КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УКУКТУК МААЛЫМАТТАРДЫН БОРБОРЛОШТУРУЛГАН БАНКЫ | |
Документ | Маалым дарек | Шилтеме документтер |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2022-жылдын 06-июну № 41
«Медиация жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алыиышына байланыштуу айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1- берене
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I белүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
218-статьянын биринчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Доонун эскирүү мөөнөтүнүн өтүшү төмөнкүлөр аркылуу үзгүлтүккө учурайт:
1) белгиленген тартипте доо коюу;
2) милдеттүү адамдын карызды же башка милдеттенмелерди таануусун күбөлөндүрүүчү аракеттерди жасашы;
3) медиация чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык соттон тышкаркы тартипте, медиация аркылуу талаш-тартышты жөнгө салууга тараптардын өз ара макулдугу.».
2- берене
Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 1, 1-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
21-статья төмөнкудөй мазмундагы экинчи бөлүк менен толукталсын
«Жашы жете элек жалпы балдары жок, эмгекке жарамдуу жана аракетке жөндөмдүү жубайлар медиация чөйрөсүндөгү мыизамдарга ылайык медиация жол-жоболорун жүргүзүү аркылуу алардын жалпы мүлкүн бөлүү жөнүндө талаш-тартыштарды өз ара макулдашуу менен чечүүгө укуктуу.».
3- берене
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине (Кыргыз Рсспубликасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 4, 392-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
а) статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «412-статья. Жекече эмгек талаш-тартыштарын кароо жана жөнгө салуу боюнча субъекттер»;
б) статья төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү бөлүк менен толукталсын:
«Эмгек талаш-тартыштарын жөнгө салуу медиация чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган тартипте медиация жол-жоболорун колдонуу аркылуу да жүзөгө ашырылышы мумкун.».
4- берене
«Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына («Эркин-Тоо» газетасы, 2021-жылдын 2-ноябры, № 113-114) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
15-берененин 1 -бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 17-пункт менен толукталсын:
«17) медиатор катары иш жүргүзүүгө.».
5- берене
«Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 7, 711 -ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
25-берененин 2-бөлүгүндө:
а) 2-пунктунун «в» пунктчасы «тергөөчү,» деген сөздөн кийин «медиатор,» деген сөз менен толукталсын;
б) бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:
«6) эгерде ал ушул иш боюнча медиация тараптарынын бирине юридикалык жардам көрсөтүп жатса же мурда көрсөткөн болсо, медиатор катары чыгууга.».
6- берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он куң өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” газетасынын 2022-жылдын 10-июнундагы № 51 санында жарыяланган
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
2022-жылдын 21-апрелинде |