КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УКУКТУК МААЛЫМАТТАРДЫН БОРБОРЛОШТУРУЛГАН БАНКЫ | |
Документ | Маалым дарек | Шилтеме документтер |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2022-жылдын 5-августу № 87
Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө
1-берене. Ушул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү
1. Ушул Мыйзам баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзүү чөйрөсүндө келип чыгуучу мамилелерди жөнгө салуунун укуктук негиздерин белгилейт, анын ичинде:
1) баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзүүнүн негизги түшүнүктөрүн жана шарттарын аныктайт;
2) баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзүүнү мамлекеттик жөнгө салуунун жана контролдоонун укуктук негиздерин белгилейт;
3) Кыргыз Республикасынын баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик фондун түзүү негиздерин аныктайт.
2. Ушул Мыйзамдын колдонулушу төмөнкүлөргө жайылтылбайт:
1) жер казынасы жөнүндө мыйзамдар менен жөнгө салынуучу мамилелерге;
2) банк мыйзамдары менен жөнгө салынуучу мамилелерге;
3) жеке пайдалануусу үчүн жеке жактардын менчигинде турган зергердик жана баалуу металлдардан жасалган башка буюмдар менен болгон бүтүмдөрдү жеке ишкер болуп эсептелбеген жеке жактардын түзүүсү менен байланышкан мамилелерге.
2-берене. Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзүү чөйрөсүндөгү мыйзамдар
1. Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзүү чөйрөсүндөгү мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизденет жана ушул Мыйзамдан жана башка ченемдик укуктук актылардан, ошондой эле баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзүү чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салуучу, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.
2. Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды (бүтүмдөрдү) жүзөгө ашыруучу юридикалык жактар жана жеке ишкерлер террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоого милдеттүү.
3-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр пайдаланылат:
1) талдоо - алардан буюмдар даярдалган баалуу металлдардын жана алардын куймаларынын химиялык курамын, анын ичинде бул буюмдун бүлүнүүсү каралуучу методдорду колдонуу аркылуу аныктоо;
2) аффинаждалган баалуу металлдар - иштетүүдөн жана аралашмалардан жана кошулма компоненттерден тазалоодон өткөрүлгөн, стандартташтыруу боюнча улуттук орган тарабынан бекитилүүчү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик стандарттарына, же болбосо Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган эл аралык стандарттарга шайкеш келген сапатка чейин жеткирилген баалуу металлдар;
3) баалуу металлдардын аффинажы - баалуу металлдарды аралашмалардан жана кошулма компоненттерден тазалоо, баалуу металлдарды мамлекеттик же эл аралык стандарттарга шайкеш келген сапатка чейин жеткирүү процесси;
4) аффинаждалган ченелме куймалар - алтын үчүн куйманын лигатуралык массасынын 99,90 пайызынан кем эмес, күмүш үчүн куйманын лигатуралык массасынын 99,90 пайызынан кем эмес жана платина үчүн куйманын лигатуралык массасынын 99,95 пайызынан кем эмес химиялык таза негизги металлдын камтылышы менен, баалуу металлдан (алтындан, күмүштөн же платинадан) жасалган жана маркаланган, массасы 1000 грамм жана андан кем болгон куймалар;
5) аффинаждалган стандарттык куймалар - Лондондогу баалуу металлдар рыногунун ассоциациясы тарабынан кабыл алынган Эл аралык сапат стандарттарына шайкеш келген, алтындан же күмүштөн жасалган жана маркаланган куймалар;
6) стандарттык эмес формадагы аффинаждалган баалуу металлдар - аффинаждалган баалуу металлдардын стандарттык жана өлчөнгөн куймаларынын формасынан жана өлчөмүнөн айырмаланып турган ар кандай формадагы (стержендер, гранулдар, пластиналар, зымдар жана башкалар) жана өлчөмдөгү баалуу металлдар;
7) мамлекеттик пробалык эн тамга - баалуу металлдардан жасалган зергердик жана башка буюмдарга коюлуучу жана мындай буюмда камтылган баалуу металлдын пробасын күбөлөндүрүүчү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген үлгүдөгү белги;
8) Кыргыз Республикасынын баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик фонду - мамлекеттин активине киргизилген жана мамлекеттик өндүрүштүк, илимий жана социалдык-маданий керектөөлөрдү камсыз кылуу үчүн арналган баалуу металлдар, асыл таштар жана алардан жасалган буюмдар;
9) асыл таштар - табигый алмаздар, изумруддар, рубиндер, сапфирлер, александриттер, ошондой эле чийки зат (табигый) жана иштетилген түрдөгү табигый бермет жана белгиленген критерийлерге ылайык өзгөчө янтардык түзүлүштөр;
10) баалуу металлдар - ар кандай түрдөгү жана абалдагы: чийки заттагы, эритмелердеги, жарым фабрикаттардагы, өнөр жай продуктуларындагы, химиялык кошулмалардагы, зергердик жана башка буюмдардагы, сыныктардагы жана калдыктардагы алтын, күмүш, платина жана платина тобундагы металлдар (палладий, иридий, родий, рутений, осмий);
11) энчилүү белги - изи даярдоочу тарабынан өзү бардык баалуу металлдардан даярдаган зергердик жана башка буюмдарга коюлуучу, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталган жана анын даярдоочусу жөнүндө маалыматты шифрленген түрдө камтыган атайын белги;
12) баалуу металлдарды жана асыл таштарды пайдалануу - баалуу металлдарды жана асыл таштарды өндүрүштүк, илимий жана социалдык-маданий максаттар үчүн жана валюталык активдер катары колдонуу;
13) эн тамгасын басуу - баалуу металлдардан жасалган зергердик жана башка буюмдарга пробалоо эн тамгасынын изин түшүрүү;
14) концентрат - баштапкы рудага салыштырмалуу пайдалуу кендеринин курамы жогору жана зыяндуу компоненттеринин курамы аз болгон пайдалуу кендердин байытылган продуктусу, концентратта алтындын өнөр жайлык камтылышы болгондо - алтын камтыган концентрат;
15) баалуу металлдардын сыныктары жана калдыктары - жараксыз абалга келген, же болбосо керектөөчү касиеттерин жана (же) функциялык багыттарын жоготкон, баалуу металлдардан жана алардын эритиндилеринен жасалган продукция (буюм), бул продукциянын (буюмдардын) бөлүктөрү; мындай продукцияны (буюмду) өндүрүү процессинде пайда болгон түзөтүлгүс кемчилик, ошондой эле өндүрүү жана (же) керектөө процессинде жаралган, баалуу металлдарды камтыган чийки заттын, материалдардын, жарым фабрикаттардын калдыктары;
16) баалуу металлдар жана асыл таштар менен жүргүзүлгөн операциялар - төмөнкүлөр менен байланышкан аракеттер:
а) баалуу металлдарга жана асыл таштарга менчик укугунун жана башка укуктардын өтүшү менен (баалуу металлдарды жана асыл таштарды жүгүртүү), анын ичинде аларды күрөө катары пайдалануу;
б) баалуу металлдардын жана асыл таштардын сактоочу жайга, фонддорго жана запастарга келип түшүшү, ошондой эле баалуу металлдардын жана асыл таштардын сакталышы жана чыгарылышы (берилиши) менен;
в) аларды өндүрүүдө, кайра иштетүүдө жана пайдаланууда ар кандай заттарда жана материалдарда баалуу металлдардын жана асыл таштардын камтылышынын же физикалык абалынын өзгөрүшү менен;
г) баалуу металлдарды, асыл таштарды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү жана аларды Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгуу менен;
17) пробалоо - зергердик жана башка буюмдарда баалуу металлдардын эритмесинин пробасын аныктоо же тастыктоо;
18) баалуу металлдардын сыныктарын жана калдыктарын кайра иштетүү - андан кийинки аффинаждоо үчүн арналган металлургия өндүрүшүнүн ортодогу продуктусун алуу үчүн баалуу металлдардын сыныктарынан жана калдыктарынан механикалык, химиялык жана металлургиялык процесстерди пайдалануу менен баалуу металлдарды алуу;
19) проба - баалуу металлдын куймасынын 1 (бир) миңдик массалык үлүшүнө химиялык таза баалуу металлдын массалык үлүшүнүн саны;
20) баалуу металлдарды өндүрүү - баалуу металлдарды камтыган, казылып алынган комплекстүү кендерден, концентраттардан жана башка жарым продуктулардан, баалуу металлдардын сыныктарынан жана калдыктарынан баалуу металлдарды алуу, ошондой эле баалуу металлдарды аффинаждоо;
21) зергердик буюмдарды өндүрүүчүлөр - баалуу металлдардан жана асыл таштардан зергердик жана башка буюмдарды жасоо боюнча ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жактар жана жеке ишкерлер;
22) аффинаждык өндүрүш үчүн жарым продукт - аффинаждык өндүрүш үчүн Доре эритмеси, катоддук металл түрүндөгү жана кум түрүндөгү алтын сымал жарым продукт;
23) табигый уютунду - пайдалуу кен чыккан жерлердеги чоңдугу боюнча ошол эле баалуу металлдын бөлүкчөлөрүнүн орточо өлчөмүнөн кыйла жогору болгон баалуу металлдардын табигый ири бөлүгү;
24) эритме - алардын жок дегенде бири баалуу болуп саналган, эки же бир нече металлдардын эритиндисинен алынган бир түрдүү катуу аралашма;
25) атайын эсепке алуу - баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүзөгө ашыруучу юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин реестрин жүргүзүү;
26) баалуу металлдарды өндүрүүнүн субъекттери - Кыргыз Республикасынын аймагында баалуу металлдарды өндүрүүнү жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын юридикалык жактары;
27) баалуу металлдарды камтыган чийки заттык товарлар - иштетилбеген баалуу металлдар, цинктүү тунмалар, баалуу металлдардын сыныктары жана калдыктары, баалуу металлдардын кендери жана концентраттары, кендер, түстүү металлдардын концентраттары жана күлдөрү, баалуу металлдарды камтыган түстүү металлдар өндүрүшүнүн жарым продуктулары;
28) үчүнчү жактар - Кыргыз Республикасынын жарандары, Кыргыз Республикасынын резиденттери жана резиденттери эместер;
29) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын аймагында баалуу металлдар, асыл таштар менен операцияларды жүргүзүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик фондунун баалуулуктары менен операцияларды жүргүзүү менен байланышкан маселелерди жөнгө салууга ыйгарым укуктар берилген мамлекеттик орган;
30) асыл таштарга экспертиза жүргүзүү (идентификациялоо) - белгиленген классификаторлорго жана прейскуранттарга ылайык асыл таштардын сапаттык-түстүк, сандык жана нарктык мүнөздөмөлөрүн аныктоо;
31) баалуу металлдарга экспертиза жүргүзүү - баалуу металлдардын сапаттык жана (же) сандык мүнөздөмөлөр аныктоо;
32) баалуу металлдардан жасалган зергердик жана башка буюмдар - баалуу металлдардан жана алардын эритмелеринен жасалган, белгиленген минималдык пробадан төмөн эмес пробасы болгон, анын ичинде декоративдик иштетүүнүн ар кандай түрлөрүн пайдалануу менен, асыл таштардан, табигый же жасалма тектеги башка материалдардан чөгөрүлгөн же аларсыз (эмиссиядан өткөн тыйындарды жана статусу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктар жөнүндө мыйзамдарга ылайык аныкталган мамлекеттик сыйлыктарды кошпогондо) жасалга, тиричилик предмети же табынуу жөрөлгөлөрүн жана каада-салттарды аткаруу үчүн предмети катары колдонулуучу буюмдар, ошондой эле юбилейлик жана эстелик медалдар жана белгилер, баалуу металлдардан жасалган тыйындар.
2-глава. Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзүүнү мамлекеттик жөнгө салуу
4-берене. Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзүү чөйрөсүндө мамлекеттик жөнгө салуу
Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзүү чөйрөсүндөгү мамилелерди мамлекеттик жөнгө салуу төмөнкүлөр аркылуу жүзөгө ашырылат:
1) Кыргыз Республикасынын баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик фонду жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары - Улуттук банк) үчүн аффинаждалган баалуу металлдарды, ошондой эле асыл таштарды сатып алуунун артыкчылыктуу укугу;
2) баалуу металлдарды жана асыл таштарды эсепке алууга жана алар жөнүндө отчеттуулукка, ошондой эле баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзүү тартибине талаптарды белгилөө;
3) ички жана тышкы рыноктордо баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүзөгө ашыруучу юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин аракеттерин ченемдик-укуктук регламенттештирүү, аларды атайын эсепке коюу;
4) баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды мамлекеттик контролдоо.
5-берене. Баалуу металлдарды өндүрүү
1. Аффинаждоого жатпаган баалуу металлдардын табигый уютундуларын кошпогондо, баалуу металлдар, ошондой эле баалуу металлдарды камтыган чийки заттык товарлар ушул беренеде каралган учурларды кошпогондо, баалуу металлдарды өндүрүү субъекттери тарабынан кайра иштетилет жана аффинаждалат.
Баалуу металлдарды камтыган чийки заттык товарларды Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары кайра иштетүү жана аффинаждоо үчүн ташып чыгуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары - Министрлер Кабинети) жана Улуттук банк сатып алуунун артыкчылыктуу укугун ишке ашыруунун алкагында аларды сатып алууга кызыкдар болгон учурда, аффинаждык өндүрүш үчүн Кыргыз Республикасына аффинаждалган баалуу металлдарды же жарым продуктуларды кайра ташып келүү милдеттенмеси менен жүргүзүлөт.
2. Баалуу металлдарды камтыган чийки заттык товарларды Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгуу, жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусун алуу менен Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте жүргүзүлөт.
Корутундуну берүү үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат:
1) баалуу металлдарды камтыган чийки заттык товарларды Кыргыз Республикасынын аймагында кайра иштетүүнүн жана аффинаждоонун технологиялык жактан мүмкүн эместиги;
2) баалуу металлдарды камтыган чийки заттык товарлардын сунушталган көлөмүн Кыргыз Республикасынын аймагында кайра иштетүү жана аффинаждоо үчүн өндүрүштүк кубаттуулуктун жоктугу же жетишсиздиги.
3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган учурларда баалуу металлдарды камтыган чийки заттык товарларды Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгуу Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипке жана Евразия экономикалык бирлигинин мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
6-берене. Аффинаждалган баалуу металлдарды жана асыл таштарды сатып алууга мамлекеттин артыкчылыктуу укугу
1. Министрлер Кабинети жана Улуттук банк комплекстүү кендерден алынуучу чийки заттык товарлардан өндүрүлүүчү аффинаждалган баалуу металлдарды, ошондой эле аффинаждык өндүрүш үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында казып алынган жана Кыргыз Республикасынын аймагында да, анын чегинен сырткары да керектүү кайра иштетүүдөн жана аффинаждан өткөн жарым продуктуларды, ошондой эле асыл таштарды сатып алуунун артыкчылыктуу укугуна ээ.
2. Аффинаждалган баалуу металлдарды, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары аффинаждалган баалуу металлдарды, ошондой эле асыл таштарды Министрлер Кабинетинин жана Улуттук банктын сатып алуусунун артыкчылыктуу укугунун алкагында сатуу аларды транспорттоо жана сатуу боюнча алдыдагы чыгымдарын кемитүү менен, дүйнөлүк баалар боюнча жүзөгө ашырылат.
Министрлер Кабинетинин аффинаждалган баалуу металлдарды жана асыл таштарды сатып алууга артыкчылыктуу укук боюнча ыйгарым укуктарын ишке ашыруу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
Аффинаждалган баалуу металлдарды жана асыл таштарды Министрлер Кабинетине сатуу Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипке ылайык жүзөгө ашырылат.
Аффинаждалган баалуу металлдарды жана асыл таштарды Улуттук банкка сатуу Улуттук банк тарабынан аныкталуучу тартипке ылайык жүзөгө ашырылат.
3. Министрлер Кабинети жана Улуттук банк аффинаждалган баалуу металлдарды, асыл таштарды сатып алуунун артыкчылыктуу укугунан баш тартканда, аффинаждалган баалуу металлдар, асыл таштар үчүнчү жактарга сатылышы мүмкүн.
4. Министрлер Кабинети тарабынан сатып алуунун артыкчылыктуу укугу боюнча сатып алынган баалуу металлдар жана асыл таштар чийки зат менен камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын аймагында аларды даярдоо үчүн зергер буюмдарын өндүрүүчүлөргө Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте сатылышы мүмкүн.
7-берене. Кыргыз Республикасынын баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик фонду
1. Кыргыз Республикасынын баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик фонду мамлекеттин гана менчиги болуп саналат жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Мамлекеттик баалуулуктарды сактоочу жайында болот.
2. Кыргыз Республикасынын баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик фонду Кыргыз Республикасынын өндүрүштүк, финансылык, илимий, социалдык-маданий керектөөлөрүн жана мамлекеттик башка кызыкчылыктарын камсыздоо үчүн багытталган.
3. Кыргыз Республикасынын баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик фонду республикалык бюджетте каралган каражаттардын эсебинен сатылып алынган баалуу металлдардан, асыл таштардан, ошондой эле конфискацияланган, ээсиз калган, мурастык укук боюнча мамлекетке өткөн, археологиялык казууларды жүргүзүүдө табылган баалуу металлдардан, асыл таштардан, алардан жасалган буюмдардан жана алардын сыныктарынан түзүлөт.
4. Кыргыз Республикасынын баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик фонду жөнүндө, аны түзүү, ошондой эле Мамлекеттик фондго салынган баалуулуктарды кабыл алуу, эсепке алуу, сактоо, баалоо, эсептөө жана чыгаруу тартибин регламенттөөчү жобо Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
8-берене. Кыргыз Республикасынын баалуу металлдарынын мамлекеттик запастары
Кыргыз Республикасынын баалуу металлдарынын мамлекеттик запастары мамлекетке таандык, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын балансында турган баалуу металлдардан турат жана аффинаждалган баалуу металлдарды жана аларды камтыган тыйындарды сатып алуу жолу менен түзүлөт.
9-берене. Министрлер Кабинетинин ыйгарым укуктары
Министрлер Кабинети:
1) баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзүү чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүнү камсыз кылат;
2) баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзүүгө мамлекеттик контролду жүзөгө ашырат;
3) Кыргыз Республикасынын баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик фондун түзүү жана иштөө тартибин аныктайт;
4) төмөнкүлөрдү белгилейт:
а) баалуу металлдар жана асып таштар менен операцияларды жүргүзүүчү юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин ишинин түрлөрү боюнча атайын эсепке коюу тартибин;
б) энчилүү белгилерди каттоо, даярдоо, ошондой эле алардын издерин коюу жана жок кылуу эрежелерин;
в) Евразия экономикалык бирлигинин мыйзамдары менен жөнгө салынбаган бөлүгүндө баалуу металлдарды, асыл таштарды жана баалуу металлдарды камтыган чийки заттык товарларды Евразия экономикалык бирлигине кирбеген мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү жана бул мамлекеттерге Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгуу эрежелерин;
г) баалуу металлдарды камтыган кендерди казып алуу жана баштапкы кайра иштетүү менен байланышкан операциялардын тартибин;
5) ушул Мыйзамга ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
10-берене. Баалуу металлдардан зергердик жана башка буюмдарды сатуунун өзгөчөлүктөрү
1. Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзүү чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган учурларды кошпогондо, баалуу металлдардан, асыл таштардан жасалган зергердик жана башка буюмдарды мамлекеттик пробалык эн тамгасы жок сатууга жол берилбейт.
2. Ата мекендик өндүрүштөгү баалуу металлдардан жасалган зергердик жана башка буюмдарда энчилүү белгинин изи болууга тийиш. Энчилүү белги ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда каттоодон өтүүгө тийиш.
11-берене. Баалуу металлдардын сыныктарын жана калдыктарын кайра иштетүү
1. Аларда баалуу металлдардын сыныктары жана калдыктары, асыл таштардын калдыктары топтолгон юридикалык жактар жана жеке ишкерлер көрсөтүлгөн сыныктарды жана калдыктарды жыйноону жана милдеттүү түрдө эсепке алууну жүзөгө ашырышат.
2. Жеке өндүрүшүндө чогултулган баалуу металлдардын сыныктары жана калдыктары, асыл таштардын калдыктары:
1) жеке өндүрүшүндө экинчи жолку пайдалануу үчүн аларды чогулткан юридикалык жактар жана жеке ишкерлер тарабынан өз алдынча кайра иштетилет;
2) келишимдин (контракттын) негизинде аффинаждоочу ишканаларга аффинаждоого жөнөтүлөт.
3. Атайын каттоодо турган, баалуу металлдардын сыныктарын жана калдыктарын сатып алуучу юридикалык жактар жана жеке ишкерлер төмөндөгү аракеттердин бирин жүзөгө ашырууга милдеттүү:
1) келишимдин (контракттын) негизинде баалуу металлдардын сыныктарын жана калдыктарын аффинажга жиберүүгө;
2) баалуу металлдардын сыныктарын жана калдыктарын башка юридикалык жактарга жана жеке ишкерлерге берүүгө же сатууга;
3) Евразия экономикалык бирлигинин укуктарында аныкталган тартипте баалуу металлдардын сыныктарын жана калдыктарын Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан алып чыгууга.
4. Баалуу металлдардын, асыл таштардын сыныктары, калдыктары менен операцияларды жүргүзүү тартиби Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
3-глава. Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзүүнү мамлекеттик контролдоо
12-берене. Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзүүнү мамлекеттик контролдоо тутуму
1. Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзүүнү мамлекеттик контролдоо баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин сакталуусун камсыз кылуу максатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзүүнү мамлекеттик контролдоо тутуму төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) баалуу металлдарды, асыл таштарды жана баалуу металлдар камтылган чийки заттык товарларды ташып келүүдө жана ташып чыгууда мамлекеттик контролдоо;
2) баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзүүгө пробалык көзөмөл.
13-берене. Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзүүгө пробалык көзөмөл
1. Пробалык көзөмөл - баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүзөгө ашыруучу юридикалык жактардын, жеке ишкерлердин террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын, ушул Мыйзам жана баалуу металлдарды жана асыл таштарды өндүрүү, пайдалануу, жүгүртүү жана эсепке алуу жаатындагы башка ченемдик укуктук актылар, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен белгиленген ченемдерди бузууларынын алдын алууга, табууга жана бөгөт коюуга багытталган уюштуруучулук-техникалык жана укуктук иш-чаралардын тутуму.
2. Пробалык көзөмөл пробалык эн тамгалардын жана энчилүү белгилердин издеринин экспертизасын, баалуу металлдардын жана алардан жасалган буюмдардын экспертизасын, асыл таштарды аныктоону жана экспертизасын, баалуу металлдарга контролдук талдоо жүргүзүүнү камтыйт.
Пробалык көзөмөл ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Министрлер Кабинети аныктаган тартипте жүргүзүлөт.
14-берене. Баалуу металлдарды жана асыл таштарды ташып келүүдө жана ташып чыгууда мамлекеттик контролдоо
1. Мамлекеттик контролдоо ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
1) кендерди, концентраттарды жана түстүү металлдардын күлүн, баалуу металлдарды камтыган түстүү металлдарды өндүрүүдөгү жарым продуктуларды кошпогондо, баалуу металлдарды жана баалуу металлдарды камтыган чийки заттык товарларды Евразия экономикалык бирлигине кирбеген мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүдө жана бул мамлекеттерге Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууда;
2) асыл таштарды, зергердик жана башка буюмдарды Евразия экономикалык бирлигине кирбеген мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүдө жана бул мамлекеттерге Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууда;
3) кендерди, концентраттарды жана түстүү металлдардын күлүн, баалуу металлдарды камтыган түстүү металлдарды өндүрүүдөгү жарым продуктуларды Евразия экономикалык бирлигине кирбеген мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүдө жана бул мамлекеттерге Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууда.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган мамлекеттик контролдоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Евразия экономикалык комиссиясынын чечимдерине ылайык жүзөгө ашырылат жана төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) кендерди, концентраттарды жана түстүү металлдардын күлүн, түстүү металлдарды өндүрүүдөгү жарым продуктуларды кошпогондо, баалуу металлдардын, баалуу металлдарды камтыган чийки заттык товарлардын партиясын коштоочу документтерде, анын ичинде ченемдик-техникалык жана (же) техникалык документтерде көрсөтүлгөн маалыматтарга шайкештигин текшерүү;
2) дүйнөлүк рыноктогу бааны эске алуу менен баалуу металлдардын наркын баалоо;
3) баалуу металлдардын, баалуу металлдарды камтыган чийки заттык товарлардын чыгарылган булактарын аныктоо;
4) баалуу металлдар жана баалуу металлдарды камтыган чийки заттык товарлар менен бүтүмдөрдү жасоодо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын сакталышын контролдоо;
5) баалуу металлдардын жана баалуу металлдарды камтыган чийки заттык товарлардагы алынуучу коштоочу металлдардын камтылышын контролдоо;
6) баалуу металлдардын жана алынуучу коштоочу металлдардын камтылгандыгы жөнүндө документтердин негизинде Кыргыз Республикасында чийки заттык товарлардан баалуу металлдарды өнөр жай жолу менен бөлүп алуу мүмкүнчүлүгүн (мүмкүн эместигин) жана экономикалык максатка ылайыктуулугун (максатка ылайыксыздыгын) текшерүү же Кыргыз Республикасынын аймагында баалуу металлдарды камтыган чийки заттык товарларды кайра иштетүүнүн экономикалык максатка ылайыксыздыгын же мүмкүн эместигин текшерүү.
3. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган мамлекеттик контролдоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Евразия экономикалык комиссиясынын чечимдерине ылайык жүзөгө ашырылат.
Евразия экономикалык комиссиясынын чечими менен белгиленген учурларды кошпогондо, асыл таштарды, баалуу металлдардан жасалган зергердик жана башка буюмдарды Евразия экономикалык бирлигине кирбеген мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүдө жана бул мамлекеттерге Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууда бажылык декларациялоо жана бажылык тазалоо менен байланышкан бажылык операциялар жүргүзгөнгө чейин экспертиза жүргүзүлөт жана мамлекеттик контроль жүзөгө ашырылат.
4. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунда каралган мамлекеттик контролдоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Евразия экономикалык комиссиясынын чечимдерине ылайык жүзөгө ашырылат жана ушул берененин 2-бөлүгүнүн 3, 4, 5 жана 6-пункттарында каралган аракеттерди камтыйт.
5. Мамлекеттик контролдоонун жыйынтыктары:
1) ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган мамлекеттик контролдоонун жыйынтыктары ыйгарым укуктуу орган тарабынан төмөнкү учурда таризделет:
а) ташып келүүдө - товардын ар бир партиясына берилген мамлекеттик контролдоо актысынын формасында;
б) кайра иштетүүгө ташып келүүдө - товардын ар бир партиясына берилген мамлекеттик контролдоо актысы, товарларды кайра иштетүү шарттары жөнүндө документтер формасында;
в) ташып чыгууда - товардын ар бир партиясына берилген мамлекеттик контролдун актысы, экспортко чыгарууга лицензия жана Кыргыз Республикасынын аймагында чийки заттык товарлардан баалуу металлдарды өнөр жай жолу менен бөлүп алуу мүмкүнчүлүгү (мүмкүн эместигин) жана экономикалык жактан максатка ылайыктуулугу (максатка ылайыксыздыгы) тууралуу корутунду формасында;
г) кайра иштетүүгө ташып чыгууда - товардын ар бир партиясына берилген мамлекеттик контролдун актысы, товарларды кайра иштетүү шарттары жөнүндө документтер, Кыргыз Республикасынын аймагында баалуу металлдарды камтыган чийки заттык товарларды кайра иштетүүнүн экономикалык жактан максатка ылайыксыздыгы же мүмкүн эместиги тууралуу корутунду формасында;
2) ушул берененин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган мамлекеттик контролдоонун жыйынтыктары товардын ар бир партиясына берилген мамлекеттик контролдоо актысынын формасында ыйгарым укуктуу орган тарабынан таризделет;
3) ушул берененин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунда каралган мамлекеттик контролдоонун жыйынтыктары ыйгарым укуктуу орган тарабынан төмөнкү учурларда таризделет:
а) кайра иштетүүгө ташып келүүдө - товарларды кайра иштетүү шарттары жөнүндө документ формасында;
б) ташып чыгууда - Кыргыз Республикасынын аймагында чийки заттык товарлардан баалуу металлдарды өнөр жай жолу менен бөлүп алуу мүмкүндүгү (мүмкүн эместиги) жана экономикалык жактан максатка ылайыктуулугу (максатка ылайыксыздыгы) жөнүндө корутунду формасында;
в) кайра иштетүүгө ташып чыгууда - товарларды кайра иштетүү шарттары жөнүндө документ, Кыргыз Республикасынын аймагында баалуу металлдарды камтыган чийки заттык товарларды кайра иштетүүнүн экономикалык максатка ылайыксыздыгы же мүмкүн эместиги жөнүндө корутунду формасында.
6. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында каралган мамлекеттик контролдоо төмөнкүлөргө карата жүргүзүлбөйт:
1) баалуу металлдарды, анын ичинде баалуу металлдардан даярдалган тыйындарды ташып келүүдө жана (же) ташып чыгууда Улуттук банкка карата;
2) жеке жактар тарабынан баалуу металлдарды жана (же) асыл таштарды, анын ичинде зергердик жана башка буюмдарды, баалуу металлдардан даярдалган тыйындарды өздүк керектөө үчүн ташып келүүдө жана (же) ташып чыгууда;
3) баалуу металлдардын радиоактивдүү жана туруктуу изотопторун жана алардын негизинде жасалган буюмдарды ташып келүүдө жана (же) ташып чыгууда;
4) баалуу металлдарды жана (же) асыл таштарды камтыган маданий баалуулуктарды ташып чыгууда.
15-берене. Эсепке алуу жана отчеттуулук
1. Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзүүдө юридикалык жактар жана жеке ишкерлер тарабынан алар милдеттүү түрдө эсепке алынууга тийиш эсепке алуунун маалыматтары ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилүүчү отчеттордо чагылдырылат.
2. Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзүү боюнча эсепке алуу жана отчеттуулук тартиби Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
4-глава. Баалуу металлдардан жасалган зергердик жана башка буюмдарды пробалоо, талдоо жана эн тамгасын басуу
16-берене. Пробалоо, талдоо жана мамлекеттик пробанын эн тамгасын басуу
1. Баалуу металлдардан жасалган тыйындарды жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен белгиленген, ошондой эле Министрлер Кабинети тарабынан каралган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасында ата мекендик өндүрүштөгү жана Кыргыз Республикасынын аймагына сатуу үчүн ташып келинген баалуу металлдардан жасалган зергердик жана башка буюмдар пробалоого, талдоого алынууга жана мамлекеттик пробасынын эн тамгасы менен белгиленүүгө тийиш.
2. Баалуу металлдардан жасалган зергердик жана башка буюмдарды пробалоону, талдоону жана аларга мамлекеттик пробалык эн тамгасын басууну ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Министрлер Кабинети аныктаган тартипте жүргүзөт.
Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн, Евразия экономикалык бирлигинин башка мамлекеттерине өткөрүү үчүн арналбаган, күмүштөн жасалган зергердик жана башка буюмдарды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн, Евразия экономикалык бирлигине кирбеген мамлекеттерге экспорттоо үчүн арналган баалуу металлдардан жасалган зергердик жана башка буюмдарды пробалоо жана мамлекеттик пробалык эн тамга басуу ыктыярдуу негизде жүзөгө ашырылат.
3. Пробалык эн тамганын белгилери жана сыпаттамалары Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
5-глава. Баалуу металлдарды өндүрүү, баалуу металлдардан жана асыл таштардан зергердик буюмдарды жасоо
17-берене. Аффинаждоочу ишканалар
Баалуу металлдарды аффинаждоо боюнча иш аффинаждоочу ишканалар тарабынан Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү Баалуу металлдарды аффинаждоону жүзөгө ашыруучу уюмдардын иш тартибине ылайык жүзөгө ашырылат.
Баалуу металлдарды аффинаждоо Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген Тизмекке ылайык уюмдар гана жүзөгө ашыра алат.
18-берене. Баалуу металлдардан жана асыл таштардан зергердик буюмдарды жасоо
Зергердик жана башка буюмдарды жасоо үчүн зергердик буюмдарды өндүрүүчүлөр ушул Мыйзамдын 6-беренесинин 4-пунктуна ылайык, ошондой эле кол менен казып алуу жолу менен алынган баалуу металлдарды жана асыл таштарды, кум түрүндөгү алтынды, зергердик буюмдардын сыныктарын, тиштик-техникалык продуктулар үчүн баалуу металлдардын дисктерин жана алардын сыныктарын келишимдик баада сатып алууга укуктуу.
6-глава. Ушул Мыйзамды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
19-берене. Ушул Мыйзамды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
1. Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузган юридикалык жактар жана жеке ишкерлер, ыйгарым укуктуу кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык жоопкерчилик тартат.
2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, ошондой эле анын ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын аракеттери административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык даттанылышы мүмкүн.
20-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кирүүсү
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Министрлер Кабинети жана Улуттук банк ушул Мыйзамдын 6-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган тартиптер күчүнө киргенге чейин аффинаждалган баалуу металлдарды артыкчылык менен сатып алуу укугун ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейинки жүзөгө ашырылуучу тартипте ишке ашырары белгиленсин.
3. Министрлер Кабинети жана Улуттук банк ушул Мыйзамдын 6-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган тартиптер күчүнө киргенге чейин асыл таштарды артыкчылык менен сатып алуу укугун ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин жүзөгө ашырылуучу аффинаждалган баалуу металлдар үчүн каралган тартипте ишке ашырары белгиленсин.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) "Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 14-майындагы № 61 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж. № 9, 311-ст.);
2) "Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 9-апрелиндеги № 69 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж. № 7, 255-ст.);
3) "Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 27-мартындагы № 88 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 3, 219-ст.);
4) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 11-октябрындагы № 171 Мыйзамынын 8-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 9, 2863-ст.);
5) "Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 28-майындагы № 121 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 5, 537-ст.);
6) "Салыктык эмес кирешелерди алуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана "Кыргыз ССРнин партиялык жетекчилеринин айрым категорияларына мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп таануу тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 23-мартындагы № 29 Мыйзамынын 6-беренеси ("Эркин-Тоо" газетасы, 2020-жылдын 27-марты, № 31).
5. Министрлер Кабинети ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып алты айдын ичинде өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
“Эркин-Тоо” газетасынын 2022-жылдын 12-августундагы № 70(3405) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2022-жылдын 30-июнунда |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |