлөнүүчү салык карызынын суммасына;

8) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана/же ыйгарым укуктуу салык органынын түшүндүрмөсүн колдонуунун жана/же өзгөртүүнүн натыйжасында келип чыккан салык калдыгынын суммасына.

Ушул пункттун шарттары боюнча мурда чыгарылган түшүндүрмөлɵр жокко чыгарылган датага чейинки мезгил үчүн туумдар эсептелбейт.

8. Берилген такталган отчеттуулук боюнча туумдар ушул отчеттуулук боюнча түзүлгөн төлөнбөгөн салык милдеттенмесинин суммасына гана эсептелет.

83-берене. Салык төлөөчүнүн банк кепилдиги

1. Салык төлөөчүнүн банк кепилдиги болуп салык кызматынын органына салык төлөөчүнүн банктык кепилдигинде көрсөтүлгөн сумманы төлөө боюнча кепилдик берүүчүнүн жазуу жүзүндөгү милдеттенмеси саналат.

2. Салык төлөөчүнүн банк кепилдиги салык төлөөчүнүн салык карызынын суммасын төлөө боюнча милдеттенмеси, ошондой эле ушул Кодекстин 91-беренесине ылайык салык төлөөчүгө салык карызынын суммасын төлөөнү кийинкиге калтыруу же бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгү берилгенде, келечектеги салык мезгилинде салык төлөөчүдө келип чыгышы мүмкүн болгон салык карызынын суммаларын камсыз кылат.

3. Салык төлөөчүнүн банк кепилдигинин суммасы төмөнкүдөй өлчөмдө белгиленет:

1) ушул Кодекстин 91-беренесине ылайык салык карызынын суммасын төлөө боюнча кийинкиге калтырууга же бөлүп төлөөгө байланыштуу салык төлөөчүнүн банк кепилдиги берилген учурда салык төлөөчүнүн салык карызынын суммасында;

2) ушул Кодекстин 91-беренесине ылайык салык карызынын суммасын төлөө боюнча кийинкиге калтыруу же бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгүн берүү жөнүндө салык төлөөчүнүн арызында көрсөтүлгөн суммада.

4. Салык төлөөчүгө банк кепилдигин берген кепилге салык төлөөчүнүн банк кепилдигинде көрсөтүлгөн сумманы төлөө жɵнүндɵ талап ушул Кодекстин 91-беренесине ылайык салык карызынын суммасын төлөөнү кийинкиге калтыруу же бөлүп төлөө мөөнөтү аяктагандан кийин салык кызматынын органы тарабынан берилет.

5. Салык төлөөчүнүн банк кепилдиги боюнча акчалай суммасын төлөө боюнча кепилге салык кызматынын органынын талабы салык төлөөчүнүн жеке эсебинен көчүрмөнү тиркөө менен берилет.

6. Салык төлөөчүнүн банк кепилдиги кепил тарабынан кайра чакыртып алынышы мүмкүн эмес.

7. Салык кызматынын органы, салык төлөөчү жана кепилдин ортосундагы салык төлөөчүнүн банк кепилдигине тиешеси бар бардык маселелер боюнча мамилелери ушул Кодекс менен жөнгө салынбаган бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында жөнгө салынат.

84-берене. Салык төлөөчүнүн депозити

1. Ушул Кодексте белгиленген учурларда келечекте салык төлөөчүдө келип чыгышы мүмкүн болгон салык төлөөчүнүн салык милдеттенмесин аткаруу салык милдеттенмесинин өлчөмүндөгү акча каражаттарын салык кызматынын органынын депозиттик эсебине салык төлөөчү тарабынан салык төлөөчүнүн депозити аркылуу төлөө менен камсыз кылынышы мүмкүн.

2. Депозитти кабыл алган салык органы депозитти төлөгөндүгүн ырастоочу маалымкатты салык төлөөчүгө берет.

3. Салык кызматынын органы салык төлөөчүнүн депозитин кабыл алган салык кызматынын органынын чечиминде каралган учурларда, шарттарда жана мөөнөттөрдө гана депозиттик эсепте сакталган суммаларды тескөөгө укуктуу.

4. Салык депозитинин суммасына пайыздар эсептелбейт.

5. Депозит аркылуу камсыз кылуунун натыйжасында салык төлөөчүдө салык милдеттенмеси келип чыккан учурлар болсо, салык төлөөчүнүн салык милдеттенмесинин суммасы депозиттин суммасынан бюджетке которулат.

6. Салык төлөөчүдө салык милдеттенмеси келип чыкпаган окуя болгон учурда, ошондой эле салык милдеттенмеси салынган депозиттин суммасынан аз өлчөмдө келип чыккан учурда, төлөнгөн акча каражаты же алардын калдыгы салык төлөөчүгө кайтарылып берилет же анын каалоосу боюнча алдыдагы мезгилдер үчүн салык милдеттенмелерин аткарууну камсыз кылуу же башка салыктар боюнча милдеттенмелерин аткаруу эсебине эсептелүүгө тийиш.

7. Төлөнгөн суммаларды кайтарып берүү же эсептөө салык төлөөчү ушул Кодексте белгиленген документтерди берүү менен салык кызматынын органдарына арыз тапшырган күндөн кийинки күндөн тартып 20 күндөн ашпаган мөөнөттө жүзөгө ашырылат.

 

85-берене. Салык төлөөчү мойнуна алган салык карызын аткаруу

1. Салык төлөөчү мойнуна алган, ушул Кодекстин 4-беренесинин 2-бөлүгүнүн 20-пунктуна ылайык аныкталган салык карыздарынын суммасы төлөнбөгөн же толук түрдө төлөнбөгөн учурда, салык органы салык төлөөчүнүн-уюмдун же жеке ишкердин акча каражаттарын өндүрүп алууга алардын макулдугусуз эле талашсыз тартипте өндүрүп алууга жана өндүрүлүп алынган каражаттарды мындай карыздын суммасын төлөө үчүн жумшоого укуктуу.

2. Салык төлөөчү мойнуна алган салык карызынын суммасын төлөөнүн эсебине салык төлөөчүнүн эсептеринен акча каражатын өндүрүп алуу ыйгарым укуктуу салык органы белгилеген формада салыктык төлөм талабын (мындан ары - СТТ) банкка берүүсү аркылуу жүргүзүлөт.

3. СТТ салык төлөөчүнүн эсептеринен, анын ичинде валюталык эсебинен анын карыздарын төлөө эсебине акча каражаттарын эсептен чыгаруу аркылуу банкка СТТ түшкөн күндөн кийинки бир операциялык күндөн кечиктирбестен банк тарабынан аткарылат.

СТТ аткарылганга чейин же банк салык кызматынын органынан ушул Кодекстин 79-беренесине ылайык салык милдеттенмесинин токтотулушу жөнүндө маалыматты алганга чейин кайсынысы мурда пайда болгонуна жараша жарактуу болот.

4. СТТ банк алган күнү салык төлөөчүнүн эсептеринде акча каражаттары жетишсиз же жок болсо, мындай талап бул эсепке акча каражаттарынын түшүшүнө жараша ушундай ар бир каражат түшкөн күндөн кийинки күндөгү бир операциялык күндөн кечиктирбестен аткарылат.

5. Салык төлөөчүнүн банктагы эсептеринде акча каражаттары жетишсиз же жок болсо, салык органы салык төлөөчү мойнуна алган салык карызын ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча накталай акча каражаттарын өндүрүү жөнүндө акт боюнча накталай акча каражаттарынын эсебинен өндүрүп алууга жазма буйруктун негизинде укуктуу болот.

Ушул бөлүккө ылайык өндүрүлгөн акча каражаттары алар өндүрүлүп алынган күндөн кийинки 2 жумушчу күндөн кечиктирилбестен аларды салык төлөөчүнүн эсебине кириштөө, андан кийин бюджетке которуу үчүн банкка берилет.

6. Салык төлөөчүдө акча каражаттары жетишсиз же жок болгон учурда салык органы салык төлөөчү мойнуна алган салык карызынын чектеринде үчүнчү жактардын эсебинен накталай акча каражаттарын өндүрүп алууга укуктуу.

Үчүнчү жактардын эсебинен өндүрүп алуу талашсыз тартипте, салык төлөөчүнүн жана үчүнчү жактардын ортосунда өз ара эсептешүүлөрдү салыштыруу актысынын негизинде, салык төлөөчүгө үчүнчү жактын документтердин негизинде ырасталган карызы болгондо жүргүзүлөт.

7. Эгерде салык төлөөчү мойнуна алган салык карызын аткарууну камсыз кылуу жөнүндө кабарлама салык төлөөчүгө тапшырылса, бирок тиешелүү кабарлама тапшырылган күндөн кийинки күндөн тартып 15 календардык күндүн ичинде берилген чечимди салык төлөөчү аткарбаса, ушул берене колдонулат.

8. Ушул бөлүмдө каралган салык карызын өндүрүү тартибин Министрлер Кабинети аныктайт.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

86-берене. Салык карызын мажбурлап жоюу

1. Эгерде ушул главада башкача каралбаса, салык төлөөчүнүн салык карызы болсо жана ушул Кодекске ылайык ага кийинкиге жылдыруу жана бөлүп төлөө мөөнөтү берилбесе, салык органы карызын мажбурлап өндүрүп алуу жөнүндө, анын ичинде салык төлөөчү мойнуна алган салык карызын аткарууну камсыз кылуу жөнүндө кабарламада көрсөтүлгөн сумманын чектеринде бул салык төлөөчүнүн мүлкүнүн эсебинен мүлктү тескөөнү чектөө жөнүндө жана/же салык карыздарын өндүрүп алуу жөнүндө сотко доо арызы менен кайрылууга укуктуу.

Сотко кайрылуу Кыргыз Республикасынын жарандык процесстик мыйзамдарында каралган тартипке ылайык жүргүзүлөт.

Мындай доодо салык карызын үчүнчү жактан, анын ичинде дебитордун, жумуш берүүчүнүн, банктын, же болбосо башка уюмдун каражаттарынын эсебинен өндүрүү каралышы мүмкүн.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн доону берүүдө салык органы салык төлөөчүнүн үчүнчү тарабына, анын ичинде дебиторго, жумуш берүүчүгө, банкка же болбосо башка уюмга салык карызы бар салык төлөөчүнүн дарегине же анын тапшырмасы боюнча акча төлөмдөрүн токтотуу жөнүндө салык кызматынын органынын чечимин, салык төлөөчү мойнуна алган салык карызын аткарууну камсыз кылуу тууралуу кабарламаны тиркөө менен жиберүүгө укуктуу.

Эгерде үчүнчү жак чечимде көрсөтүлгөн талаптарды соттун чечими чыкканга чейин аткарбаса жана салык кызматынын органынын бул чечимин талашпаса, анда төлөмгө эквиваленттүү, бирок салык карызынын суммасынан ашпаган сумма өндүрүлөт. Ушул бөлүктө каралган сумманы өндүрүү соттун чечими боюнча жүзөгө ашырылат.

3. Салык төлөөчүнүн мүлкүнүн эсебинен салыкты өндүрүү жөнүндөгү доо боюнча ишти кароо Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.

4. Соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин негизинде салык төлөөчүнүн мүлкүнүн эсебинен салык карыздарын өндүрүү Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык жүргүзүлөт.

5. Салык төлөөчүнүн - жеке жактын мүлкүнүн эсебинен салык карыздарын өндүрүү төмөнкүлөргө карата жүргүзүлбөйт:

1) 1000 эсептик көрсөткүчкө чейинки өлчөмдөгү негизги каражаттарга;

2) экономикалык иш-аракетке тиешеси жок жана Министрлер Кабинети аныктаган тизме боюнча жеке жактын же анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ар күндүк өздүк пайдалануусу үчүн арналган мүлккө.

Салык төлөөчүнүн мүлкүнүн эсебинен салык өндүрүүдө ушул бөлүктүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн мүлктү бөлүштүрүүгө мүмкүн болбосо, бул мүлк белгиленген чекке чейин мүлктүн суммасын кийин кайтарып берүү менен ушул берененин шарттары боюнча сатылууга тийиш.

6. Салык төлөөчүнүн мүлкүнүн эсебинен салыктык карызды өндүргөн учурда аны саткан жана түшкөн суммалардын эсебинен салык карызын жойгон күндөн тартып салык карыздарын төлөө боюнча милдеттенме аткарылды деп эсептелет. Мурда камакта турган мүлктү саткан учурда салык карызын жана салыктык санкцияларды өз учурунда которбогондук үчүн туумдар мүлктү камакка алган күндөн тартып жана түшкөн суммаларды бюджетке которгонго чейин эсептелбейт.

7. Салык органынын кызмат адамы, ошондой эле алар менен өз ара байланыштуу адамдар салык төлөөчүнүн мүлкүнүн эсебинен салык өндүрүү жөнүндө соттун чечимин аткаруу тартибинде салык төлөөчүнүн сатылуучу мүлкүн сатып алууга укуксуз.

8. Ушул берене салыктык текшерүүнүн жана ага даттануунун натыйжасында келип чыгуучу салык милдеттенмесине карата даттануу боюнча чечим кабыл алынганга чейин колдонулбайт.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

87-берене. Салык карызы бар салык төлөөчүлөрдүн Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгуусун чектөө

1. Салык кызматынын органдары салык төлөөчү мойнуна алган 1000 эсептик көрсөткүчтөн ашкан өлчөмдө жана салык карызынын аткарылышын камсыз кылуу жөнүндө кабарлама берилген күндөн кийинки 15 календардык күндүн ичинде атка-рылбаган салык карызы бар жеке жактын же уюмдун жетекчи-синин тышка чыгуусун чектөө жөнүндө арыз менен сотко кай-рылууга укуктуу.

2. Тышка чыгууну чектөө жөнүндө арыз доону камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын жарандык процесстик мыйзамдарында каралган тартипте райондук (шаардык) сот тарабынан каралат.

3. Тышка чыгууну чектөө жөнүндө соттун актысы салык кызматынын органы тарабынан мамлекеттик чек араны коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтүлөт.

4. Тышка чыгууну чектөө жөнүндө соттук актыны жокко чыгаруу жөнүндө сотко кайрылуу үчүн негиз болуп мурда орун алгандыгына жараша ушул Кодекстин 79-беренесине ылайык салык милдеттенмесин токтотуу болуп саналат.

5. Эгерде өзүнө карата тышка чыгууну чектөө жөнүндө соттук акт кабыл алынган уюмдун жетекчиси бул уюмдагы өзүнүн ишин токтотсо, салык кызматынын органы бул уюмдун жаңы жетекчисине карата чектөө киргизүү менен бир эле учурда бул адамга карата чектөөнү алып салуу жөнүндө арыз менен сотко кайрылат.

6. Тышка чыгууну чектөө жөнүндө соттук актынын болушу салыктык карызды мажбурлап өндүрүү үчүн салык кызматынын органдары кийин сотко кайрылганда Кыргыз Республикасынын жарандык процесстик мыйзамдарында каралган салык төлөөчүгө карата доону камсыз кылуу боюнча чараларды колдонууга тоскоолдук болуп саналбайт.

7. Салык кызматынын органдары тышка чыгууну чектөө жөнүндө соттук актыны аткарууга тиешелүү ар кандай маалыматтарды мамлекеттик чек ара чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан суратууга укуктуу.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

8-глава. Салык милдеттенмесин аткаруу жана салык карызын жоюу мөөнөттөрүн өзгөртүү

88-берене. Салык милдеттенмесин аткаруу жана салык карызын жоюу мөөнөттөрүн өзгөртүүнүн жалпы шарттары

1. Салык милдеттенмесин аткаруунун, ошондой эле салык карызын (мындан ары - салык карызынын суммасы) жоюунун мөөнөтүн өзгөртүү деп салык карызынын суммасын төлөөнүн белгиленген мөөнөтүн кыйла кийинки мөөнөткө которуу түшүнүлөт.

2. Салык карызынын суммасын төлөө мөөнөтүн өзгөртүүгө ушул главада каралган тартипте гана жол берилет.

Эгерде ушул главада башкача каралбаса, төлөө мөөнөтү салык карызынын төлөнбөгөн суммасына пайыздарды эсептөө менен салык карызынын төлөнүүгө тийиш болгон бардык суммасына же болбосо анын бөлүктөрүнө карата өзгөртүлүшү мүмкүн.

3. Салык карызынын суммасын төлөө мөөнөтүн өзгөртүү кийинкиге жылдыруу жана/же бөлүп төлөө формасында жүзөгө ашырылат.

4. Салык карызынын суммасын төлөө мөөнөтүн өзгөртүү аны төлөө боюнча колдонуудагы милдеттерди жойбойт жана жаңыларын түзбөйт.

5. Ушул Кодекстин 34-беренесинде каралган учурларды кошпогондо, салык карызынын суммасын төлөө мөөнөтүн өзгөртүү банктык кепилдик менен гана жүргүзүлөт.

6. Ушул берененин жоболору акциз салыгы боюнча салык карызынын суммасына карата колдонулбайт.

 

89-берене. Салык карызынын суммасын төлөө мөөнөтүн өзгөртүүнү жокко чыгаруучу жагдайлар

1. Салык карызынын суммасын төлөө мөөнөтү, эгерде мындай өзгөртүүгө талапкер болгон салык төлөөчүгө карата ал өзүнүн акча каражаттарын же салык салынууга тийиш болгон башка мүлкүн жашыруу үчүн ушундай өзгөртүүнү пайдаланат дегенге документтик негиздер болсо, же болбосо бул салык төлөөчү туруктуу жашоо үчүн Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары чыгып кетүүгө камданса, мындай өзгөртүү болушу мүмкүн эмес.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жагдайлар пайда болсо, салык карызынын суммасын төлөө мөөнөтүн өзгөртүү жөнүндө мурда кабыл алынган чечим жокко чыгарылууга тийиш.

Чыгарылган чечимди жокко чыгарууда салык кызматынын органы ушул Кодексте белгиленген тартипте салык төлөөчүгө бул чечим чыгарылган күндөн кийинки 3 жумушчу күндүн ичинде жазуу жүзүндө кабарлайт.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

90-берене. Салык карызынын суммасын төлөө мөөнөтүн өзгөртүү жөнүндө чечим кабыл алууга ыйгарым укуктуу орган

Салык карызынын суммасын төлөө мөөнөтүн өзгөртүү жөнүндө чечим салык карызынын суммасына карабастан, салык төлөөчүнүн учурдагы салыктык эсепке алуу же катталган жери боюнча салык органы тарабынан кабыл алынат.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

91-берене. Салык карызынын суммасын төлөө боюнча кийинкиге жылдыруунун же бөлүп төлөөнүн тартиби жана шарттары

1. Эгерде ушул беренеде башкасы каралбаса, салык карызынын суммасын төлөө боюнча кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө ушул беренеде каралган негиздер болгон учурда аны төлөө мөөнөтүн салык төлөөчү салык карызынын суммасын бир жолку төлөө менен (мындан ары - кийинкиге жылдыруу) жана/же салык төлөөчү салык карызынын суммасын этап-этабы менен төлөө (мындан ары - бөлүп төлөө) аркылуу бир айдан 3 жылга чейинки мөөнөткө өзгөртүүнү билдирет.

ЕАЭБ мүчө-мамлекеттерден товарлардын импортуна КНС боюнча мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө салык төлөөчү импорттолуучу товарлардын эсебине кабыл алган күндөн тартып 6 айдан ашпаган мөөнөттө берилиши мүмкүн.

2. Кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө мөөнөтү пайда болгон жана салык төлөөчү тарабынан төмөнкүдөй себептердин биринен улам төгүлбөгөн салык карызынын суммасына карата анын арызы боюнча берилиши мүмкүн:

1) ал жеткис күчтүн жагдайларынын натыйжасында салык төлөөчүгө келтирилген зыяндын;

2) берилген товарлар, аткарылган жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн бул салык төлөөчүгө бюджеттен каржылоо же алар үчүн акы төлөө кечиктирилген, ошондой эле мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштин алкактарында;

3) кийинкиге жылдыруу жана/же бөлүп төлөө салык милдеттенмесин аткарууга өбөлгө түзгөн учурда салык төлөөчүнүн финансылык же мүлктүк абалы салык карызынын суммасын бир жолку төлөөгө мүмкүндүгүн болтурбаса.

3. Кийинкиге жылдыруу жана/же бөлүп төлөө бир же бир нече салыктар боюнча берилиши мүмкүн.

4. Эгерде кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө ушул берененин 2-бөлүгүнүн 3-пунктунда көрсөтүлгөн негиздери боюнча берилсе, салык карызынын суммасына анын кийинкиге жылдырылган же бөлүп төлөнгөн суммасынан Улуттук банктын эки эселенген эсептик ставкасына жараша пайыздар эсептелет. Пайыздар кийинкиге жылдыруу жана бөлүп төлөө берилген мезгилдеги ар бир күн үчүн эсептелет.

Эгерде кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө ушул берененин 2-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн негиздер боюнча берилсе, бул салык карызынын суммасына пайыздар эсептелбейт.

5. Салык карызынын кийинкиге жылдырылган же бөлүп төлөнүүчү суммасына туумдар жана салыктык санкциялар эсептелбейт.

6. Кийинкиге жылдыруу жана бөлүп төлөө мөөнөтүн берүү жөнүндө арыз негиздерин көрсөтүү менен салык төлөөчүнүн эсептик каттоосу же учурдагы салыктык каттосунун жери боюнча салык органына берилет. Эгерде ушул Кодексте башкача белгиленбесе, бул арызга ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн негиздердин жана салык карызынын кийинкиге жылдырылган же бөлүп төлөнүүчү суммасын төлөөнүн банктык кепилдиктери жөнүндө документтердин бар экендигин ырастоочу документтер тиркелет.

7. Кийинкиге жылдыруу жана бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгүн берүү же аларды берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим салык төлөөчүнүн арызын алган күндөн кийинки күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде салык органы тарабынан кабыл алынат.

Салык төлөөчүнүн арызын караган мезгилде салык органдары салык карызын мажбурлап өндүрүү чараларын токтотуп турат.

8. Ушул главада белгиленген талаптарды аткарууда салык карызынын суммасын төлөө мөөнөтүн өзгөртүүнү жокко чыгарган жагдайлар болбосо, салык органы ушул берененин 2-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн негиздер боюнча салык төлөөчүгө келтирилген зыяндын тийиштүү суммасынын же болбосо ушул салык төлөөчү тарабынан берилген товарлар, аткарылган жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн бюджеттен кем каржыланган же төлөнбөгөн сумманын чегинде салык төлөөчүгө кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгүн берүүдөн баш тартууга укугу жок.

9. Кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгүн берүү жөнүндө чечимде кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгү берилген салык, салык карызынын суммасын жана эсептелүүчү пайыздарды төлөө мөөнөтү жана тартиби, ошондой эле ушул Кодексте белгиленген учурларда салык карызынын кийинкиге жылдырылган же бөлүп төлөнүүчү суммасын төлөөнүн банк кепилдиги жөнүндө документтер көрсөтүлүүгө тийиш.

Кийинкиге жылдыруу жана бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгүн берүү жөнүндө чечим ушул чечимде аныкталган күндөн тартып күчүнө кирет. Мында салык карызын төлөө үчүн белгиленген күндөн тартып бул чечим күчүнө кирген күнгө чейинки бүткүл мезгил үчүн эсептелген туум жана салыктык санкциялар карыз суммасына кошулат.

10. Кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгүн берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим негизделүүгө тийиш.

11. Кийинкиге жылдыруу жана бөлүп төлөө мөөнөтүн берүү же аны берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим мындай чечим кабыл алынган күндөн кийинки күндөн тартып 3 жумушчу күндүн ичинде салык органы тарабынан салык төлөөчүнүн учурдагы салыктык эсепке алынган жери боюнча жиберилет.

12. ЕАЭБ бажы чек арасы аркылуу товарларды алып өтүүгө байланыштуу салыктык карызды төлөө боюнча кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгүн берүүнүн тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен аныкталат.

13. Стратегиялык объекттерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык стратегиялык объекттердин тизмесине киргизилген ата мекендик уюмдарга, эгерде кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө тууралуу арыз берилген салык карызына карата соттун өндүрүп алуу жөнүндө чечими болбосо, 18 айдан ашпаган мөөнөткө банктык кепилдиксиз кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө берилиши мүмкүн.

Банктык кепилдик бар болгон учурда кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө жалпы тартипте берилет.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

92-берене. Кийинкиге жылдыруунун жана бөлүп төлөөнүн колдонулушун токтотуу

1. Кийинкиге жылдыруунун жана/же бөлүп төлөөнүн колдонулушу тиешелүү чечимдин же келишимдин колдонуу мөөнөтү бүткөндө токтотулат же болбосо ушул беренеде каралган учурларда мындай мөөнөт бүткөнгө чейин токтотулушу мүмкүн.

2. Кийинкиге жылдыруунун жана/же бөлүп төлөөнүн колдонулушу салык төлөөчү салык карызынын бардык эсептелген суммасын жана тиешелүү пайыздарды белгиленген мөөнөт бүткөнгө чейин төлөгөн учурда мөөнөтүнөн мурда токтотулат.

3. Ал жеткис күчтүн жагдайларынын келип чыгуу себеби боюнча бузууларды кошпогондо, кийинкиге жылдыруу жана/же бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгүн берүүнүн шарттарын салык төлөөчү бузганда салык төлөөчү чечимди алган күндөн кийинки күндөн тартып 10 күндүн ичинде бузууларды четтетүү жөнүндө чечимди салык кызматынын органы салык төлөөчүгө жиберет. Эгерде салык төлөөчү бул чечимди аткарбаса жана талашпаса, кийинкиге жылдыруунун жана/же бөлүп төлөөнүн колдонулушу салык төлөөчү кийинкиге жылдыруунун жана/же бөлүп төлөөнүн шарттарын бузган күндөн тартып мөөнөтүнөн мурда токтотулат.

4. Ушул берененин 3-бөлүгүнө ылайык кийинкиге жылдыруунун жана/же бөлүп төлөөнүн колдонулушу мөөнөтүнөн мурда токтотулганда салык төлөөчү тиешелүү чечимди алгандан кийин 30 календардык күндүн ичинде салык карызынын төлөнбөгөн суммасын, ошондой эле ушул чечим кабыл алынган күндөн кийинки күндөн тартып ушул сумма төлөнгөн күндү кошуу менен ар бир күн үчүн салык калдыгынын суммасына туумду жана салыктык санкцияларды төлөөгө тийиш.

Мында салык карызынын төлөнбөй калган суммасы кийинкиге жылдыруу жана/же бөлүп төлөө мөөнөтүн берүү жөнүндө чечимде аныкталган, кийинкиге жылдыруунун жана/же бөлүп төлөөнүн колдонуу мезгили үчүн кийинкиге жылдыруу жана бөлүп төлөө жөнүндө чечимге ылайык эсептелген пайыздардын суммасына көбөйтүлгөн жана салык карызынын жана пайыздардын иш жүзүндө төлөнгөн суммаларынын ортосундагы айырма катары аныкталат.

5. Кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөөнү жокко чыгаруу жөнүндө чечим бул чечимди кабыл алган салык органы тарабынан чечим кабыл алынган күндөн кийинки күндөн тартып 3 жумушчу күндөн кечиктирбестен ушул Кодексте белгиленген тартипте салык төлөөчүгө жиберилет.

9-глава. Салыктарды эсепке алуу жана кайтарып берүү

93-берене. Салыктын ашыкча төлөнгөн суммасын эсепке алуу жана кайтарып берүү

1. Ушул Кодекстин 326-329-беренелеринде аныкталган кошумча нарк салыгы (мындан ары - КНС) боюнча ашкан сумманы кошпогондо, салыктын, ошондой эле пайыздардын, туумдардын жана салыктык санкциялардын ашык төлөнгөн суммасы деп салык төлөөчү бюджетке төлөгөн салыктын, ошондой эле пайыздардын, туумдардын жана салыктык санкциялардын суммасы менен бюджетке төлөнүүгө тийиш болгон салыктын, ошондой эле пайыздардын, туумдардын жана салыктык санкциялардын суммасынын ортосундагы оң айырма эсептелет.

2. Салыктын, ошондой эле пайыздардын, туумдардын жана салыктык санкциялардын ашык төлөнгөн суммасы салык төлөөчүнүн салык боюнча карызын төлөөнүн эсебине төмөнкүдөй тартипте кириштелет:

1) салыктын бул түрү боюнча пайыздарды, туумду жана салыктык санкцияларды жоюунун эсебине;

2) салыктардын башка түрлөрү боюнча салык калдыгын жоюунун эсебине;

3) салыктардын башка түрлөрү боюнча пайыздарды, туумдарды жана салыктык санкцияларды жоюунун эсебине.

3. Салыктын ашыкча төлөнгөн суммасын ушул салык боюнча келерки мезгилдердеги салык милдеттенмелерин аткаруу эсебине, ошондой эле салыктын ушул түрү боюнча пайыздардын, туумдардын жана салык санкцияларынын эсебине чегерүү салык кызматынын органы тарабынан өз алдынча жүргүзүлөт.

4. Салык төлөөчүдө ашыкча төлөнгөн салыктык сумма бар болгон жана башка салыктар боюнча аткарылбаган салыктык милдеттенмеси пайда болгон учурда аткарыла элек салык милдеттенмесинин эсебине салыктын ашыкча төлөнгөн суммасын чегерүү салык органы тарабынан аткарылбаган салык милдеттенмеси келип чыккан датага карата чегерүү жүргүзүлгөн күндөн кийинки 10 календардык күндүн ичинде салык төлөөчүгө кабарлоо менен өз алдынча жүргүзүлөт.

5. Ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган шарттар аткарылган учурда салыктын, ошондой эле пайыздардын, туумдардын жана салыктык санкциялардын ашыкча төлөнгөн суммасы салык төлөөчүнүн арызы боюнча башка салыктар боюнча келерки мезгилдердин салыктык милдеттенмелерин аткаруунун эсебине чегерилүүгө тийиш же болбосо салык төлөөчүгө кайтарып берилет.

6. Салыктын, ошондой эле пайыздардын, туумдардын жана салыктык санкциялардын ашыкча төлөнгөн суммасын кайтарып берүү салык органы тарабынан салык төлөөчүнүн учурдагы салыктык эсепке алынган же төлөгөн жери боюнча кайтарып берүү жөнүндө арыз түшкөн күндөн кийинки күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде жүргүзүлөт.

61. Салыктын, ошондой эле пайыздардын, туумдардын жана салыктык санкциялардын ашыкча төлөнгөн суммасын чегерүү салык органы тарабынан чегерүү жөнүндө арыз келип түшкөн күндөн кийинки 10 жумуш күндүн ичинде жүргүзүлөт.

7. Салык төлөөчүнүн салыктын, ошондой эле пайыздардын, туумдардын жана салыктык санкциялардын ашык төлөгөн суммасы башка салык төлөөчүнүн салык карызын жоюу эсебине эсепке алынууга тийиш эмес.

8. Арызды кароонун натыйжасында салык органы төмөнкүдөй чечим кабыл алат:

1) ашыкча төлөнгөн салыктын, пайыздардын, туумдардын жана салык санкцияларынын суммасын эсепке алуу же кайтарып берүү жөнүндө;

2) ашыкча төлөнгөн салыктын, пайыздардын, туумдардын жана салык санкцияларынын суммасын эсепке алуудан же кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө.

9. Салыктын, ошондой эле пайыздардын, туумдардын жана салыктык санкциялардын ашыкча төлөнгөн суммасын эсепке алуу же кайтарып берүү жөнүндө арызды салык төлөөчү ашык төлөнгөн сумма пайда болгон күндөн кийинки күндөн тартып доонун эскирүү мөөнөтүнүн ичинде бериши мүмкүн.

10. Салыктын ашыкча төлөгөн, ошондой эле салыктын бир түрүнөн салыктын башка түрүнө жүргүзүлгөн эсепке алуунун эсебинен пайда болгон пайыздардын, туумдардын жана салыктык санкциялардын суммасы эсепке алынууга жана кайтарып берилүүгө тийиш эмес.

11. Салыктын, ошондой эле пайыздардын, туумдардын жана салыктык санкциялардын ашыкча төлөнгөн суммасы салык төлөөчүгө анын жазуу жүзүндөгү арызы боюнча салык төлөөчүгө аткарыла элек салыктык милдеттенмеси жок болсо кайтарып берилүүгө тийиш.

12. Доонун эскирүү мөөнөтү аяктагандан кийин салык төлөөчүнүн салыктын, ошондой эле пайыздарын, туумдарын жана салык санкцияларынын ашыкча төлөнгөн суммасы салык төлөөчүнүн жеке эсебинен бюджеттин пайдасына алынат.

13. Ушул берененин 6-бөлүгүндө белгиленген мөөнөт бузулган учурда кайтарып берүү мөөнөтү бузулган ар бир күн үчүн салык төлөөчүгө бюджеттин каражаттарынын эсебинен 0,09 пайыз өлчөмүндө туумдар төлөнөт.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

94-берене. Бюджетке туура эмес төлөнгөн салыктын суммасын эсепке алуу жана кайтарып берүү

1. Бюджетке туура эмес төлөнгөн салыктын суммасы - бул төлөөдө төмөнкүдөй каталардын бирине жол берилген сумма:

1) төлөм документинде:

а) салыктын суммасы бюджетке төлөнө турган жашаган жери боюнча салык органынын топтоо эсебинин ордуна башка салык органынын коду көрсөтүлсө;

б) төлөмдүн тексттик багыты төлөмдүн багытынын кодуна жан/же кирешенин бюджеттик классификациясынын кодуна дал келбесе;

2) банк салык төлөөчүнүн төлөм документин туура эмес аткарса;

3) салык төлөөчү салыктык каттоодо жана/же каттоо эсебинде турбаган салык органында төлөм жүргүзүлсө;

4) салык төлөөчү салыктын бул түрү боюнча бюджетке салык төлөөчү болуп саналбаса.

2. Бюджетке туура эмес төлөнгөн салыктын суммасын эсепке алуу жана кайтаруу салык төлөөчүнүн жана/же банктын арызы боюнча жүргүзүлөт.

3. Салык органы арыздын негизинде бюджетке салыктын туура эмес төлөнгөн суммасынын себептери жөнүндө маалымкатты жол-жоболоштурат.

4. Бюджетке салыктын туура эмес төлөнгөн суммасын эсепке алуу жана кайтарып берүү салык төлөөчүнүн же банктын бюджетке салыктын туура эмес төлөнгөн суммасы, салыктын суммасынын туура эмес түшүүсү жөнүндө арызын алган күндөн тартып 5 жумушчу күндүн ичинде жүргүзүлөт.

5. Эгерде салык органы ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн каталардын бири бар экенин ырастаса, чечимдин негизинде салык органы:

1) туура эмес төлөнгөн сумманы бюджеттин классификациянын тиешелүү төлөм кодуна жана/же салык органдын тиешелүү топтоочу эсебине чегерет;

2) ашыкча төлөнгөн сумманы салык төлөөчүнүн эсебине кайтарып берет.

6. Салык төлөөчүнүн төлөм документи банк тарабынан туура эмес аткарылган учурда, ал ошол эле төлөм документи боюнча бюджетке салык суммасын кайра которууга алып келсе, салык органы чечимдин негизинде банктын арызы боюнча катачылык фактысы ырасталган учурда туура эмес төлөнгөн сумманы кайтарып берет.

7. Салык төлөөчүнүн эсебине кайтарып берүү салык төлөөчүнүн салыктык карызы жок болгон учурда жүргүзүлөт.

8. Салык органы ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн каталардын бар экендигин ырастабаган учурда туура эмес төлөнгөн сумманы эсепке алуудан же кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө негизделген чечимди арыз келип түшкөн күндөн тартып беш жумуш күндүн ичинде кабыл алат.

95-берене. Сатып алынган товарларга, жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө контролдук-кассалык чектерде көрсөтүлгөн сумманын бир бөлүгүн кайтарып берүү

1. Жеке жак Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүлөрүнөн алынган контролдук-кассалык чектерде көрсөтүлгөн, мындай чектерди ыйгарым укуктуу салык органынын маалымат тутумунда каттоо шарттарында, республикалык бюджетте каралган каражаттардын, салык суммасынын бөлүгүнүн же товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн наркынын эсебинен кайтарып алууга укуктуу.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн сумманы кайтарып берүү тартиби, өлчөмү жана мөөнөттөрү Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

10-глава. Салык кызматынын органынын чечими

96-берене. Салык кызматынын органынын чечими жана анын мазмуну

1. Салык төлөөчү үчүн олуттуу юридикалык кесепеттерге алып келүүчү бардык маселелер боюнча чечим салык кызматынын органы тарабынан ушул Кодекске ылайык кабыл алынат.

2. Ушул Кодекстин ченемине ылайык кабыл алынган, ушул Кодекстин 17-беренесине ылайык салыктык укук мамилелерди жөнгө салуу үчүн карама-каршылыктардын бар экендиги же зарыл ченемдердин жоктугу жөнүндө чечим кабыл алынган салык төлөөчүнүн салык милдеттенмелеринин суммасын эсептөө жөнүндө салык кызматынын органынын чечими жокко чыгарылууга тийиш.

Мындай чечим карама-каршылыктардын бар экендиги же ченемдердин жоктугу жөнүндө чечим ыйгарым укуктуу салык органына келип түшкөн күндөн тартып 15 жумушчу күндөн ашпаган мөөнөттүн ичинде кабыл алынат.

3. Чечимдин түрүнө жараша анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

1) салык төлөөчүнүн аты-жөнү же толук аталышы;

2) салык төлөөчүнүн ИСН;

3) чечим кабыл алынган дата;

4) чечим кабыл алуу үчүн негиз;

5) кабыл алынган чечим;

6) чечим кабыл алынган күнгө карата эсептелген салыктар, пайыздар, туумдар жана салык санкциялары боюнча карыздын суммасы;

7) тиешелүү салыктардын, пайыздардын, туумдардын жана салык санкцияларынын реквизиттери;

8) ушул Кодексте белгиленген салык милдеттенмесин аткаруу мөөнөтү;

9) салык төлөөчү чечимди аткарбаган учурда колдонула турган салык милдеттенмесин аткарууну камсыз кылуу боюнча чаралар;

10) салык кызматынын органынын салык төлөөчүгө жана/же анын салык милдеттенмесине жана/же анын салык карызына карата кылган аракеттери жөнүндө маалымат;

11) даттануу тартиби;

12) салык төлөө же салык карызын жоюу үчүн зарыл болгон банк реквизиттери;

13) башка зарыл маалыматтар.

4. Эгерде ушул главада башкача каралбаса, салык кызматынын органынын чечими салык төлөөчүгө аны тапшыруу жолу менен жеткирилет.

5. Чечим эки нускада түзүлөт, алардын бири салык төлөөчүгө же ушул Кодексте белгиленген учурларда башка жактарга тапшырылат.

6. Чечимди кабыл алуунун формасы жана тартиби ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгиленет.

7. Кылмыш-жаза-укуктук жана кылмыш-жаза-процессуалдык укук мамилелеринин алкагында салык кызматынын органдары кабыл алган чечимдин формасы жана мазмуну Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза, кылмыш-жаза-процессуалдык мыйзамдары жана аталган чөйрөдөгү Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.

 

97-берене. Салык кызматынын органынын чечимин жана башка документтерин салык төлөөчүгө тапшыруу

1. Ушул беренеде каралган чечимдер жана башка документтер:

1) салык төлөөчүнүн экономикалык иштерди жүзөгө ашырган акыркы дареги боюнча же Кыргыз Республикасындагы анын акыркы катталган дареги боюнча же кат-кабарда көрсөтүлгөн дарек боюнча же салык төлөөчүнүн салык өкүлүнө жекече кол койдуруу же анын алынган фактысын жана датасын ырастаган башка ыкма менен жеткирилет;

2) салык төлөөчүгө же анын салык өкүлүнө салык органында жекече кол койдуруу менен берилет;

3) эгерде ушул бөлүктө башкасы каралбаса, салык төлөөчүнүн электрондук документ түрүндө корреспонденцияны алууга макулдугу болгондо ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык тутуму же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү башка маалыматтык тутумдары аркылуу электрондук документ түрүндө жеткирилет.

Салык төлөөчү мойнуна алган салык милдеттенмесин аткарууну камсыздоо жөнүндө кабарлоо ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык тутуму же электрондук документ түрүндө корреспонденцияны алууга салык төлөөчүнүн макулдугусуз башка маалыматтык тутумдары аркылуу электрондук документ түрүндө жеткирилиши мүмкүн.

2. Чечим же документ төмөнкүдөй учурларда тапшырылган болуп эсептелет:

1) эгерде почта аркылуу буюртма кат менен тапшыруу жөнүндө квитанцияда көрсөтүлгөн буюртма катты алган же алуудан баш тарткан датага карата жөнөтүлсө;

2) эгерде электрондук документ түрүндө электрондук документ жөнөтүлгөн учурдан тартып 5 календардык күндөн кийин жөнөтүлсө.

3. Чечимдер же документтер ушул Кодекске каршы келбеген, ушул Кодекстин талаптарына жооп берген жана ушул Кодексте белгиленген тартипте салык төлөөчүгө тапшырылган учурда гана өз күчүндө болот.

4. Чечим ушул Кодексте көрсөтүлгөн талаптар сакталбаган учурда, ал тургай салык төлөөчүгө чечим жана анын мазмуну жөнүндө белгилүү болсо да жарактуу же күчүндө деп эсептелбейт. Салык төлөөчүгө чечимди талаптагыдай тапшыруу фактысынын далили салык кызматынын органынын милдети болуп саналат.

5. Бузуу аныкталган учурда ыйгарым укуктуу салык органынын бул чечимдин негиздүүлүгү жөнүндө чечими болбосо, салык кызматынын органы өзүнүн чечимин жокко чыгарууга укуктуу.

Бузуу аныкталган учурда ыйгарым укуктуу салык органы, эгерде бул чечимдин негиздүүлүгү жөнүндө соттун чечими жок болсо, даттанууну кароонун жыйынтыгы боюнча өзүнүн чечимин жокко чыгара алат.

6. Салык төлөөчүгө же анын салык өкүлүнө төмөнкүдөй чечимдер берилет:

1) салыктык каттоо жөнүндө;

2) КНС төлөөчү катары каттоо жөнүндө;

3) салык төлөөчүнү кайра каттоо жөнүндө;

4) салыктык каттоону жокко чыгаруу жөнүндө;

5) эсепке алуу каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө;

6) КНС боюнча каттоону жокко чыгаруу жөнүндө;

7) көчмө текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө;

8) камералдык текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө;

9) салык милдеттенмесин аткаруунун жеңилдетилген режимин колдонуу жөнүндө;

10) салык төлөөчүнүн даттануусу боюнча;

11) көчмө текшерүүнү дайындоо жана/же узартуу жана/же токтотуп туруу, жана/же жандандыруу жөнүндө;

12) салык төлөөчү тарабынан текшерилүүчү документтерди берүү жөнүндө;

13) салык төлөөчүнүн депозити жөнүндө;

14) салык карызынын суммасын төлөө боюнча мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу/бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгүн берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө;

15) салык карызынын суммасын төлөө боюнча мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө шарттарын бузууну четтетүү жөнүндө;

16) салык отчетторун берүү мөөнөтүн узартуу жөнүндө;

17) ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүлүп алынган салык суммаларын салык төлөөчүнүн арызы боюнча салык карызынын эсебине жана/же алдыдагы салык милдеттенмесин аткаруу эсебине чегерүү жөнүндө;

18) салык кызматынын органы өз алдынча өндүргөн ашыкча төлөнгөн салык суммасын эсепке алуу жөнүндө;

19) КНС ашыкча төлөнгөн суммасынын ордун толтуруу/кайтарып берүү тууралуу же ордун толтуруудан/кайтарып берүүдөн баш тартуу жөнүндө;

20) (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

21) (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

22) эсеп-фактураны жараксыз деп таануу жөнүндө;

23) салык кызматынын органынын мурда кабыл алынган чечимин жокко чыгаруу жөнүндө;

24) КНСтин ашыкча төлөнгөн суммасынын өлчөмүнүн негиздүүлүгүн жана түзүлгөнүн камералдык текшерүүнүн жыйынтыктары жөнүндө;

25) уюмду жоюуда же жеке ишкердин ишин токтотууда изилдөө материалдарын карап чыгуунун жыйынтыктары жөнүндө;

26) салык милдеттенмесинин эсептелген же азайтылган суммасы жөнүндө.

7. Салык төөлөөчүгө же анын салык өкүлүнө төмөнкү документтер тапшырылат:

1) көчмө текшерүүнүн материалдарын кароо убактысы жана орду жөнүндө кабарлоо;

2) жер участогунун, мүлк объекттин физикалык өлчөөсүнүн датасы жана убактысы жөнүндө кабарлоо;

3) камералдык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча салык төлөөчүнүн ишинин көрсөткүчтөрүндө дал келбестиктер аныкталгандыгы жөнүндө кабарлоо;

4) салык төлөөчү тарабынан таанылган салык карызын аткарууну камсыздоо жөнүндө кабарлоо.

5) мүлккө салыкты эсептөө жөнүндө кабарлоо.

8. Салык кызматынын органдары өз милдеттерин аткаруу максатында төмөнкү чечимдерди чыгарып жана тийиштүү субъекттерге бере алат:

1) мүлктү ишенимдүү башкарууну ишке ашырган камкорчуга, көзөмөлчүгө же башкаруучуга, ошондой эле үй-бүлөлөрдү жана балдарды колдоо боюнча органга - дайынсыз жок болгон же аракетке жөндөмсүз деп таанылган жеке жактын салык милдеттенмеси аткарылгандыгы жөнүндө;

2) банкка - текшерилүүчү салык төлөөчүнүн эсептери менен жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө маалымат берүү, ошондой эле анын эсебинен учурдагы абалы жөнүндө маалымат берүү жөнүндө;

3) үчүнчү жактарга - салык төлөөчүнүн дарегине же анын тапшырмасы боюнча акчалай төлөмдөрдү токтотуу талабын коюу жөнүндө;

4) экспертке жана салык төлөөчүгө - экспертиза жүргүзүү жөнүндө.

Ушул Кодексте каралган учурларда, каза болгон жеке жактын салык карызынын бар экендиги жөнүндө кабарлоо мурас ачылган жердеги нотариуска жана мураскорго жөнөтүлүшү мүмкүн.

9. Ушул Кодекстин 72-беренесинде каралган учурларды кошпогондо, ушул Кодексте каралган чечимдер салык төлөөчү тарабынан ушул Кодекстин 20-главасында каралган тартипте даттанылышы мүмкүн.

Ушул Кодексте каралган башка документтер, анын ичинде кабарлоо, жазма буйруктар, актылар даттанылбайт.

10. Бул берененин жоболору кылмыш-жаза, кылмыш-жаза-процессуалдык мыйзамдарынын ченемдерине жана Кыргыз Республикасынын аталган чөйрөдөгү башка ченемдик актыларына ылайык кабыл алынган чечимдерге кирбейт.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

11-глава. Салык отчеттуулугу

98-берене. Эсепке алуу документтерин түзүү жана сактоо

1. Эсепке алуу документтери салык милдеттенмесин аныктоо үчүн негиз болуп саналуучу баштапкы документтерди, бухгалтердик эсептин регистрлерин жана башка документтерди камтыйт.

2. Эсепке алуу документтери кагаз түрүндө жана/же электрондук алып жүрүүчүлөрдө түзүлөт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, ушул Кодексте белгиленген тиешелүү салыктык милдеттенме боюнча доонун эскирүү мөөнөтү өткөнгө чейин сакталат, бирок ал ушул Кодексте белгиленген доонун эскирүү мөөнөтүнөн кем болбойт.

3. Баштапкы документтер жана бухгалтердик эсептин регистрлери салык төлөөчү тарабынан мамлекеттик же расмий тилде түзүлөт.

4. Чет тилде түзүлгөн башка эсепке алуу документтери бар болсо, салык органынын талабы боюнча салык төлөөчү мындай документтерди мамлекеттик же расмий тилге которууну камсыз кылууга милдеттүү.

5. Салык төлөөчү өзгөртүп кайра түзүлгөн учурда кайра түзүлгөн уюмдун эсепке алуу документтерин сактоо боюнча милдеттенме анын укук улантуучусуна жүктөлөт.

6. Уюм жоюлганда, ошондой эле жеке ишкердин иши токтотулган учурда мамлекеттик реестрден чыгарылгандан кийин эсепке алуу документтери, мамлекеттик архивге тапшырылууга тийиш болгон документтерди кошпогондо, жок кылынышы мүмкүн.

99-берене. Салык отчеттуулугу

1. Салык отчеттуулугу болуп салык төлөөчүнүн ушул Кодексте белгиленген тартипке ылайык салык органына берилген, салык милдеттенмесинин өлчөмү жөнүндө маалыматты, ошондой эле салык милдеттенмесин эсептөө жана салыктык жеңилдиктердин натыйжалуулугун баалоо максатында маалымат базасын түзүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды камтыган жазуу жүзүндөгү жана/же электрондук документ саналат.

2. Салык төлөөчүнүн кызмат адамы болуп саналбаган адам кол койгон салык төлөөчүнүн салык отчеттуулугу салык органдары тарабынан аткарууга кабыл алынбайт.

3. Салык отчеттуулугунун формалары Министрлер Кабинети аныктаган тартипте ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилет.

 

100-берене. Салык отчеттуулугун түзүү жана берүү тартиби

1. Эгерде ушул Кодексте башкача белгиленбесе, салык отчеттуулугу ушул Кодекстин талаптарына ылайык өз алдынча салык төлөөчү, же болбосо салык боюнча өкүл тарабынан түзүлөт.

2. Салык отчеттуулугу кагаз алып жүрүүчүдөгү жана/же электрондук түрдөгү алып жүрүүчүлөрдө мамлекеттик же расмий тилде түзүлөт.

Министрлер Кабинети кагаз алып жүрүүчү түрүндөгү салык отчеттуулугун берүүнү электрондук документтин формасына өткөрүү мөөнөтүн аныктайт.

3. Кагаз алып жүрүүчүдөгү салык отчеттуулугуна салык төлөөчү же салык төлөөчүнүн кызмат адамы жана/же салык боюнча өкүл кол коюуга тийиш. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык салык төлөөчүгө мөөрдү колдонуу талабы коюлса, салык төлөөчүнүн жана салык төлөөчүнүн кызмат адамынын, салык боюнча өкүлдүн койгон колу, мөөр менен күбөлөндүрүлөт.

4. Ушул Кодексте каралган учурларды кошпогондо, салык отчеттуулугун электрондук түрдө түзүүдө электрондук документ салык төлөөчүнүн электрондук кол тамгасы менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш.

5. Салык отчеттуулугунда көрсөтүлгөн маалыматтардын ишенимдүүлүгү үчүн жоопкерчилик салык төлөөчүгө жүктөлөт.

6. Салык отчеттуулугу салык төлөөчүнүн салыктык каттоодон же эсептик каттоодон өткөн орду боюнча салык органына берилет.

7. Салык төлөөчү, салык боюнча өкүл салык отчеттуулугун тандоосу боюнча төмөнкүдөй берүүгө укуктуу:

1) өздөрү барып;

2) кабарлоо менен буюртма кат аркылуу почта боюнча;

3) ыйгарым укуктуу салык органынын маалымат тутуму же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка маалымат тутумдары аркылуу электрондук документ түрүндө.

8. Салык төлөөчүнүн салык отчеттуулугуна милдеттүү талаптар төмөнкүлөр болуп саналат:

1) салык төлөөчүнүн ИСН, юридикалык жана иш жүзүндөгү дарегин көрсөтүү;

2) салык милдеттенмесин жана салык мезгилин көрсөтүү;

3) салык отчеттуулугуна кол коюу боюнча ушул Кодексте белгиленген талаптар;

4) белгиленген форма боюнча отчеттуулукту түзүү.

9. Салык төлөөчү ушул берененин 8-бөлүгүндө каралган талаптарды бузган учурда, салык кызматынын органы бул чечимди салык төлөөчү алган күндөн кийинки күндөн тартып 10 күндүн ичинде бузууларды чететтүү жөнүндө чечимди салык төлөөчүгө жөнөтөт. Аталган чечимди салык төлөөчү аткарган учурда салык отчеттуулугун берүү боюнча милдеттенме аткарылды деп эсептелет.

10. Кагаз алып жүрүүчүдөгү салык отчеттуулугу алдын ала текшерүүсүз жана салык төлөөчүнүн каалоосу боюнча анын мазмунун талкуулабастан кабыл алынат.

11. Салык отчеттуулугун толтуруунун жана берүүнүн тартиби ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгиленет.

12. Салык төлөөчүнүн электрондук документ түрүндө берүүгө мүмкүнчүлүгү болбогон учурда салык төлөөчү салык отчеттуулугун Министрлер Кабинети белгилген учурларда жана тартипте кагаз алып жүрүүчүдө берүүгө укуктуу.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

101-берене. Салык отчеттуулугун берүү мөөнөттөрү

1. Салык отчеттуулугун берүү мөөнөтү ушул Кодекстин талаптарына ылайык ар бир салыкка карата өзүнчө белгиленет.

2. Салык отчеттуулугун берүүнүн белгиленген мөөнөтүн өзгөртүүгө ушул Кодексте каралган тартипте гана жол берилет.

3. Салык отчеттуулугун берүү мөөнөттөрүн бузуу ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинде каралган жоопкерчиликке тартуу үчүн негиз болуп саналат.

4. Эгерде ушул Кодексте башкача белгиленбесе, салык отчеттуулугу төмөнкүдөй мөөнөттөрдө берилет:

1) салыктын алдын ала суммасы боюнча салык отчеттуулугун түзгөн учурда - отчеттук кварталдан кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен;

2) бирдиктүү салык декларациясын түзгөн учурда - ушул Кодекстин 106-беренесинде белгиленген мөөнөттөрдөн кечиктирбестен;

3) бир айга барабар болгон салык мезгили үчүн салык отчеттуулугун түзгөн учурда - отчеттук айдан кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен;

4) бир кварталга барабар болгон салык мезгили үчүн салык отчеттуулугун түзгөн учурда - отчеттук кварталдан кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен;

5) ушул бөлүктүн 1-3-пункттарында каралбаган учурларда - салыктык милдеттенме келип чыккан айдан кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен.

5. Жоюуда жоюу балансын же болбосо бөлүштүрүү балансын же кайра уюштурууда өткөрүп берүү актысын бекитүү жөнүндө чечим кабыл алынган салык мезгилиндеги салык отчеттуулугу уюм тарабынан уюмду кайра уюштурууга же жоюуга байланыштуу салыктык жана/же эсептик каттоону жокко чыгаруу жөнүндө арыз менен бирге анын башкаруу органынын жогоруда аталган документтерди бекиткен күндөн тартып 10 жумушчу күндөн кечиктирбестен берилет.

6. Ишти токтотууга байланыштуу салыктык жана/же эсептик каттоону жоюу жөнүндө арыз салык органына берилген салык мезгилиндеги салык отчеттуулугу жеке ишкер тарабынан мындай арыз менен кошо берилет.

7. Ушул берененин 5-бөлүгүндө каралган салыктык жана/же эсептик каттоону жокко чыгаруу жөнүндө КНС төлөөчүнүн арызы өзүнө КНС боюнча каттоону жокко чыгаруу жөнүндө арызды камтыйт.

8. Ушул берененин 5-бөлүгүндө каралган документтерди бекитүү тууралуу чечим кабыл алынган жана жеке ишкердин өзүнүн ишин токтотууга байланыштуу салыктык жана/же эсептик каттоону жокко чыгаруу жөнүндө арызы берилген салык мезгилиндеги салык отчеттуулугу берилгенден кийин салык төлөөчүнүн ишкердик иши салык каттоосу жок иш деп таанылат.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

102-берене. Салык отчеттуулугун берүү мөөнөтүн узартуу

1. Эгерде ушул беренеде башкача белгиленбесе, ушул Кодексте белгиленген салык отчеттуулугун берүү мөөнөтүнө чейин салык төлөөчүдөн жазуу жүзүндөгү арызды алууда салык кызматынын органы салык отчеттуулугун берүү мөөнөтүн бул салык отчеттуулугу берилген мөөнөттөн кийинки 30 күнгө узартуу жөнүндө чечим чыгарат.

2. Салык отчеттуулугун берүү мөөнөтүн узартуу салык төлөө мөөнөтүн өзгөртпөйт.

3. ЕАЭБ мүчө-мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды импорттоодо кыйыр салыктар боюнча салык отчеттуулугу боюнча салык отчеттуулугун берүү мөөнөтүн узартууга жол берилбейт.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

103-берене. Салык отчеттуулугун берүү боюнча милдеттенмелерди аткаруу датасы

1. Салык отчеттуулугун берүү боюнча милдеттенмелерди аткаруу датасы деп салык кызматынын органы тарабынан отчеттуулукту кабыл алган дата же ушул Кодекстин 100-беренесинин 7-бөлүгүнүн 3-пунктунда көрсөтүлгөн маалымат тутуму электрондук документти кабыл алгандыгы жөнүндө билдирген дата же кайра кабарлоо менен отчеттуулукту почта аркылуу буюртма кат менен жиберүү датасы эсептелет.

2. Эгерде ушул Кодексте белгиленген мөөнөттө отчеттуулук берилгендигин ырастаган, отчётту кабыл алуу убактысы жана датасы жөнүндө белгиси бар документ болсо, салык отчеттуулугун берүү боюнча милдеттенме мөөнөтүндө аткарылды деп эсептелет.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

104-берене. Салык отчеттуулугуна өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү

1. Салык отчеттулугуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө ушул Кодексте белгиленген салык милдеттенмеси боюнча доонун эскирүү мөөнөтүнүн ичинде жол берилет.

2. Өзгөртүүлөр жана толуктоолор таандык болгон салык мезгили үчүн такталган салык отчеттуулугун түзүү, ошондой эле салык милдеттенмесинин өлчөмүнүн өзгөргөндүгүнүн, анын ичинде салык төлөөчү тарабынан талашып-тартылбаган же негиздүүлүгүн сот тастыктаган салык кызматынын органынын чечимине ылайык өзгөртүүлөрдүн жана толуктоолордун себептери жөнүндө тиешелүү маалыматтарды берүү аркылуу салык төлөөчү тарабынан салык отчеттуулугуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилет.

3. Эгерде ушул Кодексте башкача каралбаса, такталган салык отчеттуулугу берилген салык отчеттуулугунда операцияларды чагылдырбоо же толук эмес чагылдыруу фактысы, ошондой эле салыктын суммасынын өзгөрүшүнө алып келүүчү каталар табылган учурда берилет.

4. Төмөнкүдөй салык отчеттуулугуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө жол берилбейт:

1) көчмө салыктык текшерүү жүргүзүү мезгилинин ичинде текшерилүүчү мезгил үчүн түзүлгөн;

2) эгерде ушул өзгөртүүлөр жана толуктоолор маңызы боюнча салык кызматынын органдарынын же соттун чечимдеринен айырмаланса жана бул чечимдер жооко чыгарылбаган жана/же жараксыз деп таанылган.

5. Салык төлөөчү салык отчеттуулугуна өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүүсү мындай салык төлөөчүгө кылмыш-жаза жоопкерчилиги жана Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик боюнча чараларды колдонууга негиз болуп саналбайт.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

105-берене. Салык отчеттуулугун сактоо мөөнөтү

1. Эгерде ушул Кодексте башкасы белгиленбесе, салык төлөөчү же салык өкүлү, ошондой эле тиешелүү салык органы ушул Кодексте белгиленген салык милдеттенмеси боюнча доонун эскирүү мөөнөтүнүн ичинде салык отчеттуулугун сактоого милдеттүү.

2. Салык төлөөчүнү кайра түзүүдө кайра түзүлгөн жак иштеген мезгили үчүн салык отчеттуулугун сактоо боюнча милдеттенме анын укук улантуучусуна жүктөлөт.

3. Мамлекеттик архивге тапшырылууга тийиш болгон документтерди кошпогондо, уюм жоюлганда салык отчеттуулугу салык төлөөчү тарабынан жок кылынышы мүмкүн.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

106-берене. Бирдиктүү салык декларациясы

1. Бирдиктүү салык декларациясы салык отчеттуулугу болуп саналат, анын максаты - субъекттин экономикалык иши тууралуу маалыматты, салыктык милдеттенмелерин эсептөө үчүн зарыл болгон кирешелер, чыгымдар жана мүлк жөнүндө маалымат, эсептелген жана/же төлөнгөн салык суммасы жана колдонулуучу салык жеңилдиктери тууралуу маалыматты берүү.

2. Бирдиктүү салык декларациясын төмөнкүлөр түзүүгө жана берүүгө милдеттүү:

1) бюджеттен каржылануучу жана отчеттук салык мезгили үчүн мүлк салыгы боюнча салыктык милдеттенмелери болбогон уюмдарды кошпогондо, ата мекендик уюм;

2) туруктуу мекеме түзүү менен Кыргыз Республикасынын аймагында ишин жүргүзүп жаткан чет өлкөлүк уюм;

3) Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган жеке жак;

4) Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган, бирок Кыргыз Республикасында жашап турууга укугу же кайрылман статусу бар жеке жак;

5) Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган, бирок Кыргыз Республикасынын аймагында мүлк объекттери бар жеке жак.

Ушул пункттун максаттары үчүн мүлк объекти деп ушул Кодекстин XIII бөлүмүнө ылайык салык салынуучу объект болуп саналган мүлк түшүнүлөт.

3. Бирдиктүү салык декларациясын берүү боюнча ушул берененин 2-бөлүгүнүн талаптары төмөнкүлөргө карата колдонулат:

1) ушул Кодекс колдонууга кирген мезгилден мурунку мезгилге карата төмөнкүлөргө:

а) уюмга;

б) жеке ишкерге;

в) дыйкан же фермердик чарбага;

г) үйдүн жанындагы жана багбанчылык-чарбак участокторун кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык салыктык милдеттенме пайда болгон, менчигинде мүлкү бар жеке жакка;

д) ушул Кодекстин 107-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жеке жакка;

2) 2022-жылдан тартып башталуучу мезгилге үчүн төмөнкүлөргө:

а) аткаруу-тескөөчү иш-милдеттерге байланышпаган, илимий-изилдөө, чыгармачыл, окутуучулук, дарылоо-ден соолукту чыңдоочу жана калкты тейлөө боюнча башка ишти жүзөгө ашырып жаткан мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын карамагында турган мекемеде, ишканада же уюмда иштеген жеке жакка;

б) мамлекеттик органда, мамлекеттик же муниципалдык ишканада же мекемеде, ошондой эле мамлекеттик үлүшү бар уюмда иштеген, мамлекеттик же муниципалдык кызматчы болуп саналбаган жеке жакка;

в) эл аралык уюмдарда иштегени үчүн киреше алган, Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган, убактылуу жашап туруу укугу же кайрылман статусу бар жеке жакка;

г) календардык жылдын ичинде менчик укугун же мүлккө башка укукту сатып алууга эсептик көрсөткүчтүн 3000 эселенген өлчөмүнөн ашык суммага бир жолку чыгым тарткан жеке жакка;

3) 2023-жылдан тартып башталуучу мезгил үчүн - салык салынуучу киреше алган жеке жакка;

4) 2025-жылдан тартып башталуучу мезгил үчүн - ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жеке жактардын бардык категорияларына.

4. Субъекттер ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган мөөнөттөр келип жеткенге чейин бирдиктүү салык декларациясын ыктыярдуу негизде тапшырууга укуктуу.

5. Бирдиктүү салык декларациясында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

1) салык салуу объекттери жөнүндө маалымат;

2) субъекттин, анын филиалдарынын, өкүлчүлүктөрдүн жана башка обочолонгон бөлүмдөрдүн мүлктүк жана финансылык абалы.

6. Субъекттин финансылык абалы жөнүндө маалымат ушул Кодекске жана бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлөт.

7. Бирдиктүү салык декларациясы календардык жыл үчүн түзүлөт жана:

1) уюм тарабынан - отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-апрелине чейин берилет;

2) ушул Кодекстин 107-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жеке жак тарабынан - отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-апрелине чейин берилет;

3) жеке ишкер тарабынан - отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-майына чейин берилет;

4) ушул бөлүмдүн 2 жана 3-пункттарында көрсөтүлбөгөн жеке жак тарабынан - отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-майына чейин берилет.

8. Бирдиктүү салык декларациясынын формасы, толтуруунун жана берүүнүн тартиби ушул Кодекстин 107-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жеке жак тарабынан берилүүчү бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу формасынан жана тартибинен тышкары, ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилет.

9. Кыргыз Республикасынын жарандарынын - жеке жактардын жана мамлекеттик кызматчылардын бирдиктүү салык декларациясын салыктык контролдоо, сактоо жана жок кылуу "Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндө", "Жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин ыктыярдуу декларациялоосу жөнүндө", "Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболорун эске алуу менен жүзөгө ашырылат.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

107-берене. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген жеке жактар Бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнүн өзгөчөлүктөрү

1. Ушул берененин күчү төмөнкүдөй жеке жактарга карата колдонулат:

1) саясий, атайын мамлекеттик кызмат ордун ээлеген же убактылуу ээлеген адамга;

2) административдик мамлекеттик кызмат ордун ээлеген же убактылуу ээлеген адамга;

3) мөөнөттүү аскер кызматын өтөп жаткан аскер кызматчыларын, жогорку аскердик окуу жайларынын курсанттарын жана угуучуларын кошпогондо, укук коргоо органдарынын, дипломатиялык кызматтардын кызматкерине жана аскер кызматчысына;

4) саясий жана административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган жана ээлеген адамга;

5) Улуттук банктын төрагасына жана анын орун басарына.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жеке жак Кыргыз Республикасында жана анын аймагынан тышкары ага, ошондой эле анын жакын туугандарына таандык болгон кирешелер, чыгымдар, милдеттенмелер жана мүлк, ошондой эле кирешелерди алуунун жана кетирген чыгымдардын негиздемеси жөнүндө маалыматтарды камтыган бирдиктүү салык декларациясын жашаган жери боюнча (паспорттук маалыматтарга ылайык) салык органына электрондук түрдө берүүгө милдеттүү.

Ушул берененин максаттары үчүн жакын туугандары деп жубайы (жолдошу), бойго жете элек балдары, декларанттын багуусунда же толук камкордугунда турган, же декларант тарабынан багууга укугу бар адамдар, бойго жеткен балдары, ата-энелери, ага-инилери жана эже-карындаштары таанылат, аларга карата декларанттар жашоого, билим алууга, саламаттыкты сактоого жана башка зарыл чыгымдарды жабуу бөлүгүндө финансылык чыгымдарды тартат.

3. Отчеттук жыл болуп төмөнкүлөр саналат:

1) 1-январдан тартып 31-декабрга чейинки мезгил;

2) эгерде ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жеке жак мамлекеттик же муниципалдык кызмат ордун отчеттук жылдын 1-январынан кийинки мезгилде ээлеп турса же ээлесе, анда ушул адам мамлекеттик же муниципалдык кызмат ордун ээлеп баштаган айдын биринен ошол жылдын 31-декабрына чейинки мезгил;

3) эгерде ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жеке жак отчеттук жылдын 31-декабрына чейин мамлекеттик же муниципалдык кызмат ордун ээлөөсүн токтотсо, анда 1-январдан тартып ушул адам мамлекеттик же муниципалдык кызмат ордун ээлөөсүн токтоткон айдын акыркы күнүнө чейинки мезгил.

4. Доонун эскирүү мөөнөтүнүн ичинде салыктын суммасын өзгөртүүгө алып келген каталар аныкталган учурларда өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүүнү кошпогондо, ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жеке жак отчеттук жыл үчүн мурда берилген бирдиктүү салык декларациясына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду отчеттук жылдан кийнки жылдын 30-июнунан кечиктирбестен киргизе алат.

5. Бирдиктүү салык декларациясынын формасы, аны толтуруунун жана берүүнүн тартиби, кирешелердин, чыгымдардын, мүлктүн жана милдеттенмелердин классификаторлору, ошондой эле талдоо жүргүзүүнүн тартиби жана негиздери Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

6. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жеке жак тарабынан бирдиктүү салык декларациясы тапшырылбаган же ушул беренеде белгиленген тартипти бузуу менен тапшырылган учурда материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралаган чараларды көрүү үчүн прокуратура органдарына жөнөтүлөт.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

IV БӨЛҮМ. САЛЫКТЫК КОНТРОЛЬ

108-берене. Ушул бөлүмдө пайдаланылуучу терминдер жана аныктамалар

Ушул бөлүмдө төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар пайдаланылат:

1) каттоону жоюу - Салык төлөөчүлөрдүн мамлекеттик реестрине салык төлөөчүнүн салыктык жана/же эсептик каттоосун, КНС боюнча каттоосун токтотуу жөнүндө маалыматты киргизүү;

2) жеке ишкерди мамлекеттик каттоо - жеке ишкерди салыктык каттоо;

3) Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүлөрүнүн мамлекеттик реестри (мындан ары - Салык төлөөчүлөрдүн мамлекеттик реестри) - салык төлөөчүлөрдү эсепке алуу боюнча мамлекеттик маалымат базасы;

4) контролдук-кассалык машиналар (мындан ары - ККМ) - фиксациялоочу, ар суткалык каттоо маалыматтары өзгөрүүгө учурабоочу жана ыйгарым укуктуу салык органына корголгон түрдө реалдуу убакыт режиминде маалымат берүүчү функциясы бар аппараттык-программалык каражат же программалык камсыз кылуу.

Ушул аныктаманын максатында:

а) аппараттык-программалык каражат (мындан ары - аппараттык ККМ) болуп саналган контролдук-кассалык машина деп программалык башкаруусу ичине орнотулган маалыматты чогултуу, иштетүү жана өткөрүп берүү үчүн арналган техникалык каражат таанылат;

б) программалык камсыз кылуу (мындан ары - программалык ККМ) болуп саналган контролдук-кассалык машина деп төмөнкүлөрдүн маалыматтык тутуму менен интеграцияланып иштеген программалык камсыздоо, анын ичинде фискалдык программалык камсыздоо таанылат:

- реалдуу убакыт режиминде корголгон түрдө ыйгарым укуктуу салык органы менен; же

- ыйгарым укуктуу салык органына реалдуу убакыт режиминде маалыматтарды корголгон түрдө берүүнү камсыз кылуучу ФМО маалымат тутуму менен;

5) салыктык каттоо - ушул Кодексе ылайык салык салуу максатында Салык төлөчүлөрдүн мамлекеттик реестрине салык төлөөчүнү каттоо статусу жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле башка маалыматтарды киргизүү;

6) салык төлөөчүнүн каттоо картасы - салык төлөөчүгө ИСН ыйгаруу тууралуу маалыматтарды, төлөнгөн салыктар жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү, салыктык эмес кирешелер тууралуу маалыматты камтыган, салык органынын кызмат адамы тарабынан салык төлөөчүнү салыктык жана/же эсептик каттоодо толтурулуучу документ;

7) салык төлөөчү жөнүндө каттоо маалыматтары - төмөнкү маалыматтар:

а) каттоодон өтүүдө салык органына салык төлөөчү тарабынан берилүүчү;

б) ушул Кодекстин 17-главасына ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, башка субъекттерден келип түшкөн;

в) белгиленген тартипте бекитилген мамлекеттик жана ведомстволук классификаторлорго ылайык салык төлөөчүгө ыйгарылган коддор жана идентификациялоочу белгилер жөнүндө;

8) салык органында каттоо - салыктык, эсептик каттоо, кайра каттоо, КНС боюнча каттоо;

9) ККМ реестри - ККМ коюлуучу техникалык талаптарга шайкештигин ырастоону белгиленген тартипте алган ККМ ар бир модели/версиясы боюнча ыйгарым укуктуу салык органынын автоматташтырылган маалымат тутумундагы маалыматтардын жыйындысы;

10) салык төлөөчүнү эсептик каттоо - Салык төлөөчүлөрдүн мамлекеттик реестрине төмөнкүлөрдү эсепке алуу боюнча маалыматты киргизүү:

а) обочолонгон бөлүмдү, салык салуу объектин, салык төлөөчүнүн ишин патенттин же өзгөчө режимдеги соода зоналарындагы ишке салыктын негизинде жүзөгө ашырган жерин;

б) статусу өз алдынча белгиленген эрежелер боюнча салык төлөө укугун берген салык төлөөчүлөрдүн категорияларын, анын ичинде айыл чарба өндүрүүчүсүн, айыл чарба кооперативин, айыл чарба багытындагы соода-логистикалык борборду, машина-трактордук станцияны.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

12-глава. Салык органында каттоо. Бюджетке түшкөн каражаттарды эсепке алуу

109-берене. Салыктык контролдоо түшүнүгү жана формалары

1. Салыктык контролдоо деп Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын аткарылышына салык кызматынын органдарынын контролу саналат.

2. Салыктык контролдоо төмөнкүдөй формаларда жүзөгө ашырылат:

1) салык төлөөчүнү салыктык каттоо жана эсептик каттоо;

2) бюджетке салыктын түшүүсүн эсепке алуу;

3) салыктык текшерүү;

4) рейддик салыктык контролдоо;

5) салык постун коюу;

6) салык төлөөчү тарабынан ККМ колдонуу тартибинин сакталышын контролдоо;

7) салык кызматынын маалыматтык тутумунда салык төлөбөө боюнча тобокелдик факторлору жана салык төлөөчү тарабынан салык отчетторун нөлдүк көрсөткүчтөр менен тапшыруу учурда ишти патенттин же өзгөчө режимдеги соода зоналарындагы ишке салыктын негизинде жүзөгө ашырган салык төлөөчүнү кошпогондо, уюмду жоюу же жеке ишкердин ишин токтотууга байланыштуу салыктык жана/же эсепке алуу каттоосун жокко чыгарууда салык төлөөчүнү текшерүү.

3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартуу боюнча иш-милдеттерди жүзөгө ашырууда камсыздандыруу төгүмдөрүнүн эсептелишин жана төлөнүшүн контролдоо салыктык контролдоого теңдештирилет жана ушул беренеде белгиленген формаларда жүзөгө ашырылат.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

110-берене. Салык төлөөчүнү салыктык каттоо

1. Кыргыз Республикасында салыктык каттоого Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдарына ылайык салык төлөөчү болуп саналган субъекттер кирет.

2. Салык төлөөчүлөрдүн, анын ичинде иши токтоп турган салык төлөөчүлөрдүн мамлекеттик реестри ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан жүргүзүлөт.

3. Салыктык каттоонун жана Салык төлөөчүлөрдүн мамлекеттик реестрин жүргүзүүнүн тартибин Министрлер Кабинети белгилейт.

4. Эгерде юридикалык жактарды, филиалдарды, өкүлчүлүктөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, салык төлөөчүнү салыктык каттоо ушул Кодекске ылайык жүргүзүлөт.

5. Ушул Кодекстин максаттары үчүн патенттин же өзгөчө режимдеги соода зоналарындагы ишке салыктын негизинде ишти жүзөгө ашырып жаткан жеке жакты салыктык каттоо жеке ишкер катары кошумча мамлекеттик каттоону талап кылбайт.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

111-берене. Салык төлөөчүнү салыктык каттоонун негиздери, мөөнөттөрү жана тартиби

1. Эгерде ушул берененин 2-бөлүгүндө башкача каралбаса, салык төлөөчүнү салыктык каттоо төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:

1) кагаз алып жүрүүчүдөгү документ же электрондук документ түрүндөгү салыктык каттоо жөнүндө салык төлөөчүнүн арызынын же жеке ишкер катары мамлекеттик каттоо жөнүндө жеке жактын арызынын;

2) ушул Кодекстин 17-главасында көрсөтүлгөн органдар берген маалыматтын.

Жеке ишкерлерди салыктык каттоо мамлекеттик каттоо тарабынан жеке ишкерлер катары таанылат.

2. Ыйгарым укуктуу салык органынын расмий ачык веб-сайтында жайгаштырылган маалыматтык ресурс аркылуу төмөнкүлөрдү салыктык каттоо жүзөгө ашырылат:

1) (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

2) бир эле учурда аны КНС төлөөчү катары каттоо деп таанылган ушул Кодекстин 28-беренесинин 4-бөлүгүндө көсөтүлгөн чет элдик уюмду.

Ушул бөлүктүн 2-пунктунда көрсөтүлгөн уюмдар мамлекеттик каттоодон өтпөстөн салыктык каттоодон өтүүгө тийиш.

Ыйгарым укуктуу салык органынын расмий ачык веб-сайтында жайгаштырылган маалыматтык ресурс аркылуу салыктык каттоонун тартиби Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн субъект ыйгарым укуктуу салык органынын расмий ачык веб-сайтында жайгаштырылган маалыматтык ресурс аркылуу салыктык каттоо жөнүндө арызды ишти жүзөгө ашыруу башталганга чейин берүүгө тийиш.

Ушул Кодекстин 28-беренесинин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн чет элдик уюмдун салыктык милдеттерди башкаруусу ыйгарым укуктуу салык органы аныктаган салык кызматынын органы тарабынан жүзөгө ашырылат.

4. Салыктык каттоо жөнүндө арызды төмөнкүлөр берүүгө милдеттүү:

1) ата мекендик уюм - Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарды (филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү) мамлекетти каттоо жөнүндө мыйзамдары менен белгиленген мөөнөттө жана тартипте мамлекеттик каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органга;

2) ишкердик ишти, жеке эмгек ишин жүзөгө ашыруу жөнүндө чечимди кабыл алган жеке жак - мындай ишти жүзөгө ашырганга чейин салык органына;

3) Кыргыз Республикасында салык салынуучу объектке ээ чет өлкөлүк уюм же резидент эмес-жеке жак - салык төлөөнүчү объектке менчик укугун каттоо күнүнөн 5 жумушчу күндүн ичинде салык кызматынын органына;

4) дипломатиялык жана аларга теңештирилген өкүлчүлүк - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аккредитациялоо күнүнөн тартып 5 жумушчу күндүн ичинде жайгашкан жери боюнча салык кызматынын органына.

5. Салык органы салык төлөөчүнүн салык каттоосун төмөнкүлөр боюнча жүргүзүүгө милдеттүү:

1) анын арызы боюнча салыктык каттоо жөнүндө арыз берген күндөн кийинки 3 жумушчу күндөн кечиктирбестен;

2) ушул берененин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган маалымат боюнча ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн негиздердин бири ачылган күндөн кийинки 3 жумушчу күндөн кечиктирбестен.

51. Ушул Кодекске ылайык ККМ колдонууга милдеттүү болгон салык төлөөчүнү салыктык каттоо Министрлер Кабинети аныктаган тартипте салык органында ККМ каттоо менен бир учурда аяктайт.

6. Салыктык каттоо төмөнкүдөй жүзөгө ашырылат:

1) ата мекендик уюм үчүн - юридикалык жак катары мамлекеттик каттоо жүргүзүлгөн салык органында;

2) жеке ишкердин статусуна ээ болбогон жеке жак үчүн - Кыргыз Республикасында паспортунун маалыматтарына ылайык каттоо орду же жашаган жери боюнча салык органында;

3) жеке ишкер үчүн - каттоо орду жеке ишкердин паспортунун маалыматтарына ылайык жашаган жери же ишкердик ишти жүзөгө ашырган жери боюнча салык кызматынын органында;

4) чет өлкөлүк уюмдун өкүлчүлүгүнүн филиалы үчүн - юридикалык жактарды каттаган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда филиалдын же өкүлчүлүктүн мамлекеттик каттоодон өткөн жериндеги салык кызматынын органында.

7. Кыргыз Республикасынын аймагында ишин жүзөгө ашырган, филиалын, өкүлчүлүгүн белгиленген тартипте каттабаган, бирок туруктуу мекеменин белгилери бар чет өлкөлүк уюмдун турган жери боюнча салык органы тарабынан жана ушул берене менен белгиленген мөөнөттө катталууга тийиш.

8. Кыргыз Республикасында салык салуу объекти бар чет өлкөлүк уюмдар же резидент эмес-жеке жактар жайгашкан жери боюнча эсепке алуу каттоосу же салык салуу объектин каттоо менен бир учурда салыктык катталууга тийиш.

9. Эгерде ушул беренеде салык төлөөчү үчүн бирден ашуун каттоо жери каралса, салык төлөөчү ушул беренеде каралган каттоочу жерлердин тизмесинен каттоо ордун өз алдынча тандап алууга укуктуу.

10. Дипломатиялык жана аларга теңештирилген өкүлчүлүктөрдү салыктык каттоо Министрлер Кабинети белгилеген тартипте ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары берген маалыматка ылайык алардын жайгашкан жери боюнча салык кызматынын органы тарабынан жүзөгө ашырылат.

11. Ушул беренеге ылайык салык органдарында салыктык каттоо салык төлөөчүнү алгачкы салыктык эсепке алган жер болуп саналат.

12. Салыктык каттоодо субъектиге салык кызматынын органы менен аралыктан өз ара аракеттенүү үчүн анын салык төлөөчүнүн кабинетине кирүү мүмкүнчүлүгү берилет.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

112-берене. Салык төлөөчүнү кайра каттоонун негиздери, мөөнөттөрү жана орду

1. Салык төлөөчүнү кайра каттоо төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлөт:

1) Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамдарына ылайык юридикалык жакты, филиалды, өкүлчүлүктү кайра каттаганда;

2) ушул Кодекске ылайык салык төлөөчүнүн салыктык эсепке алуу жери өзгөргөндө;

3) салык төлөөчүнүн аты-жөнү өзгөргөндө;

4) калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ыйгарылган жеке идентификациялык номери өзгөрүлгөн учурда салык төлөөчүнүн ИСН өзгөргөндө.

2. Салык төлөөчүнү кайра каттоо төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:

1) салык төлөөчүнүн жазуу жүзүндөгү арызынын;

2) салык төлөөчүнүн каттоо маалыматтарын өзгөртүү тууралуу ушул Кодекстин 17-главасында көрсөтүлгөн органдар тарабынан берилген маалыматтын.

3. Эгерде ушул беренеде башкача каралбаса, ишин жүргүзгөн жери, жайгашкан же жашаган жери алмашып кеткен жана учурдагы салыктык эсепке алуу жери менен дал келбеген салык төлөөчү өзгөрүүлөр болгон күндөн кийинки 15 календардык күндөн кечиктирбестен, учурдагы салыктык эсепке алуу жери боюнча салык кызматынын органына салыктык эсепке алуудан алып салуу жөнүндө арыз берүүгө милдеттүү.

4. Учурдагы салыктык эсепке алуу жери боюнча салык органы салык төлөөчүнүн ишин жүргүзгөн жери, жайгашкан же жашаган жери алмашып кетүүсүнө байланыштуу салыктык эсептен алуу жөнүндө арызын алгандан соң арызды кабыл алган күндөн кийинки 3 жумушчу күндөн кечиктирбей төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) салык төлөөчү менен салык органынын өз ара эсептешүүсүн салыштыруу актысын 2 нускада түзүүгө;

2) салык төлөөчүнү кайра каттоо жөнүндө чечим кабыл алууга;

3) Салык төлөөчүлөрдүн мамлекеттик реестрине өзгөртүү киргизүүгө;

4) өз ара эсептешүүсүн салыштыруу актысынын жана кайра каттоо жөнүндө чечимдин бир нускасын салык төлөөчүгө тапшырууга.

5. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1 же 2-пункттарынын негизи боюнча салык төлөөчүнү кайра каттоо учурунда, учурдагы салыктык эсепке алуу жери боюнча салыктык башкарууну жүзөгө ашыруу Салык төлөөчүлөрдүн мамлекеттик реестринде кайра каттоо жөнүндө маалыматтарды киргизген күнү аяктайт.

Салык төлөөчүлөрдүн мамлекеттик реестрине кайра каттоо жөнүндө маалыматтарды киргизген күндөн кийинки күнү салыктык башкаруу салыктык эсепке алуунун жаңы жери боюнча жүзөгө ашырылат.

6. Ушул берененин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган маалыматты алууда, салык органы салык төлөөчүнү кайра каттоо жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн кийинки 3 жумушчу күндүн ичинде салык төлөөчүнү кайра каттоого милдеттүү.

7. Кайра каттоо тартиби жана берилүүчү документтердин тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

113-берене. Салык төлөөчүнүн ИСН

1. ИСН салык төлөөчүгө салык органы тарабынан салыктык каттоо учурунда ыйгарылат.

2. Салык төлөөчүнү кайра каттоо ИСН өзгөртүүгө алып келбейт.

3. ИСН жаңылыштык боюнча жана кайталап ыйгаруу учурларын кошпогондо, жеке жактарда калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ыйгарылган жеке идентификациялык номери болгон учурда ушул номер салык төлөөчүнүн ИСН катары колдонулат.

4. Ыйгарылган ИСН, салык төлөөчүнүн ишинин башка параметрлери тууралуу маалыматтар Салык төлөөчүлөрдүн мамлекеттик реестрине салык органы тарабынан киргизилет жана салык төлөөчүнүн каттоо картасында чагылдырылат.

5. Каттоо картасы ушул Кодексте белгиленген тартипте салык төлөөчүгө тапшырылат же жөнөтүлөт. Салык төлөөчүнүн каттоо картасынын формасы ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгиленет.

6. Салык төлөөчү, өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде иш жүргүзгөн мамлекеттик жана сот органдары, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана мыйзам чыгаруу органдары жол-жоболоштуруу салык милдеттенмелеринин пайда болуусуна же салык төлөөчү тарабынан аларды аткаруусуна, ошондой эле салык укук бузуулары боюнча чара көрүүнү дайындоого же колдонууга алып келген же алып келиши мүмкүн болгон документтерде ИСН көрсөтүүгө милдеттүү, анын ичинде:

1) салык төлөөчүнүн келишимдери, актылары, коштомо кагаздары, төлөмдөрү, товар-транспорттук документтери, эсеп-фактуралары;

2) салык төлөөчүнүн кайрылуулары, арыздары, кабарламалары, даттануулары, декларациялары, отчеттору, эсептөөлөрү, суроо-талаптары;

3) чечимдер, кабарламалар, билдирүүлөр, талаптар, жазма буйруктар;

4) салык төлөөчүнүн экономикалык ишин жүргүзүүгө жана салык салуу объекттерине тиешеси бар маалыматты ведомстволор аралык алмашуу, ошондой эле мамлекеттик органдар тарабынан маалымат базаларын түзүүдө колдонулуучу салык төлөөчү жөнүндө маалымат.

7. Салык төлөөчү бланктарды, мөөрлөрдү, штамптарды, так отчеттуулуктун бланктарын өзүнүн ИСН көрсөтүү менен колдонууга милдеттүү.

 

114-берене. Салык төлөөчүнү эсептик каттоо

1. Салык төлөөчүнү эсептик каттоо субъект салыктык каттоо жол-жоболорунан өткөндөн кийин төмөнкүдөй учурларда жүзөгө ашырылат:

1) уюм жана жеке ишкер үчүн:

а) обочолонгон бөлүм жайгашкан жер боюнча салык органында - обочолонгон бөлүмчө пайда болгондо;

б) салык салуу объекти жайгашкан жер боюнча салык органында - салык төлөөчүдө салык салуу объекти келген учурда;

в) салык төлөөчү жайгашкан жери боюнча - субъектти айыл чарба өндүрүүчүсү, айыл чарба кооперативи, айыл чарба багытындагы соода-логистикалык борбор, машина-трактордук станциялар катары каттоодо;

2) ушул бөлүктүн 1-пунктунда каралган учурларга кошумча ишин патенттин негизинде жүргүзүүчү жеке ишкерлер үчүн - эгерде ал учурдагы салыктык каттоочу жерден тышкары турса, ишин жүзөгө ашырган жер боюнча;

3) жеке жактар үчүн - салык салуу объекттери турган жана/же катталган жер боюнча салык кызматынын органында;

4) патенттин негизинде жеке эмгек ишин жүзөгө ашырып жаткан жеке жактар үчүн - эгерде ал учурдагы салыктык эсепке алган жерден тышкары болсо, ишин жүзөгө ашырып жаткан жери боюнча салык кызматынын органында.

2. Ушул берененин максатында салык салуу объекттин жайгашкан жери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) кыймылсыз мүлк, анын ичинде жерлер үчүн - алардын иш жүзүндө жайгашкан жери;

2) транспорт каражатары үчүн - транспорт каражаттарын мамлекеттик каттоо жери, ал эми мындай жок болгон учурда - мүлктүн менчик ээсинин жайгашкан (жашаган) жери.

3. Салык төлөөчүнү эсептик каттоо төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:

1) салык төлөөчүнүн жазуу жүзүндөгү арызынын;

2) ушул Кодекстин 17-главасында көрсөтүлгөн, салык салуу объекттерин эсепке алууну жана/же каттоону жүзөгө ашырган органдар тарабынан берилген маалыматтын.

4. Салык төлөөчү салык органына эсептик каттоо жөнүндө арызды берүүгө милдеттүү:

1) уюм же жеке ишкер үчүн:

а) обочолонгон бөлүмдүн жайгашкан жери боюнча - анын иши башталганга чейин;

б) салык салуу объекттин жайгашкан жери боюнча - салык салуу объекти келген күндөн кийинки 15 календардык күндүн ичинде;

в) салык каттоо жери боюнча - салык төлөөчүнүн айыл чарба өндүрүүчүсү, айыл чарба кооперативи, айыл чарба багытындагы соода-логистикалык борбору, машина-трактордук станция катары иши башталганга чейин;

2) патенттин негизинде ишин жүзөгө ашырган жеке ишкер үчүн, ушул берененин 1-пунктунда каралган учурларга кошумча катары - эгерде ал учурдагы салык эсебинин жеринен тышкары болсо, ишин жүзөгө ашырган жери боюнча иши башталганга чейин;

3) жеке жак үчүн - салык салуу объекттеринин жайгашкан жана/же каттоо жери боюнча салык салуу объекти келген күндөн кийинки 15 календардык күндүн ичинде;

4) патенттин негизинде жеке эмгек ишин жүзөгө ашырган жеке жактар үчүн - ишин жүзөгө ашырган жери боюнча иши башталганга чейин эгерде ал учурдагы салык эсебинин жеринен тышкары болсо.

5. Эсептик каттоо салык төлөчүнүн мурда ыйгарылган ИСН өзгөртпөстөн жүргүзүлөт.

Обочолонгон бөлүмдү, салык салуу объектин эсептик каттоодо салык төлөөчү арызында салыктык каттоодо ага ыйгарылган ИСН көрсөтөт.

6. Салык төлөөчүнүн эсептик каттоосу салык органы тарабынан төмөнкүдөй жүргүзүлөт:

1) салык төлөөчү тарабынан арыз берген күндөн кийинки 3 жумушчу күндүн ичинде;

2) салык салынуучу объекттерди эсепке алуучу жана/же каттоочу ыйгарым укуктуу органдар берген маалыматтын негизинде каттоо учурунда эсептик каттоосу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн кийинки 3 жумушчу күндүн ичинде.

7. Салык төлөөчүнүн эсептик каттоосу боюнча маалыматтары салык төлөөчүнүн каттоо картасында чагылдырылат.

8. Эсептик каттоонун тартиби Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

115-берене. Салык төлөөчүнүн каттоосун жокко чыгаруу

1. Салык төлөөчүнүн салыктык каттоосун жокко чыгаруу төмөнкүлөргө байланыштуу жүргүзүлөт:

1) уюмдун жоюлушун каттоого же жеке ишкердин ишин токтотууга;

2) жеке менчикке, жер пайдаланууга, чарба жүргүзүүгө жана ыкчам башкарууга укук сыяктуу жеке жакка таандык болгон бардык салык салуу объекттерине карата ушул Кодексте каралаган укуктардын токтошунан улам жеке жактын салык милдеттенмесинин токтотулушуна.

2. Салык төлөөчүнүн салык каттоосун жокко чыгаруу төмөнкүнүн негизинде жүргүзүлөт:

1) салык төлөөчүнүн жазуу жүзүндөгү арызынын;

2) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын салык төлөөчүнүн ишин токтотууну каттоо, ушул Кодексте белгиленген башка негиздер боюнча анын салык милдеттенмелерин токтотуу жөнүндө маалыматтын;

3) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган тартипте кабыл алынган салык кызматынын органынын чечиминин.

3. Салык төлөөчүнүн эсептик каттоосун жоюу төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:

1) салык төлөөчүнүн обочолонгон бөлүмдүн иши токтотулган;

2) жеке менчикке, жер пайдаланууга, чарба жүргүзүүгө жана ыкчам башкарууга укук сыяктуу салык салуу обектине карата салык төлөөчүнүн укуктары токтотулган;

3) айыл чарба өндүрүүчүсүнүн, айыл чарба кооперативинин, айыл чарба багытындагы соода-логистикалык борборунун, машина-трактордук станциялардын белгилерине шайкеш келбеген.

4. Салык төлөөчүнүн эсептик каттоосун жокко чыгару төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:

1) салык төлөөчүнүн жазуу жүзүндөгү арызынын;

2) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан салык салуу объектине карата салык төлөөчүнүн укугун токтотууну каттоо жөнүндө маалыматтын.

5. Салык төлөөчүнүн арызы боюнча салыктык жана/же эсептик каттоосун жокко чыгаруу анын салыктык карызы жок болгон учурда жүзөгө ашырылат.

6. Салык органы салык төлөөчүнүн каттоосун жокко чыгаруу тууралуу чечимин кабыл алат, каттоону жокко чыгаруу тууралуу маалыматты Салык төлөөчүлөрүн мамлекеттик реестрине киргизет жана каттоону жокко чыгаруу тууралуу чечимин салык төлөөчүгө ушул Кодекс менен каралган тартипте жөнөтөт.

7. Салык төлөөчүнүн каттоосун жокко чыгаруу тартибин Министрлер Кабинети белгилейт.

116-берене. Салык төлөөчүнүн жеке эсеби

1. Салык төлөөчүнүн салык милдеттенмелеринин, туумдарынын, пайыздарынын жана салык санкцияларынын (мындан ары - салык милдеттенмеси) суммасын эсепке алуу, аларды бюджетке төлөө салык төлөөчүнүн жеке эсебин жүргүзүү аркылуу салык органы тарабынан жүзөгө ашырылат.

2. Салык төлөөчүнүн жеке эсеби улуттук валютада жүргүзүлөт.

3. Салык төлөөчүнүн салык милдеттенмесинин суммасы салык төлөөчүнүн жеке эсебинде төмөнкүнүн негизинде чагылдырылат:

1) салык төлөөчү тарабынан берилген салык отчеттуулунун;

2) салык контролунун жыйынтыгы боюнча чечимдердин, анын ичинде:

а) салык милдеттенмесин азайтуу же көбөйтүү, салык контролунун жыйынтыгы боюнча КНС жогорулатуунун суммасы;

б) сотко чейинки/соттук тартипте салык төлөөчү тарабынан талашып жаткан салык милдеттенмеси;

в) салык төлөөчү тааныган салык милдеттенмеси.

3) ушул Кодекстин XIII бөлүмүндө каралган учурда салык кызматынын органы салык суммасын эсептөөдө.

4. Салыктын өз алдынча же бардык түрлөрү боюнча салык милдеттенмеси менен эсептердин абалы тууралуу салык төлөөчүнүн жеке эсебинен көчүрмө салык төлөөчүнүн салыктык эсепке алуу жана/же эсептик каттоо жери боюнча арызынын негизинде мындай арыз катталган күндөн тартып бир жумушчу күндүн ичинде берилет.

5. Салык төлөөчүнүн отчеттук жылга салыктык милдеттенмеси боюнча эсептерди салыштырып текшерүү жыл сайын отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-январынан тартып өз ара эсептешүүнү салыштырып текшерүү актысын түзүү менен отчеттук жылга бирдиктүү салык декларациясын берген датага чейинки мезгилдин ичинде жүзөгө ашырылат.

6. Календардык жылдын ичинде өз ара эсептешүүнү салыштырып текшерүү актысын түзүү менен эсептерди текшерүү салык төлөөчүнүн салыктык эсепке алуу жана/же эсептик каттоо жери боюнча арызынын негизинде мындай арыз катталган күндөн тартып салык органдары тарабынан бир жумушчу күндүн ичинде жүргүзүлөт.

7. Салык төлөөчүнүн салыктык милдеттенмелеринин суммасын эсепке алуунун, өз ара эсептешүүнү салыштырып текшерүүнүн, ошондой эле бюджет менен эсептешүүнүн абалы тууралуу маалыматты салык төлөөчүгө берүү тартиби ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилет.

13-глава. Салыктык текшерүүлөр

117-берене. Салыктык текшерүүлөр түшүнүгү жана анын түрлөрү

1. Салыктык текшерүү салык кызматынын органдары тарабынан гана жүзөгө ашырылат.

Салыктык текшерүүнүн катышуучулары болуп жазма буйрукта көрсөтүлгөн салык кызматынын органдарынын кызмат адамдары жана салык төлөөчү, ошондой эле салык боюнча өкүл саналат.

2. Зарыл учурларда салык кызматынын органдары атайын билимдерди жана тажрыйбаларды талап кылуучу айрым маселелерди изилдөө жана консультацияларды алуу үчүн салыктык текшерүүнүн жыйынтыгына кызыкдар болбогон эксперттерди ишке тартышы мүмкүн.

3. Салыктык текшерүүнүн максаты салык төлөөчү Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарын өз учурунда жана толук аткарышына контроль жүргүзүү жана көмөк көрсөтүү болуп саналат.

4. Салыктык текшерүүлөр төмөнкүдөй түрлөргө бөлүнөт:

1) көчмө текшерүү;

2) камералдык текшерүү.

5. Көчмө текшерүү төмөнкүдөй түрлөргө бөлүнөт:

1) пландуу текшерүү - салыктардын бардык түрлөрү боюнча салык милдеттенмесинин аткарылышын текшерүү;

2) пландан тышкары текшерүү - салыктын бардык түрлөрү боюнча салык милдеттенмесинин аткарылышына төмөнкү учурларда текшерүү жүргүзүлөт:

а) салык кызматынын маалыматтык тутумунда салык төлөбөө тобокелдиги жана салык төлөөчү тарабынан нөлдүк көрсөткүчү менен салык отчетторун көрсөтүү факторлору жок болгон учурларды кошпогондо, уюмду жоюуда;

б) салык кызматынын маалымат тутумунда салык төлөбөө тобокелдик жана салык төлөөчү тарабынан нөлдүк көрсөткүчү менен салык отчетторун көрсөтүү факторлору жок болгон учурларды кошпогондо, жеке ишкердин иши токтотулганда;

в) салык кызматынын органдары салык төлөөчүдө салыкты туура эмес эсептөө фактылары бар экенин далилдеген документалдык жактан ырасталган маалыматтарды алган учурда;

г) уюм же жеке ишкер банкрот деп таанылган учурда;

3) утурлама текшерүү - салыктык текшерүүнү же КНС ашыкча төлөнгөн суммаларынын пайда болушунун негиздүүлүгүн текшерүүнү жүргүзүүдө салык кызматынын органында зарылдык келип чыкса, анын ичинде салык төлөөчүнүн даттануусун караган органдын же салык кызматынын органдарынын суроо-талаптары боюнча, көрсөтүлгөн адамдар менен салык төлөөчү ишке ашыруучу операцияларга түздөн-түз байланышкан айрым документтерди текшерүү зарылдыгы келип чыкса, үчүнчү жактарга карата салык кызматынын органдары жүргүзүүчү текшерүү;

4) кайра текшерүү - салык кызматынын органдары тарабынан жүзөгө ашырылуучу төмөнкүдөй текшерүү:

а) мурда текшерилген салык төлөөчү боюнча көчмө текшерүүдө аныкталбаган салыктарды туура эмес эсептөө фактылары бар экендигин көбөлөндүрүүчү документтин негизинде ырасталган маалыматтарды салык кызматынын органдары алган учурда жана документтер мурда текшерилбегендигинин себептери көрсөтүлгөн салык кызматынын органынын кызмат адамынын жүйөлүү арызын алганда;

б) салык төлөөчү мурдагы көчмө текшерүүдө камтылган отчеттук мезгил үчүн салык кызматынын органы тарабынан кабыл алынган такталган салык отчетун бергенде.

Кайра текшерүү көрсөтүлгөн мезгил үчүн көрсөтүлгөн документтик маалыматтар боюнча гана жүргүзүлөт. Мында кайра текшерүүнүн натыйжасы кайра текшерилип жаткан салыктык текшерүүгө катышпаган салык кызматынын органынын кызмат адамы жүргүзүүгө тийиш.

Суроо-талаптын, жүргүзүлгөн экспертизанын, утурлама текшерүүнүн көчмө текшерүү аяктаган мезгилден кийин алынган натыйжалары боюнча дайындалган кайра текшерүү ушул көчмө текшерүүнү жүргүзгөн салык кызматынын органынын кызмат адамы тарабынан жүзөгө ашырылат.

5) тематикалык текшерүү - конкреттүү фактты белгилөө максатында салык кызматынын органдарынын чечимине салык төлөөчүнүн даттануусун кароодо ыйгарым укуктуу салык органынын тапшырмасы боюнча салык кызматынын органдары тарабынан жүргүзүлөт.

Тематикалык текшерүү салык төлөөчү даттанган салык салуу объекттерине жана салыктык милдеттенмелерге тиешеси бар маселелер боюнча, анын ичинде мурда көчмө, ошондой эле камералык текшерүүдө камтылган мезгилдер үчүн да жүргүзүлүшү мүмкүн.

6. Салыкты туура эсептөө маселелери боюнча камералдык текшерүү салык төлөөчүнүн отчеттук документтери жана башка булактардан салык кызматынын органдарына түшкөн маалыматтар боюнча түздөн-түз салык кызматынын органдары турган жерде жүргүзүлөт.

7. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурлары кошпогондо, салыктык текшерүүлөрдү жүргүзүү салык төлөөчүнүн ишин токтотпошу керек.

8. Камералдык текшерүү мурда көчмө пландалган жана пландан тышкары текшерүүлөр менен текшерилген мезгилге жана салыктык милдеттенмеге карата жүргүзүлбөйт.

9. Салык кызматынын органдары салыкты туура эмес эсептөө фактылары тууралуу далилдеген документтин негизинде ырасталган маалыматтар жок болгон салык төлөөчүгө карата укук коргоо органдарынын каттардын жана/же тиешелүү кайрылуулардын, ошондой эле мамлекеттик органдарын кызматтык каттарынын негизинде пландан тышкары көчмө текшерүүсү же кайра текшерүү тууралуу чечимди кабыл алууга укугу жок.

Эскертүү! Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги No 78 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр мамлекеттик тилдеги текстке дал келбейт.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

118-берене. Көчмө текшерүү жүргүзүүнү пландоо

1. Пландуу текшерүү салык кызматынын органдарынын бири тарабынан акыркы пландык жана пландан тышкаркы текшерүүлөр аяктаган күндөн кийинки күндөн тартып 12 айдан эрте эмес жүргүзүлөт.

2. Көчмө текшерүүлөрдүн планы ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан учурдагы кварталга түзүлөт, текшерилүүгө тийиш болгон салык төлөөчүлөрдүн тизмегин камтыйт жана квартал башталганга чейин 15 күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө ыйгарым укуктуу салык органынын жетекчиси тарабынан бекитилет.

3. Көчмө текшерүүлөрдүн планы эки бөлүмдөн турат жана пландуу текшерилүүгө тийиш болгон салык төлөөчүлөргө карата түзүлөт.

Биринчи бөлүм салыктарды төлөбөй коюу тобокелдигинин факторлорун талдоонун негизинде тандалып алынган салык төлөөчүлөргө карата түзүлөт.

Экинчи бөлүм көчмө текшерүүнү жүргүзүү планынын биринчи бөлүмү боюнча тандалып алынган салык төлөөчүлөрдүн санынын 5 пайызынан ашпаган бөлүгүн түзүүгө тийиш болгон калган салык төлөөчүлөргө карата капилет тандоо усулунун негизинде түзүлөт.

4. Көчмө текшерүүлөр планынын биринчи бөлүмү кызматтык пайдалануу документи болуп эсептелет жана жарыялууна тийиш эмес.

Көчмө текшерүүлөр планынын экинчи бөлүмү ыйгарым укуктуу салык органынын жетекчиси бекиткенден кийин 15 күндөн кечиктирбестен, ыйгарым укуктуу салык органынын ачык маалыматтык веб-сайтында милдеттүү түрдө жайгаштырылууга тийиш жана салык кызматынын тийиштүү жайында ачык жердеги кагаздарда жарыяланууга тийиш.

5. Салыкты төлөбөй коюу тобокелдигинин факторлоруна төмөнкүлөр кирет:

1) төмөнкүлөр боюнча маалыматтардын дал келбеши:

а) салык төлөөчү тарабынан декларациялангандан салык салуу объекттеринин болушу жана аларды каттоо боюнча мамлекеттик органдардын маалыматтары боюнча;

б) салыктардын декларацияланган (төлөнгөн) жана эсептик суммалары боюнча;

в) Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун органдарынан алынган маалыматы бар кирешелер боюнча;

2) чыгымдардын салык отчеттуулугунда чагылдырылышы;

3) салык төлөөчүнүн салыктык түйшүгү региондо экономикалык иштин ушундай түрлөрүн жүргүзүүчү салык төлөөчүлөр боюнча эсептелген орточо деңгээлинен 25%дан ашык төмөн болушу;

4) эсеп-фактураларды талдоонун натыйжалары боюнча салык кызматынын органдары алган маалыматтар жана башка салык төлөөчүлөр берген бөлөк маалыматтар боюнча кирешелердин декларацияланган суммасы менен салыктык милдеттенмелердин ортосунда айырманын болушу;

5) камералдык текшерүүлөрдүн натыйжасы боюнча салык төлөөчүлөрдүн ишинин көрсөткүчтөрү дал келбегендигинин аныкталгандыгы тууралу салык кызматынын органынын чечими боюнча негизделген түшүндүрмөлөрдү жана/же оңдолгон салык отчетторун салык төлөөчүнүн бербегендиги;

6) ЕАЭБ мүчө-мамлекеттердин ыйгарым укуктуу салык органдарынан алынган маалыматтын ЕАЭБ мүчө-мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келген товарлар боюнча салык төлөөчүнүн салык отчетторуна жана/же документтерине дал келбестиги;

7) салык төлөөчүнүн азаюу жагына карай бомжолдуу маалыматтарынын негизинде салык төлөөчү пайдага салыктын баштапкы суммасына оңдоолорду киргизиши;

8) салык төлөөчү социалдык маанилүү объект тууралуу келишимдин тарабы болуп саналат;

9) ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен көчмө текшерүүлөрдү пландоо ыкмасына ылайык башка тобокелдиктер.

6. Пландан тышкаркы текшерүү, утурлама текшерүү жана кайра текшерүү ушул Кодексте белгиленген негиздер келип чыккан учурда салык кызматынын органдарынын чечими боюнча жүргүзүлөт.

7. Пландык текшерүү Министрлер Кабинети белгилеген тартипте аралыктан жүргүзүлүшү мүмкүн.

8. Салыктарды төлөбөө тобокелдик факторлору жок салык төлөөчүгө карата пландын биринчи бөлүмү үчүн каралган критерийлер боюнча пландык текшерүү жүргүзүлбөйт.

119-берене. Көчмө текшерүүнү жүргүзүүнүн мезгили жана мөөнөттөрү

1. Пландык текшерүү төмөнкүдөй мезгилди камтыйт:

1) пайда салыгы боюнча - бул пландык текшерүүнү жүргүзүүнүн башталышына карата бүткөн мурдагы 3 календардык жылдан ашпаган;

2) пайда салыгын кошпогондо, башка салыктар боюнча - бул пландык текшерүүнү жүргүзүүнүн башталышына карата бүткөн, кийинки катары менен келген мурдагы 36 календардык айдан ашпаган.

2. Текшерүүлөрдүн калган түрлөрү ушул Кодексте белгиленген салык милдеттенмеси боюнча доонун эскирүү мөөнөтү бүткөнгө чейинки ар кандай мезгил үчүн жүргүзүлүшү мүмкүн.

3. Берилген жазма буйрукта көрсөтүлүүчү пландуу текшерүү жүргүзүүнүн мөөнөтү салык төлөөчүгө жазма буйрук тапшырылган күндөн кийинки 30 календардык күндөн, ал эми ири салык төлөөчү үчүн - эгерде ушул беренеде башкача белгиленбесе, 50 календардык күндөн ашпоого тийиш.

4. Кыргыз Республикасынын ар кайсы региондорунда филиалдары бар уюмдарды пландуу текшерүү жүргүзүүдө салыктык текшерүү жүргүзүүнүн мөөнөтү ар бир филиалга 30 календардык күндөн ашпашы керек.

5. Көчмө текшерүүнү жүргүзүүнүн мөөнөтүнүн мезгили, ошондой эле көчмө текшерүүнүн өзүн жүргүзүү төмөнкүдөй учурда токтотула турат:

1) аларды берүү күнүн кошкондо, салык төлөөчүгө салык кызматынын органынын документтерди берүү жөнүндө чечими тапшырылган күндөн кийинки күндөн тартып көчмө текшерүү жүргүзүүдө суралуучу документтерди салык төлөөчү берген күнгө чейинки мезгилге;

2) салыктык текшерүүнүн катышуучуларынын ооруп калуусу, жакын тууганынын каза болуу себеби боюнча, бирок ал 15 календардык күндөн ашпаган мөөнөткө;

3) ал жеткис күчтүн жагдайлары пайда болгон учурга;

4) салык төлөөчү ыйгарым укуктуу салык органына соттук тартипте ыйгарым укуктуу салык органынын чечимине даттануу мөөнөтү аяктаганга чейин салык кызматынын органынын көчмө текшерүүнү дайындоо жана/же узартуу, токтото туруу жана/же кайра баштоо жөнүндө чечимине даттанууну берген күндөн кийинки күндөн тартып, ал эми ыйгарым укуктуу салык органынын чечимине сотто даттанылган учурда - соттун чечими күчүнө киргенге чейинки мезгилге.

6. Көчмө текшерүү мөөнөтүнүн, ошондой эле көчмө текшерүүнүн өзүн жүргүзүү мезгили эл аралык макулдашууларга ылайык маалымат берүү жөнүндө чет мамлекеттен суроо-талапка жооп алуу жана ал боюнча салык кызматынын органдары маалыматтарды алуу үчүн зарыл болгон убакыттын мезгилинде, ошондой эле утурлама текшерүүлөрдү, экспертизаларды жүргүзүү мезгилинде токтотулбайт.

7. Чет мамлекетке суроо-талапты жүзөгө ашыруу, экспертиза жүргүзүү, утурлама текшерүүнү дайындоо жана көчмө текшерүү бүткөн күнгө чейин алардын натыйжалары алынбаган учурда, көчмө текшерүү текшерүү актысында жиберилген суроо-талаптар, экспертиза жүргүзүү, утурлама текшерүүнү дайындоо жөнүндө жазууларды көрсөтүү менен аяктайт.

8. Суроо-талапка жоопту, экспертизалардын же утурлама текшерүүнүн натыйжаларын алуу кайра текшерүү жүргүзүү үчүн негиз болуп саналат.

9. Эгерде ушул главада башкача каралбаса, пландан тышкаркы текшерүү пландык текшерүү үчүн аныкталган мөөнөттө жүргүзүлөт.

10. Утурлама жана тематикалык текшерүү 10 календардык күндөн ашпаган мөөнөттө жүргүзүлөт.

11. Кайра текшерүү 15 календардык күндөн ашпаган мөөнөттө жүргүзүлөт.

12. Салык кызматынын органы ушул Кодекстин 117-беренесинде каралган пландан тышкары текшерүү жүргүзүү үчүн негиздерди салык кызматынын органы алган күндөн кийинки күндөн тартып 15 календардык күндүн ичинде пландан тышкары текшерүү жүргүзүү жөнүндө чечимди кабыл алууга милдеттүү.

Салык кызматынын органы ушул Кодекстин 117-беренесинде каралган пландан тышкары текшерүү жүргүзүү үчүн негиздерди салык кызматынын органы алган күндөн кийинки күндөн тартып 30 календардык күндөн кечиктирбестен жазма буйрукту салык төлөөчүгө тапшырууга жана пландан тышкары текшерүүгө киришүүгө милдеттүү.

 

120-берене. Көчмө текшерүүгө жазма буйрук

1. Көчмө текшерүү жүргүзүү үчүн салык кызматынын органынын жетекчиси төмөнкүдөй реквизиттерди камтыган белгиленген формадагы жазма буйрукка кол коет:

1) салык органында жазма буйрук катталган дата жана номер;

2) текшерүү жүргүзө турган салык органынын аталышы;

3) салык төлөөчүнүн толук аталышы;

4) салык төлөөчүнүн ИСН;

5) текшерүүнүн (контролдун) түрү;

6) текшерүүнүн негизи;

7) текшерүүнүн предмети;

8) ушул Кодекске ылайык текшерүү жүргүзүүгө тартылган текшерүүчү адамдардын кызмат орундары, аты-жөнү;

9) текшерүү жүргүзүү мөөнөтү;

10) текшерилүүчү салыктык мезгил;

11) текшерүүнү дайындоо жөнүндө салык кызматынын органынын чечиминин реквизиттери.

2. Жазма буйруктун формасын ыйгарым укуктуу салык органы белгилейт.

3. Жазма буйрукка салык кызматынын органынын жетекчиси же салык кызматынын органынын жетекчиси ыйгарым укук берген адам кол коюшу керек, ал гербдүү мөөр менен күбөлөндүрүлүүгө жана ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгиленген тартипте катталууга тийиш.

4. Көчмө текшерүүнүн мөөнөтү узартылган учурда кошумча жазма буйрук таризделип, анда мурдагы жазма буйрук катталган номер, дата жана көчмө текшерүүнүн мөөнөтүн узартуу жөнүндө салык кызматынын органынын чечиминин реквизиттери көрсөтүлөт.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

121-берене. Көчмө текшерүү жүргүзүүнүн башталышы

1. Эгерде ушул главада башкача каралбаса, көчмө текшерүү жүргүзүүнүн башталышы болуп салык төлөөчүгө жазма буйрук тапшырылган күн эсептелет.

2. Жазма буйрук салык төлөөчүгө ал учурдагы салыктык эсепке алынган жердеги салык кызматынын органы тарабынан берилет же жиберилет.

3. Жазма буйрук төмөнкүлөргө берилиши мүмкүн:

1) уюмдун жетекчисине, анын салыктык өкүлүнө; же

2) жеке кол койдуруу же бул жазма буйрукту алуу фактысын жана датасын ырастаган башка ыкма менен жеке жакка, анын салыктык өкүлүнө.

Ушул бөлүктө көрсөтүлгөн адамдар жазма буйрукту алуудан качса, аталган жазма буйрук буюртма кат менен почта аркылуу жиберилет. Мында жазма буйрук аны тапшыруу жөнүндө квитанцияда көрсөтүлгөн буюртма катты алган датага карата алынды деп эсептелет.

4. Көчмө текшерүүнү жүргүзүүчү салык кызматынын органынын кызмат адамы салык төлөөчүгө кызматтык ырастамасын көрсөтүүгө милдеттүү.

5. Көчмө текшерүүнү жүргүзүүчү салык кызматынын органынын кызмат адамы салык төлөөчүгө жазма буйруктун биринчи нускасын тапшырат. Жазма буйруктун экинчи нускасына жазма буйрук менен таанышкандыгы жана аны алгандыгы жөнүндө салык төлөөчүнүн же анын салыктык өкүлүнүн белгиси коюлат.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

122-берене. Көчмө текшерүүнүн бүтүшү

1. Көчмө текшерүү аяктаганда салык кызматынын органынын кызмат адамы төмөнкүлөрдү көрсөтүү менен акт түзөт:

1) көчмө текшерүү жүргүзүлгөн жерди, акт түзүлгөн күндү;

2) текшерүүнүн түрүн;

3) көчмө текшерүү жүргүзгөн салык кызматынын органынын кызматкеринин же кызматкерлеринин кызматын, аты-жөнүн;

4) салык төлөөчүнүн аты-жөнүн, же болбосо толук аталышын;

5) салык төлөөчүнүн турган жерин, банктык реквизиттерин, ошондой эле анын ИСН;

6) салык төлөөчүнүн салык жана бухгалтердик отчетторду жүргүзүүгө жана бюджетке салыктарды төлөөгө жооптуу жетекчисинин жана кызмат адамдарынын аты-жөнүн;

7) мурдагы текшерүү жана Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын мурда аныкталган бузууларды четтетүү боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө маалыматтарды;

8) текшерилүүчү салыктык мезгилди жана текшерүү жүргүзүү үчүн салык төлөөчү берген документтер жөнүндө жалпы маалыматтарды;

9) алардын негизинде салык милдеттенмеси эсептелген документтердин реквизиттерине, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын тиешелүү ченемине шилтеме жасоо менен текшерүүнүн жүрүшүндө белгиленген салык милдеттенмесин эсептөөнүн толук негиздемесин.

2. Көчмө текшерүүнүн мөөнөтүнүн бүтүшү болуп салык төлөөчүгө көчмө текшерүүнүн актысы тапшырылган күн эсептелет. Эгерде ушул главада башкача каралбаса, көчмө текшерүүнүн актысы жазма буйрукта көрсөтүлгөн көчмө текшерүү аяктоочу күндөн кечиктирбестен салык төлөөчүгө тапшырылууга тийиш.

3. Көчмө текшерүүнүн актысына документтердин зарыл болгон көчүрмөлөрү, салык кызматынын органынын кызмат адамы түзгөн эсептөөлөр жана текшерүүнүн жүрүшүндө алынган башка материалдар тиркелет.

4. Эгерде ушул главада башкача каралбаса, көчмө текшерүүнүн актысы кеминде эки нускада түзүлөт жана ага текшерүү жүргүзгөн салык кызматынын органдарынын кызмат адамы жана текшерилүүчү уюмдун жетекчиси же жеке ишкер же алардын салыктык өкүлдөрү кол коюшат. Көрсөтүлгөн адамдар актыга кол коюудан баш тарткан учурда, бул тууралуу актыга тийиштүү белги коюлат.

5. Көчмө текшерүүнүн актысынын бир нускасы салык төлөөчүгө берилет. Көчмө текшерүү боюнча актыны алууда салык төлөөчү аны алгандыгы жөнүндө белги коюуга милдеттүү.

6. Көчмө текшерүүнүн жыйынтыктарына макул болбогон салык төлөөчү акт тапшырылган күндөн кийинки 5 жумушчу күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө текшерүү актысы боюнча жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрдү же каршы пикирлерин көчмө текшерүүнү жүргүзгөн салык кызматынын органына берүүгө укуктуу.

 

123-берене. Көчмө текшерүүнүн материалдарын кароонун натыйжалары боюнча чечим чыгаруу

1. Эгерде ушул главада башкача каралбаса, көчмө текшерүүнүн материалдары салык кызматынын органынын жетекчиси же жетекчисинин орун басары тарабынан салык төлөөчүгө көчмө текшерүү жөнүндө акт тапшырылган күндөн кийинки 10 жумушчу күндөн кечиктирбестен каралат.

2. Салык төлөөчү көчмө текшерүүнүн актысы боюнча жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөнү же каршы пикирди ушул Кодекстин 122-беренеси менен белгиленген мөөнөттө берген учурда:

1) текшерүүнүн материалдары салык төлөөчүнүн же анын салыктык өкүлүнүн катышуусу менен салык төлөөчүнүн кат жүзүндөгү түшүндүрмөсү же каршы пикири салык кызматынын органында катталган күндөн кийинки 10 жумушчу күндүн ичинде каралат;

2) салык кызматынын органы салык төлөөчүгө көчмө текшерүүнүн материалдарын кароо убактысы жана жери жөнүндө кабарлоону көчмө текшерүүнүн материалдары салык кызматынын органында каралуучу датага чейин 5 жумушчу күндөн кечиктирбестен тапшырат.

Эгерде көчмө текшерүүнүн материалдары каралуучу убакыт жана жер жөнүндө кабарлоо тапшырылган салык төлөөчү кароого келбесе, анда текшерүүнүн материалдары, анын ичинде салык төлөөчү тарабынан берилген каршы пикир, түшүндүрмө, башка документтер жана материалдар ал жок эле каралат.

3. Утурлама же тематикалык текшерүүнү кошпогондо, көчмө текшерүүнүн материалдарын кароонун жыйынтыгы боюнча салык кызматынын органынын жетекчиси же жетекчисинин орун басары төмөнкүдөй чечим чыгарат:

1) салыкты, туумду эсептөө жана/же азайтуу жөнүндө;

2) салыктык укук бузуулар үчүн салык төлөөчүнү жоопкерчиликке тартуу жөнүндө;

3) салык төлөөчүнү жоопкерчиликке тартпоо жөнүндө;

4) көчмө текшерүү жүргүзүүнүн мөөнөтүн ушул Кодекстин 119-беренесинин 3-бөлүгүндө белгиленген мөөнөттүн чегинде узартуу жөнүндө.

Көчмө текшерүүнүн материалдарын кароонун жыйынтыктары боюнча чечим көчмө текшерүүнүн материалдары каралган күндөн кийинки 3 жумуш күндөн кечиктирбестен чыгарылат, жана салык төлөөчүгө ушул Кодекстин 96 жана 97-беренелеринин талаптарына ылайык тапшырылат;

Тематикалык текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча материалдар салык төлөөчүнүн салык кызматынын органдарынын чечимине даттануусун караган органга материалдар каралган датадан тартып 3 жумушчу күндөн кечиктирбестен жөнөтүлөт.

4. Көчмө текшерүүнүн материалдарын кароодо салык кызматынын органдары төмөнкүлөргө укуктуу:

1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин колдонуу жөнүндө тиешелүү ыйгарым укуктуу органга суроо-талап жөнөтүүгө;

2) чет мамлекеттин ыйгарым укуктуу органына маалымат берүү жөнүндө суроо-талап жөнөтүүгө;

3) экспертиза жана/же утурлама текшерүү жүргүзүүнү дайындоого.

Ушул бөлүккө ылайык суроо-талап жөнөтүлгөн учурда жана ушул Кодексте белгиленген көчмө текшерүү боюнча чечим чыгаруу мөөнөтүнө чейин жооп алынбаса, салык кызматынын органынын чечими белгиленген мөөнөттө чыгарылат. Чечимде жөнөтүлгөн суроо-талап жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен суроо-талап жөнөтүлгөн маселени кошпогондо, чечим көчмө текшерүүнүн бардык маселелери боюнча кабыл алынат.

Суроо-талапка жоопту, экспертизанын же утурлама текшерүүнүн жыйынтыктарын алуу кайра текшерүүнү жүргүзүү же жоопту жана/же жыйынтыктарды алган күндөн кийинки 15 жумушчу күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө жаңы чечимди кабыл алуу менен мурда кабыл алынган чечимди жокко чыгаруу үчүн негиз боло алат.

5. Салык төлөөчүнү салыктык укук бузууну жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартуу жөнүндө чечимде төмөнкүлөр баяндалат:

1) жасалган укук бузуунун жагдайлары, алар жүргүзүлгөн текшерүү менен кантип аныкталганы, документтер жана аталган жагдайларды ырастаган башка маалыматтар;

2) салык төлөөчү тарабынан өзүн коргоо үчүн келтирилген жүйөлөр жана бул жүйөлөрдү текшерүүнүн жыйынтыктары;

3) ушул Кодекстин ченемдерин бузууларды жана колдонулуучу жаза чараларын көрсөтүү менен салыктык укук бузуу үчүн салык төлөөчүнү жоопкерчиликке тартууга негиздер.

6. Салык кызматынын органынын салыктардын, туумдардын жана салык санкцияларынын суммаларын эсептөө жөнүндө чечими салык төлөөчүгө ушул Кодекс менен белгиленген тартипте тапшырылат. Эгерде салык төлөөчү көчмө текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча чечимге ушул Кодексте белгиленген тартипте даттанбаса, салыктардын, туумдардын жана салык санкцияларынын суммаларын эсептөө жөнүндө чечимди алган салык төлөөчү аны чечим тапшырылган күндөн кийинки 30 күндүн ичинде аткарууга тийиш.

7. Салык кызматынын органынын кызмат адамы тарабынан ушул берененин талаптарынын сакталбашы салык кызматынын органынын чечимин жокко чыгаруу жана анын кызмат адамын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартуу үчүн негиз болушу мүмкүн.

8. Салык төлөөчү укук бузууларды жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылууга тийиш болгон аныкталган бузуулар боюнча салык кызматынын органы тарабынан Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык протокол түзүлөт жана токтом чыгарылат.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

124-берене. Уюмду жоюуда же жеке ишкердин ишин токтотууда салык төлөөчүгө текшерүү жүргүзүүнүн негизи жана тартиби

1. Уюмду жоюуда же жеке ишкердин ишин токтотууда салык төлөөчүнү текшерүү ушул Кодекстин 118-беренесинде белгиленген салыктарды төлөбөө тобокелдигинин факторлору жок болгон жана салык төлөөчү катталган бардык мезгилдин ичинде нөлдүк көрсөткүчтөр менен салык отчетун берген учурда жүргүзүлөт.

2. Салык төлөөчүдө салыктарды төлөбөө тобокелдигинин факторлорунун жоктугун ырастоо болуп салык кызматынын маалымат тутумунун тобокелдикти талдоо протоколунда алардын жоктугу саналат.

Ушул берененин максатында салык кызматынын маалымат тутумунун салыктарды төлөбөө тобокелдигин талдоо протоколу болуп салыктарды төлөбөө тобокелдигинин факторлорун эсептөөнүн жыйынтыгы боюнча автоматтык түрдө түзүлгөн документ саналат.

3. Салык төлөөчүгө, анын ичинен обочолонгон бөлүмчөсү бар салык төлөөчүгө текшерүү жүргүзүүнүн мөөнөтү 15 жумушчу күндөн ашпоого тийиш.

4. Салык төлөөчүнү текшерүү төмөнкүдөй жүргүзүлөт:

1) салык органынын кызмат адамы тарабынан анын кызматтык милдеттерине ылайык бул органдын түздөн-түз жайгашкан жери боюнча салык төлөөчүнү тартпастан;

2) салык кызматынын маалымат тутуму тобокелдиктерди талдоо протоколун түзгөн күндөн тартып 15 жумушчу күндүн ичинде.

5. Текшерүү жүргүзүүнүн башталышы болуп салык кызматынын маалымат тутуму тобокелдиктерди талдоо протоколун түзгөн күн саналат.

6. Текшерүү жүргүзүүнү аяктоо болуп текшерүү актысы жол-жоболоштурулган дата саналат.

7. Текшерүү актысы 2ден кем эмес сандагы нускада түзүлөт жана текшерүү жүргүзгөн салык органынын кызмат адамы тарабынан кол коюлат.

8. Текшерүү актысынын бир нускасы мындай текшерүү боюнча материалдарды кароонун жыйынтыгы боюнча чечими менен салык төлөөчүгө текшерүү бүткөн күндөн тартып 15 жумушчу күндөн кечиктирбестен тапшырылууга тийиш.

125-берене. Камералдык текшерүү жүргүзүү

1. Камералдык текшерүү салыктарды эсептөө жана төлөө үчүн негиз болгон, салык төлөөчү берген салык отчетторунун жана маалыматтарынын, ошондой эле салык органында болгон салык төлөөчүнүн иштери тууралуу документтердин негизинде салык органы жайгашкан жер боюнча салык төлөөчүнү тартпастан жүргүзүлөт.

2. Эгерде ушул Кодексте башкача каралбаса, камералдык текшерүү салык органынын жетекчисинин кандайдыр бир атайын чечимисиз, салык органынын кызмат адамы тарабынан анын кызматтык милдеттерине ылайык жүргүзүлөт.

3. Камералдык текшерүү жүргүзүү тартиби Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

4. Эгерде салык органы камералдык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча салыктын суммасын азайтуу же жогорулатуу фактысын, ошондой эле салык төлөөчү салык отчетторун толтурууда жол берген башка каталарды аныктаса, салык органынын кызмат адамы ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгиленген форма боюнча камералдык текшерүүнүн маалымкатын түзөт.

Камералдык текшерүүнүн маалымкатында төмөнкүлөр чагылдырылууга тийиш:

1) салык төлөөчү тарабынан бузулган Кыргыз Республикасынын мыйзамынын талабына көрсөтмө;

2) алардын негизинде салыктын суммасын азайтуу же жогорулатуу жана/же катанын болушу боюнча факты жөнүндө тыянак чыгарылган документтер, отчеттор жана маалымат булактары;

3) эгерде ал жүргүзүлсө, салык милдеттенмесин кошуп эсептөөнүн эсеби;

4) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын бузууларды четтетүү жөнүндө талап.

Камералдык текшерүүнүн маалымкаты эки нускада түзүлөт жана бул текшерүүнү жүргүзгөн адам кол коёт.

5. Салык органы салык төлөөчүгө камералдык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча маалымкатты тапшыруу жана салык төлөөчүнүн ишинин көрсөткүчтөрүнүн шайкеш эместиги аныкталгандыгы жөнүндө билдирүү аркылуу салыктардын суммасын азайтуунун же жогорулатуунун, ошондой эле башка каталардын аныкталган фактылары жөнүндө аларды четтетүү талабы менен камералдык текшерүүнүн маалымкаты түзүлгөн күндөн кийинки 3 жумушчу күндөн кечиктирбестен кабарлайт.

Камералдык тешерүүнүн жыйынтыгы боюнча маалымкатты жана камералдык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча салык төлөөчүнүн ишинин көрсөткүчтөрүнүн шайкеш келбестиги аныкталгандыгы жөнүндө билдирүүнү алгандан кийин, салык төлөөчү аны алгандыгы жөнүндө белги коюуга милдеттүү.

6. Шайкеш келбестиктер аныкталгандыгы жөнүндө билдирүүнү жана камералдык текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө маалымкатты алгандан кийин, салык төлөөчү билдирүү алган күндөн кийинки күндөн тартып 15 календардык күндүн ичинде салык жана башка отчетторуна тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүүгө же камералдык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча маалымкатта баяндалган фактылар, ошондой эле салык органынын кызмат адамынын тыянактары жана сунуштары менен макул болбогон учурда жүйөлөр, түшүндүрмөлөр менен жазуу жүзүндөгү каршы пикирин жана/же өзүнүн каршы пикиринин негиздүүлүгүн ырастаган документтерди берүүгө милдеттүү.

7. Салык төлөөчү алган кабарлоого ылайык камералдык текшерүүнүн жыйынтыгына карата жүйөлөнгөн каршы пикирин берген учурда, салык органы каршы пикирди алган күндөн кийинки күндөн тартып 5 жумушчу күндөн кечиктирбестен, салык төлөөчү тарабынан берилген каршы пикирлерди эске алуу менен камералдык текшерүүнүн материалдарын карап чыгууга, эгерде салык төлөөчү тарабынан берилген жүйөлөр салык органы тарабынан кабыл алынбаса же жарым-жартылай кабыл алынса, ушул Кодекстин талаптарына ылайык чечим чыгарууга жана аны салык төлөөчүгө тапшырууга милдеттүү.

8. Эгерде салык органы тарабынан каршы пикирлерди кароонун жыйынтыгы боюнча салык төлөөчүнүн салык отчетунда салыктардын азайтылган же жогорулатылган суммаларынын же башка каталардын жоктугу жөнүндө жүйөлөр кабыл алынса, анда мындай учурда салык органы салык төлөөчүгө каршы пикирин берүү үчүн берилген мөөнөт аяктагандан кийин 5 жумушчу күндөн кечиктирбестен салык төлөөчү тарабынан берилген жүйөлөрдү таануу жөнүндө жазуу жүзүндөгү кабарлоону ага тапшырат.

9. Салык төлөөчү белгиленген мөөнөттө камералдык текшерүүдө аныкталган каталарды четтетпеген учурда, салык органы белгиленген мөөнөттөн тартып 5 жумушчу күндүн ичинде ушул Кодекстин 96 жана 97-беренелеринин талаптарына ылайык салыкты, туумду эсептөө жана/же азайтуу жөнүндө камералдык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча чечим кабыл алууга жана аны салык төлөөчүгө тапшырууга милдеттүү.

10. Камералдык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча салык санкциясы колдонулбайт.

11. Камералдык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча салыктардын жана туумдардын суммасын эсептөө жөнүндө чечимди алган салык төлөөчү, эгерде ал бул чечимди ушул Кодексте белгиленген тартипте даттанбаса, чечим тапшырылган күндөн кийинки күндөн тартып 30 күндүн ичинде аны аткарууга милдеттүү.

12. Салык органынын кызмат адамынын ушул берененин талаптарын сактабоосу камералдык текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө салык органынын чечимин жокко чыгаруу жана кызмат адамын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын жоопкерчилигин жөнгө салган мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартуу үчүн негиз болушу мүмкүн.

126-берене. КНС салыгын төлөөчүнүн арызы боюнча КНС ашкан суммасынын ордун толтуруу жана/же кайтарып берүү жөнүндө камералдык текшерүү жүргүзүү

1. КНС ашкан суммасынын негиздүүлүгүнө жана өлчөмүнө камералдык текшерүү салык органынын жайгашкан жеринде КНС боюнча салык отчетторун жана салык төлөөчү тарабынан берилген документтердин көчүрмөлөрүнүн жана КНС ашкан суммасын эсептөө үчүн негиз болгон мамлекеттик органдардын маалыматынын негизинде салык төлөөчүнү тартпастан жүргүзүлөт.

2. КНС ашкан суммасынын негиздүүлүгүнө жана өлчөмүнө камералдык текшерүү салык органынын жетекчисинин чечиминин негизинде, салык органынын кызмат адамы тарабынан анын кызматтык милдеттерине ылайык жүргүзүлөт.

3. КНС ашкан суммасынын негиздүүлүгүнө жана өлчөмүнө камералдык текшерүү жүргүзүүнүн тартиби Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

4. Камералдык текшерүү жүргүзүүнүн мөөнөтү ушул беренеге ылайык 15 жумушчу күндөн ашпашы керек.

5. КНС ордун толтуруу жана/же кайтарып берүү жөнүндө берген арызы боюнча салык органынын чечимине макул болбогон салык төлөөчү ушул Кодекстин 20-главасында белгиленген тартипте чечимге даттанууга укуктуу.

14-глава. Рейддик салык контролу. Контролдук-кассалык машиналарды колдонуу. Салык посту

127-берене. Рейддик салык контролу

1. Салык кызматынын органдары контроль жүргүзүү жана салык төлөөчүгө Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарын өз убагында жана толук аткаруусуна көмөк көрсөтүү максатында рейддик салык контролун жүзөгө ашырат.

2. Рейддик салык контролу Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын төмөнкүдөй талаптарын сактоо боюнча жүзөгө ашырылат:

1) салык төлөөчүнүн салыктык жана эсептик каттоосу;

2) ККМ колдонуу;

3) патенттин же өзгөчө режимдеги соода зоналарындагы ишке салыктын негизинде салык төлөө;

4) Министрлер Кабинети аныктаган тартипте товарларды эсепке алууда жана кыймылын контролдоодо контролдоо пломбаларын жана коштоочу документтерди колдонуу;

5) жалданма кызматчыларды толук эсепке алуу;

6) салык салуу объекттеринин жана жергиликтүү салыктарга карата салык базасынын физикалык көрсөткүчтөрү;

7) Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарына ылайык эсепке алууну жүргүзүүчү адамдарды кошпогондо, жеке ишкерлер кирешелерди жана чыгашаларды эсепке алуу боюнча китепте сатып алууларды же сатууларды каттоосу;

8) акциздик товарларды идентификация каражаттары же акциздик маркалар менен белгилөө жана алардын аныктыгы;

9) Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте акциздик жана маркалануучу товарларды эсепке алуунун автоматташтырылган тутумдарын колдонуу;

10) товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүгө жана/же сатып алууга баштапкы эсепке алуу документтеринин болушу;

11) ЕАЭБ мүчө-мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизилүүчү товарлар боюнча документтердин болушу жана импортко салыктардын төлөнүшү;

12) (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3. Контролдук сатып алууну кошпогондо, рейддик салык контролу айрым салык төлөөчүгө же анын обочолонгон бөлүмчөсүнө карата жылына 12ден ашык эмес жолу жүзөгө ашырылат.

Рейддик салык контролун жүргүзүүдө товардык-материалдык баалуулуктардын калдыктарын алуу Министрлер Кабинети тарабынан аныктаган учурларда жана тартипте жүргүзүлөт.

4. Айрым салык төлөөчүгө карата рейддик салык контролу Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарын сактабоо тобокелдигинин факторлорун талдоонун жыйынтыгынын негизинде ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилүүчү рейддик контроль жүргүзүлүүгө тийиш болгон салык төлөөчүлөрдү аныктоо усулуна ылайык жүзөгө ашырылат.

5. Рейддик салык контролун жүргүзүү үчүн ыйгарым укуктуу салык органы белгилеген форма боюнча жазма буйрук таризделет. Рейддик салык контролун жүргүзүүнүн тартиби Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын төмөнкүдөй талаптарынын сакталышына рейддик салык контролун жүргүзүшөт:

1) салык төлөөчүнүн салык органында салыктык жана эсептик катталуу фактысын;

2) салык төлөөчүнүн патенттин негизинде салык төлөөсүн жана физикалык көрсөткүчтөрүн текшерүү.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

128-берене. Контролдук-кассалык машиналарды колдонуу

1. Кыргыз Республикасынын аймагында соода операцияларында же жумуштарды аткарууда жана кызматтарды көрсөтүүдө калк менен жүзөгө ашырылуучу эсептешүү ККМ милдеттүү түрдө колдонуу жана кагаз жүзүндө жана/же автоматтык эсептөө үчүн жарактуу электрондук түрдө контролдук-кассалык чекти берүү/жөнөтүү менен жүргүзүлөт. Ушул бөлүктүн жоболору өз ишинин спецификасынан, же болбосо жайгашкан жеринин өзгөчөлүктөрүнөн улам Министрлер Кабинети бекиткен тизмеге ылайык ККМ колдонбостон, эсептешүүлөрдү жүргүзө ала турган субъекттерге жайылтылбайт.

2. Субъекттер калк менен эсептешүүдө ККМ реестрине киргизилген аппараттык ККМ же программалык ККМ пайдаланууга милдеттүү.

3. Министрлер Кабинети төмөнкүлөрдү бекитет:

1) ККМ карата техникалык корутундуну берүү жана ККМ реестрин түзүү тартибин;

2) ККМ жана ФМО техникалык тейлөө борборлоруна карата талаптарды, анын ичинде алар көрсөткөн кызматтардын наркын;

3) ККМ каттоо, колдонуу тартибин, пайдалануунун типтүү эрежелерин жана киргизүүнүн мөөнөттөрүн.

4. ККМ карата техникалык талаптар ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана байланыш, маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу жаатындагы жана электрондук кол тамгаларды пайдалануу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча бекитилет.

5. ККМ байланыш, маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу жаатындагы жана электрондук кол тамганы пайдалануу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү техникалык корутундунун негизинде ККМ реестрине киргизилет жана андан чыгарылат.

Техникалык корутунду ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген техникалык талаптарга ККМ шайкештигин/шайкеш эместигин ырастоочу документ болуп саналат.

6. Экономикалык ишти жүргүзүү үчүн аянтты, анын ичинде базарларда (кичи базарларда) жана соода борборлорунда жана үйлөрдө соода орундарын ижарага берген субъект ижара келишиминде контролдук-кассалык машинаны пайдаланууга милдеттүү ижарачыда ККМ бар болгондугу тууралуу талапты белгилөөгө милдеттүү, аны аткарбоо мындай келишимди бир тараптуу бузууга алып келет.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

129-берене. ККМ колдонууга карата талаптар

1. Ушул Кодекске ылайык ККМ колдонуу менен иш жүргүзүүгө милдеттүү болгон салык төлөөчүгө карата төмөнкүдөй талаптар коюлат:

1) ишин жүзөгө ашырып баштаганга чейин ККМ тейлөөгө коюу жана каттоо;

2) ККМ ички механизмдерине жана программалык башкаруусуна санкцияланбаган кирүүнү болтурбоо;

3) ККМ колдонуунун типтүү эрежелерине ылайык ККМ колдонуу;

4) салык органдарынын кызмат адамдарынын ККМ колдонуунун тартибинин сакталышын контролдоодо ККМ жана кассалык орунга тоскоолдуксуз кирүүсүн камсыз кылуу;

5) ККМ оң абалда кармоо жана ыйгарым укуктуу салык органына жана/же ФМО реалдуу убакыт режиминде маалыматтардын берилишин, ошондой эле ККМ операцияларды белгилөө менен эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө акча каражаттарынын талаптагыдай эсепке алынышын камсыз кылуу;

6) сатып алуучу же кардар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүп жаткан жеринде жана учурунда ККМ колдонуу;

7) сатылуучу товарлардын баасын же көрсөтүлүүчү кызматтардын, аткарылуучу жумуштардын прейскуранттарын сатып алуучу же кардар үчүн жеткиликтүү жерге жайгаштыруу, алар жарыяланган бааларды жана/же тарифтерди ырастаган документтерге ылайык келүүгө тийиш;

8) ККМ каттоо, кайра каттоо, эсептен чыгаруу жана оңдоо учурунда ККМ техникалык тейлөө борборлорунун кызматкерлерине жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу;

9) ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча контролдук-кассалык чекти талап кылуу зарылдыгы жөнүндө маалыматты сатып алуучуга же кардарга көрүнүктүү жерге жайгаштыруу.

2. ККМ колдонуу боюнча Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын ченемдеринин талаптарын бузгандыгы үчүн салык төлөөчү Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

130-берене. ККМ колдонуу тартибинин сакталышын салыктык контролдоо

1. Салык кызматынын органдары салык төлөөчү тарабынан ККМ колдонуу тартибинин сакталышын контролдоону жүзөгө ашырат.

2. Салык контролун жүргүзүүнүн жүрүшүндө төмөнкүлөр текшерилүүгө тийиш:

1) ККМ каттоо жана колдонуу тартиби;

2) ККМ бузулбагандыгы;

3) сатып алуучуларга же кардарларга контролдук-кассалык чектерди берүү;

4) сатылуучу товарларга, аткарылуучу жумуштарга, көрсөтүлүүчү кызматтарга баалардын же прейскуранттардын болушу;

5) ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча контролдук-кассалык чекти талап кылуу зарылдыгы жөнүндө маалыматтын болушу;

6) ККМ колдонуунун типтүү эрежелерин сактоо;

7) контролдук-кассалык чектердин төлөөгө берилүүчү документтерге шайкеш келиши:

8) ККМ Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген техникалык талаптарга шайкеш келиши.

3. Контролдук сатып алуу салык кызматынын органдары тарабынан ККМ колдонуу тартибинин жана талаптарынын сакталышын, анын ичинде сатып алуучуларга же кардарларга контролдук-кассалык чектердин берилишин контролдоо үчүн гана жүргүзүлөт жана мезгилдүүлүгү чектелбестен жүзөгө ашырылат.

Субъект тарабынан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү эсепке алуу үчүн колдонулуучу фискалдык программалык камсыздоону пайдаланууда контролдук сатып алуу салык кызматынын органдары тарабынан контролдук-кассалык чектердин сатып алуучуларга же кардарларга берилишин, алардын төлөөгө берилген документтерге ылайык келишин контролдоо үчүн жүргүзүлөт.

Контролдук сатып алууну жүргүзүү тартиби Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

4. Салык кызматынын органдары ККМ жана ыйгарым укуктуу салык органынын жана/же ФМО маалыматтык тутумдарында сакталган маалыматтарды салыктык контролду жүргүзүү учурунда колдонууга укуктуу.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

131-берене. Салык посту

1. Товарлардын жана акча каражаттарынын жүгүртүлүшүн толук эсепке алуу максатында салык органы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы ушул Кодексте белгиленген укуктардын жана ыйгарым укуктардын чегинде Министрлер Кабинети белгилеген тартипте салык төлөөчүнүн аймагына салык постун орнотууга укуктуу.

2. Салык посту орнотулган салык төлөөчү ыйгарым укуктуу салык органында аккредитацияланган тармактык бизнес-ассоциациянын өкүлүн салык постунун ишине катышуу үчүн тартууга укуктуу.

3. Салык посту төмөнкү салык төлөөчүлөрдө орнотулат:

1) акциздик товарларды өндүрүүчү;

2) салык карызы бар;

3) салык отчетторун тутумдук түрдө нөлдүк көрсөткүчтөр менен берген;

4) коомдук тамактануу, соода, кызматтарды көрсөтүү жана курорттук-ден соолукту чыңдоо чөйрөсүндө иш жүргүзгөн;

41) салык мыйзамдарынын талаптарын сактабоо боюнча тобокелдик факторлору болгон учурда өндүрүш чөйрөсүндө иш жүргүзгөн;

5) пайдалуу кендерди казып алууну жүзөгө ашырган.

4. Салык посту орнотулуучу субъекттердин тизмеги ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталат.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

15-глава. Жетүү, иликтөө, документтерди талап кылуу, экспертиза жана протокол түзүү

132-берене. Салык кызматынын органдарынын кызмат адамынын көчмө текшерүү, рейддик салык контролун жүргүзүү, салык постун орнотуу үчүн аймакка жана жайга жеткиликтүүлүгү

1. Салык төлөөчү көчмө текшерүүнү, рейддик салык контролун түздөн-түз жүргүзүүчү же салык постун орнотуучу (мындан ары ушул главада - текшерүүлөр) салык кызматынын органдарынын кызмат адамын, ал кызматтык ырастамасын жана ошол салык төлөөчүнү текшерүү жөнүндө салык органынын жазма буйругун көрсөткөн учурда аймакка же жайга киргизүүгө милдеттүү.

2. Түздөн-түз текшерүү жүргүзүүчү салык кызматынын органдарынын кызмат адамы салык төлөөчүнүн ишкердик ишти жүзөгө ашыруу үчүн колдонулуучу аймактарын же жайларын же болбосо көрсөтүлгөн объекттер жөнүндө иш жүзүндөгү маалыматтардын салык төлөөчү тарабынан берилген документтик маалыматтарга ылайык келишин аныктоо үчүн салык салуу объекттерин текшерүүгө укуктуу.

3. Текшерүү жүргүзүүчү салык кызматынын органдарынын кызмат адамынын салык төлөөчүнүн аймагына же жайларына киришине мыйзамсыз тоскоолдук кылган учурда, ал адам тарабынан өзү жана салык төлөөчү кол коюучу протокол түзүлөт, анын негизинде салык кызматынын органы салык милдеттенмесинин суммасын баалоонун кыйыр усулдарынын негизинде өз алдынча аныктоого укуктуу.

Салык төлөөчү көрсөтүлгөн протоколго кол коюудан баш тартса, анда тийиштүү жазуу жазылат.

4. Текшерүү жүргүзүүчү салык кызматынын органдарынын кызмат адамынын салык төлөөчүнүн аймагына же жайларына киришине мыйзамсыз тоскоолдук кылуусу салык укуктарын бузуу деп таанылат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке алып келет.

5. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мындай уруксат зарыл болсо, салык кызматынын органынын кызмат адамы салык төлөөчүнүн аймагына же жайларына кирүү үчүн уруксатты өзү менен ала жүрүүгө милдеттүү.

6. Салык төлөөчү салык кызматынын органынын кызмат адамын текшерүү жүргүзүү үчүн аймагына же жайына төмөнкүдөй учурларда киргизбей коюуга укуктуу, эгерде:

1) жазма буйрук көрсөтүлбөсө же тапшырылбаса же болбосо белгиленген тартипте жол-жоболоштурулбаса;

2) жазма буйрукта көрсөтүлгөн текшерүү мөөнөтү келе элек болсо же бүтүп калса;

3) бул адам жазма буйрукта көрсөтүлбөсө;

4) текшерилүүчү салыктык мезгилге тиешеси жок документтер суралса.

7. Текшерүү жүргүзүүчү салык кызматынын органдарынын кызмат адамынын турак жайларга аларда жашоочу жеке адамдардын эркине каршы кирүүсүнө, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача белгиленбесе, жол берилбейт.

133-берене. Иликтөө

1. Иликтөө жүргүзүүчү салык кызматынын органынын кызмат адамы иликтөөнүн толук болушу үчүн мааниси бар жагдайларды аныктоо максатында ага карата иликтөө же документтерине, мүлкүнө салыктык контроль жүргүзүлүп жаткан салык төлөөчүнүн аймагын, жайын же транспорт каражаттарын иликтөөгө укуктуу.

2. Иликтөө жүргүзүүдө ага карата иликтөө жүргүзүлүп жаткан салык төлөөчү же анын салыктык өкүлү катышууга укуктуу.

3. Иликтөө жүргүзүүдө ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгиленген учурларда фото жана киного тартуу, видео жазуу жүргүзүлөт, документтердин көчүрмөлөрү алынат.

4. Иликтөөнүн жыйынтыгы иликтөө актысы менен жол-жоболоштурулат же текшерүү материалдарында чагылдырылат.

134-берене. Документтерди талап кылуу

1. Текшерүү жүргүзүүчү салык кызматынын органынын кызмат адамы текшерилүүчү салык төлөөчүдөн текшерүү үчүн зарыл болгон документтерди талап кылууга укуктуу.

Документтерди берүү жөнүндө чечим даректелген салык төлөөчү, аларды мындай чечим тапшырылган күндөн кийинки күндөн тартып 5 жумушчу күндүн ичинде салык кызматынын органына жиберүүгө же берүүгө милдеттүү.

Айрым учурларда документтер салык төлөөчү күбөлөндүргөн көчүрмөлөр түрүндө берилет.

2. Салык төлөөчүнүн текшерүү жүргүзүүдө суралган документтерди берүүдөн баш тартуусу же аларды белгиленген мөөнөттө бербөөсү салыктык укук бузуу деп таанылат жана ушул Кодексте каралган жоопкерчиликке алып келет.

135-берене. Экспертиза

1. Зарыл болгон учурларда, анын ичинен салыктык контролдоо боюнча иш-аракеттерди жүргүзүүдө салыктык укук мамилелеринин тараптары төмөнкүлөрдүн каражаттарынын эсебинен келишимдик негизде экспертти тартышы мүмкүн:

1) республикалык бюджеттин же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджетинин;

2) салык төлөөчүнүн, салык төлөөчүлөрдүн уюмдарынын, анын ичинде бизнес-ассоциациялардын, ушул субъекттердин кесиптик бирикмесинин.

2. Ушул беренеде эксперт деп атайын билими бар жана салыктык укук мамилелеринин тараптары тарабынан экспертиза жүргүзүү үчүн тартылуучу адам түшүнүлөт.

3. Эксперттин алдына коюлган маселелер жана анын корутундусу эксперттин атайын билимдеринин чегинен чыкпоого тийиш.

4. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган учурларда экспертиза жүргүзүү жөнүндө чечим салык төлөөчүнүн же салыктык текшерүү жүргүзүүчү салык кызматынын органынын кызмат адамынын арызы боюнча салык органынын жетекчиси тарабынан кабыл алынат.

Чечимде төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

1) экспертиза дайындоо үчүн негиздер;

2) эксперттин аты-жөнү жана экспертиза жүргүзүлүүгө тийиш болгон уюмдун аталышы;

3) эксперттин алдына коюлган маселелер;

4) эксперттин карамагына берилүүчү материалдар.

5. Эксперт экспертизалоо предметине таандык текшерүү материалдары менен таанышууга, ага кошумча материалдарды берүү жөнүндө өтүнүч билдирүүгө укуктуу.

6. Эксперт эгерде ага берилген материалдар жетишсиз болсо же анын экспертиза жүргүзүү үчүн зарыл болгон билими жок болсо, корутунду берүүдөн баш тарта алат.

7. Салыктык текшерүү жүргүзүүчү салык кызматынын органынын кызмат адамы текшерилүүчү салык төлөөчүнү ушул берененин 4-бөлүгүнө ылайык кабыл алынган чечим менен тааныштырууга жана ушул берененин 9-бөлүгүндө каралган анын укуктарын түшүндүрүүгө милдеттүү, бул тууралуу протокол түзүлөт.

8. Эксперт өзүнүн атынан кат жүзүндө корутунду берет. Эксперттин корутундусунда ал жүргүзгөн изилдөөлөр, коюлган маселелерге карата тыянактар жана негиздүү жооптор жазылат. Эгерде эксперт экспертиза жүргүзүүдө иш үчүн маанилүү болгон, алар боюнча ага маселе коюлбаган жагдайларды аныктаса, ал мындай жагдайлар тууралуу тыянактарды өзүнүн корутундусуна киргизүүгө укуктуу.

9. Эксперттин корутундусу же анын корутунду берүүгө мүмкүн эместиги жөнүндө билдирүүсү экспертти тарткан тарапка берилет. Экинчи тарап өзүнүн түшүндүрмөлөрүн берүүгө жана каршы пикирин билдирүүгө, ошондой эле экспертке кошумча маселелерди коюу жана кошумча же кайрадан экспертиза дайындоо жөнүндө суранууга укуктуу.

10. Кошумча экспертиза корутунду жетиштүү түрдө түшүнүктүү болбогон же толук болбогон учурда дайындалат жана ошол эле же башка экспертке тапшырылат.

Кайрадан экспертиза жүргүзүү эксперттин корутундусу негиздүү болбогон же анын тууралыгына шектенген учурда дайындалат жана башка экспертке тапшырылат.

Кошумча жана кайрадан экспертиза жүргүзүү ушул беренеде каралган талаптарды сактоо менен дайындалат.

136-берене. Салыктык иш-аракеттердин өндүрүшүндө түзүлгөн протоколго карата коюлуучу жалпы талаптар

1. Ушул Кодексте каралган учурларда текшерүүнү жүзөгө ашыруу боюнча иш-аракеттерди жүргүзүүдө протокол түзүлөт.

2. Протоколдо төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

1) анын аталышы;

2) конкреттүү иш-аракет жүргүзүлгөн жер жана дата;

3) иш-аракет башталган жана аяктаган убакыт;

4) протокол түзгөн адамдын кызматы, аты-жөнү;

5) иш-аракетке же аны жүргүзүүгө катышкан ар бир адамдын аты-жөнү, ал эми зарыл болгон учурларда - анын дареги, жарандыгы, ал мамлекеттик же расмий тилди биле тургандыгы тууралуу маалымат;

6) иш-аракеттин мазмуну, аны жүргүзүүнүн ырааттуулугу;

7) иш-аракеттин өндүрүшүндө аныкталган, иш үчүн олуттуу фактылар жана жагдайлар.

3. Протокол иш-аракеттин өндүрүшүнө же аны жүргүзүүгө катышкан бардык адамдар тарабынан окулат. Көрсөтүлгөн адамдар протоколго киргизилүүгө же ишке тиркелүүгө тийиш болгон сын-пикирлерин айтууга укуктуу.

4. Протоколго аны түзгөн салык кызматынын органынын кызмат адамы, ошондой эле иш-аракеттин өндүрүшүнө катышкан же аны жүргүзүүгө катышкан бардык адамдар кол коюшат.

5. Протоколго фотографиялык сүрөттөр жана негативдер, киноленталар, видеожазуулар жана иш-аракетти жүргүзүүдө аткарылган башка материалдар тиркелиши мүмкүн.

16-глава. Айрым учурларда салыктык контроль жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү

137-берене. Ушул главада пайдаланылуучу терминдер жана аныктамалар

Ушул главада төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар пайдаланылат:

1) окшош товарлар - негизги белгилери бирдей мүнөздөгү товарлар. Товарлардын окшоштугун аныктоодо алардын физикалык мүнөздөмөлөрү, сапаты жана рыноктогу аброю, чыгарган өлкөсү жана өндүрүүчүсү эске алынат. Товарлардын окшоштугун аныктоодо алардын тышкы түрүндөгү анча-мынча айырмачылыктары эске алынбайт;

2) бир түрдүү товарлар - окшош эмес болуп туруп, окшош мүнөздөмөлөргө ээ жана окшош компоненттерден турган товарлар, эгерде мындай товарлардын ортосундагы айырмачылык алардын баасына олуттуу таасирин тийгизбеген же болбосо түзөтүүлөрдүн жардамы менен эске алынышы мүмкүн болгон учурда, аларга бир же ошол эле иш-милдетти аткарууга жана/же коммерциялык жактан бири-бирин алмаштырууга мүмкүндүк берет. Товарлардын бир түрдүүлүгүн аныктоодо алардын сапаты, товардык белгисинин болушу, рыноктогу аброю, чыгарган өлкөсү эске алынат;

3) товарларлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн рыногу - Кыргыз Республикасынын аймагындагы же Кыргыз Республикасынын чегинен сырткаркы сатып алуучуга же сатуучуга карата жакын товарды, жумушту, кызмат көрсөтүүнү реалдуу же олуттуу кошумча чыгымдары жок сатып алууга же сатууга сатуучунун же сатып алуучунун мүмкүнчүлүктөрүнө жараша аныкталуучу ушул товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жүгүртүү чөйрөсү;

4) товардын, жумуштун, кызмат көрсөтүүнүн рыноктук баасы - рыноктогу суроо-талаптын жана сунуштун өз ара аракетинде окшош, ал эми алар жок болгон учурда - салыштырмалуу экономикалык шарттардагы бир түрдүү товарларга, жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө түзүлгөн баа.

138-берене. Баалоонун кыйыр усулдарын пайдалануу

1. Салык милдеттенмеси салык кызматынын органы тарабынан төмөнкү учурларда кыйыр усулдардын негизинде аныкталат:

1) калк менен накталай эсептешүү үчүн операцияларды эсепке алуу тартиби бузулганда;

2) баштапкы эсепке алуу документтери болбогондо.

2. Салык милдеттенмесин эсептөөнүн кыйыр усулдарын колдонуу активдерди, милдеттенмелерди, жүгүртүүнү, сарптоолорду, чыгашаларды баалоонун жана/же Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте орнотулган салык постунун натыйжалары боюнча алынган маалыматтардын негизинде жүзөгө ашырылат.

 

139-берене. Салык салуу максаттары үчүн товарлардын, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн рыноктук баасын колдонуу

1. Эгерде ушул беренеде башкача каралбаса, салык салуунун максаттары үчүн товарлардын, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн тараптар иш жүзүндө колдонгон бүтүмдөрдөгү баалары эске алынат. Эгерде тескерисинче далилденбесе, бул баа рыноктук баалардын деңгээлине ылайык деп болжолдонот.

2. Салык кызматынын органдары салыктардын толук эсептелишине контролду жүзөгө ашырууда бүтүмдөр боюнча бааларды колдонуунун тууралыгын төмөнкүдөй учурларда гана текшерүүгө укуктуу:

1) өз ара көз каранды адамдардын ортосунда бүтүмдөр түзүлгөндө;

2) товар алмашуу (бартердик) операциялар боюнча;

3) тышкы соода бүтүмдөрүн жасоодо;

4) товарларды, жумуштарды же кызмат көрсөтүүлөрдү сатуу жөнүндө ырастоочу документтер болбогондо;

5) аракетсиз жактын белгилери бар субъекттер менен бүтүм түзүлгөндө;

6) атайын салык режимин колдонуучу ишкердиктин субъекттери менен бүтүм түзүлгөндө;

7) ушул беренеге ылайык аларга карата контролдук баалардын минималдык деңгээли белгиленген товарлар менен бүтүм түзүлгөндө.

3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган учурларда, бүтүм түзгөн тараптар товарларга, жумуштарга же кызмат көрсөтүүлөргө колдонгон баалар рыноктук баадан 20 пайыздан ашык айырмаланса, салык кызматынын органы бул бүтүмдүн натыйжасы тийиштүү товарларга, жумуштарга же кызмат көрсөтүүлөргө рыноктук бааларды колдонууга жараша баалангандай түрдө эсептелген салыкты, туумду жана салык санкцияларын кошуп эсептөө жөнүндө жүйөлүү чечимди чыгарууга укуктуу.

31. Ушул берененин 2-бөлүгүнүн 5 жана 6-пункттарында көр-сөтүлгөн субъекттердин дарегине сатуу баалары жалпы салык режиминде иш жүргүзгөн субъекттердин дарегине сатуу баасынан 30 пайыздан ашык айырмаланган салык төлөөчүгө карата товардын рыноктук баасы аныкталган учурда рыноктук баа катары жалпы салык режиминде иш жүргүзгөн субъекттердин дарегине сатылган бир түрдүү товарлардын орточо өлчөнгөн баасы колдонулат.

Ушул бөлүктүн максаттары үчүн товардын орточо өлчөнгөн баасын эсептөөдө өзүнүн керектөө сапатын жарым-жартылай жоготкон же белгиленген жарактуулук мөөнөтүнүн 20 пайызы-на чейин колдонуу мөөнөтү өтүп кеткен баасы төмөндөтүлгөн товарлар боюнча баалар эсепке алынбайт.

4. Рыноктук баа ушул Кодекстин 140-беренесинде каралган салык салуу максаттары үчүн товарлардын, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн рыноктук баасын аныктоо усулдарына ылайык аныкталат, алардын ар бири мурдагыларды колдонуу үчүн жетиштүү маалымат жок учурда ырааттуу түрдө колдонулат.

5. Рыноктук бааны аныктоодо баага кадимки кошумча акылар же өз ара көз каранды эмес жактардын ортосунда бүтүмдөрдү түзүүдө белгиленүүчү арзандатуулар эске алынат. Атап айтканда, төмөнкүлөрдөн улам келип чыккан кошумча акылар жана арзандатуулар эсепке алынат:

1) товарларга, жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө керектөө суроо-талабынын сезондук же башка өйдө-ылдый болушунан;

2) Министрлер Кабинети белгилеген тартипте товарлардын сапатын же башка керектөө касиеттерин жоготушунан;

3) товарлардын жарактуулук же аларды сатуу мөөнөттөрүнүн бүтүшүнөн же мөөнөттөрүнүн бүтүү датасынын жакындашынан;

4) маркетингдик саясаттан, анын ичинде окшош эмес жаңы товарларды рынокторго чыгаруудан, ошондой эле товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жаңы рынокторго чыгаруудан;

5) керектөөчүлөргө тааныштыруу максатында товарлардын тажрыйбалуу моделдерин жана үлгүлөрүн сатуудан.

6. Товарлардын, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн рыноктук бааларын аныктоодо өз ара көз каранды эмес жактардын ортосундагы бүтүмдөр көңүлгө алынат. Өз ара көз каранды жактардын ортосундагы бүтүмдөр бул жактардын өз ара көз карандылыгы мындай бүтүмдөрдүн натыйжаларына таасирин тийгизбеген учурларда гана көңүлгө алынышы мүмкүн.

7. Товарларга, жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө рыноктук бааны аныктоодо жана таанууда товарларга, жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө рыноктук баалар жана биржалык котировкалар жөнүндө маалыматтын расмий булактары, мамлекеттик органдардын жана өз алдынча башкаруу органдарынын маалыматтар базасы, салык төлөөчүлөр салык органдарына берген маалыматтар, ошондой эле башка тиешелүү маалыматтар колдонулат.

8. Контролдук баалардын минималдык деңгээлин аныктоонун жана колдонуунун тартиби Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

Контролдук баалардын минималдык деңгээлинин өлчөмү Министрлер Кабинети аныктаган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.

9. Аларга карата контролдук баалардын минималдуу деңгээли белгиленген импорттук/өндүрүлгөн товарлар боюнча ушул Кодекстин максаттары үчүн ушул берененин 8-бөлүгүнө ылайык белгиленген деңгээлден төмөн эмес баа кабыл алынат.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

140-берене. Салык салуу максаттары үчүн товарлардын, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн рыноктук баасын аныктоонун маалымат булактары жана усулдары

1. Товарлардын рыноктук баасын аныктоодо төмөнкүлөргө карата төмөнкү маалымат булактары колдонулат:

1) аларга карата мамлекеттик жөнгө салынуучу баалар (тарифтер) белгиленген товарлар, жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр, рыноктук баа деп көрсөтүлгөн баалар (тарифтер) таанылат;

2) металлдарга жана мунай продуктуларына карата рыноктук баа катары биржалардагы баалар колдонулат, алардын тизмеси Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө саналып өтпөгөн товарлар, жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн товардын, жумуштун жана кызмат көрсөтүүнүн рыноктук баасы Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин ар кварталдык баалардын бюллетенинин маалыматтары боюнча операция жүргүзүлгөн датага карата аныкталат.

3. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө саналып өтпөгөн товарлар үчүн товардын, жумуштун же кызмат көрсөтүүнүн рыноктук баасы бул товарды, жумушту же кызмат көрсөтүүнү сатуу учурунда окшош жана/же бир түрдүү товарлар, жумуштар же кызмат көрсөтүүлөр менен салыштырылуучу шарттарда түзүлгөн бүтүмдөр жөнүндө маалыматтын негизинде аныкталат. Атап айтканда, берилүүчү товарлардын саны жана көлөмү (мисалы, товардык партиянын көлөмү), милдеттенмелерди аткаруу мөөнөтү, мындай түрдөгү бүтүмдөрдө адатта колдонулуучу төлөмдөрдүн шарттары сыяктуу бүтүмдөрдүн шарттары, ошондой эле бааларга таасирин тийгизиши мүмкүн болгон башка акылга сыярлык шарттар эске алынат.

Мында окшош, андайлар жок болсо - бир түрдүү товарлардын, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн рыногунда бүтүмдөрдүн шарттары, эгерде мындай шарттардын ортосундагы айырмачылык мындай товарлардын, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн баасына олуттуу таасир тийгизбесе, же болбосо түзөтүүлөрдүн жардамы менен эске алынышы мүмкүн болсо салыштырылуучу деп таанылат.

Товарларга, жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө рыноктук бааларды аныктоодо, өз ара көз каранды эмес жактардын ортосундагы бүтүмдөр эске алынат.

4. Ушул берененин мурунку бөлүктөрүндө саналып өтпөгөн товарлар үчүн рыноктук баа кийинки сатуу баасынын усулу боюнча аныкталат. Бул усулга ылайык салык төлөөчү тарабынан сатылган товардын, жумуштун же кызмат көрсөтүүнүн рыноктук баасы товар, жумуш же кызмат көрсөтүү аларды сатып алуучу тарабынан кийин кайра сатууда сатылган баасы катары аныкталат. Мында ушундай учурлар үчүн адаттагыдай ошол сатып алуучунун салык төлөөчүдөн сатып алган товарды, жумушту же кызмат көрсөтүүнү кайра сатууда жана рынокко чыгарууда тарткан чыгымдары, ошондой эле иштин бул чөйрөсү үчүн адаттагыдай сатып алуучунун пайдасы эске алынат.

5. Кийинки сатуу баасынын усулун колдонуу мүмкүн болбогондо наркын кошуунун негизиндеги усул колдонулат. Бул усулга ылайык салык төлөөчү саткан товардын, жумуштун же кызмат көрсөтүүнүн рыноктук баасы кеткен сарптоолордун жана иштин бул чөйрөсү үчүн адаттагыдай пайданын суммасы катары аныкталат. Мында ушундай учурлар үчүн адаттагыдай товарды, жумушту же кызмат көрсөтүүнү өндүрүүгө жана/же сатып алууга жана/же сатууга кеткен түз же кыйыр чыгымдар, ушундай учурлар үчүн адаттагыдай ташууга, сактоого, камсыздандырууга жана башка ушул сыяктуу сарптоолорго кеткен чыгымдар эске алынат.

6. Товардын рыноктук баасы ушул Кодекске ылайык аныкталуучу контролдук баанын минималдуу деңгээлинен төмөн болбошу керек.

7. Ушул беренеде белгиленген товарлардын, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн рыноктук баасын аныктоо усулдары товарлардын сапатынын же башка керектөө касиеттеринин жоголушуна байланыштуу колдонулбайт. Товарлардын сапатынын же башка керектөө касиеттеринин жоголушу менен байланышкан товарлардын, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын төмөндөтүү Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте аныкталат.

8. Салык кызматынын органынын чечимине салык төлөөчүнүн даттануусу жөнүндө ишти кароодо сот ушул главада саналып өткөн жагдайлар менен чектелбестен, салык салуу максатында бүтүмдүн баасын аныктоо үчүн мааниге ээ болгон бардык жагдайларды эске алууга укуктуу.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

17-глава. Салык кызматынын органдарынын башка субъекттер менен өз ара аракеттенүүсү

141-берене. Салык кызматынын органдарынын бажы органдары, финансылык чалгындоо органдары жана ички иштер органдары менен өз ара аракеттенүүсү

1. Салык кызматынын органдарынын бажы органдары, финансылык чалгындоо органдары жана ички иштер органдары менен өз ара аракеттенүүсү ушул Кодексте, Кыргыз Республикасынын бажы иши, ыкчам издөө иши, террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарында, түзүлгөн эки тараптуу (көп тараптуу) макулдашууларда белгиленген ыйгарым укуктардын чегинде жүзөгө ашырылат.

2. Салык кызматынын органдары ушул Кодексте каралган тартипте маалыматтарды жана материалдарды алмашуу, алуу жана берүү аркылуу бажы органдары, финансылык чалгындоо органдары жана ички иштер органдары менен өз ара аракеттенүүсүн жүзөгө ашырат.

3. Салык кызматынын органдары:

1) финансылык чалгындоо органдары, бажы органдары жана ички иштер органдары аныктаган жана жиберген, документ менен ырасталган, салык төлөөчүнүн салык милдеттенмелерин аткарууга байланышкан маалыматтарды жана материалдарды карайт жана ушул Кодексте белгиленген тартипте алар боюнча салык төлөөчүгө карата тиешелүү чечимди кабыл алат же чечим кабыл алуудан баш тартат, же кылмыш-жаза, кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдардын ченемдерине ылайык чечим кабыл алат;

2) (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3) бажы органдарынан экспорттук-импорттук операциялар боюнча, ошондой эле КНС шарттуу эсептөө менен импорттолуучу негизги каражаттар боюнча толук маалыматтар базасын алат;

4) бажы органдарына тийиштүү материалдарды жиберүү аркылуу көчмө текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган бажылык укук бузуу фактылары боюнча маалыматтарды берет.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

142-берене. Салык кызматынын органдарынын юстиция органдары менен өз ара аракеттенүүсү

Салык кызматынын органдарынын жана юстиция органдарынын өз ара аракеттенүүсү каттоодон, кайра каттоодон өткөн жана юридикалык жактардын мамлекеттик реестринен чыгарылган субъекттер жөнүндө маалыматтар базасын алмашуу аркылуу жүзөгө ашырылат.

 

143-берене. Салык кызматынын органдарынын статистика органдары менен өз ара аракеттенүүсү

1. Салык кызматынын органдарынын жана статистика органдарынын өз ара аракеттенүүсү ушул Кодексте жана "Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген ыйгарым укуктардын чегинде жүзөгө ашырылат.

2. Салык кызматынын органдары статистика органдары менен өз ара аракеттенүүнү төмөнкүдөй жол менен ишке ашырат:

1) ушул беренеде көрсөтүлгөн маалыматтарды жана материалдарды алмашуу, алуу же берүү;

2) статистикалык отчетторду чогултуу, эсепке алууларды, каттоолорду, сурамжылоолорду, тандалма жана башка текшерүүлөрдү жүргүзүү боюнча салык салуу чөйрөсүндөгү милдеттерди аныктоого, статистикалык байкоо жүргүзүүлөрдүн формаларын иштеп чыгууга жана натыйжаларын чыгарууга катышуу;

3) статистикалык байкоо жүргүзүүлөрдүн статистикалык усулдарын жана отчеттук-статистикалык документтерин, ошондой эле эсепке алуу документтеринин типтүү формаларын иштеп чыгууга катышуу;

4) идентификациялык салык номерин, уюмдардын жана жеке ишкерлердин жалпы идентификациялык кодун жана башка мамлекеттик классификаторлорду пайдалануунун негизинде Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсүнүн мамлекеттик реестрин жана Статистикалык бирдиктердин бирдиктүү мамлекеттик регистрин актуалдуу абалда кармоо жана маалыматтык айкалышуусун камсыз кылуу.

3. Салык кызматынын органынын статистика органы менен өз ара аракеттенүүсү төмөнкүдөй учурларда да жүзөгө ашырылат:

1) Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүлөрүнүн мамлекеттик реестрине жана Статистикалык бирдиктердин бирдиктүү мамлекеттик регистрине жаңы салык төлөөчүнү каттоодо жана киргизүүдө;

2) салык төлөөчүнү кайра каттоодо;

3) белгиленген ыйгарым укуктардын чегинде салык төлөөчүнүн ишине контролду жүзөгө ашырууга;

4) салык төлөөчү өз ишин токтоткондо.

4. Салык кызматынын органдары мамлекеттик статистика органдарына төмөнкүлөрдү берет:

1) маалыматтар базасынан мамлекеттик каттоодон өткөн салык төлөөчүлөр жөнүндө маалыматтарды;

2) маалыматтар базасынан экономикалык жана ишкердикти жүргүзгөн салык төлөөчүлөр жөнүндө маалыматтарды.

5. Статистика органдары салык кызматынын органдарына төмөнкүлөрдү берет:

1) үзгүлтүксүз негизде - мамлекеттик статистика органдары чыгаруучу маалымдамаларды, бюллетендерди;

2) тиешелүү суроо-талаптын негизинде - кагаз жана/же электрондук алып жүрүүчүдөгү статистикалык бирдиктер жөнүндө зарыл болгон маалыматты (маалыматтар базасын);

3) жеке ишкерлерди жана дыйкан (фермердик) чарбаларды мамлекеттик каттоодо - уюмдардын жана жеке ишкерлердин жалпы идентификациялык кодунун резервдик коддорун.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

144-берене. Салык кызматынын органдарынын Маркалоо оператору менен өз ара аракеттенүүсү

1. Салык кызматынын органдарынын Маркалоо оператору менен өз ара аракеттенүүсү ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген ыйгарым укуктардын чегинде жүзөгө ашырылат.

2. Салык кызматынын органдары төмөнкү маалыматтарды алуу максатында "Товарларды маркалоо" МАМС аркылуу Маркалоо оператору менен өз ара аракеттенишет:

1) идентификациялоо каражаттары менен маркалоого тийиш болгон товарларды жүгүртүүнү жүзөгө ашырган салык төлөөчүлөр жөнүндө;

2) идентификациялоо каражаттары менен милдеттүү маркалоого тийиш болгон товарлар жөнүндө;

3) идентификациялоо каражаттары менен милдеттүү маркалоого тийиш болгон товарларга коюлган идентификациялоо каражаттары жөнүндө;

4) бул товарларды керектөөчүлөр тарабынан аныкталган идентификациялоо каражаттары менен товарларды милдеттүү маркалоо жөнүндө талаптардын бузулушу тууралуу;

5) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары менен аныкталуучу башка маалыматтарды.

3. Маркалоо оператору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ЕАЭБ укуктарына ылайык төмөнкүлөрдү камсыз кылат:

а) маалыматтарды жыйноону, берүүнү, иштеп чыгууну жана сактоону, анын ичинде фискалдык программалык камсыз кылууну колдонуу менен;

б) "Товарларды маркалоо" МАМС иштешин;

в) Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте идентификациялоо каражаттары менен милдеттүү маркалоого тийиш товарларга байкоо жүргүзүүнү;

г) "Товарларды маркалоо" МАМТнын жана маркалануучу товарларга байкоо жүргүзүүгө байланышкан маалыматтык тутумдардын иштөөсүнө жана техникалык эксплуатациялоого карата ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу салык органына көмөк көрсөтүүнү.

д) маалыматтык тутумдарды даярдоо боюнча техникалык тапшырмаларды/талаптарды өз убагында иштеп чыгууну жана аларды техникалык коштоону, ыйгарым укуктуу салык органы менен макулдашуу боюнча толуктап иштеп чыгууну жана өркүндөтүүнү;

е) "Товарларды маркалоо" МАМТнын тутумдук негизинде өз убагында өркүндөтүү жана толуктап иштеп чыгуу.

4. Маркалоо оператору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ЕАЭБ укуктарына ылайык жүктөлгөн иш-милдеттерди аткаруу максатында төмөнкүлөргө укуктуу:

1) товарларды маркалоонун бирдиктүү эмитенти/улуттук оператору (администратору) катары чыгууга;

2) ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин жана башка мамлекеттердин эмитенттери/операторлору, ошондой эле программалык камсыздоонун укук ээси менен коммерциялык негизде макулдашууларды/контракттарды/келишимдерди түзүүгө;

3) көрсөтүлүүчү кызматтары, анын ичинде товарларды маркалоо коддорун берүү жана генерациялоо үчүн төлөмдөрдү жыйноого.

Маркалоо тутумуна жана маркаланган товарларга байкоо жүргүзүүгө 3 жылда бир жолу маалыматтык коопсуздук аудити жүргүзүлүүгө тийиш.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

145-берене. Салык кызматынын органдарынын салык салынуучу объекттерди каттоону жүзөгө ашыруучу органдар менен өз ара аракеттенүүсү

1. Салык кызматынын органдары кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоону жана транспорт каражаттарын каттоону жүзөгө ашыруучу органдар менен төмөнкүлөр жөнүндө кагаз алып жүрүүчүдөгү документ же электрондук документ түрүндөгү төмөнкүдөй маалыматты алуу жолу менен өз ара аракеттенет:

1) бул органдарда катталган же каттоодон чыгарылган салык салынуучу мүлк - объекттер жөнүндө;

2) бул мүлктүн менчик ээси болуп саналган субъекттер жөнүндө;

3) салык салуу объекти болуп саналган мүлктүн параметрлери жөнүндө.

11. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн органдар салык кызматынын органдары менен өз ара аракеттенүү максатында кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо жана транспорт каражаттарын каттоо боюнча маалыматтык тутумду ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык тутуму менен Министрлер Кабинети аныктаган тартипте интеграциялоого милдеттүү.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн органдар ушул берененин 11-бөлүгүндө көрсөтүлгөн маалыматтык тутумду интеграциялоо болбогон учурда отчеттук кварталдын акыркы айынан кийинки айдын 20сынан кечиктирилбеген мөөнөттө квартал сайын өзү жайгашкан жердеги салык органына менчик укугун же салык салынуучу объектти мамлекеттик каттоо маалыматын берип турууга милдеттүү.

3. 1-бөлүктө көрсөтүлгөн органдар кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоодо жана транспорт каражаттарын каттоодо төмөнкүлөргө милдеттүү:

- маалыматтык тутумдун жардамы менен мүлк салыгы боюнча салык карызынын бар же жок болуусу тууралуу маалымат алууга;

- мүлк салыгы боюнча салык карызы бар болсо, мүлк салыгы боюнча салык карызын жоюуну жана мүлк салыгы боюнча салык карызын төлөгөндүгү жөнүндө квитанцияны көрсөтүүнү талап кылууга;

- эгерде карыздын өлчөмү 10 эсептик көрсөткүчтөн ашса, мүлк салыгы боюнча салыктык карызды төлөгөнгө чейин кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоодон жана транспорт каражаттарын каттоодон баш тартууга.

Ыйгарым укуктуу салык органы маалыматтык тутумду кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо жана транспорт каражаттарын каттоо боюнча маалыматтык тутумдар менен 1-бөлүктө көрсөтүлгөн органдарга мүлк салыгы боюнча салык карызынын бар же жок болуусун текшерүүгө мүмкүндүк берүүчү бөлүгүндө интеграциялоого милдеттүү.

4. Салык кызматынын органдары укуктардын салык салынуучу объекттерге өтүшүнө байланышкан бүтүмдөрдү, анын ичинде нотариалдык бүтүмдөрдү жана Кыргыз Республикасынын фонддук биржасындагы бүтүмдөрдү каттоону жүзөгө ашыруучу башка органдар менен өз ара аракеттенет. Ушул бөлүктө көрсөтүлгөн органдар өздөрүнүн маалыматтык тутумдарын ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык тутуму менен интеграциялоого жана/же өзү жайгашкан жердеги салык органына бүтүмдөрдү каттоо жөнүндө маалыматты квартал сайын, отчеттук кварталдын акыркы айынан кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен берип турууга милдеттүү. Маалыматтык тутумдарды интеграциялоонун тартиби Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

146-берене. Салык кызматынын органдарынын банк жана төлөм уюму/төлөм тутумунун оператору менен өз ара аракеттенүүсү

 

1. Салык кызматынын органдары менен өз ара аракеттенүү максатында банктар төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) салык кызматынын органдарынын суроо-талабынын негизинде 3 жумуш күндүн ичинде төмөнкүлөр жөнүндө маалымат берүүгө:

а) салык төлөөчүлөрдүн эсептеринин ачылышы, жабылышы жана болуусу жөнүндө, алардын номерлерин көрсөтүү менен;

б) уюмдардын жана жеке ишкерлердин эсептеринде жүргүзүлүүчү операциялар жөнүндө, ошондой эле алардын эсебинин учурдагы абалы жөнүндө маалыматты:

- көчмө текшерүүнү жүргүзүүдө;

- салык органынын чечими бар болгон учурда, камералдык текшерүүнү жүргүзүүдө;

в) жеке ишкерлерди кошпогондо, текшерилүүчү жеке жактардын эсептеринде жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө, ошондой эле мыйзамдуу күчүнө кирген соттук актынын негизинде алардын эсебинин учурдагы абалы жөнүндө маалыматты;

г) электрондук соода чөйрөсүндөгү ишке салык төлөгөн салык төлөөчүнүн эсептеринде жүргүзүлүүчү операциялар жөнүндө, ошондой эле анын эсебинин учурдагы абалы жөнүндө маалыматты;

2) салык төлөөчү тарабынан салык органына берилген банктык кепилдиктин шарттарын жокко чыгаруу же өзгөртүү жөнүндө маалыматты банк чечим кабыл алган бир жумуш күндүн ичинде берүүгө;

3) салык төлөөчүнүн Кыргыз Республикасында салыктык каттоосу болгон учурда уюмдарга жана жеке ишкерлерге эсеп ачууга;

4) салык төлөөчүнүн ал тарабынан салык милдеттенмелеринин аткарылышынын эсебине бюджетке акча каражаттарын которуу жөнүндө тапшырмасын биринчи кезекте аткарууга;

5) салык төлөөчүнүн эсебинен акча каражаттарын алуу боюнча операция жүргүзүлгөн күнү салыктын суммасын бюджетке жөнөтүүгө;

6) тиешелүү суроо-талап алынган күндөн кийинки 30 календардык күндүн ичинде банктын зайым алуучусунан жоюлбаган карызды эсептен чыгаруу жана банктын карызды талап кылуу укугун токтотуу жөнүндө маалыматты берүүгө;

7) салык төлөөчү мойнуна алган салыктык карызды төлөө үчүн салык кызматынын органдары койгон салыктык төлөм талаптарын сөзсүз жана биринчи кезектеги тартипте аткарууга;

8) POS-терминалдары жана QR-төлөмдөр аркылуу эсепте-шүүлөр жөнүндө маалыматтарды реалдуу убакыт режиминде берүүгө.

2. Салык кызматынын органдары менен өз ара аракеттенүү максатында банктар жана төлөм уюмдары/төлөм тутумунун операторлору жүргүзүлгөн төлөмдөр жөнүндө маалыматты реалдуу убакыт режиминде берүүгө милдеттүү.

3. Ушул беренеге ылайык банктар тарабынан берилүүчү маалыматка карата тартип жана талаптар Министрлер Кабинети та­рабынан Улуттук банк менен макулдашуу боюнча белгиленет.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

147- берене. Салык кызматынын органдарынын калкты жана жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу органдар менен өз ара аракеттенүүсү

 

1. Салык кызматынын органдары калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо органы, калкты жана жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо боюнча ыйгарым укуктар берилген жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү жана консулдук мекемеси менен өз ара аракеттенүүсүн жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо: төрөлүү, каза болуу, никеге туруу, никени бузуу, аты-жөнүн өзгөртүү жөнүндө маалыматты алуу аркылуу жүзөгө ашырат.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн органдар салык кызматынын органдары менен өз ара аракеттенүү максатында калкты жана жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо боюнча маалыматтык тутумду ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык тутуму менен Министрлер Кабинети аныктаган тартипте интеграциялоого милдеттүү.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

148- берене. Салык кызматынын органдарынын чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга ка­рата ыйгарым укуктар берилген органдар ме-нен өз ара аракеттенүүсү

 

1. Салык кызматынын органдары чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга карата ыйгарым укуктар берилген органдар менен төмөнкү маалыматтарды алуу аркылуу өз ара аракеттенет:

1) чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдардын салык салынуучу объекттин пайда болушуна алып келүүчү ишти жүргүзүүсүнө байланыштуу алардын Кыргыз Республикасына келишине, алардын Кыргыз Республикасында жүрүүсүнө жана Кыргыз Республикасынан чыгып кетишине берилген уруксаттар жөнүндө;

2) эмгек ишмердүүлүгүн жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасына келген чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар жөнүндө.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн органдар салык кызматынын органдары менен өз ара аракеттенүү максатында чет өлкөлүк жарандарды же жарандыгы жок адамдарды каттоо боюнча маалыматтык тутумду ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык тутуму менен Министрлер Кабинети аныктаган тартипте интеграциялоого милдеттүү.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

149-берене. Салык кызматынын органдарынын салык төлөөчүлөрдүн уюмдары менен өз ара аракеттенүүсү

Кыргыз Республикасында натыйжалуу салык саясатын түзүү жана ишке ашыруу, өз ара аракеттенүү деңгээлин жогорулатуу жана салык төлөөчүлөр менен мамлекеттин кызыкчылыктарынын балансына жетишүү максатында салык кызматынын органдары салык төлөөчүлөрдүн уюмдары, анын ичинде бизнес-ассоциациялар, кесиптик бирикмелер менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат.

150-берене. Салык кызматынын органдарынын чет мамлекеттин дипломатиялык, консулдук жана башка өкүлчүлүгү же эл аралык уюм менен өз ара аракеттенүүсү

Салык кызматынын органдары чет мамлекеттин дипломатиялык, консулдук жана башка өкүлчүлүгү же эл аралык уюм менен өз ара аракеттенүүнү бул субъекттер ушул Кодекстин жоболоруна ылайык ар кандай маалыматтарды берүү жана ар кандай иштерди аткаруу боюнча салык кызматынын органдарынын талабына карата иммунитеттен пайдалана тургандыгын эске алуу менен жүзөгө ашырат.

 

151-берене. Салык кызматынын органдарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүсү

1. Салык кызматынын органдары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүнү төмөнкүлөр аркылуу жүзөгө ашырат:

1) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан төмөнкүлөрдү алуу:

а) жергиликтүү салыктарды киргизүү боюнча чечимдерди;

б) экономикалык ишти жүргүзүүгө жана жеке турак үйлөрдү курууга уюмдарга жана жеке жактарга бөлүнгөн жер участоктору боюнча чечимдерди (токтомдорду);

в) мамлекеттик жана муниципалдык менчиктеги жерлерди пайдаланууга түзүлгөн ижара келишимдери жөнүндө маалыматты;

г) мүлк салыгынын базалык ставкасын дифференциялоочу кабыл алынган коэффициенттердин өлчөмдөрү жөнүндө чечимдерди;

д) жер салыгы жана мүлк салыгы боюнча бошотуулар жөнүндө чечимдерди;

е) салык постун орнотуу боюнча кайрылууларды;

ж) аларга тийиштүү мамлекеттик ыйгарым укуктар берилген учурда ушул Кодекстин XIII бөлүмүндө жана 56-главасында каралган ченемдерди салык төлөөчү бузганда түзүлгөн протоколдорду;

з) экономикалык ишти жүзөгө ашырууга тиешелүү уруксаттарды берүү, мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган жерлерди пайдаланууга түзүлгөн ижара келишимдерин каттоо жана ишкердик иштин объекттерин каттоо боюнча колдонулуучу маалыматтык тутумга кирүү мүмкүндүгүн берүү;

2) ушул Кодексте каралган комиссиялардын ишине биргелешип катышуу;

3) салык салуу максатында биргелешкен иш-чараларды өткөрүү;

4) жергиликтүү бюджеттердин киреше бөлүгүн биргелешип болжолдоо.

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз компетенциясынын чегинде салык төлөөчүлөрдү эсепке алууда жана салыктарды чогултууда салык кызматынын органдарына көмөк көрсөтүшөт.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

152-берене. Салык кызматынын органдарынын уюмдарга жана жеке жактарга лицензияларды жана уруксаттарды берүүнү жүзөгө ашыруучу органдар менен өз ара аракеттенүүсү

 

1. Салык кызматынын органдары лицензияларды жана уруксаттарды берүүнү жүзөгө ашыруучу органдар менен алардан лицензия жана уруксат алган субъекттер жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле салык кызматынын органдарынын суроо-талаптары боюнча башка маалыматтарды алуу жолу менен өз ара аракеттенет.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн органдар салык кызматынын органдары менен өз ара аракеттенүү максатында ыйгарым укуктуу салык органына уюмдарга жана жеке жактарга лицензияларды жана уруксаттарды берүү боюнча маалыматтык тутумга кирүү мүмкүндүгүн Министрлер Кабинети аныктаган тартипте берүүгө милдеттүү.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

153-берене. Салык кызматынын органдарынын башка укук коргоо органдары менен өз ара аракеттенүүсү

Салык кызматынын органдарынын Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары, чет мамлекеттердин укук коргоо органдары менен өз ара аракеттенүүсү Кыргыз Республикасынын көрсөтүлгөн чөйрөдөгү мыйзамдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык жүзөгө ашырылат.

154-берене. Ушул главанын жоболорун бузгандык үчүн жоопкерчилик

Тиешелүү органдардын кызмат адамдарынын ушул главанын талаптарын аткарбоосу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.

V БӨЛҮМ. САЛЫКТЫК УКУК БУЗУУ ЖАНА АНЫ ЖАСАГАНДЫГЫ ҮЧҮН ЖООПКЕРЧИЛИК

18-глава. Салыктык укук бузуу жасагандыгы үчүн жоопкерчилик жөнүндө жалпы жоболор

155-берене. Салыктык укук бузуу түшүнүгү

Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын бузуу же салыктык укук бузуу деп салыктык укук мамилелеринин катышуучусунун күнөөсү менен жасалган укукка каршы жосун (аракет же аракетсиздик) саналат.

156-берене. Салыктык укук бузуу жасагандыгы үчүн жоопкерчилик

1. Салыктык укук бузуу жасагандыгы үчүн жоопкерчилик болуп салыктык укук бузууну жасоого күнөөлүү салыктык укук мамилелеринин катышуучусуна карата сот же болбосо компетенттүү орган (кызмат адамы) тарабынан айыптоо жана жаза чараларын колдонуу түрүндөгү салыктык укук бузууну жасоонун укуктук кесепети саналат.

2. Салыктык укук бузуу жасагандыгы үчүн жоопкерчилик ушул Кодексте, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жана кылмыш-жаза жөнүндө мыйзамдарында белгиленет.

157-берене. Салыктык укук бузуу жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылууга тийиш болгон салыктык укук мамилелеринин катышуучулары

Ушул Кодексте каралган учурларда төмөнкүлөр салыктык укук бузуу жасагандыгы үчүн жоопкерчилик тартышат:

1) салык төлөөчү, анын кызмат адамдары жана/же мыйзамдуу өкүлдөрү (ата-энелери, багуусундагылар, камкорчу);

2) салык кызматынын органдары, алардын кызмат адамдары;

3) салыктык укук мамилелеринин башка катышуучусу.

 

158-берене. Салыктык укук бузуу жасаганы үчүн жоопкерчиликке тартуунун жалпы принциптери

 

1. Ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздерден жана тартиптен тышкары салыктык укук бузуу жасагандыгы үчүн эч ким жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн эмес.

2. Эч ким бир жана ошол эле салыктык укук бузуу жасагандыгы үчүн кайрадан жоопкерчиликке тартылбайт.

3. Салыктык укук мамилелеринин катышуучусун салыктык укук бузуу жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартуу салык төлөөчүнү жана анын кызмат адамдарын тийиштүү негиздер болгондо, ушул Кодексте, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жана кылмыш-жаза жөнүндө мыйзамдарында каралган жоопкерчиликтен бошотпойт.

4. Салыктык укук бузуу жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартуу салык төлөөчүнү салык милдеттенмесин аткаруудан, ошондой эле ушул Кодекске ылайык туумдун жана салык санкцияларынын тиешелүү болгон суммасын төлөөдөн бошотпойт.

5. Салыктык укук мамилелеринин катышуучусу төмөнкү учурларда салыктык укук бузууну жасоого күнөөсүз деп таанылат:

1) анын күнөөсү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте аныкталбаса;

2) ал салык милдеттенмесин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөсүнө ылайык эсептесе;

3) ал салык милдеттенмесин ыйгарым укуктуу салык органынын жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөсүнө ылайык тартипте жана жол-жоболорду сактоо менен аткарса;

4) анын салык төлөөчүнүн же салык агентинин милдеттерин аткаруу боюнча аракеттеринин укук ченемдүүлүгү салыктык текшерүү актысы жана салык кызматынын органынын тиешелүү чечими менен ырасталса.

6. Жоопкерчиликке тартылуучу салык төлөөчү салыктык укук бузууну жасоодо өзүнүн күнөөлүү эместигин далилдөөгө милдеттүү эмес.

7. Салыктык укук бузуу фактысы жана анын жасалышына салык төлөөчүнүн күнөөсү жөнүндө күбөлөндүргөн жагдайды далилдөө милдети салык кызматынын органдарына жүктөлөт.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

159-берене. Салыктык укук бузуу жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартуунун эскириши

 

1. Эгер ага салыктык укук бузуу жасаган күндөн тартып доонун эскирүү мөөнөтү өтсө жана ага салык кызматынын органынын тиешелүү чечими тапшырылбаса, субъект салыктык укук бузууну жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылбайт.

2. Салык отчетунда көрсөтүлгөн салыктын суммасын азайтууга же КНС боюнча ашкан сумманы жогорулатууга байланышкан салыктык укук бузуу жасалган учурда эскирүү мөөнөтүн эсептөө салык кызматынын органынын тиешелүү чечими тапшырылган күндөн тартып башталат.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

160-берене. Салыктык укук бузуу жасагандыгы үчүн салык санкциясы

1. Салык санкциясы салыктык укук бузуу жасагандыгы үчүн жоопкерчилик чарасы болуп саналат.

2. Салык санкциясы ушул Кодексте каралган өлчөмдөгү акчалай жаза түрүндө белгиленет жана колдонулат.

3. Бир эле субъект эки же андан ашык салыктык укук бузуу жасаса, ушул Кодексте каралган салык санкциялары ар бир укук бузуу үчүн өз-өзүнчө, анча катуу эмес санкцияны кыйла катуу санкцияга алмаштырбастан өндүрүлөт.

4. Салык санкциясын колдонуу жөнүндө чечим салык кызматынын органы тарабынан кабыл алынат жана салык төлөөчүгө ушул Кодексте белгиленген тартипте тапшырылат.

5. Ал жеткис күчтүн жагдайлары келип чыккан учурда, салыктык укук бузуу жасагандыгы үчүн салык санкциясы Министрлер Кабинетинин чечими боюнча колдонулбайт.

161-берене. Салык санкциясын өндүрүүнүн эскириши

1. Салык кызматынын органдары салыктык укук бузуу үчүн жоопкерчиликке тартуу жөнүндө чечим салык төлөөчүгө тапшырылган күндөн кийинки 6 жылдан кечиктирбестен салык санкциясын өндүрүү жөнүндө доо менен сотко кайрыла алат.

2. Кылмыш ишин козгоодон баш тартылган же ал токтотулган учурда, бирок салыктык укук бузуу болсо, доо арызын берүү мөөнөтү салык кызматынын органдары кылмыш ишин козгоодон баш тартуу же аны токтотуу жөнүндө токтомду алган күндөн тартып эсептелет.

19-глава. Салыктык укук бузуулардын түрлөрү жана аларды жасагандыгы үчүн жоопкерчилик

162-берене. Салык органында салыктык жана/же эсепке алуу каттоосунан качуу

Салык төлөөчү салык органында салыктык жана/же эсепке алуу каттоосу жок иш жүргүзгөн учурда, мындай иштин бүткүл мезгили үчүн эсептелген жана/же эсептелүүгө тийиш болгон салыктардын суммасынын бир жолку өлчөмүндө, бирок 50 эсептик көрсөткүчтөн кем эмес өлчөмдө салык санкциясы колдонулат.

163-берене. Салыктын суммаларын азайтуу, салык отчетторун бербөө жана КНС мыйзамсыз чегерүү

1. Эгерде ушул беренеде башкача белгиленбесе жана көчмө текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча салык отчетунда көрсөтүлгөн салыктын суммасы салык отчетунда көрсөтүлүүгө тийиш болгон салыктын суммасына салыштырмалуу азайтылгандыгы салык кызматынын органы тарабынан аныкталса, салык төлөөчүгө:

1) салыктын суммасы тиешелүү салыктык мезгилдеги салык отчетунда көрсөтүлүүгө тийиш болгон салыктын суммасына карата 10 пайызга чейинки өлчөмдө азайтылса - салык төлөөчүгө салык санкциясы колдонулбайт;

2) салыктын суммасы тиешелүү салыктык мезгилдеги салык отчетунда көрсөтүлүүгө тийиш болгон салыктын суммасына карата 10дон 50 пайызга чейинки өлчөмдө азайтылса - салык төлөөчүгө салыктын азайтылган суммасынан 50 пайыз өлчөмүндө салык санкциясы колдонулат;

3) салыктын суммасы тиешелүү салыктык мезгилдеги салык отчетунда көрсөтүлүүгө тийиш болгон салыктын суммасына карата 50 пайыздан жогорку өлчөмдө азайтылса - салык төлөөчүгө салыктын азайтылган суммасынан 100 пайыз өлчөмүндө салык санкциясы колдонулат.

2. Эгерде көчмө текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча салык кызматынын органы тарабынан салык төлөөчүнүн белгилүү бир салыктык мезгили үчүн салык отчетун бербегендиги аныкталса, ушул салык отчетунда чагылдырылууга тийиш болгон салык милдеттенмесинин бардык суммасы бюджетке өндүрүлөт жана ошол салык төлөөчүгө карата аныкталган салык милдеттенмесинин суммасынан 100 пайыз өлчөмүндө салык санкциясы колдонулат.

3. Эгерде көчмө текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча салык кызматынын органы тарабынан салык төлөөчү жараксыз эсеп-фактуралары боюнча сатып алынган материалдык ресурстар үчүн төлөнгөн же төлөнүүгө тийиш болгон КНС суммасын чегерүүгө болгон укугун пайдаланганы аныкталса, ошол салык төлөөчүгө чегерүүгө кабыл алынган КНС суммасынан 100 пайыз өлчөмүндө салык санкциясы колдонулат.

164-берене. Салык агентинин салыктарды төлөө боюнча милдетти аткарбоосу

1. Кармалган же төлөнүүгө тийиш болгон салыктын суммасы төлөнбөгөн же толук эмес төлөнгөн учурда салык агентине карата аны төлөө үчүн белгиленген күндөн тартып ар бир толук же толук эмес ай үчүн төлөнүүгө жана/же кошумча төлөнүүгө тийиш болгон салыктын төлөнбөгөн суммасынан 10 пайыз, бирок көрсөтүлгөн сумманын 50 пайызынан ашпаган өлчөмдө салык санкциясы колдонулат.

2. Тапшырылган такталган отчеттор боюнча салык санкциясы ушул отчеттор боюнча түзүлгөн, төлөнбөгөн салык милдеттенмесинин суммасына гана колдонулат.

165-берене. Салык кызматынын органынын кызмат адамынын жоопкерчилиги

1. Салык кызматынын органынын Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын бузууга күнөөлүү кызмат адамы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.

2. Салык кызматынын органынын укукка каршы аракеттерди жана/же аракетсиздикти жасаган кызмат адамы анын күнөөсү сот тартибинде аныкталгандан кийин салык кызматынын органдарында кандайдыр бир кызмат ордун ээлөөгө укуксуз.

3. Салык кызматынын органынын, же болбосо анын кызмат адамдарынын салык төлөөчүнүн укугун бузган мыйзамсыз аракеттеринин жана/же аракетсиздигинин натыйжасында, ошондой эле бул салык кызматынын органы же анын кызмат адамдары салык төлөөчүгө карата ушул Кодексте каралган милдеттерин талаптагыдай аткарбоосунун кесепетинен салык төлөөчүгө келтирилген чыгашанын орду ошол кызмат адамдары же салык кызматынын органдары тарабынан толтурулууга тийиш.

VI БӨЛҮМ. САЛЫК КЫЗМАТЫНЫН ОРГАНДАРЫНЫН ЧЕЧИМДЕРИНЕ, АЛАРДЫН КЫЗМАТ АДАМДАРЫНЫН АРАКЕТТЕРИНЕ ЖАНА/ЖЕ АРАКЕТСИЗДИГИНЕ ДАТТАНУУ

20-глава. Салык кызматынын органдарынын чечимдерине жана аракеттерине даттануунун тартиби

166-берене. Салык кызматынын органдарынын чечимине жана аракетине салык төлөөчүнүн даттануусун кароочу орган

Ушул бөлүмгө ылайык салык кызматынын органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын чечимине жана аракетине/аракетсиздигине салык төлөөчүнүн даттанууларын кароо ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан жүргүзүлөт.

167-берене. Салык төлөөчүнүн даттанууларды берүү тартиби жана мөөнөттөрү

1. Салык кызматынын органдарынын чечимине салык төлөөчүнүн даттануусу салык төлөөчүгө мындай чечим тапшырылган күндөн кийинки күндөн тартып

30 календардык күндүн ичинде ыйгарым укуктуу салык органына берилет.

2. Көчмө текшерүүнү дайындоо жана/же узартуу, жана/же токтотуп туруу, жана/же кайра баштоо жөнүндө чечимге даттануу тапшырылган учурдан тартып 5 жумушчу күндүн ичинде берилет.

3. Даттануунун көчүрмөсү салык төлөөчү тарабынан чечимине даттанылган салык кызматынын органына жиберилет.

4. Ушул бөлүмдүн жоболорун бузуу менен берилген даттануу ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан себептерин көрсөтүү менен арыз ээсине кайтарылып берилет.

5. Салык төлөөчү даттануусу кайтарылып берилген себептер четтетилгенден кийин кайтарылган даттанууну алган күндөн кийинки 10 календардык күндүн ичинде, ал эми ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган учурларда 2 жумушчу күндүн ичинде ыйгарым укуктуу салык органына даттанууну кайра жиберүүгө укуктуу.

6. Эгерде салык төлөөчү ушул берененин 1, 2 жана 5-бөлүктөрүндө белгиленген мөөнөт бүткөндөн кийин салык кызматынын органдарынын чечимине даттануу берсе, анда бул даттануу каралууга тийиш эмес.

168-берене. Салык төлөөчүнүн даттануусунун формасы жана мазмуну

1. Салык төлөөчүнүн даттануусу жазуу жүзүндө берилет.

2. Даттанууда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:

1) даттанууну берген дата;

2) даттануу берилип жаткан салык кызматынын органынын аталышы;

3) даттанууну берген адамдын аты-жөнү же болбосо толук аталышы, анын жашаган жери (турган жери);

4) салык төлөөчүнүн ИСНи;

5) чечимине даттануу берилген салык кызматынын органынын аталышы;

6) даттануу берип жаткан салык төлөөчү өзүнүн талабын негиздеген жагдайлар жана бул жагдайларды ырастоочу далилдер;

7) тиркелүүчү документтердин тизмеги;

8) даттанылуучу чечимдердин реквизиттери;

9) даттанууну кароонун жыйынтыгын жөнөтүү үчүн дарек.

3. Даттанууда талаш-тартышты чечүү үчүн мааниси бар башка маалыматтар да көрсөтүлүшү мүмкүн.

4. Даттанууга салык төлөөчү кол коёт.

5. Даттанууга төмөнкүлөр тиркелет:

1) салыктык контролдун жыйынтыгы боюнча материалдардын жана актынын көчүрмөлөрү;

2) ал боюнча чечимдин көчүрмөсү;

3) салык төлөөчү өзүнүн талаптарын негиздеген жагдайларды ырастоочу, салык төлөөчү жана башка органдар тарабынан күбөлөндүрүлгөн документтер;

4) ишке тиешеси бар башка документтер.

 

169-берене. Салык төлөөчүнүн даттанууларын кароонун тартиби

 

1. Салык төлөөчүнүн даттануусуна мындай даттануу алынган күндөн кийинки 30 календардык күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө даттануунун маңызына карата чечим жиберилет.

Даттанууну кароо мөөнөтү ыйгарым укуктуу салык органында даттануу катталган күндөн кийинки күндөн тартып эсептелет жана салык төлөөчүгө чечим жиберилген күндө бүтөт.

2. Эгерде даттанууну кароо мезгилинде салык төлөөчүдөн өз ара байланышкан салыктар жана төлөмдөр боюнча баштапкы даттанууга толуктоо түшсө, негизги жана кошумча даттануулар боюнча кароо мөөнөтү толуктоо түшкөн күндөн кийинки күндөн тартып башталат.

Даттанууну кароо мөөнөтү утурлама жана/же тематикалык текшерүүлөр дайындалган, тиешелүү органдарга, анын ичинен эл аралык келишимдерге ылайык башка мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарына суроо-талаптар жөнөтүлгөн учурда токтотулуп турат.

Салык төлөөчүгө даттануу боюнча акыркы чечим ушул бөлүктө каралган жол-жоболорду аткаргандан кийин кабыл алына тургандыгы тууралуу орто аралык чечим жиберилет.

Ушул бөлүктө каралган мөөнөттөрдү узартуу жана токтотуп туруу күндөрүн кошкондо даттанууну кароо мөөнөтү даттануу берилген күндөн кийинки күндөн тартып 90 күндөн ашпоого тийиш.

3. Эгерде ыйгарым укуктуу салык органы ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган мөөнөттө чечимди жибербесе, салык төлөөчүнүн даттануусу канааттандырылды деп эсептелет.

4. Даттанууну кароонун жыйынтыгы боюнча ыйгарым укуктуу салык органы төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат:

1) салык төлөөчүнүн даттануусун канааттандырат;

2) салык төлөөчүнүн даттануусун жарым-жартылай канааттандырат;

3) салык төлөөчүнүн даттануусун канааттандыруудан баш тартат.

Ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан ушул бөлүктүн 1 жана 2-пункттарына ылайык кабыл алынган чечим салык кызматынын органынын даттанылган чечимин жокко чыгарат.

5. Ыйгарым укуктуу салык органы ушул Кодекстин 96-беренесинде каралган тартипте салык төлөөчүгө чечимди тапшырат, ошондой эле чечимине даттанылган салык кызматынын органына жиберет.

Ушул берененин 4-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган учурларда, ыйгарым укуктуу салык органынын чечиминин негизинде чечимине даттанылган салык кызматынын органы ушул Кодекстин 123-беренесинин 3-7-бөлүктөрүнө ылайык жаңы чечим чыгарууга милдеттүү.

6. Эгерде даттанууда мурда жиберилген даттанууларга байланыштуу маңызы боюнча чечимдер арыз ээсине бир нече ирет жөнөтүлгөн маселелер камтылса жана даттанууда жаңы жүйөлөр же жагдайлар келтирилбесе, ыйгарым укуктуу салык органы кезектеги даттануунун негизсиздиги жана көрсөтүлгөн даттануу мурда жиберилген даттануулар бир эле органга жиберилген шартта бул маселе боюнча салык төлөөчү менен кат алмашууларды токтотуу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу. Бул чечим жөнүндө салык төлөөчүгө жазуу жүзүндө кабарланат.

7. Берилген даттануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине макул болбогон салык төлөөчү бул чечимге Кыргыз Республикасынын административдик сот өндүрүшүнүн тартибинде же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бейтарап сотко даттанууга укуктуу.

8. Ыйгарым укуктуу салык органынын чечимин бейтарап сотто даттанууда бейтарап соттун курамын түзүү бейтарап соттор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык үчтөн кем эмес арбитр санда жүзөгө ашырылат.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

 

170-берене. Салык төлөөчүнүн даттануусу боюнча салык кызматынын органынын чечиминин мазмуну

Даттанууну кароонун жыйынтыгы боюнча чечимде төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:

1) чечим кабыл алынган дата жана жер;

2) даттанууну караган ыйгарым укуктуу салык органынын аталышы;

3) салык төлөөчүнүн аты-жөнү, же болбосо толук аталышы, арыз ээсинин дареги;

4) салык төлөөчүнүн ИСНи;

5) чечимге даттануу берилген салык кызматынын органынын аталышы;

6) даттанылуучу чечимдин реквизиттери жана кыскача мазмуну;

7) даттануунун маңызы;

8) чечимдин негизине коюлган себептердин жана фактылардын баяндалышы;

9) ушул Кодекстин, мыйзамдын же ченемдик укуктук актынын ченемдерине шилтемелер;

10) кабыл алынган чечим;

11) чечимине даттанылган салык органына тиешелүү тапшырма.

171-берене. Даттануу берүүнүн натыйжалары

1. Салык төлөөчүнүн ушул Кодексте белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу салык органына же сотко даттанууну берүүсү даттанылган чечимдин аткарылышын токтото турат.

2. Чечимди аткаруу ыйгарым укуктуу салык органына даттануу берилген күндөн тартып ыйгарым укуктуу салык органынын чечимине соттук тартипте даттануу үчүн процессуалдык мыйзамдарда белгиленген мөөнөт аяктаганга чейин, ал эми чечимди соттук тартипте даттанууда соттун чечими күчүнө киргенге чейин токтотула турат.

3. Салык төлөөчүнүн даттануусун толук же жарым-жартылай канааттандырган учурда, салык кызматынын органынын чечимине даттануу боюнча чечимдин негизинде тиешелүү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилет.

4. Салык төлөөчүнүн даттануусу канааттандырылган же жарым-жартылай канааттандырылган учурда, салык санкциялары жана туум даттануу каралган бүткүл мезгил үчүн негиздүү эсептелди деп таанылган суммага гана эсептелет.

5. Эгерде салык төлөөчүнүн даттануусу боюнча чечим кабыл алынгандан кийин ыйгарым укуктуу салык органынын чечимин чыгарууда эске алынбаган документтик маалыматтар алынса жана салык төлөөчүнүн салык милдеттенмесин өзгөртүүгө алып келсе, анда ыйгарым укуктуу салык органы бул чечимди доонун эскирүү мөөнөтү аяктаганга чейин өзгөртүүгө укуктуу.

Бул бөлүктүн жоболору салык төлөөчүнүн даттануусу боюнча ыйгарым укуктуу салык органынын чечимине карата маңызы боюнча чыгарылган соттун чечими бар болгондо колдонулбайт.

172-берене. Салык кызматынын органдарынын кызмат адамдарынын аракеттерине жана/же аракетсиздигине даттануу тартиби

Салык кызматынын органдарынын жана/же алардын кызмат адамдарынын аракетине жана/же аракетсиздигине ушул главада каралган тартипте даттанылат.

173-берене. Салык кызматынын органдарынын кызмат адамдарынын кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарынын алкагында кабыл алынган (жүзөгө ашырылган) чечимдерине жана аракеттерине (аракетсиздигине) даттануу тартиби

Кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарынын алкагында кабыл алынган (жүзөгө ашырылган) чечимдерге, аракеттерге (аракетсиздикке) даттануу Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде каралган тартипте жүзөгө ашырылат.

ӨЗГӨЧӨ БӨЛҮК

21-глава. Салыктык эсепке алуу

174-берене. Ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүндө пайдаланылуучу терминдер жана аныктамалар

Ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүндө төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар пайдаланылат:

1) аффинаждалган өлчөнгөн куйма - салмагы 1000 грамм жана андан аз болгон, алтын үчүн куйманын лигатурдук салмагынын 99,90 пайызынан кем эмес, күмүш үчүн куйманын лигатурдук салмагынын 99,90 пайызынан кем эмес жана платина үчүн куйманын лигатурдук салмагынын 99,95 пайызынан кем эмес болгон химиялык таза негизги металл камтылган баалуу металлдан (алтындан, күмүштөн же платинадан) жасалган жана маркировкаланган куйма;

2) аффинаждалган стандарттуу куйма - баалуу металлдар рыногунун Лондон ассоциациясы тарабынан кабыл алынган Сапаттын эл аралык стандарттарына ылайык келген алтындан жана күмүштөн жасалган жана маркировкаланган куйма;

3) өнбөй турган карыз - салык төлөөчүгө тийиштүү болгон, аны салык төлөөчү соттун чечими боюнча милдеттенмени токтотуунун, банкроттуктун, карызкордун жоюлушунун же өлүмүнүн, же Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган доонун эскирүү мөөнөтүнүн аякташынын натыйжасында толук ала албаган сумма;

4) кайрымдуулук иш - жарандарга жана юридикалык жактарга пайда көздөбөстөн (акысыз негизде же жеңилдетилген шарттарда) же болбосо аларды сатууда кеткен чыгымдардан ашпаган акыга активдерди берүү, кызматтарды көрсөтүү жана жумуштарды аткаруу боюнча кайрымдуулук иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган кайрымдуулук максаттарын ишке ашырууга багытталган жеке жана/же юридикалык жактардын ыктыярдуу иши;

5) кайрымдуулук уюму - төмөнкүдөй коммерциялык эмес уюм:

а) коммерциялык эмес уюмдар жана кайрымдуулук иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн жана кайрымдуулук ишин жүзөгө ашырган;

б) акциздик товарларды өндүрүү жана/же сатуу боюнча иш жүргүзүү менен алектенбеген;

в) саясий партияларды же шайлоо кампанияларын колдоого катышпаган;

6) кайтарылуучу камсыздандыруу сыйлыгы - келишим мөөнөтүнөн мурда бузулган учурда камсыздандырылуучунун дарегине камсыздандыруучу тарабынан камсыздандырылуучу төлөгөн камсыздандыруу сыйлыгын толук көлөмдө же жарым-жартылай төлөө менен кайтарып берилиши;

7) кирүү төгүмдөрү - мүчөлүккө негизделген коммерциялык эмес уюмга кирүүдө жакка бул уюмдун уюштуруу документтеринде каралган өлчөмдө жана тартипте берилүүчү активдер, мындай берүү бул уюмдун мүчөсүнө акысыз, же болбосо өздүк наркынан төмөн баада утурлама кызматтарды көрсөтүү менен шартталбаган шарттарда берилет;

8) өмүрдү узак мөөнөткө камсыздандыруудагы сатып алуу суммасы - келишим мөөнөтүнөн мурда бузулган күнү камсыздандырылуучуга төлөнүүгө тийиш болгон төгүмдөрдүн резервдик бөлүгү. Сатып алуу суммасынын өлчөмү камсыздандыруучу тарабынан түзүлгөн атайын таблицалар боюнча аныкталат жана камсыздандыруунун бүтүүчү мезгилинин узактыгына жана келишим түзүлгөн мөөнөткө жараша болот;

9) грант - Министрлер Кабинетине, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, мамлекеттик, ошондой эле саясий партияларды же шайлоо кампанияларынын талапкерлерин колдоого катышпаган коммерциялык эмес уюмдарга мамлекеттер, эл аралык, чет өлкөлүк жана ата мекендик уюмдар тарабынан акысыз берилүүчү активдер;

10) гуманитардык жардам - калктын жашоо жана тиричилик шарттарын жакшыртуу, ошондой эле аскердик, экологиялык жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу үчүн аларды андан ары керектөө жана/же акысыз бөлүштүрүү шарттарында азык-түлүк, техника, шайман, жабдуу, медициналык каражаттар жана медикаменттер, башка мүлк түрүндө Министрлер Кабинетине, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына, мамлекеттик, коммерциялык эмес уюмга, ошондой эле муктаж адамдарга мамлекеттер, уюмдар тарабынан акысыз берилүүчү активдер;

11) дивиденд - төмөнкүлөрдү кошкондо, салык төлөөчүнүн пайдасынын бөлүгү:

а) уюмду жоюу учурунда жак өзүнө таандык акциялардан киреше түрүндө алган нарктын өсүшү;

б) жеке ишкердин пайда салыгын төлөгөндөн кийин анын карамагында калган пайдасы;

в) уюштуруу документтери менен белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен капиталдагы жактын үлүшүнө ылайык ар кандай төлөмдөр;

г) айыл чарба кооперативдеринин мүчөлөрүнө кооперативдик төлөмдөр;

д) инвестициялык фонддогу пайга ылайык төлөмдөр.

Жалпы чогулуштун чечими боюнча уюмдун катышуучуларынын ортосунда бөлүштүрүлгөн, уюмдун катышуучусу кошумча алган акциялардын (үлүштөрдүн) наркы, же болбосо баштапкынын ордуна алынган жаңы акциялардын номиналдык наркы менен ошол уюмдун уставдык капиталынын көбөйүшүнө байланыштуу, анын ичинен уюмдун мүлкүнүн эсебинен акцияларды (үлүштөрдү) уюмдун катышуучуларынын ортосунда бөлүштүрүүдө акционердин баштапкы акцияларынын номиналдык наркынын ортосундагы айырма дивиденд болуп саналбайт.

12) карыздык баалуу кагаздар боюнча дисконт - карыздык баалуу кагаздардын номиналдык наркы баштапкы жайгаштырылган наркынан (купонду эсепке албастан) же сатып алынган наркынан ( купонду эске албастан) жогору болушу;

13) карыздык баалуу кагаз - баалуу кагаз, эмитенттин - карыздык баалуу кагазды чыгарган уюмдун жана инвестордун - бул баалуу кагазды сатып алган жана зайымдын суммасын жана бул зайым боюнча төлөнүүчү пайызды кайтарууга укуктуу субъекттин мамилесин белгилөөчү зайым келишимин билдирет;

14) катышуу үлүшү - акционердик коомдордон жана пайдык инвестициялык фонддон тышкары, биргелешип түзүлгөн уюмда жеке жана юридикалык жактын мүлкү менен үлүштүк катышуусу;

15) киреше - активдердин (акчалай каражаттардын, башка мүлктүн) агымы, өсүшү же катышуучулардын салымдарын кошпогондо, салык төлөөчүнүн өздүк капиталынын көбөйүшүнө алып келген милдеттенмелердин азайышы;

16) карыздык баалуу кагаздар боюнча киреше - дисконт же купон (дисконтту же баштапкы жайгаштыруу наркынан жана/же сатып алуу наркынан сыйакыны эске алуу менен); вексель боюнча төлөмдөр;

17) Кыргыз Республикасындагы булактан алынган деп таанылган киреше - бул:

а) жумушчу алган эмгек кирешеси:

- киреше кайдан төлөнгөндүгүнө карабастан, Кыргыз Республикасында жүргүзүлгөн эмгек ишине байланыштуу;

- ишти аткарган жерине карабастан мамлекеттен же мамлекеттин атынан;

б) ата мекендик уюм же жеке ишкер тарабынан алынган ишкердик иштен киреше, буга Кыргызстандан тышкары жайгашкан туруктуу мекеме аркылуу ата мекендик уюм жүргүзгөн ишкердик иштен киреше алынган учурлар кирбейт;

в) Кыргыз Республикасында жайгашкан туруктуу мекеме аркылуу чет өлкөлүк уюм тарабынан жүргүзүлгөн ишкердик иштен алынган кирешелер;

г) ата мекендик уюм тарабынан төлөнгөн дивиденддер;

д) Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан кыймылсыз мүлктү ижарага берүүдөн алынган ижара акысы;

е) ата мекендик уюмдун мүлктү сатуудан алган кирешеси, төмөнкүлөрдү кошпогондо:

- Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайгашкан кыймылсыз мүлктү же Кыргыз Республикасынын чегинен тышкаркы жер казынасын пайдалануу укугун;

- чет өлкөлүк уюмдун катышуудагы капиталдык үлүшү же башка үлүшү;

ж) төмөнкүлөрдү сатуудан чет өлкөлүк уюмдун алган кирешеси:

- Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан кыймылсыз мүлктү, же Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан жер казынасын пайдалануу укугун;

- ата мекендик уюмда чет өлкөлүк уюмдун капиталдагы үлүшүн же башка катышуу үлүшүн;

з) Кыргыз Республикасында тобокелдикти камсыздандырууга же кайра камсыздандырууга тиешелүү камсыздандыруу сыйлыгы;

и) артист, спортчу, же артисттердин же спортчулардын тобунун Кыргыз Республикасында чыгуулардан же спорттук иш-чараны жүргүзүүдөн түшкөн киреше;

к) Кыргыз Республикасынын аймагындагы жерден казып алынган же суудан алынган пайдалуу кендерди, мунайды, жаныбарлар же өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин сатуудан түшкөн сумма;

л) пайыздар, роялти, пенсия жана техникалык, консультациялык, башкаруучулук кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөнүүчү акы же төмөнкүлөр тарабынан төлөнүүчү ар кандай башка сумма:

- ата мекендик уюм же жеке ишкер тарабынан, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайгашкан туруктуу мекеме аркылуу ата мекендик уюм тарабынан жүргүзүлүүчү ишкердик иш менен байланышкан чыгашаларды кошпогондо;

- чет өлкөлүк уюм тарабынан Кыргыз Республикасында жайгашкан туруктуу мекеме аркылуу аталган уюм жүргүзүүчү ишкердик ишке байланыштуу чыгымдар катары төлөнгөн;

18) алтындан жана/же күмүштөн инвестициялык монеталар - Улуттук банк тарабынан эмиссияланган (чыгарылган) жана калктын салымдарын инвестициялоо жана жеке фондун түзүү үчүн арналган алтын жана/же күмүш монеталар;

19) исламдык баалуу кагаздар - белгиленген менчикте же ишкердик иште эмитенттин бөлүнбөгөн үлүшүнө менчик укугун күбөлөндүрүүчү, исламдык каржылоого ылайык чыгарылган баалуу кагаздар;

20) карыздык баалуу кагаздар боюнча купон (мындан ары - купон) - чыгаруу шарттарына ылайык эмитент тарабынан карыздык баалуу кагаздардын номиналдык наркынан ашык төлөнүүчү (төлөнүүгө тийиш) сумма;

21) лизинг компаниясы - ата мекендик уюм, чет өлкөлүк уюмдун филиалы жана/же өкүлчүлүгү, алардын түшкөн каражатынын кеминде 90 пайызын финансылык ижара (лизинг) келишимдери боюнча негизги каражаттарды сатуудан алынган каражаттар түзөт;

22) лотереялык иш - субъекттин топтук же массалык оюндарды уюштуруу боюнча иши, анын жүрүшүндө лотереянын уюштуруучусу лотереянын катышуучуларынын - лотереялык билеттердин менчик ээлеринин ортосунда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылуучу лотереянын байге фондунун утушун өткөрөт. Мында утуш лотереялык иштин субъектинин эркине жана иш-аракетине жараша болбойт;

23) маркировкаланган куймалар - алардын касиеттерин, мүнөздөмөлөрүн жана идентификациялык маалыматтарын көрсөтүү менен аларды андан ары идентификациялоо максатында шарттуу белгилер, тамгалар, сандар, графикалык белгилер же жазуулар түшүрүлгөн куймалар;

24) машина-трактордук станция - айыл чарба техникасын колдонуу менен айыл чарба өндүрүүчүсү же айыл чарба кооперативи үчүн агротехникалык ишти аткарган, айыл чарба техникасын техникалык тейлөө жана оңдоо боюнча кызматтарды көрсөткөн, ошондой эле алардын тетиктерин берүүнү жүзөгө ашыруучу уюм;

25) коммерциялык эмес уюм - төмөнкүдөй талаптарга жооп берүүчү уюм:

а) бул уюм Кыргыз Республикасынын коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө мыйзамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында каралган уюштуруу-укуктук формада катталган;

б) бул уюм өз ишинин негизги максаты катары пайда табууну көздөбөйт жана алган пайданы анын мүчөлөрүнүн, уюштуруучулардын жана кызмат адамдарынын ортосунда бөлүштүрбөйт;

26) нумизматикалык (коллекциялык) монеталар - Улуттук банк тарабынан чектелген санда чыгарылуучу, маданий-агартуу максаттары үчүн арналган жана белгилүү бир тематикага ээ болгон монеталар;

27) акы төлөө - натуралдык жана акчалай түрдө толук көлөмдө же жарым-жартылай төлөнгөн же төлөнүүгө тийиш болгон берүүчүлөр үчүн керектөөчү же башка адам тарабынан берүүчүгө түз же кыйыр түрдө жүзөгө ашырылган төлөмдөрдүн бардык түрлөрүн камтыйт;

28) накталай эмес формада төлөө - салык төлөөчүнүн банктагы эсебине акча каражаттарын которуу жолу менен төлөө, анын ичинде аралыктан, QR-төлөмдөр, POS-терминал, төлөм терминалы, идентификацияланган электрондук капчык аркылуу төлөө, ошондой эле товар алмашуу (бартердик) операциясын жүргүзүү жолу менен төлөмдү жүзөгө ашыруу;

29) накталай формада төлөө - салык төлөөчүнүн кассасына накталай акча каражаттарын төлөө жана/же салык төлөөчүнүн банктагы эсебине накталай акча каражаттарын салуу;

30) маданият жана спорт уюмдары - менчигинин түрүнө карабастан коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар, алардын ишинин негизги түрү маданий баалуулуктарды сактоо, түзүү, өнүктүрүү, жайылтуу жана өздөштүрүү жана маданий жыргалчылыктарды көрсөтүү, ошондой эле дене тарбия жана спорт жаатында кызматтарды көрсөтүү болуп саналат;

31) отчеттук мезгил - салык төлөөчү ушул Кодекстин талаптарына ылайык салык отчетторун берүүгө милдеттүү болгон календардык жылдан, кварталдан жана айдан турган мезгил;

32) пайдалуу кендер - жер казынасында камтылган табигый минералдык түзүлмөлөр, көмүрсуутек жана жер алдындагы суулар, алардын химиялык курамы жана физикалык касиети аларды материалдык өндүрүш жана керектөө чөйрөсүндө колдонууга мүмкүндүк берет;

33) товардын бузулушу - товардын бардык же айрым касиеттеринин начарлашы, анын натыйжасында мындай товар салык салынуучу берүүнүн максаты үчүн колдонулбайт;

34) карыздык баалуу кагаздар боюнча сыйакы - карыздык баалуу кагаздардын номиналдык наркынан баштапкы жайгаштыруунун наркынын (купонду эсепке албастан) же сатып алуу наркынын (купонду эсепке албастан) ашышы, аларды чыгаруу шарттары купонго акы төлөөнү карайт;

35) преференциялык калктуу конуштар - Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу калктуу конуштар жана/же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзгөчө статуска ээ болгон административдик-аймактык бирдиктер;

36) преференциялык чек ара аймактарындагы калктуу конуштар - Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу жана өзгөчө жеңилдетилген салык режимине ээ болгон чек ара аймактарындагы калктуу конуштар;

37) туунду баалуу кагаздар - туунду баалуу кагаздардын маалыматтарынын базалык активине карата укуктарды күбөлөндүрүүчү баалуу кагаздар. Туунду баалуу кагаздарга төмөнкүлөр кирет: опциондор, своптор, форварддар, фьючерстер, депозитардык тил каттар, варранттар жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык туунду баалуу кагаздар деп таанылган башка баалуу кагаздар. Товарлардын стандартташтырылган партиялары, баалуу кагаздар, валюта жана финансылык инструменттер базалык активдер боло алышат;

38) пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү - жер казынасынан пайдалуу кендерди ачуу, даярдоо жана алуу боюнча тоо-кен иштеринин комплекси;

39) роялти - төмөнкүлөр үчүн сыйакы катарында алынган ар кандай түрдөгү төлөмдөр:

а) компьютердик программаларды, кино, теле, видеофильмдерди же радио жана телекөрсөтүү үчүн жазууларды кошкондо, ар кандай адабият, искусство же илимдин чыгармаларына автордук укукту пайдалануу же пайдалануу укугун берүү үчүн;

б) өнөр жай менчик объектине, соода маркасына, дизайнга же моделге, планга, жашыруун формулага же процесске, же болбосо өнөр жайлык, коммерциялык же илимий тажрыйбаларга тиешелүү маалыматка (ноу-хау) укукту ырастоочу ар кандай патент үчүн.

Финансылык ижара (лизинг) келишими боюнча алынган сыйакылар роялтиге кирбейт.

Ушул Кодекстин XI бөлүмүнүн максатында "роялти" деп кендерди пайдалануу үчүн роялти салыгын төлөөчү тарабынан төлөнүүчү төлөм түшүнүлөт;

40) айыл чарба кооперативи - мүчөлөрү айыл чарба өндүрүүчүлөрү болуп саналган жана иши кооперативдин мүчөлөрүнө жана айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө товарларды сатууга, кызматтарды көрсөтүүгө, жумуштарды аткарууга, ошондой эле алар өндүргөн айыл чарба продукцияларын жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү продуктуларын сатууга багытталган кооператив;

41) айыл чарба өндүрүүчүсү - айыл чарба продукциясын, ошондой эле акциздик товарлардан тышкары өз өндүрүшүндөгү айыл чарба продукциясын кайра иштетүү продуктуларын, мында бул уюмга же жеке адамга таандык негизги каражаттарды сатуудан түшкөн акчаны эске албастан, бул продукцияны сатуудан түшкөн каражат календардык жылдын ичинде товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатуунун жалпы көлөмүнүн 75 пайызынан кем эмести түзгөн шартта өндүрүүчү уюм же жеке адам;

Айыл чарба жаныбарларын өздүк өндүрүү тартиби жана критерийлери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат;

42) инженердик-техникалык камсыз кылуу тармактары - электр, жылуулук, газ, суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу процессинде түздөн-түз колдонулуучу коммуникациялардын жана курулмалардын жыйындысы;

43) шектүү милдеттенмелер - салык төлөөчү соттун чечими боюнча милдеттенмени токтотуунун, банкроттуктун, насыя берүүчүнүн жоюлушунун же өлүмүнүн же Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган доонун эскирүү мөөнөтүнүн аякташынын натыйжасында төлөбөгөн, ал төлөөгө тийиш болгон сумма;

44) камсыздандырылуучу - өзүнүн же үчүнчү жактын (пайда табуучунун) кызыкчылыгын камсыз кылуу максатында камсыздандыруучу менен келишим түзгөн жана камсыздандыруу келишиминде (камсыздандыруу полиси) аныкталган камсыздандыруу учуру келгенде зыяндын ордун толтуруу милдеттенмеси үчүн камсыздандыруучуга камсыздандыруу сыйлыгын (төгүмүн) төлөгөн, камсыздандыруу объектине кызыкчылыгы бар жеке адам же уюм;

45) камсыздандыруу сыйлыгы (төгүмү) - келишимде шартталган камсыздандыруу учуру келгенде камсыздандыруу суммасын төлөө (ордун толтуруу) милдеттенмелерин өзүнө алгандыгы үчүн камсыздандыруучуга камсыздандырылуучу тарабынан төлөнүүчү сумма, ал камсыздандырылуучу тарабынан бир жолку төлөм (камсыздандыруу сыйлыгы) же ай сайын, квартал сайын ж.б.у.с. камсыздандыруу келишиминин колдонулуу мөөнөтүнүн ичинде бөлүп төлөө (камсыздандыруу төгүмдөрү) менен төлөнөт;

46) камсыздандыруу суммасы (ордун толтуруу) - камсыздандыруу уюму тарабынан төлөнүүчү, камсыздандырылуучу, үчүнчү жактар же алардын мүлкү менен камсыздандыруу учуру келгенде камсыздандыруу суммасынын чегинде чыгашанын ордун жарым-жартылай же толугу менен толтуруу;

47) камсыздандыруу учуру - ал келип чыккан учурда мыйзамдын же келишимдин күчүнө ылайык камсыздандыруучу камсыздандыруу суммасын төлөөгө (ордун толтурууга) милдеттүү болгон окуя;

48) камсыздандыруучу - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыздандырууну жүзөгө ашырууга лицензиясы бар жана камсыздандыруу сыйлыгы (төгүмү) үчүн камсыздандырылуучу менен түзүлгөн камсыздандыруу келишимине (камсыздандыруу полиси) ылайык камсыздандыруу келишиминде аныкталган камсыздандыруу учуру келгенде камсыздандырылуучу же үчүнчү жак тарткан зыяндын ордун толтуруу милдетин өзүнө алган ата мекендик уюм;

49) субсидия - Министрлер Кабинети, Жогорку Кеңеш жана жергиликтүү кеңештер тарабынан салык төлөөчүгө анын экономикалык ишине байланышкан белгилүү бир шарттарды мурда же келечекте аткаруунун ордуна активдерди берүү түрүндө көрсөтүлүүчү жардам;

50) ири ишкердик субъекти - катары менен келген акыркы 12 айдагы түшкөн акчанын көлөмү 50 000 000 сомдон ашкан уюм же жеке ишкер.

Салык отчетторун тапшыруу жана салык төлөө максатында ушул пунктта белгиленген өлчөмдү азайтуу учурунда, субъект календардык жылдын аягына чейин ири ишкердиктин субъекти катары каралат.

Салыктарды администрациялоо максатында ыйгарым укуктуу салык органынын функциялык бөлүмү тарабынан субъект, эгерде ал Министрлер Кабинети белгилеген критерийлерге ылайык келсе, ири салык төлөөчү деп таанылат;

51) курорттук-ден соолукту чыңдоо чөйрөсүнүн субъекти - тигил же бул тиричилик, транспорттук, оюн-зоок, ден соолукту чыңдоо жана дарылоо кызматтарын көрсөтүү менен эс алуучуларды кабыл алуу жана убактылуу жашоо үчүн жайгаштыруу боюнча кызматтарды көрсөтүүчү уюм же жеке ишкер. Санаториялык, санаториялык-курорттук мекемелер, оюн-зоок, спорт жана эс алуу үйлөрү жана базалары, профилакторийлер, мейман үйлөрү, пансионаттар, кемпингдер жана ушундай багыттагы башка мекемелер, ошондой эле ушундай максатта пайдаланылуучу жеке үйлөр жана алардын бөлүктөрү салык максатында ушундай субъекттер деп таанылат;

52) чакан ишкердик субъекти - катары менен келген акыркы 12 айдагы түшкөн акчанын жыйынды көлөмү 8000000 сомдон ашпаган уюм же жеке ишкер.

Салык отчетторун тапшыруу жана салык төлөө максатында ушул пунктта белгиленген өлчөмдү жогорулаткан учурда, субъект календардык жылдын аягына чейин чакан ишкердик субъекти катары каралат;

53) коомдук тамактануу субъекти - коомдук тамактануу кызматтарын көрсөткөн уюм же жеке ишкер (ресторан, кафе, ашкана, тез татым, бар жана башка коомдук тамактануу пункттары);

54) орто ишкердик субъекти - катары менен келген акыркы 12 айдагы түшкөн акчанын жыйынды көлөмү 8000000 сомдон ашкан, бирок 50 000 000 сомдон ашпаган сумманы түзгөн уюм же жеке ишкер.

Салык отчетторун тапшыруу жана салык төлөө максатында ушул пунктта белгиленген өлчөмдү жогорулаткан же азайткан учурда, субъект календардык жылдын аягына чейин орто ишкердиктин субъекти катары каралат;

55) инженердик-техникалык камсыз кылуу тармактарына технологиялык туташуу - инженердик-техникалык жана уюштуруу иш-чараларынын комплекси, анын ичинде:

а) инженердик-техникалык камсыз кылуу тармактарын реконструкциялоого жана өнүктүрүүгө техникалык шарттарды иштеп чыгуу;

б) курулуш-монтаждоо иштери;

в) жабдууларды орнотуу;

г) объекттерди мындай тармакка туташтыруунун технологиялык мүмкүнчүлүгүн түзүү максатында инженердик-техникалык камсыз кылуу тармагын өнүктүрүү жана техникалык жактан оң абалда кармоо үчүн адистештирилген уюмдар көрсөткөн/аткарган башка кызматтар жана жумуштар;

56) айыл чарба багытындагы соода-логистикалык борбор - жыйындысында төмөнкү белгилерге ылайык келүүчү уюм:

а) ички рынокту айыл чарба продукциясы менен камсыз кылуу, ата мекендик айыл чарба продукциясын жана өзү өндүргөн жана башка субъекттер тарабынан өндүрүлгөн ата мекендик айыл чарба продукциясын кайра иштетүү продуктуларын экспорттоо жана сатуу боюнча иштерди жүзөгө ашырууга тийиш;

б) айыл чарба продукциясын, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү продуктуларын сорттоо, калибрлөө, сактоо, маркалоо, таңгактоо, ташуу, кайра иштетүү үчүн арналган өндүрүштүк, администрациялык, кампалык жана башка имараттар, жайлар жана курулмалар жайгашкан жер участогунан (жер участокторунан) турган, пайдалануу же менчик укугунда таандык болгон мүлктүк комплекс;

57) жыштыкты (кубаттуулукту) жөнгө салуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр - иш жүзүндөгү электр кубаттуулугунун кубаттуулуктун өтүүсүнүн суткалык графигинде билдирилген анын чоңдугунан четтөөлөрүн баланстоо боюнча уюштуруучулук жана технологиялык жактан байланышкан чаралардын комплексин камтыган, параллелдүү иштөө жөнүндө эл аралык келишимдерге катышуучу мамлекеттердин энергетикалык тутумдарынын бирикмесинде бирдиктүү жыштык менен энергетикалык тутумдардын ишенимдүү параллелдүү иштөөсүн камсыз кылуу максатында тутумдук оператор - "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коому тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар;

58) товарды жоготуу - товардын жок кылынышына жана/же жоготулушуна негиз болгон окуя. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген табигый кемүү ченемдеринин чегинде салык төлөөчү тарабынан товарларды жоготуп алышы жоготуу деп эсептелбейт;

59) финансылык ижара - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте түзүлгөн, финансылык чөйрө келишиминин же лизинг алуучу лизингдик төлөмдөрдү төлөөсүн караган исламдык каржылоого ылайык иджара мунтахийя биттамллик жана кемүүчү мушарака келишиминин негизинде жүргүзүлүүчү негизги каражат катары пайдалануу үчүн лизинг берүүчү товарды лизинг алуучуга өткөрүп бериши боюнча ижара мамилелеринин өзгөчө түрү;

60) финансылык кызмат көрсөтүүлөр - бул Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүлөрү тарабынан жүзөгө ашырылуучу же сатып алынуучу операциялар, анын ичинде:

а) насыялар, зайымдар, исламдык каржылоо келишимдери боюнча операциялар, карыздык милдеттенмелерди берүү жана өндүрүү, кепилчиликтерди жана/же кепилдиктерди берүү, банктык кепилдиктерди берүү, карыздык милдеттенмелерди башкаруу;

б) депозиттер, исламдык каржылоо келишимдери боюнча операциялар, уюмдун жана жеке жактын банктык эсебин, анын ичинде корреспонденттик банк эсептерин ачуу жана жүргүзүү;

в) төлөмдөр, которуулар, карыздык милдеттенмелер, чектер жана коммерциялык жүгүртүлүп жаткан төлөм каражаттары менен жүргүзүлгөн операциялар, инкассо боюнча операциялар;

г) ушул жакка таандык болгон аффинаждалган баалуу металлдардын жеке саны көрсөтүлүүчү жеке жактардын жана уюмдардын металлдан жасалган эсептерин ачуу жана киргизүү;

д) мыйзамдуу төлөм каражаттары болуп саналган валюта, банкноттор жана накталай акча менен операциялар, ошондой эле аффинаждалган стандарттык жана өлчөнгөн куймалар, инвестициялык монеталар менен нумизматикалык монеталарды эске албаганда, операциялар;

е) акциялар, облигациялар жана башка баалуу кагаздар менен төлөм карточкалар, ошондой эле акциз маркалары менен жүргүзүлгөн операциялар, буга баалуу кагаздардын сакталышын камсыз кылуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү кошпогондо, чарба жүргүзүүчү шериктиктердин жана коомдордун капиталына катышуунун үлүштөрү менен жүргүзүлгөн операциялар;

ж) инвестициялык фонддорду башкаруу;

з) клирингдик операциялар, анын ичинде төлөмдөрдү жыйноо, салыштырып текшерүү, сорттоо жана ырастоо, ошондой эле алар менен өз ара чегерүүнү жүргүзүү жана клирингге катышуучулардын - банктык операциялардын айрым түрлөрүн жүзөгө ашырган банктар менен уюмдардын так позицияларын аныктоо;

и) аккредитивдерди ачуу жана тейлөө;

к) банктын исламдык каржылоого ылайык келишим боюнча акча каражаттарын тартуу жана жайгаштыруу боюнча операциясы;

л) банк үчүн Улуттук банктын лицензиясында көрсөтүлгөн башка операциялар дагы финансылык кызмат көрсөтүүлөр болуп саналат;

м) баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу үчүн баалуу кагаздар рыногундагы кесиптик иштин тиешелүү түрү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган операциялар финансылык кызмат көрсөтүү болуп саналат;

н) соодалашууну уюштуруу боюнча кызмат көрсөтүү товардык жана валюталык биржалар үчүн финансылык кызмат көрсөтүү болуп саналат.

61) баалуу кагаздар - акциялар, карыздык баалуу кагаздар, туунду баалуу кагаздар, исламдык баалуу кагаздар жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык баалуу кагаздар деп таанылган мүлктүк укуктун башка объекттери;

62) мүчөлүк акылар - коммерциялык эмес уюмдун уюштуруу документтеринде каралган өлчөмдө жана тартипте алардын мүчөсү тарабынан берилүүчү активдер, мындай берүү товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү ошол уюмдун мүчөсүнө акысыз же болбосо өздүк наркынан төмөнкү баада утурлама берүү менен шартталбаса;

63) экономикалык (баланстык) запастар - Кыргыз Республикасынын пайдалуу кендеринин запастарынын мамлекеттик балансында иштетүү үчүн экономикалык жактан максатка ылайыктуу катары эсепке алынган пайдалуу кендердин запастары.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

175-берене. Салыктык эсепке алуу жана салык төлөөчүнүн салык саясаты

1. Салыктык эсепке алуу ушул Кодекске ылайык салык төлөөчүнүн салык саясатында чагылдыруучу салык милдеттенмелерин эсептөө үчүн маалыматтарды жалпылоо тутумун билдирет.

2. Салык төлөөчүнүн салык саясаты салык төлөөчү тарабынан түзүлгөн документ болуп саналат, анда төмөнкүлөр белгиленет:

1) салык салуу элементтеринин курамы жана салыктык базасын эсептөөнүн өзгөчөлүктөрү;

2) кирешелерди жана чыгашаларды салыктык эсепке алуу ыкмалары;

3) топтор боюнча негизги каражаттарды идентификациялоо тартиби;

4) салыктык амортизациянын ыкмалары;

5) эгерде салык төлөөчү ушул Кодекстин талаптарына ылайык өзүнчө эсепке алууну жүргүзүүгө милдеттүү болсо, өз-өзүнчө эсепке алууну жүргүзүү эрежелери;

6) салык төлөөчү тарабынан салык салынуучу жана/же бошотулган берүүлөрдү жүзөгө ашырууда эсепке алынууга тийиш болгон КНС суммасын аныктоо эрежелери;

7) акциз алынуучу чийки заттан акциз алынуучу товарды өндүрүүдө эсептен чыгарылууга тийиш болгон акциздин суммасын аныктоо эрежелери;

8) товарды өндүрүү процессинде чийки заттардын жана материалдардын калдыктарынын жана коромжуларынын технологиялык ченемдери;

9) баштапкы салыктык документтердин тизмеги;

10) салыктык эсепке алуунун регистрлери;

11) салык милдеттенмелерин эсептөөгө жана аткарууга тиешеси бар салыктык эсепке алуунун башка эрежелери жана ыкмалары.

3. Салык саясатына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечим календардык жылдын башынан тартып, ал эми Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын өзгөртүүдө - салык мыйзамдарына киргизилген мындай өзгөртүү күчүнө кирген күндөн эрте эмес колдонулат.

4. Эгерде ушул беренеде көрсөтүлгөн ыкмалар, тартип, эрежелер жана технологиялык ченемдер Кыргыз Республикасынын тармактык мыйзамдары менен жөнгө салынбаса, анда салык төлөөчү товарларды өндүрүү процессинде ыкмаларды, тартиптерди, эрежелерди, ошондой эле калдыктардын технологиялык ченемдерин жана чийки заттар менен материалдардын коромжулугун салык саясатында белгилөөгө укуктуу.

 

176-берене. Салыктык кирешелерди жана чыгашаларды эсепке алуу ыкмасы

1. Салык төлөөчү салык максаттары үчүн кирешелерди жана чыгашаларды эсепке алуу ыкмасы же кассалык ыкма менен аныктайт.

2. Эгерде ушул Кодексте башкача белгиленбесе, эсепке алуу ыкмасы боюнча кирешелерди жана чыгашаларды салыктык эсепке алуу Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.

3. Кассалык ыкма менен кирешелерди жана чыгашаларды салыктык эсепке алуу ушул Кодекстин 180-беренесинин талаптарына ылайык жүргүзүлөт.

4. Эсепке алуу ыкмасынан кассалык ыкмага өтүү жана тескерисинче өтүү салык төлөөчү тарабынан өткөн жылдын бирдиктүү салык декларациясында мындай өтүү фактысын чагылдыруу менен учурдагы жылдын 1-январынан тартып жүргүзүлөт.

5. Салык төлөөчү колдонгон кирешелерди жана чыгашаларды салыктык эсепке алуунун ыкмасын өзгөртүүдө, салыктын суммасына таасир этүүчү кирешелерди, чыгашаларды жана башка элементтерди эсепке алууга түзөтүүлөр салык төлөөчү тарабынан учурдагы жылдын 1-январына карата киргизилет, мында жогорудагы элементтердин бири да эсепке алынбай калбайт же эки жолу эске алынбашы керек.

6. Салыктарга карата бартердик операциялар, насыя берүүчү укуктарын өткөрүп берүү мындай операцияларды эсеп-фактуралар менен милдеттүү түрдө жол-жоболоштуруу аркылуу колдонулуучу баа боюнча товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатуу деп таанылат.

7. Ушул Кодексте башкасы белгиленбесе, салык төлөөчүлөрдүн кирешелеринин жана чыгашаларынын курамына салык салуу максаттарында активдерди жана милдеттенмелерди кайра баалоонун же арзандатуунун, анын ичинде бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлгөн акча агымдарын дисконттоо аркылуу жыйынтыктары киргизилбейт.

8. Эгерде бир эле киреше кирешелердин бир нече беренелеринде каралса, анда мындай кирешеге бир гана жолу салык салынат. Эгерде бир эле сарптоолор чыгашалардын бир нече беренелеринде каралса, анда мындай чыгымдар кирешеден бир гана жолу алып салынууга тийиш. Бир дагы кирешеге же пайдага эки жолу салык салынышы мүмкүн эмес жана бир дагы чыгаша салык салынуучу базаны эки жолу азайтышы мүмкүн эмес.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

177-берене. Салыктык эсепке алуу документтери

1. Төмөнкүлөр салыктык эсепке алуу документтери болуп саналат:

1) баштапкы эсепке алуу документи, бухгалтердин маалымкатын кошкондо;

2) салыктык эсепке алуу регистрлери;

3) салыктык базаны эсептөө;

4) салык отчеттуулугу.

2. Кирешенин же чыгашанын датасын, өлчөмүн жана мүнөзүн, ошондой эле бүтүмдүн катышуучуларын, кызмат ордунун аталышын жана чарбалык операцияларды жасоо үчүн жооптуу кызмат адамдарынын кол тамгаларын жана анын туура таризделишин ырастоочу документ баштапкы эсепке алуу документи деп таанылат.

3. Баштапкы эсепке алуу документтери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) эсеп-фактура, контролдук-кассалык жана товардык чектер, кириш жана чыгыш кассалык ордерлер;

2) Улуттук банк тарабынан бекитилүүчү же банк тажрыйбасындагы иштиктүү жүгүртүү адаттарында колдонулуучу төлөм документтери;

3) ушул бөлүктүн 1 жана 2-пункттарында көрсөтүлбөгөн башка баштапкы эсепке алуу документтери, ошондой эле салык төлөөчүнүн салык саясаты менен белгиленген салыктык эсепке алуунун регистрлери.

4. Салыктык эсепке алуу регистрлери салыктык базанын эсептөөсүндө чагылдыруу үчүн баштапкы эсепке алуу документтеринде, салыктык эсепке алуунун аналитикалык маалыматтарында камтылуучу маалыматтарды тутумдаштыруу жана топтоо үчүн арналган.

Салыктык эсепке алуу регистрлери кагазда атайын формалар түрүндө, электрондук түрдө жана/же ар кандай башка булактарда жүргүзүлөт.

5. Салыктык эсепке алуу регистрлеринин формалары жана аларда салыктык эсепке алуунун аналитикалык маалыматтарын чагылдыруу тартиби, баштапкы эсепке алуу документтеринин маалыматтары салык төлөөчү тарабынан өз алдынча иштелип чыгат жана салык төлөөчүнүн салык саясатына тиркемелер менен белгиленет.

6. Салыктык эсепке алуу үчүн документтер катары саналган салыктык базаны аныктоо үчүн салыктык эсепке алуунун регистрлеринин формалары милдеттүү түрдө төмөнкү реквизиттерди камтышы керек:

1) регистрдин аталышын;

2) түзүү мезгилин жана датасын;

3) натуралай жана/же акчалай билдирилген операциялардын өлчөгүчтөрүн;

4) чарбалык операциялардын аталышын;

5) көрсөтүлгөн регистрлерди түзүүгө жооптуу адамдын койгон колун жана койгон колду чечмелөөнү.

7. Салыктык эсепке алуу регистрлериндеги чарбалык операцияларды чагылдыруунун тууралыгын аларды түзгөн жана кол койгон адам камсыз кылат.

Салыктык эсепке алуунун регистриндеги каталарды оңдоо датасын жана анын негизин көрсөтүү менен оңдоо киргизген жооптуу адам тарабынан негизделүүгө жана кол коюу аркылуу тастыкталууга тийиш.

8. Салык контролун жүргүзүүдө чакан ишкердик субъектиси баштапкы салык документтерин, салыктык эсепке алуу регистрлерин, салык базасын эсептөөнү жана салык отчетторунан башка документтерди берүүгө милдеттүү эмес.

9. Салыктык эсепке алуу документтери салык төлөөчү тарабынан мамлекеттик же расмий тилде түзүлөт.

Чет тилинде түзүлгөн башка эсепке алуу документтери болгондо, салык органынын талабы боюнча салык төлөөчү мындай документтердин мамлекеттик же расмий тилге которулушун камсыз кылууга милдеттүү.

10. Уюм жоюлганда, ошондой эле жеке ишкердин иши токтотулганда, мамлекеттик реестрден чыгарылгандан кийин мамлекеттик архивге берилүүгө тийиш болгон документтерди кошпогондо, салыктык эсепке алуу документтери жок кылынышы мүмкүн.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

178-берене. Эсеп-фактура. КНС төлөөчү тарабынан жол-жоболоштурулуучу эсеп-фактура

1. Эсеп-фактура товарларды сатууда, кызмат көрсөтүүдө жана жумуштарды аткарууда салык төлөөчү тарабынан жол-жоболоштурулуучу салык документи болуп саналат.

2. Ушул беренеде каралган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын электрондук башкаруу жана электрондук кол тамга жөнүндө мыйзамдарынын талаптарына ылайык эсеп-фактура электрондук документ түрүндө жол-жоболоштурулууга тийиш.

3. Салык төлөөчү эсеп-фактураларды Министрлер Кабинети белгилеген учурларда электрондук документ түрүндө жол-жоболоштурулуу мүмкүнчүлүгү болбогондо, мындай салык төлөөчү эсеп-фактураны кагаз алып жүрүүчүдө үч нускада жол-жоболоштурууга укуктуу, андан соң Министрлер Кабинети белгилеген мөөнөттөрдө жана тартипте электрондук эсеп-фактураны жол-жоболоштурат.

4. Эсеп-фактураны кагаз түрүндө жол-жоболоштурган салык төлөөчү эсеп-фактуранын бир нускасын учурдагы салыктык эсепке алуу жери боюнча салык органына берүүгө милдеттүү:

1) КНС салык төлөөчү - салыктык мезгил үчүн КНС боюнча отчет менен бирге;

2) КНС төлөбөгөн салык төлөөчү - эсеп-фактура кагаз түрүндө таризделген айдан кийинки айдын 25инен кечиктирбеген мөөнөттө.

5. Ушул Кодекске ылайык калкка товарларды сатууда, кызмат көрсөтүүдө жана жумуш аткарууда ККМ аркылуу эсептешүү жүргүзүү шартында салык төлөөчү эсеп-фактураны жол-жоболоштурбай коюуга укуктуу.

Ушул бөлүктүн шарттары боюнча салык төлөөчү сатып алуучунун талабы менен эсеп-фактураны берүүгө милдеттүү.

6. Салык төлөөчү ушул берененин 5-бөлүгүндө каралган товарларды берүүдө, жумуштарды аткарууда жана кызматтарды көрсөтүүдө эсеп-фактура өткөн айдан кийинки айдын 10 жумуш күнүнөн кечиктирилбестен, Министрлер Кабинети белгилеген тартипте таризделет.

7. Ушул Кодекстин 28-беренесинин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн чет өлкөлүк уюмду кошпогондо, КНС салык төлөөчү төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) ушул Кодекстин талаптарына ылайык эсеп-фактураларды жол-жоболоштурууга;

2) берүүлөрдүн жана сатып алынган материалдык ресурстардын эсеп-фактураларынын эсебин жүргүзүүгө.

8. Берүүнүн өлчөмүн түзөтүүдө ыйгарым укуктуу салык органы аныктаган тартипте кошумча эсеп-фактура таризделет.

9. Жараксыз эсеп-фактураны кошпогондо, эсеп-фактура КНС салык төлөөчүсү тарабынан ушул Кодексте каралган тартипте эсепке алуу үчүн алынган материалдык ресурстар боюнча КНС суммаларын кабыл алуу үчүн негиз болуп саналат.

10. Эсеп-фактураларды электрондук документ түрүндө түзүү жана жүгүртүү тартиби Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

Эсеп-фактуранын, анын ичинде салык салынуучу берүүлөрдүн өлчөмүн түзөтүүдө таризделүүчү кошумча эсеп-фактуранын формасы, аны тариздөө жана колдонуу тартиби ыйгарым укуктуу салык кызматы тарабынан белгиленет.

11. Ушул берененин 7-бөлүгүндө көрсөтүлбөгөн салык төлөөчү эсеп-фактураны төмөнкүдөй жол-жоболоштурат:

1) ыктыярдуу тартипте;

2) милдеттүү тартипте - Министрлер Кабинети белгилеген мөөнөттөрдө.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

179-берене. Чакан ишкердик субъекттерин салыктык эсепке алуу

1. КНС боюнча катталбаган чакан ишкердик субъекти кассалык ыкмага ылайык кирешелерди жана чыгашаларды эсепке алууга укуктуу.

2. Акыркы 12 ай катары менен түшкөн акчанын суммасы КНС бошотулган берүүлөрдөн түшкөн акчаны эсепке албаганда, 8000000 сомдон ашкан субъект, ошол календардык жылдан кийинки жылдын биринчи күнүнөн баштап, эсепке алуунун кассалык ыкмасын колдонуу укугунан ажырайт.

3. Түшкөн акчанын суммасы ушул берененин 2-бөлүгүндө белгиленген өлчөмдөн ашпаган чакан ишкердик субъекти календардык жылдан кийинки жылдын биринчи күнүнөн баштап эсепке алуунун башка ыкмасына өтүүгө укугу бар.

180-берене. Эсепке алуунун кассалык ыкмасы

1. Эсепке алуунун кассалык ыкмасы - кирешелерди жана чыгашаларды эсепке алуу ыкмасы, ага ылайык киреше төлөм келип түшкөн күнү таанылат, ал эми чыгашалар акча каражаттары төлөнгөн күнү таанылат.

2. Эгерде салык төлөөчү акчалай каражаттарды төлөөнүн ордуна башка мүлктү, мүлктүк укуктарды, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн жыйынтыктарын алса, киреше мүлктү өткөрүп берүү күнүндө, мүлктү же мүлктүк укуктарды өткөрүп берүү актысында көрсөтүлгөн мүлктүк укуктарды өткөрүп берүү күнүндө, ошондой эле аткарылган иштердин же көрсөтүлгөн кызматтардын актысында көрсөтүлгөн иштерди же кызматтарды кабыл алган күн таанылат.

Өз ара талаптарды эсепке алууда киреше бүтүмдүн бир тарабынын бүтүмдүн экинчи тарабынан өз ара талаптарды эсептешүү жүргүзүүгө экинчи тараптын ниетин ырастоочу документти алган күнү таанылат.

3. Эгерде салык төлөөчү акча төлөөнүн ордуна башка мүлктү, мүлктүк укуктарды, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн натыйжаларын өткөрүп берсе, чыгашалар мүлктү же мүлктүк укуктарды өткөрүп берүү актысында көрсөтүлгөн мүлктү же мүлктүк укуктарды өткөрүп берген күн, ошондой эле аткарылган жумуштардын же көрсөтүлгөн кызматтардын актысында көрсөтүлгөн иштерди же кызматтарды кабыл алган күнү таанылат.

Өз ара талаптарды эсепке алууда чыгаша бүтүмдүн бир тарабы бүтүмдүн экинчи тарабынан өз ара эсептешүү жүргүзүлгөндүгү жөнүндө билдирүү алган күнү таанылат.

4. Мүлктү, анын ичинде баалуу кагаздарды жана негизги каражаттарды алуу, бул мүлккө менчик укугун өткөрүп берүү күнүндө чыгымдар катары таанылат.

181-берене. Өз-өзүнчө эсепке алуу жана аны жүргүзүү эрежелери

1. Иштин түрлөрүн жүзөгө ашыруучу, алар үчүн ушул Кодексте салык салуунун ар кандай шарттары каралган салык төлөөчүлөр салык салуу объекттерине өз-өзүнчө эсепке алуу жүргүзүүгө милдеттүү, анын ичинде:

1) жеке ишине жана жөнөкөй шериктиктин ишине карата жөнөкөй шериктик келишимине ылайык эсепке алуу жүргүзүү милдети жүктөлгөн салык төлөөчү;

2) жеке ишине жана ишенимдүү башкарууну уюштуруучунун мүлкүн башкаруу боюнча ишке карата ишенимдүү башкаруу келишимине ылайык эсепке алуу жүргүзүү милдети жүктөлгөн салык төлөөчү;

3) ар кандай салык режимдерин колдонуу менен ишти жүзөгө ашырган салык төлөөчү;

4) салык салуунун ар кандай шарттарына тийиштүү иштин түрлөрүн жүзөгө ашырган салык төлөөчү.

2. Өз-өзүнчө эсепке алуу салык төлөөчүлөр тарабынан бухгалтердик эсепке алуу маалыматтарынын негизинде жүргүзүлөт.

3. Иштин түрлөрүнүн ортосунда чыгымдарды бөлүштүрүүдө салык төлөөчү иштин ушул түрүнө тийиштүү көрсөткүчтөрдүн каалаганын тандап алууга укуктуу:

1) сатуудан түшкөн акча;

2) түздөн-түз чыгымдар;

3) жайлардын аянты.

Чыгымдар товардын, иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн ар бир түрүнө туура келип, тандап алынган көрсөткүчтүн үлүшүнө пропорциялуу бөлүштүрүлөт.

Салык салуунун ар кандай шарттары каралган иштин түрлөрүнүн ортосундагы чыгашаларды бөлүштүрүү салык төлөөчүнүн салык саясатында белгиленүүгө тийиш.

Эгерде чыгашаларды бөлүштүрүү үчүн тандап алынган көрсөткүч салык төлөөчү тарабынан ушул беренеге ылайык белгиленбесе, ыйгарым укуктуу салык органы ушул беренеде белгиленген каалаган көрсөткүчтү колдонуу менен салык төлөөчүнүн чыгашаларын өз алдынча бөлүштүрүүгө укуктуу.

Иштин белгилүү бир түрүнө таандык болгон кирешелер жана чыгашалар ушул Кодекстин талаптарына ылайык эсепке алуу документтери менен ырасталууга тийиш.

182-берене. Финансылык ижараны эсепке алуунун өзгөчөлүктөрү

1. Финансылык ижарага берилген жана/же алынган негизги каражаттардын наркы финансылык ижара келишимин же исламдык каржылоого ылайык иджара мунтахийя биттамлик келишимин түзүү учурунда аныкталат.

2. Салык салуу максатында финансылык ижара лизинг алуучу тарабынан негизги каражаттарды сатып алуу деп таанылат.

3. Лизинг алуучу негизги каражаттардын менчик ээси, ал эми лизингдик төлөмдөр лизинг алуучуга лизинг берүүчү тарабынан берилген насыя боюнча төлөм катары каралат.

 

183-берене. Жеңилдетилген салык салынууга тийиш болгон өнөр жай ишинин преференциялык түрлөрү

1. Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзгөчө статуска ээ болгон, административдик-аймактык бирдиктин аймагынын чегинде жүзөгө ашырылуучу, жеңилдетилген салык салынууга жаткан өнөр жай ишинин преференциалык түрлөрүнүн тизмегин бекитет.

Ушул бөлүктө каралган өнөр жай ишинин преференциалык түрлөрүнүн тизмегин кайрадан бекитүү берилген жеңилдиктердин натыйжалуулугун талдоонун негизинде жүзөгө ашырылат.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган аймактын чегиндеги салыктар боюнча жеңилдиктер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзгөчө статуска ээ болгон административдик-аймактык бирдиктин салык органдарында салыктык каттоосу бар жана ошол административдик-аймактык бирдиктин аймагында ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган ишти жүзөгө ашыруучу салык төлөөчүлөргө берилет.

3. Салыктар боюнча берилүүчү жеңилдиктер салык төлөөчүлөргө жайылтылат жана ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган аймактын чегинен тышкары жайгашкан алардын обочолонгон бөлүмдөрүнө жайылтылбайт.

4. Министрлер Кабинети ушул Кодексте белгиленген салыктардын ставкаларынын чектеринде улуттук жана/же мамлекеттик жана/же инвестициялык мааниси бар уюмдар тарабынан сатылуучу пайдага салык, КНС жана товарларга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө сатуудан салык боюнча жеңилдетилген салык салынууга тийиш болгон уюмдардын тизмегин, ошондой эле салыктык жеңилдиктерди берүү тартибин бекитет.

5. Салыктар боюнча жеңилдиктер ушул берененин 4-бөлүгүндө каралган уюмдарга 5 жылдык мөөнөткө берилет.

Министрлер Кабинети берилген жеңилдиктердин натыйжалуулугун талдоонун негизинде ушул бөлүктө көрсөтүлгөн салыктар боюнча жеңилдиктерди берүү мөөнөтүн кийинки 5 жылга чейин узартууга укуктуу.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

VII БӨЛҮМ. КИРЕШЕ САЛЫГЫ

22-глава. Жалпы жоболор

184-берене. Бул бөлүмдө пайдаланылуучу түшүнүктөр жана терминдер

Ушул бөлүмдүн максаттары үчүн төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер пайдаланылат:

1) утуш - оюндарга, анын ичинде кумар оюндарына лотереяларга, утуштарга, конкурстарга, мелдештерге, олимпиадаларга, фестивалдарга жана башка ушундай иш-чараларга катышуудан салык төлөөчү байге же акчалай төлөм катары ала турган кирешелердин ар кандай түрлөрү;

2) киреше - активдердин көбөйүшү, акча наркына ээ болгон материалдык баалуулуктарды алуу жана/же материалдык пайда көрүү, ошондой эле салык төлөөчүнүн милдеттенмелерин азайтуу;

3) багуудагы адам - салык төлөөчүнүн кирешесинин эсебинен жашаган, кирешеси жок, анын жакын тууганы.

(КР 2022-жылдын 30-июнундагы № 51 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

185-берене. Киреше салыгын төлөөчү

1. Киреше салыгын төлөөчү болуп төмөнкүдөй жак эсептелет:

1) Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган, киреше алган жеке жак;

2) Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган, бирок Кыргыз Республикасында жашап турууга укугу же кайрылман статусу бар, киреше алган резидент-жеке жак;

3) Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган, бирок Кыргыз Республикасында жашап турууга укугу же кайрылман статусу жок, Кыргыз Республикасындагы булактан киреше алган резидент-жеке жак;

4) Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган, Кыргыз Республикасындагы булактан киреше алган резидент эмес-жеке жак.

2. Эгерде ушул Кодексте башкача каралбаса, жеке жакка кирешесин төлөп берүүдө бюджетке киреше салыгынын суммасын эсептөө, кармап калуу жана төлөө салык агенти тарабынан жүзөгө ашырылат.

3. Жеке ишкер салык агенти болуп саналгандан башка учурда бул жеке ишкер киреше салыгын төлөөчү болуп эсептелбейт.

186-берене. Салык салынуучу объект

Төмөнкүлөрдөн киреше алуучу ишкердик ишти кошпогондо, экономикалык ишти жүргүзүү киреше салыгы салынуучу объект болуп саналат:

1) Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн - Кыргыз Республикасындагы булактан жана/же Кыргыз Республикасынын чегинен сырттагы булактан;

2) Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган, бирок Кыргыз Республикасында жашап турууга укугу же кайрылман статусу бар резидент-жеке жак үчүн - Кыргыз Республикасындагы булактан жана/же Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары булактан;

3) Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган, жашап турууга укугу же кайрылман статусу жок резидент-жеке жак үчүн - Кыргыз Республикасындагы булактан;

4) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде катталган ата мекендик уюмдардын филиалынын жана/же өкүлчүлүгүнүн кызматкери болуп эсептелген Кыргыз Республикасынын резиденти эмес-жеке жакты кошпогондо, Кыргыз Республикасынын резиденти эмес-жеке жак үчүн - Кыргыз Республикасындагы булактан.

2. Кыргыз Республикасындагы булактардан алынган кирешелерге киреше салыгын салуу киреше төлөнгөн жерине, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары төлөнгөн кирешелерге карабастан жүзөгө ашырылат.

3. Эгерде ушул Кодексте мындай милдеттенмелер каралса, тандалып алынган салык режимине туура келген салык милдеттенмелерин аткарган учурда, жеке ишкер катары катталган же катталууга тийиш болгон жеке жактын пайдасынын суммасы киреше салыгын салуучу объект болуп саналбайт.

 

187-берене. Салыктык база

1. Киреше салыгы боюнча салыктык база, эгер бул бөлүмдө башкача каралбаса, салык төлөөчү тарабынан салыктык мезгил үчүн алынган, салык салынбаган кирешенин суммасына кыскартылган жылдык жыйынды кирешенин жана ушул бөлүмдө каралган чегеримдердин ортосундагы айырма катары эсептелген киреше болуп саналат.

2. Эгерде жумуш берүүчү тарабынан иштелген календардык айы үчүн төлөнүүчү эмгек акынын өлчөмү ушул беренеге ылайык белгиленген минималдуу эсептик кирешенин өлчөмүнөн ашпаса, салыктык база катары минималдуу эсептик кирешенин суммасы колдонулат.

3. Кыргыз Республикасынын райондору жана шаарлары боюнча кийинки календардык жылга бир айдагы минималдуу эсептик киреше Министрлер Кабинети тарабынан белгиленүүчү тартипте статистикалык органдын маалыматтарынын негизинде кызматкерлердин өткөн жылдагы орточо айлык акысынын 60 пайыз өлчөмүндө аныкталат.

Минималдуу эсептик кирешенин өлчөмү учурдагы жылдын 1-ноябрынан кечиктирилбеген мөөнөттө расмий жарыяланууга тийиш.

Эгерде минималдуу эсептик кирешенин өлчөмү кийинки календардык жылга ушул Кодексте каралган тартипте белгиленбесе, өткөн жылдагы минималдуу эсептик кирешенин өлчөмү колдонулат.

4. Ушул берененин 2-бөлүгүнүн талаптары төмөнкү кызматкерлерге төлөнгөн эмгек акы үчүн колдонулбайт:

1) бюджеттик каражаттардын эсебинен;

2) кызматтарды айкалыштыруу боюнча;

3) кенже тейлөөчү персоналга;

4) турак жай менчик ээлеринин шериктештигинин, кондоминиумдардын, турак жай-курулуш, гараждык, айыл чарба жана багбанчылык-чарбак кооперативдеринин кызматкерлерине;

5) I, II жана III топтогу майыптарга;

б) эркиндигинен ажыратуу жайларында же поселениелерде жаза өтөө мөөнөтүндө иштеген адамдарга.

5. Салык салуу максатында кенже тейлөөчү персоналга кирген кызматкерлердин тизмегин Министрлер Кабинети бекитет.

Караңыз:

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-июлундагы № 371 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 187-беренесинин 5-бөлүгүнүн талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому

6. Толук эмес жумуш убактысы колдонулган учурда кызматкерлер үчүн минималдуу эсептик киреше жумуш берүүчү тарабынан төмөнкүлөрдүн иш жүзүндө иштеген мезгилине карата пропорциялуу колдонулат:

1) жумушка жараксыздыгы жана төрөгөндүгү боюнча жөлөк пул алгандардын;

2) толук эмес иш күнүндө иштегендердин;

3) өргүүдө, анын ичинде акы төлөнбөгөн өргүүдө жүргөндөрдүн;

4) кайрадан кабыл алынгандардын же бошотулгандардын, бир ай толук эмес иштегендердин.

7. Кластердин катышуучуларынын кызматкерлери үчүн салык базасы ушул беренеге ылайык белгиленген минималдуу эсептик кирешенин өлчөмүнө барабар кабыл алынат.

Ушул бөлүктө каралган кластердин катышуучуларынын тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

188-берене. Салыктык мезгил

Киреше салыгы боюнча салыктык мезгил календардык жыл болуп эсептелет.

23-глава. Жылдык жыйынды киреше жана башка кирешелер

189-берене. Жылдык жыйынды кирешенин курамы

1. Салыктык мезгилдин жылдык жыйынды кирешесине ушул салыктык мезгилде салык төлөөчү акчалай, ошондой эле натуралай формада, жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр формасында алган бардык түрлөр кирет, анын ичинде:

1) кызматкердин кирешеси, анын ичинен:

а) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган эмгек акы, анын ичинде сыйакы, кепилдик, компенсациялык жана башка төлөмдөр;

б) кызматкер тарабынан эмгек компенсациясы катары алынган:

- товарлар;

- кызматкердин кызыкчылыгында аткарылган иштер;

- кызматкерге көрсөтүлгөн кызматтар;

в) кызматкер тарабынан үчүнчү жактардан алынган товарлардын, иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын жумуш берүүчүнүн төлөп бериши;

г) өзүнүн кызматкерлерин камсыздандыруу келишимдери боюнча жумуш берүүчү тарабынан төлөнүүчү камсыздандыруу сыйлыктарынын суммасы;

2) материалдык пайда түрүндө алынган кирешелер;

3) акысыз алынган активдердин наркы, виртуалдуу активдерди кошкондо;

4) Кыргыз Республикасындагы киреше булагынан салык салынбай турган кирешелер жана мурда төлөм булагынан салынган салыктардан тышкары пайыздык киреше, камсыздандыруу, анын ичинде исламдык принциптери боюнча камсыздандыруу келишимдери боюнча киреше;

5) дивиденддер;

6) кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү сатып алуу же куруу наркын кемитүүдөн, ошондой эле оңдоп-түзөөгө жана/же жасалгалоого чыгымдарды кемитүүдөн кийин, сатуудан түшкөн акча;

7) акцияларды, карыздык баалуу кагаздарды, уюмдагы үлүштөрдү, исламдык каржылоого ылайык шарик/кемүүчү мушарак келишими боюнча өнөктөштүк үлүшүн сатуудан түшкөн акча, аларды сатып алуу наркын кемитүүдөн кийин;

8) субсидия;

9) моралдык зыянды компенсациялоо түрүндө алынган киреше;

10) пенсия;

11) стипендия;

12) жөлөкпул;

13) утуштар түрүндө алынган киреше;

14) салык төлөөчүнүн милдеттенмелеринин токтотулушунан түшкөн кирешелер, алар төмөнкүлөрдүн натыйжасында келип чыгат:

а) насыя берүүчүлөрдүн аласасын кечирүүдөн;

б) Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде белгиленген доонун эскирүү мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу милдеттенмелерди эсептен чыгаруудан;

в) салык төлөөчүнүн милдеттенмесин, анын ичинде салыктык милдеттенмени үчүнчү жактын аткаруусунан;

15) камсыздандыруу келишимдери боюнча камсыздандыруу суммаларынан (ордун толтуруулар);

16) роялти;

17) камсыздандыруунун топтоочу түрлөрүнөн төлөнүүчү кирешеден (камсыздандыруу же кайра камсыздандыруу келишимдери боюнча пайыздык киреше);

18) виртуалдык активдерди сатуудан түшкөн акчанын аларды сатып алуу наркынан ашкан суммасынан;

19) уюмду башкарууга катышкандыгы үчүн алынган сыйакылар менен компенсациялар формасындагы кирешелерден;

191) мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн жер участогун кошуп алганда, мүлктүк комплексти алып коюу (сатып алуу) үчүн алынган компенсациянын суммасынын аны сатып алуунун жана/же куруунун наркынан ашып кетиши;

20) салык салынуучу жана салык салынбаган кирешелердин башка түрлөрүнөн.

2. Киреше алынуусу күтүлүп, бирок иш жүзүндө алынбаса, киреше болуп эсептелбейт жана жылдык жыйынды кирешенин курамына кошулбайт.

3. Дивиденддерди төлөбөстөн, уставдык капиталды көбөйтүүгө багытталган банктын бөлүштүрүлбөгөн пайдасы кирешени төлөө болуп саналбайт жана салыктык милдеттенменин келип чыгышына алып келбейт.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

190-берене. Материалдык пайда формасында алынган киреше

1. Жылдык жыйынды кирешенин курамына материалдык пайданын төмөнкүдөй түрлөрүн алуудан түшкөн киреше кошулат:

1) пайызсыз зайымды же насыяны, исламдык каржылоону берүү, ошондой эле карыз түзүлгөн мезгилге карата Улуттук банктын пайызынын эсептик ставкасынан төмөн болгон пайыздык кирешеде зайымды, насыяны же исламдык каржылоону берүү;

2) товарды акысыз негизде берүү;

3) кызматкерге товар сатууда жумуш берүүчү тарабынан жеңилдик берүү.

2. Ссуда берүүдө материалдык пайдадан алынган киреше болуп, ссуда колдонулган мезгил ичинде ай сайын эсептелүүчү негизде Улуттук банктын эсептик ставкасына көбөйтүлгөн ссуданын суммасы эсептелет.

3. Зайымды, насыяны, исламдык каржылоону берүүдө материалдык пайдадан алынган киреше болуп зайым, насыя, исламдык каржылоо алынган күнгө карата Улуттук банктын эсептик ставкасына зайымдын, насыянын, исламдык каржылоо суммасынын туундусу менен зайымды, насыяны, исламдык каржылоону берген субъект тарабынан белгиленген пайыздын ставкасына зайымдын, насыянын, исламдык каржылоонун суммасынын туундусунун ортосундагы оң айырма эсептелет.

4. Товарды акысыз негизде берүүдө материалдык пайдадан алынган киреше берилген товардын эсептик наркы болуп эсептелет.

5. Жеңилдик берүүдө материалдык пайдадан алынган киреше товардын эсептик наркы менен сатуунун иш жүзүндөгү наркынын ортосундагы оң айырма болуп эсептелет.

6. Жумуш берүүчү тарабынан кызматкерге берилген материалдык пайдадан тышкары материалдык пайда формасында алынган киреше боюнча киреше салыгын эсептөөгө жана төлөөгө карата милдеттенмени салык төлөөчү өз алдынча тартат.

 

191-берене. Киреше салыгы боюнча жеңилдиктер

1. Салык төлөөчүлөрдүн төмөнкү категориялары киреше салыгын төлөөдөн бошотулат:

1) Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары;

2) мамлекеттер аралык макулдашуу боюнча Афганистан жана башка өлкөлөрдөгү согушка катышкан аскер кызматкерлери;

3) Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында ооруктагы кайратман эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланган адамдар;

4) Баткен окуяларынын катышуучулары;

5) Чернобыль АЭСиндеги кырсыкты жоюуга катышкан адамдар;

6) Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун жесирлери жана жесилдери;

7) "Кыргыз Республикасынын Баатыры" деген Кыргыз Республикасынын эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылган адамдар;

Ушул бөлүктө каралган киреше салыгын төлөөдөн бошотуу ушул берененин 6-бөлүгүндө каралган кыймылдуу жана/же кыймылсыз мүлктү сатуудан алынган кирешеге карата колдонулбайт.

2. Социалдык жактан корголбогон салык төлөөчүлөрдүн төмөнкү категорияларынын кирешелерине киреше салыгы салынбайт:

1) майыптардын төмөнкүдөй түрдө алган кирешелери:

а) майыптар үчүн техникалык каражаттарга төлөм;

б) майыптуулуктун алын алуу жана реабилитациялоо үчүн төлөм;

в) майыптар үчүн коштоочу иттерди багууга төлөм;

г) кесиптик бирлик органдарынан алынган сумма же мүлк;

2) кесиптик бирлик органдарынан акча каражаты жана мүлк түрүндө алган эмгекке жарамсыз жарандардын, аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлө мүчөлөрүнүн кирешелери;

3) социалдык реабилитациялоого же адаптациялоого муктаж болгон төмөнкү жактар мамлекеттен, коммерциялык эмес уюмдардан акысыз алган активдердин, анын ичинде дары-дармектердин, медициналык жана социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн, тамак-аш продуктуларынын, түштөндүрүүлөрдүн, биринчи керектелүүчү жеке гигиена предметтердин наркы:

а) качкындар;

б) катуу оорулуулар;

в) жумушсуздар;

г) жетим балдар;

д) абактан кайтып келген адамдар;

е) кирешеси жашоо деңгээлинен төмөн болгон башка адамдар.

4) 16 жашка чейинки курактагы жеке адамдын эмгек мамилелеринин алкагында алган кирешелери;

3. Салык төлөөчү төмөнкүлөр түрүндө алган кирешелерине киреше салыгы салынбайт:

1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген жөлөкпулдар;

2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген стипендиялар жана пенсиялар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын коммерциялык эмес уюмдары тарабынан төлөнүүчү стипендиялар;

3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана/же соттук чечимдерде каралган зыяндын ордун толтуруу боюнча төлөмдөр;

4) Президенттин резервдик фондунан, Жогорку Кеңештин Төрагасынын резервдик фондунан, Жогорку Кеңештин депутатынын фондунан жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын резервдик фондунан төлөмдөр жана алардан төлөнүп кайтарымсыз негизде берилген мүлк;

5) Министрлер Кабинетинин, жергиликтүү кеңештердин, коммерциялык эмес уюмдардын чечими боюнча жеңилгис күч жагдайлары менен байланышкан кайтарымсыз алынган суммалар;

6) бюджеттин эсебинен олимпиада, паралимпиада жана азия оюндарына, дүйнөлүк, Азия чемпионаттарына катышуунун жыйынтыгы боюнча чемпиондорго жана байге ээлерине, ошондой эле башка орундарды ээлегендерге, алардын машыктыруучуларына жана врачтарына төлөнүүчү стипендиялар жана бир жолку акчалай сыйакылар;

7) гуманитардык жардамдар;

8) наркы 50 эсептик көрсөткүчтөн ашпаган утуштар, ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлүп жаткан, жарандардын акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө контролдук-кассалык чектерди талап кылуусуна дем берүү үчүн жүргүзүлүүчү лотереяларга /акцияларга катышуудан алган утуштары;

9) эл аралык конкурстарга, фестивалдарга катышуудан алган байгелери;

10) эл аралык уюмдар (фонддор) берген сыйакы;

11) кайтарылуучу камсыздандыруу сыйлыктары жана төлөп берүүчү суммалар, ошондой эле ишкердик ишти жүзөгө ашырууга байланышпаган жеке жак менен түзүлгөн камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу учуру келгенде камсыздандыруу суммалары жана ордун толтуруу;

12) кан тапшыруудан, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган донор болуунун башка түрлөрүнөн алынган сумма;

13) профсоюздук органдардан алынган же Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө мыйзамына ылайык жалданма жумушчулардын ден соолугун чыңдоого бөлүнгөн каражаттардын эсебинен санатордук-курорттук мекемелерге, эс алуу үйлөрүнө, пансионаттарга, санаторий - профилакторийлерге, балдардын ден соолугун чыңдоочу борборлорго жолдомолор;

14) аскер кызматчыларынын, улуттук коопсуздук органдарынын, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин, мамлекеттик кызматчылардын өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруудагы өлүмү жана/же денесине залал келтирүүгө байланыштуу мамлекеттик бюджеттин каражаттарынан төлөнгөн компенсациялык төлөмдөрдүн жана жөлөкпулдардын суммалары.

15) ушул Кодекстин 95-беренесине ылайык сатып алынган товарларга, жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө контролдук-кассалык чектерде көрсөтүлгөн сумманын бөлүгүн кайтарып берүү;

16) анын катышуучулары үчүн кайтарымсыз негизде өткөрүлүүчү семинарды, тренингди, тегерек столду уюштуруу жана өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн, анын ичинде окутуу кызмат көрсөтүүлөрүнүн наркы, таратып берме материалдардын, тамак-аштын, жашоосунун жана транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы.

4. Салык төлөөчүнүн эмгек ишинин алкагында алынган төмөнкү кирешелерине киреше салыгы салынбайт:

1) пенсиялар, жөлөкпулдар, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча төгүмдөр, зыяндын ордун толтуруу төлөмдөрү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бийик тоолуу шарттарда жана жетүүгө кыйын алыскы зоналарда иштеген иши үчүн белгиленген үстөк акылар жана райондук коэффициенттер;

2) аткаруу органынын кызматкерине, мүчөсүнө, директорлор кеңешинин же байкоочу кеңешинин мүчөсүнө иш сапарына кеткен чыгымдарды, ошондой эле уюмдун башкаруу органынын мүчөлөрү тарабынан өз милдеттерин аткарууда тарткан чыгымдарын компенсациялоо суммалары:

а) дайындалган жерге баруу жана кайра келүү боюнча - берилген документтерге жараша;

б) турак жайды ижаралоо боюнча - берилген документтерге жараша;

в) суткалык - Министрлер Кабинети бекиткен ченемдердин алкагында.

Ушул пункттун "а" жана "б" пунктчаларында көрсөтүлгөн документтер жок болгон учурда иш сапарынын чыгымдары боюнча ордун толтуруунун суммасы Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген ченемдердин чегинде салык салуудан бошотулууга тийиш;

3) кызматкерлерди милдеттүү медициналык текшерүүнүн жана дарылоо-алдын алуучу тейлөөнүн наркы, анын ичинде жумуш берүүчү тарабынан кызматкерлер үчүн лабораториялык анализдерге жана пандемиялык мүнөзү Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар жөнүндө мыйзамдарына ылайык белгиленген оорулар боюнча вакциналарга төлөнүүчү наркы;

4) өзүнүн кызматкерлерин милдеттүү камсыздандыруу келишимдери боюнча камсыздандыруу сыйакылары, ошондой эле ушундай келишимдер боюнча төлөмдөр;

5) ушул Кодекстин 220-беренесинде каралган кызматкерлерди окутуу наркы;

6) кызматкердин 14 жашка чейинки балдары (багуусундагылар) үчүн ар бир балага 10 эсептик көрсөткүчтөн көп эмес өлчөмдө берилүүчү жаңы жылдык белектердин наркы;

7) атайын кийимдин, атайын бут кийимдин, жеке коргонуу каражаттарынын, самындын, зыянсыздандыруучу каражаттардын наркы; эмгектин зыяндуу же коркунучтуу шарттарындагы иштерде иштеген кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ушундай иштердин тизмегине ылайык жана ченемдер боюнча сүттүн жана башка дарылоо-алын алуучу тамак-аштын наркы;

8) каза болгон кызматкердин жакын туугандары же жакын тууганы өлгөндүгүнө байланыштуу кызматкердин кайтарымсыз алынган суммалары;

9) иш менен камсыз кылуу органдары уюштурган акы төлөнүүчү коомдук жумуштарда алектенген жарандардын эмгегине төлөнгөн акылар;

10) диний уюмдардын кызматчыларына берилүүчү эмгек акы, сыйакы, компенсациялар жана башка компенсациялоо жана дем берүү мүнөзүндөгү төлөмдөр;

11) аскер кызматчыларынын, ички иштер маселелерин караган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлеринин, жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринин жана органдарынын кызматкерлеринин, бажы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлеринин акчалай үстөк жана азык-түлүк пайкынын ордуна компенсация түрүндөгү кирешелери;

12) Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кызматкерлерин, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринде иштеген, ошондой эле чет өлкөлөрдө жайгашкан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлчүлүктөрүндө же эл аралык уюмдарда иштеген Кыргыз Республикасынын жарандары болгон мамлекеттик кызматчыларды жана башка кызматкерлерди акчалай күтүү;

5. Туугандык мамилелерине байланыштуу операциялар боюнча төмөнкүдөй кирешелерге киреше салыгы салынбайт:

1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алынуучу алименттер;

2) жубайлардын же мурдагы жубайлардын ортосунда ажырашуунун кесепетинен улам менчикти өткөрүп берүүдөн алынган ар кандай киреше;

3) ишкердик ишти жүргүзүү процессинде жеке адам алган мүлктү, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү кошпогондо, мурастоо же белекке берүү тартибинде ошол жеке адам тарабынан жакын туугандарынан алынган мүлктүн, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы.

6. Төмөнкүлөрдү сатуудан алынган кирешеге киреше салыгы салынбайт:

1) сатып алган күндөн тартып бир жылдан ашык жеке менчик укугунда таандык болгон автомототранспорттук каражаттар;

2) кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды мамлекеттик каттоонун бирдиктүү тутумунун органынын маалыматтарына ылайык турак жай фондуна таандык болгон жана ушул кыймылсыз мүлккө укук катталган датадан тартып кийинки бир жылдан ашык убакыт жеке менчик укугунда салык төлөөчүгө таандык кыймылсыз мүлк;

3) салык төлөөчү тарабынан ага таандык короо-жайынан алынган айыл чарба продукциясы;

4) өз муктаждыктары үчүн алынган жана пайдаланылган кыймылдуу мүлк.

7. Салык төлөөчүнүн төмөнкүдөй башка иштерден алган кирешелерине киреше салыгы салынбайт:

1) Кыргыз Республикасынын банктарындагы аманаттары боюнча пайыздар;

2) баалуу кагаздардын ээси тарабынан алынган пайыздык киреше жана киреше алуу күнүнө карата листингдин эң жогорку жана эң жогоркудан кийинки категориялары боюнча фонддук биржанын листингиндеги баалуу кагаздардын наркынын өсүшүнөн кирешелер;

3) исламдык каржылоого ылайык мудараб келишими боюнча киреше;

4) чет өлкөлүк уюмдарга катышуудан алынган дивиденддерди кошпогондо, резидент-жеке жак алган дивиденддер;

5) катышуучунун кошкон үлүшүнүн же пайынын өлчөмүндө же үлүштүк баалуу кагаздардын кайтаруу суммасы;

6) жалпы чогулуштун чечими боюнча уюмдун катышуучуларынын ортосунда бөлүштүрүлүп, уюмдун катышуучулары тарабынан кошумча алынган акциялардын (үлүштөрдүн) наркы, же алгачкы акцияларынын ордуна алынган жаңы акциялардын номиналдык наркынын жана ушул уюмдун уставдык капиталынын көбөйүшүнө байланыштуу, анын ичинде уюмдун мүлкүнүн эсебинен да уюмдун катышуучуларына акцияларды (үлүштөрдү) бөлүштүрүүдө акционердин алгачкы акцияларынын номиналдык наркынын ортосундагы айырма;

7) жеке жак ишкердик ишинен алган жана пайдага салыкты же башка салыктардын ордуна белгиленген, атайын салык режими боюнча төлөнүүчү салыкты төлөгөндөн кийин анын тескөөсүндө калган суммалар;

8) шайлоо комиссияларында талапкердин же саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, байкоочусунун, ишенимдүү адамынын, өкүлүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырганы, ошондой эле шайлоо өнөктүгүн, референдум өнөктүгүн өткөрүүгө түздөн-түз байланышкан үгүт кызматтарын аткарганы үчүн талапкердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун каражаттарынан жана шайлоо өнөктүгү, референдум өнөктүгү мезгилинде референдум тобунун фондунун каражаттарынан жеке жак алган суммалар.

9) мамлекеттик турак жай программасы боюнча ипотекалык кредит берүүдө материалдык пайда формасында алынган киреше;

10) Жеке жак-резидент, Кыргыз Республикасынын жараны тарабынан мекеменин өлкөсүнүн мыйзамдарына ылайык чет өлкөлүк уюмга катышуудан алынган дивиденд, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жана анда бул жаран киреше алып, ошол мамлекеттин мыйзамдарына ылайык тиешелүү салык төлөгөн чет мамлекеттин ортосунда түзүлгөн кош салыктан качуу жөнүндө макулдашуу жок болгондо чет мамлекеттин аймагында Кыргыз Республикасынын жараны тарабынан алынган кирешелер.

(Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 30-июнундагы № 51, 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

Көңүл буруңуздар! Берилген берененин 3-бөлүгүнүн 8-пунктунда "кызыктыруучу лотереяларга/акцияларга" сөздөр жок болгондугуна байланыштуу КР 2022-жылдын 30-июнундагы № 51 Мыйзамы менен берилген өзгөртүүлөр киргизилген жок.

192-берене. Киреше келип чыккан дата

Ушул главанын максаттарында киреше келип чыккан дата болуп төмөнкүлөр саналат:

1) кирешенин суммасын төлөө датасы, анын ичинде кирешени салык төлөөчүнүн банктагы эсебине же болбосо анын тапшырмасы боюнча үчүнчү жактардын эсебине которуу боюнча - кирешелер акчалай түрүндө алынганда;

2) товарга болгон менчик укугунун өтүшүнүн датасы - кирешелер товарлар түрүндө алынганда;

3) бардык иштер же бөлүгү аяктаган жана кызматтар көрсөтүлгөн дата - кирешелер жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр түрүндө алынганда;

4) киреше материалдык пайда түрүндө алынганда:

а) алынган зайымдар же насыялар боюнча - салык төлөөчү тарабынан зайымдар же насыялар келишимдерине ылайык төлөмдөрдүн жана/же пайыздардын суммасы төлөнгөн дата;

б) алынган ссуда боюнча - ссуда пайдаланылган ар бир айдын акыркы күнү;

в) алынган жана/же сатып алынган товарлар боюнча - товарды алган жана/же сатып алган дата;

5) салык төлөөчүнүн милдеттенмеси токтогон учурда - милдеттенме токтогон дата.

24-глава. Салыктык базаны аныктоо үчүн жыйынды кирешеден чыгарып салуулар

193-берене. Жалпы жоболор

1. Эгерде ушул бөлүмдө башкача каралбаса, салык төлөөчү төмөнкүдөй чыгарып салуу укугуна ээ:

1) стандарттык чыгарып салуулар;

2) социалдык чыгарып салуулар;

3) мүлктүк чыгарып салуулар.

2. Стандарттык чыгарып салуулар резидент эмес-жеке жакты кошпогондо, салык төлөөчүлөрдүн бардык категориялары үчүн колдонулат.

3. Социалдык жана мүлктүк чыгарып салуулар төмөнкүлөр үчүн колдонулат:

1) Кыргыз Республикасынын жарандары;

2) Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган, бирок Кыргыз Республикасында жашап турууга укугу же кайрылман статусу бар резидент-жеке жак.

4. Салык төлөөчү ушундай чыгарып салуулар тийиш болгон салыктык мезгилинде гана чыгарып салуу укугуна ээ болот.

194-берене. Стандарттык чыгарып салуулар

Стандарттык чыгарып салуулар төмөнкүлөрдөн турат:

1) салыктык мезгилдин ар бир айы үчүн эсептик көрсөткүчтүн 6,5 өлчөмүндө - жеке чыгарып салуулардан;

2) салыктык мезгилдин ар бир айы үчүн ар бир багуудагы адамына эсептик көрсөткүчтүн бир өлчөмүндө - салык төлөөчүнүн багуусундагы адамына чыгарып салуулардан;

3) ушул Кодекске ылайык киреше салыгы салынбаган кирешелер боюнча мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөрдү кошпогондо, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөрдү чыгарып салуулардан;

4) салык төлөөчүнүн салыктык базасынан 8 пайыздан ашык эмес - мамлекеттик эмес пенсиялык фондго чыгарып салуулардан.

 

195-берене. Социалдык чыгарып салуулар

1. Салык төлөөчү салык төлөөчүнүн жана анын багуусундагы 24 жаштан ашпаган курактагы адамынын билим алуусуна социалдык чыгарып салууну алууга укуктуу.

2. Мектепке чейинки, мектептик, орто кесиптик жана жогорку билим алуу үчүн чыгарып салуулардын өлчөмү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын лицензиясы бар Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмунун дарегине же камкорчулук кеңештеринин дарегине салык салуучу төлөгөн жана документтер менен тастыкталган төлөмдүн суммасына тең, бирок билим алууга чыгарып салууларды эске албастан, салык төлөөчүнүн салыктык базасынын өлчөмүнүн 10 пайызынан ашпаган өлчөмдө, ал эми багуусунда үч же андан көп адам турган салык төлөөчүлөр үчүн, билим алууга чыгарып салууларды эске албастан, салык төлөөчүнүн салыктык базасынын өлчөмүнүн 25 пайызынан ашпаган өлчөмдө белгиленет.

3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген социалдык чыгарып салууларга салык төлөөчүнүн жазуу жүзүндөгү арызынын жана төлөнгөн чыгымдарды ырастоочу документтеринин негизинде бирдиктүү салыктык декларация берилген учурда укук берилет. Мында чыгарып салууга укук бир гана салык төлөөчүгө берилет.

Социалдык чыгарып салууну алуу тартиби жана Ушул беренеде көрсөтүлгөн документтердин тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

4. Эгер социалдык чыгарып салуулардын суммасы ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган чектөөнүн суммасынан ашык болсо, анда мындай ашык сумма кийинки салыктык мезгилдерде чыгарып салууга жатпайт.

5. Ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген социалдык чыгарып салууга укук "Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө кирген күндөн тартып 45 календардык күндүн ичинде өз укуктары жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыздын негизинде билдирген салык төлөөчүлөргө жайылтылат.

Социалдык чыгарып салууга өз укуктары жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыз салык органы тиешелүү чечим кабыл алганга чейин салык төлөөчүнүн бирдиктүү салык декларациясын жок кылбоого негиз болуп саналат.

Салык органы социалдык чыгарып салууга өз укуктары жөнүндө салык төлөөчүнүн жазуу жүзүндөгү арызы берилген күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде чечим чыгарат. Ушул бөлүктө көрсөтүлгөн салык төлөөчүлөрдүн бирдиктүү салык декларациялары салык органы тиешелүү чечим кабыл алган күндөн тартып 15 күндүн ичинде жок кылынат.

Социалдык чыгарып салууну алуу максатында баштапкы жана такталган салык декларацияларын кабыл алууга "Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө кирген учурдан тартып жол берилбейт.

Ушул бөлүктүн күчү "Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин пайда болгон укуктук мамилелерге карата колдонулат.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

196-берене. Мүлктүк чыгарып салуулар

1. Эгерде, келишимдин предмети турак жай фондуна тиешелүү кыймылсыз мүлктү сатып алуу жана/же куруу болуп саналса, салык төлөөчү насыялык келишим жана/же банк менен ипотекалык насыя жана/же турак жай ссудасы, исламдык каржылоо келишими, мамлекеттик турак жай программасынын катышуучулары үчүн сатып алуу менен ижара келишими боюнча пайыздык чыгымдарды жоюуга жумшаган иш жүзүндөгү суммасынын чегинде мүлктүк чыгарып салуу укугуна ээ.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган мүлктүк чыгарып салуунун суммасы жылына 2300 эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш.

3. Мүлктүк чыгарып салуу салык төлөөчүнүн жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде бирдиктүү салык декларациясын жана банктан кредит жана/же ипотекалык кредит боюнча жана/же турак жай ссудасы, же исламдык каржылоо келишими, же мамлекеттик турак жай программасынын катышуучулары үчүн сатып алуу менен ижара келишими боюнча пайыздык чыгымды жоюу эсебине акча каражаттарын төлөгөн фактысын ырастаган документтерди бергенде салык төлөөчүгө берилет.

Салык төлөөчү каза болгон же сот тарабынан каза болду деп жарыяланган учурда мүлктүк чыгарып салуу анын мураскоруна берилет.

Мүлктүк чыгарып салууну алуу тартиби жана зарыл болгон документтердин тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

4. Ушул беренеде каралган мүлктүк чыгарып салуу, эгерде салык төлөөчү турак үйдү, батирди, бөлмөнү же алардагы үлүштү, анын ичинен мамлекеттик турак жай программасынын катышуучулары үчүн сатып алуу менен ижара келишими боюнча курууга же сатып алууга чыгымдары салык төлөөчүгө жакын тууган болуп саналбаган башка субъект тарабынан кайтарымсыз негизде төлөнсө, ошондой эле мындай мүлктү сатып алуу боюнча бүтүм өз ара көз каранды жак болуп саналган жеке жактардын ортосунда түзүлсө, колдонулбайт.

5. Мүлктүк чыгарып салууга укук "Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө кирген күндөн тартып 45 календардык күндүн ичинде өз укуктары жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыздын негизинде билдирген салык төлөөчүлөргө жайылтылат.

Мүлктүк чыгарып салууга өз укуктары жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыз салык органы тиешелүү чечим кабыл алганга чейин салык төлөөчүнүн бирдиктүү салык декларациясын жок кылбоого негиз болуп саналат.

Салык органы мүлктүк чыгарып салууга өз укуктары жөнүн-дө салык төлөөчүнүн жазуу жүзүндөгү арызы берилген күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде чечим чыгарат. Ушул бөлүктө көрсөтүлгөн салык төлөөчүлөрдүн бирдиктүү салык декларациялары салык органы тиешелүү чечим кабыл алган күндөн тартып 15 күндүн ичинде жок кылынат.

Мүлктүк эсептен чыгарып салууну алуу максатында баштапкы жана такталган салык декларацияларын кабыл алууга "Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө кирген учурдан тартып жол берилбейт.

Ушул бөлүктүн күчү "Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин пайда болгон укуктук мамилелерге карата колдонулат.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

25-глава. Киреше салыгынын ставкалары. Киреше салыгын эсептөө тартиби

197-берене. Киреше салыгынын ставкалары

1. Эгерде ушул беренеде башкача каралбаса, киреше салыгынын ставкасы 10 пайыз өлчөмүндө белгиленет.

2. Киреше салыгынын ставкасы жалданма жумушчулар үчүн 5 пайыз өлчөмүндө белгиленет:

1) преференциялык чек арага чектеш калктуу конуштарда катталган жана ишин жүргүзгөн салык төлөөчүлөр;

2) ушул Кодекстин 183-беренесинин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн салык төлөөчүлөр;

3) имараттарды, жайларды, жер участокторун тейлөөнү жана кайтарууну камсыз кылган кызматкерлерди кошпогондо, Жогорку технологиялар паркынын жана Креативдүү индустриялар паркынын резиденти жана дирекциясы.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

198-берене. Киреше салыгын эсептөө

Киреше салыгын эсептөө киреше салыгынын ставкасына киреше салыгы боюнча салыктык базаны көбөйтүү жолу менен жүргүзүлөт.

199-берене. Киреше салыгын эсептөө тартиби, төлөөнүн мөөнөтү жана орду

1. Киреше салыгын төлөөчү ушул Кодексте белгиленген бирдиктүү салык декларациясы берилген күнгө чейин акыркы эсептөөлөрдү жүргүзөт жана киреше салыгын төлөйт. Киреше салыгынын акыркы суммасы, эгерде ушул беренеде башкача каралбаса, эсептелген салыктын суммасы менен салык агенти кармап калган салыктын суммасынын ортосундагы айырма катары аныкталат.

2. Салык агенти тарабынан минималдык эсептик кирешеден эсептелген, салык төлөөчүнүн киреше салыгынын суммасы ушул Кодекстин 187-беренесинин 3-бөлүгүнүн талаптарына ылайык акыркы болуп саналат жана кайра эсептелүүгө тийиш эмес.

3. Киреше салыгы салык төлөөчүнүн эсепке алынган жана/же катталган орду боюнча төлөнөт.

26-глава. Салык агенти тарабынан киреше салыгы боюнча салык милдеттенмелеринин аткарылышы

200-берене. Жумуш берүүчүнүн салык милдеттенмелери

1. Киреше булагы менен эмгек мамилелеринде турган жеке жакка кирешени төлөө, эгерде ушул бөлүмдө башкача каралбаса, жумуш берүүчүдө киреше булагындагы катары салык агентинин милдеттенмелеринин пайда болушуна алып келет.

Киреше салыгынын суммасын эсептөө үчүн салыктарды чыгарып салууга жана/же салыктан бошотууга укугун тастыктаган документтер талап кылынса жана салык төлөөчү бул документтерди бербесе, салык агенти киреше салыгынын суммасын аталган чыгарып салууларды жана бошотууларды эсепке албастан эсептеп чыгат.

2. Салык төлөөчү салык агенти тарабынан ошол жылга ушул Кодексте каралган бирдиктүү салык декларациясын берген күндөн кечиктирбестен, өткөн жылдын киреше салыгынын суммасына таасир этүүчү чыгарып салууга жана/же бошотууга укугун тастыктаган документтерди берсе, салык агенти документтерди кабыл алууга, киреше салыгына оңдоолорду киргизүүгө, ошондой эле салык төлөөчүгө төлөп берүүгө же андагы айырма сумманы кармап калууга милдеттүү.

3. Доонун эскирүү мөөнөтүн эске алуу менен мурдагы мезгилдин алдындагы жылдарга киреше салыгын түзөтүү жеке жак тарабынан киреше салыгын эсептен чыгарууга жана/же бошотууга анын укугун тастыктаган документтерди тиркөө менен салыкты эсепке алуу орду боюнча салык органына аталган салыктык мезгил үчүн такталган БСД берүү жолу менен жүзөгө ашырылат.

4. Жумуш берүүчү төлөөчү киреше салыгын эсептөөдө, эгерде бул беренеде башкача каралбаса, төлөнүүчү кирешенин суммасы менен стандарттык чыгарып салуулардын суммасынын ортосундагы айырма салыктык база болуп саналат.

5. Киреше салыгы боюнча кызматкердин салыктык базасынын өлчөмү минималдуу эсептик кирешенин суммасынан аз сумманы түзсө:

1) киреше салыгы боюнча салыктык базанын өлчөмү минималдуу эсептик кирешеге тең деп кабыл алынат, андан салык агенти тарабынан киреше салыгы алынат;

2) минималдуу эсептик кирешеден кармалуучу киреше салыгынын суммасы жумуш берүүчү тарабынан төлөнөт:

а) кызматчынын эмгек акысынан - иш жүзүндөгү эсептелген салыктык базадан эсептелүүчү киреше салыгынын өлчөмүндө;

б) жумуш берүүчүнүн каражаттарынан - минималдуу эсептик киреше менен иш жүзүндө эсептелген салыктык базанын ортосундагы айырмадан эсептелген киреше салыгынын өлчөмүндө.

Учурдагы ай үчүн салыктык милдеттенмелерди эсептөө үчүн киреше салыгынын салык базасы жана минималдуу эсептик киреше суммасы учурдагы салыктык мезгилдин башынан баштап кызматкер иш жүзүндө иштеген айлар үчүн жогору өскөн натыйжа менен жумуш берүүчү тарабынан эсептелет.

6. Салык агенти тарабынан кармалуучу киреше салыгынын өлчөмүн эсептөөдө киреше салыгы алынбоочу киреше эсептелбейт.

7. Эгерде ушул бөлүктө башкача каралбаса, салык агентине стандарттык эсептен чыгаруу укугу эмгек келишими боюнча алынган кирешелерге карата гана жана жумуш берүүчү менен жумушчунун ортосундагы эмгек мамилелери аталган кирешелер төлөнгөн айдын ичинде 15 күндөн кем эмес мезгилди камтыган учурда гана берилет.

Эгерде эмгек мамилелери 15 күндөн аз мезгилди камтыса, ошондой эле адам башка иш менен айкалыштырып иштесе, салык агенти ушул эмгек келишими боюнча алынган кирешеден чыгарып салууну мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасында гана жүзөгө ашырууга укуктуу.

8. Айыл чарба кооперативи жана айыл чарба багытындагы соода-логистикалык борбор, ошондой эле 2027-жылга чейинки мезгилде тигүү жана текстиль өнөр жайында өндүрүш ишин жүзөгө ашыруучу уюмдар жана жеке ишкерлер салык агенти катары ушул Кодекстин 187-беренесине ылайык аныкталуучу минималдуу эсептик кирешенин негизинде эсептелинген ар бир жалданма жумушчуга киреше салыгынын белгиленген суммасын жалданма жумушчулардын эмгек акысынан кармашат жана төлөшөт.

201-берене. Салык агенти менен эмгек мамилелеринде турбаган жеке жакка кирешелерди төлөп берүүдө салык агентинин салыктык милдеттери

Аны менен эмгек мамилесинде болбогон жеке жакка кирешенин төлөнүшү салык агентинин кирешенин булагы катары мындай төлөмдүн суммасынан киреше салыгын төлөө милдеттенмесинин пайда болушуна алып келет, буга төмөнкү кирешелер кирбейт:

1) кыймылсыз мүлктү же транспорт каражаттарын сатып алууда төлөнгөн;

2) ушул бөлүмгө ылайык салык салынбай тургандарга кирген;

3) жеке ишкерге төлөнгөн;

4) патенттин негизинде жеке ишти жүзөгө ашыруучу жеке жакка төлөнгөн.

202-берене. Салык агентинин салыктык милдеттенмелерди аткаруу тартиби

1. Салык агенти тарабынан кармалуучу киреше салыгы кирешени төлөгөн айдан кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен бюджетке төлөнүүгө тийиш.

2. Салык агенти тарабынан кармалуучу киреше салыгы салык агентинин учурдагы салыктык каттоо орду боюнча төлөнөт, ал эми обочолонгон бөлүмчөлөр болгон учурда - обочолонгон бөлүмчөнүн эсептик каттоо орду боюнча төлөнөт.

Обочолонгон бөлүмчөнүн жайгашкан орду боюнча бюджетке төлөнүүгө тийиш салыктын суммасы ушул обочолонгон бөлүмчөнүн кызматкерлерине төлөнгөн кирешенин суммасына жараша аныкталат.

3. Кыргыз Республикасындагы киреше булагынын салыгы кирешени төлөөнүн формасы жана ордуна карабастан салык агенти тарабынан бюджетке эсептелет жана төлөнөт.

4. Эгерде жеке ишкерге төлөнгөн төлөмдөрдөн тышкары, салык агенти жеке жакка төлөнгөн кирешеден салыкты кармабай же толук кармабай калса, анда салык агентине ушул салыктык милдеттенмелерди аткаруу боюнча милдеттер жана алардын аткарылбагандыгы үчүн ушул Кодекске ылайык жоопкерчилик жүктөлөт.

203-берене. Салык агентинин киреше салыгы боюнча отчетту берүүсү

Салык агенти кирешени отчеттук айдан кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен киреше салыгы боюнча салык органына аны төлөгөн орду боюнча отчет берүүгө милдеттүү.

27-глава. Жеке жактардын айрым категорияларына салык салуунун өзгөчөлүктөрү

204-берене. Чет мамлекеттин дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн жана консулдук мекемесинин же эл аралык уюмдун өкүлчүлүгүнүн кызматкерине салык салуу

Төмөндөгүлөрдүн кирешелерине киреше салыгы салынбайт:

1) чет мамлекеттин дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн жана консулдук мекемесинин жетекчилеринин, ошондой эле персоналынын, алар менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнүн, эгерде алар Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналбаса, Кыргыз Республикасындагы ушул жеке жактардын дипломатиялык же консулдук кызматы менен байланышта болбогон киреше булагынан алынган кирешесинен тышкары;

2) чет мамлекеттин дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн жана консулдук мекемесинин администрациялык-техникалык жана тейлөөчү персоналынын жана алар менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнүн, эгерде алар Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналбаса, Кыргыз Республикасындагы ушул жеке жактардын ушул өкүлчүлүктөрдөгү дипломатиялык же консулдук кызматы менен байланышта болбогон киреше булагынан алынган кирешесинен тышкары;

3) Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган ченемдерге ылайык эл аралык уюмда иштеген Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган жеке жактын.

205-берене. Кош салык салууну четтетүү

1. Чет мамлекетте салык төлөөчү тарабынан төлөнгөн сумма Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттин ортосунда түзүлгөн, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген кош салыктан качуу жөнүндө макулдашуу бар болсо, эгерде мындай кирешенин суммасы ушул макулдашуунун ченемдерине ылайык чет мамлекетте салык салынууга тийиш болгон учурда, Кыргыз Республикасындагы салык кирешеси боюнча салыктык милдеттенмени эсептөөдө эске алынат.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган эсепке алынуучу сумманын өлчөмү Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулган ставкалар боюнча төлөнгөн салыктын суммасынан ашпоого тийиш.

3. Чет мамлекетте төлөнгөн киреше салыгынын суммасын эсепке алуунун тартиби Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

VIII БӨЛҮМ. ПАЙДАГА САЛЫК

28-глава. Жалпы жоболор

206-берене. Ушул бөлүмдө пайдаланылуучу түшүнүктөр жана терминдер

Ушул бөлүмдө төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер пайдаланылат:

1) кен чыккан жерди геологиялык даярдоо - өнөр жай категориялары боюнча кен чыккан жердин запастарын эсептөөнү жана геологиялык-экономикалык баалоону кошуп алганда, издөөчү-баалоочу жана чалгындоо иштеринин комплекси;

2) тоо-кен-капиталдык иштери - кен чыккан жерди же анын бөлүгүн ачууну жана иштетүүгө даярдоону камсыз кылуучу тоо-кен-куруу иштеринин комплекси:

а) ачык иштетүүдө тоолук-капиталдык иштер өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

- ачуу (капиталдык траншеялар) жана кесилиш (кесилиш траншеялар же котловандар) иштетүүлөрдү жүргүзүү жана жабдуу;

- карьерди пайдаланууга берүү учурунда пайдалуу кендин үстүңкү катмарын жана кен жайгашкан тоо тектерин алып салуу (капиталдык ачуу);

- сууну азайтуучу скважиналарды бургулоо жана жабдуу боюнча иштер, жер астындагы дренаждарды куруу жана башка иштетүүлөр.

Тоо-кен-капиталдык иштердин процессинде карьердин 4төн 6 айга чейинки иштеген убактысында долбоордук кубаттуулукка жетүүгө кепилдик берген пайдалуу кендердин запастарын ачуу жана иштетүү үчүн даярдоо иштери жүргүзүлөт. Кен катмары кыйла тереңдикте жайгашкан учурда тоо-кен-капиталдык иштерге карьердин долбоордук өндүрүштүк кубаттуулугунун 15 пайызынан кем эмесине жетүү үчүн аткарууга зарыл болгон иштер кирет;

б) жер астындагы иштетүүдө кен-капиталдык иштер өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

- узата казылган үңкүрлөрдү, штольняларды жана ага жанаша камераларды куруу жана жабдуу, үңкүрлөрдү тереңдетүү, үңкүрлөрдүн айланасындагы камераларды жана иштеп чыгууларды куруу жана жабдуу;

- негизги капиталдык иштеп чыгууларды (квершлагдарды, түртүп чыгаруучу жана желдетүүчү штректерди, жантаймаларды, бремсбергдерди, кен тазалагычтарды жана башкаларды) жүргүзүү жана жабдуу.

Жаңы тоо-кен казып алуучу ишкананы курууда тоо-кен казып алуу боюнча капиталдык иштердин көлөмү анын толук долбоордук өндүрүштүк кубаттуулугун же анын айрым кезегинин кубаттуулугун (тоо-кен казуучу жаңы ишкана этабы боюнча ишке берилгенде) камсыз кылуу менен алдын ала аныкталат;

3) тоо-кен-даярдоочу иштер - шахталарда жана карьерлерде пайдалуу кендерди казууну, газодинамикалык көрүнүштөрдөн коргоону өз учурунда жүргүзүү боюнча тоо-кен-куруу иштеринин комплекси, анын ичинде көмүрдүн, тектердин жана газдардын, тоо-кен соккуларынын таштандыларын жана даярдалуучу запастарды жеткире чалгындоо. Тоо-кен-даярдоо иштеринин негизги мазмуну - кен казып алуу ишканасынын казылган участокторунун контурларын белгилеген даярдоо иштерин жүргүзүү;

4) тоо-кен казып алуучу ишкана - пайдалуу кен чыккан жерди иштетүүнү жүзөгө ашыруучу ишкана;

5) тоо-кен казып алуучу жана/же кенди кайра иштетүүчү ишканалардын негизги каражаттары - аталган ишканалардын техникалык долбоорунда жана/же техникалык-экономикалык негиздемеде каралган өндүрүлгөн жана/же сатып алынган мүлкү, анын ичинде:

а) жүргүзүлгөн жана жабдылган тоо-кен-капиталдык жана тоо-кен-даярдоо иштери (шахталык үңкүрлөр, штольнялар, квершлагдар, башкы түртүп чыгаруучу жана желдетүүчү штректер, жантаймалар жана бремсбергдер, борбордук жана участоктук суу агызуучу жер астындагы камералар, энергия менен камсыз кылуу жана желдетүү, карьерлердин технологиялык магистралдык автожолдору, капиталдык ачуу, кендин запастарына жетүүнү, ачууну жана даярдоону камсыз кылуучу ачуучу жана кесилиш траншеялар жана башка капиталдык жана кен казып алууну даярдоочу иштеп чыгуулар, тоо-кен жабдуулары, технологиялык жабдуулар, жеңил автомобилдерин кошпогондо башка автотранспорт);

б) пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү жана минералдык чийки затты кайра иштетүү үчүн тоо-кен-транспорттук машиналар, технологиялык жабдуулар, ошондой эле негизги жана көмөкчү багыттагы башка жабдуулар;

в) негизги жана көмөкчү багыттагы имараттар жана курулмалар;

г) транспорттук жолдор;

6) ата мекендик уюмдун ири инвестициялардан пайдасы - жалаң жаңы жабдууларды пайдалануу менен Кыргыз Республикасынын аймагында товарларды кайра иштетүүнүн натыйжасында алынган товарларды өндүрүүнү кошуп алганда, өз өндүрүшүнүн товарларын өндүрүү жана сатуу боюнча ишти жүзөгө ашыруудан түшкөн, ушул бөлүмгө ылайык эсептелген, ата мекендик уюмдун пайдасы, эгерде салык төлөөчү:

а) салыктык мезгилдин ичинде өндүрүлгөн продукцияны сатуудан 170000000 сомдон кем эмес суммадагы акчаны алса; жана

б) салыктык мезгилдин ичинде ай сайын 150000 сомдон кем эмес суммадагы киреше салыгын төлөп турса; жана

в) 10000000 сомдон кем эмес төлөнгөн уставдык капиталы болсо.

Ушул беренеде Кыргыз Республикасынын аймагына 2015-жылдын 1-майынан кийин алып келинген жана ага чейин анын аймагында пайдаланылбаган негизги каражаттар, ошондой эле ата мекендик уюмдун менчиги болуп саналган колдонуудагы же ал тарабынан каржы ижарасы (лизинг) келишимине ылайык пайдаланылган кыймылсыз мүлк жаңы жабдуу деп түшүнүлөт.

Салык төлөөчү 2015-жылдын 1-майынан кийин алып келген жана салык төлөөчү 2015-жылдын 1-майына чейин сатып алган же өндүргөн негизги каражаттарды же өндүрүштүк комплексти кеңейтүү же жаңылоо үчүн пайдаланылган негизги каражаттар жаңы жабдууга кирбейт.

Кыргыз Республикасынын аймагына жаңы жабдууларды алып келүү фактысы Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына же Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык товарларды алып келүү учурунда жол-жоболоштурулуучу документтер менен ырасталууга тийиш.

207-берене. Пайдага салык төлөөчү

Пайдага салык төлөөчү (мындан ары ушул бөлүмдө - салык төлөөчү) болуп төмөнкүлөр саналат:

1) ата мекендик уюм;

2) Кыргыз Республикасындагы туруктуу мекеме аркылуу иш жүргүзүүчү чет өлкөлүк уюм;

3) Кыргыз Республикасындагы туруктуу мекемеге ээ болбогон жана Кыргыз Республикасындагы булактардан киреше алуучу чет өлкөлүк уюм;

4) жеке ишкер.

208-берене. Салык агентинин пайдага салык төлөө өзгөчөлүгү

Кыргыз Республикасындагы туруктуу мекеме менен байланышпаган, Кыргыз Республикасындагы булактардан киреше алуучу чет элдик уюмдун пайдага салык төлөө боюнча милдеттенмелерин салык агенти аткарат.

209-берене. Салык салуу объекти

Пайдага салык салуу объекти болуп төмөнкүлөрдүн натыйжасында киреше алынган экономикалык ишти жүзөгө ашыруу саналат:

1) Кыргыз Республикасындагы булактан жана/же Кыргыз Республикасынын чегинен сырттагы булактан - ата мекендик уюм же жеке ишкер аркылуу;

2) Кыргыз Республикасындагы булактан - Кыргыз Республикасындагы туруктуу мекеме аркылуу өз ишин жүзөгө ашыруучу чет өлкөлүк уюм аркылуу же каттоого алынган резидент эмес-жеке жак аркылуу, же катталууга милдеттүү жеке ишкер аркылуу;

3) Кыргыз Республикасындагы булактан - Кыргыз Республикасында туруктуу мекеме түзбөй туруп өз ишин жүзөгө ашыруучу чет элдик уюм аркылуу.

 

210-берене. Салыктык база

1. Пайдага салык боюнча салыктык база болуп салык төлөөчүнүн салык салынбаган кирешенин суммасына азайтылган жылдык жыйынды кирешесинин жана ушул бөлүмгө ылайык эсептен чыгарылууга тийиш болгон, салыктык мезгил үчүн эсептелген чыгымдардын ортосундагы оң айырма эсептелет.

2. Жылдык жыйынды кирешенин курамындагы кирешелер жана эсептен чыгарууга тийиш болгон чыгымдар бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эрежелер боюнча ушул Кодексте каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен таанылат.

3. Кыргыз Республикасындагы туруктуу мекеме менен байланышпаган чет өлкөлүк уюмдун Кыргыз Республикасындагы булактан алган кирешесине салык боюнча салык базасы болуп чыгарып салууларды жүзөгө ашырбастан ушул салыкты эсепке алуу менен алынган киреше саналат.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

211-берене. Салыктык мезгил

1. Пайдага салык боюнча салыктык мезгил болуп календардык жыл эсептелет.

2. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

4. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

29-глава. Жылдык жыйынды киреше

212-берене. Жылдык жыйынды кирешенин курамы

Жылдык жыйынды кирешенин курамына бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эрежелерге ылайык аныкталган кирешелердин бардык түрлөрү кирет, анын ичинде:

1) салыктык амортизациялоо максаттарында салыктык топко киргизилген негизги каражаттарды сатуудан түшкөн акчаны кошпогондо, товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан түшкөн акча;

2) сатып алынган наркын кемитүүдөн кийин амортизациялоого жатпаган активдерди сатуудан түшкөн акча;

3) пайдалануудан чыгарылган активди жоюуда же демонтаждоодо алынган материалдардын же башка мүлктүн наркынын өлчөмүндөгү киреше;

4) экономикалык ишти чектөөгө же токтотууга макулдук үчүн алынган киреше;

5) виртуалдык активдерди кошкондо, кайтарымсыз алынган активдердин наркынын өлчөмүндөгү киреше;

6) чет өлкөлүк валютаны кайра баалоодо кеткен чыгымдарды кемитүү менен чет өлкөлүк валютаны кайра баалоодон түшкөн киреше;

7) пайыздык киреше;

8) исламдык каржылоого ылайык келишимдер боюнча алынган киреше;

9) дивиденддер;

10) роялти;

11) уюмду башкарууга катышуудан алынган сыйакылар жана компенсациялар түрүндөгү киреше;

111) мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн мүлктүк комплексти, анын ичинде жер участогун алып коюу (сатып алуу) үчүн алынган компенсациянын суммасынын аны сатып алуу жана/же куруу наркынан ашып кетиши;

12) кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү ижарага берүү боюнча кызмат көрсөтүүдөн түшкөн акча;

13) бирдиктүү салык декларациясына киргизилген жеке ишкердин мүлкүн, аны сатып алуудагы наркын кемитүү менен, ишкердик ишти жүргүзүүдө пайдаланылбаган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү сатуудан түшкөн акча;

14) сатып алуудагы наркын кемитүү менен исламдык каржылоого ылайык мушарак келишими боюнча өнөктөштүн үлүшүн, уюмдагы үлүштү, акцияны сатуудан түшкөн акча;

15) ачык кызыкчылыктын субъекттери үчүн карыздык баалуу кагаздарды сатууда купонду эске албастан, сатып алуунун наркын дисконт жана/же сый акынын амортизациясын эске алуу менен кемитип сатуу күнүнө карата сатуудан түшкөн акча;

16) ачык кызыкчылык субъекттеринен тышкары, салык төлөөчү үчүн сатып алуу наркын кемитүү менен карыздык баалуу кагаздарды сатуудан түшкөн акча;

17) валюталык операциялардан чыгымдарды кемитүү менен валюталык операциялардан түшкөн кирешелер;

18) субсидиялар;

19) салыктык мезгилдин аягындагы амортизацияланган активдердин тобу боюнча салыктык эсептөөнүн терс суммасы;

20) мындан ары пайдаланууга тийиш болгон калдыктарды кошкондо, ашыкча активдердин наркы;

21) төмөнкүлөрдүн натыйжасында келип чыккан салык төлөөчүнүн милдеттенмелерин токтотуудан алынган кирешелер:

а) өзүнчө кабыл алынган мыйзам менен карыздарды эсептен чыгарууну кошпогондо, насыя берүүчү тарабынан милдеттенмени эсептен чыгаруусунан;

б) салык төлөөчүнүн милдеттенмелерин, анын ичинде үчүнчү тараптын салык милдеттенмесин аткаруусунан;

22) карызды талап кылуу укугунан баш тартуудан кирешелер;

23) камсыздандырылган негизги каражаттар боюнча камсыздандыруу суммасынын ордун толтурууну кошпогондо, камсыздандыруу келишимдери боюнча камсыздандыруу суммалары (ордун толтуруу);

24) шектүү милдеттенмелердин суммалары;

25) социалдык чөйрөнүн объекттерин пайдаланууда алынган кирешелердин чыгымдардан жогору болушу;

26) виртуалдык активдерди сатуудан түшкөн акчаны аны сатып алуудагы наркынан ашкан суммадан;

27) салык салынуучу жана салынбаган кирешелердин башка түрлөрү.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

213-берене. Салык салынбай турган кирешелер

1. Төмөнкүлөргө пайда салыгы салынбайт:

1) пайдык салым жана/же уставдык капиталга салым, жана/же субъект катышуучусу болуп саналган уюмга субъекттин салымынын башкача түрлөрү катары алынган мүлктүн наркына;

2) Министрлер Кабинетинин же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечими менен уюмдун өзүнүн өздүк өндүрүштүк базасын өнүктүрүү боюнча акысыз алынган капиталдык салымдарга негизги каражаттардын жана/же акчалай каражаттардын наркы;

3) кайтарымсыз негизде алынган:

а) Министрлер Кабинетинин же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечими боюнча негизги каражаттардын, гидроэлектр станциялардын, жылуулук электр станцияларынын, гидротехникалык курулмалардын, суу алуучу курулмалардын, тоо-кен-шахта жабдууларынын, жарандык коргонуу объекттеринин, анын ичинде, 50 пайыздан ашык мамлекеттик катышуу үлүшү бар чарбалык коомдордун жана/же жер участокторун пайдалануу укугу көрсөтүлгөн объекттерди багыты боюнча пайдаланууну жана эксплуатациялоону жүзөгө ашыруучу адистештирилген уюмдардын менчигине пайдалануу укугу берилген жер участокторунун наркы;

б) жер участокторун пайдалануу укугун кошуп алганда, курулуш объекттеринин иштөөсүн камсыз кылуучу инженердик түйүндөрдүн, подстанциялардын жана от казандардын, ошондой эле курулуштун башкы подрядчысынан жана/же заказчысынан же турак жай менчик ээлеринин уюмунан кабыл алуу-өткөрүп берүү актысынын негизинде, көрсөтүлгөн объекттерди багыты боюнча пайдаланууну жана эксплуатациялоону жүзөгө ашыруучу, менчигинин түрүнө карабастан, адистештирилген уюмдун менчигиндеги электр, газ, суу, жылуулук менен жабдуу жана ысык суу менен жабдууну эсепке алуучу приборлорунун наркы.

4) (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

5) менчигинин түрүнө карабастан адистештирилген уюм тарабынан алынган, бирок инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошулбаган жаңы курулуш/кайра конструкциялоо/кайра профилдештирүү/кайра пландаштыруу объекттерин жана/ же курулган объекттерди инженердик-техникалык камсыз кылуу тармактарына технологиялык кошулуусу үчүн акы төлөө;

6) коммерциялык эмес уюмдар тарабынан алынган:

а) мүчөлүк жана кирүү төгүмдөрү;

б) уставдык максаттарда пайдалануу шартында гуманитардык жардам жана гранттар, ошондой эле ыктыярдуу жардамдар;

в) уставдык максаттарда пайдалануу шартында акысыз алынган активдердин наркы;

г) көп батирлүү үйлөрдү жана аларды тейлеген имараттарды жана курулмаларды техникалык жактан күтүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө төлөмдөр;

д) өз мүчөлөрүнө суу пайдалануучулар ассоциациясы тарабынан көрсөтүлүүчү уставдык иштин алкагында сугат сууларын берип туруу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө төлөмдөр;

е) диний каадаларды, ырым-жырымдарды, зыйнаттарды көрсөтүүдөн, ажылык зыяраттарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдөн, ошондой эле ыктыярдуу кайыр-садагалардан түшкөн кирешелери;

7) ата мекендик уюмдарга жана чет өлкөлүк уюмдарга катышуудан салык төлөөчү алган дивиденддер;

8) шериктикке салым катары жөнөкөй шериктик алган мүлктүн наркы, ошондой эле уюм түзбөстөн, исламдык каржылоого ылайык кемүүчү мушарак/шарик келишими боюнча өнөктөштөрдөн алынган мүлктүн наркы;

9) ишенимдүү башкарууга ишенимдүү башкаруучу тарабынан кабыл алынган мүлктүн наркы;

10) өздүк акциялардын наркынын алардын номиналдык наркынан өсүшү түрүндө алынган киреше;

11) уюмдун катышуучусу тарабынан кошумча алынган, жалпы чогулуштун чечими бонча уюмдун катышуучуларынын ортосунда бөлүштүрүлгөн акциялардын (үлүштөрдүн) наркы, же болбосо уюмдун уставдык капиталынын көбөйүшүнө байланыштуу, анын ичинде уюмдун мүлкүнүн эсебинен акцияларды (үлүштөрдү) уюмдун катышуучуларынын ортосунда бөлүштүрүүдө алгачкы акциялардын ордуна алынган жаңы акциялардын номиналдык наркынын жана акционердин алгачкы акцияларынын номиналдык наркынын ортосундагы айырма;

12) исламдык каржылоого ылайык шарика келишими боюнча банк тарабынан алынган пайда;

13) пайыздык кирешелер жана сатылуучу күнүнө карата листингдин эң жогорку жана эң жогоркудан кийинки категория боюнча фонддук биржасындагы листингинде жайгашкан баалуу кагаздардын наркынын өсүшүнөн түшкөн кирешелер.

2. Адистештирилген уюмдардын тизмегин жана ушул берененин 1-бөлүгүнүн 2, 3, 5-пункттарында көрсөтүлгөн акысыз негиздеги объекттерди кабыл алуу-өткөрүп берүү тартибин Министрлер Кабинети бекитет.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

214-берене. Кирешени түзөтүү

1. Товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан алынган киреше төмөнкүдөй учурларда түзөтүлүүгө тийиш:

1) товарлар толук же жарым-жартылай кайтарылганда;

2) бүтүмдүн шарттары өзгөртүлгөндө.

Кирешени түзөтүү товарлар кайтарылган же бүтүмдүн шарттары өзгөртүлгөн салыктык мезгилдин жылдык жыйынды кирешесинин өлчөмүн өзгөртөт.

2. Амортизациялоого тийиш болгон негизги каражаттарды сатуудан алынган киреше, ошондой эле ушул негизги каражаттардын камсыздандыруу келишимдери боюнча алынган камсыздандыруу төлөмдөрү товарларды сатуудан түшкөн кирешеге кошулбайт, ал эми ушул бөлүмгө ылайык топтун салыктык наркын аныктоодо эсепке алынат.

215-берене. Компенсациялануучу чыгарып салуулар

1. Эгерде мурда чыгарып салынган чыгымдар, жоготуулар же кайтарылбас карыздардын орду толтурулган болсо, анда алынган сумма кайтарым жүргүзүлгөн ошол салыктык мезгилдин кирешеси болуп калат.

2. Эгерде ага карата мурда ушул бөлүмгө ылайык чыгарып салуулар жүргүзүлгөн резервдер ушул бөлүмгө ылайык кыскартылса, мындай кыскартуу кирешеге кошулат же бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чыгымдарды азайтат.

216-берене. Узак мөөнөттүү контракттар боюнча кирешелер жана чыгарып салуулар

1. Бул берененин максаттары үчүн узак мөөнөттүү контракт деп контракт боюнча каралган иш башталган салыктык мезгилдин ичинде бүтпөй калган өндүрүшкө, орнотууга же курууга контракт же коштоочу кызматтарды көрсөтүү түшүнүлөт, буга алдын ала баалоолор боюнча контрактта каралган иш башталган күндөн тартып 12 айдын ичинде бүткөрүлүүгө тийиш болгон контракттар кирбейт.

2. Салык төлөөчү тарабынан кирешелерди жана чыгымдарды аныктоо үчүн эсептөө ыкмасын колдонууда узак мөөнөттүү контракттарга тийиштүү кирешелер жана чыгарып салуулар контракттын пайыздык аткарылышынын негизинде салыктык жылдын ичинде эсепке алынат.

Контрактты аткаруу бөлүгүнүн чоңдугу салыктык жылдын аягына чейин тарткан чыгымдар менен бул контракт боюнча жыйынды чыгымдарын салыштырып текшерүү аркылуу аныкталат.

3. Салык төлөөчү тарабынан кирешелер менен чыгашаларды аныктоо үчүн эсептөөнүн жөнөкөй ыкмасы пайдаланылган учурда узак мөөнөттүү контракттарга тийиштүү кирешелер жана чыгарып салуулар салыктык жылдын ичинде иш жүзүндө аткарылган жана төлөнгөн иштер, кызмат көрсөтүүлөр боюнча аныкталат.

30-глава. Жылдык жыйынды кирешеден чыгарып салууга тийиш болгон чыгымдар

217-берене. Киреше алуу менен байланышкан чыгымдарды эсептен чыгаруу

1. Эгерде бул Кодексте башкача каралбаса, салык төлөөчү ушул Кодекске ылайык киреше алуу менен байланышкан документтик түрдө гана ырасталган чыгымдарды, ошондой эле терс курстук айырманын оң курстук айырманын суммасынан ашып кетишин жана өнбөй турган карыздардын суммаларын жылдык жыйынды кирешеден эсептеп чыгарып салуу укугуна (мындан ары бул бөлүмдө - чыгарып салуу) ээ.

2. Келечектеги мезгилдердин чыгымдары алар таандык болгон салыктык мезгилде эсептен чыгарып салууга жатат.

3. Эгерде бир жана ошол эле сарптоолор ушул бөлүмгө ылайык эсептен чыгарыла турган чыгымдарды белгилеген бир нече беренелерде каралса, анда мындай чыгымдар бир гана жолу чыгарып салынууга тийиш.

4. Салык төлөөчүлөрдүн айрым категориялары үчүн салык салууда эске алынуучу чыгымдарды же өзгөчө жагдайларга байланыштуу тартылган чыгымдарды аныктоонун өзгөчөлүктөрү ушул бөлүмдүн жоболору менен белгиленет.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

218-берене. Технологиялык ченемдердин чегиндеги чыгымдардын суммасын чыгарып салуу

Өндүрүштүк ишти жүзөгө ашыруучу салык төлөөчүнүн чыгымдары, салык төлөөчүнүн салык саясатында белгиленген товарларды өндүрүү процессинде материалдар менен чийки заттарды жоготуунун технологиялык ченемдеринин чегинде эсептен чыгарылууга тийиш.

219-берене. Кызматтык иш сапарлар учурундагы жана өкүлчүлүк боюнча чыгымдардын суммасын чыгарып салуу

1. Салык төлөөчүлөрдүн кызмат адамдарынын, анын ичинде башкаруунун аткаруучу органынын кызматкерлеринин, мүчөлөрүнүн жана директорлор кеңешинин же байкоочу кеңештин мүчөлөрүнүн кызматтык иш сапарлары менен байланышкан чыгымдары эсептен чыгарып салууга жатат.

2. Кызматтык иш сапарына байланышкан чыгарып салынууга тийиш болгон чыгымдарга төмөнкүлөр кирет:

1) иш сапарынын ордуна барууга жана кайра келүүгө, анын ичинде резервдөө үчүн чыгымдарды төлөөгө кетүүчү иш жүзүндө жүргүзүлгөн чыгымдар;

2) жашоого, анын ичинде резервдөө үчүн чыгымдарга акы төлөөгө кеткен иш жүзүндөгү жүргүзүлгөн чыгымдар;

3) Кыргыз Республикасынын чегинде жана анын чегинен тышкары жерде Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген ченемдердин чегинде иш сапарында болуу учурунда төлөнүүчү суткалык акылар.

3. Чыгарып салууга тийиш болгон өкүлчүлүктүү чыгымдарга уюмдун катышуучуларын жана анын башкаруу органдарынын мүчөлөрүн көрсөтүлгөн адамдар тарабынан уюмдун уставында каралган милдеттерди аткарууда транспорттук камсыз кылуу жана мейманканалык тейлөө боюнча чыгымдар кирет.

220-берене. Окутууга кеткен чыгымдарды чыгарып салуу

1. Салык төлөөчүнүн кызматкерлерди окутууга кеткен чыгымдарына кадрларды даярдоого, квалификациясын жогорулатууга жана кайра даярдоого багытталган чыгымдар таандык.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн чыгымдар эсептен чыгарылууга тийиш, эгерде окутуу:

1) салык төлөөчүнүн ишинин алкагында кызматкер квалификациясын жогорулатууга жана/же квалификация алууга өбөлгө болсо; жана

2) салык төлөөчү менен эмгек мамилелеринде турган толук жумушчу күн иштеген адам өтөт; жана

3) төмөнкүлөр тарабынан жүргүзүлсө:

а) билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан лицензияланган ата мекендик уюм окутса;

б) киреше булагы катары салык төлөөчүдөн салыкты кармаган учурда чет өлкөлүк уюм тарабынан күндүзгү окутуу түрүндө же аралыктан окутулса.

 

221-берене. Пайыздык чыгымдарды чыгарып салуу

1. Эгерде ушул берене менен башкасы каралбаса, карыздын суммасы экономикалык ишти жүзөгө ашыруу үчүн колдонулган учурда, төлөнгөн пайыздык чыгымдар ушул беренеде каралган чектөөлөрдү эске алуу менен чыгарылып салынууга тийиш.

2. Амортизациялануучу негизги каражаттарды сатып алууга жана түзүүгө байланыштуу же аларды пайдаланууга киргизгенге чейин алардын наркын өзгөртүүгө таасир берүүчү чыгымдар менен байланышкан төлөнгөн пайыздык чыгымдар жылдык жыйынды кирешеден чыгарып салынууга жатпастан, алардын наркын көбөйтөт.

Бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кошуп эсептөө методуна ылайык банктар тарабынан чегерилген пайыздык чыгашалар эсептен чыгарылууга тийиш.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

222-берене. Инновациялык ишке чыгымдар боюнча чыгарып салуулар

1. Салык төлөөчүнүн инновациялык ишке чыгымдары эсептен чыгарып салынууга тийиш. Инновациялык ишке төмөнкүлөр кирет:

1) илимий-изилдөө иштери;

2) тажрыйба-конструктордук иштер;

3) долбоордук-изилдөө иштери;

4) илимий-техникалык жетишкендиктерди киргизүү боюнча иштер;

5) колдонмо программалардын пакеттерин киргизүү боюнча иштер;

6) маалыматтык-коммуникациялык технологияларды киргизүү боюнча иштер.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган негизги каражаттарды сатып алууга жана/же өндүрүүгө байланышкан чыгымдарды эсептен чыгарып салуу ушул Кодексте белгиленген тартипте негизги каражаттарга карата жүргүзүлөт.

223-берене. Геологиялык чалгындоо иштерине резерв

1. Тоо-кен ишканасы тоо-кен жана геологиялык бөлүндүлөрдүн чектеринде геологиялык чалгындоо иштери үчүн резервге чегерүүлөрдү жүргүзүүгө укуктуу.

2. Резервдин суммасы салык төлөөчү тарабынан ушул беренеде каралган эсептен чыгарууларды эсепке албастан эсептелген өлчөмдө, отчеттук мезгил үчүн пайдага салык боюнча салыктык базанын 15 пайыздан ашпаган өлчөмүндө аныкталат.

3. Резервге чегерилген сумма эсептен чыгарылууга тийиш.

4. Салыктык мезгилдин акыркы күнүнөн тартып 5 жыл аралыгында салык төлөөчү тарабынан пайдаланылбаган, анда резервдин суммасы эсептен чыгарылды деп таанылган тоо-кен жана геологиялык бөлүндүлөрдүн чектеринде геологиялык чалгындоо иштери үчүн чегерилген резервдин суммасы киреше деп таанылат.

 

224-берене. Негизги каражаттардын, материалдык эмес активдердин жана товардык-материалдык запастардын наркы

1. Негизги каражаттардын баштапкы наркына төмөнкүлөр кирет: аларды сатып алууга кеткен иш жүзүндөгү сарптоолор, анын ичинде жеке пайдалануу үчүн негизги каражаттарды сатып алуу жана өндүрүү менен байланышкан пайыздык чыгымдар; аларды даярдоого, монтаждоого, орнотууга кеткен жана пайдалануу үчүн жарамдуу абалга жеткирүүгө кеткен чыгымдар; салык төлөөчү ушул Кодекске ылайык эсептен чыгарууга укуктуу болгон чыгымдардын курамында эсепке алынуучу салыктардын суммасын кошпогондо, бажы алымдары жана жыйымдар, эсепке алынууга тийиш КНС кошпогондо салыктар, негизги каражаттарды ташууда аларды камсыздандыруу боюнча чыгымдар, алардын наркын көбөйтүүчү башка сарптоолор.

2. Негизги каражаттардын н