Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\a0661c4f-bcfa-4046-a34a-20af536022eb\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2022-жылдын 28-декабры № 128

 

"Жамааттык келишимдер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

1-берене.

"Жамааттык келишимдер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 1, 43-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 3-статьянын экинчи бөлүгүндө:

а) "Кызматкерлердин өкүлдөрү" деген сөздөр "Кызматкерлердин өкүлчүлүктүү органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) бөлүк "кесиптик бирликтин органында" деген сөздөрдөн кийин "келишимдик негизде" деген сөздөр менен толукталсын;

2) 5-статьяда:

а) үчүнчү бөлүк "кызматкерлерге жана" деген сөздөрдөн кийин "кесиптик бирликтер болбогон учурда кызматкерлердин өкүлчүлүктүү органдарына" деген сөздөр менен толукталсын;

б) бешинчи бөлүк "кызматкерлер жана" деген сөздөрдөн кийин "кесиптик бирликтер болбогон учурда кызматкерлердин өкүлчүлүктүү органдарынын" деген сөздөр менен толукталсын;

3) 6-статьяда:

а) төртүнчү бөлүк "башка өкүлчүлүктүү органдарга" деген сөздөр "кызматкерлердин башка өкүлчүлүктүү органдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) алтынчы бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Жамааттык келишимдин айрым жоболору боюнча тараптардын ортосунда жамааттык сүйлөшүүлөр башталган күндөн тартып эки айдын ичинде макулдашууга жетише албаган учурда, тараптар бир эле убакта пикир келишпестиктердин протоколун түзүү менен макулдашылган шарттарда жамааттык келишимге кол коюуга тийиш.";

4) 7-статьянын экинчи бөлүгүндө "башка өкүлчүлүктүү органдар" деген сөздөр "кызматкерлердин башка өкүлчүлүктүү органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын;

5) 9-статьяда:

а) "кызматкерлер тарабынан ыйгарым укук берилген өкүлчүлүктүү орган" деген сөздөр "кызматкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүү органы" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) статья төмөнкүдөй мазмундагы экинчи бөлүк менен толукталсын:

"Жамааттык келишим түзүү жөнүндө жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөн баш тартууга эч бир тараптын укугу жок.";

6) 10-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"10-статья. Жамааттык келишимдин тараптары

Жамааттык келишимдин тараптары болуп төмөнкүлөр саналат:

- кесиптик бирлик комитетинин атынан кызматкерлердин кесиптик бирлиги же кесиптик бирликтер болбогондо кызматкерлердин башка өкүлчүлүктүү органы;

- уюмдун жетекчиси катары иш берүүчү же алар тарабынан ыйгарым укук берилген адамдар.

Уюмда бир нече кесиптик бирликтер, башка өкүлчүлүктүү органдар бар болсо, жамааттык келишимдин тараптары төмөнкүлөр болушу мүмкүн:

- уюмдун кызматкерлеринин кеминде 20 пайызынын атынан жана алардын кызыкчылыктарында иш алып барган ыйгарым укуктуу кесиптик бирлик;

- кызматкерлердин жалпы чогулушунда же конференциясында шайланган, кесиптик бирликтер болбогондо уюмдун кызматкерлеринин кеминде 20 пайызынын атынан жана алардын кызыкчылыктарында иш алып барган кызматкерлердин башка өкүлчүлүктүү органы;

- уюмдун кызматкерлеринин кеминде 20 пайызын бириктирүүчү уюмдун бир нече кесиптик бирликтеринин жана кызматкерлеринин башка өкүлчүлүктүү органдары тарабынан келишим боюнча түзүлгөн биргелешкен орган.";

7) 12-статьяда:

а) биринчи бөлүктө:

- биринчи абзац "Жамааттык келишимдин мазмунун" деген сөздөрдөн кийин "жамааттык келишимдер жөнүндө" деген сөздөр менен толукталсын;

- бешинчи абзац "тартиби жана өлчөмү" деген сөздөрдөн кийин "эмгек акыны төлөөнү камсыз кылуу жөнүндө" деген сөздөр менен толукталсын;

б) үчүнчү бөлүк "мыйзамдар менен" жана "кызматкерлердин акысыз же жарым жартылай акы төлөө менен тамактануусу," деген сөздөрдөн кийин тиешелүүлүгүнө жараша "жамааттык келишимдер жөнүндө" жана "дем алыш жана майрам күндөрүндөгү иши үчүн акы төлөө," деген сөздөр менен толукталсын;

8) 13-статьяда:

а) жетинчи бөлүк "Уюм" деген сөздөн кийин "юридикалык жактарды каттоо жөнүндө" деген сөздөр менен толукталсын;

б) статья төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи бөлүк менен толукталсын:

"Уюмдун менчик формасы алмашкан учурда, жамааттык келишим менчик формасы алмашкан күндөн тартып үч айдын ичинде колдонуу күчүн сактап турат.";

9) 16-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"16-статья. Жамааттык келишимдин тараптарынын жоопкерчилиги

Тараптар жамааттык келишимге ылайык анын жоболорун бузгандыгы, анын ичинде өзүнө алган милдеттенмелерди аткарбагандыгы үчүн жоопкерчилик тартышат.".

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Кыргыз Республикасынын

         Президенти

 

С.Н. Жапаров

 

2022-жылдын 16-ноябрында 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган