КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УКУКТУК МААЛЫМАТТАРДЫН БОРБОРЛОШТУРУЛГАН БАНКЫ | |
Документ | Маалым дарек | Шилтеме документтер |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 31-майы № 114
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө
1-берене. Жөнгө салуу предмети
Ушул конституциялык Мыйзам Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы (мындан ары - Эсептөө палатасы) тарабынан Эсептөө палатасынын компетенциясынын чектеринде Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин аткарылышына, мамлекеттик жана муниципалдык менчиктин жана башка ресурстардын пайдаланылышына тышкы мамлекеттик аудитти жүргүзүү процессинде келип чыккан мамилелерди, ошондой эле Эсептөө палатасынын милдеттерин, функцияларын, ыйгарым укуктарын жана ишин уюштурууну жөнгө салат.
2-берене. Эсептөө палатасынын статусу
1. Эсептөө палатасы Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген тартипте түзүлүүчү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине (мындан ары - Жогорку Кеңеш) жана Кыргыз Республикасынын Президентине (мындан ары - Президент) отчет берүүчү Кыргыз Республикасынын тышкы мамлекеттик аудитинин көз карандысыз жогорку органы болуп саналат.
2. Ушул конституциялык Мыйзамда аныкталган милдеттердин алкагында Эсептөө палатасы уюштуруучулук, функционалдык, финансылык көз карандысыздыкка ээ жана өз ишин өз алдынча жана аудиттин жогорку органдарынын аудитинин эл аралык стандарттарына ылайык жүзөгө ашырат.
3. Эсептөө палатасы Кыргыз Республикасынын атайын статусу бар мамлекеттик органы болуп саналат, анын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү жана өзүнүн аталышы бар мөөрү, ошондой эле өз символикасы бар.
4. Эсептөө палатасынын туруктуу жайгашкан жери болуп Бишкек шаары саналат.
3-берене. Ушул конституциялык Мыйзамда колдонулуучу түшүнүктөр
Ушул конституциялык Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) аудитор - Эсептөө палатасынын ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген кызматтык милдеттердин айрым чөйрөсү бар кызмат адамы;
2) аудитордук иш-чара - маалыматтын же учурдагы шарттардын белгиленген критерийлерге шайкештигин аныктоо максатында объективдүү баалоо үчүн далилдерди алуу боюнча чаралардын комплекси;
3) шайкештик аудити - аудит субъектинин анын ишин жөнгө салган мыйзамдарды сактоосуна баа берүү;
4) натыйжалуулук аудити - үнөмдүүлүк, натыйжалуулук жана майнаптуулук жагынан аудит субъектинин ишин изилдөө жана талдоо;
5) финансылык аудит - финансылык отчеттуулук мыйзамдардын талаптарына жана бухгалтердик стандарттарга ылайык даярдалган деген пикирди билдирүүгө мүмкүндүк берген аудит субъектинин финансылык отчеттуулугун жана эсепке алуу системасын изилдөө жана талдоо;
6) бюджеттик системанын бюджеттери - республикалык жана жергиликтүү бюджеттер, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун (мындан ары - Социалдык фонд) жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (мындан ары - Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду) бюджеттери;
7) пландан тышкаркы аудитордук иш-чара - Президенттин тапшырмасы жана Жогорку Кеңештин токтому болгон учурда Эсептөө палатасынын төрагасы тарабынан дайындалуучу иш-чара;
8) тышкы адис - аудиттен жана бухгалтердик эсептен айырмаланган иштин чөйрөсүндө атайын билимдери, көндүмдөрү жана иш тажрыйбасы бар жеке же юридикалык жак;
9) кайталанган аудит - аудит субъектинде бюджеттик мыйзамдарды же бөтөн жеке жана юридикалык жактардын негизделген жазуу жүзүндөгү суроо-талабын бузуунун мурда табылбаган фактылары бар экендиги жөнүндө ырасталган маалыматтар алынган учурда аудит аяктагандан кийин дайындалуучу аудит. Кайталанган аудит бюджеттик мыйзамдарды бузуу фактылары жөнүндө документ түрүндөгү маалыматтардын негизинде гана жүргүзүлөт;
10) сунуш - финансылык тартипти бузууга жол бергендиги үчүн күнөөлүү аудит субъектинин жетекчилерине карата, ошондой эле Эсептөө палатасынын талаптары аткарылбаган же аткаруу мөөнөттөрү сакталбаган учурларда чараларды көрүү жөнүндө сунуштар менен Президентке, Жогорку Кеңешке, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине (мындан ары - Министрлер Кабинети), ошондой эле тийиштүү мамлекеттик жана башка органдарга жөнөтүлүүчү документ;
11) жазма буйрук - кезектеги бюджеттик жылга жана пландуу мезгилге бюджетти тактоодо жана бюджеттин долбоорун түзүүдө финансылык бузуулардын аныкталган фактыларын жоюу боюнча жана табылган кемчиликтерди жана бузууларды жоюу; аудитордук же эксперттик-аналитикалык иш-чараларды жүргүзүүгө тоскоолдук кылган жактарды жоопкерчиликке тартуу боюнча чараларды көрүү үчүн аудит субъектинин жетекчисине жөнөтүлүүчү, милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон документ;
12) сунуштама - финансылык операцияларды жана ички контролду жүргүзүү боюнча иштин формаларын жана методдорун өркүндөтүү жөнүндө сунуштары менен аудит субъектине же болбосо тиешелүү мамлекеттик органга жана башка уюмдарга жөнөтүлүүчү документ;
13) Эсептөө палатасынын кызматчысы - Эсептөө палатасынын мамлекеттик жарандык кызматчы болуп саналган кызмат адамы;
14) Эсептөө палатасынын кызматкери - Эсептөө палатасынын кызмат адамы, ошондой эле техникалык жана кенже тейлөөчү персоналы;
15) Эсептөө палатасынын стандарттары - Эсептөө палатасынын аудитордук ишти, эксперттик-аналитикалык иш-чараларды жана ички иштин башка түрлөрүн жүргүзүшүнүн бирдей эрежелерин, талаптарын жана жол-жоболорун түзүүчү документтер;
16) аудиттин субъекттери - мамлекеттик жана муниципалдык органдар, мекемелер, уюмдар, ишканалар, ошондой эле мамлекеттик жана/же муниципалдык катышуунун чоң үлүшү бар болгон менчиктин жеке жана башка формасындагы юридикалык жактар, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору;
17) мамлекеттик жана/же муниципалдык катышуунун чоң үлүшү - менчиктин жеке жана башка формасындагы ишканалар менен уюмдарда 51 жана андан ашык пайызды түзгөн мамлекеттик жана/же муниципалдык катышуу;
18) тышкы мамлекеттик аудит - мамлекеттик бийлик органынын Кыргыз Республикасынын ресурстарын (финансылык, материалдык жана башка) башкаруунун абалына аудит жүргүзүү боюнча, максаты мамлекеттик жана муниципалдык каражаттарды жана мүлктү пайдалануунун натыйжалуулугун, финансылык отчеттуулуктун ишенимдүүлүгүн жана бухгалтердик эсепти жүргүзүүнүн тууралыгын баалоо, финансылык тартипти бузууларды четтетүү болуп саналган иши;
19) аудиттин түрлөрү - финансылык аудит, шайкештик аудити жана натыйжалуулук аудити;
20) эксперттик-аналитикалык иш - финансы системасынын актуалдуу көйгөйлөрү, бюджеттик системанын бюджеттерин, бюджеттен тышкаркы фонддорду түзүү жана аткаруу көйгөйлөрү боюнча эксперттик-аналитикалык иш-чараларды жүргүзүү, ошондой эле жүргүзүлгөн аудитордук жана эксперттик-аналитикалык иш-чаралардын натыйжалары боюнча табылган бузуулардын жана кемчиликтердин себептерин жана кесепеттерин изилдөө;
21) Эсептөө палатасынын финансылык отчеттуулугунун аудити - финансылык отчеттуулуктун, бухгалтердик эсептин жана жүргүзүлгөн мамлекеттик сатып алуулардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына шайкештиги жөнүндө отчет.
4-берене. Эсептөө палатасынын ишинин укуктук негизи жана принциптери
1. Эсептөө палатасы өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, ушул конституциялык Мыйзамды, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана көз карандысыз аудиттин эл аралык-укуктук принциптерин жетекчиликке алат.
2. Аудитордук жана эксперттик-аналитикалык иш-чаралар мыйзамдуулук, натыйжалуулук, объективдүүлүк, көз карандысыздык, ачыктык жана айкындык принциптеринде жүзөгө ашырылат.
5-берене. Эсептөө палатасынын милдеттери
Эсептөө палатасынын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) бюджеттик системанын бюджеттеринин аудитин жүргүзүү;
2) мамлекеттик жана муниципалдык менчиктин жана башка ресурстардын пайдаланылышына Эсептөө палатасынын компетенциясынын чектериндеги аудит;
3) Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиялык максаттарына жетүүнүн ишке ашырылышын жана натыйжалуулугун баалоо;
4) республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен салыктык жана башка жеңилдиктерди, бюджеттик кредиттерди берүүнүн натыйжалуулугун, ошондой эле мамлекеттик жана башка ресурстардын эсебинен юридикалык жактар жана жеке ишкерлер жасай турган бүтүмдөр боюнча мамлекеттик гарантияларды жана кепилдиктерди берүүнүн же милдеттенмелердин аткарылышын башка ыкмалар менен камсыз кылуунун негиздүүлүгүн өз компетенциясынын чектеринде баалоо;
5) мамлекеттик аудиттин эл аралык стандарттарын камсыз кылуу жана ишке ашыруу;
6) өз компетенциясынын чектеринде коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча чараларды камсыз кылуу.
6-берене. Эсептөө палатасынын функциялары
1. Өз милдеттерин аткаруунун алкагында Эсептөө палатасы төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:
1) бюджеттик укуктук мамилелер, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык менчикти пайдалануу чөйрөсүндө аудитордук иш-чараларды жүргүзүү;
2) республикалык бюджеттин, Социалдык фонддун, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттеринин долбоорлоруна корутундуларды берүү;
3) республикалык бюджеттин, Социалдык фонддун, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттеринин аткарылышы жөнүндө отчетторго корутундуларды берүү;
4) бюджеттик системанын бюджеттеринин кирешелери менен чыгымдарына жана башка каражаттарга өз компетенциясынын чектеринде эксперттик-аналитикалык иш-чараларды жүргүзүү;
5) мамлекеттик жана/же муниципалдык катышуунун чоң үлүшү бар ишканалардын жана уюмдардын натыйжалуулугуна аудит;
6) мамлекеттик гарантия, кепилдик алган же мамлекеттик жана башка ресурстардын эсебинен жасалган бүтүмдөр боюнча милдеттенмелерди башка ыкмалар менен аткарууга камсыздоо алган менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар, жеке ишкерлер каражаттарды пайдалануусунун натыйжалуулугунун аудити;
7) Министрлер Кабинетинин эсептерин тейлөө боюнча операцияларды жүзөгө ашыруу жагынан Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына аудит;
8) коммерциялык банктар жана башка финансы-кредиттик уюмдар бюджеттик системанын бюджеттик каражаттарын тейлөөсү жагынан аларга аудит;
9) Президенттин тапшырмасы боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын финансы-чарбалык ишинин аудити;
10) мурда жүргүзүлгөн аудит тарабынан табылбаган финансылык бузуулар жөнүндө тастыктаган документтер жана документтер мурда иликтенбегенинин себептерин көрсөтүү менен аудитордун жүйөлүү негиздемеси болгон учурда кайрадан аудит жүргүзүү;
11) Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн артыкчылыктарына таянуу менен мамлекеттик программаларды түзүүнүн жана аткаруунун талдоосу жана аларды ишке ашырууну, тобокелдиктерди баалоо;
12) тышкы аудиттин жана эксперттик-аналитикалык иш-чаралардын жыйынтыктарын талдоо;
13) башка мамлекеттердин мамлекеттик аудитинин жогорку органдары жана алардын эл аралык бирикмелери менен эки тараптуу жана көп тараптуу негизде өз ара аракеттенүү;
14) эл аралык уюмдар Кыргыз Республикасына бөлгөн финансылык каражаттарды өздөштүрүү боюнча аудитордук жана эксперттик-аналитикалык иш-чаралар;
15) мамлекеттик, укук коргоочу жана башка органдар менен өз ара аракеттенүү, алар менен кызматташтык жөнүндө макулдашууларды түзүү;
16) Эсептөө палатасынын компетенциясына кирген маселелер боюнча мыйзамдарды өркүндөтүү жөнүндө сунуштарды Жогорку Кеңешке жана Министрлер Кабинетине киргизүү;
17) бюджеттен тышкаркы каражаттарды пайдалануунун аудити.
2. Эсептөө палатасына ушул конституциялык Мыйзамда каралбаган функцияларды аткаруу жүктөлүшү мүмкүн эмес.
7-берене. Эсептөө палатасынын ыйгарым укуктары
1. Кыргыз Республикасынын бардык мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларына, уюмдарына жана мекемелерине мамлекеттик аудитор катары Эсептөө палатасынын ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын аймагында гана колдонулат. Алар Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдө иштеп жаткан мамлекеттик уюмдарына жана мекемелерине колдонулбайт.
2. Президенттин тапшырмасы же Жогорку Кеңештин токтому боюнча Эсептөө палатасы мамлекеттик жана/же муниципалдык катышуу үлүшү 10 пайыздан тартып жана андан ашык болгон ишканаларга жана уюмдарга аудит жүргүзө алат.
3. Ушул конституциялык Мыйзамда каралган ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууда Эсептөө палатасы төмөнкүлөргө укуктуу:
1) аудитордук жана эксперттик-аналитикалык иш-чараларды жүргүзүү үчүн зарыл болгон маалыматты, документтерди, отчеттук жана башка материалдарды, ошондой эле маалыматтык системаларга жеткиликтүүлүктү белгиленген мөөнөттөрдө алууга;
2) аудитордук жана эксперттик-аналитикалык иш-чаралардын натыйжалары боюнча сунуштарды, жазма буйруктарды, сунуштамаларды мамлекеттик органдарга, уюмдарга, Министрлер Кабинетине жөнөтүүгө, ошондой эле аларда кылмыштын курамынын белгилери болгон учурда материалдарды укук коргоо органдарына берүүгө.
4. Аудитордук иш-чаралар финансылык аудит, шайкештик аудити, натыйжалуулуктун аудити түрүндө жүргүзүлөт.
5. Аудиттин субъекттери жүргүзгөн сатып алуулар чөйрөсүндөгү аудит мамлекеттик муктаждыктар үчүн товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуулардын натыйжалуулугун баалоо максатында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
2-глава. Эсептөө палатасынын курамы жана түзүмү
8-берене. Эсептөө палатасынын курамы
Эсептөө палатасы тогуз аудитордон, алардын курамынын ичинен дайындалган төрагадан, Эсептөө палатасынын аппаратынан, анын аймактык бөлүмдөрүнөн турат.
9-берене. Эсептөө палатасынын төрагасы
1. Эсептөө палатасынын төрагасы кызмат ордуна Жогорку Кеңеш шайлаган Эсептөө палатасынын аудиторлорунун ичинен Президент тарабынан беш жылдык мөөнөткө дайындалат.
2. Жогорку Кеңеш Эсептөө палатасынын иши жөнүндө Эсептөө палатасынын төрагасынын ар жылдык отчетуна баа берет.
3. Эсептөө палатасынын төрагасы төмөнкүдөй учурларда кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулат:
1) ал Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза жоопкерчилиги каралган мыйзамдарын бузууларга жол бергенде;
2) кызматтан кетүү жөнүндө жеке арызын бергенде;
3) соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими менен ал иш-аракетке жөндөмсүз деп таанылганда;
4) "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган, ошондой эле ал Президенттин ишениминин жоголушуна негиз берүүчү аракеттерди жасаган учурларда ишенимди жоготушуна байланыштуу;
5) башка мамлекеттин жарандыгын алганда.
4. Эсептөө палатасынын төрагасын кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө чечим Президенттин Жарлыгы менен таризделет.
10-берене. Эсептөө палатасынын төрагасынын ыйгарым укуктары
Эсептөө палатасынын төрагасы төмөнкүдөй ыйгарым укуктарга ээ:
1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарында жана кесиптик эл аралык уюмдарда Эсептөө палатасынын атынан иш алып барат;
2) Эсептөө палатасынын компетенциясына кирген маселелер боюнча Жогорку Кеңештин жана анын комитеттеринин жыйналыштарына, Министрлер Кабинетинин жыйналыштарына катышат;
3) Эсептөө палатасынын Кеңешинин жыйналыштарына төрагалык кылат жана анын чечимдерине кол коёт;
4) зарыл болгон учурларда өзүнүн ыйгарым укуктарын Эсептөө палатасынын аудиторлорунун бирине үч айдан ашпаган мөөнөткө жүктөйт;
5) Эсептөө палатасынын ишинин багыттарын Эсептөө палатасынын аудиторлоруна бекитип берет;
6) Эсептөө палатасынын аудиторлоруна жана кызматкерлерине карата тартип өндүрүшүн козгойт;
7) Эсептөө палатасынын кызматчыларына жогорку класстык чендерди берүү, төмөндөтүү жана ажыратуу маселеси боюнча белгиленген тартипте Президентке сунуш киргизет;
8) негиздер табылган учурда Эсептөө палатасынын аудиторун кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө сунушту Жогорку Кеңешке киргизет, бул жөнүндө Президентке маалымдайт;
9) бекитилген бюджеттин жана штаттык сандын чектеринде Эсептөө палатасынын түзүмүн жана кызмат орундарынын тизмесин бекитет;
10) Эсептөө палатасынын аппаратынын иш тартибин аныктаган ченемдик документтерди бекитет;
11) Эсептөө палатасынын кызматкерлерине карата квалификациялык талаптарды бекитет;
12) Эсептөө палатасынын кызматкерлерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
13) Эсептөө палатасынын аудиторлору жана кызматкерлери аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат;
14) кайрадан аудит жүргүзүү жөнүндө маселени чечет;
15) кийин Эсептөө палатасынын Кеңешинде бекитүү менен пландан тышкаркы аудитордук иш-чараларды жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алат;
16) зарыл болгон учурда аудитордук иш-чараларды жүргүзүү мөөнөттөрүн узартат, аларды токтотуп турат жана аларды жүргүзүүгө буйруктарды жокко чыгарат;
17) тышкы адистер менен келишимдерди түзөт;
18) жарандарды кабыл алат, алардын кайрылууларын карайт;
19) бюджеттик каражаттарды тескөөчү болуп саналат;
20) чарбалык жана башка келишимдерди түзөт;
21) зарыл болгон учурда ушул берененин 1-3 жана 19-пункттарында каралган ыйгарым укуктарды аудиторлорго берет.
11-берене. Эсептөө палатасынын төрагасынын милдети жана жоопкерчилиги
1. Эсептөө палатасынын төрагасы төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Эсептөө палатасынын ишине жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырууга, анын ишин уюштурууга жана контролдоого;
2) Эсептөө палатасынын Кеңешинин ишин уюштурууга жана жетекчилик кылууга жана анын кароосуна Эсептөө палатасынын иши жөнүндө Эсептөө палатасынын төрагасынын ар жылдык отчетунун долбоорун киргизүүгө.
2. Эсептөө палатасынын төрагасы Эсептөө палатасынын иши жөнүндө ар жылдык отчетту жана республикалык бюджеттин, Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттеринин аткарылышынын аудиттери жөнүндө отчетторду Жогорку Кеңешке сунуш кылат.
3. Эсептөө палатасынын төрагасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төмөнкүлөр үчүн жоопкерчилик тартат:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы үчүн;
2) кызматтык ыйгарым укуктарын кыянаттык менен жана ашыкча пайдалангандыгы үчүн;
3) кызматтык милдеттерин аткарбагандыгы жана Эсептөө палатасынын ишин талаптагыдай уюштурбагандыгы үчүн;
4) Эсептөө палатасынын кызматкерлеринин Этикалык кодексинин эрежелерин бузгандыгы үчүн;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен корголуучу мамлекеттик жана башка сырды жарыя кылгандыгы үчүн.
12-берене. Эсептөө палатасынын аудитору
1. Жогорку билими жана экономика, финансы жана мамлекеттик аудит чөйрөсүндө 7 жылдан кем эмес кесиптик иш тажрыйбасы бар Кыргыз Республикасынын жараны Эсептөө палатасынын аудитору боло алат.
2. Жогорку Кеңеш Эсептөө палатасынын аудиторлорун: курамынын үчтөн бирин - Кыргыз Республикасынын Президентинин сунушу боюнча, үчтөн экисин өз демилгеси боюнча шайлайт; ушул конституциялык Мыйзамда каралган учурларда аларды кызмат ордунан бошотот.
3. Эсептөө палатасынын аудиторлору Жогорку Кеңеш тарабынан 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Бир эле адам аудитордун кызмат ордуна катары менен эки мөөнөттөн ашык шайлана албайт.
Эсептөө палатасынын аудиторунун бош кызмат орду пайда болгон учурда ал эки айдын ичинде ээленүүгө тийиш.
4. Эсептөө палатасынын аудитору Президент, Жогорку Кеңештин Төрагасы, Министрлер Кабинетинин Төрагасы, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы менен жакын туугандык мамилелерде боло албайт.
5. Кылмыш-жаза мыйзамдарында белгиленген тартипте жоюлбаган соттуулугу бар, ошондой эле башка жарандыгы бар адам Эсептөө палатасынын аудитору боло албайт.
6. Эсептөө палатасынын аудитору төмөнкүдөй учурларда Жогорку Кеңеш тарабынан кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулат:
1) ал Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза жоопкерчилиги каралган мыйзамдарын бузганда, кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланганда, кызматтык (кызмат ордунун) милдеттерди системалуу түрдө аткарбаганда же талаптагыдай аткарбаганда, эгерде мындай чечимге Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгү жактап добуш берсе;
2) кызматтан кетүү жөнүндө жеке арыз бергенде;
3) соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими менен ал иш-аракетке жөндөмсүз деп таанылганда;
4) ишенимди жоготушуна байланыштуу "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган, ошондой эле Жогорку Кеңеште ага болгон ишенимдин жоголушуна негиз болгон иш-аракеттерди жасаганда;
5) башка мамлекеттин жарандыгын алганда.
7. Эсептөө палатасынын аудиторунун кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө чечим Жогорку Кеңештин токтому менен таризделет.
13-берене. Эсептөө палатасынын аудиторунун ыйгарым укуктары, милдети жана жоопкерчилиги
1. Эсептөө палатасынын аудитору:
1) Эсептөө палатасынын ишинин ага бекитип берилген багыттары боюнча жооптуу болуп саналат;
2) өзү жетектеген багыттардагы ишти уюштуруу маселесин өз алдынча чечет жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартат;
3) аудитордук жана/же эксперттик-аналитикалык иштин натыйжалары боюнча отчетко кол коюуга өзгөчө укукка ээ;
4) аудитордук жана эксперттик-аналитикалык иш-чаранын натыйжалары боюнча даярдалган отчеттун жана/же корутундунун долбоорлорун Эсептөө палатасынын Кеңешинин кароосуна берет;
5) кайрадан аудитти, пландан тышкаркы аудитордук иш-чараларды жүргүзүү жөнүндө; аудитордук жана/же эксперттик-аналитикалык иш-чараны жүргүзүүнүн мөөнөттөрүн узартуу; сунушту, жазма буйрукту, сунуштаманы же алардын айрым пункттарын кайра кароо же жокко чыгаруу жөнүндө сунуштарды Эсептөө палатасынын төрагасына киргизет;
6) кызматтык милдеттерди аткаруу учурунда кызыкчылыктардын кагылышуусу келип чыккандыгы жөнүндө Эсептөө палатасынын төрагасына жазуу жүзүндө билдирет жана аларды четтетүү боюнча чараларды көрөт.
2. Эсептөө палатасынын аудитору Эсептөө палатасынын төрагасынын тапшырмасы боюнча:
1) Жогорку Кеңештин, анын комитеттеринин, убактылуу комиссияларынын, парламенттик фракцияларынын жана депутаттык топторунун жыйналыштарына, Министрлер Кабинетинин, мамлекеттик жана башка органдардын жыйналыштарына катышат;
2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана башка органдарында, кесиптик эл аралык уюмдарда Эсептөө палатасынын атынан иш алып барат;
3) жарандарды жана башка адамдарды кабыл алууну жүргүзөт.
3. Эсептөө палатасынын аудитору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төмөнкүлөр үчүн жоопкерчилик тартат:
1) Эсептөө палатасынын ишинин ага бекитилип берилген багыттары боюнча;
2) аудиттин натыйжаларынын ишенимдүүлүгү үчүн;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен корголуучу мамлекеттик жана башка сырды жарыя кылгандыгы үчүн;
4) кызматтык милдеттерин аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн;
5) кызматтык ыйгарым укуктарын кыянаттык менен жана ашыкча пайдалангандыгы үчүн;
6) Эсептөө палатасынын кызматкерлеринин Этикалык кодексинин эрежелерин бузгандыгы үчүн;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы үчүн.
4. Эсептөө палатасынын аудиторунун аракеттеринде (аракетсиздигинде) кылмыштын курамынын белгилери табылган учурда Эсептөө палатасынын төрагасы тиешелүү материалдарды Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарына жөнөтөт жана Президентке жана Жогорку Кеңешке маалымдайт.
14-берене. Эсептөө палатасынын төрагасынын, аудиторунун анты
Эсептөө палатасынын төрагасы жана аудиторлору кызмат ордуна шайлангандан кийин Жогорку Кеңешинин алдында төмөнкүдөй маанидеги антты берет: "Мен, ..., Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасынын/аудиторунун кызмат ордуна киришип жатып Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын сактоого, өзүмдүн милдеттеримди мамлекеттин жана кыргыз элинин кызыкчылыктарында ак ниеттүү, калыс жана кесипкөйлүк менен аткарууга ант берем. Эгерде берген антымды бузсам, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартам".
15-берене. Эсептөө палатасынын төрагасына жана аудиторлоруна коюлуучу чектөөлөр жана милдеттер
1. Эсептөө палатасынын төрагасы жана аудиторлору төмөнкүлөргө укуксуз:
1) мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында башка кызмат орундарды ээлөөгө;
2) жеке өзү же ишенимдүү адамдары аркылуу ишкердик кылууга, уюштуруу-укуктук формаларына карабастан чарба жүргүзүүчү субъекттерди башкарууга катышууга;
3) тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү билим берүүчү, эксперттик, илимий жана башка чыгармачылык ишти кошпогондо, башка акы төлөнүүчү ишти жүргүзүүгө;
4) саясий партиянын мүчөсү болууга;
5) эгерде мыйзамдарда башкача каралбаса, мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында үчүнчү жактардын ишенимдүү же башка өкүлдөрү болууга;
6) белгиленген тартиптен тышкары мамлекеттик жана башка уюмдардын ардактуу жана атайын наамдарын, сыйлыктарын жана башка артыкчылык белгилерин алууга (буга илимий жана спорттук кирбейт);
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлүүчү кызматтык иш сапарларды кошпогондо, жеке жана юридикалык жактардын каражаттарынын эсебинен Кыргыз Республикасынын чегинен сыртка кызматтык иш сапарларга барууга;
8) кызматтык (кызмат ордунун) милдеттерин аткарууга байланыштуу өздөрүнө белгилүү болуп калган, мыйзамдар тарабынан жеткиликтүүлүгү чектелген маалыматка киргизилген маалыматтарды, кызматтык (кызмат ордунун) милдеттерин аткаруу менен байланышпаган максаттарда жарыя кылууга же пайдаланууга.
2. Ушул беренеде белгиленген чектөөлөрдү жана милдеттерди сактабагандык Эсептөө палатасынын төрагасын жана аудиторун кызмат ордунан бошотуу үчүн негиз болушу мүмкүн.
16-берене. Эсептөө палатасынын аппараты
1. Эсептөө палатасынын аппаратынын ишин уюштурууну жана ишине жетекчилик кылууну аппараттын жетекчиси жүзөгө ашырат.
2. Жогорку билими жана экономика, финансы, мамлекеттик аудит, юриспруденция, мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө 7 жылдан кем эмес кесиптик иш тажрыйбасы бар Кыргыз Республикасынын жараны Эсептөө палатасынын аппаратынын жетекчиси боло алат.
3. Жогорку билими жана экономика, финансы, мамлекеттик аудит чөйрөсүндө 5 жылдан кем эмес кесиптик иш тажрыйбасы бар Кыргыз Республикасынын жараны Эсептөө палатасынын түздөн-түз аудит жүргүзүүчү кызматчысы боло алат.
17-берене. Эсептөө палатасынын аймактык бөлүмү
1. Аймактык бөлүмдүн ишин жетектөөнү жана анын ишин уюштурууну аймактык бөлүмдүн жетекчиси жүзөгө ашырат.
2. Жогорку билими жана экономика, финансы, мамлекеттик аудит чөйрөсүндө 7 жылдан кем эмес кесиптик иш тажрыйбасы бар Кыргыз Республикасынын жараны Эсептөө палатасынын аймактык бөлүмүнүн жетекчиси боло алат.
3. Жергиликтүү бюджеттердин аткарылышы жана муниципалдык менчиктин пайдаланылышы жөнүндө отчетторду кароо жана бекитүү үчүн аймактык бөлүмдө Аймактык бөлүмдүн коллегиясы (мындан ары - Коллегия) түзүлөт.
4. Аймактык бөлүмдүн жетекчиси Коллегиянын жыйналышын алып барат жана анын чечимдерине кол коет. Коллегиянын курамын Эсептөө палатасынын төрагасы бекитет.
5. Эсептөө палатасынын аймактык бөлүмдөрүнүн ишинин тартиби Эсептөө палатасынын Регламенти, ошондой эле аймактык бөлүмдөр жөнүндө тиешелүү жоболор менен аныкталат.
18-берене. Эсептөө палатасында мамлекеттик кызматты өтөө
Эсептөө палатасында мамлекеттик жарандык кызматка кирүү жана аны өтөө, ошондой эле андан бошотуу тартибин Президент аныктайт.
19-берене. Тышкы адисти тартуу
1. Эсептөө палатасы зарыл болгон учурда аудитордук жана эксперттик-аналитикалык иш-чаралардын айрым маселелери боюнча корутунду даярдоо үчүн тышкы адистин (Эсептөө палатасынын кызматкери эмес) кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалана алат.
2. Тышкы адистерди тартуу тартиби, аларга квалификациялык жана башка талаптар, ошондой эле алардын ишин уюштуруу Эсептөө палатасынын Кеңеши бекитүүчү Тышкы адистер жөнүндө жобо менен аныкталат.
3. Тышкы адистердин кызмат көрсөтүүлөрүнө акы Эсептөө палатасын каржылоого каралган республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен төлөнөт.
20-берене. Кызматкерлерди окутуу жана кесиптик өнүктүрүү
1. Эсептөө палатасы өзүнүн кызматкерлерин окутуу жана кесиптик өнүктүрүү стратегиясын аныктайт.
2. Кызматкерлерди окутуу үчүн Эсептөө палатасынын бюджетинде Эсептөө палатасынын ишин каржылоого республикалык бюджеттен бөлүнүүчү каражаттардын 1 пайызынан кем эмеси каралат.
3. Окутуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каржылоо булактарынын эсебинен да жүргүзүлүшү мүмкүн.
4. Эсептөө палатасынын кызматкерлери квалификацияны жогорулатуу боюнча окутуудан 3 жылда кеминде бир жолу өтүүгө милдеттүү.
5. Эсептөө палатасынын төрагасы кызматкерлерди кесиптик өстүрүү үчүн Эсептөө палатасы тарабынан белгиленген тартипте шарттарды түзөт.
6. Эсептөө палатасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кадрларды окутуу жана квалификациясын жогорулатуу боюнча борборлорду түзө алат.
21-берене. Эсептөө палатасынын кызматкерлеринин Этикалык кодекси
Эсептөө палатасынын төрагасы, аудиторлору жана кызматкерлери Эсептөө палатасынын кызматкерлеринин Этикалык кодексин сактоого милдеттүү, ал кызматтык ыйгарым укуктарды жана функцияларды жүзөгө ашырууда жүрүш-туруш эрежелерин жана ченемдерин жөнгө салат.
22-берене. Эсептөө палатасынын сыйлыктары
Эсептөө палатасы Эсептөө палатасынын кызматкерлерин, ошондой эле башка мамлекеттик органдардын жана уюмдардын кызмат адамдарын жана кызматкерлерин сыйлоо үчүн ведомстволук сыйлыктарды жана артыкчылык белгилерин уюштурат, бул сыйлыктар жана белгилер жөнүндө жоболорду, алардын сыпаттамаларын жана сүрөттөрүн, сыйлоо тартибин бекитет.
3-глава. Эсептөө палатасынын ишин пландоо жана уюштуруу
23-берене. Эсептөө палатасынын ишин пландоо
1. Эсептөө палатасы өз ишин аудитордук иштин стратегиялык жана жылдык пландарынын негизинде түзөт, алар мамлекеттик аудитти жүргүзүү зарылдыгына таянуу менен, ошондой эле Эсептөө палатасынын ишинин багыттарын эске алуу менен түзүлөт.
2. Пландоо Эсептөө палатасы иштеп чыгуучу стандарттарды жана методикалык документтерди эске алуу менен жүргүзүлөт.
3. Аудитордук жана эксперттик-аналитикалык иш-чаралар аудитордук иштин жылдык планына ылайык жүргүзүлөт.
4. Пландоо иш-чаралардын баланстуулугун жана комплекстүүлүгүн, ошондой эле иштин натыйжаларын баалоонун ырааттуулугун камсыз кылууга тийиш.
5. Эсептөө палатасынын ишинин пландарын түзүүдө Президенттин жана Жогорку Кеңештин суроо-талаптары милдеттүү тартипте каралат.
6. Эсептөө палатасынын ишинин жылдык планына киргизилбеген аудитордук иш-чараларды жүргүзүүгө жол берилбейт.
Пландан тышкаркы аудитордук иш-чаралар Президенттин тапшырмасы жана Жогорку Кеңештин токтому болгондо гана жүргүзүлөт.
24-берене. Эсептөө палатасынын Кеңеши жана анын ыйгарым укуктары
1. Эсептөө палатасынын жогорку органы болуп Эсептөө палатасынын Кеңеши саналат, ал Эсептөө палатасынын төрагасынан жана аудиторлорунан турат.
2. Эсептөө палатасынын Кеңешинин ишинин уюштуруу формасы болуп Эсептөө палатасынын Кеңешинин жыйналышы саналат. Эсептөө палатасынын Кеңешинин жыйналышы протокол менен таризделет.
3. Эсептөө палатасынын Кеңешинин чечимдери токтом жана/же протокол түрүндө кабыл алынат жана ага Эсептөө палатасынын Кеңешинин жыйналышына төрагалык кылуучу кол коёт.
Кабыл алынган чечимге макул болбогон Эсептөө палатасынын мүчөсү эки жумуш күндөн кечиктирбестен Эсептөө палатасынын төрагасына өзгөчө пикирин киргизет, ал Эсептөө палатасынын Кеңешинин токтомуна тиркелет жана аны менен бирге жарыяланууга тийиш.
4. Эсептөө палатасынын Кеңеши зарылчылыкка жараша Эсептөө палатасынын төрагасы тарабынан же Эсептөө палатасынын аудиторлорунун кеминде үчтөн биринин талабы боюнча, бирок айына бир жолудан кем эмес чакырылат.
5. Эсептөө палатасынын Кеңешинин жыйналышы, эгерде ага Эсептөө палатасынын Кеңешинин курамынын жарымынан көбү катышса, чечим кабыл алууга укуктуу болуп саналат.
6. Эсептөө палатасынын Кеңеши:
1) аудитордук иштин стратегиялык жана жылдык пландарын карайт жана бекитет, ошондой эле аларга өзгөртүүлөрдү киргизет;
2) Эсептөө палатасынын кызматкерлеринин Этикалык кодексин, Эсептөө палатасынын регламентин, тышкы мамлекеттик аудиттин стандарттарын жана Эсептөө палатасынын аудитордук ишин методологиялык жана методикалык камсыз кылуунун башка документтерин бекитет;
3) аудитордук жана эксперттик-аналитикалык иш-чаралардын отчетторунун долбоорлорун угат жана натыйжалар боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл алат;
4) Эсептөө палатасынын иши жөнүндө Эсептөө палатасынын төрагасынын ар жылдык отчетунун долбоорун угат;
5) жылдын жыйынтыктары боюнча аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилеринин иши жөнүндө алардын отчетторун угат;
6) тиешелүү ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү боюнча Президентке, Жогорку Кеңешке жана Министрлер Кабинетине сунуштарды киргизет;
7) тиешелүү жылга Эсептөө палатасынын бюджетинин долбоорун бекитет;
8) Эсептөө палатасынын финансылык отчеттуулугунун жүргүзүлгөн көз карандысыз аудитинин натыйжаларын угат.
25-берене. Эсептөө палатасынын регламенти
Эсептөө палатасынын ишинин жалпы маселелери, Эсептөө палатасынын аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, ошондой эле аймактык бөлүмдөрүнүн өз ара аракеттенүүсү, иштерди жүргүзүү тартиби жана ишинин башка маселелери Эсептөө палатасынын регламенти менен аныкталат.
26-берене. Эсептөө палатасынын стандарттары
1. Эсептөө палатасы Эсептөө палатасынын ишин уюштуруунун стандарттарын, ошондой эле Тышкы мамлекеттик аудиттин стандарттарын өз алдынча иштеп чыгат жана бекитет.
2. Эсептөө палатасынын ишин уюштуруунун стандарттары Эсептөө палатасынын ишин методологиялык камсыздоону уюштуруу, ишин пландоо, отчетторун даярдоо, башка органдар менен өз ара аракеттенүү эрежелерин жана башка маселелерин аныктайт.
3. Тышкы мамлекеттик аудиттин стандарттары Эсептөө палатасы аудитордук жана эксперттик-аналитикалык иш-чараларды жүргүзүүсүнүн жалпы талаптарын, мүнөздөмөлөрүн, эрежелерин жана жол-жоболорун аныктайт.
4-глава. Аудитордук жана эксперттик-аналитикалык иш-чаралар
27-берене. Аудитордук жана эксперттик-аналитикалык иш-чараларды жүргүзүүдө аудиторлордун, кызматчылардын укуктары жана милдеттери
1. Эсептөө палатасынын аудиторлору, кызматчылары өздөрүнө жүктөлгөн кызматтык ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууда төмөнкүлөргө укуктуу:
1) эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, аудит субъекттеринин аймагына жана жайларына тоскоолдуксуз кирүүгө, алардын документтерине жана материалдарына жеткиликтүүлүккө ээ болууга, кайсы гана болбосун өндүрүштүк, кампа, соода жана башка жайларды кароого;
2) өз компетенциясынын чектеринде аудит субъекттеринин финансы-чарбалык ишине тиешелүү бардык, анын ичинен электрондук формада сакталган документтер, ошондой эле мыйзам менен корголуучу мамлекеттик, салыктык, банктык, кызматтык, коммерциялык жана башка сырды камтыган документтер менен таанышууга;
3) электрондук маалымат базасына карата техникалык документтер менен таанышууга;
4) өз компетенциясынын чектеринде зарыл материалдарды (документтерди, маалыматтарды, статистикалык жана башка маалыматтарды) берүү жөнүндө суроо-талаптарды мамлекеттик жана башка органдарга жиберүүгө;
5) өз компетенциясынын чектеринде аудит субъекттеринин жетекчилеринен жана башка кызмат адамдарынан табылган бузуу фактылары боюнча жазуу жүзүндө түшүндүрмөлөрдү, ошондой эле белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн документтердин зарыл көчүрмөлөрүн берүүнү талап кылууга;
6) суралган документтерди жана материалдарды аудит субъекттеринин кызмат адамдары бербеген же өз учурунда бербеген фактылар боюнча актыларды түзүүгө;
7) документтерди жасалмалоо, будамайлоо, мүлктү уурдоо, абалын кыянаттык менен пайдалануу фактылары табылган учурда жана бул укукка жат аракеттерди четтетүү зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза-процесстик мыйзамдарында белгиленген чектөөлөрдү эске алуу менен, алып коюу актысын түзүү менен тиешелүү документтерди жана материалдарды алып коюуга (алып коюу актысы жана алып коюлган документтердин көчүрмөлөрү же тизмеги аудит субъектинде калат), ошондой эле кылмыштардын курамдарынын белгилерин көрсөткөн маалыматтар табылган учурда кассаларды, кассалык жана кызматтык жайларды, кампаларды жана архивдерди мөөр басып бекитүүгө.
2. Эсептөө палатасынын аудиторлору жана кызматчылары аудитордук жана эксперттик-аналитикалык иш-чараларды жүргүзүүдө өздөрүнө белгилүү болуп калган, мыйзам менен корголуучу мамлекеттик, салыктык, банктык, кызматтык, коммерциялык жана башка сырды сактоого, аудитордук жана эксперттик-аналитикалык иш-чараларды объективдүү жүргүзүүгө жана алардын натыйжаларын ишенимдүү чагылдырууга милдеттүү.
3. Эсептөө палатасынын аудиторлору жана кызматчылары өздөрү жүргүзгөн аудитордук жана эксперттик-аналитикалык иш-чаралардын мамлекеттик органдарга берилүүчү же ачыкка чыгарылуучу натыйжаларынын ишенимдүүлүгү жана объективдүүлүгү үчүн, ошондой эле мыйзам менен корголуучу мамлекеттик жана башка сырды жарыя кылгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
4. Эсептөө палатасынын аудиторлору жана кызматчылары аудит субъекттеринин оперативдүү-чарбалык ишине кийлигишүүгө, ошондой эле алынган маалыматты жарыя кылууга, Эсептөө палатасынын Кеңеши тиешелүү чечимди кабыл алганга чейин өзүнүн тыянактарын ачыкка чыгарууга укуксуз.
Эсептөө палатасынын аудиторлору, кызматчылары алынган маалыматтарды Эсептөө палатасы тапшырган иштерди аткаруу учурунда гана пайдалана алат.
5. Эсептөө палатасынын кызматкери төмөнкүдөй учурларда аудитордук иш-чараларды жүргүзүүгө катышууга укуксуз, эгерде ал:
1) аудит субъектинин жетекчисинин, уюштуруучусунун же кызматкеринин жакын тууганы болуп саналса;
2) аудит субъектине тиешелүү жеке мүлктүк жана башка кызыкчылыктары бар болсо;
3) аудит жүргүзүлүүчү мезгил ичинде аудит субъектинин кызматкери болуп саналса.
28-берене. Эсептөө палатасынын аудиторлорунун жана кызматчыларынын мыйзамдуу талаптарын аткаруу милдеттүүлүгү
Эсептөө палатасынын аудиторлорунун жана кызматчыларынын аудитордук жана эксперттик-аналитикалык иш-чараларды жүргүзүүдө өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарууга байланышкан талаптарын мамлекеттик жана башка органдар, ошондой эле баш ийүүсүнө жана менчигинин түрүнө карабастан уюмдар жана мекемелер аткарууга милдеттүү.
29-берене. Аудит субъектинин кызмат адамдарынын укуктары жана милдеттери
1. Аудит субъектинин кызмат адамдары төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Эсептөө палатасынын аудиторунан жана кызматчыларынан аудитордук иш-чараларды жүргүзүүгө буйрукту талап кылууга;
2) аудитордук иш-чараны жүргүзүү учурунда катышууга жана келип чыккан маселелер боюнча түшүндүрмөлөрдү берүүгө;
3) Эсептөө палатасынын кызматчыларын аудитордук иш-чараны жүргүзүүгө катышуудан четтетүү жөнүндө маселе менен (четтетүүнүн себептерин далилдөө менен) Эсептөө палатасына кайрылууга. Четтетүү жөнүндө маселе кайрылуу келип түшкөн күндөн тартып 3 жумуш күндүн ичинде каралат;
4) жүргүзүлүп жаткан аудиттин жүрүшүндө келип чыккан маселелер боюнча түшүндүрмөлөрдү берүүнү талап кылууга;
5) отчеттун долбооруна карата комментарийлерди берүүгө, аудиттин тыянактарына макул эместигин ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген мөөнөттөрдө билдирүүгө.
2. Аудит субъектинин кызмат адамдары төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) аудитордук иш-чараларды жүргүзүүгө көмөк көрсөтүүгө, анын ичинде аудит жүргүзүү үчүн өзүнчө, тиешелүү техникалык жабдуу (бар болсо) менен жабдылган, зарыл болгон учурда мөөр басып бекитип коюуга боло турган жайды берүүгө;
2) аудитордун жана кызматчылардын мыйзамдуу ишине тоскоолдук кылбоого, алардын мыйзамдуу талаптарын аткарууга;
3) табылган бузууларды жоюу боюнча чараларды көрүүгө;
4) Эсептөө палатасынын аудиторлору жана кызматчылары тарабынан аныкталган мөөнөттөрдө өзүнүн маалымат системаларына кирүүнү камсыз кылууга, документтердин түп нускаларын, талап кылынган кагаз жана электрондук түрдөгү маалыматтарды, документтердин көчүрмөлөрүн жана үзүндүлөрүн (анын ичинде электрондук) жана башка материалдарды берүүгө;
5) талаптарды аткаруудан жана/же маалыматтарды берүүдөн баш тартуунун негиздери жөнүндө Эсептөө палатасынын аудиторунун жана кызматчысынын суроо-талабы боюнча Эсептөө палатасына билдирүүгө.
3. Эсептөө палатасынын аудиторлорунун жана кызматчыларынын мыйзамдуу талаптары аткарылбаган, алардын ишине тоскоолдук түзүлгөн, аларга билип туруп жалган маалымат берилген же маалымат берилбеген, ошондой эле аны берүү мөөнөттөрү сакталбаган учурларда Эсептөө палатасы тартип жоопкерчилигине тартуу үчүн сунуштарды киргизет.
30-берене. Аудитордук жана эксперттик-аналитикалык иш-чараларды жүргүзүүнүн натыйжалары
1. Аудитордук жана/же эксперттик-аналитикалык иш-чараларды жүргүзүүнүн натыйжалары боюнча отчеттун жана/же корутундунун долбоору таризделет, ал аудит субъектине берилет.
2. Аудит субъекти отчеттун жана/же корутундунун долбоорун алган күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде Эсептөө палатасына отчеттун жана/же корутундунун долбоорунун мазмунуна карата жазуу жүзүндөгү комментарийлерди бере алат. Аларды кароонун натыйжалары жөнүндө аудит субъектине 5 жумуш күндүн ичинде маалымдалат.
3. Эсептөө палатасы талаш маселелерди аудит жөнүндө отчетто белгилейт.
4. Эсептөө палатасынын кызмат адамдарынын аракеттерине (аракетсиздигине) жана аудитордук жана эксперттик-аналитикалык иш-чаралардын натыйжалары боюнча кабып алынган чечимдерге аудит субъекттери Эсептөө палатасына сотко чейин даттанылгандан кийин гана сот тартибинде даттанышы мүмкүн.
5. Бекитилген отчеттун бир нускасы аудит субъектине жөнөтүлөт. Зарыл болгон учурда аудит субъектине жана тиешелүү мамлекеттик органдарга жана башка уюмдарга сунуш, жазма буйрук жана сунуштама жөнөтүлөт.
6. Жүргүзүлгөн аудитордук жана эксперттик-аналитикалык иш-чаралардын натыйжалары боюнча даярдалган отчеттун ишенимдүүлүгү, сунуштун, жазма буйруктун жана сунуштаманын негиздүүлүгү үчүн жеке жоопкерчиликти Эсептөө палатасынын жооптуу аудиторлору жана кызматчылары тартат.
7. Кылмыштардын курамдарынын белгилерин көрсөтүп турган маалыматтар болгон учурда Эсептөө палатасы тиешелүү материалдарды укук коргоо органдарына өткөрүп берет. Укук коргоо органдары бул материалдар боюнча кароонун жүрүшү жана кабыл алынган чечимдер жөнүндө маалыматты Эсептөө палатасына берет.
31-берене. Эсептөө палатасынын иши жөнүндө жарыялоолор
Мыйзам менен корголуучу мамлекеттик, кызматтык, банктык, салыктык, коммерциялык жана башка сырды камтыган маалыматты кошпогондо, Эсептөө палатасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Эсептөө палатасынын Стратегиялык өнүктүрүү планын, аудитордук иштин жылдык планын; жүргүзүлгөн аудитордук жана эксперттик-аналитикалык иш-чаралар жөнүндө отчетторду өзүнүн расмий сайтына жарыялайт.
5-глава. Эсептөө палатасынын мамлекеттик органдар жана уюмдар менен өз ара аракеттенүүсү. Эл аралык кызматташтык
32-берене. Эсептөө палатасынын мамлекеттик органдар жана уюмдар менен өз ара аракеттенүүсү
1. Мамлекеттик органдар, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана менчигинин түрүнө карабастан уюмдар Эсептөө палатасынын ишине көмөк көрсөтүүгө, Эсептөө палатасы өз милдеттерин жана функцияларын аткарышы үчүн зарыл болгон маалыматты анын суроо-талаптары боюнча берүүгө милдеттүү.
2. Эсептөө палатасы ички аудит кызматынын ишине жана отчеттуулугуна талдоо жүргүзүүгө укуктуу, анын натыйжалары боюнча ички аудитти өркүндөтүү боюнча сунуштамаларды аларга жөнөтө алат.
Эсептөө палатасы ички аудит кызматы даярдаган отчетторго өз кароосу боюнча таяна алат, ошондой эле ички аудитти баалоонун натыйжаларын эске алуу менен аудитти өз пландоосун жана тобокелдиктерди баалоону колдоно алат.
33-берене. Эсептөө палатасынын эл аралык кызматташтыгы
Эсептөө палатасы өз компетенциясынын чектеринде аудиттин жогорку органдарын бириктирген эл аралык уюмдар менен кызматташтыкты түзөт, Эсептөө палатасынын компетенциясына кирген маселелер боюнча алар менен макулдашууларды түзөт, башка мамлекеттердин жогорку аудит органдары менен бирге же удаалаш аудитордук жана эксперттик-аналитикалык иш-чараларды жүргүзөт.
6-глава. Эсептөө палатасынын ишин камсыз кылуу
34-берене. Эсептөө палатасынын төрагасынын, аудиторлорунун жана кызматчыларынын укуктук статусунун, көз карандысыздыгынын кепилдиктери
1. Кылмыш үстүндө кармалган учурларды кошпогондо, Эсептөө палатасынын төрагасы, Эсептөө палатасынын аудиторлору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин макулдугусуз кармалбайт, камакка алынбайт, кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылбайт.
Эсептөө палатасынын төрагасына жана аудиторуна карата кылмыш-жаза иши Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору тарабынан гана козголушу мүмкүн.
2. Эсептөө палатасынын төрагасы, аудиторлору жана кызматчылары ушул конституциялык Мыйзамда каралган тартиптерди жана учурларды кошпогондо, ишти пландоонун, жүргүзүлүүчү аудитордук жана эксперттик-аналитикалык иш-чаралардын маңызы боюнча кандайдыр бир түшүндүрмө берүүгө, ошондой эле аудиттин материалдарын жарыя кылууга, аларды таанышуу үчүн кимдир бирөөлөргө берүүгө милдеттүү эмес.
3. Эсептөө палатасынын төрагасы, аудиторлору жана кызматчылары кесиптик көз карандысыздык кепилдиктерине ээ.
4. Эсептөө палатасынын көз карандысыздыгы төмөнкүлөр менен камсыздалат:
1) ушул конституциялык Мыйзамда, Эсептөө палатасынын Регламентинде жана стандарттарында, Эсептөө палатасынын аудитордук ишин методологиялык жана методикалык камсыз кылуунун башка документтеринде каралган ченемдер боюнча өзүнүн ишин уюштуруу жактан камсыздоону жүзөгө ашыруу тартиби;
2) өз учурунда жана талаптагыдай каржылоо;
3) өзүнүн ишин жүзөгө ашыруу үчүн талаптагыдай шарттарды түзүү;
4) Эсептөө палатасынын төрагасынын жана аудиторлорунун ыйгарым укуктарын токтотуунун белгиленген тартиби;
5) Эсептөө палатасынын ишине кийлигишүүгө тыюу салуу;
6) Жогорку Кеңешке жана Президентке гана отчет берүү;
7) документтер негизделген суроо-талаптар келип түшкөндө гана берилиши.
Эсептөө палатасы документтерди берүү жөнүндө суроо-талаптарды өз кароосу боюнча четке кага алат, мында четке кагуунун себептери суроо-талаптын демилгечилерине жана Жогорку Кеңешке билдирилүүгө тийиш.
5. Эсептөө палатасынын кызматчылары мыйзамсыз иш-аракеттерге барышынын же мыйзамсыз чечимдерди кабыл алышынын максатында аларга таасир этүү, ошондой эле алар өздөрүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруусуна кандай гана формада болбосун, ким тараптан болбосун тоскоолдук кылуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке алып келет.
35-берене. Эсептөө палатасынын ишин каржылоо жана материалдык-техникалык камсыздоо
1. Эсептөө палатасы республикалык бюджеттен каржыланат.
2. Эгерде чыгымдар маанилүү же кечиктирилгис мүнөздөгү иш-чараларды жүргүзүү менен байланышкан жана Эсептөө палатасынын бюджетинин долбоорун даярдоодо аны алдын ала кароо мүмкүн болбогон учурда Эсептөө палатасы кошумча каржылоо үчүн Жогорку Кеңештин тармактык комитетине кайрылууга укуктуу.
3. Эгерде жактырылган сумма Эсептөө палатасынын ишин жүзөгө ашыруу үчүн жетишсиз болсо, Эсептөө палатасы кошумча бюджеттин долбоорун Жогорку Кеңештин тармактык комитетине берүүгө укуктуу.
4. Материалдык-техникалык базаны чыңдоо, кызматкерлердин потенциалын жогорулатуу жана аудитордук иштин жогорку көрсөткүчтөрүнө шыктандыруу үчүн фонд түзүлөт, анын каражаттарынын көлөмү Эсептөө палатасын күтүүгө чыгымдардын суммасынын 15 пайызын түзөт. Фонддун каражаттарын пайдалануу тартиби Эсептөө палатасынын Кеңеши бекитүүчү жобо менен аныкталат.
5. Эсептөө палатасын каржылоо үчүн республикалык бюджетте каралган каражаттар өз убагында жана толук көлөмдө бөлүнүүгө тийиш.
6. Министрлер Кабинети, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар Эсептөө палатасын жана анын аймактык бөлүмдөрүн кызматтык жайлар менен камсыз кылат.
7. Эсептөө палатасынын жеке турак жайы жок аудиторлору кызматтын бүткүл мөөнөтүнө Эсептөө палатасынын балансында турган турак жай, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар убактылуу пайдаланууга берүүчү башка турак жай, ошондой эле кызматтык автомобиль менен камсыз кылынат.
36-берене. Эсептөө палатасынын финансылык отчеттуулугунун аудити
1. Эсептөө палатасынын финансылык отчеттуулугунун аудити көз карандысыз аудитор тарабынан 3 жылда бир жолу жүзөгө ашырылат.
Аудит жүргүзүүгө тиешелүү лицензиясы бар көз карандысыз аудитор Эсептөө палатасынын сунушу боюнча Жогорку Кеңеш тарабынан дайындалат.
Көз карандысыз аудиторду тандоо мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарга ылайык конкурстук негизде жүзөгө ашырылат. Бир эле адам көз карандысыз аудитор болуп катары менен эки жолудан ашык бекитилбейт.
Көз карандысыз аудитордун кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө тиешелүү жылга республикалык бюджет жөнүндө мыйзамда каралат.
2. Көз карандысыз аудитор Эсептөө палатасынын кызматчылары сыяктуу эле маалымат чогултуу боюнча ыйгарым укуктарга ээ.
Көз карандысыз аудиторго Эсептөө палатасы сыяктуу эле маалыматты ачуу жагынан чектөөлөр белгиленет.
Эсептөө палатасынын финансылык отчеттуулугуна жүргүзүлгөн көз карандысыз аудиттин натыйжалары алар боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл алуу үчүн Эсептөө палатасынын Кеңеши тарабынан каралат.
3. Көз карандысыз аудитор Эсептөө палатасынын финансылык отчеттуулугунун аудитин аудиттин эл аралык стандарттарына ылайык жүргүзөт.
Эсептөө палатасынын финансылык отчеттуулугунун көз карандысыз аудити жөнүндө отчет финансылык отчеттуулукка тиешелүү календардык жылдан кийинки жылдын 20-июнунан кечиктирбестен Президентке жана Жогорку Кеңешке берилүүгө тийиш.
37-берене. Ушул конституциялык Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Эсептөө палатасы ушул конституциялык Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып үч айдын ичинде өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул конституциялык Мыйзамга ылайык келтирсин.
3. Эсептөө палатасынын аудиторлору өз ыйгарым укуктарын өздөрү шайланган бүткүл мөөнөткө сактайт.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 13-августундагы № 117 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 12, 531-ст.);
2) "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 4-июнундагы № 77 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 6, 512-ст.);
3) "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 7-июлундагы № 139 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку. Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6/2, 603-ст.);
4) "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 21-июлундагы № 163 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6/2, 627-ст.);
5) "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 15-октябрындагы № 213 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 905-ст.);
6) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-январындагы № 26 Мыйзамынын 1-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 1, 26-ст.);
7) "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 18-февралындагы № 2 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 2, 67-ст.);
8) "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 14-июлундагы № 100 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1003-ст.);
9) "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 14-майындагы № 53 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 5, 2277-ст.);
10) "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 19-июлундагы № 152 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 7, 938-ст.);
11) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 18-февралындагы № 30 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 2, 91-ст.);
12) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамынын 5-беренесинин 14-бөлүгү (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 11, 1184-ст.);
13) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 12-августундагы № 124 Мыйзамынын 1-беренеси ("Эркин-Тоо" гезити, 2020-жылдын 14-августу, № 64).
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
С.Жапаров |
|
|
|
2023-жылдын 4-майында |
|
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |