Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\a0661c4f-bcfa-4046-a34a-20af536022eb\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2022-жылдын 14-апрели № 27

Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 30-январындагы № 19, 2023-жылдын 25-июлундагы № 147, 2023-жылдын 7-августундагы № 165 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

1-глава. Жалпы жоболор

1-берене. Ушул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү, максаттары жана принциптери

1. Ушул Мыйзам мамлекеттик сатып алуулардын жалпы укуктук жана экономикалык принциптерин белгилейт жана белгиленген максаттарга ылайык мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүнүн тартибин жөнгө салат.

2. Ушул Мыйзамдын максаты сатып алуучу уюмдардын ишинин иштешин камсыз кылууга байланышкан мамилелерди жөнгө салуу аркылуу мамлекеттик ресурстарды натыйжалуу жана үнөмдүү пайдалануу болуп саналат.

3. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алууларын ишке ашыруу төмөнкү принциптерге негизделет:

1) мамлекеттик сатып алуулардын бирдиктүү тутумун түзүү жана ага коомчулуктун ишенимин калыптандыруу аркылуу мамлекеттик сатып алуулар процессин оптималдаштыруу;

2) мамлекеттик сатып алуулардын катышуучуларынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоо;

3) мамлекеттик сатып алууларды, жүзөгө ашырууда ачыктык, калыстык, айкындуулук жана ачык-айрымдуулук;

4) инновациялык жана жогорку технологиялык товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу.

2-берене. Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдар

1. Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына, ушул Мыйзамга жана мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актыларга негизделет.

2. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген, эл аралык келишимде ушул Мыйзамда каралгандан башка ченемдер, эрежелер жана мөөнөттөр белгиленсе, анда эл аралык келишимдин ченемдери колдонулат.

3. Ушул Мыйзамды ишке ашыруу максатында товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболорун уюштуруунун жана жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары - Министрлер Кабинети) тарабынан аныкталат.

4. Ушул Мыйзам төмөнкүдөй сатып алууларды жөнгө салбайт:

1) мамлекеттик сырларды коргоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык, мамлекеттик сырларды сактоого байланыштуу. Мындай мамлекеттик сатып алууларды уюштуруу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат;

2) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан жүзөгө ашырылуучу. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы административдик-чарбалык муктаждыктарды камсыздоо, курулуш иштерин жана капиталдык оңдоону аткаруу үчүн сатып алууларды өзүнүн сатып алууларды жүзөгө ашыруунун ички эрежелерине ылайык жүзөгө ашырат. Сатып алуулар жөнүндө ички эрежелер Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан бекитилет жана ушул Мыйзамдын максаттарына жана принциптерине карама-каршы келбөөгө тийиш;

3) Кыргыз Республикасы менен башка мамлекеттердин ортосундагы экономикалык кызматташтыкка көмөк көрсөтүү максатында уюштурулган эл аралык фонддордун каражаттарынын эсебинен;

4) бешинчи стадиядагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооруган бейтаптар үчүн гемодиализ кызматтарына байланышкан сатып алууларды. Мындай сатып алууларды уюштуруунун жана жүргүзүүнүн тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат;

41) өзгөчө статуска ээ мамлекеттик жогорку окуу жайлары тарабынан жүзөгө ашырылуучу;

5) мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар тарабынан; уставдык капиталга катышуу үлүшүнүн 50 жана андан көп пайызы мамлекетке таандык болгон акционердик коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору тарабынан жүзөгө ашырылуучу;

6) Брайлдын рельефтик-чекиттик шрифтери менен басылып чыккан окуу китептерин кошпогондо, жалпы билим берүүчү уюмдар үчүн окуу китептерин даярдоого байланышкан сатып алууларды. Мындай сатып алууларды уюштуруунун жана жүргүзүүнүн тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

5. Кийинки календардык жылдын 1-январынан тартып күчүнө кире турган күч жетпей калган жагдайлар түзүлгөн, карама-каршылыктарды жана кемчиликтерди жоюу учурларын кошпогондо, ушул Мыйзамга өзгөртүүлөр жылына бир жолудан ашык эмес киргизилет.

(КР 2023-жылдын 25-июлундагы № 147, 2023-жылдын 7-августундагы № 165 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

Көңүл буруңуз! КР 2023-жылдын 7-августундагы № 165 Мыйзамы 2-беренесине киргизилген өзгөртүүлөр 2024-жылдын 31-январынан тартып күчүнө кирет.

3-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу түшүнүктөр

Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:

1) Контрактты тескөө - контракттарды талаптагыдай эмес аткарууга же аткарбоого байланышкан тобокелчиликтерди, ошондой эле контрактты аткаруудагы коррупциялык тобокелчиликтерди азайтууга багытталган, контракттарды аткаруунун ачык-айкын, жеткиликтүү жана отчет берүү процессин камсыз кылуучу веб-порталды жана/же электрондук каталогду колдонуу менен жүзөгө ашырылуучу контракт боюнча милдеттенмелерди тараптардын аткарышын башкаруу жана контролдоо процесси;

2) аффилирленген жак - сатып алуучу уюм катышуучу же уюштуруучу болуп саналган мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерди кошпогондо, төмөндөгү мүнөздөмөлөрдүн бирине же бир нечесине ылайык келген жана иши атаандаштык жөнүндө мыйзамдарга карама-каршы келбеген жак:

- мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболору боюнча чечим кабыл алууга таасир көрсөтүүчү жак;

- сатып алуучу уюмдардын/Агенттин жетекчиси жана кызматкери, ошондой эле алардын жакын туугандары же жакын адамдары;

- саясий мамлекеттик кызматты, саясий муниципалдык кызматты, атайын мамлекеттик кызматты ээлеген жак болуп саналган берүүчүнүн же консультанттын катышуучусу (уюштуруучусу) жана берүүчүнүн же консультанттын уставдык капиталында үлүшкө ээ болгон анын жакын туугандары же жакын адамдары;

3) берүүчүлөрдүн жана консультанттардын маалыматтар базасы - мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарга ылайык, берүүчүлөр жана консультанттар жөнүндө маалыматтарды ачыкка чыгаруу үчүн мамлекеттик маалыматтык тутумдар менен интеграцияланган, мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболоруна катышуучу берүүчүлөр жана консультанттар жөнүндө маалыматтардын жыйындысын камтыган электрондук маалымат базасы;

4) ак ниет эмес берүүчүлөрдүн жана консультанттардын маалыматтар базасы - контракт боюнча өз милдеттенмелерин аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы жана мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболоруна катышуу эрежелерин бузгандыгы үчүн киргизилген ак ниет эмес берүүчүлөрдүн жана консультанттардын, ошондой эле алардын жетекчилеринин реестри;

5) контракты банктык коштоо - банктык коштоо жөнүндө келишимдин негизинде акча каражаттарын максаттуу чыгымдоону контролдоо үчүн ыйгарым укуктуу банктардын биринде ачылган өзүнчө эсепте, ушул контракты аткаруунун алкагында башка адамдар тарабынан контракты аткаруунун жүрүшүндө берүүчү жана бардык тартылгандар ишке ашыруучу төлөмдөрдү жүргүзүүнү, эсептөөлөргө мониторинг жүргүзүүнү ыйгарым укуктуу банктын камсыз кылуусу, ошондой эле сатып алуучу уюмга/Агентке контракттарды банктык коштоонун жыйынтыктарын жеткирүү;

6) юридикалык жактын бенефициардык менчик ээси - акыр аягында (ээлик кылуу жана контролдоо чынжырчасы аркылуу) түздөн-түз же кыйыр түрдө (үчүнчү жактар аркылуу) менчик укугунда юридикалык жакка ээлик кылган же юридикалык жакты контролдогон, анын чечимдерди кабыл алуусуна таасир этүүчү жеке жак (жеке жактар);

7) жакын туугандар - атасы жана энеси, асырап алуучулар, балдары, анын ичинде асырап алынгандар, бир ата-энеден тараган жана атасы же энеси башка ага-инилер жана эже-сиңдилер, чоң атасы, чоң энеси, неберелери;

8) жакын адамдар - катталган никеде турган жактар, анын ичинде чогуу жашаган, бирок никеде турбаган адамдар, ошондой эле өгөй ата, өгөй эне, өгөй бала, өгөй кыз, күйөө бала, келин;

9) мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталы (веб-портал) - маалыматтарды 10 жылдан кем эмес мөөнөткө сактоо менен мамлекеттик сатып алуулардын ачык, жеткиликтүү жана отчет берүү процессин камсыздоо максатында сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан түзүлгөн мамлекеттик маалыматтык тутум;

10) мамлекеттик же муниципалдык муктаждыктар - сатып алуучу уюмдардын товарларга, жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө жана консультациялык кызматтарды көрсөтүүгө болгон, мамлекеттик каражаттардын эсебинен толук же жарым-жартылай канааттандырылуучу керектөөлөрү;

11) мамлекеттик сатып алуулар - сатып алуучу уюм тарабынан товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызматтарды көрсөтүүнү ушул Мыйзамда белгиленген методдор менен мамлекеттик каражаттардын эсебинен толук же жарым-жартылай каржылануучу сатып алуулар. Мамлекеттик каражаттар болуп төмөнкүлөр таанылат:

- сатып алуучу уюмдар тарабынан иштерди жүзөгө ашыруу үчүн республикалык, жергиликтүү бюджеттердин каражаттары;

- атайын эсептердин каражаттары;

- мамлекеттик каражаттардын, мамлекеттик органдардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын каражаттарынын эсебинен түзүлгөн фонддордун жана башка юридикалык жактардын каражаттары;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде тышкы жардам катары берилүүчү каражаттар, эгерде мындай келишимдерде каражаттарды пайдалануунун башка ыкмалары каралбаса;

- мамлекет тарабынан кепилдик берилген жана камсыздалган кредиттик каражаттар;

12) контрактын аткарылышын кепилдик камсыздоо - ушул Мыйзамда каралган контракт боюнча - форма боюнча сатып алуучу уюмдун/Агенттин алдындагы милдеттенмелердин аткарылышын берүүчүнүн камсыздоо ыкмасы;

13) берүүчүнүн сунушун кепилдик камсыздоо - ушул Мыйзамда каралган форма боюнча берүүчүнүн сунушундагы милдеттенмелердин аткарылышын камсыздоо ыкмасы;

14) демпингдик баа - сатып алуучу уюм/Агент тарабынан аныкталган сатып алуу предметинин пландалган наркынан 20 пайыздан төмөн болгон жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө жана товарларга берүүчү тарабынан сунуш кылынган баа;

15) берүүчүнүн сунушун кепилдикке алуучу декларация - берүүчү тарабынан кол коюлган жана сунушта көрсөтүлгөн милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуунун кепилдиги катары сатып алуучу уюмга/Агентке берилген документ;

16) контракты аткарууну кепилдикке алуучу декларация - берүүчү тарабынан кол коюлган, контрактта каралган милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуу ыкмасы катары сатып алуучу уюмга/Агентке берилген документ;

17) сатып алуулар жөнүндө документтер - сатып алуучу уюм/Агент тарабынан сатып алуу шарттарын, тартибин, анын ичинде контракттын долбоорун камтыган, алардын сунуш даярдоосу үчүн ага карата ар кандай өзгөртүүлөрдү кошкондо, берүүчүгө же консультантка берилүүчү документтердин пакети;

18) сатып алуучу уюм - мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер мамлекеттик каражаттардын, мамлекеттик органдардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын каражаттарынын эсебинен түзүлгөн фонддор жана башка юридикалык жактар;

19) идентификациялык код - кызыкчылыктардын кагылышуусун жана адам факторун болтурбоо максатында, чектелбеген методдогу эки пакеттүү ыкма менен мамлекеттик сатып алууну жүргүзүү процессинде берүүчүнүн атын шифрлөө аркылуу мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталы тарабынан берилген сандардын жана символдордун жыйындысы, башкача айтканда, берүүчүнүн аты-жөнү эки пакеттик ыкманын экинчи пакетин ачкан учурда ачыкка чыгат.

20) консультант - консультациялык кызматтарды көрсөтүүчү жеке (жеке консультант) же юридикалык жак;

21) консультациялык кызмат көрсөтүүлөр - зарыл адистештирилген кесиптик билими, тажрыйбасы жана тиешелүү квалификациям бар консультанттар тарабынан берилүүчү интеллектуалдык же консультациялык мүнөздөгү консультанттардын кызмат көрсөтүүлөрү, анын ичинде долбоорлоо-сметалык документтерди иштеп чыгуу (имараттарды, курулмаларды долбоорлоо), аларды иштеп чыгуусу архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен стандарттык ченемдерге жана эрежелерге негизделбейт;

22) контракт - сатып алуулардын жол-жоболорунун же алкактык макулдашуунун натыйжасында сатып алуучу уюм/Агент менен берүүчүнүн, консультанттын ортосундагы түзүлгөн сатып алуулар жөнүндө келишим;

23) берүүчүнүн же консультанттын сунушу - товарларды берүүгө, кызматтарды көрсөтүүгө, жумуштарды аткарууга берүүчүнүн сунушу же мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө консультациялык кызматтарды көрсөтүүгө консультанттын сунушу;

24) сатып алуу боюнча комиссия - ушул Мыйзамга ылайык функцияларды аткаруу үчүн сатып алуучу уюм тарабынан түзүлүүчү коллегиалдуу орган;

25) баалоонун критерийлери - сатып алуунун жеңүүчүсүн аныктоо үчүн сатып алуу жөнүндө документтерде белгиленген объективдүү критерийлер;

26) лот - сатып алуулардын өзүнчө предмети катары чыгуучу сатып алуунун бөлүнбөгөн предмети, аны баалоо башка лотторго көз карандысыз түрдө жүргүзүлүүгө тийиш;

27) мониторинг - рынокту изилдөө, анын жыйынтыктары сатып алуулардын натыйжалуулугун жана үнөмдүүлүгүн камсыздоо үчүн пайдаланылат;

28) улуттук режим - чет өлкөдө чыгарылган товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн жана ушундай товарларды сунуштаган, жумуштарды аткарган, кызматтарды көрсөткөн берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) Кыргызстанда чыккан товарлар, жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр, тийиштүү түрдө Кыргыз Республикасынын берүүчүлөрү (подрядчылары) тарабынан аткарылган жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр менен бирдей шартта катышуусуна уруксат берген режим, эгерде мындай режимди сунуштоо жөнүндө талап Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде белгиленсе;

29) анык эмес маалымат - берүүчү, консультант тарабынан өзүнүн сунушунда берилген, чындыкка дал келбеген маалыматтар;

30) мамлекеттик сатып алуулардын жалпы классификатору - мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен бекитилүүчү мамлекеттик сатып алуулардын мониторинги үчүн багытталган ар кандай белгилер боюнча топтолгон товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн жана консультациялык кызматтардын аталыштарынын жана коддорунун системага салынган топтому;

31) сунуштарды баалоо - сатып алуулар жөнүндө документтерде белгиленген критерийлерге берүүчүлөрдүн жана консультанттардын сунуштарынын ылайык келүүсүн аныктоо процесси;

32) бааланган нарк - жашоо циклин жана сатып алуулар жөнүндө документтерде көрсөтүлгөн сапаттын критерийлерин эске алуу менен берүүчү сунуштаган баа;

33) сатып алуулар планы - мамлекеттик муктаждыктарды камсыздоо үчүн пландалган товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызматтарды сатып алуу жөнүндө маалыматтарды камтыган документ;

34) берүүчү - товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүү боюнча сатып алуулардын жол-жоболоруна катышкан ар кандай юридикалык же жеке жак;

35) (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 25-июлундагы № 147 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

36) (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 25-июлундагы № 147 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

37) протокол - сатып алуулар процессинин тиешелүү этабын чагылдырган документалдуу отчет;

38) жумуштар - имаратты, курулманы же объектти курууга, реконструкциялоого, бузууга, оңдоого жана жаңылоого байланышкан бардык иштер;

39) алкактык макулдашуу - келечектеги контракттын шарты айтылуучу, бир же андан көп берүүчү тарабынан кол коюлган макулдашуу;

40) смарт-контракт - маалыматтык технологияларды колдонуу менен түзүлүүчү электрондук формадагы контракт. Смарт-контракт боюнча укуктарды жана милдеттерди аткаруу ырааттуулукта жана мындай контракт менен аныкталган кырдаал түзүлгөн учурда иш-аракеттерди белгилүү бир тартипте аткаруу жолу менен жүзөгө ашырылат;

41) сунуштар үчүн мөөнөт - сатып алууларды жүргүзүү жөнүндө кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтү аяктаганга чейинки мезгил;

42) даттануу мөөнөтү - ушул Мыйзамда белгиленген мамлекеттик сатып алууларга катышуучулардын даттануу жана администрациялык даттануу берүү мөөнөтү;

43) товарлар - ар кандай түрдөгү жана баяндалыштагы эмгек продуктулары, анын ичинде катуу, суюк же газ сыяктуу абалдагы чийки заттар, буюмдар, берүүчүлөр жана предметтер, электр энергиясы, ошондой эле, эгерде мындай коштолгон кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы товарлардын өзүнүн наркынан ашпаса, товарларды берүү менен коштолуучу кызмат көрсөтүүлөр;

44) ыйгарым укуктуу банк - ага карата Министрлер Кабинети тарабынан контракттарды банктык коштоону жүзөгө ашырууга аны ыйгарым укуктуу банктардын тизмесине киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынган банк;

45) мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Министрлер Кабинети ыйгарым укук берген, товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызматтарды сатып алуу жаатында мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү мамлекеттик орган;

46) кызмат көрсөтүүлөр - товарларды, жумуштарды жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү кошпогондо, натыйжалуу өлчөнүүчү физикалык натыйжанын даражасына негизделген ар кандай сатып алуулар;

47) туруктуу мамлекеттик сатып алуулар - сатып алуучу уюмдар/Агент курчап турган чөйрөгө болгон зыянды минималдаштыруу менен, уюм үчүн гана эмес, коом үчүн дагы пайданы баалоого тийиш болгон процесс. Наркты баалоодо продукциянын жашоо циклинин наркы эске алынат;

48) сатып алуулар борбору (мындан ары - Агент) - Министрлер Кабинетинин чечими менен аныкталуучу товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү боюнча борборлоштурулган сатып алууларды өткөрүү функциясы жүктөлгөн орган;

49) сатып алуулардын электрондук форматы - маалыматтык системаларды (веб-портал) жана электрондук маалымат ресурстарын пайдалануу менен Интернет тармагында жүзөгө ашырылуучу сатып алууларды уюштуруу жана жүргүзүү жол-жобосу, ал сатып алуулардын предметин реалдуу убакыт режиминде сатып алуу жол-жобосун камсыз кылат;

50) электрондук каталог - берүүчү тарабынан сунушталган учурдагы бааларды көрсөтүү менен стандарттуу товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн системалаштырылган тизмесин көрсөтүүчү электрондук соода маалыматтык аянтчасы.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 30-январындагы № 19, 2023-жылдын 25-июлундагы № 147 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

4-берене. Улуттук режим. Улуттук режимден алып салуу

1. Чет мамлекеттерден өндүрүлгөн товарларга, чет өлкөлүк берүүчүлөр тарабынан тиешелүү түрдө аткарылуучу жумуштарга, көрсөтүлүүчү кызматтарга карата мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашырууда ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган учурларда жана шарттарда ата мекендик товарлар, Кыргыз Республикасынын берүүчүлөрү тарабынан тиешелүү түрдө аткарылуучу жумуштар, көрсөтүлүүчү кызматтар менен бирдей шарттарда улуттук режим колдонулат.

2. Улуттук режимден алып салуу (Евразия экономикалык бирлигине мүчө башка мамлекеттердин берүүчүлөрүнүн конкреттүү товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболоруна катышууга жеткиликтүүлүгүн бир тараптуу белгиленген тартипте чектөө же болбосо экономиканын белгилүү бир тармактарында жүзөгө ашырылуучу мамлекеттик сатып алууларга жеткиликтүүлүгүн чектөө) Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишим менен белгиленет.

3. Кыргыз Республикасынын ички рыногун коргоо, улуттук экономиканы өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын товар өндүрүүчүлөрүн колдоо максатында Министрлер Кабинетинин чечимдери менен кыргыз тарапта жасалган товарларга карата преференциялар белгилениши, чет мамлекеттердин товаларына уруксат берүүгө тыюу салуу жана көрсөтүлгөн товарларга урусатты чектөөлөр белгилениши мүмкүн.

5-берене. Мамлекеттик сатып алууларга катышуудан четтетүүнүн жана ак ниет эмес берүүчүлөрдүн жана консультанттардын маалыматтар базасына киргизүүнүн шарттары

1. Ак ниет эмес берүүчүлөрдүн жана консультанттардын маалыматтар базасына киргизилген берүүчүлөргө жана консультанттарга, ошондой эле алардын жетекчилерине, анын ичинде башка берүүчүнүн курамында субподрядчы же болбосо жөнөкөй шериктештиктин катышуучусу катары катышууга тыюу салынат.

Эгерде катышуучулар, башкаруу органдарынын мүчөлөрү сатып алуучу уюм/Агент менен аффилирленген жак болуп саналса, берүүчүлөргө жана консультанттарга мамлекеттик сатып алууларга катышууга тыюу салынат.

Эгерде бир берүүчүнүн башкаруу органдарынын катышуучулары жана мүчөлөрү башка берүүчүнүн башкаруу органдарынын катышуучуларына, мүчөлөрүнө карата жакын туугандары жана жакын адамдары болуп саналса, берүүчүлөрдүн жана консультанттардын бир жерден сатып алууга катышуусуна тыюу салынат.

2. Сатып алуучу уюм/Агент ак ниет эмес берүүчүлөрдүн жана консультанттардын маалыматтар базасына коллегиалдуу аткаруу органдарынын мүчөлөрүн, жекече аткаруучу органдын функцияларын аткаруучу адамдарды, ошондой эле ушундай реестрге киргизилген адамдарды киргизүүнү демилгелейт, эгерде:

1) сатып алуулардын жеңүүчүлөрү деп табылган берүүчүлөр жана консультанттар сатып алуулар жөнүндө келишимди түзүүдөн баш тартса, эгерде мындай баш тартуу өзгөчө кырдаал режимин, өзгөчө абалды же күч жетпей калган жагдайларды киргизүү менен байланышкан болсо, мындай режимдер киргизилгенге чейин же мындай жагдайлар келип чыкканга чейин сатып алуу жөнүндө кулактандыруу жарыяланган шартта;

2) өзүнүн сунушунда анык эмес маалымат берген жана ал сунуштарды баалоо жол-жобосунун этабында анын так эместиги аныкталган берүүчүлөр жана консультанттар же сатып алуучу уюм/Агент сатып алуулар жөнүндө контрактты бир тараптуу тартипте бузган берүүчүлөр жана консультанттар контрактты аткаруунун жүрүшүндө сатып алуулар жөнүндө документтердин талаптарына берүүчүлөрдүн шайкеш келбегендиги, же берүүчүлөрдүн жыйынтыгы боюнча мындай контракттар түзүлгөн сатып алуулардын жол-жоболорунун жеңүүчүсү болууга мүмкүндүк берген мындай талаптарга өзүнүн ылайыктуулугу жөнүндө анык эмес маалымат бергендиги аныкталса;

3) ушул Мыйзамга ылайык алар менен контракт түзүлгөн сатып алуунун катышуучулары тарабынан берүүчүнүн сунушуна кепилдик берүүчү декларациянын шарттары бузулса, буга сатып алуу жөнүндө кулактандыруу мындай режимдер киргизилгенге чейин же мындай жагдайлар келип чыкканга чейин жарыяланган шартта, эгерде мындай бузуу өзгөчө кырдаал, өзгөчө абал режимин киргизүү же күч жетпей калган жагдайларга байланыштуу болгон учурлар кирбейт;

4) берүүчүлөр, консультанттар алар менен түзүлгөн контракттар боюнча өз милдеттенмелерин аткарбаса же талаптагыдай аткарбаса, буга мындай контракт мындай режимдер киргизилгенге чейин же мындай жагдайлар келип чыкканга чейин жана аны аткаруу мөөнөтүндө түзүлгөн шартта, эгерде мындай аткарбоо өзгөчө кырдаал, өзгөчө абал режимин киргизүү же күч жетпей калган жагдайларга байланыштуу болгон учурлар кирбейт.

6-берене. Кызыкчылыктардын кагылышы

1. Сатып алуучу уюмдардын/Агенттин жетекчилерине жана кызматкерлерине, сатып алуу боюнча комиссиянын мүчөлөрүнө сатып алууларды жүзөгө ашырууда төмөнкүлөргө тыюу салынат:

1) мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашыруунун бардык этабында кайсы бир берүүчүнүн кызыкчылыгындагы иш-аракеттерге (аракетсиздикке), чечимдерге кандайдыр бир таасирин көрсөтүүгө;

2) ушул Мыйзам менен жөнгө салынуучу сатып алууларда берүүчүлөр, консультанттар катары катышууга же алар менен аффилирленген жак болууга тыюу салынат.

Мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболоруна катышуучу сатып алуучу уюмдардын/Агенттин жетекчилери, кызматкерлери, сатып алуу боюнча комиссиянын мүчөлөрү ушул бөлүктүн талаптарын бузган учурда, алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылат, ал эми сатып алуулардын жол-жоболору сатып алуучу уюмдун/Агенттин же мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча токтотулат.

2. Адамдар сатып алуулардын жол-жоболору менен байланышкан милдеттерди аткара албайт, эгерде алар:

1) сатып алуулардын жыйынтыгына жеке кызыкдар болсо (анын ичинде сатып алууга катышууга өтүнмө берген жеке жактар);

2) сатып алууга катышууга сунуштарды берген берүүчүлөрдүн же консультанттардын кызматкерлери же болбосо аларга берүүчүлөр, консультанттар таасирин тийгизүүгө жөндөмдүү жеке жактар (анын ичинде берүүчүлөрдүн же консультанттардын катышуучулары (акционерлери) болуп саналган жеке жактар), берүүчүлөрдүн, консультанттардын башкаруу органдарынын кызматкерлери жана кредиторлору болуп саналса.

3. Сатып алуучу уюм/Агент берүүчү же консультант менен сатып алуулар жөнүндө контрактты же алкактык макулдашууну төмөнкү учурда түзө албайт:

1) эгерде уюштуруучу же жетекчи бир жерден сатып алууга катышкан башка берүүчүнүн же консультанттын уюштуруучусу же жетекчиси болуп саналса;

2) эгерде бир сатып алууга катышкан берүүчү/консультант сатып алуу боюнча комиссиянын жетекчисинин, мүчөсүнүн, сатып алуучу уюмдун/Агенттин сатып алуулар бөлүмүнүн кызматкеринин жакын тууганы же жакын адамы болуп саналса;

3) эгерде аффилирленген жак болуп саналса;

4) эгерде ушул сатып алууда анын сунуштарын даярдоо үчүн мурда сатып алуучу уюмда/Агентте сатып алуу жөнүндө документтерди даярдоого жооп берген адам тартылса.

4. Сатып алуучу уюм/Агент берүүчүдөн же консультанттан аффилирленүү жок экендиги тууралуу ырастоону, ошондой эле алардын бенефициардык ээлери жөнүндө маалыматты талап кылууга милдеттүү. Бенефициардык ээлери жөнүндө маалымат веб-порталда же электрондук каталогдо ачык жана жеткиликтүү маалымат болуп саналат.

5. Сатып алуунун бардык катышуучулары мамлекеттик сатып алуулар процессинде жана сатып алуулар жөнүндө контракттарды аткарууда жүрүм-турум этикасынын негизги принциптерин сактоого тийиш. Катышуучулар Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган коррупция, алдамчылык, келишүү жана мажбурлоо сыяктуу мыйзамсыз иш-аракеттерге аралашпоого тийиш.

6. Сатып алуучу уюм/Агент тарабынан ушул берененин 1-3-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн фактылар аныкталган учурда, мындай берүүчүлөрдүн жана консультанттардын сунуштары четке кагылууга тийиш.

7. Ушул беренеге ылайык берүүчүнүн, консультанттын сунушун четке кагуу себептери сатып алуулардын жол-жоболорунун протоколунда чагылдырылат.

7-берене. Купуялуулук жана билдирүүлөрдүн формасы

1. Мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболору менен байланышкан бардык иш-аракеттер жана кат алышуулар жеткиликтүү болуп саналат жана алар өзү кол койгон документке теңдештирилген, юридикалык күчкө ээ болгон квалификациялуу электрондук колтамганы колдонуу жолу менен веб-порталда же электрондук каталогдо жүзөгө ашырылууга тийиш.

2. Билдирүүлөрдү алмашуу ыкмалары жөнүндө талаптар жана аларды жиберүү мөөнөттөрү маалымат алууга бирдей укуктуу бардык берүүчүлөр жана консультанттар үчүн жалпы болуп саналат.

3. Сатып алуучу уюм/Агент берүүчүлөр, консультанттар тарабынан берилген маалыматтын толуктугун жана купуялуулугун камсыздайт.

4. Маалыматты ачыкка чыгарбоо ушул Мыйзамга каршы келген же анын талаптарын сактоону камсыз кылууга тоскоолдук кылган, ошондой эле мамлекеттин коопсуздугунун кызыкчылыктарын коргоо үчүн зарыл болгон, же мындай маалыматты ачыкка чыгаруу берүүчүнүн мыйзамдуу коммерциялык кызыкчылыктарына зыян келтирген же ак ниет атаандаштыкка тоскоол болгон учурларды кошпогондо, эгерде сот тарабынан гана мындай маалыматты ачыкка чыгаруу жөнүндө токтом кабыл алынбаса, сатып алуучу уюм/Агент жеңүүчү аныкталганга чейин маалыматты ачыкка чыгарууга укуксуз.

5. Сатып алуучу уюмдун/Агенттин жана берүүчүнүн ортосундагы бардык талкуулоолор, билдирүүлөр же сүйлөшүүлөр купуя мүнөзгө ээ. Маалымат соттук териштирүүнүн предмети болуп саналган учурларды кошпогондо, тараптардын бири дагы экинчи тараптын макулдугусуз техникалык, баа боюнча же башка маалыматты бөлөк жактарга ачыкка чыгарууга укугу жок.

8-берене. Мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган

1. Мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекеттик сатып алуулар жаатында мамлекеттик саясатты иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат.

2. Мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын негизги функциялары болуп төмөнкүлөр саналат:

1) мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу, анын ичинде:

а) электрондук мамлекеттик сатып алууларды өткөрүүнүн тартибин;

б) (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 25-июлундагы № 147 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

в) мамлекеттик сатып алуулардын жалпы классификаторун колдонуунун тартибин;

11) мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдарды колдонуунун суроо-талаптары боюнча жазуу жүзүндө түшүндүрмөлөрдү берүү

2) товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуулардын жол-жоболорун координациялоо, жөнгө салуу, көмөк көрсөтүү жана катышуучуларды окутуу;

3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын жоболорун бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартуу;

4) сатып алуучу уюмдардын бирдиктүү республикалык реестрлерин, мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө контракттарды, берүүчүлөрдүн жана консультанттардын маалыматтар базасын, ошондой эле ак ниет эмес берүүчүлөрдүн жана консультанттардын маалыматтар базасын түзүү жана ишке киргизүү;

5) сатып алуу жол-жоболорунун ачыктыгын жана айкындыгын, буга кошуп веб-порталда даттанууларды жарыялоону камсыз кылуу (мындай даттанууну кароонун жыйынтыгы боюнча кабыл алынган мазмун жана чечим);

6) жүргүзүлгөн мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө статистикалык жана аналитикалык маалыматтарды түзүү;

7) мыкты практиканы жана инновациялык технологияларды мамлекеттик сатып алуулар системасына киргизүү;

8) электрондук каталогду жана веб-порталды башкаруу;

9) контракттын аткарылышын кепилдик камсыздоо түрүндө мамлекеттик сатып алууларга катышуучу берүүчүлөрдөн жана консультанттардан түшкөн акча каражаттарын атайын эсепте топтоо жана башкаруу. Акча каражаттарын топтоонун жана башкаруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен аныкталат;

10) сатып алуучу уюмдар/Агент тарабынан сатып алуулар жөнүндө контракттардын түзүлүшүн контролдоо жана алардын аткарылышына мониторинг жүргүзүү;

11) мамлекеттик сатып алуулар системасын өркүндөтүү маселелери боюнча жарандык коом менен өз ара аракеттенүү.

3. Мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мониторинг жүргүзүүдө жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы мыйзамдарын бузуулар аныкталган учурда төмөнкүдөй чараларды көрүүгө милдеттүү:

1) сатып алуучу уюмду/Агентти сатып алуу жол-жобосун ушул Мыйзамда каралган талаптарга ылайык жүргүзүүгө милдеттендирүү;

2) сатып алуучу уюмду/Агентти өзүнүн мыйзамсыз чечимин кайра кароого же сатып алууну болгон жок деп таанууга милдеттендирүү;

3) сатып алуу жол-жобосун токтотуп туруу;

4) сатып алуулардын жол-жоболорун токтотуу жөнүндө чечим кабыл алуу;

5) жол берилген бузуулар жөнүндө материалдарды тиешелүү укук коргоо органдарына жөнөтүү.

4. Мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өз компетенциясынын чегинде чыгарылган эскертме каты ушул берененин 3-бөлүгүнө ылайык бузууларга жол берген сатып алуучу уюмдар/Агент тарабынан аткарылууга тийиш.

5. Мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлери, өз муктаждыктары үчүн сатып алууларды кошпогондо, мамлекеттик сатып алуулар боюнча комиссиялардын курамына кирүүгө укуксуз.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 25-июлундагы № 147 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

9-берене. Сатып алуучу уюм

1. Сатып алуулардын жол-жоболорун жүргүзүү үчүн сатып алуучу уюм сатып алуулар бөлүмүн түзөт же бул милдеттерди өзүнүн бөлүмдөрүнүн бирине жүктөйт.

2. Сатып алуулар бөлүмү төмөнкү функцияларды ишке ашырат:

1) техникалык өзгөчөлүктөрдү жана алдын ала бюджетти көрсөтүү менен берилген өтүнмөлөрдүн негизинде, сатып алуулар планын түзүү учурунда жана кулактандырууну жарыялоонун алдында (сатып алууларды пландоо, планын түзүү этабында, алкактык макулдашууну түзүүдө жана бир булактан сатып алууда) сатылып алынуучу товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн рыногуна мониторинг жүргүзөт;

2) ушул Мыйзамдын 11-беренесинин талаптарына ылайык мамлекеттик сатып алууларды пландоону жүзөгө ашырат;

3) веб-порталда сатып алуу жөнүндө документтерди жана аларга өзгөртүүлөрдү (толуктоолорду) иштеп чыгат, түшүндүрмөлөр жөнүндө суроо-талаптарга жоопторду, берүүчүлөрдүн (консультанттардын) сунуштарын баалоонун жыйынтыктарын, кол коюлгандан кийин сатып алуулардын жол-жоболорунун протоколун жайгаштырат;

4) веб-порталга ушул Мыйзамдын 47-беренесине ылайык түзүлгөн контракттар жөнүндө маалыматтарды жайгаштырат;

5) веб-порталда ушул Мыйзамдын 28-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган учурларда сатып алууну жокко чыгарат же ушул Мыйзамдын 28-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4 жана 5-пункттарына ылайык сатып алууну болгон жок деп тааныйт;

6) маалыматтар базасына ак ниет эмес берүүчүлөрдү жана консультанттарды киргизүүнү демилгелейт;

7) мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга көз карандысыз комиссиянын чечимин аткаруунун жыйынтыгы жөнүндө кабарды жөнөтөт.

3. Сатып алуучу уюмдун сатып алуулар бөлүмүнүн бардык адистери мамлекеттик сатып алуулар жаатында сертификацияланган адистер болууга тийиш.

4. Өтүп бараткан жылдын 10 (он) жумушчу күнүнөн кечиктирбестен сатып алуучу уюмдун жетекчиси сатып алуучу уюмдун, башка органдардын кызматкерлеринин жана коомдук өкүлдөрдүн (жазуу жүзүндөгү кайрылуу боюнча) ичинен сатып алуу боюнча комиссияны түзөт, аларды тандоо веб-порталда кокусунан тандоо аркылуу жүзөгө ашырылат.

Бир булактан алынган методдор менен сатып алууларда жана квалификациялык талаптарды белгилебей туруп котировкаларды суроодо сатып алуу боюнча комиссия түзүлбөйт.

Сатып алуу боюнча комиссия кеминде үч адамдан турууга тийиш, алардын бири мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө сертификатталган адис болууга тийиш. Сатып алуу боюнча комиссиянын курамына сатып алуучу уюмдун жетекчилери, коомчулуктун өкүлдөрү жана тартылган эксперттер кириши мүмкүн.

5. Сатып алуу боюнча комиссия:

1) сатып алуу жөнүндө документтердин критерийлерин бекитет;

2) ушул Мыйзамда жана сатып алуу жөнүндө документтерде каралган жол-жоболорду жана критерийлерди пайдалануу менен сунуштарды баалоону өткөрөт;

3) жеңүүчүнү жана рейтинг боюнча кийинки орундарды ээлеген берүүчүлөрдү аныктайт;

4) ушул Мыйзамдын 28, 39-41-беренелеринде каралган учурларда сатып алууну болгон жок деп тааныйт;

5) ушул Мыйзамдын 44-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана 45-беренесинин 5-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык жүйөлүү даттануу аныкталган учурда берүүчүлөрдүн же консультанттардын сунуштарын кайра баалоону жүзөгө ашырат.

6. Сатып алуучу уюмдун/Агенттин жетекчиси сатып алуулар жөнүндө контрактты башкаруу үчүн бөлүмдү/адамды түзөт же дайындайт.

7. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 25-июлундагы № 147 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

8. Сатып алууларды ишке ашырууда сатып алуучу уюм/Агент товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү кабыл алууда контрактты аткаруу процессине жарандык коомдун өзүнүн арызы боюнча жарандык коомдун катышуусун камсыздайт.

9. Сатып алуулар бөлүмүнүн жетекчиси, адистери, сатып алуу боюнча комиссия, сатып алуучу уюмдун контрактын башкарууга жооптуу жактар, ошондой эле Агенттин жетекчиси жана сатып алуу, контрактты башкарууга жооптуу жактар өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартат.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 30-январындагы № 19, 2023-жылдын 25-июлундагы № 147 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

2-глава. Мамлекеттик сатып алуулардын этаптары

 

10-берене. Мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашыруу жол-жобосу

Мамлекеттик сатып алуулардын жол-жобосу төмөнкү этаптардан турат:

1) сатып алууларды пландоо;

2) сатып алуу жөнүндө документтерди иштеп чыгуу;

3) сатып алуу жөнүндө кулактандырууну жарыялоо;

4) сунуштарды ачуу;

5) сунуштарды баалоо жана салыштыруу;

6) жеңүүчүнү тандоо;

7) контракт түзүү;

8) контрактты башкаруу.

11-берене. Сатып алууларды пландоо

1. Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарында белгиленген мезгилге стратегиялык өнүктүрүүнү жана иш жүзүндөгү калдыктарды эске алуу менен, чыгымдарды ченемдөөгө ылайык товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга болгон керектөөнүн негизинде сатып алуулар 3 жылга пландалат.

2. Бюджеттин долбоору же чыгымдардын сметасы бекитилгенге чейин үч айлык мөөнөттө техникалык өзгөчөлүгүн көрсөтүү менен товарларга, жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөргө керектөөлөр аныкталат.

3. Сатып алуулар планына киргизүү үчүн төмөнкүдөй шарттар сакталууга тийиш:

1) белгиленген ченемдердин негизинде товарлардын санын, берүү мөөнөтүнүн жана жеринин аныкталышы;

2) сатып алуунун пландалган мезгилинин (ай, квартал, жыл) аныкталышы;

3) товарларды сатып алууда товарлардын ар бир түрүнө иштелип чыккан техникалык өзгөчөлүктөрдүн болушу;

4) Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык өнөр жай объекттеринин курулушун кошпогондо, жаңы же капиталдык курулушка жумуштарды сатып алууда, курулуш боюнча ыйгарым укуктуу органдан экспертизадан өткөн курулуштун бардык көлөмүнө иштелип чыккан долбоордук-сметалык документтердин, пландын, чиймелердин жана эскиздердин болушу;

5) дефекттик актынын негизинде чыгымдалуучу материалдардын таблицасы менен учурдагы оңдоонун сметалык наркынын (курулуш материалдарына техникалык өзгөчөлүктөрдү жана алардын көлөмүн көрсөтүү менен) болушу;

6) кызмат көрсөтүүлөрдүн ар бир түрүнө техникалык тапшырманын же техникалык-экономикалык негиздеменин болушу;

7) консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын аныктоо менен консультациялык кызмат көрсөтүүлөргө иштелип чыккан техникалык тапшырманын болушу;

8) каржылоо булагы көрсөтүлгөн.

4. Сатып алуулар планы сатып алуучу уюмдун жетекчиси тарабынан бекитилет.

Сатып алуулардын планында товарлардын аталышы, бюджети, саны, орду жана жеткирүү мөөнөтү, жумуштарды аткаруу (жаңы курулуш, капиталдык курулуш, учурдагы оңдоо), кызмат көрсөтүүлөр же консультациялык кызматтар көрсөтүлөт.

Товарларга, жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө жана консультациялык кызмат көрсөтүүгө карата белгиленүүчү талаптар түшүнүктүү жана толук болууга, товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына жана башка көрсөткүчтөрүнө карата талаптардын так жана бирдей мааниде баяндалышын камсыз кылууга тийиш. Белгиленүүчү талаптар чектөөчү мүнөзгө ээ болбошу керек.

5. Эгерде жумуштарды аткаруу мезгили сатып алуулар планы бекитилген мөөнөттөн (3 жылдан ашык) ашып кетсе, сатып алуулар планында аларды аткаруунун бардык мезгилине маалымат көрсөтүлөт.

6. Сатып алуулар планына өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор киргизилген учурда, сатып алуучу уюм веб-порталга мындай өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизет.

7. Контракт түзүлгөндөн кийин сатып алуулар планында камтылган өзгөчө кырдаалдарды, форс-мажордук жагдайларды, аварияга байланышкан учурларды кошпогондо, сатып алуулар планында (сатып алуулардын такталган жылдык планында) каралбаган товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга жол берилбейт.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 30-январындагы № 19, 2023-жылдын 25-июлундагы № 147 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

12-берене. Сатып алуулар жөнүндө документтер

1. Сатып алуулар жөнүндө документтер ушул Мыйзамдын талаптарын эске алуу менен документтердин электрондук формасынын негизинде иштелип чыгат жана толук көлөмдө кайтарымсыз негизде жеткиликтүү болуп саналат.

2. Сатып алуулар жөнүндө документтер төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) сатып алуунун предметин;

2) мамлекеттик сатып алуунун методун жана ыкмасын, берүүчүлөр тарабынан сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтүн;

3) сатып алуулар предметине жана ар бир өзүнчө сатылып алынуучу бирдикке мамлекеттик сатып алуулардын жалпы классификаторун;

4) берүүчүлөр үчүн нускаманы;

5) ушул Мыйзамдын 23-беренесине ылайык өзүнүн квалификациялык маалыматтарын ырастоо үчүн бөрүүчү тарабынан берилүүгө тийиш болгон документтик далилдерге карата талаптарды, буга төмөнкүлөрдүн котировкаларын сурап алуу методу менен сатып алуулар кирбейт:

а) салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарынын жоктугу тууралуу маалымат суралган стандарттуу товарлардын;

б) сатып алуу жөнүндө документтери берүүчүлөрдүн квалификациясына коюлуучу лицензиянын, квалификациялуу кызматкерлердин, ушул кесипке окшош тажрыйбасынын болуусу жана салыктар менен камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздардын жоктугу сыяктуу минималдык талаптарды камтыган иштердин;

6) товарларды жеткирип берүү, жумуштарды аткаруу жана кызматтарды көрсөтүү жерлерин жана алардын мөөнөтүн кошкондо, сатып алуу предметин толук сыпаттоону (лотторду сыпаттоо):

а) сатылып алынуучу товарлардын техникалык, сапаттык, функциялык жана эксплуатациялык мүнөздөмөлөрүн, ошондой эле алардын санын;

б) Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык өнөр жай объекттеринин курулушун кошпогондо, техникалык спецификацияларды, курулуштун бардык көлөмүнө долбоордук-сметалык документтерди, долбоордук-техникалык чечимдер боюнча мамлекеттик экспертизаны, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуудагы пландарды, чиймелерди жана эскиздерди;

в) берилүүгө тийиш болгон кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмдөрүн;

7) чектелбеген метод менен сатып алууда: сатып алуучу уюм/Агент тарабынан берүүчүлөрдүн сунушун баалоодо пайдаланылган бардык критерийлерди, анын ичинде акчалай формада көрсөтүлүүгө тийиш болгон ушул критерийлердин салмагын.

Дары-дармек каражаттарын баалоо критерийлери пациент үчүн белгиленген ыкма менен далилденген эң жогорку клиникалык коопсуздукту жана терапевтик натыйжалуулукту жана кошумча реакциялардын эң төмөнкү тобокелдигин камсыз кылган критерийлерди камтууга тийиш. Инсулин жана башкалар сыяктуу өмүр бою колдонулуучу дары-дармек каражаттары үчүн кошумча, милдеттүү критерий болуп дары-дармектер сатып алган пациенттердин ар кандай топторунун жеке чыдамдуулугу саналат;

8) транспорттоого жана камсыздандырууга, бажы алымдарын, салыктарды төлөөгө чыгашалар жана баага таасир этиши мүмкүн болгон башка чыгашалар сыяктуу сатып алынуучу товарлардын жана жумуштардын наркынан башка элементтерди камтууга тийиш болгон бааны (улуттук валютада). Даяр (стандарттуу) товарларды сатып алууда сатып алуучу уюм/Агент арзандатууну суроого укуктуу.

Сатып алуучу уюм/Агент товарлардын жашоо циклинин аралыгында кийинки чыгымдар жөнүндөгү маалыматты кошумча сурап ала алат;

9) берүүчүнүн сунушун кепилдик камсыздоосунун формасына, өлчөмүнө жана колдонулушунун мөөнөтүнө жана контракттарды аткарууга кепилдикти камсыздоого талаптарды же берүүчүнүн сунушуна кепилдик берүүчү декларацияларга кол коюу тууралуу талапты;

10) берүүчүнүн сунушу колдонула турган мөөнөтүн;

11) сунуштар берилүүгө тийиш болгон тили же тилдери;

12) берүүчүлөрдүн квалификациясынын деңгээлине карата жана квалификациялык талаптарга ылайыктыгын ырастоочу документтик далилдерге карата талаптар. Сатып алуулар жөнүндө документтер берүүчүлөрдүн квалификациясынын деңгээлине карата дискриминациялык мүнөздөгү талаптарды камтыбашы керек;

13) берилген товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн техникалык регламенттерде, стандарттардын жоболорунда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка документтерде белгиленген талаптарга ылайык жеке жактардын өмүрүнө, ден соолугуна, айлана-чөйрөгө, анын ичинде жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн аман-эсендигине, жеке жана юридикалык жактардын мүлкүнө, мамлекеттик жана муниципалдык мүлккө зыян келтирүү менен байланышкан жол берилгис тобокелдикти болтурбоо максатында өндүрүү, сактоо, ташуу, сатуу, пайдалануу, утилдештирүү процесстеринин талаптарына шайкештигин ырастоочу документтерди берүү жөнүндө берүүчүлөргө карата талапты;

14) ушул Мыйзамдын 49-беренесине ылайык контрактты банктык коштоо шарттарын;

15) контрактыга, ошондой эле контракттын долбооруна киргизиле турган контракттын өзгөчө шарттарын;

16) алкактык макулдашууну түзүүгө ниеттенген учурда - төмөнкүдөй кошумча маалыматты көрсөтүү менен алкактык макулдашуунун долбоорун:

а) сатып алуу алкактык макулдашуунун жол-жоболорун колдонуу менен ишке ашырыла тургандыгы жөнүндө;

б) алкактык макулдашуунун тиби жана колдонулушунун мөөнөтү жөнүндө;

в) ушул алкактык макулдашууга ылайык алдыдагы контракттар жөнүндө билдирүүнүн тартиби тууралуу;

г) алкактык макулдашуунун жол-жоболорунун биринчи этабына катышпаган берүүчүлөр тарабынан алкактык макулдашууга кол коюунун мүмкүндүгү жана тартиби жөнүндө.

3. Сатып алуулар жөнүндө документтерди түзүүдө бирдей (бир типтүү) товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн сатып алынуучу көлөмүн, санын максималдык атаандаштыкты камсыздоочу лотторго бөлүүгө жол берилет. Мында, эгер процесстердин технологиялык бүтүндүгү, компоненттердин техникалык жана функциялык байланышы, сатып алынуучу товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн комплекттүүлүгү камсыздалбаса, товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү лотторго бөлүүгө жол берилбейт.

4. Сатып алуу тууралуу документтердин негизинде веб-портал жумушчу күнү сатып алуулар жөнүндө кулактандырууну иштеп чыгат. Сатып алуу жөнүндө кулактандыруу веб-порталдын издөө тутумунда кулактандырууларды жашырууга жол берген тамгаларды же символдорду камтыбашы керек.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 30-январындагы № 19, 2023-жылдын 25-июлундагы № 147 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

13-берене. Мамлекеттик сатып алуулардын методу

1. Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуулар төмөнкү методдор менен жүзөгө ашырылат:

1) чектелбеген;

2) (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 25-июлундагы № 147 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3) котировкаларды суратуу;

4) бир булактан.

2. Консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуулар ушул Мыйзамдын 30-беренесинде каралган методдор менен жүзөгө ашырылат.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 30-январындагы № 19, 2023-жылдын 25-июлундагы № 147 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

14-берене. Чектелбеген ыкма

1. Чектелбеген метод товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу предметинин квалификациялык маалыматтары, техникалык жана сапаттык мүнөздөмөлөрү контрактты натыйжалуу аткаруу үчүн негизги критерийлер болуп саналганда, же сатып алуу предметинин спецификалык техникалык жана сапаттык мүнөздөмөлөрүн алдын ала аныктоого мүмкүн болбогон учурларында колдонулат.

2. Чектелбеген метод менен сатып алуулар төмөнкүдөй метод менен жүзөгө ашырылат:

1) эки пакеттүү метод;

2) сүйлөшүү методу менен.

3. Эки пакеттүү метод квалификациялык маалыматтар жана техникалык жана сапаттык мүнөздөмөлөр контрактты натыйжалуу аткаруу үчүн негизги критерийлер болуп саналган учурларда жана баалоо белгиленген критерийлер боюнча жүргүзүлгөндө колдонулат.

4. Сүйлөшүү методу төмөнкүчө жүргүзүлөт, эгерде:

1) сатып алынуучу товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн спецификалык техникалык жана сапаттык мүнөздөмөлөрүн алдын ала аныктоо мүмкүн болбосо жана бул үчүн сатып алуучу уюмдун керектөөлөрүн алды канча канааттандыруучу техникалык шарттар боюнча чечимдерди кабыл алуу максатында берүүчүлөр менен талкуулоо зарыл. Талкуулоо техникалык спецификациялар жана аткаруу методдору боюнча гана жүргүзүлөт;

2) сатып алуу предмети болуп изилдөө, эксперимент, илимий корутундуну даярдоо же болбосо башка адистештирилген кызмат көрсөтүүлөр саналат.

(КР 2023-жылдын 30-январындагы № 19 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

15-берене. Чектелген метод

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 25-июлундагы № 147 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

16-берене. Котировкаларды суратуу метод

1. Котировкаларды суратуу методу даяр (стандарттык) товарларды, жөнөкөй (стандарттык) иштерди (учурдагы оңдоо, башкача айтканда учурдагы инженердик коммуникацияларды жасалгалап оңдоо) конкреттүү сыпаттамасы менен кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда пайдаланылат.

2. Берүүчүлөргө карата квалификациялык талаптарды белгилөөнү талап кылбаган товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү котировкаларды сурап алуу методу менен сатып алууда электрондук каталог аркылуу сатып алынган эң аз баа негизги критерий болуп саналат.

Берүүчүлөргө карата квалификациялык талаптарды белгилөөнү талап кылган товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда квалификациялык, техникалык талаптарга ылайык келүү жана веб-порталда кулактандыруу жарыялоо жолу менен сатып алынуучу эң төмөнкү баа тандоо критерийлери болуп саналат.

3. Атаандаштыкты жана эффективдүү тандап алууну камсыздоо үчүн электрондук каталог аркылуу жүзөгө ашырылуучу сатып алууларды кошпогондо, сатып алуучу уюм/Агент экиден кем эмес берүүчүнүн сунушун карайт.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 30-январындагы № 19, 2023-жылдын 25-июлундагы № 147 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

17-берене. Бир булактан методу

1. Ушул берененин 3-бөлүгүнүн 3-пунктунда жана 4-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, бир булактан сатып алуу-сатып алуучу уюм/Агент сатып алуу жөнүндө веб-порталга кулактандыруу жарыялабастан контрактыга кол койгон учурдагы мамлекеттик сатып алуулардын жол-жобосу.

2. Контрактыга кол коюлгандан кийин эки жумуш күндөн кечиктирбестен сатып алуучу уюм/Агент ушул Мыйзамдын 47-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык контракт жөнүндө маалыматты веб-порталга жайгаштырат.

3. Сатып алуучу уюм/Агент төмөнкү учурларда бир булактан сатып алуу методун колдонууга укуктуу:

1) баасын жана техникалык өзгөчө мүнөздөмөлөрүн сактоо менен, учурдагы контрактыга кошумча макулдашууга кол коюу жолу менен жүргүзүлгөн сатып алуунун негизинде ошол эле берүүчү менен мурда түзүлгөн контракттын наркынын 10 пайызынан ашпаган товарларды кошумча сатып алууда. Сатып алуучу уюм/Агент, эгерде контрактты аткаруунун жүрүшүндө бул товарларга рыноктогу баа төмөндөсө, берүүчү менен макулдашуу боюнча бааларды төмөндөтүү мүмкүнчүлүгү менен кошумча келишим түзүүгө укуктуу;

2) эгерде жумуштарды аткаруунун жүрүшүндө ведомостто көрсөтүлгөн жумуштардын түрлөрүн көбөйтүү зарылдыгы келип чыкса же жумуштарды аткаруунун жүрүшүндө сатып алуучу уюм тарабынан иштин көлөмүн ведомость түзүүдө аныктоого мүмкүн болбогон кошумча жумуштар пайда болсо, түзүлгөн контракттын наркынын 10 пайызынан ашпаган кошумча курулуш иштерин же кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашырууда жана ошол эле берүүчүнү тартуу колдонуудагы сатып алуулар жөнүндө контрактыга кошумча макулдашууга кол коюу жолу менен мурда аткарылган жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына карата үнөмдүүлүктү жана натыйжалардын шайкештигин камсыз кылат;

3) бекитилген бюджетке же чыгымдар сметасына ылайык чыгымдар беренесинде каралган суммага карабастан, товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн электрондук каталогу аркылуу жыл ичинде чыгымдардын ар бир беренеси боюнча 200 000 сомго чейин сатып алууда;

4) кечиктирилгис түрдө калыбына келтирүүнү талап кылган форс-мажордук жагдайлардын, авариялардын кесепеттерин жоюу жана локалдаштыруу үчүн өзгөчө кырдаалдын, өзгөчө абалдын кесепеттерин жоюуда жана жогорку даярдыктагы режимде гана өзгөчө кырдаалдын алдын алууда, ошондой эле эл аралык өзгөчө жардамдын алкагындагы иш-чараларды же чет өлкөлөргө гуманитардык жардам жөнөтүү боюнча иш-чараларды ишке ашырууда же мобилизациялык даярдык боюнча иштерди аткарууда товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда;

5) кечиктирилгис медициналык кийлигишүү зарыл болгон учурда;

6) Министрлер Кабинети менен макулдашуу (меморандум) түзгөн, Бириккен Улуттар Уюму ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү программаларынын алкагында иштөөчү атайын сатып алуу уюмдары (алардын операциялык компоненттерин кошуп) тарабынан түзүлгөн уюмдар (өкүлчүлүктөр) аркылуу дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды сатып алууда. Мындай мамлекеттик сатып алууларды уюштуруунун тартиби Министрлер Кабинетинин чечими менен белгиленет;

7) даярдоочу заводдон, өндүрүүчүдөн же сатып алуу предметине карата интеллектуалдык, автордук же өзгөчө укуктарга ээ болгон берүүчүдөн товарларды жана кызматтарды сатып алууда;

8) Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасынын ишин, кайтарууну жана коопсуздугун камсыз кылуу үчүн зарыл болгон товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда, анын ичинде аталган жактардын катышуусу менен өткөрүлүүчү иш-чараларды камсыз кылуу, ошондой эле чет мамлекеттердин башчыларынын, чет мамлекеттердин өкмөт башчыларынын, эл аралык уюмдардын жетекчилеринин, парламенттик делегациялардын, өкмөттүк делегациялардын, чет мамлекеттердин делегацияларынын иш сапарларын камсыз кылуу менен байланышкан сатып алууларды ишке ашыруу (турмуш-тиричилик, мейманкана, транспорттук тейлөө, компьютердик жабдууларды эксплуатациялоо, протоколдук атрибутика, санитардык-эпидемиологиялык жайлуулукту, коопсуз тамак-аш берүүнү камсыз кылуу);

9) чет мамлекеттин аймагында өзүнүн ишин камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелери товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууларында;

10) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында аныкталган конкреттүү жактан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда, ошондой эле алардын ыйгарым укуктарына ылайык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары же алардын ведомстволук мамлекеттик, муниципалдык мекемелери же ишканалары, уставдык капиталындагы үлүшү же акцияларынын 100 пайызы мамлекетке таандык болгон юридикалык жактар тарабынан гана аткарылышы же көрсөтүлүшү мүмкүн болгон товарларды, жумуштарды же кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда, алардын тиешелүү ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген;

11) табигый монополияларды жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген баалар боюнча табигый монополиялардын субъекттеринен товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда;

12) майыптардын саны кызматкерлердин санынын 50 пайызынан кем эмесин түзгөн майыптардын коомдук бирикмелери тарабынан түзүлгөн уюмдардан товарларды монополияга каршы орган белгилеген баалар боюнча сатып алууда;

13) ушул Мыйзамдын 4-беренесинин 2-бөлүгүнүн негизинде Кыргыз Республикасынын Президентинин чечими (тапшырмасы) боюнча Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган берүүчүдөн товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү конкреттүү сатып алууларда;

14) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын жана алардын документтерин даярдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда.

15) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында өзгөчө режим аныкталганда товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү конкреттүү сатып алууларды жүзөгө ашырууда;

16) эгерде кайталап сатып алууну жүргүзүү ушул Мыйзамдын 28-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык контракт түзүүгө алып келбесе;

17) театралдык оюн-зоок уюму, музей, клубдук мекеме, кинематография уюму, маданияттын башка уюму, маданият чөйрөсүндөгү билим берүү мекемеси, телерадиоберүү уюму тарабынан конкреттүү жеке жактан же конкреттүү жактардан - сценарийдин авторунан, артист-аткаруучудан, балетмейстерден, теле- же радиопрограмманы алып баруучудан, дизайнерден, дирижердон, драматургдан, машыктыруучудан, композитордон, концертмейстерден, либреттонун авторунан, кино, видео, үн жазуу операторунан, жазуучудан, акындан, режиссердон, репетитордон, скульптордон, хореографтан, хормейстерден, сүрөтчүдөн жана башка чыгармачыл кызматкерден адабияттын же искусствонун чыгармаларын жаратууга же аткарууга болгон кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда, ошондой эле конкреттүү жеке жактан же болбосо юридикалык жактан декорацияларды, сахна костюмдарын (анын ичинде баш кийимдерди жана бут кийимдерди) жана декорацияларды жана костюмдарды жасоо үчүн зарыл материалдарды, ошондой эле ушул пунктта көрсөтүлгөн уюмдар тарабынан чыгармаларды жаратуу жана (же) аткаруу үчүн зарыл театр реквизиттерин, бутафорияларды, гримди, постижёрдук буюмдарды, театралдык куурчактарды даярдоо жана берүү боюнча жумуштарды сатып алууда;

18) майыптар үчүн адистештирилген товарларды жана Брайль шрифтинде терилген окуу куралдарын сатып алууда;

19) спорттук инвентарды жана жабдууларды (шаймандарды), спорттук экипировканы, ошондой эле спорттук улуттук жана курама командалардын катышуусу жана (же) даярдыгы үчүн, ошондой эле ушул чөйрөнү жөнгө салууну жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген календардык пландын негизинде спорттук улуттук жана курама командалардын олимпиадалык, паралимпиадалык, дефлимпиадалык жана башка эл аралык спорттук иш-чараларга катышуусу үчүн зарыл болгон допингге каршы чараларды камсыз кылуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда;

20) сатып алуулардын жыйынтыктары чыгарылганга жана сатып алуу жөнүндө контракт күчүнө киргенге чейинки мезгилде күндөлүк жана (же) жумалык керектөөдөгү сатып алууларды жүргүзүү зарыл учурда, эгерде мындай сатып алуу жылдын биринчи айынын ичинде жүзөгө ашырылса. Мындай учурда сатып алуунун көлөмү сатып алууну жүргүзүү мөөнөтүнүн ичинде, бирок 2 айдан ашпаган мезгилде сатып алуучу уюмдун керектөөсүн камсыз кылуу үчүн зарыл болгон товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн санынан ашпоого тийиш;

21) мамлекеттик музей, китепкана, архив фонддорун, кино-, фотофондду жана башка ушул сыяктуу фонддорду толуктоо үчүн арналган маданий баалуулуктарды (анын ичинде музей буюмдарын жана музей коллекцияларын, ошондой эле сейрек кездешүүчү жана баалуу басылмаларды, кол жазмаларды, архивдик документтерди, буга кошуп тарыхый, көркөм же башка маданий мааниси бар көчүрмөлөрдү) берүүдө.

4. Сатып алуучу уюм/Агент ушул берененин 3-бөлүгүнө ылайык сатып алууларды жүргүзүүдө электрондук каталогду колдонууга укуктуу.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 30-январындагы № 19, 2023-жылдын 25-июлундагы № 147 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

18-берене. Алкактык макулдашууну колдонуунун шарттары жана тартиби

1. Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда алкактык макулдашуу бир жана андан көп берүүчүлөр менен 3 жылдан ашпаган мөөнөткө түзүлөт.

2. Алкактык макулдашуу төмөнкү учурларда колдонулат:

1) эгерде алкактык макулдашуу колдонулушунун мезгилинин ичинде белгисиз же бир нече жолу сатып алуунун негизинде сатып алуу предметин сатып алуу зарылдыгы келип чыкса;

2) эгерде сатып алуу предметинин өзгөчө мүнөзүнөн улам мындай предметке муктаждык алкактык макулдашууну колдонуу мезгилинин ичинде шашылыш тартипте келип чыкса;

3) борборлоштурулган сатып алууларды жүргүзүүдө.

3. Алкактык макулдашуунун жол-жобосу төмөнкүдөй эки этапта жүзөгө ашырылат:

1) биринчи этапта берүүчүлөрдүн квалификациялык маалыматтары жана техникалык спецификациялары сатып алуу жөнүндө документтердин талаптарына сунуштардын шайкештиги бааланат;

2) экинчи этапта алкактык макулдашуулар түзүлгөн берүүчүлөрдүн тизмесинин ичинен контрактка кол коюу үчүн баалардын котировкалары суратып алынат.

4. Алкактык макулдашууга ар бир берүүчү тарабынан өз-өзүнчө кол коюлат. Алкактык макулдашуунун колдонуу мөөнөтүндөгү каалаган убакта алкактык макулдашуунун тараптары болуп саналбаган берүүчүлөр алкактык макулдашууга кол коюу үчүн өз сунуштарын бере алышат.

Сатып алуучу уюм/Агент алкактык макулдашуунун тараптары болуп саналбаган берүүчүлөрдөн сунуштар келип түшкөндүгүнө жараша сунуштары сатып алуу жөнүндө документтерде белгиленген критерийлерге жооп берген берүүчүлөр менен алкактык макулдашууга кол коёт.

5. Сатып алуучу уюм/Агент ошол алкактык макулдашуунун тарабы болуп саналган берүүчүлөр менен алкактык макулдашуунун шарттарына ылайык контракт түзөт.

6. Ушул Мыйзамдын 17-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында каралган ченемдер алкактык макулдашуулардын негизинде түзүлгөн контракттарга карата колдонулбайт.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 30-январындагы № 19, 2023-жылдын 25-июлундагы № 147 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

19-берене. Сатып алуу жөнүндө документтерди түшүндүрүү жана өзгөртүү

1. Берүүчү веб-портал аркылуу сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтү аяктаганга чейин 2 жумуш күндөн кечиктирбестен сатып алуу жөнүндө документтердин жоболору боюнча түшүндүрмөнү сурай алат. Сатып алуучу уюм/Агент 2 жумуш күндөн кечиктирбестен мындай суроо-талапка жооп берет.

2. Сатып алуу жөнүндө документтерге өзгөртүүлөрдү киргизүүдө сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтү 5 жумуш күндөн кем эмес мөөнөткө узартылат. Мындай өзгөртүүлөр веб-порталда жүргүзүлүүгө тийиш.

20-берене. Сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтү. Иштөө мөөнөтү, өзгөртүүлөр жана сунуштарды кайра чакыртып алуу

1. Сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтү төмөнкүдөй болууга тийиш:

1) чектелбеген методдун эки пакеттик ыкмасы - сатып алуу жөнүндө кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып 10 (он) жумуш күндөн кем эмес;

2) сүйлөшүүлөр менен чектелбеген методдо - сатып алуу жөнүндө кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып 15 (он беш) жумуш күндөн кем эмес;

3) (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 25-июлундагы № 147 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

4) квалификациялык талаптар менен котировкаларды сурап алуу методунда - сатып алуулар жөнүндө кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күндөн кем эмес;

5) квалификациялык талаптарсыз котировкаларды сурап алуу методунда - сатып алуулар жөнүндө кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып 2 (эки) жумуш күндөн кем эмес.

2. Берүүчүнүн сатып алууга катышууга сунушу веб-портал же электрондук каталог аркылуу электрондук түрдө сатып алуу жөнүндө документтерде көрсөтүлгөн берүүнүн акыркы мөөнөтү аяктаганга чейин тапшырылат жана сатып алуу жөнүндө документтерде белгиленген талаптар жана шарттар менен берүүчүнүн макулдугун билдирген, ошондой эле ушул Мыйзамдын 6-беренесинде каралган квалификациялык талаптарга жана шарттарга шайкештигин ырастоочу ал жөнүндө маалыматтарды алууга берүүчүнүн макулдугун билдирген формасы болуп саналат.

Берүүчүнүн сунушу сатып алуу жөнүндө документтерде белгиленген мөөнөттүн ичинде күчүндө болот. Мындай мөөнөттү эсептөө сунуштар ачылган күндөн башталат. Ушул Мыйзамдын 4-главасына ылайык даттануу же администрациялык даттануу келип түшкөн учурда, берүүчүнүн сунушун колдонуу мөөнөтү токтотулат жана даттануу каралган күндөрдүн санына карай автоматтык түрдө узартылат.

3. Сунуштарды колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин, сунуштарды баалоо үчүн убакыт жетишсиз болсо, же болбосо негиздүү даттануунун негизинде кайра баалоодо сатып алуучу уюм/Агент мөөнөттү белгилүү убакытка узартуу жөнүндө бардык берүүчүлөргө суроо-талап жөнөтөт.

Мындай суроо-талап четке кагылган учурда, берүүчү өзүнүн сунушуна кепилдик камсыздоону кайтарып берүү укугун жоготпойт.

Өз сунуштарын колдонуу мөөнөтүн узартууга макул болгон берүүчүлөр веб-портал аркылуу сунуштарына кепилдик камсыздоонун мөөнөтүн узартышат. Берүүчү банктык кепилдикти берген учурда, берүүчү өзүнүн сунушунун узартылган колдонуу мөөнөтүн жабуу менен жаңы банктык кепилдикти берет.

4. Берүүчү сунуш берүүнүн акыркы мөөнөтү аяктаганга чейин веб-портал аркылуу өзүнүн сунушун өзгөртүүгө же чакыртып алууга укуктуу, ошол эле убакта сунушту кепилдик камсыздоону кайтарып алууга укугун жоготпойт.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 30-январындагы № 19, 2023-жылдын 25-июлундагы № 147 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

21-берене. Алдын ала квалификациялоо жол-жоболору

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 25-июлундагы № 147 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

22-берене. Берүүчүнүн сунушуна кепилдикти камсыз кылуу

1. Берүүчүнүн сунушуна кепилдикти камсыз кылуу, ал сунушту чакыртып албоого жана шарттарын өзгөртпөөгө, ошондой эле ал жеңүүчүсү деп аныкталган учурда, ушул Мыйзамдын 24-беренесине ылайык белгиленген өлчөмдү эске алуу менен контрактты аткарууну камсыздоо киргизүүгө (бар болсо) жана контракт түзүүгө кепилдик берүү максатында берүүчү тарабынан киргизилет.

2. Берүүчүнүн сунушуна кепилдикти камсыз кылуу жөнүндө талап, берүүчүлөр катары сатып алууларга катышкан мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерди кошпогондо, бардык берүүчүлөргө бирдей колдонулат.

3. Сатып алуучу уюм/агент берүүчүнүн сунушуна кепилдикти камсыз кылуу талабын төмөнкү формаларда белгилейт:

1) сатып алуу предметинин пландалган наркынын 2 (эки) пайызынан ашпаган өлчөмдө сатып алуучу уюмга/Агентке берилүүчү акча каражаты же банк кепилдиги түрүндө;

2) берүүчүнүн сунушуна кепилдик берүүчү декларация түрүндө.

4. Берүүчүнүн сунушуна кепилдикти камсыз кылуунун мөөнөтү, сунушту колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин 10 (он) жумуш күндөн кем эмес мөөнөткө жарактуу болууга тийиш.

5. Берүүчүнүн сунушуна кепилдикти камсыз кылуу сатып алуучу уюм тарабынан 7 (жети) жумуш күндөн кечиктирилбестен төмөнкү учурларда кайтарылып берилет:

1) берүүчүнүн сунушун колдонуу мөөнөтү аяктаганда;

2) бул контракттын аткарылышына кепилдикти камсыз кылууну берүүдө (эгерде, мындай камсыз кылууну берүү сатып алуу жөнүндө документтерде каралса) жана контракт түзүүдө;

3) сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтү аяктаганга чейин берүүчүнүн сунушун чакыртып алууда;

4) ушул Мыйзамдын 28-беренесине ылайык сатып алуулардын жол-жоболору токтотулганда;

5) ушул берененин 6-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык.

6. Берүүчүнүн сунушуна кепилдикти камсыз кылууну берүү сатып алуучу уюм/Агент тарабынан төмөнкүдөй учурларда кармалат:

1) эгерде, мындай режимдерди киргизгенге чейин же мындай жагдайлар пайда болгонго чейин сатып алуу жөнүндө кулактандыруу жарыяланган шартта өзгөчө кырдаал, өзгөчө абал режимин киргизүүгө же күч жетпей калган жагдайларга байланыштуу баш тартуу учурларын кошпогондо, жеңүүчүнүн сунушунда каралган шарттарда контрактка кол коюудан баш тартканда;

2) контрактты аткарууга кепилдикти камсыз кылууну берүүдөн баш тартуу, эгерде мындай контрактты аткарууга кепилдикти камсыз кылууну берүү сатып алуу документтеринде каралган болсо;

3) берүүчүнүн сунушун ал ачылгандан кийин жана анын колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин кайра чакыртып алганда;

4) сунуштар ачылгандан кийин берүүчүнүн сунушунун шарттары өзгөртүлсө.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 30-январындагы № 19, 2023-жылдын 25-июлундагы № 147 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

23-берене. Берүүчүлөрдүн квалификациялык маалыматтары

1. Сатып алуу жөнүндө документтерде берүүчүлөрдүн квалификациялык деңгээлине карата талаптар, ошондой эле квалификациялык талаптарга шайкештигинин документалдык далилдерине болгон талаптар белгиленет.

2. Берүүчүнүн квалификациялык деңгээлине талаптар бардык берүүчүлөргө бирдей колдонулат жана контракт түзүү боюнча юридикалык жактан ыйгарым укуктан тышкары, төмөнкү минималдуу квалификациялык талаптарды камтыйт:

1) Кыргыз Республикасында салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын жоктугу. Кыргыз Республикасынын резиденти эместер үчүн - келген өлкөнүн мыйзамдарына ылайык карызы жөнүндө маалымат;

2) ушул Мыйзамдын 6-беренесинде белгиленген кызыкчылыктар кагылышынын жоктугу;

3) карыздын жоктугу жана финансылык отчеттуулук менен ырасталган финансылык жөндөмдүүлүктүн болушу;

4) лицензиялардын болушу (эгерде иш лицензияланса, Кыргыз Республикасынын резиденти болуп саналбаган катышуучулар үчүн - Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык контракттын негизинде тараптар лицензияны өз ара тааныган учурда, келип чыккан өлкөнүн лицензиясынын болушу;

5) контрактты жүзөгө ашыруу үчүн материалдык-техникалык базанын болушу;

6) зарыл билими жана тажрыйбасы бар тиешелүү квалификациядагы кызматкерлердин болушу;

7) сатып алуу предмети боюнча контракттарды аткаруудагы документтер менен тастыкталган окшош тажрыйбанын болушу.

3. Сатып алуу предмети боюнча контракттарды аткаруунун окшош тажрыйбасынын болуусунун квалификациялык талаптары белгиленген учурда, мындай талап сатып алуу предметинин пландалган наркынын өлчөмүнөн ашпоого тийиш.

4. Берүүчүнүн финансылык жөндөмдүүлүгүнүн болуусу белгиленген учурда карата квалификациялык талап белгиленген учурда, мындай талаптын суммасы сатып алуу предметинин пландалган наркынын өлчөмүнөн ашпоого тийиш.

5. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 25-июлундагы № 147 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

6. Жөнөкөй шериктештик (консорциум) катышкан учурда, жолдоштордун ар биринин окшош тажрыйбасынын болушун мүнөздөөчү цифралар сатып алуу жөнүндөгү документтерде белгиленет. Жөнөкөй жолдоштуктун мүчөлөрүнүн окшош тажрыйбасы, ошондой эле жөнөкөй жолдоштуктун өнөктөштөрүнүн ар биринин финансылык жана техникалык мүмкүнчүлүктөрү суммаланат жана сатып алуу жөнүндө документтерде белгиленген талаптардын 100 пайызына ылайык болууга тийиш. Бул талаптар шайкеш келбеген учурда жөнөкөй шериктештиктин берүүчүсүнүн сунушу четке кагылат.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 30-январындагы № 19, 2023-жылдын 25-июлундагы № 147 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

24-берене. Мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө демпингге каршы чаралар

1. Пландалган баадан 20 (жыйырма) пайыздан ашык демпингдик бааны бергенде сатып алуучу уюм/Агент төмөнкү чаралардын бирин колдонот:

1) товарларды сатып алууда сунуш кылынган баанын негиздемесин жана берүүчүнүн сунушунда көрсөтүлгөн шарттарда катышуучунун контрактты аткаруу жөндөмдүүлүгүн сурайт;

2) жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда контрактты аткарууга кепилдикти камсыздоонун өлчөмүн сатып алуу жөнүндө документтерде көрсөтүлгөндөн бир жарым эсеге көбөйтөт.

2. Товарларды сатып алууда ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пункту колдонулган учурда, сатып алуучу уюм/Агент берүүчүдөн төмөнкүлөрдү сурайт:

1) өндүрүүчүдөн берилген товардын баасы жана саны көрсөтүлгөн кепилдик катты; же

2) анда товардын бар экендигин ырастаган документтерди;

3) товарды сунушталган баада берүүдөгү анын мүмкүнчүлүгүн ырастаган башка документтерди жана эсептөөлөрдү.

3. Берүүчү сунушталган баа боюнча негиздеме бербеген учурда, сатып алуучу уюм/Агент анын сунушун четке кагат. Сатып алуучу уюмдун/Агенттин ушул бөлүккө ылайык берүүчүнүн сунушун четке кагуу чечими, мындай чечимдин себептери сатып алуулардын жол-жоболору протоколуна киргизилет.

(КР 2023-жылдын 30-январындагы № 19 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

25-берене. Берүүчүлөрдүн сунуштарын ачуу

1. Берүүчүлөрдүн сунуштарын ачуу жол-жобосу сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтү аяктагандан кийин дароо веб-портал аркылуу автоматтык түрдө жүзөгө ашырылат.

2. Ачуунун учурунда веб-портал төмөнкүдөй маалыматтарды ичине камтып, ачылыш протоколун түзөт:

1) сатып алуучу уюмдун/Агенттин аталышы, сатып алуунун аталышы, лоттордун аталышы, мамлекеттик сатып алуунун методу, сатып алуу жөнүндө кулактандыруу жарыяланган дата, сунуштарды ачуу датасы сыяктуу сатып алуу жөнүндө жалпы маалыматтар;

2) ачылышы болгон берүүчүлөрдүн аталышы, берүүчүлөрдүн сунуштары, же болбосо чектелбеген методдун эки пакеттүү ыкмасынын биринчи пакетиндеги берүүчүнүн идентификациялык коду;

3) ачуу күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий курсу боюнча кайра эсептелген ар бир лот боюнча бааны камтыган берүүчүнүн сунушунун баасы жана валютасы;

4) эгерде сатып алуу жөнүндө документтерде арзандатууларды сунуштоо каралса, сунушталган арзандатуу жөнүндө маалымат;

5) берүүчүнүн сунушуна кепилдикти камсыздоонун мөөнөтү, формасы жана өлчөмү;

6) берүүчүнүн сунушун колдонуу мөөнөтү;

7) берүүчүнүн салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызынын жоктугу же бар экендиги жөнүндө маалымат.

3. Чектелбеген методдун эки пакеттүү ыкмасынын сунуштарды ачуу жол-жобосу төмөнкүдөй тартипте жүзөгө ашырылат:

1) биринчи пакетте квалификациялык жана техникалык сунуштар менен берүүчүлөрдүн бардык келип түшкөн сунуштары ачылат;

2) экинчи пакетте квалификациялык жана техникалык сунуштар боюнча биринчи пакеттин баалоосунан өткөн берүүчүлөрдүн финансылык сунуштары ачылат. Финансылык сунуштарды ачуу, эгерде сатып алуулардын жол-жоболору ушул Мыйзамдын 4-главасына ылайык токтотулган болбосо, биринчи пакетти баалоонун жыйынтыгы жарыяланган датадан тартып 5 (беш) жумуш күндөн кийин жүзөгө ашырылат.

Биринчи пакетти ачууда финансылык сунуштар жөнүндө маалыматтарды кошпогондо, ушул берененин 2-пунктунда каралган төмөнкүдөй маалыматтар веб-портал тарабынан түзүлөт.

Финансылык сунуштарды ачууда веб-портал тарабынан кошумча түрдө төмөнкү маалыматтар түзүлөт:

а) квалификациялык жана техникалык талаптарга шайкештигин баалоонун биринчи этабынан өткөн берүүчүлөрдүн аталышы менен идентификациялык коду;

б) берүүчү сунуштаган баа жана валюта, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий курсу боюнча кайра эсептелген ар бир лот боюнча баалар;

в) эгерде сатып алуулар жөнүндө документтерде арзандатуу жөнүндө сунуш каралган болсо, сунуш кылынган арзандатуу жөнүндө маалымат.

4. Сүйлөшүүлөр менен чектелбеген метод колдонулган учурда биринчи этапта ушул берененин 2-бөлүгүнүн 1, 2 жана 7-пункттарында каралган маалыматтар ачылат.

Экинчи этапта сатып алуучу уюм/Агент биринчи этапта сунуштары четке кагылбаган берүүчүлөргө сатып алуу жөнүндө акыркы документтерди веб-портал аркылуу жөнөтөт жана сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтүн сатып алуу жөнүндө документтер жиберилген датадан тартып кеминде 10 (он) жумуш күндө белгилейт.

Экинчи этапка биринчи этапта сунуштары четке кагылбаган берүүчүлөрдүн документтеринин кайра каралган шарттарын эске алуу менен акыркы сунуштар берилет.

Финансылык сунуштар менен экинчи этапты ачууда веб-порталда ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган маалыматтар белгиленет.

5. (КР 2023-жылдын 30-январындагы № 19 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2023-жылдын 30-январындагы № 19 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

26-берене. Берүүчүлөрдүн сунуштарын баалоо, жеңүүчүнү аныктоо

1. Берүүчүлөрдүн сунуштарын баалоодо ушул Мыйзамда жана сатып алуу жөнүндө документтерде каралган жол-жоболор жана критерийлер гана пайдаланылат. Сатып алуучу уюм/Агент тарабынан берүүчүлөрдүн сунуштарын сатып алуучу уюм/Агент аныкталуучу балл боюнча же стандарттык баалоо системасы боюнча баалайт.

2. Сатып алуучу уюм/Агент сунуштарды баалоонун жүрүшүндө берүүчүлөрдөн алардын сунуштары боюнча түшүндүрмөлөрдү талап кыла алат. Түшүндүрүү жөнүндө суроо-талаптар жана жооптор веб-портал аркылуу берилиши керек. Берүүчүнүн сунушунун маңызын өзгөртүү максатында эч кандай суроо-талаптарга, сүйлөшүүлөргө же уруксаттарга жол берилбейт.

3. Сатып алуучу уюм/Агент берүүчүлөрдүн квалификациялык маалыматтарын сатып алуу жөнүндөгү документтердеги баяндалган квалификациялык талаптарга ылайык баалайт.

4. Сатып алуучу уюм/Агент берүүчүнүн сунушун, эгерде анда сатып алуу жөнүндө документтерден баяндалган мүнөздөмөлөрдөн, шарттардан жана башка талаптардан олуттуу түрдө өзгөрүлбөгөн же олуттуу түрдө четтебеген анча-мынча дал келбестиктер болсо, талаптарга жооп берет деп карашы мүмкүн.

Төмөнкү четтөөлөр, жаңылыштыктар олуттуу болуп саналат эгер:

1) товарларды же жумуштарды берүүнүн предметине же көлөмүнө же сапатына же сатып алуу жөнүндө документтердин талаптарын аткарууга олуттуу таасир көрсөтүүчү талап кылынган документтер же маалыматтар жок болсо;

2) сатып алуунун предмети, берүүнүн көлөмү, жумуштары, кызмат көрсөтүүлөрү сатып алуу жөнүндө документтердин талаптарына жооп бербесе;

3) товарларга, аткарылган жумуштарга же кызмат көрсөтүүлөргө берилген кепилдиктердин мөөнөтү сатып алуу жөнүндө документтерде белгиленген мөөнөттөн аз болсо;

4) белгиленген талаптарга негиздүү деңгээлде жооп берүүчү сунуштарды берген башка берүүчүлөрдү бирдей эмес шарттарга коюусу мүмкүн болсо.

5. Баалоонун жүрүшүндө сатып алуучу уюм/Агент берүүчүнүн сунушун төмөнкү учурларда четке кага алат, эгерде:

1) сунушту берген берүүчү сатып алуу документтеринде белгиленген квалификациялык талаптарга жооп бербесе;

2) берүүчү берүүчүнүн сунушуна кепилдик берүүчү декларацияга кол койбосо, же болбосо берүүчүнүн сунушуна кепилдикти камсыздоону бербесе;

3) берүүчүдө салыктар же камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча 10 эсептик көрсөткүчкө барабар же андан жогору карызы болсо;

4) берүүчүнүн сунушунда сунушталган техникалык параметрлер сатып алуу жөнүндө документтердин техникалык өзгөчөлүгүнө ылайык келбесе;

5) берүүчүнүн бул сунушу мааниси боюнча сатып алуу жөнүндө документтердин талаптарына жооп бербесе.

6. Сатып алуучу уюм/Агент сатып алуу жөнүндө документтердин талаптарына мааниси боюнча жооп берген берүүчүнүн жеңишке ээ болгон сунушун аныктайт:

1) баалоонун баа баллдык системасы колдонулса, эң жогорку балл менен;

2) белгиленген баа квалификациялык жана техникалык талаптарды эске алуу менен эң төмөнкү баа менен.

7. Эгерде баалоонун жыйынтыктары боюнча берүүчүлөр тарабынан сатып алуу жөнүндө документтердин талаптарына жооп берүүчү бирдей баалары жана шарттары бар сунуштар берилсе, анда сатып алуучу уюм/Агент веб-портал аркылуу бирдей баадагы жана шарттагы сунуштарды берген берүүчүлөргө баштапкы сунуштардын өлчөмүнөн бааны төмөндөтүү (арзандатып берүү) мүмкүнчүлүгү жөнүндө суроо-талап жөнөтөт. Жеңүүчү деп эң төмөнкү бааны (эң жогорку арзандатууну) көрсөткөн берүүчүнүн сунушу эсептелинет.

Эгерде бааны төмөндөткөндөн кийин (арзандатып берүү) берүүчүлөр бирдей сунуштарды (баа, арзандатуу) беришсе, анда жеңүүчү веб-портал тарабынан атайы эмес тандоо жолу менен аныкталат.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 30-январындагы № 19, 2023-жылдын 25-июлундагы № 147 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

27-берене. Сатып алуулар жол-жоболорунун протоколу

1. Сатып алуулар жол-жоболорун жүргүзүүдө сатып алуулардын жол-жоболорунун протоколу түзүлөт жана кол коюлгандан кийин бир жумуш күндүн ичинде веб-порталда автоматтык түрдө жайгаштырылат, анда төмөнкү маалыматтар чагылдырылат:

1) сатып алуучу уюмдун/Агенттин аталышы, сатып алуунун аталышы, мамлекеттик сатып алуунун методу, сатып алуу жөнүндө кулактандыруу жарыяланган дата, сунуштарды ачуу күнү, сунуштарга баа берүүнүн жыйынтыктары жарыяланган дата сыяктуу сатып алуу жөнүндө жалпы маалыматтар;

2) ар бир лот боюнча сатып алуу предметинин баяндамасы;

3) сунуштарды берүүчү берүүчүлөрдүн аталышы жана даректери, ошондой эле чектелбеген ыкманын эки пакеттүү методу колдонулуп калган учурда алардын идентификациялык коду;

4) сатып алуу жөнүндө документтерде берүүчүлөргө коюлган талаптар;

5) (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 25-июлундагы № 147 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

6) сунуштарды берген берүүчүлөрдүн квалификациясы жөнүндө маалымат;

7) сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө маалымат;

8) берүүчүнүн ар бир сунушунун баасы жана башка негизги шарттары;

9) жеңүүчүнү тандоо үчүн баалоо критерийлери;

10) сунуштардын колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө маалымат;

11) бардык сунуштар четке кагылган учурда аларды четке кагуу негиздери жөнүндө маалымат;

12) даттануулар жана аларды кароонун натыйжалары жөнүндө маалыматтар;

13) жол-жоболорду токтотуу жана кайра баштоо жөнүндө маалымат;

14) эксперттерди тартуу жөнүндө маалымат;

15) жеңүүчү деп жарыяланган берүүчүнүн аталышы жана дареги, контракттын баасы жана башка негизги шарттары (алкактык макулдашуунун жол-жобосу болгон учурда - алкактык макулдашуунун негизги шарттары жөнүндө кошумча кыскача маалымат);

16) жабдуучулардын четке кагылбаган сунуштарынын рейтинги;

17) ушул Мыйзамдын 24-беренесине ылайык өтө төмөн баадагы сунуштарды четке кагуунун себеби;

18) ошондой эле маалымат:

а) рейтинг боюнча биринчи орунду ээлеген жеңүүчү менен контрактыга кол коюудан баш тартуу жөнүндө;

б) рейтинг боюнча кийинки орундарды ээлеген жабдуучулар менен контрактыга кол коюудан баш тарткандыгы жөнүндө;

в) же болбосо сатып алуучу уюмдун/Агенттин рейтинг боюнча кийинки орундарды ээлеген жабдуучулар менен контракт түзбөө жөнүндө чечими;

19) протоколго даттануу мөөнөтү;

20) мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарга ылайык сатып алуулардын жол-жоболорунун протоколуна киргизилүү зарыл болгон башка маалыматтар.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 30-январындагы № 19, 2023-жылдын 25-июлундагы № 147 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

28-берене. Сатып алууну жокко чыгаруу, сатып алуу болду жана болгон жок деп таануу

1. Эгерде андан ары сатып алуулардын зарылдыгы жок болуп калса, сатып алуучу уюм/Агент мамлекеттик сатып алуулардын жол-жобосун контракт түзүлгөнгө чейин каалаган убакта жокко чыгара алат.

Кийинчерээк сатып алуучу уюмга мындай сатып алуу предметин сатып алуу зарылчылыгы болбой калган учурдан тартып 1 (бир) жылдын ичинде сатып алуучу уюмдун чечими боюнча талап кылынбай калган сатып алуу предметин сатып алууга тыюу салынат.

2. Эгерде чектелбеген методдун эки пакеттик ыкмасы менен сатып алууларды жүзөгө ашырууда сатып алуу жөнүндө документтердин талаптарына жооп берген бир гана сунуш берилген болсо, же болбосо четке кагылгандан кийин сатып алуу жөнүндө документтердин талаптарына жооп берген бир гана сунуш калса, анда бул сатып алуулар болду деп таанылат.

Эгерде сатып алуу котировкаларды суратып алуу методу менен жүзөгө ашырылса жана өткөрүлгөн баалоонун жыйынтыктары боюнча сатып алуу жөнүндө документтердин белгиленген талаптарына жооп берген берүүчүнүн бир гана сунушу калса, анда бул сатып алуу болду деп таанылат.

Эгерде алкактык макулдашууну колдонуу менен сатып алуулар жүзөгө ашырылган учурда бир гана сунуш берилсе, же болбосо четке кагылгандан кийин сатып алуу жөнүндө документтердин талабына жооп берген бир гана сунуш калса, анда сатып алуунун мындай жол-жобосу болду деп таанылат.

3. Сатып алуучу уюм/Агент төмөнкү учурларда сатып алуулар болгон жок деп тааныйт, эгерде:

1) бир дагы сунуш келип түшпөсө, келип түшкөн сунуштар жетишсиз санда болсо, же болбосо берүүчүлөрдүн бардык сунуштары четке кагылса;

2) сунуштун минималдуу баасы сатып алуу предметинин пландалган бюджетинен ашса;

3) балл менен баалоонун натыйжасы боюнча бир дагы беруучү минималдуу өтүү баллын топтой албаса;

4) сатып алуулардын жеңүүчүсү, же болбосо рейтинг боюнча кийинки орунду ээлеген жеңүүчү контрактыга кол коюудан баш тартса, же болбосо сатып алуучу уюм/Агент рейтинг боюнча кийинки орунду ээлеген берүүчү менен контрактыга кол койбоо жөнүндө чечим кабыл алса;

5) мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ушул Мыйзамдын 8-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык бузуулар аныкталса.

4. Ушул берененин 3-бөлүгүнө ылайык сатып алуу болгон жок деп таанылган учурда сатып алуучу уюм/Агент баалоо критерийлерин, сатып алуу предметинин пландалган наркын, техникалык өзгөчөлүктөрдү, квалификациялык талаптарды кайра карап чыгууга жана сатып алууну кайра жүргүзүүгө тийиш, бирок сатып алуу болгон жок деп таанылган датадан тартып 5 (беш) жумуш күндөн эрте эмес.

5. Сатып алуучу уюм/Агент ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган учурларда бир жана ошол эле сатып алуулардын ажырагыс бөлүгү лот же лоттор болгон жок деп таанууга укуктуу.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 30-январындагы № 19, 2023-жылдын 25-июлундагы № 147 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

29-берене. Жеңүүчүнү ырастоо жөнүндө кабарлоо жана контракт түзүү

1. Жеңүүчү деп аныкталган берүүчү чектелбеген метод менен 3 жумуш күндүн ичинде сатып алууларды жүргүзүүдө жана котировкаларды суратып алуу методу менен - 1 жумуш күндүн ичинде жеңүүчү деп таануу жөнүндө кабарлоону ырастоого тийиш.

2. Сатып алуучу уюм/Агент жүргүзүлгөн тандоо жөнүндө маалымат веб-порталда жарыяланган күндөн тартып, эгерде ушул Мыйзамдын 4-главасына ылайык сатып алуулардын жол-жоболору токтотулбаганда гана 3 жумуш күндөн эрте эмес жана 8 жумуш күндөн кечиктирбестен, жеңип алган берүүчү менен контрактыга кол коёт.

Электрондук каталог аркылуу бир булактан сатып алуу методу менен сатып алууда сатып алууларды жүзөгө ашырууда уюм/Агент 1 жумуш күндүн ичинде контрактыга кол коёт.

Бир берүүчү сатып алууга катышкан учурда, контракт берүүчү тарабынан билдирүү ырасталган шартта, иштелип чыккан тандоо жөнүндө маалымат веб-порталда жарыяланган күндөн тартып 1 (бир) жумуш күндүн ичинде түзүлөт.

3. Сатып алуучу уюм/Агент сунушу жеңүүчү деп таанылган берүүчү менен ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө белгиленген талаптарды эске алып, сунуштун шарттарына жана жарактуулук мөөнөтүнө ылайык контракт түзөт.

4. Аныкталган жеңүүчү тарабынан билдирүү ырасталбаган же андан баш тарткан учурда сатып алуучу уюм/Агент ушул Мыйзамдын 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 16-пунктуна ылайык рейтинг боюнча кийинки орунду ээлеген берүүчү менен контракт түзө алат.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 30-январындагы № 19, 2023-жылдын 25-июлундагы № 147 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

3-глава. Консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу

 

30-берене. Консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну жүзөгө ашыруу методдору

1. Консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу төмөнкүдөй методдор менен жүзөгө ашырылат:

1) квалификациясы жана наркы боюнча тандоо;

2) квалификациясы боюнча тандоо;

3) эң төмөнкү баа боюнча тандоо;

4) бир булактан.

2. Консультациялык кызмат көрсөтүүлөр тийиштүү квалификациясы бар юридикалык же жеке жактар тарабынан көрсөтүлөт.

(КР 2023-жылдын 30-январындагы № 19 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

31-берене. Консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуунун жол-жобосу

Консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуунун жол-жобосу төмөнкүдөй этаптардан турат:

1) техникалык тапшырманы даярдоо;

2) чыгымдардын сметасын (бюджетти) даярдоо;

3) кулактандырууларды жайгаштыруу;

4) билдирүү берилген тармактагы иштөө тажрыйбасы тууралуу берилген маалыматтын негизинде консультанттардын кыскача тизмесин түзүү;

5) сатып алуу жөнүндө документтерди даярдоо;

6) сунуштарды алуу;

7) техникалык сунуштарды баалоо;

8) финансылык сунуштарды баалоо;

9) сапатын жана наркын акыркы баалоо;

10) сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана контракт түзүү.

32-берене. Техникалык тапшырманы даярдоо

1. Техникалык тапшырмада анын максаттары, милдеттери, көлөмү, талаптардын баяндамасы жана отчетторду берүү мөөнөттөрү, маалымдама маалыматтар, анын ичинде тиешелүү изилдөөлөрдүн тизмеги көрсөтүлөт.

2. Эгерде техникалык тапшырманын максаты билим берүү же кадрларды даярдоо болгон учурда, бул маалымат окутулууга тийиш болгон кызматкерлердин саны тууралуу кеңири маалымат менен катар эле өзүнчө бөлүп көрсөтүлүүгө тийиш.

3. Техникалык тапшырмада аны аткаруу үчүн зарыл болгон кызмат көрсөтүүлөр жана иликтөөлөр, болжолдуу жыйынтык документтер саналып көрсөтүлөт, ошондой эле сатып алуучу уюмдун/Агенттин жана консультанттардын милдеттери так аныкталат.

33-берене. Сатып алуунун чыгымдарынын сметасын (бюджетти) даярдоо

1. Сатып алуучу уюм/Агент чыгымдардын сметасын (бюджетти) түзөт, анда тапшырманы аткарууга зарыл болгон чыгымдар: кызматтарды көрсөтүү мөөнөтү, уюштуруучулук-техникалык колдоо жана баштапкы материалдык-техникалык ресурстар камтылат.

2. Чыгымдардын сметасы (бюджет) үч бөлүмдөн турат:

1) кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө же сый акы;

2) орду толтурулуучу чыгымдар (ылайыгына жараша чет өлкөлүк жана жергиликтүү деп бөлүнөт);

3) материалдык-техникалык колдоо көрсөтүүгө кеткен чыгымдар.

34-берене. Консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу жөнүндө кулактандыруу. Консультанттардын кыскача тизмесин түзүү

1. Консультанттардан алардын кызыкдар болгондугу жөнүндө кат алуу үчүн сатып алуучу уюм/Агент бир булактан сатып алуулар методунан башка, консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу жөнүндө кулактандырууну веб-порталында жарыялайт.

2. Бир булактан сатып алуулар методун кошпогондо, консультанттардын кызыкдарлыгы жөнүндө кат алуу үчүн сатып алуучу уюм/Агент веб-порталында кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып 5 (беш) жумуш күндөн кем эмес мөөнөттү белгилейт. Веб-портал консультанттардын аталышын, дарегин жана катталган өлкөсүн көрсөтүү менен кызыкчылыктары бар каттар тууралуу маалыматты автоматтык түрдө түзөт.

3. Сатып алуучу уюм/Агент кызыкдар болгондугу жөнүндө каттардын негизинде консультанттардын кыскача тизмесин түзөт жана аларды веб-порталда жайгаштырат. Кыскача тизмеге бир консультант кирсе боло турган квалификация боюнча тандоо методун кошпогондо, экиден кем эмес консультант киргизилүүгө тийиш.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 30-январындагы № 19, 2023-жылдын 25-июлундагы № 147 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

35-берене. Сатып алуулар жөнүндө документтердин мазмуну

1. Сатып алуучу уюм/Агент документтердин электрондук формасынын негизинде сатып алуулар жөнүндө документтерди иштеп чыгат жана кыскача тизмедеги консультанттарга ага кирүү мүмкүндүгүн камсыз кылат. Сатып алуулар жөнүндө документтерде милдеттүү түрдө төмөнкүлөр камтылат:

1) сатып алуулар, сунуштардын колдонуудагы мөөнөтү, ошондой эле сунуштарды берүүнүн датасы жана убактысы жөнүндө маалыматтар;

2) консультанттар үчүн нускама;

3) консультанттар үчүн маалымат;

4) техникалык тапшырма;

5) сатып алуулар боюнча контракттын өзгөчө шарттары, анын ичинде контракттын долбоору жана зарылдык катары сатып алуучу уюм/Агент аныктоочу, контрактыга киргизилүүчү башка жоболор.

2. Консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну өзүнчө лотторго бөлүүгө болбойт.

36-берене. Консультанттар үчүн маалымат

1. Консультанттар үчүн маалыматта төмөнкүлөр камтылууга тийиш:

1) тапшырманын кыскача баяндалышы;

2) техникалык баалоонун критерийлерин саноону, финансылык баа берүүнүн баяндалышын, сапаты боюнча минималдуу өтүү баллын, финансылык сунуштарды ачып кароо шарттарын кошуп алганда, тандоонун колдонулуучу жол-жоболорунун баяндалышы;

3) негизги кызматкерлердин тапшырмаларды аткаруусу үчүн убакыттын эсептик сарптоолору;

4) сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтү;

5) кызыкчылыктардын кагылышуусуна байланыштуу кызмат көрсөтүүлөргө контракт түзүлгөндөн кийин консультант жана анын кайсы гана туунду ишканасы болбосун сатып алуулардын жол-жоболоруна катышууга укуксуз экендиги тууралуу билдирүүсү;

7) сунуштардын колдонулуу мөөнөтүнүн ичинде консультанттар сунушталган негизги кызматкерлердин курамына өзгөртүү киргизүүгө укуксуз экендиги жана сунуш кылынган ставкаларды жана жалпы бааны карманууга тийиш экендиги жөнүндө билдирүү;

8) консультант тапшырманы качантан баштап аткарууга кирише тургандыгынын болжолдуу датасы;

9) сатып алуучу уюм тарабынан берилүүгө тийиш болгон кызмат көрсөтүүлөр, орун-жайлар, жабдуулар жана кызматкерлер тууралуу маалыматтар;

10) тапшырманын этаптары, эгерде зарыл болсо тапшырманы улантуунун ыктымалдыгы;

11) тапшырманын бөлүгүнө субподряддар контрагын түзүү шарттары.

2. Сатып алуучу уюм/Агент консультанттар үчүн маалыматка кошумча маалыматтарды киргизе алат.

37-берене. Сунуштарды берүү жана ачып кароо мөөнөттөрү

1. Сатып алуучу уюм/Агент веб-порталында сунуштарды берүүнүн так датасын жана акыркы мөөнөттүн убактысын белгилейт:

1) квалификация жана нарк боюнча тандоодо - кулактандыруу жарыяланган датадан тартып 15 жумуш күндөн кем эмес;

2) квалификация боюнча тандоодо - кулактандыруу жарыяланган датадан тартып 7 жумуш күндөн кем эмес;

3) эң төмөнкү баа боюнча тандоодо - кулактандыруу чыккан күндөн тартып 5 (беш) жумуш күндөн кем эмес;

4) бир булактан сатып алууда - кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып 2 (эки) жумуш күндөн кем эмес.

2. Консультант веб-портал аркылуу сатып алуу документтеринин жоболору боюнча түшүндүрмө сурай алат:

1) квалификация жана нарк боюнча тандоодо сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтү аяктаганга чейин 5 (беш) жумуш күндөн кечиктирбестен;

2) квалификация боюнча тандоодо сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтү аяктаганга чейин 5 (беш) жумуш күндөн кечиктирбестен;

3) эң төмөнкү баа боюнча тандоодо сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтү аяктаганга чейин 3 жумуш күндөн кечиктирбестен.

Сатып алуучу уюм/Агент мындай суроо-талапка 2 жумуш күндөн кечиктирбестен жооп берет.

3. Техникалык жана финансылык сунуштар консультант тарабынан веб-портал аркылуу бир убакта берилиши керек. Техникалык сунуштар сатып алуу жөнүндө документте көрсөтүлгөн акыркы мөөнөт бүткөндөн кийин веб-порталда автоматтык түрдө ачылат. Сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтү узартылган учурда ачуу тиешелүү күнү жүргүзүлөт. Ачуу протоколу веб-портал тарабынан автоматтык түрдө түзүлөт жана төмөнкү маалыматтарды камтышы керек:

1) консультанттын аталышы, дареги жана катталган өлкөсү;

2) сатып алуу жөнүндө документте талап кылынган бардык документтердин болгону.

4. Техникалык сунуштарды баалоонун жыйынтыктары жайгаштырылгандан кийин веб-портал техникалык сунуштары минималдуу өтүү баллын топтогон консультанттардын финансылык сунуштарын төмөнкү мөөнөттөрдө ачат:

1) квалификациясы жана наркы боюнча тандоодо, ошондой эле квалификация боюнча тандоодо - техникалык сунуштарды баалоонун жыйынтыктары жарыяланган күндөн тартып 5 жумуш күндөн кем эмес;

2) эң төмөнкү баа боюнча тандоодо - техникалык сунуштарды баалоонун жыйынтыктары жарыяланган күндөн тартып 3 жумуш күндөн кем эмес.

Финансылык сунуштарды ачуунун протоколу веб-портал тарабынан автоматтык түрдө топтолот жана консультанттын аталышы, техникалык сунуш боюнча алган баллы жана анын сунуштарынын баасы жөнүндө маалыматтарды камтуусу тийиш.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 25-июлундагы № 147 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

38-берене. Сунуштарды баалоо

1. Сунуштарды баалоо эки этапта жүргүзүлөт. Сунуштарды баалоо сатып алуулар жөнүндө документтердин талаптарынын негизинде жүргүзүлүүсү тийиш.

2. Биринчи этапта техникалык сунуштар бааланат. Техникалык сунуштарды баалоонун жыйынтыгы сатып алуучу уюм/Агент тарабынан техникалык сунуштар үчүн алган баллдарды көрсөтүү менен, веб-порталга жайгаштырылат.

3. Экинчи этапта, веб-портал финансылык сунушту автоматтык түрдө ачкандан кийин, сатып алуучу уюм/Агент баллдык тутум боюнча финансылык сунуштарды баалоону өткөрөт.

4. Жалпы баллды алуу (биргелешкен баалоо) максатында веб-портал консультанттардын техникалык жана финансылык сунуштар үчүн алган баллдарды автоматтык түрдө кошот.

Жүргүзүлгөн баалоонун негизинде веб-портал сатып алуулардын жол-жоболор протоколун автоматтык түрдө топтойт, ал бир булактан алуу методун кошпогондо, кол коюлгандан кийин бир күндүн ичинде мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталына жайгаштырылат.

5. Сатып алуулардын жол-жоболор протоколу төмөнкүдөй маалыматтарды камтуусу тийиш:

1) консультанттардын аталышы, дареги жана катталган өлкөсү;

2) техникалык, финансылык сунуштар үчүн баллдардын санын жана биргелешкен баалоону;

3) даттануулар жана аларды кароонун натыйжалары жөнүндө маалыматтарды;

4) жол-жоболорду токтото туруу жана кайра баштоо жөнүндө маалыматтарды;

5) биринчи жана экинчи орундарды көрсөтүү менен сатып алуулардын жеңүүчүсүнүн рейтинги;

6) мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболоруна ылайык, сатып алуулардын жол-жоболор протоколуна киргизүү зарыл болгон башка маалыматтарды.

(КР 2023-жылдын 30-январындагы № 19 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

39-берене. Сүйлөшүүлөр жана контракт түзүү

1. Сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнгө чейин эң көп максималдуу жалпы балл алган консультант контракт түзүү жөнүндө кабарламаны ырастоосу керек:

1) квалификациясы жана наркы боюнча жана квалификациясы боюнча тандоодо - 3 жумуш күндүн ичинде;

2) эң төмөнкү баа боюнча тандоодо -1 жумуш күндүн ичинде.

2. Баалоо жыйынтыктары веб-порталда жарыялангандан кийин 3 жумуш күндүн ичинде сатып алуучу уюм/Агент веб-портал аркылуу эң көп балл алган консультантты контракт түзүү үчүн сүйлөшүүлөргө чакырат.

3. Консультант менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тапшырманы аткаруу методикасына, персоналга, кызматтарды көрсөтүүнүн мөөнөттөрүнө, сатып алуучу уюм берүүчү материалдык-техникалык ресурстарга жана контракттын шарттарына тийиштүү маселелер талкууланат. Консультациялык кызматтарды көрсөткөнү үчүн консультантты сыйлоо жөнүндө маселе талкууга жатпайт.

4. Сүйлөшүүлөр консультациялык кызматтарды көрсөтүүнүн сапатына жана баалоонун баштапкы маанисине таасир тийгизиши мүмкүн болгон техникалык тапшырманын же контракттын шарттарынын баштапкы вариантын олуттуу өзгөртүүлөргө алып келбөөсү тийиш. Техникалык тапшырманын жана/же макулдашылган методиканын акыркы варианты контракттын бөлүгү болуп саналат.

5. Негизги персонал катары берилген алмаштыруу тажрыйбасы жана квалификациясы боюнча ылайык келбеген учурда, сатып алуучу уюм/Агент сүйлөшүүлөрдү токтотот жана рейтинг боюнча экинчи орунду ээлеген консультант менен сүйлөшүүлөргө өтөт. Рейтинг боюнча экинчи орунду алган консультант контракт түзүүдөн баш тарткан учурда кайрадан сатып алуу жүргүзүлөт.

6. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча жеңүүчү аныкталган күндөн тартып 3 жумуш күндөн эрте эмес жана 8 жумуш күндөн көч эмес контрактыга кол коюлат.

7. Сатып алуучу уюм/Агент түзүлгөн контракт жөнүндө маалыматты ушул Мыйзамдын 47-беренесине ылайык веб-порталга жайгаштыруусу тийиш.

(КР 2023-жылдын 30-январындагы № 19 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

40-берене. Квалификация боюнча тандоо

1. Квалификация боюнча тандоо төмөнкүлөрдү аткаруу зарыл болгон учурларда колдонулат:

1) техникалык тапшырманы иштеп чыгуу жана консультанттардан талап кылынуучу материалдык-техникалык ресурстардын чыгымдарын так аныктоо кыйын болгон татаал же тар адистешкен тапшырмаларды, же

2) аткарылышы консультанттардын квалификациясынан көз каранды, андан аркы иштер үчүн маанилүү кесепеттерге ээ болушу мүмкүн болгон тапшырмаларды; же

3) сунуштарды салыштыруу мүмкүн болбогон, ар кандай ыкмалар менен аткарылышы мүмкүн болгон тапшырмаларды.

2. Сатып алуу жөнүндө документтерде болжолдуу бюджет көрсөтүлбөйт, бирок бул маалымат багытталма катары гана келтирилгенин жана техникалык сунушта консультанттар өздөрүнүн эсептерин сунуш кылууга укуктуу экенин эскертүү менен негизги персонал үчүн убакыттын сарптоолорунун эсеби көрсөтүлүшү мүмкүн.

3. Техникалык сунуштарды баалоо ушул Мыйзамдын 38-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүнө ылайык жүргүзүлөт.

Техникалык сунуш боюнча эң жогорку балл алган консультант веб-портал аркылуу финансылык сунушун берет. Веб-портал консультанттын финансылык сунушун автоматтык түрдө ачат.

Сатып алуучу уюм/Агент жана консультант финансылык сунуш жана контракт боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

4. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар контракт түзүү жөнүндө макулдаша албаган учурда, сатып алуучу уюм/Агент сатып алуу жол-жоболорун токтотот жана кайрадан тандоо өткөрөт.

41-берене. Эң төмөнкү баа боюнча тандоо

1. Эң төмөнкү баа боюнча тандоо методу төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:

1) синхрондук котормо кызмат көрсөтүүсү, аудитордук кызмат көрсөтүүлөр жана башка конкреттүү тапшырмалар болгондо;

2) эгерде тапшырманын узактыгы 6 айдан ашуунду түзгөндө, жеке консультанттарды тандоо зарылдыгы болгондо.

2. Төмөнкү баа боюнча сатып алууда сатып алуучу уюм/Агент сатып алуу жөнүндө документтерде консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн бюджетин көрсөтүүсү керек жана консультанттар техникалык жана финансылык сунуштарды бир убакта берүүлөрү тийиш.

3. Техникалык сунуштарды баалоо ушул Мыйзамдын 38-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүнө ылайык жүргүзүлөт.

4. Контракт боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө техникалык сунуш боюнча өтүү баллын алган жана финансылык сунуш боюнча эң төмөнкү бааны сунуштаган консультант чакырылат.

5. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар контракт түзүү жөнүндө макулдаша албаган учурда, сатып алуучу уюм/Агент сүйлөшүүлөрдү токтотот жана баллынын көптүгү боюнча кийинки консультант менен сүйлөшүүлөргө өтөт, ал сүйлөшүүлөргө веб-портал аркылуу чакырылат. Экинчи консультант контракт түзүүдөн баш тарткан учурда кайрадан тандоо жүргүзүлөт.

(КР 2023-жылдын 30-январындагы № 19 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

42-берене. Бир булактан сатып алуулар

1. Сатып алуучу уюм/Агент консультанттарды веб-портал аркылуу жана башка электрондук аянтчалар аркылуу төмөнкү учурларда тапшырмаларды аткарууга чакырат, эгерде:

1) тапшырма ушул Мыйзамдын 30-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-3-пункттарында каралган сатып алуулардын методдорун колдонуу менен жалданган консультант тарабынан аткарылган мурунку иштин уландысы болуп саналса;

2) форс-мажордук жагдайдын натыйжасында кырдаал өзгөчө мүнөзгө ээ болсо;

3) жак ушул тапшырманы аткаруу үчүн зарыл болгон квалификацияга жана тажрыйбага ээ болгон жалгыз консультант болуп саналса;

4) тапшырманын узактыгы 6 айдан кийин түзсө.

2. Жеке консультанттарды тандоо конкреттүү тапшырманы аткаруу үчүн алардын тажрыйбасын жана квалификациясын эске алуу менен жүзөгө ашырылат. Консультанттар веб-портал аркылуу тапшырмаларды аткарууга кызыкдарлыгын билдиргендердин арасынан, тажрыйбасын жана квалификациясын салыштыруу жолу менен тандалып алынат.

3. Сатып алуучу уюм/Агент ушул Мыйзамдын 47-беренесине ылайык сатып алуу жөнүндө түзүлгөн контракт жөнүндө маалыматты жайгаштырат.

(КР 2023-жылдын 30-январындагы № 19 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

4-глава. Даттануу тартиби

 

43-берене. Даттануу берүүнүн тартиби

1. Берүүлөр жана консультанттар веб-портал аркылуу сатып алуучу уюмдун/Агенттиктин аракетине (аракетсиздигине), чечимине даттанууга укуктуу, эгерде алардын аракети (аракетсиздиги), чечими бул берүүчүнүн же консультанттын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын төмөнкү тартипте бузса:

1) сатып алуучу уюмдун/Агенттин дарегине (биринчи инстанциядагы администрациялык орган);

2) көз карандысыз комиссиянын дарегине (экинчи инстанциядагы администрациялык орган).

Эки инстанциядагы даттануу канааттандырылбаган учурда, даттанууларды кароо сот тартибинде жүзөгө ашырылат.

2. Даттануу төмөнкүлөргө берилиши мүмкүн:

1) мамлекеттик сатып алуулар методуна;

2) сатып алуулар жөнүндө документтердин шарттарына;

3) сатып алуучу уюмдун/Агент аракетине (аракетсиздигине), чечимине;

4) сатып алуулар жөнүндө контрактыга кол коюу учурунда контракттын шарттарын өзгөртүүгө.

3. Төмөнкүлөр даттануунун предмети боло албайт:

1) контракттарды банктык коштоону колдонуу шарты;

2) сатып алуучу уюмдун ушул Мыйзамдын 28-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык кабыл алган чечими;

3) баа баалоонун жалгыз критерийи болуп саналган стандарттык товарларды электрондук каталог аркылуу жүзөгө ашырган сатып алуулар.

(КР 2023-жылдын 30-январындагы № 19 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

44-берене. Сатып алуучу уюмдун/Агенттин аракеттери

1. Берүүчүлөр жана консультанттар сатып алуу жөнүндө документтердин шарттарына (талаптарына) жана сатып алуучу уюмдун/Агенттин чечимдерине, аракеттерине (аракетсиздигине) сатып алуучу уюмдун/Агенттин дарегине жумуш күндөрү даттанууга укуктуу.

2. Мамлекеттик сатып алуулар методуна жана сатып алуулар жөнүндө документтердин шарттарына даттануу берүүчү же консультант тарабынан сатып алуу жөнүндө документтерде белгиленген сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтүнө чейин 2 жумуш күндөн кечиктирилбестен берилиши мүмкүн.

Сатып алуучу уюмдун/Агенттин чечимине, аракетине (аракетсиздигине) даттануу ушул Мыйзамдын 25, 29, 37 жана 39-беренелерине ылайык веб-порталга баалоонун жыйынтыктары жарыяланган күндөн тартып 3 жумуш күндөн кечиктирбестен берилет.

Бардык сунуштарды четке кагууга байланыштуу сатып алуу болгон жок деп таанылган учурда, даттануу мындай маалымат жарыяланган күндөн тартып 3 жумуш күндөн кечиктирбестен берилет.

3. Мамлекеттик сатып алуулардын методуна же сатып алуу жөнүндө документтердин шарттарына даттануу келип түшкөн учурда, сатып алуучу уюм/Агент даттанууну электрондук форматта карайт жана даттануу келип түшкөн күндөн тартып 3 жумуш күндүн ичинде жүйөлүү чечим чыгарат. Мында сатып алуучу уюм/Агент сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтүн 5 жумуш күнгө жылдырат.

Сатып алуучу уюмдун аракетине (аракетсиздигине), чечимине же контракттын шарттарын өзгөртүүгө даттануу келип түшкөндө, сатып алуучу уюм/Агент сатып алуу жөнүндө контракт түзүүнү 5 жумуш күнгө токтото турат, мында веб-портал автоматтык түрдө бардык катышуучуларга даттануу жөнүндө билдирүү жөнөтөт. Сатып алуучу уюм/Агент даттанууну электрондук форматта карайт жана даттануу келип түшкөн күндөн тартып 3 жумуш күндүн ичинде жүйөлүү чечим чыгарат.

Сатып алуучу уюм/Агент төмөнкү чечимдердин бирин чыгарат:

1) даттанууну негиздүү деп таануу жөнүндө;

2) даттанууну негизсиз деп таануу жөнүндө.

Сатып алуучу уюмдун/Агенттин жүйөлөнгөн чечими веб-порталга жайгаштырылат.

4. Эгерде сатып алуучу уюм/Агент ушул берененин 3-бөлүгүндө белгиленген мөөнөттө даттануу боюнча чечим чыгарбаса, анда даттануу негиздүү жана канааттандырылган болуп эсептелет. Сатып алуучу уюмдун/Агенттин даттанууну кароо мөөнөтү аяктагандан кийин чыгарылган чечими жараксыз болот.

5. Сатып алуучу уюмдун/Агенттин даттануу боюнча комиссиясынын чечимине макул болбогон берүүчү же консультант көз карандысыз комиссияга административдик даттануу берүүгө укуктуу.

(КР 2023-жылдын 30-январындагы № 19 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

45-берене. Көз карандысыз комиссия тарабынан административдик даттанууларды жана кайрылууларды кароонун тартиби

1. Сатып алуучу уюмдун/Агенттин чечимине жана сатып алуучу уюмдун/Агенттин кайрылуусуна административдик даттануулар Министрлер Кабинети тарабынан түзүлгөн даттануулар жана кайрылуулар боюнча көз карандысыз комиссия (көз карандысыз комиссия) тарабынан каралат. Көз карандысыз комиссия коомчулуктун өкүлдөрүнөн, юристтерден жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча сертификаты бар адистерден турат. Көз карандысыз комиссиянын бардык мүчөлөрү мамлекеттик сатып алуулар жаатында сертификатка ээ болушу керек.

Көз карандысыз комиссиянын мүчөлөрү кабыл алган чечимдери, аракеттери (аракетсиздиктери) үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартышат.

2. Кайрылуулар жана административдик даттануулар ушул беренеде белгиленген тартипте, веб-портал аркылуу каралат. Административдик даттануулар сатып алуучу уюмдун/Агенттин чечими веб-порталда жарыяланган күндөн тартып 2 жумуш күндүн ичинде берилет.

3. Эгерде кайрылуунун же административдик даттануунун предмети боюнча соттук териштирүүлөр башталган учурда, же ошол эле тараптардын ортосундагы, ошол эле предмет боюнча жана ошол эле негиздердеги талаш-тартыштар боюнча чыгарылган, соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими болгон учурда, административдик даттануулар жана кайрылуулар каралбайт.

4. Административдик даттануу берүүдө веб-портал бардык кызыкдар тараптарга билдирүү жиберет жана көз карандысыз комиссия сатып алуу жөнүндө контракт түзүүнү 3 жумуш күнгө токтото турат. Кайрылуу берүүдө веб-портал мындай кайрылуу келип түшкөн берүүчүгө же консультантка кабарлама жиберет.

5. Административдик даттануулар билдирилген талаптардын чектеринде каралат жана административдик даттануу келип түшкөн учурдан тартып 3 жумуш күндүн ичинде негиздемелерин көрсөтүү менен веб-порталда төмөнкүдөй жүйөлөнгөн чечим чыгарылат:

1) административдик даттанууну негизсиз деп таануу жана сатып алуучу уюмдун/Агенттин чечимин өзгөртүүсүз калтыруу жөнүндө;

2) административдик даттанууну негиздүү деп таануу жана сатып алуучу уюмдун/Агенттин чечимин жокко чыгаруу жөнүндө.

Кайрылуу келип түшкөндө көз карандысыз комиссия кайрылуу келип түшкөн күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде мындай кайрылуунун негиздүүлүгү же болбосо негизсиздиги жөнүндө жүйөлүү чечим чыгарат.

6. Эгерде мындай маалыматтын ачылганы жөнүндө сот тарабынан токтом кабыл алынбаса, кабыл алынган чечимде берүүчүлөрдүн мыйзамдуу коммерциялык кызыкчылыктарына зыян келтирүүчү же ак ниет атаандаштыкка тоскоолдук кылуучу маалыматтар камтылуусу тийиш эмес.

7. Эгерде кайрылуу негиздүү деп таанылган учурда, көз карандысыз комиссия 2 жылдык мөөнөткө ташуучуну ак ниет эмес берүүчүлөрдүн маалымат базасына киргизүү жөнүндө чечим чыгарат.

8. Эгерде сатып алуучу уюм/Агент, берүүчү же консультант администрациялык даттануулар жана кайрылуулар боюнча көз карандысыз комиссия кабыл алган чечимге канааттанбаган учурда, алар ушул Мыйзамдын 46-беренесине ылайык сот тартибинде даттанууга укуктуу.

46-берене. Соттук тартипте даттануу

Сатып алуулар жол-жоболорун жүзөгө ашырууда берүүчүлөр, консультанттар жана сатып алуучу уюмдун/Агенттин ортосунда келип чыгуучу талаш-тартыштар, ошондой эле ушул Мыйзамдын 45-беренесине ылайык сатып алуучу уюм/Агент, көз карандысыз комиссия тарабынан кабыл алынган чечимдер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте сотко даттанылат.

 

5-глава. Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө контракт

 

47-берене. Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө контракт түзүүнүн тартиби

1. Ушул Мыйзамдын 17-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык түзүлгөн контракттарды кошпогондо, контракт квалификациялуу электрондук кол тамганы пайдалануу менен смарт-контракт түрүндө түзүлөт. Мамлекеттик бюджеттен каржылануучу бюджеттик мекемелердин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталган күнүнөн тартып түзүлдү деп эсептелүүчү контракттарын кошпогондо, контракт тараптар ага кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет.

2. Контрактыга смарт-контракт түрүндө кол коюлгандан кийин веб-порталда автоматтык түрдө түзүлөт, ал эми ушул Мыйзамдын 17-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык кол коюлган учурда, веб-порталда жайгаштырылат жана төмөнкүлөрдү камтыган маалыматтар чагылдырылат:

1) берүүчүнүн, консультанттын жана алардын бенефициардык ээлеринин аталышы жана юридикалык дареги;

2) сатып алууларды өткөрүү датасы;

3) мамлекеттик сатып алуулардын жалпы классификаторун көрсөтүү менен, мамлекеттик сатып алуулардын предмети;

4) улуттук валютада товардын бирдиги үчүн баасы;

5) лоттун (лоттордун) суммасы жана контракттын жалпы суммасы;

6) контракт түзүлгөн дата;

7) контрактты аткаруунун шарттары жана графиги (товарларды берүү, кызмат көрсөтүү, жумуштарды аткаруу);

8) контракт боюнча төлөө мөөнөттөрү;

9) контракттын аткарылышын кепилдик камсыз кылуунун өлчөмү жана төлөнгөнүн тастыктаган документ;

10) контракт боюнча товарларга, жумуштарга же кызмат көрсөтүүлөргө кепилдик милдеттенменин мөөнөтүнүн болушу жана мөөнөтү;

11) контракт боюнча айып төлөмдөрүнүн жана айыптык санкциялардын көлөмү;

12) ушул Мыйзамдын 49-беренесинде белгиленген учурларда контракттын банктык коштоосунун болушу.

3. Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө контракттарга Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин ченемдери колдонулат.

4. Ушул Мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, сатып алуулар жол-жоболору жүргүзбөстөн түзүлгөн контракт анык эмес (жараксыз) жана ушул контракт боюнча төлөнгөн бардык чыгымдар мындай чечимди кабыл алган сатып алуучу уюмдардын/Агенттин жетекчилеринин эсебинен калыбына келтирүүсү тийиш.

48-берене. Контрактты башкаруу

1. Контрактты алып баруу, башкаруу сатып алуучу уюм/Агент тарабынан ушул Мыйзамда жана мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларда белгиленген талаптарга ылайык жүзөгө ашырылат.

2. Сатып алуучу уюм/Агент контрактты башкаруу процессинде иш-аракеттер жасалган учурдан тартып 3 жумуш күндөн кечиктирбестен веб-порталга төмөнкү маалыматтарды киргизүүнү камсыз кылат:

1) товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү кабыл алуу актыларына кол коюлган даталар;

2) контракт боюнча кошуп эсептелген үстөктөрдүн жана айып пул санкцияларынын суммасы;

3) контрактты аткарууну кепилдик камсыздоонун кармалган көлөмү өлчөмү жана суммасы;

4) контрактты аткарууну кепилдик камсыздоону берүү датасы жана мөөнөттөрү;

5) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык берүүчү жана консультант тарабынан коюлган (жазылган) эсеп-фактуралары жана төлөөгө карата эсептер;

6) контракт боюнча жүргүзүлгөн төлөө мөөнөттөрү (аванстык төлөмдөр, иш жүзүндөгү төлөмдөр үчүн бөлүп-бөлүп төлөө, акыркы төлөмдөр);

7) тараптардын дооматтарды жөнөткөн даталары жана ал дооматтарга жооптор;

8) талаш-тартыштарды административдик, сот тартибинде чечүү;

9) контракттын шарттарын өзгөртүүнүн датасы жана негиздери.

3. Берүүчү же консультант контракт боюнча өзүнүн милдеттенмелерин аткарган учурдан тартып 3 айдан кеч эмес мөөнөттө сатып алуучу уюм/Агент товарларды аткарылган жумуштарды, кызматтарды жана консультациялык кызматтарды көрсөтүүнү кабыл алуунун, тийиштүү актысы менен тастыкталган контракттын наркынын төлөнүшүн камсыз кылууга милдеттүү. Сатып алуучу уюмда/Агентте акча каражаты болгондо, контрактта каралган төлөөдөн баш тарткан, же төлөөнүн мөөнөттөрү же графиктери бузулган учурда сатып алуучу уюмдун/Агенттин жетекчиси жеке жоопкерчилик тартат.

4. Сатып алуучу уюмда/Агентте мурда аткарылган контракттар боюнча карыздары болгон учурда, контракт боюнча төлөөгө жол берилбейт. Сатып алуучу уюм/Агент контракттар боюнча төлөөнү товарларды, аткарылган жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызматтарды көрсөтүүлөрдү кабыл алуу актысынын датасына ылайык кезектүүлүк боюнча жүргүзөт.

5. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жашыруун маалыматтарды жана жеке маалыматтарды кошпогондо, контракттардын жана аларга карата толуктоолордун мазмуну жалпыга жеткиликтүү болуп саналат.

6. Сатып алуучу уюмдун/Агенттин жетекчиси жана кызматкерлери контрактты аткаруунун жүрүшүндө келтирилген зыян үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылат.

49-берене. Сатып алуу жөнүндө контрактты банктык коштоо

Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө контракттарды банктык коштоону жүргүзүүнүн шарттары жана тартиби Министрлер Кабинетинин чечими менен белгиленет.

2. (КР 2023-жылдын 30-январындагы № 19 Мыйзамына ылайык күчүн жототту)

(КР 2023-жылдын 30-январындагы № 19 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

50-берене. Контрактты аткарууну кепилдик камсыздоо

1. Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда сатып алуучу уюм/Агент берүүчүдөн контрактты аткарууну кепилдик камсыздоону сурап алат.

2. Кепилдикти камсыз кылуу контрактта каралган бышмананын пулдун максималдуу көлөмүнүн ашуусу же контракттын 10 пайыздык наркынан жогору болуусу мүмкүн эмес.

3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген кепилдикти камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чыгарылган банктык аккредитивдер, банктык кепилдиктер, акча каражаттары, казыналык облигациялар, жеке адамдар же юридикалык жактар тарабынан берилген, кепилдиктерди, күрөөлүк камсыздоону көрсөтүүчүгө депозиттик сертификат түрүндө же камсыз кылынган баалуу кагаздар формасында берүүчүлөр тарабынан берилиши мүмкүн.

Контрактты аткарууну кепилдик камсыз кылуу накта акча түрүндө берилген учурда, берүүчү аларды мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эсебине которот.

4. Контрактты аткарууну кепилдик камсыз кылуу мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан 7 жумуш күндөн кечиктирбестен, сатып алуучу уюмдун ырастоосунун негизинде төмөнкү учурларда берүүчүгө кайтарылып берилет:

1) бардык кепилдик милдеттенмелерди (кепилдик мезгил) кошуп алганда, контракт боюнча милдеттенмелер аткарылганда;

2) форс-мажордук жагдайларга байланыштуу контракт бузулганда. Кепилдик милдеттенмелердин колдонулуу мезгилинде, сатып алуучу уюм контрактты аткарууну кепилдик камсыз кылуунун өлчөмүн төмөндөтөт. Мында контрактты аткарууну кепилдик камсыз кылууда кармалган сумма контрактты аткарууну кепилдик камсыз кылуу суммасынын 50 пайызынан ашпоого тийиш.

5. Сатып алуучу уюм/Агент конкреттүү сыпаттамасы менен даяр (стандарттуу) товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда, контрактты аткарууну кепилдикти камсыз кылуу жөнүндө талаптын ордуна контрактты аткарууну кепилдеген декларацияга берүүчүлөрдүн кол коюусу жөнүндө талапты белгилөөсү мүмкүн.

Берүүчүлөр тарабынан ушул декларацияны бузганда, сатып алуучу уюм аларды ак ниет эмес берүүчүлөрдүн жана консультанттардын маалымат базасына киргизүү жөнүндө сунушту демилгелейт.

6. Сатып алуучу уюм аткарылган иштин кол коюлган актысынын негизинде контрактыга ар бир төлөмдөн берүүчүнүн сунуштарында белгиленген контрактты аткарууну кепилдик камсыз кылуунун өлчөмүндө кармап калуу жөнүндө шарттарды контрактыга киргизе алат. Мындай шарт Контракттын өзгөчө шарттар бөлүгүндө жана контракттын долбоорунда сатып алуу жөнүндө документтерде каралуусу тийиш.

51-берене. Сатып алуулар жөнүндө түзүлгөн контрактыга өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн негиздери

1. Сатып алуучу уюм төмөнкү учурларда түзүлгөн контрактыга өзгөртүү киргизүүгө укуктуу:

1) сапаты жана берүүчүнү тандап алуу үчүн негиз болгон башка шарттар өзгөрүлбөгөн шартта товарларга, жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө баа азаюу же жогорулоо жагына өзгөргөн шартта, тараптардын өз ара макулдугу боюнча сатып алуу жөнүндө контрактты аткаруу процессинде ушуга окшош сатып алынуучу товарларга, жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө баа азаюу же жогорулоо жагына өзгөрсө. Баанын өсүшүнө байланыштуу жагдайлардын олуттуу өзгөрүшүн аныктоонун ырастоонун тартиби Министрлер Кабинети белгилеген тартипте жана шарттарда монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган, расмий статистика жаатындагы жана башка органдар тарабынан Министрлер Кабинети белгилеген тартипте жана шарттарда аныкталат;

2) ушул Мыйзамдын 17-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында каралган;

3) эгерде контрактыга кол коюлган датадан кийин товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн наркынын өсүшүнө же азаюусуна алып келүүчү салыктарга, жыйымдарга же милдеттүү төлөмдөргө Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында кандайдыр бир өзгөрүүлөр киргизилсе, сатып алуучу уюм контракттын наркын тиешелүү түрдө көбөйтүүсү же азайтуусу тийиш.

2. Берүүчүнү жана консультантты тандоо критерийлери болуп саналган сатып алуулар жөнүндө түзүлгөн контрактыга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.

52-берене. Контракттын колдонулушун токтотуу

Контракттын колдонулушун токтотуу төмөнкү учурларда жүзөгө ашырылат:

1) контракты түзүүдө тараптар негизденген жагдайларда олуттуу өзгөрүүлөр келип чыкканда жана контракт түзүү учурунда аларды алдын ала билүүгө мүмкүн болбогондо, жана эгерде мында контрактты аткаруу мамлекеттик кызыкчылыктарга каршы келсе, сатып алуучу уюм мындай жагдайлар жөнүндө белгилүү болгон учурдан тартып 10 жумуш күндөн кечиктирбестен контрактты бир тараптуу тартипте бузууга укуктуу. Ушул ченем мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө түзүлүүчү контрактта чагылдырылуусу тийиш.

Эгерде контракт ушул пунктка ылайык бузулган учурда, тараптардын тарткан чыгымдарынын ордун толтуруу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт;

2) бардык милдеттенмелер аткарылганда контрактыга ылайык.

53-берене. Контракт боюнча талаш-тартыштар

1. Түзүлгөн контрактты аткарууга байланыштуу талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер келип чыккан учурда контракттын тараптары себептерин көрсөтүү менен бири-бирине дооматтарды коюуга укуктуу.

2. Башка тараптын дооматын алган тарап аны карап чыгууга жана доомат коюлган күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде жазуу жүзүндө жооп берүүгө милдеттүү.

3. Доомат четке кагылган же ага ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган мөөнөттүн ичинде жооп берилбеген учурда, кызыкдар тарап сотко же бейтарап сотко (эгерде сатып алуу жөнүндө контрактта бейтарап шилтеме бар болсо) кайрылууга укуктуу.

 

6-глава. Корутунду жоболор

 

54-берене. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү тартиби

1. Ушул Мыйзам төмөнкүлөрдү кошпогондо расмий жарыяланган күндөн тартып отуз календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет:

"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 15-апрелиндеги № 34 жарыяланды

1) расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирүүчү 49-беренени;

2) 2025-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү 3-берененин 19-пунктунун, 25-берененин 2 жана 3-бөлүктөрүнүн, 27-берененин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунун ченемдерин, идентификациялык кодду колдонуу бөлүгүндө.

2. Министрлер Кабинети үч айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) "Кыргыз Республикасынын майыптар коомдорунун товарларын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 16-майындагы № 156 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 5, 473-ст.);

2) "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 3-апрелиндеги № 72 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 4, 327-ст.);

3) "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 18-ноябрындагы № 182 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 10, 1044-ст.);

4) "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 10-декабрындагы № 195 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 11, 1172-ст.);

5) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, "Жарнак жөнүндө", "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 14-февралындагы № 25 Мыйзамынын 3-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 2(2), 85-ст.);

6) "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 30-майындагы № 93 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 5, 411-ст.);

7) "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 29-мартындагы № 32 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 3, 143-ст.);

8) "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 11-январындагы № 4 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2019-ж., № 1, 4-ст.);

9) "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 26-июнундагы № 76 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2019-ж., № 6, 347-ст.);

10) "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 20-апрелиндеги № 48 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2020-ж., № 4, 221-ст.);

11) "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 18-декабрындагы № 8 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2020-ж., № 11, 867-ст.);

12) "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 5-мартындагы № 28 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2021-ж., № 3, 162-ст.);

13) "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 11-августундагы № 99 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2021-ж., № 7, 503-ст.);

14) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө", "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 29-ноябрындагы № 141 Мыйзамынын 1-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2021-ж., № 10, 812-ст.).

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 30-январындагы № 19, 2023-жылдын 25-июлундагы № 147 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

 

С.Н. Жапаров

 

 

 

2022-жылдын 6-апрелинде

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңеши

тарабынан кабыл алынган