Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

 Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\a0661c4f-bcfa-4046-a34a-20af536022eb\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2023-жылдын 15-августу № 181

Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө

1-глава. Жалпы жоболор

1-берене. Кыргыз Республикасынын өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө мыйзамдары

1. Ушул Мыйзам өндүрүш жана керектөө калдыктарын (мындан ары - калдыктар) түзүү, чогултуу, сактоо, кайра иштетүү, зыянсыздандыруу, ташуу жана көмүү, ошондой эле калдыктар менен иштөө жаатындагы мамлекеттик башкаруу, көзөмөлдөө жана контролдоо процессинде келип чыгуучу мамилелерди жөнгө салат.

2. Калдыктар менен иштөө жаатындагы мамилелер ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары, ошондой эле ушул Мыйзамга карама-каршы келбеген бөлүгүндө мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен жөнгө салынат.

2-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу түшүнүктөр

Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар пайдаланылат:

1) калдыктарды чогултуу - калдыктарды андан ары иштетүү, кайра иштетүү, зыянсыздандыруу жана жайгаштыруу максатында аларды кабыл алуу;

2) экинчи чийки зат - баштапкы толук пайдалануудан (эскирүүдөн) кийин өндүрүштө баштапкы чийки зат катары кайрадан колдонулушу мүмкүн болгон материалдар жана буюмдар;

3) калдыктарды топтоо - калдыктарды андан ары иштетүү, утилдештирүү, зыянсыздандыруу жана жайгаштыруу максатында аларды он бир айдан ашпаган мөөнөткө топтоо;

4) калдыктарды ташуу - калдыктарды автомобиль, темир жол, аба, суу транспорту менен ташуу;

5) коммуналдык калдыктар - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекитүүчү коммуналдык калдыктардын тизмегине киргизилген, жүгүртүүнү мамлекеттик бийликтин жергиликтүү органдары уюштура турган керектөө калдыктары жана өндүрүш калдыктары;

6) калдыктарды иштетүү - калдыктарды андан ары кайра иштетүүгө, анын ичинде аларды сорттоого, бириндетип ажыратууга, тазалоого алдын ала даярдоо;

7) калдыктарды зыянсыздандыруу - калдыктардын адамдын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө терс таасирин төмөндөтүү максатында калдыктардын массасын азайтуу, алардын курамын, физикалык жана химиялык касиеттерин өзгөртүү (анын ичинде адистештирилген орнотмолордо өрттөө жана (же) зыянсыздандыруу);

8) калдыктарды көмүү - булгоочу заттардын айлана-чөйрөгө киришинин алдын алууга багытталган жана бул калдыктарды андан ары пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган атайын сактоочу жайларда калдыктарды изоляциялоо;

9) калдыктарды кайра иштетүү - продукцияны өндүрүү жана иштерди (кызмат көрсөтүүлөрдү) аткаруу же энергия алуу үчүн калдыктарды колдонуу;

10) компетенттүү орган - ыйгарым укуктарга ээ болгон калдыктар менен иштөө жаатындагы ишти координациялоону жүзөгө ашыруучу айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы мамлекеттик орган;

11) калдыктарды жайгаштыруу лимити - региондогу экологиялык кырдаалды эске алуу менен белгилүү бир мөөнөткө жайгаштырууга уруксат берилген жана юридикалык же жеке жактар үчүн белгиленген калдыктардын чектелген саны;

12) аз калдыктуу технология - продукциянын бирдигин өндүрүү учурунда бул продукцияны алуунун учурдагы демейки ыкмасына салыштырганда аз сандагы калдык келип чыга турган продукцияны өндүрүү процесси;

13) калдыктар менен иштөө - калдыктарды чогултуу, топтоо, ташуу, иштетүү, кайра иштетүү, зыянсыздандыруу, жайгаштыруу боюнча иш;

14) калдыктарды жайгаштыруу объекти - полигондор, топтогучтар, таштандылар, күл сактагычтар, уулуу заттарды сактагычтар, тоо тектеринин калдыктары жана калдыктарды сактоо жана көмүү үчүн атайын жабдылган башка жерлер;

15) кооптуу калдыктар - өзүнүн курамында кооптуу касиеттерге ээ болгон заттарды камтыган жана өзүнчө турганда, ошондой эле башка заттарга аралашкан учурда адамдардын ден соолугу же айлана-чөйрө үчүн түздөн-түз же потенциалдуу коркунуч туудурган санда жана түрдө болгон өндүрүш жана керектөө калдыктары;

16) өндүрүш калдыктары - продукцияны өндүрүү же иштерди аткаруу процессинде жаралган жана өзүнүн керектөө касиеттерин толугу менен же жарым-жартылай жоготкон материалдардын, чийки заттын, жарым фабрикаттардын калдыктары, ошондой эле өндүрүш процессинде түзүлгөн жана бул өндүрүштө колдонулбай турган коштолмо заттар;

17) керектөө калдыктары - физикалык же моралдык жактан эскирүүдөн улам өзүнүн керектөө сапаттарын жоготкон буюмдар, материалдар жана заттар. Керектөө калдыктарына ошондой эле адамдардын жашоо-турмушунун процессинде келип чыккан турмуш-тиричиликтин катуу калдыктары кирет;

18) калдыктардын паспорту - калдыктардын сапаттык же сандык мүнөздөмөсүн тастыктоочу документ;

19) калдыктарды жайгаштыруу - калдыктарды сактоо жана көмүү;

20) калдыктарды чек ара аркылуу ташуу - башка мамлекеттин юрисдикциясында болгон аймактан калдыктарды Кыргыз Республикасынын юрисдикциясындагы аймакка/же ал аркылуу ар кандай ташуу;

21) калдыктарды сактоо - калдыктарды көмүү, зыянсыздандыруу же кайра иштетүү максатында алып чыкканга чейин аларды атайын жабдылган топтогучтарда сактоо;

22) товарды пайдалануунун калдыктары - товарлар, товарлардын таңгагы өзүнүн керектөө касиеттерин толугу менен же жарым-жартылай жоготкондон кийин пайда болгон калдыктар;

23) экологиялык экспертиза - аларды ишке ашыруу айлана-чөйрөнүн жана жаратылыш ресурстарынын абалына түздөн-түз же кыйыр таасир эте турган белгиленген чечимдердин экологиялык тобокелдик же коркунуч деңгээлин аныктоо;

24) экинчи материалдык ресурстар - түздөн-түз кошумча иштетүүдө же андан кийин кайрадан пайдалануу мүмкүнчүлүгү бар болгон, эл чарбасында пайда болгон өндүрүш жана керектөө калдыктары;

25) утилдештирүү жыйымы боюнча оператор (мындан ары - РОП оператору) - Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарына ылайык утилдештирүү жыйымынын төлөмдөрүн чогултууну жана башкарууну жүзөгө ашыруучу, товарларды пайдалануунун калдыктарын кайра иштетүүнү камсыз кылуучу юридикалык жак;

26) утилдештирүү жыйымы - товарларды пайдалануунун калдыктарын кайра иштетүү нормативдерин аткарууну камсыз кылууга акыны үчүнчү өлкөлөрдөн товарларды импорттоону же Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден товарларды ташып келүүнү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында товарларды өндүрүүнү жүзөгө ашыруучу юридикалык жана жеке жактар, жеке ишкерлер төлөйт.

3-берене. Калдыктар менен иштөө жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги принциптери

Калдыктар менен иштөө жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги принциптери болуп төмөнкүлөр саналат:

- кооптуу химиялык заттарды пайдалануунун алдын алуу;

- аз калдыктуу технологиялык процесстерди киргизүүнүн артыкчылыгы;

- калдыктарды чарбалык жүгүртүүгө тартуу үчүн экономикалык өбөлгө түзүү механизмдерин пайдалануу;

- жаратылышты коргоонун жана санитардык мыйзамдардын талаптарын бузгандыгы үчүн жоопкерчиликтин сөзсүз түрдө боло тургандыгы;

- калдыктар менен иштөө боюнча чечимдерди кабыл алууда мамлекеттик экологиялык экспертизаны милдеттүү түрдө жүргүзүү;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык калдыктар менен иштөө жаатындагы маалыматтарды ээн-эркин алуу;

- калктын кызыкчылыктарын козгогон чечимдерди улуттук кызыкчылыктарды коргоону эске алуу менен кабыл алуу.

4-берене. Калдыктарга менчик укугу жана алар менен болгон бүтүмдөр

1. Калдыктарга менчик укугуна төмөнкүлөр ээ болот:

- мамлекеттик органдар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары - эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана (же) бул калдыктардын пайда болуу булагы болуп саналган мүлктү пайдалануу жөнүндө келишимде башкача каралбаса, калдыктарды чогултуучу атайын бөлүнгөн жерлерде (таштанды урналарында, бактарда, контейнерлерде жана полигондордо), калдыктар пайда болгон учурдан тартып;

- юридикалык же жеке жак, анын ичинде жеке ишкер - калдыктарды ээликтен ажыратуу жөнүндө бүтүмдүн же калдыктарды башка ыкма менен менчикке айландыруу жөнүндө күбөлөндүргөн башка аракеттерди жасоонун негизинде.

2. Калдыктарга менчик укугунан баш тартуу ушул Мыйзамдын жана калдыктар менен иштөө жаатындагы башка ченемдик укуктук актылардын талаптары сакталган шартта жарандык мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.

Мында калдыктарга менчик укугунан баш тартуу аларга менчик укугун башка юридикалык же жеке жактар сатып алган учурга чейин калдыктарга карата менчик ээсинин укуктарын жана милдеттерин токтотууга алып келбейт.

3. Кооптуу калдыктарды башка юридикалык же жеке жакка, анын ичинде калдыктар менен иштөөнү жүзөгө ашырып жаткан жеке ишкерге ээликтен ажыратууга аларды кийин иштетүү, көмүү, зыянсыздандыруу, кайра иштетүү максатында гана уруксат берилет.

4. Жер участокторун пайдалануучулар өздөрүнүн аймагында калдыктардын пайда болгондугу үчүн мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.

Өздөрүнүн жер участокторунда санкцияланбаган калдыктарды төгүүчү жерлер табылган учурда жерди пайдалануучулар калдыктар табылган күндөн тартып беш жумуш күндүн ичинде алар табылгандыгы жөнүндө айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органга жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү.

Айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу орган калдыктардын айлана-чөйрөгө, жарандардын ден соолугуна, мүлккө зыяндуу таасирин жокко чыгаруу боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.

Ушул берененин биринчи бөлүгүндө каралган талаптар аткарылбаган учурда жер участокторун пайдалануучулар калдыктар табылган күндөн тартып калдыктар менен иштөө жаатындагы мамлекеттик контролду жана көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдар тарабынан калдыктардын менчик ээлери деп таанылат.

2-глава. Калдыктар менен иштөө жаатындагы мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары, юридикалык жана жеке жактардын жоопкерчилиги

5-берене. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ыйгарым укуктары

Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын калдыктар менен иштөө жаатындагы ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:

- калдыктар менен байланышкан апааттарды, аварияларды четтетүү боюнча чараларды жүзөгө ашыруу;

- калдыктар менен байланышкан апааттардын, авариялардын кесепеттерин жоюу боюнча чараларды жүзөгө ашыруу;

- калдыктар менен иштөө жаатындагы региондук программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, ошондой эле мамлекеттик программаларды аткаруу;

- калдыктарды кайра иштетүү, утилдештирүү жана жайгаштыруу боюнча жаңы объекттерди курууну, иштеп жаткан объекттерди кеңейтүүнү жана реконструкциялоону каржылоо үчүн юридикалык жана жеке жактардын, жергиликтүү бюджеттин жана бюджеттен тышкаркы фонддордун каражаттарын чогултууну уюштуруу;

- коммуналдык калдыктарды чогултуунун сарамжалдуу системасын уюштуруу, ал анын ичинде аларды (тамак-аш калдыктарын, түстүү жана кара металлдар, текстиль, айнек, кагаз ж.б.) өзүнчө чогултууну, калдыктарды ташууну, иштетүүнү, кайра иштетүүнү, зыянсыздандырууну, көмүүнү, ошондой эле ведомствого караштуу аймакты кайра культивациялоону карайт;

- калктуу конуштардын аймактарында коммуналдык калдыктарды жүгүртүү системасын уюштуруу;

- калктуу конуштардын аймактарынан калдыктарды чогултуу жана ташып чыгаруу боюнча эрежелерди бекитүү;

- калктуу конуштардын аймагында калдыктар менен иштөө боюнча калкты маалымат менен камсыз кылуу.

6-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары

Калдыктар менен иштөө жаатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:

- калдыктар менен байланышкан апааттарды, аварияларды четтетүү боюнча чараларды жүзөгө ашыруу;

- калдыктар менен байланышкан апааттардын, авариялардын кесепеттерин жоюу боюнча чараларды жүзөгө ашыруу;

- калдыктар менен иштөө жаатында региондук программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, ошондой эле мамлекеттик программаларды аткаруу;

- калдыктарды утилдештирүү жана жайгаштыруу боюнча жаңы объекттерди курууну, иштеп жаткандарын кеңейтүүнү жана реконструкциялоону каржылоо үчүн жергиликтүү бюджетти уюштуруу;

- калктуу конуштардын аймактарында коммуналдык калдыктар менен иштөө системасын уюштуруу;

- калктуу конуштардын аймактарынан калдыктарды чогултуу жана чыгаруу боюнча эрежелерди бекитүү;

- калктуу конуштардын аймактарында калдыктар менен иштөө боюнча калкты маалымат менен камсыз кылуу.

7-берене. Айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясы

Айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өз компетенциясынын чектеринде төмөнкүлөрдү камсыз кылат:

- калдыктар менен иштөөгө байланышкан документтерди мамлекеттик экологиялык экспертизаны жүргүзүүнү;

- калдыктар менен экологиялык жактан коопсуз иштөө тартибин жөнгө салган жана айлана-чөйрө менен адамдын ден соолугу үчүн калдыктардын коопсуздугунун талаптарын белгилеген эрежелерди жана ченемдерди иштеп чыгууну;

- калдыктардын мамлекеттик кадастрын жүргүзүүнү уюштурууну;

- калдыктардын кооптуулугунун классын белгилөө жана Калдыктардын классификаторун жүргүзүүнү;

- калдыктар менен иштөө жаатында эл аралык кызматаштыкты жүргүзүү, эл аралык тажрыйбаны иликтөө, жалпылоо жана таратуу;

- калдыктар менен иштөө боюнча маалыматка коомчулуктун жетүүсүн камсыз кылуу;

- калдыктар менен иштөө, анын ичинде экинчи материалдык ресурстар менен иштөө чөйрөсүндөгү ишти координациялоо.

8-берене. Калдыктар менен иштөөнү жүзөгө ашыруучу юридикалык жана жеке жактардын, анын ичинде жеке ишкерлердин милдеттери

1. Калдыктар менен иштөөнү жүзөгө ашыруучу юридикалык жактар жана жеке ишкерлер төмөнкүлөргө милдеттүү:

- техникалык ченемдик укуктук актыларга ылайык ар кандай түрдөгү калдыктарды аралаштырууга жол берилген учурларды кошпогондо, калдыктарды чогултууну жана аларды түрлөрү боюнча бөлүүнү камсыз кылууга;

- калдыктар менен иштөө үчүн жооптуу кызмат (ыйгарым укуктуу) адамдарын дайындоого;

- өндүрүш калдыктары менен иштөө боюнча ички нускамаларды иштеп чыгууга жана бекитүүгө, ошондой эле алардын сакталышын камсыз кылууга;

- ушул Мыйзамга жана калдыктар менен иштөө жөнүндө башка ченемдик укуктук актыларга ылайык калдыктар менен иштөөнү камсыз кылууга;

- калдыктар менен иштөө жаатында кызматкерлерди даярдоону (окутууну), ошондой эле инструктажды, билимин текшерүүнү жана алардын квалификациясын жогорулатууну камсыз кылууга;

- ушул Мыйзамда жана калдыктар менен иштөө жөнүндө башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген тартипте калдыктардын эсебин жүргүзүүгө жана аларды түгөлдөөнү жүргүзүүгө;

- калдыктар менен иштөө жаатындагы баштапкы статистикалык маалыматтарды мамлекеттик статистика жөнүндө мыйзамдарга ылайык берүүгө;

- калдыктар менен иштөө жаатындагы аткаруу бийлигинин атайын ыйгарым укуктуу органдарынын же алардын аймактык органдарынын, мамлекеттик бийликтин жергиликтүү органдарынын, жарандардын талабы боюнча калдыктар менен иштөө жөнүндө так маалыматты мыйзамда белгиленген тартипте берүүгө;

- калдыктардын пайда болушунун көлөмдөрүн азайтуу (болтурбоо) боюнча чараларды иштеп чыгууга жана көрүүгө;

- айлана-чөйрөнүн абалына өндүрүштүк контролду жүзөгө ашырууга жана калдыктардын, алардын өз ара аракеттенүүсүнүн жана (же) ажыроосунун продуктуларынын айлана-чөйрөгө, жарандардын ден соолугуна, мүлккө зыяндуу таасирин болтурбоого, ал эми мындай таасир болгон учурда бул таасирди жоюу же кесепеттерин азайтуу боюнча чараларды көрүүгө;

- ушул Мыйзамда жана калдыктар менен иштөө жаатындагы башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген башка талаптарды, ченемдерди жана эрежелерди аткарууга.

2. Эгерде бул үчүн турак үйлөрдү тейлеген юридикалык жактар же башка жактар ушул Мыйзамга жана калдыктар менен иштөө жаатындагы башка ченемдик укуктук актыларга ылайык зарыл шарттарды түзсө, калдыктар менен иштөөнү жүзөгө ашыруучу жана жеке ишкерлер болуп саналбаган жеке жактар калдыктарды чогултууну жана аларды түрлөрү боюнча бөлүүнү камсыз кылууга милдеттүү.

3. Өндүрүш калдыктарын өндүрүүчүлөр төмөнкүлөргө милдеттүү:

- өндүрүш калдыктары пайда болушунун нормативдерин ушул Мыйзамга жана калдыктар менен иштөө жаатындагы башка ченемдик укуктук актыларга ылайык иштеп чыгууну жана бекитүүнү, ошондой эле алардын сакталышын камсыз кылууга;

- эгерде ушул Мыйзамга жана калдыктар менен иштөө жаатындагы башка ченемдик укуктук актыларга ылайык Калдыктардын классификаторунда өндүрүш калдыктарынын кооптуулук классы көрсөтүлбөсө, алардын кооптуулугунун даражасын жана классын белгилөөнү камсыз кылууга.

4. Пайдаланууга берилүүчү имараттардын, курулмалардын жана башка объекттердин менчик ээлери же алар тарабынан ыйгарым укук берилген адамдар калдыктарды топтоо жерлерин түзүүгө, ошондой эле калдыктарды өндүрүүчүлөргө ушул Мыйзамда жана калдыктар менен иштөө жаатындагы башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген талаптарды аткаруу үчүн башка шарттарды түзүүгө милдеттүү.

5. Турак үйлөрдү тейлөөчү юридикалык жактар төмөнкүлөргө милдеттүү:

- керектөө калдыктарын өндүрүүчүлөр ушул Мыйзамда жана калдыктар менен иштөө жаатындагы башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген талаптарды аткаруусу үчүн аларга шарттарды түзүүгө;

- калдыктарды иштетүүгө, кайра иштетүүгө же көмүүгө андан ары өткөрүп берүү максатында аларды ташууга келишимдерди түзүүнү камсыз кылууга.

6. Калдыктарды иштетүү, кайра иштетүү, жайгаштыруу жана зыянсыздандыруу объекттерин эксплуатациялоону жүзөгө ашырып жаткан юридикалык жактар, анын ичинде жеке ишкерлер төмөнкүлөргө милдеттүү:

- иштетүүгө, кайра иштетүүгө, сактоого, көмүүгө жана зыянсыздандырууга келип түшкөн калдыктардын эсебин жүргүзүүгө;

- калдыктарды иштетүүнү, кайра иштетүүнү, сактоону, көмүүнү жана зыянсыздандырууну калдыктар менен иштөө жаатындагы мыйзамдардын талаптарына ылайык жүзөгө ашырууга;

- айлана-чөйрөнүн калдыктар, алардын өз ара аракеттенүүсүнүн жана (же) чирүүсүнүн продуктулары менен булганышын болтурбоочу жабдууларды жана курулмаларды техникалык жактан оң абалда кармоого;

- айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте айлана-чөйрөгө локалдык мониторинг жүргүзүүгө.

7. Калдыктарды көмүү объекттеринин менчик ээлери же алар тарабынан ыйгарым укук берилген адамдар калдыктарды көмүү объекттерин эксплуатациялоо аяктагандан кийин аларды эксплуатациядан чыгаруу боюнча иштердин жүргүзүлүшүн камсыз кылууга, андан кийин төмөнкүлөргө милдеттүү:

- айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте айлана-чөйрөгө локалдык мониторинг жүргүзүүгө;

- бузулган жерлерди кайрадан калыбына келтирүү боюнча иштерди камсыз кылууга.

8. Калдыктар менен иштөө жаатындагы мыйзамдарда жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген талаптарга ылайык калдыктарды кайра иштетүү мүмкүн болбогон учурда алардын менчик ээлери зыянсыздандыруу жана/же көмүү үчүн аларды андан ары өткөрүп берүү боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.

9. Калдыктардын менчик ээлери же алар тарабынан ыйгарым укук берилген юридикалык жактар же жеке ишкерлер калдыктарды ташууда төмөнкүлөргө милдеттүү:

- калдыктарды коопсуз ташууну камсыз кылуучу транспорт каражаттарын пайдаланууга;

- калдыктарды ташуу жөнүндө келишимде жүктөө-түшүрүү иштерине, калдыктарды таңгактоого талаптарды, ошондой эле калдыктарды коопсуз ташууну камсыз кылуучу шарттарды көрсөтүүгө.

3-глава. Калдыктар менен иштөө учурундагы талаптар

9-берене. Калдыктарды классификациялоо

1. Калдыктар, анын ичинде коммуналдык калдыктар төмөнкүлөргө жараша мындай түрлөргө бөлүнөт:

- келип чыгышына - өндүрүш калдыктарына жана керектөө калдыктарына;

- агрегаттык абалына - катуу калдыктарга жана суюк калдыктарга;

- коркунуч даражасына - кооптуу калдыктарга жана кооптуу эмес калдыктарга;

- аларды пайдалануу мүмкүндүгүнө - экинчи материалдык ресурстарга жана өндүрүштүн жана керектөөнүн башка калдыктарына.

2. Калдыктар кооптуулук класстары боюнча төмөнкүдөй классификацияланат:

- кооптуулуктун биринчи (I) классы - өзгөчө кооптуу;

- кооптуулуктун экинчи (II) классы - өтө кооптуу;

- кооптуулуктун үчүнчү (III) классы - орточо кооптуу;

- кооптуулуктун төртүнчү (IV) классы - аз кооптуу;

- кооптуулуктун бешинчи (V) классы - иш жүзүндө коопсуз.

3. Кыргыз Республикасынын Калдыктар классификаторун (мындан ары - Калдыктар классификатору) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекитет жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзөт.

10-берене. Калдыктардын кооптуулук классын белгилөө

1. Калдыктардын кооптуулугунун класстары Калдыктар классификаторунда көрсөтүлөт.

2. Эгерде калдыктардын кооптуулук класстары Калдыктар классификаторунда көрсөтүлбөсө, калдыктардын кооптуулук классы аларды өндүрүүчүлөр тарабынан айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча бардык пайда болгон калдыктар үчүн белгиленет.

Эгерде калдыктарды өндүрүүчү калдыктардын кооптуулук классын белгилөөнү камсыз кылбаса, анда аларды белгилөөнү бул калдыктарга менчик укугу өткөн юридикалык жак же жеке ишкер жүзөгө ашырат.

3. Калдыктардын кооптуулук классын белгилөө калдыктардын айлана-чөйрө, жарандардын ден соолугу, мүлк үчүн кооптуу касиеттеринин негизинде жүзөгө ашырылат.

4. Калдыктардын кооптуулук классын белгилөө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

5. Калдыктардын кооптуулук классы жөнүндө корутунду калдыктардын кооптуу касиеттерин аныктоонун натыйжалары боюнча жүзөгө ашырылат.

6. Кооптуу калдыктардын кооптуулук классы калдыктардын кооптуу касиеттерин изилдөөнүн натыйжалары боюнча аныкталган кооптуулуктун алда канча жогорку классына жараша белгиленет.

11-берене. Ишканаларды, курулмаларды жана башка объекттерди долбоорлоо, куруу жана реконструкциялоо учурундагы талаптар

1. Иштеп жаткан ишканаларды жана курулмаларды долбоорлоо, куруу жана реконструкциялоо учурунда юридикалык жана жеке жактар төмөнкүлөргө милдеттүү:

- калдыктар менен иштөө жаатында айлана-чөйрөнүн сапатынын белгиленген стандарттарын, ченемдерин жана башка нормативдерин сактоого;

- долбоорду ишке ашыруу башталганга чейин калдыктар менен иштөөгө байланышкан ишти регламенттеген долбоорлорго жана башка документтерге мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусуна ээ болууга.

2. Курулуш ишин жүзөгө ашырууда калдыктар менен иштөө архитектура, шаар куруу жана курулуш иши жөнүндө, айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө мыйзамдарда, ушул Мыйзамда жана калдыктар менен иштөө жаатындагы башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген талаптарды аткаруу менен жүргүзүлөт.

3. Курулушка, анын ичинде реставрациялык иштерге, капиталдык жана учурдагы оңдоого, имараттарды жана курулмаларды бузууга, имараттарды жана конструкцияларды монтаждоого жана демонтаждоого, ошондой эле курулуш аянтында чогултулуучу элементтерди тургузууга долбоордук документтерди иштеп чыгууда калдыктар менен иштөө боюнча иш-чаралардын комплекси каралууга тийиш, ал өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

- пайда болгон калдыктардын сандык жана сапаттык (химиялык курамы, агрегаттык абалы, кооптуулук классы ж.б.) көрсөткүчтөрүн аныктоону;

- курулуш аянтында калдыктарды топтоо жерлерин аныктоону;

- калдыктарды сактоонун санкцияланган жерлерине, калдыктарды көмүүнүн санкцияланган жерлерине, же болбосо калдыктарды зыянсыздандыруу объекттерине жана (же) калдыктарды кайра иштетүү жана утилдештирүү боюнча объекттерге калдыктарды ташуу боюнча долбоордук чечимдерди;

- Кыргыз Республикасынын калдыктар менен иштөө жаатындагы мыйзамдарынын сакталышын камсыз кылууга багытталган башка иш-чаралар.

12-берене. Иштеп жаткан өндүрүштөрдү эксплуатациялоо учурундагы талаптар

1. Иштеп жаткан өндүрүштөрдү эксплуатациялоонун жүрүшүндө юридикалык жана жеке жактар төмөнкүлөргө милдеттүү:

- топтолгон калдыктарды түгөлдөөнү жүргүзүүгө жана расмий статистика жаатындагы мамлекеттик органдарга, айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана экологиялык жана техникалык коопсуздук, санитардык жана эпидемиологиялык көзөмөл чөйрөсүндөгү контролдоо-көзөмөлдөө органдарына так маалымат берүүгө;

- калдыктар менен иштөө жаатындагы өндүрүштүк контролду жүргүзүүгө;

- айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга калдыктар менен иштөө боюнча зарыл маалыматты берүүгө;

- авариялык кырдаалдардын алдын алуу боюнча талаптарды сактоого;

- экологиялык кесепеттери бар өзгөчө кырдаал келип чыккан учурда бул жөнүндө Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана калкка тез арада маалымдоого;

- калдыктарды чек ара аркылуу ташуу учурунда кооптуу калдыктарды чек ара аркылуу ташууну жана аларды жок кылууну контролдоо жөнүндө Базель конвенциясынын, ушул Мыйзамдын жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын жетекчиликке алууга.

2. Экологиялык жактан коопсуз ыкма менен жок кылынбай турган калдыктар топтолгон өндүрүштөрдү эксплуатациялоого тыюу салынат.

13-берене. Калдыктарды чогултууга талаптар

1. Калдыктарды чогултууну жүзөгө ашырууда калдыктарды түрлөрү боюнча (металл, айнек, текстиль, макулатура, пластмасса, резина, тамак-аш калдыктары ж.б.) бөлүүнү камсыз кылуу зарыл.

2. Түрлөрү боюнча бөлүүнү калдыктарды өндүрүүчүлөр же алар ыйгарым укук берген юридикалык жактар же калдыктар менен иштөөнү жүзөгө ашыруучу жеке ишкерлер жүргүзөт.

Эгерде калдыктарды өндүрүүчү калдыктарды түрлөрү боюнча бөлүү боюнча талаптарды аткарбаса, анда аларды түрлөрү боюнча бөлүүнү бул калдыктарга менчик укугу өткөн юридикалык жак же жеке ишкер жүзөгө ашырат.

14-берене. Калдыктарды кайра иштетүүгө талаптар

1. Калдыктарды кайра иштетүү Кыргыз Республикасынын калдыктар менен иштөө жаатындагы ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык экологиялык жактан коопсуз ыкма менен жүргүзүлүүгө тийиш.

2. Туруктуу органикалык булгоочу заттардын пайда болушуна алып келүүчү технологияларды колдонуу менен калдыктарды кайра иштетүүгө тыюу салынат.

Кооптуулуктун I-V класстарындагы калдыктарды кайра иштетүү боюнча иш мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусунун негизинде лицензияланууга тийиш. Лицензиялоо жол-жобосун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктайт.

3. Калдыктарды кайра иштетүү боюнча эксплуатациялоого киргизилген объекттер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте калдыктарды кайра иштетүү боюнча объекттердин реестринде катталууга тийиш.

Калдыктарды кайра иштетүү боюнча объекттердин реестрин РОП оператору жүргүзөт.

4. Мындай объекттердин реестрине кирбеген калдыктарды кайра иштетүү боюнча объекттерди эксплуатациялоого тыюу салынат.

15-берене. Калдыктарды зыянсыздандырууга талаптар

1. Калдыктарды зыянсыздандыруу эксплуатациялоо ушул Мыйзамда, калдыктар менен иштөө, айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген талаптарга ылайык жүргүзүлө турган калдыктарды зыянсыздандыруу объекттеринде гана жүргүзүлүүгө тийиш.

Биологиялык калдыктар 2025-жылдын 1-январынан тартып малдын өлүгүн өрттөөчү мештерде өрттөө (кремациялоо) жолу менен милдеттүү түрдө жок кылынууга тийиш.

Кийин калдыктарды жерге көмүү менен биотермикалык чуңкурларда (Беккари чуңкуру) зыянсыздардырууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган учурларда жол берилет.

Жаныбарлар жаратылыш кырсыгынан жапырт кырылган жана биотермикалык чуңкурларда (Беккари чуңкуру) утилдештирүү, өрттөө же зыянсыздандыруу үчүн аларды ташууга мүмкүн болбогон учурда малдын өлүгүн жерге көмүүгө жол берилет.

Малдын өлүгүн биотермикалык чуңкурларда (Беккари чуңкуру) өрттөө (кремациялоо), зыянсыздандыруу жана биологиялык калдыктар жаткан жерге көмүү боюнча ветеринардык-санитардык иш-чаралардын тартибин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктайт.

2. Калдыктарды зыянсыздандыруу боюнча иш лицензияланууга тийиш, анын тартибин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктайт.

3. Туруктуу органикалык булгоочу заттардын пайда болушуна алып келүүчү технологияларды колдонуу менен калдыктарды зыянсыздандырууга, ошондой эле экинчи материалдык ресурстарды зыянсыздандырууга тыюу салынат.

16-берене. Калдыктарды жайгаштырууга талаптар

1. Айлана-чөйрөнү булгоо булактары болуп калышы мүмкүн болгон калдыктарды ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жана калктуу конуштардын аймагында өзүм билемдик менен жайгаштырууга, ошондой эле аларды өрттөөгө тыюу салынат.

2. Айлана-чөйрөнү булгоо булактары болуп саналган калдыктар атайын орнотмолордо кайра иштетилүүгө жана (же) зыянсыздандырууга же болбосо атайын полигондорго жайгаштырылууга тийиш.

3. Калдыктарды жайгаштыруу үчүн объекттер курулуучу жерди тандоону мамлекеттик бийликтин жергиликтүү органдары коомдук пикирди эске алуу менен мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусу болгон учурда экологиялык, геологиялык, гидрологиялык жана башка изилдөөлөрдүн негизинде айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын талаптарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныктайт.

4. Калдыктар көмүлгөн жер калдыктардын мамлекеттик кадастрына киргизилет.

5. Калдыктарды көмүү учурунда алар көмүлгөн жердин мониторинги милдеттүү түрдө жүргүзүлөт. Мониторинг айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган тартипте калдыктарды жайгаштыруу объектинин менчик ээси тарабынан жүзөгө ашырылат.

6. Калдыктарды жайгаштыруу объектинин менчик ээси бул объектти (же участокту) эксплуатациялоо аяктагандан кийин бузулган жерлерди (участокторду) кайрадан калыбына келтирүү боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө милдеттүү.

7. Курамына кайра иштетилүүгө тийиш болгон пайдалуу компоненттер кирген калдыктарды көмүүгө тыюу салынат. Курамына пайдалуу компоненттер кирген, аларды көмүүгө тыюу салынган калдыктардын түрлөрүнүн тизмегин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилейт.

17-берене. Калктуу конуштарды коммуналдык калдыктардан тазалоого карата талаптар

1. Калктуу конуштардын аймактары, анын ичинде жарандардын убактылуу жашаган жана эс алган жерлери (жарандардын багбанчылык, огороддук жана дачалык коммерциялык эмес бирикмелери, эс алуу үйлөрү, балдар лагерлери, кемпингдер ж.б.) калдыктардан дайыма тазаланып турууга тийиш.

2. Калктуу конуштардын аймактарында коммуналдык калдыктар менен иштөө системасын уюштуруу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аныкталат жана санитардык эрежелердин, гигиеналык жана экологиялык нормативдердин талаптарына ылайык келүүгө тийиш.

Коммуналдык калдыктар менен иштөө системасын уюштуруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы калктуу конуштун коммуналдык калдыктар менен иштөө боюнча эрежелерди иштеп чыгат.

3. Коммуналдык калдыктардын пайда болуу ченемдерин эсептөө жана коммуналдык калдыктарды жайгаштыруу үчүн акыны камтыган чогултуу жана ташып чыгаруу тарифин эсептөө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипке ылайык жүзөгө ашырылат.

4. Калктуу конуштардын аймактарындагы коммуналдык калдыктар менен иштөө системасында төмөнкүлөр каралууга тийиш:

- калктын катышуусу менен уюмдар же жеке ишкерлер тарабынан экинчи материалдык ресурстарды өз-өзүнчө чогултуу мүмкүнчүлүгү;

- андан ары кайра иштетүү, зыянсыздандыруу жана жайгаштыруу үчүн жарактуу коммуналдык калдыктарды белгиленген (санкцияланган) жерлерде убактылуу топтоону уюштуруу;

- калктуу конуштардын аймактарынан калдыктарды, анын ичинде белгиленбеген (санкцияланбаган) жерлерге ташталган калдыктарды дайыма тазалоо жана ташып чыгаруу;

- калдыктардын санкцияланбаган таштанды жайларынын пайда болушун четтетүүгө багытталган иш-чараларды жүргүзүү;

- калдыктар менен иштөөнүн белгиленген санитардык жана экологиялык, ресурстарды үнөмдөөчү эрежелерин, талаптарын жана нормативдерин сактоо;

- калдыктар менен иштөө чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышын контролдоо.

5. Өндүрүш жана керектөө калдыктары менен иштөөдө алдын ала зарыл шарттарды камсыз кылбастан калктуу конуштарды, анын ичинде жарандардын убактылуу жашаган жерлерин түзүүгө жана өнүктүрүүгө тыюу салынат.

18-берене. Калдыктарды ташууга талаптар

1. Калдыктарды ташуу ташылуучу калдыктардын айлана-чөйрөгө, жарандардын ден соолугуна, мүлккө зыяндуу таасирин болтурбоону камсыз кылуучу транспорт каражаттарын пайдалануу менен жүргүзүлөт жана ушул Мыйзамга, жарандык мыйзамдарга жана транспорт чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.

2. Өндүрүш калдыктарын ташуу жөнүндө коштоочу документ (калдыктарды ташуу жөнүндө келишим) болгондо калдыктарды ташууга жол берилет, буга коммуналдык калдыктарга тиешелүү болгон калдыктарды көмүүгө (кызмат көрсөтүүгө түзүлгөн келишимдерге ылайык) ташуу учурлары кирбейт, аларды ташууну коммуналдык калдыктарга тиешелүү калдыктарды жыйноону жана ташып чыгарууну жүргүзүүчү ишканалар ишке ашырат.

Калдыктарды ташуу жөнүндө коштоочу документ ташылуучу калдыктардын менчик ээси тарабынан таризделет жана төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:

- ташылуучу калдыктарды өндүрүүчү жөнүндө;

- эгерде ташылуучу калдыктардын менчик ээси аларды өндүрүүчү болуп саналбаса, ал жөнүндө;

- ташылуучу калдыктарды алуучу жөнүндө;

- калдыктарды ташууну жүзөгө ашыруучу юридикалык жак же жеке ишкер жөнүндө;

- калдыктарды ташуу жүзөгө ашырылып жаткан транспорт каражаты жөнүндө;

- ташылуучу калдыктарды таңгактоо жөнүндө.

3. Айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган калдыктарды ташууну коштоочу документтин формасын бекитет, ошондой эле аны тариздөө тартибин белгилейт.

4. Транспорттун конкреттүү (автомобиль, темир жол, суу ж.б.) түрлөрүндө кооптуу калдыктарды ташуу тартиби, жүктөө-түшүрүү иштерин аткарууга талаптар жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча башка зарыл талаптар кооптуу жүктөрдү ташуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарда аныкталат.

5. Калдыктарды транспорт каражатына жүктөгөн жана аларды кооптуу калдыктарды ташууну жүзөгө ашыруучу уюм же жеке жак, жеке ишкер кабыл алган учурдан тартып жана аларды белгиленген жерде транспорт каражатынан түшүргөнгө чейин алар менен коопсуз иштөө үчүн юридикалык жоопкерчиликти бул транспорт каражаты таандык болгон транспорттук уюм тартат.

19-берене. Калдыктарды чек ара аркылуу ташуу

1. Калдыктарды зыянсыздандыруу жана жайгаштыруу максатында аларды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүгө тыюу салынат.

2. Кооптуу жана башка калдыктарды чек ара аркылуу ташууну мамлекеттик жөнгө салуу тартибин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилейт.

3. Кооптуу жана башка калдыктарды ташып чыгууга (ташып келүүгө) контролду бажылык, экологиялык жана санитардык-эпидемиологиялык контролду жүзөгө ашыруучу мамлекеттик аткаруу бийлик органдары камсыз кылат.

4. Калдыктарды Кыргыз Республикасына ташып келүүгө аларды Кыргыз Республикасынын аймагында кайра иштетүү максатында гана жол берилет.

20-берене. Кооптуулуктун I-V класстарындагы калдыктар менен иштөө боюнча ишти лицензиялоо

Кооптуулуктун I-V класстарындагы калдыктарды ташуу (анын ичинде чек ара аркылуу), иштетүү, кайра иштетүү, зыянсыздандыруу, жайгаштыруу боюнча юридикалык жана жеке жактардын, жеке ишкерлердин иши "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык лицензияланууга тийиш.

4-глава. Калдыктар менен иштөөгө контроль

21-берене. Калдыктар менен иштөөгө мамлекеттик контроль

1. Калдыктар менен иштөөгө мамлекеттик контролду экологиялык жана техникалык коопсуздук, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жүзөгө ашырат.

2. Калдыктар менен иштөө жаатындагы мамлекеттик контроль өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

- калдыктар менен иштөө боюнча мыйзамдардын талаптарын, анын ичинде эл аралык макулдашууларда жана келишимдерде каралган талаптарды юридикалык жана жеке жактар, жеке ишкерлер сакташына контролдук кылууну, бул талаптарды бузууларды табууну жана аларды жоюу боюнча чараларды көрүүнү;

- калдыктар менен иштөөдө жаратылышты коргоочу, санитардык жана экологиялык нормативдердин аткарылышына контролду;

- калдыктар жөнүндө берилүүчү маалыматтын жана отчеттун аныктыгына контролду;

- калдыктар менен иштөө боюнча маалыматты чогултууну, иштетүүнү жана талдоону;

- иштеп жаткан өндүрүштөрдү талдоону, топтолгон калдыктардын көлөмүн азайтуу мүмкүнчүлүктөрүн жана ыкмаларын табууну, аларды чийки зат катарында чарбалык жүгүртүүгө алда канча толук тартууга контролду;

- калдыктар жөнүндө мыйзамды бузуунун натыйжасында күнөөлүү адамдарды белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартууну, айып санкцияларын колдонууну, айлана-чөйрөгө жана адамдын ден соолугуна келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө доо коюну;

- калдыктар менен иштөө жаатындагы ишти чектөө, токтото туруу, токтотуу жөнүндө чечимдерди кабыл алууну;

- калдыктар менен иштөө боюнча маалыматты калктын эркин алышын камсыз кылууга контролду.

3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул Мыйзамдын 6-беренесинде белгиленген ыйгарым укуктардын чектеринде калдыктар менен иштөөгө мониторинг жүргүзөт.

4. Калдыктар менен иштөө жаатындагы мамлекеттик контролду жүзөгө ашыруучу органдардын чечимдерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.

22-берене. Калдыктар менен иштөөгө өндүрүштүк контроль

Калдыктар менен байланышкан чарбалык ишти жүргүзүүчү уюмдар калдыктар менен иштөөгө өндүрүштүк контролду уюштурат жана жүзөгө ашырат, анын максаты Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык калдыктар менен иштөө боюнча экологиялык, санитардык жана башка талаптардын аткарылышын текшерүү болуп саналат.

23-берене. Калдыктар менен иштөөгө коомдук контроль

Калдыктар менен иштөөгө коомдук контролду коомдук уюмдар өздөрүнүн уставдарына ылайык, эмгек жамааттары же жарандар - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жүзөгө ашырат жана мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар ушул Мыйзамдын талаптарын сактагандыгын текшерүүнү өзүнө камтыйт.

5-глава. Калдыктар менен иштөөнү нормалоо, мамлекеттик эсепке алуу жана экономикалык жөнгө салуу

24-берене. Калдыктар менен иштөөнү нормалоо

1. Юридикалык жана жеке жактар, жеке ишкерлер Кыргыз Республикасынын калдыктар менен иштөөнү жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алууга милдеттүү.

2. Калдыктардын пайда болушунун нормативдери калдыктардын пайда болушунун сандык көрсөткүчтөрүн, калдыктарды сактоо лимиттерин жана көмүү лимиттерин аныктоо максатында калдыктар жайгаштырылуучу объекттерде сакталууга же көмүлүүгө тийиш болгон калдыктар үчүн белгиленет.

Өндүрүш калдыктарынын пайда болушунун нормативдерин ушул калдыктарды өндүрүүчүлөр иштеп чыгат жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекитет.

Коммуналдык калдыктардын пайда болушунун нормативдери ведомстволук аймактагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылганда жергиликтүү мамлекеттик администрация тарабынан бекитилет.

3. Калдыктарды жайгаштыруунун чектүү санынын жана алардагы кооптуу заттардын чектүү курамынын нормативдери калдыктар менен аларда камтылган кооптуу заттардын айлана-чөйрөдө булганч заттардын жол берилген эң жогорку топтолушунун нормативдеринен ашып кетишине алып келбей турган деңгээлде белгиленет.

25-берене. Калдыктар менен иштөө жаатындагы мамлекеттик эсепке алуу

1. Калдыктар менен иштөө жаатында иш жүргүзүүчү юридикалык жана жеке жактар, жеке ишкерлер пайда болгон, иштетилген, кайра иштетилген, утилдештирилген, зыянсыздандырылган, башка жактарга берилген же башка жактардан алынган, ошондой эле жайгаштырылган калдыктарды сандык жана сапаттык эсепке алууга милдеттүү.

2. Калдыктар менен иштөө жаатындагы мамлекеттик эсепке алуу берилген маалыматтын толуктугун жана тууралыгын камсыз кылуу менен расмий статистика жаатындагы мамлекеттик орган белгилеген тартипте бирдиктүү система боюнча жүзөгө ашырылат. Юридикалык жана жеке жактар, жеке ишкерлер пайда болгон, иштетилген, кайра иштетилген, зыянсыздандырылган, башка жактарга берилген же башка жактардан алынган, ошондой эле жайгаштырылган калдыктар жөнүндө отчетту эсепке алууну жүзөгө ашырат жана белгиленген тартипте расмий статистика жаатындагы мамлекеттик органга жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет.

3. Калдыктар менен иштөө жаатындагы баштапкы эсепке алуунун тартиби айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан, расмий статистикалык эсепке алуунун тартиби - айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча расмий статистика жаатындагы мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.

26-берене. Калдыктардын мамлекеттик кадастры

1. Калдыктарды эсепке алуу боюнча маалыматтардын иретке келтирилген жыйындысы калдыктардын мамлекеттик кадастрында түзүлөт.

2. Калдыктардын мамлекеттик кадастрын айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекеттик классификаторлордун, техникалык-экономикалык жана социалдык маалыматтын негизинде бирдиктүү методология боюнча жүргүзөт.

3. Калдыктардын мамлекеттик кадастрын жүргүзүүнүн тартиби жана анын мазмуну айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.

27-берене. Калдыктар менен иштөө жаатындагы экономикалык жөнгө салуу

1. Калдыктар менен иштөө жаатындагы экономикалык жөнгө салуунун негизги принциптери болуп төмөнкүлөр саналат:

- калдыктардын санын азайтуу жана аларды чарбалык жүгүртүүгө тартуу;

- калдыктарды жайгаштырууга акы төлөө;

- калдыктар менен иштөө жаатындагы ишти экономикалык өбөлгө түзүү.

2. Калдыктар менен иштөө жаатындагы экономикалык өбөлгө түзүү механизмин жана чараларын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилейт.

3. Товарларды пайдалануунун калдыктары менен иштөө жаатындагы экономикалык жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине жана ушул Мыйзамга ылайык утилдештирүү жыйымын алуунун негизинде белгиленет.

28-берене. Товарларды пайдалануунун калдыктары менен иштөө жаатындагы жөнгө салуу

1. Кыргыз Республикасынын аймагында товарларды өндүрүүнү жүзөгө ашырып жаткан юридикалык жана жеке жактар, жеке ишкерлер (мындан ары - товарларды өндүрүүчүлөр), товарларды үчүнчү өлкөлөрдөн импорттоону же Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден товарларды ташып келүүнү жүзөгө ашырып жаткан юридикалык жана жеке жактар, жеке ишкерлер (мындан ары - товарларды импорттоочулар) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген кайра иштетүү нормативдерин аткарууну камсыз кылууга милдеттүү.

2. Товарлардын, керектөө касиеттерин жоготкондон кийин кайра иштетилүүгө тийиш болгон товарлардын таңгактарынын тизмегин ыктымалдуу социалдык-экономикалык кесепеттерди, ошондой эле мындай товарлар керектөө касиеттерин жоготушуна байланыштуу айлана-чөйрөгө терс таасиринин деңгээлин жана көлөмүн эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилейт.

3. Кайра иштетүү нормативдерин аткарууну камсыз кылуу товарларды пайдалануунун калдыктарын өз алдынча кайра иштетүү аркылуу же товарларды пайдалануунун калдыктарын кайра иштетүү боюнча ишти жүзөгө ашырып жаткан юридикалык же жеке жактар, жеке ишкерлер менен келишимдерди түзүү аркылуу товарларды өндүрүүчүнүн, товарларды импорттоочунун өздөрү түздөн-түз жүзөгө ашырат.

4. Юридикалык жактар, жеке жактар жана жеке ишкерлер кайра иштетүү нормативдерин аткарууну камсыз кылуу максатында бирикмелерди (ассоциацияларды) түзүүгө укуктуу.

5. Товарларды пайдалануунун калдыктарын кайра иштетүүнүн нормативи товарлардын бир же бир нече тобуна кирген товарларды пайдалануунун ар кандай калдыктарын, товарлардын таңгактарынын топторун кайра иштетүүнүн эсебинен ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган тизмекке ылайык аткарылышы мүмкүн.

6. Тизмеги ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган товарлар, товарлардын таңгагы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте товарларды өндүрүүчүлөр, импорттоочулар тарабынан декларацияланууга тийиш.

7. Товарларды пайдалануунун калдыктарын өз алдынча кайра иштетүүнү камсыз кылбаган товарларды өндүрүүчүлөр, импорттоочулар Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарына ылайык утилдештирүү жыйымын төлөйт.

8. Кайра иштетүүнүн нормативдерин аткарууну камсыз кылуу боюнча товарларды өндүрүүчүнүн, импорттоочунун милдети товарларды өндүрүүчү, импорттоочу кайра иштетүүнүн нормативдерин аткарууну ырастаган отчеттуулукту берген учурдан тартып же товарларды өндүрүүчү, импорттоочу ушул Мыйзамдын 29-беренесине ылайык утилдештирүү жыйымын төлөгөн учурдан тартып аткарылды деп эсептелет.

9. Керектөө касиеттерин жоготкондон кийин кайра иштетилүүгө тийиш болгон таңгакка карата кайра иштетүүнүн нормативдерин аткарууну камсыз кылуу милдети ушул таңгактагы товарларды өндүрүүчүгө, импорттоочуга жүктөлөт.

10. Кайра иштетүүнүн нормативдери экономикалык шарттарды, калдыктардын адамдын ден соолугу жана айлана-чөйрө үчүн потенциалдуу кооптуулугун, ошондой эле аларды кайра иштетүүнүн технологиялык мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен РОП операторунун сунушу боюнча белгиленет жана үч жылда бир жолу кайра каралууга тийиш.

11. Ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн товарлардын ар бир тобу, товарлардын таңгагынын тобу үчүн кайра иштетүүнүн нормативдери Кыргыз Республикасынын аймагында жүгүртүүгө чыгарылган, салмак бирдиктеринде көрсөтүлгөн товарлардын, же болбосо бул товарлар үчүн колдонулган таңгактын салмагынын бирдиктеринде көрсөтүлгөн товарлардын таңгагынын жалпы санынын пайызы менен белгиленет.

12. Товарларды өндүрүүчү, импорттоочу өткөн календардык жылда кайра иштетүүнүн нормативдерин ашыкча аткарган учурда үстүдөгү календардык жылда мындай нормативдер товарларды пайдалануунун калдыктарын кайра иштетүүнүн иш жүзүндөгү көрсөткүчтөрүнүн жана кайра иштетүүнүн белгиленген нормативдеринин ортосундагы айырмага азайтылат.

13. Товарларды өндүрүүчүлөр, импорттоочулар өткөн календардык жыл үчүн кайра иштетүүнүн нормативдерин аткаруу жөнүндө отчеттуулукту РОП операторуна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте берет.

14. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган башка мамлекеттерден, анын ичинде Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден алып келинген жана ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган тизмекке киргизилген товарлар жөнүндө, товарлардын таңгагы жөнүндө маалыматты РОП операторуна ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү тартибинде жөнөтөт.

29-берене. Утилдештирүү жыйымы

1. Кайра иштетүү нормативдерин аткарууну камсыз кылууну товарларды өндүрүүчүлөр, товарларды импортоочулар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте утилдештирүү жыйымын төлөө аркылуу жүргүзүшү мүмкүн.

2. Утилдештирүү жыйымы ушул Мыйзамдын 28-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн тизмекке ылайык товарлардын ар бир тобу, товарлардын таңгагынын тобу боюнча төмөнкүчө төлөнөт:

- товарларды өндүрүүчүлөр - квартал сайын, отчеттук кварталдан кийинки айдын 15-числосуна чейин;

- товарларды импорттоочулар - товар Кыргыз Республикасынын аймагына алып келинген учурдан тартып 15 күндөн кечиктирбестен.

3. Товарлардын таңгагы жагынан утилдештирүү жыйымын ушул таңгактагы товарларды өндүрүүчүлөр, товарларды импортоочулар ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө төлөйт.

4. Керектөөгө даяр буюмдар болуп саналбаган таңгактагы товарлар үчүн утилдештирүү жыйымы таңгактын өзүнө карата гана төлөнөт.

5. Кыргыз Республикасынын аймагынан ташылып чыккан товарлардын, товарлардын таңгагынын саны жагынан утилдештирүү жыйымы төлөнбөйт.

6. Утилдештирүү жыйымынын ставкасы өзүнүн керектөө касиеттерин жоготкон өзүнчө буюмдун же буюмдун салмагынын бирдигин чогултууга, ташууга, иштетүүгө жана кайра иштетүүгө чыгымдардын орточо суммаларынын негизинде РОП операторунун сунушу боюнча түзүлөт. Утилдештирүү жыйымынын ставкасына бул максаттарга арналган инфратүзүм объекттерин түзүүгө чыгымдардын салыштырма чоңдугу киргизилиши мүмкүн. Аларды пайдалануунун калдыктары кайра иштетилүүгө тийиш болгон товарлардын ар бир тобу, товарлардын таңгагынын тобу боюнча утилдештирүү жыйымынын ставкаларын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилейт.

7. Утилдештирүү жыйымы утилдештирүү жыйымынын ставкасын товардын салмагына же товардын бирдиктеринин санына (товардын түрүнө жараша) же болбосо Кыргыз Республикасынын аймагында жүгүртүүгө чыгарылган товардын таңгагынын салмагына жана салыштырма бирдиктерде көрсөтүлгөн кайра иштетүү нормативине көбөйтүү аркылуу эсептелет.

8. Ушул Мыйзамга ылайык товарларды пайдалануунун калдыктарын өз алдынча кайра иштетүү боюнча милдеттенмени өзүнө алган товарларды өндүрүүчүлөр, импорттоочулар кайра иштетүү нормативдерине жетишпеген учурда утилдештирүү жыйымын төлөө каралат, ал утилдештирүү жыйымынын ставкасын товарларды пайдалануунун кайра иштетилген калдыктарынын белгиленген жана жетишилген иш жүзүндөгү санынын ортосундагы айырмага көбөйтүү аркылуу эсептелет.

9. РОП оператору утилдештирүү жыйымынын төлөмдөрүнүн администратору болуп саналат.

10. Келип түшкөн утилдештирүү жыйымынын көлөмүндөгү каражаттарды РОП оператору төмөнкүлөргө жөнөтөт:

- товарларды пайдалануунун калдыктарын кайра иштетүүнү жүзөгө ашыруучу юридикалык же жеке жактар, жеке ишкерлер менен келишим түзүү аркылуу товарларды пайдалануунун калдыктарын кайра иштетүүнүн нормативдерин аткарууга;

- калдыктарды топтоо, иштетүү жана кайра иштетүү объекттерин курууга, реконструкциялоого;

- калдыктарды өз-өзүнчө чогултуу системасын түзүүгө.

11. Утилдештирүү жыйымынын каражаттарын чыгымдоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте жана шарттарда жүргүзүлөт.

30-берене. Товарларды пайдалануунун калдыктарын эсепке алуу

1. Товарларды пайдалануунун калдыктары менен иштөө чөйрөсүндөгү маалыматты чогултуу, иштетүү жана сактоо товарларды пайдалануунун калдыктарын эсепке алуунун бирдиктүү маалымат системасында (мындан ары - система) камсыз кылынат.

2. Системаны түзүү, эксплуатациялоо жана өркүндөтүү тартибин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктайт.

3. Системада жайгаштырылуучу маалыматтын курамын, аны берүүнүн формаларын, мөөнөттөрүн жана тартибин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктайт.

4. Системанын оператору болуп РОП оператору саналат. Системаны эксплуатациялоо максатында РОП оператору башка юридикалык жана жеке жактарды, жеке ишкерлерди тартууга укуктуу.

5. Системадагы маалыматты мамлекеттик бийликтин жергиликтүү органдары, компетенттүү орган, РОП оператору, калдыктарды кайра иштетүү объекттеринин менчик ээлери, товарлар, керектүү касиеттерин жоготкондон кийин кайра иштетилүүгө тийиш болгон аларды өндүрүүчүлөр, импорттоочулар, ошондой эле товарларды пайдалануунун калдыктары менен иштөө чөйрөсүндөгү ишти жүзөгө ашырып жаткан башка юридикалык жана жеке жактар жайгаштырат.

6. Ушул берененин 5-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жактар маалымат толук, ишенимдүү, актуалдуу болушу жана ал системада өз учурунда жайгаштырылышы үчүн жоопкерчиликти көтөрөт.

31-берене. Калдыктарды жайгаштыруу үчүн акы

1. Калдыктарды жайгаштырууда айлана-чөйрөгө терс таасири үчүн "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана ушул Мыйзамга ылайык калдыктардын көлөмүн, кооптуулук классын жана жайгаштыруу нормативдерин эске алуу менен акы алынат.

Калдыктарды жайгаштыруу үчүн акы алуунун тартиби жана эсептөө методикасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

2. Калдыктарды (коммуналдык калдыктарды кошпогондо) жайгаштырууда айлана-чөйрөгө терс таасири үчүн акы төлөө чарбалык жана (же) башка ишти жүзөгө ашыруу процессинде зыянсыздандырууга, кайра иштетүүгө болбой турган калдыктарды пайда кылган жеке ишкерлер, юридикалык жактар тарабынан жүзөгө ашырылат.

3. Айлана-чөйрөгө терс таасир тийгизбеген калдыктарды жайгаштырылуучу объекттерге калдыктарды жайгаштырууда айлана-чөйрөгө терс таасири үчүн акы алынбайт.

4. Калдыктарды жайгаштыруу объекттеринин айлана-чөйрөгө терс таасирин четтетүү жаратылышты коргоо иш-чараларын жүзөгө ашыруунун, айлана-чөйрөнү коргоону камсыз кылуучу техникалык чечимдердин жана курулмалардын болушунун эсебинен жетишилет жана айлана-чөйрөнүн абалына мониторинг жүргүзүүнүн натыйжалары, анын ичинде химиялык заттардын жол берилген эң көп топтолушунун нормативдерин сактоо менен ырасталат. Калдыктарды жайгаштыруу объекттеринин айлана-чөйрөгө терс таасирин жокко чыгарууну ырастоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

5. Калдыктарды кайра иштетүү же зыянсыздандыруу максатында калдыктарды топтоо учурунда аларды жайгаштыруу үчүн акы алынбайт.

6. Коммуналдык калдыктарды жайгаштыруу үчүн акынын өлчөмү ушул Мыйзамдын жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык калктуу конуштардын аймактарында коммуналдык калдыктарды чогултуу жана ташып чыгаруу үчүн тарифке киргизилет.

7. Калдыктарды белгиленген лимиттерден ашыкча жайгаштыруу үчүн акы тиешелүү өзгөртүүлөр менен алынат.

8. Калдыктарды жайгаштыруу үчүн акы алуудан түшкөн каражаттар республикалык бюджетке багытталат жана калдыктар менен иштөө жаатындагы жаратылышты коргоо иш-чараларына пайдаланылат.

6-глава. Калдыктар жөнүндө мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик

32-берене. Калдыктар жөнүндө мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик

1. Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө мыйзамдарды бузууларга төмөнкүлөр кирет:

- ушул Мыйзамдын, эл аралык макулдашуулар менен келишимдердин талаптарын сактабоо;

- калдыктар менен иштөөдө айлана-чөйрөнүн сапатынын стандарттарын, ченемдерин жана башка нормативдерин сактабоо;

- калдыктар менен иштөөдө айлана-чөйрөгө жана адамдын ден соолугуна, ошондой эле юридикалык жана жеке жактардын, жеке ишкерлердин мүлкүнө зыян келтирүү;

- баштапкы эсепке алуунун талаптарын аткарбоо, мамлекеттик контролдун жана көзөмөлдүн тиешелүү органдарына калдыктар менен иштөө боюнча маалыматты өз убагында бербөө же анык эмес маалыматты берүү;

- Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө мыйзамдарында каралган учурларда мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусунун болушу зарыл болгон учурда анын жоктугу;

- калдыктарды бул максаттар үчүн атайын арналбаган жерлерге жайгаштыруу;

- мамлекеттик контролдоо жана көзөмөлдөө органдарынын жазма буйруктарын аткарбоо;

- калдыктарды чек ара аркылуу ташуу тартибин бузуу;

- калдыктар көмүлүүчү жерлердин мониторингин жана рекультивациясын жүргүзүү боюнча талаптарды бузуу;

- калктуу конуштарды калдыктардан тазалоонун белгиленген тартибин бузуу;

- калдыктарды ташуунун белгиленген тартибин бузуу.

2. Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө мыйзамдарды бузгандыгы үчүн күнөөлүү жеке жана юридикалык жактар, жеке ишкерлер Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

3. Жоопкерчиликке тартуу юридикалык жана жеке жактарды, жеке ишкерлерди жарандардын ден соолугуна жана/же алардын, башка юридикалык жактардын мүлкүнө жана айлана-чөйрөгө келтирилген зыяндын ордун толтуруудан бошотпойт.

4. Ушул Мыйзамдын талаптарын бузуунун кесепетинен болуп өткөн булганууну мындай бузууга жол берген жак жоёт.

7-глава. Корутунду жоболор

33-берене. Талаш-тартыштарды чечүү

1. Калдыктар менен иштөө жаатындагы талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чечилет.

2. Эл аралык талаш-тартыштар эл аралык укуктун ченемдерине ылайык чечилет.

34-берене. Эл аралык келишимдер

Эгерде Кыргыз Республикасы ратификациялаган эл аралык макулдашууда же келишимде ушул Мыйзамда каралгандан башка талаптар каралса, анда эл аралык макулдашуунун же келишимдин ченемдери колдонулат.

35-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үч айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

3. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) "Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 13-ноябрындагы № 89 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2001 -ж., № 10, 370-ст.);

2) "Салыктык эмес кирешелер, ички аудит маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 26-майындагы № 55 Мыйзамынын 7-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 5, 288-ст.);

3) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине, "Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 12-апрелиндеги № 47 Мыйзамынын 2-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2019-ж., № 4, 189-ст.);

4) "Расмий статистика чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 8-июлундагы № 83 Мыйзамынын 7-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2019-ж., № 7-8, 471-ст.);

5) "Салыктык эмес кирешелерди алуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана "Кыргыз ССРинин партиялык жетекчилеринин айрым категорияларына мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп таануу тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 23-мартындагы № 29 Мыйзамынын 14-беренеси ("Эркин Тоо" гезити, 2020-жылдын 27-марты, № 31).

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Жапаров

 

 

 

2023-жылдын 29-июнунда

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган